Качан жазасыз ???( кутуп атабыз )
Күйүт, чыр-чатак, ичкилик, күтүүсүз ажал, Атакем. журок сыры...
#23 29 Сентябрь 2015 - 12:58
Уландысы...
Козумо эч нерсе корунбой, апамдын караанын эле издеп,чуркап бара жаттым...
"О, Жараткан Кудайым, бул апам эмес, апам эмес, болушу мумкун эмес! Туурабы, Кудай?!" деп кубуронуп, жан дуйном антарылып, болгон окуяга ишенбей, уйулгон адамдардын жанына жете калып, баш бактым. Баары уймолоктошуп, ызы-чуу болуп жатышты. "Деги кандай аял? Ким болду экен? Апам эмеспи?".. . деген суроомо жооп алыш кыйынга турду. Анткени, уйулгон адамдардан улам ал жерде эмне болуп жатканын корууго мумкун эмес эле. Деги алардын арасында мен тарапты караган бироо болсочу... Канчалык озумду алаксытпайын, "Сузуп кетти... Аял экен..." деген кубур-шыбырлардан кийин, баары бир тынчсызданып жаттым. Бироо устумдон муздак суу куюп жибергендей эле болду. Журогумдун улам-улам "болк" эткени токтободу... Балмуздак саткан тарапка чейин барып, карап келдим... Балким, "Бир нерсе унутуп, кайра базарга кирип кеткен чыгаар" деген, турмоктолгон ойлордун ортосунда турдум. Саналуу муноттун ичинде оюма туркун жаман ойлор келгени токтобой, тегерегимдеги курчаган адамдардан суроого батына албай, катып туруп калдым. Баягы уймолоктошкон адамдар четинен тарай баштады. "Кырсык-каш кабактын ортосунда" деген чын, 10-15 муноттун ичинде эмне гана болуп кетти. Бул кырсык мага да тушунуксуз болуп турду. Ошол жердегилердин айткандарына караганда, машиненин ээси, ал аялды тез эле ооруканага алып кетиптир. Мен болсо же унааны, же сузгон аялды да коргонго жетишкен жокмун. "Апам эмес" деп, алаксытып жатканым менен журогумдун опкоолжуганы токтогон жок. Апамдын кечиккени узакка созулса дагы, "Келип калаар" деген умутто кутуп тура бердим. Акыры, журогум чыдабай балмуздак саткан куркону коздой бастым. "Сурасамбы же куто турсамбы" деп арсар болуп жатып, жашы ортолоп калган балмуздак саткан эжеге унуло, "Кечиресиз" деп баштаганда эле, ары жактан бир аял келип, "Ай, тиги сенден балмуздак алып, отуп бара жаткан аялды машине сузуп кеттиби?" деген созу кулагыма "шак" эле дей тушту. Тиги эже болсо, "Ооба, машине катуу ылдамдыкта келип сузду окшойт, "Чы-ы-ыйк" деп чынырта тээп жатып, аран токтоду. Бактыга жараша, аял тируу калды окшойт, айдоочу дароо эле машинесине салып, ооруканага алып кетти" деди. Башыма бироо темир менен бир чапкандай эле болду. Нес болуп туруп калган экенмин, балмуздак саткан эженин, "Ай жигит, сага кандай балмуздак берейин?" деген уну чоочутуп жиберди. Апамды жон эле кутуп турганымды ошондо тушундум. Дароо эле, облусттук оорукананы коздой жонодум. Ал жакка кандай жеткенимди билбейм, оорукананын кайсы болумуно тушконун сураштырып, ызы-чуу сала баштадым. Ангыча эле коридордогу керебетте бети жабылган адамдын жансыз денесин коруп алып, журогум кабынан чыгып кетчудой тарсылдап, катуу силкинип алды. Олук корбогон жанымды дароо эле муздак тер каптап чыкты. Журок кургур жон силкинбейт тура, ары жактагы врачтардын, "Машине аябай катуу ылдамдыкта келип сузгон. Аялдын баш мээси чайкалып, жулуну узулуп кетиптир. Тилекке каршы, бизге жетип келгиче эле жан берген экен. Жардам корсотуп, аман алып калууга эч кандай "шанс" болгон жок. Окунучтуу... " дегенди укканда, жер астын-устун болуп, аалам алмашкандай айланам антар-тентер болуп, козум карангылай тушту. Жан дуйномдун ачуу кыйкырыгын угуп, чыдап турууга мумкун эмес эле. Озумду озум жек коруп, "Балмуздак тарапты карабасам же болбосо апам менен чогуу эле барганымда мындай болмок эмес" деп жемелеп турдум. "О Кудайым! Эмне учун?!! Кайсы куноом учун ушундай кунго алып келдин?!! Атамды алып кеткенин аз келгенсип, апамды эмнеге бизден айрыдын??! Бешиктен белим чыкпай жатып, тагдырым эмнеге мынча оор?!! Таянар тоом, аскам, жологум жалгыз апабыз болсо, аны да алып тындын" деп апам кайра тирилип келчудой жер тепкилеп, ыйлап жаттым. Ызаланып кыйкырган ачуу чынырыгымдан ооруканадагы элдин баары мени уймолоктоп калышты. Доктурлар биринен-бири улам жаныма келип, "Кайрат кыл, балам! Антпегенге арган жок. Олум деген, ар бирибиздин башыбызда. Бугун бар, эртен жокпуз. Ачуу айкырык салып ыйлаганын менен апанды кайтара албайсын. Жайы жанаттан болсун. Ыйлаба" дегендери мени ого бетер кыжырлантты. Мен апамдан айрылып жатам. Дуйнодогу эн жакын адамымдан ажырап отурам. Эми кантем?!! деп ыйымды токтото албай, опком-опкомо батпай, козумдогу жаш чыкпай, ыйлоого алым калбай калды. Бир маалда сол тараптагы терезени карап, куугум кирип калганын байкадым. Акырындап, эсиме келе баштадым. Мандайыбызга ушундай жазылган экен да, аны озгортуу колуман келбесин тушундум. Озумчо эле онгуроп жатып, эсиме агам менен карындашым тушту. Агам карындашымдын туулган кунуно келмек ошол куну. Алардын бизди кутуп жатканын элестетип алып, бир ирет дагы боздоп жибердим. Бул суук кабарды уйго кантип барып айтаарымды элестете алган жокмун. Карындашымдын бизден койнок кутуп жаткан жакшы маанайын бузгум келбей ызаландым. Олтурган жеримен тура калып, мээм денгирей тушту. Бироо катуу сабап кеткендей буткул денем ооруп, озумдун салмагымды которо албай аран турдум. Дароо эле эшикти коздой кадам шилтедим. Артымды карабадым, карагым да келген жок. Баардык умутумду бироо "жалп" эттире уйлоп салгандай заматта очту. Босогодон чыгып бара жатканымда доктур токтотуп, "Сынба, кучтуу бол!" деп узатты. Ангыча ары жактан бир байке абалым оор экенине боору ачыдыбы, "Жур, жеткирип коеюн" деди. Жол катар "Бир туугандарым бул окуяны кандай кабыл алаар экен? Журоктору жарыла бакырса керек?.. Охх журогум ай, алардын бул созду уккандагы абалын элестете албай атам" деп озумчо кубуронуп бара жаттым. Уйго жеттик. Машинеден тушуп эле, уйго энтигип чуркап кирдим. Босогодон, туулган кундун урматына даярдалган дасторконду коруп, ого бетер боздоп жибердим. Агам менен карындашым менин бул абалымды тушуно албай карап туруп калышты. Кудай мындай суук кабарды эч кимге кут кылбасын, оозума соз келбей, оюмду топтой албай, ойдо-томон суйлоп, ыйлай бердим. Дасторконду карап, апамдын орду мындан кийин бош калаарын элестетип алып, "Апам эми жок" деп болгон унумду жанырта кыйкырып жибердим. Бир туугандарымдын кандай акыбалда калганын коргонум да жок, аларга эреркеп кеттимби, билбейм, боздоп жатып озумду жоготуп коюптурмун. Козумду ачсам жабалактаган аялдар чекеме муздак сууга чыланган кездемени такай, кармап турушуптур. Ошентип, апамдан айрылган кунум, бугунку кунго чейин эсимде. Бул жоготуунун жарасы, менин журогумдун соккону токтогондо гана айыгаарын билем. Журогум ооруйт, апа... Сагындым апаке... Жароокерим, байлыгым, ыйыгым Апам! Тугонбос кенчим элен... Аттин...
Убакыт зымыраган куштай учуп, апамды суук жерге бергенден тарта арадан бир топ айлар отту. Жаман кундордун аягында, жакшы кундор бар экенине ишенемин. Учообуз мандайыбызга жазылган тагдырга баш ийдик. Антпеске аргабыз да жок эле. Жалгыз апабыздан айрылганыбызга моюн сунуп, ар мунот сайын жоктоп, буулугуп, нечен кундор жаздыкка жашыбызды тогуп журдук. Апам экинчи кайрылып келбешин билсек дагы, кайра жаркылдап кирип келчудой куто бердик. Анын бизге айткан ар бир созун ыйык тутуп, жаркын элесин бугунку кунго чейин эскерип келем...
Аягы...

#24 29 Сентябрь 2015 - 14:48
Бир келген жашоодо ата-энени сыйлап, каяша айтышпай, бир жака жумшаса жаман корбой, урушса тескерисинче суйунуш керек экен... Жашоодо жалгызсырап карындашым,
агам учообуз кала бердик. Канчалык кыйналсак да, ошончолук кайраттуу, кайрымдуу болгонго туура келди. Урматтуу достор, форумчулар окуя боюнча ой-пикир, кеп-кенешиниздерди кутом... Урматым менен АКЫН-ЖУРОГУ.
..
#25 29 Сентябрь 2015 - 15:05
Окуп жатып токтоно албай ыйладым,абдан окунучтуу журок ооруйт,Аллахым жайын жаннаттан берсин апаныздын,кабыр азабынан сактасын.Сизге сабырдуулук каалайм.
#26 29 Сентябрь 2015 - 15:11
Ыйлаттыныз го
((. Тиякта бироо болсо аялым апама кызмат кылбайт деп журот. Сиздей болгон уулдар ар бир энеге буюрсун.

#28 29 Сентябрь 2015 - 19:41
Эмнеге кайгылуу нерселер коп болуп атат , эмнеге сыноолор коп берилип атат. Кучтуу болом ыйлабайм десекда жаш озунон озу агатго. Ата энениздин жайы жаннатта болсун сабырдуу болунуз.
#30 30 Сентябрь 2015 - 03:14
Мен сизге тушунбой турамын Аялымды кожоюнума тартырып жибердим деген теманызда апаныз жонундо да жазган элениз,а бул ачкан теманызда апаныз жаштыгынызда каза болуптур,анда ал теманыздагы кандай апаныз???
#31 30 Сентябрь 2015 - 08:36
Балким заманыбыздын жетишкенидир.
.. Интернетке жазылган окуялар чагылгандай тездик менен таркап, кайсыны кай жерден окуганынды да билбей, бир окуганды кайталап окуп калчу болдум. Бул оз башыман да отту. Суперге жазган баяным, социалдык желелердеги группаларга таркап, биринен сала бири кочуруп... Бирин эптеп жалдырап жатып алдырсам, экинчиси тоготпой дегендей. Мен бул окуяны " Тамчы" гезитинен окуган элем. Бирок окуя ушу менен эле бутуп калбай, эжесин да шум ажал алып кетип, жездесине тийгени жазылган болчу, аягында.
#32 30 Сентябрь 2015 - 09:58
amina.sapar (30 Сентябрь 2015 - 03:14) жазган:
Мен сизге тушунбой турамын Аялымды кожоюнума тартырып жибердим деген теманызда апаныз жонундо да жазган элениз,а бул ачкан теманызда апаныз жаштыгынызда каза болуптур,анда ал теманыздагы кандай апаныз???
"Аялымды кожоюнума тарттырып жибердим" ооба, бул чыгарманы мен жазгам, бирок менин башыман откон окуя эмес!!! Башка бироонун башынан откон, мен жон гана жазгам!! !
#33 30 Сентябрь 2015 - 10:41
Бул тема да чыгарма болсо, адабият жана поэзия бөлүмүнө жазууну сунуштайт элем.
#34 30 Сентябрь 2015 - 11:04
#35 30 Сентябрь 2015 - 12:32
Жакшы жака бура турчуу окуя экен . ата -энелерибизди сыйлап урматтайлы ... Сизге болмо жаркын жашоо
#36 03 Октябрь 2015 - 03:53
Аябай эле бурмалап жазыптырсыз го бул тема Учур гезитиндеби же кайсы бир гезиттен окудум эле Жездеме жубай болуп деген тема адашпасам.Ал жерде уч кыз эжеси озу жана синдиси, а сиз аганыз озунуз карындашыныз деп жазыптырсыз Сиз жазганга ишенелиби же Учур гезиткеби жооп кутобуз.
#37 03 Октябрь 2015 - 03:54

#38 03 Октябрь 2015 - 12:53
Ой бул жон гана чыгарма болсо,мынчалык кайгылуу тагдырды эчким менин башыман откон деп жазбастыр.Анткени эчким озуно мындай тагдырды каалабайтго!
#39 30 Июнь 2016 - 16:43
Эх Акын-Журогу.
.. мынчалык кайгылуу жазгансын? Окуп жатып коздон жаш агып кетти го. Россиянын Москва шаарында жургон Апакеми эстеп сагынып кеттим.