Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Ысык-Көл облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 14 жаштагы Жумадил Муңайтпасов
табылды.
Жумадил Муңайтпасов Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №4-гимназия-
мектебинин 8-классынын окуучусу. 14 жаштагы окуучу эмгегинде кыргыз жеринин кооздугун, туристтик мүмкүнчүлүгүн,
өзүнүн жеке кыялын баяндап жазган. Сынакты Ысык-Көл облусу боюнча "Кабарлар"
сайты жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.
Жеңүүчүгө учурда кош майрам, анткени 21-декабрь анын туулган күнү экени белгилүү болду.
Жеңүүчүнүн дил баянын сунуштайбыз:
"Кыргыз
жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"
"Кыргызстан картада кичинекей болгону менен, келип көрсөң абдан кызыктуу, кооз жер. Элинин меймандостугу,
ынтымактуулугу жана кичи пейилдиги башка элдердин мүнөзүнөн өзгөчөлөнүп турат. Кыргызымдын жети дубаны бар. Ар бир дубандын өзгөчө сонун жактары бар. Алар: Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй, Баткен, Жалал-Абад жана Талас.
"Ысык-
Көл кээде тынч да, кээде толкун, толкуса толкунуна мен ортокмун"
деп Алыкул Осмонов атабыз баса белгилегендей,
Ысык-Көл касиеттүү бир акак мончокко окшоп мөлтүрөп жатат. Тегерек четин аска-зоолуу,
ак мөңгүлүү, карагайлуу капчыгайлар курчап турат. Көптөгөн пансионаттар,
эс алуучу жайлар, минералдык булактар бар. "Тоо-токойду жиреп өткөн Нарын дайра, жарык менен камсыздайт элди кайра" дегендей, Нарыным төрт түлүк малдын түрүнө, эт, сүт, айран, май, кымызга абдан бай келсе, Сары-Өзөн Чүйүбүз жашылча-жемиш менен элибизди камсыздап турат. Борбор калаабыз Бишкек да ушул жерде жайгашкан. Андан ары Төө-Ашууну ашсак эле Манас атабыздын кичи мекени Талас болот. Таластын эли да эмгекчил, меймандос келет. Айтылуу Сулайман-Тообуз жайгашкан түштүк борборубуз Ош шаарын, өрүкзарлуу,
Айгүл-Тоолуу Баткенди, Сары-Челек, жаңгактуу Арстанбабды кучагына алган Жалал-Абадды көрбөсөм да, кооздугун көкүрөгүм менен сезип турам. Төрт түлүк малыбыз, көк мелжиген тоолор, керемет жайлоолор, шаркырап аккан сууларыбыз,
аскалары асман менен кучакташкан мөңгү баскан тоолорубуз,
алардын коюнунда байырлап жүргөн аркар, кулжа, бугу, ак илбирс, аюу жана бүркүт, ителги сыяктуу куштар, карагайлуу чер токойлор - биздин жерибиздин түгөнгүс байлыгы.
Мен дил баянымдын ушул жерине чейин кыргыз жеримдин кооз жаратылышын сүрөттөп жатып, өзүм аралап жүргөндөй элестетип, "көп байлыгыбыз бар турбайбы..."
деп кубануу менен жазып жатам. Карагайлар,
токойлор жөнүндө жазууга келгенде, жакында эле сыналгыдан көргөзгөн Ысык-Көлдүн карагайлуу токойлорун кыйып, ташып, жок кылып жаткан өзүбүздүн эле аталарыбызды,
агаларыбызды эстеп, зээним кейиди. Алар башка жактан, Орусия же Казакстандан келип уурдап жаткан жок да! Чыңгыз атабыз көрөгөчтүк менен көрө билген Орозкулдар дагы эле Нургазылардын тилегине балта чаап жатышпайбы!
Табигый байлыктарыбызды бир кишидей бекем туруп коргоп алсак, кыргыз жерибиздин гүлдөп-өсүшүнө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Алсак, мен жашаган керемет Ысык-Көлүбүздө дүйнөнүн төрт бурчунан келип рахаттануу,
суктануу менен эс алып кетип жаткан туристтерди көрүп, жерибиздин кереметтүүлүгүнө дагы бир жолу ынандым.
Мен жайкы каникулда Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү "Аврора"
эс алуу жайында иштедим. Агам көлгө түшүүчү баллон-матрацтарды,
катамарандарды,
күндөн коргоочу чатырларды алып берип, көл жээгине тургузуп койду. Менин милдетим - аларды эс алуучуларга ижарага берүү. 1 саатка 100 сом. 28 баллонду берип, кайра акчасын алып чогултуу керек. Дагы 2 катамаран бар. Аны сууга киргизип, кайра жээкке чыгарып туруш керек. Ошентип, көл жээкке жипсиз байландым. Эч жакка басып кете албайсың . Апамдын жанынан чыгып көрбөгөн жаным араң эле чыдадым. Мен башында уялып жаткам, бирок ошол жерде жүргөн кенедей балдардын жүгөрү, балык, суусундук көтөрүп алып сатып жүргөндөрүн көргөндө намыстандым.
Алар өздөрүнүн үй-бүлөсүнө,
ата-энесине жардам берип, өздөрү үчүн акча таап, жан талашып иштеп жатышты.
Менден 3 жаш кичүү иним ыйлап жатып үйгө кетип калды. Мага болсо артка жол жок. Ошентип жумуш башталды. Эртең менен эрте туруп, тамактанып алып көлгө жөнөмөй. Бакка байлап кеткен баллондорду,
катамарандарды сүйрөп көлгө алып чыгып коюп, эс алуучуларды күтмөй. Орусча көп сүйлөбөгөндүктөн,
билсем деле башында орусча сүйлөй албай, көп акча кармабагандыктан,
акчанын артканын кайрып бере албай, тез санай албай көпкө кыйналдым. Айрыкча чет өлкөлүктөр келгенде "же англисче, же кытайча жакшы окуп, билип албай" деп абдан өкүндүм. Бизди мектепте бекер окутса да, ошону пайдаланып,
үйрөнүп албагындыгым үчүн уялдым.
Анан "местный"
балдар келип тийише башташты, таяк жедим, бирок эч кимге айткан жокмун. Сезондун аягында алар менен дос болуп калдым. Жеңем күндө кечинде канча акча тапканымды эсептейт. Агам өзү дагы башка жээкте иштеди. Акчаны катпай, алдабай, ар кайсыга коротпой, "честный"
иштөөнү талап кылды. Сезон бүтүп, кирешебизди санадык. Агамдар эмерек жасоочу ишкана ачышты. Мага 8000 сом тийди. Бул менин өмүрүмдө биринчи жолу акча кармап, өзүм иштеп тапкан акчаны кармаган күнүм болду. Мектепке даярданып, базарга барганда баарын өзүм сатып алдым. Апам үйдө жалгыз иштегендиктен,
аябай сүйүндү. Буларды айтып жаткан себебим, ар бир адам өзү үчүн, үй-бүлөсү үчүн кандай иштесе, мамлекет үчүн да ошондой аракет кылса, бат эле экономикабыз бутуна турмак.
Бир күнү күн бүркөлүп, эс алуучулар чыкпай, жээкте иштегендердин маанайы түшүп калды. Ошондо эски катамаранымдын ичине отуруп алып ойлондум. Балыкчы шаарына эмне үчүн туристтер көп келбейт? 2015-жылы февраль айларында "Мосфильмден"
кишилер келип, "Алтын балык" деген киного тартылууга бир топ балдарды тандап алышты. Анда 1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согуш учурунда орус жергесинен эвакуацияланып келген орус балдардын кыргыз айылындагы окуясы, алардын өз ата-энелерин күткөндүгү,
кыргыз-орус балдарынын урушканы, кайра достошкондугу жөнүндө баяндалат. Тартуу иштери башталды. Москвадан келген башкы ролдогу бала эркелеп, чыр салып, бир күнү калп эле ооруп калып бизди аябай убара кылды.
Мен анын досунун ролундамын.
Кыргыз балдар режиссёрдун айтканын айткандай кылып, бат эле илип алып аткарып жаттык. Фильмдин режиссёру Александр Галибин кетеринде: "Кино тартууга согуштан кийинки мезгилдегиге окшош жер издегенде, эмнегедир мага Балыкчыны сунуш кылышты. Биздин сценарийге абдан туура келген жер экен. Бозоруп, чаң учуп, шамал болуп турат. Кыргыз жерине биринчи жолу келишим. Бирок, балдар, азаматсыңар!
Аябай тартиптүү, улууларды сыйлаган, элпек, жөнөкөйлүгүңөр жакты",-
деди. Мен "согуштан кийинки жылдарга окшош шаар экен" дегенине чычалап:"
Андай эмес, азыр кыш да, жайында келип көрсөңүз, Чолпон-Атага,
Жети-Өгүзгө барсаңыз"
,- дедим. Ал:"Когда будут возможности,
я объязательно приеду",
- деп, чыгармачыл топ коштошуп кетти.
Ичимден ойлондум, эгерде Галибин жайында Балыкчыга келсе, эмнени көргөзөм? Эмнеге биздин кумдуу жээктер "Аврораныкындай"
эмес? Шаардын көл жээктери кир, таштандылар толуп, жагымсыз жыттар болуп турат. Туристтерге көргөзүп, мактанчу жерибиз да жок. Шаарда музей бар, бирок иштегенин көргөн эмесмин. Шаардын чеке-белдеринде чоң-чоң имараттар жабык турганын көрөм. Ары-бери өткөндө бул эмне экенин сурасам, апам "бул нан заводу болчу, бул элеватор, а бул эт комбинаты, бул оргтехника заводу эле, а бул эски кинотеатр, киного билет алып кирчүбүз"
деп айтып калат. Азырчы? Кафелер, дүкөндөр, 3-4 спорттук клубдар, эски базар, жаңы базар, анан чакан ишканалар иштейт экен.
Кыялымда Балыкчы шаарына кирип келе жаткан жерге Ысык-Көлдүн дарбазасын курсам дейм. Балыкчы шаары бекеринен тогуз жолдун тоому деп аталып калбаса керек. Балыкчынын ичиндеги жолдор оңолду, эми Балыкчы-Каракол,
Күнгөй-Тескей айланма жолдорубуз президентибиз Атамбаевдин күчү менен оңдоло баштады. Тамчыда эл аралык аэропорт ачылды. Бул туризмдин мындан ары өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ишенем.
Менин кыялымда Балыкчынын кире беришинде жалаң алты канат ак өргөөлөрдөн турган боз үйлөр комплекси жайгашса, атайын чет өлкөлүктөр үчүн ар бир боз үйдө кыргыздын дасторкону жайылып, улуттук суусундуктар,
эжигей, курут, быжы, бешбармак, сары май, жаа бөйрөк, таш кордо сыяктуу тамак-аштар даярдалып турса. Бир боз үйдө "Манас"
айтылып, бир боз үйдө күүлөр чертилсе, сыртта ала бакан селкинчек орнотулуп, жаш балдар чүкө ойноп, апаларыбыз өрмөк согуп, шырдак шырып, ата-агаларыбыз ээр, комуз чаап устачылык кылса... Элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, сувенирлер сатылса… Бир жагында тогуз коргоол, кыргыз күрөш, алыш сыяктуу оюндар ойнотулса…
Бул жерге токтогон турист элибиздин нукура жашоосун чагылдырган комплексте эс алып, улуттук суусундуктардан жутуп, даамдуу тамактанып,
чери жазылып, андан ары керемет көлүбүздү карай жолун уламак. Ошол жерде иштеген кызматкерлер кароолчусунан тартып баары улуттук кийим кийип тейлесе, чет тилдерди мыкты билсе абдан жакшы болмок. Муну менен биз кыргыз элинин нукура кыргыз кийимдерин,
улуттук тамак-аштарын,
кол өнөрчүлүгүн,
искусствосун,
улуттук оюндарын, эң башкысы, кыргыз элинин меймандостугун көргөзмөкпүз.
Комплекске кирүү үчүн билет сатылмак. Бул комплексти "Кыргыз конушу" деп атамакмын. Анан жайында "Аврорага"
барбай эле Балыкчыда иштемекмин.
Балыкчылыктардын көбү жумуш менен камсыз болмок. Андан кийин Александр Галибинди "Кыргыз конушу" деген кино тартууга чакырмакмын…
"Сколько стоит за час?" деген үндөн улам өйдө карасам, күн алтын кумдарга мээримин чачып, жээкте күндөгүдөй шаңдуу жашоо уланып, жанымда көлүбүздү суктануу менен жылмайып карап алтын чачтуу эс алуучу кыз туруптур.
"Менин Кыргызстаным!
Менин Ата Мекеним! Менин турагым! Менин сыймыгым!
Менин алтын уям! Менин байлыгым!
Сенин бир тамчы сууңду кор кылбайм! Сен үчүн кызмат кылам! Сенин гүлдөп-өсүшүңдү чын дилимден каалайм!"
деп жүрөгүм дүкүлдөп согуп, шашып-бушуп катамаранды көлгө киргиздим…
Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары.
№4-гимназия-
мектебинин 8-"б" классынын окуучусу Жумадил Муңайтпасов.
Сынакты уюштуруп жаткан элчи Кылычбек Султановго
окуучулардын мекенчил сезимин ойготуп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз!
- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Кабарлар" сайты уюштурган сынакка келген дил баяндар (Ысык-Көл облусу)
#2 05 Январь 2016 - 12:38
Сынакка катышкан Токтобаева Гульшаданын дил баяны.
Моя Родина -Кыргызстан .Кыргызстан суверенное независимое
государство. Мы живём в очень красивой ,прекрасной ,богатой
стране.Кыргызстан -страна поднебесных гор,прекрасных озёр и рек.Я
рада, что живу в Кыргызстане .Мы живём спокойно ,близкие всегда рядом
каждый день мы ходим в школу ,занимаемся любимыми делами .И это уже
для нас счастье.,,Я хочу ,чтобы Кыргызстан процветал”и чтобы он
становился всё краше и лучше.Чтобы он процветал ,народ должен быть
дружным .Если народ будет сплочён ,то наш Кыргызстан достигнет
значительных высот .У каждого человека должно быть чувство любви к
своей стране.В настоящее время мы учимся ,ставим перед собой цели.Но
чтобы достичь своей цели ,мы должны не лениться и учиться хорошо.Если
мы не будем учиться ,то не сможем помочь себе встать на ноги ,а стране
процветать .Поэтому в ,первую очередь ,мы должны начать с себя.В
данное время многие не интересуются учёбой.Если молодёжь училасьбы
,то,думаю наша страна процветала. Как мы видем ,сейчас многие люди
думают только о себе.Если бы они помогали нуждающимся людям ,то было
бы мало нищих.В любом случае ,мы должны помогать таким людям ,чтобы
они тоже радовались жизни.Я буду учиться очень хорошо ,чтобы быть
нужной своей стране.В будущем я буду стараться ,трудиться для своей
страны и приносить людям счастье.Чтобы достичь всего этого ,должно
быть здоровье.Когда я выросту ,то буду помогать бедным людям
,детям-сиротам ,старикам и всем нуждающимся людям.Чтобы наша страна
процветала ,во главе государства должен стоять сильный
,умный,терпеливый и ответственный правитель.Чтобы он был честным и не
обманывал народ ,чтобы мы могли ему верить.У нас большое будущее .Я
думаю,что нас ждёт светлое будущее.В Кыргызстане живут отзывчивые и
прекрасные люди.Вместе мы сможем сделать нашу Родину богатой и
процветающей.
Я Токтобаева Гульшада живу в селе
Отрадное ,Ак-Суйского района Иссык-Кульской области учусь в 9классе

#3 05 Январь 2016 - 12:41
Сынакка катышкан Айтбаева Таттыбүбүнүн дил баяны.
Кыргызстан менин сүйгөн мекеним. Кыргыз эли эзелтеден асаба-туусу, мөөрү, тамга белгиси бар журт экендигин эпостордон, оозеки чыгармалардан билебиз. Миндеген тарыхый баскычтарды басып өтүп, өлкөбүз мындан 24 жыл мурун эгемендүүлүкө жетти. Бул биз үчүн чоң жетишкендик жана ийгилик. Ырас, 24 жылдын ичинде экономикалык, саясий, маданий, диний жактан бир топ өзгөрүүлөр болду. Мамлекетибиз өз тизгинин өз колуна алып, демократиялык системага өттү. Демократиянын негизине ылайык элибизге бир топ эркиндиктер ыйгарылган. Алсак, сөз эркиндиги, дин тутунуу эркиндиги сыяктуу.
Ошондой эле, өлкөбүз өз алдынча мамлекет болгондон тарта, жашоонун даңгыр жолунда кыйла кыйынчылыктарды баштан кечирди. Атап айта турган болсок, экономикалык, саясий жана социалдык жетишпестиктен улам, Кыргызстанда кыйынчылык уланып жаткан сыяктуу.
Ал эми, жогорудагы айтылган кыйынчылыктарга карабастан, өлкөбүздүн патриоту катары кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм! Себеби, кылымдарды карыткан тарыхы, маданияты, каада-салты, үрп-адаты менен өзгөчөлөнүп, дүйнө элине таанылып келет.
Ошондой эле, кыргыздын бийик-бийик асман тиреген тоолору, арчалары, шылдырап аккан каухардай туптунук суулары жана тоолордо оттоп жүргөн койлор кадимки эле килемге сайган саймадай адамдын көз жоосун алат.
Ал эми, кыргыз элинин байыркы мезгилден бери колдонулуп келе жаткан ак кийизге оролгон боз үйүбүз, күндүн нуру төгүлгөн түндүгүбүз, түндүкө сайылган ууктарыбыз, уукка сайылган керегебиз элибиздин биримдигин жана ынтымагын билдирет.
Ала-Тоону элестеткен ак калпакгыбыз эр жигиттин башын тоодой бийик кылып, элечегибиз асылзаада апаларыбыздын көркүнө көрк кошкон дуйнөдөгү жалгыз баш кийим.
Башка улуттардан өзгөчөлөнүп, дүйнөнү таң калтырган үч кыл комузубуз кыргыз элин таанытып келет.
Касиеттүү Ысык-Көлүбүз, 3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарыбыз, өрүкзарлуу Баткен, баатырлардын мекени болгон Талас, жангак мекени болгон Жалал-Абад, тоолуу Нарын, Сары-Өзөн Чүй кең талаабыз, борборубуз Бишкек, мекенимди данктаган асыл жерлерим бар. Алтын, сурьма, көмүр, сымап кең байлыктарыбызды туура пайдалансак келечекте өсүп- өнүгүүсүнө толук ишенем. .
Табигый дары суусу менен даңкталган Кара-Шоро, Жалал-Абад жана Жети-Өгүз, Ысык-Ата, Соң-Көл, Сары-Челек.Апшыр- Ата ыйык кооз жерлерибизди дүйнөгө таанытып туризм багытын өнүктүрсөк экономикабыз өсүп өнүгөт беле?
Тарых барактарында өзүнүн айкөлдүгүн данктап, чачылган кыргыз элин жыйнап, мамлекетибиздин түптөлүшүнө себеп болгон Манас, Семетей жана Сейтек сыяктуу баатырларыбыз чыккан. Ал эми, Каныкей, Сайкал, Курманжан датка аттуу баатыр энелерибизчи? Өзүнүн акыл эстүүлүгү, кыраакылыгы менен өзгөчөлөнүп, дүйнө элин таң калтырган.
Кыргыз тарыхынын искусствосунда өзүнүн изи бар, аялзатынын сулуулугунун символикасы болгон, Таттыбүбү Турсунбаеванын атын ата-энем жакшы ниет, аруу тилек менен мага ыйгарышкан. Мен да ушул ысым менен сыймыктанам жана Таттыбүбү эжемдин атына татыктуу болгонго аракеттенем. Ошол себептен, элдик үлгүлүү "Шаттык" бий ансамблинде беш жашымдан бери бийлейм.
Келечекте бий мектебин ачып, кыргыз элинин бийин дүйнөгө таанытып, өз салымымды кошкон, кыргыз эли сыймыктанган, өнөр адамы болгум келет.
Жетишкен ийгиликтеримди аркалап, Стамбул, Измир, Астана, Тараз шаарларында эл аралык фестивалдарга катышып, кыргыз желегин желбиретип, кыргыз бийин үч кыл комуздун коштоосунда бийлегенимде, дуйнө элдеринин бизге, кыргыз элинин маданиятынын жогорку денгээлде экенин суктануу менен караган сезимин туйдум.
Чет өлкөлөрдөгү эл аралык фестивалдарга катышканым, менин Кыргызстанымдын маданиятын данктап, даназалоо - патриоттук сезимимди ойготту.
Чет өлкөдө жүргөндө мекенимди сагынып сүйөөрүмдү билдим. Мен кай жерде болбоюн жүрөгүм кыргыз тоолорунун арасында деген сөздүн маанисин түшүнүп сезе алдым.
Эгер сынактан жеңишке жетишсем, Малай элине барып, Ала-Тоодой бийик шөкүлөмдү, саймаланган кооз ак көйнөгүмдү кийип, комуздун коштоосунда бийлеп, кыргыз элинин маданиятынын бийиктигин даназалап, кыргыздын бактылуу кызы экендигимди көрсөтүү - менин аруу тилек максатым.
Келечекте кыргыз мамлекетинин өсүп өнүгүүсүнө өз салымымды кошкум келет. Мен ишенем, өлкөбүздүн келечеги бар жана экономикабыз гүлдөп-өскөн мамлекет болот!
Айтбаева Таттыбүбү Таалайбековна
Бишкек шаарындагы А. Сыдыков
атындагы мектеп-гимназиясынын
9 - «г» классынын окуучусу.

#4 05 Январь 2016 - 12:43
Сынакка катышкан Арыкбаева Айперинин дил баяны
2000-жыл.19- апрель
Балыкчы шаары
№4-гимназия мектеби
Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм
Кыргызстан… Балким бул сөздү башка улуттун элдери укканда кыргыз жери элестесе, “кыргыз” деп жүрөгү согуп , жан дүйнөсү менен сүйгөн адамдарга бир гана кереметтүү , ак калпактуу, ак кар, көк муз тиреген аска зоолуу, кайталангыз, нечен кылымдан бери көздүн карегиндей сактап , ал учун жан бергенге даяр –Кыргыз жери гана эмес, касиеттүү эли, ата-бабалар калтырган улуу мурастар, каада-салттар, ырым-жырымдар, улуттук кийим,тамак- аштар, аспаптар,маданияты, дартка дабаа суусу жана эң башкысы уккулуктуу Кыргыз тилибиз оюбузга келет. Алакандай элди акылга салып, орду толгус мекенибизди өнүктүрүү учун күндөн-күнгө, жылдан-жылга аракеттер жүрүп жатат. Мен дагы өнүктүрүүгө өз салымымды кошуп , жан дилимдеги, бирок бардыгына билдирип-түшүндүрө албасам дагы келечекте бала кыялым орундалуусун көптөн-көп каалайм.
Кыргыздарды коргоп заманында Манас өткөн. Душман колун чегине жолотпой,жерин коргоп,элин сактап, Ата Журтка калка болгон адамдар эл башында турса, биздин заманда мекендештерин курмандыкка чалып , жерин саткан адамдар болду. Ошого карабастан, кайгылуу, оор окуяларын тулку боюна сиңирбей, түбөлүк өлбөс өмүрү, сөз өнөрүнүн эң бийик, эң таза үлгүлөрүнө жатарын ,эл, жер менен болгон татаал байланышын, “Кыргыз” деген атын жоготпой , дагы да жакшы жакка үндөлүп өнүгүү али аста-аста.
Бул дил баянды жазуу учун буга чейин окубаган маалыматтар жана жан дүйнөмөн орун алган сөздөр менен коштолду. Анткени , мен өзүмдүн оюмду жазуу учун алган билимим жетишсиз. Көбүнчө кыргыз элибиздин даанышман залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына баа берип, анын акылмандыгынан улгу алып, айткан улуу сөздөрүн эсиме түйүп, өзүмдү балким тирүү болсо мендей адамдар менен сыймыктанаарлык деңгээлге жетүүнү каалагандай болгонго үмүттөнгүм келди. Адамзаттын кандай болгон жана кандай жолдо кетип бара жатканын , жашоонун мааниси азыркы заманда мурункудан кандай айырмасы бар экенин да эми тушундум. Албетте бул дил баянды жазбасам мен ойлогон нерсени жазып же жазбарым белгисиз. Эң башкысы ойлоп жургон нерселериме жыйынтык чыгардым.
Азыркы учурда окурмандардын көнүлү китепке бурулбай , компьютер, телевизор, телефондо экени белгилүү . Бул адамдардын бири-бирине болгон мээриминин, кайрымдуулугунун алыстап бара жатканын айтат. Китеп адамдардын жакын досу, мыкты кеңешчиси, жада калса өмүрлүк мугалими. Улуу инсан Ч.Айтматов : “Мен китепти дайыма ыйык нерсе катары калтыроо жана абдан кастарлоо менен кармап көрөр элем. Ал кезде мен үчүн начар китеп деген болуучу эмес, мен китептин ар бир тамгасына аябай суктанаар элем, ал эми китеп жазган киши менин көзүмө ар дайыма Пушкиндей жана Толстойдой залкар көрүнөр эле”. Мен окуучумун, мен эч кимди жамандагым келбейт. Болгону абдан өкүнүчтүүсү бул заманда азыр бардыгы башкача . Эгерде Чынгыз атабыз китепти жандай көрсө, учурдагы окуучулар китепти жерге таштап, ага жазып, сүрөт да тартат. Муну менен мен эң биринчиден кичинекей баладан баштап китеп сүйгөн жан катары тарбиялап өстүрсө , анын жан дүйнөсү табияттын кооздугуна суктанган , адамдардын жаман сөзүн, оюн оңдогон адамдардын көбөйүүсүнөн элибиздин руху тазаланып, өнүгуүүгө бир кадам жылар элек. Балким анда залкар жазуучулар да арбыйт эле.
“ Адам өзүнүн башына оор кырдал келгенде, адилет боло баштайт” дегеней, чынчылдык болуп, кайдыгерлик жоголсо, бул мекенибиздин өнүгүүсүндө жабылып турган бир эшиктин ачкычы! Мен буга айлана-чөйрөмдү карап, көп мисал келтире алам.
Биринчиден: коомдо өзүнүн тартибин сактап басып, туура сүйлөп, таштандыны таштанды салгычка салган адамдар аз! Бизге бул жөн гана күндөлүкү турмуштагы болуп жүргөн нерсе. Эгерде биз жакшы ойлонуп көрсөк мына бардыгы ушундан башталат.Тагыраак айтканда сен таштандыны жерге же таштанды салгычка тыштагандан. Улуу адамдар буга аябай ыза болушат . Азыр таштанды эмес, насвайды да уялбай туруп жерге ыргытып салышат. Бул адамдын тарбиясы. Балким ал түшүнбүй жатат, өзүнүн кун-тун уктабай , зор эмгек менен чоңойткон ата-энесине сөз тийгиздирип жатканын. Бул анын кайдыгерлик мамилеси жана жаратылышка болгон мээримдуулугунун жоктугу! Эгерде алар ушунун бардыгын түшүнүшсө шаарларыбыз тазаланып , аң-сезимибиз башкача болор эле.
Экинчиден: эгерде ар бир адам социалдык жагдайга карабай, өзүнүн чөнтөгүн ойлобой, жардам керек болгон адамга жаны коркунучта болсо да кучун аябай жардам берип, эң биринчи өзүнө анан башкаларга чынчыл болсо, жасаган иштери ,ар бир кадамынын артынан “уят болуп калбаймынбы? ” деп жүргөн адамдар,эл үчүн, жер үчүн күйүп турган адамдар арбын болсо , кыйдыгерликке жана калпычылыкка туруштук беруу кыйла жеңилдейт эле.
Кыргызстаныбызды өнүктүрүү учун биз көп жумуштарды кылышыбыз керек. Аны менен бирге экономикабызды өнүктүрөбүз деп завод-фабрикаларды куруп, абаны булгап табиятты бузуудан корколу. Элдин ден соолугун жана жаратылыштын кооздугуна залака тийгизбегендей иштерди жасап көнүүбуз зарыл. Менинимче Кыргызтандын өнүгүүсүнө жолтоо болгон нерселер санап отурсак аябай көп жана биз 100% алардын баары кийинчи 10 жылда чечилет деген кепилдик жок. Ошондуктан, өнүгүү боло турган нерселерди карап, анын үстүндө иштеш керек го дейм.
Мисалы: биздин Кыргызстандын бермети, аалам чордону болгон-Ысык- Көлдө туризмди аябай өнүктүрсө болот жана күндөн-күнгө өнүгүп келе жатат. Ал учун жолдор жакшы болуш керек жана ошону менен биргеликте ар бир эс алуучу жайларда кароолдор турушу керек деп ойлойм. Анткени, көлгө үй жаныбарлары менен да түшүшөт, мындан тышкары таштандыларды ыргытышат. Башка мамлекеттер өлкөсүнө келгендерге бир нече суммадагы налог төлөтөт. Бизде ал налог алардан 10 эсе аз. Ал эми эс алуучулар анын баркын билбейт. Туризмге жолто болгон дагы бир нерсе бул кээ бир адамдардын тартиби. Велотурист келсе аны таш менен ургулап качырышат ж.б. Ар бир нерсенин башталышында тарбия турат демекчимин.
Биз өзүбүздүн каада-салттарыбызды , маданиятыбызды жылдан жылга унутуп бара жатабыз. Бул дагы кыргыз тилибиз сыяктуу жоголуу коркунучунда тургандай. Эгерде биз ар бир жыл сайын шаар арасында мыктыларды тандап, аларды башка облустарга бары биргеликте, кыргызымдын манасчылары ,чоорчу-комузчулары, бийчилери, ырчылары,төкмөчүлөрү, актерлору ж.б. менен мекенибиздин эң сонун, не бир кооздук-асылдыгына моокуң канып бүтпөс жерлеринде кыргыздын каада салтын, маданиятын көргөзгөн фестиваль уюштуруп жүрүп отурсак көпчүлүккө абдан жакшы болмок дейм. Бул фестивалда мындан тышкары ат оюдары,сөз оюндары менен коштолуп боз үйлөр тигилип урп-адаттар менен тааныштырса да болот. Анткени, бул оюндарда элдин ой тилеги, үмүтү, кубанычы, өкүнүчү, эрдиги, эркиндик теңдикке умтулуусу, адилеттик, акыйкаттык үчүн болгон күрөшү камтылган. Ал оюндардан элдин педагогиканын мыкты үлгүлөрү, элдик терең философиялык көз караштар, улуттук өзгөчөлүк көрүнүп турат.
Мен, ар бир: “Кыргызстанды өркүндөтөм”- ,деп максат коюп жаткан адамдардын аракети текке кетпесине, 50 жылдан кийин азыркы Кыргызстан эмес , таза , бийик-бийик ,көп кабатту үйлөр бар, технология аябай өнүккөн, ошол эле убакта жашылдандырылган эң бир көз арытаар мамлекеттен болооруна ишенем жана өз салымымды кошууга чын дилимден аракеттенем деп Кыргыз Республикасынын патриот жаранынын бири !

#5 05 Январь 2016 - 12:45
Сынакка катышкан Байболот кызы Айдананын дил баяны
Зияш Бектенов атындагы Ысык-Кол Кыздар лицейи
Байболот кызы Айдана
7А-класс
Кыргыз жеримдин гүлдɵп ɵсүшүн каалайм.
Кыргыз эли башка элдерден байыркылыгы менен айырмаланат. Байыркы замандан бери эле кыргыздар ынтымактуу болушкан. Биздин Манас атабыз ɵзүнүн жоокерлеринин, элинин ынтымагы менен душмандарын жеңип келген. «Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып жашап келишкен.
Бакай ата айткан:
«Бɵлүнбɵ, кыргыз, бɵлүнбɵ,
Бɵлүнсɵң бɵрү жеп кетет.
Бɵлүнүптүр кыргыз деп,
Бɵтɵн элге кеп кетет.» - деп.
Бирок элибиз ич ара ынтымактуу калк. Азыркы учурда ар кандай адамдар бар. Алардын башка тилде сүйлɵгɵнүн укканда ичиң ачышат. Мейли башка тилде сүйлɵшсүн, бирок ɵз эне тилин дагы унутушпасын. Акыркы беш, алты жыл ичинде кыргыздардын жашоо турмушу начарлап, насыяга батып, элдин пейили бузулуп, кишини киши ордуна кɵрбɵй калышкан. Түндүк, түштүк деп экиге бɵлүнүп , кыргыз элинин абийирин түшүргɵндɵрдү айтпай эле коёлу. Ɵзүбүздүн жерибизге ɵзүбүз ээ боло албай, бирɵɵ биздин жердин кымбат баалуу байлыгын алып жатса да унчукпай, кайдыгер карап отура берсек, анда жерибизди ал тургай элибизди да башка душмандарга тарттырып жиберебиз. Биз канчалык бɵлүнсɵк ошончолук алсыз болобуз, ошондуктан биз Манас бабабыздын калтырып кеткен осуяттарын эстеп аны колдоно билүүбүз керек. Жаратылышы кооз кыргыз жеринде кɵптɵгɵн кереметтер бар. Мисалы: Ысык – Кɵл, Чатыр – Кɵл, Сары – Челек, Соң – Кɵл, Ɵзгɵн мунарасы, Бурана, Манастын күмбɵзү, Кароол дɵбɵ, Саймалуу таштар булардын баары кыргыз элинин кылымдар боюу сакталып келе жаткан байлыгы. Бул ыйык жерлерди туристтер жай кылып , дүйнɵгɵ атын чыгарып, ɵнүктүрсɵк болот. Андан тышкары алтын, сурьма, кɵмүр жада калса нефть да бар. Бул нерселер менен биз мамлекетибизди байыта алабыз. Жер казып, алтын алып чыгып мамлекеттин керегине жаратсак башка ɵлкɵлɵрдɵн нефть сурабай ɵзүбүздүкүн колдонсок, жумуш жок дебей жер айдап тиричилик кылып, мамлекет үчүн иштесек болот. «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» дегендей эле ар бир адам ɵзүн кɵзɵмɵлдɵп, ыймандуу, кичипейил болуп, мамлекетти таштандыга айлантпасак, Кыргызстандын экологиясы таза болот. Кызмат оордундагылар эл үчүн, мамлекет үчүн ак эмгек кылса, Кыргызстандын ɵнүгүшү үчүн болгон күчтɵрүн жумшаса мамлекет казынасына кɵп акчалар түшсɵ, анда кɵп болсо он жыл ичинде Кыргызстан Америкадай экономикасы жетишкен, бай, туристтик ɵлкɵ болуп чыга келет. Ал үчүн биз талыкпай эмгектенип алдыга чогуу кадам ташташыбыз керек. «Дүйнɵ бир тыйындан куралат деген бекер кеп эмес.

#6 05 Январь 2016 - 13:01
Сынакка катышкан Эрмеков Акбардын дил баяны
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.
« Жакшы тилек, жарым ырыс» - деген сынары жараткандан эмнени тилек кылып, эмнени сурасан ошону берет деп коет эмеспи. Анын сыңары мен дагы киндик каным тамган жеримди, ата-бабаларыбыз байыртадан байыр алып жашап келген, бейиштин төрүнөн орун алган кыргыз жергесинин гүлдөп-өсүшүн көптөн-көп каалайм.
Ооба, кыргыз жери эң эле кооз, көк тиреген тоолору, ак мөнгү баскан зоолору, чалкып жаткан касиеттүү Ысык-Көлү анан да калса Чатыр-Көл, Сон-Көл, Сары-Челек, Сулайман-Тоо деги койчу не бир сонун жаратылышыбыз бар. Тоолорубузду айланып бүркүт учкан аркар, кулжа мекендеген, сууларыбызда балыктар ойноп көңүл эриткен кандай гана ыйык жер. Жаратканыбыз ушунун баарын берген соң аларды көзүбүздүн карегиндей сактап ага аяр мамиле жасашыбыз абзел. Мындан да башка байлыктарын, өзгөчүлүктөрүн айта берсек сөз жетпесе керек. Байыртадан кыргыз эли ынтымактуу, биримдиктүү эл болгон, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, кокусунан сырткы душмандар коркунуч туудурса биргелешип жеңип келишкен, Манастын осуятында айтылгандай эле «Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып» баарыбыз биримдикте болуп Кыргызстандын келечегине кам көрсөк. Көп түкүрсө көл болот демекчи биздин мамлекетибиз дагы алдынкы өлкөлөрдүн катарын толукташына терен ишенем. «Мен деген- чөл, биз деген- көл» деп бекеринен айтылган эмес да.
Акыл-алтын, ай күмүш болот го айрыкча кичинекей болуп , көп нерселерди баамдап биле элек болгон сон бул оюмду кимдер бирөөлөр жөн гана кыялдануу же ойго чөмүлү деп ойлошу мүмкүн. Албетте ошентип ойлойт, себеби азыр менин билгенден биле элегим абдан көп десем эч бир аша чапкандык болбос. Бирок мен үчүн Кыргызстанды азыркы учурдагы алдынкы мамлекеттер сыяктуу таанытуу жөн гана кыялдануу, убактылуу ой-толгоолор эмес. Сөзсүз түрдө кыргыз жергеси көрүнүктүү мамлекет болоооруна өзүмө ишенген сыяктуу ишенем. «Алп Манастын урпактары, ак калапктуу кыргыз журту сөзгө чечен, ойго бекем болушкан. Не деген укмуш инсандар, манасты күнү –түнү тыным албай айткан манасчылар, жез тандай акындар, сөз атасын тааныткан чечендер, эр жүрөк баатырлар, эл камы үчүн күрөшкөн ишмерлер, аял затынан чыккан батыр айымдар чыгышкан. Жөн гана мисал катары карап өткөн күндө да өлкөбүздүн келечегин түптөп, фундаментин куруп, бийик дубалын тургузган адамдарды көз жаздымга калтырууга болбойт. Аткени алар өлкөбүздүн күзгүлөрү. Биз муну сыймыктануу менен кабыл алышыбыз керек, себеби бул да болсо жараткандын бизге берген белеги. Болбосо кимдин эле ушундай касиеттүү, улуу инсандар чыгып жатыптыр бул кыргызга гана тиешелүү экендигин эч ким тана албайт. Жана ошондой эле, биздин жаныбыз менен кошо жаралган «Эне тилибиз», бизди улут кылып таанытып жаткан, руханий байлыгыбыз, эн кымбат, эч нерсеге алмаштыргыс байлыгыбызды жоготпошубуз керек. Биз аны менен гана улут болуп өлкөбүздүн атагын алыска чыгара алабыз. Мен кебимди тил жакка бургандыгымдын себеби да ушунда. Менин жеке оюм боюнча кыргыз жергебиз гүлдөп-осүшүнө өз салымыбызды кошуп, андан жардамыбызды аябайбыз десек анда биринчи кезекте тилге жана улуттук каада салттарыбызга басым жасашыбыз керек деп ойлойм. Себеби «Тил бузулса- дил бузулат, эл бузулса-салт бузулат» андыктан ушул ойду колдоп, келечекте башка тилдер сыяктуу кыргыз тилин дүйнөлүк тил болбосо дагы анын таанылышына, жайылуусуна өз салымымды кошом.
«Беш манжа бөлөк-билек бир, беш адам бөлөк-тил бир» демекчи ар бир адамдын ой кыялы ар башка, бирок максаты окшош болсо керек.Мүмкүн мен сыяктуу жаш өспүрүмдөр кыргызстьанды башка тармагынан өнүктүргүсү келеттир, албетте ошентишет. «Бешиктеги баланын бек болооорун ким билет, курсактагы баланын хан болоорун ким билет».
Келечек жаштардыкы деп коюшат эмеспи бирок келечек баарыбызга бирдей, улам барган сайын, адам баласы улгайып анан жаш муундар келечек ээлери алдыңкы көздөй талпынып келишет. Баардык эле адам кыргызстандын гүлдөп-өсүшүн каалайт жана ага аркет кылып келишүүдө жана кыла беришээрине ишенем. Бирок бул менин жеке көз карашым, мен бул ойлорумду акылымдын айтуусу, жүрөгүмдүн каалоосу, ниетимдин жетектөөсү менен кагаз бетине жазып отурам. Ар бир ай баалуу, ары ыйык, а бул менин кыялым жана жашоого койгон максатым, алдыга койгон урааным десем болот.
өркүндөп өс мекеним!
Дил баянды жазган Ысык-Көл областынын Жети-/гүз районунун Даркан айылынын 9-классынын окуучусу Эрмеков Акбар Эрмекович.

#7 05 Январь 2016 - 13:05
Сынакка катышкан Бегайдын дил баяны
«Мен Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм!»
Күн батып барат, жашынып тоого
Көл үстү күйөт, кыпкызыл алоо
Сапарын күндүн, узатып турам
Бүткөнүнсезбей, бир күндүк жашоо!
Албетте, күн артынан күн, түн артынан түнтоктобостон өмүр алга жылып өтүп барат. Адам эки чындык, эки турмуш мененжашайт. Бирөөондө өзү жашаса, экинчисинде кыял жашайт. Кыялды кимдир бирөөгөайтып берүү кызыксыз. Ал ар кимдин өзү үчүн гана эргүү жаратат. Адамдынтурмуштук тажрыйбасы жетпей, өлчөй албай калган нерселерди кээде жүрөк, ичкиүн, ички сезим, интуиция алмаштырат. Мен дагы катардагы кыргыз элимдин жараныболсом да, ушул мекенимдин келечекте өнүп өсүшүн, гүлдөшүн абдан каалйм.Ошондой эле кыргызымдын жакшы жашоого умтулушуна зор салымымды кошкум келет,кыялданам. Албетте, бул кыялымдыда ишкеашырам деп бек айта алам. Кыргызжеримдин кооздугун, сулуулугун, байлыгын эч бир нерсеге алмаштырбас элем. Менсыймыктанам кыргыз болуп төрөлгөнүмө.
Дүйнө толгон сулуулукка көзү тойбой, жараткандынкудуретине, жаратылыш кереметине суктанганда кандайдыр бир укмуш сезим жаралат.
Келечекте кыргызымдын ак ниеттүү, аппак дилдүү жашмуундары биз, мекенибиздин күзгүсү, сыймыгы болоорубузга мен ишенем.
Ала-Тоодойбийик жерди жердеген
Ыйыкбермет Ысык-Көлү бар жерден
Менкызымын сыймыктанып айта алам
Кыргыздеген боорукерлүү бир элден
Эчендеген кылым баскан кыргызым
Суктанышыпичишет эл кымызын
Ажайыпкооз, алтын элден төрөлгөн
Менбир сулуу, кыргызымдын кызымын
Дегендей, кыргыз жериндей, кыргыз элимдей айкөл,боорукер кеӊ пейил элим менен, кооз жерим менен суктанам, сыймыктанам. Мениноюмча кандай нерсе болсо да, «башка түшсө байтал жорго» дегендей, адам баардыкнерсени көтөрөт болуш, биролк мекениненайрылууну көтөрө албаса керек.Мекен- ушул беш тамгадан турган сөздө эле канчалаган ыйыктык, жылуулук жатат.Келечекте билимимди өркүндөтүп, мекенимдин өсүп өнүгүшүнө көптөгөн менденкеректүү нерселерди жасайм деген үмүттөмүн. Ар бир жаш муундарды азыртаданэмгектенүүгө чакырар элем. Анткени биз кыргыз жеримдин келечегибиз.
Келечекти өзүбүз аракеттенип түзбөсөк, бизге эч кимтүзүп бербейт. Башка жер, кыргызда төрөлгөн соӊ, бизге мекен болуп бербейт.Андыктан, баардыгы өзүбүздөн, «Туулган жердин топурагы алтын» деген кепбекеринен айтылбаган чыгаар.
Адамжашайт эне-атадан айрылган
Адамжашайт канатынан кайрылган
Жашадымдеп эсептебе – ал өксүк
Өзгөэлди, жат жат өлкөнү жай кылган
Көӊүлэргийт көрсөм эркин тууӊду
Алтынкуш дейм кыялымда мен кууӊду
Таалайыматартуу кылга Теӊирим
Будүйнөдө жалгыз сендей тууӊду.
Ушуну менен мен чакан дил баянымды аяктадым.Баарыӊарды өз элиӊердин патриоту болууга чакырам.
Каракол шаары,13-жашта Бегай

#8 05 Январь 2016 - 13:07
Сынакка катышкан Бекжан кызы Мээржандын дил баяны
Мен Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн каалайм.
Мен Ысык Көл облусунун Ак Суу районуна караштуу эң алыскы Зындан айылында төрөлүп,өскөм. Учурда 8 класста окуп жатам
Эстартып, дүйнө таанымым кеңейгиче ушул жер үстүндө бир гана кыргыздар жашасакерек деп ойлоптурмун. Көлдүн аркы чети менен жер түгөнсө керек, ошол жергебарып ары жагын карап көрсөм ээ деп кыялданар элем. Ошол кыялым эмдигиче ишкеашып, жердин четин көрө элекмин, бирок менин мекеним Кыргызстан дүйнөдөгүкичинекей гана өлкө экенин билдим. Кандай болсо да мен кыргыз экенимесыймыктанам жана дайыма башка улуттардын алдында башымды бийик көтөрүпмактангым келет. Бейиштин төрүндөй болгон жаратылышы, миллиондогон саптантурган “Манас”, оозунан сөзү нөшөр болуп куюлган, жамгыр болуп төгүлгөнакындары, Чыңгыз Айтматовдой дүйнөгө аты таанылган жазуучусу, Алыкулдай алпакыны, Курманжан даткадай кеменгер аялзаты бар үчүн мактангым келет.
Албетте, ар бир элдин өзүнчө сыймыктанаар, туу туткан нерселери барэмеспи. Бирок мага биздин жер өзгөчө сезилет, өзгөчө бир ыйык да, бийик да жер– Кыргызстанымда төрөлүп калганыма кубанам.
Ойлоном,асман тиреген тоолору, шаркырап аккан тунук суулары, адам аралай алгыс карагайчерлери, башка өлкөлөр көз арткан кен байлыктары бар биздин өлкө неге жардыболду экен? “Чоңдорго” таң калам, өздөрүнө жеткидей ичип жешсе болбойт беле,андан көрө өлкөбүз гүлдөп өссө, бардыгыбызда текши жашоо болсо, айылдагылар“кредит” деген оорудан арылса жакшы болбойт беле. Биздин айылда ар бир экинчиадам, анын ичинде мугалим эжейлерим да кредит алып жашоо кечиришет. Апамдынкредит төгөөрдө уйку көрбөй акча издегенин көргөндө, бала жүрөгүм туйлап,жашоонун мынча оордугуна ызаланам. Аттиң, жомоктогудай азыр эле апамдын кыялынорундаткым келет, бирок колумдан келбей, ичтен тынам. Кыялым менен Кыргызстандыукмуштуудай өнүккөн өлкөгө айландырам. Элдин баары текши жашап, анын ичинде биздин үй бүлөбүз да санаасы жок, бактылуужашап жатканын элестетем.
Кудайбуюрса мен да келечекте бир кесиптин ээси болуп, Мекенимдин гүлдөп өсүшүнөсалымымды кошкум келет. Эң алгач өз ата энемди бактылуу кылгым келет. Ал эмиКыргызстан өнүгүп өссө, албетте бардык карапайым эл бактылуу болор эле.
Мекенимдин каалайм гүлдөп өсүшүн
Атак даңкы бүт ааламга кетишин
Суранамын миң мертебе кудайдан
Улууларга насип, ыйман беришин
Ишенемин келечекте Кыргызстан
Өнүккөн бир чоң өлкөгө айланат
Жаш балдардын жүздөрүндө дайыма
Күлкү болот, эң бактылуу салтанат
Ата энебиз эч көйгөйсүз жашаса
Болбойт беле бүт адамзат таптаза
Карыларын таштап кетпей кээ бирлер
Сыйлап турмак, адаммын деп арданса
Кыргызстандын каалайм гүлдөп өсүшүн
Карап турбай кошолу биз салымды
Кичинекей укмуштуудай өлкө деп
Башка өлкөлөр суктанышсын көрүшсүн!
Ысык-Кол облусунун Ак-Суу районуна
караштуу А. Сыдыкбеков атындагы орто мектебинин
8-классынын окуучусу
Бекжан кызы Мээржан.
Туулган жылы: 2001.07.07.

#9 05 Январь 2016 - 13:11
Сынакка катышкан Жыпара Болотбек кызынын дил баяны
Мен кыргыз жеримдин гулдоп осушун
каалайм.
Бул дил баяанды жазууга киришип жатып коптогон ойлорго чомулдум…
Созумдун башында озумдун туулуп оскон кичи мекеним жонундо айтпасам болбос. Коз алдыма туулган жеримдин элеси мандайыма тартылган суроттой элес берип, ойумду кучко толтуруп, ого бетер делебемди козгоп турду.
Менин олком –Кыргызстанымдын кооздугу, мелтиреген мейкин талаалары, жайкалган жашыл токойлору,аппак карлуу бийик тоолору,монгудон агып тушкон дары суулары, тоо тараптагы жыш оскон карагайлары, кок дениздей чалкып жаткан Ысык-Колу да “-Магакара”- дегенсип кол булгалайт.
Деги койчу! Олкон жонундо эмне айтып, эмнени ойлонсон да коп нерсеге теней албайсын.Мына ушундай жаратылышы кооз мекеним менен кантип сыймыктанбай кое алам ? Ар бир эле мекенчил адам олконун тынчтыгын жана жаркын келечегин каалайт эмеспи . Мен даал адамдардын катарындамын! Келечекте олкомдун онугушуно салым кошо турган инсан болуп, олкомо керектуу жана пайдалуу кесиптин ээси болсом дейм. Мейли врач бол, мейли мугалим бол, а балким тракторист, керек болсо учкуч болсон да эн негизгиси баардык жетишкендиктерин олкон учун болсо, демек сен олкондун эн керектуу инсандарынын бирисин.
Онугуу демекчи, бул созду укканда коптогон адамдарга Европанын, Азиянын онукконолколору коз алдына келет. Мен да кичинекей кезимде Америка, Италия, Япония сыяктуу олколорду теледен коргондо, ал жактар мага абдан укмуштуу, кол жеткис,кооз сезилчу. А бирок онугуу материалдык абал гана эмес, ички ан сезимде даболуу керек экенин баамдадым.
Азыркы заман жаны технологиялардын заманы болуп жатпайбы. Кыргызстан албетте четте калбаш керек. Ар бир онуккон олконун биз учун пайдалуу, туура жолдорун алса эмне учун болбосун? Жакынкы 10-15 жылда мен Кыргызстанды томондогудой олко катары кором:
Бишкек жана Ош шаарларына метро салынат. Ал борбор тургундарынын жолдо журуусун женилдетет. Борбор шаарларда гана эмес, чет жактарда да кочолорубуз Дубайдын, Германиянын кочолорунон артта калбайт. Ысык-Колду мен Кыргызстанды даназалоочу курорт катары кором. Колдун устуно кунгой менен тескейди байланыштырган копуро салынышын каалайм. Колдун жээктерине жакшынакай эс алуучу жайларды салсак жана туура пайдалансак колубуз Дубайдан кем эмес. Айтылгандарды ишке ашырууга бизде ресурстар бар. Менин Тон айылымдатабигаты момо-жемиштерди багып остуруу учун ынгайлуу жер болгондуктан, элибиздин кобу дыйканчылык менен алектенишет. Келечекте бул жактарга ошол момо-жемиштерди иштетуучу чон мекемелер курулат. Бизге Азия, Европа олколорунонкардарлар келишет. Бул биринчиден жергиликтуу тургундарды жумуш мененкамсыздайт, экинчиден мамлекеттин экономикасына кошумча акча каражаты. Анан албетте ан сезимди озгортуш керек. Ар ким эле “Мен! Мен! Мен алайын! Меносойун!”- дебей, “ Биз осолу! Биз онуголу!”- деген ураан менен алга умтулса, Кыргызстан созсуз алдынкы мамлекеттердин катарына кирет деп ишенем. Албеттеонугуу онугуу деп эле Европаны туурап озубуздун ким экенибизди унутуп “киргиз” болуп кетпешибиз керек. Кыргызым осот! Онугот! Кыргыз элим меймандос, иштемчил, ак журок. Жаштын тилегин берет. Эч качан келечектен умут узбойлу! Кыргызстаныбыздын гулдоп онугушу биздин колбузда! Андыктан баарыбыз биригип , олкобуздун онугушуно эч качан кайдыгер карабай, дагы да онугушуно чогу салым кошолу!!!!
Болотбек кызы Жыпара.
А.Салиеватындагы орто мектеби. 9-класс.
Ысык-Кол областы. Тон району. Тон айылы.
#10 05 Январь 2016 - 14:31
Сынакка катышкан Калдыбаева Майрамгүлдүн дил баяны
Средняяшкола- гимназия им. Кирова
СелоТеплоключенка, Иссыккульская Область
Яхочу чтоб мой Кыргызстан процветал
Кыргызстаннаша не сравненная страна. Его не сравнить ни с чем, не с одной другой страной.Эти высокие горы, места до которых не притрагивалась не одна человеческая рука.Места, где жили наши предки. Места, за которые сражались наши батыры. И конечносамые добрые люди на свете живут здесь. Я не была еще в других странах, нодумаю что ни во всех странах в маршрутке принято уступать места старшим, быстронайти родственника только познакомившись с человеком или так уважать своюприроду, что не ездить в горы чаще чем туристы. Так как я люблю нашу природу яхочу в будущем улучшить туризм Кыргызстана, а именно я хочу чтобы и мы,кыргызстанцы и наши гости, туристы осознавали ценность нашего богатства иуважали ее.
Ведьприрода нашей страны уникальное явление. Как говорится в легенде про то, какбог делил земли для разных народов и наций. Но кыргызы как часто это бывает,опаздали на пир в котором должны были получить свою долю земли. Тогда к богупришли наши аксакалы и рассказали про то, как им не досталось земли и кыргызыостались без места, где они могли жить. Все советники всевышнего сказали чтоуже все земли розданы и нет никакого варианта, кроме земли всевышнего. И тогда,Бог подумал и решил отдать кыргызам самое лучшее самое красивое место на земле,свою дачу. Оказалось, это было самое любимое места бога. Он любил гулять поэтим местам, думать, учиться и всегда это место хорошо влияло на него, потомучто к нему здесь приходили лучшие решения в его нелегкой работе и идеи о томкак делать людей и их мир еще лучше. Понимая какое сокровище Бог дает кыргызамони поклялись беречь эти места, жили, радовались и благодарили бога за этипрекрасные уголки рая. Каньон Сказка, водопады Слезы Барса и Чаща Манаса, скалаРазбитое Сердце и Жети Огуз и вид на Кыргызстан рядом с ними, думаю вреальности доказывает какие мы кыргызы удачливые. Я думаю, что эти места векамихранят, и будут хранить свою красоту. А мы в свою очередь должны помогатьприроде, сохранить эту красоту. И хотелось бы сказать, что мы должны гордитьсянашей страной любить и беречь.
Несмотряна то что это всего лишь легенда, я очень верю в то что в нем много правды. Ито что в нашей стране, в даче Бога, на самом деле такая атмосфера где рождаютсяхорошие решения проблем и лучшие идеи для нашего развития. Конечно, много чегоне совпадает, но я мечтаю чтобы мы все вместе своими знаниями и сердцемдобились мира в котором все люди будут образованными, будут добрыми ипозитивными, и не жаловались, а развивались. Нам только надо трудится больше ибыть немного терпеливыми, как говорит моя мама. И для того чтобы еще лучшеосознавать как природа и люди Кыргызстана важна, можно посетить другие страны,увидеть их образ жизни, и получить у них ценные знания.
Так,я немного поделилась одной из моих сокровенных мечт. Спасибо, что прочиталинадеюсь Вам было интересно читать.

#11 05 Январь 2016 - 14:34
Алыбеков Улан
Туулган жердин топурагы алтын дегендей,Кыргызстан ажайып кооз,коздун
жоосун алган керемет жерлери,шаркырап аккан суулары кейиген жанды
кубанттырып турат эмеспи.Кыргызстандын жаратылышы адамдын жылмаюусун
гана пайда кылбастан,таза абасы денсоолука абдан
пайдалуу. Ысык-Кол,Сон- Кол,Сары-Челек, Салкын-Тор,Таш- Рабат,Сулайман- Тоо
жана коптогон кооз жерлерибиз толтура. Кыргызтандын кайсы жерин
айтпайлы бардыгы тен кооз,бирок ар бир жеринин озунчо артыкчылыгы бар.
Мисалы:Ысык- Кол озунун керемет колу менен жана Улуу Каркыра жайлоосу
менен,Нарын жергеси кок тиреген тоолору,жайкалган жайлоосу
менен,Жалал- Абад негизи жаратылыштын кооздугуна эн бай жер,жангак
токойлору, Сары-Челек колу кандай керемет ажайган кооз жер.Чуйдо
керемет тоолор бар,эс ала турган кооз жерлер коп. Талас жергеси
болсо,улуу атабыз Манас жердеген жер,Кен-Кол, Беш-Таш жерлери
менен,Арсланбаб озунун калын токойлору, жангактары менен
белгилуу. Кыргыз жерибизде жаныбарлар коп бирок азыр жоголуп бара
жаткан жаныбарлардын саны жылдан жылга азайып бара жатат. Бул маселеге
жаш муундар азыр конул бурбасак,келечекте бул жаныбарлар такыр эле
жоголуп, айлана-чойронун бузулушуна алып келет.Азыр биздин олкодо
жоголуп бара жаткан жаныбарлар мыйзам турундо корголот.Бул жаныбарлар
кызыл китепке киргизилип, анчылыка тыю салынган.Кызыл китепке кирген
жаныбарлар, курт-кумурскалар жана осумдукторду Кыргызстандын баардык
жарандары сактоого милдетту.Кандай гана керемет жерибиз бар.Ойлонуп
корсом Жараткан бизге баарын бериптир.Африкада, Индияда таза суу
жетпегендиктен алар жакшы жашоодо жашай алышпайт.Башка олколордо
ичкенге сууну сатып алышат. Ошондуктан менин айтарым ичкен сууну
уномдойлу, ак монгулорду сактайлы ,келечектеги муунду
ойлойлу. Кыргызстандын ар бир жери ар бирибиз учун кымбат болушу
керек.Кыргызстандын ар бир атуулу ушундай жерде жашап жатканына
сыймыктанышы зарыл.Жашасын Кыргызстан! !! Дилбаянды даярдаган:
Алыбеков Улан. 9 класс Ысык-Кол облусу Тон району Боконбаев айылы.

#12 05 Январь 2016 - 14:46
Сынакка катышкан Батабеков Кубанычтын дил баяны
«Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм»
Мен Кыргызстан дегенде жүрөгүм эмнегедир дүкүлдөп турат. Азамат Исмаилов байкебиздин «Кыргызстан» aттуу ырын укканда патриоттук сезимим күчкө алгансыйт. Кыргыз жеримдин башка өннүккөн чет мамлекеттердей өркүндөп өсүп кетүүсүн каалайт элем. Дзюдого машыкканы барганыбызда машыктыруучу агайыбыз : «Кыргызстан- силердин, биздин келечегибиз, андыктан күчтүү, акылдуу,эмгекчил патриоттордон бололук» деп кичинекей болсок да, алдыдагы келечегибизге өзүбүздү даярдап тарбиялап жаткансыйт. Мен Кыргызстанымды сүйөм. Мага ар бир ташы, Ысык-Көлүмдүн керемети, кооздугу,толкуну, куму,топурагы, абасы,тоолору чексиз кымбат. Кыргыз элимдин, ата-апамдын, бир туугандарымдын, досторумдун күнүгө жылмайып, токпейилдүү, бактылуу, кенен жашаса дейм. Кыргызстаным өз эле сулуу, кооз өлкө. Мындан дагы кооз болуп өнүгүшү үчүн мен дагы жакшы окуп, мекениме өз салымымды кошкум келет. Апам айтып калат ,«жаштын тилегин берет», жаш кезинде жакшы тилектерди тиле деп. Менин келечегим- Кыргызстандын келечеги, мен жакшы болсом чөйрөм да мыкты болот.
Өткөндө өлкөбүздө партиялар жөнүндө шайлоо болгондо мен да классташтарым менен « Достор-ынтымагы» деген партия ачтым. Досторум менен ар кандай ойлорду бөлүшүп мектептин коомдук иштерине катышканы аракет кылыбыз. Досторум менен ынтымагым бекем болуп кийин ушул« Достор-ынтымагы» деген партиябыз Кыргыз жериме гүлдөп өсүшүнө өз салымын кошот деген үмүттөмүн.
Дагы бир кыялым бар Кыргызстанда өзүбүз автобус, авто машина чыгарган завод курсак деген. Анан башка мамлекеттердей болуп нукура кыргыздын машиналарын айдап сыймыктансак. ..
«Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм» деген темада «Кыргызстаным» деген кичинекей ыр жаздым:
Кыргызстаным деп ыр жазам,
Кыргызмын деп даңктанам.
Кыргыз элим күнүгө,
Өркүндөп өссүн арчадай.
Боёкторго боёлуп,
Гүлдөй берсин Кыргызстан.
Селкинчекке окшошуп,
Күүлөнө берсин Кыргызстан.

#13 05 Январь 2016 - 14:52
Аскарбекова Сезим
Кыргыз жерим гулдоп осушун каалайм.
Ар бир адамдын келечек тагдыры анын Ата Мекенинин келечеги менен тыгыз байланыштуу. Бугунку кундо олкобуздун, мамлекетибиздин келечек тагдыры эч кимибизди кайдыргер калтырбашы керек. Биз жакшы турмушта жошоого татыктуубуз, буюрса, ошондой турмушту курабыз деп ишенем. Ошондуктан бугун биз жаныча шартты куруп, жаныча жашоого уйронушубуз керек. Биздин ар бирибиздин демилгелуулугубуз жана баарыбыздын куч-аракетибиз бирдиктуу болсо Кыргызстанды гулдоп-онуккон, куч-кубаттуу олкого айландырууга мумкундук берет деп ойлойм. Ал учун биз куру кыялдардан баш тартып, жайбаракаттыкты жана озун-озу жубаттуучулукту жок кылышыбыз керек. Биз тез иштегенге, ишти бат бутургонго конуп, жаны нерселерди уйронсок, улам оркундоп-онугобуз .
Албетте, ойлогон максаттарыбыз ишке ашуу учун аракеттер керек. Ал кандай аракеттер? Ал аракеттер: Кыргызстандын кайраттуулук, адилеттуулук менен алдыга карай умтулушу. Туруктуу экономикасы бар куч-кубаттуу мамлекет куру. Озубуздун уникалдуу маданиятыбызды жана каада-салтыбызды мындан ары онуктуруу. Олкобуздун жаратылыш байлыктарын кийинки муундарга коздун карегиндей сактап калтыруу. Менимче мындан откон улуу максат жок.Ал иштерди аткарып, каалаган ой-максаттарыбызга жетиш учун, албетте, кажыбас кайраттуулук менен эмгектенишибиз керек.
Биринчиден биз коррупцияны тупку тамыры менен жок кылышыбз керек. Коррупция, бизди алга карай онугушубузго ото катуу тосколдук кылууда. Мамлекет канчалык кедей болсо, коррупциялык чойро да ошончолук кенири. Менимче коррупциянын башкы башкы катышуучулары бул: милиционерлер, соттор, чиновниктер, бажы жана салык кызматкерлер. Ушул тапта бийликтегилер корунуктуу иштерди жасап жатат десек болот. Булл иш президенттин озунун козомолундо турат. Коррупциянын себеби эмнеде? Мурунку мамлекеттик бийликтегилерден калган система. Ошондуктан мамлекеттик системаны озгортуу керек деп ойлойм. Коррупциянын жок болбостугунун себеби эмненде? Далилденбестиги. Анкени мыйзам боюнча эки тарап тен-беруучу да, алуучуда кылымышкерлер болуп саналышат. Анан ким озуно озу айгак болмок эле?! Батыштагы онуккон олколордо пара менен кармалгандарды ишинен алып, узак моонотко эркинен ажыратылары эчкимге жашыруун деле сыр эмес. Ал эми бизде болсо , пара алып кармалгандар сот залынан « айыбы далилденген жок » деген тыянак менен бошотулат. Ошондуктан натыйжалуу иштей турган адилеттуу, акыйкаттуу жана бардыгы учун бирдей мыйзам кабыл алышыбыз керек. Мамлекеттик аппаратка кокусунан жолуккан адамдардын кирип кетишин азайтуу учун мамлекеттик кызматка конкурстук жол менен кабыл алуу тура болмок. Анкени азыркы учурда талабына жооп бербеген билимге жана иш ыкмаларына ээ, компетенттуу, кылдаттык менен тандалып алынган мамлекеттик кызматкерлер аз.
Экинчиден жумушсуздукту жою. Тилекке каршы, азырынча жумушсуздук азайбай жатат. Жаш адистерге, ЖОЖдордун бутуруучулоруно жана тажрыбайлуу кызматкерлерге жумуш табуу ото оор. Менимче анын башкы себеби – коомго керектуу болгон адистер менен ЖОЖдордо даярдалып чыгарылган адистердин ортосундагы шай келбестик. Олкобуздун копчулук ЖОЖдорунда юристер, экономистер ото ашыкча даярдалып жумушсуз калууда. Ошондуктан алардын ордуна, калк талап кылган адистерди даярдап чыгаруу керек. Биздин олко айыл чарба олкосу болгондуктан эн негизги айыл жергесинде жетишпей жаткан адистерди даярдоо жана кесипчилик окуу жайларын оркундотуу керек. Алар: агроном, ветврач, зоотехник ж.б адистери.
Ал эми биз - жаш муундар Кыргызстаныбызды дуйнонун алдынкы доолотторуно киргизууго умтулушубуз керек. Анткени келечек биздики, демек Ата Мекенибиздин да келечеги биздин колдо. Ошондуктан биз жаштар оз талантыбызды, билимибизди, чыгырмачыл демилгебизди аянбастан, толугу менен пайдаланууга тийишпиз. Бугунку кундо акылга салып, аракеттенуу, жоопкерчиликтуу жана коомдук оптимизмдуу болушубуз болуп корбогондой мааниге ээ. Мен Кыргызстанды келечекте гулдоп-онуккон, куч-кубаттуу мамлекет болоруна толук ишенем. Андай болсо келгиле эртенки Кыргызстандын келечегине коз чаптырып королу.
Дуйнонун алдынкы доолотторунун тизмесинде биздин козкарандысыз Кыргызстаныбыз турат. Биз дуйнолук базардагы тен укуктуу оноктоштордонбуз, товарларыбыз суроо – талапка ээ. Оноржай ишканаларынын кулактандыруулар жазылган такталарында: «Квалификациялуу инженерлер талап кылынат! Кулуу – кучтуу менеджерлер талап кылынат! Жумушчу колдору талап кылынат!» деген ар кандай жарыялар катар тизилип турат. Полиглоттор жана юристер, врачтар жана педагогдор, илимий кызматкерлер талап кылынат! Ошондой эле бизде иштегени чет олколордон да адистер келуудо! Бизде сода – сатык гулдоп онугуудо, айыл чарбасы экологиялык жактан таза продукцияны беруудо. Кыргызстан – жаш курорттордун олкосу, дуйнонун туш тарабынан келе турган туристтер учун тим эле – туристтик – Мекке. Кыргызстанда эс алуу жагымдуу да, кадырлуу да болуп эсептелет. Табигый кооздуктагы жаратылышыбыз – биздин олкобуздун визиттик карточкасы. Кыргызстандын экономикалык керемитинин жетишкендиктерине суктанган туристтер тогороктун торт бурчунан агып келуудо. Алар бизди эли меймандос жана кубаттуу экономикасы бар олко дешет. Мына ушундай келечектеги гулдоп оскон Кыргызстанды элестетем.

#14 05 Январь 2016 - 14:55
Ченчикеева Анара Кубанова
Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм
Менин эн биринчи максатым бул кыргыз жеримдин осуп онугушу. Кыргызстан гулдоп, коптогон атактуу онуккон мамлекеттердей болушун каалайм. Ар бир адам Кыргыстандын онугушуно салым кошуп, мекенибизди суйуп, ынтымакта жашаганда гана мамлекетибиз бийиктикке которулот. Кыргыз жерим жана эл журтум мен учун баарынан ыйык, анткени ушул жерден ынаалап жарык дуйного келгем, киндик каным тамган жер, ошондуктан мен кыргыз жеримдин осуп-онугушуно зор салым кошкум келет. Акыркы жылдарда Кыргызстаныбыз коптогон жактан осуп-онугуп келе жатат, коптогон ийгиликтерге жетишип келе жатат. Бул мени абдан кубандырат.
Ушул нерсеге салым кошкон адамдарга терен таазим этем. Кыргыз жерибиздин осуп-онугушуно коптогон жолдор бар. Алардын бири бул дени сак калк. Анткени ден-соолук болсо бары болот. Бул нерсе менен мен эмнени айткым келип турат? Алкогол ичимдиктерди жана ден соолука зыян келтируучу заттарды сатууга тыйу салуу жана спортту онуктуруу. Жана дагы эн башкы бул апалардын жана балдардын ден-соолугу.
Аларга мамлекет озгочо конул буруш керек, коргош керек, колдош керек. Анан дагы айтып кетчу нерсе бул – улуулардын акыл-насааттарын эске тутуп, ак элечек энелерибиздин,
аталарыбыздын оюн четке какпоо. Осуп-онугуунун дагы бир жакшы жолу бул билимдуу, тарбиялуу жана ыймандуу муун. Анткени биз, жаштар – жалпы адамзаттын келечегибиз деп бекеринен айтылбайт эмеспи. Эгерде жаштар билимдуу болсо, анда мамлекетибиздин мандайы жарык болот деп ишенем. Окуучуларды спортко, музыкага жана башка коптогон жакшы тармактарга кызыктырыш керек. Ошол себептен менин сунушум коптогон эл аралык олимпиадаларды,
спартакиадаларды уюштуруш керек жана мекенибизди бутун дуйного жалан гана жакшы жактар менен таанытканга аракет кылышыбыз керек. Ошондо калкыбыздын гана ичинде эмес, мамлекеттер арасында да ынтымак пайда болот. Онугууго жол торогон коррупция менен кылмышты дагы жокко салыш керек. Мен озум 8-класстын эле окуучусу болсом дагы, кыргыз элимдин келечегине азыртадан салым кошкум келет. Келечектин эн негизгиси - жакшы жогорку билим алып, оз мекенимди колумдан келишинче онуктурууго бут кучумду жумшаганга даярмын. Менин дагы коптогон жакшы ойлорум, максаттарым,
тилектерим бар. Ошол максаттарга туура жолдор менен жетууго умтулушубуз керек. Аларды калкым да туура тушунуп, кыргыз жеримдин осуп-онугушуно оз салымдарын кошот деген ойдомун.
#15 05 Январь 2016 - 15:04
Айданек Мирбекова
Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал.
Тот, кто искореняет свои ошибки и преодолевает недостатки,
энергично и постоянно продвигаясь вперед,
достигнет больших высот в своем развитии.
(Эрнст Тельман)
«Для рыбы нужна чистая вода-будем охранять наши водоемы. В лесах, степях, горах разные ценные животные-будем охранять наши леса, степи, горы. Рыбе-вода, птице-воздух, зверю-лес, степь, горы. А человеку нужна Родина». Так писал русский писатель, Михаил Пришвин в своем рассказе «Моя Родина». И действительно, каждому человеку на Земле нужна Родина. А моя Родина-это Кыргызстан. Родиной, я зову ее потому, что в ней я родилась, потому что в ней испокон веков жили мои предки, в ней говорят родным мне языком, и все в ней для меня родное. Говорят: «На Родине у тебя и прошлое и будущее. В чужом краю одно лишь настоящее». Да, в этой сказочной, завораживающей и манящей своими природными красотами стране у меня и прошлое, и будущее, и конечно настоящее.
Сейчас я, ученица 9 класса. У меня все еще впереди, и с сегодняшнего дня ставлю себе большие цели и планы, чтобы достичь их в будущем. Поэтому строя будущее, хочу приносить пользу государству. Я думаю, что мы не должны только хотеть того, чтобы наш Кыргызстан процветал, а должны для этого предпринять конкретные меры и объединить все наши силы для ее дальнейшего развития. И так мои идеи насчет развития страны:
1. Если бы меня спросили: «С чего бы ты начала развитие нашей страны?» То я бы не задумываясь ответила: «Со сферы образования». Действительно, ведь образование- одна из важнейших сфер социальной жизни, от функционирования которой зависит интеллектуальное, культурное, нравственное состояние всего общества.
Говорят: »То, что должно вознестись на самый верх, начинается в самом внизу». Это я говорю о самом начальном звене образования- о детских садах. И о важнейшем социальном институте в системе образования- о школах. В данное время проблемы, стоящие перед управлением образования: низкая заработная плата учителей, недостаточное обеспечение материально технической базы, нехватка кадров, также особенно в горных районах или же в отдаленных селах детские сады, школы, об их состоянии даже можно и не говорить или же их вовсе нету… Но несмотря на все эти проблемы многие студенты, школьники обучаются за границей, достигают больших высот благодаря своим трудам.
2. Второй шаг-это отрасли, по которым Кыргызстан может развиваться. Это: легкая промышленность, сельское хозяйство, туризм, горнодобывающая промышленность, энергетика и т.д. Как мы все знаем у Кыргызстана очень богатая природа, поэтому в стране есть все необходимые условия для развития туризма. Иссык-Куль(бренд нашей страны),Сон- Кель, Жети-Огуз, Сары-Челек, их нескончаемое количество, и об этих местах можно говорить часами. Но как гласит пословица: « У медали есть две стороны», я считаю что Кыргызстану как стране туризма нужно соответствовать международным стандартам. Если мы хотим, чтобы к нам приезжало много туристов, мы должны подумать о безопасности, инфраструктуре и о сервисе обслуживания. Некоторые строения неизменны с советских времен и находятся в плачевном состоянии. Просто за экстримом могут приезжать к нам лишь единицы, и оставляют в стране мало денег. С другой стороны, это-отсутствие квалифицированных кадров.
3. И самое главное, мы не должны забывать об экологии. Но к сожалению, мы вспоминаем об экологических проблемах только тогда, когда они становятся заметными. Сегодня Кыргызстан остается одной из стран мира, где природа еще хорошо сохранена. Но угроза все же существует: мусор, который лежит везде, куда бы мы не смотрели, еще раз доказывает, что у населения нашей страны нету ответственного и сознательного отношения к земле и природе. Моя сестра учится в Германии, как раз на факультете «энергия и использование природных ресурсов». И она мне каждый раз рассказывает о чистоте Германии, о том что они делят мусор по отдельности (бумаги, пластик, целлофаны все по отдельности). И я каждый раз мечтаю о том, как население Кыргызстана делает также. Самая главная проблема-это то, что в стране нету перерабатывающего завода. В данный период, кроме мусора, существует еще пять главных экологических проблем: загрязнение водных ресурсов, климатические изменения, политика управления отходами, сохранение биоразнообразия, загрязнение воздуха. А самое главное, мы не должны забывать то, что экологическая ситуация возникшая в Кыргызстане, произошла из-за нашего пренебрежения, и требует от нас глобального подхода!
Не зря сказано: темнее всего перед рассветом! Будущее нашей страны в наших руках, и каким будет Кыргызстан в будущем, зависит только от нас! Я верю, что Кыргызстан в будущем будет самым развитым и процветающим государством! А в заключении хочется сказать: «СПАСИБО ТЕБЕ КЫРГЫЗСТАН!».

#16 05 Январь 2016 - 15:05
Кулукеев Жанат
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.
Туулган жерим сен ыйыксың керемет,
Шыктандырып бул жашоого дем берет.
Жаратылыш, тоо ташыңдын, сууңдун,
Мен жазайын ыйыктыгын бүт эстеп.
Менин өлкөм абдан кооз, жаратылышы суктанаарлык, абасы таза , эли меймандос, ынтымактуу, адамкерчиликтүү бул менин туулган жерим – Кыргызстан! . Өлкөбүз өзү кичине болгону менен кылымды карыткан улуу тарыхы бар. Кыргыз элинен дүйнөгө таанымал инсандар көп чыккан. Алар абдан кызыктуу, шедевр чыгармаларды жаратышкан.
Биздин өлкөгө эч бир мамлекет тең келе албайт. Себеби биздин өлкөнүн жаратылышы, абасы, кооздугу деги койчу баардыгы табигый. Жараткан алакандай кыргыз элине көздүн жоосун алгандай кооздукту бериптир. Сыртта жүргөн мекендештерибиз өз туулуп өскөн жери Кыргызстанды абдан сагынат болуш керек. Себеби «Туулган жердин топурагы алтын» дегендей, башка өлкөгө барып көнүш абдан кыйын, сыртынан билгизбесе да ичинен сагыныч, кусалык каптап турса керек. « Башка жердин султаны болгуча, өз элиңдин култаны бол» деген кыргыз элинин макалы да бекеринен айтылбаса керек.
Ар бир жаран кыргыз жерин өркүндөп-өсүшүн каалайт. Бирок алар салым кошкондун ордуна «Биздин колдон эмне келмек эле, жогору жактагылар жасасын»- деп кайдыгер карап коюшат. Ошентип жүрүшсө биздин мамлекет кайдан гүлдөп-өсмөк эле. Менин оюмча жок! Ар бир адамдын колунан келет, керек болсо 5 жаштагы балага да туура тарбия бериш керек. Мисалы: акыр-чикирди урнага сал десең, ал бала баарын айткандай кылат.
Мен келечекте Кыргызстанды баардык жагынан алдыңкы мамлекеттердин туу чокусуна жетет деп ойлойм. Анткени бизде баардыгы бар, «Колдо бар алтындын баркы билинбейт» дегендей биз аларды колдонгонду билбейбиз. Мисалы: биздин өлкөдө дарыя, агын суулар абдан көп, аларды биз барктабайбыз. Ошол сууларга суу сактагычтарды куруп, энергия алса болот. Башка мамлекеттерге карыз болбой, өзүбүздөн алсак кандай жакшы. Жаратылыштын көркүн бузган акыр-чикирлер жанды кейитет. Кайсы шаардын четине барба таштанды үйүлүп турганын көрөсүң. Аларга экинчи өмүр берип, кайра иштетүү заводдору курулса айланабыз жашылга бөлөнмөк. Шаарларыбыз кечкисин караңгы, ар бир 20метр сайын жарык орнотсок бул да өлкөбүздүн көркүн ачат. Мен баарын жаман дебейм, акырындан мамлекетибиз өнүгүп келе жатат, биз аларга өбөлгө болуп тазалыкты сактап, бак дарактарды тигип, кичүүлөргө үйрөтсөң бул дагы өлкөбүзгө салым кошконубуз болот.
Келечекте өлкөбүздө зыңгыраган жолдор, ар бир бурулушта жол чырактар, жаратылышка зыяны жок машиналар, көптөгөн аллеялар, көздү суктандырган кооз гүлдөр, бийик имараттар, эс алуучу жайлар, заводдор, көчөлөрдө жарыктар, баардык шарты бар мектептер, ооруканалар, бала бакчалар болушун каалайм жана экономикабыз өнүгүп, гүлдөп-өсүп, бай мамлекеттердин ордун ээлейт деп ойлойм. Кыргызстаныбыз сөзсүз өнүгөт буга мен чын дилимден ишенем! Өлкөбүз алдыңкы мамлекеттердин катарын толуктоочу күн да аз калды. Баарыбыз патриот болуп, мамлекет мен үчүн эмне кылды дебей, мен мамлекет үчүн эмне кылдым деп, өлкөбүзгө ар бирибиз салымыбызды кошолу! Мамлекетибиз - Кыргызстан гүлдөп-өссүп, өнүгүп-өркүндөсүн!

#17 05 Январь 2016 - 15:07
Сагымбаева Адинай
Мен дил баяндын башын илгертеден калган макал менен баштагым келип турат:"Туулган жердин топурагы алтын"дегендей биздин мекенибиз Кыргызстан. Кайсыл жерге барба туулуп оскон жеринди сагынасын.
Мейли онукконбу же болбосо онугуп келе жатканбы айырмасы жок.Азыркы кезде аалаидашуу мезгили журуп жаткандыктан, ар бир олко бири-бири менен мамилелерин жакшыртып осуп-онугуп жаткан мезгили.Анын ичинен Кыргызстан. Дуйнонун картасында кичинекей орундуу ээлесе дагы жаратылышынын кооздугу,суусунун тазалыгы,элинин кен пейилдиги менен эч бир элди алдыга салбайтдеп ойлойм.
Мисалы менин эжем Кытай мамлекетине бир жыл окууга барып келди.эми ал жактын жетишкендиктерин айтып отурса жомокту элестеттим. Эжемдин айтуусунда :"чалык жетишкен шаарда журсом дагы Кыргызстанымды, чан жыттанган айыл кочолру козумон учту"деди. Ал жактагы суротторду карап Кыргызстан дагы ушундай онугуп-осуп каалашын кааладым.Ал учун келечекте олко учун жакшы иштерди жасап,татыктуу билим алышыбыз керек.Ар бирибиз мойнубуздагы жоппкерчликтуу ишке терен карайлы.Чет жерден билим алып келген жаштар коруп,билип келген тажрыйбаларын колдонуп иш жузуно ашырышса мен ойлойм жакынкы жылдары ошол аракеттер оз жемишин берет деп.Анткени биздин олкодо онугууго баардык шарттар бар.Мисалы:кен байлыктары, газы,таза суусу,кооз жаратылышы баардыгы бар эми бир гана ошолорду туура жакка пайдалансак алдынкы олколор катарын толуктай алабызю
Мен бир ишке аябай окунуп келем,ал коррупция.Олкодо терен тамырын алган бул жаман ишти жоготсок,бийликке деги эле таза иштесек мамлекетибиз алдыга жылат.
Кыргызстанды онуктуруу оз колубузда,мен кайрылып кетет элм баарына убакытты алган интернетке коп конул бурбай,улуулар татыктуу улгу корсотушуп чын дилибиз менен "олко мага эмне кылды?эмес мен олкого эмне кылдым?"деген ураанды карманалы! !!

#18 05 Январь 2016 - 15:20
Эльдар Тукеналиев
“Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм”
Кыргызстанды коргон да арманда,корбогон да арманда. Анткени кыргыз жеримдин абасынын тазалыгына, суусунун тунуктугуна, кымызына,тоолоруна, жайлоолоруна,
колдоруно, жерлеринин кооздугуна баа жеткис. Руханий байлыгы,салт- санаасы,урп- адаттары кылымдар бою сакталып келет.
Кыргызстандагы колдорго коз тойгус. Алар: Ысык-Кол,Чатыр- Кол,Сон-Кол,Сары- Челек ж.б.
Алардын бири Ысык-Кол жонундо соз кылсак. Ысык-Кол облусу Кыргызстандын чыгыш болугундо жайгашкан. Бул жердин жаратылышы абдан кооз,берекелуу. Ысык-Кол дуйнодогу эн кооз колдордун бири. Бул облустун аймагында турдуу осумдуктор менен жаныбарлар дуйносу бар. Колдун кооздугун соз менен айтуу абдан кыйын. Ошондуктан колубузго суктангандар абдан коп.
Кыргызстандын туштук жагында Ош облусу орун алган. Кышы жылуу жана кыска. Жайы ысык жана кургакчыл. Бул жылуулукту жактырган пахта,бакча осумдукторун остурууго мумкундук берет. Ошондуктан Ош облусунун базарларында жашылчалар жана момо жемиштер: анар,курма,алма, жангак,жузум, мисте,орук жана башкалар коп сатылат.
Облустун калкы коп улутту жана абдан эмгекчил. Айыл чарба-Ош облусунун тургундарынын негизги иши болуп саналат.
Ош шаары Кыргызстандагы калкынын санынын коптугу боюнча экинчи орунда турат.
Ошту Кыргызстандын байыркы шаары деп аташат, ага 3000 жыл болгон.
Кыргызстанда кооз жерлер абдан коп. Аларды айтсак соз жеткис.
Азыркы мен айткан жерлер кыргыз жеримдин кичине гана болугу. Анан ушундай жеримдин онугушун ким каалабасын. Кыргызстанды гулдотуп-онуктуруу ар-бирибиздин колубузда. Биз оз мамлекетибизди онуктуруу учун коп мумкунчулуктор бар. Ошол мумкунчулукторду кое бербеш учун билимдуу адамдар керек,билимдуу адамдар кобойуш учун билим берууну жогорулатып, мектептерге баадык шарттарды тузуу керек.
Бизге онугууго тоскоолдук кылган нерселер дагы жок эмес. Алардын башында турган бул коррупция. Кыргызстанда коррупция тамырын кенен жайган. Азыр парасыз иш журбой калган. Коррупцияны такыр жоюга болбойт,бирок азайтсак озубуз учун жакшы болмок. Ал адамдын озунон коз каранды. Биз Исхак Раззаковдун: “сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот.”-деген насаатын ураан кылып иштесек коррупция алда канча азаймак. Азыркы учурда чындыкты бетке айтып иштообуз керек. Башка жол жок сыяктуу.
Мен азыр мектепти жакшы окуп бутуп, озум каалаган окуу-жайга тапшырып, татыктуу билим алсам дейм.
Мен дагы Кыргызстандын ар бир жаранындай эле, оз жеримдин, элимдин онугушуно оз салымымды кошом...
Автору: Эльдар Тукеналиев.
Ысык-Кол району.
Чолпон-Ата шаары.

#19 05 Январь 2016 - 15:22
Аликов Азат
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.
Кыргызстан – мен үчүн өтө маанилүү жана ыйык.Кыргыз эли нечендеген кылымдарды басып өтүп, башынан оор күндөрдү кечирсе да, азыркы күндө ал Кыргыз бойдон калды.Тарыхый төңкөрүштөр, согуштар, ачарчылык, табигый алааматтар кыргыз элин сындыра алган жок.Намыска бек, эр жүрөк, чынчыл, адилет, чечкиндүү инсандар журт башкарып, улуу жеңиштерге жетишти.
Эне-Сай жеринен жер которуп, Орто Азиянын керемет жерин жердеп, аны Кыргызстан деген мамлекетке айландырды.
Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу аянтынын өлчөмү, калкынын саны боюнча эң кичине көрсөткүчтү көргөзүп турса да, жеринин асылдуулугу, кооздугу, элинин меймандостугу, аракети, чечкиндүүлүгү демократияга болгон умтулуусу боюнча сап башында турат.
Кыргыз элинин эркиндикти сүйүүсү, тарыхый чыгармаларда, элдик оозеки чыгармаларда баяндалат.
Эпостордун туу чокусу “Манас” бул кайталангыс энциклопедия. Анда баатырлык заманда жашаган кыргыз элинин баскан жолу баяндалган.
Мекенибиздин өсүп-өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон ар тармактын өкүлдөрүнүнэмгектери биз үчүн ар дайым үлгү болууда.
Кусейин Карасаев, Ишенаалы Арабаев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Рыспай Абдыкадыров, Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев ....айта берсек сап улана берет.Бул адамдардын жасаган эмгектери мен үчүн турмуштук сабак, насаат үлгү!
“Аалам – айылдан башалат” деп бекеринен айтылбаса керек.Президент, министрлер, депутаттар, илимпоз-окумуштуулар айылда туулуп, эр жетишкен.
Мен дагы өзүмдүн кичи мекеним деп Ысык-Көл обдастынын Түп айылын айтам.
Азыр мектепте 11-класста окуп билим алуудамын.
Мен келечекте өтө көп,абстрактуу милдет, максаттарды коюуудан алысмын.Келечекте дүйнө эли “сүйлөгөн” “компьютер тилинин” программисти болууну эңсейм жана өз максатыма жетүү өзүмдүн гана колумда экенин терең түшүнөм.
Менин жаакшы окуп, айылдагы “Адамзат ден-соолугу” коомдук бирикмесиндеги ыктыярчуулук ишим эч кандай материалдык пайданы көздөбөй, өзүм жашаган алгачкы кадамым деп эсептейм.Ыктыярчылар клубунда алган билимим, маалыматтарым, жаңылыктарымды досторум классташтарым менен бөлүшөм.Өз мекенибиздин патриоту болууга үндөйм!
“Билеги күчтүү – бирди, билими күчтүү – миңди жыгат” дегендей азыркы жаштар рыноктун талабына ылайык билим алып, кесип тандашууда. Акылдуу, ар намыстуу жаштардан уучубуз кур эмес.”Көп түкүрсө, көл болот” дегендей ар бирибиз өз салымыбызды кошсок мамлекетибиз өнүгөт, өсөт.Өнүгүү- сөзсүз акча менен ченелбеш керек.Акыл эмгеги, кол эмгеги деген түшүнүктөр болуусу зарыл.Саясаттабы, бизнестеби жаштардын катышуусу маанилүү!
“Кедей өлкөдө саясатты,бай өлкөдө маданиятты сүйлөшөт” деген мааниси терең,мтаамай айтылган сөз бар.Келечекте биз дагы жергебиздеги жетишкендиктери, эмгектери менен таанылган инсандардын катарында болобуз!
Урпактардан урпактарга калып келе жаткан мурастарды, материалдык жана материалдык эмес баалуулуктарды көздүн карегиндей сактоо биздин ыйык милдетибиз экендиги талашсыз жана аны өзүбүздөн кийин тарыхтын – кыргыз элинин уланышына салымыбызды кошолу!
Мен өзүмдүн мекеним – Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн ар дайым ак ниет талбай кызмат кылам.Менин катарымда мага окшогон амбициясы күчтүү, өзүнүн көз карашы, пикири бар жаштар бар экенине ишенем!
Ысык-Көл областынын Түп районунун Түп айылынын
№7 В.Кайкин атындагы орто мектебинин 11”б” классынын окуучусу Аликов Азат.

#20 05 Январь 2016 - 15:27
Тилекова Айжан
Мен кыргыз жермимдин гүлдөп – өсүшүн каалайм
Ата, эне, ай, күн, жер, суу, нан, сүт, деген сөздөр балага ымыркайында кулагына куюлат. Ата – энесиз бала төрөлбөгөндөй эле – жер – суусуз, нан, сүтсүз киши жашай албасы чын. Ушуларды бир сөз менен атаганда, ал – мекен. Бизге күчтү, эркти,сыймыкты берип турган ушул мекенибиз! Мекен үчүн эмгектенүү аны даңктоо, кыйын кездерде аны коргоо эң башкы максат. Ар бир уул, кыз мекени үчүн алы келишинче күчүн, акылын жумшап кызмат өтөөсү керек деп ойлойм.
Кыргызстандын азыркы учурдагы абалы анча эмес. Элдердин көбү бай турушат, бирок тилекке каршы мекенибиз бай эмес. Мунун себеби эмнеде?,албетте өзүбүздөн кетет бардыгы, биз жаратылышты күнөөлөй албайбыз да. Кыргызстанда көптөгөн кен байлыктар бар, бирок алар иштетилбегендиги жана алар туура пайдаланылбандыгы белгилүү. Кээ бир өлкөлөргө барып Кыргызстандыкпыз деп айтсаң «Кыргызстан» деген кайсы өлкө деп, Кыргызстанды билбегендери да бар. Мунун бирден – бир себеби мекенибиздин өнүкпөгөнү. Азыркы учурда жарандарга эң керектүү нерсе бул билим, себеби билимдүү адам мекенине салым кошо алат, көптү билген адамдын колунан көп нерсе келет. «Билеги күчтүү – бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» деген макал ошондон калса керек.
Кыргызстанда азыркы учурдагы орчундуу маселелердин бири, азыр бардыгы акча менен чечилет.жада калса, ооруканалардан кедей, колунда жок, акчасы жок адамдарды даарылашпайт. Акча бергенде гана оорулууга жакшы кам көрүшөт. Акча бербесе эптеп бир нерсе кылып коюшат. Бул кыска сөз менен айтканда коррупция. Окуу жайларда деле акча берсен «5» деген баа коюп берет. Же болбосо мугалим өзүнө керектүү нерсесин сурайт «ким ушуну алып келсе, ошонун баасын бир балга көтөрөм» дейт. Бул корупция гана эмес мисалы, ооруканада иштеген дарыгерлердин кээ бирөөсү окуусун акча менен бүтүп алышат да элдерди майып кылып салат. Бул, ал дарыгердин эле эмес, аны окуткан мугалимдин да күнөөсү. Ал окуучудан акча албашы керек эле,окуучу дагы «дарыгерлик» кесипти аркалагысы келсе,аракеттенип, изденип окушу керек болчу. Демек, мугалимге деле баары бир болуп жатпайбы. «Кой акча албайын, жаштарыбыз изденип окуп,терең билим алсын» деп ойлонсо болбойт беле. Окуучу деле «Кой изденип окуйун, элиме салымымды кошоюн, элимдин ден соолугун чыңдайын» деген ойлор келбейт го ээ. Мугалим да стундент да мындай жаман иш кылып жатса, мекенибиз кантип өнүксүн? Ооба, жакшы мугалим, жакшы окуучу, жакшы дарыгер такыр жок эмес, бар, бирок алар өлкөбүздө аз кана кездешет.
Азыркы учурдагы дагы бир орчундуу маселе жумуш орундарынын жоктугу башкача айтканда мигранттардын көбөйүшү. Чондорубуз элдерди жумуш орундары менен камсыз кылса болмок. Мигранттар башка өлкөлөргө жыргаганы барбай эле да, алар да өз жанын багыш үчүн барып жатышат да мунун себеби элдин мумуш орундары менен камсыз кылынбаганы. Дагы бир себеби ал адамдардын убагында окубаганы. Окуучу убагында алар алып жаткан билимдин кийин керек болорун билишпейт, окубай жүрө беришет да, кийин өкүнүшөт. Окубаган адамдар каалаган кесибине жете албайт.
Кыргызстанда бардыгы 120 депутат бар. Депутаттардын көптүгү да элди жабыр тарттырат. 120 депутаттын жок дегенде 20 сын алып салганда, бир депутатка бир айлык акысына 60 000 сом төлөнсө, 20 депутатка төлөнчү акчанын суммасы 1 200 000 сом болот. Бул акча менен жумуш орундарын камсыз кылса болот. Ошондо мигранттардын саны азаймак жана женил өнөр жайларын ачса да болот. Ошондо элдер жумуш орундары менен камсыз кылынат.
Кыргызстанда завод – фабрикалар, чет – өлкөлөрдөгүдөй бийик имараттар жок деп айтсам жанылышпайм. Башка өлкөлөрдөн инвесторлорду таап өнөр жай ишканаларын ачсак болот. Мына ушинтип айтып отурсак булар түгөнбөйт. Өнүгүп кетүүгө ушундай мүмкүнчүлүктөр бар, жаңы нерселерди ойлоп табууга мүмкүнчүлүктөр бар. Биз деле орустардай, англичандардай, кытайлардай, корейлердей эле элбиз го, ошолордой эле адамбыз го. Кудайга шүгүр Кыргызстан сууга байбыз,бийик – бийик тоолорубуз бар, бирок эмнеге өнүгө албайбыз.
Сөзүмдүн аягында «Окуу, окуу жана окуу» деген ураан койгум келип жатат. Эгер мени эл тааныса, билсе мен ушул ураанды сөзсүз айтат элем. Мен кыргыз элиме «Билим алгыла, чет тилдерин үйрөнгүлө, бирок эне тилиңерди стпагыла, спорт менен машыккыла мекенге салымыңарды кошкула, бирок туура эмес жолдор аркылуу эмес, окугула, окугула жана окугула ошону менен бирге адамгерчиликтүүлүк сапатыңарды жоготпогула» деп айтар элем, эгер менде муну элиме айтканга мүмкүнчүлүк болсо. Жергебиздин өнүгүшүнө бир гана адамдын салымы жетишсиз болот. И. Разаков айткан «Мен таза болсом, сен таза болсоң, анда коом да таза болот» деп. Ошондуктан, өзүбүздү тарбиялап, анан жаныбыздагаларга үлгү көрсөтсөк, башкалар да үлгү ала аышат. Дилбаянымдын акыркы саптарында кыргыз элиме ыр арнагым келип турат.
Көчө бойлоп, басып жүрсөм чалкалай,
Байкап көрдүм, мен өзүмдү акмалай.
Мен калсам да өлкөм өсүп баратат,
Бир көз ирмем каалап өттүм бак – таалай.
Менин өлкөм бийиктердин бийиги,
Мен ар дайым билдиремин сүйүүмдү.
Өлкөм өсөт тээ бийике көкөлөп,
болсок эгер, ар бирибиз күйүмдү
Өлкөм өсөт, бийиктерди багынтып,
Кооздоп үстүн, гүлдөн кийин жамынтып.
Өлсөк дагы, о дүйнөгө кетсек да,
Көз алдымда турат окшойт сагынтып.
Кыргызстан тээ бийике көрк болор,
Жылдыздардын чолпонуна окшошор.
Акыр бир күн, күн нурларын уялтып,
Бул дүйнөдө багыбызга бак кошор
Ысык-Көл обласынын Каракол шаарындагы №2 гимназия мектебинин 8 «А» классынын окуучусу Тилекова Айжан