Суперстан: Мезгил ызасы(Роман) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мезгил ызасы(Роман) Мезгил ызасы

#21 Пользователь офлайн   jetinur90   05 Февраль 2016 - 00:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Мээнет кылган кишиге рахмат. Токтогулда болуп откон окуя экен. Эми ушул кантип чын болсун. Сыягы жомоктой эле го...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   bema_bema   05 Февраль 2016 - 19:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Атасына күмбөз тургузам деген Стамкул, дайрадан чаначтап суу ташып  атасынын күмбөзүн тургузду. Бу дагы болсо баланын бир милдети экенин  өткөн-кеткендер айтып жүрүштү.

 

ЖАБАГЫ БАЛБАН

 

Саратан айынын этеги. Күн өтө ысып чыкты. Толукта  таа-руу отоо, арпа суугаруу кычап турган кез.

Чыгынып тааруу отоого чыга албай жаткан Жабагы Тайноопазга эки чаначтын бирине айран, бирине кымыз куйдуруп теңдеп артып, жайлоодон – Төөкарындан акырын келатты. Күшүлдөп баскан ноопас ыргалып келе берди.

Ал Аюубулакка барып тааруу отомок. Анын далдайган кебетеси элик алып жаңы эле таштап жиберип, жанына барып конгон кара бүркүттөй  алдын тиктеп мелтейет.

Күн Тержайлактын башынан кылтайып чыкканда жөнөгөн Жабагы Аюубулакка кеч бешимге жакын жете келди.

Чытырман өскөн алманы аралап өтүш өзүнчө эле бир тозок. Жалгыз аяк жол менен ошол калың токойду аралап, о тай чабым жол жүрүп анан четке чыгат. Анан да бу алмалуу бактын сүрдүүсүн кантесиң, электин торунан күндүн шооласы түшкөнсүп, күндүн нурун да жалбырактар тосуп, арасынан сызылып чыгып жолду зорго жарык кылат.

Бул чөлкөмдө бардык жапайы жырткычтардын түрү боло турган. Канаттуу парандалардын сайрагандары өзүнчө эле базар. Анда куштардын базары сымал элес калтырат. Ошонусу да жакшы экен алардын чурулдагы менен береги калың токойдон өтүп аласың. Өзгөчө «куш базарында» Байлуунун «үгү»–«үгү» – деп коркунучтуу сайраганы, аны коштоп сагызгандын бир нерседен кабар бергендей шакылыктап ээрчип  алганы,  Жабагыны чоочутту. Алдындагы тайноопаз эки серке чаначты чайпалта көтөрүп буттары тайтактап   зорго басат. Жолдон четке чыгайын дейт чытырман токой  ага жол берер эмес. Анын үстүнө чаначты алманын бутактары жырып кетеби деген Жабагы алдындагы айбан малды эки жакка кетире койбоду. Күшүлдөп баса албай бараткан тай ноопас өзүнө күч кошулгандай ылдамдап басып калды. Оң капталдан коркулдаган жапайы камандын үйүрү жакындап келатты. Жабагы анын үнүнөн эле таанып, жапан жаныбардын өзүнүн артынан келатканын даана сезди.

Капысынан кирген буурадай качырып келаткан камандан буйтай берип, көз ирмемчелик аралыкта шап секирип жонуна минип, эки кулактан толгой кармап, колтук жагына эки бутун сундуруп ийген буттары жабыша, камандын алдыңкы буттары туруштук бере албай эки жакка кериле түштү, анан басууга алы келбей тайтайып туруп калды.

Камандын кышылдаган үнүнөн чоочуган тай ноопаз лепилдей басып, эми эле чайпала  басып келатканын унуткандай үстүндөгү жүгү менен иши болбогондой карааны алыстап барат.

Кош кулагын толгой кармаган Жабагы жапан камандын башын жерге ныгыра бергенде күчтөн тайыган каман, кылым карыткан алманын дүмбүрүн сүзүп, оңкосунан тийди.

Жабагы өтө тездик менен камандын колтугунан бутун тартып алып, алдыга жүткүнө чуркап кетти. Жапан айбанатын эрмектегиси келдиби, анын жанына басып келип, бутунун башы менен капталга тепти. Каман эсине келе ордунан туруп келатканда аны буйдамга келтирбей колтукка муштап, муштап кайра жыкты. Жүрөк тушу ичине кабырылып муштуму кире түшүп, жапан жаныбардын түрсүл кагып жаткан жүрөгү кагуудан калды.

Ээн жерде күчүн сынагысы келген жаш балбан камандын арткы шыйрагынан кош колдой кармап, өйдө көтөрө,  тизилип бараткан торойлорун карай ыргытты. Куйруктарын чимирик кылып торойлор энесинин артында дүмүрөңдөп чуркап качып баратышты.

Жабагы ноопазына токойдун четине жете бергенде жетти.

– Жаның ширин э, байкуш?! Эми эле тайтактап баса албай келаттың эле каманды көргөндө дикилдеп чуркап бердиң го?!

Жабагы маңдайына бүткөн жалгыз тайноопазды акырын түртүп койду. Ушуну эле күткөндөй теңселип келаткан тай ноопаз тайтайып төрт аягы чалыштап, жыгылып калды.

Куйруктан тартып өйдө тургузууга аракет жасап көрдү. Тайноопаз козголбоду. Ансыз да шайы кетип коркконунан жанын үрөп басып келаткан ал турайын дебеди.

Жолдун сол тарабындагы чоң түп алманын шагына конгон сагызган куйругун селкилдетип Жабагыны шылдыңдап жаткансыды. Жабагы үтүрөйө түштү.

Сагызганды «чүш» деп тебетейи менен уруп жиберди. Ансыз да калдайган тебетей терге чыпталып салмак басып, алманын бутагына илинип, Жабагы бир туруп өзүнүн кылганына күлкүсү келсе, бир туруп ызаасы келип, учуп кеткен сагызганды аңкая карап ал көрүнбөй калганда ноопазды көрө кыялы тескерисине айланды.

Ноопаздын алдыңкы буттарынын ортосуна сол бутун сундуруп жиберип өйдө боло тизесин бүгүп, көтөрүлө түшкөн колтугуна сол колун салып жиберип бутун тартып алды. Оң колу менен өгүздүн мойнун кучактай кармап өйдө обдулду. Араң тайтайып ноопаз тайтактап жыгылчудай теңселип барып туруп калды. Чокоюнун кайыш тизгилери чорт-чорт үзүлүп баскан сайын чокойдун кончу согончогуна чейин шыпырылып, Жабагыны жүдөттү. Ал эки чокойду ыңырчактын алдына сөөмөйү менен түртүп кийрип ийди да, өзү жылаңайлак өгүздү айдап жөнөдү.

«Гүү-гүү», «гүү-гүү». Баягы байлуунун сүрдүү үнү дагы жакын жерден угулду. Шакылыктаган сагызган Жабагыны ээрчий, бактан бакка коно калып, артынан калбай ээрчип келет.

Шакка илинген тебетейи эсинен чыгып, качан гана башы аптапта күндүн ысыгына ысып чыкканда, башын сыйпалап тебетейин эстеди. Тебетейин алып келүүгө мойну жар бербей өгүздү айдап барат.

Алдында теңселе чайпалып бараткан тайноопаз шайы кетип, аптапта тилин салаңдата сунуп шилекейи чууруп келет. Анан такыр шайы кеттиби тиги ноопаз жолго жата кетти.

Эки чаначты чечип ала койгон Жабагы экөөнү эки колу менен кармап, тунжурап көпкө турду.

Башынан күн өтүп, кабагы карыш түйүлгөн балбан таңдайы кургап эмне кылар айласын билбегендей серке чаначтагы кымызды чаначтын бучкагын оозуна келтирип кылкылдата жутту. Шалбырап чанач бош калды. Серке чаначты бүрүштүрө кармап тигиндей таштады да, экинчи чаначтагы айранды кымыздын аркасынан жай олтуруп жутту.

Тайноопаз эч нерсе менен иши жоктой жаткан жеринен турбады.

Ачууга ууккан Жабагы балбан, тайноопаздын төрт бутун текенин мойногунан жасалган басмайылы менен бууп, куду мылтык асынгансып, ноопастын башын жогору каратып, чыйылдаган ысыкта Аюубулакка тааруу отогону кетип баратты.

Кеминге жыйынга бараткан Рыскулбек бешим намаз болгондо Аюубулакты беттеп жүрүш жасады.

– Туш-туштан пыр-пыр этип бөдөнө учат. Тиги апай беттен баулап элик бакырат.

– Кара тайганды ээрчитип алганда болчу экен? Атчандардан кимдир - бирөө күңкүлдөп калды. Аны жанында баратканы тыйып койду.

– Эй,  айбан,  дөөдүрөбөй бастырчы.

– Мен эмне  деп дөөдүрөп жатам?

– Өзүңкү өзүңө билинбейт э, жыйынга баратканда тайган ээрчиткен кимди көрдүң эле?

 – Бу сөз алдыда бараткан Рыскулбектин кулагына шак дей түштү.

Ал сур жоргонун тизгинин жыя  тарта:

– Өй,  окшошкон иттер! Сөз талашпай тек баскыла. Ит ээрчитип эмне аң уулоого чыктыңар беле?

Рыскулбек  суусар бөркүн камчысынын  алаканы менен өйдө көтөрө: Тез-тез  бастыргыла. Береги көрүнгөн жыбытты ашканча күүгүм да кирет».

– Ой,  тээтиги ким?

– Ой, тетигинде, тоңкочук атып жүргөн караанды көрдүңөрбү деп, Рыскулбек карап калды.

– Назар, барып байкачы, бу кандай пенде. Пенде дейин десең мойнуна зоолу салынгансып мөкчөңдөйт.

Чаап кеткен Назар бат эле артына кайтып келди да:

– Бек тири укмуштуу мындай жан көргөн эмесмин өзүңүз барып көрбөсөңүз айта албай турам. Тааруу отоп жаткан адам көрдүм. Жонуна уйбу же билбейм, качып кете тургансып  көтөрүп алыптыр. Эки колу чөп отоодон бошобойт. Салам айтсам алик албай сен кимсиң дебеди. Тоңкочук атып тааруу отогону эле болбосо, киши экенинде таңым бар, баатыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   bema_bema   05 Февраль 2016 - 19:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Жанына келип калган атчандарды Жабагы байкабады. Маңдай терин шыпырып, бүтө жаздап калган отоо чөбүн отоо менен алек.

Рыскулбек көпкө нестейе карап:

– А, иш илгери болсун жигит?!

– Ошондо гана баш көтөргөн Жабагы, андай болсун деп тике тура калды.

Тегеректеп турган атчандар менен кол берип учурашты.

– Ой бала жонуңдагы эмне?

– Апей, атасынын көрү, баягы ноопас дагы эле жүргөн тура. Бүткөн боюм эмне салмактанат дейм  да. Ал мылтыгын мойнунан алып жаткан мергенчидей ноопазды коомай алып жерге таштады. Кечке күнгө какталып, ичи көөп чыккан тай ноопаз бутун чечсе да, ордунан тура койбоду. Биротоло денеси маталып калган жаныбар төрт аягын тарта албай жата берди. – Атаат, пайдасы тийчү жан экен. Ушу жонуңдагы тайноопазды көтөргөн бойдон тааруу отоп... Сени жараткан аллага-кудаага шүгүр. Рыскулбек бир аз таң кала карап жигиттерине:

– Көргөн кызыкчылыгыңар үчүн  да жардам берип ийгиле. Аз эле калыптыр. Туз насип буйруса ушул жигиттикине  конобуз.

Буйрук  аткарылбай калмакпы,  атты отко коё беришип сырт чепкендерин чечип беркилер да отоого киришишти.

– Иним, атың ким?

– Жабагы.

– А, уккам, угуп жүрөм. Анда эмесе отоо бүтүп бүгүн сеникине конок болобуз.

Рыскулбек дегенди уккандырсың, иним?

– Уккам, баатыр. Уккам.

Жабагы карбаластап калды.

– Мен алдына барайын, баатыр.

Даярдык көрөйүн.

Рыскулбек Жабагынын чогоол сүйлөгөнүнө арданган жок. Тескерисинче: – Балбандардын бардыгы алакөөдөк, эч нерсени аңдай беришпейт.

– Өлтүртөм десең, – Э, мейли, кайсы күнөөм үчүн? – деп өзүңдү уятка калтырат.

– Рыскулбекти жигиттери менен ээрчитип келаткан Жабагы, түз эле өзүнүн «сайма алачыгынын» жанына келип токтоду.

– Ушул үй биздики,  баатыр.

– Үйдөн кары адамдын үнүн уга Рыскулбек:

– Атсаламу-алейкум, –  деп бек унчукту.

– Алейкум атсалам, кел балам, кел, – деген сары чийкил жүздүү сыйда жээрде сакалы бар карыя алдын утурлай басты.

– Кел, Бек, – карбаластап шашкан кары бүлүнүп эмне кылар айласын таппай, эми эле үргүлөп олтурган жүзүнөн уйку качып Рыскулбекти көргөндө дилдиректей дирилдеп, жигин билгизбей коңшу айылына согум издеп  чапты.

– Рыскулбек келиптир. Жыйынга баратып Жабагыга жолугуп, Жоокачтыныкына конок болобуз деп жигит жалаңдары менен ошол жерде олтурат дейт деген байлар биринен уга бири күнгө күйгөн «Саймалуу алачыкка» түшүп келип жатышты. Бат эле боз үй көтөрүлүп, союштар туш  тараптан келе баштады.

Кызыр эмди тайлар союлуп кырк найзалуу үйдү тегеректете тигилген боз үйлөрдөн түтүн булайт.

– Баатыр, биздикине конолук, жайлуу олтуралык деп имерчиктеп  кеп таштаган кудасы Таранчыга да болбоду.

– Тек, ушул үйдө болом, таң таштаганда аттанабыз, –  деп кесе айтты.

– Карыя, Жабагы биз менен кошо барып келсин.

– Каякка, уулум?

– Кеминге чейин барабыз.Чаарташтын белин ашып андан ары узак жол жүрөбүз.

Жанынан оолак чыгарбаган баласын Рыскулбек сурап жатканда карыянын жүрөгү дүк-дүк согуп, Рыскулбектин жүзүнөн жамандыктын белгисин байкай албады. Тек гана: – мейли, сиздер менен барса барып келсин.

– Улук, бу алакөөдөк жан эле – «бар» деген жакка кылыч болуп чабылып, сырты сизге тийбесе экен. Эч нерсени тааный элек күрөшкөнү аюу, кармашканы каман, жапан жаныбарлар болбосо эки аяктуу менен беттешип көргөн жан эмес. Кокустук болуп, элге сөз тийип калбагай эле, ошо жагына сак боло көргөйсүз.

– Ата-айее, жарыктык! Алам десем үйүңүзгө жолотпой жолдон алып кетсем мени ким кой дейт эле. Элдин намысы үчүн, ариети үчүн, деп сизге кайрылып олтурам, болбосо кырк найзалуу үйүңө таңсык болгон ким бар экен. Сактанат десе эле... Рыскулбектин ачуусу келе денеси түктөйүп чыкты.

– Илгертеден  жан кудайдыкы, мал улуктуку, баатыр. Ошентсе да ичтен чыккан ийри жылан... түтпөй кетет экенсиң. Кечирип коюңуз. Бала сиздики. Ишиңизге жарап берсе болду.

Карыя ортодогу жымжырттыкты бузду да, «ишке жарап берсе сиздики уул»  деп макул болду.

– Рыскулбек жүзүнө кызыл жүгүрүп ачуусу тарап баратты.

Таң супа салганда жалпы тоо эли Рыскулбекти аттантты.

Үзөңгүгө бутун салып жатып, ал:

– Эй, үй биздики эле, мал биздики эле деп, талап кетчү болбогула. Эгер ошентип талап кетсеңер, кабар тигил жакка жетсе...!

Рыскулбек сездүү камчысын серепчилей өзү келген багытын көрсөттү. Айып тарттырып, абакка айдатам деп кекээр сүйлөдү.

Ал аттанып кеткенден үч күндөн кийин боз үйлөрдү өз ээлерине таратып берип, үйүндө тынч жатууну жүйөлүү деп ойлоду карыя.

Рыскулбек суратса:

– Өзүм бердим, мага тартууга калган үй өзүмдүкү деп койбой жаным жокпу. Тууган арасында кек калбасын. Үйү жыртылбас болуппу, сынбасты уста жаратпайт, өлбөстү кудай жаратпайт. Көрөр күнүмдөн көрүм жуук, турганда балдарды сөзгө сындырбайын деген карыя кой союп  элин чакырып, келгениңерге да, бергениңерге  да ыраазымын. Силер бербесеңер ким берет. Бирөө талап кетем десе да сактап калчу силерсиңер, боз үйүңөрдү бүгүп жүктөтүп кеткиле деп, башка сөз айтпай артына бурулуп басып баратты.

 

***

Рыскулбек бий жыйындан кайтып, Кызарттын ашуусун беттеп келаткан калың жылкыны көрө чындап пейили бузулду. Жанындагы Жабагыны карап койду: оюнда тийип кетсем Жабагынын алы жетер бекен? Бек аларга карап өрөпкүп кетти. Анан  жигиттерине үйүрү менен жылкыны айдаттырып баса берди. Артынан куугун бу күнү чыкпады.

Чалгынчылардын алдын торотуп, колунан келсе жыгып кайтар Жабагыны жолго таштап кетсем кантет деп өзүнө-өзү кеңешти.

– Иним, сен ашуунун түбүндө кал. Кокус куугун чыкса таңгамаал чыгат. Ага чейин биз Тарсууну ашып кетебиз.

Жабагыны сырдуу караган бий ак куржундагы чокморду алып,  «Ме, сага тартуум ушул, жеңиш менен кайтсаң дагыңкысы дагы болоор» деп атка камчы басты.

Топ менен келаткан Жабагы Рыскулбектин буйругун аткарбаса эмне болорун билет.

Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт. Көрө жатарбыз. Жабагы чокмор  баштын бүлдүргөсүнөн билегин өткөрүп өйдө-ылдый силкип, жолочуну күтүп жаткансып куугунчуларды көпкө күттү. Күн чыгып айлана мемиреп тынчтыктын кучагында, сол жагында бир калыпта шылдырап агып жаткан суунун  добушу угулат.

Артынан түтүндөй чаң ызгыгытып куугунчулар бат эле жете келишти.

– Эй,  жубарымбек! Сен каяктан келатасың?

– Кеминден, агалар? Эч нерседен шек бербей Жабагы жай унчукту.

– Жылкы айдап адам өттүбү ушу жакка?

– Оба, түндө өтүп кеткен. Мен кошо айдашып келгем.

– Эмне дейт... Бизге бүлүк салган сенсиңби?

– Чабдар атчан кер муруту жаңы жетилген шыңга бойлуу, атка олтурушу бек, көзүнөн заар чачкан жигит жооп күтпөй камчы менен Жабагыны жон талаштыра шыбап-шыбап алды.

Жаны ачынган Жабагы колундагы чокмор менен тиги тыңсынган жигитти тизеге чаап, аны ат үстүнөн тебетейдей учуруп түшүрдү.

– Карма! Канын ич! Колун бурап толгоо сал, – деген үндөр угулуп жатты. Жабагы  шашпады. Тегеректей келген жигиттерди:

– Эй, өзүңөр алдыга түшүп бересиңерби же, тигиниңердин кейпин кийгизейинби? !

Долдураган  Жабагынын үнү жигиттердин безине тийгендей. Жооп күтпөгөн жигиттер аттарынан түшө, кимдир  бирөөсү:

 – Курун чечип, колун артына кайрып байлагыла, итке итче мамиле жарашат! Атына таңып жылкы артынан куугунга түшөбүз, -  деп беркилерине акыл үйрөттү.

Жабагы да:

– Мына мен да түшөйүн байлап алгыла, эй андан көрү тиги байкушту булактын көзүнө жеткирип койсоңор боло, сууга башын бир эки  матырсаңар,  эс ала түшөт дегени куугунчуларга какшыктай угулду.

– Апей аюуну кара,  өлө албай жатып өлөң айтат болуп акыл үйрөтүп коёт дагы. Аны эмне кылат экенсиң – Мына сага, жанагы тыңсынган курун чечкен жигит камчысы менен бет талаштыра чаап жиберди.

Жаагы ылдый сызылып аккан кан Жабагынын жаалын кайнатты.

Сөзгө келбеген жигиттерди чочмор менен тизеге уруп туш тарапка сулатты. Анан ал ар биринин курларын чечип,  кошоктоп колун артына кайрып кармап бекем байлады.

Аттарынын жүгөнүн шыпырып жиберип Жабагы мингичтерди Тарсуудан өткөрүп айдады. Он эки жигитти алдына салып мал айдагансып, каяша айтканын майкуйрукка камчы менен өз энчисин берип келатты. Логулап жүгүргөн жигиттер жаны ачынып кармаша кетсек дейт. Кармашып болуптур. Колдору соо, байлана электе кармашпай эми баатырды кармаган ким экен ал,  Олуя болсо да бошоно албас. Логулап он экиси он эки бөрүдөй алдын кектүү мисирейе тиктеп барат.

Алар Тарсуунун капчыгайынан Рыскулбекке жете келишти.

Үч атчан киши менен Рыскулбек жай илээлеп бастырып барат.

– Ботом, булар кыркка чамалуу эмес беле? Калганы каякта. Мал  айдап келаткан жылкычыларын  жер соруп кеттиби? Шумдугуң курган, Рыскулбектин бул эмне кылганы. Рыскулбекти табышмактуу карады. Ал акырын ээгин кымтып, айтпа дегендей Жабагыга белги берди. Аны кайдан билсин лөк.

– Ой,  айдап келаткан жылкы кайда?

– Кайсы жылкы? Рыскулбек үтүрөйө кабагын чытыды. Менин жылкы айдап келатканымды кайдан көрдүң эле? Оозуңа карап сүйлөсөңчү, иним? Мен сени көргөн жан эмесмин. Бетин кан тээп кызарып, ызаасын жашыра албаган Рыскулбек Жабагыга бакырды.

– Сен кандай машаяксың?!  Кудайдын анык баласы болсоң да, атаганаңды. ..

 Ачууга ууккан бек баланы май куйрукка чаап жиберди.  

– Тигини, дагы сүйлөп коёт! Алдагы тикенектин уусундай заар чачкан тилиңди көмөкөйүңдөн сууруп алып жүрбөйүн. Деги өзүң кимдер менен келаттың эле?

Балээ басты, чогуу  келаткан бегим Рыскулбек ушуну кылып олтурса,  мен каякка барам. Ишенген кожом сен болсоң, так атаңдын оозун урайын кылды го.

Жабагы Рыскулбекти тикирейе карады. Рыскулбек көзүн кысты. Анын бул белгисинен,  «көргөн жокмун  алар башка болчу деп айт»  деген жазууну окуду.

– Кечирип коюңуз, сиз ким болосуз?

– Жана эле саламга келбейсиңби? Тим эле кадырың өтүп кеткенсип таркылдайсың  да, бөлтүрүк. Рыскулбектин кыжабасы жазылып карс-карс күлдү.

– Тигилериң ким, өзүңө окшоп шоңшоюп тарпка конгон жоорудай канат күүлөп түрү башкача го?

– Жабагы  дагы  да бийди карады. Ал көзүн кысты. Анысы эптеп бирдеме таап мени ууру туттурбай, колуна салып бербе дегенсип жүзүндө анын мурунку каары күбүлүп башка Рыскулбек болгон сыяктуу.

– Кечээ  Кеминден келаткан адамдарга кошулгам. Алар жылкы айдап алышыптыр.

– Рыскулбек эмне деп дөөдүрөйт деп сестенип ачуу бүркө көз тикти.

– И анан, айта бер? Күрүчбектер өткөндөй болду эле. Биз: – береги жаман ноокастап жай келатабыз – деп жер тиктеп үлүрөйүп аттын баш кулагын мелтейе тиктеген жигитти жаңдай көрсөттү.

– Ошондой, ошондой, жылкынын изин чалып көрдүңөрбү. Ушул биз жакка келиппи?

– Жок, баатыр.

– Анда эмне мени менен жаакташып, бутун тиштеткен күчүкчө кыңшылайсың?

Жабагы сөз таба албай соксоюп олтурган жигиттерди карап койду.

– Ой,  тигилериң ким, айтпайсыңбы, төөнүн жарты этиндей болбой.

– Бек, төөнүн жарты этинен көптүк кылам го дейм.

– Хо-хо-хо! Туура айтасың, кебиңде муруч, дениңде кубат, чыйраак жигит экенсиң. Көрүп турам, көзүңдөн көрүп турам иним.

– Кызарттын ашуусунун түбүндө уктап калыпмын бейтааныш шериктерим ойготуп коёбуз деген. Кейпи айдап бараткан жылкыларын кызганган го. Мени ойготуунун ордуна басмайылымды кесип кетишиптир, дагы жакшы ички басмайылын байкабаган окшойт.

Жабагы сүйлөгөн сайын Рыскулбек жанданып үнү ишенимдүү.

– Эми эмне кылайын дейсиң?

Бий Жабагыга суроо сала шоңшоюп олтурган жигиттерге боор ооруган түр көрсөтө карады.

– Береги чөөлөр мени ууру тутушканынан кошоктоп байлап алдыма салып, «ким көрдү кылайын» деп, өңүттү жерди издеп бараткам.

– Эй дөө! Рыскулбек чоочуп кетти.

– Булардын айыбын мен тартайын. Кебиңе карап билдим иним. Жаагың катуу окшойт. Жыландын кепшегинин билген  Рыскулбек:

– Жаалыңан кайт баатыр, жаш да болсоң бир элчелик кайратың бар экен. Күчтү да кудайым ченебей бериптир.  Мындай пенде забынга көп кабылат. Жаныңда кой дээр кожосу, ай дээр ажосу болбосо, ал оюна келгенин жасайт. Анте көрбө иним. Булар да адам баласы.

– Эмне жөө келиштиби?

– Жок, аттарынын жүгөнүн шыпырып тиги жапсарга айдап жибердим, аттар сууну кечип өйүзгө чыгып, жайылып жүрүшөт.

Адашкан чынын айтса айбын кече билгенге үйрөн. Сени берген кудайым, ырыскыңды да бирөөдөн буйругандыр.

– Атым ким дедиң, иним?

– Жабагы. – Ал күнгүрөнө долдурап Рыскулбекти карады.

– А жакшы ысымың бар экен.  Жабагы жетилип тулпар болот. Жакшы чыкса элдин ырысы, дурус иним экенсиң. Тигилердин колдорун чечип кой. Атаң бардыр, аксакал кишинин сөзүн тыңшай жүргөн жакшы болот. Күн кечтеп кетелекте булар да жетер жерине жетип алышсын, жолунан калтырба, мен да жолуман калбайын, көрүп турасың, көзү киртийип кыртышы кеп сүйбөгөн ноокас адамыбыз бар.

– Булардын кашык канын забын кыла көрбө, дөө.

– Өмүрү «дөө» деген сөздү укпаган Жабагы Рыскулбекти бир карап алды да, тиги жигиттердин кошоктошкон колдорун чечип, андан сөз болмоюнча үйдү жөөлөгөн нарча жигиттердин колдорун капшыра кармап, кокуйлатып, бар, бара бергиле, – деп ичинен күңгүрөнүп, өз алапайын таппагандай жүзү албырып бир бозоруп сыр   бербеди.

– Ар бирин сындан өткөргөн бий: – бар, бара бергиле, жылкыларды бизден көрбөгүлө, изин чалып Күрүчбектерден издеп алгыла, бу жакка келип пайда таппайсыңар. Кашык каныңарды кечкен кудайдын кулу да, алланын сүйгөн пендеси. Өлтүрөбүз – деп кек сактабагыла. Бу бала ак экен өзү айтып берди. Жаны кашайганынан күчкө салган да силерди, куткарып калган мен. Мен убададан тайбадым. Силер да алдырган апасынын койнун ачат болбогула. Элиңерге ошентип айтып баргыла, балдарым. Рыскулбек жээрде сакалын сылап, өмүрүңөр узун болсун деп баарысына бата тиледи.

***

Бир ишке жарап бердиң, иним, сени өзүмө жакын көчүрүп алам.

Баса жылкыдан кам санаба, барганда арасынан тандап, каа-лаган кыл куйругуңду аласың.

– Бастыр,  иним.

– Үлүрөйүп жер тиктеп ооруп бараткан жигит Кулакерине камчы берип алдыга түштү.

– Опей, оору эмес эле соо го. Маскарапоз го бу? Жабагы жигиттин амалкөйлүгүнө чындап таң калып көзүн андан албайт.

– Жолду баштап, атты бастырышы деле чыйраак. Жада калса чабышка чакырса ат ойнотуп чыкчудай.

Кулакер ат минген  жигит Жабагыны карап ырсайып күлүп койду. Анын күлгөнү, Жабагыга терисин сыйрыган түлкүнүн денесиндей көрүндү. Жабагынын итиркейи келип кетти.

Атаң көрүү, бу Рыскулбектин кандай кылыгын билесиң. Сакалын желге тарап сур жоргонун үстүндө чайпалып, эки өңүрүн кымтыланып эч нерсе көрбөгөндөй, жада калса жанындагы төрт атчан менен да сүйлөшүп койбой үргүлөп барат. Үстүнө тайпак кесеге суу койсо чайпалып  төгүлгүс сур жорго жоргосунан жанбай ак булут болуп сызып баратты.

– Бул эмне кылганы. Жылкыларды каякка айдатты. Канча ылдам жүрүш кылдык. Жетпейбиз го жылкыга. Ичинен айкапта болуп бараткан Жабагы суроо берейин дейт, бекке батына албайт.

Кантсе да Жабагынын оюн ичинен билип келаткан Рыскулбек:

– Жабагы иним, Карагул үкөмдөй чогоол экенсиң. Жылкы жөнүндө ойлонуп келатасың э. Көзүң кыйды тиктейт мени. Ичиңдеги сырыңды жүзүңдөн байкап келатам.  А Жабагы?!

Угу – деп бош унчукту.

Шераалы,  Дуулат инисине караганда өкүм Карагулду, Рыскулбек анча жактырбайт.

Эр жигиттин ичине ээр токулгалуу ат батат. Баатырдын ичине бүтүн бир эл жайыты менен батып кетерин укпагандырсың.

Колуңдан келсе кең, пейил, элге төгүл-чачыл бол. Жыйнап алар учур өзү эле келет. Тизгинин тартпаган, бейадеп кесепети болсо, анын мойнуна жылан болуп орол, бирок чакпа. Акырын кысып, жаны кайсы жерде болорун көрсөтүп кой. Түшүнгөн кишиге ошол деле жетиштүү болот. Мен муну жөн айткан жерим жок. Анан да бой экенсиң. Аял алганда жубан, кызына карабай кабак кашына карап, ички сырын тартып көр. Жаман кыз өзү эле тил кайрып, же ырсалактап жосунсуз тамашалап билдирип коёт. Андайдан жаа бою кач. Карагым ушу сенден бир нерсе чыкчудай, бирок таалим көрө элексиң, кармашканың жапан жаныбар болуп, эки аяктуу менен беттешпегениң,  аралашпаганың кадик билинип турат. Мен бул сөздү айтпас элем. Сени кереке жарап берет, туу түбүнө жүрүп берет деп ишенгенимен айтып жатам.

 Кошо келаткан жигиттер жапырт карашты. Ичтеринен кызганыч аралап, Жабагыны тике атып тиктешет.

Берки жигиттердин сырын Рыскулбек мурунтан биле турган. Ошондуктан ушу Жабагыга айтылган кеп силерге да тиешелүү деп эскертип өттү.

– «Жакшы аял жарым ырыс» Рыскулбек сур жоргонун тизгинин тарта аяр кебинин учугун улады.

Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар. Ушуну дилинде сактаган улан кор болбойт. Жубан алсаң, баягы баланчанын тул катынын алыптыр, болбосо эрден чыгып келген кызын алыптыр деген кеби болот. Бу да туура. Бирок иним жакшы туяк туулса жогорку,  кеп бат эле  эл арасынан оолак качат. Жакшы катын чыгар кыздын аягы жуушаң аяк болбойт. Басканда арышын тең таштап, эки жагын кылчактап каранбайт. Жүзүнөн белгисиз нур чачырап кепке алсаң ыйба кылып, сурооңо үкүнүн желпүүрүндөй назик жооп берет. Сенден жооп күтпөй акырын басып кетет. Мына ушундай кыздан адам туулат.

Адам менен кишинин айырмасы болот,  иним. Адам жамы журт менен алака түзөт жол баштайт. Туңгуюкка такалган элин жол таап чыгып кетет. Киши дегеним, эки аяктуу ургаачынын баары эле төрөйт. Элдин караанын көбөйтөт, топураган журт болуп берет. Баланчанын баласы дегени эле болбосо андайдын адам менен иши болбойт. Көр тирлиги менен өмүр кечирип, бир күнү ичер суусу түгөнгөндө жылып кете берет. Андайдын артында туягы эле калбаса көбү өзү менен кошо кетет. Баса ошондойлордон да адам төрөлөт. Чыгаан аял жаман эринин тукумун тазалайт. Аны билип жаткандырсың, карагым– Тукуму таза бирөөдөн урук алып жигин билгизбей, ичинен кудайга жалынып жүрө берет. Эркек төрөлсө тилегинин орундалганы. Кыз болсо чыгаан чыкса Кызсайкалча болор, болбосо төшөктүн катыны. Начар жубан ата тукумун булгайт, кутум бирөөбү менен жүрүп боюна бүтүрүп  начар уул  төрөлөт. Өзү жакшы болсо да жатыны бузук делет.

Рыскулбек көп сүйлөгөндүктөнбү боз жоргонун тизгинин жыя тартып бир аз турду да:

– Жардам берчи иним, жаш өйдөлөгөндөн кийин отуруп турмак кыйын болуп калат экен, – деди.

Атынан леп түшө калган Жабагы Рыскулбекти колтуктап коомай кармап, үзөнгүнү тептирбей жаш баланы аттан түшүргөнсүп секин гана боз жоргодон алып жерге таканчыктатты.

Чарчап келаткан бек, сыңар тизелей көпкө заара ушатты. Акырын өйдө болуп боз жоргону суулуктап турган Жабагынын ийинин баса бир колу менен аттын жалын бекем тутуп күмүш үзөңгүгө бутун салып, аттын үстүнө коомай олтуруп эки жагын кымтылана Жабагыны карап алды да, сур жоргого камчы басты. Сур жорго лепилдеп, үстүндөгү адамдын суусар бөркү шамалга сеңселип келет. О, кыйлага чейин Рыскулбек үн дебеди. Жок дегенде жигиттери менен тааныштырбады. Башынан көк Жабагы сен кимсиң? – деп алар менен өзү да таанышпады. Кеминге барып кайра тартып мына бир ай чамалап барат. Бирөөнүн да ысымын билбейт. Тек гана эй жээрде атчан аке, сизди чакырып жатат деп койгону болбосо Жабагы таанышууга таңсыгы жоктой Рыскулбек эмнени айтса ошону аткарып, дулдуюп келатты.

Тынчтыкты дагы да Рыскулбек бузду.

– Жабагы, кайдасың?! Ойго туна түшкөн бек жанындагы Жабагы менен иши жоктой, ал эми эсине келе калгансып «Жаныма кел, жандай бастыр» деп  катуу унчукту.

Ал берки жигиттерден ыйбаа кылып жашы боюнча улуу экендигин эске алып алардан жол талашпайт.  Качан гана Рыскулбек чакырганда анын жанында даяр болду. Аны жандап, бараткан кара кер атчан москоол кара жигит жол бошото атынын мойнун кейкейте тартып Жабагыны алдыга өткөрүп жиберди.

– Келдиңби балбан?

Бийдин бул балбан дегени Жабагыга өөн угулду.

– Мен эмне балбандык көрсөттүм. Жабагы дагы да чогоол сүйлөп, өз күнөөсүн сезгендей тымпыйды. Рыскулбек анысын сезип ичинен «и тирикарак экенсиң, өз айыбын билген киши адамды кор кылбайт» деп бирок мунусун билгизбей Жабагыны уурдана карады. Сайкалдай жанга туш болсо кор болбос, лөк.

– Мен эмне деп келатат элем,  иним? Рыскулбек атайын сынап үн катты.

– Нуска сөзгө жибий баштаган Жабагы адам, жөнүндө айтып келаткансыз, – деди  Кайсы адам жөнүндө?

Артта калар туякты.  Жабагы унчукпады. Эсине  айтып келаткан, кебинин уландысы түшө калган Рыскулбек кайра улады.

– И, балам,  ошентип, тулпар бээден туулат. Айгыры ала болсо кулуну кула болот деген кеп бар,  ал жөнүндө айтып бердим.

Эми бу тул катын жөнүндө.

Тул деп эри өлгөн келинди айтат. Тууду бийке деп, кыз кезинде боозуганды айтат.

Өзүнүн кебине маашырланган бек  кыт-кыт күлдү.

Ошол тул катындан да адам туулат. Эрден чыккан жубандан да адам туулат. Аны баары эле биле бербейт. Төрөп берсе болду деп нике кыйдырып алганы көп болот.  Кызык мына ошондо башталат. Кош жаздыкка төрт баш бир жатасың. Түшүндүңбү ушуга,  иним.

 – Жок, түшүнсөм буйрубасын.

Баралыңа келе элексиң дебедимби, же жалганбы?

– Жабагы унчукпады.

– Таарынып калдыңбы, таарыныч сөз айтканым жок го. Чынын айтып жатам.

– Таарынганым жок. Анда эмесе токтогон сөздү кайра улайлык.

– Ошентип кош жаздыкка төрт баш бир жатат дегеним, аялың начар чыкса тилинен заар чачып көңүлүң кайт   болуп, алапайыңды таппай, муштумуң өзүнөн өзү түйүлүп турса, атаат – деп өлгөн катыныңдын кылык жоругун ойлойсуң. Ачууга жеңдирип муштап жиберсең аялың өз күйөөсүн ойлойт. Анан өз өзүңөрчө үшкүрүп тескери карап таңды атырасыңар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   bema_bema   05 Февраль 2016 - 19:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Жакшы аял антпейт. Олдоксон кеп сүйлөгөн эркекти жемге туз кошуп аста көндүргөн жылкыдай акырын үйрөтүп жанына  тартат. Өлгөн аялынын жаман жоруктарын элден угуп, аны жасабайт. Анын жакшы жактарын өөрчүтүп, акырындап аны эсиңден чыгарат. Эркек да ошондой. Бирок андай катынды үндөкө чакырганы чанда чыгат. Көбү баш ийип берет же талак кылып тынат.

Жана айтпадымбы  жубан да болсо, жакшы аял чыгарын билсең тартынбай ала бер дебедимби? Анын сыры мындай: – Кыз бир түндүк. Анан эле тигиге барып кошулат. Жакшы чыкпас  ургаачы аз иш жасап көп уктайт.

Жакшы чыгаар жубандын бир белгиси болот. Ал күндүзү эмес ай жарыгында да сага жан жерин көрсөтпөйт Канчалык кыраа ылдам болсоң да эркек жасаар ишти өзү жасап күйөөсүн да,  өзүн да таза тутат.

Анын артыкчылыгы ошондо. Андай аялды баш аял деп коёт. Жакшы чыгар жубандын көзү ыйба, сөзү тик, чынын айтат. Бирок, ачуу чындыкты жумшактап  мамыкка денеңди бөлөп сүйлөйт. Анын кеби канчалык жумшак чыкпасын түшүнгөн адамга өлүмгө тете. Түшүнбөгөн эркек сазга жаңылыш конуп учкан жорудай далысын күйшөп туруп кете берет.

– Атаат сөз эмес бекен, Бек бул кебиңизди  биз укпадык эле го.

Каракер атчан атына камчы берип, Рыскулбекке жете Жабагыны жандай  бастырды.

– Э, иним,  сенин аялың бар. Үйбүлөө күткөн эркек турмуштун өзүнөн үйрөнөт. Мен, бойдок буга айтып жатам. Катын алганча кайын ал деген, анын да жөнү башка, муну  силер билесиңер мына бу боз бала кайдан билсин аны. Билегине күчүн чыгарып, күрөшкөнү аю ташка чапканы жапан жаныбар болсо, мурдуна бок сүртсөң да билбейт. Силер таарынбагыла.

 Рыскулбек тигилерди сөз менен жайкады. Бөрү басык менен келаткан аттардын мойну терге чөмүлүп анысы аз келгенсип боз топурак «бурт-бурт» этет.

 

***

Рыскулбек бу дүйнөдөн оолак кеткенден кийин Жабагы Дыйканды жандап конуш жайлап, көбүнчө Дыйканды ээрчип ошо менен болуп калды. Жетимишти таянганча эки аяктуу менен чапчышып көрбөдү. Тек гана далдайып эл аралап басып жүргөнү болбосо, казактын Акбалбаны менен беттешип күч сынашпай айкапта келет.

Чын куран айынын башында өзүнө энчилеп ирегелеш алып жүргөн Жабагыны Дыйкан:

– Эртең көчөбүз, көчүү конушту ойлон.Такай  көчтү байкай жүр. Мен казактардан мурун барып конушум керек. Алар келсе Суусамырдын кенен түзүнө жылкысын жайып тебелетип коёт.

– Чычкан ичи жол береби баатыр?!

– Жол бербегенде каякка барат дейсиң, көп болсо Көчкүлүүбулактагы мөңгүгө такаларбыз. Ал жердин айласын да эптеп табабыз. Көчтү эртеңкиге табыштадым. Азыр өзүм жүрүш жасайм  алдыга. Сиз көч артынан ээрчип келе бериңиз.

Таң супа салганда көч камы  башталып, төөлөр боздоп, буйласынан кармаган эр азаматтарга моюн бербегендери  бурк-бурк эте шалпайган ээгинен көбүк чачат.

Чөк, чөк деп атып зорго чөгөлөтүп боз үйдү артып биринин артынан бири чубап көч кетип барат. Кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндер  жорго байталдын же жорго быштынын оозун тарткылап,  этектери шамалга дирилдеп барат.

Көчкүгө туш келбесек экен?

 Жабагы өзүнчө күнгүрөнөт.

Көчтүн арты Көчкүлүүбулакка келгенде көчтүн алды көчкүнү тегеректеп мөңгүгө жыгылган атанды тегеректеп буура бурк-бурк эте жин чачып, ичине чейин буту тереңге сайылып, үстүндөгү күмүш менен чаптырылып кадоо салынган, чоң түндүк төөнү басып калгандай көрүнөт. Төө адеп жүткүнө  берип ансайын мөңгүгө батып, анын жылуулугунан ээриген нык кар коё берер эмес.

Үстүндөгү жүгүн албаса болбойт. Аркандын бекиткен учу тээ керегенин алдында калып кереге мөңгүгө батып, уук гана тиреп калыптыр.

Жабагыны жарданып карап турган көчмөндөр, ага жол бошото беришти. Ал төөнүн жанына келди да,  эки жагын карап, жардана тиктеген жигиттерге:

– Арттагы көчтөн бир төөнүн жүгүн түшүргүлө да мага таманыма кабаттап экиден төрт кереге коюң бергиле. Эптеп чыгарып аларбыз. Аркы көчтөн кимдир бирөө чырылдап калды. – Бербейм, айланайын, бербейм. Болгон үйүбүз ушу керегебиз да ишпалдасы чыгып көгү үзүлүп ага туруштук бере албайт. Кемпирдин чырылдаган үнүнө кошулуп, тестиер баланын үнү:

– Койгула, тийбегиле, биз дагы силерчилеп тоого чыгабыз деген үмүтүбүз бар эле, - деди.

Бөрк ал десе баш кесер эки жигит ага болбоду. Төөнү чөгөрүп аркандын учун бат эле таап жүктү түшүрүп жиберишти.

– Атаат, болбостур. Кой деймби. Анда эле жылан болуп менин мойнума оролот да деген Жабагы кыжабасы кайнап, улам мөңгүгө батып бараткан буурага жинденди.

 Кирсең балээдей киресиң а алдыңан эмне жолукса көзүң, бозоруп эч нерсени көрбөй калат. Эми ал курагың өтүп кетти го. Жол менен баспай четтеп басканын мунун.

Жабагы аба мына керегелер даяр.

Балбан керегени көпкө карап, кармалап көрдү да. Мейли эми болор иш болуптур, бирок  керегелери бышык экен, сай талдан жасалыптыр, эй анан кечирим сурап жүгүн кайра артып берип койгула, бечаранын.  Соопчулук деген болот.  А эгер андай болбойт экен. Дыйканга өзүм айтам. Аянар жерим деле калган жок, – деди.

– Алып келгиле бери, экөөнү төөнүн сол тарабына экөөнү оң жагына койгула, чалкасынан таштабай көмкөрөсүнөн таштагыла. Карга өзүм ныктап алам да эки бутумду үстүнө коюп төөнү көтөрөм.

– Эмне дейт, адамга жагар иш кылса боло. Ушу төөнү жүгү менен кантип көтөрөсүң.

Жанагы үйдү чечип керегелерди алып келишкен эки жигит бири-бирине суроо сала Жабагыны ормоюп карап коюшат.

– Кана, палбан, биз да жардам берелик, деди бирөөсү.

Ары тур, тоскоолдук кылба, кокус төө так туралбай калса үстүндөгү ууктардын уугу бүт кыйрайт.

Жабагы төөгө мине тургансып эки бутун тайтайтып керегеге бутун таканчыктып коюп, а дегенде кабаттай таңылган бышык кыл арканга колун өткөрүп, жиберип өйдө копшоп көрдү. Төө жарым кес өйдө көтөрүлүп Жабагынын буттарындагы керегелер карга батып ныктала түштү.

Эми жакшы болду. Бечаранын керегеси сынбайт. Биротоло ныкталып калды деген Жабагы эки колун төөнүн  эки капталындагы арканга өткөрүп өйдө көтөрө өзү артка боло, суурулуп чыгып келаткан буураны алдыга түртүп жиберди. Өзү ошо кабилесинде тизелей калып,  төөнү жыгылып кетпес үчүн таңылган уукту кучактап көпкө турду. Качан гана төө өзүн токтотуп, бурк-бурк этип алганда төөнү жетелеп келаткан атчанга:

– Эй этияттап жолду тиктеп  көзүңдү карап бастырбайсыңбы. Ат менен төөнүн жолу эки башка. Ат өткөн жерден төө өтө албайт, тайтайып жыгылып калат.

Жарым кес бата түшкөн бут алдындагы керегелердин көздөрүнө салааларын салып акырындан копшоп,  төртөөнү тең сындырбай чыгарып берди.

– Ой боой. Бул эмне шумдугуң, – жаш Керимбай Жабагыны карап, чын эле төө балбан турбайсыңбы деп, төө түшүп кеткен мөңгүнү көпкө карады.Ошондон баштап төө балбан аталды Жабагы. Жаш чакта аюу менен күрөшүп, жапан жаныбарды аңдоостон шыйрактан кармап өзүнө жолотпой ташка чаап көнгөн Жабагы эми төө балбан аталып, бир кездеги жатаган көтөрүп келатып,  Момутайга жолукканын эстеп көпкө ойго батып,  тунжурады.

Эки аяктуу менен беттештирет Рыскулбек бек деп ээрчип келдим эле, эми минтип жашым өтүп баратат. Бир арманым күрөшпөгөнүм ат ойнотуп эңишке чыкпаганым. Бу Кетментөбө чөлкөмүндө айры баштуу, сизге бердик деп күрөшпөдү. Мейли элге ынтымак берсин. Күрөшсө болмок... чыкпады.

Жабагы жетимишке чыкканда эң биринчи жолу балбандар менен күрөшүү бактысына туш келгенине сүйүндү. Ал да тиги Таласта боло турган болду.

Жанкороз аш берип Дыйканга: күлүгүн таптасын, эр оодарыш, күрөш оюндардын бардык түрү болот деп кабар айттырды.

Аш, той дайыма кеч күздө же жыйым терим аяктап эл жайлоодон түшкөндө болот. Болбосо Сумбула чыгып, чөп текши жетилип эгин бышканда деле баштай беришет. Аштын бир жери чоң аш өткөрсө, тиги жагы Алайга бул жагы көлгө чыгышы Атбашы, батышы казактарга чейин кабар айттырылат. Жок эле дегенде  жүз жылкы миңдей кой союлат ал чыгымды ариет үчүн деп бир болуштун  эли бүт көтөрөт. Эгер элден чыксаң, эшигиңен ат ойнотуп болуштардын жигити кетпейт. Төлөбөй көр машаяк болсоң. А дегенде кеңеши болуп, үй ээсин   ийе тартып: – аш бардыгыбыздыкы, намыс жалпы журттуку, асты-астыбыздан басып кетсек эртең эле тигилер басып албайбы кокуй, сулуу кыз, күлүк жылкыны алып, керек болсо койнуңдагы жаңы алган колуктуңа көзү түшсө тартып кетпейби. Ошондуктан бир жакадан баш эки жеңден кол чыгарып муштум болуп түйүлүп туралы, – деп жалпы элди, үндөкө чакырган кыргыйектей жоошутат. Анан, булоолоп ысык шорпо, жылкынын же койдун эти каңылжаарды жарып, табак тартылат. Сөз ошол бата кылаарга чейин эле сүйлөнүп, чаласы тамактан кийин айтылат. Кээ бир чычкак улагы жок жел өпкөлөр, эки жагын ойлонбой: – Ой болуш туура айтат, антип ариетине тике турбасак туугандыгыбыз кайсы, деп жээлигип чыгат. Ошону менен ыгым-чыгым эсептелип бүтөөрдө, баягы жел өпкө жигиттердин дымагы сууп, башы шылкыйып, акыры атасынын көрү, болуш мен үчүн бир ай туяк каттап, карызга берип туруңуз. Ариет жалпыбыздыкы. Он жыл жылкыңызды баксам да акысынан кутулам деп күүлөнөт. Мына аштын кеңешинин да ушундай балекети бар. Анда оюндун түрлөрү, байгенин кайсы оюнга канчадан кетери, бүт катталат да ашка бер жагы беш ай мурун камданат.

 

***

Дыйканбай Суусамырдан келип, чоң оолунун бет маңдайына барып желбегей, чапанын жамынып, көпкө отурду. Жанына Жабагыны чакыртты. Арыта басып келаткан жетимишти таяп калган Жабагы карыса да,  балбандык сынын бузбай көкүрөгүнө түшкөн сакалын салаасы менен сылап, Дыйкандын жаңдоосу менен тайтая кырданып олтура кетти.  

– Таластагы ашка чамабыз жетеби, аба? Дыйкан алыстан чалма салды.

– Э ал эмне деген аш?

– Э жарыктык, күйгөндө эле Атакан абам экөөңөн күйдүм! Сени балбан деп ээрчитип тоо арасынан алып келген атабыз да кызык киши экен. Болбосо айтып жаткан сөздү ооздон илгиртпей түшүнсө... аш кандай болчу эле?

– Киши өлсө аш берет да, э? Ага эле эмне мынча кызаңдайсың? ! Атакан экөөбүздүн жашыбызга барганда сени да көрчүлөр көрөр!

Ызаага жеңдирген Жабагы жер таяна тура баштады.

– Дыйкан тамашага сала Жабагыны жеңден тартып күлдү: Э, төө балбан, кантет деп койсом кызыраңдайсың да. Ошол ашка сизди кереке жарап береби, намыс алып береби деп чакырттым. Андай катуу кетсем, чогоолдугумдур. Жаш иниңди кечирип койбой, ушу төөнү мөңгүдөн сүйрөп чыккан, анан болор-болбос кепке да теригеби, ха-ха-ха... Ал өзүнчө солкулдап көпкө күлдү.

Дыйкан туруп бараткан Жабагыны кайра олтургузуп, төө балбандын жакасында жөрмөлөп бараткан чегирткени балбанга көрсөтө  кармап алыс ыргытты.

Кой балбан үйгө кирип кымыз ичелик. Ачууңду төөчө бүркө бербе, анте берсең ким да болсо жини келбейби?!

– Дыйкан Жабагыны сүйөй тургузуп жандай басып баратты.

Жабагынын түктөйүп чыккан кебетеси Дыйкандын сүйөй тургузуп,  жүрү кеңешелик  дегенине ичи жылып өзүнөн-өзү маңдайы жазылып күлдү.

– Шыпылдаган жигит эшик ачты. Эң биринчи Төө балбан анын артынан Дыйкан кирип баратып жигитке зекий карап: – Үстүбүзгө киши кирчү болбосун кымызды мына өзүм куюп ичем. Сен сыртта бол деген кеби Жабагыны чындап  эрдемсинтти. Чын эле мени кеңешчи кылып алайын дегениби. Андай болсо кызматына жарап берем. Керек болсо Жаркынбай, Боку, Чоту Коюбактыны да кызматын кылдырып беркилери али жаш, ошо алты, балам мен үчүн кызмат кылып койсо эч нерсе болбос.

Жабагы ичинен жылып Дыйканды жакшы көрүп турду. Атасынын  көрү Толуктан  балдарды чогултпай жаным жокпу тиги жерде катуу кетип койдум окшойт.

 Дыйкан  ал кепти оюңан чыгарып кой. Өзүң айтчу элең го: – «Рыскулбек датка  балбандын ичине бир элдүү журт жайыты менен батат» –  дечү эмес белеңиз жарыктык?!

Жабагы чындап жибиди.

– Дыйкан бу ашка мен керек бекенмин.

– Ооба, балбан.

– Күрөш болот бекен?  

Дыйкан тигинин болор-болбос кепти сүйлөп жатканына кыжабасы кайнап аны, ичине калтырды. Сыртынан билдирбей:

– Күрөш болот экен, казактардан Акбалбан келет деп уктум. Ошону менен бир беттешип көрбөйсүңбү?

– Атаат жашымдын өтүп кеткени да, болбосо... – аш качан башталат дейт.

– Дагы үч ай бар.

– Анда иштин жөнү башка, сага намыс алып беришке жарайм.

– Дыйкан а дегенде Жабагыны  чоочулай тиктеди. Бу меңдубана жеп алганбы, же... Отуздан жаңы ашкан балбанга жетимиштеги Жабагынын алы жетмекпи. Дыйкан дагы да Жабагыны сынай карады. Жок, чын айтып жатыптыр.

– Кошой абам деле сексен бешинде кан жыттанган эр Жолойдун талпагын ташка жайбады беле.

– Намысты кантип алабыз,  Акбалбан кан  жыттанып коён сымал ыргыштап турган убагы. Анын кабарын жакшы билесиң. Көрбөсөңүз да, угуп жүрөсүз.

– Э күч атасын тааныбайт. Менин айтканымы орундатсаң Кетментөбөлүктөргө бир жолу намыс алып беришке жарайм.

Дыйкан сүйүнүп кетти. Күлүктөр болсо бар. Баш байгеси  болбосо да экинчи, үчүнчүнү ээлеп берет. Күрөштүн да адамын таптым. Ортодогу сөздү Жабагы бузду.

– Дыйкан эми сөз мындай, мени 70 күнү багасың. Ары жакта жыйырмага жетпеген күнү калат. Анда Акбалбан экөөбүз тоорушуп көрөбүз. Күнүнө бирден козу союп бересиң анын артынан серке чаначка кымыз алдырып эки жигитти тебиштирип чайкама жасатып,  суусундук  ичиресиң. Артынан  жарым чекседен чөктүрмөнү майга куурутуп берип турасың. Ушуга чыдап берсең мөөрөй сеники, Дыйкан.

Өз табын өзү билген Жабагыга Дыйкан:

– Айтканыңыздай болот, бир аз жеринен кыйшык кетсе эле мага айт.

– Куп болот, Дыйканым.

Биринчи күнү эки жигитке чайкама жасатып Дыйкан башында болду. Бир жеринде бир тал агы жок куйруктуу кара козунун этин эзилте бышырып, чоң кара табакка алып келип беришти.

Этин кыра туурап, бир жигит Жабагынын жанынан кетпеди. Артынан чөктүрмөсү да даяр турду.

Дыйкандын көзүнчө бир козунун этин бүт жеп, артынан серке чаначтагы чайкалган кымызды кылкылдата жутту. Жатарда жарым чексе майга жумшак куурулган чөктүрмөнү жеп, жылуу жамынып жатып алды.

– Айтканын аткардым өз оюна койсо Кошой абамдай күчүнө кирет деп ишенген Дыйканбай:

– Эт туурап берген, кымыз чайкаган жигиттерге жетимиш күн жанында болосуңар, кыйшыгыңар билинсе балбан өзү айтат, анда соо калбайсыңар, – деп катуу эскертти да, ашка баруунун башка камын жеп жүрдү.

Жабагы кырк күнгө чейин бирден козу эки чанач чайкама жана да жарым чексе буудайдын жасалган чөктүрмөнү майга жумшак куурутуп жеп, кырк биринчи күнү козунун бир жилиги артып кырк экинчи күнү эки жилиги калып элүү эки күн болду дегенде козунун этин жей албай чайкамага күчүн чыгарып калды.

Мына эми табыма келдим.

Табына келген Жабагы ордунан жаш баладай шайдоот  туруп, ары-бери басып, Дыйкан келсе текенин терисинен жасалган шым сурайын. Бу тери шым бир кармаганда дал далынан айрылып, уят болуп сынбайын. Жабагы эски  кандагайын кармалап койду.

Эки күн өтүп Суусамырдан  Таласты карай, Бешташка  ашып өтөбүз. Ошол жак жакын  деп, кетип баратышты.

Аш болордон он күн мурун барган Дыйкан, кыжылдап жүргөн элди катар-катар тигилген сан жетпеген боз үйлөрдү көрө:

– О, бизге чейин эле келчүүлөр келип калган го. Кой биз да өз энчибизге тиешелүү жагына өтүп өз ташпишибизди жасайлык.

Жанкорозго жолугуп бардык шартты угуп түшүнгөн Дыйканбай келатып.  Акбалбанды көрө сонуркай жаш балача  бир тик карап, анан уурданып тиктеп өтүп кетти.

– Балбан болбосоң  коё кал. Муну кандай эне тууду экен. Он эки мүчөсү тегиз мура. Жаштыгына салабы, жерде өчү бардай ныгыра басып чоң төө чепкенди желбегей салынып каадалуу басат. Ушуга ким чыксын. Биздин чалды буйдамга келтирбей, сөөгүн өзүбүзгө жүктөтүп шерменде  кылбаса болду. Жаа-гы катуу экен мунун. Колдору барбайып манжаларынын ар бири ат мамыдай го, кызталактыкы.

Ойго түшүп, намыс жөнүндө катуу ойлонгон Дыйканбай Жабагыга барып кеңеш салды.

– Бу Акбалбанды көрдүңбү,  аба.

– Көрдүм, кысыр эмди тайдай ойнойт го.

– Ойногону курусун, Кетментөлүктөр каяктагы көксө чалын күрөшкө салып, өлүгүн жерине жүктөп кетти дедире көрбө.

– Ок! Эмне дейт! Ишенбесең, Акбалбанды ээрчитип кел,  ушул жерде сары [moderated] өтүктүн наалысынан кармашып,  сынашып көрөлүк.

Дыйкан көп эле кейикчел боло бербе, мен да ишенгенимен келип олтурам. Бир жолу мөөрөй алып берем, анан андан аркысын билбейм.

– Кана качан тоорушалык? ! Жабагы ордунан тура калды. Кошо келген көпчүлүк карап калды.

– Кой төө балбан, азырынча чыдап тур оюндун башталышына дагы үч күн бар, эртең тоорушуп көргүлө, ал жагын мага кой. Намыс жагын өзүң ал балбан?!

Дыйкан жүрөк заада эшикке бет алды.

Жылдыз тарап таң супа салып, таңкы сыдырым согот. Жабагы эшикке чыгып, атайын  Акбалбанды  көргөнү бийигирээк дөңсөөгө барып олтуруп алды.

Ал жерден туш тараптын бардыгы көрүнөт. Өзгөчө кече күндүз Акбалбан эшикке чыккан үй даана көрүнүп, Жабагынын жүрөгү түрсүл согуп жатты.

– Бу  балбан көпкө жатат го. Жатак жылкыдай көп жуушайт окшойт. Аял алганына бир жылча болду деп уктум эле. Эшикке чыкса байкап көрөт элем деп тынчы кеткен Жабагы, Акбалбан жаткан үйдү карап, кырданып жата берди. Айлана аппак  жарыкка чулганып, элдин алды эбак ойгонуп тиричилигине кирген кезде Акбалбан заара ушатканы эшикке чыкты. Жабагы чыканагын жерден ала обдулуп олтура калып, эшик алдында карап турган казак   балбанды аңкая карады.

Телегейи тегиз, он эки мүчөсү кынтыксыз өскөн Акбалбан Жабагыга а дегенде дөөдөй көрүндү. Акбалбан үйдөн окчунураак барып заара ушата кетти. Жабагы тикирейе  карады.

– А кызталак токсон күн катынына жолобогон экен. Сийдигин карабайсыңбы, атып чыгат. Бойдок күчүнө кайра толуп, денеси чымыр тартыптыр. Иле менен жыкпасам болбойт экен деген Жабагы ойго бата түштү. Көпкө заара ушаткан Акбалбан,  Жабагыны байкоос албай боз үйгө кирип кетти.

Ушу күнү Жабагы менен Акбалбан тоорушмай болду. Казганактап ансыз да көптөн бери аштын камылгасы үчүн чуркап жүргөн эл,  Жабагы менен Акбалбанды тегеректеп калышты.

Акбалбан Жабагыны шылдыңдай карап, көзүнүн тереңинен  күлүп, «арсыз чал», жашыңар жокпу? - дегендей:

– Ой бай оу, осы атамдай киси мен кантип күрөсем. Жыксам уят болотын гой. Бу не кылганы Жанкорастың.

Ак балбан Жабагыдан жооп күтпөй ары басты.

Ызаалана түшкөн Жабагы:

– Акбалбан, күч атасын тааныбайт. Алың жетсе мени көтөрүп барып ташка чап. Күрөшкө түшкөн баарына кайыл болуп түшөт. Мени аяба балам. Сенин колуңан өлсөм бейишке чыгам. Андан көрө тоорушалык. Сен меймансың кезек сеники.

Дыйкан, наалысын бышыктап эки сары [moderated] өтүк алдыр деди.

Дыйканды жумшап жаткан Жабагыга Керимбайдын жини келе:

– Тоорушсаң жөн тоорушпайсыңбы, киши жумшабай... Бок жесең күрөгүңдү ала жүр, наспайчы болсоң чагалдырыңды ала келбейсиңби? !

Керимбай жаштыкка сала кага сүйлөдү. Дыйкандын ачуусу келе инисин зекиди.

– Жумшаса мени жумшап жатат, сени жумшап жаткан жери жок,  Жабагы абам!

Ал эмне десе, кызматына баарыбыз жүгүрөбүз.

Керимбайдын кебине түктүйө түшкөн Жабагы Дыйкандын сөзүнө ийе тартып сүйлөгөнүнө жумшарып, айтаар кебин ичине жутуп нестейе туруп калды.

– Жабагы аба, көпчүлүлүк ар кайсыны айта берет. Анын ар бирин уга берсең жинди болуп кетпейсиңби, андан көрү, өтүк алдыралык ушундай болорун мурун билген Дыйкан эки жуп сары [moderated] өтүктү бир жигитке карматып даяр турду.

– Мына наалыса бийик [moderated] өтүк.

Сөзгө чоркок Доорон талп эттире кош өтүктү ортого таштады. Ичинен кейип, Дыйкан Дооронду сүрдүү карады.  Ал сениби, адебиңен ашкан экенсиң, бир жолу кердирсем, кабилеңе кайра түшөсүң дегени.

Ортого эки балбанды чыгарып тегеректеген эл казганактап улам алдыга жүткүнө «Кантээр экен, эмне болор экен, – чалдын абийирин  кетирип кетпегей эле» - деп бири-бирине сүйөнө улам моюндарын алдыга созушуп алды жагын карашат.

– Ой байау осы кантип болсын. Мен балбан мен бу жерде күч сынашпайм,  кантип болсун.  Үйгө кирейлик, калай дейсиң? Сога көнөсүңдөрбү? » – деген балбан, жарданып турган элди аралай өзү түнөп чыккан чоң өргөөгө кирип кетти.

– Бу не кылганы, күрөшсө жөн күрөшпөйбү деген Жабагы Дыйканды ээрчип Акбалбандын артынан кошо кирди.

Үйдө мен деген билермандар орундарынан козголо беришти.

Тынчтыкты үй ээси болуп калган Акбалбан өзү бузду: – Агаиндар шарт осы мен Жабагы балбандын алдынан бир өтөм кыйын болсо наалыман кармап токтотуп калсын,  экинчи Жабагынын такасынан кармап токтотом. Шарт ошо, - деп Акбалбан  кыргызча так сүйлөдү. Кең өргөөдө Акбалбан жерди. өчү бардай оё басып Жабагынын алдынан  кыйын болсоң токтотуп кал  дегенсип текеберлене бирок, күч жыйып басып келатты. Шап наалыдан кармай калган Жабагы жерге ныктай кармады. Мүдүрүлө түшкөн Акбалбан Жабагынын ат тиштей кармаган колунан наалысын сууруп кете албай, Жүткүнө түшкөндө өтүктүн такасы беркинин колунда калды.  

– Эмки кезекти мага бер балам? Мен алдыңан өтөйүн деген Жабагы бек олтурган Акбалбандын астынан жай басты. Акбалбан Жабагынын наалысынан бекем кармап коё бербеди. Бир калыпта басып бараткан Жабагы мүдүрүлбөй, өтүктүн таманы Акбалбандын колунда калып, ак бөз бут   ороосу булайып көрүнө түшүп, анысы менен иши жоктой төө балбан босогону аттап эшикке чыгып кетти.

Артынан кошо чыккан Дыйканбай Жабагыны эч кимге жолуктурбай ошол тейде өз энчисинедеги өргөөгө киргизди.

– Жабагы аба, баланы куп уят кылдыңыз да, күлгө чапкан көтөндөй кылдыңыз да, жанагы көпчүлүктүн ортосунда сүйлөгөн сөзү жүлүнүмө ийне болуп сайылды эле.

– Эми чыныгы балбан күрөш эртең болот. Бүгүнкүсү сыноо экенин өзүң билесиң. Балбандын чаркы канча экен аба?!

– Э Дыйканым, мөөрөй сеники, эртең кудай колдосо жыгып берем. Чаркын байкап калдым. Башка балбандар да барбы, бу жерде?

– Ооба, солтолордан сарыбагыштардан келген балбандар көп. А ошондой Акбалбан заара ушатып жатканда жакшы эле байкагандай болгом.

– Аялынан бөлүнүп күч топтогонуна үч ай болгондой баам-дадым эле. Амалкөйлөр бар тура. Белин суутуптур. Эми билип олтурам. Акбалбандын күчүн алмакка, түндө  койнуна күндүзү көзү түшкөн сулуу кызды салып беришкен тура. Белин сууткан жаш жигит, уйкусу да толук канган эмес. Муну мен эле эмес, амалдуу болсо башкасы да жыгып коёт.

– Аны кантип байкадыңыз,  аба? Дыйкан Жабагыга кызыга карады.

– Жана, – деп баштады Жабагы балбан, – көпчүлүктүн  ортосунда текеберсинип ары-бери басып, элдин арасынан көзү бирөөнү издеп жүрдү. Сүйүп калса керек.

Дыйкан санын чапкылап тим эле жан алы калбай көпкө күлдү.

– Мунун катынпозун. Үч күн коё турса анан деле тилеген оюна жетет эле го.

Ырас болуптур.

– Жабагы: – Оңой балбан эмес,  намыс кыйын болот. Бел суут-кан ургаачысын ойлосо намыстанып эки эсе күч кошулат. Киргенсуу болуп күрпүлдөйт көпкө кармашкан балбанын сөзсүз жыгат. Намыс, ар бардык жерде бирдей.  Күчсүзгө күч, тилсизге тил бүтүрөт. Буйдамга келтирбей чалкасынан салбасаң, оңой жоо эмес ал жагы да бар.

– Сени ээрчитип Анжиян тараптагы балбандарга салбаган атабызга нааразымын.

– Жок андай дебе, анда күнөө жок, күнөөсү карылыгы, менин ыкшоолугум. Ат бастырып алыска жүрө албайт болчу датка. Мен жалгыз эл аралай албайт болчумун.

Кошойдой болгон Жабагы ак аралаган жээрде сакалын сылап дагдайып тери кандагайы менен эл ортосуна чыгып, аны коштоп шапылдаган кызыл жүздүү  куш тумшук, тик көз нооча жигит кошо басты.

– Жабагыны күтүп турган кечээ ызаага уугуп калган Акбалбан, бат эле ортого чыгып эки жагын карап бата сурады.

Кирген буурадай эки дөө, эки жактан басып, келди да, салт боюнча саламдашып, анан коюн колтук алышып тартыша кетти. Жабагы Акбалбандын бу кылыгына ызаалана түштү. Акбалбан эки жагын карап кебелбей Жабагыны букача тооруду, экөө беттеше көз ирмемчелик тирелише калып Жабагы артка сүрүлүп баратты. Ал Акбалбанды тооруп келип билгизбей эки далынын ортосуна колунун кыры менен уруп койду. Тигинин көздөрү ымыр-чымыр боло колдору шалдая  түшкөндө буйдамга кетирбей Жабагы  Акбалбанды тик өйдө көтөрүп, чалкасынан таштап ичинен ныгыра басты. Акбалбанга угуза:

– Балам, башыңдан аттабайын, сен эр жигит экенсиң бир айыбың көйрөңдүгүң  деп, табышмактата жооп айтып, ордунан ыкчам тура калып Дыйканбайдын тобун карай басты.   

 Жабагыны кызыл жүздүү, куш тумшук олбурлуу кең далылуу  жигит жетелеп  бат эле  алар көрүнбөй калышты.

 

БАЙТИК  МЕНЕН РЫСКУЛБЕКТИН ЧАТАГЫ

 

Кетментөбө элин эңшере эскен Чаарбек тынч жатпады. Алакөз, Кайдуулат, Шыкмамат, Түнкатар, Түнтөй, Кутунай уруулары дагы башка урууларга ыгым-чыгымын күчөтүп курут эзгендей эзди. Кырк ит күтүп, беш жүздөй  ылгал күтүп оюна келгенин жасады. Ыгым-чыгым алган жеринде  мал-мүлкүн тартып алып, дагы да күлүк ат күттүрбөй,   сулуу кыз-келиндерди  тартып алып өз билгенин жасады.

Ар жерде Чаарбектин заманы өттү го, деген сөздөр пайда болуп эл бир ымалага кантип келебиз деп жүргөн кез болду.

Рыскулбек, туугандары Карагул, Дуулат, Шераалыларга  Сайкалдын Чаарбекти кетирип, бийликти тартып алуу амалын ойлоп жүргөнүн айтканда, ал Чаарбекке жетти. Опурулуп-жапырылган Чаарбек,  Рыскулбекти Коконго айдап кетмекчи болду.

Сайкалдын айласы кетип, жаш кезинде Медет датканын айтып берген кеби эсине түштү.

– Кызым, Курманкожо уруусунун чекир саягы болобуз. Оо мен жаш кезде Сарыбагыштын Ниязбегинин иниси Айдаке биз тарапка келип, жылкыларды аралап кымыз иче кетейин, Соң-Көлдүн кымызы ичсең ичиңди ысытып алакүү кылат деди эле деп кайрылып калбайбы.

Тай минип кымызга алакүү болгон балдар жарыша кетет.

– Байгеси болобу? – деп, Айдаке оозунан жаңылган экен. Байгеге сени саябыз деп ормойгон кара жылкычы мурутун сылап коёт.

Ошондо жээрде кашка тайчан бала биринчи келип,  келе  байгемди деп сурайт. Мына байгең деп Айдакени көрсөтөт.

Айдеке балдардын тамаша чынын билбей, алар ала келген кол чаначтагы кымыздан тоюшунча ичет.

– Кой, балдар мен аттанайын.

– Ой, каякка?

Ормойгон кара киши опурулат. Айдаке баатыр тиги кара кишини төшкө бир тээп, атын минип артына чуу коёт. Ныязбекке барып болгон ишти Айдаке айтканда анын жини келип: Ок! Урган айбан, ошол жерден эле эки-үчөөнү жайлай келбейсиңби? – деп опурулду.

Ниязбек ачуусу менен Качыке баатырга киши жиберет. Кайран баатыр ошол датка атабызга – Жанболотту менин алдыма алып келип беришсин деп элчи жибергенин айтат.

Баатыр намыс  кылбасын, өзүбүз алып барып беребиз деп элчисин аттантып ийет.

Медет датка Жанболотту алдына чакыртып: – О, урган, сенин жылкычыларың бир кара кесе кымыздын күчүнө тең болбой, Айдакени ызаалаптыр эми канттик, деп эки санын мыжыгат. Олбурлуу чоң денеси ачуусунан калч-калч этип ордунан турбай көпкө олтурат. Арытан Качыке баатыр басып келген дейт.

– Ой, Медет, бу минтчү эмес элең. Сага эмне болду дегенде Жанболоттун жоругун айтат.

Качыке баатыр Жанболотко:

– Жаш бала болуп калгансыңбы! Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт. Сарбагыш жабылса,  ага түтүп берер алың барбы? Чамаңды, өзүңү билип туруп иш жасабайсыңбы, дымагын мунун!

Тогуз жылкы алдыр  Медет үчөөбүз барып, кечирим сурайбыз дегенде, болуптур дейт экен Жанболот-куу.

Кубакынын белине чыкканда үйдөгү көйнөгүмдү кийип алайын, ушул малтабар менен кантип барам десе мейли деп берки экөө алданып калат. Айылына жеткен Жанболот. Өзүнүн тобун түнү менен көчүрүп кетет.

Эртеси түш оогондо Качыке, Медетке жолуккан жолоочу: – Ой, Жанболотко мен Соңкөлдүн Бешмойногунан жолуктум дегенде, байкуш чоң датка атабыз эки санын бир чаап алып, Качыкеге карап:

– Ой чоң кишинин ою кыска болот десе ишенчү эмес элем. Жанболот алдайт деген эмне? Кой баатыр экөөбүз эле Ниязбекке жетишебиз деп жөнөп калышат.

Аларды утурлап тосуп турган Ниязбек карып калган чагында, Качыке баатырды урдуртуп коёт. Мунун баарысын датка көрүп чыдай албайт.

Кийин Ормонду колго түшүрүшүп,  колу-бутуна кишен салып көпкө алып жүрүшөт. Анда Ормон жаш кези.

Айла-амал менен Ормон да качып кутулат.

Сайкал унчукпай бир аздан соң:

– Бу силердин элде андай ынтымак жок окшойт. Болбосо Карагул иниң кечүүдөгү көпүрөнү талашпай сага жардам берсе боло, анан деле алат эле го деп ызырынат.

Эртеси Рыскулбекти кийинтип чоң торусуна аттантып, олбурлуу чоң катын атыккан Сайкал, өзү да жоо кийимин кийип найзасын алганда Рыскулбек:

– Ой, катын ал эмне кылганың, - деп чоочуп кетет.

– Мен тирүү туруп сени жибербейм. Башымда илечегим болсо да сенин туугандарыңан өйдөмүн дейт. Аны Рыскулбекке келаткан Карагул угуп калып, туугандарына кабар берип, алар бат эле элди уюштуруп жиберет.

Чаарбек Рыскулбекти алып жөнөй турган болгондо жээрде аргымакты бекитип койгон жеринен минип чыгып, Чаарбекке кол салат Сайкал. Куу-куу деген үнүнөн Сайкал экенин билген Чаарбек качып калат. Эл толкуп, Чаарбек баш болгон ылгалдар артынан капчыгай ылдый чабышат. Катындан качкан алдырат, Ыразан сайдан өткөрө куугула, Рыскулбек эркек эмессиңби алдына баштап чап  деген экен Сайкал байбиче.

Рыскулбектин элге алымдуулугун билген Кокон хандыгы, тоо элин толкутуп албаш үчүн Чаарбектин ордуна Кокондун Кетментөбөдөгү беги Рыскулбек Нарбото уулу болсун деген жарлыгын жөнөтөт.

Жарлык келгенде күйөөсү Рыскулбекке карап:

– Ай даткам, элдин өйдө-ылдыйын ылгай жүр, антпесең эртең эле сени чүкөчө калчап коючулар өз туугандарыңан табылат. Катын да болсом, айткан кеңешимди  кулагыңа түрө жүрсөң деп эрине күлгөн болот.

Сайкалдын олбурлуу зор баданына, кээде берген кеңешине ыраазы болгон Рыскулбек, жымыя  күлүп, боз үйдөн чыгып баратып:

– Э, Сайкал,  датка  кайнатабыз энеңдин тилин алчу беле? – деп сөз менен ат тиштей чымчып, ары басып кетет.

Күнгүрөнгөн Сайкал:

 – Ай, чогоолдугуңду кантейин Рыскулбек кайнилерим ошо кыялыңы жактырбай ортодо далай таарынчылар болор бекен?!

Кыска ойлуулук кендирди кесээр.

 Акыры түбүңө ошол жетээр болуп, эки тараптагы даткалар менен мамилелериң кандай болот, деген Сайкал Рыскулбектин артынан кошо чыгат.

Уруу-уруу болуп чабышып келген кыргыз элин Кокон хандыгы оңой эле басып алып, эми эскирген көйнөктүн тигишиндей жешилип, ыдырай баштаган кезин кийин болуштуктар түшүнө баштаган убак  да келди.

Анын үстүнө орус империясынын чоң таасири тийип эрте түшүнгөн уруу башчылары Атаке баатыр, Шабдан баатыр, Түштүктөн Алымбек датка биринин артынан бири өз алын билип Россия империясына өтүүгө аракет кылышып, бирок көбүнчө Алымбек датка көп моюн сунбай Кокон хандыгына ыктап туруп алды.

Рыскулбек башкара баштагандан баштап Нарындын эки тарабы жаат-жаат болушуп,  болуштукка тарап кетүүнүн амалын издей башташты. Ошондо Рыскулбек Кең Чүйдүн ханы деп аталчу Байтик менен ымала түзө баштайт.

Рыскулбек орус төрөлөрү келгенде алтын берип колго алат, турмуш туруп калмакпы.

Суусамырга көчүп Сайкал байбичеге өзүнчө өргөө тиктирип көп жыйынды ошол жерде өткөртчү болуп, ал конуш «Байбиченин сазы» аталды.

Байтик 1862-жылы орусиянын карамагына өтүүгө кат жолдоп, бат эле ал оозго алынып кетет. Бул кабарды уккан Рыскулбек Нарбото уулу 1864-жылы атайын киши чаптырып Россия империясына жардам берерин, алардын кызыкчылыгын көздөгөнүн билдирет да 10 миң түтүнү менен карап кетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   bema_bema   05 Февраль 2016 - 20:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Байтик Канай уулу, Нарбото уулу Рыскулбектин өзгөчө зулумдугун элден угат. Ошол Рыскулбекке орус империясына караар жылдан 5 жыл мурда Кетментөбөлүк Жусуп манап Байтикке келип жер сураган экен. Мурун Токмокту жердедим эле баатыр, эми өз жериме келейин деп тилин салып, ичи-койнуна кирет.

– Баатыр бу Нарботонун Рыскулбеги доңуз болуп көрүнгөнүбүздү, көрүнгөн жакка чалып ыргытып, кыл куйрук күттүрбөдү. Мени кошуп ал. Бойго жеткен кызым бар, үйлөнөр уулум бар, кийин жагын дагы көрөбүз, түбүбүз келип Тагайдын балдары эмеспизби, -  деп жиберет. Кыраа Байтик ага көнө бербеди. Аңгыча Апар байбиче:

– Баатыр келген мейманды эшикке сызгырып сүйлөшүп жатканыңыз кандай,  үйгө  кириңиздер дейт. Эсине келе калган Байтик ошондо Жусупту өргөөгө кийриген экен.

– Атаат байбиче, болбостур мага да көп иш таштап койдуң, эми болбой калды. Босого аттаган адамым мейман болот деп күңгүрөнөт. Атым Жусуп дедиң, бу Рыскулбектен жер таппай мага келгениң эмнең деп экинчи жолу сураган экен.

Анысы Апар уксун дегени. Сырттан  аттардын дүбүртү угулат. Аттардын басыгынан жакшы тааныган Байтик Апарга бу келаткан Байсал го. Үйдө конок бар де, азырынча ылдыйкы үйгө түшө турсун деп эскертет.

– Апар байбиче! эй, бул эмнеңиз баатыр. Өз уулуңузду өзүңүз жээрип сиздер менен чогуу олтурса болбойбу? – дейт. Ошондо акшырая караган Байтиктен сестенип, Апар байбиче эшикке чыгып кеткен экен.

– Э,  Жусуп, бирөөнүн жери бирөөгө уя болобу?

Обдула калган Жусуп жердин эгеси жарашса мүлдө элге уя болбойбу, – дейт. Ата көрүү, муну Рыскулбектин өзүнө алып барып,  элдештирип келейин, болбосо «сөздү атып сүйлөйт» тура деп чоочуйт.

Көчүгүн батырып алган Жусуп, Рыскулбек менен Байтиктин ортосуна от жакмакчы болуп кийинки жазды күтүп калат. Ошол 1867-жылы Суусамырдын Алабелине Рыскулбек тобу менен конуп калган болот. Анын кырктан ашуун жылкысын айдап кайран Жусуп Байтиктин айылына келген экен. Уулу Байсал көрө коюп:

– Ой Жусуп аке, бул кайдан айдап келаткан жылкыңыз дегенде:

– Ийе,  жолборстун баласы, Кетметөбөнүн каманынын жылкысын айдап келатам.

– Ичинен сызган Байсал атасы Байтикке карап:

– Ушу куу сакал эмес эле «чуу» сакал болуп баратат. Мунуңузду жоготсоңузчу. Түнкатар Саяктардын балээсине калып ортодо эр өлүп жүрбөсүн деп атасына кеңеш салды. Байтик баатыр ойлонуп калат.

– А кызыталак, Рыскулбектин кылбаганы барбы. Бетеге талашканын кайра кайталайын деп калган го деген тейде:

 – «Ийи, сеники туура, сеники туура», – деп эки жолу кайталап баласына жыгылыштуу болгон дейт, Байтик баатыр.

Рыскулбек адегенде айдалган жылкылар казактар колдуу болду деп ойлойт. Эки жакка жигиттерин чаптырып,  изи сууп калган кыл куйруктарды издейт.

Ошондо өрү бастырып келаткан Дыйканбай  атасына:

– А ата, эски кеселди козгобой ак койсокчу? Ушу Жусуп колдуу болдубу деп турам дегенде кайран Рыскулбек:

– «Туура айтасың, туура айтасың» – деп эки жолу кайталап  ал өлөталгыр изин суутуп кеткенден кийин кабар алдырбаганымды карасаң деген бойдон өргөөгө кирет.

Бул окуя ошону менен эле бүтпөдү. Рыскулбек Таластын Бешташ жайлоосуна барып конду. Муну уккан Байтик Рыскулбекке 300 жигит менен аттанып, Жусуп менен Рыскулбекти элдештирип коюну милдетим деп чечти. Ансыз да ичинде «Жусупту кайтарып бербедиң» деген кек калган Рыскулбек жигиттерин аттантып эки тарап чабыша кетти.Чабышта эр өлбөй коймокпу Рыскулбектин бир жигитинин башына чокмор согулду. Ал ошол эле  жерден  жан берди. Байтиктин жигиттеринин арасы ызы-чуу болуп калат.

Ушуну эле күтүп турган куйту «чуу» сакал Жусуп ажыдаар оп тарткандай жигин билгизбей  жер соргонсуп  житип   кетти. Үйүнө  да барбады. Ал сөөк өчтү кылып барууну  ойлоп, Талас багытына качып изин жашырды.

Ызага ууккан Байтик, Рыскулбек менен Жусупту элдештирем деп барып, эр өлтүрүп алыптыр. Өзүнүн жигиттеринен көп киши жарадар дейт дегенди уккан Байсал 100 киши алып барып катуу чабуул башталат.

Аны билген Түнкатар саяктардын чоң тобу чогуу аттанып чыгышат. Ал урушта катуу чабыш башталып  кетет:

– Бул эмне кылганы, бизди басынтайын дегениби? – деп Рыскулбектин агасы аталган Рүстөм, жайдак, чоң торусуна минип катуу уруш башталат. Чабыштын кызуусуна кирип кеткен баатыр Рүстөм Байтиктин жигиттеринин ортосунда калып, жаш Байсалды оор жарадар кылат. Байтик ачууга уугуп:

 – Чап, өлтүр, кансийдир! Артка бириң качсаң менден өлөсүң деген үнү жаңырат. Топтун курчоосунда калган Рүстөмгө чокморлор согулуп ошол жерден жан берди баатыр.

Эки тарап кара күүгүмдө бөлүнүп, Байтик жигиттерине: – Эми Сайкалдын балдары келип топ бузат. Тиги жагыбызда орус карап турат. Койгула кетели дешет да, артка кайрылып кетишет.  Ошондон көп өтпөй Рыскулбек Олуя Атага арызга түшүп, Байтиктин үстүнөн даттанды.

Төрөнүн Байтик келсин деген суроосуна:  – Үйдө балам Байсал катуу жараттан бир алда жатат. Барбаймын, бала айыксын, -  деп барбай койду. Бирок ошого болчубу. Байтикти Оля Атага аскери менен алдыртып сурак башталат. Байтикти жакшы тааныган Г. А. Колпаковский (аны кыргыздар калпак төрө деп аташкан) куткарып жиберет.

Ушуну менен эле кыргыздардын ит урушу басылып калса гана. Дагы жакшы оруска жамынып бир уруу экинчисин басынтып, улам орусия империясына  караган кыргыз урууларынын саны көбөйө берди.

«Кийин Рыскулбек өлгөндө Кетментөбө болуштугу өйүз-бүйүзү ыдырай баштайт».

Атайын топ болуп  болуштукка  таш ташташып Керимбайга салынган топ таш аз болуп калат.  Көп ишти Дыйканбай билип,Төрө менен сүйлөшүп намыстанып Керимбайга болуштукту ыйгарууну сүйлөшүп, иш анын айтуусу, боюнча бүтөт. Муну уккан башка уруу башчылары  чыр кылып, өзгөчө  өйүз тарабы өзүнчө болуштукка аракет жасашат. Нарындын аркы бети эки болуштукка Сыдык Каратал болуш дегендер чыгып ат бастырып, элин бөлүп кетишишти. Кыргыздардын мындай ит арка боло беришин Г. А. Колпановскийге жакпады.

Оруста бир закон, силердики  көп закон деп кээ бир төрөлөр Кетментөбөгө келип ыгым-чыгым салышып, өздөрүнүн бийлигин таңуулай башташты.

 

РАЙЫМБЕКТИН АШЫНДАГЫ КООГАЛАҢ

 

1891-жыл. Кадырдын сөөгүн өзүмүн үйүмөн чыгарам. Эл көзүнө көрүнөм деп Райымбек ак өргөө тиктирип Кадырды жайына алып койдурмакчы болгон.

Экижактан келген Сарыкамыштык туугандары «чур» этип өкүрүп, боз үйдүн айланасында  казганактап Райымбектин айт-каны менен болуп жатты.

Туугандары менен кеңешип Корумдуга, Көтөрмө, Толукка чейин кабар айттырылган.

Мына каза болгон Кадыр тигинтип кайра тирилип Түнтөйдү мени үйүмө жеткир, - деп үйүнө кетип отурат?

Атаңын көрү куу турмуш, адамдын урушу иттин талашы го. Бирде жоошуп, бирде буркан-шаркан түшүп көбүктөнүп, кээде мелтиреп аккан Көкөмерен суусундай  мелтейет да турат. Эми минтип ал мезгил да өттү.

Кийин Райымбек кайтыш болор жылы Кадырды түшүндө көп  көрчү болду. Ал экөө көпкө сүйлөшөт,  кеби мээсинен учат.  Кийинчерээк катуу ноокастап жүрдү.

– Эрешен тартып эр болуп, не иштерге барбадым. Ушу Кызыл чап коктудагы элди бурч-бурчтан жыйдым го.

Уйдун тогуз катындай бүктөлүп, кокту колоту көп, Сарыкамышты Шабдандан сурап алганда, тикирейе карап, жаш болсо да,  сүйлөшүп дилимди тартып, күнөөмдү кечти эле. Майрыктын беш беренинин бирөө Боргемик эли, берки туугандарына таарынып сай-сайлап кеткенде чогултуп эл кылдым. Тозуп жүргөн кул кутанды бириктирип уругуна карабай ушу жерге топтоп, итче ыркыраштырбай баш-көз болуп бердим.

Райымбек уулу Кудайбергенди чакырып жанына алды.

– Уулум, мен кылбаган жорук калган жок. Ошонун баары силер үчүн, силердин биримдигиңер үчүн болду.

Кудайберген атасынын чүңүрөйүп тээ тереңине тартып кеткен көзүн көрө жүрөгү болк этип алды.

Ал  Атаат, көздүн тереңдеп кетиши көз майынын түгөнүшү, жылтылдап нурунун үлүл-бүлүл көрүнүшү өлүмдүн жышааны, - деп өзү айтчу эле.

Атасын сумсая караган Кудайберген кулагын түрө кеп күтүп, Райымбектин эки жагын кымтылады.

– Туулгандын көрмөгү, тирүүнүн өлмөгү бар, балам. Мен Наманган менен Кокон бер жагы Анжиян, тиги жагы Көл башына, а түгүл Казактарга чейин жеке жортуул жасап күлүк ат уурдап, же болбосо жолдош күтүп ит абалатып, айыл аралатып, жылкы айдаган учурум көп болду. Ошонун баары силер үчүн жасалды. Бир жакадан баш, эки жеңден колду бирдей сунсун деп көп иш  кылдым. Кечээ эле алдуу кезимде кылган күнөөмдү кечер деп  Мухаммед пайгамбарымын жортуулга чыккан жерине чейин бардым. Бу жосунум тиги жайымды берсин дегеним. Мен жөн жеринен актанайын деп барганым жок ал жакка.

Чын ниетимен тилеген тилегим орундалып, мына бу өйүз-бүйүздөгү элди чогултуп түтүн булатсын деп,  кылган күнөөмдү кечер бекен деп бардым. Бул жоругум Коңур өйүздөгү билермандар үчүн көп пайда берди. Аларды жылкылуу кылдым.

Балам, атам өлүп баратып мактанып жатат дебе. Артымда силер барсыңар.

– Бу чөлкөмдө киши бар бекен?

Кудайберген атасынын мурдунан сүйлөп, сүйлөмү бузулганын биле, атасын кучактай өйдөлөтүп артындагы жаздыгын бийиктетти.

– Жаздыкты алып койчу, ары?!

– Акырын жылжып аккан суусунун этегиндей анын өмүрү да соолуп, Кудайберген заңкылдап аталап үн чыгарды.

1908-жылы баш оона айында Кудайберген Корумдунун аркы өйүзүнө боз үй тиктирип, жамы журт ашка күтүнүп бүлүнүп жатты. Туш тарапка Райымбектин аты тогуздун айынын этегинде болот деп кабар кеткен.

Буга чейин жакын деген урук туугандары куда-сөөктөрү менен кеңеш өткөрүлүп кысыр эмди тай союлду. Ар кимиси өз билгенин айтып: Райымбек кандай адам эле, ариетине тике туруп бербесек болбойт, мына намысын сактап калчу Кудайберген өзү турат деген эл дуулдап ат чабыш, эр эңиш, эр сайыш а, түгүл оодарыш төө чечмейге чейин айтышып баары молдосу тарабынан катталды.

Жар чакыртып турган ырчы дешип Токтогул, Эшмамбет, Найманбай Кулукеге чейин – жар чакырып бергиле алдыңарга ат, үстүнөргө тон жабылат дешти. Аш жөнүндө  Кетментөбө багытындагы [moderated], Кушчу, Кетментөбөнү жердеген Чөкөнүн балдарына чейин айттырылып, аш тогуздун  айынын этеги деп бышыкталып, ушул эле кабар түндүгү  Солтолорго  чыгышы Жумгалдагы Саяк туугандарга кабар жетти.

Элдин алды келе баштады. Аттын соорусундай дөмпөйгөн Тержайлак кымкап жамынып, кызгалдак текши гүл ачып кызыл чок болуп Кудайбергендин делебесин козгойт.

– Атакөрү, ушу көркү тогуздун айына сакталып бербейт э, келип көргөн киши кандай жер экенин билсе, суктанса деп шыпшынып алды.

Жер өңүтүн алып ат чапчу жерди, эр сайыш жамбы атыш кыргыз оюндарынын дагы башка түрлөрү өтө турган жайык жер тандап жакын санаалаштары менен Тержайлактын белине чейин келип, тээ Мазар деп аталчу тик ашуунун түбүндөгү жалгыз жаңгакка келишип, Кудайберген сөз катты:

–  Ат ушул жерден коё берилет, тик Торпуну ойруп чыгып Тержайлактын түзү, артак белестерин ашып так белдин өзүнөн тосулат. Ошондо байгеге татыр ат барат.

Кудайберген ичинен Сарыкамыштагы Турдуке байдын сурчасы көз алдына тартыла, байге өзүбүздө калаар деп жымыйып, мурутунан күлдү.

Жандап жүргөндөр аш ээсинин бу кебин жүйөөлүү деп табышты. Алар а күнү Толукка өргүп таңга маал аттанышып көлөкө самсып калганда Корумдуга жете келишти.

Бир уруу эл эле эмес, анын жакын санаалаштары да өздөрүнчө бүлүнүшүп аштын арты менен болушту.

Эң биринчи сөөк тамырлары, кудайлашкан достору тогуздун айынын башында келишип өздөрүнчө боз үй тиктирип өргүп жатышты. Көп күттүрбөй Жумгалдан Байзак жигит жалаңы менен келип өзүнчө өргөөдөн орун алды.

Этерээк келген Байзак, Кудайберген менен ат бастырып жер чалды.

– И, баатыр, атаңын ашына калдайган журттун баарысын чакыртыпсың. Ошого түтүп бере аласыңбы, ашта чыр чыгып атаңын артынан эр уулдарды кошо жөнөтүп кун төлөп жүрбө?!

Кудайбергендин көзү чекирейе, мен атамын ариети үчүн өткөрүп жатам, бүлүнсөм мен бүлүнөт экенмин , ага эле эмне мынча такыба сурап калдың, Байзак баатыр?!

– Дегинкисин айтам да. Ашта айдактаган «иттер» тозотко чыгып күлүк жыгып, үстүндөгү бала оопат болчу, эр сайыш болсо, бу жүзүң кургурдан жалпы журт жапа чегип эки тарап чабыша кетчү эле, мен ошонусун айтып жатам, аштын ээси?

Байзак жоон өрүм камчысы менен суусар бөркүн желкесине жылдыра, көңүлү оюн өтчү жерде. Эр сайышта эстегенде, Аксакал оюна түштү.

Канкор келбесе экен, атайын барбагын деп  айтып келдим эле.  Ал келди дегинче бир эр азаматтын каны чууруйт. Райымбек  өзү өлбөй, каны тарткан дагы бирөөнү ала кетет.

Аксакал жашынан эр сайышка маш болуп канча баланы атасыз, келинди күйөөсүз калтырып кың дебей келди.

Үйүндө тынч жата албаган Аксакал эки күнгө зорго чыдады. Райымбектин ашы жатса, ага барбай койчубу.   Же менин каным тарткандыр, же дагы бирөөнүн каны тарткандыр.

Байзак:

- Барба, барсаң эле чыр чыгат, сенсиз да аш өтөр деп зекип койсо жата берейинби, үй  күчүк болуп.

Кара тобурчакты токунуп жоон өрүм камчысын колго алып, ээринин кашындагы найзага ылайыктап жасалган жез чагаракка сөөмөйүн сала ырымыбы, «өөп» койду.

Айдаган малы, жанында караан тутар жолдошу жок Аксакал бешим намазга Корумдуга жете келди.

– Бу чөлкөмдө жумурткадай аппак боз үйлөрдөн баш адашат. Аксакалды көргөн Кудайберген: – Кел баатыр, бу дайының билинбейт, Байзактан сурасам сыркоолуу  дебеди  беле?!

Ошо Байзак баатыр, кайсы үйдө?

Кудайберген бир жигитин кошуп берип окчунураак тигилген алты канат боз үйгө жеткирип, мына Байзак баатырдыкы – деп артын карай шашып жүрүп кетти.

Кара тобурчактын баскан дабышынан  тааныган Байзак, ордунан тура калды. Өзүнө сунулуп жаткан кымызга карабай, жанындагы жигиттерине сестүү кекете сүйлөдү.

– Чыккылачы эшике, Кара тобурчактын үнү экен, баягы Аксакал келип калганбы?

Жигиттеринин артынан:

– Ай болбостур, эми болбой калды, же ал, же бул...

Байзактын жүзү ачуудан түктөйүп, Аксакалды ата тиктеди.

– Атсалоому алейкум баатыр, келип калдык. Оюн көрсөтөлү деп келдик?!

– Байзак ичинен:

– О, ойнуңду... сенин! Мейли, эми болбой калды, Аксакал үчүн тик турбасам Байзактыгым кайсы. Канкордун кан ичмеси кармаган тура. Байзак намысты ойлоп, улам жумшара, кекээр сөзү намыс, ариет үчүн, Аксакал үчүн, деп жүзүн кан  тээп чыкты.

– Эр сайышка түшөсүң, Аксакал?! Намысты ойлон. Байзак жерди теше тиктеп саамга нестейди. Аксакал жүзүнөн нур тамылжып сайышчу күндү күтүп, Каратобурчагын минип, ары-бери бастырып, жер көргөн киши болуп, өзү менен беттешчү кишинин дарегин иликтеп жүрдү.

 

***

Корумду жайлоосунда элдин саны күндөн-күнгө көбөйүп, улам үй көтөрүлүп Тайпактүз жумурткадай боз үйлөргө толуп чыкты.

Жар чакырган ырчылар тигил катардагы боз үйдөн бу катарга чаап келип, колтугундагы томпойгон комузун алып,  Кудайбергенди мактап этегинде анын тапшырмасын ыр менен жамактатат. Аш ээсинин үйүндө созолонуп:

Баатырым, чачылганды жыйнаган,

Баатырым, эл үчүн жанын кыйнаган.

Баатырым, кедейин байдай сыйлаган,

Ыңоой-аа! деп кошок чыгат.

Бул Райымбектин улуу байбичесинин үнү. Бул үндү жазбай тааныды Найманбай.

– Жүргүлө,  аттан түшүп куран окутуп чыгалык, – деген Найманбай чоң сакал Эшманбет менен  Токтогулду ээрчитип куран окутуш үчүн Райымбектин байбичесинин үйүнө кирди.

Сол капшытта ак илекичен кемпир кошогун созолонтот. Качан гана: «Абузбилла иммина  шайтан рожиим», – деп курандын сүрөөсүн баштаганда кошок тып басылды.  Ары карап олтурган байбиче бери карап олтурду да, Найманбайды жаңы көргөндөй таңыркай карап, бырыш жүзү кабатталып ырчыны жактырбаганы байкалып турду. Ал куран бүтсө эле сөз баштоочудай, Найманбайды карап нестейет.

Байбиченин көз алдына бир кездеги Райымбек бийдин болуп, толуп турган кезинде ушул чүрүшкөн киши келип анын ажы болгонунан өйдө мактап, бу чөлкөмдө Райымбекке тең келер киши жок деп ырдап, жүзүнө нур тамылжыган байы байбичесине:

– Алып келчи тиги чапанды?, – деп, байбичесинен ала коюп Найманбайга өзү жаап, жакшы ырчы калтар жоргодой шыр кетет. Сөздөрү куюлушуп тунук булактын шылдыраган үнүндөй угулат.

Ырчым дегени эсине келе, анан да Райымбек өлгөндө Найманбайга кабар айттырып, сөөк башында жар айтып берсин дегени, ага ырчынын келбей койгону эсине келип, эми ашына келгенин ойлогон байбиче Найманбайды атып тиктеди: – Найманбай байбичени карап ырдап коё берди.

Байибиче бозоюң кетти мойнуңдан,

Байбиче бозоюң кетти койнуңдан.

Менин атым Найманбай,

Айта берем ар кандай.

Кээ бир, кээ бир сөздөрүм,

Сөөмөй менен сайгандай, – деп барып токтоду. Жанатан бери токтоно албай өзүн зорго кармап турган байбиче:          

– Ий жетесиз,  өлүк-тиригиңди көрөйүн, күйгөн курмушудай болуп кебетесин! Байым ажыдан келгенде нечен күн конок болуп ырдадың. Ал ары карап кеткенде кабар айттырсак келбегениң кандай, өлүксүз?! Ашка уялбай кантип келдиң?

Байбиче ордунан опурулуп тура калды.

– Ырчыларды апаң кууп жатат, алардан айрылсак жар чакыртчу ырчылардын баары кетет, – деген сөздү угуп Кудайберген чоң үйгө түшүп, апасын тыйганы кирди.

Ырчылардын көңүлүн ачып:

– Аял, аялдык кылып койсо таарынчы кылып, кекеткен ырчынын иши эмес деген, Кудайберген ырчыларга бирден чепкен жаптырып, алардын ачуусун басты.

Ашта качан эле таарынчы айтылбай калчу эле жүзү көрүшпөгөн нечен айры баштуулар аштын өзүндө беттешип, эзелки кегине чейин айтышат. Бул чанда болчу иш болсо да, элди козутуп дүрбөлөңгө салып, үй ээсинин тынчын алат.

– Кудайберген, кимди күтүп жатасың, же дагы келе турган меймандарың барбы?

Байзак үнүн бийик чыгара өкүм сүйлөдү.

– Туш тараптан чакыртылган эл келип бүттү. Аштын          өтүшүн суутпай баштай берүүгө жар чакыртты.

Эң биринчи ат чабыш болот, аттар келгенче эр сайыш  баа-тырың болсо камдай бер деген жарчылар бир тигил өйүзгө, бирде бул өйүзгө өтүп жар чакырып жүрдү.

Ат айдалат, аттар тээ Мазардан коё берилет, тик ашууларды ашып келген ат өз байгесин төө баштап,  алдына күтүрөтүп жылкы айдап кетет.

Эл алдына келген Байзак ат чабыштан да,  эр сайышты башталса дейт дилинде. Аксакал келди бул ары болсо оюндун кызыгы төмөндөйт. Бери болсо оюндун кызыга артат. Чатак чыкпаса болду деген Байзак баатыр арыта бастырып бараткан Аксакалды карап коёт.

 

***

Күлүктөр чубатууга чабылып алты айдоочу артынан түшүштү. Колдоруна сороктогон бакан алып күлүктөргө кошулган атты эки жакка кайрылтпай айдап келет.

– О, тетиги Солтонбайдын Акчеке деп аталчу күрөң кашкасы арткы бутун сүйрөп уурданып басат экен чыкса ушу чыгат.

 – Ой, аны кайдан билдиң, береги Сурчага көзүң тойбойбу? Ушул ат чыгып келбесе мына алдымдагы атымды берем.

Эки саяпкер өздөрүнчө чубатууга салынган күлүктөргө карап көздөрү ирмелбей сызылып жаш сарыгат.

Ысмайыл сынчы таптаган ат Жумгалда байге берген эмес. Береги Акчеке агасы Солтонбайдын күлүгү. Жайы кышы арпаны бээнин сүтүнө көптүрүп жумшартып, тишине доо кетирбей баккан. Анын үстүнө аптаптагы көк бедени как кургатып күйшөтүп, сөңгөгүн терип беденин бырын  берет. Тезегин укалап көрүп, сууту жеткенин билген Ысмайыл саяпкер да кошо келди ашка. Ал өзүнчө кудайынан зар какшап Акчекенин алдыда келишин тилейт.

Белден өтүп, белес-белес жер басып тик бетти эңкейгенде Акчекенин үстүндөгү бала:

– Ушундай жерге да ат чапчыбы. Бүт эле чыргай, анысы аз келгенсип тик ашуу экен?!

– Эй, андай болсо түз жериңе чаба бербейсиңби, кайсы жерде түз жер бар эле кыргызда, – деп өйдөсүндү  Сурчанын  үстүндөгү бала.

– Апей,  учуп өлөбүз го, бул жердин аты эмне?

– Торпу деп аталат. Береги көрүнгөн суу  - Тууракайыңдын суусу. Алдыбыздагы сууну Кызылсуу дейт.

– Чын эле кыпкызыл экен. Булагы кызылбы?

– Булак да кызыл болчу беле, кече күн жаабадыбы, аккан жери баш аягына чейин кызылчап Сурчанын үстүндөгү бала жандай бастырып күрөң кашканы минип келаткан балага түшүндүрүп баратты.

– Куу-куулап аттарды шаштырып катуу айдап түштү ат айдоочулар.

– Опей, бизди өлтүрөт го булар.

– Өлөм десең артыңа кайрылып кете бер.

– Эмне эле мени мынча кекетесиң?

– Мен эмне деп кекетип жатам?

Чынын айтып жатпаймынбы.

– Ой жубарымбектер, тез бастыргыла, барчу жерибиз алыс, – Ой, бала, ойдолобой түз бастыр!

– Көчүгүм жооруп баратпайбы, байке?!

– Көчүгүң жооруса, «жалпак төшөгүн» албайсыңбы? Ат айдоочулар кыраан каткы күлүшүп тиги баланы улам бол, деп демитишет..

Бала чыйрак, ат жалын бекем кармап көчүгүн бир жагына кыйшайтып, ал тарабы талыса экинчи жагына ооп аттардын артынан калбай келатат.

Уурданып чыккан Турдуке байдын иниси бөдөнө аңдыган түлкүчө жыбытка билинбей кирип боюн жашырды. Ал Торпунун кашатына жете барып, Кара отунду аралап, жалгыз аяк аттар кеткен жолдон четтеп, денесин бекитип келчү аттарды күтүп жатты.

– Атаңын  көрү, Турдуке абам дайым эле байгеден куру калбайт. Бир жолу куру калса эмне. Мага деген Торусун Көкдөбөгө жашырып, ал жакта саксактап Байзактын жигиттери күтүп турбайбы.

Байзактын намысы үчүн Акчекени өткөрүп, Сурчаны сулатам. Көп болсо Турдуке абам бир күлүгүнөн айрылат. Эртең эле дагы бирөөсүн чабат. Байзактын торусун кылган кызматым үчүн алам.

 Байзак Кудайбергенди тооруп, өзүнө өзүн салып, Турдуке байдын инисине Жумгалдан келген аттардын бирөө  эле биринчи келсе бул Тору сеники. Муну Көкдөбөдөн  аласың. Сага тартуум ошол. Берерим мына, тос колуңду, – Байзак үч дилдени бирден алаканына таштап, бар, бара бер. Муну агаң да берген эмес чыгар деген.

Кудуңдаган жаман Дөөпөрөс (анын азан чакырып айтылган атын унутушуп, ой келди сүйлө бергендигинен айтылса керек) убадага бек туруп, эми минтип, күлүктөрдү күтүп черүүнү аралап көздөрү чекчейет.

Мазарга жетип, аттарды бир аз тыныктырып, ат айдоочулар чабендестерди кайра чогултту да:

– Бар, Оомийин кимиң чыксаң аның чык дешип, талтая олтурушуп ат баштыктагы тасмалга орото келген бышылуу тамагын үзүп-булкуп жеп жатышты.

Күлүктөр чубама жол менен тике барат. Буйтап өтүшкө жол жок. Жалгыз аяк жолдун эки чети чытырман билектей шилби, же кара отун арасын аралап өскөн камыш узарып чыргайды анча көрсөтпөйт. Аралай келсең жол бербей артта калып каласың. Жол  ортолоп келгенде күлүктөр чыргайдан арылып кымыздыктуу бетке келе бириндеп, жалгыз аяк жолго кожоюн болгон кара чаар күлүктү жандап кымыздыктын бою менен тең секиришет.

Аттардын жалына бекем тырмышкан чабандес балдар улам артка жылып,  кайра жалдан бекем кармай аттын зээрине коно калып, күлүктөр өрүдө бөрүчө желип барат.

Акчекени жандай келген Сурча аны басып өтүүгө жанын үрөп жолдун четине чыгып,  чөп аралап тике чуркады. Ал Карачаардын артынан түштү. Экөө эгиз козудай ээрчишип, Сурчанын үсүндөгү бала өз саяпкеринин айткан кеби кулагында жаңырып Сурчаны кыйнабай бөрү жортушка салды, Качан түзгө чыкканда атты камчыга ал,  ага чейин өз жайына кой убара болуп жол талашпа деген кеңеши чабандес баланын оюнан чыкпады.

Сурчаны тек гана өз жайына койду. Карачаарды ээрчитип бөрүчө жортуш менен баратты.

– Ой, аттар кеч бешимде  келет. Бүгүнкү тамашанын дагы бирөөсүн баштай бербейсиңби? – деп барк этти Бекташ.

Бекташ абам туура айтат. Ага чейин «Эр сайышты» баштай бергиле деген Кудайберген кара жорго менен обочодогу Райымбектен калган чоң сегиз канат боз үйгө бет алды.

«Эр Сайыш» башталат деп жарчы жар чакырып туш тарапка бет алып өзүнүн кызыкчылыгы менен жүргөн элди чогултуп жарчыларга кошулуп Райымбектин билерман уул, туугандары кошо жүрүшөт.

Эр өлбөсө экен, бөөдө кырсыктан эл бүлүнүп, жаатташып чабыша кетип, оопат болбосок  экен, – деген карылары да көп болду. Бирок ага болчубу, тээ алмуздактан бери эл менен эл, эр менен эр сайышып беттешип келген. Анан ошо тоо арасындагы карылардын кебин тыңшаар Кудайберген ушубу? Жок, аны аттын тезегинче көрбөдү. Кайра атам Райымбектин ашында «Эр сайышта» ушундай болгон деген сөзү калат, – деп атасынын үйүндө олтурду.

Чар тарабы кең түздө эл экиге бөлүнүп эл арасы уу-дуу, күрү-күү!

Кара ат минген Аксакал ат ойнотуп ортодо тобурчагын  ойдолотуп, ичинде жоо кайдалайт. Эки четте эки эр сайышка түшчү жигиттерди кийинтип, сайыштын ыгын билген карылар аралашып тердик кабаттап, найза далысына өтпөсүн, көкүрөгүнө кадалып мүрт кетпесин деп камынышат.

Сайышка чыкчу баатыр өрөпкүп эч нерсе оюна келбегендей ар кимдин айткан тили менен элди мелтейе тиктеп жалдырайт. Моюндун айланасы ачык калбасын деп кабаттай калпак коюп бекем бекитилет.

Кээде мындайда эки тараптан билинбей жыла басып кирген тыңчылар кайсы жери ачык калганын берки найзачанга айтып коёт. Өлөр жерин туштап сайган баатырдын кулагынан тыңчынын айткан кеби кетпейт. Көзү тикирейип ошол жерде болот.

Кетментөбө тарабынан бир аз кечигип Эрназар сайышка камынды. Аны бат эле кийинтишип: Тигиндей сай, мындай сай, Аксакал оңой жоо эмес», – деген билермандар Кара аргымакты алдыга тарта Эрназарды колтуктап, сүйөй тобурчакка  мингизип, дуу эте бата берип жиберишти.

Аксакал оңой жоо эмес экенин билген агасы ордунан атып турду.

– Эй, атказыгым, бу...! Кебин оозунан алдырып ийгендей көпкө унчукпай, «Сен түшө турган учур келе элек, эр сайыштын ыгын жакшы өздөштүрө элексиң, түш аттан!»

– Эй, ал эмне дегениң, аны да эне тууган, сени эле эр тууп муну башкача  тууппу?!

– Калназар сөзгө кыпчыла калды.

– Аке, түшүп көрөйүн. – Агасы унчуга албады, тек гана жүрөгү сыздап ичинен кан өткөндөй тескери бурулду.

– Эл дагы да  бата берип жиберди. Эрдемсип кеткен Эрназар кара аргымакка камчы шыбап элди айланта чаап барып Аксакал менен кол алышып учурашты.

– Дүйнө дегениң кызык го. Моюндун этек жагын акыректи туштап сай, чуркулдайынын бир аз жери ачык калды деген сөз Аксакалга жетип, анын канталап чыккан көздөрү Эрназардын кекиртек тарабына  калпак кабаттала коюлуп дагдайып моюнтуракка мойну эп келбей жаткан өгүздүн мойнундай буржуюп көрүндү.

Эки тараптан эки киши ондон жыйырма найза топтоп, эки четте көздөрү чекирейет. Тер жайлактын белинде казганактаган эл улам ичкери кирип оюндун кызуусуна жутунат.

Арасында:

– Э оюнуң менен да жерге кир, ушу эр сайышын тим эле койсо Кудайберген, – дегени да болду.

Аштын ээси ага болчубу. Ага аштын даңазасы керек. Айтыла жүргөнгө кеби керек. Атаат дүйнө. Эки азамат ат ойнотуп эки тарапка чаап кетишти. Кара аргымак үстүндө дагдайган Эрназар бөктөрүнчөгү менен эки кишидей көрүнүп, атка камчы басып найза берчү кишиге барып найзаны кармады.

– Тандабай ал баатыр, баары бирдей түпөктүү куу карагай сапка ашталган. Ошол эле Аксакал башка найза алат дейсиңби. А деле сенин алган найзаңдын өзүндөй эле    найза алат. Жалтанба, көзүңдү ирмебей тик качыр.

Найза берип жаткан киши Эрназарга кеңеш берип топ найзаны кармап турду. Эрназар Кара аргымактын үстүндө зылдай бекем. Ат да сөөлөтү мурункудай болбой асканын көлөкөсүндөй заңкаят.

– Мейли, эми болбостур, болор иш болду. Далайдын канын ичкен Аксакал Эрназардан калмакпы. Бей оппо дүйнө. Дагы канын забын кылат. Дагы эр өлөт.

Өңү кумсара түшкөн Байзак баатыр окчунураак бастырып келип жапсарга үйүлгөн таштай дөмпөйүп, дөбөдөй болуп олтуруп алды. Кайра ою уйгу-туйгу болуп:

 –  Алсын байгесин, Байзак алдырып жибериптир деген кеби калбасын деп Аксакалды кайра жакшы көрүп кетти.

– Ордунан туруп, атына кайра минди.

Кара аргымакка желимдеп койгондой бек олтурган Аксакал, көзү Эрназардын мүрүсүнөн кетпейт. Атына камчы шыбап колундагы найзаны булгалап качырып келет.

Эки тарапта күүлдөп турган эл Аксакал менен Эрназар найзаларын сундуруп келатканда кээ бирөө көздөрүн жуумп, кайсы бири тикирейе карап көзүнөн шоросу куюлат.

– Карс-курс, – Эки аргымак бири-бирине өчү бардай азанап өтүп кетишти. Баатырлар кайчылаш өтүшүп аттардын тизгинин тарта кайра качырышты. Шумдугуң кур э, оюн болбой жерге кир э! Эрназардын күү менен келатканына көзү уруна түшкөн Калназар «көзүм көрбөсүн» дегенсип сыртка бастырып кетти. Ураан чакырып элдин демине дем кошуп, Эрназар менен Аксакал экинчи жолу беттешип найзалардан жарака кетип, бат эле кайрадан найза алмаштырып бирин-бири өчөшкөн жарадар камандай качырышты. Куюшкан алды көбүктөнүп терге чыланган аргымактар, бирин-бири качырып келет да көз ирмемге күч менен токтоло калып, камчынын уусуна чыдабай жаны ачып арыш таштайт. Он беш жолу качырышып эки баатыр өчөгүшүп калышты.

Эрназардын оңой жоо эмес экенин байкаган Аксакал чекесине чыбырчыктап тер пайда болуп, алар бири-бирине кошулган көлчүк суу болуп аккандай, жон ылдый сарыгат.

Жакындап келген Эрназар бу сапар Аксакалды таамай качырып келет. Башынан эр сайышка кандым болгон кайран Кара ат тез бурулуп ээсин куткарып кетти. Аксакал чындап жаалы кайнап кайра камчы шыбап,  кызытып, тез бурулуп  кайра качырды.

Эрназар жакындай бергенде найзанын арткы түбүн ээр кашында жез чыгаракка салып, найзанын түпөгүн өйдө-ылдый булгалап келатты. Анын  көздөрү карышкыр көргөн алгыр бүркүттөй тикирейе ирмебей көздөрүнөн жаш сарыга жылышып кеткен калпакты карап, көздөрү бозоруп найзанын учун Эрназардын кекиртегин туштап келет.

Жаалданган Эрназар да эми жаңы кызыгандай кыл чайнап, кара аргымактын жамажайынан көбүк чачып кара атты атып тиктеп катуу күү менен келатты.

– Эмне болор экен, эмне болор экен, кудай сактай көр, эр өлүп кетпегей эле. Күйпөлөктөп көптү көргөн карылар жүрөк заада тынчы кете гүүлдөшөт.

– Карс-курс кара аргымак кишенеп жиберди. Таамай тийген найзанын учу Аксакалдын көкүрөгүнө кадала,  кара ат ала салып кетти. Башынан кандим Аксакал Эрназарды аттын күчү менен кекиртекке уруп, найзанын учу Эрназардын желкесинен короюп чыга түштү. Кара аргымак чөгөлөй түшүп, үстүндөгү Эрназар тоголонуп жерде суналып кара аргымак, ат кишенеп ээсин жоктогондой, элди аралап, тостурбай жүрдү.

Күтүлбөгөн чатак. Эки тарап беттешип, эр сайыштын жөрөлгөсүн айтып бежирешет.

– Ооз омуртканы ажыратып өткөн найзаны даап киши сууруй албады. Кайран баатыр, саамга болсо да эс акылына келе калып, кекиртегине тирелип турган найзаны кош колдой кармап, тизе бүктү да ыкшап-ыкшап тикесинен сууруп алды. Көбүк аралашкан кара кочкул кан найза сайылган тешиктен жайылып чыгып, Эрназар көзү караңгылап, башка дүйнөгө көчүп, көздөрү бозоруп суналып жатып калды. Эки тарапка элчиликке келген эл Эрназардын сөөгүнүн жанында. Денесин жууп жаткан канын сүртүп, найза сайылган тешикти таап нестейишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   jetinur90   05 Февраль 2016 - 23:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Жакшы ангеме болуптур. Албетте чыгарма анча-мынча апыртмалары менен даамдуу да(олуянын кепинди чечип меккеге жоношу,ошол кездеги кеминде 300-400кг огузду желкеге сулгудой артып,унутуп коюу. Бул сын эми китептин авторуна тиешелуу). Автордун эн чон катасы чон атасын небересине замандаш кылганы болуптур.(АТАКЕ ЖАНТАЙ анан ШАБДАН) Анан да биздеги ушул "эл корсун,мен" деген адат кыяматка чейин калбайт окшойт. Коз майын коротуп жазган калемгерге алкыш. Уландысы барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   bema_bema   06 Февраль 2016 - 00:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Бар уландысы эки том китеп экен,экинчи китеби "Мезгил сапары "деп аталат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   bema_bema   06 Февраль 2016 - 00:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Кетментөбө багытынан келгендер  ызырына Байзакка:

– Э баатыр, бу Аксакалдын эмне кылганы. Салтта жок ишти кылыптыр го? -  дешкендери да болду. Жантыгынан жаткан Байзак копшоло берди.

– Эмне болуптур, элчилер эмне дейт? – Башка сөз катпады.

Эки тараптын эр азаматтары аттарын камчылана бирин-бири коркутуша камчы көтөрүшөт.

– Эл экиге бөлүндү, чабышып эр өлүп кетмей болду деген сөз  чоң үйдөгү Кудайбергенге жетти. Суусар бөрктү желкеге жылдыра өңү бозоргон аш ээси да жете келип:

– Ай, ай туугарндар! Түбү келип бир урукпус. Бу не кылганыңар. Туугандарым деп силерге таянсам, Кетментөбөлүк Түнкатар саяктар. Атамын ашын силерге таянып өткөрүп жатам... Башка эл эмне дейт. Уккан эмне дейт. Кунун өзүм төлөйм. Баш кесмек бар тил кесмек жок. Сөз бир. Көкдөбөгө жер чалып барганда эле айтпадым беле, – Байзак баатыр?!

Кудайберген чабышкан жигиттерди басыш үчүн туш тарапка чапкылап, билермандарына колун жаңсап бирдемелерди айтып жүрдү.

Жаңы аттанып жаткан Байзак баатырга жете келген Бекташ:

– Кош, баатыр, аттан түшүңүз, тиги жакта эр өлүп, бүлүнүп жатат. Кеңешип кескен бармак оорубайт. Түшүңүз аттан?!

Жообасардын Бекташы, Байзакка тикирейе карады.

Сөздү Бекташ баштады:

– Байзак баатыр, жашыңыз улуу, жолуңуз да улуу. Сизди түз чечет деп айтып жатам. Бу Аксакал, Эрназарды башка сайды. Эр сайышта башка саюу деген жок эле го? Бул элде жок жосун. Бекташтын өңү кумсара Байзакка суроолуу  карады. Корумдунун этегинде казганактаган эл  жооп күтүп,  Байзак баатырга мелтейишет.

– Ой, өгүзчө өкүрбөй коё тур. Баш деп мына береги моюндан жогору жагын айтат. Мына береги баш.

Байзак ачуусу келе өзүнүн башын өзү сөөмөйү менен сая көрсөтүп, Бекташка опурулду. – Найза кекиртектин чуркулдайына тийиптир. Эч ким кун төлөбөйт. Атаңа наалат.

Байзак этек жеңин күбүнө өйдө обдулуп, тура берди.

– Бекташ көчкү болуп илеп үйлөп жаалданды.

– Көкала зоонун картаң текесиндей болгон атаңын оозун урайын, эл билип, чечип берет десе, сенин кылганың ушу болсо!... – Баш деп башты айтат. Кекиртектен жогору башка таандык эмей эмне?! Акыректи туштап сайса бир жөн! Алкымды да киши саябы?! Мунун кетип баратканын кебелбей, зоңкойгон ит!

Сөгөнөк Бекташ ачуусу келе Байзактын чепкенинин  өңүрүнөн бекем кармап төмөн силкти. Байзак баатыр чөгөлөй, дүп этип жерге олтуруп калды. Эки бетине кан тээп чыккан Байзак баатыр унчукпады. Тек гана элди тынчтандыргыла? Жанагы жараштырчу жамакчылар кайда?

– Кудайбергенге айткыла тамашасын баштай берсин, - деп  лөкүйүп олтуруп алды. Ичинен Аксакалды зекип, – кайдан жетип келди эле, келбе дедим эле канкорду. Эр сайышка башкабыз деле чыгат элек. Эр өлбөйт беле? Бу жашың өткөн сайын жаның таттуу болуп, башканын жаны да таразага түшө баштайт окшойт. Байзак баатыр мелтейе жерди тиктеп ташка конгон бүркүттөй зоңкоюп көпкө олтурду.

Көпчүлүк ары сүрүлүп, бери сүрүлүп мөөрөй өлүп жатса  да Эрназардыкы болду, – деп кийинкисин  күтүшөт. Найманбай, Токтогул, Эшманбет баш болгон ырчылар жар салып кээ-де бири менен бири айтышып элдин көңүл-черин жазып жатышты.

Кечээ  тиги Райымбектин байбичесине карата ырдаган  Найманбайдын сөзү  эсине түшө, ал ырын Токтогул ичинен кайталап алды:

Сенин жайыңы мен билем,

Балыктын уулу Найманбай.  

Кээ бир, кээ бир сөздөрүң,

Чыны сөөмөй менен сайгандай.

Каргылуу кара тайгандай,

Айбан болсоң Наймаке,

Коктуга барып чөп жегин,

Тайган болсоң Наймаке,

Кашатка барып бок жегин.

Ошондо олтурган эл дуу күлүп жиберген эле. Бирок, бу кепти эрең-төрөн албаган Наймакең дагы эле жар чакырып, кээде эл алдында ырдап жүрөт. Ошондо сөзүңөр менен, эл менен эл жоолашып, же элдешерине көзүм кадик жетти деп кумсарган.

Сөөктү өзүнчө үйгө кайтартып аттардын келишин күтүшүп жатышты.

– Эсепкор элчи 176 ат айдоого кеткенин санап калган. Ошончо аттан кайсынысы чыгары ал күлүктүн багынан.

Жылаандай ийрилип кыялап кеткен жалгыз аяк жолдо жол талашып күлүктөр кара терге чөмүлүп келет. Ичи дакдайып чыңалып жээрде ат басып баратып бүк түштү. Үстүндөгү бала ат үстүнөн түшө калды. Жээрденин кош таноосунан түтүктөп кан агып ошол эле жерде жан берип, башын жөлөгөн бала ыйлап орто жолдо турду. Аны көрүп бирин-бири саксактап ат тизгинин тарта жай бастырышат.

– Ушундай да ат чабыш болчу беле? Зоо аралатып тике ат чапканды биринчи көрүшүм. Мындан башка ат чапчу жериңер жокпу? – Акчекенин үстүндөгү чабандес бала өзүнөн өтүп бараткан Сурчанын үстүндөгү балага кайрылды.

Аттын аты ушундайда сыналат. Түз жерде эшек деле чуркай берет.

– Эмне эле кергиштейсиң?

– Кергиштенгеним жок, чынын айтып жатам . Экөө унчугушпай калышты. Сурча жыланча сойлоп алдыга түштү.

Артынан жете келген Акчеке эми эти кызыгандай катуу чуркап үстүндөгү бала эбелектей ат жалында өбөктөйт.  

Көчүгү жооруган бала Акчекенин жонунда бир капталынан бир капталына оой калып, аттын жалын бекем кармап келатып түзгө чыга бере сүйүнүп кетти.

Тээ алдыга  кеткен Сурчанын карааны да көрүнбөйт. Алдын тосуп жыла бастырып. Сурчаны  тоскону кеткен жалгыз атчан чыргайдан чыгып, алдыдагы коктуга жашынып тике чаап келаткан күлүктү торой туурасынан чыкты.

– Байке коё бер?! Бала бакырып жиберди. Көз ирмемчелик аралыкта күү менен бараткан Сурча жалгыз аяк жолдо туурасынан тоскон атчанга урунуп ала салып кетти. Үстүндөгү бала тебетейдей учуп кашатка кулады.

Тигил атчан кокту менен ылдый чаап чыргайга жашынып, Сурчаны карайт.

Сурча күү менен жыгылгандыктан дабдырай түшүп, анан эсине келгендей кишенеп алды. Өйдө обдулуп ошо бойдон туруп кетти да, катуу силкинип алып, артынан куугун түшкөндөй жан алы калбай, чылбыры чубалып, түйүлгөн кош тизгин моюнга жетип, жан талаша чуркап баратты.

Тиги баласы жок бош бараткан Сурчаны көрүп, жүрөгү болк этип эки жагын аяр карады. Акчекенин үстүндөгү балага, жол боюнда жаткан чабендес:  – Айта бар, менин алдыман тороп...

Андан аркысын айта албай өңгүрөп ыйлап жиберди.

Көп тозотторго каник болгон чабандес эки жагына аяр көз салып аттын тизгинин жыя тартып барат.

Акчекенин алдынан тозот чыкпады. Алдыга кеткен ээси  жок Сурча Тержайлак белин эңкейип элди аралап эр сайыш болгон жерден өтө берди.

Үстүндөгү баладан чоочулаган Турдуке бай Сурчаны алдынан тостуруп жыктырганын билип, кимиң тоссоң да, тукумсуз өт, какшап өт, ылайым кудайдын каргышына койдум, - деп эки көздөн аккан  жашы сакалына сарыгып, жер сабап ыйлап жиберди.

– Эй, ээси жок, атка байге болбойт.

– Байзак заңк этти.

– Аның кандай, Байзак баатыр?

Бекташ бек үн чыгарды.

– Балким баласы жолдо ат чабалбай жыгылып калгандыр, же жолдон кошулгандыр?

Байзак баатырды Кудайберген коштоп: – Ат чапкан баласы жыгылып  калса күнөө биздеби? Өзүңөр чечкиле. Бирок менимче байге бүтүндүкү го. Акчеке чабендеси менен келип турбайбы? Эл Кудайбергенди жаалап кетти. Ал бир жигитин жиберип чымчык көз чаар кара кымкап кытай чепкенин Солтонбайга жапты да, төө баштаган байгесин кошо берди.

Турдукени эч ким карабады. Тек гана сакалы ылдый жаш сарыгып, эсине чабарман бала келдиби, ошо жакка бастырып баратты.

Обочо тигилген боз үйдө Эрназар баатырдын сөөгүн саздан алдырган чымга ороп, кун төлөө бүтүмү бүткөнчө калыс адамдарга кайтартып койду. Аларга арнап кысыр эмди тай сойдуруп сөөктү катуу көзөмөлгө кайтартууга алдырды.

– А кайран, Эрназар, каманга чалдырып алдың э?

– Ой, Аксакал, канчанын канына найзасын сугарбады. Ушул эле дейсиңби деген эл топурап Эрназардын сөөгүн казганактап карап турушту. Жанаша бастырып келаткан Токтогул менен Эшманбет Эрназарды ырга салышты.

Атынын тизгинин бош коюп бастырып келаткан Эшманбет:

Кара чаар жолборсту,

Кабылан чалып өлтүрдү.

Эшманбетти суроолуу караган Токтогул:

Кызыл-чаар жолборсту

Кыл-кыйма чалып өлтүрдү.

Кыраан элең Эрназар,

Сени Аксакал сайып өлтүрдү.

Кудайберген: – Ой ырчыларым эл жаатташып жүрбөсүн. Ушу ырыңарды токтоткулачы. – Силерден суранаарым.

Жанаша бастырып келаткан Эшманбет менен Токтогул Кудайбергенге «мейли» деген тейде, алдыга бастырып кетип баратышты.

 

ЖӨӨКҮЛҮК

 

Чоң Оолудан чабаганчы келди.

Момутай Карабекти үйгө кийрип, атын шар суунун жээгиндеги көк терекке аса байлап үйгө баш бакты. Жай кепке алып: Эмне дейт Дыйканым? Жөн киши жиберчү эмес эле.

Момутай тамагын кыра жөтөлүп, чокчо сакалын оозуна имере салаалап тарап ойго туна түштү.

Силердин элде жөөкүлүк бар дейт. Мекедилдеге барып келген имиш. Жай сурашсам деп жатат.

– А баатырым, бар, баремей тиги Толукта Шадыкандын айылында.

Карабек дайынын билгенге ичинен жымыйды.

– Мен аттанам. Карабек сес көрсөтө Момутайга тикирейе карап ордунан атып турду.

– А жан жигит, жаныңда мен болоюн. Жанаша бастырбасак тоо эли эмне дейт.

Бу жалгыздатып салганы эмнеси дебейби, күтүнүп албаганы эмнеси дебейби.

Карабек эч нерсе менен иши жоктой эшикке чапчаң бет алды.

Издеп барган адамын Шадыкандыкынан тапты Момутай.

– Шадыке, бу Сакиажыны чакырттырып, Дыйканбай киши жибериптир, аны бу чабарманы эскертти.

Момутай бир сыйра тегерете көз жүгүртүп, Сакиажыны сынай карады.

– Моке, бүгүн Жампага барып келмек элем. Эртең барсак болбойбу? – деди Саки. Шадыкан үн катты:

– Атайын тигинтип, киши жиберип отурса, бир керекке жарап берет деп чакыргандыр. Кой, бу абамдын көңүлүн калтыр-

бай Чоңоолуга жөнө Рыскулбектин балдарын бу Мокем  эмес баарыбыз билебиз. Арзып келсе барбай койчубу. Антип көктүккө салба.

– Келбесе аныгын  айтсын баатыр. Карабек колундагы кымызын шап жутуп  ийип, Сакиажыны карады.

– Шадыкан кырма кеседеги, кымыздай мелтиреп Момутайга жүзүн бурду.

Ортодогу жымжырттыкты Сакиажы өзү бузду.

–Мейли, силер аттана бергиле, артыңардан өзүм барып калам.

Карабек камчысын, бүктөп сес көрсөтө ордунда опурулду.

– Атайын келип сени алдыма салбай кетпейм. Барсаң биз менен барасың, барбасаң ачыгын айт. Колуңа толгоо салып чуркатып алам.

Жаагы кере карыш, мурду сүмбөдөй узун, буудай жүздөнүп майланышкан Карабек сестүү кекетип олтурду.

Шадыкан акырын соккон желдей сөздү жумшактап:

– Баатырдын жигити да баатыр. Баатыр опурулса сыдырым соккон жел да бороондобойбу. Барат, агасынын тилин албаган ини болчубу. Атайын арзып, бектин буйругун аткарып, сен келип олтурсаң, улук башын  кичик кылып Мокем келип олтурса барбай койчубу? Ажым, антип чогоолдук кылба. Береги Карабек иним, сенин  артыңан барып калаарына ишенбей жатат шекилдүү.  А Мокем экөөбүздүн жөнүбүз башка.

Кербабанын чөлүн жөө чуркап өткөн кишиге күнүмдүк эле жол экен-дедиң эле. Ушу чоңоолу эмне. Бул эле жерде турбайбы?

Карабек   кабагы жазылып жибий түштү. Чабаганчынын жумшарып турганынан пайдаланып  Момутай:

– Иним, биз бастыра берелик. Жөө күлүк өзүн сынагысы бардыр. Тоскоолдон ат чалдырып турсак жетип барар. Ушу кезге чейин уятка калтырбаган, эми сөзгө калтырат беле.

Биз аттаналык, Шадыке? – Момутай Шадыканды суроолуу тиктеди.

–  Сиз аттанбайсызбы?

Момутай Шадыканды карады. Шадыкан:

– Тоо элинен сиздин барып келгениңиз жөндүү. Момутайдын чечендигин жакшы билген Шадыкан «өзү кутулат», деп өзү айылында кала берди.

Ат үстүндө чаалыккан Карабек жымжырттыкты буза:

– Аксакал, жөө күлүктүн пешенеси... боз уландай көрүнөт, мунун  Мекедилдеге барганына ким ишенет?

– Э укем, ал узун сабак. Мен кыскартып айтайын, сен да кепкор окшойсуң. Кепкор киши сөздүн түйүнүн айтсаң, калганын өзү чечип алат. А укем, сен Дыйканбайга таянып бизге опурулдуң. Аныңды деле билип турам, балам. Антпесең деле биз бармакпыз. Алдуу менен алсызды ажырата жүр. Тоо эли сенин чоңдугуңа карабайт. Болгонун болгондой айтып жактырбаса бастырып кете берет. Бирөө болбосо бирөөсү ызаалап коёт. ...Жок дейсиңби кара баштуу элде.

Карабек Момутайдын  бу кебине моюн сунгандай, ат тизгинин бош таштап жүрүшү жай.

И, эми Сакиажы жөнүндө, дээринде бар, туубаса күлүк. Теңирим аны ошондой жараткан. Бала кезинде апасы далысына калпак коюп, колтугунан арчындап салаар эле.

– Сөзүңүзгө түшүнбөдүм, калпактын бул жерде кандай тиешеси бар?

– Кызыгы ошол жерде болуп жатпайбы. Жай баспай ылдам чуркаганда жаш баланын согончогу далысына жете, өзүн-өзү камчыланып чуркоочу. Далысы жооруп кызарып, териси сыйрылып турса эне байкуш кантип түтсүн? Калпакты атайын кош кабаттап көйнөгүнүн сыртынан  далысына туштап, эки колтугунан  имере жип менен  байлап берчү. Сакиден кутулган жылкы  баласы болгон эмес. Жүгүрүп баратып улоо

байталга укурук салып кетчү. Таман тузак салып кармоо анын оюна да келчү эмес. – Ийи, угуп тур. Ошо Саки кийин Мекедилдеге барып жээлигип, токтоно албай жүргөн жөө күлүктү кимдир бирөө шыкактап койгонбу. Туугандарына:

– Мен Мекедилдеге кеттим деп жыл айланып келген. Ал жана Шадыкан айтпадыбы, Кербаланын чөлүн чуркап өтсө

күнүмдүк эле жол экен деп. Чоң Оолу эмне ага караганда бул эле жерде деди го. Жөөкүлүк бизге жетсе Тоскоолдон жетет.

– Теңирим өзү кечирсин, Шадыкан экөөбүздүн Кербаланын чөлү менен ишибиз не. Аны да ажым кабыл болду деп Саки өзү айтып, элге теспе таркатып берген экен.

Ошондон Сакиажы аталып келатат, балам. Ал жашынан ажы аталды.

– Атым ким дедиң эле?

– Карабек.

– И Сакиажы жөнү ошондой. Карабек балам, балким Сакиажы бизди айланып өтүп да кеткен чыгаар.

Момутай Карабекти чоочутуп сүйлөдү.

Алар аттардын белин бошотуп отко коюп жатканда Саки жете келди. Момутайды карап күлүп коёт. Таң калган Карабек аңкая карап, Жөөкүлүктү көпкө көз айрыбай тиктеди.

– Барып калам десем болбойсуңар, эми кимиңер атыңарды бересиңер?

Сакиажи батыл сүйлөдү.

– Э кара кашка экөөбүздү көтөрбөй өлүпбү, чаалыгып каласың, кел учкаш, деген Момутай Сакиажыны учкаштырып алды. Алар эл орунга олтура Чоң Оолуга жете келишип, Карабектин үйүнө конок болушту.

Жөө күлүк келиптир, тайган менен талашып коён тебет имиш. Азоо жылкыга жандай чуркап укурук салып токтотот дейт деген кабар Акчий, Карасуудагыларга чагылгандай тез тарады.

Байтик айттырган кабар Дыйканбайдын бүйүрүн кызытты.

– Атакөрү Шабдан келсе көп иш болот экен. Жөөкүлүк меники Айттырган аманатың мына, алдыңда турат дейм. Чыгып келсе байгеси, даңкы биздики, артта калса тозотторго табыштап «ким көрдү» кылам деген Дыйканбай Сакиажыны төргө олтургузуп, суусунуна кымыз, жээрине балыр козунун этин жегизди. Азырынча ачылып сырдашпады.

Күн аркан бою көтөрүлүп Чоңоолу күрү-күү. Тайгандан талашып жөө күлүк коён тебет дейт.

Ой, шумдугуң кургур, баса тизесинде ийик башы жок экен. Ал чуркаганда далысындагы тердикке буту тийип, төшүндөгү кош кабат тартылган басмайыл зорго чыдайт дейт. Баса жоргонун буттарындай буттары шакылдап төшүнө согулуп турат имиш. Айтор эмнеси болсо да, эл арасы имиштерге  жык толуп, туш тараптан келгендердин карааны көбөйүүдө. Дыйканбай бу күнү тузакка коён алдырып, Сакиажыны сынамак болду. Көргөн жапан жаныбарларды куткарбаган кара тайган эки кулагын шалпайтып, ичин кынжыйтып эки жагын телмире тиктеди.

Колго түшкөн ак коён бирөөлөрдөн корунгандай бүжүрөп, аңчы абышканын колунда бүрүшөт.

Эл сүрдүгүп Сакиажыны карай берди. Кара тайган эл менен иши жоктой эки бутун алдыга сунуп бей капар. Коён көтөргөн абышка Кара тайгандын жанына келди. Кара тайгандын тумшугу сууланып жыт искегендей акырын ордунан туруп, абышканын колундагы коёнду үтүрөйүп карап койду.

– А,  күлүгүм, тайгандын жанына тур?!

Дыйкан Сакиге буйрук бере: – Тепсең мөөрөй сеники. Кара тайган алып кетсе..?

Дыйкан Сакиажыны  сестүү карады.

Эл дуулдап Сакажыдан көзү өтөт.

– Ой, тигиниң  киши эмес эле көз боочу го?

– Койсоңчу, качан эле тайгандан мурун адам алып кетчү эле.

– Жок, анын көз карашын көрдүңбү? Киши да болсо коёндон көзү өтүп турат.

– Жөөкүлүк, тайгандын жанына тур.

Дыйкандын үнү бийик, аба жарып чыкты. Эл нестейди, жел жортпой маңдайдан тийген күндүн ысык илеби урат.

– Кана, коёнду кое бергиле?

Ийинин карай качкан жапан ак коён андан мындан  бир тийип, көзгө илешпей барат. Артынан Жөөкүлүк менен Кара тайган кетти жел куюн болуп.

Тобо, ийинине жакын калган жапан ак коёнду ыргыта тээп, жерге түшүрбөй желкесинен апчый кармап калды Жөөкүлүк.

Эми эле жете келген Кара тайган олжосунан куру калып намыстангандай тикирейе Жөөкүлүктү ачуулуу тиктейт.

Мурдунан дир-дир аккан канына тумшугун  тосо өйдө обдулат.

Тайган өмүрүндө олжосун биринчи алдыргангабы, коён агыткан абышкага нааразы болгондой комдонуп жата кетти.

Колундагы коёнду өйдө кармап:

– Болдубу же дагы өнөр көрсөт, – деп кыстайсыңбы деген тейдеги көз карашта, Жөөкүлүк Дыйканбайдын алдына «мына энчиңиз» дегендей аны акырын таштады.

Кыжылдаган  көпчүлүк аары болуп ызылдады.

– Ой тоуба, адамдан да чыгат экен, э?

– Эй, мунуң адам эмес эле азгырык го ыя?

– Койсоңчу көрүп турбайлыбы. Кара тайгандан мурун жетип асманга ыргыта тээп өтүп, кайрылып тосуп алды го.

Айтор көпчүлүк Жөөкүлүктү көргөндө таң калып жатышты.

 

***

А Жөөкүлүгүм, Кетментөбөнүн дагы бир жолу арбагын көтөрүп берет экенсиң.

– Суутуң кандай күлүгүм?

– Ал жагын өзүмө коюңуз баатыр.

Ат чабыш кайсы жерде блот?

 Угушумда ушул жерден «Байбиченин сазына» чейин, жаки жыйын Суусамырда өтсө, коно байгеге чабылган күлүктөр ушул жерден коё берилмеги бар. Ал жагы тигилердин сунушу менен.

Дыйканбай мелтейе жер тиктеп, ойго туна түштү.

Дыйканбай оюнан бошоно Карабекке карап:

– Эмнеси болсо да,  Жөөкүлүктү өзүң жандап жүрөсүң. Бирөө суук көзүн артпасын.

Ал  жылмышып түшүп бараткан сурп чепкенин өйдө силке, стампул топусун чекесине карай жылдырып, чыбырчыктап чыккан терин колу менен жанып күндү серепчилейт.

...Дыйканбай эки жагын жыйынтыктап, Чычканды өрдөп жүрүш жасарын эскертти.

Ээн баштыктар болбос үчүн ар жактан келген бийлер өздөрү менен өздөрү алек. Уруу уруу боюнча боз үйлөргө бөлүштүрүлүп көч башчылары тескеп, ар бир аймакка бирден билерманын шайлап: «Жыйын бүткөнчө ушул үйдө болосуң, ушул элдин бийисиң, чыр чыкса биринчи сенин башың кетет, -  деп тескеп чыгышты. Ар жактан келген эл өзү менен өзү алек. Эр эңиш, кыз куумай, улак тартыш деги оюндун көп түрлөрү өтүлөрү белгилүү го элге.

Мезгил жетип ырчылар ат чабыш жөнүндө жар чакырып, эл арасында үндөрү коңгуроодой. ..

Арыта боз өргөөдө өргүп жаткан нар төөдөй денесин төө чепкени  менен жашырып, ого бетер сүрдүү көрүнгөн Байтик Сакиажыны жанына чакыртып алды.

– Э, Кетментөбөлүк Жөөкүлүк сенсиңби?

Байтик чогоол үн катты.

– Ооба баатыр, Сакиажы кыска жооп берип Байтиктин жанында отурду. Бу Түнкатар Жөөкүлүк  чыкты деп укканым бар. Дыйканбай тайган менен талашытырып коён тептиргем, тайгандан мурда коёнго жетип, учура тээп, жерге түшүрбөй желкесинен кармап калган дейт, бу чынбы?

– Чын, баатыр.

– Ым, де, анда ажыга барганыңды күлүктөр менен кошо чабылганыңда билебиз.

– Мекедилдеге жөө бардыңбы? Байтик көз кыйыта сырдуу карап коңур унчукту.

– Ооба, баатыр, жараткан өз мингичин өзүнө кошо жуурулуштуруп жаратса, барганым чын.

Байтик, Сакиажыны сөз ырбап ортодо сыр ачылган сайын батыл сүйлөп баратканына ыраазы болгондой:

 – Бар, бара бер, ажым, сен мурун ажы болсоң азыр жөө күлүксүң. Ырчылар атыңды атабайт. Жөөкүлүк десе сен чыгасың. Сенден башка  аттарга кошула турган Жөөкүлүк жок. Сакажы акырын жылып, Дыйканбайлар турган өз тобуна карай баратты.

– Мына, баатыр Жөөкүлүк  келди. Ортодо аны кимдир бирөө кабарлап жиберди.

– Кел, карааның көрүнбөйт, кайда болдуң?

– Байтик чакырыптыр? ! Дыйканбайдын көзү чекчейе түштү.

– И, ал эмне дейт, ал?!

– Атыңдан ырчы жар чакырбайт, Жөөкүлүк десе ошо сенсиң. Сенден башка бул чөлкөмдө Жөөкүлүк жок деди.

– Ошол элеби?

– Оба.

–Эй жашырып койбо, чыныңы айт?

– Жашыргыдай эмне,  мен болгонун айтып жатам.

– Анда Жөөкүлүк, шарт ушул, жолдо ар кайсы жерде  тосоттор турат. Алар сени көрүп Байтикке, мага айтып келишет. Сен коно байгеге чабыласың. Өзүңө-өзүң чабандессиң.

Дыйканбай сөз бүттү дегендей ары басып кетти.

 

 

 

 

***

Чубатууга салган күлүктөрдү алты атчан айдап келатты. Аттардын арасында текирең таскак менен Жөөкүлүк келет. Ар кайсы жерден тосоттор жолугуп, жылкылар  менен кетип бараткан  Жөөкүлүккө таң калычтуу аңкая карашат.

Келген аттар чоң коргонго  камалып сыртынан  кайтарууга алынды. Аттардан түшкөн чабандес балдар жол азыгы деп камдап алышкан азыктарын алышып тамактанып жатышат.

Чабдардын чылбырын бел куруна бекем байлап он үч, он төрт жаштагы чабандес бала беркилерге угуза:

– Ойтобо, коргонго камап сүлкүлдөтпөй, сыртка коё берсе болбойбу?  Аттарды да бир аз таңашырып, бирдеме кайсалатып алат элек, - деди.

– Ошону айтсаң?!

 Ала туяк карагердин тизгинин жаагына түрүп жаткан бала унчукту да сөзүн улап, ушунча аттар баткан ойда коргон экен да деди.

– Эй сен боз үйдөн башка жылуу үйдү, дубал тамды көргөн эмес экенсиң го?

– Ооба, көргөм.

Анан көрсөң эмне эртеңкинин камын,күлүгүңдүн күүсүн ойлобой чоң коргон деп таң каласың?

–Атаңын башы, сен эле тыңсыңбы? – бел куруна чылбыр байлап, ушул  жерден кантип ат уурдалсын?!

– Эй,  эртеңкини ойлон деп жатам?!

Чабдардын ээси болуп тамактанып жаткан бала беркиге кырдуусуна барк-барк сүйлөдү;

– Эртеңкинин камын жегенче, энеңдин... Андан көрө тынч уктап эс алалы. Тышта турган чабандес, балдар дуу күлүп жиберишти.

 Чабдардын ээси ордунан тура чычалап, беркини камчы менен чаап жиберди.

– Каракердин чабандеси берки баланы баса жыгылды.

– Ой эмне кылып жатасыңар?!

Сырттан эркектин жоон үнү аба жарып жаңырды.

– Байке, камчы менен чаап ийди?!

– Ики, калпайтат, өзүнөн кетти.

– Токтоткула, болбосо кошоктоп байлап атыңарды байгеге кошпой ушул жерге калтырам!

Балдар тып басылды.

Жерге жарык кирип, таң таштаганда коргондун оозу ачылды. Жем издеп өзү менен өзү болгон таранчылар оолунун кырына коно калып чыйпылдашат. Ат айдоочулар чогу келишип: – Кана балдар, күлүгүңөрдүн күлүгү утсун «оомийин» деп четке чыга  беришти.

Күлүктөрдүн арасында жаткан Жөөкүлүк, аттардан жол талашып отурбай, оолудан секирип чыгып, алдыңкы аттарга аралашты. Эки колуна эки муштумуна баткыдай таштан бекем уучтап, колдору аркы-терки сермелет. Эки согончогу өзүнүн май куйругуна алмак-салмак, така-тука  тийип, аттардын ортосунда буруксуган боз топурак демди кысып, оозундагы кылды чайнап жүрүп келет. Ал улам арышы керилип ылдамдашы тездеген сайын эки согончок май куйруктан өтө кош далынын ортосуна жете көзгө илешпейт. Жөөкүлүк аттардын чаңынан көрүнбөй, нымшып чыккан тери чаң менен көөлөнүшүп, көзү бозоруп чаң каптап, улам алма-телме колу менен көздөрүн аарчып, жолуккан тосоттогу жигиттерди карап коёт. Аңырдай оозун ачкан жигиттер, аңкайып кала беришет. Эми алдыда онго жетпеген күлүк калганын тосоттогу жигит жаны ачыгандай:

– Жөөкүлүк чаңга аралашпай алдыга оз. Алдыдагы ала туяк жээрде күүсү жанбай баратат. Калганы анын караанында калчуудай. Өзүңдү жигиттин пири  Шаймерден колдосун, – деп, тосоттогу бир жигит кудайга жалынып, тиги  Жөөкүлүккө бата берип жиберди.

 Өзүн-өзү камчылап, буттары  дөңгөлөктөй чимирик болуп, колуңдагы  муштумдай эки таш аркы-терки алга артка сермелип бараткан Жөөкүлүк тээ алыстан Суусамырдын түзүнөн кечээги жолуккан келиндин жыртык боз үйүнүн тушуна жете келип:

– Оой, Асылбү? – деп, үн чыгарып заматта алыстап өтө берди. Келин  Жөөкүлүккө суусундук бермек.

 – Кечээ Кетментөбөгө багыт алып баратканда, ага жолугуп кымыз ичип жатып, ал келинди сынай карап, отуздан ашса да,  согончогу канабаганын билип:

– А мен эртең түш оой тушуңдан өтөм ошондо суусундукка жарасаң болду, - деп күлүп өтүп кеткен эле.

Келин үндү уга чоочуп эшикке атып чыкты.

Жөөкүлүк алда кайда узап баратканын көрүп, анын изи түшкөн топуракты кымызга чылап, бир кудайга наристе үчүн мунажат кылып жутуп жиберди. Ошол  Асылбү  бир жыл өтпөй күйөсү Тоокени сүйүнтүп эркек балалуу кылды.

Тээ алыстан көрүнгөн караанга Дыйканбай турнабай салып Саки келатканын билди. Жигиттерине мурдатан камдатып койгон арканын алдырып, көпчүлүк менен жолдун эки тарабына  тургузуп, мароодон өткөндө аркан керип эки аркан аралык алыстыктан тосуп калгыла деди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   bema_bema   06 Февраль 2016 - 11:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Жөөкүлүктүн коно байгеге чабыларын мурдатан билип келген эл топурап жолдун эки тарабына кара таан болуп жарыла берди. Жөөкүлүк эки тарапка керилип кармалган боз кыл арканга төшүнөн урунуп, арканды кере чоюп жүткүнүп барып токтоду.

Эл арасында жүргөн кимдир бирөөнүн:

 – Колтуктан алып жетелегиле! - деген ачуу үнүн уга, кабалтең жигиттер Жөөкүлүктү ары бери жетелеп жүрүштү.

– Шадыкан түндө Суусамырга жете келген болчу. Жөөкүлүк көптө барып деми сууп,  ары басып баратканда Шадыкан,  кокуй бирөөнүн көзү, бирөөнүн сөзү жаман, көзү  тийбесин  деп жука кемселин үстүнө жаап, арыта турган кара кеседеги сууну кармаган кемпирге,  суу тегеретип ырымдап койбойсуңбу деп унчукту.

– Апей,  көтөк, мен эмне жалдырап турам? –  деген кара кемпир өз ырымын жасап, Сакинин башына суу айлантып, ага түкүртүп, тиги кетип бараткан топ караандын артынан чачты.

– Тобо! Ушундай да болобу? Аттан адам озот деген эмне? Жабыла басып келген эл Жөөкүлүккө ыраазы боло дуба тилеп жиберишти.

– Күлүктөрдүн баш байгесин Дыйканбай алып кетти.

Артында бастырып келаткан Байтик Жөөкүлүккө «ыраазы болуп:

– Баш байге сеники Саки, ажы деген атка татыктуу экенсиң. Мекедилдеге барганыңды эми билдим», – деп  күлдү.

Байтик топтун четинде турган «Жакшыларга» карап:

– Ой, мунун байгеси кана?

– Дыйканбай бөлүштүрүп берем деп алып кетти.

– Чакыр бери! Сакалы бириндеп жүзү кубарып, ат үстүндө локуюп олтурган Байтик, кыжабасы кайнап чыкты. Өз билермандары менен келаткан Дыйканбайга:

– Ой, Түнкатар саяк! Силердин элде, тирүү кишини тоноп кетүү салтыңар барбы?

– И, эмне болуп кетти, баатыр?! Дыйканбай жумшактап кыйды үн катты.

– Бул Жөөкүлүктүн акысын өзүнө бербейсиңби?

– Байтик баатыр, бу менин күлүгүм, ат да тең, чуркап келген алдагы  Жөөкүлүк да тең.  Баш байгесине мен ээмин.

Ачуусун ичинен жутуп, Байтик: – «Дыйканбай, кулак салып сөз ук. Чуркап келген деген сөз адамга айтылат. Оозуңан жаңылдың. Кедей деп кемсинтпей өз шыбагасын берип кой!»

– Бербейм деген эч ким жок... Күлүк ээси катары баш байгени өзүм бөлүштүрөм.

– А кызталак, кебиң такыба, артыңда  сепкен үрөөнүң суюк болот. Үрөөнүң коолап чыкса, чырмооктон айырмасы болбойт.   

– Сенин артыңды да көрөбүз, баатырым?!

Жооп кайтарбай Байтик аттын башын артка буруп, өз элине сиңип кетти.

Жолдо келатып Сакиажы өткөн жайдагы болгон окуяны эстеп мыйыгынан күлүп алды.

А бу Жөөкүлүк аталып ат менен эрес талашуу элдин эсинде калат экен. Эч ким жок жерден тоону айлана чуркап кийик кармап алганым кимдин эсинде калыптыр. Ошол Кабыл чычкак улагы жок, итке минген кедей эле. Ошого кылган жакшылыгы эсине келе калды.

Жанында бастырып бараткан Кетментөбөнүн билермандары Жөөкүлүк менен иши жоктой, тек гана аш каадасын кеп кылып баратышты.

Эки атчан Нарын бойлоп Кабакка келип токтоду.

– А Кабыл, кайнатаңа  алып бараткан жанбаштыгың жок. Анан кызына сүйлөшкөм, «тийем» – деген болчу деп демөөрүң күчтүү, деги акыл эси  жайында эмеби аның?

– Э, ажым итке минген кедейдин кызы аным да. Мен эмне  Акчийге байдын кызын алам деп баратыптырмынбы. Атасы жакшы киши, кызы да атасынын ою менен болуп, айтор мага ылайык. Кабыл ырсайып күлүп койду. Карабаштан бир топ кийик Нарын жээгине түшүп суу ичип өрүлөп жай бараткан.

 – Ме атты кармай тур. Мен жанбаштыкка тиги кийиктер-дин бирин кармап келе коёюн.

– Сакиажы аттан түшө калып эми гана адам жытын алып  «дыр»  койгон топ кийиктин артынан түштү.

Карабаштын тоосун айланта кийиктерди кубалап кеткен Сакиажыдан кабар болбоду. О чайкайнам убакыт өтүп, тээ бийиктен төмөн таш кулады. Кабыл жогору жагын карады. Сакиажы  колуна тийген олжосун коё бербей, тирүүлөй кийикти сүйрөп келаткан караанына суктанды.

 Кыйналып келаткан жолдошуна боору ачый  Кабыл кыйкырды:

– Ой, союп ал, тирүү жапан жаныбар кыйнап коёт.

– Сакиажы жооп күтпөй кийикти тике ылдый сүйрөп түштү.

– Кана оомийин, жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болуп, айылга ак жоолуктуу кайт, – деп бата кылып чөнтөгүнөн кестигин  ала кийикти мууздап, иче-кардын сууга таштап, жанбаштык кылып, Кабылдын канжыгасына байлады.

– Жолдуу болот экенмин, – деген Кабыл Сакиажыны алкап жиберди.

– Сакиажы унчукпады.

– Намыска жарап берет деп алып келгем да, – Дыйканбай Сыдыкка карай жооп узатты.

Эңиштеп  капчыгай ылдый  жыландай ийрилип,  албууттанып аккан чычкан  суусун бойлоп атчандар Кетментөбөнү карай эңиштеп келатышты.

 

***

Сакиажынын  бул жоругун уккан Шабдан кийинки жылы  Чоңсуусамырда  Арамзанын  белинен улуу шашкеде Кетментөбөгө дарбыз алып келгенге жиберет.

Чоң өргөдө олтурган Түркмөн бай Шабданга сырдуу карайт да, ага: – Баатыр быйыл Канат бий атасы Ыбыкеге аш берет имиш, ошондон кабарың бардыр, – деп мелтейе тиктейт.

Канат шаа аш берем, оюңдун бүт түрүн койдурам деди.  Бирок ага жанагы шерменде оюнуңузду  Төөчечмедейди  токтотуңуз, – деп айттым. Өзү да Төрөдөн коркуп алардан киши катыштырам деди дейт! Муну Кетментөбөдөн келген Рыскулбек кары угуп калды. Ал ичинен болду.

Канат: – Өй жанагы Жөөкүлүккө тосотторду койдуңарбы? –  деп Байтикке үн катты.   

-  Ал жагын Дыйканбай экөөбүз уюштуруп койгонбуз.

– А, анда ырас болгон экен. Эл ишенгендей болгону жакшы.

Шабдан арытан үн ката:

 – Баары жайында экен, - деди.

Же мурун ар жерде топ болуп, эки жылдан  бери Суусамырдан жыйын өткөрүп турасыңар. Аны өзүңөр   билесиңер.

Шабдан, Байтик менен Түркмөнгө карады.

Замандын заңы да башкача болуп, мурун кой оозуна чөп албаган момундар да төөчө бир бурк этип каяша айтчу болуп алды.

Түркмөндүн бул кебине Шабдан бырс күлүп жиберди.

Аңгыча кимдир бирөө: – Ой, Жөөкүлүк келатат, – деп үн катты.

Эки өңүрүнө  бир коон, бир дарбызды көтөргөн Саки Шабданды карай акырын басып барды.

– Мынаңыз аманатыңыз?

– Шабдан ыраазы болгондой саламат бол, - деп Кетментөбөнүн карасы Дыйканга алып барып бер.

Жөөкүлүк Дыйканбайга коон  менен дарбызды: «Мына аманатыңызды алып келдим», - деп жай гана эки өңүрүнөн акырын тоголотуп Дыйкандын жанына таштатты.

Ар кайсы жерге коюлган тосоттор,  түн ортосуна жакын чогулушту. Бардыгы бир ооздон болгондой Жөөкүлүктүн жолукканын анын таштап өткөн белгилерин Дыйканбайдын алдына ташташты.

Ошол күздө замандын түрүн байкаган Кочкордун шаасы  аталган Канат бий атасы Ыбыкеге аш берди. Ага Атбашы, Нарын Кетментөбө, Чүй чөлкөмүнүн жакшылары бүт катышты.

Атчабыш болорун угуп калган кары Рыскулбек Дыйканбайга:

– Балам, тиги Толуктагы Жөөкүлүктү ала бар. Ошол жерде бир өнөрүн көрсөтүп зоболоңду көтөрүп кел деген кеңешин айтат. Кетментөбөгө каранын ханы аталган Дыйканбай бир өөрөндүн жакшыларын чоң олууга  конокко чакырып, Чаар таш  ашуусун ашып Кочкорго жүрүш жасамак болду.  

- Канат бийди мурун Рыскулбек Кеминге келгенде жыйындан көргөн эле. Узун бойлуу кең далы, көп семиз эмес толук келип өңдүү-түстүү, бети жайык, кой көздүү, жээрде сакалы бар өткүр сүйлөгөн сүрдүү киши окшоду эле, - деди. Ошо көргөнүн Рыскулбек кары кеп кылып олтурду.

– А Дыйканбай, ар оюндун шарты ар башка экенин жаш өткөндө билип калат экенсиң. Көп опурулбай элиңдин жайы менен бол деп, жакшыларды карап ойлуу тартты.

Алар Кочкор багытына жүрүш жасады. Конокторго деп көтөрүлгөн ар бир өргөөгө меймандарды Канат бийдин жигиттери алып кетип жатышты.

Ат чабыш болот. Ар кимиң ар күлүгүңдү даярдай бер деген ырчылар жар чакырып жүрүштү.

Элдин көптүгүн алдын ала тескеп коёюн деген Канат  өңүнө заарын чача: – Ай, коноктор, атам Ыбыкеге аш берип жатам, оюндун кызыгын көргүлө да, байгеге ээ болгондор байгеңерди чырдашпай бөлүп кеткиле. Атам жарыктык чырды кудайдын каарына калган киши жасайт дечү эле. Ошол аманатын силерге эскертип коёюн. Бул жалган дүйнөгө баарыбыз конокпуз, артында ызааттары болсо... Канат бий сөзүн толук бүтүрбөй ары басып кетти. Алдын утурлай баскан Рыскулбек кары:  Канат балам, бу ат чабышыңа Жөөкүлүк кошсо болобу? – деп суроолуу  карады.

Анда Канат бий:  – Болот, болбой анан болот, бий!

Байгеге 500 кой аны кайтарып айдатып кеткенине адамын кошо саям деп калды.

– Ой, ошонуң кызык экен, – деди Дыйканбай.

– Ээй! – деп суусар бөркүн камчысынын алаканы менен  өйдө көтөрө Канат:

– Ким утса байгесин алат. Бирок Жөөкүлүк кошкон топ утулуп калса,  500 кой кошуп миң  кой  жана бир кишисин таштай кетет.

Канат бий Дыйканбайга ойлонсун дегендей «Ошондой,  жакшы», - деп ары басып кетти.

Дыйканбай ойлонуп калды. Далай сыноодон өткөн Сакиажы байгесин утуп берер бекен? Өзүнө айтайынчы деп түз эле Сакиажы  турган топко барды.

– А Жөөкүлүк, байгеси 500 кой бир киши дейт. Ошого чыга аласыңбы?

– Чыгам. Чыгам деп келдим да эл башчысы.

Ал  Дыйканга ишеничтүү карады.

Сакажы: Андан көрү ат кайсыл жерден чабылып кайсыл жерден тосулат экен. Бизге ошону билип бер. Жер өлчөмүн билип алып, ошого карата өзүмдү таптайын деди.

Канат бийдин артынан жете барган Дыйканбай:

– А аш ээси аттар кайсыл жерден чабылып каерден тосулат, – деди.

– А Рыскулбек абамын баласы ат чабышка аябай кызыккан экенсиң да?

– О бий, билип койсок ашыктык кылбас! Өзүңүз айттыңыз. Ар бир жерде тыңчы коюлат. Ким аттарды тоссо үйү талоонго алынат дедиңиз. Ошондуктан тартип жагы камсыз ишке ким да болсо кызыкпайбы, – деп калды.

– Билсең аттар Ортотокойдун этегинен коё берилип Кызарт-тын белинен тосулат.

– Белдин өзүндө элге көрүнө ат мамылар орнотулат. Кайсыл ат атмамыдан моюнча  ашса эле байге ошонуку, - деп толук жооп берди. А баса Жөөкүлүк бар дедиң эле, аны тосоттогу тыңчылар тескөөгө алышат. Эгер тыңчы Жөөкүлүгүңдү көрбөсө байгени  атаң экөөң төлөйсүңөр.

Канат бий Дыйканбайга мостоё: – Барыңыз, карыга айтып коюңуз. Жөөкүлүгүн кошо берсин деп дагы да арылап басып баратты.

– Ата көрүү, бул эмнеси Жөөкүлүк артта калса «500» кой бир кишиси менен берем. 500  койго табылат, кишисичи? Мейли, байгеден куру калса Жөөкүлүктүн өзүн койчу кылып, Кочкорго жөнөтүп жибербей жаным жокпу деп шердене дагы да Жөөкүлүккө акырын бастырып барды.

 – Э, Ажым, эгер артта калсаң Түнкатар Саяктардан кой чогултуп өзүңдү койчу кылып, байгесине сайып жиберем, ушуга макулсуңбу?

Саки чекирейе түштү. А бек, байгеге кетсе мен кетет экенмин, анча эле эмне тынчыңыз кетип жатат? Мени Рыскулбек абам менен жайыма койсоңузчу?

– Мейли, мейли ошол абаң билсин?! Дыйканбай: - Экинчи Жөөкүлүккө басып келбейм, - деп өзүнө-өзү шерт кылып суз басып баратты.

Арыта келаткан Шадыкан: - Ой бу Дыйканбай эмне дейт?

Сенин ушунуңу, билип жете келгеним жакшы болду да. Эмнеси болсо да өзүңө сак бол. Аттарды чубатууга салардын алдында арытан Шадыкан дагы да:

– Бу колуңдагы таштарың көрүнбөйт да деди.

– Ой, Кочкордо таш жок бекен, алаканыма өтпөгүдөй таштар кантип табылбасын, алардын жайын өзүмө кой. Андан көрү далыма кабаттап жука кийим жаптырып эки колума арчындат. Жол алыс. Дыйканбайдын айтымында Ортотокойдон Кочкорго чейин аттын аты келет. Жонум жоор болуп, жолдо азабымды жебейин деди.

Жөөкүлүктүн камын көргөн Кетментөбөлүктөр, ар кимиси, аттарынын токулгасын чечип,  жаңы ичмелик издесе, кээси, – Ой калпак деле боло берет береги менин калпагым калың деп сынактан өтүп жатышты.

Чуркаганга эмне керек, баарына камданып, ырастап, Сакиажы аттардын артынан чубатуудан өттү. Ошол жердеги кишилердин айтымында каттоодон өткөн аттардын саны 106 болгон имиш. Аны да ат чабышты тескеген Төлөш тактап берди.

Аттар чыргайды аралата айдатылып Ортотокойдун этегинен коё берилди. Жөөкүлүк аттар бириндегенче артында келатты. Качан гана аттардын чаңы суюлуп биринен-бири алыс-тап калганда анын таскагы күчөп эки колдогу сай таштар тең салмактуулугун сактап бири  алдыга бири артка шилтенип, буту-бутуна тийбей, улам бир имериштен өтүп тосотто тургандарга «О жан жигиттер» деп кыйкырып белги бере улам, бир атты артка таштап, алдыга озуп жүрүп отурду.

Кетментөбөдөн келген «жакшылар намыс» деп бир муштумга түйүлүп, күлүктүн сырын билген Шадыкандын канжыгасындагы боз арканды ала коюшуп, Жөөкүлүктү тосушканы аркандын эки учунан бештен киши бөлүнүп жолдо турушту.

Алыстан:

– О Канат бий, – деген үн угулду. Карап тургандар жапырт карашты. Канат бий да өз көзүнө өзү ишенбей көз талыта карай берди.

Тоскула, болгула! – деген үн угулду. Эки тарапка бөлүнгөн  кишилер арканды кере тартып карап турушту. Арканга келип урунган Жөөкүлүк он беш кестей  арканды тартып тургандарды сүйрөп барып токтоду.

Күйүккөнү басылганча жетелегиле, –  деп  учуп жеткен Шадыкан, үстүндөгү чепкенин Жөөкүлүккө жаба коюп, колундагы карышып калган таштарды элге билгизбей алып, алыс ыргытып, «жетелегиле, » күйүккөнү басылганча деп жаналы калбай күйпөлөктөп жүрдү.

– Ээ, бай, Жөөкүлүк алдыга келди. Арыта Дыйканбайдын сүйүнүчтүү кеби угулду.

Жөөкүлүктү тери кургаганча жетелеп тургула.

Рыскулбек кары Дыйканбайдын сөзүнө маани бербегендей:

– Байгесине жутунгандар болбосун, эгер ач көздүк кылып бөтөн элде уят кыла турган болсо, «Жакшылар» айылга барганда өзүңөр териштирип алгыла, – деди.

Байгесине бөлүнгөн 500 кой ары өзүнчө бөлөк турду. Аны Рыскулбек өзүнүн адамдарына имертип койду.

Сөзүндө турган Канатбий, атасы Ыбыкенин арбагы үчүн элди туура тескетип, уруш-талаш кылдырбады Арыта турган Жообасардын Бекташы:

– Ой, атайын Каракочкорго келип, Жөөкүлүк байге алса, анын байгесин эмне кыласыңар деп, алдыдагы ишти ушул жерден чечип алууну туура көрдү.

Рыскулбек кары:

– Байге Жөөкүлктүн өзүнө тиешелүү. Эч кимиң ат кошуп байге алган жоксуңар. Сакиажы эмне кылам десе өз эрки, карыны сыйласаңар ушу кеп, – деп так кесе айтты.

Сакиажы Рыскулбекке ыраазы боло:

 – Датка, мен адам болуп туруп, адамды байгеге албайм. Анын колу жолу бош, Канатбий ага ээлик кыла албайт. Беш жүз койду айдап кетебиз деди.

– Оп, бали, балам, - деди Рыскулбек.

Сакиажыга  беш жүз коюн алдына салып, киши кошуп берди.

Ал өз айылы Толукка он бешке жакын койду гана айдатып барды. Калганын, байгенин ырымы үчүн деп, Кетментөбөлүктөргө таркатып жиберди. Жөөкүлүктүн даңкы дагы да, Ыбыкенин ашына келгендерге:  «тобо, Жөөкүлүк көрдүк», - деп аңызы айтылып кала берди.

 

Биринчи китептин аягы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   jetinur90   06 Февраль 2016 - 13:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Рыскулбектин "беш каманынын" доору журуп турган кез экен да. Аттин ай козду май масып,эл ырысын ичкен шылуундар,акыры кандай кор болот. Эл талап кетет го буларды боз уйдон чыгарбай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   bema_bema   06 Февраль 2016 - 16:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

 

Токтогулов Айылчы

 

Мезгил сапары

 

Роман. II китеп

 

Жазуучу Айылчы Токтогуловдун буга чейин “Мезгил ызасы” романы жарыкка чыккан. Бул китепти – “Мезгил сапары” романын анын уландысы катары карасак болот. Чыгармада дагы эле XIX кылымда жашап өткөн каармандар сүрөттөлөт. Айрыкча мифтик айрым уламыштар тарыхый окуяларга жуурулушуп, ХХ кылымдын башындагы коогалуу доорду кошо камтыйт. Чыгарма өзгөчө айрым инсандарды көргөн карыялардын өз ооздорунан угуп, тастыкталып жазылганы менен баалуу. Китеп жалпы адабият сүйүүчүлөргө арналат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   bema_bema   06 Февраль 2016 - 16:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Сөз башы

 

Ошентип...

Дүйнө дегениң чайпалган деңиз сымал бирде толкуп “буркан-шаркан” түшсө, бирде пастай калып, тынымга болсо да эмчек соруп көшүгөн баладай жоошуй түшүп, кыймылдуу нерсе экен го..?

О, атамзамандан бери аты айтылган саавалар, дүйнөнү безгектей калчылдата кармаган падышах-билермандар, көптүн көзүн ачкан көрөгөч олуялар, шахтар жашап өтсө, караламандын бирери жадымда аты калбай, көрпендечилиги менен тиричилик өткөрүп, эл арасына соот чарайна кийген баатыр уул калтырып, өздөрү тарыхтын тээ тереңинде белгисиз калган тура.

Калк арасында жоомарт, айкөл, кайгуулда илбирстей шамдагай, сагызгандай сак шаалар тирлик этиптир. Ошондо да ноюбай, бейадеп уулун кечирген энедей бейпил турмуш кечиртип келген экен го, кайран Жер-Эне!

Тобо! Кеп мына ошондо.

Жер-Эненин кылымдарды колтугуна камтып, кан суудай шаркырап агып, жоокерчиликте эр өлүп, адамдар бири-бирин кырып, жок кылууга ниетин буруп, Жер-Эненин “жүрөгүн” далай солкулдатып, тынчын алган экен.

Тээ тереңден көрүнгөн, кылым ашып улгайган карынын көзүндөй жылтылдап, өчөр шамдай бүлбүл этип, кыймылда келген жашоо тиричилигин жайлатып, жер үстүн боз мунарык каптаган кез да болгон тура.

Турмушуң кайра кирген буурадай Жер-Энеге көбүк чачып, жер силкинтип, ээн жердин бөрүсүндөй жашоо уланыптыр. Айтор, тирүүчүлүк дегениң булуттай көчүп, жамгырдай жер сабалап, уйгу-туйгу түшүп келаткан өмүрлөр белем..?

Бийиктен канатын жай кагып, каз катар тизилген турналар Ачык кыштоосунун үстү менен Каркыра тарапты карай учушат.

Жаздын күнүнүн күндүн кызгылтым болуп батып баратышы ага көрк берип, не ажайып көрсөтөт. Ошол турналардын артында жалгыз турна тобуна жетпей, улам илгерилиген сайын учушу жайлап, канаты талып, “курк-курк” эте аянычтуу үн салат.

Турналарды көргөндө кулак эшитип, жүрөк түпкүрүндө сакталып келген эски икая шайтан чырактай бүлбүлдөп, кайра алоолоно жанып, сезимдерди ойготуп, тынчымды алчу болду...

 

 

I бөлүк

 

БОКБАСАР БАЯНЫ

 

Он сегиз жаштагы Кыдырсейит жашы өтүп калган атасы Көкүмбайдын жанында ойлуу отурду.

- Ой, бала, эмнеге сабырың суз?

Баласын көз кыйыта караган Көкүмбай эң кичүү уулуна чочулоо менен үн катты.

- Жөн эле.

- Эмне, бирөөдөн сөз уктуңбу?

- Жок!

Ушуну эле күткөндөй, ушу убакта боз үйдүн түндүгүнүн чамгарагына боз тоголок чымчык учуп келип коно калганы!.. Ал “чырк-чырк” эте түшүнүксүз сайрап, бат эле кайра канат күүлөп учуп кетти.

Аны артынан аңкая караган Кыдырсейит жакасын карманып, түндүккө көз кадады.

“Ой, тобо! – деди ичинен. – Түндө түшүмдө көргөн боз чымчык экен. Мындай канаттууну өңүмдө көргөн эмесмин”.

Баланы ой басты. “Баса, бул муштумдай боз чымчык адамча сүйлөбөдү беле?.. Ушундай да болот экен, ээ?!”

Ал атасын карап алды. Көкүмбай жыт алган карт жолборстой комдонуп, акырын козголуп эшикке чыгып кетти. Кайра тез эле келип, алдына төшөнүп отурган көрпөчөсүнө көчүк басты:

“Атаңдын көрү, бала ооруп калдыбы?”

Көкүмбай уулун дагы да бир карады. Ууулунун сабыры суз. Өзгөчө чамгаракка конгон парандадан кийин өңү бозоруп, ичинде катылып жаткан бир сыры бардай.

- Балам, бир жериң ооруп турабы?

- Жок.

- Эмнеге анан, кабагың ачылбайт?

Баласы: “Айтсамбы же айтпасамбы? ” – дегендей түпөйүл ойдо турду.

Тээ төмөндөн боз каймал боз үйдүн эшигинен көрүнүп жатчу жакка акырын басып барып чөгүп калды.

Баягы боз чымчык боз каймалдын кош өркөчүнүн үстүнө коно калып, улам бир өркөчүнөн бир өркөчүнө конуп чыйпылдады.

- Ата, тетиги боз чымчыкты көрдүңүзбү?

Бала чочулагандай атасын карады.

- Көрдүм, балам.

- Көрсөңүз, ошол чымчык түндө түшүмө кирди.

Сырды байкаган Көкүмбай кары уулун карап:

- Азыр чырпыгым, бир аз күтө тур, - деди да сыртка чыгып кетип даарат алып, баягы отурган жерине кайра келип көчүк басты:

- И, балапаным, айта гой?..

Ал уулун имере тиктеди.

Сырттан дабыш угулду. Мамбет менен Зарылбектин басканы.

Атасы аларды “тык” токтотту:

- Отун-суу камдагыла! Апанай апаңарга баргыла да, атам айтты дегиле, баргыла! – деди.

А бирок өзүнүн түшүнүксүз тапшырма берип алганын кары байкаган жок.

Эки уулу жогорку үйгө кетишти. Дабыш угулбай калганда гана:

- И, анан эмне болду? – деген Көкүмбай уулун “ооруп калдыбы?” деп, ою – онго, санаасы – санга бөлүндү.

- Ошол боз чымчык түндө түшүмө кирди, - деп дагы кайталады баласы.

- Анан эмне болду, садагаң болоюн?!

Атасынын тынчы кете, дагы да Кыдырсейитти көзү тойбой карай берди.

- Чымчык да адамча сүйлөйт экен. Мага карап: “Кыдырсейит, бир ай өтпөй, кыбаачылыкты мойнуңа аласың. Суусу жок жерлерге өзөндөн суу чыгарасың”, - деди. Баса, ошол чымчык өзү конуп турбайбы...

Сыртты ээги менен жаңсай көрсөттү бала:

- “Ошол каймал сеники, үстүнө ком токубай ыңырчак токуп минип, суу жээгине барасың да, көзүңө көрүнгөн түз тайпакты карай эңиштеп, боз каймалдын башын бурасың. Ал өзү билет басышты. Бирок эч шаштырба, Кыдырсейит. Төөнүн артына бир топ кишини эрчитип, ар бир жыйырма кез болгон сайын бирден таш белги койдуруп отур. Ошол таш коюлган жер арыктын жүлгөсү болот. Эсиңе туттуңбу?” – деди. “Ооба,” – деп чочуп ойгонуп кеттим. Мен көргөн боз каймал сиздин жаныңызда жүрүптүр. Сиз ага көңүл бурган жоксуз. Ошол төөнү минип, элди артыма салып алып, арык каздырып жүрүптүрмүн.

Кыдырсейит жүгүнөн бошонгондой, атасын карады. Сүйүнгөн Көкүмбай:

- Кудайдын бергени ошол, чоң кыбаачы болот экенсиң, балам! – деди атасы кубанычын ашыра албай калдастап. - Ата-бабаңдын арбактары колдосун!

Куран окуп, ата-бала дуба кылып, акырын сыртка чыгышты. Баягы боз чымчык учуп кетти. Боз каймал ордунда чөгүп жатат.

- Балам, эч ким көрбөсүн, апаңа чуркап барып: “Атам куржунда белги кылып жүргөн төө тикен бар, ошону бирөө-жарымга билгизбей, карындагы майга оонатып берсин деди” де. Тез барып кел, мен ушул жерде болом, - деди.

Көкүмбай уулунун түшүн жакшылыкка жоруду. Өзү да жашы өтүп калганда түшүнө төөлөр көп кирип, Апанайга ырымдап төө тикен бекиттирип койгон болчу. Тобо, ошол төө тикенек Кыдырсейитинин боз каймалына буюрганын!

Бала тез эле келди. Кичине кара кеседеги майга оонатып салынган төө тикенди акырын алган Көкүмбай:

- Биссимилда рахмони раххим, аталардын, олуялардын арбагы, төөнүн пири Ойсул ата өзү колдоп жүрсүн! - деп боз каймалга жакындай бергенде төө: “Буф!”- эте оозун ачты.

Атасы төө тикенди боз каймалдын оозуна салып жиберди. Аны жыргап чайнап жеген боз каймал жана да “буф-буф! ” эте үн чыгарып, ордунан туруп кетти.

Ошол эле күнү Көкүмбай арбактарга арнап Кудайы өткөрүп, элден бата сурады. Эл тарай бергенде Көкүмбай бети тамылжый кызарып:

- Боз каймалга тийбегиле, ал Кыдыкемдин каймалы.

Ошону минип, түз жерге суу чыкчу алыштын башын билет.

Төөгө баарың көз сала жүргүлө, - деди. Ошондон баштап боз каймал жалаң эле Кыдырсейиттин кароосунда болбостон, аны башкалар да акмалап карап жүрүштү.

 

***

 

Кыдырсейит он сегизгн толгондо төөсүн комдобой, ыңырчак токуп минип, алгачкы арыкты каздырууга киришти.

Эң биринчи жолу Үч-Теректеги кең тайпакка суу чыгаруу үчүн суунун башына бармак болушту. Топураган он бештей адам, ыңырчак токуп боз каймал минген алп денелүү Кыдырсейитти эрчип барышты.

Боз каймал арыктын башы боло турган жерге барып “тык” токтоду. Тиги тоонун башын, боз адырды карай туруп Кыдырсейит үн салды:

- О, эл журт, суунун башы ушул жер. Арык казчу куралдарыңарды колго алып, боз каймал баскан жол менен түздөп, белги коюп отурасыңар. Колуңарга сайдын ташынан көтөрүп алгыла. Мен жай бастырам. Жыйырма кез жерге бирден таш коюп, белги кылып, бизди эрчигиле. Кана эмесе, баштадык!

Боз каймал оозунан көбүк чача эки жагын каранып, “буф-буф! ” эте алдыга жылды. Артындагы эр азаматтар качан Кыдырсейит: “Белги кой!” - деген жерге таш коюп, кулап кетпесин деп алдын теке мүйүз менен көөлөп, бекемдеп келатышты.

Тигилер сайга ташка чуркап кеткенде көзүн улам ирмеп, эки жагын карана, боз каймал токтогон жеринен жылбайт. Качан гана белгиге коюла турган таштар топтолгондо акырын ордунан козголот.

Кудай жалгап, биринчи каздырган арыгынан таш чыккан жок. Бир өңчөй майын боз топурак экен.

Тээ капталды этектеп, ээн түзгө жете берерде боз каймал дагы токтоду. Кыдысейит артын карады. Белгиге коюп келаткан таштары түгөнүп, дагы да сайга эңгиштеп чуркап кеткен арык казгандар келгиче ордунан козголбой турушту экөө.

Төөнүн бир жакшы жери, таштар дөбөдөй болуп үйүлгүчө ордунан жылбайт. Ийри мойнун эңкейтип чөп кертпейт. Эки көзүн жайнатып, элди күтүп тура берет. Үстүндөгү Кыдырсейит да төөгө ыраазы болгондой улам артына карап, үйүлүп жаткан ташка көз салат. Чекесинин терин шыпырган жигиттер ылдыйтан таш көтөрүп келишет. Көтөргөндөрү таш, баскан жолу изи жок боз адыр. Бир азга тыныга калган арык казгандар каймалды аяшат. Анын көпкө күтүп, бир ордунан жылбай турганы аларга кубат. Кыдырсейит да унчукпайт.

Боз каймал дагы да ордунан козголду. Артынан шыпылдаган жигиттер белгилерди коюп кете беришти.

Кең түзгө түшө берген төө эки жагын каранып, “буф” эте оозунан бир аз көбүк чачып, оттоп кирди. Өзү да төө тикен жыш өскөн жерге токтоптур. Төөнүн үстүнөн секирип түшкөн Кыдырсейит кара отунду жапыра басып, таар күрмөсүн көчүгүнө коюп отурду.

Бул күнү белги коюп бүтүшүп, кара күүгүмдө үйлөрүнө кайтышты да, эртеси кайлоосун теке мүйүздөн жасалган арык казчу куралдарын алышып, баягы ишин кайра улантышты. Кыдырсейит боз каймалды төө тикендерди аралата коё берип, өзү кошо алыштын башына барып, биринчи жолу арыкка жүлгө салып, элдин алдына өзү түштү.

Бул арык теке какшыкта казылып бүтүп, кең түскө айдалган тарууга суу жетип, сугарылып калды. Ошондон баштап Кыдырсейит арыкка жүлгө салып: “Менин жериме суу чыгарып бер?” – деген жатакчыларды эрчип, иштеп жүрдү.

Арадан жылдар суудай агылып, Кыдырсейит кыбаачылык өнөрдүн артында жүрүп, төрт мүчөл жашын жашап калган.

 

***

 

Күндөрдүн биринде Мадали хандан чабаганчы келди. Жөн келбей:

- Коконго сиз баш болуп, айыл аксакалдарын ала келсин деп буюрду, - деген чабаганчы бир түнөп кайра кайтты.

Кыдырсейит каздырып жаткан арыгын карап алды. Ойго туна түштү. Ушул тапта үйдөн чыга калган Айымкан да адатынча “шаңк!” этип:

- Кыдыке, ал жактан келген киши жөн келбейт. Арык каздырам деп жүрүп, үстү-башыңды карачы! Калпагыңдын кыйгуусу шалбырап жүрөт! – деди.

Айымкандын жүлүнгө жеткен кебин уккан кайненеси:

- Андай болсо эриңдин үстү-башын жаңылабай жаның жокпу?! “Аял жакшы – эр жакшы, обозгер жакшы – хан жакшы” дейт. Кийим Кыдыкемдики болсо, айтымы сеники эмей кимдики?! – деп ары басып кетти.

Кыдырсейит Коконду эстегенде өзүнчө ойго батып кетти: “Мезгилди кара, кечээ эле он сегиздеги мен кырктан ашып калыпмын...”

Ал ойго бата дагы эле жеңелери тамашага чаргытып, оймок бооч салып чымчып алганын эстеп, жылмайып күлүп алды.

“Мадали хан эмнеге чакыртты экен? Аласа-бересебиз болбосо? Тоо элинин акыбалын байкайын дегени го. Эмнеси болсо да бара көрөрбүз. Ошентсе да сак болгонум оң”, - деген Кыдырсейит аялы Айымканга:

- Айылдагы “мен иштүүмүн” деген келин-кезекти чакырт.

“Кыдырсейит Коконго кетип жатат, кийимин жаңыртып тигип берели” де. Ой, адамды баш кийими менен бут кийиминен эле байкайт. Кыдыкемдин шагы сынып калбасын дебейсиңби. Апам туура айтат, кийим меники болсо, айтымы сеники, - деди.

Ошондон көп өтпөй эле Коңур-Өгүздөгү мен иштүүмүн деген уздан калбай, үч жума Кыдырсейиттин кийимин жаңыртуу менен алек болушту.

Ара чолодо келиндер шаңкылдап күлүп, кыбаачыны тамашалай коюп да атышты...

Арытан басып келаткан Алмакан жеңеси кайнисине тийише:

- Ай, башың же бир баштай болсочу! Сайдын тоголок ташындай болуп, деги эле чоңун кантесиң. Ушу сени жеңем байкуш кантип төрөдү экен дейм да?! Ха-ха-ха! Бери эңкей, бала! – дегенинде Кыдырсейит нестейип туруп калды.

- Эмнеге жалдырайсың, башыңды ылдый кыл!

Алмакан коломтодо асылып турган казанды кулагынан кармай турду да, кайнисине:

- Түркүктөй болбой, отурсаң боло бери! – деп буйра айтты. – Заңгырайсың да, капырай!

- Жеңе, аны эмне кыласың?

Кыдырсейит чындап эле аң-таң боло карады.

- Башыңа кийгизем! – деди жеңеси же тамаша экени, же чыны экени белгисиз. – Башыңды ченебейминби, ботом! Койкойгон калпак жасап берем.

- Э, койчу, э! – Кыдырсейит ордунан тура калды. Анан: “Бу жеңемдин ойнубу, чыныбы?” – дегендей аялы Айымканды карап койду. Жеңеси ансайын:

- Отур деп жатам. Тигини деле коё кал! “Жеңелесең” тимеле жер чечегин безеп, жан койбой “жеңелейсиң”. Сенден кичүү болсом дагы жолум улуу. Ага сөрөйүңдүн аялы экенимди унутуп калдыңбы, катыгүн?! – деди.

Жеңеси дагы аба жаңырта “ха-халап” каткырды. “Эмне болсо ошол олсун”, - дегендей анан Кыдырсейит тизелеп отура калды.

- Бая эле ошентпейсиңби! Деги эле төөдөй болуп, мойнунун узунун!

Казанды кийгизгенде, казандын кулагы кулагына тийип, казан башына чак келди. Айымкан күйөөсүн карап, күлүп жиберди.

- Айымкан, тынч бол! Апам укса капа болот! – деди күйөөсү.

- Ай, келиндер! – Алмакан үйдө отурган келиндерди “келгиле” деп чакырды. Чогула калган жеңелери Кыдырсейитти көрө бир сыйра бышкырып, каткырып күлүп алышып, арасынан бирөөсү:

- Ай, ушу ойноок жеңемдин таппаганы жок. Болду эми, ак кийизди төрт талаа кылып бычып, казанга кийгизип, жөрмөй салабыз, - деди.

Алмакан Кыдырсейиттин башынан казанды алып жатып:

- Ай, ушу сенин өнөрүң күч. Жеңемдин ичине кантип гана баттың экен?! – деди дагы.

- Ой, анда ымыркай болчумун да!

Кыдырсейиттин баёо жообуна келиндер каткырып күлүп калышты.

- Тур эми, дөңгөчтөй болбой! – жеңеси Кыдырсейиттин далысынан оймок бооч салып чымчып алды.

- Бүттүбү эми, калпак качан даяр болот? – деди кайниси.

- Апе-ей, казанды башыңа кийсең эле даяр боло калат бекен? Ак жүндү жасамайы, борломойу, бычмайы, тиги өзүң кийген казанды кумдап, жууп-тазаламайы бар! Дагы иши көп. Андан көрө кысыр эмди тай сойдуруп, жеңеңе оймок бооч салдырып отура бербей ылдамдат! Калпак анан бүтөт! – деди келиндердин бири.

Кыдырейит жеңелеринин алпейим тамашасына чыалабай, тескерисинче ичи жылый, ары бурулуп басып кетти эле, Алмакан:

- Ай, бала, зоонун боркулундай болбой, тыңшап ук!

Кийимиңдин бычымы бүтмөйүнчө алыс кетпе! – деди.

- Болуптур, жеңе. “О-у” десең эле чуркап келе калам.

Алмакан дагы да кайнисине ыраазы боло, артынан адатынча алда нелерди айтып, кыйкырып калды.

 

***

 

Нарындын түштүк-батыш тарабындагы тоо этектей өскөн калың шилби, табылгы. Алардын шагынан биринен-бирине уча качып, не бир перенденин түрү кубулжутуп, үн безейт. Бийик асканын кырына жапырык өскөн арчадан: “Гүү-гүү” деген үкүнүн үнү бул жерге адам баласы каттабагынан кабар бергенсийт.

Баягы үн дагы эле басылбай, жанын сабап аккан Нарындын үрөй учурган добушун коштоп, Коконго жол тартып бараткан жолоочуларды сестендирет. Бирок алар жанындагы курал-жарактарына ишенишет. Биринде түтөтмө кара мылтык, биринде кылыч, айтор курал-жарактан камсыз болушкандай.

Боз жоргонун үстүндө чайпалып, ансыз да өйдө-ылдый таштарды аттап, такалары ташка чагылыша “чак-чак” эткен сайын от жанат.

Башындагы жанказандай калпагы, алп денесине чыптала тигилген төө чепкени, тоо текенин терисинен тигилген кандагайы, анан да чирене тепкенде Саалы уста жасап берген эндүү үзөңгүсүнө буту тиреле, Кыдырсейиттин салмагына чыдап, анын ою менен болгон чоң боз жорго оозудугун кемирип, алдыда барат. Жангарач абасынын жанында.

“Мадали хан эмнеге чакырды экен? Кысталак, аны залим деп уктум эле. Бийликке көчүгү бош отурдубу, катынпоз экенин да укканым бар...”

Кыдырсейит бир топ жигиттер менен баратса да, оюнда ушу чочулоо:

“Атаңа наалат десе, бу сарттын күчүгү бизден бир нерсе үмүт этип жаткан жокпу? Жок, жок, баары бир а [moderated] Кетмен-Төбөнүн элин амал менен эле албаса, эл капканга оңой түшүп бербейт!”

Кыдырсейит улам артында бараткан арттагы жолдошторуна карап:

- Тың болгула! Ал жерде тоонун элинин кандай экенин билишсин! Чоочутуп коёлук! – деп баратты.

Оюна бир нерсе келдиби, мурунтан үзөнгүлөш, сырдаш аксылык Сатыкейди эстей калды.

Ал аксылык болгону менен Кетмен-Төбөнүн Токтобек, Эш сайларынын этек жагын конуштап келет.

Ошол жерде Кыдырсейит Жангарачка карады:

- Бу Сатыкейди кошо ала кетелик. Сарттарың амалкөй болчу эле, дагы да болсо алардын оозуна курмушу тыгаар Сакем.

Боз жорго үстүндөгү оор жүктөн жадагандай, бир чети жол катары миздүү таштарды үн чыгара шагырата басып, имерилишке келгенде бир аз кайкалактап кетет. Камчынын уусуна чыдабай, улам-улам ооздук кемирип, оозунан көбүк түшүп, куюшкан да терге чыланып барат.

Алар барса Сатыкей баатыр да атын токунуп, күтүнүп жаткан экен. Кече келген жасоол Сатыкейди дагы эскертип кетиптир.

 

***

 

Алар төртүнчү күнү дегенде Коконго жетишти. Боз адырдын капталын ээлеген ар кайсы жерде жуушаган койго окшоп, чөлдүн коондору жамырайт. Жол жээгинде коончу балканактай болгон бир коонду жаңы эле бычагы менен тилип, бир тилимин ала оозуна салып жаткан экен...

Өзү дөөдөй, башы жанказандай, денеси эпсиз чоң кишини көрө коюп, нес боло түштү. Мындай чоң кишини биринчи көрүшү эле, эсине келе калгандай анан ордунан атып турду:

- Келилар?..

- Ассалоому алейкум!

Жангарач озунуп салам айтып жиберди.

- А алеки салам.

Тигил кара чапанчан, анысы аз келгенсип, белине белдик кур байлап алган. Ошону көргөн Кыдырсейит Сатыкейге карап:

- Биз ысып келатсак, мунуң чапан кийип алыптыр го, деди.

- Чапан бир жолу ысыгандан кийин терге чыланып, муздап калат экен. Эки өңүрүн белдик кур менен өйдө тартып койсо, мунуң аябай муздак болот, күн өткөрбөйт, Кыдырсейит аба.

- Анын сырын сен билесиң да, бул жак менен көп катташасың. Сага таң бердик.

Жигиттер жалпы күлүп калышты. Кара чапанчан беркилерге карап:

- А жан агалар, келилар, чөлдүн алгачкы бышкан коону. Ооз тийип аттым эле...

Коончу тигилерди күтпөй, алар аттан түшө электе эле бир тилимден кесе коюп, коон узатты.

- Битта коун алып келайлик. Жеп кетилар...

Коончу бычагын алып жөнөй бергенде:

- Коонуңузга рахмат! Убара болбой эле коюңуз, – деп Кыдырсейит алдыга бастыра берди. Коончу дагы да тиги далдайган, боз жоргочон адамды таң кала, узап кекичекти артынан аңкайып турду.

Тоолуктар Коконго барганда өмүрүндө көрбөгөн сырды, сыйды көрүштү.

Тээ алыстан көрүнгөн ак чатырларды көрө Сатыкей ичинен: “У, атаңдын оозун урайын Мадалинин кылыгын, бизди алдайын деген тура!” – деди.

Анткени Сатыкей буга чейин Коконго бир нече жолу каттап, бул жактын сырын жакшы билип, майда-чүйдөсүн түшүнүп калган. Анын үстүнө тигил тигилген чатырлар жөн тигилбегенин, ага бөлүштүрүлгөн меймандар кандай, кантип конок болоорун укканы бар.

Алардын сый-урматы таптакыр башкача.

Ошол бир жолкуда, ордонун сарбоздорунун бирөө жол бою аябай мактанып жүрүп отурганы эсинде. Ал бийлик ээсинин тоо элинин бийлерине бирден ак чатыр камдап коёрун айтып, ырсайып күлүп койгон.

- Чатырларда кимдер жашайт?

Сатыкейдин суроосуна сарбоз:

- Вай, муну ям түшүнбөйсүз. Алар – конок күтүүчү үй.

Ар бир чатырда бирден кыз мейманын тосуп алат. Коноктун ою менен болбосо, ордо башчы кыздын башын чымчыктын башындай жулдурары ага белгилүү! – деген.

- Ал кыздар каяктан келет? – ого бетер аңкая караган Сатыкей.

- Вай, тага, алар салык салынып, тоодон келет. Бирок аларды тоонун элине көрсөтпөйт. Индостандан, арабдардан келсе, төшөгүн жылытып салып берет.

- Тоолуктаргачы?

- Ийе, үка, кара чапанчандардын, кыпчактардын, шаар чекесиндеги үйдөгүлөрдүн кыздары жүрбөйбү, аларың жүда чырайлык, жан үка.

- А, ушундай де?!

- Ма, ушунака, үка.

Тоодо чоңоюп, жапан жаныбарларды эрмек этип, кыштын күнү элин баккан Сатыкей тоолук кыздарды ойлогондо Кокон ордосун өрттөгүсү келет. Бирок өрттөмөк кайда?

Коконго барып келгендеги бир жолку ушул көрүнүш эч унутулбай, эсинде калган. А бирок азыр жанында келаткандарга өзү уккан, көргөн сырды айтпады. Ошентсе да ордого барып келген бийлердин мактаныч кеби эл арасына таркап кетчү. Аны беркилер уккан жок дейсиңби?

Алар сурнай, кернейлердин бапылдап жар чакырып жатканын алыстан эле угуп таң калышты. Сатыкей Жангарачка карап:

- Аба, бизди бекер чакырбаптыр. Тээтигил боз чегирткедей бозоргон чатырларды, арыта тигилип турган боз үйлөрдү көрдүңүзбү? – деди.

- Көрдүм.

- Эмесе, оюну эртең болот экен. Бир нече колу менен келген бийлер боз үйгө жайгашса, жан жигиттери чатырлардан орун алып жатышпайбы.

- Ошолор кыргыздарбы?

- Кыргызы да бар, кыпчагы да бар.

- Ошого окшогон кыргызыңды урайын!

- Биздин бийлер да ошого жайгашышат.

- Бизди эмнеге чакырды?

- Оюн көрсөткөнгө.

- О, оюнуңду сенин!

Сатыкей токтоно албай, “бырс” эте күлүп жиберди:

- Оюн күнү-түнү болот да, аба.

- Күндүзгү оюнуна катышам.

- Аба, түнкү оюнга барбай, талаада түнөйсүзбү?

- Кара кашкам жанымда болсо болду, ээрдин үстүндө уктайм.

- Чоочуба, аба. Жашыңыздын өтүп кеткени да, болбосо...

- Эй, ойнуңду токтотуп, жөн бастыр!

Жангарачтын артында келаткан дөөдөй Кыдырсейит Сатыкейге карап:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   bema_bema   10 Февраль 2016 - 05:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

- Эй, Саке, сен бизден бир топ жаш кичүү болсоң да, көптү көргөн экенсиң. Ушу сен өзүң да соо эмессиң го, өмүрү көрбөгөн Коконго баратсак, эмитен эле жүрөгүбүздүн үшүн ала баштадың? – деп калды.

- Э, Кыдырсейит аба, Коконго келип кеткеним ырас, бир келгенде эле түңүлгөм. Буларың жанагы, биздин бий-болуштарыбыз менен да соо эмес.

- Аның туура дечи.

- Көрдүңбү, сурнайларын тарттырып, кернайларын бапылдаттырып, жар салдырып жатат. Бирок бизде да намыс бар, аба. Кетмен-Төбөгө сарбоздорун жиберсе, ким көрдү кылабыз.

Жангарач чоочуп кетти:

- Эмне дейт?! Келбей жатып эле уруштун кебин сүйлөбө, балам! Элге аман-эсен барып алалык. Кеңешеээр сөз – алдыда. Биздин ээн-эркин жашаганыбыз элге жакшы.

Кыдырсейит булардын кебине аралашпай, өзүнчө ойлуу баратты. Анын да ичи уйгу-туйгу.

 

***

 

Атаат десе, ушул жүрүштөгү бир окуяны айт! Кыдырсейиттин атын “Бокбасар” атка кондурбадыбы! Көйрөң шашманын кылганы да!..

Кыдыкем даарат ушатып ары басып кетип кайра келсе, Көйрөң анын бутун карайт. Чокоюнун таманы уйдун жампасына булганып калганын көрүп, баятан карап турган окшобойбу аның. Кыдырсейитти тамашалайм деп:

- Ой, Бок басар, чокоюңдун таманын тазалап алсаңчы! - деп оозун жыя электе ордодон эшик-ага чыга калбайбы!

- Болгула! Кире турганыңар кимиңер?! – дейт ал. Тоолуктар Кыдырсейитти карашат.

- Мунуңардын ысымы ким?!

Оозундагы эми элеки тамашасы кете элек Көйрөң өзүн ыкыстата карап турган эшик-агадан коркуп кеттиби:

“Кыдырсейит” деген атты унутуп калып, Кыкеңдин чокоюн карап:

- Бок басар... - дебеспи. Ошондон бери Кыдырсейит аты айтылбай, Бокбасар аталып калды.

 

***

 

Диванкананын ичи “уу-дуу”.

Мадалинин оң тарабында бирөөсү зикир чалып, ак күп болуп карыган, көздөрүнүн жээктери түйрүлө кызарып, теспесин тарамыштуу колдору менен кармап, бирден ташын өткөрүп, Алласына жалынып жатат. Аппак сакалы эстеген сайын көкүрөгүнө жете, оозун ачканда кылымдын күбөсү катары жедеп саргайган бир аз тиши сороюп көрүнөт.

Эшик-ага ичкери кирип кетип, бат эле кайра чыкты да:

- Калганыңар анан киресиңер, азыр Бокбасар өзү эле кирсин! – дебеспи.

Жангарач Көйрөңдү акшырая карады. Эшик ага аны байкаган жок.

Диванканага далдайып кирип барган Бокбасар салам айтып кол алышып, Мадалинин чапанынын оң өңүрүн баса отурду.

- Ийе, бул канака адам? Гапни эшитмейди, - деди тесмечен молдо.

Эшик- ага ага кылыя карады:

- Тоолук да, алар сенин бийлигиң менен эсептешпейт. ..

Мадали эшик-агага карап: “Сен эми сыртка чыга тур”, - дегендей белги кылды. Эшик-ага “шып” этип чыгып кетти.

 

***

 

- Биз сиздер менен алака түзөлүк дедик, - деп сынай карады Мадали.

- А түзбөй анан, эл тынч болсо, журт өзүбүздө болсо, түзбөгөндө? !.

- Биз сиздерди оюн-зоок көрүп кетсин деп, Кетмен-Төбө менен байланыш түзөлү, бир чети сый көрүп кетсин дегенбиз, тагалар.

Мадаланин экинчи энеси тоолук кыргыз болчу...

 

***

 

Тоолуктарга катар тигилген ак чатырлар сунуш кылынды. Ордонун мындай оюн-зоогун билген Сатыкей Жангарачты карап, күлүп койду.

Мадали нестейе түштү. Бектен мурун озунуп сүйлөгөн Бокбасар бир сырдуу унчукту:

- Тоолуктарга бир үй жетишет, ошого эле конок болобуз.

Мадали ичинен: “Атаңдын көрү, жашы өтүп кетиптир да. Жан жигит кылып алчу эр экен. Мээси катып, өзүлөрүнүн балтырканындай сөңгөк болуп калгандан кийин булардын кимге кереги?!.” – деди.

Кыйды бек тоолуктардын мүнөзүн жакшы билем дегени менен чын эле жаңылган болчу.

 

***

 

Эртеси эрөөлгө камына баштаган Жангарачка Сатыкей:

- Аба, бул көрүп турган кара чапандар эмне дейт?

“Тигил беттеги тоолуктар сапсайган чалын чыгарды” дебейби. Келе, айып этпесеңиз кара кашканы мага бериңиз. Кулан чаарды минип туруңуз. Эли-журту жоктой болбойлу, Жангарач аба. Бата берип коюңуз, - деди.

Жангарач бата бергенде тоонун эли кошулуп алакан жайышты.

Андан ары жооп күтпөй эле Сатыкей кулан чаардын чылбырын Жангарачка ыргытып, токулуу турган бөктөрүнчөгү бар даяр кара кашканы ыргып минип, эрөөл талаага - ортого чыкты.

Арыта жээрде кашка минген, опол тоодой даңкайган киши эл ичинде, өзү тарабында бастырып жүрдү.

Атайын аттын канын кызытып, кара кашканын соорусуна камчыны шыбап-шыбап алды Сатыкей. Жаны ачынган, суутулган кара кашка аргымак ооздугун кемирип, Сатыкей канчалык тизгинин тартса да болбой эл аралап барып, анан зор күчү менне ортого кайра кайрылып чыкты.

Эки тарапты тең коштогон сүрөөнчүлөр.

Эр сайышка кандим болгон Жангарачтын кара кашкасы каны кызыгандай ойдолоп турду. Экөөнө бирдей найза берилген баатырлар биринчи беттешүүдөн найзалары тең бөлүнүп, кайра найза алып сайышууга киришти. Үчүнчү беттешүүдө Сатыкей жээрде кашка тобурчак минген Эргешти атынан оодара сайды. Бир жакшы жери Эргеш оор жарадар болуп, тирүү калды. Бирок “баатыр” атынан айрылды. Күү менен келген кара кашка Сатыкей Эргешти сая бергенде жээрде кашканы коюп кеткен. Аттын жамбашы сынып, очорлуп барып жыгылды. Кезек эми күрөшкө келди.

Бегет элинен келген Тругунбай күрөшкө камданып жатканда Бокбасар акыл айтты:

- Эй, баатыр, булар кур курчанып күрөшөт деп уккам.

Бир көтөргөн бойдон жерге чаап, үстүнөн баса жыгыл. Аларды туурап, тегертип чаппа, алдырып коёсуң.

- Ал жагы эсимде, аба.

- Эмесе жөнө!

Тээ оюн бүткөн маалда Кыдырсейит өзүнчө түпөйүл болуп: “Кап, күрөштө Тургунбайдын тигинин башынан аттаганы туура эмес болуп калды окшойт. Жыгылган кишинин башын аттаса, ортодо чыр чыгып кетчү эле. Андай болсо булар көптүккө салып коёр бекен...” - деп ойлоду.

- Атаңдын көрү, бул жагың өтө ысык экен, ээ! – деди тоосун сагынган Жангарач.

Аксыда ээн өсүп, Эш-Сайды жайлаган Сатыкей мерген да аны кубаттай:

- Ооба, - деп бош унчукту.

- Э, аба, биз эми качан кайтар экенбиз?

Бокбасар да бир убакта Түнтөй Жангарачка суроолуу карап, нестейип турду.

- А баатыр, сааты чыкканда. Көрдүңбү, ордоң менен опот болгурдуку, бул жерде жалаң эле бийлик үчүн кан төгүлүп келген. Ушу бек бизди бекер чакырды дейсиңби? Жыландай ийрилип кирип, сыртка чыкпады го ханың.

- Сатыкей, сен уккансың, буларың бизди түркөй эл көрөт. Убагында бизди кол жоолук катары кармайбыз деп Кетмен-Төбөдөн Шамен карынын эстүү десең эстүү, өңдүү-түстүү, иш билги кызы бар эле, анда менин жаш кезим болчу. Жанагы Мадали [moderated] колундагы бийлигине чиренип, Шамендин кызына үйлөндү, тиги куу. Анткени кетмен-Төбө Теңир-Тоолуктардын босогосу болуп турбайбы. Кызыбызды аларын алып, бизди куда-сөөк катары көрбөй түркөй эл, жапан эл деп келди.

Сатыкей шыпшынып алды.

- Аның тапкан экен, жапан элди!

Сатыкей өзүнчө ичинен кыжалат болуп, Түнтөй Жанаграчтын кебине арданып кетти.

- А атасынын көрү, ошол - ошол болду. Мадали ордосун кеңейтип, кыздарды пайдалангысы келди го.

- Ийе, ушулардын жүзү курусун. Көрбөйүн дедим эле.

Кудайым көрсөтөм десе, баарысын көрсөтө берет экен.

Хан ордосу кан жыттанып турганда береги кара чапандар көр тиричилиги менен болуп, дыйканчылык кылып, жерден башын албай иштеп жатышса, буларың тоонун элин алдап, бийине алтын берип, түндөсү ордо кыздарды бирден тоголотуп салып алардын күчүн алды. Кырылса, эл кырылды. Дагы эле бийлиги бар манабына баш ийип кыргыз жашап келди.

 

***

 

Тоодон баргандар эки күндөн киийн сапары карып, аттанышты.

Ортодо келаткан Бокбасар:

- Булар эле дейин десең, “туусканым” деп жүрүп Кененсары, Ноорузбайдын кең Чүйдү чапканы бар. Акыры алар да өз денесинин канына башы чыланып артка кайтты. Билбейт дейби, укпайт дейби кыргызды. Бир өзүлөрүнүн оюнда түркөй көрүшөт экен. Жаш чагында Шалтада болуп бир аз жыл жүрүп калдым. Солто туугандарга да ушу Кетмен-төбөдөн жардамга барышып, кайран эр-азаматтардын канчасы кайтпай калды дейсиң! Кудайга шүгүр, бир тобубуз аман-эсен келдик.

Бокбасар уруш кебин сүйлөп келатып “бырс” күлүп алды. Жангарач аны:

- Эй, сен эмне, жин даарыгандан амансыңбы? – деди эмнеге күлгөнүнө ынтызар боло карап.

- Ой, аны айтасың да... “Күнтуунун кыздары сулуу болот. Андан туулган бала баш койкоң болуп, ат качырбас боз айгыр болот” десе Коңур-Күздөгү ата-энени унутуп, күнтуулук бийкечке үйлөнүп, Шалтада жашап калганыма күлүп жатам.

Сатыкей Бокбасардан бул кепти күтпөгөндөй:

- Ой, жана ордонун диванканасына кирип барганда Мадалини жөөлөй олтурганыңда кеп бар болчу, аба, - деди.

- Ийе, жөөлөсө жөөлөп олтурдук да. Көзүн ачып жүрбөсө, тоо элин жапан жаныбар көрсө, ким экенибизди таанытып коёлу дедим, иним!

- Айта бересиң да, менин башым эле палегинен үзүп ала койгудай коон бекен.

Сатыкей каткырып күлдү. Аны туурап кошо келаткан атчандар “дуу” деп топ арасын күлкү аралады.

Бокбасар мостоё түштү:

- Эй Сатыкей иним, ушу башымды алдырып коюп эле Жангарач, Сатыкей баш болгон тоолуктар баса бермек белеңер?

Жангарач үтүрөйө түштү.

- Бокбасар, ашыкча кебиңди койсоңчу, тиги ордонун түрү начар, бизди элдей эл экен дештиби, башыңды албаса да итке сөөк ыргыткансып, бирден дүкөн чирик чапанын “жакшы барыңыздар” деп ууртунан күлгөн болуп, узатып коюшту. Андан көрү дың сууганда буларың биздин элге барып, малыбызды айдап, кыздарыбызды учкаштырып баса бербесе болду.

Ортодогу жымжырттыкты Сатыкей бузуп:

- Ой аба, алар келгиче даярданбай жаныбыз жокпу?

Тиги Эш-Сайыбыз, Токтобек кыштообуз турат. Ал жерден [moderated]ың өтө албайт. Мен тирүү болсом, жолун кан буугандай бууйм.

- Алдагы жалгыз мылтыгыңдан башка эч нерсең жок туруп, оолукпа үкөм.

Тынчтыкты Бокбасар бузду:

- Сатыкей туура айтат, дайраны жээктей келатканда таш кулатып, аттары менен дайрага агызып жибербей бизде жан жокпу.

Сакалын оң колунун манжалары менен тарап келатан Жангарач өзүнчө күңгүрөнүп , анан добушун бийик чыгара Бокбасарга кайрылды:

- Сатыкейге жардам берелик. Ошол айткандай кылалык.

- Чоң-чоң таштарды ордунан копшоп коёбуз.

Тийгенде эле кулай тургандай кылып даярдайлык.

Беркилердин кебин ынтаа менен угуп келаткан Бокбасар:

- Дайранын өйүз-бүйүзүнөн таш омкоролук. Кулаган таштын тиги өйүздөгүсү берки өйүзгө өтө качандай болсун. Жолдун жээги бүт көзөмөлгө алынып, келген сарбаоздордун арты качканда таш кулатканга, ал жактан да кишилерди таштардын далдоосуна тургузалык.

- Жалаң мылтык менен жеңе албайбыз. Кантсе да тоо басып көрбөгөн немелерди жол ортосуна бууп, каягына качса ошол жагына таш кулаталык. Бир жан артка кайтпасын.

Сатыкей тигилерге кошулуп:

- Бул ишти ичкиликтерден эч ким билбесин. Керек болсо аркалыгың да билбегени оң. Кабар жеткенде жетип келмей.

Сатыкейдин эрдигине ыраазы болгон Түнтөй, Жангарач:

- Оп, балакетиңди алайын, ушу сен бар болсоң экен! - деп жанына жете бастырып келаткан Сатыкейди жаш баладай имере кучактап, бетинен сүйдү.

- Атаң көрү, жаштын өйдөлөп баратканы да, болбосо азыр эле баратып Эш-Сайда калат элем.

- Аба, капа болбо, Эш-Сай менен Күрп-Сайдын ортосу канча чакырым болсо, ошончо чакырымга кулата турган ташты мына өзүм даярдайм.

Бокбасар:

- Эй, өрөпкүбө. Өзүм кошо келип жардам берем.

Сени түртө салып, ала качкан жан курусун.

Бокбасар асканы жаңырта зор денеси боз жоргонун үстүндө сүлкүлдөп көпкө күлүп, боз жоргосунун тизгинин тарта Сатыкейге кылчайды:

- Ачык сөзгө өтөлүк, үч кошундун ар биринде миңден киши болсун. Ар бири ондон таш оодарып кулатууга даярдасын. Ошондо үч жүз миң таш кантип чыкпасын?! Алардын он беши миң сарбозуна экиден таш туура келет.

Сөз ушуну менен бүттү. Жангарач:

- Бокбасар туура айтат. Адилеттүү сөз. Азыр барарыбыз менен кошуундун камын көрөлүк. Антпесек алдырып коёрубуз бышык.

 

 

***

 

Ошол коңур күз ого эле узак болду. Сатыкейдин ордого жөнөткөн чабарманы тегенени тепчип, жол билгендикке салып тез келди.

- Сатыкей аба, сарбоздоруңуз өтө тездик менен келип, Теңир-Тоону чапканы жатышат. Аларыңыздын: “Кетмен-Төбөнү ээлеп, чеп курабыз”, - дегендерин өз кулагым менен уктум.

Сатыкей от койгондой “дүрт” этти:

- Аны кимиси айтты?

- Ошол эле аскер башчылары. Күпүлдөшүп өздөрү кеп кылып жатышат.

Сатыкей ойлоно түштү. Үч күлүк атчан жигитин Коңур-Өгүздөгү Бокбасарга, Чоңкоодогу Түнтөй Жангарач атасына, Бегет Тургунбайына “токтоосуз келсин” деп чаптырды.

Капчыгайды жара тилип агып жаткан Нарынды өрдөп чабаганчылар кетишти. Алар аттарын кара терге чылап, үчөө үч жакка аттанышты.

Коңур-Күздө боз каймалын минип жүргөн алп денелүү адамды көрө Торгой баатыр жете келип:

- Ассолоому алейкум, жан аба? Эл аманбы, журт бүтүнбү? – дегенде:

- Ву-алекисалам, кел, кел, - деген Бокбасар коогалаңдуу шумдукту сезгендей боз каймалды чөктүрүп, Торгой баатыр менен кучакташып учурашты.

- Сатыкей абам жиберди. “Түндөп болсо да Бокбасар агаңа жет. Тиги ордого барып, чалгынга таштап келген чабарман келиптир. Кокондуктар он беш миң киши менен жүрүш жасап: “Кетмен-Төбөнү өрдөп, чаап, Сары-Өзөн Чүйгө өтөбүз” дешиптир.

Өмүрү шашып көрбөгөн Бокбасар баатыр боз каймалдын комун алып агытып жиберип, тез эле жайлоодогу боз жоргосун алдырды.

- Чын эле он беш миң бекен, саркери?

- Мен укканымды айтып жатам, аба. Калганын Сатыкейиңизден угасыз да.

Торгой төмөн жакты карап, өзүнчө улутунуп алды. Ары-бери басып, боз жорго токулганча өзүн тынчыткан Бокбасар:

- Торгоюм, алардагы күч бизде да бар. Бирок алардын артыкчылыгы – көптүгү, - деди.

- Ошону айтсаңыз.

- Атаа-а, боз каймал менен арык казганга камданып жаттым эле. Аным да калды.

- Быйылча тура турар.

Торгой Бокбасарга какшык сөз ыргытты:

- Сатыкейдин ишенгени сиз болсоңуз, анда боз каймал менен арык казганга чыга бериңиз.

- Ок, андай дебе, эл күтүп жатса, Сатыкейим күтүп жатса, арык казат элем деп жатып алайынбы?! Андан көрө өзүң укканыңды Кең-Коого барып, Жангарач баатырга айтып кел.

- Ал жакка небак чабарман кеткен. Ал эмес бегеттерге да кетти. Күчүбүз жетпей баратса, өйүзгү коңшуларды кошо чакырабыз.

- Сүйлөйт десе эле коркутуп, сөз ыргытканга маш экенсиң. Ал жакты козгобой ак кой. Анда бүт өрөөн бүлүнүп кетпейби, кокуй!

Торгойдон жооп күтпөй, жоо кийимин кийинген Бокбасар үйүнөн сурнайын алдырды. Торгой ага карап:

- Ийе, сиз качан [moderated] болуп кеткенсиз?

- Ой, Торгоюм, бул сурнай [moderated]дыкы эмес, кыргыздыкы. О Манас атабыз да сурнай тартып элин чакырган.

Ал Коңур-Күздүн бийик тектирине чыгып, сурнайын тартканда бүлүнгөн жигиттер аттуусу - аттуу, жөөсү - жөө жетип келишти. Бардык кабарды Бокбасардан угушту. Даяр жигиттери менен Бокбасар алдыга бастырып, кийинкилерине:

- Эй, тез баргыла, арык быйыл казылбай калды.

Сарбоздор келатса, биз арык казып жүрүп алганыбыз болбос.

Анан Жамаш деген жигитке карай:

- Боз каймалдын үстү-башын тарап, мурдундагы буйласын бошотуп жибер. Көз салып жүр! – деп табыштап коюп жүрүп кетти.

Бокбасарлар Жангарач менен Тургунбайдын кошуунуна тээ карт Нарындын кууш капчыгайына жете электе жете барды. Жаргарач жоо кийимин кийип, жамбашында кылычы, жонунда найзасы бар экен. Тургунбайдын жонунда кылычы, канжыгасында чокмор байлануу.

Үч кошуун Сатыкейге кеч бешимде жете келди.

Сатыкей эр азаматтары менен эбак эле тоого чыгып жол жээгине кулатмакка Күрп-Сайда таш оодарып жүрүптүр. Таштары да колдун учу тийип-тийе электе кулап кетчүдөй.

Тердиктин үстүнө жаасын коюп, кош басмайыл тартынган Сатыкей баатыр беркилерди утурлай, колун жаңсай булгалап токтотту. Жете келген Сатыкей, Бокбасар, Жангарач Түнтөй, Шыгай жана башкалары менен учуршып, боло турган алдыдагы ишти түшүндүрүүгө өттү. Күн жаап өткөнгө таштын түптөрү бошоп калыптыр.

- Биз кууш капчыгайды этеги Күрп-Сайдан, башы Эш-Сайдан жаз кечүүгө чейин кулатканга таш даярдайлык.

- Кайран кол, аларга корогон. Кудайым берген береги уйдун жумгагындай таштары турганда каякка бармак элек.

- Бокбасар аба, таш кулап кетпегидей кылып, келаткан жоонун өзүнө тийип көмөлөтө коюп, сууга алып түшкүдөй кылып даярдап коёбуз.

Сатыкей Бокбасар, Жангарач жана башкалар баатырлардан жооп күтпөй, өзү кулатууга даярдап койгон уйдун жумгагындай таштарды көрсөттү. Бокбасар ыраазы болбогондой сурады:

- Ошол элеби? Чабышпайбызбы?

- Ой, ооба, аларга каршы курал өзү даяр турса, эмнеге чабышалы?

Бокбасар “борс-борс” күлдү:

- Кел, береги ташты омуруп көрөлүчү.

Ал боз үйдүн жумгагындай ташыт ордунан жылдырып келатканда:

- Токтот, кокуй күн, токтот! – Сатыкей Бокбасарга кыйкырып жиберди.

- Ой, аба, сиз минте берсеңиз аска боорундагы көрүнгөн түбү бош таштан эчтеке калтырбай кулатасыз го? – деди анан.

Жангарач Бокбасардын күчүнө таң бере:

- Баракелде, Бокбасарым! – деди.

Сатыкей жаңы келген үч кошуунга иш бөлүштүрүп берди. Алар ишке киришти. Бир кезде үйдөй болгон боркул таш төмөн кулап, так жолдун таманына түшүп, ал жерден жай алгандай кырданып туруп калды. Сатыкей чаңырып ийди:

- Ой, береги ташты ким кулатты?!

- Мен! - ары жактан бир жигиттин үнү чыкты.

- Мындай кылбагыла! Сарбоздор бул таштан өтө албай артка кайтат. Алардын акыркысы кең түздө калып калат. Бир таш да азыр кулабасын! Бар, өзүң жолдон ары дайрага кулатып жибер.

Тиги жигиттин мээсине эми жеттиби, эликче секирип түшүп, ташты сууга кулатып, жолду ачып кайра келди. Үч күн бою таш оодарып, алар өздөрүн да, иштерин да Сатыкей баатырдын сынынан өткөрүштү.

- Э, аба, бу сиз сарбоздорго куп кана милте болуп берет экенсиз. Алп денеңиз кулата турган таштан да чоң болуп, өзүңүздү жашырарга аска таппай каласыз го?..

Тамаша-чындан ушинткен Сатыкей Бокбасардын ордун көрсөттү:

- Тээтиги арча турбайбы, көрдүңүзбү?

- Ооба, көрдүм.

- Жаныңдагы мурундун кырбуусундай жонос асканычы?

- Аны да көрдүм.

- Ошол сиздин кароол ташыңыз болот. Анда сиз ошол арчага жетип, боркулдун далдоосуна бекинесиз. Андан кырк чакырымдан ашык жер бүт көрүнөт. Жалпы кошуунга көз болосуз.

Ылдыйтан чабаганчы келди. Чаар аргымак ичин тарта солуктап, бүт денесинен тер тамчылайт. Аттын эки көзүнөн агып жаткан терин чабаганчы жеңи менен арчып жиберди. Денесиндеги топурак терге аралашып, “тып-тып” таамп жатты. Бирок эки көзү ачыла түшкөнгөбү, ооздугун кемирип, ордунда тыбырчылап силкинди.

- Аларыңыздын жетээрине күнүмдүк жол калды.

Жарымы атчан, бир тобу жөө экен.

Сатыкей обдула түшүп сурады:

- И, анан дагы эмнени көрдүң?

- Боз тобурчак минген кара сур киши колду тескеп, бирде алдыга чыкса, кээде артка чапкылап, баштап келе атат.

- А Маделинин Саркеринин өзү экен.

- Жангарач аба, ошону биринчи өткөрүп коёлук. Эң арты кууш капчыгайдан өткөндө мен өзүм белги берем. Таш кулатам. Бокбасар аба, сиз келген сарбоздордун аман калганы болдубу, качканы болдубу, ошону байкайсыз. Бардыгыбыз өз кошунубуз менен болобуз. Ырас кылыпсыңар, өйүзгү туугандарды кошкондо бул күңгөйгө батпай калмак экенбиз.

- Ошону ойлодук да.

Бокбасар адатынча карсылдап, үнүн чыгара күлдү.

- Анда эмесе ордубузга кеттик.

Бокбасар жалгыз арчага жетип, оң капталдагы мурундун кырбуусундай аскага келип, өзү баткандай үңкүр бар экендигин көрүп, ошол үңкүрдүн ичин бир сыйра байкап, артка кайтып эки жагын караса этеги Кең-Түс, баш жагы Жазы-Кечүүнүн ылдый жагына чейин көрүнөт экен.

Кулатууга даярдалган таштар дүрмөттөлгөн мылтыктын огундай болуп, анын далдоосундагы жигиттер тегиз көрүнөт.

-Кайран Сатыкейим, жердин уусун билет да. Өмүрүң узун болсун, - деп өзү комдонгон жолборстон бетер үңкүрдүн оозуна, туш тарабы көзүнө көрүнгөн жерге жата кетти кыбаачы.

“Капырай, тигилериң качан келет?” – бир убакта Бокбасар зеригип кетти. Күн шашке болгон ченде ылдыйтан каз катар тизилген турнадай болуп, алдыда төөлөрү, артында атчан сарбоздору келатты.

Дайра “гүү-гүү”, “шарп-шарп” этип, анда-санда таш кулатып, алды күңгүрөнүп агып жатат.

Бокбасардын алдындагы жалгыз арчага учуп келип конгон сагызган этек жакты карап, шакылыктап сайрап жатты.

- О, келатышкан экен!.. Тигини, атаңдын көрү-ү, шакылыктап келип менин жаныма конгонун!

Ал “Чүш!” – деп сагызганды учуруп жиберди. Сагызган аркы өйүзгө өтүп, бийик асканын кырына конуп шакылыктай берди.

Сарбоздор өтө баштады. Сатыкей тынч жатты. Алардын этеги кең жайыктан өтүп, тумшукту имерилип калды.

Сарбоздор асканы аңкая карап калышты. Койдой, уйдай таштар биринин артынан бири кулап, алар артка качышты. Таамай тийген чоң таштардан далдалана топтолуша калышып, а бирок үйдөй таштар болбой эле атчандарга тийип, үстүндөгүлөрдү аты менен оодара коюп, таштар да, кишилер да сууга кулады. Аттардын кишенеген үнү капчыгайды жаңыртып, кулаган таш тийгенин тийгендей көмөлөтө коюп, сууга “чүлп” эте сууга алып түшүп, тынчып калат. Жөөлөрү таш тийгенде эле сууга кулап, кара чапаны делбектеп биринин артынан бири агып барат.

Айлана тынчый түштү. Жапалак үкү тынчтыктан пайдаланып, капчыгайды эңиштеп учту.

Айлана тып-тынч. Суунун шарынан башка үн жок. Баягы асканын кырында конгон сагызгандын гана ар жерге учуп-коно калып, шакылыктаганы угулат.

Сатыкей ордунан тура калды. Чаар атчан жигит жанында эле. Бирок чаар аты көрүнбөйт.

- Ой, дагы барбы артыңда?

- Жок, болгону ушу болчу.

- Жанагы ак боз атчан киши эмне болду?

- Сууга кетти!

- Тирүүбү?!

- Кайдан тирүү болсун!

Өйдөтөн Бокбасардын аба жарган үнү угулду:

- Алар бүт түгөнүп бүттү! Бир атчаны калды. Өйдө-ылдый чапкылап, аскага далдалана калып, айласын таппай жатат.

- Кайсы жерде?

Сатыкейдин ачуу үнү киркиреп, кектүү чыкты:

- Анысына тийбейлик! Коконуна айта барсын, тоо эли кандай эл экенин мындан ары биле жүрүшсүн.

- Тынчытып койбойлубу?

Сатыкей аскадан берилеп түшүп келаткан Бокбасарга карады:

- Кой, аба, айта жүргөнүнө жакшы. Коё берелик.

Андан көрө кошуундарга белги бериңиз.

- Туура айтасың. Жолдо жаткандарын жерге жашырып коёлук. Антпесек мусулманчылыкка туура келбей калат.

Сатыкей ыраазы боло:

- Ой, Бокбасар аба, мейли, сиздин айтканыңыздай болсун!

Коңур-Өгүз, Чоңкоо, Кызыл-Уран, Эш-Сайдан келген жигиттер чогула калышып, сарбаоздордун денесин ташка корумдап жатышты. Өз тилегине жеткен Сатыкей терисине бапай семирип, кошуунга ыраазы болуп, жүзү жайдары.

- Мен мындай болбой калабы, азыраагы алдыга өтүп, көбү качып кетсе, кандай болот деп жаным жай албай турду да.

Арытан жанына басып келген Жангарач саксына:

- Мейли, туулмак бир, өлмөк бир. Мадалинин саркерлерин артына кайтарбадык. Ошонубуз абийир болду.

- Ой, анан бир сарбозду Бокбасар экөөң эмнеге бошотуп жибердиңер?

- Айта барсын, тиги сартына.

- Аның го туура дечи, кайра кол курап келбес бекен?

- А Сатыкей, аның ийнинде тынч жатпайт. Теңир-Тоого баары бир өтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   bema_bema   10 Февраль 2016 - 05:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

- Эмне деп жатасың, жарыктык?!

Сатыкей ордунан обдулуп тура калды.

- Сатыкей, тын3чтан! Эмнеси болсо да сак бол.

Ордодон кабар алдырып тур.

 

***

 

Жангарач, Бокбасар, Түнтөй баш болгон куралчан кол дайраны өрдөп, жогору чубама жол менен кайтып баратышты.

Сатыкейдин тынчы кетти. Мадали ар кандай амал ойлоп табат. Коргошундуу- Булактын өзүнө барып, ок даярдабасак болбойт. Отунду ошол жакка ташытып кен эритебиз. Мерчемдүү жерлерге окторду жеткирип, кургак сактап белги коёбуз.

Бул оюн ичине сактап, мергенчилери менен үйүнө барганда ортого салды. Эртеси күнү кен иштеткенге топ атчан коргошундуу булакка жөнөп кетишти. Бул окуяны өздөрүнөн башка жан адам билбеди.

 

***

 

Ысмайыл боз чым баскан көрүстөндү карап, көпкө ойлуу турду. Аларга атап куран окуду да, атасы Алымдын жаткан жерин карады. Андан бери – Көкүмбайдын кабыры.

“Атаңдын көрү-ү, жашоо дегениң зымырык куштай учат экен го. Кечеги эле борбую толо элек Кыдыкем минтип эл оозуна алынып, “кыбачы” аталып, ак каймалын комдоп канча арык каздырбады. Мен жетимишке барып калдым. Жангарач абам Коконго Кыдырсейит менен кошо чакыртылганда эр ортонунда курагым эле.

О, андан бери Жангарач абамдын көзү өттү, Кыдыкемдин ысмы өзгөрүп, Кокондон: “Мунуңардын аты ким?” - десе жанагы Көйрөң (Кудай албагыр): “Бокбасар” дей салып... Эми ысмына арданбай, кайра күлүп калат: “Ошол шашма Көйрөңдүн берген ысмы. Кокондон таап келген атым”, -дейт. Кайран киши, кебелип койбойт да”.

Ысмайыл өзүнчө курсант болуп, башын чайкады.

“Ой, тобо, Жангарач абам айткандай, уй күтпөгөн ордодо уйдун жампасы кайдан пайда болду десең?! Бу да Кудайдын берген белгиси го”.

Ушул күнү оюна туура келдиби, колуна таптап жүргөн кушун кондуруп, Ысмайыл жол ортосуна чыкты.

Ал кушун жанындай көрөт.

- Ой, Ысмаке, качан кекилик алдырасың? – дегендерге:

- Табына келсин! Кекилик балапандарын учуруп, өзү бөлүнүп семиргенде, - деп коёт.

- Боз кыроодо чыгасыңбы?

- Таппасаң сыйпалап кал! Оп, бали! - деп шаңдуу жооп берет.

Ысмайылдын төрт сап ыры бар. Аны бул аймакта билбеген киши жок. Ошол ырын кыңылдап ырдап:

“Аргымак бактым, ат бактым,

Буудан болуп берген жок.

Жээн баладан көп бактым,

Тууган болуп берген жок”, - деп бул сапар да сабыры суз.

“Кудай өз маңдайыңа жазбаса, иш ыйын экен. Тогуз кыздуу болуп, аларга кошуп жетөөнү асырадым. Богунан арылып чоңойгондон кийин эле туугандарын таап кетип калышат”.

Арытан ат тердетип жете келген Ысмайылга:

- Ассалоому алейкум, тага? – деди.

- Ву-алейки салам! Бу сен кайсы жээнимсиң?

Ысмайыл оң колун көзүнүн үстүнө серепчилей карап, сол колундагы кушу талпынганда адаты болуп калганбы, кушунун башын сылап, чоочун адамды карады. Келген адам Жоодардын тың чыкма жээни Шамен экенин эми тааныды.

- Келип калыпсың, баягы ойноок Шамен эмессиңби?

- Ооба, тага, ошонун так өзүмүн. Эки жаат улак тартканда жээнсинтип байгемди бербей коюп, туугандарыма кетип калган Шаменмин.

Ысмайыл ичинен күңгүрөндү: “Тобо, накта Шанай Шамен болгон го?”

- Каякка жол тарттың?

- Таяке, атайын жол арытып, алыстан Бокбасар тагама келаттым эле.

- И, жакшы, Шаменим...

Шамен башын көтөрө:

- Жоодар таякемдер кайсы конушта?

Колун серепчилеген Ысмайыл:

- Тээтигил жалпак боз үй Жоодардыкы. Түз эле барсаң Жоодардыкына тийесиң. Андан көрө аттын тизгинин тартып, биздикине кайрыла кет. Жоодардын да, Бокбасардын да конушу ушул Коңур-Өгүздө.

Эрмек таппай турган Ысмайыл Шаменден жооп күтпөй, үйүн карай басты. Жолдо баратып:

- А тага, кайсыл жээниңден көңүлүң калды? – деди жээн.

- Аны ич билет да. Андан көрө аттан түш. Мен кушту тууруна кондура коёюн.

“Шып” этип үйүнө кирип кеткен Ысмайыл кушун тууруна кондуруп коюп, тез эле чыкты:

- Үйгө кир, жээн иним?

Өзү алдыга жол баштап, артынан Шамен кирди.

Ашкана тарапта иш кылып жүргөн Апар байбиче ортого тасмал жайып нанын, каймагын коё, керегеде байланып турган чаначын чечип келип кара кеселерге кымыздан куйду.

- Сен Бокбасар тагаңа келатам дедиңби?

- Ооба, тага.

- О, ал жөнүндө узун кеп. Азыр эшикке элпек чыккан

Ысмайыл кара козуну алып келип:

- И, жээн, козуга бата кылып койгула, - деди. Бата кылгандан кийин Шанай Шамен ордуна отура алган жок. “Шып” сырт кийимин чечинип, Ысмайылга кара козуну союшуп, жиликтеп бүтүп, казанга салышты.

- Балам, сен меймансың, үйгө кире бер. Мен, кемпирим экөөбүз эле ырастап жиберебиз. Ага эмне, өзүм жалгыз эле...

Ысмайыл казанга салынган козунун эти кайнагыча:

 “Аргымак бактым, ат бактым,

Буудан болуп берген жок.

Жээн баладан көп бактым,

Тууган болуп берген жок”, - деген ырын бир нече жолу кыңылдады.

- Атаңдын көрү-ү... - Шанай Шамен сустая,

Ысмайылга көз тикти: “Кайран киши, жашы да өтүп калыптыр. Кемпири да өзүнөн бир аз эле кичүү болбосо, экөө тең чамал го. Кудайдын кылганы да, эркек бала берип койсо эмне!”

- Таежемдер катташып турабы?

Камыр жууруп жаткан кемпир:

- Ооба, айланайын, апта айланбай бирден келип турушат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, - деди.

“Аттиң, Ысмайыл кары тогуз кызын бириктирип бир эркек балача көрбөйт го. Уул дегенде эки көзү төрт болуп жүрүп көзү өтө турган болду”.

Шамен Ысмайылга карады. Кемегеде от жагып жаткан байбиче кайрылып ичке кирсе, Шамен бутун кеңири сунуп, этегинде Ысмайыл кары отурат. Таекеси жээнге карап, жаш кезинде Качканак бабасынын тизесине жөлөнүп, үйдө отурган аксакалдардын кебин көп тыңшаганын айтып, ал учурун эсине түшүрүп отурду.

Ошол уккан икаясын Шаменге айтып мактанайын дедиби, же черин жазып, Кызыл-Үңкүрүнө айта барсын дедиби, андан жооп күтпөй сөзгө кирди:

- А Шамен балам, береги өндүрлөрдө эл толо кези экен. Бийлери кийер тонун кийип, ичээр тамагын өз маалында ичип, күндүзү - кымыз, түнү - кыз болуп жатканда калмактар менен кыргыздардын ортосунда чабыш башталат. О, ошондо калмактын ооматы тайып, алар салган чөмүчтү кыргыз салган маал келет. Адигине менен Тагай бийдин чөбүрөлөрү доор сүрчү мезгил келди. Ошол мезгилди карылар: “Калмак жапырыгы” деп аташты.

Кийинчерээк эле Кетмен-Төбөнү жердеген Чаар тукумунун бийи Эр Кошой Кокон хандыгына моюн бербей жашады. Ыгым-чыгымын төлөбөй койду. Бирок өздөрү Коңур-Өгүздү жердеп, бир айдап барганда түмөн жылкы айдатып, Кокон шаарын каптатып жиберет. Кокон ошого ыраазы болуп, Кошой бийге деген кеги тарап, үстүнө дүкөн чирик чапанын жаап, аялдарга деп мата берет экен.

“Бирок курал-жарак береби”, - деген Кошой үмүтүн үзбөдү. Кокондуктар курал-жарак бербей, көк өгүзгө шаамыяны менен ок жыгачын даяр кылып, буурусун тартуулайт. Ошентип Талкандын небереси Кошой, Бакы, Багышан, Жайыл, Кедей, Райыбек, Көгөй, Көйкөн, Назирлер Кетмен-Төбөдөн кыз алып, тукумун көбөйтөт. Кийин Кошой бий жер жырттырып эгин сээп оокат кылдырып, солтолорду тың оокаттандырды.

Кайран Кошой Коңур-Өгүздө шаамыяны менен кош өгүзүн жоготуп жиберет. Ал жерде Кошойдун өгүзүн издеп жүргөнүн кимдир бирөө көрүп калат. Жердин көркүнө суктанып, ага таң берет:

Коңур-Өгүз, Кош-Туулук,

Кошой бийдин жери экен.

Кош өгүзүн жоготуп, мунун

Кокуйлашы эп экен! – деп тиги Кең-Туулукка атына камчы шыбап, моюн тердетип кырга чыгат. Эки тарабы бүт көрүнөт. Ошол азамат кийин Чүйгө барганда Кызыл-Тууну жердеп калып, атайын солтолорду чакырып ак боз бээ чалып:

- О, калайык, бабабыз Кошой бий сексен беш жашында дүйнө салып, сөөгү Коңур-Өгүздө калды. Өгүздөрүн жоготкон жерде Кең-Туулук, Тартуулук деген жер бар. Береги биз конгон жер ошол жерге окшош экен, атын – Кызыл-Туу коёлук, - деди. Ал Сокулуктун тоо тарабында болуп, элиги төрдө бакырган, аюу, жолборс Сары-Өзөнүн мекен кылган жер экен. Ушуга макул болуп бергиле, - дейт.

Ошондон баштап Чүйдөгү Сокулуктун батыш тарабын ээлеген кең өзөн Кызыл-Туу аталып калды.

- Э, Ысмайыл тага, Качканак чоң таятаны көрүп калдыңызбы?

- Айтпадымбы, көрмөк тургай тизесинде эркелеп, карылардан эмелеки айткан икаяны да угуп, көкүрөккө жат кылдык.

Сырттан байбичеси кирди.

- Бай, оокат бышайын деп калды. Эркек эмессиңби, чий көбүгүн калпып алып, сапырып кой, - дебеспи.

- Азыр, - деп ордунан козголгон Ысмайыл:

- Жээн баладан көп бактым,

 Тууган болуп берген жок, - деген көнүмүш сөзүн айтып, эшикке чыгып баратты.

“Кайран киши, жашы өйдөлөп, өз денеси өзүнө оор сезиле баштаган сайын, эркек баланы көп эңсейт экен. Байбичеси кеңеш берип, токол алып берип койсо, эми деле дарамети бардай. Эркек балалуу болуп калса өзүнө деле жакшы да”, - деген Шамен Ысмайылга жардам бергени артынан кошо басты.

Оокат алдыга келип, үчөө тамакка карашты.

- Тага, Бокбасар нече жашка келди?

- Жакында эле Илепес деген уулуна Кутунай уруусундагы аты чыккан Султанкул байдын кызын алып берди.

- А, тагам келиндүү болуп калган турбайбы?

- Ооба, келиндүү болду.

“Атаңдын көрү, Ысмайыл тагамдын жарасын дагы чукуп алдым, ээ? Бу шок ооз болбойт экен. Канчалык сактанайын десең деле сөз “атасы” келгенде айтылып кетет тура”.

Шанай Шамен көз кыйыта, Ысмайылды уурдана тиктеди. Ысмайыл жото жиликтин чүкөсүн чыгарып, тазалап жеп жаткан экен.

- Сиз Бокбасар аганын канча арык казып, суу чыгарганын билесизби?

- Билбей, анан! Аны менен кошо бастырып жүрсөм, билем да!

- Ар бир казган арыгынын өз тарыхы бар чыгар?

- Бар эмей, анан! Бар...

Тамак желип бүткөндөн кийин, жээн:

- Бокбасар тагам арык казып берсе сооп болот эле, - деп келген жөнүн айтты.

- А, жээним, аны эртең сүйлөшөлүк. Андан көрө тынч эс алып, эрте тур. Бокбасардын арыктарды кантип казганы жөнүндө кеңири баян кылып берем. Кызыл-Үңкүргө кеп куржунун ала кетесиң. Айта жүргөнүңө жакшы.

Түн. Айлана тыптынч. Сыртта тушоолуу эки аттын гана оттоп жүргөнү болбосо, бейчеки башка добуш жок. Таң агарып келатканда турган таяке-жээн сыртка чыгышты. Кемпири да эрте туруп, кемегеде асылган казанга түндөгүдөн калган жылытмасын ысытып жаткандай.

- Ке, жээн, тээтиги боз адырга чыгып келелик. Ошол аймактан Бокбасар тагаңын арыктарынын үчөөсү көрүнөт. Калган арыктары жөнүндө дагы сөз кылабыз.

Эки караан боз адырга чыкканда таң аппак болуп атып калган. Ысмайыл көтөрүп келген көрпөчөсүн экөөнө ылайыктап төшөп, Бокбасар казган арыктар жөнүндө сөз баштады.

 

***

 

- Э, жээним, Бокбасарды сыртынан мактап жатат дебе. Аны мактап, сенин көңүлүңдү алайын деген жерим жок. Тек гана болгон чындыкты бир аз болсо да айтып берейин дегеним.

Кези келгенде өзүнөн да угарсың. Бирок өзү бирөө мактаганды жаман көрөт. Өзү мактанбайт. “Колдон келгени ошол да”, - деп коюп, боз каймалына көз салып жүрө берет.

- Боз каймалдын бул жерде кандай тийешеси бар?

- Э, балам, ошол боз каймалды минип алып, сууну өрүлөп бастырат. Каймалы кайсыл жерден токтосо, жаңы каза турган арыгынын алышы ошол жер болот. Боз каймал каптал менен акырын басып кете берет. Бокбасар ал токтогондо артта белги коюп келаткан адамдарга көз салат. Качан гана белги коюп келаткандар боз каймалга жете бергенде арык каза тургандарды тескеп, аларга үн катат. Төө акырын басып, учуп кете тургансып аста жылат. Тээ буудай же таруу, жүгөрү айдалган аңыздын башына барганда өзү “тык” токтойт. Төөдөн түшө калган Бокбасар төөнүн буйласын бош коё берет да, алыштын башына өзү текенин мүйүзүн кайнатып, жалпайтып жасап алган кайлоосу менен из салат. Артынан каз катар учкан турналардай болуп эл түшөт. Билектей суу алыш башынан жаңы жүлгөгө түшүп, казыла турган арыктын таманын ным кылып, жерди жумшартат. Ошентип отуруп арыктын учуна элди бир чыгарып, түштөндүрүп алат да, аны кайра кеңейтип каздырат.

Суу ичпеген эгинге алгачкы суу жайылып агып келип, эгин суу ичет. Талааны сугара турган дыйкан өзү жердин ээси болот.

Мен айткан кепке түшүндүңбү, жээним, Бокбасарым ошондой.

Кайран киши, ушул жазда эле топураган элди эрчитип, боз каймалы менен барып Туздуу-Суудан Чоң-Дөбө деген жерибизге арык каздырып, суу алып чыкты. Эпсиз чоң денесине жарашып турган калдайган башындагы калпагынын кыргагын ылдый түшүрүп алып, алыш башынан түшкөн арыктын ченин алып бүткүчө унчукпайт. Өзү да кыялы бир кызык, жибектей созулган неме.

Кыбачым бир жылда бир эмес эки, үч арык бүтүргөн жылдары болду. Ошол Борду суусун Көтөрмөгө чыгарды. Айтып отурсаң өзүнчө эле жомок. Эми мен Бокбасар салдырган арыктарды санай берсем, түш болуп кетет. Жүрү, андан көрө үйүнө алып барайын.

Алар Бокбасардыкына кетип баратышты.

 

***

 

Шамендер барса Бокбасар үйүндө экен. Эшиктен кирип баргандарды каршы алып, тез эле үйүнө кирип кетти. Жаңы келген келин беркилерге дасторкон жайып, болгон даамын алдыга коюп, арыта ашкананын оозундагы арча баканга аса байланган чаначын алып келди.

Бокем да келинге жардам берип, чаначты чайкап-чайкап алды. Бокбасарга караган Ысмайыл:

- Бу баланын апасы көрүнбөйт да? – деди.

Кеседеги кымызды сунуп жатып:

- Түнтөйлөргө кетти эле, - деп койду. Ысмайыл башка сурабады. Жымжырттыкты кайрадан Ысмайыл бузуп:

- Бокбасар иним, тигил Кызыл-Үңкүр тараптан береги эбелектей Шамен жээниң: “Тагам арык чыгарып берсе?” – деп келиптир, - деп сөзүн токтотуп, Бокбасарга карады. Бокбасар башын өйдө көтөрдү:

- Сен кимдин баласы болосуң?

- Жоодар таганын жээнимин.

- Биздин Жоодардынбы?

- Ооба.

- Анда сүйлөшө турган кеп бар. Арык жөнүндө кеп козгобой, тагаларың менен тамактанып ал.

Бокбасар кебин улантты:

- Бул жылы Кызыл-Үңкүргө бара албайм. Өзүң көрдүң, чоо-жайды. Арыктарым бүткөндө өзүм кабар бердирем. Капа болбо, жээн.

Шанай Шамен кийнки жылы келмек болуп, артка аттанып кетти.

 

***

 

Бокбасарды “арык чыгарып бересиң” деп солто уруусунан Нышаанын тукумдары атайын ортого киши салып чаптырышат.

Ошол жазда кыбаачыны Султанкул кудасы чакырып калат.

Султанкул байдын болуп-толуп турган убагы. Келинин төркүлөтүп бармакка Бокбасар тууганы Мамбеттин байбичесин кемпирине кошо кошот.

Келини төркүнүнө жөнөөр мезгили болгондо уулу Илепес келини Айжаркынды үйүнө чакырып алат.

Кызындай көргөн келини Бокбасарды өз атасындай көрүп, кеңешип иш кылчу. Келини элем деп тартынбай, көңүлүнө кир кетеби дебестен оюндагысын ачык айтып, кайнатасына ошол ачыктыгы менен жаккан тура.

- Балам, атаңа баратасың. “Чыккан кыз чийден тышкары” дейт, Илепес экөөңөрдүн оюңар бир болсо, тукумуңардын өсүшүнө жакшы. Менин сенден суранарым, Султанкул куда колу ачык, жакшы адам. Көр дүнүйөгө азгырылбай, менин айтканымды кулагыңа сактап ал. Билип турам, “төө баштап, тогуздап мал берем, ошону алып кеткиле” дейт. Ага көнбө, Айыке. (Бокбасар келинин кызындай көрүп, Айыке деп эркелетчү).

- Илепес, угуп жатасыңбы?

- Уктум. Бергенин алабыз да, ата.

- Ийе, дүнүйө десе кулкунуң куурап жатат, ээ?

Бокбасар уулунун көңүлүнө кетпесин деп, “борс-борс” күлдү.

- Айта бериңиз, ата. Бардыгы сиз айткандай болот, - деген келини кайнатасына суроолуу карады.

- Жаман урган, сага караганда Айыкем түшүнөт.

Бокбасар келинин көтөрө чалып мактап, кебин улантты:

- Куданын байгеден биринчиликти бербеген, даңкы далайга кеткен Тору жоргосу бар. “Кызым, ошону ал” – дейт. Ага да болбо.

Тору жоргону укканда Илепес ордунда тыбырчылап, атасынын аны да “алба” деп каршы болуп жатканын жактыра берген жок:

- Я, ата дейм, анан куру жалак эле келе берилиби?!

- Ап, балам, ай! Шашмалыгың, ай! Айыке балам,

Илепестин тизгинин анча-мынча тарта жүр. Өзүңдүн кеңешиңди ортого салып “туурабы,туура эмеспи”, салмактап чечкенге үйрөнгүлө.

- Ийе, Илепес, сөздү жыра талашпай турсаң.

Келин күйөөсүн карап койду. Илепес “мейли” дегендей жылмайып, унчукпай калды.

- Айыке, уругуңар Кутунай болот, аны билесиң.

Менин бир өтүнүчүм, ошол жерде жашаган тууган-уруктардын айдоо аянтынын бардыгына суу жетип, эгини мол болсо дейм.

Келини кайнатасынын кебин жан ынтаасы менен угуп турду.

- Күч-кубаттын барында Коңур-Өгүз, Тартуулук, Кең-

Туулуктун өзөндөрүн бириктирип, Кетмен-Төбө тоосунун түбүнө чейин Үч-теректин суу баскан жерлерине суу чыгарып берсем. Ушул жерди жердеген Бегеттер, Кутунайлар, Өйдөчектилер, дагы башка уруулар байгерчиликте жашашса деген ой. Ан үчүн арык керек, балам. Султанкул кудаман арыктын нугун сура.

Айжаркын жеңилдей түштү:

- Болуптур, ата. Элден безер болбойлук.

Айтканыңызды аткарам.

Келининин шар сүйлөгөнү жактыбы, Бокбасар:

- Жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болсун! – деп батасын берип жиберди.

Султанкул кудасыныкына кетип бараткандарды карап, ойлуу: “Үч өзөндүн суусу бурулса кырк чакырымга жетет, элдин көп керегине жарайт...”

Ал арыта оттоп жүргөн жез буйлалуу боз каймалын жакшы көрүп, төөнү көздөй сыймыктуу басып баратты.

 

***

 

Кызы Айжаркынга атасы:

- “Базар – барга таттуу, жокко – ачуу” дейт. Андай кылбай, төө баштап, тогуздап мал берейин, - деди. Кайненеси унчукпады. Жаш кезинен Султанкул менен “кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей, оюн ортого салып көнгөн жалгыз кыз:

- Ата, төө баштап тогуздаган жандык малыңызды өзүңүз алыңыз, - деп өзүнүн тууган энеси Салкынайды карады. Салкынай капа болгонсуп, байын жактырбагандай эшикке чыгып кетти.

- “Жалгыз кыз – жаламай туз” болуп, жалаң эркек балдардын арасында чоңойдуң. Сенден аяган дүнүйө курусун. Даңкы далайга кеткен тору жоргону токутуп, көкүлүн шүйүп кебез байлатып, алдыңа тартуу кылдым.

Эшиктен Салкынай кирип келди. Ал кызын өзгөчө жакшы көрчү. Байы менен тартыша кетсе эле:

- Э, койсоңчу, атасы! Сен өлгөндө сөөгүңдү кайтарып, “атакелеп” буркурап, кошок айтып элдин баарын ыйлата турган кыз ушул, - дечү. Бул сөздү укканда Султанкул кызына ыраазы боло, көпкө карачу.

- Эмне болду, ата?

- Жөн эле, кызым.

Андайда кызы апасына:

- Айта бересиз да! Атам узак жашайт. Жаман сөздү оозуңузга албасаңыз! – дечү. Атасы макул боло:

- Айланайын, айланайын! – деп сөз таппай, кызын маңдайынан жыттап:

- Ошондой де, апасы! – деп карсылдап, жыргап күлүп калар эле. Өзүнүн торужоргосун да кызынан аянбай, берип жатканы ошол болчу.

- Ата, Торужорго сизге ылайык, туура келсе Коңур-Өгүздөн Кетмен-Төбөгө чейинки суу баскан аралык отуз жети чакырым болот экен. Ошого чейин казылчу арыктын нугун сурадым. Ошону бериңиз ата, башка сурабайм.

Султанкул жашып кетти. Ал жөнөкөй жашыган жок. Кызынын иш билгилигине, зиректигине жана да: “Кыбачы кайнатасын да мендей көрүп, атасы менен ачык сүйлөшөт тура”, - деп ичинен ыраазы болуп жашыды.

- Ал, балам, ала гой. Төркүлөп келгениң эле ошол болсо, сага бердим. Бокбасар кудама мен айткан сөздү өзүң айт. Кудам да бир нерсени билип айткандыр. Үч өзөндүн эли арык казууга жардам беребиз. Салам дубамды кошо айта бар, Айыке!

Айжаркын энчиси колуна тийгенине сүйүнүп кетти.

- Ата, сизге ыраазымын. Ылайым ыраазымын!

Кыз атасынын сакалынан жыттаганда, Султанкул ого бетер жашый түштү. Анан:

- Төркүндөрү мингич бербей узатыптыр дебейби, кокуй! Тиги Тору кашканы үйүрү менен бердим. Айдатып, жеткиртип берем, - деп өзүнчө шашып калды.

 

***

 

Бокбасар кудасыныкына кеткендер келгенден кийин келинин өзүнчө бөлүп чакырып:

- Иш орундалдыбы, Айыке? – деди.

- Ооба, ата, Тору кашканын үйүрүн көрүп, чочуп кеттиңиз окшойт. Бардыгы сиз айткандай чечилди. Болгону: “Эл эмне дейт? Көргөндөр кеп кылбайбы”, - деп үйүр жылкыны кошо айдатып жиберди. Анан да: “Кутунай уруусу, башка уруулар баш болуп, арык казганга жардам беребиз. Өзүбүз жактагы элдин союшун өз мойнума алам. Кудага айта бар” деди. Атам эмнени айтса, ошону айттым.

Сүйүнгөн Бокбасар:

- Көшөгөң көгөрүп, эч нерседен кем болбо, Айыке! – деп өз кызына бата берип жаткандай калдактап, ары-бери баса берди. “Айыке ишке жарабадыбы! ” – деп өзүнчө сүйлөнүп, күңгүрөнүп жүрдү.

Айсалкын менен кайнатасы үйгө киргенде байбичеси сүйлөндү:

- Э, байым, келиниңе баарын берсе албай коюп, сураганы – казыла элек арыктын нугу!

Арытан обдула берген Илепеске Бокбасар: “Тынч!” – дегендей кол жаңсап, байбичесине:

- Айыкем Илепес балаң экөөң чече албай турган нерсенин башын ачып келди. Келиним ушундай эле дейм да!

Бокбасар бир азга унчукпай калып анан:

- Байбиче, мал менен адамды тойгузчу – ошол суу баскан өрөөн болот. Дан болсо – жем болот, дан болсо – ун болот. Ошону кантип көбөйтүп, пайдаланарды билген Айыкеме рахмат! – деди эле, эне-баланын оозу жап болду.

-  Тоң чыкканда арыкка киришебиз, Кудай кааласа. Кудам да жардам берсе... - деп сүйүнгөн кыбаачы анан боз каймалына көз салганы аттанып кетти.

 

***

 

Кыбаачы адатынча төөсүн комдоп минип, Коңур-Өгүздүн суусун бойлоп баратты. Чыгарчу алыштын башына барганда жез буйлалуу боз каймал токтоп калды. Ал төөдөн түшүп, суунун жээгиндеги казандай көк ташты көтөрүп келип, боз каймалдын алдыңкы бутунан бир кес алдыга койду. Төө жинин бүркө, турган жерине чөгүп калды.

Бокбасар алыштын башын туура эмес белгилеп алганын билди. Көк ташты көтөрүп, боз каймалдын сол тизесинин жанына койгондо төө ордунан турду.

Ала келген кайлоосу менен жерди көөлөп, көк ташты кулабай турган кылып бекитти. Жер жибип, тоң чыкканы менен кээ бир тоң тиштеген жерлери бар экенин билген ал, жез буйлалуу боз каймалына минди да, Тар-Туулукту карай бет алып, алдыдагы төө желип баратты.

Тар-Туулукка барганда күн батып бараткан. Үйгө кетсемби деген Бокбасар төөнүн башын Коңур-Өгүздү карай бурду. Төө “буф!” эте, жини келгендей оозунан көбүк чачып, туруп алды. “Ойсул атам колдоп жатса керек. Каймалдын эркине коёюн”, - деп суу бойлоп, жогору кетип баратты.

Бул өндүрдү Бокбасар жакшы билет. “Алыштын башына эртең белги салсамбы?” – деген да ой кетти. Төөсүн минип, кыйла жогору бастырды. Төө бир убакта, басып баратып эле чөгүп жатып алды. Бокбасар ошол жерге белги койду. Кудай жалгап, алыш башы боло турган жерде казандай таш бар экен. Ошону оодарып келип белги кылып, чаар таштын түбүн кайлоосу менен казып, терең көмдү. Таштын жарымынан көбү көрүнүп турат.

Бул күнү иши бүткөндөн кийин жез буйлалуу боз каймал эңиштеп желип келет. Үстүндөгү кыбачы да бүгүнкү ишине ыраазы. “Кудай кааласа, Кең-Туулуктан чыкчу алыштын башын белгилеп алсам, жалпы Көкүмбай, Кайдулат, Бегет, дагы башка урууларын чогулуп кеңеш өткөрөм. Андан кийин элди үч топко бөлүп, арыкты баштап Кетмен-Төбө тоосуна жеткирем”, - деген ою сезиминде ойноп, кыбаачы кубанычтуу келатты.

Төө боз үйдөн анча алыс эмес жерге чөгүп жатып алды. Бокбасар: “Кайран боз инген чарчаса керек”, - деп койду. Тараза жылдыз батканда, таң агарып атканда эшикке чыкты.

Үйдүн тушунда кепшеп жаткан боз инген ээсин көрүп, ордунан туруп кетти. Ал даарат ушатып, бети-колун жууп, тамактанып алып төөсүн минип, Кең-Туулукту карай бет алды.

“Элге иштин чоо-жайын түшүндүрүп, курал-жарагын камдатуум керек. Коңур-Өгүзгө чейин арыктын таманын тазалап, кийинки жазда Кетмен-Төбөгө эгиндик суу алып чыгам,” – деп өзү менен өзү сүйлөшүп барат.

 

***

 

Үч-Терек эли чогулуп жыйын куруп, кыбаачыга жардам бермей болушту. Коңур-Өгүздөн башталган иш башы жалпы журтту кыймылга келтирди. Ар бир өзөнгө: “Алыш ушул жерден башталат”, - деп койгон өзүнүн койгон таштарынан баштап эр азамат жигиттерге сайдан таш көтөртүп топтотуп, адатынча каймалына минип, капталдата бастырып белги кылып, арык болчу жерлерге таш белгилерди койдуруп келе берди. Үч-Алыштын белгисин бүт койдуруп бүтүп, “Биссимилла рахмони рахим” деп биринчи жолу кайлоосу менен өзү казып, сууну бурууга жүлгө салып, арыкты баштап, үйрөтүп жатты.

Жайды жайлай эл Коңур-Өгүздөн башталган арыктын этегин Кетмен-Төбөгө алып баруу менен алек болушту.

Жай толугунда Султанкул бээ жетелеп келип: “Силерге өрүлүктөп келгеним ушул болсун”, - деп арык казып жаткандарга аш катык берип кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   bema_bema   12 Февраль 2016 - 18:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Бокбасар эртең менен эрте, жылдыз тарай электе туруп, төөсүнө көз салат. Буттарын тайтайта сунуп жаткан боз каймалды аяйт. Оңойбу, күнүгө арыктын башынан этегине чыкканча элдин кубаты кайсы жерге жеткиче чөп кертпей чен болуп туруп бериш. Алачыктай Бокбасарды көтөрүп, каптал менен басыш өзүнчө эле машакат. Же бир түз жер болсо экен. Кыбаачы улам төөнү токтогон жерине таштап коюп, арык казгандарга арык казуунун тартибин үйрөтүп жүрдү. Кайра келип боз каймалга минип, акырындап алдыга жылат.

Бокбасар да, боз каймал да арыктап кетти. Күндүн ысыгы болсо жондон өтөт. Бокбасар го элге аралышп иштеп, төөгө жеткиче өзүн алаксытат. А төөчү? Талаага “койго бөрү тийбесин” деп сайып койгон каракчыдан бетер турганы – турган.

Күндөрдүн биринде арыктын нугун казып бараткан жигиттер алдынан боз үйдөй таш чыгып, аябай кыйналышты. Кыбаачы баш болуп, тигил таштын айланасын көөлөп, он беш күндөй убакыт өттү. Деги бир таштын түбү көрүнөөр эмес. Жонунан тери куюлуп, жигиттер көпкө убара болушту.

- Атаңдын көрү-ү, бул таштын түбү деги эле  көрүнгүдөй эмес, сууну кантип өткөрсөк? – деген Бокбасар таштын айланасын көпкө карады. Акыры анын да илээси табылды. Түбүн терең көөлөп, арыктын таманына чөктүрүп жибермей болушту. Эл көпкө убараланды. Алыштын башынан бурулган суу ташка келгенде бир аз көлмөктөп туруп калды.

Бокбасар бул күнү арык казгандарга уруксат берип, сууну эски нугуна буруп жиберди. Алар кеткенден кийин баягы чулу ташты карап көпкө турду.

Боз каймал да чөп кертпей Бокбасарды аягандай, ордунан жылбады. Көп ойлонгон кыбаачы: “Таптым! Таптым!” – дегендей сүйүнүп кетти. Арыкка түшө калып, кайлоосу менен таштын айланасын керте казып, кайсы жагы жантык экенин билди. Ошол жагын терең казып, ташты айланта көпкө жүрдү. Топурак аралаш кум сууга жибип, кыбаачы көп көөлөгөн жагына үйдөй таш жантая түштү. Таш дагы да ылдый чөккөндөй, арыктын жээги бийиктегендей көрүндү.

Жедеп чарчап: “Бүгүнкү ишим бүттү”, - деп төөсүн минип, жылдыз толо үйүнө кайтып баратты.

Үйгө жетип, боз каймалды бош коё берди. Жаныбар турган жеринде чөгүп, бутун тайтайта сунуп көпкө жатты. Төөнү аягын ээси үстүндөгү комун бошотуп, жез буйласын алып, үйүнө кирип кетти.

Сырттан төөнүн бакырган үнү угулду. Бокбасар эшикке атып чыкты!

Боз каймал ээсин эрди менен жалмалап, анан бир аз тынч жатты. Эсине келгендей анан акырын турду. Арткы өркөчү далпылдап, көзүнүн жашын иргилтип, чуудалары бөлүнө төрт аяктап, тамтаңдап барып туруп калды.

Бокбасар үйүндө тынч алып жата албады. Эшикке чыкты. Аны көргөн боз төө ордуна “күп!” жыгылды. Кыбаачы төөнүн башын жөлөп көпкө турду.

- Бул эмнеси?! Кыйнап койдумбу? Менден кетсе, кечир?! Көзүңдүн жашын неге иргилтесиң? ! Мени мынча эмнеге боздотосуң, боз каймал?!.

Бокбасар жүрөгү сыгылып, көзүнөн аккан жашы сакалы ылдый куюлду. Төө ээсин аяп турду.

Кыбаачы өзү катып жүргөн төө тикенди катып койгон жеринен алып чыгып, тээ илгери атасы жасаган ырымды жасап, аны сары майга оонатып, боз каймалдын оозуна салды. Боз каймал бир-эки чайнаган болуп, эрдин дагы эле ээсине жөлөп, кыймылсыз жатты. Бокбасар унчукпады. Илгерки, жаш кезиндеги түшү элестеп туруп алды:

- Атаңдын көрү-ү, кыйнап койдум, ээ?! Мен куруюн! Башыңды тиземе коюп эс алчы, боз каймал?

Бокбасар ушул төө менен кыбаачылык кылган күндөрүн эстеди:

- Сен кечир мени, боз каймал?! Туздуу-Суудан Чоң-Дөбөгө чейин суу чыгарып бердик. Жээндердин көңүлү калбасын деп, экөөбүз Кызыл-Үңкүргө да бардык. Жери таштак экен, сууну кыйынчылык менен чыгардык. Тоолуктун жаңы арыгын каздык. Ошонун баарында сенин эмгегиң зор, боз каймал. Алдыңа түшүп, кара отундарды куурайдай жулдум. Сени “өтүп кетсе, кара отун жолтоо болбосо” дедим да. Ала-Жийде арыгы, Боз-Тектир арыктарын каздырдым. Ошонун баары сенин эмгегиң менен, боз каймал! Кийинки урпактар түшүнөөр мунубузду...

Чылпактап чыккан көзүнүн кычыгын укалап, Бокбасар да эс-учун жоготуп бараткандай. Ал көптө эсине келди:

- Кетериңде жез буйлаңды тагып коёюнчу... – Бокбасар жез буйланы төөнүн мурдуна алып келди. Боз каймал жалдырап жата берди. Көз жашын иргилтип, анысы көз кычыгынан сарыгып турду.

Чый-пыйы чыккан кыбаачы төөнүн башын тизесине жөлөп, ою –онго, санаасы – санга бөлүндү.

Таң тоолорго ак из таштап, жашоонун дагы бир күнү берилеп келатты. Кыбаачы менен боз каймал таң атып келаткан күндү сезбегендей, аны менен эми ким-кимисинин иши да жоктой, бири-бирин кыя албай жаткандай, бири-бирин нурсуз көздөрү менен жалдырап карай беришти.

Алардын ушул абалын башкалар сезишкен жок...

Таң атканда төрт аягы төрт тарапка керилип, жедеп тирүүлүктөн чарчаган боз каймал Бокбасардын тээ бала кезинде көргөн  боз чымчыктай болуп алыс учуп бараткансыды.

Айлана тынч. Төө сулк жатты. Бокбасар анын үстүнө өзү кийип жүргөн, төөнүн жүнүнөн жасалган чепкенин айканасынан жаап койду.

Каймал тынч... Тирүүлүктүн оюнунда жашоосун өтөп бүткөндөй...

Бир аз төөнүн башын тизесине коюп, анан да жансыз жаткан жолдошун көпкө карап, эки көзүнөн сарыгып жаш сакалы ылдый куюлуп, ордунан акырын өйдө болуп, кыбыланы тиктей, нестейе тура берди.

Алыстан асан чакырган молдонун үнү угулду.

 

 

II бөлүк

 

МОМУНТАЙ ЧЕЧЕН

 

Береги ичегидей чубалган капчыгай, андан ары кеткен - Ачык, Толук. Сары-Камыш, чети Жумгал, андан ары адыр-адыр бийик тоолор, бул жагы Коргон-Шанек, Үңкүр, ортосу Кетмен-Төбө аталат...

Коргон-Шанектен көп жол басып, тиягы ара тиш тоолор Таласка уланып, аттын соорусундай домпоюп, эңиштеп калың токойго түшүп, Талас жери делет.

Токой ичин мекендеген не чөөлөр, азуусу кылычтай өткүр жолборстор, тиштерин сөөмөйдөй соройтуп жоон моюн камандар кездешет. Жалгыз жарым өткөн атчан мейли Кетмен-Төбөгө, мейли Таласка аягы жетпей түгөнөт. Дегеним, жырткычтарга жем болот.

Ушул доордо Богорстон жашады, жалдуу көк бөрү болуп. Ал сан жетпеген жылкысын Жанболду, Кызыл-Жар, Кабак деп аталчу, кышында жайыт берүүчү жерлерге айдатып, уурулардын алдын тороп, саксактап жылкычыларына жигиттерин кошуп кайтартты.

Туш тарабы жылуу болсун үчүн туурдук менен чий ортосуна боолай-боолай өлөң калатып, чөп башылап тегиздетип, ансыз да сегиз канат өргөнү куштун канатындай далдайта тигип, кут сактатып айыл башкарып турду.

Анын деңгээли бир уруу калкты былкылдатпай, сором дегенин соруп, соём дегенин союп, ителгинин манжасындай кытыгысы жазылбай, аз элди курут эзгендей эзип, ээн жашады. Алдына даап “мен” деп киши чыкпады. Элүүнүн жетисине барып, токолу Айгеримди алды. Токолдун жашы он жетиде, болбосо андан ашык эмес. Ары сулуу, ары акылга даанышман Айгерим байынын катып бараткан тизесин ушалап, сакалын Анжиян тарагы менен тарап, маңдайында турду.

Айгерим чоң кошокчу боло турган. Анын сулуулугуна эмес, кошокчулугуна кызыгып, атасын жалган айыпка жыгып, кунуна бекер кыз алган. Айгеримден улуу байбичеси – Алтынай. Ал да ак маралдай керилген, маңкайган ак жубардай тастайган эме. Жашы кырктан ашкан менен токолдон калышпайт. Бирок жөрөлгө боюнча жалгызы Солтон менен коңшу кыштоодогу өргөдө.

Богорстондун эки жигити бар. Биринчисинин аты – Төлөк, экинчисинин аты – Муса. Бай көбүнчө Муса менен сыймыктанар эле. Ал дегенин алып, жул дегенин жулуп, “Бөрк ал десе баш алган”, ит багардын итиндей жутунган эме. Бул ант ичкендей кубарган бей пешене адамдан айылдагылардын баары коркушчу.

Ошол айылдагылар:

- Ана, Муса келатат! Басыл, кокуй, келип калды! – деп балдарын сооротушчу.

Калың көлдөлөңдү алдына кабаттай салып, Богорстон ойлуу. Анын отурушу эми эле жайылып чыккан кайберендерге чап салчу жолборстой сестүү.

Богорстондун чүңүрөйгөн көзү соолгон көлдөй ичине тартып, ирмелген сайын кошо ирмелет. Тултуйган эки бети жаш баланын көтөнүндөй тырсыйып, тарам-тарам кызыл тамырлары жарылып кетчүдөй чыңалган. Көккө тойгон өгүздөй улам-улам бышылдап, ансыз да таңырайган мурду өйдө чалкалап, таноосунан чыккан дем кесенин чекесин тердетип, кылкылдата каркыт жутат. Жанында – токолу Айгерим. Андан башка жан киши көрүнбөйт. Үй ичи көрүстөн сымал тыптынч.

Айгерим буластата салынган кокон жоолугунун чачыктарын көрктүү көрсөтүп, чолпулары соорусу ылдый куюлуп, шылдырттайт.

Богорстондун ою уйгу-туйгу боло, он сегиздеги кезиндей делебеси козголуп, маңдайында отурган токолуна көз тигип, денеси мээнип, түлкү көз караш менен алдыртан тиктейт. Токол байынын көңүлүн улап күлгөн болот.

Каркыт жуткан сайын “бах” деп кесени тегерете токолго сунат. Айгерим кесени кармаганда ага тийише, манжаларын кесеге жабыштыра кармай жымыйып коёт.

Каркытка алагүү болуп, мас болгон Богорстон ушул кечте Солтонду чакырттырып, жанына алды.

Солтондун эби-сыны жок денеси “балтажутар” кейиптенип, атасынын жанында суксуюп, бою башчалгычка жетип кыймылсыз. Тагдыр ага эби-сыны жок бой бергени менен, теменедей акылды буюрбаптыр.

Ата салты боюнча Богорстон баласы он эки жашка келгенин эстеп, мүчөлүү жашка толгонуна жараша бир нерсе билип алса деди. “Шү ки, тукум санжыра билип алса, Богорстондун баласы дедирсе”, - деп баласына көз тикти.

- Балам, чоң атаң: “Биз жолборстун тукумунанбыз”, -  деп айтчу. Анан: “Эсилдердин арбагы унут калбасын деп, Богорстондой өткүр болсун деп, ушундай атагам. Ошону эстей жүр”, - дечү. Эми сага айтып жатам. Угуп тур.

Солтон атасына нестейди.

- И де, тоо кулап түз, суу кулап сай болуп, о андан бери канча заман өттү? Угуп жатасыңбы, балам?

Солтон укурук мойнун кейкеңдетип тим болду.

- Жакшылап ук. Көңүлүңө түйүп ал. Ыраматылык чоң атаң минтип айтчу:

Тагайдын улуу аялынан Богорстон, Койлон, Кылжыр туулган. Алар атанын балдары болгон. Кийинчерээк абак төлөгөн жеринде кайран бий ордо кызга туш болот. Андан Карачоро, Азык, Саяк туулат. Угуп жатасыңбы, туягым?

Анын сакчы көзү дагы чолуп өттү баласын. Солтондун дүйнө капар олтурушун жактырбай, “чыйт” түкүргөн болду атасы.

Чыдай албай, айры сакалын улам мыжыга, аталык ыйык милдетинен кутулуш үчүн сакчы көзүн улам бир ымдап, өз билген санжырасын улантты:

- Тагай бий болуп турганда түпкү улукка күнөөлүү болуп, үч жылга камалат. Эки жылы өткөндөн кийин түпкү улук суракты кайра жүргүзүш үчүн абак тарткандарга келген дейт. Угуп жатасыңбы, ата баласы?

Түпкү улук суракты жүргүзүп жатып, Тагай бийди таппай калат. Өзүн-өзү жакшы алып жүрө албай, анын үстүнө оорукчан Тагай кашатта “биттенип” отурган болот.

И, балам, ук... Ошентип, Тагайды сыйлаппы же боору ооруганбы, ага ордо кыздардын бирин алып берип, төшөгүнө салып берген дейт, карагым.

Жыл деген көз ирмемде өтүп, адамды ала салдырып, жер алдына жашырганча шашат. Арадан бир жыл өтүп, ордо кыздын боюна бүтүп, ай-күнүнө жетип турган чагы экен. Абак аяктап, сурактан кутулган Тагай бий тигил көл башында калган үч бөлтүрүгүн эстеп, улутунуп кемеге боюна отура калат. Ичинен өксүп, сыртынан билгизбей, сүт бышырып жаткан аялына сыр кылып кестигин сунат. Очок боюнда шолоктогон аял кестикти эринен алып, коюнуна катат экен. Аялынын көз жашын көргөн Тагай түтөп:

- Ыйлабай ук, илгертен берки салт ошол, жашыңды тыйып, белиңди бек буу. Уул төрөсөң атын – Карачоро кой. Кыз төрөсөң атын өзүң бил. Жашы он экиге келип балакатка жеткенде алдагы кестикти бер. Мен кеттим, - деп белине кыл чылбырды эки оронуп, көл башына кайткан дейт бий. Ошол – ошо болду.

Тагай көл башында сурак жүргүзүп, жамы журтту сурап, арадан он эки жыл өтөт. Баягы аял көз жарып эркек төрөп, атын Карачоро коёт. Кестикти кынына салып, жигин билгизбей жаш аял күйөөсүз жүрдү. Эрсиз аялга этеги да душман экенин билген аял Коңкош бий дегенге турмушка чыгат. Угуп жатасыңбы, ата баласы?

Богорстондун сакчы көзү алдыдагы кеседе мелт-калт турган каркытка түштү. Аны кош колдоп ала, шыпкай шимирди да көзүн бардап-бардап, кесени ары тегеретти. Солтон моло таштай кыймылсыз.

- Балам, айтпадымбы, “жолборстун тукумунанбыз” - деп. Арадан зымырап, зыпылдап жылдар алмашат. Карачоро эки инилүү болот. Абак төлөп күнү бүткөндө ордо кызды үч баласы менен таштап, Коңкош да кетет, өз жерине. Эмне кылат, жазуу ошол болсо, көрөр күн ошол болсо, көрөт да пешенеге жазганын. И, көрбөй койсунчу, тартпай койсунчу, тартар азабын. Ошол үчүн маңдайына сыйынат адам.

Карачоро он экиге келгенде атасы Тагай экенин тек бирге ойногон чычымдар айтып коёт. Атасы Тагай экенин билген бала апасынан кантип дарегин угуунун жолун ойлонот. Буудай эске түшөт, ооба береги буудай.

Богорстон чөнтөгүнөн бир дан буудайды ала, Солтондун көзүнө такай көрсөттү. Жалгыз көзү менен уулун теше тиктей, нестейе көпкө турду да:

- Бала апасына: “Буудай кууруп берчи, апа?” –  дейт.

Баласынын ою менен болуп жүргөн энеси буудай куура баштайт. Ысып келген кезде энесине эркелеп: “Буудайды колуң менен алып бер?” – дейт экен шек билгизбей. Энеси эч нерсе менен иши жок, буудай уучтап келатканда колун буудай менен кошо кармап, атасын айттырып алган эке чычым.

- Калак, өлтүрөсүңбү энеңди?! – эне бир ордунда тыбырчылап, уулунун түрүн көрүп нестейет.

- Айтып бер, атамды?!

- Болуптур, айтайын! Колумду коё бер!

Эне ысык буудайдан колун тартып, кемеге боюна отура калат. Көзүнүн жашын көл кылып, “Ким айтып койду?” – деп каргап-шилеп, ыйлап жатып атасын айтат. Сөз арасында кестикти кармалап, тагдырына наалыйт.

- Токтот ыйыңды! Кестикти ыйлап тапшыр деди беле, ошо Тагай канкор?! – бала энесин мелтейе тиктеди.

Карачоронун өкүм үнүнөн сестенген эне анын балакатка жетип калганына ыраазы боло, эки көзүнүн жашын арчып, жол дарегин баян этет. Аманат катып жүргөн кестикти ээсине тапшырат. Эки инисин кошо жанына кошуп, өзү коломто муштап жалгыз калат, башынан бейтаалай шордуу!

Көп жол баскан үч уул көл башына эрте жазда чыккан, оо татыран ак баш, тал чөкөн болгон жай толугунда жеткен дейт. Анын дарегин сурап келаткан үч баланын дарегин шум Тагай чабармандан угат. Уулдарына кеңешип, чоң суунун жээгине атайын арнап, боз үй көтөртөт.

Ичин жылан сыйпагандай жылаңачтап, босогодон үчүнчү саканакка кыл аркан илдирет. Шум бий бул оюн эч кимге туйдурбайт. .. Эмне үргүлөп жатасың, балам?

Ата сөзү мээримдүү чыкты. Каркыттын уусу тарай баштаган Богорстон ичинде баласынын амандыгын тиледи. Солтондун көңдөй суу кабактай эчки башы, эч нерсени түшүнө бербеди.

- Тыңшачы, чырагым. Бу караламанга катуу болбосоң, көңтөрүлгөн суудай өзүңө төгүлөт. Башынан катуу болсоң “чек” деген жагыңа басып, эчкидей жол баштап, бөжүп жолго түшөт. Түшүнүп жатасыңбы, наалатты?

Атасынын кыжабасы кайнап, эми эле кызыл жүгүрүп келаткан жүзү күлгө чапкан көтөндөй бозорду. Ал жөнүрөөк туулуп калган уулун ойлоп, суу кашектей түтөдү. Антсе да токтотпой, “жомогун” улантты:

- Тирикарак Карачоро атасы бий менен учурашып, тек жолоочу экенин туюндурат. Анан илинүү арканга көзү түшүп, ага көчүгүн коё отура кетет. Уулдун тегин эмес экенин байкаган атасы уулун басып жыгылат ошондо.

Сөзү текке кеткен Богорстон жомогун токтотуп, жалгыз көзү ыраазы болбогондой баласы Солтонду мелтейе тиктеди. Ичинен быкшып, жомогун жыйыштырып, башка ойго чөмүлдү. Алдындагы каркытты жутуп жиберип, кесени ары тегертти.

Тыштан жаңы келген токолу Айгерим, байынын бу кылыгын анча жактыра бербей, кесени толтуруп келип, өзүнөн төрт жаш кичүү Солтонго сунду. Солтон кесени шап ала коюп, каркытты кылкылдата жутту.

Аяк оона айынын этеги сыдырым согуп, суук боло баштады. Бу сумбуланын эрте чыгышы, жылдын түрү оор болорун карылар манжасы менен эсептеп билишти.

 

***

 

Боз кыроодо Богорстон Кызыл-Кырчындын этегине келип конду. Ушул кышта уулун үйлөндүрүп коюуну ойлонгон бай ичинде ой чубактап, көңдөй баш жаманына кыз тандап жатты. Бул акылын эч кимге айтпай, өзү аттанып чыкты. Коңшу жамаатташ көлөптөрдөн кыз жактырып кайтты. Аны да эч кимге айтпай, ичинен жымыйып, келчү күндүн толгоосун күтүп жүрдү.

Богорстондун жактырган кызы Момунтайдын карындашы Уял эле. Өткөн жазда: “Тал чөкөн болуп, татыран ак баш болгондо келип калам,” – деп ылдыйкы туугандарына кеткен Момунтай булак башы муздагыча дарексиз жок.

Зээринен тири карак экенин байкаган Богорстон сыртынан байкоо салып, чалма таштоону ойлоп, саанга деп уй, союшка деп кой берген. Ал оюнда: “Таман тузак салдым, Кудай кааласа жигит кылып алсам”, - деп да ойлогон. Байдын бул кылыгын байкаган Момунтай жай толугунда уюн берип, катык деп берген коюна эки ай жалчы жүргөн. Эми минтип ошол Момунтайдын уялаш карындашын келин кылып алганы отурат.

Агасы келгенде бул ою эски кеселдей созулуп кетерин билген куу Богорстон ушу боз кыроодо жигиттерин кошуп, Уялды ала качтырып алды. Ботодой боздоп, энеси калды. Узун санаа чубап, кызыл ээк атасы калды.

Уялды уурдаган үч караан ажыдаар оп тарткандай капчыгайга жутулуп, дарексиз жок болду да, жылан сыйпагандай жиксиз кетти. Жайлата иштеген акың деп Кызыл-Үңкүрдөгү мурда көчүп барган көлөп туугандары мингич да сатып беришти, Момунтайга. Жазга бышты чыкма кара кашка камыш кулак, жүрүшүнөн күлүктүн сыны байкалат.

 

***

 

Булак башына муз тоңгондо кайткан Момунтай жалган бешимде Арсланбапты эңкейди. Күүгүм кире алыстан караан көрдү. Бири кичине, бири чоң. Анан үчөө боло калды заматта. Улуган үн угулду алыстан. Тигил көрүнгөн караандар арбашкансып, бирде талашып жаткан жырткычтардай көрүндү. Атты камчыга алып жакындай бергенде, адам экенин даана тааныды.

 

***

 

Кара күүгүмгө сиңип, бейтааныш жаш келиндин бүткөн бою канга жуурулуп, ичегиси топуракка аралашып жатты. Төш таяна чочоюп отурган үч караанды көрө аттын тизгинин жыя кармап, коомай бастырды. Карышкыр экенин жазбай тааныды.

Жаны чыга албай жаткан энесинин жанында эси чыккан беш-алты жашар бала ызгычтай чыңырат. Ал элирип энесин айлана чуркайт.

Баланын желкесинен кармай, эңип алды тигил атчан. Элирген бала коркконунан тыбырчылап, бакырып жатты.

Караңгыда көзүнөн жалын бүрккөн көк жал көк канчыгы, телчигип, бөлүнүүгө жарап калган бөлтүрүгү менен топ каргандын артында берки караандардан көзүн албай, олжосун тарттырып ийгендей түктөйүп отурушту. Тигил атчандан сестенгендей көк жал канчыгын тукуруп, улам ыкыс берип мурунку кабилесинен жазбайт. Эси чыккан бала энекелеп бакырып, Момунтайдын тынчын ала тыбырчылайт.

- Ыйлаба, эмне кеч чыгасыңар?! Бөрү жойлоп, эл жайлоодон кайтканын билип туруп неге аттандыңар?

Бала эч нерсени түшүнбөй, апакелеп бакыра берди. Аттын кулагы тикчийе, жарыкчылык менен коштошуп бараткан аялга боору ооругандай кошкуруп, алмак-салмак бутун тыбырчылатып, тегерене ооздук чайнап турду.

“Ый-ы-ык!” – деген үн чыгара ыкчынып, жан берген эне “сулк” жатты. Дүйнө менен коштошкондой, жалгызы менен коштошкондой аппак денеси диртилдеп, аппак балтырлары бирде тынчыса, бирде “былк-былк” этип, каны токтой элек.

Соксоюп олтурган үч караан дале үмүтү бардай, көздөрүн жалжылдатышып Момунтайды карайт.

Момунтай узай бергенде үч бөрү тегеректей калып, эң алдында келген көк жал аялды тамагынан кыса тиштеп, жансыз денесин жерге көтөрүп чапты да, саамга тикирейе карады. Аялдын тытылган көйнөгү туш тарапка сапырылып, жубардай ак денеси бардык нерсеге кайыл болгондой сулк жатты. Аппак балтырлары түп-түз суналып, атайын жайына алып койгондой.

Бул көрүнүш көз ирмемчелик гана аралыкта болуп өттү.

Көк жал аялдын топуракка аралашкан ичегисин силкип таштап, көөдөнүнө тумшугун матырды да, ач көздүк менен бүкүлү сугунуп, кан болгон тумшугун тартып алып, жука тили менен жаланып алат да, тумшугун аялдын көөдөнүнө кайра матырат. Канчыгы топуракка аралашкан ичегини бөлтүрүгүнө таштайт. Көк жалдан соогат сурагандай , келиндин денесин туш келди тыткылап, эң эле тездик менен балтыр эттен сугунуп, дөбөтүнө ыраазы болбогондой ыркырай, улам-улум күч менен ычкынып, солк-солк этет.

Эт талашып жегенге жарап калган бөлтүрүгү дөбөт силкип ыргыткан ак жубардай эмчекти тиштеп, тиги экөөнөн окчунураак барып, эки алдыңкы буту менен басып, ач көздүк менен үзүп-булкуп сугунат.

Куран билбесе да бир нерсени кобураган болуп, дуба айтып, ыйлап жаткан баланы соорото албай. Камчы шыбап жүрүп кетти. Он чакты чакырымча аттын оозун коё берип, тээ Сары-жайыктын этегинен артына кылчайды.

Чочоюп олтурган үч караан аялдын денесине ыраазы болбогондой, атчан тарапты карашат.

Момунтай чочуду. Бирок такымына катылуу келаткан кара жыгач келтегине ишенди. Бир чети ыкчам талбас атынга бел байлып жүрүп кетти.

Үч бөрү Момунтайды ал Сары-Жайыктан айланып өтүп, капчыгайдын оозуна келгенде тосуп, билинтпей тооруй башташты. Ат селтилдеп, эки кулагын тикчийте кошкуруп, ордунан жылбады.

Ири алдыда көк жал өзүнүн эски ыкмасына сала тооруй, канчыгын аттын артына жумшады.Бөлтүрүгү көнүмүш боюнча аттын каптал жагына өтүп, көздөрү жалжылдайт.

Бөрү секириш менен аттын тумшугуна асылды көк жал. Мурунтан камданып, өңүтүн күтүп турган Момунтай кара жыгач келтеги менен аны тумшукка сокту. Жалдуу карышкыр “тырп” жыгылды. Дөбөтүнүн эшик-төрдөй суналып жатканын көргөн канчыгы бөлтүрүгүн ээрчитип, боз адырды көздөй капталдап жортуп берди.

Ээн жерлерди паанектеп, жалгыз-жарымды жара тартып олжо эткен көк жал эшик-төрдөй жерди ээлеп, оозунан шүйшүн кан агып, сулкуюп жатты.

Момунтайдын карааны алыстай бергенде, канчыгы бөлтүрүгү экөө тигил дөбөтүн бат эле үзүп-булкуп, тытып жеп кетишти.

Алардын бул көрүнүшү өтө сүрдүү эле. Жарадарын тытып жеп кетүү - бөрүлөрдүн адаты го башынан. Ошон үчүн бири-бирин сойгон адамды канкор-бөрү дейт да адамдар.

Алар таң таштаганда Нарын дайраны бойлоп калышкан эле. Жол жүрүп чарчаган Момунтай аттан түшө калып, талтайып заара ушатты. Жол катары солуктап келген бала кыйналганбы, көшүлүп уйкуга кетти. Арадан бээ саам убакыт өтпөй, бала бакырып, “апакелеп” ойгонду. Баланы эс алсын деген Момунтай жантыгынан кыйшая, кара кашкасынын ооздугун чыгарып, чылбыры оң колунда оролуу.

Солуктап басылды бала. Момунтайга жан тартып, анын эркелетүүсү менен көзүнүн кычыктарында туруп калган шүүдүрүм тамчы жашын арчыды.

- Атың ким?

- Самтыр.

Бала Момунтайды үмүттүү карады. Анан алар атка мине, Нарынды бойлой жүрүшүн улантышты.

Кара кашка “чып-чып” тийген камчынын уусуна ууккандай басыгы арылдап, соккон шамалдай катуу келет.

 

 ***

 

“Беш-алты жаштагы эрчиткен баласы бар, жашы жыйырмалардан жаңы ашкан аял качты” деген кабар Аксынын башынан этегине тарады.

Карышкырга жем болгон келиндин аты – Айсалкын боло турган. Анын жаш эри Керимди Самак болуш мындан үч ай мурда жай толугунда Чаткал багыты аркылуу казактардан жылкы тийип келүү үчүн жигиттерине кошуп, ошол жактан колго түшкөн Керимдин оозуна казактар ысык коргошун жуткуруп өлтүрткөн имиш. Айтор, аны бир Самак, бир ошол өлтүрткөн бай билет. Чынында казактарга деле барган эмес дейт. Тигил Ала-Бука багытында жашаган Масаалы колдуу деген каңырыш кеп да эл арасында...

Керимдин өлүгү түн ичинде айыл четиндеги Ак-Жар деп аталчу кашатка, жар түбүнө тээп ташталды. Үстүнөн жардын кемерин көчүрүп, изин суутту.

Айсалкынга суктанган, жетимиштен ашкан Самак болуш бул ишти өзү жасаткан. Керимдин кыркылыгы болбой атып анан Айсалкынга жуучу салдырды. Бирок тилеги таш каап, келин оң жооп бербеди.

Айсалкын бели тал чыбыктай буралып, ботонун көздөрүндөй кош кареги жайнап, ак жуумалынан келип, кирпиктери узун, мурду кырдач, ак жубардай денеси көргөндүн көзүн талдырган оймок ооз жан болчу. Бул жубанды көргөн адам: “Бах, менин гана жарым болсо, а! Куш кондургандай багып алсам!” – дээр эле. Ошол Айсалкын мына, Самактын жуучуларына үч күндүк мөөнөт берип, качууга бел байлады. Кетмен-Төбөдөгү таякелерине качмакка ата-энеси менен күн мурун макулдашып, ишти бышыктап койду.

- Балам, кайнатаңдын өлгөнүнөн жыл өтпөй, күйөөңдү жайлатып отурат шум Самак. Эми сага жем таштап жатат. Кайненең эптеп күнүн көрөр. Энеңдин төркүнү - Кетмен-Төбөдө, ошол тарапка кач, кызым. Багың ачылсын. Өзүң теңдүү теңтушуңду таап, мага кабарыңы билдир. Жалгызым Айсакем, кызым да, уулум да сенсиң! Самтырды Самакка көк бөрү тарттырбай, өзүң менен ала кет. Байкушум, ай! Ботом, ай! – деген чал канчалык кайратын жыйса да жүрөгү сыздап, көздөрүнөн жаш куюлта боздоп жиберди. Кызынын маңдайынан өөп, эл жата айыл четине узатып чыкты. Жолдо баратып чал кызына аянычтуу карады:

- Айсаке, жалгызым, сенден эки нерсе суранам, ата-бабаңдын жерине таштай кет?! Биринчиси – узун тил. Сөзүң уу болсо, барыңды жок кылат. Молуңду аз кылат. Түбөлүк жолдошуңа узун тил арнасаң, канаты кайрылат. Сенден көңүлү калат. А мүрү сынган куш алыска уча албайт. Канатсыз куш өз тобун бага албайт. Экинчиси – көктүк. Көк болсоң, барган жериңдин тикени болорсуң. Жолдошуң жоош болсо чүнчүп жүрүп, күйпүл күчүкчө күн өткөрөр. Алганың кайраттуу болсо, камчынын уусуна сугарылып шоруң куруур. Айсаке кызым, таштап кет ушул экөөнү. Биздин урукка жаккан эмес ал, таштап кет.

Ушул экөөнү кызы эс тарткандан бери эле чал кулагына кумдай куюп келген. Ата сөзүн эки кылбаган кыз бул эки сөздү кулагына бекем сактайт.

Шоруң каткан Айсалкын барган жеринин жоогазыны болуп, эми ачылып келатканда, он эки гүлүнүн бири ачылбай тигинтип, ара жолдо карышкырга жем болду.

Айсалкындыкына окшош көзүн жалжылдатып, эч нерсе менен иши жок Самтыр энесинин этегин кошо кармап, чогуу чыкпады беле.

Жол тартып караан келет, кантсе да жаш келиндин денеси жырткычтарга жем болгонун эстегенде жүрөгү сыйрылып, Айсалкынды аманында көрбөгөнүнө наалып, кейийит. Алдыдагы Самтыр эч нерсе менен иши жоктой бүйтүйгөн илаби ачылып, орсок тиштери көрүнүп, бышылдап уйкунун кучагында.

 

 ***

 

Аз күндөн бери Кетмен-Төбөдө аба ырайы өзгөрүлүп, күн суук. Тээ тоо түбүнөн кулап, бир калыпта шылдырттап агып жаткан булактардын жээктерин шуру сымал тизилген муз ээлеп, кыш белгисинен кабар бергенсийт. Тигил көрүнгөн жалама зоолор үтүрөйүп, күзгү суукка камынгандай көрүнүшү суз.

Сакман тоосун айланып учкан топ жору жылдын семизчилдигине нааразы болгондой, баштарын жерден албай, тикчийе тарп издешет. Жайлоодон түшкөн мал жакалай келип, короо четинде ыкшоо ныксырашат.

Алыс сапар кеткен Момунтай үйүнө беймаал убакта келди. Аны эшиктин алдында жаткан таргыл дөбөттөн башка жан тосп албады. Ал куйругун шыйпаңдатып, бир нерсени түшүндүрөйүн дегендей улам кыңшылап, Момунтайдын алдына жата калып, ээсин аянычтуу тиктеп коёт.

Үйдөн эч ким чыккан жок. Момунтайдын сезими дүүлүгүп, саамга нестейди. Арытан келаткан эки караан аны эми көргөндөй бери бет алышты. Көп тунжуроодон кийин жымжырттыкты Кабыл бузду:

- Момунтай, тагдырдын жазганын көрбөскө лаажы жок, атаң биздикинде. ..

Кабыл андан аркысын улай албагандай шилекейине чакап, жер карады.

- Атаң биздикинде. .. Балам, тээ алмуздактан берки жашоо ошол. Энеңден айрылдык.

Кабыл жээрде сакалынан ылдый жаш куюлта, Момунтайды кучактай, жеңеси эми өлгөндөй боздоду.

Момунтайдын дене бою дүүлүгүп, апасын ошондо бир жоктоп ыйлады. Ал ыйласа, жанына адам чыдап тура алгыс. Бу тапта анын эсине карындашы Уял да келбеди. Энесинин: “Барып кел, туугандарыңа учурашып кел, - деп баласын алыска жөнөтүп жатып, боз шишик баскан денесин калчылдатып, көзү тойбой уулун кайра-кайра кучактаганы, көздөрүнөн сарыгып ылдый куюлган жашы Момунтайдын мээсин эзип, шайын оодарды. Эстеген сайын жүрөгү мыжылып, ийне менен сайгандай тызылдап, жанды кейитет.

Момунтай Самтырды жетелеп, Кабыл менен анын үйүнө келди. Ал атасын көрө эреркеп, ага бой таштады.

Чалдын денеси баласын эле күтүп келгендей бошоң тартып, өйдө обдула аны сыга кучактап, баласынын жүзүнөн туш келди аймалап, аталык мээрими канбагандай “шуу-шуу! ” эттире, кана жыттады. Анан эсине келе калгандай кемпирин жоктой:

- Апаңдан айрылдык. Сайкалдан айрылдым, туубуздан айрылдык! – деп, көз чарасы жедеп шоросу түгөнгөндөй, кызыл жээк көзүн ушалап тим болду. Анан эки көзү заматта кызарып чыкты. Экөө тең качанкы бир окуяны эстегендей, жерди тиктеп нестейишти. Жанындагы баланы сурабады.

Теребел суз. Баары жымжырт. Бу дүйнө дегениң жанга күч келип, башка иш түшсө, өмүр менен өлүм таразага өлчөнүп, жашоонун баркын ошончолук тез сезишет тура.

Жерден башын албай ойлуу отурган Момунтай атасына суроолуу кылчайды:

- Ата, Уял көрүнбөйт да?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   bema_bema   12 Февраль 2016 - 18:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Чал унчуккан жок. Болгону башынан өткөргөн бардык турмушун тагдырына ыйгаргандай, башын өйдө көтөрө, баласын ормоё карап койду. Карыя Кабылга көз тикти. Карыянын жооп беришин өзүнчө бир беймаза сезгендей, Кабыл сөздү илип кетти.

- Балам, карындашың түнөгүн таап кеткен. Уял тууруна конгон. Сен кеткенден ай аярлабай, Богорстон баласы Солтонго нике кыйдырып, ак өргөө көтөрүп өзүнчө бөлүп койгон.

Кабыл нестейди. Момунтай үтүрөйдү. Жаалы кайнап, ичинен кан өткөндөй тикирейип, сабыры суз.

Чал баарына кайыл. Жада калса жашоосуна да кайыл болгонсуп, уулуна кыжаалат көз тикти. Анан адатынча, көнүп калган көнүмүшүбү, башын жерге салды. Олтурушу күнөөлүүдөй суз.

Бейкүнөө, бирөөгө залалы жок токсон жыл жашаганына да, бу заң дүйнөдө эмне тапты, кимге акарат келтирди, ошолорун ойлоп Алласына ак барууну эстегендей теспесинин ташын бирден өткөрүп, жашап өткөргөн күндөрүнө ыраазы болбогондой “У-а, Теңир, жалгай көр!” – деп улам-улам эстеп коюп, кайра эле башын ылдый салып ойлуу.

Анын башындагы эскилиги жетип, такырайып бараткан көрпө тебетейи, узун чапаны, жада калса бет түзүлүшү кочокрдун тумшугундай коңкойгон арык мурду, эти качкан калдыркан куурайдын жалбырагындай кулагы качанкы жаш баатырды элестетип, олтурушу жолу болбогон карт бүркүттөй сестүү. Маңдайындагы уулуна көз тигип: “Уа-аа, дүйнө, жалгаганыңа да шүгүр, жасаганыңа да шүгүр,” – деп тооп кылып отурду. Ал кемпирдин өлгөнүнө кейибейт. Уулун үйлөнтүп кетпегенине кейийт. Анан ичинен нааразы болот Алласына. Ал кызыл жээк көзүн ымдап, оозун араандай ачып, кылымдын күбөсү сымал сороюп жалгыз калган акыл оозун көрстөтө эстеп коёт. Ошол тапта жайкалган сакалы төшүнө тийип, узун ээги узара түшөт. Эки беттин чүкөсү кош алмадай өзүнчө томпоёт.

Атасынын тез эле күүдөн тайый түшкөнүнө жүрөгү сыздап, жаш Момунтай дагы да атасын жалооруй карап алды.

Атасы менен ээрчишип, эл аралап жүргөнү, ушул тапта мингичтеринен, бир аз малынан башка жатакчылар сыяктуу эле кол жууп олтуруп калганы, анан да өйүзгү Саркашканын уулу: “Катышыбыз бар эле”, - деп ашка чакыртып, топ атчан кетип баратканы эсине түштү.

 

***

 

Боз-Тектирден чыккан жолоочулар кеч бешим Нарын-Аралга жете келишти. Нарын-Арал демекчи, жогортон кууш капчыгайды аралап агып, этеги “гүш” этип деми сууй түшүп, майда-майда аралдарга бөлүнүп, жайылып агат. Беш көкүл кыздын чачындай тарам-тарам бөлүнүп, ортолору ысырыктуу арал.

Жолоочулар төртөө. Алар Кызыл-Уранга ашка бараткандар.

Кер ат минген, куудай аппак сакалы бар Байбото кулакер чоң тобурчакты алчыланта улам моюнга чаап коюп, Түлөбайдын Баймырзасы, дагы да коңур үндүү кара чапанчаны Үмөт бай,анан алардан улам өтө чаап, кайра артта келаткан, ойноктогон сур бышты минген бала – Момунтай.

Жолоочулар Нарын-Аралды жээктеп, жайык кечүү менен өйүзгө өтүп баратышты. Эки жагына сереп салып, тынчы кете жер өңүтүн байкап келаткан бала берки улууларга карап:

- Ой, бо-ой, нарын-Арал кечүү бербейм дейт го? – деди.

Жандай бастырып келаткан атасы Байбото “шүк!” деп баланы тыйган болду. Шок бала ага да болор эмес. Оюндагысын айтып калууга ашыкты.

- Бай аба, Нарын-Арал үстү тынч акканы менен, алды урунуп-беринип агат экен. Бул кечүү узакка созулбас. Нарын-Арал аты тез өчүп, өткөн-кеткендер каттабай да калар.

- Аны кайдан билдиң, балам?

Үмөт бай олурая карап, атын сооруга чаап алды.

- Э, бай аба, артыңызды кылчайып, атыңыздын арткы туягын карасаңыз. Майын кум суунун үстүнө чыга түшүп жатат.

- Кечүүдө сүйлөшпөйт, балам. Быштың тың экен, алдыга өтө бастыр, - деген Үмөт артына караган да жок.

Быштыга камчы берип, алдыга жүткүнө бастырган баланы атасы:

- Ой, ойноктобой ортого бастыр! – деп калды.

- Байбото аба, - жандай бастырып келаткан Баймырза үн катты, - “Баланын шок болгону, шок болбосо жок болгону жакшы”, дээринде бар бала ойноок болот.

Байбото Баймырзаны жактырбагандай:

- Ой, сен дагы балага кошулуп, бала болуп кеткенсиңби? Өйүзгө тынч өтүп алалы? – деген тейде Үмөткө көз тикти.

Үмөт бай карыянын кебине макул болгондой, бул баланын дээринде бар дегендей, алдыдангы кечүүнү нестейе тиктеди. Булардын сүйлөшкөнүн жактыра бербей, Момунтай сүлүк курттай ойсоктогон быштысын дагы да камчыга ала, майда кечүүлөрдөн тез-тез эле өтүп, өйүздөгү ысырыктын четине быштыны байлай коюп, өзү ысырыктарды аралап, көрүнбөй калды.

Байлоодогу бышты таноолору бырылдап, ордунда тыбырчылайт. Берки жолоочулар дайранын кечүүлөрүнөн чыкканда Момунтай сур быштыга минип, дагы да алдыга бастырып, эки жагын карап коёт.

Байбото уулуна:

- А Момунтай?

- Не дейсиз, ата?

Момунтай “селт” эте оюнан бошонуп, атасын тике карады. Атасы бир жылга жетпей эле өзгөрө түшкөнүн көрүп “Кары терек омкорулса ордуна келбегендей”, атасынын да бат өзгөргөнүнө ичинен сызды.

- Ылдыйкы туугандар тың бекен?

- Аякда токчулук, күзү да бышыкчылыктуу болду, ата.

Момунтай атасына карады. Алдан-күчтөн тайыганы менен, акылы тетик экенине ыраазы болгонсуду.

- Алар бизди эңсешет бекен?

- Ой, ата, алар бул жактан кабар алып, көчүп келсекпи дешет. Канткен менен түбүбүз бир, тууган элбиз да.

Байбото баласынын жообуна ыраазы боло көз тикти:

- А, бортком, ал жөнүндө сөз көп.

Карыя ойго чөмүлө, алдын карады. Оюн топтоп жаткандай бир кезде:

- Балам, келе турган учур өзү келет. А, балам, жака менен ойду ажыратып калыпсың. Өткөн жылы сур быштыңды баш кылып, беш карабыз, дагы да бир топ жандыгыбызды улуу жут жалмап кеткенин кантип унутасың? Апаң шордуу ошон үчүн сени “ылдый жөнөтсөңчү” дегенинен, мен анын сөзүнө көнүп, минтип көзүн көрбөй калдың.

Байбото нестейип алдын тиктеди.

Момунтай атасынын ак күп болуп карыганына жүз багып, ичи эңшерилип турду.

 

 

Арзуу

 

“Жумгалда атактуу Жайылбек деген байдын ашы болот экен, байгеге үйүр-үйүр жылкы сайып, ат чабыш, төө чечмей, дагы да оюндун көп түрлөрү болот имиш...”

Жел менен кошо тараган ушул кабар Кетмен-Төбөгө чейин жетти. Аны сурамжылап, аныгын билген Богорстон жайлоодон сары кашка күлүгүн алдырып, сууттура баштаганына мына эки ай - аяк оона менен тогуздун айы өтүп олтурат. Табына келген сары кашка көздүн карегиндей сакталып, Калдык саяпкердин кароосунда.

Жаш чагынан саяпкер аталган Калдык Богорстондун сары кашкасын нечен байгелерге салып, көп жолу намыс алып берген.

Сары кашканын терин ###### көрүп, жетелеп жүргөн балага:

- Боло элек! – деп ормоё карап коёт. Тигил бала саяпкердин ымдоосун толук түшүнөт. Анын айтканын “кың” дебей аткарат. Жада калса сары кашканын тезеги да Калдыктын кароосунда. Жаңы эле ташталган тезегин жерден алат да, аны ушалап көрүп, жүзаарчысына кастарлап түйөт. Бул анын бала кезден келаткан адаты экенин, ырымы катары күбүрөп, оюнда бекемдейт. Аны көрө албаган саяпкерлер “тезекчи” деп кемсинтише турган. Ага Кабыл терикпейт. Тек ууртун “бүлк” тартып, тим болот.

- Ассолоому алейкум, саяпкер ата?

- Ва-алейкума ассалам, кел балам?

Калдык Момунтайды ормоё карады. “Алыс сапар кеткен Момунтайдын карындашын Богорстон келин кылып алыптыр. Өргөө көтөрүп, уулун бөлүп коюптур”, - деген кабарды уккан Калдык Момунтай минип келген кара кашканы ач бүркүттөй ормоё, серепчилей карап өттү:

- Кайран жаныбар, таптаса намыс алып берчү мал экен. Тунук туяк, каз канат, камбар атанын асыл жылкысынан тура, - деп жымыйып алды.

Чалынын ким менен сүйлөшүп жатканын билгиси келген Жамбы он беш жашар кызы Балжанжы эшикке жумшады. Боз үйдүн эшигин көтөрө сыртка башбакты Балжан.

Кыздын тик караган кой көздөрү Момунтайдын көздөрүнө урунуша түштү. Эмнегедир ушул көз караш жигиттин делебесин козгоп, мурда болуп көрбөгөндөй жүрөгү туйлап кетти.

- Түш балам, үйдөн даам ооз тийип чык.

Шылтоо эле таппай турган Момунтай түшө калып, кара кашканы арыта турган ат мамыга байлай, Балжанды эрчий, чалдын артынан үйгө кирди.

Төрдө элик талпак төшөлүп, жамаачылуу чепкенин жамынып жаткан Жамбы эне кыңкыстап, балага:

- Кел, - дегендей ишаарат кыла көз тикти.

Кыз Момунтайды уурдана бир карап алып, апасынын эки жагын кымтылоо менен алек.

- Байбичем көптөн бери төшөктө. Молдо алып келип дем салдырайын десем, колумда жок. Анын үстүнө молдону тиги энең да жактыра бербейт. “Ага бергенди оокат кыл”, - дейт. Колдо жок болсо, кыйын тура. “Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу” деген ушул экен, балам.

Чал жедеп арыктап бүткөн кемпирин аяй карап, коломто чукуду.

Балжан жыгач кесеге куюлган ачыманы Момунтайга сунду. Кесени кош колдоп кармай берген Момунтай кыздын сөөмөйүн кесеге бириктире, өзүн карай бир аз жүткүнтө, анан коё берди. Кыз уялып, бетин кан тээп чыкты. Негедир кыздын денеси билинер-билинбес солкулдап, оңтойсуз артына бурула, энесинин жанына көчүк басты.

Бул кылыгына Момунтай маашырланган жок. Тескерисинче ыңгайсыз абалда калды. Бирок алдында алоолоп күйгөн от сыяктуу сүйүү тутанып чыгарын ал чалга, атүгүл өзүнөн көзү өтүп отурган кемпирге да сездирбеди. Тек гана сары кашканы мактай отурду:

- Сары кашка табына келген бейм, ата?

Бул сөздү укканда Балжандын жүрөгү туйлап кетти. Жигиттин: “Ата” деген сөзүн жактырды кыз. “Дагы айтса...” – деди сезими.

- Э, балам, Алламдын буюрганы – саяпкерчилик.

Атам жарыктык: “Балам, атка тыңсың. Мени тартып саяпкер болосуң”, - деп жетине албай калчу. “Ата – сынчы” деген ошо. Минтип, атамчалык болбосом да, саяпкер атка конуп, ат таптап, элдин оозуна алынып отурам.

Экөөнүн ортосундагы сөз саамга үзүлдү.

Белгисиз сезимдер Момунтайды экилентип, уялган таризде:

- Мен кетейин, - деген болду. Бул сөзүн айтып да,

Момунтай кызды уурдана карай берди. Кыз уялып, энесинин этегине жыйрыла отуруп, аяк жагын кымтылай кетти. Анан ал дуулдап чыккан бетин эки колу менен баса, кымырыла эшикке чыкты. Ушуну эле күткөнсүп, артынан Момунтай да сыртка бет алды. Кыз көз кыйыгын сала, уланды уурдана тиктей берди.

Момунтай атка минип жатып, Балжанды тике бир карап алды. Анын көркүнө өзгөчө жалооруй тиктеп, сүйүү чачкан көзүнө, өзүнө жарашып, эндик сыйпагандай мала кызыл тартып, бир аз шилекейленип, бир нерсени күсөп тургансыган эриндерине ашык болуп кайтты.

 

 ***

 

Кокон хандыгы канатын жайып, бул тарабы Кетмен-Төбөнү да кучагына камтып, өзүнүн ишенимдүү адамын бийлик башына коюп кайткан. Анысын эл өңүнө караппы, Чаарбек аташып, этегине тооп кылып, ыкрар кылышты.

Чаарбек чыкчырылып, Кетмен-Төбө элин оюндагыдай бийлеп, өзүнүн катынпоздугун билдирип, улам койнуна кыз салдырып, кумары тарабай, тиягы Күрүчбек элине көз артып турду.

Кудаяр ханга көчүгүн такап, үйгө көчүгүн жөлөп үргөн иттей, аз болсо да ишенимдүү бийлигин жүргүздү.

Чаарбектин төшөгүн жаңылап, айрым чоң курсак байлар тоо элин курут эзгендей эзип, чыгымын күчөтүштү.

 

 ***

 

Тигил төмөнтөн келген жигиттер бешим оой Үмөт байдыкына келип, аттан түшүштү. Көчүк баскан алар айып таштап, жылкы тийип кетүүнү максат кылып коюшту. Арыта күйпүл күчүктөй саксайып отурган токолого көз кысты бейтааныш жигит.

- Эмне кысасың көзүңдү?!

- Ашык бодум сага.

- Мен эмне ошончолук..?

Токолдун жөнүрөөк экенин байкаган жигит жанына өттү:

- Бай кайда?

- Жылкысын көргөнү кетти.

Байдын кеч кайтаарын билген жигит жыландай сойлоп, токолдун жылаңач койнуна колун салды.

- Болдучу? – токол андан башка сөз айтууга жарабады. Чалына нааразы болуп жүргөн ал ичиркенбеди. Тек гана:

- Колуңду тарт, - деп бош унчукту.

- Мен алам, тийесиңби?

Токолдун көзү алая түштү. “Байдын койнунда калтырап жатканча, кулдун койнунда кутуруп жат” дегенди эстеди. Ансайын жигит да ойдолоктоду:

- Мен сага ашыкмын. Мага тийесиңби?

Жалоондой болгон эме келинди “чоп” эттире өөп алды.

- Кантип кутулам?..

Токолдун ниети чындап бузулду. Анын жөнүрөөк экенине толук көзү жеткен кескелдириктей шыпылдаган эме өктөм:

- Мен куткарып кетем сени.

Берки жигиттер тигини шыкактап: “Сага ылайык” деп сүрөп турушту. Бирок алардын ою башкада.

- Байдын балдары барбы?

- Бар. Жылкыларын өздөрү кайтарышат. Аттары –

Супатай, Сазан.

- Чын эле тийесиңби? – деген жигит тигинден жооп күтпөй, дагы “чоп” эттирип өөп калды. Бул адепсиздикти ылгалдар коштоп, каткырып жатышты. Анан келинге сөз таштады.

- Сен менин калпагымды бекитип кой. Эртең менен калпагымды издеп чыр салганда, каткан жериңден алып бер. Андан кийнкисин мага кой. Мен сени алам да, кетем.

Жыландай соймоңдогон эме келиндин башын тегеретти. Токол макул болду. Кеч келген Үмөт бул түнү чоң ирик сойгон, эшикте күйпөлөктөйт. Ушул түнү тигил жигиттин калпагын бекитти токол.

- Эрте жатып, таң сүрө аттанабыз, - деген ылгалдар тез ойгонушту. Кечээки көзү ойноок жигит калпагын издеп, таппады. Үйдү үч көтөрө бакырып, үй ээсин көз көрүнөө коркутуп, айыпка жыгып, демитип жатты:

- Чаап кетем, байлап кетем! Чаарбекке алып барам! –  жигит ошентип бакырды. Жигиттин шырдак алдына катылган калпагын токол алып келатты. Чыр чыкты, өрт болуп.

- Эр жигиттин баш кийимин бекиткен, башын алган менен барабар. Тогуз айып төлөйсүң!

Тез аттанышкан ылгалдар ай-буйга келбей жөнөп калышты. Токолго да карабады. Купкуу болуп, Үмөттүн иреңи качты. Тебетейи менен жер сабап, эшик алдында турду. Каяша айтуу кайда-аа! Тек нестейди. “Сеники, меники” - көңүлдүн тардыгы, “ары жат, бери жат” - төшөктүн тардыгы, бу ургандар... Жалган айып деген ушу экен го?

Үмөт ызага мууна, тээ жылкы артынан сабалап бараткан ылгалдарга жалдырай карады. Арыта келаткан Момунтайды да байкабады.

- Эмне болду, бай?

- Ий-йе, ээси жок малды алат да, кайтарып алаары болбосо тонойт да.

Момунтай үйгө кирип, болгон ишти болгондой укту. Ал малды алып калам деп ашыкты. Жылкы айдагандарды айланып өтүп, демиккен Момунтай Чаарбекке чапты. Оюна эч нерсе келбей, тек жылкыны кайтарып келем деп шашты. Ал кара кашканы кээде таскактатса, кээде желдире бастырып, Кетмен-Төбө бегине кеч бешим жете келди. Аттан ыкчам түшө калып, тизгинин ээрдин кашына каңтара коюп, бекке кирүүгө ашыкты. Эшик кайтарган экөө киргизе бербеди.

- Э, боз бала, эмнеге келдиң? – дөгдөйгөн кара жигит “бурк” эте унчукту.

- Датым бар, билдирейин дедим эле.

- Тигини, жашабагыр, жашабай жатып датчылын!

Момунтай мостоё, экинчи жигитке карады.

- Э, кирсе –кирсин! – деди экинчиси. Ичтен чыккан катчы Момунтайды ичкери киргизди.

Катчы колунан жетелеп келген Момунтай босогону аттап өтүп, башын ылдый ийип, колундагы камчысын акырын эшик алдына тыштап, кыраатын келтире аваздуу үн менен саламын айтты.

- Алик алган Чаарбек жөлөнүп отурган тактысынан козголбой, өзүн карай акырын кадам шилтеп келаткан Момунтайга:

- Сен ким болосуң? Ал сестүү унчукту. Боюн өйдө түзөй калган Момунтай  Чаарбекке тооп кыла кайра ийилип:

- Беш түтүн элдин эңкеси болом. Сизге өзүңүз деп, сиз үчүн деп, Кетмен-Төбөнүн сакасы тутуп өзүңүзгө кайрылдым.

Чаарбек  боз уландын кээ бир сөзүнө түшүнсө, кээсине түшүнбөй боолгоп, Момунтайга тикирейе карады.

- Эмне иш менен келдиң? Ысымың ким?

“Жакшылыкка жакшылык  - ар кишинин иши болот дейт жамандыкка жакшылык - эр кишинин иши болот” – дейт элде.

Өзүм тоолук Көлөп уруусунан болом. Ысымым Момунтай. Тоо эли жиберди. Кече сиздин жигиттериңиз айылга барып бир аз чекилик иш кылыптыр, датымды айтайын деп келдим, эл атасы.

- Ал эмне иш? – Чаарбек ойго туна түштү. Ансыз да Кокондон келген сарбоздору, эл арасында тентектикти көп жасап, Кокондон: Этият бол, тоо элин чоочутуп алба, сел болуп ылдый агылбасын, тизгиндерин тарта жүр деген Кокондон келген катын тумар кылып катып, кийинчерээк тоо эли, төөчө бакырчак болуп баратканынан сестене, этият мамиле жасоого өткөн.

- А эл атасы тон кийбеген тон кийсе силкип, силкип “тазалайт” имиш. Тоо арасындагы элде  “жөө жүрүп ырдаганың менен кара жерге кир, өгүз минип жыргаганың менен кара жерге кир” – деген ачуу кеп бар, айып этпе эл атасы.

Бул жактан барган адамдарыңыз тоо элинин жылкысын бүт айдап, Нарын жээктеп келатат. Арты эмне болот, мага жергуйдай түбү көрүнбөйт.

- Эмне дейт? – Чаарбек ордунан атып турду. Ансыз да Нарботонун балдары тымызын тузак салып жүргөнүн ылгалдарынан угуп тынчы кетип жүргөндө, эми минтип  тоо арасын чайпап албасам экен деп сестенди.

- Момунтайга: - Айтып кой баргандар чыгымын кана алсын, жаңжалы жок кайтсын.

- Бар, бара бер.

Датын уккан Чаарбек уландын жаштыгын эске алдыбы же... кыт куйгандай сөзүнө жибидиби:

- Дагы айтам, чыгымыңар төлөнсүн, ашыгын кайтарып ал, - деп бурк этти.

Улан кандай келсе ошондой ийилип,  арты менен кетенчиктеп жыла басып босогодогу камчысын ала коюп, сыртка чыкты.

- Кирсе кирсин деген экинчи эшик ага Момунтайга карап: - Ай жаш жигит колуңда бүктөм кагазың барбы, көрсөтчү деп калды.

- Кагаз албадым деп калды Момунтай.

- А аррами боз бала. Сенин сөзүңө ким ишенет?! Кимге датың өтөт? Колуңда кагазың жок, тигилер сени колу-бутуңду бууп кайра алып келишпейби? !

Ал балага ылым санагандай түшүндүрүп жатты. Момунтай кайра эшик ачып тооп кыла  Чаарбекке карады. – Эл атасы, жылкыларды кайтарып кеткенге бир бүктөм кагазыңыз жок болсо, момундарыңызга не дейм. Сөзүм өтөбү. – Ал башын ийип турду. Сол жагындагы молдосу эки бүктөм кагазын жаза  Чаарбекке узатты эле, эл атасы мөөрүн басты.

Көңүлү тынган  Момунтай арты менен чыгып атына мингенче шашты.

Ал Нарынды жээктеп, өрүлөп шашып келатты.

Ашуунун түбүнөн көчкү болуп куюлуп келаткан жылкылардын алдынан чыккан Момунтай үйүрдү артка сүрүүгө ашыкты. Ары жактан кыйкырган үн угулду:

- Эй, жинди! Тарт, атыңдын башын! Жетсем – башың канжыгамда! – түндөгү токолду тооруган жигит алыстан камчы үйүрдү. Шашкан Момунтай:

- Кулдугум бар, таксыр! Бек берди эле, силерге көрсөт деди эле! – деп атынан түшө калып, камчысын бооруна ала жарлыгын жигиттерге кош колдой сунду. Катчынын колун тааныган ылгалдар жылкыны таштап, ашууну эңкейип баратышты.

Тоо элинин бирин-экин жылкысы кошулган Үмөттүн жылкыларын өзү жалгыз сүрүп, артын карай бет алды. Жылкы артынан ылгаларды аңдып келаткан үч жигит Момунтайга жете келишип. Кара булоонго түшкөн топ жылкыны артын карай сүрүп айдап жөнөштү. Ошондон баштап Момунтайдын аты тоо элине жайылып, “Чаарбекке кирген Момунтай”, “Чечен Момунтай” дешип, ага мурункудан да бекем ишенип калышты.

 

 ***

 

Богорстон кеч күздө айтылуу Жайылбектин ашына уулу Солтонду жигиттери Муса, Төлөктү эрчитип жүрүш кылды. Артык баш болот деп башка киши эрчитпеди.

Богорстон ат үстүндө үргүлөп, кайра башын көтөрө жалгыз сакчы көзү менен эки жагын чолуп карайт. Анын бул кытмыр карашында бир сыр бар сыяктуу алды жакты телмирип, теше тиктеп келет.

Топ атчан Кырк-Кыздын белин ашып, топ балдарга жете келишти. Оюнан бошонгондой үргүлөп бараткан Богорстон айланадагы ызы-чуудан “селт” эте баш көтөрдү. Суусар бөркүн камчсынын алаканы менен өйдө түртө, балдарга көзүн ымдап, таан көтөрүп бараткан балдардан көзүн албай, арасындагы сары кетирекей баланы:

- Эй! – деп токтотту. Тогуз-ондорго чыгып калган кетирекей мурун колундагы ийри тумшук таанын аягандай бооруна кыса, Богорстонго таң кала карады. Богорстон баланын колундагынын таан эмес эле кара шумкар экенин жаздемдебей тааныды.

- Ийе, уулум, кимдин баласысың?

- Кайыптын.

- Ата-энең барбы?

- Атамды өткөн жайда Жайылбек байдын балдары уруп, кан түкүрүп өлгөн. Шашпасын аларды, мен чоңоём го, ошондо...

Бала унчукпай, Богорстонго суроолуу карады. Богорстон балага көзүн кадап:

- Түзүк-түзүк! – деген болуп, ичинен тегин бала болбосун ойлоп, кызганыч аралап, анан балага дагы да суроо бере баштады:

- Үйүңөр кайсы жерде?

- Тиги көрүнгөн кара алачык, – бала сөөмөйү менен суу жээгиндеги кара алачыкты көрсөттү.

- Жүрү эмесе, учкаш бу акеңе.

Муса илмийген сары баланы желкесинен коомай кармап, аркасына учкаштырды. Жалпы атчандар бат эле кара алачыкка жете келишти. Топ атчандардын кайрылганынан чочулагандай, эки кемпир ийигин таштай, карап калышты. Богорстон айымдарга баш ийкеди.

- Бар болгула, айланайындар, - экөө тең жарыша жооп беришип, ачлыган көрдөй үңүрүрөйгөн жылгыз көздүүнү тиктей беришти. Жолоочу жалгыз көзүн улам ымдап, аңкая караган кемпирлерге собол таштады:

- Ийе, байбичелер, уулуңар таан алып жүрүптүр. Атадан жалгыз калган экен, аны өзүнөн уктук. Таанын бизге берсин, акысына берегини мингич кылып алсын.

Богорстон Мусанын кызыл атын көрсөтө кол жаңсады.

- Муса, Төлөккө учкаш, тигил жерден оюңдагыдай ат таап берем.

Аттын чылбырын тигил балага ыргытты. Мусанын ичинде күчаладай кек быгып, Төлөккө учкашты. Анысын беркилерге билдирбеди. Тек нестейип, ичинен болду.

Сары балага окшош кетирекей мурундуу кемпир:

- Койгула, таанды эмне... Кудайдын чымчыгын аяп... Жөн эле ала бергиле. О, теңирейген арам, ал десе эле ала берет бекен?! Бер атты!

Кемпир сүйлөнгөн болуп, ак алып чыкканы үйгө кирип кетти. Кара алачыкка көп байыр албай, атчандар жүрүш кылышты.

Жолдо тээ тереңден жылтылдап көрүнгөн ырайы суук көзүн улам-улам ымдап, сөзүнүн учугун береги ийри тумшук таандан баштады Богорстон:

- Бул – таан эмес! Чыныгы алгыр кара шумкар деген ушу болот. Бу таандардын арасынан жай таап, чоңойгондо айырмаланат. Көрдүңөрбү? ..

Ал таандын жемсөөсүн кармалады.

- Жемсөөсүндө камандын коёсу калыптыр. Балапан түгү түшө электе энесинин оозантканы ошо болуптур. Агер аны табын билген мүнүшкөргө берсек, өнөрүн ошондо көрөсүңөр.

 

 ***

 

Богорстон Жайылбек байдын ашына кеткенин угуп, өйүздөгү Үч-Терек багытынан Карыпчал жылкы тийип келүү үчүн алты уурусун жумшады. Уурулар боз кыроодо эрмен башын сыдыртып, түн катып дайрадан өтүп, түлкүчө эки жагын каранышып, күүгүм кире ач бөрүдөй жутунушуп ачыктагы жылкыга тийди. Ал өрүшүн күндүз билип алган уурулар анчалык кыйналышкан жок.

Бөлүнүп оттоп жүргөн жылкыны алдына салышып, тигилер жүрүп берди. Алыстан ит абалап, айыл ызы-чууга толуп:

- Оо, ууру! Жылкыга ууру тийди! – деген жылкычылардын үнүн угуп, айыл дүрбөп калды. Жатууга камынып калган Момунтай “ууру” деген үндү уга эшикке атып чыкты. Жайдак атка минип, бакан ала үн чыккан жакка чаап жөнөдү.

- Караңгыда кескелдириктей сойлоп келген уурулар дайра жээктеп, калың жылкыны Кызыл-Кыр ылдый сүрдүктүрө айдап, кыян болуп боз шыбактуу  адырды ашып, ошол жерде айдалган тарууну тебелеп, сел болуп алдын жайпап баратты.

Топ караан артынан жете келишти. Ири алдыда кара кашка менен Момунтай бүркүттөй шукшурулуп, топ жылкыны айланып өтүп, алдын артына карай имерди. Жандай келген караанды көрө, бакан менен тизеге чаап өттү. Ууру тебетейдей “топ” этип алда кайда учуп түштү да, өз жаны менен алек болгондой боздоп жатты.

Уурунун келтегин жерден эңип ала, дагы да ээлигип, жылкыларды торой чаап, алдын тосту. Ээликкен жылкы болор эмес.

- Я Алла, я Алла! Карт ууру көрүнөт... – деп улам “я,

Алла” деп берки атчанга тиреше калып, кайра кетенчиктеп, ок жеген камандай беркилерге:

- Өңүткө! – деп бакырат. Карт уурунун сакалы

Момунтайга даана көрүндү. Анын аста тизгин тартып бастырышан чочулай, кара кашканын тизгинин жыя кармай берди. “Шак-шак! ” “тарс, тарс!” – эткен союлдардын үнү жанындагыларга даана угулууда.

Артта келаткан топ караанды көрө сакалчан жыландай сойлоп, жылкылардын арасына кирип көрүнбөй калды. Кишенеген жылкылар кулун, тайын издегендей тапырап, нечен туяктар жер сабап, ылдый агылат. Буурул сакалчан ууру жылкылардын арасынан дайрадагы карагайдын агындысындай “булак” этип көрүнө түштү. Момунтай ошону эле күткөндөй, ошол тарапка чапты. Кара кашка суулугунан көбүк чачып , карт ууруну жандай берди. Далайды көрүп, далайды башынан өткөргөн буурул сакалчан улам Момунтайга ыкыс берип, такымына катылган чокморду ала албай, ага жанталашуунун аракетинде:

- Айып бизде, баатыр! Айып бизде!

Карт ууру жалынып жиберди. Бирок анын жалынычы түпкүрдөн чыкпай, берки караанды чаап жыгууга ыңгайын келтире албай турганы сезилип турду.

- Шак! Шак! – эки жолу келтек кара кашканын соорусуна даана тийди. Ал катуу тийген чокмордун уусуна туруштук бере албай, бута атым жерге ыргыды. Момунтайдын башын жарчу чокмор аба жарып, күч менен чабылып, бирок аттын соорусуна тийгенин карт ууру даана сезди.

Дагы да жете келген белгистиз караан Момунтайды чаап уруп өттү. Момунтай аттын тизгинине ээ боло албай, көздөрү ымыр-чымыр болуп, кара кашка бет алдыны карай чуркап баратты.

- Карма! Сок! Кан сийдир! – деген үндөн эсине келе калган Момунтай жылкынын арасына сүңгүдү. О көптө барып эсине келди ал. Эми ачууга ууккан Момунтай жолборстой качырып, карт ууруну тизеге чаап, тебетейдей учурду. Ызага берилген Супатай, Сазан карт уурунун мойнуна чылбыр менен сыйртмак салып, кармап калышты.

Жылкычылар алтоонун колдорун артына байлаштырып, алдыга салып, жарымы ээликкен жылкыны тосуп барат. Байланган уурулар өз ойлору менен алек. Алар казыкты сындырып кетчүдөй күч менен ыкчына онтошот. Карт ууру жаагы ылдый сарыгып, кан аккан сакалынын учун казыкка жөлөп, аны оозуна салып
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   bema_bema   12 Февраль 2016 - 18:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

шимип ойлуу. Беркилери карт ууруну карап, анчалык иш кылбагандай олтурушу баёо.

Ашка кеткендер келгиче ууруларды кайтаруу милдетин Момунтай өз мойнуна алды. Ошентип, Богорстондор келгиче байлоодо турду уурулар.

Башынан бери Богорстон менен Карыпчалдын ортосунда күчаладай быгып кек бар экенин эл билет. Богорстон келсе, өчүн ушулардан чыгарарын да эл билет.

Богорстондун кызы Жылдызды Карыпчал уулу Саматка ала качтырып алып: “Калың түгүл каадасыз кыз алдым”, - деп калың төлөбөй койгон. Кызынын намысын ойлогон түлкү Богорстон ичинен: “Кыздын жай алганы эп”, - деп дымып калган. Бир жылдан кийин Жылдыз төрөттөн көз жумган. Ошондо да кабар кеч жетип, топурак салганга жетишпей калышкан. “Э, иттики! “Сөөк кайрылышат. Дос айрылышат” деген кеп жалган белем!” – деп ичинен тынган.

Мына, келме кезек деген ушул! Минтип уурулары колго түшүп, казыкка керилип турат. Тирүүлөй куйкаласа да, кызынын кунун кандай кууп алам десе да өзү билет.

 

 ***

 

Ашка кеткендер да келишти. Жөн келбей байге башы деп жылкы айдай келишти. Бирок ууруларды көрө Богорстондун кыжабасы кайнап, атынан түшпөй эле карт ууруну тааныгандай башка чаап өттү. “Кой!” – деп эч ким чыкпады алдынан. Ачуу чайнап, үйүнө түштү Богорстон. “Мына, келмек – кезек, терме – тезек” деген ушу! Минтип, уурулар өзүнөн-өзү колго түшүп берип отурат!”

Уурунун көзүнөн заар окуду Богорстон. Өмүр бою жүрөгүн эзип, мыжыгып келген кек.

“Эмне кылсам?! Ит аякка заңдатып, заарына чылатып ичирсемби?! Же ооздоруна коргошун куйдуруп, жигин билгизбей “ким көрдү, ким билди?” кылсамбы? Жок! Болбостур, булар журтсуз дейсиңби? Сурап алаары жок дейсиңби, күчүгү жетилип дөбөт болгондо кек куур.”

Богортсондун ою уйгу-туйгу болуп, жайдын толук кезиндеги чагылгандуу жаандай удургуду.

- Иттер! Карыпчал айдактаган иттер!

Ачуусу сыртына тээп, соолгон көлдөй көзү тээ тереңде олурайып суук көрүндү. Ачуусу келгенде бетине кан тээп. Эки тултук бети тырсыйып, темгил чаары чыгып, аркы-терки баса берчү адаты кармады. Мындай түркөйү суук кези келгенде жигиттерин да аячу эмес. Аны жигиттери жакшы билет. Кокондон үйрөнүп келген “ляппайын” жигиттерине айттырып көрдүргөн.

- Бери бас, Муса?

- Ляппай, байым.

- От жак!

- Азыр, таксыр?!

Үйүлүп жаткан өгүз белиндей куу арчага от койду. Жедеп куурап бүткөн арча алоолонуп, кызыл жалын ажыдаардын тилиндей болуп асманга соймоңдоп чыкты.

- Алып кел, тигил чычаланы!

- Ляппай, бегим.

Эми эле оп тартып, соруп жиберчү ажыдаардай соймоңдогон чычаланы Муса Богорстонго жеткире салды.

- Эмне кылайын, таксыр?

- Бек карма дейм, ит!

Богорстон жигиттин үшүн ала бакырды:

- Карма чычаланы!

Калтаарыган Муса тигил чычаланы буурул сакалчандын жанына алып келди. Канчалык мыкаачылыгын карматайын десе да кызыл аты оюнан кетпей, Богорстонго ачуусу таркабай, ичинен айкапта. Анын колу титиреп кетти.

- Сакалына карма иттин!

Кызыл өрт болуп соймоңдогон жалын улам жакындап келатты. Далай жолу уурулук кылып, акыры ушундай көйгө келерин түшүнгөн сакалчан Богорстонго жеп жиберчүдөй тикчийе карады.

- Кызыңды мен өлтүргөн жок элем го, шиш курсак?!

Алдагы соолгон көзүңдү, түлкү сийип кеткен куу баштай болгон башңды... сенин! – сакалчан тартынбады.

Ачууга ууккан Богорстон Мусаны жоон өрүм камчысы менен жон талаштыра тартып-тартып жиберди:

- Жакындат дейм, чычаланы!

Жону дуулдап ачышып чыккан Муса колундагы чычаланы тигинин сакалына тосо берди. Жыландай соймоңдогон жалын бир жалмап өткөндө тиги уурунун сакал-муруту, каш-кирпиги кошо күйүп, ээрдин бек кымтып турган ууртунан кан жая берди. Экинчи жол жалмап өттү жалын. Куусаң арча май куйгандай от алып чыкты. Ууру тишин качыратты. Анын бети-башынан кан аралаш сары суу агып, күйгөн теридей бырыша түшкөн бетин көрө Богорстондун моокуму кангандай, качан гана тигил буурул саклчан эс-учунан танганда колун бошоттуруп, эки колун керген бойдон:

- Жөн койгула! – деп экинчисине карай басты.

- Алып кел, тигини! – Богорстон Төлөккө “барк!” эте, сестүү үн катты. Экинчи ууру дүгдүңдөп, чалпоо жылкыдай моюн бербей туйлап, улам кетенчиктейт.

- Чечиндиргиле итти!

- Карыпчалдын кыстоосу менен келдик эле, таксыр? -

Жигит чынын айтып, мурункудай чалпоо тартпай, үйрөткөнгө көнгөн кунандай жоош тартты.

- Чечинт ар-рамды! – Богорстондун ачуусу тарабай, Мусага буйрук бере бакырды.

Арыта карап турган Момунтай чыдай албагандай кудасына сөз катты:

- Жан соогат, куда? “Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер” деген. Ууру кылмышын мойнуна алып, түшүнсө кылмышын кеч деген. Кечирип койсоңуз, жан куда?

- Тарт тилиңди! Жаныңды кыям деп жатса, соогат сураганың кандай, балам? Энеңдин койнунан ууру кармасаң көрөр элем сени!

Богрстон Момунтайга катуу айтып койду. Бирок ал сөздү этибар албагандай, көзү жигиттен өтүп кетти.

- Чычырканакка бөлөгүлө!

Муса менен Төлөкк буйрук бере, Богорстон кийиндей берди. Буту-колу буулуп, калың чычырканакка жаткырылды ууру. Денесинде так калсын деп катуу долон менен сабатылды. Тикен ширеген денесин “солк-солк! ” эттирип жаткан жигит улам: “Суу, суу?” – деп долононун уусуна уугуп, жөөлүп жатты.

- Тарт тилиңди! Соогат сураба, унчукпа кызталак!

Заңын чылап ич десе “кың” дебей жата бер. Ок, атаңды... Култектин жаманы!

Байлоодо жаткан карт ууру эсине келе калгандай берки жигитке кайрат берип, сестүү бакырып, унчукпай калды. Тек гана корго күйгөн мышыктай бүрүшө, улам эсин жыйгандай үлдүрөп батташкан кирпигин ымдап калат.

- Алып кел, үчүнчүсүн!

Арыта колу-буту байлануу жаткан сары чийкил, жашы отуздарга барып калган ууруну көрсөтө бакырды Богорстон.

- Даярда ит аякты! – Богорстон Мусаны демите, дагы чаңырды. Заматта ит аяк даяр болду да калды.

- Курсагың ачкандыр, а карагым?! Ич, береги “ырыстуу тамактан”!

Жигит турган жеринен каршылык көрсөтө, башын ийкеңдете артка кетенчиктеди. Ачуусу келген Муса Сары чийкилдин башын ит аякка ныгыра басып, заматта жугундуга жүзүн жууду.

Уурулардын көз көрүнөө кордук көргөнүн карап турган Момунтай: “Ар-рами, тукмуңа наалат! Ушу сен келбей койсоң деле болмок. Кейпиңе караганда жамандыкка барбай тургандай эле түрүң бар экен, наалат тукмууңа! ” – деди иичнде.

Сары ууру үн дебей, тек гана күнөөсүн мойнуна алагнадай мелтиреди. Момунтайдын ырайымынан үмүт этип турган карт ууру эрдин бек кымтып мелетейет.

- Кечир, баатыр? Кудаң сурап жатат. “Сөөк кайрылышат, дос айрылышат” деген. Бир айтканын аткарып кой?

Жамаке кары Богорстонго Момунтайдын атынан, жамы журттун атынан суранды.

- Ийе, жугунду ичкен ширин болот бекен? – Богорстон тигил сары чийкилге суроолуу карады. –  Силерди кандай максат менен жиберди Карыпчал?! Мөөрөй алам деген го, “жамаачы көт”. Билем, анын оюн.

Тигил жигитке кайрылып, карт бөрү ууруну көрсөтө:

- Тигиниңер ким?! Сүткө түшкөн чычкандай салбырап, ыштанын тарта албай калыптыр го?! Абийрин жабышка чамасы келбептир го?! Абийрин, абийрин, карт эшектей каржайып!

Богорстон өзүнө-өзү ыраазы боло, кытылдап күлдү. Сары чийкил тартынбай, болгонун болгондой айтууга камынды:

- Карыпчал жиберген, таксыр! Тигил бүрүшүп өзүнчө отурган – байдын ашынган уурусу ошол. Аны өйүздө Ууру кара дешет. Асан айтып койгон аты – Табылды. Тигил чычырканакка бөлөнгөн ууру Каранын баа алган бөлтүрүгү. Калганыбыз эми кошулуп... мени кыстоо менен кошкон таксыр?..

Сары чийкил жигит атын да айткан жок. Тек гана өзү кутулуунун амалын издеп жатты. Жанатан бери чыңалып чыккан табарсыктай Богорстон, жандырылган жиптей бошоң тартып, тек “бырс” күлдү.

- Ошондой де, бөрүнүн бөлтүрүгү?

- Ийе, жумшаса барат экенбиз да, таксыр!

Сары чийкил ардангандай сестүү унчукту. Эми элен жазылып келаткан Богорстон чыйратылган көтөрмөдөй чыйралды.

- Тикенек күсөп, ит аяктан аш ичели деп келгенсиңер да, болбосо...

Ал жаман үнгө салып: “Өлтүрөм! Жутам!” – деп бакырып жатты.

- Андай эмес, бай.

Сары чийкил сүйлөгөнгө камынганда Момунтай туурадан чыга, сестүү бакырды. Жаңжал ырбап кетпесе экен деди:

- Тарта сүйлөп, баса отур! “Оосурса жел кетет, сүйлөсө тил кетет!” Оозуңдан заңдабай шүк отур! Атаңа наалати, кыңшыса түлкүдө да үн бар!

Ачуусу келген Момунтай тигинин оозун кан буугандай бууду. Богорстон да Момунтайдын сөзүн жүйөөлүү көрө, унчукпай тек ары басты. Арадан он күн не өттү, не өткөн жок, жүзү корго күйгөн мышык кейиптенип карт ууру беш бөлтүрүгү менен капчыгай ылдый жөө, жүрөгүнө кек түйүп, артын карабай кейиштүү кайтышты.

 

 ***

 

Тоо башынан кылтыйып чыккан күн айлананы алтын нурга киринтип, жаңы жааган карга жебедей сайылып тике түшөт. Тигил кырдан канатын сабалап кекилик учат. Момунтай суу жээгине атын сугарганы барып, Балжанды жандай бастырды.

- Келиңиз?.. – Балжан Момунтайга бош унчукту. Анын Бул үнүндө тартынуу, не уялуу сезим турду.

Кыз суу алганы чакасын сууга мала эңкейе берди. Жука муз “чарт” жарылды. Балжан сууга көмкөрөсүнөн жыгылды. Кыздын артынан кошо түшкөн Момунтай Балжанды белинен бекем кучактап сыртка алып чыгып, аёо сезими менен чапанын чечип, тигиге желбегей жапты. Кыздын кийими калдыркан куурайдын жалбырагындай калдырап, үйүнө жеткиче өңү түктөйүп чыкты.

- Садагаң Балжан?! Карааныңдан кагылайын, эмне болду?!

Арыта эшик шыпырып жүргөн чал шыпыргысын таштай, кызына чуркады.

- Эч нерсе эмес, ата. Суу алып жатып...

Кызды колтуктай, Момунтай үйгө кирди. Кызынын кебетесин көргөн карт эне ордунан козголо, түйшөлүп алды. Турууга дарманы жок, тек гана кызына жалына берди:

- Айланайын, ай! Жалгызым, ай! Ушу сенин жамандыгыңды көрбөсөм экен! Ушу сенин алдыңа кетсем экен! Мен деп, сен да кыйналып бүттүң го! Жараткан, ай!

Кыз которунаар кийими жок болгондуктан, алоолоп жаткан коломтого ыктай олтуруп, жылынып жатты.

 

***

 

Башында арам ою былгып жаткан Богорстон Момунтайга деген ою ичинен шакар болуп кайнап, боз уландын мойнуна жылан болуп оролууну ойлоду: “Кыссам, ээ?! Ошондо “абалап” жалынып турса, аттиң?!”

 

***

 

Момунтай менен Балжандын сүйлөшүп жүргөнүн билген Богорстон ичинен түтөп, сыртынан терең ирим болуп мелтирейт. “Кудайназар айтты эле, куда-сөөк болуп коюуну эп көрдү эле. Балжан ошого ылайык. Атына жараша заты дегендей, жандын таттуусу го, түгөнгүрүң! Балыктай туйлатып, артынан кармай албай убара болсоң, ал ойкуштап, кытылдап күлүп турса, түгөт...”

Богорстон ичинен жымыйып, оюн бекемдеп, өзү түнт тартты. Эч кимге мингизбеген сары кашкасын Төлөккө мингизип, ага сөз төркүнүн катуу табыштады.

Бул түнү ийинге кирген суурдай “жылт” этип, Төлөк түнгө сүңгүдү да, жок болду.

Богорстон Жайылбектин ашында анын кичүү уулу Кудайназар менен ийин тийгизишип, дос болуп кайткан. Ал азыр жашы элүүлөргө таяп, токол тандап, “эргип” жүргөн кези. Өткөн жайда Кетмен-Төбө тарапка жумуштаппы, же... айтор жигит жалаңы менен баратып Богорстондукуна түнөп, эртеси аттанган.

Даарат алганы эшикке чыгып, эшик алдында отун көтөрүп бараткан кызга көз кыйыгын салган. Кыздын иймене кымырылып өтүшү Кудайназарды ойго түшүргөн. “Жалт” караган Балжан ошондо артын карабай үйүнө жеткен.

Чай ичип жатып:

- Боке, бу куда түшүп келчү жайым бар окшойт.

Жанагы отун көтөрүп өткөн түгөнгүрүң ойго салып кетти го. Өзүң да байкап турдуң. Атын укпасам жүрөгүм зилдейт.

Кудайназар “борс-борс” күлгөн болду. Аны коштоп, Богорстондун үнү чыкты кытылдап. Ошо менен Кудайназар айлына жүрүп кеткен. Мына эми, минтип Момунтайдын Балжанга арзуусу артылган сайын Богорстон өрттөнүп олтурат. Төлөк аттанарда дагы да сөзүн бышыктаган:

- Кудайназар тез келсин. Алчу жарын үч күндөн кечиктирбей алып кетсин! Узатыш - менин мойнумда, кыз – анын койнунда. Тездебесе, бир томаяк тооруп жүрөт. Илдирип жибербесин, жигиттери менен аттансын. Бычымын өзү билет, калыңын кошо айдата келсин! – деп табыштады.

- Ой, Төлөк, намысыңа - бир ат. Убада – ат мамыда калсын! Сөз самандай сапырылса... билип кой, ири алдыда сенин башың кетет. Үйүңдү талоонго алдырам! - деп аягында эскертип, коркутуп айтты.

“Балжан” дегенде Кудайназардын таңдайы такылдап жүргөнүн Төлөк да биле турган.

Жылдыз суюлуп, таң таштаганда Төлөк Жумгалда болду. Кабардын чоо-жайын уккан Кудайназар бүлүнүп калды.

- Бүгүндөн калсаң бир томаяк илип кеткени турат. Аны азгырып, эки күнгө мергенчиликке жиберди. Кыздын атасы да ошо жакта! – деп көкүтүп айтты.

Өрүшүнөн эки үйүр жылкы бөлдүрүп, жанына союлчан он жигит алып, Кудайназар Боз-тектирди карай жүрүш жасады.

Түн катып келген Төлөк атайын изин суутуп, кеч кайтам деп артта калды. Бел эңкейип, апай бетти жайпап, таноолору бырылдаган жылкылар көчкү болуп куюлуп келет.

Бел түбүндөгү эл аңкайып карапа калышты. Жылкы топ атчандын алдында Богорстондун үйүн карай суу болуп агылды.

Момунтай менен саяпкерин Мусага кошуп аңчылыкка Узун-Кырга жөнөткөн Богорстон бейкам. Алар бүгүн келе коюшпайт. Кара шумкар менен тамашага батышып, эртең келишет. Аларды Богорстон атайын жиберген. Саяпкеринин эмгегин баалаган болуп, “Кудам эле”, - деп Момунтайды кошуп, шумкарды Мусага берип жатып:

- Канжыгалуу кайт! – деп кытмыр күлгөн.

 

***

 

Кудайназар көпкө турган жок.

...Богорстондун кеңеши менен күн чыга аттанды.

Эки жигиттин коштоосу менен Балжан барат, “Энекелеп” бакырып. Эси оогон энеси капшытта жатат суналып. Жатакчылар аны эс алдырыш үчүн бетине муздак суу чачып, баш аламан түшүп жатышты.

Эс алган кемпир:

- О, кулунум?! – дейт чыркырап, инген болуп боздоп, ботосун жоктоп көзүнөн ылдый жаш сарыгат. Алсыз үнү киркиреп, эс-учунан кайра танат.

Айыл талоонго түштү. Союлчан жигиттерге даап, адам чыга албады. Тек гана көк ирим болуп мелтирешти.

Күн төбөгө келгенде Балжандын энеси үзүлдү. Муң менен күйүткө алдырган кемпир көксөөсү сууп, тынптынч. Тыртайган арык колдору түз сунулуп, чүңүрөйгөн көзү жумулуп, тирүүлүктүн азабынан кутулгандай.

Күн уясына батып, айлана кызыл өрт болуп, алоолонуп чыкты. Тигил каптал жолдон үч атчан караан ыкчам бастырып келет. Кейпи канжыгалуу. Алыстан чуу чыгып тигилер ошол жакты аңкая карашты.  Саяпкер аны жамандыкка жоругандай, ыкчам бастырып алдыга түштү.

Өкүрүк өз үйүнөн чыгып жатканын даана байкаган саяпкер чуу коюп, делбе тап кишидей тик ылдый карай чапты. Алар жакындай бергенде Койчунун аялы:

- Апабыздан айрылдык! Энебизден айрылык, ата! – деп чалды кучактап боздоп көпкө солуктады. Чал тек гана: “Кеселинен кетти, ажалынан кетти, жазуу”, - деп “курдашым” деп ыйлады.

Тигилер келип түшкөндө кемпирди жайына алып коюшуп, жакындары үйдүн сол капшытында:

- Апам, ой! Эсил кайран энем, ой! – деп өкүрүп турушту.

Далайды башынан өткөргөн саяпкер кемпиринин үстүнө жүткүнө кирип барып:

- Ыраазы бол? Он төртүңдө мага кошулдуң эле, өмүрүбүздүн аягына чейин ынтымактуу жашап келдик, Балжандын апасы!” – деп эчкирип алды. Андан ары кубаты жетпегендей бышактап ыйлап жиберди. Кыраа чал аялдардын арасынан Балжанды издеп таппады.

- Балжан көрүнбөйт да?

Аялдардын бардыгы убадалашып алгандай. Бардыгы бир ооздон болгондой, сөөктүн баш жагында олтурган узун ээк кемпирди жалдырай карашты. Кемпир тизесине жеткен ээгин өйдө кыла, чалга кечиримдүү үн катты:

- Балжан кетти, тууруна. Богорстон ата болуп узатты.

Кайрат кыл, Балжандын атасы. Илгертен берки салт ошол. Мен жашагандан берки адат, уул.

Кемпир көзүнүн шоросун куюлта, чалды телмире карады. Чал боздоду, ботосун жоктоп. Нар болуп төшөктө чөктү. Бейиттей тунжурап, о көптө эсине келип, сакалы ылдый сарыккан жашын сылай эшикке бет алды.

Үй ичи нестейди бейит сымал, сыртта тургандар нестейди, ээн талаа болуп...

- Богорстон жедиби, кызды?! Ой, кызыталак! Атасын мен өлтүргөнүм жок эле го! Сокур көзүн мен соолткон жок элем! Атын таптап, намыс алып бергенимби? ! Кайсы күнөөм үчүн?! О, үңкүр көз!

Капталдай бастырып келаткан Богорстонду көрө, үйгө жөлөнүү турган баканды ала, утурлай басты. Чалдын денеси өрт болуп чуркап баратты. “Кой!” деген киши болбоду! Ал тебетейдей ташка чалынып, көмкөрөсүнөн жыгылды. Кайра тура калып, кайра чуркады. Катуу келаткан Богорстон жигит-жалаңы менен өкүрүп, саяпкеринин ариетин айтып түшүштү.

Чатак башын эми түшүндү Момунтай. Балжандын кеткенин укканда ичи эңшерилип, туз куйгандай ачышты. Тигинде турган Богорстонго ызгаар чачып карады. Ызага алдырган Момунтай кудасын утурлай, жүйртө басты. Ачууга мууна, катуу кетти ал:

- Бул не деген шылдыңың, куда?! Жаныбыз бирге, Кудай кошкон куда элек го! Төгүн болсо, аны айт! Ичиңдеги алаңды билип турам. Каткан каарың болсо, муну айт, куда?!

Атчан турган Момунтай Богорстонго демите бастырды. Момунтай:

- Энеси өлүп жатса, өз кызыңды бергенсип, бул эмне кылганың?!

- Не дейсиң, тентек?! Жап, жаагыңды! – Богорстон камчысын өйдө көтөрө, Момунтайга тап берди. Өлүккө келген эл Момунтайды колтуктап, ары жетелеп кетти.

Өлүк үстүндө ызы-чуу болгон эл эки тарап болуп бөлүнүп, ажаты ачылып калды. Ызасына чыдабаган Момунтай кара кашкасына камчы басып, түз эле Солтондукун көздөй чапты:

- Я, Уял! Чык бери?!

Акесинин үнүнөн сестене, Уял сыртка чыкпады.

- Мени “уялашым эле” десең чык бери?! “Канатым эле” десең чык!

Акесинин сөзүндө зил бар экенин сезген Уял босогого келип, керегесинин көгүн кармалап туруп калды. Көзүнүн жашы талаа-талаа болуп, жаагы ылдый сарыкты, “тып-тып” тамды тамчы болуп.

- Кеттик! Кыйын болсо менин үйүмө тополоң салсын, сенин өлүксүз кайнатаң! Эрчибесең туугандыктан кечем! Тууганым эле деп кылчактабайм! Угуп жатасыңбы, Уял?! Менин да журтум бар, чабышып көрсүн үңкүр көз!

Уял же кетерин же кептесин айта албай, босого менен бойлошуп, көзүнүн жашын көл кылып турду.

Ат тердетип Кабыл келди. Аны Момунтай байкаган жок. Чылбырдан ала, Момунтайды бура тарта бергенде гана Кабыл экенин билди.

- Тентеткик кылба, кыйнаба кызды! Кыз – барган жеринде бактылуу. “Таш – түшкөн жеринде оор”. Бөөдө үй бүлө бузуп, уялашыңдын убалына калба. Кайт артыңа! Аста сүйлө, балам. Катуу айтсаң тууган болсо да кабырга-сөөгү ооруйт. Оорубайт дейсиңби? Сыздабайт дейсиңби? Атаң жиберди. “тентектик кылбай, артына кайтсын” деди. “Агер кайтпаса, таягымды сүйрөп өзүм барам” деп табыштады. Уктуңбу, Момунтай?!

Кара кашканын чылбырын ээрдин кашына орой, ары жетеледи.

- Э, Кабыл аба, тууганым деп келип отурам. Тууганың болсо, душманым жок дебе. Билем баарын. Жүрөгүмдү жарып, жүлүнүмдү зыркыратты го, кем ээк. Жамы журттун төбөсүнө камчы ойнотту го, бу иттин тукуму. Качанкыга тепсесе – жол, жатса – төшөк болуп беребиз?! Мен жокто кемпир-чалга ээ кылбай, Уялды жанагы жарыс-эс баласына ала качтырып алды. Анан көрүп турасың, анын күйүтүнөн энем өлдү ай өтпөй. Эми кылганы бу! Мени кемсинтип, тексиз дегениби?! Сүйгөн кызымды өз кызын саткансып, сатып отурат. Кантип өрттөнбөйм? ! Кантип түтөбөйм, аба?! Туулмак бир, өлмөк бир. Богорстонго качанкыга кор болом, аба?!

- А Момунтай. Али баласың. Мыжыгып коёт үңкүр көз.

Аста бол.

Көптө барып басылган Момунтай Кабылдын жетеги менен өргөөдөн алыстап баратты.

Уял калды, босогого бойлошуп. Анын ою бороон айдаган кар болуп удургуду.

“Көңүлүн ооруттум, ээ, ушул кем ээк үчүн?! Үңкүр көзгө өчөшүп дилин кирдеттим ээ, уялаштын?” – Момунтай ичинен Уялды аяп, өз кылмышын мойнуна алып, кичирейип барат.

Ушу аптадан баштап Момунтай менен Богорстондун арасы ачылып, элдин ажааты эки бөлүнүп кетти. Жаз алды менен өзүнүн туугандарын эрчитип, жер которуп конду. Момунтайдын бул кылыгы Богорстонго жаккан жок. Ызырынып, ичинен ачуу чайнап, ачылган көрдөй көзүнүн бийлик талашкандай ымдаганы көбөйүп, ортого элчи сала албай жүрдү. “Коркутам” деп, кийинкисин ойлоп батына албады. Түлкүчө алдыртан жыт искеп, учурду күтүп жүрдү.

 

***

 

Айыл аралап бастырып, эл билерманы болгонуна жыл аяк баспай, Жамалга колун сунду Момунтай.

Жамал – Жамал дегендей эле ак жуумал, жүзүндө кандайдыр бир аялга тийешелүү өзгөчө назиктиктин белгиси бар жан эле.

Момунтай Жамалды алганы оюнан Балжан аз да болсо оолактап, кээде гана Жамалды “Балжан” деп жаңылып алганы болбосо... Жамал да анысын жакшы түшүнчү. Ансыз да торго түшкөн бөдөнөдөй жүрөгү сыгылып турганын, Балжандын элеси дагы эле оюнан кетпей жүргөнүн ойлоп, Балжандын бар турпатын тууроого аракет жасап:

- Ай, Момунтай ай, Балжанчалык болбодум го, андай көрбөйсүң го?” – деп кылыктана күлүп, Момунтайга бар сүйүүсүн арнагандай аянычтуу карачу.

- Койдум, койдум! Жамаш, өзүң айттырбай билип сөзгө жыкканыңа мен кубанычтамын. Балжандан ашык көрсөм көрөрмүн, кем көрбөсмүн, - деп жубайын билегинен кармай боюна тартып, саамай чачын жыттып, тиричилик тууралуу көргөн, уккандарын айтып, бат эле Жамалдын жардамы менен кысталыштан чыгып кетчү.

 

***

 

Момунтай Жамалга баш кошкон жылдын күзүндө атасы

Байбото келгис сапарга аттанды. Момунтай Боз-Тектирге көчүп келгенде Жамалдын бээ саанга кеткенинен пайдаланган Байбото:

- Балам, оор жүктү, бир уруу элдин жүгүн мойнуңа алдың. Элдин көңүлүн оорутпай, кеңешип иш кыл. Аял да болсо Жамалдан жакшы акыл чыгат, аны кор кылба. Жамалга ыраазымын. Батамды берем, айланайын. Кор кылбай багып келди.

Эшиктен кирип келген Жамалды көрө атасынын сөзүн буруп, Момунтай:

- “Улууну сен сыйласаң, кичүү сени сыйлайт. Кичүү сени сыйласа, жалпы сени сыйлайт” дечү эле апам, - деп калды. Арытан:

- Ата, тору бээнин сүтүнөн ичип алыңыз. Жаңы эле саадым, жылуу, - деп Жамал кесеге куюлган сүттү кайнатасына сунду. Келинин тирикарак экенин мурунтан билген карыя эреркеп:

- Балам, Момунтай экөөң жанаша отургулачы, батамды берип кетейин, - деди.

- Коюңуз ата, антпеңиз. Дагы да жашоочу күн бар, - деген Жамал кайнатасына жалооруй карады.

- Бүгүн кетемби, эртең кетемби, ал Алланын иши.

Момунтайга эш болуп жүр, карагым. Кызымды кандай көрсөм, сени ошондой көрөм.

Байботонун аяккы сөзү сүйүнүчтөн, бир чети тирүүчүлүктүн оюнун ойноп бүттүмбү дегениби, сөзү калтаарып чыгып, оозу билинер-билинбес жабылып турду.

Кантет, кантет?! – Момунтай чочуп кетти.

Өзүн токтоо кармаган Байбото:

- Э, балам, арчанын жашын жашадым. Эмнелерди көрбөдүм бул жалганда?! Сага чап салган Богорстон деле көр оозуна бутун салып отурат. Төшөктө дейт. “Айылы бөлөктүн кадыры бөлөк” кылбай, Солтонго көз сала жүр. Таздын кадыры болбосо, кыздын кадыры. Уялды кантесиң. Сага караганда келин балам алдыртан билип, карындашың менен байланыш түзүп турат. Бул оопасыз дүйнө кимдерден калбаган.

Байбото унчукпай, дымып калды.

- Уа... берирээк болгулачы, акыл-эсим тунук кезинде батамды берип калайын.

Момунтай:

- Эмне эле мынчалыкка барып?.. Эки бетиңдин кызылы нур чачып турбайбы, ата?

Жамал жер тиктеп, кайнатасынын кебин тыңшап отурду.

- Э, балам, ажал эки беттин нуруна карабайт.

Аласасы келсе, каш-кабактын ортосунда чымындай жанды алып кете бермейи бар. Аны да эске тута жүргөнүң оң. Эненин кучагы - балага бешик. Баланы энеден айырбасын.

Байбото келинин карап алды.

- “Тама, тама көл болор, тамбай калса чөл болор”.

Теңирим бириңерден- бириңерди айырбасын, канатыңарды кайырбасын. Бул жалганда көл болуп жашагыла, оомийин!

Байботону туурап Жамал да бата кылды. Момунтай негедир нестейе карап, бетин сылаган болду.

Ушул күздө Байбото өттү.

Байботонун кара ашына Богорстон келе албады. Уял кайненеси жана күйөөсү Солтон баш болуп, бир топ атчан киши өкүрүп келип түшүштү.

Солтон Момунтайды кучактап көпкө ыйлады. Момунтай ичинен:

- Ийе, акылына келип калган экен. “Бул Уялдын акылыбы же Богорстондун акылыбы?” деп көпкө чейин ойго туна, атасын жоктоп турду.

 

***

 

Атасы Байбото өткөндөн көп өтпөй кудасы Богорстон Момунтайга киши чаптырып, жанына алды.

- Э, кудам, кудама бара албай калдым.

Ал мүнөзү өзгөрүп, жумшак тартып калыптыр.

- Бу жалган дүйнөдө адам баласы тартышып, талаша берет экенбиз. “Сакал эчкиде да бар, мурут мышыкта да бар”. Ошону билбейт экенбиз. Байлык кимди көптүрбөйт, айлампа кимди чөктүрбөйт? Момунтай, угуп жаткандырсың кебимди. Өмүрдү ойлосом кечээ эле туулгандай сезем.

Момунтай Богорстонду тике карады.

- Көп чөкпө, куда. Бу тирлигиң “Конок кайда болсо – кут ошондо, казан кайда болсо – эт ошондо” дегендей нерсе экен. Жакшы болуп кетесиз, - деп көңүл улады.

- А Момунтай кудам, “Элдин иши – эрдин мойнунда” экенин “Эрдин иши – элдин койнунда” экенин менден жакшы билесиң. Мага таарынба. Катуу кеткен учурум көп болду. “Кең кишинин ичине кемегеси менен казан батат” дейт. Солтонду карай жүр.

Төшөктөн акырын сол ыптасына оодарылып, ынтыга дем алып, отурууга аракет кылды. Бирок отура албады.

Ордунан чапчаң тура калган Момунтай колтугунан сүйөй эки капталына эки жаздык коюп, сүйөй отургузду.

Картаң бөрүдөй болуп алсырап, эти качып калган Богорстон, соо көзү соолгон көзүнө теңелип, чылпак басып калган эки жагын каранып алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   bema_bema   12 Февраль 2016 - 18:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Менин аманатым – Солтонго баш-көз болол жүр. Аз элди бүлүнтүп албасын.

Момунтай жоопсуз Богорстонду аянычтуу карады. Анын көз алдына карт ууруга алоолоп күйгөн арчанын чычаласы менен сакал-мурутун куйкалатып жатканы тартыла түштү. Ичиркенип кетти.

- А унчукпайсың да, Момунтай?..

Момунтай ичинен: “Бир миң алтын ташың болгончо, бир акылман башың болсунчу” деп ойлонуп жатты.

- А болуптур куда, көңүлүңүзгө кетпесин. “Уруусу бирдин – түбү бир, жолу бирдин – жүгү бир” дейт. Жамы эл бириксе жакшылыкта да, жамандыкта да сел болуп каптап кетпейби, жан куда.

Богорстон бетине кызыл жүгүрүп, тириле түштү. Ушул күндөн жума өтпөй Богорстон да жанын бересесине тапшырып, жалган дүйнө менен коштошту.

 

 

Түш жоруу

 

Ачык кыштоосунун Тегерек деген жерине чыкканда Момунтай сергий түшөр эле. Андан жогорураак дайыма келип кетчү Эрмендүү дөбөсү бар. Эрмендүү дөбөгө чыкканда чыгыш тарабы Боз-Тектир, андан Толукка кеткен адыр-адыр белестер, түштүгү Кызыл-Кырчынды этектеп Нарын дарыясынын шарпылдап аккан үнү угулар эле. Түндүк тарабында Сакман тоосу асман менен кучакташып, тоонун бетине жыш бадал, арча өскөн.

Дайраны карап ойго туна, балалыгы эске түшөт.

Өйүзгү кыштоолор даана көрүнөт.

Момунтай эрмендүү дөбөгө көп эле чыга бербейт. Сезими удургуп, тынч ала албаганда бет алат да, дөбөгө чыкканда эки жагын карап, кере-кере дем алып, эс алып калчу.

Кийинчерээк Эрмендүү дөбөгө көп чыкчу болуп алды. Ал да болсо алдыдагы көп түйшүктү жалгыз ойлонуп, анан жалпы журттун ортосуна салчу болду.

Бардык иш анын кийлигишүүсүз өтпөйт. “А кызыталак, бакытты чакырсаң да келбейт го, кайгыны тепсесең да өлбөйт го!” Арадан кербен тарткан төөлөрдөй чубашып канча жыл өттү?! Тирчилик деп жүрүп арыйт экенбиз. Жашоо деп жүрүп карыйт экенбиз.

Момунтай отузга чыкпай коюп алган жээрде сакалын сылап койду.

Ал негедир Шариптин үйү тарапты карап, киийнчерээк каттабай калганына кейиди. Балжан укса эмне дейт? Богорстондон мурда өткөн Калдык негедир анын жүрөгүн мыкчыды. Ал Эрмендүү дөбөдөн түшүп келип, үйүнө кирип оң капшытына жантыгынан жата кетти да, керегенин көгүн тиктеп, өйдө жөрмөлөп бараткан жөргөмүштү көрө дагы ойго батып, оюна катылуу буюмдай болуп Балжан түштү.

“Өзүмдүн теңим Балжанга кошула албадым. Тешик тапкансып, үстөккө-босток сокку урду го, жармач дүйнө. Алла да малсызга жан тартпай. Малдууга жан тартат белем. Болбосо, “жаштыгыңа жеңдирбе, акылыңа жеңдир” деген ошобу? Балжан кеткени бир кабар алдыңбы? Жок! Ал Жумгалга кеткени, дайрага ыргытылган таштай дарексиз калды. Аттиң, болбосо атасы өлгөндө неге келбеди. Кабар кетти эле го? Же ал да Богорстон колдуу болду беле? Мына, жараткан куру койгон жок. Эки уул, бир кыздуу болдум. Жамал эстүү чыкты. Ал жагынан доомат коё албайм.

Ата көрү, ушу улгайып баратсам да жүрөктүн буйругу мээмден кетпейт. Неге зарлаганы бардай, “Балжан” дегенде ачышат? Мейли, ушунуңа да тобо.”

Ал эшикте ойноп жүргөн балдарынын үнүн уга канааттана ичинен шүгүрчүлүк келтирди. Анан чоңоюп калган беш көкүл кызы Апайды карап, “Кыз – кыроо, тууруңа конуп, инилериңе эш болуп жүр”, - деп кызына жакшылык тиледи.

“Аллага дооматым жок дебейм ки анан...”

Эшиктен дүбүрт чыкты. Ал боз үйдү жандай бастырып келип үн катты:

- Момунтай аба?

“Тааныш үн – Талиптин үнү”, - Момунтай обдула, шар эшикке атып чыкты. Талип сөзгө келбей, шашылыш кабар билдирди:

- Жумгалда – Чаекте чоң той болот дейт. Ошого камынсын деди күйөө балаңыз. “Биз менен кошо аттанса” дейт. Ызаат-сыйды чогуу көрүп, чогуу тамашага батып келсеңер жаман болбос, Моке?

Бул сөздү уккан Момунтай ичинен жымыйып, салаасы менен суйдаң сакалын эки-үч сыйра тарап алды.

- Мели, ичине да, сыртына да чогуумун.

Ал каңгып чыккан башын сыйпалап, негедир табы болбой турганга өкүндү. Бирок Балжанды эстегенде чыйрала: “Барам, барам!” – деп ичинен сыр билгизбей чыйралды. Момунтай чечен көптөн бери ооруп жүргөн эле. Жүрөк оту менен чечендикти  кудайым бирдей берип, Момунтай элдин оозунан түшпөйт. Анысы жаштарга үлгү эле.

 

***

 

Жыйырма чакты адам кошуп, Момунтайды башына алып Солтон Жумгалга жүрүш жасады. Эки түнөп Жумгалга жетип, той берген үй дагы бир күнчүлүк экенин угуп, четки үйгө кайрылышты. Анын үстүнө эти от менен жалын болуп ноокастап келаткан Момунтайды тыңытып, анан эртең аттансак деп чечишти.

Момунтай көптөн бери өзүнүн бейтап жүргөнүн билсе да, Жумгал тарапка деген оюнан кайтпай, этеги тигинтип, ат үстүндө араң келет. Денеси оор тартып араң турган Момунтайды үй ээси сүйөй, аттан түшүрүп алды.

- Кайдан келатасыңар?

- Кетмен-Төбө тараптан, ноокас адамыбыз бар эле.

Солтон үй ээсине кайрыла үн катты. Эми эле бейкам турган үй ээси алдастап, шашып калды. Анын кыркма жээрде сакалы тырсыйган анделектей бетине жарашпагандай, кабатталган быжыгыр ээгинен уйдун жампасындай бөлүнүп турду. Эшиктен:

- Меймандарды чакыргыла, дуба этсин! – деген жанагы кишинин үнү чыкты.

Эшик алдында, улагада туура тартылган кой эч нерсе менен иши жоктой, үй ээсинин колун жалмалап коёт.

Бул тапта эти от менен жалын болуп турган Момунтай сыртка чыга албады. Ал үйгө киргенде эле бүктүшүп, очок жанынан орун алган.

“Батанын ичиндемин”, - деп күбүрөгөн болду ал.

Сырттан Балжан кирди! Аны көргөн Момунтай эмне дээрин билбегендей: “Балжан?..” – деди шыбырап. Нес болгондой аны тиктеп калды. Ордунан тура албады.

- Ой, менин карагым! – Балжан да тааныды. – Не абалда келдиңиз?! .. Ушундай абалыңызда көрмөк белем?!..

Балжан карагаттай көздөрүн жалжылдата, ноокас адамды телмире көпкө тиктеди. Ал эки көзүнөн салаалап аккан жашын тыя албай, Момунтайдын жанына чөгөлөй отурду.

Эсине келе калган Момунтай эски тааныш жытка мас болгондой, мойнунан “шуу-шуу” кана жыттады. Балдан кийиндей боло берди. Ошо тапта кирип келди кайнене.

Кайненесинин такыба экенин билген Балжан көздөрүнүн кычыктарын жоолугунун учу менен сүртүп:

- Акем... Бир көрүүгө зар болгон акем эле. Көрдүм акеми, - деп көзүнүн жашын кылгыртты.

Кыра кайнене канчалык шек алууга аракет кылса да тигил экөөнөн эч нерсени байкай алган жок. “Болсо болгондур, суйдаң сакал, эчки чычаңдуу акеси бар экен, ага эле эмне анча эреркейт?” – деп тим болду кемпир.

Онтоп жаткан Момунтайды оңдоп жапты Балжан.

Жанагы жээрде сакалчан чалынын байбичесинин улуу баласы экенин Балжандан укту. Атүгүл чалы тойго камылга көрүүгө жардамдашканы кеткенин, улуу байбичеси жакында көз жумуп, бийлик ара чоло өзүнө тийип калганын, жанагы кемпир кайненеси экенин да укту Момунтай.

Балжан чекесине майда жөргөмүштүн желесиндей бырыш кире баштаса да, андан шайдооттуктун, бир кездеги алоолонгон жаштыктын деми кетпегендей, Момунтайды көргөндө жандана, эки жагын кымтылап айланчыктай берди.

Тыяктан келгендер сыртта. Балжандын билгени, билбегени бар. Билгени – Балжанды төркүн кылып бөлүнгөнүнө кубанат. Балжан алыстан келген агалары менен учурашып, анча-мынча көз жашы кылып ары басып кетти.

Төрдө Момунтай жөөлүп жатты. Бирде ойноп жүргөн балдарынын атын атаса, бирде Жамалдын ысмын айтып: “Ой, бери келгиле!” – деп чакырат. Ара чолодо Балжандын атын айтат. Ошо замат эсине келе калгандай көзүн чоң-чоң ачып, айланасына көз чаптырып, өзүнүн кайсы жерде жатканын боолголойт.

Эч нерсенин жигин билгизбеген Балжан сыртта. Улам Момунтайды байкап кетет. Чачын небак бубак баскан, токсон ашып карыган кыра кайнене Балжан менен болуп, бир нерсенин жытын билген түлкүчө келинин карап калат да, ар нерсеге жумшап, Момунтайга - үйгө киргизбөө менен алек.

Эч нерсенин айласын таппаган Балжан иңир кире кара аякты шылтоолоп үйгө кирип, Момунтайдын абалын билип чыгууга үлгүрдү.

Ал киргенде жаңы эле нымшып, жаны жай алган Момунтай көшүлүп уйкуга кеткен. Аны сездирбей кайра чыкты Балжан. Анын жүрөгү желеге жаңы байланган кулундай туйлап, бар кубаты менен: “Момунтай! ” – деп согуп турду. “Мен сени ушундай абалыңда жолуктурмак белем? Сенден ушуну күттүм беле? Берекем, ай! Айыгып кетсең экен. Кубатым ай! Бир көрүүгө зар болуп жүргөнүм! ..”

Балжан чоң суунун жээгинде ичеги-карын жууп, солкулдап ыйлап жатты. Денеси заматта ыйдан барыгып, эки көзү көнөктөй болуп шишип, кызарып чыкты. “Он беш жылча көрүшпөй, эми көрүшкөндө көзүм кашаят го?! Ушу сенин алдыңа алса, теңириме ыраазы элем. Байкушум, ай! Тунгуч ырым, ай!” – деген Балжан суунун шары менен муңдашып отурду.

Балжан шишип чыккан көзүн улам-улам суу менен сылай берди.

- Кечиктиң да? Сага эмне болду?! Жана кеткен эмгиче жоксуң?! – деген кайнене келинине тап бере колун көтөрдү. Келин ыйбаа кылып, унчуккан жок.

- Ичеги-карынды жууганча ушу болду, - деп кайненесинин алдына түштү.

Ушул түндү Балжан кут сактоочу түнүндөй, таң атканча “чырм” этип уйку алган жок. Бардык жорукту тойдун камылгасына кеткен чалына шылтап: “Балаңызды күтүп жаттым эле... Беренди күтүп жаттым эле, кечикти го, эне?” – деп кайненесинин жүрөгүн жибитүүгө аракет жасап жатты. Бирок анын ою үйдө онтоп жаткан Момунтайды паанектеп, аны дагы бир көрсөм деп дегдей берди.

Жашоого келген пенде Момунтай чечен менен Балжанчалык сыр сакташпагандыр. Экөө эки башка үй бүлө күтсө да  бири-бирине Кудайдан аманчылык, үй бүлөдөгү ынтымагын жан ынтаасы менен суранышар эле.

Таң тоо башына ак из таштагнада чукуранып, жеңилденгендей ойгонуп кетти. Ал өзүн жакшы сезип калгангабы, Балжанды бир көрсөм дегенде эки көзү төрт болду. Ага эшиктен жолуккусу келди.

Эшикке чыккан Момунтай эшик алдында турган кара кемпирди көрө, денеси жыйрыла үйдү айланып, заара ушатканы көздөн далдоо басты. Алдынан утурлап чыккан Балжанды көрө жылмайды Момунтай. Бирок нурсуз көздөрүнөн дагы эле алсыз экени билинип турду.

Балжан кашкайган тиштерин көрсөтүп, утурлай басып келатты.

- Жакшы болуп калдыңызбы?

Балжан чын дили менен Момунтайга жылмайды. Жаңы тарай баштаган сагыныч кайра күч алды.

- Балжаным, арзып келдим сени. Көрүп сагынычым тарайбы дедим эле, кайра артты. Сага жолуктурган тагдырыма ыраазы болуп отурам. Сени жолуктурган теңириме рахмат, Балжан!

Тилсиз Балжан Момунтайды кучактай, дагы бой таштады.

- Асылым, кубатым ай! Ушу жамандыгыңды укпасам экен! Сен дайыма оюмда жашап келесиң. Балалуу болсом да сени эстейм. Денемди байлап алгандай сен жашап келесиң менин сезимимде. Жамалга сен жөнүндө айтсам, түшүнүктүү жан да, мага кошулуп кубанып калат. Момунтай балжанга карады.

Анан ал тигил караандын суйдаң кара сакалын сылап, күтүүсүздөн төшүнө башын жөлөп, ыйлап жиберди. Момунтай аста унчукту.

- Ыйлаба, ыйды ары кылсын, асылым! Жашым эр ортонуна жакындаса да сен кетпей койдуң эсимден. Жаш карыса да жүрөк карыбайт деген чын окшойт, Бакиш.

Ал биринчи жолу Балжанды эркелетип айтты атынан.

- Сен чын эле кетесиңби?

- Кетем. Сени көргөнүмө ыраазымын. Тойго деп сен үчүн келгем, Бакиш. Ыраазымын, сага. Сен да ыраазы бол. Өлсөм – сөөгүм, тирүү жүрсөм денем ыраазы сага, Бакиш. Сени жолуктурган Теңириме ыраазымын.

Момунтай Балжанды дагы да бетинен сүйүп, шуу-шуу кана жыттап, мурдунан чымчып койду. Ал аны эркелеткени эле.

Балжан Момунтайга ыраазы болбогондой улам карай берди. Көрүп көзү тойбой жатты. Жалдырап көпкө тиктеди.

Таң агарып калганда Балжандын уруксаты менен Момунтай төшөгүнө келип жатты.

Анын көз алдынан Балжандын кыз кези чууруса, бир туруп Жамалдын элеси, балдарынын элеси өтүп жатты.

Ал ар нерсени ойлоп жатып, көшүлүп уйкуга кетти.

Момунтай көңүлү сергип, жүзүнө кызыл жүгүрүп ойгонду.

 

***

 

Тойго кеткендер бир апта жүрүп айлына кетишти.

Келген түнү Момунтай түш көрдү. Ал түшүн жорутмакка күйөө баласы Солтондукуна келип, эки жагын кооптуу карады. Үй толтура кишилерди көрүп, түшүмдү айтсамбы же айтпай тек койсомбу деп тигилерге көз тикти. Бардыгы жакшы санаалаш, бардыгы бир ооздон болгондой Момунтайды ызааттап төргө өткөрүштү. Эмнеси болсо да айтып коюуну эп көрдү.

Момунтайдын Солтондукуна кирип келатканын байкап калган Кызалак буурул сакалын сылап, артынан жыла басты. Момунтай аны байкаган жок.

Кызалак “кирсемби, кирбесемби” дегендей үйдүн сыртында ичтегилердин кебин тыңшап туруп калды.

Тек гана төрдө отургандарга түшүн жорутмакка Момунтай сөздү алыстан баштады.

- Ийе, адамдар кээде кызык түш көрөт, түндө мен түш көрүп...

- Ийи, ий, Моке, ал кандай түш экен? – арыта отурган

Жамаке Момунтайды коштой кетти.

“Айтсамбы же айтпай эле тек койсомбу?” – деп отурган Момунтай түндө көргөн түшүн ортого салып,жообун угууну эп көрдү.

- Түшүмдө аягыма ай тууп, башыма күн тууп, орто жериме Чолпон жылдыз тууп, өзүм бакыттын чөйчөгүнө балкып турган экемин.

Ушуну эле күтүп турган Кызалак эч кимден сөз күтпөй ичкери кирип келип, чөгөлөй отура калып түштү жоруп жиберди:

- Ийи, мырзам, аягыңа ай тууса – айдай көргөн балаңдан айрылат экенсиң, башыңа күн тууса – күндөй көргөн балаңдан айрылат экенсиң. Орто жериңе күн тууса Жамалың экөөң эки бөйрөгүңөрдү таянып солкулдап, бири-бириңди тиктешип, ыйдан башка эрмегиңер жок, ээн үйдө эчкирип, керегенин көгүн карап олтуруп калат экенсиңер. Мунун несин айтасың, билерманым. Биз ат үстүндө жүргөндө сен бортко элең.

Кызалак кийинки сүйлөмүн атайын уксун деп кекээр айтты да, эч кимден жооп күтпөй, табасы канган кишидей эшикке бет алды.

Жамаке тигини зекий:

- Түштү да ушундай жоруйт бекен?! Түш жоруган жакка кетет. Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлөсөң боло, сакалың өрттөнгүр! – деди.

Кызалак өйүздө жигит болуп, Мусага окшоп жутунган жан эле. Момунтай атасы менен барганда жолугушкан. Кийин Богорстонго келип аны жандап жүрдү. Азыр ошол айылда.

Кызалак анын кебин тыңшаган да жок. Жөн каалгый сыртка чыгып баратты. “Кымыз ич”, - деп бирөө айтпады.

- Уа, атаңды... не дейт? Жашаарыңды жашап, ичериңди ичип алдың. Сен өл, куу сакал. Кызыталак, не дейт бу жугундукор? Богорстон барында киши элең, өзүнүн жанына алдырып Мусага тең кылды эле.

Катуу кейиште калган Момунтай сыртка чыга тээ алыста кетип бараткан Кызалактын караанын жек көрө көпкө карап турду.

Оо, оозуң күйгөн Кызалак, билгендей айткан тура! Ушу жылы кара тумоодо эки уулунан тең кол жууп олтуруп калды. Жеке эле Момунтайдын балдарын эмес, далайды жалмап кетти го итиң?

Кызалак да бул аламетте жалгыз кызы Жылдызбүдөн ажырады. Ылайым оозуң күйсүн Кызалак!

Бу көрүнүштүн барын Кызалактан көрүп жатты Момунтай.

- А кепиниң күй, а! Ылайым тозокко түш, а!

Эки бирдей туягынан ажыраган Момунтай ичин өрт чалып, көзү чүңүрөйүп арыктап кетти. Күнүгө эрмендүү дөбөгө чыгып аласасы бардай күн батышты карап, бир ордунан козголбой олтурганы олтурган. Үйдөн муңга чыланып Жамалдын кошогу жүрөк эзип, алда кайда угулат.

- Ийе, не дейт! Бу дүйнөң түшкүр чөгүндөгү суучалык белем.

Аялынын кошогун уга берип, жүрөгү сыгылып кеч кирсе да үйүнө барбай Эрмендүү дөбөнү айланып күн батыш тарабына басып кетчъ адат тапты.

Кызгылтым болуп батып бараткан күн анын бир кездеги жаштыгы, курчтугу сыңары улам жалыны өчүп, чөккөн нардай пастап, тоого жашынып баратты. Жаңы бышып саргая баштаган чөптөрдүн жалбырактары шуудурабай, жел эзбей тынчтык өкүм сүрөт.

“Э дүйнөң түшкүрдүкү, жашың улам өйдөлөгөн сайын жумшаксың, назданып он бештеги кыздай сулуусуң”.

Көңүлү ачыла түшкөн Момунтай асманды тиктей, жүрөгү “болк” этип туйлап алды. Батышты карай учуп бараткан турналар анын көзүнө укмуштуудай көрүндү. Эмне үчүн кеч кайтышты? Жада калса турналар да айыптуу сезилип турду Момунтайга.

“О атаңды!.. Эки кулунчагым менен силерди жазда Каркырага узаттым эле го? Кана алар? Тукумуң соолугур, кайда кетишти! Айтып бергиле, жооп бергиле?!”

Күйүткө алдырган Момунтай көзүнө жаш алып, каркыраларга эки колун тосо жалына берди.

Күн да батты. Турналар да Сакман тоосун ашып көздөн кайым болушту. Момунтайдын да бул күнкү өмүрү кайткыс болуп, турналар сыяктуу алыс калды. Каркыралар кайтып келишет. Бирок Момунтайдын бул күнкү өмүрү убакыттын чеңгелинде кайткыс болуп, дарексиз жок болду.

“Ок, баччагар, турмуш ушул болсо, жашоо ушул болсо, не бар дагы жашап көрө турган?”

Момунтай эки колун артына алып, Эрмендүү дөбөдөн ылдый түшүп келатты. Алыстан чаңырган үндү укту ал. Башын өйдө көтөрө берди.

Солтондун колундагы камчы жылкычынын башы-көзүнө аркы-терки шыбалып жатты. Жанына басып келген Момунтайдын жини келди:

- Бул не кылганың? Не жоругуң, Солтон?!

- Ийе, ушунуку өттү! Былтыр саанга деп алган эчкимдин улагын бербейт. Тапсын улакты, болбосо башын каңдайм!

Сөз арада жылкычы кепке аралаша кетти:

- Тууган эмес, айыл аксакалы. Улагын алып калган, орсок сааганбыз. Апам кабыргасынан кагынып, ошого деп алгам. Болбосо... акысына жайлата жылкысынын артынан болдум.

- Эй, жаныңды жегир! – Солтон жана да ачуусуна жеңдире, жылкычыны жон талаштыра берип калды.

- Тек, токтот! – Момунтай ачуусу келе, Солтонго кытмыр жылмайды: - Бу эчкиң текеге кошулганбы?

- Жок, жок аксакал, - жылкычы жана да сөзгө аралашты.

- Мен берем, улакты. Ал эчкиңди! Бирөөгө кадырымды салсам да таап берем.

Солтон камчысын сүйрөй ары басып кетти. Жылкычы Момунтайга жалына, эчкини жетелеп, мурунку тобуна алып барып кошту.

“Зордук! Тирүүлөй зордук! Карганын баласын канча кастарласа да карга бойдон калат. Ал шумкар болуп учуп бербейт сага. Малынын туягын санап, Богорстон атасы да өттү. Көрүнө эч нерсе ала кеткен жок. О, Жараткан, бирөөнө кор, бирөөнө зар дүйнө деген ушул экен го?!”

Ансыз да көп ойдон ооруп чыккан башын мыжыгып, үйүн карай бет алды. Үйдө аялы керегенин көгүн титкеп, кошуп отурат. Заманасы куурулуп, Момунтай үйгө батпады. Аялын көргүсү келбеди. Башынан көптү өткөргөн Момунтай аста кеп баштады. Жамал уксун деп бек айтты:

- Жамал, биз ким элек? Мен – жатакчы, сен да жатакчынын жөн бир кызы эмес белең. Эми минтип адам болдук. Же жалганбы?! Жалган болсо аны айт, жашырба. Жүрөгүмдү мыжыкпа, “Катын жакшы – эр жакшы, обозгер жакшы – хан жакшы”, же төгүнбү? Көз жашыңды тый, эки баланы бирдей берген Кудай дагы берерин унутпас. Кыз турат го. Кыз адам эмес бекен?! “Алысты жакын кылган кыз, ачууну таттуу кылган туз” же андай эмеспи? Эмне боздойсуң, мынча? Ырас, эки бала кайрылгыс болуп, туурунан учту. Кейибей турган ишпи? Ошентсе да кайрат керек. Мен айтпасам сага ким айтат?! Сен айтпасаң мага ким айтат?! Балдар учканы, сенден үмүттү улай турган кеп укпадым.

Айтаарын айтып алып, Момунтай жашып кетти. Анысын аялына билдирбеш үчүн тескери бурулуп үйдү айлана басты.

Бешке чыгып калган Апал атасын карап, эшикке акырын чыгып басып баратты. Эки караан бет маңдай тиктешип отурду. Момунтай унчукпады. Жамал нестейди.

Кичинекей Апал эшикте ойноп жүрөт.

 

***

 

Тоодон жылкылар келип, күзгү жайытка айдатылды. Ошондо үйүрү менен келген кара кашкасын көрө Момунтай ордунан атып турду. Ал Момунтайдын дартын билгендей, анын жүрөк сырын козгоп, көптөн бери көрбөгөнгө ээсинин жытын жыттагандай, тумшугун колтугуна катты. Бул адам Момунтайдын балдары тирүү кезинде да кайталана турган. Балдар: “Мен минем! Мен минем!” – деп аттын тизгинине асыла кетишчү. Ата салты боюнча “Быссымылда” деп улуусун алдына, кичүүсүн артына учкаштырып, далай жолу ат тизнинин карматып коё берген. Эми антпейт, ал учур кайткыс болуп кетти.

Чырпыгы сынып, чынар калды кара кашка! Ок түгөнүп, улар калды кара кашка!

Кара кашка анан ээсинене уруксат сурагандай үйүрүн карап кишенеп, улам тигинин колтугуна башын салып түрткүлөй берди.

- Бар, бар, жаныбарым! Солтон сураганынан бердим эле.

“Тукум алалы” дегенинен бердим эле. Бар жаныбарым, бара гой. Аман болсоң кара шыма союларсың. Болбосо сени да карылык тооруп турат, туягың жешилип жоюлаарсың. Бар эми!..

Момунтай кара кашкасын май сооруга чаап кала берди. Ушул кара кашка менен ылдыйкы туугандарынан келатканда карышкыр жеп жаткан келинге жолукканын эстей кетти. Баса, Самтыр аттуу инилүү болуп, Жамалды алар жылы ал кызамыктан чарчап, дагы көп өзгөрүүлөр болбоду беле.

Самтыр жөнүндө элдин эсинде күүгүмдө көрүнгөн жарганаттай гана элес калды. Андан бери эмне болду? Эмнелер баштан өтүп, эмнелер жүрөктү мыжыкты?

Ал андан ары Эрмендүү дөбөгө бет алды. Артында келаткан жалгыз атчан караанды байкоос албады.

- Атсалоому алейкум, ата?

- Ву-алейкума ассалам, кел балам? Келген экенсиң?..

Момунтай оозунан кандай сөз чыгып кеткенин байкабай, тиги балага суроолуу көз тикти.

- Атам сизди келип кетсин дейт. “Келбей койбосун, сүйлөшөөр кеп бар” деди атам.

Баланын такыба тактоосунан улам, Жамакенин баласын бышыктап жибергенин билди.

- И, барам, кеч кире барам. Айтып кой Жамакеме.

- Момунтай баланы узатып коюп өзү кароол таштагы текедей даңкайып кала берди.

Кечки сыдырым жел Момунтайдын суйдаң сакалын тарап жатты. А асманды карады. Түйдөктөй булуттар күндүн кызгылтым болуп батып баратышына өңдөшүп, эртеңки күндүн ачык боло тургандыгынан кабар бергендей чыгышты карай көчүп баратты.

Ал Эрмендүү дөбөдөн эңиштеп түшүп келет.

Эшик алдында турган Жамаке Момунтайды утурлап алдынан тосуп чыкты. Далай жерде болуп, элди далай ыгым-чыгымдан куткарып сөз атасын таап сүйлөгөн чечен Момунтай апкаарып калды. Жамакенин эмне деп айтаарын билип турган. Ал үй ээсинин ачуусу менен үйгө кирди. Артынан кирген кары Момунтайды төргө өт дегендей төрдөгү бостекти көрсөтө ишарат жасады. Момунтай кийинчирээк эки баласы бирдей өлүп ойчул тартып, кайгынын шарында ала салып жүргөнүн Жамаке билбейт дейсиңби, жакшы билет, бирок айтаар сөздүн өңүтү келбей күтүп жүргөн.

- Моке?-деди, көптөн соң үн катпай олтурган Жамаке. Бу кийинчерээк башыңа иш түшкөнү кейикчээл да болуп кеттиң. Билбейт дейсиңби, баарыбыз билебиз.

- Жамаке ортодогу өлүк тынчтыкты бузуп сөздү алыстан баштагысы келди. Бу кара тумоо жалпы журтка түшкөн чачыла. Кээ бир үйдөн бирди алса, кээ бир үйдөн экиден алып, айрым үйлөрдөн түндүгү тартылбай калды. Аны түшүнүп эле тургандырсың. Же жалганбы?

Момунтай унчукпады. Тек коломтону карап нестейди.

- Алды жер алдында болсо, арты минтип эми баш көтөрүп келатат.

Ал колун жаңсай кичүү уулу эми баш көтөргөн

Кененбайды көрсөттү, башка түшкөн ишти ким көтөрбөйт. Ким экен ал? Айтсын кыйын болсо. Адам жүкчүл, адам башына канчалык оор иш түшсө ошончолук салмактуу тартат. Адам нардай жүкчүл деп өзүң айтчу эмес белең, же унутуп калдыңбы? Же төгүн айтып жатамбы, Моке? Жалган болсо анымды айт. Чын болсо белиңди бек бууп эртеңден баштап аттан. Эки баланы берген Кудай дагы берерине унутпас. Кечээ бу кара кашканын мойнун кучактап, көз жашы кылганыңды береги Түмөнбай айтып келди.

Ал улагада олтурган улуу улуу Түмөнбайды көрсөттү:

- Түшүнсөң уят иш. Эл билерманы андай болбойт, журт ишенген адам андай болбойт. Мындан ары белиңди бек бууп, кайра аттанып чык. Мүңкүрөгөндү Кудайым алсызга берген.

Жамаке пикириндеги нерсесин ортого салды.Момунтайга катуу айтып, сөзгө жыгып койду. Момунтай үн катпады. Алдында жөрмөлөп бараткан эл көчөрдү кармалап, улам ала салдыра эрмектеп, акыры аны кое берди. Анан башын өйдө көтөрө:

- Жаке? Ушу кепти айтаарыңды билгем. Эл бар - ырысым бар. Мүңкүрөп калганым жок, Жаке. Рахмат, кайратыңа! Сен айтпасаң ким айтмак!

Момунтай эки бетине кызыл жүгүрүп же уялганын, же кайрат жыйганын билдирбей, ордунан козголду.

 

***

 

Сагызган изи кар түшкөндө кара кашканы алдырып минди.

Кең соорулуу кара кашка аябай толгон. Кара кашка адатынча Момунтайды колтукка түрткүлөп, андан жем сурап жаткандай окуранды. Эшиктин алдында турган Жамал уулдарын көргөндөй кара кашканы көргөндө эчкирип ыйлап жиберди.

- Токтот, ыйыңды! Жетишет!

Момунтай жаңы бүтүп келаткан жүрөк жаратын сыйырткысы келбеди. Жамал көзүнүн жашын арчып, үйгө кирип кетти.

Атын жаңы токуп минген Момунтай ары-бери бастырып көрүп: “Ат калыбында экен”, - деди да жогорку айылга бет алып жөнөдү.

Кара кашканы мингенге бир кумардан чыккандай чери жазылып, алчаңдата абстырып баратты.

Момунтай алыстан чуу уккансыды. Кулагын ишене бербей дагы да тыңшады. Чуу,чын эле чуу Шариптикинен чыгып жатыптыр.

Шарип Балжандын эки ата өткөн тууганы боло турган Балжандын андан жакын тууганы жок экенин Момунтай жакшы билчү. Аттын башын четки үйгө буруп, чуунун эмнеден чыкканын сурады. Четки кара үйдөн он экилер чамасындагы кара тоголок бала чыга калып: Жумгалдагы карындашы Балжанды угузуп жатышат. Атамдар да ошого кетишкен. Үйдө эч ким жок-деп тиги бала кийиндей берди.

Өңү өзгөрүлө түшкөн Момунтай кулагына чыңырык угулуп, өзүн өзү колго алалбай турду бу тапта. Көптөн кийин барып эсине келгендей аттын башын Шариптикине буруп өкүрүп түштү.

Анын жүрөк жараты сыйрылып, эки көзүнө жаш толуп эки беттин жүлгөсү ылдый чуркап жээрде, сакалына сарыкты. Боорум ой! Боорум ой! Момкнтай эки бөйрөгүн таяна көпкө басылбады.

Ушу кечте Шариптер Жумгал тарапка камына башташты. Айыл билерманы болуп, далайдан атагы чыккан Момунтай чечен сөз баштады.

- Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы. Тагдыр экен Шарип, Балжан келгис сапарга аттанган экен.

Момунтай Балжандын атын атаганда анын элесин тирүү кезиндегидей көрүп ичинен сыздап алды. Үнүн каргылданта сөзүн улады.

Жумурай журт барбасак да, төркүнү жоктой кылбайлы. Мына жакын тууганы сен турасың, Шарип? Зайыбың экөөңө кошулуп мен барайын. Азыртан калбай камынып аттаналык. Балжан кандай эле. Кыз болсо да бир атадан жалгыз болуп айлыбыздын көркү эмес беле. Төркүнү жоктой кылбай калдайып түшөлүк. Жакын деген тууганы сен турасың же... жалганбы? Тездетели.

Солтондун элинен да куда сөөктөр кошулуп жүрө турган болушту.

Момунтай ууз махабаты менен коштошуп жатканын эстегенде сөөгүнө жетип барууну милдетим деп сезди. Балжанды эң акыркы жолу көрүп алууга ашыкты,шашты. Киши чаптырып:

- Уялга айт, Солтондо Момунтайдын чолок куйрук көк бээси бар экен, ошону берсин деди деп, аны киши чаптырып алдырды. Эл орунга олтура жөнөп калышты. Аларга таң сүрө Сары-Камыштагы орто чарба Кулубектикине кайрылып бир аз эс алып кайра аттанышты. Жумгалга эртеси түш оой жетип келишти.

Балжандын сөөгүн алып чыгууга камынып жатышканда барышты өкүрүшүп.

Кара кашканын оозун кое берген Момунтай, көзүнөн жаш куйулта сакалын дирилдетип, бөйрөгүн таяна солкулдап катуу кейип түштү.

- Баягы жылы келген агасы. Жолдо келатып ноокастап Балжандыкына төшөктө жаткан агасы-деп аяп жатышты көргөндөр.

Момунтайдын артынан жете келген атчандардын атын алып тигиндей жетелеп кетишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   kurstan1980   16 Февраль 2016 - 08:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 28 Май 12
  • Соңку аракети: 01 Мар 2021 09:53
  • Жынысы:Эркек

калганын качан жазасыз bema, куткучум иштевей калды куто берип!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   kurstan1980   16 Февраль 2016 - 09:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 28 Май 12
  • Соңку аракети: 01 Мар 2021 09:53
  • Жынысы:Эркек

калганын качан жазасыз bema, куткучум иштевей калды куто берип!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 15:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: