Суперстан: Мезгил ызасы(Роман) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мезгил ызасы(Роман) Мезгил ызасы

#41 Пользователь офлайн   jetinur90   16 Февраль 2016 - 14:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Автор,улантсан болмок эртереек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   kurstan1980   17 Февраль 2016 - 12:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 28 Май 12
  • Соңку аракети: 01 Мар 2021 09:53
  • Жынысы:Эркек

жазып койсонуз жакшы болот эле убакыт болбой жатат окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   jetinur90   17 Февраль 2016 - 13:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Момунтай менен Абайда окшоштуктар коп экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   mir_0110   17 Февраль 2016 - 19:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 27 Дек 2020 19:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чаткал

Автор улантып койсонуз жакшы болмок эле да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 20:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Кечиресиздер кутургонум учун.Балдарым менен бир аз сыркоолоп кол бошобой жатды ,бугун кооп жазып койдум азыр бул жака илем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Боз үйгө ири алдыда кирип барган Момунтай он капшытта суналып жаткан сөөктү көрө ак кийизден бетин ачтырып, чекесинен сылады.

- Кош, Балжан... – андан аркысын айта албай, сакалы дирилдеп, көзүнөн жаш чайыла түштү. Сөөккө жаш тамызуу күнөө. Аны билген Момунтай маңдайынан үч сылап кийиндей бол берди.

Туруп калган Момунтайды бир аксакал жеңинен тарта:

- Туугандары коштошобуз дейт, мындай болуңуз, - деп жеңинен тартты. Ошондо эсине келе ал эшикке бет алды. Түш ооп күн бүркөлүп, батыштан соккон шамал Момунтайдын сакалын дирилдетип турду.

Сөөктү көтөргөндөр көрүстөндү көздөй жөнөгөндө калың эл “чур” дей түштү. Ал эң акыркы коштошуусу эле...

Көрүстөнгө жеткичекти бейит өңдүү тунжурап, жымжырт болуп барышты. Баары акыры өз баштарына келер пендечилигин, башка келер бир өлүмдү ойлогондой жер тиктешет.

Заматта үйүлгөн топурак дөбө болуп, “Балжандын бейити” аталып кал аберди. Айылдын молдосу куран окуп, жети кадам аттап, жалпы арбактарга куран аташты. Үйгө жакындай бергенде сөөктүн жакындары чуу салып, үйдү тегеректей өкүрүп түшүштү.Момунтайдын шам чырактай тээ алыстан бүлбүл этип көрүнгөн тунук махабатынан түбөлүккө айрылышы анын бир капшытын эңшерип кеткенсиди.

Анын эки жыл мурдагы кер мурутуна ак кирип, чекесине мезгил торун түшүргөн.

Көк бээни Балжандын жетилигине атап, эки кызынын маңдайынан сүйүп:

- Кайрат кылгыла, апаңар эми келбейт. Эми ал кайрылгыс болуп кайтты. Курандан башка айла жок, - деп көңүл айтты.

Жетилигине күтпөй алар жолго камынышты. “Күн бүркөлүп, белди кар басып калабы” деп коркушту.

Өзгөчө Балжандын улуу кызы Момунтайга абдан сүйкүмдүү көрүндү. Кызды карап, көзүн тартып алган Момунтай бир кездеги жаш Балжанды көргөндөй улам кайра уурдана карай берди:

- Кызым, атың ким?

- Уял, - кыз албырып кеткен жүзүн жашырды.

- Уял?! – Момунтайдын бүткөн боюн калтырак басып, титиреп кетти. “Байкушум, ай! Тунук сүйүүм, ай! Бу неси... Мени унутпайын деп, карындашымдын атын койгон го? Өлбөй кал, ылайым өлбөй кал! Балжаным, Бакишим!.. Айланайын чолпон жылдызым! . Сени өмүрүмдүн гүлазыгындай тутуп, карааныңды бир көрүүгө кумар болуп, элесиң менен өмүр сүрүп, сен деп жашабадым беле!”

Ал ойлордун курчоосунан чыга албай, кызды улам карай берди: “Окшош экен! Чын эле окшош экен! Балжан өлбөптүр го? Өзү өлсө да артында сайып кеткен саймасы калганы экен. Союп каптагандай окшош тура.”

Жээрде сакалын кош колу менен салаалап тарап, ойго чөмүлүп, бет алдын тиктеп мелтиреди.

Алар Жумгалдан кайтканда Уял сиңдиси экөө, атасынын уруксаты менен аларга кошулуп, бир чакырымдай кошо узатып келишти.

Асманда кар жаарынан кабар бергендей кузгундар “курк, курк” эте канат күүлөп, теректен-терекке конуп, бет алдыны үмүттүү карашат.

 

***

 

Момунтайлар айылга келгенден кийин Шариптикине эл куран окутканы агылып келип, Шартиптин көңүлүн алган болушту.

Бир жыл ичинде үстү-үстүнө келген кайгы Момунтайды кыйла басынтты.

Шариптин кайгысына карганда да Момунтайдын кайгысы кыйла оор эле. Бирок башынан жүкчүл, ары ойчул Момунтай сабырдуу да, кайраттуу да.

Жумгалдан келген күндүн эртеси Эрмендүү дөбөгө дагы чыкты. “Экинчи ушул дөбөгө чыкпайынчы! ” – деген оюнан ал танды.

Бул дөбөдөн айлананын баары көрүнө турган.

Тээ төмөндөн агып жаткан кашка суу ак шейшептин тешигиндей көрүнөт. Эрмендүү дөбөдөн аппак жайык андан ары муз каптаган дайра, дагы өрүлөп ак чач тоолор. Андан жогору жакта боз туман көзгө комсоо көрүнүп, мунарыктайт.

Анын ой-санаасын да азыр боз туман каптап, өңү керсары тартып, маанайы пас. А бирок, сезиминде замандын ачуу заары жыттанып турса да басынгысы келбеди. Кайра ал сезимдин өзүн басынткыс келгендей, тээ бозоруп жаткан чексиз ааламды мелтейе тиктеди.

Эки баласы учуп кеткенден кийинки жылы Жамалы көз жарды. Жамалды сооротоюн дедиби, жарык дүйнөгө келген ымыркайдын атын Сооронбай койду. Сооронбай талпынып калганда дагы да төрөлгөн баланын атын “өзүнө тың, эл баккан дыйкан болсун” деп Дыйкан койду.

- Жамал, Теңирим берерин унутпасын. Туулганына сүйүнбөй, турарына сүйүн, - деген Момунтай эл аралап, Үмөт байдын эшигинде ат мамыда байлануу турган кара боз атты көрүп, байдын үйүн карай бастырды. Арыта келаткан, Чаарбектин ылгалдарын көрө чоочуп, нестейе карады.

“А, кызыталак! Бу [moderated]ың жан койбойт го! Ыгым-чыгымын күчөттү го!” – деп алдынан утурлай бастырып, байдыкына түштү.

Байдын үйүндө отурган ылгалдарды көрө Момунтай аста салам айтып кирип барды. Берите отурган Үмөт өзүнчө кобурап Супатайга:

- Уулум, Момунтай экөөңөр Шадыканга айттырып койгула, ылгалдар ыгым-чыгымын алып кетишсин, - деп, Шадыканды жашсынтабы деп кооптонду.

Тигил ылгалдарга жанаша отуруп, сөз кабарын билген Момунтай байга:

- Аба, ылгалдар эмне дейт? – деп калды.

Анда төрдө отурган, чоң кара тебетейи бар кара сакалчал ылгал:

- Баягы жылкыларды тосуп, кайрып келген сен белең? – деди.

- Ооба, - деп нестейген Момунтай ичинен Кокон хандыгынын кеңейип баратканына эмес. Алардын коюп кайткан бектеринин айла-амалдары бирдей экенине нааразы болду. Момунтай ойго чөмүлүп, ылгалдарга эмне деп айтсам дегенче кара тебетейчен Момунтайга карап:

- Биз жөн келбедик. Силер улукка салам берүүгө жарабадыңар го? Айыбын тартасыңар. Улуктун кырк ит күткөнүн билип туруп, улуктун билерман экенин билип туруп, сулуу кыз менен сулуу бала жөнөткөнгө жарабадыңар го. Же жалганбы?

Ал кекете, Үмөтбайга тике карады. Момунтай ылгалдарды чочутпай, кепти алыстан баштады:

- А билермандар, күндүн көзүн көргөн үшүбөйт, хандын көзүн көргөн өлбөйт. Аны билип турасыздар. Шу ки, сиздердики да туура. Өткөн жылы жут болуп, ыгым-чыгым төлөй албадык. “Суу көп болсо жер азар, кайгы көп болсо эл азар”, билермандар. Малды жалчыга бактырдык, отунду отун алганга жактырдык. Эптеп, улуктун чыгымынан кутулалы деп турубуз.

Кара тебетейчен адамдын жүзүнөн жылуулуктун илеби сого баштагандай:

- Түзүк, түзүк, - деп койду.

- Э бай, жүктү эл менен бирге көтөрөлү. Боз кыроодо эл менен кеңешип, ылайыктуу иш жасайлы. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” эмеспи, - деди. Момунтай жалпы ылгалдардын жүзүнөн анчалык ырайымдуулукту окуй албады.

- Улуктукун билип турабыз ки, лекин сиздерден ырайым күтөбүз. Эл издесе, табылбасты да табар. Алып барабыз боз кыроодо.

Момунтай ылгалдарга ырайымдуу, жалынычтуу тиктеди. Чоң кара тебетейчен көпкө эч нерсе дебей отуруп, беркилерге карап:

- Болуптур, боз кыроону күтөлүк. Чаарбекке эмне деп айтып барабыз? – деди. Момунтай:

- Эгин айтыптыр дейт, билерман, “сууга мени кандырсаң, унга сени тундурам” деп. Ушуну айтып баргыла.

Ылгалдар көпкө карап отурушуп, Момунтайды өздөрү менен кошо ала кетмек болушту. Үмөт өзүнчө кооптоно, Момунтайга карап:

- Жатакчыларда айтылган кеп бар: “Дыйкан болсоң эгинди күзүндө эк, күзүндө экпесең жазында эк. Маңдай териң куюлса эмгегиңди кайтарар. Бир аз эгин артып алалык, ушу сенин калганың оң болуп турат, Момунтай. Момукемди калтырып кеткиле, күздө чогуу баралы.Азыркыңарга тиги боз айгырдын үйүрүн айдап кеткиле, - деди.

Ылгалдардын жүзүн күлкү чайып:

- Баракелде, жана эле ошентпейсизби! Бирок боз кыроодо барарыңаар башка, - деп боз айгырды үйүрү менен айдап кетишти.

- Бербей коё турганда болот эле, аба. Мени кырк итине ыргытып ийсе да пача [moderated] менен сүйлөшүп көрөт элем. Мейли эми, жапа чекпей кайрат болбостур. Орто улук менен дагы бир беттешип келсем болмок эле.

- А Момунтай, сени ылгалдарга айдатып ийип, көргөн күнүбүз курусун. Тиги жакта Короштун жаш Сасыгы, Боргемиктин Шадыканы турат. Ошолор менен кеңешип иш кыл. Алар жаш. Мен ак күп жөжөдөй карып калдым. Жаныңа Супатайды ала жүр, - деген Үмөт Момунтайды ишеничтүү карап, ары басып кетти.

 

***

 

Боз кыроодо Эрмендүү дөбөгө чыккан Момунтай адатынча айланасына көз тикти. Жыландай ирилип жаткан Ачыктын суусу тартылып, капчыгайдагы бадалдардын жалбырактары саргайып калыптыр.

Нарын арал тартылып, майын куму жайла жер ээлеп, дайранын өңү баягысындай бозоруп, агып жатат. Тигил бакта сагызган шакылыктайт. Момунтай дагы да адатынча: “Бир жактан кабар келет го”, - деп төмөн жакты карады.

“Улукка эмне алып барабыз? Анын бычымы го белгилүү дечи, кыз менен баланы кайдан табабыз? А пача сартты кантип тынчытар экенбиз? Дагы да болсо ишке Үмөт абам жарайт. Баягы жылкысын алып келип бергенимди эстейби?” – деп койду.

Момунтай Эрмендүү дөбөдөн ылдый түшүп келип, алдынан чуркап келаткан Сооронбайга сүйүнүчтүү карады.

Ушул кечте Супатай атасынын бүгүн катуу ноокастап калганын айтып келди. Момунтай ойлуу отурган Супатайга карап:

- Кары эмне дейт? Абам эмне дейт? – деп нестейди.

- Эмне демек эле, “Момунтайды чакырып кел” деди.

Эки атчан Үмөттүкүнө түшүштү. Алдына көлдөлөң төшөтүп, башына  жаздык койдуруп, демигип жаткан экен бай:

- А кел, эл агасы. Кийинчерээк абал сурабай калдың.

Мен минтип... - Үмөт кыңылдай. О көптө барып сөзүн улап, - Жаш болсоң да элге башсың. Тиги Толук жактан кабар алдыңбы? Ал жактагы туугандар кантип жатты экен? Кокус тескери карап кетсем, “эл тынч” деп өткөндөргө айта барайын, - деп күлгөн болду.

Момунтай чочуп:

- Э, аба, алыңыздын кеткени, карылыгыңыз. Көп бошобосоңуз, - деди.

- А түзүк, балам. Бу бутумдун шишиги киндикке жетти. Калганын өзүң түшүнүп тургандырсың. Тигил ургандардан өзүң бирдеме деп кутулуп, сөз табарсың.  Момунтай:

- Боз кыроо болду, эмне дейбиз аба?

- Айтпадымбы, өзүң кутулуп ал деп!

Момунтай Үмөттүн түрүнүн бузулуп кеткенин көрүп, унчуккан жок.

Үмөт жылдыз толо үзүлдү. Улукка деген ыгым-чыгым Момунтайдын мойнунда калды.

 

***

 

Боз кыроодо Рыскулбек Кетмен-Төбөнүн беги болуп, ыгым-чыгым ошол аркылуу Кокон хандыгына төлөнмөй болду. Рыскулбек амал менен бек болуп, эки жакка аз аттанат.

Ошо 1858-жылы Орозбай туулгандан эки жыл өтүп, Боз-Тектирде жаңы конушта Конушбайы жаркчылыкка келип, Момунтайдын санаасы тынчып калган кез. Бирок ошол жылы Момунтай көп азап тартты. Кыраа, далайды көрүп сакал-муруту аппак болупк арыган Рыскулбек санаа чегип жүргөнүн өткөн-кеткенден угуп да жүрдү.

Рыскулбек балдары Акмат, Дыйкан, Атакан, Миңбай, Мырзакан беш бөрү болуп Кетмен-Төбөнү бийлеп, Дыйкандын ысымы катуу чыгып, жыйын ансыз өтпөсүн эл билип калган чак да келди.

 

***

 

Кызалак менен Муса жашы өйдөлөп жетимиштен эбак өткөн. Экөө тең Богорстондун барында бир уруу элди кошо чеңгелдешип келди. Өйүздөгү Өйдөчектилерден туугандарына көчүп келген Кызалак Өйүзгү ууруларга жол ачып жүргөнүн билип, туугандары алыстап кетип, эми минтип Мусаны жандап оокат кылат.

Кызалак кээде тээ мурун өткөн окуялары: Момунтайдын түшүн жоруганы эсине түшкөндө өзүнө-өзү ичиркенип. Алласына ак барууну ойлоп, өзүн-өзү жемелейт.

- Оозум күйгүр! Карасаң, Момнутайга таарынып, түшүн жоруганым келип калганын карасаң! Кызыман кийин кемпиримден айрылбадымбы! Мен деле соо болгон жокмун. Эми минтип жеңемди караан тутуп жашап жүрөм, - деп кейип калат.

 

***

 

Саратан айынын этегинде Момунтайлар журт которушту. Алар менен Муса, Кызалак кошо көчүп, Ачыктын тегерегине конушту. Бул кезде Момунтай бала-чакалуу болуп, эски жарат унутулуп калган. Бирок Кызалактын түш жоруганы эсине такыр чыккан жок. Тобо, Кызалак жоруган түш жамы журтка тийгенин карасаң! Ошол жылы алемет элдин жарымынан көбүн алып тынды го.

Момунтай жалпы эл эгеси болгон кез.

Ушул күндөрү Кызалак түш көрүп, түшүн айтаарга киши таппай  жүрдү. “Түштү кандай жорусаң ошол жакка кетет. Жакшы түштү сатып алса да болот”, - деген Кызалак түшүн кымыз ичип отурган жерде айтты:

- Жыл өткөн сайын жүгүң оорлоп, артыңда туягыңдын амандыгын тилеп калат экенсиң. Түшүмдө ак куржун салынып, ак эшен болуп эл кыдырып, жалаң сыйдын үстүндө экемин. Мингеним боз качыр. Бастырган сайын таскагы күчтүү, кирген суу туш келсе, боз качырды камчыга алганымда кирген суу айран болуп уюп, экиге бөлүнөт да, алдындагы ташы көрүнөт. Жай бастырып өтүп кетем, боз качыр менен. Ак куржундун чекеси да суу болбойт. Бул түштү ким жоруйт?

Жаңы эле кымыз куюлган кесени эрдине тийгизип туруп калган момунтай эрдинен тартып ала коюп. Кызалактын түшүн жоруй кетти. Эски жараты сыйрылып, тээ качанкы окуя эсине түшүп ою бузулду. Анан түштү жоруду:

- Э, Кызалак, түш көрбөгөн пенде болобу? Түштү бардык пенде көрөт. Бирок түштү адамдар гана жорушат.

Бу түштө ак куржун салынып жүрсөң, ак үйүңдөн айрылат экенсиң. Боз качыр минип жол жүрүп баратсаң алыска сапар чыгып, шу ки Анжиян тарапка багыт алып, тентип өлөт турбайсыңбы? ..

Көптөн бери эл эгеси деп Момунтайдын ичи-сыртына бирге болгон Жамаке аны жактырбагандай карады. Аны Момунтай өзү да туюп калгандай, сөзгө калбайын деп эшикке бет алды.

- Момунтай, - Жамакенин үнү жактырбагандай кекээр чыкты. –  Олтур, ордуңа!

Момунтай нестейе Жамакени карап:

- Ата көрү, “Ооздон жаңылган турбайт, бутунан  мүдүрүлгөн турат” дечү эле. Бул сөздү өзүм жакшы аңдабай калдым. Болбостур эми. Түш дайыма эле кире берет дейсиңби? Түш жоруш кандай болот экен, Кызалакка жөн салды айта салганым, Жамаке.

- “Түштүн түштөй тозогу бар, жоруган жакка кетет” дечү эмес белең? – Жамаке Момунтайды жактыра бербеди.

- Мейли, бу Момукем эзелки кектин жаратын сыйрып, алдын ачып көрүп, түш жоруган кандай болот, ошону Кызалак билсин дегени тура. Ичиңе кетпесин, Кызалак. Момунтай жашы өйдөлөгөн сайын эмне болуп баратат? Мындай сүйлөчү эмес эле. Жакшысына да, жаманына да тең карачу эле. Ант уругур, көк нар тартчу болгонбу? Болбосо, эл билген кишинин оозунан ушул сөз кантип чыкты?

Момунтай алдындагы кеседеги кымызды ичип жиберип, эшикке чыгып кетти. Артынан үйдөгүлөр кошо чыгышты.

Элге кошулбай, чапанынын эки өңүрүн кымтылана, Момунтай эрмендүү дөбөгө чыгып көпөк олтурду. Жанына киши басып барбады.

“Атаат, эмне болуп оозуман ушул сөз чыгып кетти?! Жамаке туура айтты. Көңүлү калат дебей, мындан да катуу айтса болмок...”

Ойго туна түшкөн ал өзүн-өзү тилдеп: “Меңдубана жегенсип, оозума келгенин сүйлөп койдум. Сүйлөбөскө да болбой калды... Мейли, өтөөр иш өттү. Кызалактын ичине кетти, бу кеп...”

Кыжалат болгон Момунтай күүгүм киргенче Эрмендүү дөбөдө моло таштай зоңкоюп олтура берди.

Ошол кеч күздө куу саяңда не болуп күйгөнү белгисиз, Кызалактын боз үйү өрттөнүп, кереге-уугу жепирейип, кара күйүк болуп жерде жатты. Кызалак өзү Момунтайды көрбөйүн дегени го, Мусаныкына эки-үч күн байыр алып, кийинчерээк көрүнбөй калды.

Ошол бойдон дарексиз кетти Кызалак...

 

 

 

Мүйүздөр чечкен табышмак

 

Момунтай туш тарабы ээн көрүнгөн Эрмендүү дөбөгө дагы чыкты. Ийрилип аккан Ачыктын суусу алдас уруп, көбүктөрү таштан-ташка жанчылып агат.

Бул сапар келгенде атайын салынган баштыктагы уйлардын мүйүзүн ала келди. Кароол-Дөбөгө чыкканда айланага көз тикти. Анан баштыкты тигиндейрээк ыргытты да, Сакман тоосуна карады.

Бийикте учуп жүргөн бүркүттү көрө көңүлү ачыла:

- Шаңшы, шаңшый бер! Алгыр учуруң өтөт! Карылык мойнуңа минип, төкөөрүң мокойт. Уча бер, кырааным! – деди.

Бүркүт бийиктикке эки имериле учту да, анан бир нерсени көргөндөй төмөн шукшурулду. Момунтай кызыгып карап, көпкө турду. Бүркүт кайра асманга көтөрүлүп, олжосун түшүрүп жибербейин дегендей тоонун батыш тарабын карай имерилип, бат эле көрүнбөй калды.

Арыта баштыктын оозунан көрүнүп, чачылып жаткан уйдун мүйүздөрүн көрө, мулуюп күлүп алды. Анан көчүк баса олтуруп, мүйүздөрдү биринен сала бирин салмактай колдон-колго ала салдырып көпкө тунжурады. Ой сезими чабыттап, көп нерселер оюна түшүп ордунда түйшөлүп алды.

- Кхм! – Момунтай колундагы мүйүздү кармалап, экинчи ыптаасына коюп, кайра аны алып ызаага муунгандай үнү кекээр чыкты. Колундагы мүйүздү кармалап:

- Өзү жатакчы болуп ойдо калып, жалгыз атын жайлоого чыгарып, дан багар аталганы менен дан бакпай, эки өңүрүн бел куруна кыстарып, өйдө бир басып, ылдый бир басып жөө жүргөнгө ушу уйдун мүйүзү.

Колундагы мүйүздү сол ыптасына коюп, экинчисин алып кайра да үн катты:

- Катынын жайлоолотуп, жармач кылып байына дайындап, каралаша жүр деп коңшусуна табыштаган алешем чөптөй кем акылга бул уйдун мүйүзү.

Момунтай эки мүйүздү жанына коюп, үчүнчүсүнө тап койду:

- Суунун шары менен сырдашып, муңун айтышып, ошол жерден бугун чыгарганга көк уйдун бу мүйүзү.

Мүйүздүн өңүнө жараша уйдун түсүн билип, көк уйдун экинчи мүйүзүн ала:

- Тууганына ишенип, колунан келген ишин колко кылганга ушул мүйүз. Дилине кызыкпай, тилине кызыгып, ара жолдо калган шордууга бул уйдуку.

Шагыраган мүйүздөр бир тарабынан экинчи тарабына ооп, саны арбыды.

- Э, атаңдын көрү-ү... - Момунтай колуна урунган кабыгы кат-кат болгон ийри мүйүздү кармалады: - Сулуу деп чырайына кызыгып, билсе – билмексен, көрсө - көрмөксөн болуп бажасы көбөйүп, эркелетер баласы жок, оорун жерден аларга бели жок, туяксыз өтөөр шордуунун көчүгүнө так ушул уйдун мүйүзү.

Анын өңү ант ичкендей кубарып, эми эле тамылжып турган эки беттин ортосу алгынын түбүндөй бозоруп, колундагы мүйүздү көпкө тиктеп турду. Тунжурап нестейди. Мүйүздү берки мүйүздөргө кошуп жатып:

- Жакынын – жатым деп, эшегин – атым деп, тууганын жоого жыгып, душманынын алдына чөгөлөтүп, өзү кара бет болуп, өлүү болуп – көрдө, тирүү болуп элде болбой, эл караган бетин жер караткан эки аяктууга куу мүйүздүн так ушунусу. Кхм...

Ал тамагын тазалана өйдө боло, эки өңүрүн күбүп, алдында жаткан мүйүздөрдү шилей басып, бет алдын карай кетип баратты. Жол катары атасынын: “Өз өлтүрбөйт, жат жарытпайт”, - дегенин эстеп, “Өздөн көңүлүң калса да, акыры бир кайрылып келмейиң бар” дегенди эстеп, улуу тоону бир карап алды.

Сол жагындагы  шагырап жаткан уйдун мүйүздөрүн көпкө мелтейе карады. Анан бары менен иши болбогондой  Эрмендүү дөбөдөн эңиштеп түшүп келатты.

 

 

Шабданды тоскондо

 

1876-жыл. Шабдан жай толугунда Алайга жүрүш жасады.

Баатырдын отуз алты жаш курагы. Болуп, толуп турган чагы.

Орус улам өңүтүн алып, арка кыргыздарын каратып, ичкилик кыргыздардын Кокон хандыгын чөгөлөтүп, ансыз да дин өкүмү катуу өкүм сүргөн элди эпке келтирүү үчүн аркадан адам издеген кези көп болду.

Ушул жылы Абдылдабекке каршы ок атуу үчүн Оштон орус падышачылыгынын аскерине кошулуп, аны каратып алып жамы жамы кыргызды бириктирүүнү көздөдү.

Курманжандын уулу Абдылдабек жигит чаптырып, аркадан Шабдандын чыкканын билип Кызыл-Арт, Талдыкты ашып Ооганга өтүп кетет. Курманжан даткага барып, Алымбек даткага куран окутуу үчүн кырк жигит алып Кочкор, Жумгал тарап менен Кетмен-Төбөнү карай келатканын уккан Момунтай Шабданды тосуу үчүн эли менен бүлүнүп калды.

“Шабдандын колу ачык дейт, жатакчыларга сый-урмат кылып, эмгегин баалап, эмне берерин билбей калат имиш” деген сөз тоо элине бат эле тарап кетти. Элүү бешке барып калган Момунтай көлөп элинин тың жигиттеринен алып, аларга кеңеш курду.

Кайырмага боз үйлөрдү тиктирип, жарактуу деген кыл куйруктуудан койбой катар тигип, баш жагына өзүнүн кара кашкасын байлатып койду. Кысыр эмди тай сойдуруп, этин бышырып, муздатып куржунга салдырып, чанач-чанач кымыз арттырып, Тер-Жайлакка беттеп кетти.

Тер-Жайлактын бетине чыгып, эки жагын кооптуу карап, жигиттерге кол жаңсай:

- Жол жээгиндеги түзөң тайпакты карай бастыргыла. Ошол жерге өрүш алабыз, - деп жигиттерден жооп күтпөй, кула атты камчылана: “Кетип калбаса экен, жетип калсам экен”, - деп ашыкты.

Баатырдын: “Бу дүйнөдө көңүл суутпайын, төгүл-чачыл жашайын” дегенин бирөөлөрдөн укканым бар эле...” – деп Шабданды тосууну ойлой берди.

Ал бир көргөн кишисин жаздым кетирбей таанып, кыйыта кеп айткан чынчылык жайы бар болчу.

Тер-Жайлактын үстүнө чыгып, булак жээгине жетип, чаначтарды түшүртүп, жигиттерге жаңы жалбыз жулдуруп, күн өтпөгүдөй кылып жаптырды.

Куржундагы этти алдырып, дастаркондого бөлдүрүп, муздак булактын илебине койдурду.

Алар Шабданды күн чыгыш багытын карап күтө беришти.

Тээ алыстан карып менен бакырга атасындай көрүнгөн Шабдандын келатканын Момунтай таанып билди. Ээрчиген жигиттерине эскерте:

- Менден мурун озунуп, бирөөң сүйлөөчү болбогула.

Тилдин сөгү жок, сүйлөсө сөз кетет. Жакшы сөз болсо – ырысыбыз, жаман сөз болсо – мээнетибиз. Эсиңерге туткула. Жалган айтып, айып тартып калбайлык, айланайындар. Андан көрө шүк отургула. Мен эмне десем ошого кулак төшөп, менин айтканым менен болгула. Ана, баатыр келатат! - деген Момунтай Шабданды утурлай чыкты.

Жоргонун үстүндө үргүлөй, суусар бөрктү маңдайына баса кийип, ири алдыда топтон бөлүнө тез келаткан Шабдан экенин жазбай тааныды.

- Атсалоому алейкум, эл атасы?!

- Валейкума салам!

Шабдан суусар бөркүн камчынын алаканы менен өйдө түрттү. Момунтайдын саламына жооп кылып, Шабдан анын жигиттерине карады.

- Баатыр, - деди ал өзүнүн Момунтай экенин жашырып, - Момунтай сизге арнап боз үй тиктирип, күтүп атат. Жол арытып, сапар карытып келатасыздар, сиздерди түштөнүп алсын деп, атайын жол тостурду эле...

Момунтай тигилерден жооп күтпөй аттан түшө калып, атын “тык” токтоткон Шабдандын жоргосун жылоосунан кармай, түшүүгө ыңгайлуураак, капталдата жетелеп, аны колтуктап түшүрдү. Арыта турган атчандарды берки жигиттер биринен сала бирин түшүрүп, аттарын алып куюшкандаштырып жиберишти. Шабдан Момунтайдын жүзүнөн адамгерчилик менен ызаттоодон башка эч нерсени байкай алган жок.

Момунтай жигиттери менен муздак жалбыздын арасындагы чаначтарды арыдан бери чайкап, куржундагы кырма кеселерге куюуга буйрук берди.

- А баатыр, сиздерди суусап келатат деп, чаңкап келатат деп...

Дасторкон тез жайылып, ар жерде жигиттер топтолушуп жатты. Кысыр эмди тайдын этин алдыларына коюшуп, тоскондордун кыймылдары чапчаң.

Мурунтан камдай келген жумшак көрпөчөнү Шабдандын алдына төшөй салып, Момунтай ага олтурууга кол жаңсады. Кымыздын алдын өзү ооз тийип, таза кырма кесеге кымыздан куйдуруп, Шабданга сунду. Шабдан чаңкап келгенгеби, кеседеги кымызды кылкылдата жутуп, берки жигиттерине карады. Алар да чөкө таандай чокулдашып, эт жеп, суусундукка кымыз жутуп жатышкан экен.

Эт желип бүткүчө үн катпады Шабдан. Ортодогу жымжырттыкты улам бышылып алып келинип жаткан чаначтардагы кымыздын үнү гана бузуп, беркилер улам ичип, кесе артынан кесе бошойт.

Шабдан сыр бербеди. Момунтайга карап: “Сен кимсиң?” – да дебеди. Ал Момунтайдын бар кыймылына гана көз тигип: “Тосконуна караганда эл баккан адам окшойт, - деп ойлоду. – Момунтай дегенине бир кайрылып кетпей, көңүл тынчыбас. Жакшы адам – элдин ырысы. Заман да минтип өзгөрүлүп баратат,” – деп ойлоп отуруп, анан жигиттерине:

- Кана, бизди тосуп чыккан Момунтайдын эли-журтуна дуба кылып коёлук, - деди. Жалпы отургандардын арасындагы өз ара сүйлөшүүлөр токтоп, “дүр” эте дуба кылышты.

- Эмесе, аттаналы. Күн түш болуп калды, - деген Шабдан атына карады. Жаш жигиттей чапчаң тура клаган Момунтай Шабданды колтуктап аттантып, жыландай ийрелеңдеген жолдо жигиттери анын соңунда баратышты.

Бука сийдик ичке жолдо кара отунду аралата көп жол бастырышты. “Кайырма” деп аталчу тайпактагы боз үйлөрдү көрүп, Шабдан алдындагы Момунтайга карап, ичинен: “Түзүк, түзүк”, - деп алды.

- Мына береги кырк найзалуу үйлөр Момунтайдын айылы, - баатыр аларга буйрук бергендей карады.

- Момунтайдын үйү тигил, - деп атын ыкчамдата эрте бастырып, боз үйдүн алдына түштү. Анын атын бир бала жетелеп кетти.

Каз катар байланып турган жылкыны көрө,бирок сыр бербей жандай бастырып, Шабдан Момунтайдын үйүнө барды. Атты бу саам да жылоолоп алып, жеңил-желпи түшүрүп алган киши Шабданга таазим кыла:

- Баатыр, кечиргейсиз, Момунтай деген мен болом, - деп Шабдандан жооп күтпөй эшик ачып, Шабдан коштогон он чакты жигити менен үйгө кирди.

Төрдө отурган кыраа Шабдан Момунтайдын илбериңки кыймылына, кыш койгондой кынаптап сүйлөгөнүнө ыраазы болуп отурду. Момунтайдын бала-чакасын сурады. Анда Момунтай:

- Э, баатыр, туяк бар, бала жок, - деп нестейди. Шабдан түшүнбөй калды:

- Деги сен кимсиң? – Шабдан Момунтайга ишенкиребегендей көз кыйгын салды.

- Баатыр, жайым ушул – беш эчкинин текесимин...

Шабдан нестейе түштү. Момунтай чапчаң туруп, сыртка чыгып кетти. Арыта Жанкороздун тай жетелеп келатканын көрүп, сакалын сылай кубанып алды.

- Ырас кылдың да! Туура кылдың да! Бектерден бата алып калалык!

Момунтай терисине батпай сүйүнүп, ары-бери басты.

Шабдан жигиттеринен үй ээсин ичкери чакыртты. Ал кезде Момунтай казанда кайнап, булоолонгон кунан койдун этин бышыргандардан:

- Бышып калдыбы? – деп сурап турган. Ою – онго, санаасы – санга бөлүнө түшкөн Момунтай ичкери кирип барды.

- Моке, бери жаныма отурчу. Бу эки кебиңди аңдай албай калдым.

- “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”, баатыр. Айыбым болсо тартайын. Азыр эшиктеги тайга дуба кылып койгула?

Момунтай Шабдандан мурда чыгып, тайды кыбыланы баштанта туура жетелеп туруп калды. Дуба кылынды. Кол чайкалып, Шабдандын сезиминде дале болсо Момунтайдын эки сөзү дүпүйүп турду.

- Чакырчы, үй ээсин!

Босгого тараптагы жигит:

- Баатыр сизди кирсин дейт, - деп чакырып, аны менен өзү кошо кирди.

- “Туяк бар, бала жок” дедиң. Мунуңа түшүнбөдүм, чеченим.

Момунтай Шабдандын кыраа экенине эми көзү жетип, жообун айтты:

- Э, эл эгеси, бала болсо, атасы минтип бүлүнүп жатканда сиздерге эшик ачып, ушул тапта алдыңыздарда кымыз куюп отурбайт беле. Туяк бар дегеним, тигине алар эшикте көп балдар катары ойноп жүрүшөт.

Шабдан жымыя көзүн сүздү:

- Дагы “Беш эчкинин текесимин” дедиң, мунуңа түшүнбөдүм?

Момунтай жалооруй карап күлгөн болду да:

- Ооба, баатыр, береги айылдын ариети үчүн, ыгым-чыгымы үчүн эки жак менен алака түзөм. Түндүк менен түштүктүн эли биздин айылды аралап өтөт. Жол ортосунда кыйналыш көп болот тура. Биягы Бишкекке, тиягы Кетмен-Төбө тарапка өткөндөр кыл куйрук күттүрбөдү. Жакшы деген аттарыбызды минип кетишет...

“Шабдан жүрүш жасап баратып, жолдон ат жаңыртып минип кетет” дегенди кулагы чалган Момунтай чечен андан ары кеп улады:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

- Өзүңүз көрдүңүз, калган кыл куйрукту сизге байлатып койдум. Жан – Кудайдыкы, мал – улуктуку, өзүм минген кара кашкамды башына байлаттым. “Кара байыр казан ат, калбыр өпкө жез канат”. “Өлсөм кара ашыма союлсун, тирүү жүрсөм минип жүрөйүн” деген атым...”

Шабдан баатырдын көңүлү жибип, жайдары. Жигиттер сөзгө аралашты. Сыртка чыгып даарат алып келип, кайра үйгө кирип намазын окуп, жайына отурду баатыр.

Момунтай болсо эшикте тайдын этин казандарга астырып, бүлүнүп жүрөт.

Жер тиктеп отуруп, башын өйдө көтөргөн Шабдан:

- Алды-аркасын таарып сүйлөйт экен. Кебинин этегин түгөтө айтып, так кесе бүтүрөт тура. Дыйканым, этегиң эмне болор экен?..

- Кептин жугу калганы жакшы го, баатыр, - Баяке эң биринчи үн катты.

- Ийе, жакшы болчу беле?! Шыпырынып сүйлөсө, дамбалыңды да бербей койбоссуң, - Шабдан ушуну айтып, “борс-борс” күлдү.

Тайдын эти желип бүтүп, колго суу куюлду. Жөнөй турган болуп эшикке бет алышканда:

- Э, баатыр! “Мал – улуктуку” эмеспи, тигини ала кеткиле! – деп аттарды жаңсаганда, ушуну эле күткөндөй Баяке кара кашканы карай басты.

- Ой, Баяке, тек! Токтот! Бөрү болуп кеткенсиңби? !

Шабдандын катуу чыккан үнүнөн Баяке токтоп калды.

- Ырымга тандаганын ал. Калганы өзүнүкү. Аттарды которор жер башка.

Момунтай өзү ишенген Жамакенин кер кашкасын ырымга деп байлоодон чечтирип келди. Шабдан үзөнгүгө бут сала өйдө обдулуп, Момунтайдын жөлөөсү менен өйдө боло  өзүнүн атына  минди. Анан Момунтайга карап:

- Көптү көрүп, көңүл оорутпаган жайың бар экен. Биздин келатканыбызды кайдан уктуң?

- Э, баатыр, өткөн-кеткен кеп салат экен. “Алымбек даткага куран окутканы чыгыптыр”, - деп уктук.

Момунтай чокчо сакалын сылап ойлуу тартты:

- Атаат, кыргыз бириксе, түптүү эл болсок...

- Жашың канчада, Моке?

- Эр ортонун чапчып өткөм.

Шабдан күлүп, Момунтайга:

- Жашың улуу, оюң тунук адам экенсиң. Мени менен Рыскулбектин балдарына барасың, - деди.

Момунтай ичинен жымыйды. “Улуктун буйругу – Теңирдин буйругу”.

Шабдан жигиттерине “кеттик!” – дегендей белги берди. Момунтай да улуктар менен жөнөмөккө бүлүнүп калды.

Бая Момунтай тай сойдуруп бүлүнүп жүргөндө аны менен кошо чуркап жүргөн жигиттердин бири:

- Момунтай чечен тура. Улук менен сүйлөшүү Кудай менен сүйлөшкөнгө барабар, - деди.

- Ок! Эмне дейт?! – деди беркиси, - Кебиңди кайра ал.Улукту да, Момунтай чеченди да Кудай жараткан. Андан көрө тигил байланып турган кара быштыңдын өзүңө буюрганын айтсаңчы!

- Момунтай кылкуйруктарды алып каларына көзүм жеткен.

Казандарда булоолонуп бышып жаткан тайдын эти ири алдыда Шабдандарга тартылган.

Шабдан эки жагын карап Момунтайды таппай, Баякеге:

- Үй ээсине айтып койчу, биз менен отурсун! – деген. Ошол убакта эшикте жигиттерине эт тарттырып, кымыз куйдуруп жүргөн Момунтай айтып берүүчүсү бардай “шып” этип кирип келген. Шабдан обдулуп:

- Биз менен олтур, - деп жанына алып алган.

Муну көрүп калган Жамаке ойноп жүргөн балдарга карады. Анын оюна Шиленканадагы Апай эжесине учурашканы кеткен уулдары Конушбай менен Дыйкан түшүп: “ Атаат, ушул тапта алардын үйдө болбой калганын карачы. Шабдан менен учураштырып калмак экемин. Дээринде болсо, кийин алака түзүп кетет беле?” – деп ойлоду.

- А Жанкороз?

Ылдый жакта жогорулап жөө басып келаткан жаш уланды көрө:

- Ой, арылабай бери бас?! – деди. Бул сөздү Момунтай Шабдандар менен аттанып, узап калгандан кийин айтты.

- Улуктун өзү эле эмес, сөзү да улук болот. Кебин тыңшап отурат экен десем... Сени адам болот, эл багат экен десем... Дыйкандар келсе боз үйлөрдү ээлерине берип, ыраазычылык сурап койгула. Андан кичине болбойсуңар. Сай бойлоп кеткен жылкыларын айдап жеткиргиле. Элге карайт деген, милдетин алат деген ошол.

Момунтай Жанкорозго ичи толбой, кара кашканы минип узап бараткан Шабдандарга жете барды.

 

***

 

Кара кашкасын ылдамдата бастырган Момунтай Баякеге бирде жанаша калса, бирде озуп кетип, Шабдандын ылдам жүрүшүн жактырып: “Жаш да, жүрүшү сыдырым соккон желдей жумшак. Атынын таскагы да ылдам, - деп ойлонуп коёт. – Жантайды каардуу хан деп уктум эле. Шабдан тарбия көрүп, окуган да. Жол жүрүшүн карачы. Жымыйып, анда-санда гана көз кырын салып койгону болбосо... Эл атасы деп ушуну айт!..”

Момунтайдын өзүнөн калбай келатканын байкаган Шабдан ага суроо узатты:

- Моке, бу Түнкатар саяктарды Рыскулбек башкарганда тартип катуу эле, ыгым-чыгым көп эле дешет, ошол чынбы?

- А баатыр, улук элине жараша мамиле кылат да. Бош койсо ар кимиси бөрү болуп кетпейби.

- А түзүк, түзүк. Рыскулбек менен солтонун хан Байтиги эрес талашканын кандай жоруйсуз?

- Атаат, баатыр, Байтик кең Чүйдү жердеп, пейили ток. Зулумдугу болсо да кечиримдүүлүгүбар, ачуусу бат жанып кетет деп уктум эле...

Шабдан Момунтайды дагы да имере:

- Байтиктин тегин билесиң да. Балким каат турмуш ошого алып баргандыр? Рыскулбек атасы Нарбото ак күп болуп карыганда датка аталып, элге алымдуу болгонун кандай карайсыз? – деди.

Сыр алдырбаган Момунтай:

- Ошончо жашка барганча жакшы менен жаманды, бийлик менен момунду ажырата билбесе элин бага алабы? Тун уулу Рыскулбек Кетмен-Төбөнү башкарганда Кокон хандыгынан бир аз болсо да ыгым-чыгымынан сээлдей түшкөнүн байкадык.

Момунтай унчукпай. Кара кашканы камчыланды.

- Ым де, Моке, “Чаарбектин заманынан да калганбыз” деген кеп кайдан келип чыкты? – Шабдан адатынча ууртунан жымыя Момунтайды сынай карап, атын камчы менен моюнга чаап, катуу келаткан жоргонун оозун кайра тарта, тизгинди жыйра кармады.

- А кептелишке такадыңыз го, баатыр. “Жакшынын жаты болбойт, жамандын уяты болбойт”. Экөө эки ача жолдой болуп, улуктун алдында турат. Кокондун беги Чаарбек “Акылсызды жиберсең оюн бузаар, арамзаны жиберсең жыйын бузаар” кылды. Элди ымалага келтире албады. Кечирип койгойсуз: “Сарт паччалыгын” кылды. Рыскулбектин жөнү башка, баатыр. Ылдыйтан найып келсе, же жогортон төрө келсе, эл билермандары менен кеңешип иш жасады. “Аттиң, ай сайын акыл кошулат” дегендей иш жасап берди. А баатырым, эмнесин айтасыз, караламан элде “Аңкоолор азаптан кутулбайт, алаңказар мазактан кутулбайт”. Буларды жөнгө келтирер улук - өзүңүзсүз.

Момунтай Шабданды эмне дейт экен дегендей, үндөбөй калды.

- А Моке, ар замандын үлгүсү өзүнө кымбат. Улам жаңырган сайын эскини эңсегендер көп болот, же жалганбы?

- Туура. Ар замандын түрү бөлөк, кийми бөлөк. Айтаарым: душманыңыздын күлкүсүнө ачынбаңыз, чын күткөн досуңуздун ачуусуна алдырбаңыз. Душман да, дос да атам замандан боло келген. Ага түркөй мамиле жасоо – наадандыктын белгиси. Же жалган айтамбы, баатыр?

- Түзүк, түзүк.

Шабдан Момунтайдын кебине таң берип, ичинен жактырып баратты:

- Топ болгон жерге сизди чакыртып алам. Буга кандай дейсиз?

- “Сабырлуу, сабырлуунун иши тамырлуу”, улук каякка шилтесе уят кылбаганга жарайбыз. Э, баатыр, “Жандын амандыгын айтыңыз, тирүүлүктүн сараңдыгын” айтыңыз. Сиз чакыртсаңыз барбай койчу Момунтай барбы, барат! – деп Шабданды карап борс күлдү.

Дыйканбай, мырзакан экөө алдыларынан тосуп чыкты.

Кара жоргонун үстүндө чайпалган Дыйканбай Шабданды бир топ жигиттери менен Тоскоолдо күтүп турганына көп болгон.

Кичи пейилдик кылып, Дыйканбай кара жоргодон түшө калып учурашты.

Шабдандын атын суулуктай кармаган Баяке аны аттан түшүрүү сыпаалыгын көрсөттү.

Эки тарап бир аз тамактанып, кайра жүрүш жасашты.

Момунтайдын Шабдан баатыр менен катар бастырып келатканын көргөн Дыйканбай, анын эли-журтун сураган болду.

“Каранын ханы” атыккан Дыйканбайдын сөзмөрлүк жайы бар. Бийлик десе көзү кызарып, “Рыскулбектин балдарынан бак кетпесе экен” деп, анткен менен ак паашанын эки баштуу бүркүтүнүн канаты далдайып жайылып баратканын жакшы түшүнөт. Ал ат үстүндө көп жол жүрүп кыйналып келаткан Шабданга:

- Баатыр, эл-журт аманбы? Ак паашанын эки баштуу бүркүтү канатын Кокон хандыгынын кынына кийрип келатат дейт, - деди. Шабдан Дыйканбайга нестейе карап, оюн сыртка чыгарбай, ууртун тартып күлгөн болуп, ичинен сызды.

- Тездетип, ыкчам бастыргыла! – деди анан артында Баяке баш болуп келаткандарга. Баякенин жанындагы Момунтай:

- Көмөктөшкөн болуштар озуп кетти, көмөктөшпөгөн болуштар тозуп кетти. Ак паашанын төрөлөрү ар тараптан курчады. Уйдун түгүндөй болгон оруска каршы чыгууга чама-чарк барбы? Аларга кошулууга датын айттырып, Шабдан баатыр туура кылган. Ойчул да. Жумгалдын беги Байзак да анын бул кылыгын кеч түшүнгөнүн укканым бар, - деди.

Баяке атына камчы салып, жүрүштү ылдамдаткан болду.

- А Момунтай?

- Эмне дейсиз?

- Бу Шабдан баатыр айткандай, деги сиз кимсиз? Сөзүңүз сыпаа, көңүлүңүз жумшак.

- А жан жигит, айтпадымбы, “Беш эчкинин текесимин” деп.

Момунтайлын сөзү муңайым чыкты.

Момунтайдын үнүн угуп калган Шабдан:

- Моке күн жүрүш алыс, ылдам бастыра жүргүлө, - деди.

Дыйканбай Шабдандын Момунтайды антип: “Моке”, - деп кайрылганын жактыра бербеди. Кыраа Момунтай аны Дыйканбайдын көзүнөн байкап, дилин окуп койду.

 

***

 

Чоң оолу күрү-күү.

“Шабдан келиптир, Каранын ханы – Дыйкнабайдыкына түшүп, конок болгону жатыптыр,” – деген сөз өйүзгү Үч-Теректин болуштугун бөлүп кетем деген Сыдыкка, кара кырга тап берген Каратал, Өйдөчекти - Байгазыга да жетти.

Чаалыгып келген Шабдан Дыйканбайдыкында эки күн эс алып, кайра аттанмак болду.

Шабдан Масы тарапка. Андан ары кайрылып Алайга чейин барарын айтып келип. Курманжан датканы да сөз арасына жүйрүтө кетти.

Эшиктен Мырзакан кирип салам берип, Керимбайдын Арымдан келгенин айтып өттү. Артынан Керимбай кирди. Дыйкан Шабданга:

- Агамдын баласы эле, ушуну “топ таш” салдырып, болуштукту алсамбы дейт. Ага кандай баа бересиз? – деп калды.

Керимбайды караган Шабдан:

- Баягы Кеминге барганда айткан иниң ушулбу?

Керимбай - олбурлуу, эч нерсе менен иши жок, бала жолборстой нестейип, бет алдын карап бейкам олтурду. Оюнда: “Дыйканбай абам бар – багым бар” дегендей.

- А түзүк, түзүк. Сенин тилиңди алаар бекен? Бийлик го, бийлик. Эл менен алака түзүп, чыр-чатагын чечиш чоң иш. Элин нааразы кылып албайбы? – Шабдан Дыйканбайга суроолуу карады. Сөзгө такала калган Дыйканбай:

- Э, баатыр, агасы биз турабыз. өйүз-бүйүздүн эли бир муштум болуп түйүлүп берет, - деди. – Кокон хандыгын жактаган алаңказарлардын канатын каырганга кантип жарабасын!

Шабдан чоочуп кетти:

- Эмне дейт?! Кокон хандыгынын канатын ушул Керимбай кайрыйбы? Ак пашаанын төрөлөрү аскерлери менен келип сестенип жатса. Ушул сенин иниң жарап береби?

Дыйканбай да сөзгө сөз атты:

- Э, баатыр. Ошо ак пашаанын иши үчүн, жамы эл-журттун тынччылыгы үчүн деп жатабыз да?

Шабдан: “Дыйкан, сөздү аста сүйлөп, ишти паста кылып көнгөн жан экенсиң, а? Бекеринен “Каранын ханы” аталбапсың го?” – дегендей ойго туна түштү.

- Дыйканбай, биз аттаналы. Барар жерибиз өзүңө маалым. А Баяке, жигиттерге айт, даярдансын. Моке, мени менен Курманжан даткага сиз да барасыз, аттаныңыз.

Момунтай чочуп кетти. Ичинен: “Баатыр эмне дейт? Берен эмне дейт?” – деп унчупай, кара кашканы карай басты.

“Кызыталак, жылыңач көлөп Шабданды “баш үйүртмө” кылып алганбы? – деген Дыйканбай Момунтайга:

- Бара бериңиз, сиз барбасаңыз анан кимбарат,деп Шабданга- Баатыр, алыс жол жүрүп кыйналып калдыңыз. Береги кара жоргону мине кетиңиз, - деп, аттын тизгинин өзү кармап, жетелеп келди Дыйканбай. Шабдан Дыйканбайдын сыйына ыраазы боло:

- Алайдан кайтканда кайрыла кетебиз. Ага чейин сак, саламат туруңуз. Көрүп турасыз, Кокон хандыгынын залимдигин. Билип турасыз, ак пашаанын улам ичкерилеп келатканын. Элди баккан улук элди ойлойт, Дыйканбай.

- Ойлобой анан! Мен кошо аттанам!

Шабдандарга кошулган Дыйканбай, Керимбай, Мырзакан, дагы да Момунтай баш болгон башка уруулардын уруу башчылары кошо аттанышты.

Жол катары Момунтай: “Шабдандын сунушунан кантип кутулам? Артка кайтарып жиберсе жакшы болот эле. Мен барганда эмне кылам? Баатыр өз жигиттери менен, мен...”

Момунтайдын башы каңгып чыкты.

Жаз-Кечүүгө жете келишти. Ошол жерден эки тарап аттан түшүшүп, Дыйканбай даярдап койгон эки аттагы чаначтарды түшүрүштү. Эт желди, кымыз ичилди. Шабдандын жанында кошо тамактанып жаткан Дыйканбайга эл эгеси карап:

- Мокеми чакырып коюңузчу, - деди. Бул сөз Дыйканбайга оор тийди.

Ким эле алам дегенин алып, жулам дегенин жулуп туруп, жатакчысын чакыргысы келсин. Ошентсе да:

- А Момунтай, бери келчи? – деп калды. Шабдан Дыйканбайга:

- Кетмен-Төбө - кырма кесенин ичиндей экен, ээ? – деди. Каранын ханы түшүнбөдү.Ошол сөз Момунтайдын өзүнө оор тийди. Кызара түштү. Ордунан чапчаң тура калып, Момунтайга жете барды. Көптөн бери бушайман болуп келаткан Момунтайдын оюн түшүнүп:

- Моке, Дыйканбай берген кара жоргону мине туруңуз. Менден сизге сый ошол, - деди да кара жоргонун чылбырын Момунтайга карматты, - Тек, биз менен барбай койсоңуз деле болот.

- Дыйканбай, кырма кесенин ичинде оюу кесе бар, ошого – Мокеме көз сала жүрүңүз.

Дыйканбай Шабданды карап:

- Карабай анан! Мокеми биз да сыйлайбыз, аксакалыбыздын баласы болсо...

Анан кара жоргого ичи ачышкандай ичинен Момунтайга: “Менин башымы аттап кайда бармак элең? Ат мамысына кайра кайрылат”– деп көз кыйыгынан карады. Бул кезде жигиттер аттарына минип, даяр болуп калган эле.

Шабдан Каранын ханы деп аталчу Дыйканбайга угуза, Момунтайга снс көрсөтпөсүн деген тейде:

- Моке, дайыма жолуга бербейбиз. Кандай сунушуңуз бар, айтып калыңыз? – деди.

Сүйүнүп кеткен Момунтай:

- Оббо, баатыр, “ куш канаты менен учуп, куйругу менен конот”, канат – сиздер болсоңуздар, куйругу – биз эмеспизби. Сиз сунуш деп калдыңыз... – Момунтай атайын Дыйканбай уксун деп үнүн катуураак чыгара айтты. – Биринчиси, топко чакыра жүрсөңүз. Жаныма Тойматты ала жүрөйүн.

Шабдан баатыр Тойматтын жоргосун алып, ат алмашып минип, мамилеси жакшы экенин билчү.

- Экинчиси, жаман айтпай жакшы жок, бул жалган дүйнөдөн бурулуп кетсем, балдарыма көз сала жүрсөңүз? Сунушум ушул экөө эле, баатыр?

Шабдан ууртунан жымыйып, башын ийкеген болду.

Момунтайдын батыл сүйлөп жатканына Дыйканбай тырчый түштү. Аны Шабдан да сезип калды. “Кырма кесенин ичиндей жериңер чуңкур экен, пейлиңер да чуңкур турбайбы”, - дегенди Дыйканбай эмнеге сезбеди? Ойлуу тартты ал.

Шабдандар жүрүп кетишти. Дыйканбай атйкандай, “өзүбек кетип, өз калды”.

Дыйканбай “артка кайттык” дегендей мине келген атына минип. Алдыга түштү. Кара кашканы жетелеп, артынан Момунтай барат. Момунтайдын ою – онго, санаасы – санга бөлүнөт. Кара жоргону ойлонот. “Бирөөнүн үйү бирөөгө тар, э! Кыпчылып жатпай өз үйүңө бар, э!” Атасынын көрү, кара жоргону Дыйканбайдын өзүнө бере кетейин... Баш жагынан Шамшыкалдын шору акса, этеги тигинтип тар капчыгай болсо. Шабдан аны кырма кесеге салыштырып жатса да билбейт. Кайра мени карайт. Жайыраак мени жандай бастырса, кырма кесенин жайын түшүндүрбөйт белем...”

Момунтай Каранын ханын карап койду.

Чоң-Оолуга келгенче катуу жүрүп, кара жорго ээсин тааныгандай Дыйканбайдын артында. Жолдо Дыйканбай Үмөтаалыга буюра:

- Үмөке, Мокемдин атын жетелеп алчы? – деди.

Жүрүшү катуу. Жаз-Кечүүдөн Чоң-Оолуга чейин Дыйканбай үн дебеди.

- Моке, үйгө кайрыла кетиңиз, даам ооз тийип, сүйлөшө олтуралы? – деди анан. Момунтай илгиртпей түшүндү.

Чоң-Оолуга түшүп, бир топ киши анын артынан эрчишти. Далдайта тигилген сегиз канат ак өргөдө бир топ киши тамактанып жатышты. Момунтай ичинен: “Ата көрү-ү, шабдан кокус топко чакырып калып, кара жорго кана десе эмне дейм? Койчу, аны учурунда көрөрмүн. Андан көрө кара жоргосун тапшырып, төрүмдө тынч жатайын”, - деген ойдо турду.

- Жоргонун үстү тынч бекен, Моке?

- Э, Каранын ханы, кара жорго мага жарашпачудай. Тоо-ташка анчалык эмес тура. Түз жердин жылкысы экен. Кара жорго Шабдандан мага тартуу болсо, менден сага тартуу, - деди.

Дыйканбай жымыя түштү. Сынамакка:

- Ала бербейсиз да, - деди.

- Кара байыр казан ат, калбыр өпкө жез канат, өлсөм кара ашыма союлчу, тирүү жүрсөм минип жүрчү кара кашкам буюрсун. Жорго сизге жарашат. “Көлөп агамдын урпагы берип кетти эле” деп эстей жүрсөңүз болду.

- Керимбай, - деди Дыйканбай, - Атакан абамдын жылкысында жээрде кашка. Асый чыкма шам кулак, камбар атанын тукумун көрдүм эле. Иичңди оорутпай ошону алдыр.

Керимбай эшикке чыгып, кайра келди да агасына башын ийкеп койду.

- Дыйканым, мен аттанайын, - деп Момунтай эшикке бет алганда:

- Олтура туруңуз, сый көрүп кетиңиз, - деди Дыйканбай. Ал күнү Момунтай түнөп калды. Эртең менен эрте турган чечендин үстүнө чепкен жаап, асый чыкма жээрде кашканы жетелетип, Үмөтаалыга:

- Мокемди узатып кой, - деп буйруду.

Өзүлөрү өргөөдө - ичте калды. “Бул да болсо – бийликтин күчү да”, - деген Үмөтаалы Момунтай менен кошо чыгып, аны аттантты.

Момунтай ошол эле күнү Боз-Тектирге кеч бешимде жете келди. Айыл-апа дүрбөп, аксакалдар Шабдандын кандай кеткенин сурап жатышты.

Жанкорозду чакырып:

- Эй, эки жакка чыга жүр, аңчылыкка мине жүр, - деп жетелеп алган жээрде кашканы карматты. Ошол Жанкороз жолборс атып, анын терисин да кийин Дыйканга тартууга алып барды Момунтай.

 

 

Киши кийик болгондо

 

Өлбөгөн жанга жаз келди. Көк чыгып, бадалдар бүчүр жарып, талаалар боз бууга көшүп, жер бети тердеп, нымшып чыкты. Эң алгачкы келгин катары жылкы кучкач учуп келип,анын артынан башкалары келе башташты. Турналар да сап-сап болуп каркыраны карай учуп өтүп жатышты.

Шаркырап аккан чоң дайра эч нерсе менен иши жоктой, күн чубактаган жээк буу көтөрүлгөн сайын улам “чолп!” этип жемирилип көчүп түшөт. Дайранын жээгиндеги жыш өскөн бадалдардын арасынан кеч бешимден таң атканча сүтак сайрайт. Анын үнү тээ алыстан угулуп жатса да, жакындан угулгандай кулакка уккулуктуу, “сүт-а-ак” деп тынымсыз сайрай берди.

Ал жөнүндө узун сакал карылар узун сабак кеп кылып, узак сөзгө кирише турган.

Алар үйүрүнөн адашкан топ турнадай жүрөктөрүндө кандайдыр эңсөө, белгисиз сагыныч, куса. Эңсөө менен узун сөздүн учугун чубап, алыска көз тигишет. Катарлары суюлуп баратканына кейигендей, жүрөктөрүндө аяныч, жүрөктөрүн мыжыккан сагыныч.

Бир кезде Сүтак пайгамбардын келини болгон дешет. Келинин жакшы көргөн кайнатасы анын өз колунан сүт ичпесе такыр ыраазы болчу эмес экен. Күндөрдүн биринде Сүтак чекилик иш кылган имиш. Пайгамбардын баласын чанып, башка бирөөгө турмушка чыкмакчы болуп ниетин бузат. Ошондо күйөөсүнөн кантип ажырым болооорун билбей жүргөн Сүтакка сагызган жардамга келген экен:

- Я Сүтак, сен эмне көңүлүңдү чөгөрөсүң? Өң десе өңүң, акыл десе акылың бар. Деги эле алдагы жүдөңкү кейпиң өзүңө жарашпайт экен, сустайган байкуш. Таңдайыңдан бал тамган жаш жубайсың. Ушу сени күтө албаган жанагы жаман! Койчу деги...

Сагызган ойкуштап, Сүтактын дилин тартат. Сүтак Сагызганды жалдырай карады. Анан Сагызгандан жардам сурай таңдайын такылдатты.

- Ий, байкуш ий, деги эле акылга муктаж экенин кантесиң! Кайнатаң сүттү жакшы көрөт. Сүт бышырып жатканыңда: “Балам, сүттөн алып келчи?” – дейт. Ошондо идишине суу куюп, үстүнө сүт кошуп бере койбой жаның жокпу?! Койчу, э ары!

Сагызган кытылдап күлүп, Сүтакты сырдуу карайт:

- Эмне, жалдырама тийип калдыбы, сага? Түшүнүп жатасыңбы? Жанагыны билген кайнатаң анан тигил кем акылынан сени талак кылат.

Сагызган ошентип, жүзүнөн нуру тамылжып жатып кеңеш берген дешет. Кимге жалган, кимге чын, айткандай эле пайгамбар куптан намазын окуур алдында келининин сүт бышырып жатканын көрүп, сүт сурайт. Ошондо, мурунтан суу куюлуп даяр турган кесеге сүттөн куя салат да, кылтылдата көтөрүп, кайнатасына сунат! Суу кошулганын билген кайнатасы:

- Сен дегенде дилим ак эле, балам. Кызымдай көрчү элем. Ата баркына жете албадың го, тагдырыңдан көр... Ылайым сүтак болуп таң атканча какшап кал! Качан таңдайыңа тамчы суу тийгенде эс ал, чырагым!” – деп ыйлап жатып бата берген экен. Ошондон баштап сүтак өз атын чакырып, куптан намаз окулган маалдан баштап, таң агарып атканча “сүтак-тап” сайрапк алган дешет.

Таң атканча сайраган боз тоголок чымчыктын таңдайына тамчы суу таңга маал таамп, ансыз да чарчап калган байкуш күндүз уйкуга кетет имиш. Кайра эле кеч бешимден тартып өз атын кайталай берет дейт. Бул жалганбы, чындыкпы, эмнеси болсо да бир сыры бардай. Баса, сагызган жөнүндө мындай улама бар дешет... Ошондо пайгамбар:

- Сени бузган сагызган да оңбосун, ылайым оозунан тууп, жамы журтка шылдың болсун! – дептир.

Ошол сүтак калызң чыргайдын арасында, кайыңдын бийик, калың бутагынын арасында сайрап жатты. Күн кызгылт нурун чачып, асмандагы ак булутту алоолонгон өрткө боёп, батыш тарап өрттөнүп жаткандай көрүнөт.

Сүтак болсо дагы эле сайрап жатат.

 

***

 

Солтон атасынан калган мал-мүлкүн сактап, өз уруусуна баш-көз болуп, жайлоо камын көрөт. Жаңы көккө тоюна баштаган мал ыкшоо тартып, турушу да кыйла оор. Короо четинде тумшугун улам өйдө көтөрүп коюп, жыт алгандай кара дөбөт Жампа тарапка карап үрөт. Аны туурап, айылдын башка иттери да ызы-чуу түшүп үрүп калышты. Күндө минтип үрбөгөн Кумайык күч алып үрөт. Кумайык – кара дөбөттүн аты.

Койчулар “койлорго сак бололу” дегендей улам айланага көз чаптырышат. Арыта иттердин ызы-чуусу менен иши жоктой, жаштар ак чөлмөк ойноп жатышат.

Иттердин үнү басылып, жалгыз гана Кумайыктын үнү басылбайт.

Анчалык алыс эмес, жамаачылуу кара үйдө темир комуздун үнү чыгат. Кайрууларына караганда келин кагып атса керек. Эмнеге жалгыз кагат? Эмнеге тигил топко кошулбайт ал?

Ооз комуз улам оболоп, бирде бийик чыкса, бирде пастай калып, муңдуу. Кээде ышкырып, кусалыгынбы же жүрөк муңун чыгаргысы келеби. Же кимдир бирөөнү чакырып жатабы, айтор добушу ойго тунуп чыгат.

Тобо, бир туруп тереңде жаткан көңүл кумарын козгоп, куу арчанын жалынындай соймоңдоп, ыргагы шаңдуу.

Бу ооз комуз кагып жаткан келиндин аты – Айганыш боло турган. Ал шордуу Карыптын жалгыз келини. Жашы отузга жаңы эле жетпнсн, андан аша элек. Анын жалгызы тиги ай тийген апай бетте балдарга жеткирбей, ак чөлмөктү ала качып келет.

Келин бул күү менен кайнатасы Карып менен күйөөсү Жанбаланы, кайненеси Сейдананы эстеп, көз кычыгынан жаш сыгылып кагып жатат. Бетин жууп, ылдый чуркаган ачуу тамчы кызгалдактын үлбүрчөгүндөй ачылган оозуна кирип, сарыккан кош тамчылар этегине тып-тып тамат.

Бул айылда Айганышча кайрып каккан келиндер жок. Какса да анчалык кага алышпайт.

Кой короону айлана ооз комуз кагып, түн бейпилин бузган жаш келиндер да темир комузду андан үйрөнүшкөн. Кээде аларга кошулуп короо кайтарып, жалгызы Керээзди уктатып коюп, түн жарымына чейин жүрө турган. Ооз комуз каккан сайын көз алдына өмүр менен өлүм, кусалык менен сүйүнүч, Жанбала көз алдынан өтөт. Куса болгондо кагат ооз комузду.

Анын башынан нелер өтпөдү. Ага кимдер көз артпады. Күйөөдөн жаш калып, ичинде бүдөмүк калган үч айлык кызыл этти медер тутуп, ошо деп жашап, ошо деп ыза жутуп, акыры көз жарганда атын Керээз койдурган. Бул атты кайнатасы да жактырган.

Керээзи бешке келгенде тоодон таш тийип, кайнатасы өлдү. Ажалды Кудай ар кимге ар кандай себеп менен берет тура. Теңирим пендем десе, Керээзим чоңойгончо коё турса боло. Бу да болсо келиндин шору. Кайненесинен го, күйөөсү өлгөн жылы эле ажыраган.

Бала деп көзүнүн жашын көл кылып, көзүнөн ажыраган кайненеси жайлоодон келатып, калың жаанда Кызыл-Кырдан кулап кетти... Ошентип, бул үйдө соксоюп, келин менен бала жалгыз калды.

Өткөндүн баары Айганыштын көз алдынан кербендей чууруп, дагы эле көздөрүнөн жаш сыгып, темир комузун кагып жатты.

Эри жокко этеги да душман. Канчалар эшик түрө кирип, түндөсү коркутушпады. Канчалар билинбей жылып кирип төшөгүн ачпады. Аттиң дүйнө, ушул куу сакал Мусанын кекээр үнүн канча укпады. Ал баарына кайыл, баарына бирдей, болгону эле Керээзи эр жетип, чоңоюп берсе болгону.

Керээздин кээ кыял-жоругун атасына окшотот. О, комуздун кайрууларына кошулуп, тиги чыргайдын арасынан сүтактын үнү угулат. Темир комузун жабык башка салып коюп, Айганыш сүтактын үнүн угат: “О, бетбак! Кайнатасын сыйлабаган шерменде! Таңдайың катып, бир тамчы сууга зар болуп жатасыңбы? Бетбак сагызгандын тилин алып, тапкан пайдаң ошол!” – дейт ичинен кекенип.

Ошол кезде өз кайнатасын эстеп, ага акаарат жасабаганына ыраазы болот.

Түн ичинде иттердин үнү тып басылып, куйругун кыпчып үйгө кирип келгени да болду.

Топ карышкыр койго тийгенин тигилер билген да жок. Ак чөлмөктүн кызуусу качан гана койчулар угушуп: “Карышкыр тийди!” – деген кезде тарады. Шашып кирген Керээздин өңүн көрүп, Айганыш чочуп кетти.

Ушул түнү кой короого тийген карышкырлар койчуларга ээ бербей койлордун жарымын бөлүп, ансыз да ээлигип клаган койлор карышкырдын алдында анда-мында бир секирип, элирип баратты. Үч бөрү короодон четке чыга берип, адырды карай топ койдун артынан түштү.

Кара дөбөт аларды тээ коктуга чейин узатып барды. Бир түп табылгынын түбүндө койдун көөдөнүнө тумшугун матырып, бүкүлү сугунуп жаткан көк жал тигил белесте жортуп бараткан шериктерин карабады. Ал капысынан тиш салган кара дөбөттү да адегенде байкабай калды. Кара дөбөт карышкырды тамактан алып, кадимки ит кармашка салды.

Бирок көк жалдын тике тура калып, болгон күчү менен бошонуп кеткени Кумайыктын сесин кетирди. Дагы да көк жалдын тик кулагын бүктөй тиштеп, көпкө чейин коё бербей турду.

Карышкыр бир азга буйдала, жаны ачыгандай башын катуу булкуп алды да, Кумайыктан бошоно берди.

Көк-жал эс-акылын жыйгандай, ачышкан жерине да карабастан тикелеш кети.

Таң атты. Кумайык менен көк жалдын өлүгүн жана алтымыш койдун ар кай жерде домпоюп, боз таштай кыймылсыз жатканын Солтон баш болуп келип көрүштү. Солтондун атасына окшош тултук бети чыңалып чыккан. Ал койлоруна бир кейисе, ишенип жүргөн кара дөбөтүнүн өлгөнүнө бир кейип, өлүктөрдү чогултуп жүргөн койчуларына бакырып, ашата баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

***

 

 Солтон да атасына оккушоп жигит күттү. Бастырса дайыма аларды жанына эрчите бастырып, жүрүшү каардуу. Бирок атасы Богорстондой тири карак боло албады. Ага окшобой маңыроо тартып, баягы бала кездеги кыялы бир аз гана өзгөргөн. Көп нерсени этибар албайт.

Балким, тетик келинчегинен уламбы, атасына окшоп элге каар чача албай, жөн салды сүйлөшөт. Жашында атасы ага нелерди гана айткан жок, нелерди гана эскретип кеткен жок. Көз жумаар алдында да:

- Балам, чөйрөңдү карап иш кыл.Өзөндөн ылайлуу чуу да агат, мөлтүр булак да агат, - деп, тамагына бир катуу нерсе кептеле калгансып, - Мусанын тилин көп ала бербе. Ал бейпешененин ким экенин өмүрүмдүн соңунда араң билип отурам. Болбосо жашында тындырат элем! Аррамы... Ал да бул жайда жүрө бербес, менин соңумдан барар, таз жорудай соксоюп...

Андан аркысын айта албай, тамагы киркиреп, эрди көгөрө, адегенде сол көзү токтоп, оозун чоң ачып бир нерселерди шыбырап жаткансыды. О анан чүңүрөйгөн көзү окшуюп, соо көзү жумулду да, о дүйнө аттанып кете берген. Ошонун баарын эстебесе да баласы азыр жарымын эстейт.

Солтондун кулагына бирде жакшы айтса, бирде жаман айтып, Уял көп нерсени кумдай куюп келет. Башка бай-манаптын балдарындай эки-үчтөн катын да ала албады. Уялдын сөзүнөн чыкпайт. Музоо кезинде сүздүргөн торпоктой тайсалдап,ансыз да ар жагында шооласы аз неме Уялдын жетеги менен киши.

Уулуна кеп-кеңешин берип жүргөн Алтынай Богорстон өлгөндөн эки жылдан кийин кайтыш болгон. Богорстондун токолу Айгерим болсо: “Хандын койнунда калтырап жатканча, кулдун койнунда кутуруп жат” деп, аш-суусун бергенден киийн ай өтпөй, өзү курдуу бирөөгө качып кеткен. Ал жөнүндө эч ким билбейт. Бири: “Анжыян тарапка кетиптир”, - десе дагы бирлери: “Жумгалдан ары Кочкорго кеткен имиш”, - деп кеп кылышат. Айтор, тагын эч ким билбейт. “Айгеримге күйөө жокпу?” “Ой, ошону айтсаң. Ал перинин өзү го, чиркин!” “Эй, эмнени айтасың, катындыкы ошо да, өзүнүн купулуна толгон бирөөнү ээрчип кете бермей!.. Ал болбосо дагы бирөө. Туубас катындан улактуу эчки өйдө. Аягы канабаса же... Жүргөндүр да, дагы бирөөнүн күлүн чыгарып...”

Айтор ар кимиси ар кайсыны айтып жүрүп, акыры ал да унутулду. Ошону менен Богорстондун мал-мүлкү Солтондо калып, Төлөк, Муса деген жигиттери көк ала сакал чал болуп,өз бүлөөлөрү менен алектенип кетишкен.

Богорстон өлгөндө анын кылганы эсинен кете элек Муса топурак салганга барган эмес. Ал кызыл атты ушунчалык кек сактап калган болчу. Ичинде чала күйгөн курмушудай кеги бар Муса байы өлгөндө кайра-кайра чакыртса да “сыркоомун” деп шылтоо айтып, барган жок.

Баса, кара тумоодон киийн Муса жалгыз балалуу – уулдуу болгон. Балага кумар болдум деп, атын Кумар койдурган.

Кумар эрезеге жетип, минтип үйлөнүп отурат. Анткен менен Мусанын баягы “бөрк ал десе баш алганын” унута элек эле дагы эле аны жек көрөт.

Наалати, атүгүл балас экөөнү бир келин беттештирип да койгон имиш...

 

***

 

Жородон чыккан топ жаштар Кумарды эрмектеп келатышты.

- Ха-ха, ха! Эмне, атаң экөөңөр сүйлөштүңөр беле? “Атам экөөбүзгө бир катын” дедиңби? Жалганбы, ыя?!

- Хи-хи, хи-хи!

Теңтуштары сандарын чаап, тамаша кылышат. Ошондо Кумар алынын жетишинче актанууга аракет кылат:

- Болбогон кеп! Ким көрүптүр аны?!

Ага кайдан болсун беркилер.Уга элегине угуза, кара толмоч, алибеттүү жигит болгон ишти түз эле айта баштайт:

- Кайран Айганыш жеңем! Куп тууралыптыр да, я?!

- Кайсы Айганыш?

- Тиги эле Жанбала акемдин жесиричи?

- Койчу, ал мунун апасындай болуп трубайбы?

- Опей, апасындай болсо эмне экен? Чырайын көрдүңбү, азыр да он сегиздеги жубандай бой керип турат.

- Жанагы куу сакалга эмне жок десең? Тынч жата бербейби, тизесин кучактап!

Тигил кара тултук сөздү дагы чаргытты. Арытан үн катты:

- Тизесин жылытайын деген да, болбосо...

- Хи-хи-хи!

- Бу Кумар эмне шерменде болуп жүрөт?

- Ал Айганыш жеңеме ашык болуп калган го? Он алтыдагы аялы жаштык кылган го?

- Ой, чаргытпай айтчы, түшүнсөм Кудай урсун!

- “Чаргытып” дейт тура. Апыртып мага жин тийиптирби? ! Кайран жеңем жан койбогон ата-баланы айдын он беш жарыгында түн болжоп, бир сүзүштүргөн экен да.

- Ха-ха-ха! – жапырт күлүп калышты беркилер. Тигил кара тултук дагы сөз баштады. Эгерде Кумар чычалап чыр чыгарса, алы жетерине ишенип катуу айтты ал.

- Я, Куке, атаңдын башы катуу бекен, ыя?

- Ха-ха-ха, хи—хи-хи! – беркилер каткырышты.

- Куке, чекең томуйган жокпу?

Ындыны өчкөн Кумар тердеп чыкты. Анын жаагы ылдый аккан тери жаагы ылдый салаа-салаа болуп, мойнуна сарыгып акты. Жооп кайтарайын дейт, алы жетпесин түшүнөт. Тек гана ачуусун ичине жутуп:

- Калп! Болбогон сөз! – деп үнүнүн жетишинче бакырат. Ага болобу кара тултук. Кумардын катылбасын билип, ал аслыса ителги алган чычкандай баса калганы турбайбы. Кайра күчөп тигинин айыбын чукуп кирет тултук жигит.

- Жеңемдин ак балтырын бир кучактап калууга жарадыңбы? Же ушу сен атаң менен сүзүшүп алып, ысык ботко сугунган иттей жолуңа түштүң го? Ой, болбосо...

Жалпы каткырышты беркилер. Кумардын өлбөгөн гана төрт шыйрагы калып, жаштар арасында кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп, анысын билдирбегенге тырышып, үйүнө келди.

Эшик алдында каржайган денесин көрсөтө, дамбалынан башкасын чечип таштап, күнгө кактанып отурган атасын жек көрүү сезими менен бир карап өттү.

Түлкү Муса бир иш болгонун баласынын кабагынан билип, чепкенин желбегей жамынып ары басып кетти.

 

***

 

От боюнда коломтого табылгыны кептей салып, Кумар ойлуу отурду. Анын бул отурушунда кекээр, мокотуу, ыза бар экенин анын желкесинен караган киши деле билип коймок.

Ал башы жерге салаңдап, көз кыйыгы менен атасын серепчилеп, коопсуна карайт. Келинчеги күйөөсүнүн капа болуп келгенин жүзүнөн биле турган. Сөз катса эле бардык ызасын өзүнөн чыгарарын билип, ашкана жакта чебелектейт. Анын кыймылы калпыстык кетирип албайын дегендей илбериңки.

Бу кээде жок жерден кынтык таап, аялын кийиз ургандай тепкилей турган. А Муса четте күлө багып: “Менин каным да, эркек да,болбосо.. .” – деп баласынын келинин онтотуп, жыландай ала салдырып бирде көмкөрөсүнөн, бирде чалкасынан тепкилегенине маашыр: “Катынды минтип койбосо көөп кетет. Анча-мынча сес көрсөтүп койбосо...”

Түлкү Муса мурутунан жылмаят. Качан гана келини сулк жатып калганда:

- Токтот! Болду эми! – деп уулуна ачууланымыш болот. Анткен менен көзүнүн тереңинде ыраазычылык, жүрөк түпкүрүндө сүйүнүч жатат.

Келин бу саам дагы ошол уруш кайталанабы деп чоочулап, этеги – элек, жеңи – желек.

Кумар күнөө таба албай, келинчегин улам акшырая карайт. Ал эч нерседен бейкапар болгондой, ашканада күйпөлөктөйт.

Бүгүнкү уккан шылдыңы Кумардын денесин ууктуруп, чыкыйы лукулдап, мээсин эзет. Безгектей калчылдап, күрөө тамыры көөп, жүрөгү лакылдап согот.

Тобурчактай каркайган Муса бир кездеги жаштыгын ойлогондой улам отту ичкертип. Түндүктөн сойлоп чыккан кара түтүндүн арасынан көрүнө калган жылдыздарды карап коёт.

Анын карааны от алоолоп чыкканда боркулдай далдайып, көлөкөсү көрүнө калып, от өчкөндө абага сиңгендей жок болуп кетет.

Бул үйдү жымжырттык ээлеп, ата-бала үн катышпай, экөө эки жердеги жомоктордогу арбактардай тарбаят. Качанкыга чейин ушинтишет? Качан сөз катышат арага? Муну эстеген сайын жаш келиндин каңырыгы түтөп, эмне кылаарын билбей чебеленет.

Күтүүсүздөн баласы жымжырттыкты бузду. Анын үнү кирилдеп, ачууга мууна, түпүкрдөн ыза аралаш:

- Ата, Богорстон чын эле сизди жөө калтырып, кызыл атты таанга алмаштырганбы?

- И, эмне болду?

Бул кеп тек гана сөз катыш үчүн сүйлөнүп жатканын атасы билип койду.

- Ооба, ошенткен. Аны эмнеге сурадың, балам?

- Деги дейм да.

Ата-баланын ортосунда сөз сүйлөнгөн сайын байкуш келиндин бетине кызыл жүгүрүп, кыймылдашы илбериңки, шайдоот. Байкуштун жүрөгү торго түшкөн канаттуудай дирилдеп, оттун жарыгында шайтан көпөлөктөй айланат.

Төрдө отурган, жырткыч кейиптенген караан өзүнүн бир кездеги жаштыгын ойлонот: “О, баччагар, Богорстон “чап” десе чаап, “жул” десе жулуп, канча жиндилик жасабадым?! Кайран жаштык, өттүң го куштай шукшурулуп. ..”

Жаштыгы өзүнө чакырат. Жумгалдагы улак тартканы эсине түшө жымыйып алды. Анда эки тарап биригип көк бөрүгө түшкөндө Муса бир кылыгын көрсөттү эле го. Ошо улак тартышта айтылуу сары күлүктү минип түшүп, ээрге олтурушу бекем, денеси оор. Көк бөрүчүлөрдүн денсинен аттын деминен көтөрүлүп чыккан буусуна аралашып, көк буу асманга көтөрүлөт. Ушул экинчи беттешүүдө чабдар атчан алып бараткан улакты жула кача албай, беркилер артынан кууп жүрөт. Жете барган Муса улактын бучкагынан кармай, чирене тиги чабдарды тээп туруп сууруп алды. Сары артына шарт бурулуп, көнүмүш боюнча арыш керип барат.

Улам алдын торой чапкан каршы жааты Мусаны марага жуутпады. Эми марага жакындап калган Муса атын тык токтотту. Шумдугуң кургур, жок өнөрдү баштады го жинди! Аттын үстүнө тике тура калып, шымын шыпырып, жандай чаап келаткан каршы жаатына тегерете сийип жиберди. Улакчылар киийндеп, кача берди. Колу бошой калган Муса сарыга камч ышыбап, көк бөрүнү маргаа таштап кетти.

Карап труган эл адегенде “дуу” жарылып, күлүп жиберишти. Чабдар атчан артынан жете келип камчы менен баш талаштыра чаап-чаап өттү. Аны көргөн эки тарап тең нестейди.

- Эй, атаңдын арбагы... Сийгек! Бу не кордугуң?! Ушундай оюн барбы силерде?!

Муса тигинин сөзүнө анча маани бербей, тикелеше калып, жон талаштыра тартып жиберди. Жакасын бүктөй кармап, өзүн карай тартты. Деми кыстыга түшкөн чабдар атчан атынан ажырап жерде жатты. Эки тарап жаатташа түшүп, аягы чоң чырга айланды.

Акыры калыстардын бүтүмү менен минип келген күрөңүн чабдар атчанга тартуу кылып, ичине кек калбасын деп кучакташып, ийин тийгизишип тим болушту.

Ушул кылыгын эстегенде өзүнүн итчилигине баа берет.

 

***

 

Ушул түнү Айганыш Керээздин эки жагын кымтылап, ага жомок айтып жатты. Жанында чоң атасынын чалдыбары чыккан тонуна оронгон Керээз тикирейип энесин карайт. Ал энеси жомок айтып жатканда балдар ак чөлмөккө чакырса да барбайт. Апасынын укмуштуу жомокторун укканда, алар менен аралашып жүргөндөй сезилет.

Айганыш жомогун токтото калганда:

- И, анан эмне болот? – деп тынчы кетет. Баласынын жомокко ынтызар экенин байкаган энеси жомогун кайра баштайт...

Илгери-илгери. .. Табылгы менен Шилби ынак курбу болгон экен. О, андан бери далай суулар агып, далай тоолор түз болуп, мезгил төөлөрдөй чубашып өтүптүр.

Табылгы менен Шилби экөө тең бойго жетип, көлөкөсүн каранып турган чагы. Алар жүздөрүн булакка келип каранышат. Өзгөчө Табылгынын бетинен кан таамп, өзгөчө жүзү нурдуу. Эки бетинин чок ортосу анардай кызарып, ыйбаа кылып көптүн көзүнө көрүнө бербейт. Шилби ага караганда акжуумал тартып, өңү бопбоз.

Күндөрдүн биринде пайгамбардын баласы ууга чыгат имиш. Мергенчиликтен жолу болбой кайтып келатып, ушул Табылгы суу алып жатканын көрүп, жактырып калат.

Табылгы десе так эткен ал күн өткөн сайын арыктап, төшөккө жатып калат. Нечендеген дарыгер, табыптар анын дартын таба албай кыйналышат. Ошондо алыс жерден бир чоң табып келген имиш. Ал тамырын кармап олтуруп, дартын билбей көпкө убара болот. “Дартын ким тапса чоң сыйлык берем!” – деген пайгамбардын убадасын эстеген табып көпкө азаптанат. Анын тамырын кармаган кармаган табып көп кыздардын атын атап, акыры Табылгынын атын айтанда, баланын дартын билип алган дешет, Керээзтай.

- Улугум, уулуңуздун дарты табылды! Дарысы Табылгынын колунда! – деген экен дарыгер. Муну уккан пайгамбар аталаш тууганын Табылгыга жуучулукка жиберет экен. Уулуна ошончодон Табылгы жагып калганына пайгамбар өкүнгөн дейт. Эмне кылат, дарыгердин айтканын аткарбаса уулунан ажырап калат. Ага жүрөк чыдабайт.

“Бетинде нуру болгону менен уяты азыраак, жеңил мүнөз окшоду эле. Ай, болбостур эми. Айла канча?”

Пайгамбар ары карап ыйлап, бери карап күлүп, уулуна табылгыны алып берген дешет. Угуп жатасыңбы, Керээзтай?

- Кызыктуу экен. Шилби жалгыз калабы, апа?

- Токтой турбайсыңбы, айтып келатпаймынбы. Ошентип, табылгы Шилби уктап жаткнада качып кеткен экен. Таң да атат. Шилби ойгонуп эки жагын караса, Табылгы көрүнбөйт. Жалгыз калган Шилби тала-түздү кыдырып, суй жыгылат. Желип өткөн желден сурайт.

- Жок көрбөдүм, - дейт ал. Шылдырап аккан суудан сурайт:

- Жок көрбөдүм, - дейт ал да. Каалгып өткөн булуттан сурайт

- Жок көрбөдүм...

Курдашынан айрылган шилби көз жашын көл кылып, чарчагандан катуу уктап кетет экен. Аңгыча кылычын алып кыш кирип келет. Кыш түшкөндө кучакташып жатчу курдашын эстеп, шолоктоп ыйлаган шордуу уктап калат. Ойгонсо боорукер адам тогуз катар торкосун кийгизип кеткен болот. “Тогуз катар торком менен мен үшүп жатам. Табылгы байкуш кантти экен?” – дейт дагы көз жаш кылат Шилби.

Аңгыча алыстан келаткан Табылгыны көрүп, кубанып кетет. Табылгы жакындап келгенде, эмнегедир Шилбинин уйкусу келип, кар жамынып уктап кетет. Магдырап жаткан шилби түш көрөт. Түшүндө: “Сага Табылгы апар деген чөптү шыбады. Жыгач болосуң, жыгач болосуң! Ойгон!” - деген үн чыгат алыстан.

Уйкуң келген жокпу, кулунчагым? – эне баласынын маңдайынан жыттады.

- Жок, апа, кызык экен. Анан эмне болот? Шилби жыгач болуп калабы, анан?

- Чыдап укпайсыңбы, секетим?

Табылгы тигил жактан “сулуулук үчүн касиети бар, аны сыйпанган ургаачы карыбайт имиш” дегенди угуп, апар чөптү ала чыгат экен. Аны өзү болушунча сыйпанып, уйкуга кирет.

Шилби ойгонуп кетсе, Табылгы жыгач болуп калган дешет. Ушундан бөлүнүп жашаган күнүм курусун деп, Шилби да жыгач болууга макулдугун берип, анын үстүнө апардан сыйпанып алган байкуш жыгач болуп жерге ыргалганда тогуз катар торкосу шамалга сапырылып, чубалат.

Дагы да желден үйрөнгөн сөзүн кайталайт Шилби: “Тогуз катар торком менен мен үшүп жатам, Табылгы байкуш кантти экен?” – деп кейийт. Ошол бойдон ушул күнгө чейин бороон тоого кабарлап, жар салып келет дейт, уулум. Болсоң Шилбидей бол, жолдо жүрсөң жолдошуңду талаага таштабай жүр.

Айганыш жомогунун аягын ушинтип бүтүрөт. Керээз ойлонуп калат. Ушул жомок баланын сезиминен орун алат. Шилбини аяп кетет Керээз.

Бала энесинин жомогун түшүндө көрдү. Энеси айткандай Шилби Табылгыны сагынып, желге башын ыргап: “Бери кел, бери кел,” – деп чакырып жаткансыды.

 

 ***

 

Бала катуу үндөн чоочуп ойгонуп кетти. Көргөн көзүнө ишенбей, атып турду төшөктөн.

Энесин кекиртектей жыгылган караанды көрө, Керээз саамга нестейди. Анан эсине келе калгандай башына жазданып жаткан атасынан калган балтаны ала коюп, тигини башка чаап жиберди.

Курч балтанын мизи бата түшкөн Кумар артын бир карай, сол колун балага сермеп бир аз жүткүнгөн болду да, балага жетпей Айканыштын кекиртегине жабышып батып калган колун тартууга алы келбей, денеси улам салмактанып, көзү коюуланып, жыргал дүйнөгө кеткендей жүткүнө берип, анан жүз төмөнүнөн “шалак” дей түштү.

Бала эси чыгып бакыра берди. Анын үнүн түнкү сыдырым алда кайда угуза бейпил тынчтыкты бузгандай жула качып жатты. Суналып жаткан энесин көрө бакыра берди бала.

Кумардын желкесинен сарыгып аккан кан таамп, төшөнчүгө сарыгып турду. Бала энесинин мойнун кучактап, ыйлай берди. Анын үнүн түндө эч ким уккан жок. Тек гана тентек шамал жула качып тиги капчыгайда, тээ белгисиз жактарга угузуп жаткансыды.

Алыстан улуган бөрүнүн үнүн укту Керээз. Улуган үн жакындап келаткандай жүрөгү туйлап, энесинин алсыз денесин кучактап бакыра берди.

Тиги капчыгайдын оозундагы жалгыз үйдөн кобур угулгансыды. Бөрүнүн үнүн уккан Жамаке төшөгүнөн туруп эшикке чыкты. Алыстан үзүл-кесил үн угулгансыды чалга. Анын басмырт кулагы баланын үнүн, ыйын уккансыды. Анан калдайган этсиз кулагын шамалдын огуна тосо: “Апа-а!” - деген үндү даана укту. Шашып үйгө кирди. Төрдө уктап жаткан баласын ойготуп: “Балам, бөрү күч болуп келатат. Анын үстүнө өйдө жактан апалаган үн угулгандай болот. Бу керең кулак жалган уктубу же... жакшылап тыңшачы?” – деди.

- Ооба баланын үнү, ата!

Ата- бала эшикке жарыша чыгышты да айланага дагы да кулак түрүп калышты. Тиги жактан ачуу үн чыкты апалаган.

- Ата? Айганыш жеңемкинен угулат да?

Чал.

- Ыя?! - деп баласына көз тикти. - Ооба, балам жанатан бери боолголоп, анан сени ойготподумбу. Кулагым каңырыш угуп жатабы деп ишенген эмес элем. Чын эле ошлл жактан угулуп жатат окшойт, - Жамаке энтиге, баласына сөз катты.

- Түн жарымында кандай окуя болду десең?..

Жамаке тынчы кете, жүрөгү жамандыкты сезгендей Түмөнбайды ээрчитип, түн жамынып Айганыштыкына бет алды.

Кемегенин ташына чалынып, чал оңкосунан кетти. Анын бети дуулдап ачышып чыкты.

- Балаа баскырдыкы, ушу жаш деле жетет эле. Темтеңдетпей тартсаң боло пендеңди?

Өз алдынча кейиген чал оң жак жаагын сыйпалап, алдыга басты. “Ап-паа”,- деген наристенин ачуу чыңырыгы эми даана угулду, беркилерге.

- Ата, Керээз “апалап” жатат.

Чал жооп кайтарбай, болгону темтеңдей өзүнчө күңгүрөнө ылдамдай басып келатты.

Эшик ачып кирген Түмөнбай караңгылыктан эч нерсени көрө албады. Болгону тиги бурчта ыйлап жаткан баланын үнүн гана боолгоп, ошол тарапка басты. Жаңы кирип келген чал:

- Кан жыттанат да, балам?! – деди.

Өмүрүндө далайга күбө болгон Жамакенин карт көкүрөгү үй ичиндеги ишти айттырбай билди.

- Баланы алып чык. Элирип кетпесин, - деди уулуна.

Чал кырылдаган көкүрөгүн баса:

- Эси чыккан бала, соо бала эмес бу. Жөн бала минтип бакырбайт, карма баланы!

Баланы тыбырчылата кармаган Түмөнбай эшикке бет алды. Керээз тыбырчылап, “энекелеп” бакырып келет.

Куу күйгүзгөн чал төшөктүн үстүндө жаткан эки караанды көрө, иштин чоо-жайын билип, Түмөнбайды чакырды.

- Ким экен бу?

- Кумар, - деди Түмөнбай баланы көтөргөн калыбында.

- Түшүндүм, балам, үйгө кирбе. Тек гой.

Тээ алыстан жыт искеген жаныбардай кийинкисин ойлоно, аны баласынан жашырып, ага айткысы келбеди.

- Эл келгенде көрөбүз, ага чейин унчукпа. Болгон ишти өзүм айтам.

Чал Керээзди көтөрүп, үйүн карай бет алды.

 

***

 

Тамагы көгала болгон Айганыш түш оой эс алды. Анын денеси бийик жерден кулагандай жанчылып, жан чыдагыс болуп оорутуп, от менен жалын болуп чыкты. Караандардын арасынан жалгызын издеди аял. Баласы көрүнбөдү. Анын тамагы ачышып:

- Суу, суу, - деп эс-учун жоготуп, кайра кулады.

Турган караандар ага түш сыяктуу элестеп:

- Керээз, Керээзим! – деп жөөлүйт. Керээздин “апалаган” үнүн угуп, “селт” этип алды келин.

Кумардын бул өлүмү Солтондун айлына небак жеткен. Анын жантаслим болгонун Мусага угузганча күн түш ооп кетти. Жамаке баш болуп, Мусаныкына топ атчан жөнөп калышты. Алыстан көп атчанды көрө түлкү Муса делдейе карап калды.

Эшик алдына келген атчандардан сестенген Муса чочугандай, алынын жетишинче:

- Эй, эмне келдиңер?! Ачык айтып, ак сүйлөгүлө! Мууздасаңар ачык айтып мууздагыла! – деп бакырды.

- Кумардан айрылдык! – деген үндөн келин үйдөн атып чыкты. Келинди колунан кармаган эки-үч аял аны үйгө алып кирип кетишти. Озондогон ый, созолонгон муңдуу кошок аба жарды.

Солтон баш болгон билермандар Айганыштыкына ашыгып баратышты. Алардын карааны чаап алчудай сестүү.

Чыр Айганыштын үйүндө башталды.

- Силер өлтүрдүңөр! Өзүңөр өлтүрүп алып, актаныш үчүн жасаган далалатыңар бул!

Баласынын денесин өйдө көтөргөн Муса эшикти карай темселей басты.

Калың төшөлгөн өлөңдүн үстүнө өлүктү коюп жатып Муса:

- Өлтүрөм сени, бул кол далайды жеген! Түбүңө мен жетем, канчык! – деди. Жарданып карап турган эл аны кармап, келинге жолотушпады. Чырды Солтон басты:

- Бу Мусаке, болор иш болуптур!

Анын оюнда атасы айтып кеткен керээз сөз былгып жатат. Сыртына билгизбей, салмактуу сөз баштады:

- Өлгөн келбейт. Келсе өлгөндөр келет эле го? Кана, келгени? Кана, байбичең Сырга? Кана атам Богорстон?! Келет эле го баары! Өзүң да далай ишке күбө болуп, далайды башыңдан өткөрдүң. Бакыра берген менен болбойт. Эл эмне дейт. Өлүгүбүз минтип башка айылда, жесирдин үйүндө жатат. Көрдүк баарысын. Уктук жамы журттан. Ошентсе да Айганыш эс-учун жыйсын, өзүнөн укканыбыз оң, Мусаке. Тигине балтасы, каны катып босогодо турат. “Өзүм чаптым” деп баласы мойнуна алып олтурат. Энесин муунтуп жатса чабат да. Сен да ошону кылмаксың, Мусаке.

- Туура айтат, туура айтат. Сөздү болгонун болгондой. келиндин өзүнөн укканыбыз оң, - Жамаке Солтонду коштой кетти.

- Эми эсине келип калган Айганышты көрө, Жамаке ага тике эле айтты:

- Уялбай айт, болгонун болгондой айт. Уяттуум бар экен деп тартынчыктаба. Кепти түз айтканга жүктү көтөргөнгө берген. Уялбай айта бер, - деген Жамаке үйдүн жанындагы кара ташка көчүгүн коюп олтура кетти.

Акыл-эсине толук келип калган келин болгон ишти болгондой айтты. Атүгүл мезгилди бир убакытка болжоп, ата-баланы сүзүштүргөнүн да айтып, көзүнө жаш алды.

 

***

 

Баласы өлгөндөн көп өтпөй Муса жинди болуп кетти. Кайнатасынан корккон келин дарексиз изин суутту.

Көп өтпөй: “Муса кара кийик болуп тоого чыгып кетиптир”, - деген сөз эл арасына чагылгандай тез тарады.

Бирөөлөр:

- Муса Муз-Төрдө жүрөт, - десе, бирөөлөр:

- А кокуй, чийки эт жеп жатканын мергенчиликке барып, баланча көрүптүр, - деп ар кимиси ар кайсыны айтып, айыл ичи дүрбөлөң.

Анын адепсиздигине табасы канган кээ бирөө:

- Ушунуңа да шүгүр. Мусача тоодо кара кийик болуп өлгөнчө эл арасында өлсөм экен, - дегендер да болду.

- Тигинтип түндүгү тартылбай калды. Аттиң десең, кыш күрөөдө эмне кылат а байкуш?

- Эмне болмок эле, доңуз болуп өлөт деген ошо. Билбей калдыңбы, ант урганды. Баягы Момунтайдыкында Кызалакты жактаганда эле түңүлгөм, ал доңуздан. Акыры минтип эл-жерден безип, кара кийик болуп тоодо жүрөт. Тоббо, - деп жакасын карманышат.

Ушул кеч күздө жерди тоң тиштегенде мергенчилер Мусанын өлүгүн Муз-Төрдүн башынан таап келишти.

- Байкуштун жазмышы ошол экен. Бай түп табылгыны паанектеп жүрүп, колдору чарт жарылып, киши кейпинен кетип калыптыр. Тырмак алды кызыл гөш болуп жешилип... Жазмыш да, ачтан тырайыптыр. Анчалык болбогондо жору талап кетмек экен. Ансыз да эки көзүн карга-кузгун чукуп жеп жибериптир. Жору айланганынан бардык эле... – дешти алып келгендер.

Тирүүлүктө чаң тополоң салып, мезгили келгенде Муса да өттү дүйнөдөн.

 

 

 

 

Жоголгон согум

 

Чак түш. Боз кыроо. Тээ ачык асманда, бийиктикте шаңшып бүркүт учат.

Чаар-Таштын каптал жолу менен өйдөлөп, бир топ жолоочу Тер-Жайлакка баратышат.

Сакалы аппак, куш тумшук, тик көз, кызыл бет, эки кулагы калдыркандын жалбырагындай жукарып, карыянын токсонду таяп калганын билдирет. Ал алдындагы боз чамбыл тобурчакты улам камчыга алып, бастырышы тың. Ээрчип келаткан төрт атчан карыдан өтө качпай, ыйбаа кылып артынан ыкчам бастырышат.

Бул Байжандын Дөөлөтү эле. Согумга деген ала туяк көк бээсин алдырып жиберип, издеп чыккан. Агасынын артынан эрчип, кошо аттанган Бечел:

- Аба, бу согум ким колдуу болду дейсиз? – деп калды.

- А карагым, ким колдуу болмок эле, бээнин туягынын изин тааныйм. Мени эрчип бара бергиле, калганын көрө жатарбыз, - деген Дөөлөт үн катпай ойго тунуп, анда-санда боз чамбылга камчы чаап, тизгинин кагып келет.

Тер-Жайлакка чыгып, өрүш алып ыңкып семирип жаткан жылкыларга көз тигип, Дөөлөт Бечелге:

- Балдар, мага караганда жаш эмессиңерби, жылкыларды чогултуп келгилечи, - деди.

- Тынч оттоп жүргөн жылкыны эмне кыласыз? Жайына койбойсузбу, - деди Боргемик.

- Ая, иш бар, тирикарак, - Дөөлөт Боргемикке тикирейе карады.

Жылкылар бат эле өздөрү турган чаңдоого чогулуп калды.

- Эми укурук менен куугунга алгыла, кайсы жолго түшөөр экен. Уурдалган бээнин үйүрү кай тарапка сүрүлөт, жакшылап байкагыла.

- Ой, жарыктык, ой! Жылкы туш келди кете берет да, - деди Бечел.

- Ой, ал менин ишим. Мен айтканды аткарсаңарчы! – деди карыя.

Бечел баш болгон төртөө чаңдоодо ылаалап турган бээлерге укурук үйрүп: “Кыйт, кыйт!” – деп жылкыларды сүрүп калышты.

Согумга деген бээнин үйүрү түз эле Чаар-Таш ашуусун карай бет алып, үркүп келет.

Боз чамбылдын үстүндөгү Дөөлөт беркилерге:

- Токтогула, согум табылды. Издемек биздики. Төлөмдүү болуш уурулардыкы. Мени ээрчигиле! – деп капталдай кеткен жол менен ыкчам бастырып келатты. Алар ашууну ашып, Суусамырга түшкөндө эл орунга олтуруп калган. Четки үйдөгү кара үйгө чабаганчыдай болбой, жай бастырып барышты.

Ал үй Күрүчбек элинин Түркмөнгө кыйыр тууганы Сааданын үйү болуп чыкпаспы.

Ансыз да аттын үстүндө урунуп келген кары атынан түшүп, Сааданын жандоосу менен боз үйгө кирип кетишти.

- Атым ким дедиң, балам?

- Саада.

- И де, Саада балам, ар жерде от жылтылдайт. Бу Түркмөн бай...?

- Ооба, аба, эртең аш болмок. Андан сырткары башка дагы келгендерге үлөштүрүп сый-урмат көрсөтөм дейби? Айтор ошонун кам-кашеги.

- А жакшы болуптур, ырас болуптур. Бу атым Саада дедиңби, балам?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

- Ооба, - Саада карыны таңыркай карады. Дөөлөттүн маалкатып, алыстан сүйлөп, жомок айтчу кебетеленген карыдай шашпай жай олтурушуна ичи толо бербеди.

- Анда Саада балам, Түркмөн байга айтып кой, береги ашуунун арткы бетинен Түнкатар саяк элинин Дөөлөт деген карысы меникинде олтурат де.

Дөөлөт кызылдуу бетин тырыштыра, кызыл ээк болуп калган оозун ача борс-борс күлдү. Анан беркилер менен иши болбогондой Саада менен сүйлөшө берди.

- Ой, мени унутуп калбасын, - Дөөлөт дагы да күлдү.

Бечел:

- Пир туткан, агабыз. Карылык баарыга бирдей, - деп сактанып сүйлөгөнсүдү.

- А атаңын көрү, менин жашыма барсаңар көрчүлөр көрөөр силерди.

Кары мостоё түштү.

“Түн жамынып, бел ашып Дөөлөт кары келди”, - деген кеп Түркмөнгө да жетти. Түркмөн:

- Саада, ошо карыга чучугу жок казыны эндей кестирип тарттыр, кызыл ээгине казынын чарымы чапталып калгысы бардыр, - деп “карс-карс” күлдү.

 

***

 

Асман чайыттай ачык. Суусамырдын түзүндө эл кара таан.

Дөөлөт карынын күлүктөр менен да, эр эңиш жана башка оюн- зооктор менен да анча иши болбой, ага кызыга да бербеди.

Тек кана өзүлөрүнө тартылчу табакты күткөндөй.

- Ой, бул үйдүн аксакалы ким? - Чекесине кызыл мата байлап алган сары чийкил боз улан “шаңк” эте үн катты.

Ордунан козголо берген Саада:

- Бул үйдүн аксакалы да, билерманы да Дөөлөт абам эмеспи, - деп, тиги такымга чапкан кунандай ыргыштарган сары чийкил боз жигитке көз кысып койду. Илбериңки кыймылдаган боз жигит табакты койгондо Дөөлөт тикчийе, табактын үстүндөгү ичегиге салынбай, өзүнчө кайнатылып бышырылган казыга карады.

Табактагы эт желип жатканда казыдан алып ооз тийип, бир аз шимиген болду да, эч ким менен иши болбогондой, өзү жеген казынын бир кесимин жүз аарчысына ороп, кемселенин чөнтөгүнө салып койду. Аш тараар маал болгондо Саадага:

- Балам, Түркмөнбайга айтып койчу, салам дубам бар эле, айтып калайын ошон үчүн келдим, - деди. Көп өтпөй боз тобурчак ойноткон кочкор тумшуктанган кабалтең жигит Сааданын эшигинин алдына келип:

- Ой, Түркмөн болушка жолугам деген кимиң? Бас алдыга, тез келсин деп жатат.

Дөөлөт шашып калды:

- Силер бул жерде тура тургула. Өзүм кирип чыгайын, баатырга, - деген кары тез эле аттанып, боз тообурчакты жүткүнтүп, ойноктотуп бараткан жигит менен Түркмөндүкүнө келип түштү.

Эки жагын чекчейе караган Түркмөндөргө кары салам айтып кирип барды.

- Кел, Түнкатар саяк.

- Келдим баатыр, менин согумга деген ала туяк көк бээм сиз берген ашка союлуп кетиптир, ошого келдим эле.

Түркмөн ордунан обдулуп алды. Жаак булчуңдары түйүлө, кекете үн катты:

- Айт. Ким уурдап алыптыр? Ушу мен уурдап алыптырмынбы, я?!

Ай-а, жаш болсоңуз кердиртип салбас белем! Карылыгыңыз арага түшүп калды да.

- А, баатыр ким уурдап келгенин кайдан билейин, казысынан тааныдым.

Түркмөн мокой түштү.

- Айт, казысынан кандай белгилери бар экен, же мен Түнкатар саяктын жылкысынын казысымын деп үн каттыбы?

- А баатыр, ачууга алдырбай сөз бергейсиз. Бул казыда менин үч белгим бар. Ачуу кетпе, эл агасы бу Суусамырдын жылкысынын казысы менен Тер-Жайлактын отун оттогон жылкыларынын казысынын даамы башка болот. Суусамырдын жылкысы бетеге жейт. Тер-Жайлактын отун оттогон жылкы мекээри жейт, мекээри жыттанып турат. Мына өзүңүз да күбө болсоңуз, - деп баягы бет аарчысына ороп алган казыны кемселенин чөнтөгүнөн алып чыгып, алдыга жая салды.

- А баатыр, бул биринчи белгиси.

- Экинчиси Тер-Жайлак, Чаар-Ташты оттогон жылкынын казысы моминтип быжыгыр, бөлтөк-сөлтөк болот. Ал жак таштуу келип, казысы тегиз болбойт. Суусамыр жарыктыктын отун оттогон жылкы ыңкып семиргени ушунча, бирок казысы тептегиз болот. Айып этпе үкем, үчүнчү белгим ала аяк, чекесинде теңгедей кашкасы бар. Терисин жоготуп ийбесе, жонунда айгыр тиштеген жери агарып, тагы бар. Эгер ушунум жалган болсо, кандай жазага тартсаң да өзүң бил.

Түркмөн ойлонуп калды.

- Атаңын көрү, жылкы айдап келген жигиттерди чакырып, бээ союлган жерге барайын. Чын болсо аштын аксакалы деп Күрөңдүн баш байгесин тартуулап, ооз басырык кылайын, антпесем Түркмөн ашка бээ уурдатып сойдуруптур деген кеби калбайбы, кокуй!

Түркмөн ордунан атып турду. Түркмөн баштап, Дөөлөт бээлер союлган жерге барышып, четки боз үйгө кийрилген жылкылардын терисин карашты.

- Ала туяк көк бээнин башы териси менен бурчта үйүлүп жаткан экен. Көзү каник Дөөлөт кары сүйүнүп кетти, Түркмөн мостоё түштү. Ээрдин кымтып, жээрде сакалын салаалары менен тараган болуп:

- Дөкө, жүрү үйгө кирелик, көк бээнин бычымы ошол жерде чечилет, - деп алдыга басты.

- А Дөкө, балдар жаңылыптыр, мен билбептирмин, жарчыга жар чакыртып: “Баш байге Дөөлөт карыныкы” дейм. Ушул көк бээ жөнүндө сөз ушул жерде калсын. Сакалыңызды сыйладым. Сөз бериңиз.

- А үкөм, болуптур, менин оозуман чыкпайт. “Түркмөн болуштун мага берген үлүшү деп коём”, - деди.

Сөз ошол жерде калып, үлүшкө деген бээни жетелеп бир топ жандыкты алдыга салып, төрт атчан кетип баратты.

 

 

Өмүр соңу

 

Карчыга куштай камынып,

Кача турган жаш калды.

Элге нускоом тарабай,

Ичимде кетет баштанды...

(Момунтай чечендин кебинен).

 

Тирилигиңдин этеги менен башы жамы адамга түшүнүктүү сыяктуу. Жеке адам үчүн бир көз ирмем. Жашоодо туулуу менен кайра кетмейи, чагылган сыяктуу бир жарк этип өчмөйү бар. Келдиңби, кеттиңби, табияттын аны менен иши жок.

Боз кыроодо Момунтай чыкчу Эрмендүү дөбө эч нерсе менен иши жоктой. Эрмени, шыбагы аралаш аралаш өсүп, куурайга айланып жым-жырт.

Момунтай чечен денеси оор тартып, Эрмендүү дөбөгө тикирейе карайт. Канаты талыган карт турнадай ал жакты ормоё тиктеп, көз талытат.

- А Моке, асманды эле карап калыпсың?

Момунтайдын жанына тобурчагын минип жай келген Жамаке үн катты.

- Кел, - Момунтай Жамакени “жалт” карады. Анан кургап калган эринин алаканынын сырты менен жанып:

- Кумдуу чөлгө суу төгүп көр, саз болуп берер бекен? Жүрөгүнө нур төгүп көр, касың дос болуп берер бекен?.. – деди. – Мени тургузбай аттан түш. Сүйлөшөөр адамың болбосо, а да кыйын экен... Келип калганың жакшы болбодубу. Бу Эрмендүү дөбөгө чыгып, эки жакка көз салып турууну жүрөк дегдейт.

Суусуз жер жансыз болгондой,

Калкы жок жер алсыз болгондой.

Момунтайсыз Эрмендүү дөбө көркү жок болуп тургандай ичим ачышат. “Кеңден тарылган тозор кылбай, тардан кеңейген озоор” кылып, мени менен тиги көрүнгөн куу саяңга барып кел, Жамаке.

Жамаке өзүнө тике караган Момунтайды карап, анын жүзүнөн алсыздыкты, не боорукерликти, тирүүлүккө суктануусу артып труганын байкады.

Эки кары Тегеректеги Эрмендүү дөбөгө о көптө жетишти.

Үстүлөрүнөн кылак-кылак этип бүркүт учуп өттү.

- Жаке, ушул куштун төрөсүн үч жылдан бери көрөм. Сакман тоосун айланып көрүнбөй калат да, ушул мен отурган дөбөнүн үстүнөн кайра айланып учуп өтчү болду. Шукшурулуп тээ бийиктен келип, үн чыгарбай өтчү эле, азыр негедир үн чыгарып өттү го?

- Э, балапандарын учуруп жүргөн го.

Жамаке Момунтайдын ормоё карады:

- Кайталы үйгө, - деди Момунтай.

- Ой, атайы келгенден кийин эки жакка – тигил Кызыл-Кырчынга, бу жагы Сакманга карап, арчалуу бетке көз тигип отурсак болбойбу?

- Жаке, табым болбой турат. Этим от менен жалын. Тердегенимди бир ичим, бир ичигим билет. Мени үйгө жеткирип кой.

- Эмне дейт?! – Жамаке чочуп кетти.

Бул Момунтайдын Эрмендүү дөбөгө эң акыркы чыгуусу, сапар алдындагы коштошуусу болчу.

Момунтайдын эки көзү ичин карай чүңүрөйүп. Терең көлдөй мелтиреп нурсуз. Артынан жетилип келаткан пенделерге серепчилеп карап, кулагы каңырыш.

- Ой, бул жарыкчылыгыңдын ойнун ойноп бүттүм окшойт. Алтымышымда айыл ишине жарап аттанып жүрдүм. Жетимишимде жер таянып туруп, сексенимде минтип кулагымды Кудай алып, көздүн курчу кетип, денем жерге сыя баштады.

“Тобунан адашкан жалгыз каздай каркылдап, көп курбалдаштарымдан айрылып, топурак таштадым. Мейли, өмүрдү жаштарга берсин”, - деген Момунтай ойлуу. Бир жолку түшүндө атасы Байбото экөө Нарын-Аралды кечип, өйүзгө кетип баратыптыр. Кийин түшүнө Балжан көп кирчү болду. Түшүнө баягыдай жаш болуп кирет. Суунун жээгинде суу чачышып ойногону кудум ошондогудай. Ойкуштап, Момунтайдын тынчын алат түгөнгүр. Бу купуя түшүн эч кимге айткан жок.

Узун сарынын этегинде Момунтай катуу ноокастады. өзүнүн пендечилик өмүрүн өтөп бүтүп, өмүрүнүн тамчысы азайып баратканына көзү жетип, теңтушу Жамакени кашына чакырттырып алды. Ансыз да күн алыстан келип атчу Жамаке бу сапар чочуп келди. Теңтушунун тамырын кармап, сыртынан жооткотуп, ичинен кейиди. Жүрөгү туйлап, Момунтайды көз кыйыгынан сырдуу карады.

- О, Жамаке, тамырым эмне дейт?

- Тамырың жакшы эле. Кагышы алсыз. Ал – карылыгың.

- Уа Жамаке...?

- Ие, айыл аксакалы, не дегейсиз?

- Бу пендечилик өмүрдүн соңуна чыгып, ичээр суум түгөнүп баратат окшобойбу. Угуп жатасыңбы, Жамаке? Эл арасында, көч карасында жүрө бербей, Жанкороз аттанса боло. Мени акмалаганды коюп. Ары өткөн, бери өткөндөн элин коргоп калар ошол. Башка тирикарак жан көрбөдүм, азырынча. Тууганына тартат дебе, көзү жетик болсо, айыл билерманы кылып алгыла. Куш канаты менен учуп, куйругун жайып конот. Ошого куйрук да, канат да силерсиңер. Элге түшүндүрүп айт. Ылайыктуу болсо башкасын караштырып көрөр өзүңөрсүңөр. Эбин таап, элин коргоп алаар адам тапкыла.

Жамаке кооптоно, тикирейе карады.

- Ушу күзгө жетсем болот эле. Ага тигил жак болбоочудай, - Момунтай ойго чөгүп, көпкө нестейди.

- Эки сөзүм бар, Жамаке. Бу азыр өлсөм, жакшынын көкүрөгүндө, жамандын сөзүндө калам го дейм. Айтканымды өзүңдөн башка жакшы аңдабайт. Бу жылдын жазы катуу тартып, муздак сыдырым согуп, жут болот. Жамандын оозунда калам дегеним: “Баягы Момунтай өлөгөн жылкы жутта” деген кеби калат. Жакшы бу кепти айтпайт. Көкүрөгүнө сактайт аны. Экинчиси биртике айыл ариет, намыс деп чабылат. Угуп жатасыңбы, Жамаке? Эл –журт бүлүнбөсүн, балдар бүлүнбөсүн, карчыгам. А түбүң түшкүр, түндө түшүмдө кара кашканы минип, оо билесиң да, баягы – Шариптин карындашы Балжан менен жүрүпмүн. Балжан: “Өз колум менен...” – деп кесеге толтура кымыз сунуп, аррами... “Жүрөгүмдүн оту эле” деп, назарын сындырбай жутуп жибердим. Бул жуттун белгиси эмей эмне?..

Момунтай күлгөн болду:

- Чочуп ойгонсом – түшүм. Ошондон бери тынчым жок, Жамаке. Бул сага гана айтылган сыр. Эч кимге айтпа. Сөз ушул Бостек үстүндө калсын. Карчыга куштай сапар кетсем, “Курдашым эле” деп аңгырап куран окуп, эстей жүр.

Момунтай түкүрүнө, кургап чыккан тилин муздак суу менен нымдап, тике көз тикти. Күмүштөй агарган суйдаң сакалын сылап, оозуна карай имере коңкойгон этсиз мурдун, купкуу кулагын манжалары менен сылай кетти.

Чүңүрөйгөн көздөрү соолуп бараткан көлдөй тереңден жылтылдайт.

- Жашыбызда курдаш элек, баш муңга чөккөндө муңдаш элек, балдарга баш-көз бол. Кара күчкө намыс деп, Дыйкан жалгыз атын союп бүлүнбөсүн. Жөн ариетин кылсын. Айтканыма көнбөсө: “Атаң көрүндө тынч жатсын, мен аманатымдан кутулдум”, - де. Ал түшүнөт. Жаш болсо да баш болор ошол журтка. Караштырып көзүм талып, байкаштырып башым ооруп, оюм ушул Дыйканга да барып такалды. Уулуна тартып жатат дебе. Тоо айлына баш болор – Дыйкан. Аны түзөп жолго салыш – силердин милдетиңер. Угуп жатасыңбы, Жамаке?

Жамаке кара күчкө Момунтайды тыйган болду.

- Жамаке, сен билип турасың. Көзүңдөн көрүп турам. Жашырбай сырдаш. Ичиме кетпесин. Мен кетенден кийин ариетимди жасап чөгүп отурбай, Дыйкан аттансын. Менден кийин адам өлбөйбү? Барат бир күн тамчы суусу түгөнгөндө. Бул айыл акылы толо келдеге муктаж. Аны өзүң сезип жатасың. Өйдө-ылдый өткөн тыңдар тоноп кетээр. Ошондон коргоп алсын элин. Болбосо өзүнүн шору. Тири карак өспүрүм чыкса, камчы сап кылып алгыла.

Жамаке үндөбөй тыңшап, көлдүн ириминдей тунжурап, мелтиреди.

Ушул кечтен үч күн өтүп Момунтай үзүлдү. Туурунан учкан карт бүркүттөй болуп, келгис сапарга аттанды.

О беш жыл мурун көчкү алып өлгөн кара кашкасын минип, мурда өткөндөргө кошулду да калды...

 

 

Жанып өчкөн чырак

 

1889-жылдын жазы.

“Момунтай чечен айткандай”, “Момунтай чечен дегендей” деген кеби калды артында. Көп узабай Момунтай уулу Дыйканга баш койду тоо эли. Кичинесинен атасы менен бирге аттанып, улуунун сөзүн угуп, зирек өскөн Дыйкан жыйырма жети жашында чыгым, күн салык дегенди өз мойну менен тартып, эл үчүн аттанып чыкты. Батышы – Жумгалдан, чыгышы – Талас, түштүгү - Анжыяндан бери бери байланыш түзүүгө аракет кылды.

Кокон хандыгынын ыгым-чыгымына чыдап барын берип, жогуна мергенчи чыгарып, тоодон илбээсин аттырып, терисин базарга пулдатып, элди коргоп келди.

Жыл агылып, мөндүрдөй күндөр дыбырады.

Отуз экиге келген Дыйкан үзөнгүлөштөрү Баяс, кары Тоймат жана башкалар менен Чоң-Оолуга аттанды. Чыгым төлөө өмүр бою анын жүрөгүн эзип келди. Жок, жарды эл эмнесин берет. Колдо бар болсо го, анда башка. Күнүгө ат ойнотуп тоого чабаганчы жигиттер келет. Мындай кордукка чыдай албаган Дыйкан таң ата жолдоштору менен “жакшыларга” аттанды. “Дартымды айтсам угаар, адам эмеспи. Колдо барын төлөп турарбыз”, - деп шашылыш жол жүрдү.

Топ атчан Чоң-Оолуга жетпей, кара күүгүмдө Торкендеги Акылбектин баласы Чотойдукуна түшүүнү эп көрүштү. Ымаласы жакын Чотой аны каршы алды. Чоң ирикти эшик алдына алып келип, үй ээси дуба тиледи. Табак тартылып, тамак жешти. Меймандар жатууга камынып, бат эле жай алышты.

Эшикке чыккан Дыйкан өңү бузулуп, артына тез кайтты:

- Ий, болбой калды! - өңү бузулган Дыйкандын кыймылы жай. Көз кычыгына исиркектеп, чылпак пайда болду. Улам ичи бурап, оозу кургап, ичин басып толгонуп туруп, дабдырады.

- Ой, эмне болду?! – ордунан атып турган кары Тоймат Дыйкандын алсыз, муздак колун кармалады.

- Иш болбой калды, Токе. Артка кайталык. Бөөдө кырсыкка кабылбайлык! Эшикке чыксам Ай өлүп, белги кылган жылдызым тескери айланып калыптыр. Аттанбасак болбойт, Токе.

- Ой, ушул абалың менен?.. Бир аз “тук” этип алсаң боло?

Эшикке төшөк салдырып жаткан Дыйкан тынч алып жата албады. Тутулган Айдын чекесине сары из пайда боло, ал кыздын кашына окшоп ийилип баратты.

Кычап келген заарасы аны төшөгүнө тынч жаткырбады. Ай болсо токочтой тегерек тартып, толуп келатты. Шашылыш аттанган үч караан дайра жээктеп, Шиленкананы көздөй аттын башын буруп жүрүп келет.

- Токе?

- Токең айлансын! Жаным курман, садага!

- Иш бүтпөй калды. Чоң-Оолуга жетпей кайттык. Эл-журт эмне дейт?!

- Жообун өзүм берем, айланайын.

- Мына, абалымды көрүп турасыңар. Аттын башын Апай эженикин көздөй бургула. Ошол жерге жетип берсем, ушу силерге жүк болбой, элге жетип анан... Ик-кий, - бурап чыккан ичин баскан Дыйкан жерге түштү. Дагы да заара ушата албай кыйналды.

- Ай менен кошо туттукту го, заарам...

Ат үстүндө кыйналып бараткан Дыйкан көз кычыгында пайда болгон сары чылпакты колу менен жанып алат. Көзү тунарыктап, кайра эле бүдөмүктөнтүп, көз кычыгына чылпак толуп чыгат.

- Элге ачык айта көр, Токе. Көрүп, билип турасың.

“Эшикке киши келди” деген кабарды балдарынан уккан Апай сыртка чыкты.

Чебелектеген Апай инисин аттан сүйөп түшүрүп, үйгө кийирди. Капшытка төшөк салып, Дыйканды жаткырып кымтылады. Башынан табып, тамырчы атыккан Апай эже Дыйкан инисинин оң колун кармап, тамырына не сөөмөйү, не бармагы тийди. Колунан Инисинин колу чыгып, төшөккө “шалак” дей түштү. Тамырын экинчи жолу кармап, эжеси ыйлай берди. Эч кимге эч нерсе дебеди.

Төшөктө жаткан Дыйкан досу Чакини эсинен чыгарган эмес.

- А, Токе, - кургап чыккан оозун суу менен ымдап унчукту. – Кудайлашкан досум Чаки ушул жерде жашачу эле. Ошону чакыртып койсоңор, - ал жалооруй көз тикти.

Сары атчан Чаки не чай кайнам өттү, не өткөн жок учуп келгендей эшиктен аттап-буттап, Дыйканды көрө бакырып ийди.

- Кабыланым, арстаным! Эмне күн болду?! Эмне күн түштү, сага?!

Жооп күткөн Чаки досунун чыбырчыктап, тердеп чыккан чекесинен эки-үч жолу өөп жиберди. Берки үйдүн ээсине да, дыйкандын жолдошторуна да күткөн жок. Алеки заматта. Эшиктен кандай кирсе, ошондой эле ыкчам, сары атына мине үйүн карай чапты.

Өкүрөңдөтүп кара буканы айдап келди да, жалпы журтка угуза:

- Кудайы үчүн! Кудайы үчүн! Досумдун жаны үчүн ушул кара бука курмандык! Эти- силердики, айланайын эл! Дыйкнымдын жаны аман калсын үчүн дуба сурадым силерден?! – Чаки жашып кетти.

- Ай, кантет?! Кантет?! Жаш бала болуп кеткен белемсиң?! - Дыйкан досуна жалооруй, тике карады. Анан:

- Аттаналык, айылга жетелик! – деди.

Анын сунушу менен Апай эжеси, Чаки досу кошулуп жолго аттанышты. Дыйкан атта жүрө албай бир жагынан Тоймат, бир жагынан Чаки жөлөп барат. Арыта капталдап өтүп бараткан караанды көрө, Тоймат үн катты:

- Эй, Өмүраалы, сырттабай берилеп бастырсаң боло?! Эмне, тааныбай турасыңбы бизди?!

Тигил караан үн дебеди. Тек атын сооруга чаап, үнсүз бастырып өтө берди. Тоймат дагы да тиги атчанга үн катты:

- Ой, пенде, аманат сөз, айылга айта бар. “Дыйкандын абалы начар” де. Күтүп алышсын бизди. “Чоң-Оолуга жетпей кайтыптыр” де. Айтпасаң кудайы аманат мойнуңа кетет, Өмүке!

Тоймат Өмүраалыга жалынычтуу тиктеди. Оюнда аман сөзүн элге жеткирсе деп тиледи. Сары торуга камчы шыбап өтө берди тиги Өмүраалы. “Айтам” дебеди, “айтпайм” дебеди.

Жөн гана: “ Абалың оор, кабагыңа кар жаап, жамажайың кургап калган экен, ээ? Куруйт деген ушул!” – деп ичинен ойлоно, алдыга өтө атын ылам бастырып өтө берди.

Жандап, ыкчам өтүп бараткан Өмүраалынын сөөлөтүн Чаки сугалактык менен теше тиктеди. Тек, үн деген жок.

Чекесин жан тери каптап, Дыйкан оор улутунду.

- Ок, аррами, жаман тууган деген ушул экен, а! “Абалың кандай?” дебеди го? Мейли, көрпенде. Барасың менин артымдан, бир күнү дамбалыңа чалынып... Дүйнөнгө устун болгон ким бар экен? Кылым карыткан ким бар экен?

Дыйкан ичинде ушуну ойлоп, сыртында Өмүраалыга кейиген Апайды тынчытты:

- Э, эмнесине кейийсиң, жарыктык. Ушул Өмүраалыга кейийсиңби? Ар пенденин ар башка мүнөзү бар го, эже. Өмүкемде эмне күнөө, аны ошондой жараткан. Чакини мындай жараткан. Билип туруп...

Ичинен кейисе да, сыртынан билгизбей күлгөн болду.

- Эже, аттын башын бура тургулачы, чыдабай баратам.

- Эжең айлансын! Эжең ак улак болсун, сага, - Апай дагы да инисинин муздап бараткан колун кармалап, байкатпай тамырын кармады. Көзүнөн салаа-салаа жаш акты.

- Ой эже, бу бала болуп кеткенсиңби? Дыйкан кара күчкө эжесин зекий араң унчукту.

- Эмне адам өлбөйт бекен?! Сынбасты уста жаратпайт, өлбөстү кудай жаратпайт. Кайрат кылып белиңди бек буу.

Ичи чыңалып көөп чыккан Дыйкан Чакинин жөлөөсү менен чыргайды аралап заара ушатты, жок чыңалып чыккан табарсыгы бүтөлгөндөй заарасы чыккан жок. Тек жерди тиктеп үнсүз мелтейди.

Болору болду, көрүп турасыңар абалымды. Мен... оозу кеберсип, деми кыстыгып көзүнүн кычыктарына пайда болгон арсыз сары чылпагын жаап жаш кулады.

Эки тамчы жаш төмөн карай сарыкты. Ал катуу онтоп жиберди.

- Токе, кое берчи колумду. Ушалатып жаткан колун тартып ала, эжесин карады. Ыйлап жаткан эжесин көрүп заматта тилден калды. Чымындай жаны чыркырап желкеси артына тартыла шилиси кежейди. Узунунан жаткан бойдон ык эте оозун ачып, көзү коюулана денеси жазылып сунала түштү.

- Дыйканым, о эсилим, кыянаттык жан досум! Чаки эки-үч тегеренип кетти. Ээн жерде капчыгайды жаңырткан өкүрүктү коштоп аялдын муңканган кошогу угулду.

Тиги чыргайдын арасынан кекилик сайрады. Дыйкандын сөөгүн түз сундуруп, четинден ээк таягыч жасаган Чаки досун атына тирүүсүндөй мингизип козголбой турган кылып таңды. Чылбыр улаштырып чырмап жай басык менен жүрүп келатышты, топ караан. Эң алдында аялдын кошогу капчыгай ичин жаңыртып келет. Капталдай учуп байлуу өтөт. Тээ бийиктен “көкөй кести” жаңырат суунун шарына кошулуп. Кошок менен ый мээни сүзмөдөй эзип таза абада оболойт.

 

***

 

Үйүнө кеч бешимде жеткен Өмүралы үн дебеди. Жок дегенде үй бурчунда олтурган энесине амандашууга жарабады. Тек гана эки бөйрөгүн таяна эшик алдында турду. Алыстан келаткан караанды көрө Дыйкандар деп күңгүрөндү ал. Өлүп тындыңбы, мына тоо элин мен бийлебегенде ким бийлейт экен, ыя? Баш көтөрөөрү барбы ушул журттун. Дагы болсо мен жарап берем, мына мен... Анын көздөрү ойноктоп кемегенин четине олтура кетти. Тынч ала албады. Кайра турду. Жакындап бараткан караанды көрө атына ыргып минип Боз тектирдин адырына чаап кетип баратты.

Ызы-чуу чыкты тиги кашаттан. Эл самсып кетип жатты. Бирөөсү укса, бирөөсү укпай ыйды кууп келе беришти.

Казганактаган элди көрсө да Өмүралы бастырып барбады. Мына мени көрсүн дегендей жалдуу сары тору менен кайкыда ары бери бастырып турду. “Өмүралы”- деп бирөө үн катпады. Дыйкан пендечилик кылыптыр деп Өмүралы бастырып барбады. Тек гана үй ичин ызы-чуу түшүп кошок жаңырат.

Сөөктү түшүрүп жатып Чаки, боздош кылды ошондо. Кадимки тирүү кезиндей бетинен өптү.

Боз-Тектирдеги караан бирде ары, бирде берилеп өйдө ылдый каттап турду. Арыта булаң этип чыга калган түлкүдөн сары ат селт эте ордунда эки кулагын тикчийте кошкурду. Кишини көрө тиги түлкү коктуга түштү шыпырылып. Ал бат эле көрүнбөй калды.

 

***

 

Дыйканды Чаки өзү койду көргө. “Э, жараткан”,- деп түшкөн Чаки сөөктү коюп бүтүп да чыкпады. Эл күтүп жатты. тиги кырда көрүнгөн жалгыз атчан ары-бери бастырып турду. Аны көпчүлүктүн ичинде жалгыз Тойматтан башка эч ким байкабады. Билсе билмексен, көрсө көрмөксөн болгон Тоймат кары ичинде ызаланды.

О, атаң көрү ачай! Көрөрмүн дайым ушинтип турганыңды! Түшпөз болупсуңбу ошол кырдан. Таз жоруча конорсуң тарпка. Ал ачуусу келип аны басуу үчүн бир алаканын ачса бир алаканын жумуп, тиштене заарын басты. Элге билгизбей ичинен кыйнады.- Жаман туугандан жогу!

Көргө кирген Чаки чыкпады. Сыртта эл бейит өңдүү тунжурап көпкө күттү. Аркы Боз-Тектирдин кырында шимшилеп жүргөн түлкү булаң эте калың бейиттин кашатын өрдөй маңдайкы көрүнө белеске чыга берди. Ал топ караанга таң калгандай чочоюп көпкө турду. Жакын эле жерден учуп чыккан карнганы көрө бир карап алды да көзүн кылыйта сапарын улады.

Сөөктүн билегинен кыса кармаган Чаки кыйлага жоголду. Муздак денени кучактаган Чаки көпкө солуктады. Убакыт өтүп жатты. Күн да тоо артына жашынып, айланат кызыл өрт болуп кызарып чыкты.

- О, Чаки? Эл ичинен үн чыкты. Эл жапырт башын көтөрө берди.

- Чык бери! Тиги үн ошону айтты да дымып калды. Чыбырчыктап чыккан чеке терин аарчып Чаки көр оозунан өйдө боло берди. Көздөрү киртийип демигип турду.

Анан ал:

- О, калайык, досум Дыйкан кандай киши эле.

- Кимге бересеси, кимден аласасы бар эле. Жашырбай айтсын, төлөп берээр баласы калды артында. Азыр десе мына досу мен бармын. Эл бейит өңдүү тымтырс.

- О Журт, зайыбынын курсаганда баласы калды.

Болсун,болсун! Эл үмүт кылгандай асманда айланып учуп жүргөн бүркүттү аңкакя карашты. Досум Дыйкан эл үчүн жаралган эр эле. Ушуну айтып Чаки эңги-деңги мас кишидей теңселип олтура калды. Турууга аракеттенди. Тура албады. Артта карап турган Тоймат кары чуркап келип Чакини колтугунан сүйөй өйдө тургузду. Чаки бир ууч топуракты, топурак тосуп турган адамга кыйыта карап секин таштады.

Ар кими уучтап берген бир уучтан топурак Дыйкандын жайына жаздык болуп төшөлдү. Заматта топурак шиленип дөбө пайда болду. Арбагына деп куран окулуп, жети кадам аттап барып молдо жалпы арбактарга куран атады.

Эң алдында тургандары анан Чакини атына мингизип Тоймат артынан эл суудай агылып суунун жээгиндеги жалгыз үйгө өкүрүп түшүштү. Катуу кейиген Чаки аттан түшө албады. Ат үстүндө чайпала көптүн коштоосу менен акырын түшүрүлдү. Аны жетелеп боз үйдүн оң капшытына олтургузушту.

Иреңи ышкын түтпөй саргайып чыккан Чаки энтиге дем алып, айланасын имериле карап кусуп жиберди. Кара шүйшүн курум кан. Дагы кусту. Алдында жаткан Дыйканга деп өзү жасаган ээк таягычын кармап алды. Өңү бузула түштү. Сүрдүү көрүндү тиги четин таяк. Тоймат улам оозун таза суу менен чайкатып чекесинен таяйт.

Дыйкандын үйүндө жылдыз толо Чаки үзүлдү. О эсил дүйнө! Дыйкан деп сыздаган Чаки да кетти. Эртеси Дыйканга деп жасаган ээк таягычын Чакинин өзүнүн ээгин жөлөп кары Тоймат Чоң Торуну жетелеп шиленкананы карай бир топ атчан менен ойлуу бастырып кетип барат. Тиги белесте баягы түлкү дагы эле  тумшугуна бирдеме илинбей жортуп жүрдү.

 

 

Качканда

 

Момунтай чечен Шабдандын чакыруусу менен Суусамырдын кең түзүндө топко катышып, чыр-чатак, алыш-бериш ишине кийлигишип, калыс кеби менен элге таанылып калган эле. Өмүр - аккан суу, убакыт - зымырык куш, мезгил - дөңгөлөк болуп алдыга кетмеги бар, артка кайтмайы жок.

Момунтай бул жалгандан оолак кеткенден кийин Суусамырда дагы чоң топ болду. Анда Кулжыгач, Курманкожо, Түнкатар, Түнтөй жана башка урууларынын алыш-бериши, айрым кыян-кескилик иштерди чечишмек. Ага Байзак, Көкүмбай жана да Кетмен-Төбө элинин өйүз-бүйүзүнүн билермандары катышмак.

Суусамырдын кең жайыгында Момунтай топ таш салдырган үйдөй үйүлүп жаткан жерде эл казганактайт. Он чакты кара үй өзгөчө, берки элүүдөй чоң өргөөдөн алысыраак тигилген. Ал кара үйлөргө айыптуулар камалмак. Ушул тапта Дыйканбай Толукка чабаганчы чаптырып, Момунтай уулу Орозбайды чоң оолуга алдырып өзү кошо жөнөмөк.

Башынан Шабданга жолдош болуп, тору жоргосун берип адилеттиги менен жаккан Тойматты Райымбекке киши чаптырып, “Чаар-Таш ашуусу менен Суусамырга түшө калгыла” деген жарлыгын айттырган Дыйканбай Арым менен кетмек болду.

Алар Суусамырга топко келгенде ала көлөкө самсып, күн батып бараткан. Топ болгон жерде эл кара таан. Ар бир болуш өзүнүн тобу менен бөлүнүп, ортодо Шабдандын чабаганчылары өйдө бир, ылдый бир өтүп жатты.

Өзүнүн тобуна жаңы эле келип кошулган Дыйканбайды көрө Байзак жанында турган Шабданга кол жаңсай, тиги келген тарапты көрсөттү. Шабдан ал топтон бөлүнүп чыккандай болду.

Алыстан Дыйканбайды көрүп, тору жоргону камчылана жете келип, аттын оозун тарта алар менен ал акыбал сурашты да:

- А я Дыйканбай, Момунтайдын балдарынан келдиби? – деди.

- Келгендей болду эле?! - Дыйканбай арсар жооп берди.

- Ал эмне дегениң, мен элди бийлейт экен десем, ар тараптан кабардар болуп турат экен десем, “Момунтайдын балдарынан ала кел” деп кат жаздырсам, сенин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

кылганың ушулбу?

Шабдан кыркма буурул сакалын сылап, Дыйканбайга нааразы болгондой карады. Дыйканбай сестене түштү:

- Азыр өздөрүнүн тобунан карап көрөйүнчү...

Дыйканбай өзүнчө турган топко келип:

- А Токе, бу Орозбайды көрдүңбү? – деди.

- Аны Райымбек экөөбүздөн бөлүп, өзүң ала келбедиң беле?

- Биз Чаар-Таш ашуусу менен келдик.

Тоймат чоочуп кетти:

- Бул эмне кылганы?! Эмне дегени?! Атаңдын көрү, карыйт деген ушубу?! Момунтайдын арбагын сыйлап, өзүм ала келгенде болмок экен. Бул Дыйканбайдын кандай амалы? Коркутуп, качырып ийген го, кокуй?!

- Эмне дейт?! – корош Бекташ, Тойматка опурулду.

- Мен болбой калган экемин, Беке, - Тоймат кызарган көзүн ушалап, карылыгына шылтады, - Эстин кеткени да! Далай чатакты Шабдан: “Токем чечет, ошого баргыла!” – деп койсо менин чечимим чечим болуп аткарылчу эле. Эми карасаң!..

Тоймат ичи тызылдап, бир нерсени жоготкон адамча кайсалактап турду. Сөгөнөөк Бекташ тиги тарапта бөлүнүп турган топтогу Керимбайды карай бастырып, алыстан эле:

- А Керимбай, Орозбай кайда?! – деди.

- Билбейм! Аныңар түштө эле кетем деп жүргөн. Андай керек экен, кайтарып албайсыңарбы? ! Же эмне, мага баалап бердиңер беле?! – дебеспи. Бекташ Керимбайга атырылып:

- О лөкүйгөн, дөбөттөй болгон урган! Эл бийлейт деп Найыпка айыптуу болуп, болуштукту алып берген Дыйканбайда эс жок. “Каранын ханы” деп мактап койсо, кылганы бу!

Дыйканбай, корош Бекташтын сөгөнөөктүгүн жакшы билчү. Ал жөн сөкпөйт. Айыбын чукуп сөгөт. “Түнкатар, Түнтөй, Өйдөчекти уруулары чоң жыйын болуп калса: “Бекташ келсин!” – деп тургандары да ошондон, – деп ойлоп ары бастырды. – Ушинтип бышат да. Бала болуш Керимбай десе, дагы эле бала болуп жүрө береби? Жеме уксун. Кагылсын! ”

Ак өргөөдөн чыгып баратып Тойматты үнүнөн тааныган Шабдан:

- А Токе, Момунтайдын балдарынан болсо топту башкарып, элге алынабы дедим эле. Мейли эми, болбостур! Атаат кайран Мокем, бир өлбөй эки өлгөн экен, ээ?! Токе, капа болбо, калыстыгыңды баалап, көп чыр-чатакты сени чечет деп койчу элем. Калыстыктан кетсем, тигил жайда да тескөөчүлөр бар деп сага ишенип келдим эле.

О Курманжан даткага аттанганда силердин элиңерди аралап өткөнүмдү уккандырсың. Кайран Мокем, бейиши болгур, жигин билгизбей жымыйып тосуп алган. Көңүлүңүзгө албаңыз, жолдо баратып: “Тоо эли ушундай жерде жашайт”, - деп жол көрсөтүп, бука сийдик ийри жол менен эңиштеп баратканда: “Атаат, жериңер түбү чуңкур чөйчөктөй тар жер экен. Бука сийдик жолу көп тура. Биринин шыйрагын бири кармаган эл экен”, - десем жымыйып, сыр билгизбей катып келди эле. Ал оюмду Чоң-Оолудан аттанып, жаз-Кечүүгө жете электе кайран кишиге дагы кыйытып айтсам: “Ийе, баатыр, биздин эл түз жерде жашап, чиркейге таланганды жаман көрөт. Андан көрө кара отун жулуп, тоодо күрпөктөшүп жашаганыбыз оң”, - деп кебимди тороду эле. Кыраа киши да, жылмайып сыр бербей: “Чуңкур чөйчөктүн ичи тар болгону менен оюусу кооз, өзү тунук жыгачтан болот”, - деп “борс-борс” күлгөн. Арбагы ыраазы болсун!

Шабдан Тойматтан жооп күтпөй, ары бастырып кетти.

Тоймат Шабданды бир карап, алдындагы тору жоргосуна көзү түшүп, аңкайып кала берди.

 

 

Эки Эрмектин чабышы

 

Суусамырдын кең түсү. Көбүк черткен суу өзүнчө комуз черткенсип, шары бирде пастай калса, бирде бийиктей чыгып, кулакка жагымдуу.

Арамзанын белинен ылдый түшүп келаткан топ атчан түз эле жумурткадай болуп көрүнгөн боз үйлөргө кайрылды. Алардын алдында чабдар тобурчакка камчы берип бараткан ак саргыл жүздүү, далысы далдайып бүркүт кебетеленген денесине жарашып, эки жагын имере карап баратканы – Эрмек.

Өңүнүн сарылыгынанбы, аны теңтуштары “сары Эрмек” деп аташа турган.

Аны мээлей бастырып, кара тобурчакка улам-улам камчы шыбап, жүткүнө баскан кара тобурчактын тизгинин жыя тарта, үзөнгүгө тике тура калып, беркилерге сөз ыргытып келаткан – Солтоке. Артындагы эрчишкен топ атчан игилердин аркасынан түз эле катар тизилген боз үйлөргө кайрылды.

Эрмектин көзүнө топ айылдын онго жакын үйүрлүү жылкысы көрүнүп, жоодон сактангандай суунун аркы өйүзүнөн карап алды.

Заманында жылкы тийип, өз уруусуна айдап келген адам баатыр атала турган. “Жылкы тийип кетпесин” деген беркилер кеч бешим тамактанышып, эл орунга отурган кезде иттер абалап калды. Өзгөчө четки боз үйдүн жанынан ыргып чыккан ала мойнок чоң дөбөт сууну кече аркы өйүзгө өтүп, “ав.ав!” деп үнүн бийик чыгарып, белгисиз бирөөнү кубалап бараткансыды.

- Жылкыга жоо тийди! – арытан Жайнарак карынын үнү бийик чыкты.

Ушуну эле күтүп жаткандай Эрмек ат мамыда байланып турган чабдар тобурчагына жетип, ичмеликтин үстүнө калың тердигин сала, ээрин токубай кош басмайылды кош катар тартып, кайра үйүнө кирип, улагада жөлөнүп турган найзасына көзү түшүп, бирок аны албай, керегеде кынына салынып, илинүү турган кылычын алып эшикке атып чыкты. Чабдарды минип, жоо кайдан келатканын билбей. Эки жагын каранып бир топко туруп калды. Алыстан Терекбайдын:

- Эрмек?! О, Эрмек, бери чап! – деген үнү угулду.

Уурулар Талас багытынан келип, жылкыларды үйүр-үйүрү менен айдап баратканын түшүндү Эрмек.

Айылдын эр азаматтары алдыга чаап баратканын байкаган ал чабдарга камчы басты.Чабдар ордунан атып кетти. Тез эле тигилерге аралышып, ансыз да суутулуп турган жаныбар берки караандардан өтө качып, алдыда баратты.

Эрмектин ачуулуу баратканын байкап калган Терекбай кары:

- Ой, Эрмек, кылычыңды этиятта. Бирөө-жарымын өлтүрүп алып, эртең кунга калбайлы! – деди. Эрмек үн дебеди. Тек гана ызага уугуп, чарбарды камчысы менен шыбап, жүрүп кетти.

- Ой, таластык туугандар! Жылкыларды таштап кеткиле, мунуңар адамкерчиликке жатпайт! – деп кыйкырды.

Тигилер уккан жок. Беш-алты атчан кайра кайрыла калып, Эрмек менен карпа-күрпө боло түшүштү. Кынынан кылычын сууруп алган Эрмек карынын кебин эстеп, тескери жагы менен үчөөнү атынан түшүрө чапты.

Арыта өңүтүн күтүп турган кара тебетейчени Эрмекти колундагы кылычы менен чапканда Эрмек кылычын тосо берди. Экөө дагы беттешип, күрпөктөшө ат үстүндө жулкулдашып, бири-бирине намыс алдырбады. Акыры алы жетпесин билген кара тебетейчен:

- Болуптур, эр экенсиң! Жылкыңды таштадык, кайрып ал! – деди да, буйдала түшкөн Эрмекке кылычын шилтеп жиберди. Эрмек буйтап үлгүрүп, кылычтын сыртын тосо берди. Антсе да жандай өткөн кылыч Эрмектин баш терисин сыйрып өттү. Эрмек артка кетенчиктей берип, желкесине шыпырыла түшкөн баш терисин эки колдоп чекесине чейин жылдырып, бир аз көзү караңгылап, чабдардын тизгинин тартып туруп калды.

- Коку-уй, кокуй! – Кары Эрмектин бети канга жуулуп турганын көрө беркилерге кыйкырды.

- Аба, аларды чочутпа! Жылкычыларынын араснында баатыры да бар экен. Сөзүнө алдатып койдум. Андан көрө мен баш теримди чекеме тартып, кан кетирбей кармап турайын, сиз тердиктин өңүрүнөн кесип, курмушу басып жибериңиз. Кан көп кетип калбасын.

Эрмек баатырдын өңү кумсарып, кылычына жөлөнүп көпкө турду.

- Кары кишинин тилин алдым да, болбосо башын кыя чаап салат элем. Мейли эми, тигил үчөөнүн колдорун артына байлап, кашатка тоголотуп таштагыла! Мен кеттим.

Баш терисин жаңы эле каңдаткан баатыр ачуусу менен чабдардын соорусуна камчы шыбап, жылкы айдап бараткандардын артынан жүрүп кетти.

- Ой, токтогула! – Эрмек бийик үн катты. Арытадагы үн:

- Кысталак, өлтүрө чапкандай болдум эле! Өлгөн эмес экен. Биротоло жер жаздантып жете барам! Бир келсе ушунусу келет, башкасы катыла албайт! – деп жылкыларды айдатып жиберип, өзү Эрмекти күтүп калды.

Кармаш катуу башталды. Бир маалда чабдардын ээси тигинин кылычын колунан сууруп алды. Кара тебетейчен куралы жок, беркинин эрдигине таң бере, кара боз аты менен аны утурлай бастырды:

- Өлгөн эмес экенсиң, ээ, баатыр?

Кара тебетейчен Эрмекке жакындай берди. Ансыз да сак турган, жаны ачынган Эрмек беркини кандагайынан кармап тык токтотту. Кара тебетейчен кара бозду “чү!” – дегенде анысы “атып” кетти да, кандагайы колдон жылмышып, кутулуп кетти. Артынан кууп жеткен Эрмек эми кандагайы менен эшек тарамышын жабыштыра кармап, бекем тартты. Тигил да моюн бербей, булкунду. Бу саам жоон тарамышты кошо кармаган Эрмек коё берген жок. Тигинин тери шымынын ичиндеги тарамышынан ажыраган сулп этти даана сезди Эрмек.

Кара тебетейчен кара боздун күлүктүгүнө сала, дагы колдон суурулуп качып баратты.

- Ой, кара тебетей, жылкыны таштап кет! Болбосо баарыңарды тынчытам!

Ансыз да табына келген чабдар жылкылардын артынан жет барып, Эрмек жылкыларын кайрып калганга үлгүрдү.

Качкандар эбак капчыгай ылдый сүңгүп, караандары эле көрүнөт.

Артынан жете барган кары жана башкалар жылкыларды артка кайрып, жолго салды.

Өз тобу келгенде гана башынын ооруганын сезген Эрмек:

- Жылкыларды айдап келе бергиле. Менин абалымды көрүп турасыңар. Алдыга кете берейин, - деди. Кары да аны эп көрдү.

Үйгө жете келип, чабдардан түшкөн баатырды көргөн Терекбай чоочуп кетти:

- Эмне болду, кокуй?! Абайласаң болмоук экен, балам!

Эрмектин бети-башына каткан канды көрө Терекбай үйдөгүлөргө эскертти:

- Эч ким укпасын! – деп Эрмектин аялына буйрук кылды:

- Балам, бол! Бети-башын таза жууп, кийимин котор! Жаратына тийе көрбө, ырас курмушу күйгүзүптүр, катып келаткан экен. Кан чыккан жери жок. Балам, эркек баланы эне “эл коргосун” деп төрөйт. Бир милдеттен кутулупсуң. Мен азыр, кырма дары бар эле, алыр келе коёюн, - деп Терекбай сырткы үйүн карай эки өңүрүн үзө басып, шашкалактап кирип кетти.

Ага чейин аялы бети-башын жууп, жоого кийген киймин чечип, таза киймин кийгизди.

Баатыр үн дебеди. Болгону Терекбай кирип келгенде:

- Аба, “бирөө жарымды өлтүрүп, кунга калбагыла” дегениңиз мээмде туруп алды. Болбосо бешөөнүн тең башын алып келип, алдыңызга тоголотуп таштайт элем! Сиздин тилиңиз менен болуп, кара тебетейге алдатып койдум да, аба!

- О, балакетиңди алайын. “Жоо аяган жаралуу” деген ошо. Бирок сенден кетпептир. Сени да, аны да эне төрөгөн. Жоокерчилик заман ошондой болот, беркем. Мейли эми, бир кырсык өтүп кеткен экен, - деп түндүктү карап жаткан Эрмектин жаратына кырма дарысын сээп, эшикте жүргөн Жанчарды чакырды. Ал үйгө тез эле кирип келди.

- Я балам, үйдүн ичине көбүргөн төшөгүлө. Тиги тай чаап, ойноп жүргөн балдарды да бери чакыр. Алар деле он үч, он төрткө чыгып, эра азамат болуп калышпадыбы. Эрмек абасы менен учурашсын, алар да угуп алсын.

Бат эле үйгө кирип келген беш-алты бала Эрмекти көрө чочуп кетишти да, босогодо таяк менен бойлошо катар, тизилип калышты. Терекбай карыя:

- Ой, бери карагыла. Эрмек абаңарды билесиңер. Чокмор чаап, найза сайып үйрөнбөсөңөр, эми эле айылды жоо чаап кетет, уктуңарбы? Эрмек абаңардан үлгү алгыла. Жалтанбай жоону тике качырып, көз ирмебей кармашканга үйрөнгүлө. Атаңдын көрү ая, ушул жоокерчилик заманда кылыч чаап, чокмор сокконду үйрөттүрбөй, тынч бололу деп келген менде айып. Элди аядым. Баары бир түбү бир кыргыз бири-бирин аябайт турбайбы...

Терекбай кары жашып кетти.

- Аба, ой жарыктык десе, эмне болуп атасыз? – деген Эрмек ордунан козголуп, төшөнчүсүнө отуруп алды.

- Жат балам, жат! Канчалык көп жатсаң, камдашкан жериң бат бүтөт! – деген Терекбай олтуруп алган баатырын карап чебеленип кетти.

- Балдар, баргыла да көбүргөн таап, боз үйгө калың төшөгөнгө жете тургандай алып келгиле, - деди. Балдар сыртка атып чыгышты.

Жанаша тигилген боз үйдүн ичин жылан сыйпагандай бошотуп, көбүргөндү калың салдырды. Анан Эрмекке:

- Жүрү, балам, тигил боз үйгө барып тынч жат. Башыңдын каңдаган жери бир жумада эле айыгат. Көбүргөн төшөгөн үй салкын, чымын жолобойт. Сыртыңдан өзүм кароолдукка алам, - деп алдыга басты.

Башынан далай эр-азаматтарынан ажырап, жүрөгү калбыр болгон журттун ээси Терекбай Эрмекти жетелеп келип, өзү жаткырып, сыртынан кароолдукту да өзү мойнуна алды.

Боз үйдүн эшигинин алдында отургант кутман карыны көрүп, башкалар да тынч жатып ала алышкан жок. Эстүүсү ары жак, бери жактан дары суратып таап, Терекбайдын көңүлүн алды.

Жетинчи күн болот дегенде Эрмек ат мингенге жарап, ары-бери бастырып калды. Кеч күздө жарааты кадимкидей айыгып, айыл аралап бастырып жүрдү.

 

***

 

Арадан эки жыл өтүп, Эрмек баш болгон бир топ атчандар Таласка жүрүш жасашты.

Баса, Терекбайдын көзү өткөн. Ошондо бир: “Элдин ээси, кутманым! ” – деп боздоду Эрмек. “Терекбайдай акылман, эл атасы чыкса экен”, - дегенде эки көзү төрт болду. Анткени баатырчылык менен эл ээсинин жөнү башка экенин Суусамырдагы чабыштан улам билип калган.

Алар ийри-буйру жол мене Беш-Таш ашуусун ашып, ашка баратышкан. Алардын барар жери берендер жашаган калба кагытында эле. Ашка Кушчу, Саруу, Кытай. Саяк урууларынан чакыртылып, күн мурун эскертилген.

Таластыктар Кең-Колдон, Караколдон, Кең-Арал жана башка жерлерден топтолушту.

Кетмен-Төбөлүктөрдөн баргандар түш ооп, кеч бешимде жетишти.

Кетмен-Төбөдөн Рыскулбектин балдарынан башка өйүзгү Өйдөчекти болушу Сыдык, узун Акмат жактан Сапар болуш да барган. Ар бир элдин өзүнө арналып тигилген боз үйлөрү бар. Тейлөөчү келген урууларды өз-өз үйлөрүнө жайгаштырып жатты.

Эрмектер берки четки боз үйгө түшүштү. Конокторго тай союлду.

Эртеси көпчүлүк элдин ичинен ак калпак кийген кара муруттуу, кең далылуу, буудай ыраң кишини алыстан эле тааныды Эрмек. Ал баягы кара тебетей кийген, кара боз аргымак минип, Суусамырда жылкы тийген киши болчу.

Ал киши да Эрмекти карап калды:

- Мен сени каяктандыр көрдүм эле, кайсы элден болосуң?

- Кетмен-Төбөдөн болом.

- Ым... де! – тигил алда нени эстегендей, өзүнчө эле кек сактагандай күрсүнүп алып, ары басып кетти.

Түш ченде ар бир болуштун эли өзүнчө чогулуп, өз алдынча жыйын курушту. Ошол эл чогулган маалда баягы кара тебетейчен кетментөбөлүктөргө өзүнчө көйрөңдөнө басып келип, суроо салды:

- Түнкатар саяктар, силерде менин бир кулум калды эле?

- Ошол кошо келиптир, берип кеткиле, - деп Дыйканбайга карады.

- Кандай белгиң бар? – деди Дыйканбай.

- Белгим ушул, кылыч менен чапканда жаза чаап, баш териси желкесине сыйрыла түшкөндөй болду эле. Ошол кулум араңарда отурат.

Берендерден ортого чыга калган айыл аксакалы:

- Ой, Эрмек, эмне балээни баштап жатасың?! – деди тигиге карап.

Кетмен-Төбөлүк Эрмектин жаалы кайнап, элдин алдына чыгып:

- Ушул Кушчу, берендерде менин да кулум калды эле! – дегенде Жамшит карыя да:

- Анда кандай белгиң бар? – дебеспи.

- Белгим ушул, тээтигил тили бүлөөдөй болуп, ар кайсыны тантып аткан неме Суусамырга ээнбаштык кылып, жылкы тийгени барган экен. Ошону менен чабышып, кандагайын май куйругуна жабыштыра кармаганда аты күлүк экен, соорусуна камчы басканда күлүк алдыга жүткүнө берип, колум май куйругунан жылмышып, эшек тарамышынан тарттым! Ошондо этин булкуп үзүп алгандай болдум эле. Ал белгим болбосо кул болуп берейин, - деп ортого чыгып дагдайып, маңдайындагы жаңы бүткөн кылычтын тагын көрсөтө калыстарга суроо салды.

Саамга ортону жымжырттык уялай түштү эле:

- Ой, калыстар, ал дагы менчилеп белгисин көрсөтсүн, мен дагы көрүп алайын, - деди.

- Ой, эмне дейт?! – деди кара Эрмек.

- Жок, баатыр, кандагайыңды чеч. Болбосо калыстар ишенбейт, - дешти тургандар. Кара Эрмек кып-кызыл болуп кетти. Айыл аксакалы кара Эрмекке:

- Ушул айтканы туурабы? – деди.

- Туура, - деди бир топтон кийин. – Жыгылыштуумун.

- Бүгүндөн тарта алдынан кыя өтпөйм!

Тигил Эрмек унчукпай калды.

- Анда эмесе экөөбүз достошобуз. Сенин атың ким?

- Менин атым да Эрмек. Мындан ары Таластан чыккан кара Эрмек мен болсом, түнкатардан чыккан сары Эрмек сен болуп, бирибиздин алдыбыздан кыя өтүшпөйлү. Мындан ары жоолашпайлык.

Кара Эрмек дагдайып басып келип, сары Эрмекке төшүн тийгизип, баатырларча таазим кылды.

Эрдикке – эрдик. Кечтим, баатыр! Эки нардай жөөлөшпөй, сыйлашып жүрөлү. Келе, колуңду?!

Эки Эрмек кайра да достуктарын бекемдешкендей төштөрүн тийгизип, көпчүлүктүн алдында кучакташып, көптө ажырашты.

 

 

III бөлүк

 

КОНУШ

 

Арчалуу төр. Жогору тарабын шилби, табылгы каптап, ого эле жыш. Күңгөй тарабында бир аз арча бар. Төр жагы калың арча. Этегинде жылжып аккан, жеңилүү билектей булактын айланасында элик балтыркандар. Булактын жээгинде конгон эки боз үй кеч күүгүмдө үрүл-бүрүл көрүнбөйт.

Айтмакчы, жанаша тигилген боз үйлөрдүн бири Баймырзаныкы. Сол жагындагысы Токтоназардын боз үйү.

Тигил тоодон кылтыйып көрүнгөн ай улам бийиктеп, айлананы жарык кылып келет.

Асманда чегедей жылдыздар жаркырып, деги эле көрктүү. Арчанын арасынан “бау-бау! ” – деп бакырган эликтин үнү түнкү тынчтыкты бузгандай, тээ алыстан “баулап” тирүүлүктүн дагы бир шаңы сыяктуу угулат.

Арсылдаган куба иттин үнүн угуп, ат мамыдагы байлануу турган кызыл буурул тобурчак алдыңкы бутун тыбырчылатып алды. Дабышты уккан Баймырза уулу Адыраңга карап:

- Эшикти байкачы! – деп үн салды.

- Ой, жаш баланы караңгыда эшикке жумшабай, өзүң эле чыкпайсыңбы, баланын атасы?

Ал баласына болушкандай от жагып жатып, төрдө олтурган Баймырзага карады.

- Э, чыгат да! Же эмне, балаң жашпы? Он бешке чыкса деле сага балапан!.. Мен мындай кезде Кабыке атамдын неберелери менен кошулуп чабышка чыккам. Колумда көк союл. Жылкы тийгени келген казактардын далайын таанга тийген куштай бырпыраткам. Ошондо кайран Жабагы кошо кошо чыгып, аны сүрөөнгө алып көнүп калган жаным эрди акмалап кошо жүрдүм го. Кантсе да, күрөшкө мыкты болгону менен ээрге көчүгү бош. Жашымын өтүп баратканы да, болбосо...

- Койсоңчу, баланын атасы. Мактанат десе эле көтөрүлүп кеттиң го. Андан көрө балаңды жакшылап тизге, ийге салып албайсыңбы. Тигил Жанчардын мурдуна бок сүйкөсө билбеген Кемери деле, көрсө: “Муну алып кел, тигини алып кел”, - деп жумшап алат. Же Кемер андан улуу болсо экен...

Эшиктен кимдир бирөөнүн басып келаткан дабышы угулуп, эшикти ача берип ичкери кирди. Ал коңшусу Токтоназардын уулу Аалы болчу. Ал Баймырзаны карай:

- Аба, атам сизди үй-бүлөңүз менен үйгө келип, тамак ичип кетсин дейт, - деди.

Эми эле баласына болушуп, Баймырза менен урушуп аткан аялы эрине карады.

- А барабыз. Барбай анан.

Бала да бышыктап:

- Сиздерди тез келсин деп атат. Атып келген текенин этин жыгач табакка чыгарып койду, - деди.

Анын сөзгө чыйрак экенин байкаган Баймырза :

- Барбай анан, мына кеттик, - деп ыраазы боло жооп берди. Аалы дагы эле улагада карап турат.

- Баса бер, балам. Биз артыңдан барып калабыз.

 

***

 

- Кече өзүң көргөн текени боз бараңымды ала барып атып келдим. Көчүп келгенибизге эки күн болду. Конушту майлайлы деп чакырып калганым.

- А болсун! Болсун! Конуш майлуу, бу жандыктар сүттүү болсун!

Баймырза далдайган далысын күүшөй, эки санын чапкылап күлүп калды.

Улага жакта отурган Адыраң Аалыга кошулуп от ичкертип олтурат.

От алоолоп чыкканда төрдө отурган эки карыдан башка үч караан үйдүн оң капшытында уктап, эч нерсе менен иши жок. Үстүнө элик талпактарды жаап койгон. Бир убакта Токтоназар:

- Ой, балам, сен коноксуң. Бери келип атаңдын жанына отур. Очоктун ээси башка. Көрүп турбайсыңбы, арчаны жагып жатканын, - деди.

- Эренче Баймырзаны карап койду. Анысы: “Балаң өтө эле элпек, кичүү жумшаса деле кете берет”, - деп байына туюндурганы болчу.

- Ой, бала, бери менин жаныма отур! Очоктун ээси өзү жагат. Туура айтат, Токем, - деп баласын сол тарабына жанаша отургузду.

Түн бир оокум. Ай төбөгө көтөрүлүп, эликтин “баулаган” үнүнө кошулуп сүтак сайрап жатты. Шылдырап аккан булактын үнү Адыраңдын кулагына не бир жагымдуу угулат.

Адыраң көпкө чейин уктай албай жатты. Акырын эшикке чыгып, оң капшытка койгон ээр токулгага көчүгүн коюп, булактын шылдырын тыңшады.

Арыта күшүлдөп онтогон өгүздүн, анда-санда чүчкүргөн кой-эчкилердин үнүнөн башка дагы, эликтин чакырганы кулагына жагымдуу угулуп, асман толо жылдыздарды карады.

Жай мезгилинин түнкү сулуулугуна суктанып көпкө турду да, ичкери кирип, төшөгүнө “култ” этип кирип кетти.

Ошол түнү, Арчалуу төрдө түш көрдү Адыраң.

Аскалуу зоо бетин чекенди, чие аралап, ар кайсы жерде сороюп, кызыл кымкап кийген согондор. Андан төмөндөп бир топ арча асман тиреп, шамал болбосо деле ыргалышат.

Этекки сайда калың бадал, карагат. Аса-муса, не бир түркүн жыгачтын түрлөрү. Андан да кызыгы, төмөн карай бир таман жол кетиптир. Сол тарабында топ-тоголок таш. Жалпак таштын үстүнө коюлуптур. Адыраң: “Ой тобо, ушундай да тоголок таш болобу?” – дейт. Ал бир топ балдар менен ошол жерде карагат терип жүрүптүр. Колунда көнөчөгү бар экен. Көнөчөктүн ичиндеги кымызды жутуп жиберип, оозун кайра коюп ага эми жанталашып карагат терип жүрөт. Ал жалгыз түп карагатты көрдү. Аябай шагын ийип, мөмөсү ушунча жыш экен. Эки жагындагы карагат терип жүргөн балдарга карабай, терип жатты. Карагат терүүнүн кызыгына кирип калган бала жанына келип калган карыяны байкаган да жок. Карыя башына күлөө кийип, жеңил чапан жамынып алыптыр. Бутуна чыпыйта тигилген чокою өзүнө жарашып турат.

Адыраң дагы эле байкабады.

Карыя балага жакын басып келди. Өзүн карай берген Адыраңга жылмайып койду:

- Карагат ширин бекен?

- Көрсөңүз, ата?

Карыя баланын элпектигине, илбериңкилигне ыраазы боло, көнөчөктөгү карагаттан үч тоголок алып оозуна салды:

- Ширин тура, балам. Өзүң да жесең. Адегенде үч тогологун ооз тий, анан даамын сезесиң, балам.

Адыраң карыянын айткан сөзүн эки кылбай, карагаттын үч тоголок данын оозуна салды. Чын эле ширин экен.

- Үйүңөргө качан кетесиңер?

- Бүтсөк эле кетебиз.

- Атың ким?

- Адыраң.

- Азыр кайдан келдиң?

- Арчалуу төрдөн.

- И, жакшы балам экенсиң. Ысыган жоксуңбу?

- Жок, ата.

- Эмичи? - карыя баланын башын сыйпалады.

- Ысып кеттим, ата.

- Анда жакшы, балам. Бери кара, мени тааныйсыңбы?

- Сизди тааныбайт экемин.

- Ошо тааныбаганың жакшы. Тээтигил өйүздөгү бай түп табылгыны көрдүңбү?

- Көрдүм.

- Ошол бай түп табылгынын ортосунда кыпкызыл, шыңга түптүз өскөн бир түбү бар. Ошону алып келип берчи, мага.

Адыраң, карыя кебинин этегине чыга электе эле шар сууга боюн таштады. Чоң суу баланы агызып баратты. Ал акырын жээктей берип, аркы өйүзгө чыкты. Сол тарабын караса баягы күлөөчөн кары Адыраңды сол колунан кармап, өйүзгө жетелеп баратыптыр.

Бала эч нерсени ойлонбой өйүзгө чыкты. Эми эле жанында турган кары тигил өйүздө өзүн карап туруптур. “Тобо, эми эле менин жанымда эмес беле. Өйүзгө качан өтүп кетти?” – деп таң калды бала. Байтүп табылгынын арасын карап, бир түп кызыл табылгыны таап алды.

Ал берки өйүздөгү карыяны карады. Карыя жылмайып күлүп, колун шилтеп койду. Адыраң байтүп табылгынын үстүңкү гүлдөгөн бутагын көрсөттү ага. Чал: “И, ошонусун! ” - дегендей башын ийкеди. Адыраң ошол байтүп табылгыны түбү менен омуруп алды. Акырын басып, суу жээгине келип, карыянын жаңсоосу менен берки өйүзгө оңой эле өттү.

- Бу табылга оңой жулундубу?

- Ыкшап-ыкшап, көпкө бурап атып сууруп алдым.

- И, балам, ушул табылгыны камчы сап кыласың.

Карыя баягы: “И, жакшы балам экенсиң” дегенин дагы кайталап:

- Бу жалган дүйнөдө баары эле оңой болбойт. Адамдын оюндагыдай болсо, баары эле олуя болуп албайбы. О, балакай, анда рахат кайдан жаралат, ыза кайдан жаралат? Ошонусу менен бу түбүң түшкөн дүйнө кызык! Көнөчөгүңдү тигиндей кой, балам?.

Карыя балага муңайым унчукту.

- Жүрү, тигиндей басабыз...

Адыраң аны эрчий баса берди. Согондуу бетке келгенде карыя токтой калып, дагы да балага сестүү үн ката:

- Алдагы колуңдагы кызыл табылгыны мен кат деген жерге катасың. Кийин эрезеге жеткенде таап алып, камчы сап жасайсың. Түшүндүңбү? – деди.

- Ооба, ата.

- Сен куучу болосуң.

- Куучу деген эмне?

- Азыр аны сен түшүнбөйсүң. Кези келгенде өзүң эле түшүнүп аласың. Көп алактабай бери кара, балам.

Адыраң шашып калды.

- Тээтигил боркул таштуу кызыл асканы көрүп турасыңбы?

- Көрүп турам.

- Ошонун этек жагындагы топ арчаны көрдүңбү?

Бала унчуккан жок. Карыя кебин улай берди:

- Ошол топ арчанын этегиндеги эки түп арчаны көрдүңбү?

- Көрүп атам.

- Башы желге ыргалганбы?

- Ооба.

- Ошонун тушундагы кызыл таш көзүңө көрүнөбү?

- Ооба, - бала ташты көрбөсө да ушинтип койду.

- Жакшылап кара, балам. Көрбөй эле “ооба” дей бересиңби?

Адыраң уялып кетти.

- Эми дааналап тикте. Менин сөөмөйүмдүн учун кара. Бери бас, балам, - карыя баланы өзүнө жакындата тартты. – Эми көрдүңбү?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

- Көрдүм, ата.

- Ии,в эми чыныңды айттың. Ошол кызыл таштан ылдыйраак карарып турган боркулда эчки, текелер жаткан үңкүр бар. Ошого кирсең не бир укмуш асыл таштар жатат. Болгону, арасында кичине кайрактай болгон көк таш бар. Угуп жатасыңбы, карагым.

- Ооба, ата.

- “Ооба, ата” эле дейсиң, мээңе сиңирип, көңүлүңө түйүп ук! Мен сага бекер айтып жаткан жокмун. Менин айтканымды аткарсаң кор болбойсуң. Эгер жаздым басып алсаң өзүңө эле жаман. Этегиң кароолонуп, жакшы болбойт.

Бала карыянын айтканын жадымында жаттап, жүрөгү түрсүл кагып жатты. Бирок кээ бир сөздөргө түшүнө бербеди. Коркту. “Сөзсүз аткарам”, - деди ичинен.

- А балам, ошол көк ташты сен аласың. Дуба үйрөтчүлөр келип, жайчылыкты өнөр тутканыңда көп кечикпей келип алып кетесиң. Баса, камчы сапты да ошондо ала кеткин! Жай ташты эч кимге көрсөтпөйсүң. Карагым, дагы айтаарым, куучулукка жөнөгөндө жанагы табылгы саптуу камчыңды унутпа. Унутсаң, келинди бөөдө төрөттөн майып кылып коёсуң. Угуп жатасыңбы?

- Ооба.

Адыраң коркпой, жүрөгүнүн түрсүл какканы пастагансып, карыяны теңтушундай карады.

- Буларды качан алам?

- Өз учуру болот. Ошондо өзүң эле келип алып кетесиң. Камчыны да өзүң жасатасың. О, анда сен эрезеге жетип, үй бүлө күтүп калган болосуң, чырагым.

- Жайчылыкты мен кантип үйрөнөм?

- Э, балам, Кадыр тайкең күндү жайлап жүрбөйбү. Ага да мен үйрөткөм. Тек, эсиңе тутуп ал. Жайчылык өнөрдү үйрөнгөн адамдын акыркысы сен болосуң.

Адыраң: “Сен болосуң”, - дегенди айтып ойгонуп кетти. Аябай тердеп алыптыр. Анан Кадыр тайкеси эсине түшүп, анын өнөрүнүн оор экенин ойлоп, көпкө тунжурап төшөк үстүндө жатты.

 

 

Ар башка мүнөз

 

Токтоназар эртең менен эрте туруп, эки жагына сереп салып, куу арчанын көркүнө баа берип, конуштун жайлуу экенине суктанды. Бирок эки баласы Байгабыл менен Раманкулду: “Дин ислам медресесине окутам. Өзүм сабаттуу болбосом да, балдарым сабаттуу болсун!” – деп эки уулун тажик Шакир молдо келгенде окутууга берген.

Кызыталак, жанагы Байгабылдын жүрүшү чатак. Балдар менен ойногон жеринде жаңжал чыгарып, аларды сабап, араздашууну көп пайда кылчу эле.

“Ушу Раманкулдан бир нерсе чыкчудай”, - деген атасы төрдө бырылдап уктап жаткан уулун карап алды. Аны алты жашынан окууга берген. Арадан жыл өтүп, балдар Шакир тажиктен окуп жатышты.

О, Байгабылдын өнөрү күч. Атаңын көрү, ал тал чөкөн болуп, татыран ак баш болуп, көк карга тыраалап калган мезгил болчу. Дамбылдасын аркасынан кучактай кармап, эки колун эки казыкка кере байлап, качып баса бериптир. Аны Токтоназар кийин билип жүрбөйбү.

Атасынын угушунда Байгабыл дамбылданын сүйлөгөн сөздөрүнө жакшы түшүнө бербей, эптеп чатак чыгарып кеткиси келет. Кантсе да ээн жердин бөрүсүндөй кенен өскөн уланга быштыны кулактап минип, тоо арасныда жүргөн кези эсинен кетпей туруп алды.

- А шок бала, менге карап отуруң?

Байгабыл кебин укпай койду. Аны окутуп көрүп, тилин буратууга аракет кылды эле, азоого чалма салган молдону акшырая карап, мээсине арабдын түшүнүксүз сөздөрү кирбей, Байгабылды кыжалат кылды.

- А пачагар, гапимди эшитяпсизми? Нима деген жан экенсиңдер?

Шакир молдонун көзү чекирейе, Байгабылды улам карай берди. Окуп жаткан балдар Байгабылды карап күлүп жиберишти.

Алардын арасындагы эң улуусу да, шогу да Байгабыл болчу.

Ал беркилерге муштумун көрсөтүп койду. Алар тынчып калышты. Анткени жетилип келаткан өспүрүм берки балдарды далай жолу кынына кийре уруп койгон күндөрү болгон.

- А шок бала, дадаңизге айтаман.

- Айта бер! – Байгабыл каяша айтты.

- Паччагар! Нима деяпсың манга?! Угулмусуң же катынмысаң? !

- Мен катын эмесмин!

Байгабыл ичинен кекенди: “Балдар жокто өзүңдүн намазыңды өзүңө окутпасам! Сенсиз деле жашайм!”

Тоодо өсүп, бүркүт уяга чыгып көнгөн балага “катынмасан? ” деген сөз өтө эле орой угулду.

Кудай жалгап, балдар ары ойноп кетишти. Дамбылда жалгыз калды. Артынан акырын барган өспүрүм дамбылданы көчүккө бир тепти! Оңкосунан түшкөн дамбылданы эшиктеги жанаша кагылган эки казыка чейин сүйрөп барып, көмкөрөсүнөн жыкты да, мурдатан камдап жүргөн эки жиби менен эки казыкка кере байлап, өзү тоону карай качып жөнөдү.

Балдар келгенге чейин Байгабыл тоо аралап качып, кумга сиңген суудай изин суутту.

Балдардын жардамы менен бошонгон дамбылда аларга кыйкырды:

- Балалар! Янки кисабрини тутийлар! Алип келилар манга!

Окуусун токтоткон балдар эки тарапка бөлүнүп чуркашып, бирок Байгабылды табышкан жок. Тапса да өздөрү келтек жээрин билишип. Күн бата дамбылдасына:

- Таппадык! – деп келишти.

- А кисабир! Сенге халим ятмаса, караң муну!

Көптө ачуусу таркаган дамбылда окутушту кайра баштады.

Ошол окуядан бир топ жыл өтүп дамбылда Токтоназардыкына келген. Аны конок кылып, минип жүргөн атын Байгабылдын жасаган кылмышы үчүн алдына тартуу кылып, атасы зорго кутулган.

Ошол жылы күздө дамбылда Токтоназардыкына дагы келди. Ал өңү бузула:

- Кесепети угулуң кисабир экендер! – деди.

- Кой, дамбылда, бир ачууңузду мага бериңиз. Сизге ишенип, балдарым таалим алып калсын деп бердим да.

- Ондай дебеңдер, Байгабылың жүда шок, паччагар эди. Ол касапати жүда ям шок. Онуңгуз кисабирчиликтен башы чыкпаган жүда ям калаты шок, айтканыны бербеген баш кесер болот экендер.

- Андай дебеңиз, дамбылда! – Токтоназар жалынып жиберди. – Аны өзүм жолго салып алам. Кичүүсүнө таалим бериңиз.

- А кичинесинен дамбулла чыгады.

- О, ошондой деңиз, дамбылда!

- А ошонака! Кисабириңни жибербең.

- Аны жибербейм. Минтип төрүмдөн көрүм жакын болуп турганда, мен да сиздин айтканыңызды аткарам, дамбылда.

- А дадаси, ал балаң экинчи барбасын, эшитипяпсизма, менин ям гапымды угуң. Кичигинин окутушуна битта сыйыр бересан. Мен ям харакат кыляпман.

- А дамбылда, сыйырыңыз эмне?

- Ийе, мусулман баласы, ошону ям түшүнбөй ниме деген адам экенсиңдер? Береги байлоодогу малыны ям сыйыр дейди.

Ал колун жаңсай, музоосунун жанында байланып турган карала уйду көрсөттү. Молдоке айнып кетпесин деп чочулаган Токтоназар:

- Куп болот, куп болот! – дегенден башка эч нерсе айткан жок.

- А баланы менге кошуң. Укушту башлаймыз.

Ошол күнү молдону коноктоп, уулун артына учкаштырып жөнөтмөкчү болду.

- А балаларнын дадасы, гапиңда туруң. Бахорда чахор сыйырыңны манга окутушканым үчүн жеткизип берет экенсиңдер.

Токтоназар “бахор” деген сөздү түшүнбөй, баласы учкашып бараткан дамбылдасын аңкая карап, анан эсине келе калып:

- Бакар – кайсы убак? – деди.

Кетип бараткан дамбылда атынын оозун бура, Токтоназарга жооп бергиче Раманкул:

- Ата, эмки келерки жазда деп жатат, - деп атасын карады.

Ыраазы болуп башын ийкеген дамбылда Раманкулду башынан сылады.

Анда Раманкулдун оюна эки жыл үзгүлтүктөн кийин атасы кайтыш болуп, өзүн окутуш үчүн Байгабыл агасы кам көрүп калары эсине келген да эмес.

 

 

Адыраң жайчы

 

Тоолордун чокусуна күн тийе Баймырза кер атын токунуп, уулу Адыраңга тору кунанын токунтуп, Алмалууну карай бет алып баратышты.

Ал жакта туугандары бар. Көптөн бери катташа элек. Алар Алмалууга көчүп келгени, уулун бир гана жолу эрчитип барган.

Анда бала жаш эле, эми минтип бой тартып, жашы он бештен ашып калды.

Эки атчан Жанболдудан чыгып, Боз-Тектирди беттеп капталадата бастырышып, жүрүштөрү ылдам.

Боз-Тектирден чыга бергенде алдыдларынан бери келатышкан Супатай менен Алчынды көрө, Адыраңга карап:

- Балам, тезирээк бастыр. Бүгүн Алмалууга жетип, коно жатып, сапарыбыз андан ары Жампага уланат. Уктуңбу?

- Ооба, ата.

Бери бастырып келаткан Супатай алыстан эле:

- Ассалоому алейкум! Бу уулуң экөөң эртелеп аттанып калыпсыңар?

- Ву- алеки салам! Балам экөөбүз Алмалууга бармак элек. Көптөн бери көртирлик деп жүрүп, туугандардан алыстап кеттик. Анын үстүнө береги баланы тааныштырып келейин деп алпаратам.

- А дурус, дурус! – деген Супатай Баймырзаны жандай бастырды.

- Баса, Супатай, сени жакында эле Толуктан келди деп, береги Адыраң айтып барды. Алмалуунун суусунун жээгиндеги бактарды байкай алдыңбы?Байкабаганда! Ал туугандарың алманын көчөтүнөн он түрлөп бутак чыгарат экен.

Эки кары көпкө сүйлөшчүдөй, аттарынын тизгинин тарта туруп калышты. Атасынын артынан жете келаткан Адыраң, Супатай аяш атасы менен саламдашып, алдыга өтө берди.

- Ой, бала, жай бастыр! Минтип бастырсаң эңиште кунандын колун түшүрөсүң.

Баймырза Адыраңга жете келип:

- Э, уулум, жашың өйдөлөгөн сайын кыялың чыгып баратат да! Артыман жүр! – деди.

Адыраң атасын карады. Үшкүрүк аралаш улутунуп:

- Э, балам, атаңдын заманы өттү го. Биз бараткан туугандарың Өмүраалы, Молдаалылар: “Сен карылуусуң! Ким кол салса жаткыра чаап, алардан кутулууга жарайсың. Атың да тың. Сенден өтөөрүбүз жок”, - десе макул боло берипмин.

Баласын караган Баймырза сөзүн андан ары улантты:

- Анда эмне, күлгүн жаштыгым! Болуп, толуп турган убагым экен да! “Нарынды кечип өтүп Акманга, Кызыл-Үңкүргө барып, колдон келсе туугандарыңды көчүрүп кел”, - деген Байкалмак менен Ормотойдун тилин угуп, эмне болот, эмне коёт дегенди билбей кете берипмин. Э, уулум, угуп жатасыңбы?

Баймырза артында келаткан Адыраңды карап койду.

- Укпай анан! – ал атасына жан ынтаасы менен жооп берди.

- Көңүлүңө түйүп ук. Сен деле эми эле эр жетип, үйлөнөсүң. Бала-чакалуу болосуң. “Атам айтчу эле” деп айта жүргөнүңө жакшы. Анын үстүнө “узун жолду кыскартып” барайын, балам.

Баймырза эки жагын карана, атын камчыланып койду.

Адыраңга атасынын кебетеси зоокага капысынан коно калып, үңкүйүп алдын тиктеген бүркүттү элестетти. Эки ийни далдайып, зор денеси кара аттын үстүндө анда-санда теминип, камчыланганы эле болбосо, эки жагын каранып ойлуу барат.

Сүйлөп бараткан кебин унутуп кайра баштагандай:

- Уулум, ошол жолборс жылында эрте жазда аттанган

Мен Нарын-Аралды кечип өтүп, өйүзгө чыктым. Анда тигил Кызыл-Кырчындын этегиндеги майда аралчаларды “Нарын арал” дечүбүз. Өйүзгө ошол кечүү менен каттайт элек. Жанымда Ормотойдун Акбайы да бар. Өзү шадылуу, жотосу узун, шамдагай жигит кези. Аны көрүп жүрөсүң.

Ата-бала жолдо жай бастырып келатышты.

- Э, балам? – Баймырза агала сакалын сылап, баласына суроолуу карады.

- Эмне дейсиз, ата?

- Уулум, тууганга – туугандай, жатка – жаттай, каска – кастай мамиле кыла бил.

Баласы атасын карап:

- А я, ата, бу жарыкчылыгыңыздын өзү эле бир атым наспайдай экен. Аны ажыратып не, ажыратпай не? Адамдын көңүлү гүлгө окшош, баарына бирдей караган оң болот го дейм? – деди.

Баймырза уулунан мындай жооп күткөн эмес. “Адыраң дагы эле жаш” деп ойлоп жүрчү. “Атаңдын көрү-ү, уулду карап, артыңа кылчайып, карыганыңды билет окшобойсуңбу! ” – деп ойлогон атасы уулуна берер жооп таппай, бир азга тунжурай түштү. Бир чети жалгызынын оюн туура көрүп, саамга ойго туна түшкөнү да ошондон.

- Ата, бул чөлкөмдө кайсы уруулар жашайт?

Кызыл чаптуу жерге тигилген боз үйлөргө кол жаңсай, атасынын оюн бузгусу келди бала.

- Алекей уулу. О Асан атабыздын уулдары конуш алган анда.

Атасынын сөзүнө ыраазы болгон Адыраң:

- Алчын экөөбүз ушул айылга кайрылып, Батыркан деген жигити менен достошуп кеткен элек,- деди.

Баймырза уулуна ушуга чейин ичи чыкпай, Эренчеден кээде тил угуп келгенин туура көргөнсүдү.

- А карагым, жарыктык апаң Эренченин да жашы өйдөлөп келатат.

Баймырза Эренчени эмнеге кеп кылып, ортого салганын билбей калды.

- А уулум, жашыбыз өйдөлөп баратпайбы. “Жаш жетилет, кары кетилет” деген алмуздактан бери келаткан кеп.

Өмүрү балага кеңешип жумшак айтпаган атасына таң калды Адыраң.

Баймырза ак аралап, карасынан агы арбын сакалын манжалары менен улам салаалап, тарай берди.

Секиртмеге чыга бергенде, аркы өйүздө зоону айланып учуп жүргөн бүркүттөрдү көрө Адыраң көпкө аңкая тиктеди. Бүркүттөрдүн бирөө чоң, бирөө кичине болуп, ага эне бүркүт, балапан бүркүт элестеди. Эмнегедир апасы көз алдына тартылып туруп алды. Чачын ак аралап, чекесин бырыш басып бараткан энеси улам-улам көз алдына келе калат.

- Я, ата дейм, тээтигил бүркүттөрдү көрдүңүзбү?

- Кайсы?

- Тээтиги, аска-зоонун бир жак капталында учуп жүрүшпөйбү.

- А көрдүм, балам. Балапандарын учуруп, машыктырып жүргөн эне бүркүт тура, жарыктык.

Атасынын өтө эле аянычтуу, жай сүйлөгөнүнө Адыраң бир чети таң калса, бир чети: “Эмне, атам ооруп калдыбы?” – деп чочулады. Атасына байкатпай, алдыртан көңүл ынтаасын коюп карады. Атасы оорубай эле, соо экен! Бирок мурункудай болбой, кеби пастап баратканы аянычтуу болуп кетти. Ал атасынын чекесине түшкөн калың бырышты байкай, унчукпай келе берди.

Ансыз да далбардай сөөктүү, убагында сай талды сыга кармап суусун чыгарып, чекенди терип жүргөн Саадабай карыянын наспайына сыгып берип: “Ме, кошуп алыңыз”, - дегенин эстеп кетти. А, кайран жаштык! Атасы өзүнөн-өзү басынып баратканы сезилип турду.

Адыраң атасын аяп турду: “Мынчалык эмнеге тартынып кичирейет? Мурун сөз талашкан кишисине кирген буурадай бир тийип, олдоксон сүйлөп жүрчү эмес беле. Кайран атам! Эмне болду буга?..”

Жада калса аны тоолор да аяп карап турушкандай сезилди балага.

Баймырза болсо бу тапта өзүн-өзү күнөөлөп, ойго тунуп бараткан: “Аттиң, ушул жалгызымды окутуп койгонумда болмок экен. Жабагыны күрөштө каршылашын жыгып баратканда же алы келбей чарчап баратканын көрүп: “Балбан жыкты! Жыкты!” – деп колтуганан сүйөй көтөрө чуркап, күрөштө жыгылганынын башын аттап, ал жерде чыр чыгарып, канча чабыш болбоду?! Жок дегенде өзүм көргөн окуяларды айта жүрбөдүм, Адыраңга. Ушу баш балага таалим бергенди билбей жүрө бериптир да...”

Баймырза баласын карап койду: “Мунун ак-карага бирдей мамиле жасаарын кайдан билдим?”

Баймырза кемчилигин сезгендей, аттын тизгинин бош таштап, жай баратты.

- Ата, Молдаалы сабаттуу, билим алган дедиңиз беле?

- Ооба, балам. Баса, Молдаалыдан намаздын кыраатын сурап ал. Раманкул жаш болсо да, намаз окуган кыраатын угуп көрбөдүңбү. Салыштырып көр. Сени молдого бербеген менде айып! Жабагы, Ормотой, Токтоназарлар “жүр” десе эле аш-тойлордо жүрө берип, далдайып сени окутушту унутуп калыпмын. Сенден көп жаш кичүү болсо да Раманкул окуп, көзүн ачып алды.

...Аска жактан жаңырык угулгансыды. Ал жаңырык чынында

Адыраңга гана угулуп, Баймырзага угулган эмес. Бирок Адыраң чочуган жок. Бир топтон соң баягы жаңырык кайра да кайталанып: “намаз менен жайчылык сага бир келет. Ошондо кошо үйрөнөсүң. Сага келген сырды өзүңдөн башка жан адам укпасын. Угулуп калса зыянга учурап каласың”, - деп даана угулду. Ичинен келме келтирип: “Ой, тобо, бул эмнеси?..” – деген Адыраң атасын карап койду.

Баймырза тек гана атын моюнга чаап, бир калыпта бастырып бараткан экен.

Ата-баланын ортосундагы сөз көпкө чейин уланган жок. Тек гана экөө эки жакты каранып, шакка коно калып сайраган сагызганды. Тээ бийикте – арчалардын арасынан үсүл-кесил угулган күкүктүн үнүн тыңшап бараткансыйт.

Баймырзанын алдынан үкү учуп өттү. Ал баласына карап:

- Атаат десе, түнөгү жайсыз болуп, учуп чыккан үкү экен, ээ?

Жапыз учуп өттү. Көзү көрбөй шак-шукка урунуп албагай эле, - деди.

Кунанын жай бастырып бараткан Адыраң:

- А ата, аларыңдын денесинин сезгичтүүлүгү абдан күчтүү болот. Жайы жайсыз болсо, болгондур, бирок күндүз деле учуп жүргөн үкүлөрдү көп көрдүм... – дебеспи.

Баймырза жооп кайтара албай, уулун карап тим болду.

 

***

 

Эки атчан кызыл кыя ылдый түшө бергенде жалбырагы шамалга дирилдеп турган калың алманы көрүп, Баймырза көңүлү ачылгандай:

- А бул туугандарың иштерман экен. Бак тигип, өндүрдү көгөртүп жиберген тура. Бар болгула! – деп алкап алды.

Алма бак узун арыктарга кыркалекей отургузулуп, этек жагына короолоп отургузулган алмалардын ичинде алмуруту. Кайыңыбы, жалбырактары башка түс берген, дүмүрөйгөн бакты көрө: “Бул эмнеси болду экен?” – деп койду.

Чоң сууну жээктей долоно отургузулган экен.

- А балам, береги калың бакты байкап келатасыңбы? Жаш көчөттөр экен, шамалга ыргайдан бетер башын ийкеп турат.

Адыраң унчуккан жок.

Ата-бала Өмүраалыныкына келип түшүштү.

- А келип калыпсыз? Көчүрүп келип, катташпай койдуңуз го?

Баймырза тайсалдагандай болду:

- Ийе, тоонун да тоодой түйшүгү, мал-жаны дегендей, кол бошободу.

Аңгыча ары алма бактын арасынан Молдаалы келип, кучакташып көрүштү. Ал боз үйдүн улагасынан орун алды. Сыртта Өмүраалынын кемпири тамак жасап, бүлүнүп жүрдү.

- Аяк-буягынан гап уруп отуруң, Баймырза ага?

- Э, кеп урганда... – ал башын кашылап: - Береги балам экөөбүз силерден кабар алып, анан тиги ылдыйкы Жампадагы кайнимкине барып, өрүлөп Жамболдуга кетели дегенбиз.

- А ага жан, бу ериң кышы катык суук, жайында ысыгы аз болот экен. Акманды айта бериң. Андай жер барбы?!

- Ийе, эмне дейт. Бул жер деле Акмандан кем эмес. Иштете билсе жердин баары жакшы. Баса, Ормотой кары келип турабы?

- Онуң келип турат. Баласы Акбай жүда иштерман экен, онусу якты. Керимкул тууганыңыз келади да: “Бунуң нима?” “Канака мөмө байлайды?” – деп гап жебейт. Башты оорутуп кайра кетади. Э, Баймырза ака, чынын айтсам, тиякка көнүп калыппыз. Анжыянды эстесем, огазымдан зил кетади. Бакчасыны айтың, коон, дарбызыны айтың. Жүда бышыкчылыктуу жер еди. Молдаалы эле : “Бовайт, багыны отургузуп алдым, туугандарымдан кетпейм”, - дейт. Ошонака, ава?

Баймырза чекесин кашылап, эмне деп жооп берерин билбей, үшкүрүнө берди эле, Молдаалы:

- Э, агам айта берет. Ушул суунун өзөнүн гүлдөтөм. Атадан балага кала турган бак тигем. Береги алмаларды көрдүңүзбү, эки жылдан кийин мөмө берет. Ошондо көрөсүз. Таңатар эмес, бүт көлөптөр суктангыдай кылам.Бир аз күтө турсаңыз баарын көрөсүз. Андан көрө басыңыз, көрүп келиңиз, - деп тура жөнөгөндө тоонун элигиндей болуп эндекей өскөн Баймырза ордунан тура, Молдаалыны эрчип жөнөдү. Адыраң да аларды эрчип, калың тигилген көлөкөлүү бакка кирип кетишти. Арыта илээлеп басып келаткан Өмүраалы мойну жар бербегендей акырын басып, эрчип келет.

- А Молдаалы, береги жыгачың го, алма экен. Мунуң кайсы жыгач?

- А аба, аны Акманда нак дейт. Бул жерде алмурут деген мөмөлүү дарак ошол.

Баймырза баласын карап, Молдаалынын эмгегине баа бере башын чайкап, баласына:

- Молдаалыга жардам берип, алмурут отургузганды үйрөнүп алсаң боло? – дегенде Молдаалы:

- Аба, тигил өйүзгө да суу чыгат. Адыраң алма тиксе, арыгын өзүм көрсөтүп берем. Анан алма отургузабыз.

Баймырза өйүзгү бийик кашатты карап, Адыраңга:

- Ошентесиңби? – дегендей колун жаңсап койду.

Адыраң бак отургузууга чейин жайчылык өнөрү менен куучулугу кошо келип, артынан дан багарлар эрчип, колу тийбей каларын кайдан билсин.

Бирок Молдаалы көрсөткөн кашат атасына жагып, о көптө барып ошол жерде арык казылып, алманын көчөтү катар-катар отургузулуп, анысы кийин ышкындай болуп өсүп берди.

- А береги, калың түп кайыңды эмнеге отургуздуң?

- Ол жерге мечит түшөт. Намаз окуйбуз.

Баймырзанын эсине: “Тоо бүркүтүндөй шаңшып жүрө беребиз. Намазды болсо кийин, карыганда окуйбуз”, - деген ою түшүп, өзүн-өзү күнөөлөдү: “Атаңдын көрү-ү, карыбай тургансып, мына намазды так жаттап алар учрудан эбак өтүп кетиппиз. А бирок мен эле дейин десем, тоонун эли бүт эле намаз окубайт. Асманына карап теңирине жалынып, кудайы кылып түлөө өткөрүп, жалынып жүрө беришет. Тоолуктардын көзүн ачпаса ушу экен да!”

Молдаалы:

- А аба, мен шам намазымды окуп алайын.

- Окуп ал, балам. Окуп ал.

Ал намаз окуганы жөнөгөндө артынан Адыраң кошо басты.

Атасынын аманат сөзүн аткарганы, Молдаалынын кыраатын уккусу келди. Суудан өтүп, калың бакка кире берерде Адыраңдын кулагына дагы да: “Жайчылык өнөр менен намаз бир келет. Ошондо тутунасың”, - деген сыйкырдуу үн дагы да кайра жаңырып, Адыраң Молдаалыны ээрчибей, суунун жээгинде кала берди. Артынан басып келаткан атасы баласына:

- Тур, даарат алып, Молдаалынын артынан бар, - дегендей кол жаңсады.

- Күн тийип турганда чагылган чартылдайбы?

- Ал эмне дегениң?

Намаз жүрүп жатканда тоскоолдук болбош керек, күнөө болот.

- Кебиңе түшүнбөдүм да, балам.

- Ар нерсенин өзүнүн учура бар, ал Кудайдан, ата.

- Аның туура дечи. Мен сени дамбылдага окутпаганыма эми өкүнүп атпаймынбы. Аш-тойдо эңиш болот десе эле калбай ат чапкылап жүрө бериппиз. Карылык башка түшкөндө энөөлүгүмө кейип отурам. Мейли эми, сен барсың.

Баймырза уулуна күнөөлүүдөй карады.

Тоо элине мазарларга сыйынуу, кудайы өткөрүү, асманга карап, Теңирден тилек тилеп, “Кудайлап” жүрүү адат болчу. Беш убак намаз тээ Кокон хандыгынан кийин келбедиби. Аны Баймырза жакшы билет. Кудайына тобо келтирет. Болгону жаттап алган куранын окуп, арбактарга багыштап, “азап-тозоктон куткар” дегени болбосо, тоо элинин эндекейлиги сезиминен кеткен жок. Теңирине тобо келтирип, сыйынып жүрө берет.

Сыртта, боз үйдөн окчунураак тигилген кайыңдын түбүнөн орун алган ата-бала көпкө чейин уйкулары келбей жатышты. Адыраң асманда жаркыраган жылдыздарды карап, тегерек токочтой Айды карап, жаратылышка суктана берди.

Баласынын уктабай жатканын байкаган атасы:

- Э, балам, уктай элексиңби? – деди.

- Негедир бул жак салкын экен, көп нерсени ойго салып... Уйкум келбей жатат.

- Ооба, ошондой. Туура айтасың. Өмүкем да туура айтат... “Жерин сагынбас эл болбойт, үйүрүн сагынбас айгыр болбойт”. Кайран киши, туугандарына келсе деле жерин эңсеп, сагынып жатпайбы. Ошол Акман, Кызыл-Үңкүрдү жердеп чоңоюшкан да. Атасы Кедеңбайдын сөөгү да ошол жакта калды.

- Аларды кимдер көчүрүп келди эле?

Баймырза жамынчысынын чекесин серпип таштап, дагдайган денесин көрсөтө, төшөнчүсүнө отуруп алды. Өзүнчө кыжалат болгондой:

- Э, балам, ал узун кеп. Жамболду менен Рысбайдын аксакалдары чогулуп алып тууганы Талкандын үрөөн-бутагы ошол Анжиянда калганга намыстанышып, өздөрүнчө жыйын кылышып, эл арасынан ушу мени, анан Ормотойдун Акбайын тандашпадыбы. Атаңдын көрү-ү, бизде карынын сөзүн албаган жакшы болбойт. Ормотой тура калып: “Баймырза. Сен барасың! Акбайды кошуп ал. Ал урган эки жыл мурун ошол жактагы туугандарына барып келген. Балдарды көкүтүп: “Туугандын жакшысы алтын сап камчыдай болот. Ата-бабаңардын жерине баргыла. Толук менен Ачыктай жер барбы? Каалаган жериңерди алгыла. Дыйканчылыкка жакшы жер”, - деп ээликтирип коюптур.

- Э, аксакалдар, туугандарыбыздын тили бир аз бурулуп калыптыр, көчүрүп келбесек болбойт, - деп калды Акбай. Атасы менен кеңешип алганбы,ат көөлүктү кошо айтты Акбай. Шергазы:

- Ой ат көөлүк эмне экен. Мына менин чаар көзүмдү алгыла, - деди. Бардыгы эле аттарын тартуу кылып, “көчүрүп келгиле” деп туруп албадыбы.

Ошондо Баймырза Акбайга кошулсун, жолдо жүгү огону болот, башкасы болот, кабелтең киши болбосо болбойт, - дебеспи. А балам, “карысы бардын ырысы бар” дейт. Ушуну эске ала жүр. “Кары намыстанса төргө кетет, каргышына калса көргө кетет”. Муну да кулагыңа куюп ал. Кимдер албайт, аксакалдардын тилин. Ошол жыйындан үч күн өтүп, беш атты куйруктарына байлаштырып, аркан жибин канжыгасына бекем табыштап, Акбайга жетелетип, өзүм ала жүргөн жоон өрүм, табылгы сап камчымды кошо алып о Анжиянга жүрүш жасадык.

Атасынын сөзүнө муюган Адыраң аны туурай, төшөнчүсүнүн жармын бут жагына таштай отуруп алды.

Токочтой көрүнгөн сары тегерек Ай төбөдөн өтүп, батышка ооду.

- И, анан эмне болду ата?

- Ошондо Нарын дайрасын кечип өтүп, Үч-теректин жайлоолорун тепчип. Арстанбапка түштүк. Ал жериң өзүнчө керемет, кооз экен. Аюу, жолборс дегениң ошол жакта. Жаңгак аралап, корсулдап жүргөн үйүр доңузуна да жолуктук.Ошондо баягы булдурсундун кереги тийди. Жолдон эмне болот, эмне жок деп, кайың бышык эмеспи деп, суу кайыңдан Акбайга да, өзүмө да келтек жасап алгам. Аныбыз такымыбызда. Айткандай эле келтектер ишке жарап берди. Эң чоңу катылды эле, тумшукка берсем тороё түшүп, калгандары өзү эле качып берди.

Адыраң атасын карап алды.

- “Атам мактанып жатат” дебе, балам. Сакалым куудай болгондо эмнеге мактанайын. Болгонун болгондой айтып жатам.

- Бул окуя жөнүндө мурун айткан жок элеңиз го? Аш-тойду айтып, кимдин күлүгү, жоргосу кандай чыкты, ошону сүйлөп, кеп сурасам: “Шүк отур!” – деп урушуп койчусуз. Жашым он бештен ашса деле алты жашар баладай көрөт элеңиз го, ата. Эми?..

- Баймырза мококтоно үн катпай, жылаңбаш, ак аралаган башын чоң алаканы менен сыйпалап, о көптө барып:

- Эмнесин айтайын, тоодо эндей өсүп, жылкы айдап, көчүп-конуу менен жүрүп...

Ойлуу... Бир кезде үшкүрүнүп:

- Ал үчүн Кудайым кечирер, - деди.

Атасынын муңайым, киргилденип, бир чети өзүнөн кечирим сурагандай аянычтуу добушунан ого бетер аяп кетти бала. Алдыртан карап калды. Айдын күүгүм жарыгында Баймырза жамынчысын алаканы менен сылап отурган экен.

- Акбай экөөңүз анан, Акманга ошол эле күнү жете бардыңыздарбы?

- О, жок, балам. Беш күн дегенде жеттик. Акман бышыкчылыктуу, мөмө-жемиштүү жер болот экен. Анын үстүнө эли да дыйкан эл болот тура. Бактын түрүн ошол жактан көр. Дыйканчылыкты алар катуу жасашат. Жана Молдаалынын алмаларын көрдүң го?

- Көрбөй, анан. Шашпаңыз, ата. Ал алмаларды биз дагы тигебиз.

Акмандан көчүп келатып Ысмайыл тууганың сууга агып, дагы багы бар экен, дайранын ортосунда самсаалап турган кайыңдын бутагын кармап, таң атканча турду. Ошондо ичимден кан өткөндөй болду. Андайды башка салбасын, аркан ыргытып жатып, араң карматтык да, белине байлатып, берки өйүзгө тартып алдык. Эси чыгып калган экен баланын. Бул жакка келгенде бир жылча кесел болуп, кайтыш болуп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

кетти.

Атаат, эмнесин айтасың. Элден эл айрылганда жаман болот. Коштошуп, ыйлап жатканы да бар. Эл деген эл да. Кээ бири күлүп жүрөт. Өздөрү да тың, малдуу турушат экен. Туугандашып калган эл да, жолдун сырын жакшы билишет окшойт. Биз барган жолго салбай, Кызыл-Үңкүр жакка салып, бир топ жигиттери коштоп да келишти. Куда –сөөк болуп, сиңишип калышыптыр. Атасынын көрү, келиндерибизди ата-энелери кучактап ыйласа, жаным сыздады. “Э, ушуну көрбөйүнчү! ” – деп таңылчактарын өгүздөргө, аттарга артып, өзүмдү-өзүм алаксытып жүрдүм.

 

***

 

Баймырза ойгонсо Өмүраалы жүгөрүсүн аралап, кээ бир жерине олтуруп алып, кетмени менен жерди кетмендеп, ойда майын чыгарып иштеп жаткан экен.

- О Адыраң, тур! – Баймырза уулуна үн катты. – Көрдүңбү абаңды. Карыса да кетменин колунан түшүрбөйт. “А сизчи?” – дегендей Адыраң атасын карап койду. Баймырза уулунун оюн илгиртпей түшүндү.

Ата-бала кашаттын өндүрүнө тигилген жүгөрүнүн сотосун көрүп суктанышты.

- Керимкул, Байгалмак да жүгөрү экчү. Бирок алар мынчалык болчу эмес, - деп жүгөрүнүн сотосун кармалаган Баймырза Өмүраалынын жанына басып келди:

- Ойда болуптур да, түшүмүңө береке берсин!

- А аба, бу жылы макабыз анчалык боводу. Өткөн жылдагыны айтың. Жери арык. Жерин семиртпесе, кык чачпаса бовойт.

Жооп таба албай калганда же бир нерсеге суктанганда башын кашып калмай адаты бар Баймырза бу жолу да ошентип, ичинде: “жердин да арык-торугун билет экен. Дыйкан деген ушундай болсо,” – деп Өмүраалынын ишине кубанды.

Ата-бала үйдөн даам сызып, өзөн ылдый Жампага – Кадырдыкына жөнөп кетишти.

 

***

 

Эки жагы аска-зоо, ортосу менен таштан-ташка жанчылып, көбүктөнүп агып жаткан тунук суу. Эки жээгин жыш бадал каптап, арасныда зор чынар теректердин башы сороёт. Анда-санда кучак жеткис кайыңдын бутактары асманга тирөөч болгондой, тээ алыстан көрүнөт.

Капчыгайдын ичинде сайраган түркүн куштардын үнү. Бийикте айланып учкан бүркүттүн караанына суктанып, Адыраң атасын эрчип баратты.

Ай-Ташка келгенде ат үстүндө ныксырап келаткан Адыраңдын көзү умачтай ачыла түштү: “Ой, тобо! Өткөндөгү, түшүмдө көргөн тоголок таштын так өзү! Алдындагы жалпак таш негедир сырдуудай көрүндү.

- Ата дейм?

- Эмне болду? – Баймырза күн ысыктан үргүлөп, талыкшып бараткан оор денеси козголо, артына кылчая карады.

- Береги тоголок таш колго жасагандай экен?..

- Андай дебе, ал касиеттүү таш. Бул жерди “Ай-Таштын мазары” деп коёт. Балалуу болбогондор, наристеси токтобой жүргөндөр, кээде ар кандай ооруга чалдыккан адамдар да бу жерге сыйынганы келишет. Көрдүңбү, жанындагы жалгыз түп арчаны. Чүпүрөктөр байланып турбайбы. Мазарга сыйынганы келгендер жандык союп, түнөп да кетишет.

Түшүндөгүнү даана элестете, атасына:

- Бул жакка келбегендики да. Тээтигил бийик капталда согон көп окшойт, - деди.

- Ооба, согону көп. Көрүнгөн топ арчаны көрдүңбү?

- Көрдүм. Көрсөң ошондон бери боркулдун

чекесиндеги эки түп арчанын чекесинде үңкүр бар. Ошол жерге да барып адамдар сыйынышат. Негедир кийнчерээк ал жакка барчулардын саны сээлдеп баратат.

Адыраң көргөн түшүн атасы дааналап айтып жаткандай сезди. Бирок эч нерсе айткан жок. Эч кимге айтпас сыр, аны билет.

- Бул ыйык жер, балам. Ке, аттан түшүп, ата-бабаларга куран окуп коёлук. Апаң берген баштыкты алып келчи?

Адыраң канжыгада байлануу баштыкты ала, атасынын жанына келип, тасмал жайып, Эренче даярдап берген нан, каймакты ортого коё салды.

Баймырза жоон үнүн колдуратып, өткөндөргө багыштап куран окуду.

- А балам, береги чоң суунун жээгинен сулуу, боз чаар чулу ташты убагында апаң жасап берген кандагай менен ороп, жөө көтөрүп таш кыяга жеткиргем. Ал ого эле узак сөз.

Анда атаңдын болуп турган убагы. Ал ташты так ушул жерден алып кеткем. Баймырза таштын ордун көрсөттү.

Сыйкырдуу үн Адыраңдын кулагына дагы угулду. Ал “селт” этип эки жагын каранды. Түшүндө көргөн бир жагы көк, бир жак бети кара, алакандын жарымындай сулуу ташты ак күлөө кийген карыянын: “Муну аласың, күн жаадырчу жай ташың ушул. Муну мен тигил үңкүргө бекитем. Ал жерде бардыгы бар. Баса, намаз жөнүндө коё тур, экөө бир келет. Жайчылыкты үйрөткөн киши өзү барат. Ошондон кийин өйүздө көрүнгөн топ табылгынын ортосундагы кызыл табылгыны камчы сап кыласың. Сен куучу болосуң”, - дегени кайра-кайра көз алдына тартыла берди.

Адыраң өйдө жакты карады. Бирок атасына ал сырды айткан жок.

Баймырза:

- А балам, ошол ташты али күнгө чейин бирөө да көтөрө алган жок, - деди. Адыраң жылмайып койду.

- Мактанып жатат деп атасыңбы? Кийин бир келгенде өзүңө дааналап көрсөтөм.

Баймырза баласын карап, бой жетип, эр азамат болуп калганын эми байкады. Сөзүнөн, ишинен баамдады.

Адыраң баягы, түшүндө көргөн үңкүрдү карап койду. Ошол экен.

“Мени карабайсыңбы! Энеси: “Баланы эмне кыласың? Өзүң эле иштеп койбойсуңбу, боконосу ката элек го!” – десе “чын эле жаш экен” деп жүрүпмүн да.

Баймырза уулунун эр жетип, өзүнүн ордун басып, элге аралаша баштаганына кубанды.

- Бата кылалык, балам. Таякеңдикине жете баралы. Алар Кызыл-Кырчында бекен же өйүздөбү? Мени ушу бир аз сарсанаа кылып келатат.

 

***

 

Эки жолоочу аттарынан түшүп, кепенин сол жагынадагы эки түп табылгыга мингичтерин байлап, ичкери кирип баратканда Кадыр алардын алдынан тосо чыкты:

- Ассалоому алейкум, жезде! Эл эсенби? Мал-жан аманбы? Эжемдин ден соолугу кандай?

- Алеки салам, кайним. Шүгүрчүлүк. Өзүң каттабай кеттиң да?

- А жезде, бу ар кайсы жерге арык казып, суу чыгарам деп жүрүп кеч үйлөнгөнүмдү өзүңүз билесиз. Өзүм жаштын бир тобун жашап, анан барып балалуу болдум. Балдарым жаш, - Кадыр нестейе жер тиктеди.

- Ийе, Кадыр, болот да. Маңдайга жазганын көрөт да, адам баласы. Биз деле кечигип бала көрүп, мына анын экинчи мүчөлүнө жакындап калганын билбей. Эжең дагы эле баласын жумшабай, мени жумшайт.

- Ийе, жезде, сиз экөөбүз кечээ эле жаш элек. Мына бүгүн акыл айтаар карыбыз.

- Аның го туура. Бирок... жаман көрөт дебе, кыбаачылык кылып жүрүп, турмуштун эшигин кеч ачтың. Бирок кудай деген кишибиз. Өзүңө-өзүң бек болбосоң, береги үч жашында энесинен калды.

Баймырза Стамкулду карап койду. Кадыр жездесине суроолуу карай, сөз таппай көпкө турду. Адыраң атасын жактыра бербегендей:

- Я ата, үйгө качан кетебиз? – деди.

- Э, кетебиз да азыр.

Баласы атасына суроолуу да, аянычтуу да карады. Анысы: “Сүйлөйт десе эле, адамдын көңүлүнө кетээрин оюңузга албайт экенсиз”, - дегени эле. Баймырза унчукпай калды. Кадыр:

- Жезде, сиз да, эжем да карыды. Эжемден эки жаш кичүү мен жетимиштен ашыпмын.

Адыраңды карап, Кадыр унчукпай калды. Ара сууп, айлананы жымжырттык ээледи.

- Жезде, жээним экөөбүз бетмаңдайдагы арыкка барып келели. Бир аз иш бар эле, сиз күтө туруңуз.

Адыраң менен Кадыр арыкка тез эле жетип келип:

- Кана, жээним, береги ташка калтек салып, өйдө чыгарып, сайды карай кулатып жиберчи? – деди.

Адыраң Кадырдан жооп күтпөй, арыктын ичинде жаткан жоон кара жыгачтан жасалган калтекти ала коюп, таштын түбүнө сала:

- Кана, таяке, ийи! Ийи! – деп ылдамдыгына, жаштыгына сала

Кадырды шаштырды.

Ташты бир жолу эле калтек салуу менен омкоруп арыктан чыгарып, кашатка кулатып жиберишти. Кадыр негедир Адыраңдын колунун жеңил экенин байкап калды.

- Нечеге чыктың, жээним?

- Он жетиге.

- Ийе, түзүк, түзүк. Жетилип калган турбайсыңбы. Эжем кандай, күүлүү-күчтүү элеби?

- Жакшы эле, - Адыраң сырдуу карап койду.

- Эли-журтуңар кандай?

- Жакшы. Бардыгы аман-эсен, таяке.

Арыктан чыгып үйдү карай келе жатканда түшүндө көргөн карыя өйдө карай бастырып баратканын Кадыр капысынан байкап калды. Адыраң да карап турган.

- Тигил жээрде атчанды көрдүңбү, жээним?

- Ооба, азыр эле биздин жаныбыздан өттү го?

Кадыр өмүрү өзүнөн башка кишиге көрүнбөй, түшүндө гана көрүп жүрг-өн аксакалды өңүндө биринчи кездештирип, карыяны Адыраң да көргөнүнө таң калды. “Атаа, ушундан бир нерсе чыкчудай. Бир мүчөлү жыл мурун жер кезип таппадым эле. Эми минтип сыр берип өзү жолугуп...”

Кыбачы Адыраңга көз кыйыта карады.

Жээрде атчан аксакал өткөн жылы эле Райымбектикине баратканымда белгисиз бир сыр болуп көрүндү эле. Ошондо Адыраңга жайчылыкты чала үйрөтүп калдым. Береги карыдан корком... Уйку-соонун арасныда ат үстүндө жолугуп: “Жайчылыкты жээниң Адыраңга үйрөтөсүң, кыбаачылык ага өнөр болбойт. Башка өнөр берем”, - деди эле. А бирок анысы кандай өнөр экенин ал айткан жок.

 

***

 

Үйгө кирген Кадыр ата-баланы:

- Кепеге киргиле, кепе салкын болот, - деп ошого кийирди.

- Жанболду бапалап ысып тургандыр? – деди анан Баймырзага карап.

- Бул жакка караганда ал жак бир аз салкын.

- Элдин эгин-тегини кандай?

- А аштыкка тың. Дыйканчылыктын акыбети кайтчудай.

Эмнегедир Кадыр эшикке кирип-чыга берди. Ал Адыраңга карап:

- Сен бүгүн түнөп кет. Атаңа угузбай айтайын. Баягыда Райымбекке баратып жайчылык өнөрдүн дубасын үйрөткөндө, өзүңдү канааттанбагандай сезип калдың эле.

- Аны кайдан билдиңиз, таяке.

- Кечээки кара атчан түшүмө бекер кирген жок.

Адыраң Кадырды таң калычтуу карады.

- Бүгүн кал. Ана, жездем да келатат.

- Я, Адыраң, жол тарталык. Түш ооп калды. Кеч салкын үйгө жете барабыз.

Кадыр:

- Жезде, сизден бир сураныч, тигил капталдагы арыкты көрүп турасыз, ошондо бир азыраак ишим калды. Ырас көрсөңүз жээнди таштай кетиңиз. Арыктын ичинде чоң таш бар эле, баятан Адыраң экөөлөп чыгарып, кашатка кулатып жибердик.

Таң кала караган Баймырза:

- Мен жардам берсем болбойбу? –деп Кадырды аңкая карады.

- Ой, жарыктык десе! Сизди кыйнап, арык казганга салып коюп, Адыраң экөөбүз кантип карап турабыз? Андан көрө, өзүңүз айткандай, күндүн илеби кайтып калды, эжемди жалгызсыратпай аттана бериңиз.

Далбардай кең далылуу Баймырза эки далысын күүшөп, Адыраң жетелеп келген атын минип, Жонболдуну көздөй жалгыз өрдөп баратты.

- А жээним, жездем капа болгон жокпу?

- Жок. Эмнеге капа болсун? Бир күнү жардам берет экемин, ага эмнеге...

- Ооба. Жайчылыкты бүгүн толук үйрөнөсүң, жээним! – Кадыр жээнине чечкиндүү, тике айтты. – Кол дааратыңды алып кел.

Адыраңдын кулагына Секиртменин кырында угулган жаңырык үн дагы угулду:

- Кадыр туура айтат, Адыраң. Жайчылыкты үйрөнүп ал. Мунун да өмүр соңу жакындап калды. Баса. Баягы түшүңдө көргөн табылгыны ала кет. Алдыңан Алчын чыгат, ага бир аз өнөрүңдү көрсөтүп, табылгыны Супатай аяш атаңа он эки өрүм жылан боор камчы жасат, уктуңбу?! Мен эми сени менен болом. Мен айткнады аткарасың. Намазды түшүңдө үйрөнөсүң. Бар, бара бер! Кол дааратыңды алып кел!..

Улан негедир көңүлү сергип, асманды бир карап алды да, арыта күтүп турган Кадырды ээрчип жөнөдү.

Кадыр намаз окуганга киргенде Адыраң туруп калды. “Азыр окуба, түшүңдө үйрөтөм”, - деген үн кайрадан жаңырды. Эми үн жанагыдан бийик чыкты. Кадыр сезип калды. Намазын окуп бүткөндөн кийин:

- Даярсыңбы, жээним? – деди. Адыраң башын ийкегенде баягы сырдуу жаңырык дагы кайталанды.

- Шашылба! Түшүңдө көргөндөрдү аткарууга убакыт жетти.

Табылгыны унутпай алып кел. Азыр суу тартылып калды, Кадырдан уруксат сурап, үңкүрдөгү жай ташты, табылгыны алып кел да, дубага отур!

Адыраң бир азга унчукпай отуруп:

- Таяке, кече келатканда нан салган баштыгыбыз бар болчу, түшүп калыптыр. Ошого барып келе калайынчы, - деди.

Кадыр ага өзүнүн атын мингизип жиберди. Бир чай кайнамчалык аралыкта Ай ташка жетти. Өйдө карай чуркап чыгып, үңкүрдүн ичин таңкалычтуу карады. Сыйкырдуу таштарга көзү чагылышып, өзүн бир аз токтотуп, четтеги чоң боркулдун түбүндө жаткан түшүндөгү жай ташты таап, артын карай чуркады. Суу жээгине келип, түшүндө көргөн табылгынын арасынан жоон, кызыл табылгыны түбү менен омуруп, ылдый карай – таякесиникине чаап келатты.

Табылгыны бери жактагы боркулдун түбүнө бекитип, жай ташын жүз аарчыга ороп. Чөнтөгүнө салып койду.

- Адыраң, жай ташты түк адам билбесин. Кадыр билсе да эч кимге айтпайт. Бүгүн түнү түшүңдө беш убак намазга жыгыласың.

Сырдуу үн дагы да кайталанып, жанагы: “Мындан ары мен сени менен болом”, - дегенин дагы кайталады.

- А келдиңби?

- Келдим, таяке.

- Кана эмесе, мен дубаны үйрөтөм. Сен күндү жайлап көрөсүң. Баштайлы, жүрү тиги кепеге.

Адыраңдын кулагына тааныш үн дагы угулуп:

- Коркпо! – деди.

Чынында эле Адыраң күндү жайлаш канчалык оор экенин туюмунда сезип турган.

Эки караан, о, көптө - куптан намазы өткөндөн кийин чыкты.

Сыртта жел жортуп, арты шамалга айланып, тигил маңдайкы зоодо кара булут пайда болуп, бери жылып келатты. Бээ саан өтпөй, жамгыр жаай баштады. Бул – Кадырдын жаадырган жааны болчу. Эки бээ саамдан кийин катуу шамал болуп, көптө барып асман бүркөлүп, көнөктөп жамгыр төктү. Кадыр Адыраңга карап:

- Жайчылыгың күчтүү. Минте берсең аялдардын балакетине каласың. Алар каргап-шилей берет. Мейли, ал эчтеке эмес. Деги атаңдын каргышына калба. Жайчылыкты өнөр туттуң. Бирок алдын боройлотуп баштадың. Боз үйү барларга күн жаадырардан мурун: “Үйүңөрдү бекемдеп алгыла!” – деп эскерте жүр. Антпесең шамал алып кетет. Болоору болду, балам. Түн ортосу болуп калыптыр. Сен кепеде жатып эс ал. Мен бала-чакам менен тигил үйүмдө болоюн, - деген Кадыр Адыраңдан жооп күтпөй, “шып” бурулуп ичкери кирип кетти.

Ушул түнү Адыраң түш көрдү. Баягы карыя беш убак намазды үйрөтүп жатыптыр.

Ал чочуп ойгонгондо таң агарып келаткан экен. Эң биринчи жолу сууга чөмүлүп, гусул жасап алды да, көйнөгү менен арчынып, кайра кол дааратын алды.

Жай басып келип, күн чыга электе Багымдат намазын окуду.

Анын үстүнө жаш Раманкулдун кыраатын мурун, жайлоодон угуп калган. Намазды окуп кетиш сыйкырдуу үндүн жардамы менен кыраатын сала окуду.

Баягыдай намазын бүтөөрү менен жалпы кийимин кийип, сыртка чыкты.

Кунанын токуган Адыраң:

- Таяке, мен кеттим. Жакшы калыңыздар, - деп үн салды. Эшикке атып чыккан Кадыр:

- Ой, ал эмнең? Даам ооз тийип чык, - Адыраң кунанынан “шап” түшө калып, үйгө кирип, уктап жаткандардын уйкусун бузбай. Акырын басып тасмалдан ооз тийип:

- Таяке, бир нан алып алайын.

- Ал. Алып албай. Анан!

Адыраң бир нанды койнуна катты. Ал кунанына мине бергенде баягы үн:

- Адыраң, боркулдун астына таштаган камчыңды ала кетсең, унутчаак болбо, - дебеспи. - деди. Ал артка кайрылып, табылгыны алды да, Жанболдуну карай жүрүп баратты. Кунанды текирең-таскакка салып, Адыраң көңүлдүү.

Жанболдуга чыга бергенде алдынан кунанын камчыланып, Алчындын келатканын көрдү.

- Ассалоому алейкум. Аяш атам кечээ эле келди эле, сен жоксуң. Кечинде келип сурасам келе элек экенсиң. Тигил Дербиш колукту алат экен, сени ошого күйөө жолдош кылайын, болбосо өзүм барайын деп убада берип койдум.

Башын ийкеп:

- Алеки салам, - деп учурашкан Адыраң Алчынды биринчи жолу көргөндөй колунан кыса кармап, ат үстүндө көкүрөк тийгизе учурашты. Алчын Адыраңды таң кала карап, көпкө тиктеди.

- Ой, Алчын, сен киши көргөнсүңбү? Оозуңду эле ачасың да?

- Көргөм, - деген Алчын бир аздан соң:

- Өңүң да, мүнөзүң да башкача. Сени мындай болот деп ойлогон эмес элем.

- Э, курдаш, биз пендебиз да, Кудай маңдайга эмнени жазып койсо, ошону көрөбүз.

- Аның туура дечи, ошентсе да...

- Күн ысып чыкты,ээ, мен тигил булакка барып даарат алып алайын.Анан абаны бир аз салкындатып алалык, - деди.

Андан ары Алчындан жооп күтпөй, кунанын жолго таштап, төмөндө шылдырап агып жаткан булакка басып кетти.

Ал кунанын минип бастырган кезде, асманда сур булут пайда болду да, Алчын экөөнө көлөкө түшүрүп, аттардын соорусуна жаан жаап, аны көргөн Алчын Адыраңга кайра-кайра карап: “Бул чын эле Адыраңбы же?...” – деп таң калгандай карады.

Жамгыр Жамболдуга жеткенче жаады. Бирок күн ачык болуп, экөөнүн атынын соорусуна гана жааганына таң калган Алчын:

- Эй. Муну Кадыр жайчы жаадырып жатабы? – дегенде Адыраң:

- Жок, мен жаадырып жатам. Андан көрө береги табылгыны ал да, аяш атама он эки өрүмдүү жылан боор камчы жасатып бер. Бул сага аманат. Колдон келсе бир жуманын ичинде бүтүргөндөй бол, - деп табылгысын дайындады.

Табылгы да бир эле камчы сапка ылайык, кыпкызыл болуп көрктүү экен.

- Баса, камчынын алаканын кең кылсын.

- Болду, болду, ошондой деп айтам.

- Унутуп аткан турбаймынбы, күйөө жолдоштукка бара албайм. Өзүң эле барып келгениң оң го, - деди Адыраң. Анан кунанын моюнга чаап, үйүн карай бурулду.

Үйүнө барганча жакасын карманган Алчын: “Ой, тобо, Адыраң Кудай менен сүйлөшүп калганбы? Болбосо жаанды аттын соорусуна кантип жаадырды? Текши жаадырса да Кадыр жаадырды же табияттын жааны дейт элем,” – деп таң калып кетип барат.

Кунанын сырттагы ат мамыга байлап, “шып” этип атасынын этек жагына отура калды Адыраң. Апасы арыта көртирлик менен алек болуп жүргөн.

- А бу жашооң да балдар ойногон таандай экен, канаты жетилсе бардык нерсе учуп кетет окшойт... Апаң экөөбүз карып калдык, уулум. Быйыл үйлөнбөсөң болбойт!

Баймырза баласына дагы да карап:

Бизди түйшүккө салбай үйлөн! – дебеспи. Бир аз жер чукуп, жарга такалган жылкыдай буйдалып, көптө барып:

- Мейли, ата. үйлөнөйүн. Анан деги, кимдин кызын алып берели дейсиз?

- Ой, бала, - карыса да баатыр мүнөзү калбаган кары кайра сурады, - өзүңдүн назарың түшүп жүргөнүң жокпу?

- Жок, ата.

- Атаңдын көрү, Супатайдын баласы өзү эле көзү түшүп жүргөн кызды айтып, атасы оңой эле куда түшүп келе койду эле. Мейли эми, бул жагын апаң экөөбүзгө кой.

Атасы ыраазы болуп, жыргап күлүп жатканда Эренче сырттан кирип келип:

- Ата-бала, эмне эле жыргап күлүп жатасыңар? – деп калды.

- Эй, апасы, мунуңду “үйлөн” десем, “макул” дейт.

“Көзүң түшкөн бирөө-жарымың барбы?” десем кайра “жок” деп кыткылыктап күлөт, эй...

- Ай, атасы, келинчек алганга али жаш, бала. Жөн эле жарга такап, кыйнай бересиңби?

- Балаң кайдан жаш?! Муну менен тең балдар үйлөнүп, атасынын жүгүн жонунан алып калышты.

Баймырза байбичесине нааразы болгондой ордунан козголуп, бирок далдайган денесин көтөрө албай жаткандай “икий, кокуйлап”, анан тизесин ушалап:

- Ой, мунуң канчага чейин жаш болот?! Илгертен эле атасы баласына өзү кыз тандап алып берчү. Так ушул жумада үйлөнтөм. Ким экен ал, балама кызын бербеген?! Же эмне, менин баламдын башы таз, мурду бучук бекен?!

- Болдучу эми, айланайын атасы, сеники туура!

- Туура! Туура болбогондо анан балаң экөөңдүкү жакшыбы?! Сен “балам жаш” дейсиң, тигиниң да кыйылат...

Баймырзанын жаш кездеги кыялы кармап кетип, уулуна:

- Ушул жумада үйлөнөсүң! Энең айта берет! Андан көрө даяр тургула! – деди.

- Эй, атасы, тандап жүргөн кызың барчылап айтасың да?!

- Айттым го, балаң тандабаса мен тандап койгом! Бел алдыга бир барып келейин. Атаң көрү, Атанбек экөөбүз Корошторго барып жатып калганыбызда. ..

- Качан, бай болгур?

- Өткөн боз кыроодо. Ошол үйдүн кызы Атанбекке жагып калыптыр. Мага карап: “Келин кылып алсаңчы”, - дебеспи.

“Мейли”, - дедим күлүп. Ата-энеси жакшы кишилер экен. Ой, Атанбек деген – сынчы. Ата-энесин кошо сындады. “Атасы ачык-айрым киши экен. Бир аз таркылдактыгы эле болбосо”, - дейт. “Таркылдаса, арты кайрымдуу бекен?” – десем тигиним: “Кудум өткүн жаап өткөндөй эле”, - дейт.

- Кыздын атын сурадыңбы?

- Сурадык – Эренче экен.

- Койчу айланайын, какшыктабай.

- Эренче деген ат сага эле буюруптурбу? ! Болду, ошону келин кылып алабыз.

Баймырза айтканынан кайтпады. Анан да бир үйдө эки Эренче болсо, турмуштун буурусунун кош өгүздөй тартпайбы. Балам экөөбүзгө жеңил болот.

Баймырза айткан кебине өзү маашырлана жыргап күлдү.

 

***

 

“Адыраңга өткөн жылы жайчылыкты чала үйрөтүп калдым эле, эми даана үйрөндү”, - деп санаасы тынган Кадырдын башынан деги эмнелер гана өткөн эмес?

Көп кечигип барып аял алды. Үч балалуу болду. Кийинки аялынан да ажырады. Балдары жаш калды.

“Кызыталактыкы, деле катын токтобос болгонбу? Же маңдайга жазган жазуу ушулбу?” – деген Кадыр кыбаачы Райымбектикине барып бир жан берип, Жампага Түнтөй жеткирип келип, ал жерде Карынбайдын үйүндө өз ыйманын өзү айтып, кайткыс жайга кете берди.

Ал кабар Эренчеге угула элек болчу.

Адыраң Боз-Тектирге бара жатып: “Кадыр жөнөп кетти, бара кел”, - деген баягы сыйкырдуу үндү угуп, Алчынга:

- Апам менен атама айтып кой. Кадыр таякем бул жалгандан өтүп кетти де, - деди да шыр эле Жанболду ылдый кыялап түшүп, дайра жээктей бастырып, кечүү издеп өйүзгө өтүп, таякелеп өкүрүп түштү.

“Кадыр өлдү” деген кабар ар тарапка тарады. Баймырза ноокастап жатса да төшөгүнөн туруп, Эренчиини эрчитип, Супатай байбичеси менен, Алчын, Тооке кошулуп, Ысырыкка жүрүш жасашты.

 

***

 

Адыраңга ушул кеч күз кейиштүү болду.

Кадырдын кар ашына барып келгенден кийин Баймырза катуу ооруп, төшөккө жатып калып, боз кыроодо келбес сапарына жүрүп кетти. Анын өлүмү үй бүлөсүнө тоо кулагандай болду.

Атасы кеткени Адыраңдын бир жак капшыты эңшерилип калды. “Кайран атам, мага канча бел, кубат эле! Эми анын караанын да таба албайм!” – деген жайчынын каңырыгы түтөп жүрдү.

Апасы бир күнү тасмал чекесинде олтуруп:

- Атаң ыракматы болгурга Алчын сени: “Кадыр таякесинен жайчылыкты үйрөнүп келиптир. Бирок бирде ишенсем, бирде ишенбейм... Жайында аттын соорусуна Адыраң жаан жаадырды. Эмнегедир Кудай менен сүйлөшүп жаткнадай туюлат, аяш ата”, - дептир эле. Ошонуң чынбы, уулум? – деди.

Адыраң:

- Ооба, таякемден үйрөнгөм, анын эмнеси бар, апа?

- Анда балам, таза жүр. Бул – адам ойной турган өнөр эмес. Урук-тукумуңа кетет. Кадыр: “Жайчылык өнөрдө кара ниеттик кылсаң этегиң жакшы болбойт”, - деп айтчу. Өзү да көп чечиле бербей, көп сыры ичинде катылып кетти. Таякеңдин сага карата керээз кеп айтканы болдубу?

- Жок, - Адыраң көп нерсени жашырып койду.

- А балам, таякең жайчылыктын да кыйын түйшүгү бар экенин айтчу. Бирок өзү жайдары жүрүп өттү, эсил иним...

Эренче инисин эскерип, көзүнө жаш алып, тамак ичилип бүткөн кезде:

- Балам, атаң менен таякеңдин арбагына куран окуп кой, - деди.

Куранды кырааты менен окуган жайчынын үнүнө энеси магдырап, бир эсе уулунун ушундай эрезеге жетип калганына сыймыктана, келинин карап койду. Келини да кайненесинин оюн түшүнүп, ынангандай, унчукпай жер тиктеп тим болду.

Жамболдунун суугу катыраңына алып катуу. “Тү” деген түкүрүк жерге түшпөйт. Адыраң улам отун-сууга чыгып, артынан келген отунду түгөнгүчө жагып, кайра эле отун алганы кетип жүрдү.

Бир күнү отундан келсе, аялы апасынын чекесин басып, эки колун укалап жатыптыр.

Отунду аттын үстүнөн түшүрө салган уулу энесине жеткиче шашты.

- Э, апа, эмне болду?

- Табым болбой турат, балам.

- Өзүңүздү жылуу кармап, тамакты күчтөп ичсеңиз жакшы болуп кетесиз.

Энеси саргайган көзү менен баласын карап койду.

- Кыдыр тамырчыны алып келейинби? – деди уулу.

- Мейли, чакырсаң чакырчы...

Адыраң атын тез минип, жогору желдирип кетти.

Эки атчан эрчишип, чай кайнамча убакыттан соң келип калышты.

- А эне, ден соолугуңуз кандай?

- Билбейм. Көптөн бери ныксырап, алым жок. Аны буларга билгизбейин деп, ичимен болуп келдим эле. Эртең менен турсам табым айнып калыптыр. Жүрөгүм эле айланат.

Тамырчы эки билегин оңду-солду салыштыра кармап, Адыраңга:

- Сары жыгачка киринткиле. Сакайып кетет. Эмки жумада бир келип кетем. Кандай оокат ичишти ошондо айтып берем.

Тамырчынын: “Эмки жумада келем”, - дегени Эренчинин мээсине сиңип калды.

Адыраң көп кылып сары жыгач кыйып келип, таза сууга жууп көпкө кайнатты. Келини энесин киринтип, кийимин которуп, кургактады.

Эренче бул түнү тынч жатты. Эртеси көзүнүн сарысы жоголуп, ичине батып кетиптир. Ошол күнү жүрөгү айланып, кан кузду.

- Я балам, бүгүн кайсы күн?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

- Жума эмеспи, апа.

- Ии де, ошону да билбей калыпмын. Эми... тиги келинчегиңе жардам берип жүр.

- Эмне деп атасыз, апа?

- Дегинкисин айтып жатам да.

Ал калп эле сыртынан жылмайган болду.

- Апа, жакшы болуп кетесиз, тамырчы өзү айтпадыбы. Түш оой келип калат. Ошондо дааналап карматсаңыз, тамырыңызды.

- Ооба, балам, - Эренче бош унчукту. – Күн тийип турабы?

- Ооба, апа.

- Асман ачыкпы?

- Асман ачык. Эшикке чыгып, бир аз отурсаңыз?

- Ошентейинчи, балам, - эне обдулду. Бирок козголо албай койду:

- Балам, мени ордума тим койгулачы. Келин балам, башымдагы жаздыкты алып койчу, жаным жер тартып баратат.

Адыраң апасынын башын өйдө көтөрүп, келин бала жаздыкты алды.

- Келме келтирсеңиз жакшы болуп кетесиз, - деди шашкалактаган Адыраң апасынын жалган дүйнө менен коштошуп баратканын билип, келмени эстетип. Эренче бир аз чыйралгандай кыбыланы карап жатты да, ошол эле замат үнү чыкпай, тынчый түштү. Так ошол маалда тамырчы менен Жооруке молдо кирип келишти.

Адыраң тамырчыны кучактап ыйлап ийди. Тамырчы Адыраңды силкилдетип, “тып” токтотту. Жооруке Эренчеге ыманын айтып бүтүп, ансыз да бутун түз сунуп жаткан аялдын көзүн бир аз ушалап жумдуруп, келинине карап:

- Балам, коркпо, жоолугун алып бер, жаагын өйдө кылып коёюн, - дегенде келин бышактап ийди. “Денеси катканча” деп, көптү көргөн молдо Эренченин өз жоолугу менен ээгин өйдө көтөрө таңып койду.

Эренченин ооруп жатканын билген аялдар келе башташты. Анын үстүнө тамырчы да Эренче апа жөнүндө элге мурунтан эле кабарлап койгон. Өйдөтөн келгендер өкүрүп түшүп, бат эле Эренчени жайына алып коюшту.

Жооруке молдонун кеңеши менен Эренче ээсине эртеси тапшырылды. Эки жакка кеткен кабарчылардан угуп Алмалуулуктар, Ач–алмалыктар, Толуктуктар, Чаар-Таштыктар түндөп жете келишип, топурак салганга жетишип калышты.

Күнүгө апасына куран окуп, ээрин көчүгүнө коюп эшикте көпкө ойлонуп отура бермейди адат кылып алды Адыраң.

Бу жолу да: “А атаңдын көрү, өмүр токтобойт экен го? Жашоо дегениң ушундай экен го?” – деп демин сыртка чыгара, жеңилденип алды.

Ошол кыштан киийн анын жайчылык өнөрү элге кеңири таанылып, дан багарлардын: “Таруу, буудайыма күн жаадырып бер?” – деп келээрин анда ойлогон эмес.

Апасы кайтыш болуп кеткенден кийин Адыраң берген табылгыны камчы кылып жасатып келген Алчын экөө көпкө сүйлөшүп, келерки жазды кеп кылып отурушту.

 

***

 

Бул жылдын жазы эрте келип, жайы катуу ысыды. Ачыктын түзөң жерлеринде Алчын, Беделбай орток болуп таруу айдап, андан башка да бир топ жатакчылар эгин себишти.

Кургакчылыктан суу жетпей, Ачыктын эгини сууга чаңкап турду. Адыраңдын жайчылык өнөрүн билген Алчын элге:

- Ой, ал олуядан кем эмес, кааласа күн жаадырып, кааласа ак жайдын күнү муз тоңдурат, - деп жайып жиберди.

Анан өзү да Адыраңга келип:

- Баягы өнөрүңдү элге пайдалан. Күндүн ысыгын көрүп атпайсыңбы, - деп аны Боз-Тектирдин жогору жагындагы кең түстөгү эгинге эрчитип келди.

- “Өнөрүң болсо өргө чап”, күндү жайла, Адыраң! Антпесең эгин күйүп кете турган болду. Элди ойло! – деди. Анда Адыраң Алчынга:

- Болуптур, күн жаадырып берейин, бирок аялдардын каргышына калбайын, ар бир үйгө эскертип чык, - деп эскертти.

- Ой, азыр эле айылды кыдырып чыгам, - деген Алчын: “Боз үйүңөрдүн жабуусун бекемдегиле, азыр Адыраң күн жаадырат! ” – деп айтып чыкты.

Адыраң булактын башына өзү жалгыз кетти. О көптө барып Сакман тоосунун башына үзүктөй кара булут пайда болду. Ал акырындап жайылып, Ачыкта сыдырым жел жүрүп, арты топурак учурган катуу шамал келди. Акырындап, шамалдын алы-күчү кеткендей, арты ак жаанга айланды. Күн үч күнү бир калыпта жаап турду.

Бул өнөр Ач-Алма, Алмалуу, Толук, Чаар-Таш өзөнүнө чейин жетип, ал жактан да Адыраңды алып кетүүчүлөр көбөйдү.

Адыраң буту-бутуна тийбей бирде мында, бирде анда, акыры ар кайсы эгиндүү өндүрдөн көрүнүп жүрдү.

Толукка барганда Акбайдын суранычын аткарып күндү жайлап,ал айылда да аялдар боз үйлөрүн бекемдеп, адегенде көп сөз кылбаган келин-кезектер кийинки үчүнчү, төртүнчү жаан жаадырганда:

- Шамалдатпай эле жаадырбайбы, болбосо жааны менен кара жерге кирсин! – деген күңкүл сөздөр Адыраңга жетип турду.

Арадан эки-үч жыл өтүп, анын өнөрү менен жалпы эл тааныш болуп калган кезде Молдаалы жолугуп:

- Арык чыгарып берейин, кийинки жылы тигил кашатка алма тик. Сенин алмаларың шырыктай узун болгону менен жакшы мөмөлөйт. Жазда Ачыктан көчүп кел, - деди.

Адыраң макулдугун берип, кийинки жазда Молдаалы айткан кашатка көчүп келип конду. Арык казып, агасынын жардамы менен алма отургузду. О, алмасы бир укмуш болуп көктөдү дейсиң! Алмалуунун суусунан алган жеңдүү билектей суу тынбай агып турду го. Ошол жерге ылай ачытып, там да салып алды.

“А жашоо, атам Баймырза, энем Эренче өттү, Ачыкта. Негизги кыштоом Ачык болбосо болбочудай”, - деп туурун самап, ал жакка да там салууну ойлоп, бирок муну Молдаалыга айткан жок.

 Тобо, атасы айткандай, жубайынын аты да Эренче болуп калганын айтпайсыңбы! Эренче да өз атын өзү тергеп: “Атың ким?” – дегендерге: “Адыраңдын зайыбы”, - деп жүрдү.

Адыраң кер мурутун серптирип, шыңга бойлуу, басса ылдам кадам шилтеп, катарлаш бараткан адамынан кыйла алдыга кетип калат. Атчан жүргөнгө караганда жөө басканды жакшы көрөт. Ачыктан багымдат намазын окуп бүтүп жөө Толукка барып, ишинин этегине чыгып шам намазын Ачыкта окучу болду. Эки чоң айылдын аба ырайына көз салат.

“Толукка караганда Ачык бышыкчылыктуу. Мөмө-жемиш да тез бышат. Айырмасы он үч күндөй болот,” – дечү.

Адыраң - Аманкул, Калыгул деген эркек балалуу, Бүбү аттуу кыздуу болду.

Мезгил зымырык куш тура. Тигилери да бой тартып, өзүнүн кер мурутун ак аралай баштады.

Жатакчылардын эгинине күн жаадырып, кээде үй бүлөсүнө айтпай, белгисиз жактарга келип калып да жүрдү. Бирок ал айыбы тез эле ачылып: “Адыраң куучу экен, ал боз үйгө баш бакканда эле көзү бозоруп жаткан аял көзүн ачып, эсине келип, наристесин эмизип калат”, - деген кеп эл арасына тарап кетти. Имиштер көбөйдү:

- Ошол чын го, кээде аты жок эле камчысын өрүмү менен бүктөй кармап кетип баратканын көргөндөр бар экен.

- Эмне, камчы менен келинди чабат бекен?

- Жок, кокуй, жөн эле эшиктен кирип баратканда кара баскан аял көзүн ачат дейт. Сыягы албарстысын кууй турган касиети бар го.

- Аны кайдан билдик.

- Кыскасы, ошол камчысында касиет бардай. Анысын ээрдин кашына кыстарып койгондо аты да тынч турат.

- А аның албарстыны кубалаган камчы турбайбы!

- Таң. Ачыгын билген эч ким жок. Кыскасы, камчысы колунда болсо өзү да жайдары. Басканы да ылдам. Атка минсе, кашаң ат болсо да тез басып калат дейт.

Ушундай кептер эл арасына жайылып кетти.

Алыстан ат арытып чабаганчы келди:

- Жайчы бар бекен?

- Бар. Аттан түш, даам ооз тий.

- Сизге жиберишти эле. Жампада Сейит кудаңыз баш болгон ондой жатакчынын таруусу күнгө күйүп кете турган болду. Сизди келип, жардам берсин дешти.

Тору тобурчак минген улан эч нерседен иши жоктой, жоого жигит чакырып жүргөнсүп айбаттуу үн катты.

- Жакшы иним экенсиң. Ке, аттан түшүп, даам ооз тийип чык.

Тигил жигит даам ооз тийүүнүн ордуна:

- Сиздин да он тешедей коногуңуз бар экен го, ошону отогонго баласын ала келсин деп калды.

- Деги сен кимдин баласы болосуң?

Ал жооп бербей, атынын башын буруп, бастырып жөнөй берди.

- А жаман десе, сөзүнүн ороюн, мунун! “Темене тартып төө алат, тартуу кылып чай алат” дейт го. Кой, Аманкулду эрчите кетейин, - деп уулун атына учкаштырып алды.

Күн бата Жампага жете барышты. Саратан чырылдап, ысыктын илеби бир аз сууй түшүптүр. Өзүнүн таруусунун баш жагына барып, уулу экөө жасаган алачыктын эшигине түшүштү.

Күүгүм кирип калды.

Жайчы Ачык тарапты карап, бир нерседен кооптонгондой уулуна жүз бакты. Анын кулагына сыйкырдуу үн угулуп жаткан эле.

- Аманкул, мен Ачыкка кеттим. Ме, береги тебетейимди кийип ал.

Ал алачыктын шыбына илинип турган тебетейин уулуна берди:

- Коркпой жат. Түндө бирөөлөр келип, жуурканыңды ачып: “Бул ким?” – десе унчукпа. Балким алар тебетейимен таанышат. Балким унчукпай кетип калышат.

Жайчы кызыл сап камчысын алып, атына камчы берип, эшиктин алдынан тез узап кетти.

Аманкул кепенин караңгылыгынан коркуп, Айды эш тутуп төшөнчүсүн сыртка салып жатып алды. Көпкө чейин жүрөгү түрсүлдөп, уйкусу келбей жатып, кантип уктап кеткенин өзү да байкабай калды.

Суу жээктеп, салкындыкты ала келген дабыш Аманкулдун жуурканына кырын ачты. Аманкул ойгонуп кетти. Тигил караандар айдын күүгүм жарыгында баланы карап:

- Ой, Адыраң эмес, тебетейи экен. Уулуна кийгизип... коркпосун дегени го...

Караан атасынын артынан кеткендей болду. Аттардын дабышы улам алыстап барып, акырындап угулбай калды. Аманкул атасынын “коркпой жат, бирөө сураса унчукпа” дегенин эстеп, кайра уктай албай жатып, таңга маал гана көзү илинип кетти.

- Аманкул, тынч жаттыңбы, балам? – деген атасынын үнүнөн улам ойгонуп кетти.

- Эмне, өңүң бозоруп калган. Корктуңбу?

- Жок, - бала бош унчукту.

- Алар келип кетишкен турбайбы. Менин артыман жете барышты. Кулан жеңең уулдуу болду, аман-эсен көз жарып алды.

Аманкул атасына жооп берген жок.

- Коркпо, балам, ошо сага келгендер жардам бербесе... Кулан шордуунун өпкөсүн сары ит эбак алып кетиптир. Ошо сага келгендер жеңеңдин өпкөсүн кайра алып барышпадыбы. Бу жерден кеч аттанып калыпмын.

Адыраң атын отко коюп, уулу салган төшөктүн бир жак бетин ачып, уулун жыттып:

- Коркпо, чоңойдуң... Эми тала-түздө көп болосуң. Ананайын, ананайын... – деп уулун сыга кучактап эркелетти. – Сен жата бер, уйкуңду кандыр. Таң агарып келаткан тура, - деп кол дааратын алганы кепенин артын карай басып, капталдай аккан булакты көздөй кетти. Аны уулу байкап турду. Уйку-соонун арасында атасынын карааны Ачыкта жүргөндөй сезилип атты.

 

***

 

Адыраң жайчылык менен куучулукту бирдей кармап жүрдү. Орто-Жонго таруу эккен жатакчылардын чый-пыйы чыгып, Кудайдан тилегини эле – жамгыр. Ал жрге атайын Алмалуунун суусунан арык алып чыгарышкан экен. Бирок бу жылы өзөндө суу аз болуп, эски арыктын нугу менен суу Орто-Жонго чыкпады.

 

***

 

Күүгүм. Жайчы эшиктин алдындагы ат мамыга атын байлап, үйүнө кирди. Төрдө олтруган карыяны көрө чочуп кетти:

- Келиңиз. Сиз келгенге жетине албай турам. Быйыл кургакчылык болуп, жатакчылар сугаттар куруп, бир чети жаан да жаабай, кыйналып кетишти.

- Байым, ким менен сүйлөшүп жатасың? – Эшиктен кирип келаткан Эренче күйөөсүнө таң кала карады.

- А балам, башка күнү жолугушабыз. Мен да беймаал убакта келген окшойм, - карыя ордунан козголо берди.

- Жок, аксакал, бүгүн түнөп кетиңиз. Сизди көзгө сүртө албай жүргөнүмдө! ..

- Оп, балам ая, бүгүн болбосо, дагы бир күнү түнөөрмүн. Шашпай турсаң...

Тигил шадылуу манжалары менен жайчыны далыга таптап, ордунан козголо эшикке бет алды. Аны Эренче көрбөй калды.

Жайчы ордунда нестейип, көпкө отурду.

- Ой, эмне болду, ичкери кирбейсиңби? – зайыбы Адыраңга таң кала карады.

- А болбой калды, бекер кылдың байбиче!

- Ким менен сүйлөшүп жаттың эле?

- Өзүм менен өзүм.

- Жинди болбочу, өзүң менен өзүң качан ушинтип сүйлөшчү элең? Антпей эле жашырып жатпайсыңбы.

Жайчы куурай терип келаткан эки уулун карап койду. Балдардын апасынын ыңгайсыз суроолоруна ичи чыкпады. Ичинен кейиди. Өзүнө көрүнүп. Башкаларга көрүнбөгөн адамын аяп кетти. “Капа болбосо экен. Ай-йе, ыңгайсыз убакта жолугуштук. ..”

Ушул түнү баягы карыяны түшүндө көрдү. О, жаш кезинде бир жолу жолуккан эле. Анда башына күлөө, үстүнө чапан, буту жылаңайлак болчу. Бул сапар баш кийимин жаңыртып, топуга алмаштырып алыптыр. Калган кийими ошондой эле экен.

...Өзү шар аккан суунун боюнда турат.Эки тарабы аска-зоо. Күн тоого жашынып, кеч кирип калыптыр. Тоонун этегиндеги калың өскөн теректер жалбырактарын шамалга дирилдетип. .. Арасынан жанын безеп, сүтак өз атын өзү чакырып “Сүтак, сүт-ак” деп сайрап жатты. Карыя аны көпкө тыңшап турду. Баса, бир тешедей жерге суу кабак айдап коюптур. Ал кимдики экени белгисиз. Айтор, бир кылка бышып калгандай. Аларды көрүп, карыянын жүзү жайдары.

Айдын он беши. Анын жарыгы улам күүгүм кирген сайын сүттөй жарык. Сүтак дагы эле өзүн-өзү “чакырып”, сайрап жатат.

- А келдиңби, жайчым? – тиги карыя Адыраңга тике карады. - Өзүм да үйүңө беймаал убакта барып калдым. Бул дагы тагдырдын тамашасы. Балдарыңдын энесин ыңгайсыз абалга алып келип койдум окшойт.

- Жок, андай дебеңиз. Балдардын энеси өзү деле ыр-чырды анча каалабайт. Ашыкча кеп-сөзү жок.

- Көрдүм балам, сага катуу айтпаса болот эле...

- О, олуям, эрди-катындын ортосунда андай кептер кете берет. Аны эрөөн-терөөн албайм.

- Ошентсе да айтып жатам да, уулдардын атасы. “Жаман айтпай жакшы жок”, зайыбыңдын сапары карыптыр...

Адыраң чочуп кетти:

- Эмне дейсиз?! Балдарымды кантем?!

- Бу Жараткан экөөбүздүн оюбузга койсо го... Андан көрө береги суу кабактардын бышыгынан бирди тандап берейин, булут байлап ал. Ал канча көп тамчыласа. Жамгыр ошончо жаайт. Жашың өйдөлөгөн сайын алы-күчүң кетип баратат окшойт. Өзүң теңдүү ак ниет байлардан курдаш күтүп, күчтөнүп тамактанып алып, анан жамгырыңды жаадыр. Жай ташыңды бекиткен жериңден карачы? – кары жылмайып күлүп койду. Жайчы көкүрөк тушундагы чөнтөгүн сыйпалап, жүзаарчыга ороп катып койгон ташын таппай калды. Кары каткырып күлдү:

- Турмуш ошондой болот, жашоо керемети ошондой, жайчым. Ал жай ташты эми таппайсың.

Адыраңдын өңү кумсара түштү:

- Андай дебе, олуям, андай дебе! Күн жаабаса, жатакчылардын эгини эмне болот?! – ал карыяны жалынычтуу карады.

- Жараткан өзү берет. Мен сага далай жардам берип, жаныңда жүрдүм.Береги суу кабакка булут түнөтүп, жайчылык өнөрүңдүн дубасын кырк жолу кайталайсың. Шашма элең, эсиңе тут, жан аяк менен толо сары май ичип, анан дубаңды баштайсың. Ансыз күч-кубатың жетпейт. Дубаны дагы эле агын суунун жанына барып дааратыңды алып, анан баштап жүр. Келечегиңе жакшы, өсөөрүңө жакшы. Агын суу баарын тазартат.

Адыраң нестейип, карыяны көпкө карай берди.

- Ой, жаш эмессиң эми, - топучан адам жайчыга карап жылмайды:

- Эртең Ачыктан береги суу кабакты алып келесиң. Калганын өзүң билесиң, дуба окуп булутту кийресиң. А баса, жайчым, Закман тоосун унутпа, чокусуна үзүктөй кара булут байлап коюп жүр. Анын көп пайдасы тийип, керекке жарап берет.

Карыя бу саам да жылмайып карады. Адыраң анын же сынап жатканын, же алдыда дагы көп иштериң бар деп жатканын аңдап биле алган жок. Тек гана башын ийкеп, макулдугун билдирип, муюп укту.

Жайчы чочуп ойгонуп кетти. Эки жагын каранып алды.

Эки баласы бышылдап уктап жатат. Кызы – энесинин койнунда капарсыз. Көргөн түшүн эстеп, тынчы кете берди. Түн ортосу оой гана көзү илинип, мемиреп уйкунун кучагына кетиптир.

Түшүнө жанагы карыя кайра да кирди. Ал бу саам топу кийип алыптыр. Жонунда чапаны жок. Жеңил, жеңи жок ак көйнөкчөн, колунда таягы бар. Ак дамбалынын багалеги жылаңайлак согончогун жаап турат.

Ал Адыраңдын үйүнө кирип келип, балдарын кыдырата карап коёт. Тынч уйкуда жаткан зайыпты көпкө чейин карады да, өзүнчө бир нерсеге капа болгондой. Адыраңга көз тикти:

- Балдарың эрезеге жетип калыптыр. Энесинин түйшүгү береги кызыңа түшөт экен, э? – башын чайкагансыйт.

Адыраң дагы да чочуп ойгонуп, аялын карады. Баары мемиреп, эч нерседен капарсыз уктап жатышат. Жалгыз эле өзүнүн жаны жай албай, карбаластай берди.

Таң супа салганда даарат алмакка төшөктөн туруп, сыртка бет алды.

Жүрөгү дүкүлдөп, бир чети Эренченин өмүрүн ойлосо, бир жагынан балдарынын тагдырына кейиди. Күн чыга электе багымдат намазын окуду.

Бүгүн күн ого эле катуу ысып чыкты. “Атаңдын көрү-ү, жашым өтүп баратканда. ..” – Адыраң оор улутунуп алды. Бирок ичиндеги чакчалекей түшкөн оюн эч кимге билдирбеди.

Эки күн үзгүлтүктөн кийин Ачыкка барып, суу кабак айдаган адамды издеп тапты. Кудай жалгап Илепес суу кабак айдап, түшүмү мол болуптур. Суу кабактын бир жакшы касиети бар. Каймак сактап койсоң түк бузулбайт. Жарыктын касиети кымыз сактаган чаначтай эле бар. Даты да болбойт. Кудум аш кабактын өзү сыяктуу, ичин оюп идиш жасап ал да, пайдалана бер.

Илепестен соодалашып алган суу кабагын алды да, Закман тоосун карай бет алды.

Тоонун капталындагы арчалуу бетке атын байлап коюп, андан жогору жөө жөнөдү. Эт бышымча убакыт жүрүп, тоонун чокусуна чыкты. Бийик чокудан тигил жагы Кетмен-Төбө, бул жагы Толук, Төө-Камачуга чейин даана көрүнөт экен.

Соо эле жүргөн аялын ойлоп, дагы зээни кейип кетти: “Кечээ эле турмуш кургандай болдук эле, убакыттын тез өткөнүн кара. Эми минтип, балдар эрезеге жеткенде...”

Балдарынын көрөр күнү кандай болот?”

Тик асканын капталдай элик качты. Колунда куралы болбосо да аны артынан узата карап, көрүнбөй калгыча карап турду. Айланасына көз тикти. Бир колунда суу кабак, бир колунда табылгы саптуу камчысы.

Канчалык алаксыгысы келген менен өгүнкү түшү эсинен кетпей, кайра-кайра көз алдына келип туруп алды. Жүрөгү “тыз-тыз” этти. Ойлонбой, кейибей турган ишпи?!. Эки көзүнөн мөлтүлдөп жаш кулады. “Мен кызык экемин деги, түшкө ишенип!” – ушинтип да көрдү. Бирок өзүн-өзү алдай алган жок.

Зайыбы болсо эч нерседен капары жок...

Адыраңды алдына суу кабакты коюп алып, көпкө ойлонуп отурду. Атасы Баймырза, энеси Эренче элестеди. Арасынын аралыгы жарым жылга жетпей, эрчишип кете беришпеди беле экөө да!

Асманды тиктеди. Өзөндөгү тунук суу менен тиктешкен көпкөк асман... капилет чыккан сыйкырдуу, тааныш добуштан “селт” этип чочуп кетти.

- Бул жакка эмнеге келдиң? Жатакчылар ишенген жайчы сендей болобу?! Куучу сендей болобу?! Тур ордуңдан!

Адыраң ордунан тике тура калды.

- Дааратың бузула электе суу кабакка булут чакыр!

Үн коркунучтуу дагы, бир чети дем бергендей ишиничтүү чыкты. Жайчы үйрөнгөн дубасн кырк бир жолу жай окуду. Суу кабакка аппак кебездей булуттар толо түштү. Суу кабактын капкагын жаап, Адыраң шалдайып отуруп калды. Ордунан турайын деп обдулду. Тура алабады. Дагы да көпкө отурууга туура келди. Күч-кубатынын бардыгын дубага жумшап окуп, өзүнө күч келгенче асманды тиктеп көпкө жатты.

Алдыдагы арчалардын арасынан баягы күлөө кийген кары көрүндү. Адыраң сүйүнүп кетти.

- Пендем, пендечилигиңди ушул жерде да, жалгыз жатып алып жасап жатасыңбы?

- Алым кетип турат...

- А жайчым... – кары жылмайып, күлүп койду. – Күч-кубат берейинби? Эми сен Закманга булут байлаганы кийин келесиң. Ага азыр дараметиң жетпейт.

- Эмнеге? – Адыраң ордунан тура калды.

- Үйүңө тез бар. Зайыбың бул жалган дүйнөдөн өтүп кетти.

- Эмне дейт?! – Адыраң ордунан козголо бергенде карыя:

- Суу кабагыңды унутпай ала кет. Мен сага канча жолу эскерттим. Узак өмүрүңдү кыскартып ала турган болдуң го, Адыраң! – деди тиги кары. Жайчы:

- Эмнеге? – дегендей суроолуу карады. Кары ага жооп бериштин ордуна:

- Үйүңө тез кайт! – деди да өзү көрүнбөй кетти. “Аттиң, түшүм туш келген экен го?!” – каңырыгы түтөп кетти. Түтпөгөндөй, үн кайра да угулду:

- Эй, пенде, эмне туруп калдың жалдырап? Болоору болду го! Кайраттанып, артыңа кайт эми. Үйүңө жетээрде суу кабакты бекитип кой. Белгиң ошо болсун, алдагы арчанын бутагын ала кетип, үстүнө таштап коюп кете бер. Алдыңдан кишилер чыгат, артыңа кылчайбай тез жөнө!

Адыраң келме келтирип, атына камчы басып, шашып келатты.

 

***

 

Аялы өлүп, эки уул, бир кызы менен калды.

“Гм... де! Бардыгы келди, бардыгы!.. Кимге акаарат кылдым? Кимисинин көңүлүн калтырып, кыйыктандым? ! Кимисинен алкоо, кимисинен жеме уктум, а Теңирим?!”

Адыраң асманды тике карап, кайра өзүнө келгендей шалдырап көпкө отурду.

 

***

 

Башынан Айдаркан экөөнүн мамилеси жакшы болчу. Дагы да болсо ошол көңүл айтып, Адыраң жайчылык кылып талаа-түстө жүргөндө балдарга каралашып, аш катык кылып тургула деп согумуна кой таштап кетип жүрдү.

Бу саам да үйүнө келген Адыраң балдарынан Айдаркандын келип кеткенин укту. Аманкулга карап:

- Балам, “Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат” дейт элде. Көп жатак болбой эмгек кылып жаныңды бак. Колуңдан баары келет. Илгертен “атасы көрбөгөндү уулу көрөт” дейт. “Энеси көрбөгөндү кызы көрөт” дейт. Боз таркылдактай үн чыгарып, ини-карындашыңдын эсин чыгарба. Ошолоруңду ардактап күтүп ал. Сени сөз угат деп, улуу деп айтып жатам. Экинчи мүчөлгө караган уул-кыздын жаштыгы калбайт. Баса, Айдаркындын баласы менен бирге жүргөнүңдү көп көрөм. Экөөңдү достоштуруп коёюн. Күтсөң күтүп аларсың, өнөрүн аларсың, - деген жайчы улуу баласын бышыксын дедиби, катуураак айтып, жемеге алды.

- Ошол күнү түш оой Борошбай Адыраңдыкына козу өңөрүп келип түшүрүп: “Атам береги карындагы сары майды берип ийди эле. Эгинибизге суу жетпей...” – деп андан аркысын айтпай, канжыгадагы баштыкка салынган чоң карын майды жайчыга узатты.

Адыраң боз уланга жайдары карады:

- Түш, аттан, ат үстүндө соодалашпайт, үйгө кир. Я, Аманкул, Борошбайдын быштысын бир аз тыныктырып, анан отко коюп кой. Бутун тушабасаң, бул жерге көнбөгөн ат кетип калбасын.

Кызы Бүбү кемегеде от жагып, тамак бышырып жүрдү. Көптөн бери көңүлү суз жүргөн жайчы Борошбайды үйүнө киргизип, жүктүн артындагы суу кабагын алып чыкты.

- Я, Аманкул, каяктасың?

Баласы “шып” кирип келди. Адыраң Борошбайга карап:

- Балам, жүзүң жайдары, бешенелүү бала экенсиң. Аманкул экөөңдү достоштуруп коёюн, - деди. Жайч ыөзүн таң кала караган эки баладан жооп күтпөй, суу кабагынын капкагын ачып, сөөмөйүн акырын салды да:

- Эңкейгиле! Берирээк, - деп эки уланга карады. Эки баланын тең бетине баягы өзү салып бекитип келген булуттан сыйпады.

- Мына балам, экөөңөрдүн бетиңерге мен сүйкөгөн белги кызыл тарам-тарам болуп, укум-тукумуңарга чейин кетет.

Борошбай, мен Ачыктан келгиче досуңдун жанында бол. Береги сары майыңды Ачыкка ала кетем.

Жайчы аны эмне кылаарын айтпады. Тек гана эшикте байланган атына минип, Айдаркандын эгинине жаан жаадырганы Ачыкты карай жөнөп кетти.

Жолдо баратып: “Атаат, жаштык өтөт экен. Карылык экөөнүн ортосу бир эле сөөм тура. Көз ачып жумганча алтымыштын кырына келип, бел чечпей жайчылык менен алпурушуп келатам. Теңирим, мындан ары берериңди унутпа. Жаш өйдөлөгөн сайын күн жаадырганга күч-кубат керекболот экен. Кечээ эле көзү өткөн таякем Кадыр: Жээним, жайчылыкты өнөрт туткандан кийин, элдин ичинде оозар адамдар жок дейсиңби, бирөөсү болбосо бирөөсү катуу айтып коёт. Аны да кечире бил. Жаш өйдөлөгөн сайын күч-кубат кайта баштайт. Сары май ичип кубат албасаң, күн жаабай, ордуна үзүк-туурдуктарды делпилдеткен шамал болуп, далайдын жемесине каласың”, - деди эле. Анысы да чын келди. Жаш өйдөлөгөн сайын дененин күч-кубаты кайтат тура.

Адыраң элден сары май чогултуп, жан аяк менен бирди ичип жиберип, күндү жайлап жүрдү. Аны Айдаркан жакшы билет.

 

 ***

 

Ат үстүндө үргүлөп бараткан Адыраңды уйку-соонун ортосунда баягы тааныш үн дагы ойготту:

- Жайчым, жашың өйдөлөп баратат. Бел чечкенге аялың жок. Ооруп-сыркоолоп калсаң келин менен кыз жаныңда болбойт.

Адыраң чочуп кетип, аттын тизгинин тарта ордунда көпкө нестейди. “Ушул барышымда Айдаркан менен Алчынга жолугуп, сырымды айтайын. Мухаммед пайгамбарыбыз деле төрт зайып алган тура...”

- Ой, эмне деп жатасың? Ал өзүңдүн ишиң.карып баратканда өз камыңды ойлосоңчу, - деди баягы тааныш үн.

Тааныш, жаңырык үн жайчыны зекигендей, Адыраң калыбына келе түзөлө түштү да, атына камчы шыбап, алдыга жүрүп кетти.

 

***

 

Ал шашып баратты. Жетээр жерине жетип, күндүн чыйылдаган ысыгында Айдаркандын эшик алдынан үн катты:

- Ой, Айдаркан, барсыңбы?

Ысыктан көлөкө тандап,таруу коруп жаңы эле келген үй ээси жайчынын үнүн угуп эле эшикке атып чыкты.

- Бар эмей, анан!..

Андан ары саламдашкандын ордуна өзүнүн өтүнүчүн айтты:

- Э, жайчым, күн бапалап, таруу күйүп кетмей болду...

- Э, анын да дабасы табылар... Бул карын майыңды эмнеге берип жибердиң?

- Күндү жайласын дегеним...

- А баатыр, Толукка жиберип, мага көтөртпөй, тек үйүңдө сактай турганыңда болмок экен. Өзүм баары бир келет элем да. Балаң барса мен кантип келбей коёюн.

- Бул жерде деле май бар эле да, тим койсоң болмок экен.

- Жиберген сары майың карында челкилдеп турса, жөн коймок белем. Ушул май менен күн жаадырам.

Адыраң атынан түшө калып, а дегенде кашатка эңиштеп барып, суу жээктеп көпкө жоголду.

Күн батышка кыңкайып баратканда Закман тоосунан үзүк-үзүк, тармал толкундуу булуттар өйдө көтөрүлүп, батыштан чыгышты карай жел жортту.

Айдаркандын үйүнө жете келген жайчы:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Айдаркан, нан улук, наныңдан ооз тийгизип, жанагы мен ала келген карындагы майыңды ала чык. Башкасына алмаштырып койбо? – деди.

- Алмаштырбай калайын, - Айдаркан чебеленип кетти.

Сары майды жыгач табакка куйдуруп, кылкылдата жутту.

- Кой, мен кайра кеттим.

Кашатка түшүп, сууну жээктей басып кеткен жайчы кара отунду аралап, анын карааны далайга чейин көрүнбөй калды.

Батыштан соккон жел катуулап, шамал боз үйлөрдүн үзүк-туурдуктарын дебектетип жатты. Катуу соккон жел жаанды кошо ала келди. О көптө барып асманды кара булут каптап, дыбыратып жамгыр жаады.

Күнү-түнү дыбыратып жааган жамгырдан улам кызыл кыя ылдый кыян жүрүп барып, эки күн дегенде булуттар сүрүлө баштап, күндүн көзү көрүндү.

Чоң ташка көчүк коюп отурган Айдаркан:

- Я, Адыраң?

Адыраң аны тике карады. Эки көзүнүн жээктери кызарып, кыйналган түрү бар.

- Бу сенин тегиңди го баарыбыз эле билебиз. Атаң куран окугандан башка, беш убак намаз окуганын көрбөдүк эле. Жабагы балбанды жандай бастырып, кайсы тойдо күрөш болсо: “Жакем чыгат”, - деп аны сүрөөнгө алып жүрөр эле, жарыктык. Сен бу күн жаадырганды кайдан үйрөнүп алгансың?

Суроо берерин берип алып, Айдаркан өзүн ыңгайсыз сезип калды. Иичнен: “Ооздон чыкканча сөзүңө өзүң чоң, ооздон чыккан сөз сага чоң”, - деп күрсүндү.

- Ал дагы Теңирдин пендесине берген шыбагасы да, айдаркан.

Экөө тең унчугушпай жер тиктешип, ортолорун жымжырттык уялады.

Ылдыйлап жете келген Алчын салам айтып, түн түшкөн санааны алыс кубалагандай, күтүүсүздөн Адыраңга сөз салды:

- Бой жашап келатканыңа эки кыш өттү. Жашың да өтүп баратат. Сенин белиңди чечер теңиңди таап койдум, - деди.

Ортодо сөз катышпай турган Айдаркан ошону эле күтүп тургандай:

- Аның ким? – деп тигиге карады.

- Ал Өйдөчекти, өйүздүк Батыркандын кызы Татыгүл. Ал дагы теңинен ажырап, кудайдын кылганы да, болбосо...

Адыраң ойлуу, тунжурап көпкө отурду. Сөздү кайра ала койгон Алчын:

- Эй, ага көп эле ойлоно бербе. Керимкул абаң жактырган жубан жаман болбос. Сага эмне, үйүң ирээтке келип, бала төрөп берип турса болду да. Же эмне, ага макул эмессиңби?

Адыраң унчуккан жок.

- Унчукпаганы – макул болгону да. Экөөнү кошуп коюу туугандары менен биздин милдетибиз. Же жалганбы, Алчын?

- Мейли, сөз бүттү. Айдакемдин таруусу да минтип, саргайып баратты эле, өңүнө келе түштү, - Адыраң күлүп жиберди.

- Жанатан бери кайда элең? – Айдаркан кошо кубанды. – Калган иш экөөңдүкү, айылга барып, туугандарың менен кеңеш.

- Ой, Айдаке, бу кызыксың. Ойлонуп көрсөң, Татыгүлдү жалпы Таңатар алмак беле? Адыраң өзү билет, бүлөө өзүнүкү, жашоо өзүнүкү.

- Ай, чунак Алчын, өлгөн кишини да жылмайтасың го, - Айдаркандын бетине кызыл жүгүрүп. Жайчы менен Алчынга оң батасын берип, өз жайында кала берди.

Ушул күндөн көп өтпөй жайчы Татыгүлгө баш кошту.

 

***

 

Татыгүл экөөнүн балдары токтобой жүрүп, Токтогулду көрүштү. Жети айлык, ара төрөлгөн баланы калпакка салып, кырк күнү ырымдап, керегенин бирден саканагына илип жүрүп багышты. Токтогулу токтоп, артынан Жумагул келди. Жайчынын да санаасы тына түштү.

“Этеги элек, жеңи желек” болуп, жайчылык өнөрдүн арты менен көптөгөн адамдардын батасын алып, аштыгына жаан жаадырып, кырк чамалуу жатакчы менен Тегеркке таруу айдашты.

Тегеректе жүргөндө кулагына тааныш үн угулуп, тыңшап калды:

- Ой. Пендем, кара ниет болбо. Адамдын адамы болот, мамиле түзүп, көңүлүн калтырба. Жашың өтүп баратат, ушуну унутуп калдыңбы деп эскертип жатам. Үчүнчүсү, жайчылыкты алганда эле шамалын кошо чакырып алдың эле. Эми да боз үйү тоголонуп, шамалга учкандардын каргап-шилөөсү болот. Көтөрүмдүү бол. Дагы айтаарым, күндү эми анда-санда жаадырганга өт. Антпесең дубанын күчүнө өзүң туруштук бере албай, ичиң жарылып кетет. Бул менин эң акыркы эскертүүм. Эсиңден чыгарба, - деген добуш дагы да кулагына даана угулду.

Жайчы аны эсине бекем тутту.

Жайык жер.

Жээктери туташ жол камыш, ортосунан билинер-билинбес булак агат. Анысы да шор. Тегеректе таруу айдаган жатакчылар. Алыскы Төөкарын, Майылтөр, Күрөң жайлоо дагы башка жайыты жайлуу жайлоолорго чыгышкан жок. Алардын бар сыйынганы - айдаган жериндеги биртике арпасы менен таруусу.

Тарууну аралап ак, сары көпөлөктөр учуп жүрүшөт. Арпаны аралап өскөн кызыл куурайдын бутагына конгон сары ала чымчык “чир-лийт, чир-лийт” деп сайрайт. Ал го мейли эле, “дүр-р” этип кайдан-жайдан пайда боло калганы белгисиз топ таранчы келип, тарууларга конгондо тиги сары ала чымчык уча качат.

Күн үп болуп, аба ысып, керимсел желдин жортушу токто гондой...

Колуна шалдырак кылып, төөнүн терисинен жасалган кергичине жоон өрүм камчысы менен бир чаап Ысманкул жүрөт. Таранчылар көнүп калгандай ордуларынан козголбой, тарууну чокулоо менен алек.

Арытан чуркап келаткан Мырзакул:

- Ой, буларың таруу эмес, кишини да жеп кетет го, - деп колундагы майда таштар менен чымчыктарды ургулап качырат.

Убагында айдалып, эрте жаан көргөн эгин тез жетилген. Жакшы баш алган арпалар айгыр жал болуп ийилип, түшүмү арбын болчудай.

Арытан эки атчан бастырып келатты. Алардын бирөө - Адыраң, экинчиси Муралынын Сасыкбайы болчу. Алар тез эле жете келишти.

Салам айтып, атынан түшө калган Адыраң таруунун баштарын кочуштай кармап, Сасыкбай карыга көрсөтө:

- О, бир апта мурун сүт эле, эми минтип... – анан Мурзакулга кайрылды:

- Тиги теңшериктериңди чакыр. Кудай буюрса, бир жумалык жашы калыптыр. Андан кийин тартынбай, четинен баштап тесте салып, бала-чакага көжөлүк аш-катык ырастап алсак болот. Кудай буюрса, көптүн сообуна калабыз.

Адыраң күлүңдөй, Сасыкбай карыны карап:

- Сизге да атыңызга бир кыштык артчудай, - деп күлүп койду.

А көрсө бул күн – коогалуу күндүн алды тура. Таң атканча саратандын чырылдагы угулуп, топ атчан кара куурайга Мурзакулдун агасы Эсенкулдукуна түнөгөнү кетишти.

Эртеси шашкеде Шатманаалы бай Секиртменин башына жылкыларын айдатып келип өрүш алды. Ал Торкенден Төөкарынга көчүп бараткан.

Кара атты алчактата бастырган Шатманаалы үч-төрт адамын эрчитип, эки жакка көз салып, жайыттын кеңдигине, көк шибердин жетилип калгаанына кубана эки жагын карап коёт.

Үстүнөн жыбырап, майда толкун жүргөн көлдөй эртең мененки салкын жел таруу, арпанын башын сылап өтөт.

Атын “тык” токтоткон Шатманаалы Баргыга:

- Чап! Тез жет! Биздин көч береги коктуга келип консун! Жылкычыларга айт! Кокту өрдөп бараткан жылкылардын алдын тосуп, ушул түзгө айдап келгиле. Төө-Карынга жеткенче бир мантыгып алсын! – деди.

Баргы артын карай чапкан боюнча кетти. Орто-Жонду карай кара аттын башын буруп, жер чалганы жүрүп кетти бай.

Баргы баш болгон жылкычылар үйүр-үйүр жылкыларды таруу, арпаны аралатып коё беришти.

Тебетейин колтугуна кыскан Мурзакул баш болгон каракуурайлыктар тез эле жете келишти. Алар келгенде жылкылар орууга жарап калган арпа, буудайды тебелеп, кенен оттоп жүргөн эле.

- Ой, тарууну талкалаткан турбайбы, кокуй! Айда! Эгинден айдып чыккыла! – деген Кары Мурзакулдарга буйрук бере баштады. Бир топ атчан жатакчылар өйдө өтүп бараткан чоочун, үч атчан кишини көрө, тез эле эгинге жете келишти. Колдорунда союлдары бар. Ачууга ууккан алар жылкылардын алдын тосуп, күн батышты карай айдашты.

Бурдап сугунган жылкылар эгинди бир топ коромжуга учуратып, анысы аз келгенсип тебелеп жиберишкен. Жылкылар жатакчыларга баш бербей, эгинди тегерене чуркашып, бир топ убара кылышты.

Күн аркан бою көтөрүлүп калганда дагы да Толук жактан бир топ атчан эгинге жете келишти. Арасында Адыраң жайчы кошо жүрөт.

Эгинди көргөн Баялы бакырып:

- О, кокуй, болбой калыптыр! Шатманаалынын бул эмне кылганы?! Эгинди айлантып айдап өтсө болбойт бекен?! – деген үнүн уккан Адыраң:

- Баке, муштуму чоңдун – сөзү чоң, байлыгы бар Шатманаалы бизге баш бербейт. Тек гана жылкыларын айдап, өткөрүп жиберелик, - деди. Баялы Адыраңга акшыя карап:

- Ой, бул эмне кылганы?! Кемсинткениби? ! Куда-сөөктүк жайыбыз да бар эле, - деп калды.

- Баке, “жону башканын - тону башка”, “Сыйга – сый, сыр аякка – бал” дебесе, өзүнө жараша кылабыз. Күндүн аптабы тамырына өтө электе жаадырып алсак, эгинибиз кайра эле калыбына келет Ошенткенибиз оң го дейм. Болбосо,биз байды бакырышып жеңе албайбыз.

Ачууга ууккан Баялы топтошо түшкөн жатакчыларга карап:

- Мейли эми, “болоору болуп,боёосу каныптыр”. Калганын Адыраңдан күтөбүз, - деп койду.

Адыраң Шиш-Дөбөнү карай, атын желе бастырып жүрүп кетти.

Ал Термечиктин суусун бойлой барып, кол дааратын алып, дубасына отурду.

Закман тоосу тараптан муздак жел жүрдү. Бир паста кара булут төбөгө айланып, желдин арты катуу шамалга айланып, күндүн көзүн кара булут тосуп, заматта дыбыратып жамгыр жаай баштады.

Жайчы Тегерекке түш оой барды. Алдынан утурлай чыккан Касымаалы:

- Ой, Шатманаалынын көчү өтүп кетти. Ошонун алдын тосуп, жамгыр жаадырсаңчы, - дебеспи.

- Кой, ал эмне дегениң? Анда жылкылары кайра артка кайтып, эгинди талкалап кетпейби дагы. Андан көрө күндүн ысыгы менен Төө-Карынга жетип алсын. Бай менен сүйлөшөр кез да келер, - деп ак аралаган сакалын сылап, күлгөн болду.

Ошол байдын жылкылары тепсеп кеткенден он күн өтүп, жамгырдын аркасы менен эгин кайрадан өз калыбына келгенсиди.

- Эми орбосок болбойт. Мен Төө-Карынга Шатманаалыга барып союш сурап келейин, - деди жайчы.

- Эгинди тебелеткен бай союш бермек беле? – Садыр жайчыга жылмайды.

- Берет. Акысына силер аштык даярдап берсеңер, тартуу кылам, - деди Адыраң.

Жатакчылар тарууну тестелеп, оруп киришти. Экинчи күнү жабыла бир куржундун эки көзүнө толтура таруу салып,жибин келептеп, жайчыны Төө-Карынга аттантышты.

 

***

 

Бу тапта Шатманаалынын айылы Төө-Карында отурган.

Ичке-ичке кокту сайлап, майда булактар ылдыйды карай жыбылжып агат.

Чөбү кенен, кеңирсип жаткан кең жайлоону көрүп, кандай киши болсо да суктанбай койбос.

Баса, Шатманаалыны эрчип, анын көчүнө ирегелеш конгон он чакты түтүн эл бар. Жакын конгон айылда ээрчише келген иттери да сөөк талашып алышып турат. Бул жердегилердин жогу менен тогун ажыратып билиш анчалык деле кыйын эмес. Байдын үйү тээ обочороок, шар аккан сууну жээктей конгон. Бирок сууга кошкон булактар деле бири-бирине жакын.

Байдын мартабалуу байбичеси калың олпок төшөнүп, элечегинин чалгычын улам оңдоп, койчулары менен жылкычыларына сез көрсөтө, ар нерсеге жумшап, үнүн бийик чыгарат.

Бүгүн түш оой, ирегелеш кнгон ошол айылга тополоң түшкөндөй. Байбиченин кесирдүү үн катышы да ошондон.

Өткөн түнү жайытка агытылган бээлерге карышкыр тийип, күрөң айгырдын үйрүнөн бир жабагыны жептир. Үйүрүн коруган күрөң айгыр карышкырларды кубалап, бөрүлөр аска таштын боорунан аттай качып кутулушуп, ээликкен күрөң айгыр түн болгондуктан асканын урчугуна урунуп, этеги тик жардан учуптур.

Алыс качкан карышкырлар имерилип күрөң айгырга тиш салганча желеге үйүрдү айдап келгени барган Тарпаң менен Капсалаң көрүп калышат. Ажалы жок экен, күрөң айгыр кишенеп, үнүн уккандар жетип барышып,эңиштеп келаткан карышкырларды көрө кыйкырык салып кубалап, куткарып калышат. Айгыр тик жардан кулагандыктан ордунан очорулуп тура албай, кишенеп ээсин чакыргансыйт. Жетип барган жылкычылар айгырды ордунан зорго тургузушат. Айгырдын басарга дарманы жоктой, бураңдап жетек менен зорго келет.

Байбиченин ачуусу келип, Шатманаалыга да ээ бербей жылкычыларын: “Томояк!” “Топор!” – деп кыйкырып жатканы да ошондон болчу.

Байбиченин кабагы бу күнү кечке ачылбай келин-кыздарын да каарып-кууруп: “Силерге селкинчек эле болсо болду, желтамандар! ” – дей берип, баарынын мазесин алды.

Шатманаалы байбичесине унчуккан жок. Аны атайын жайына коюп: “Ырас кылдың, антип койбосо да болбойт!” – дегендей атын минип, апай бетти карай бастырып кетти.

О көптө келсе кемпиринин кабагы жайдары. Кыз-келиндеринин да күлкүсү чыгып шаңдуу. Бай: “Бороон өтүп кеткен экен. Аны да сезе жүрсөңөр”, - дегендей, унчукпай аттын тизгинин жылкычысы Жакыпка кармата. Эки колун артына алып, каалгый басып үйгө кирип, сол капшыттан орун алды.

Эшиктен чуркап кирип келген кичүү кызы:

- Ата, киши келатат, - деп атасына кабар берди.

Тигил адырдан чыгып, капталдай бастырып келаткан – Адыраңдын карааны болчу. Ал эч жакка кайрылбай, түз эле Шатманаалыныкына бет алды.

Артынган куржунун аттын эки тарабына чекчейте артынып, атынын оозун келептетип алган Адыраң Шатманаалыга салам айтты.

Арыта келаткан байбиче келген киши менен иши жоктой, боз үйгө кирип кетти.

Атынан түшүп, ат мамыга жээрдесин чылбырдан байлап жаткан жайчыны Шатманаалы тоңдоосун кабыл алды. Ал келген кишисинк арабай төрдө жайылып жүргөн жылкыларын, мөңгүнүн этегинде турган он чакты төөсүн карады.

“А байлык адамды эсиртет тура”, - деп ойлогон Адыраң Шатманаалы менен кол алышып учурашты. Бай аны “үйгө кир” деген жок. Экөө эшик алдында тирелише туруп калды. Мындайда жоктон жол таап кетчү байбичеси да унчуккан жок. Жымжырттыкты бузгандай бай:

- А Көлөп, айдаган эгиниңерге жылкыларым

кирип кетсе, башка чаап кубалаганыңар эмне? – деди. Берки да сөзүнө жооп кылып:

- Ошондон ооз тийсин деп, тигини алып келдим, - атка артылган куржунга кол жаңсады.

Шатманаалынын эки көзү чекчейе түшүп, куржундагы тарууну карап, жайдарылана түштү. Ылдыйкы булактан суу көтөрүп келаткан кыз-келиндери чоочун кишини карап, шылдыңдагандай күлүп жиберишти.

Жайчы терикпеди. Тек гана куржунун аттын үстүнөн алып, үйгө кийрип, ашкананын оозунда турган бош чараларга төгүп, куржунун колтуктап эшикке бет алды. Сабадагы кымызын шартылдатып бышып аткан байбиче “кел, өт” дегенге жараган жок.

Адыраң жаңы кирип келаткан байды жөөлөй сыртка чыкты да, өзүн карап күлүп жаткан кыз-келиндерге карай ачуусу келип:

- А Теңирим! Мен эмнеден жаздым?! Жазыгым – таруу, аштык алып келип бергенимби? – деди.

Ал кыбыланы карап күңгүрөнө, Шатманаалыга жүз бакты.

- Бай, мен сага келдим эле... Колумду куру койбой, тиги орок оргон жатакчыларыма союш сурайын дегем...

Шатманаалы жайчыны көп сүйлөтпөй токтотту:

- Сага берер союшум жок! Же менде аласаң бар беле, ыя?! Айтчы!

Арыта, кемегеде от ичкеретип отурган боз улан күлүп жиберди. Аны коштоп берки кыз-келиндер да Адыраңды карап күлүп калышты.

Жайчынын чындап ачуусу келди. Туулганы мындай ызаны, кордукту көрбөгөн, кемсинтүүнү укпаган Адыраң асманга карап үч бакырып алды:

- О, Теңирим, пендем десең адамга күнкор кыла көрбө?! Шатманаалынын кесири аз келгенсип, кыз-келиндеринин шылдыңына кабылттың?! – Адыраң жашып кетти.

Шатманаалы унчуккан жок.

Ал куржунун ээрдин артына – канжыгага бекем байлап, кайдан келсе ошол жагына бет алып, чаап баратты.

Төө-Карындын кырына чыгып, булактын жээгине атын тушап коё берип, кол дааратын алды да, намазын окуду.

Тунжурап ойго баткан жайчы Төө-Карынды карап: “Сенин жайытыңда эмне күнөө? Шатманаалынын малына азык болуп жатканыңбы? Кечир мени?! Байдын кыз-келиндеринин ызалаганы жаныма батып кетти!..” – деп токтоно албай булакты жакалай басып, ыңгайлуу жерин таптыбы, жайчылык дубасын көпкө окуду.

Тээ Закман тоосунун капталына жабышкансып самсаалаган булуттар өйдө көтөрүлүп, так жайчы олтурган жерге келгенде шамал болуп, боз үйлөрдү камгактай тоголотуп, арты майдалап жамгырга айланды! Жаан Төө-Карынга гана жаап жатканын түшүнгөн ал атына камчы шыбап, Тегерекке тез эле жете келди. Ал жакта жаан жаабаптыр, болгону муздак жел жүрүп, Жээналы баш болгон жатакчылар тарууну тесте кылып оруп жатышкан экен.

Жайчынын өңү кумсарып, согум түгүл, ала барган чаначына да кымыз артына келбегенине жатакчылар таң калышты. Байдан согум келет деп күтүнгөн эл Адыраңга эч нерсе деп ооз ача алышкан жок.

Тек гана жээрдени кымыздык куурайга байлап жатып:

- Бай өзү келет, - деп койду.

 

***

 

Жаандын берки чети Кара-Куурайга жете дыбырап, майдалап түнү менен жаап чыкты. Эртеси кардын муздак илеби түндүктөн түштүктү карай уруп, Саадалы жайчыны карап:

- А бир коога болгон экен, ээ? Мынабу муздак сыдырым ичтен калтыратып, күндүн көзү канчалык тийип турса да жылыбай койдум, - дебеспи. Анда Адыраң:

- Орок оруп эңкейсең, бат эле ысып кетесиң.

Иштеп жаткан биз үшүбөй, жамбаштап жаткан сенин үшүгөнүң кызык, - деп күлүп койду. Орокчулар тарууну текши оруп бүткөн кезде тээ алыстан кара атын камчылана чаап келаткан Шатманаалыны көрүп калышты.

- Ой, чабаганчыдан бетер шаша, атынын соорусуна камчы шыбап келаткан, согум сураган байыбыз го, - деди Жээнаалы биринчи көрүп.

Шатманаалы түз эле таруу өрүлгөн аңыздын чекесине атын байлай коюп, мойнуна курун салынып:

- О, айланайын жайчым, жайытта жүргөн субай жылкыларым бүт кырылмак болду. Жамгыр арты шыбыргактатып карга айланып, Жапсарда жайылып жүргөн үйүрлүү жылкыларым кокту ылдый сойлоп, аскадан учуп өлүп атат! Каалаганыңы ал, токтот жааныңды?! Тайтайган бут төөмдү ал, токтот жааныңды?!

Бай мойнуна куруп салынып, жайчынын алдында күнөөлүүдөй салбырап, ага жалынычтуу карады. Шатманаалынын көзүнө Көк-Конуштун ар жеринде алды сыйрылмак жабышкак ылай, үстү жумшак кардан тайгаланып баса албай сойгоктон учуп өлгөн ар жердеги адалданбаган жылкылары көрүнө берди. Баарынан да кемпиринин кесири башына жетпей, келин-кыздарына коңшуларына тийип, шамаалдан кыйраган боз үйлөрдүн ууктарын отун кылып жагышып жатканын улам-улам эстей берди. Жүрөгү шара-шара тилингендей.

“Адам экен деп, бай экен деп, таруумду артынып барсам, жок дегенде киши катары көрдүңбү?! ” – деген суроо Адыраңдын мээсин сүзмөдөй эзип жиберди. Антсе да курун мойнунан албай, жайчыга жалынып, кекээри өз башына жетип, эми минтип өзүн-өзү күнөөлөп олтурган байды түшүндү жайчы.

- Ай, Шатманаалы, экөөбүз тең пенде экенибиз жалганбы? Айтчы, өзүң туруп? Күнөө кимден кетти? Аңызыбызды жылкыларыңа жедирип, бизди кемсинттиң. Мейли эми, жатакчыларга аш-катык береби деп таруунун алдын ооз тийбей сага жеткирдик. Же жалганбы? Ой, айланайындар, силер деле айтсаңар боло? – жайчы жабыла карап калган жатакчыларга карады.

- Аның туура. Бу куда-сөөктүк жагыбыз деле бар эле. Түшүнсөң, сеники туура эмес, - деди арыта карап турган агала сакал Баялы. Шатманаалы унчукпады.

Адыраң жумшаргандай:

- “Дос айрылышат, сөөк кайрылышат”, кечтим, байым. Сенден согум албайбыз. Андан көрө ары өтүп, бери өтүп калганда саламың түз болсо, болду. Өчкөн отту го тамызгы күйгүзөт, өлгөн жылкыларды ким тиргизет? Алды-артыбызды ойлонуп иш кылалы. Көчкөнүңдө аштык баккан жатакчылардын жанынан өтпө. Жериң куурулуп калгансып, Баргыга жылкыларыңды айдаттырып келип...

Адыраң андан башка сөз айткан жок. О көптө барып:

- Кечтим, - деди дагы. - Өткөн кайрылып келбейт, калган жылкыларыңды ит-куштан жакшылып көздөп ал. Бир өрөөндүн эли, бир атанын балдары болуп туруп, мындай иштерге барышпайлы, - деген жайчы тизелеп отурган байды ийнинен тарта өйдө тургузуп, өзү барып кара аттын жылоосунан кармап, колуктап аттантты.

Артына кайрылган байдын салбырап баратканын көргөн Жээналы:

- Ээ, Шадыке, аштыкка таруу ала кет! – деп кыйкырды.

Артына кылчайган бай “Эмне дейт?” – дегендей кара атты өз оюна коюп, жай бастырып, көзүнө кокту-колотто учуп өлгөн жылкылары, шамалга кыйраган боз үйдүн уугун жагып, жылынып отурган кыз-келиндери, анан да, өзгөчө Шатманаалынын өзүнө бийлик бербей аксымданган байбичесинин от боюнда шүмүрөйүп олтурганы элестей берди.

 

***

 

1920-жыл. Жай толугу. Улуу шашкеде эртелеп аттанган Калкожо басмачы дарыяны жээктеп, Кетмен-Төбө аркылуу Суусамырга өтүп, андан ары Кытайга багыт алып, өзүнүн ишенимдүү жигиттери менен жүрүш жасап баратты.

“Орус келатат, кырып келатат”, - деген ой элди үркүтүп, корккону Калкожого кошулуп, анын кошуну көбөйүп, алдынан жолуккан айылдарды тоноп кетип баратат. Кызыл-Жазыга келип конуп, тынч жаткан элге бүлүк салып, согумун союп ар жерде түтүн булатып, кыз-келиндерди мазактап кучакташтырып атып, элдин сесин алды.

Артынан чабаганчы: “Кызылдар изибизге түшүп алыптыр, тиги Кетмен-Төбөнүн Кара-Суусу тараптан аттанышты”, - деген үндү уга, Калкожо шашып аттанды.

Жүрүшүн Толук багытына салып, Чаар Таш ашуусун ашып, андан ары Жумгал, Кочкор, Нарын, Ат-Башы аркылуу тез арада Кытайга өтүп кетүүнү көздөп саркерлерине аз жыйын кылып, шаша-буша жүрүш жасап калышты. Кызыл- Жазыдан аттардын тыңын алып өздөрүндөгү начар мингичтерди таштап, тез аттанып кетишти. Ал жерде эжесиникине барган Козубак Ачыкты карай шашып, атын кара булоонго сала тердетип жетип келди да, Андашка:

- Элге кабар айт. Кыз-келиндерин жашарсын. Өздөрү да сак турушсун! – деп эскертти. Шашып бараткан Андашты дагы да эскертти:

- Жалгыздап чабаганчы айыл-айылга кетсин. Топтолуп жүрүшпөсүн! Басмачылар келип калса, “булар да бизге каршы экен”, - деп баарыбызды айтат, - деди.

Ачыктан түн ортосунда аттанган Садыраалы тез эле Толукка жете келди. “Алмалуу, Ноот, Чаар-Таш айылы баскынчылардан сак болушсун. Аларды эрчибешсин! ” – деген сөз тез эле желдей тарады. Садыраалы, Артыкбай, Жумагулдар Алмалуудагы Молдаалы калпанын үйүнөн кабар алып турушту. Он жети, жыйырма жаштын ортосундагы боз уландардын минтип дүрбөп калышына басмачылардан толук кабары бар Садыраалы:

- Элди көп эле дүрбөтө бербеш керек! – деди. – Келсе Алмалуудагы Молдаалы калпаныкына келишет. Жумабек, сен өз айлыңа айт. Тынч болушсун. Алмалуулуктар эмне дейт, ошого жараша бололу, - деп бир сөзгө келип тарап кетишти.

Алмалуулук Баялы, Түркүнбай, Салбай баш болгон карылар кеңешип, Адыраңды чакыртып, жанына алып, бир топ эл чоң суунун жээгине топтолушту. Өйүздөн Дөөлөт, Койчу баш болгон топ атчандар топко келип кошулушканда алардын артында келаткан Садыраалы менен Артыкбай курдуу бир топ боз уландар кошо келди. Ортого чыга калган Турдубайдын Садыраалысы:

- Басмачылар биз жакка келатышыптыр. Кечээ кечинде Ачыктын Көл-Камышында топтолуп жаткна элден угуп, бул жакка жөнөдүм. Андаш абам: “Элге тез жеткир, эл сак турсун!” – дегинен түндөп келдим, - деди.

Жайчы шашып калды. Урушта – туруш жок, каракуурайлык Мырзакул, Эсенкулду баш кылып, тигил Чаар-Таш багытынан Тургунбайды кошо чакыргыла. Бардыгы тең ушул жерге келишсин. Укпай калдык дегени болбосун! Калкожо келсе эки түнөп келет. Кеңешип алалык. Садыраалы, Артыкбайлар Чаар-Ташты карай аттанып, чапкан бойдон кетишти. Беделбай Ноотко карай багыт алды. Кеч бешимде топтолгон эл Молдаалы калпанын мечитине топтолушту. Молдаалы унчуккан жок. Тек гана эл четинде карап тура берди.

- Молдоке, - деди Адыраң, - жашыбыз бир, курбу болгондуктан ишенип айтып жатам. Алар келсе так ушу сенин үйүңдү тегеректеп конок болушат. Ушул жыйындагы сыр агын суу менен кетсин. Менин кеңешим, жалпы келин-кыздарды, майда балдарды Төнчү тоосуна жеткирели. Калкожо бизди соо койбойт. Кары картаң  - кемпир-чалдар, боз улан жигиттер гана калсын. Аларга бойго жеткен балдарыбыз эт бышырып берип турганга жарайт. Калганын мага койгула. Басмачылар кеткенде орто жолго отун ташып, отту улуу жагабыз да, үстүнө суу камыш таштап, калың түтүн түтөтөбүз. Ошол белги болот. Ага чейин келишпесин. Аштан кем болбосун, союштарын кошо айдай кеткиле, - деп өзүнүн оюн айтып, - Дагы кимде кошумча ою болсо айтсын, - деди. Эл жыммырт. Тынчтыкты Кулуке бузуп:

- Эй, Молдаалы, ушул сөз ушул олтурган жерибизде калсын. Элдин арасында набыт болгондор болсо, ага сен себепкерсиң. Алар менен сен бирге болосуң. Анжияндын салтын сенден башка эч ким билбейт. Элдин каргышына кала көрбө, Молдаалы. Мен туугансып айтып жатам. Кан чыгып кетпесин, чабышып кетип, береги солкулдап өсүп келаткан кырчындарыбыздан айрылып калбайлы. Тынч бололу. Эми эл-журт, айтылган ишти аткарууга киришели. Калганын да көрө жатарбыз! – деди.

- Кеттик, эмесе, - Кулуке атынын башын Молдаалыны карай буруп, акырын бастырып кетти. Топураган эл бат эле тарап, ар кимиси өзү менен өзү алек болуп, үйлөрүн көздөй шашып кетип баратышты.

Кулуке акырын атынан түшүп, Молдаалы менен дагы да кол берип учурашып:

- Калпам, мен сага туугансып айтып жатам. Сени түшүнөт деп айтып жатам. Түшүнбөс бирөө болсоң, эл ортосуна сени салбайт болчумун. Катуу кеткеним үчүн кечир? Келип кеткендердин сөзү - сенин сөзүң, сенин оозуң. Муну мен айтпасам, ким айтат? Жайчынын го, жөнү башка. Ал эмне кылат, өзү билет.

Ордунан козголгон Молдаалы:

- Мени эмне, силерди Калкожого сатып коёт деп атасыңбы? Андай ойдон алыс бол. Мен шарыяттын кишисимин. Келип-кеткендер менин да туугандарым. Катуу кетпе, Кулуке! – деди. Молдаалынын катуулап баратканын сезген Кулуке аны:

- Тууганым, тууганым! Кантет эми? “Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат” дейт. Ага терикпе, - деп кучагына кысты.

Молдаалы:

- Сөз бүттү, ушул жерде кеп учугу түгөндү, - деди. – Сен айткан жоксуң, мен уккан жокмун. үйдөн даам ооз тийип кет.

Шашкалактаган Кулуке:

- Калпам, үйгө эртерээк жетип, мен да туугандарымды көчүрүштүн камын көрөйүн, - деген бойдон суу бойлоп, ылдый бастырып баратты.

 

***

 

Таң атканча өлүү буюмдарын ар кайсы, мерчемдүү жерлерге катып, элдин алды Тнчү тоосун беттеп жөнөп калышты.

Челкейген бээлерге зайыптарды мингизип, башка мингичтерге кыз-келиндерди эки-экиден учкаштырып, топтошкон эл эки жагын кылчак-кылчак каранып кетип баратышат. Артынан уйларды айдап, куйруктарынан кармап он эки, он үч жашар тестиер балдар өрүлөп, улам жол алыстаган сайын алы кеткендей илең-салаң басышат.

Ошол күнү элдин алды көчүп, эртеси калгандары көчүштү. Кыштоодо бирин-серин атчан кишилер, торпок минген балдар ар кайсы жерден көрүнө калышат.

Элдин арты тегиз көчүрүлүп бүткөн күндүн эртеси Калкожо паңсат Молдаалы калпаныкына келип түштү. Кызыл-Кыядан эңиштеп келаткан саркерлеринин караанынын арты түгөнөөр эмес.

Калкожо мечитти көрө коюп, ошол жерге кайрылган болчу.

- Бул эмне? – мечиттин жанында турган Молдалыдан сурады.

- Ал деген мачит, паңсат.

- Сен ким деген адам болосуң?

- Ысымым – Молдаалы. Мечит меники. Мында намаз окуйбуз.

Паңсат артына имериле карап:

- Түшкүлө, ушул жерден түнөк алабыз, - деп саркерлерге буюрду.

- А түшүңүз, түшүңүз, - Молдаалы Калкожонун атын суулуктан алып, өзүн колтуктап түшүрдү да, тердеп келген атты алмага чылбырынан аса байлап, тизгинин ээрдин кашына орой каңтарып, басмайылын бошотуп койду.

 

***

 

Садыраалы Кулмамбет менен учурашып, ага:

- Артыңа кайт. Элге тез кабар жеткир. “Басмачылар Молдаалыныкына келишиптир”, - деп Мырзакул айтып келди. Жаш да, элди чочутуп албаш үчүн жай бастырып келбей, алыстан эле: “Басмачы келди!” – дебеспи. Сенин да жаштыгың калган жок, он бештен кийин эркектин жаштыгы калбайт. Чабаганчыдай болбой, айыл аксккалдарына айт. Тигине, Сарбагыш абаң келатат. Ошого айтып, кеңеш кургула. Ал кабарыңар Молдаалыныкына жетпесин.

Садыраалыдан жооп күтпөй, Кулмамбет өз айылына карай бет алды.

Эл ич ара:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

- Басмачылар келишиптир. Эмне кылышар экен? – деп өздөрүнчө күбүң-шыбың болушуп, үч күн мурунку жыйынды эстерине алышып, көпчүлүктүн Төнчүгө чыгып кеткенине кубанышты.

Сарбагышка жете келген Дөөлөт:

- Тончуга кеткен элден кабар алышпасын. Ким ал жөнүндө айтып берсе, басмачылар кеткенден кийин жазаланат, - деп айтышмак болушту. Бул сөз да өйүз-бүйүзгө, эл арасына таркап кетти.

Ошол тапта алманын башынан уча качкан сагызган жанындагы эле долонун үстүнө конуп, шакылыктап атты.

- А мунуңуз не дейт? Маңдайыбызга келип шакылыктайт да? – паңсат Молдаалыга акшырая карады. Тез сөз тапкан Молдаалы:

- Паранде да, бегим. Паранделик кылып, өз адатынча шакылыктап жатпайбы.

Сагызган ордунан көтөрүлө уча качып, Алмалуу суусун өрдөп, Кара-куурайдагы чоң түп бакка конуп шакылыктады. Эми эле эшикке жаңы чыккан Мырзакул:

- Эй, бу сагызган биякка аз келчү эле... эмне шакылыктап жатат, я? “Сагызгандын шакылыктаганы - бир шойкомдун белгиси” деп Ашыкем айтчу эле, - деп күбүрөп, өрмөлөп өйдө чыгып, мечиттин айланасында байланган топ атты көрө:

- А кызыталак, басмачысы келген экен! Элге кабар берейин! – деп кер кунанына жайдак мине, камчы шыбап, аларга көрүнбөш үчүн Ак-Кыяны ашып, Нооттогуларга кабар айтып, сыр алдырбай кайра келген жагына кайрылып “чү” коюп жөнөп кетти.

Кабарды уккан Кулмамбет үйүнөн тез чыгып, Чаар-Ташты карай бет алды. Алдынан чыккан Садыраалыны көрө токтоп калды.

 

***

 

Тез жете келген Калкожо Молдаалы менен көпкө баарлашып, Жумгал багытына кандай ашса болот, ошол жөнүндө кеп уруп отурду. Ар кай жерде топтошуп отурган саркерлер узак жол басып чаалыгып калган аттарын тыныктырып, өздөрү да жаңы жетилип келаткан бактын көлөкөсүн паанектешти. Асты күндүн ысыгына үргүлөп, чапанын башына коюп жата кеткени да болду.

- А Эргеш, жүда ажайып жер экен, а?

- Шар аккан суунунбою баданыңды сергитет да, - деди Мамажунус.

- Жүрү, кожом, чарчап-чаалыгып келдиңиз. Тамактанып алыңыз, - деген Молдаалы Калкожону он калпасы менен үйүнө эрчитип кирип кетти.

- Молдо калпам, мачитти кеңейтишиңиз керекдур. Дин ислам жолунда Аллага ак барганыбыз оң, - деди калпа. Аны коштоп:

- Туура, туура, - деп берки калпалары да баштарын ийкеп, Калкожону туурап, бирок отуруштары сак.

- Кожом, - деди Молдаалы, - Бу тоо эли жапан кийиктей сак болот. Катылбаганга тийишпейт.

- Эмне дейсиң? - үнүн бийик чыгарган Калкожо колун өйдө көтөрө бергенде чапанынын ичиндеги тапанчасы көрүнө түштү. Бирок Калкожо өзү аны байкаган жок.

Ансыз да суу бойлоп кеткен басмачыларды, чаалыкканы алманын көлөкөлөрүндө отурганын көз алдына тартылып, тапанчаны эстегенде жүрөгү “солк” этип, көк ала сакалын сылаган болуп, ичинен тымпыйды Молдаалы.

 

***

 

Орто-Жондогу жыйындан кийин эле кары кеңешчилердин кебин угуп, алардын айтканы – айткандай бүт айылга мыйзам болорун билип, жанына базарбайдын Эсенкулун алып, экөө тең чоң сууну этектеп төмөн кетишкен. Бир топ жашка барып калган Эсенкул эки жагын байкап, чычканга кебек алдырбаган сак адам болчу.

Жол катары Эсенкул менен Адыраң Садыраалынын айтып келген басмачыларын кеп кылып баратышты. Туура-Кайыңдын суусунун этегине барганда жайчы:

- Эсеке, сиз кайта бериңиз. Менден камтама болбоңуз Андан көрө тигил Молдаалыга сак болуп тургула. Калпа эмесминби деп Калкожого дөбөдөгү сырды айтып койбосун. Түн жамынып чыгып, эч кимге жолукпай, Молдаалынын өзүнө кезигип: “Сыр айтчу уболбо, элдин убалына каласың”, - деп катуу эскерт. Кош бол, Эсеке.

Адыраң жээрдесине камчы уруп, Туура-Кайыңды өрдөп жөнөдү. Ошол эле түнү Эсенкул Алмалууга жетип, атын алыстатып, өзү жөө барып Молдаалыны сырттан акмалап турду.

Калкожонун сур атын суулуктап, бир басмачы сууну жээктей келатты. Артынан Молдаалы кошо басты.

Басмачы таң ашырылган сур жоргону ары жетелеп кеткенде Эсенкул сууну чокойчон кечип, Молдаалынын тушунан чыкты. Калпа чочуп кетти:

- Ой, сен кимсиң?

- Мен эле, Эсенкул абаңмын. Токтой тур, сенде сөзүм бар. Эч ким укпасын. Молдаалы Эсенкулду карай суу жэкктеп басып, бай түп долоного жашына отура калышты. Энтиккен Эсенкул кары:

- Молдаалы, Орто-Жондогу сырды айтып коё көрбө. Элге бүлүк түшсө, тукумуңа доо кетет. Мени ушуну айт деп жиберишти.. башка сөзүм жок, - деген Эсенкул ошол эле кечкен кечмеликтен берки өйүзгө өтүп, ылдыйта байлануу турган атын минип, жай бастырып кетип барат.

Молдаалынын башы каңгып чыкты да: “Тоба-а, мага ишенишпейт. Элдин убалына калсам мени тигил дүйнөдө кара эшек кылып минишпейби! ” – деп чын дилинен күңгүрөнүп алды.

Башын жерге салган калпа: “Эмнеси болсо да сөзүмдөн чалынбасам экен”, - деп жакасын карманды.

Таң агара электе Ыштыкка жете барган Эсенкул Күрүчбектин үйүнө түштү. Ал экөө теңтуш, бир чети куда-сөөктүк жайы бар эле. Таң эрте турган Күрүчбек Эсенкулду көрүп:

- Ой, сен үкү менен түнөгөнсүң го.

- Ооба. Ошенттим. Андан көрө суу болгон чокоюмду тартып койсоң боло.

Эсенкулдун суу чокоюн көрүп чоочуп кетти:

- Деги тынччылыкпы?

- Сөздүн кыскасы, басмачылар келишти. Кече жол жүрүп чарчап келишкенгеби, Молдаалынын мечитин тегеректеп, уктаганы уктап, уктабаганы ар жерде жортуп жүрүшөт. Кечээ кечкурун Алмалуунун суусун өрдөп, бир топ атчан басмачылар мылтыкчан кетип баратканын көргөндөр бар экен. Эмнеси болсо да, “жакшыдан жаман туулса – чыгаша болот” дегенди уккандырсың. Садыраалынын атасы Турдубайга мен айткан сөздү айтып: “Тигилерге кол кайтарбай тургула. Бөөдө өлүм болбойлу”, - дей көр. Атаңдын көрү-ү, “Агайыңдын кадырын жалалуу болгондо билесиң, ата-эненин кадырын балалуу болгондо билесиң” деген чын белем. Көк ала сакал болгондо эми билип атпаймынбы.

Күрүчбек көпкө унчуккан жок.

 

***

 

Эс алып тыныккан басмачылар жогору – Алмалууну өрдөп баратышты. Жаңы эле эл аралып, соодасын жүргүзүп, койлуу болгон Муктаркандын үйүнө түшүп, аттарын куюшкандап байлашты.

“Ал, жулуп кел! Атып өлтүр!” – дегенге көнүп калган басмачылар ээсинен сурабай эле короодогу койду четинен алып союп киришти.

Муктаркан:

- Ой, бул эмне кылганыңар? ! Дини исламсыңарбы? – деп алдыларын тосо чыкты. Кур дөбөттөй лөкүйгөн, кара тебетейчен бирөө Муктарканды мылтыгынын кундагы менен төшкө бир койду. “Ики!” – деп бөктүшкөн Муктаркан көмкөрөсүгөн түшүп, көпкө жатты.

Үйгө кирип кеткен үчөө идиш-аяктарды алып чыгышып, койлорду союп жаткан сары чийкил кызыл көз басмачынын жанына келишти.

- Эй, үйүндө киши бар бекен?

- Жок, көрө албадык.

- Анда гөштү ким бышырат? – деди сары чийкил.

- Өзүбүз эле бышырабыз. Койдун калганын айдап кетебиз.

Эми эсине келген Муктаркан тигилердин басмачы экенине көзү жетти.

- Ой, чаарбаш, катын-балаң кайда?

- Төркүнүнө кеткен.

- Качан келишет?

- Бир аптадан кийин.

- Анда ушул үйдө биз болобуз.

Муну укканда Муктаркандын чый-пыйы чыкты.

Тыныккан Калкожо мечиттин жанына барып артынан декилдеп ээрчип жүргөн Молдалы Калпаны жанына чакырды:

- Бул айылдын эли кайда?

- Калпанын жаны оозуна тыгыла түштү.

- Кайда эл, сен билесиң, айтып бер?!

Ал маузерин кармалап койду.

- Ийе, Кожом, билбейт экем. Баскынчылар келатат деген кепти ары бери өткөндөр айта беришип, элдин жүрөгүнүн үшүн алып бүтүштү. Корккон эл качып кеткендир да.

- Эмне тууган уругуң жокпу, элиң мечитке келбейби?

Далдактап эси чыгып калган Калпа:

- Ийе, Кожом эки жумадан бери эл келбей калды. “Чүрчүттөр келатат, басмачылар келатат” дешип, Кудайдын үйүнөн да оолактап кетишти.

- Калп айткан жоксузбу?

Калкожо Молдалыны акырая карады.

- Э, Кожом, биз ислам деп жүрөбүз да, болбосо үкүсү зоого түнөгөн тоолордун арсына ким мечит салат?

Калкожо жумшара түштү.

- Ошо эндей өскөн элди дин ислам жолуна салабыз деп мечитти салганбыз. Мухаммед Алейхисаламдын жолун биз жайылтпасак, береги муриддер, калпалар жайылтпаса, кафир болуп кетишпейби.

Калкожо чындап жиндеди. Арыттан чырылдаган аялдын үнү угулду. Аялынын үнүнөн тааныган Молдаалы:

- Кодо, о Кодо, бери басың? – деди.

Калкожо кандай кабагы ачылса, так ошондой түнөрө түшүп Эргешке:

- Тигил катынпоздорго айтып кой, кычышып баратса биттеп коём. Тез жөнө!

Аялдардын жанында жүргөн беш-алты басмачы Эргештин чакыруусу менен тез эле жете келишти:

- Ляппай, Кожом, биз сиздин ыктыярыныздардабыз!

- Ийи, катынпоздор. Катыныңарга бирөө асылса не дейсинер?

- Андай дебе, Кожом.

- Анан не дейин? Ал аял береги калпанын катыны, экинчи анын жанынан бирөөңөрдү эле көрсөм, ошол жерден баса калып, биттеп салам. Уктуңарбы, эй?

- Уктук, Кожом?!

Максатына жете албай жатып катынпоздорун мунун. Андан көрү Кытайга кантип ашабыз, ошону иликтебейсинерби?

Эргеш Калкожону карады. Ичинен:

- Береги чын эле Калкожобу же? Өзү: “Өндүү, түстүүсүн, ыгы келип калса алгыла, талагыла! ” – дечү эле го.

- Мунун да эшек курту мурдунан түшөйүн деп калган экен, ээ? - деп ойлоп Калкажонун буйругун күтүп турду.

Эргеш тарап кеткен элди чогултуп, башчыларына эскертип:

- Бүгүн кечте ушул жерде кеңеш өткөрөбүз, уктуңарбы?! – деди.

- Ляппай, Кожом.

Кара мылтыгын колуна алып, ар жерде топтошуп, таап келген оокаты менен тамактанып жатышкан басмачыларга кайрылды.

- Калкожо паңсат бүгүн кечте, ушул жерге жыйылсын, айта турган сөз бар дейт! –  деп улам, укпаганына эскертип коюу парз экенин айтып жүрүп олтурду.

Тогуздун айынын башы Калкожо ойлуу:

- Эртелеп жүрүш жасап, Кытайга өтүп кетпесек, кыш түшүп калса, чүрчүттөрү кошулган кафирлар бизди ит аткандай тырайта атып, томояктардын табасын кандырат. Күнүмдүк курсагынын жыргалын ойлогон баскынчыларына ушуну түшүндүрүп коюу керек. Замандын заңы да минтип бузулуп баратат.

Молдалынын жанында Калкожо, өтө сабыры суз олтурду, ушул тапта үстүнөн “карк, кар-рк” деп карга учуп өттү.

- Кафир ий, кафир! Тилеги жаман!

Бул каргадан улам көз алдына өткөн кыштагы көргөн кордугу тартыла түштү. Аны ойлобоого тырышты.

- Калпа, - Калкожо биринчи жолу Молдалыны “Калпа” деп атап жаткан.

Ал Калкажонун жанына тез жетти:

- Айып этпең, тигил калпаларды да чакырып зикир чалып, жолубузду ачууну Алладан сурагылачы.

Дааратын алып келишкен калпалар зикир чалып киришти.

Калкожо үн дебеди. Тек гана обочорок олтуруп, туш тарабы курчалган мөңгүлүү, бийик зоолорду карап, Кытайды эстегенде ичин бирөө-жарым мыжыккандай онтоп алды.

“Атаңдын көрү-ү, ушул бийик аскалуу тоолорду ашыш өзүнчө эле бир машакат го!”

Анан да басмачыларын ойлоп: “Мен деп, Калкожо үчүн деп иш кылып жүрөгү соккону тирүү калса, калганы кырылса мейли. Кытайга жетсек, оокат кылсаң оңой. Тилла бар эмеспи...”

Өзүн –өзү жооткотту. Кечки жыйынга басмачылардын жарымы зорго чогулушуптур.

- А Эргеш, калганы кайда?

Калкожо колун серепчилей, Эргешти өйдө тургузду:

- Айтың, калганы кайда дейм?

- Паңсат азыр келишет, тоо аралап, кара курсактын камы деп мал айдап келе жатышыптыр.

Калкожо чекирейе түштү. Тартиптин бузулуп бара жатканына ачуусу келди.

- Кой, өтө тентегин атып таштабасам, чектен чыгып баратышат.

Анан да бөрү азыгы жолдон экенин басмачыларга эскертип, жеткен айылды тоноп, союш ошолордон болорун айтып, аларды чын эле бөрү жүрүшкө көндүрүп алганына бир чети өкүндү.

“Анан, азыкты бизге эл берет”, - деп тим койсок, тамагыбыз такылдап, ачтан тырайып өлбөйлүбү! Бир чети туура кылып жатышат”, - деп экинчи ою өзүн-өзү жумшартты.

Четте турган Жумабайдан Калкожо өйдө туруусун колу менен жаңсап көрсөттү.

- Курсак камы кандай ?

- А Кожом, ойдогудай. Муктаркандын үйүнөн курсак кампайды, элүүдөй коюн балдар жолдон айдап келе жатышат, - деди.

- А а түзүк, түзүк.

Айлана жымжырт боло калганда Калкожо өзүнүн ишенимдүү деген адамдары - Эргешти, Токону тургузуп:

- Эртең айыл кыдырып, элдин түрүн байкайсыңар. Ылайыктуу болсо, жер өңүтүн билген кишилерди айдап, менин алдыма алып келип бересиңер. Анан да эскертерим, тоо арасы кооптуу. Бириңден экинчиң калбай, ишти ыкчам бүтүрөсүңөр. Эки күндөн калбай ишти аягына чыгарып, үчүнчү күн дегенде аттанып кетебиз. Баардык чечилчү иш ушул мечиттин жанында чечилет.

Ушинткен паңсат, оюна дагы бир нерсе түшө калгандай:

- Ургаачы көрсөңөр напсиңер бузулбасын. Мына, калпалар турат. Алла алдында күнөөгө батпай, тездеп ашууну ашып кеткендей бололук, - деди.

Арыта отурган эки басмачы жер тиктеп, күңкүлдөшө кобурашып жатышты:

- Эй, Төрө, бул Калкожобуздун ниети өзгөрүп калган го?

- “Алып кел” деп эле турчу. Тоо арасы кооптуу, сүрдүү деп калыптыр го, ыя?!

- Чамасы артка кайтат окшойбуз.

- Андай дебе, Паңсат укса биздин тирсегибизден асып коет.

- Жок, дегинкисин айтып жатам да.

- Ошентсе да сак болгонубуз оң.

Тигинде сууну жээктей бир топ кой, эчки, уй, жылкыларды айдап келе жаткандарды көрүп, өзүнүн кишилерин Калкожо:

- Эс алгыла! - деп жыйынды таратты.

 

***

 

Ошол топко келген Садыраалы, Артыкбай, Жумабек, дагы бир курбулуу топ уландарды көрө Эргеш өзүнө чакырды:

- Эй, бу жерде эмне кылып жүрөсүңөр?

- Өзүбүз ушул жердикпиз. Сиздерге мал союшканга жардам берели деп келгенбиз, - Садыраалы шыр жооп берди.

- Жүдаа жакшы болот. Отун жагып, гөшүнү бышырып турсаңар, береги жүргөндөр силерди жакшы көрүп калышат.

- Аттарды да отко коёбузбу?

Артыкбай сөзгө аралышты.

- Жоготпой кайтарып бересиңерби? – Эргеш сырдуу карады.

- Айтканыңыздай болот, бардыгын аткарабыз, - деди Жумабек.

Жаңы келген союштарды чекеден союп, Калкожонун ишенимине кирүү үчүн боз балдар ары-бери чуркап, казан асып, күйпөлөктөп жүрүштү.

Бул күнү басмачылардын колун отунга тийгизбей, этти да өздөрү бышырышып, аттарды да кайтарган Садыраалылар болду. Атүгүл баштарын жогору каратып, үймөк-үймөк кылып ар жерге топтоштурулган мылтыктарды да кайтарышты.

Басмачылар эч нерсе менен иши жоктой. Кээ бирөө намазын окуса, кээ бири суу жээктей, ары-бери басып жүрүштү.

Калкожонун Кытайга Суусамыр аркылуу бет алышып кетерин Адыраңга Байгабыл айтып келди.

- Эки күндөн кийин аттанабыз дешиптир. Биздин сизге кандай жардамыбыз тийет?

- Байгабыл, мен Туура-Кайыңга барып, берки ашуулардан кабар алдым. Ал жактан жаан жааса өтө алышпайт. Булар кетсе Карагерат аркылуу Арамзаанын белин ашышы мүмкүн. Ал жактан да да аттары тайгаланып, баса албай, артка – Молдаалыныкына эле келишет. Кетсе Кызыл-Кыя менен кетет. Бул ичиңде болсун. Эч кимге айтпа. Насаке абамдыкына бир карын май калтыргам. Жашы өткөн киши курусун, атка жанчылып калыпмын. Ал жакка бара албай турганмын. Ошол карын майды бүгүн түнү мага жеткир. Көк-Булактын үстүндөгү чоң ташты көрдүң беле?

- Ооба, көргөм.

- Көрсөң, ошол жакта болом. Белгим – ошол таштын коңулунун оозуна береги тебетейимди коюп кетем. Тебетейди көрсөң болду. Майды таштын коңулуна таштап кете бер. Асти бирөөнүн көзүнө чалдыга көрбө.

- Макул, аба.

- Анда жөнө!

Байгабыл чабдар быштыга камчы берип, Ноотту карай шашып кетип баратты.

Ойго чөмүлгөн жайчы Төө-Карындагы бай түп табылгыга атын байлап, бир аз эс алып алайын деп жантыгынан жат кетти. Бирок көзү умачтай ачыла түштү. Уйкусу келген жок. Ордунан туруп, ары-бери басып, байлоодогу атын чечип минип, капталдата жалгыз аяк жол менен кетип баратты.

Таң агара электе Узун-Булакка келип, өзү айткан таштын далдоосуна жетти. Айткан жерине тебетейин таштап, топучан кайра артына кайтып кетти.

Адыраң кырга чыгып кеткенден кийин баштыкка салынган карындагы майды Байгабыл жайчы айткан жерге барып, атынан түшүп, анын тебетейин издеди.

Колуна жумшак нерсе урунду. Кармап көрсө тебетей экен. Ичи сууланып, тери кургай элек.

“Кайран киши, шашып келген экен!” – тебетейинин сууланып турганын көрө аны аяп, карындагы сары майды коңулга бекитип, артка кайтты.

Ал ит-куш тийбесин дегени эле.

Таң сүрө Байгабыл ноотту ашып, изин суутту.

Күн жаңы чыккан кезде кыйналып келген Адыраң өзү тебетейин коюп койгон жердеги баштыктагы карын толо сары майды көрүп:

- Кайран Бакем, “Шок бол, шок болбосоң жок бол” деген чын тура. Убадасына туруптур. Ылайым кор болбо! – деп алкады да майды жаңы тйиип чыккан күнгө бир аз эрисин деп калтырып коюп, өзү кол дааратын алганы өзөнгө түшүп кетти.

Жайчы кыбыланы карап көпкө олтурду.

Ичинен жүрөгү сыздап, элдин тоо аралап тентип кеткенине зээни кейип, көпкө жашыды.

Өзүнө-өзү кайрат берип, шерденип кайра тикесинен ыкчам тура калып, даараты көз жашы менен сынганын билип. Экинчи жолу кол дааратын алып, акырын басып таштын үстүндө күнгө какталып турган карын майды алды да, карындын оозуна тепчилген жыгачын алып, аста кылкылдата жутту.

Шалбырап бош калган карынды баштыктын ичине салып, аны кайра таштын коңулуна катып койду.

Ал кадимкидей кубаттанып, жайчылык дубасын окуй баштады.

Ого эле көпкө окуду. Качан гана Термечиктин үстүнө каалгып келген тармалданган ак булуттарды көрө, иш оңунда экен дегенсип, атына минип төмөн карай жол тартты.

Алдынан бир топ атчант адамдар жолукту. Алар менен саламдашып, арасынан өз кишилерибиз бар бекен дегендей кыдырата тиктеди. Жок экен.

Кара көрпө тебетей кийген, өзү олбурлуу, кайкы мурун адам ага карап:

- Сен кайсы жактан келатасың? – деди.

- Карагер ат тараптан.

- Аның кайсыл жер?

- Ушул биз турган жерден жогорку, көрүнгөн белге чейинки жерди айтабыз.

- Арамзаанын бели кайсыл багытта?

- Ушул жол менен түз кетсеңер Арамзаанын бели. Андан ары Суусамырга түшүп кетесиңер.

Алардын араларынан эринин желке басып, “чарт” жарылган эжигейдей сапсары, башында боз малакайы бар адамы беркилерге:

- Артка кайта берсек болот, - деди. – Бул киши бизди алдаса, Молдаалы калпаны баш кылып атып салбай жаныбыз жокпу?

- Туура, сеники туура, - дешип, ансыз да күндүн ысыгында талыкшып келаткандары жабалактап кетишти.

Жыйырмадай басмачы Адыраңды алдыларына салып алышып, Молдаалыныкына карай кетип баратышты.

Чаар-таш багытына үч жүздөй кишиси менен Эргеш жол чалганы кетти.

Калкожо Молдаалынын мечитин паанектеп, төрт жүздөй кишиси менен калып калды.

Союш артынан союш союлуп, ээн калган боз үйлөрдүн түндүктөрүн түшүрө чаап, уук-керегелерин балталап отун кылып, казандарына эт бышырып, оңуп эле калышты.

Карагерат багытынан келген жыйырмадай басмачы түш оой келип, Калкожого жол өңүтүн чалганын айтып беришип, даяр оокатка кирип кетишти.

Четтеп келаткан Адыраң акырындап артта калып калды.

- Тез бастыр! – деген киши олбоду.

Жайчы атын бош коё берип, суу жээгине дагы келди. Бу сапар анын жүзү жайдары эле. Кол дааратын алганы эңкейип жатып, тиги өйүздөгү Садыраалы, Артыкбайды көрүп калды. Ал сестене түштү.

- Ок, жашабагырлар! Бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр?! Кеткиле, ары! Мени көрдүм дебегиле! Көздөн далдоо болгула! – деп кууп жиберди.

Адыраң күчтөнүп, жайчылык дубасын окуп, акырын топ алмага жылып кирип кетти.

Кара булут Закманды курчап, күн батыштан дыбыратып жамгыр жаап келип, арты катуу шамал аралаш жаан жаады.

Карагерат тараптан курчап чыкан ак булуттарды шамал айдап келип, жаан арты суук болуп, шыбыргактап кар жаап келди.

Жерге жөө туман түшүп, кар аралаш жамгыр жаап жатты.

Чаар-Таш багытындагы жолду чалып, Эргештин колу келди.

- Кожом, ал жак жол берер эмес. Жолу сыйрылма. Аттарыбызды жетелеп, түзгө зорго түштүк.

Калчылдап келген басмачылар ар кайсы жерге топ-топ болуп, казанга эт бышырып жатышты.

Кара-куурай, Алмалуу тараптагы боз үйлөрдүн уук-кереглерин жүктөп келишип, отун кылып, өздөрү очок боюнда үңкүйүшүп, үшүгөн тооктой бүрүшүп олтурушат.

Басмачылар үч күн суу жээгинде өргүп, акыры аттанмак болушту.

- Я Алла, я Алла, “Качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай” дейт, биз аттаналык! Арамзаанын белин ашып алсак, биз койбойбуз. Аны жер чалып келгендер айтып берди.

Ошондон көп өтпөй эле аттанып жатып, Калкожо Молдаалыга заарын чачты:

- Эргеш айтты, жанагы паччагар эки бала эки атымды уурдап, минип кетиптир! Агер колго түшүп калса, боорун кактап жейм!

- Э, кожом, жайылып жүргөн малдын баары сиздики да. Эки саркер арасынан тандап, эки атты минип кетсе, жөө калбас.

- Ой, калпа, боор тартпа, ыйманың саламат болсун! Сага окшогондун далайын барчу жайына узаткан, береги кол!

Калкожо сөөмөйүн чычайтып, аттанып бараткан саркерлерди жаңдай көрсөттү.

- Я, Алла, я Алла, - деген Калкожо сур жоргосун суулуктап кармап турган Молдаалы калпаны алагай көзү менен атып тиктей, атына камчы шыбап, ыкчам бастыра алдыга түштү.

Көк-Булакка барганда жер чалып ушул жакка келген басмачыларды алдыга салды. Алды эзилип, ылай үстү жабышкак карга аттар тайгаланып, улам өрүлөгөн сайын жол кыйындады. Алты-жети атчаны каптал жолдо аттары тайгаланып, боркулга артылып барып суу жээгине түшүштү. Кокуйлаган кожо колун “тык” токтотту:

- Бул жак бизге ашуу бербейт. Артка кайттык. Тигил суу жээгинде жаткандардан кабар алып, Молдаалыныкына барып калгыла! – деген паңсат калпалары менен артка кайтып барат.

Кызыл-Кыяны жөө туман басып, жол көрүнбөйт. Келген багытына кайра кайта турган Калкожо молдаалы калпаныкына кайра келип түштү.

- А калпа, биз келип калдык. Жөө туман көтөрүлсө артка кайтабыз.

Молдаалы Калкожонун сур жоргосунун тизгининен суулуктай кармап, карда кайыгып үшүп калган пендесин этияттап, аттан түшүрүп алды.

Күн ачылгыча өз тамагыңарды өзүңөр таап жегиле! – деген Калкожо бул сапар саркерлерин эркин койду.

Алар ар кайсы кокту-колотту тинтип, калып калган малды айдап келип союп жатышты.

Бул күнү отуну тартыш болуп кээ бирөө мылтыгынын кундагын жарып, куу кекиртек үчүн отко салат.

Таң атып, күн шашке болгондо жөө туман Кызыл-Кыядан өйдө көтөрүлүп, жолдун таманы даана көрүнүп калды.

Калкожо экинчи кайра аттанып, артын карай Кызыл-Кыя багытына бет алды. Самсып жүдөгөн басмачылар сууга түшкөн тооктой шөмтүрөп кетип барат.

Басмачылар кеткен күнү түш оой күн чайыттай болуп ачылып кетти. Бат эле буу асманга көтөрүлүп, жолдун таманы кургап, Алмалуу-Толук арасында каттаган кишилердин карааны көбөйдү.

Убада боюнча Орто-Жонго алоолонто от жагып, үстүнө суу шилбилерди каршы-терши ыргытышып, боз түтүн асманга көтөрүлдү. Төнчүгө чыгып кеткен кыз-келиндер, бала-чакалардын алды кайтып келе башташты.

Алардын айтымында Төнчүгө жаан жаабаптыр. Бирок Карагераттан тике соккон кардын суугу бир топ үшүтүп, басмачылардан коркушканынан отун жакпай көпкө олтурушуптур. Ала кеткен азыгы үч-төрт күнгө жетиптир.

 

***

 

Басмачылар келип-кеткенден бир ай өтпөй, Адыраңга бир сыр болуп, белги байкалды.

Кулагына жаңырып жүрүүчү колдоочу добуш угулбай , өзү да түшүнөн көп чочуп ойгончу болду.

Бир түнү түшүндө: “Жайчылык өнөрдү Раманкулга үйрөт!” – деген үн угулуп, чоочуп ойгонуп кетти.

Ал уктай албай ооналактап, көзүн ачып ойлуу жата берди.

Ошол түндү уйкусуз атырып, эртеси Раманкулга жолугуп:

- Сен жайчылыкты өнөр тут, молдолугуң дагы бар. Жигериң күчтүү. Беш түлөк кыргыйдай ооматыңдын келип жаткан учуру. Мен Ачыкка барып келейин.

- Мен жашмын го, көтөрө алар бекемин.

- Көтөрөсүң, сенден башка ылайыктуу адам таппадым. Белгим да сага төп келип жатат. Кой, үйрөнбөйм дебе! – деди.

Раманкул унчуккан жок. “Унчукпаганы – макул болгону” деген Адыраң Ачыкка үйүнө барып келгени жөнөп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

 

***

 

Ал Секиртмеден түшүп баратып, баягы бала кезиндеги үкүнү көрдү. Жапыздап учкан паранда Адыраңга шумдуктуудай сулуу да, чоң да көрүндү.

Адыраңга балалык кези элестеп, жапыз учуп бараткан үкүнү карап, атасы Баймырза оюна түштү.

“Атаат, бул жашооң деле кубулуп, бирде күлдүрсө, бирде ыйлатып...”

Анын кулагына: “Ооба, өзүң айткан бир атым наспайдай эле. Каска – кастай, тууганга – туугандай мамиле кыл”, - деген атасынын сөзү кошул-ташыл жаңырыктап угулду.

Тиги Закман тоосу тарапта Эне-бүркүт эбак бөлүнүп, өзүнчө жемин издеп жүргөн балапанына кезиккендей, көктө каалгыйт.

Жайчы аны көрө жүрөгү “болк” этип, оюна атасына жооп берген: “Бул жашоо дегениң бир атым наспайдай болсо... Мен кечээ эле төрөлгөндөй болдум эле”, - деп эки жагын каранып, өзүнүн оюнан өзү чочочуп, артымда киши жокпу дегендей кылчак-кылчак каранат.

Ансыз да боркул таштарды аралап бараткан атынын тизгинин ээрдин кашына илип, бош койду.

Ат басыгы жай.

Кара-Кыянын суусунан өтө бергенде Алчын баш болгон топ атчан жолугуп, салам айтышып, бир азга атынын башын тарта туруп калышты.

Ал Алчын менен кол кармаша, колун кыса учурашты. Алчын Адыраңды карап:

- А каякка? – деди.

- Ачыкка, үйгө барып келейин деп кетип жатам.

Алчындын колун коё бербей, дагы да:

- Качан келесиң? Тез келип кал, - деди.

Алчын эч нерсе түшүнбөй, өзүн жалдырап карап калган Алчынды жолунан калтырбайын дегендей:

- Бар, бара бер. Кайра тез кайт. Сага айта турган кебим бар.

- Азыр айтсаң болбойбу?

- Жок, болбойт. Толук эмне, береги эле жерде, жетишип каласың, - деп сөзүнүн аягын табышмактатып айтты. Алчын үн дебей, Адыраңды кылчак-кылчак карап, Секиртмени таяна берди.

Адыраң үйүнө күн бата келди да, атын тез байлап, эшик алдында турган чөөгүнүн көтөрүп даарат алганы кашатка кетти да, о көптө кечигип келди.

“Шам” намазын окуп бүтүп, түндүктөн асманды карады.

Жашоо ушунчалык сулуу, ырахаттуу көрүндү. Эмнегедир кулагы саамга туна түштү.

Ал шашып калды. Өз жаназасын өзү окуп, эшикте ойноп жүргөн балдарына:

- Ой, молдону чакырып койгула, - дегенге зорго жарады.

Калтар молдо келип эле, жайнамазына жыгылган жайчыны көрүп чочуп кетти.

- Адыраң?! Адыраң дейм?!

Ал үн дебеди. Молдо шатырата жаназасын окуп, жайчыны жайына алдыртып койду.

Эки жактан чууруп келген эл тез эле казганактап, туш тарапка чабаганчы чаптырышты.

Чаар-Таш, Ноот, Толук, Алмалуу багытына үч адамды аттантышты.

Чабаганчы келгенде атты жаңы эле отко койгон Алчын, анын тез келатканын көрүп кооптоно эшик алдына туруп калды.

Кулагер атчан Тынай Алчынга саламын айтып, кол алышты.

- А келипсиң. Түн ката келишиң...

Алчын тынайды аңырайып карап калды.

- Алчын ата, жайчы атам өтүп кетти. Сизге кабарга келдим.

Мындан аркы айылга кабар айтып коёюн, - деген Тынай шар жүрүп кетти.

Алчын тунжурап, нес болуп көпкө туруп калды.

“Атаңдын көрү-ү, Кара-Кыядан жолукканда эмнеге “тез кел, сага айта турган сөзүм бар” дегени ушу трубайбы! Кайраным, кайраным! “Кудай менен сүйлөшөт бул, өлбөйт деп жүрбөймүнбү! ” – деген Алчындын көзүнөн сарыккан жашы сакалын жууп, ылдый сарыгып, тамчылады.

Жаңы эле тушап, отко койгон атын алып келип токунуп, эч кимге айтпай, Ачыкка жөнөдү.

Түн ортосу оой атын алка-шалка бастырып, Адыраңдыкына жетип барды.

Жалгыз атчан:

- Досум, досум!.. – деп катуу ыйлап түштү. Жайына алынган Адыраңдын жылуу нурдуу жүзүн көрө, аны өлбөй эле тирүү жаткан кишидей көрүп, эшикке кайра чыкты.

Жайчыны Боз-Тектирге коюшуп, жалпы эл үйүнө келип куран түшүрүп, ар кимиси келген жагына тарай баштады.

Эл аягы суюлуп бүткөндө балдары менен кучакташып, досун жоктогон Алчын үйүн карай узады.

“Адыраңды алган жалаңкыч кимди коёт дейсиң? Кудай менен сүйлөшөт деп жүрсөм... Баарын билет деп жүрсөм!..”

Алчын үйүнө келип, эртеси оорубай-сыркабай эле төшөгүндө жатып, жан берди.

Жанындагы байбичеси анын өңү өзгөрүп калганын көрүп, акырын түрттү. Алчын козголбоду.

Эрте турган Баамбай таң тоого ак из таштаганда:

- Атаке-ем, атакем, о-ой! – деп өкүрүп элди ойготту.

- Эмне болду? – деген коңшулары тез эле жете келишип, молдосун чакырып, ыйманын айтып, жайына ойдурду.

Бул жалган дүйнөнүн куулук-шумдугу менен иши жоктой, көзү жумулуп Алчын жатат. Туш тараптан келген эл Алчынды Адыраң өлгөндөн төртүнчү күнү дегенде жерге беришти.

 

 

IV бөлүк

 

БИЙЛИК КУМАРЫ

 

Куу арчадан имериле кеткен ийри жол төмөн, кызыл кумдуу чапты таптап, Абаскандын үйүнө алып барат.

Жигиттери менен ит агытып, куш салып жүргөн кызыл бет, куш тумшук, көк көз сары киши улам берилеп келет. Ал – Абаскан болчу.

Капчыгайды жарып өткөн чоң суу таштан-ташка жанчылып, өзөн ылдый агат.

- Ай, Жээнбек, барсыңбы?!

- Бар эмей! Сиздин кызматыңыз үчүн дайым даяр турабыз да!

Абаскан каткырып күлүп калды.

Ылдыйтан боз атчан кишинин карааны көрүндү. Кайчы өтүп бараткан жолоочу:

- Эй, силер кимсиңер?! – деди озунуп.

- А өзүң кимсиң?!

Тигил киши өз атын атоодон мурун:

- Зулум Абаскан сен эмессиңби?! Молдаалынын тилин албай этегиң элеп, жеңиң желек болуп, көрүнгөндүн жылкысына тийип, залим атыккан Абаскан сен эмей ким?

- Абаскан экеимди каяктан билдиң?!

- Алдагы, жаныңдагы курсагын салаңдаткан, адашып тарпка конгон бүркүттөй болуп, туш тарабын каранган, ишенгениң - Жээнбек экенин билип турам. Же андай эмеспи, Абаскан?!

- Ой, сен деги кимсиң?! Азыткысыңбы? ! Чүлүгүн мүйүзүнө каңтара түргөн өгүздөй шаңыраңдайсың да! Кердиртип коёюнбу?!

- Кердирте албайсың. Жээнбегиңди желкеге тээп, Карынбайыңды карынга тээп, апаң менен туугандарыңдын алдына алып барып жүрбөйүн!

Абасыкандын чындап ачуусу келди:

- Ой, Жээнбек, өлөсөлүү дөбөттөй телмирип карабай, тигини карма!

Жээнбек жакындай бергенде сур атчан кара киши Абасканды көздөй жакындай басып:

- Мага эч кимдин колу тийген эмес! Жакындасаң азыр эле

Молдаалы менен апаңа өкүрүп түшүп каларыңды ойло! Ай, жинди. Этегиңди карачы, өрттөнүп баратат! Андан көрө боз чепкениңдин этегин өчүрүп албайсыңбы!

Абаскан чапанынын этегин караса, чын эле өрттөнүп баратыптыр. Ал далдайып, мурду таңыракай кара кишини карап, бир азга нестейе түштү.

- Чапандын этеги кандай өрттөнгөнүн жоруганды билесиңби?

- Билбейт экемин.

- Деги сен кимсиң?

- Билбесең, билип ал! Мындан ары тилимди албасаң этегиң өрттөнүп, тукумуң жалгыз аяк болуп каргышка каласың. Баса, Кыдыраалынын жылкысына качан аттанганы жатасың?

- Бул анык шүмшүк го, андай оюмду каяктан билип койдуң?

- Абаскан, эмне ойлонуп калдың? Дайра жактан Ачык деген айылга барарыңды билип жүрөм. Ачыгын айтып коёюн. Кыдыраалынын жылкысы Ачыктын тегерегинде. Боз-Тектирге барсаң бозоруп кайтаарыңды билип турам. Ал жерде жылкылар жок, уйлар жайылып жүрөт.

- Экөөбүз адамча сүйлөшөлүчү, сен – куучусуңбу?

Деги кимсиң?

Абасканга жанаша түшкөн чоң Жээнбек Абаскандын суроосуна эмне деп жооп берер экен деп берки теңирекей кара кишини таң калыштуу карады.

- Билбесең билип ал, Жумгал-Атадан аттанган Каракуугунчу деген мен болом. Мени өйүзгү мышыктан сурасаң айтып берет.

- Аның кайсы жерде жашайт?

- Бегет элинде.

- Ал жакка бара албасамчы?

- Аның туура. Сага окшогон зулумду ийге келтирип коё турган эр-азаматтар көп, аларда. Андан көрө жөн эле, көр оокатың менен болгонуң жакшы. Экөөбүз таанышып калдык. Мындан ары жолугабызбы, жолукпайбызбы, элге залимдикти чеги менен кыл.Оюңдагыны билип турам. Жакында сен ылай там саласың. Зордугуң ошол жерде күч алат. Сага теңелер шум болбойт. Жолуңду тосоор азамат кийинчерээк эле ошол жерден чыгат.

- Аны каяктан билдиң?

- Билип турам. Сөөгүң Фарганада калат. Дайыныңды эч ким билбейт. Сен өлгөн соң издеген тууганың Ташкенден ысымыңды иликтеп табат. Угуп ал, тууганым, келечегиңди да айттым.

Абаскан тиги кишини нестейе карады.

- Туура айтып жатам. Жаныңдагы жигитиңдин аты Жээнбек дебедимби. Аның мазарда ат чаап баратып, аттан жыгылып өлөт. Курсагын салаңдатып, сага сүйөнүп турганын кара, шордуунун.

Жээнбек тикирейе карады.

- Эй, деги бул ким?! Атын айтпайт го?!

- Ысымын айтпадыбы. Куучумун, өйүзгү Бегеттеги Мышыктан сурап алгыла деди го. Ошол Мышыкка сени жиберем.

Абаскан Жээнбекке кылчайды. Суроолу карады. Алар антип кобурашканча тигил атчан бир топ жерге узап барып калган эле.

- Ой, ал Мышыгы ким?

- Сураштырып көрөсүң, бул жерде жүрүп, Мышыгын ит билиптирби? !

- Ой, сен кайда барсың?! – Абаскан үнүн бийк чыгарып, “зоңк” этти.

Кара киши жооп кылып:

- Таластагы Жанкороз деген кишини уктуң беле?!

- Укккам. Атүгүл көзү өтүп кеткенин да билем. Көп жыл болбодубу.

- Калп айтышат.

- Чын эле.

- Ысымы артында калган кишинин көзү өтпөйт. Уктуңбу, Абаскан?!

Куучу Абаскандан жооп күтпөй белести ашып баратып:

- Жанкороздун тогончор жээни Айымкан сулууга баратам, - деп, беркилерге “ошондой” деп койду. Абаскан Жээнбекке карап:

- Шаңыракайдын оюн, - деп жылмайды. Жээнбек каткырып күлүп алды. Абаскан ысым берген шаңыракай кайра да бийик үн катты:

- Ой, тың чыкма! Молдаалы менен урушуп, өзүңдү эрчиген Жэнбегиң менен улам ылдыйлап көчүп олтуруп, Толукка барасың. Өмүрүңдүн соңу ошол жакта өтөт.Энеңи сыйлай жүр. “Бейиш – эненин таман алдында” экенин унутпа. Мейли, мен кеттим.

Оолуккан Жээнбек:

- Ушул шаңыракайды тындым кылып келейинби? Көп болсо Көтөрмөгө жакындады. Куучулук алым бар, - деп оолукканда Абаскан:

- Сен ага катылып эмне кыласың? Айтып коёрум, бул адам куучу гана эмес, азыткы гана эмес, сени бир муштап өлтүрүп коёр амалы да, күчү да бар, - деди.

Тигил атчандын карааны улам алыстап, көрүнбөй калды.

Ал куучу эмес эле, Жумгалдан чыккан Өмүрзактын уулу Кудайберген – Куйручук болчу.

 

***

 

“Атаңдын көрү-ү, Шаңыракай туура айткан экен, апамдын тилин албай, Молдаалы менен эмнеге уруштум десең?! Анан да ачуум менен чаап баратып, бирөөнүн жалгыз баласын майып кылып алдым. Ай, Үркүнчү, ушул сенин азабың!..”

Ал Үркүнчүнү карады. Үркүнчү Абасканды аңырая тиктеп, аны бир нерсе дейби деди.

Абаскан кирген буурадай зиркилдеп, ачуусун тыя албай. Бетин кан тээп, ары-бери оолугуп баса берди.

- Үркүнчү?!

- Эмне кылайын?

- Көкөмерендин куймасын жакшы билесиң, ээ?

- Ооба.

- Анда Жээнбек, Карабек, жанагы эмне кыларын билбей өйдө-ылдый басып, оолугуп жүргөн жигиттердин бешөөнү кошуп алып, Куйгандан ылдый Нарынды бойлоп, Жампадан жогору өрүлөйсүңөр.

Үркүнчү менен Жээнбек аны көпкө карап, жооп күткөндөй нестейип турушуту.

- Кызыл-Кырчындын этегин билесиңер да?

- Ооба, билбей анан.

- Ошол силерге буйга болот. Андан өйдө чыгып Терекке жетип, Кыдыраалынын жылкысынан эки үйүр айдап келесиңер. Азырынча болот. Кыдыраалы бай менен да чапчышып көрөлүчү. Анын чаркы чак. Чабыша кетсе бирөө-жарымын өлтүрүп албагыла. Тек гана чокмор менен тизеге чаап, аттарынан сулатып, кара буурулдун, жээрде кашканын үйүрүн айдап түшө бергиле. Дайра жээктеп,так ушул мен турган жерге айдап келесиңер.

Абаскан ачуусу бир аз таркагандай Үркүнчүгө карады.

- Жээнбек, ушул оюм туурабы?

- Туура эмей, анан! Эки үйүр эле эмес, андан көбүн деле айдап келе беребиз.

- А көтүң ээрге бош, май көтсүң! – Аабаскан өзүнүн сөзүнө өзү жыргап күлүп алды. Үркүнчү бир аз жылмайып, Абасканды коштой:

- Ал жагын бизге кой. Тек гана ушул жерден көчпөй, бизди күтүп алсаңар болду.

Колдорунда камчы, канжыгасына чокмор байланган беш салт атчан адам дайранын агымы менен ылдый карай, боркул таштарды аралата бастырып кетип баратышты.

 

 

***

 

Дайранын жээгин өйдөлөп кеткен ийри-буйру жол өтө эле татаал. Беш атчан киши Кызыл-Кырчындан өйдө имериле бергенде таң атып калган эле.

Жолдун нугун жакшы билген Үркүнчү Жээнбекке карап:

- Баатыр, бүгүн кечке ушул жерде бололу. Жылкылар кайда жүрөт, аны көрүп, айдап кетээр жолду да такташытырып алалы, - деди.

- Аның туура. Күндүзү тийсек колго түшүп калабыз. Алар көп айыл, - деген чоң Жээнбек Үркүнчүгө суроолуу көз тикти.

Келген беш адам ала келген азыктарынан тамактанып, кечке бекинип алып, эс алып жатышты.

Анан да кете турган жол өңүтүн чалмай болушту.

Күз болуп, кулундары кошо агытылган жылкылар ар жерде үйүрлөрү менен оттоп жүрүшөт. Кайтарган жылкычылары да көрүнбөйт. Алар күндүз тоюнуп жаткан жылкыларына көз салып коюп, ары айылга түшүп кетишсе керек.

Жылкыларды четтеп, жандай бастырган Карабек Абаскан айткан эки үйүрдү тапты. Эки үйүр тең жанаша, четте оттоп жүрүшүптүр.

Карабек сүйүнүп кетти. Кара буурулдун, жээрде кашканын үйүрүн көргөнүн арыта, таш түбүндө олтурган Жээнбекке айтып барганча шашты.

Кара күүгүмдө, уурулар жылкы өңүтүн күтүп жаткан жеринен козголушуп, эки үйүрдү дайра бойлой айдап жөнөштү.

 

***

 

Абасканга жеткен эки үйүр жылкы ошол бойдон өзүндө калды.

Жыл айланып Кеңеш өкмөтүнүн айылдык кеңештерине төрага шайлоосу башталды.

Абаскан Толук айлынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп бекиди.

“Жаңы өкмөтүң деле кедей-кембагалдарга карабайт экен”, - деген нааразы кептер эл ичинде айтылып, ачыктан-ачык каршы чыккандары да болду.

Бийлик десе бийликти, байлык десе байлыкты берген жаңы өкмөттүн берешендигине Абаскан ичинен ыраазы болуп, өз өкүмүн жүргүзүп, уруучулукту күчөтүп, кырк жигит күтүп, эл аралып бастырып жүрдү.

Ал Кеңеш өкмөтүн ошондой деп түшүндү.

“Кызталак, мындайдын артында коогалаңы да болчу эле, сак жүргөнүм оң”, - деди бир ою. Анан кайра эле: “Бардыгы оюңдагыдай болуп турса, ким эмне десе ошо десин! Күнүмдүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин!” – деген бир ою мээсине кыт куйгандай бекем уюду. “Мейли, кийинкисин дагы көрө жатарбыз. Андан көрө “Тон кийбеген тон кийсе, кага-кага бүтүрөт” болбой, бардар жашоону “Жакшы адамда жаштык жок, тобокелдин көөнү ток” жашаганым артык”, - деген оюн туура деп чечти.

Абаскан, Сапаралы кеңеш куруп, экөөнүн ою эки ача чыккан учурлары көп болду. Сапараалы Чаар-Ташка көчтү.

Анан калса Абаскан элди чогултуп ымала түзгөндүр ордуна ортолорун отун чачкандай ыдыратканды жакшы көрө турган.

“Абаскан - Абаскан” болуп элдин оозуна алынганы жылжып аккан булактын жээгине көк теректерди тикти. Анысы го жакшы дечи, үйгө көлөкө болот. О бир кезде Анжиянга барганда бир сарттын үйүндө конок болуп, анын ылай тамына кызыккан. Анда кыштын күнү болчу. Суук ичтен калтыратып турганда үйгө кирип магдырай түшүп: “Так ушундай там салбасам,” - деп эсине түйүп койгон.А бирок оокаты бышканда тамак-ашын өзү тейлеп, астына койгон эркек тананы жактыра бербеди. “Катынды эмнеге алат? Бала тууп берсе эле болдубу? Келген конокко керек болсо эркек менен тең чуркап ат суутуп, жоопкерчиликке даяр болсун”, - деп алат.

Ичинен: “Энеңди урайын, [moderated]!” – деп сөгүп да алган. Ошондо көргөн тамын эми салдырганы турат. “Ылайдан жасалган там ого эле жылуу болот. Эч үшүбөйсүң! ” – деп кыштын күндөрү сыртка чыккысы келбей ыкшоолонот: “Эшикте ызгаар, бороон улуп турса. Эшикте бок барбы?!”

Абаскан жаңы сала турган тамынын усталарын да тапты. Кам салууга киришти. Ал тамын кеч күзгө чейин салдырып бүтүрүүнү ойлоп, Туура-Кайыңдын, Кең-Коонун арчаларын кыйдырып, ылдый кулаттырып, өйүзгө сүйрөттүрүп келди.

Там бийиктеп, төрт баксасы көтөрүлүп калган.

Айткнадай эле анын зулумдугу арта берди. Күн өткөн сайын эл андан чочулап, сактанууга өтүп калышты.

Ары өткөн, бери өткөн жаза тайып салам атйпай өстө, артынан жигиттерин чаптырып, ылай тебелетип, колек жасатып, кээ бирөөнү сабаганды адатка айлантып алды.

 

***

 

Эртең менен эрте турган Абаскан суунун аркы өйүзүнөн өзүнө салам бербей өтүп бараткан кишини көзү чалып калды.

- Чап, Карабек! Жетип чылбырын ээринин кашына байлап, менин алдыма алып кел. “Барбайм” десе башын каңдап, алыдңа салып ал! – деди.

Буйрукту эле күтүп турган Карабек көк аты менен аркы өйүзгө алеки саатта жетти. Кетип бараткан Осмон карыны астынан тосуп, сыпайылык кылып:

- Сизди Абаскан чакырып жатат. “Келип кетсин” дейт, - деди.

- И, менде эмне иши бар экен?

- Анысын бара көрө жатасыз да.

- Үйүмдө жылкым агытылбай, байлоодо эле, мени коё бер.

- Ой, эмнеге коё берем?! Келе, чылбырды?!

Карабек тигинин чылбырын колунан жулуп алып, такымына баса, ээрдин кашына ороп, түз эле шар сууга салды.

- Ой, айбан, өлөбүз!

- Өлбөйбүз! Мени ээрчип келе берсиң!

- Келе, чылбырымды! Өзүм эле өтөйүн?!

- Качпайсыңбы? !

- Эмнеге качайын, балам?! Түрүңдөн байкап турам. Соо кылбасыңды да туюа атам.

Кары тигини ормоё карады.

- Ме, чылбырыңызды.

Осмон карыя аттын чылбырын колуна алып, атты “чү!” деп теминип, аркы өйүзгө өттү. Карабек экөө Абаскандын үйүнүн тушуна келип. Аттан түшүштү.

- О, Осоке, саламдашуу болбой калганбы?!

- Э, балам, кичүүсү улуусуна салам берет да?!

Абаскан кекете:

- Атсалоому алейкум, аксакал?!

- Ву алекима атсалам! – деди Осмон.

Абаскан жаңы эле чыгып келаткна күнгө көзүн жүлжүйтө карап:

- Осмон аба, салып жаткан үйүм кандай экен?!

- Абдан көрктүү, бир гана береги жасап койгон ылайың ийге келе элек экен, балам.

- Кана, аба, өзүңүз чечине салып, ылай бышыптырбы, дааналап көрүп көрүңүзчү?!

Осмон Абасканды: “Чын элеби?” – дегедей таңдана карады. Арытан басып келген Жээнбек:

- Эй, кары, бу ылайдын бышып, ийге келгенин эле көрүп бер деп жатат. Ошого эле эмне?!.

Жээнбек Осмондон жооп күтпөй, дамбалчан кылып чечиндирди. Арытан Абаскан:

- Кана, Осмон аба. Ылай бышыптырбы, тебелеп көрүңүзчү! – дегенде Осмон аргасы жок, ылайга түшүп тебелей баштады.

Сумбула чыккандан кийин ылай муздак экенин баары билет. Антсе да кутула албасын билген Осмон кары ылай жасалган аңгектеги саманды ылайга аралыштыра тебелей баштады.

- Аба, ылай ийге келе турганбы?

- Ылай жакшы быша элек экен, - Осмон кары кууланбай, чын ниетинен айтты.

- Тебелей бериң, аба. Мен азыр келем.

Анан Жээнбекке карап шыбырап:

- Карыны сыртка чыгарбагыла. Ылайдын ийге келип, бышканын жакшы билет экен, - деп какшыктап, ары басып кетти. Карынын алы-күчү тайыган сайын тери жаагы ылдый сарыгып, аппак сакалына жетип, тамчылап жатты. Көйнөгүн тер басып, ылай чачыраган көйнөгү терге чыланып, тизесине чейин түрүлгөн аппак дамбалы бозала болуп, тери сыртына чыгып, жылаңайлак арык шыйрагы менен жаш аралаш тамчы болуп төмөн куюлат.

Жээнбек үн дебеди. Жок дегенде: “Ылай бышып, дубал урганга жарап калгандыр?” – деп да сурабады.

Арытан эки колун артына алып, таба кылып басып келаткан Абасканды көрө Осмон кары:

- Ылайым тукумуң бирден ашпасын, ашса кудайдын чачыласы болуп эрезеге жетпесин. Мен сага эмнеден жаздым эле?! – деп ыйлап жиберди. Көзүнөн аккан жаш жаагы ылдый сакалына сарыгып, ылайда өчү бардай көпкө тебелеп, анан аңгектен сыртка чыгып, аңгектин алышында агып жаткан сууга көмкөрөсүнөн жыгылды.

Жээнбек чыдабай кетти. Карыны өйдө тургуза жардам бергиси келди эле арытан Абаскан:

- Ой, келесоо! Ал какбаш далайды көргөн! Өзү туруп алат. Болбосо жата берсин! Андан көрө арчаларды көрүп кел. Эртең сүйрөттүрүп келебиз! – деп карыны көрбөгөндөй акырын каалгый басып, өйдөтө тигилген боз үйүн карай кетип баратты.

 

***

 

Ушул окуядан кийин Абаскан Кыдыраалынын жылкысына тийип, Сары-Камышты карай айдатып жиберди да, жылкыларды көргөнү өзү артынан эки күндөн кийин аттанды.

- О, Жээнбек, жылкыны Корумдунун өйдөшүнө карай айдат. Ал жак жылкыларга жайлуу. Жээрде кашк артын салып, үйүрүнөн чыгып кишенеп жатат. Үйүрүн айдап кетип калбасын. А жагына сак бол. “Таяк тайга жеткирет, тай атка жеткирет” дейт. Береги арасында жүргөн шам кулак кулагер быштыга сак бол. Ушундан күлүк чыгат. Ыңырчакта сыр жок, кыңыракта кын жок дейт, аны билесиң. Эртең эле Кыдыраалы жигиттерин же жылкычыларын жиберет. Ал күтүп турбайбы. Угуп жатасыңбы, Жээнбек?

- Угуп жатам, баатыр.

Абаскан “баатыр” деген сөзгө кубана, - ха-ха, ха-ха, кайран Жээнбегим! “Эр энеден туулуп, эл үчүн өлөөрүн билесиң”. Сен билбеген балээ жок.

“Эр сагынбас эр болобу, жер сагынбас ат болобу. Чынында эле жээрде кашка айгыр үйүрүнөн бөлүнүп, тигилерди убара кылып, тоону карай качты. Артына карап, кайра бир кишенеп алды да, үйрүн тшатап кете албачудай, топ жылкысына карай жылдыз болуп, кайра учуп келди жаныбар. Кайран аргымак үйүрүнүн арасынан сиңип кетип, өзүн алаксытты...

 

***

 

Жылкыларынан эки үйүр жоголгону Кыдыраалы сураштырып, туш тарапка из салдырып, эки үйүр тең Абасканда экенин билди. “Кантип алдыруу керек? Залим! Кеп укпайт! Кызталак, “Этекти кессе жең болбойт, эзелки душман эл болбойт!” Эзелтен бери Абазкан мага жоолашканы – жоолашкан! ”

Кыдыраалы өз оюн жыйынтыктай албай, ак өргөөдө тунжурап көпкө отурду. “Эл – ыйык нерсе, элден чыккан – бузук”. Бузукулугу күчөп барат го, анын!

Залим, көзү жок сокурдун күнү өтөөр. Эли жок эрдин күнү өтпөсүн бу бузуку билбейт да.”

Кыдыралы жамбаштап жатып алып, көп нерсени ойлоого үлгүрдү. Эки колу менен кандагайын бек кармап, жини келе кайра-кайра мыжыга берди.

Таң агарып, айланын боз кыроо чалган убак.

Эшиктен кирип келген Буланайым сабаадагы кымыздын тундурмасынан чоң кесеге мелтилдете куюп, акырын басып келип:

- Көп кыжаалат болбо, бай. Элде кеп бар: “Элге эл кошулса дөөлөт болоор”, Абаскан жакында жаңы өкмөттүн укуругуна түшөт. Булан айтты эле дээрсиң. Көп ачууга алдырба, байым.

Булан кесени суна берди.

Ак жубардай өңдүү-түстүү, сөзү ийги өмүрлүк жарына ыраазы боло, Буландын колунан кесени алып, кылкылдата кымыз жутту.

Эртең мененки кымыздын тундурмасы күчтүү болоору кимге болсо да белгилүү.Тундура ичкен кыдыраалы алагүү олтурду.

Анын сунган кесесин колунан алып жатып, Булан айым байына көзүн сүзө:

- Кайраттуу адам калкка башчы болот, жылкыга эле башчы болбойт. Элиң менен эсептеше жүргөнүң оң. “Күчтүү күчөнсө - күчүнө кирери, күчү жок күчөнсө бели мертинери бышык”, ошол жагын эске алып, атын атасам айып этпе, байым. Байсубандын арбагын кечип кете албас. “Чыккан тооң бийик болсо, ыргыткан ташың алыс кулаар”, сөздү эби менен, ар нерсени чеги менен пайдаланып, күйөө балаң Раманкулду Абасканга жиберип. Кабар алдыр. Балдарыңды жиберсең майып кылып
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

асың. Кантсе да молдолугу бар, сөзгө чечен эмеспи ал. Эмнеси болсо да аман болсун. Залимдикти билбеген күйөө балаң карылуу десең карылуу, байым.

Булан айым Кыдыраалыны суроолуу тиктеп, кесесине жаңыртып тундурма куйду.

- Чын айтасың. Акылга аклы кошчу жайың бар. Кошокчулугуңан – кеңешчилигиң бийик, - каркытка алагүү байы жыргап, каткырып күлдү. Булан айымга карап, жандүйнөсүндө ыраазы боло: “Сеники туура”, - деп баш ийкеди.

А кезде Раманкул жылкыларын жакшы кайтарып, кайнатасына жагып калган болчу.

Көп өтпөй эле Раманкулду жанына чакыртып алды.

- Ке, балам, жогору отурчу. Экөөбүз кеңеше турган кеп бар. Жылкың кандай? Ит-куштан аманбы? Балам, сен деле “Жалгыз жыгач үй болбойт, жалгыз жигит бий болбойт” дегендей, Казагыма каралашып, Ажыбегиме абийирин кондуруп, кеңешип жүргөнүңдү сыртыңдан угуп, кубанып жүрөм. Сен менден бөлүнөм дебе. Үстүңө ак өргөө көтөрүп, тогуздап мал энчилеп, Уулбегимди кандай көрсөм, ошондой көрөм. Уулбегим ак жолтой, аркасынан журт ээлер инилерин эрчите келди. Түшүнүп жатасыңбы, карагым?

- Түшүнүп жатам, ата. Айта бериңиз. Айтканыңызды аткарабыз.

Раманкул кайнатасы аны кайдадыр, маанилүү иш менен жумшап жатканын бая, чакырылып келатканда эле билген.

- Сен он эки жыл билим алып, арип таанып, кат чийип, чаар китеп, сопалдоярга чейин окудуң. Азыркы жаңы өкмөт ошондойлорду жакшы көрөт. Билим-илим алгандын заманы келатат.

Кыдыраалы бир азга нестейе, төшөнүп отурган көрпөчөсүн теше тиктеп, ойлуу олтурду.

Сырттан Буланайым кирди. Оюнан ойгон “селт” эткен кыдыраалы Буланайымды карап:

- Тигил, киш-миш кошулган бал кымыздан куйчу, балама, - деди.

Кара кесеге куюлган кымызды ала, Раманкул кылкылдата, аста жутту.

 

***

 

Таң супа сала Темиркенден аттанган Раманкул алдындагы кулагер тобурчакка камчы берип: “Көтөрмө жайлоосуна түш оой жетээрмин”, - деп аттанды.

Жолдо баратып Раманкулдун оюна нелер келбеди: “Атаңдын көрү-ү, Абаскан – Абаскан болуп, залимдиги менен элге таанылды. А түшүнүксүз урган мал табылат, жан табылбасын качан билет?” Бу жалган дүйнөдө өлүм менен конок айттырбай келет го. Аны эмнеге ойлобойт?..”

Аба салкын. “Кулак укса, курсак кайнайт” болуп, жылкынын артынан бараткан Раманкулдун оюнда ушулар: “Бу Абаскан алып-жулбаган өмүр курусун кылбаса болду. Молдаалы менен чарпышып, Толукка келип жылуу үй курдурду. Осмон карыны ылай тебелеткени элдин эсинене кетпей калды. “Тонсуз үй болсо да, ыйсыз үй бобосун” Абаскан түшүнбөдү. Дегеним, пендечилик да. Кудай аласасын качан болосо да аларын бу залим билбейт дейсиңби? Мейли, өлүм баарына бирдей. Кези келгенде “кыңк” этпей жөнөп кете бермей.

“Бу зулум кылкыйма доңуздай качырып, кимге болсун зордугун көрсөтүп келет...”

Ою – онго, санаасы санга бөлүнүп, алдыдагы жолугушуу тууралуу ойлоп, ушинтип түйпөйүл келатты Рманкул:

“Э, атасынын көрү, Баарына Алла ыраазы, барып көрө жатарбыз. Абаскандын да адамкерчилиги кандай экенин көрөрбүз...”

Раманкул түш оой Көтөрмөгө жете барды.

Четки ак өргөө Абаскандыкы экенин билип, ал кулагер тобурчагынын башын ошол жакка бурду.

Боз үйдүн алдындагы ат мамыда эки ат байлануу экен. “Бул аттар кимдики болду экен?”

Эшик алдына жеткен Раманкул:

- Атсаолоому алейкум! – деп үн салды.

- Ву алекматсалам! Кел? Каяктын кулуну болосуң?

Үйгө жаңы эле кирген Садыр кары артынан ээрчип кирген Раманкуллдун алигин алып,сүйлөшө кетти.

- Толуктун кулуну болом, аба. Уругум – көлөп.

- А жакшы балам экенсиң. Мен да Жумгалдын Кызартын ашып, Кетмен-Төбө тарапка баратам.

Боз үйдө карыдан башка, дагы бир жолоочу отурган.

Эки атчан көпкө токтолгон жок. Бат эле чыгып, аттанып кетишти.

Абаскан бир топ атчандар менен өрүлөп, боз үйдү карай бастырып келатты.

Үйгө кирген Раманкул аз-маз өзөк жалгап, Абаскандын апасы менен сүйлөшүп, жөн салды кеп салып отурган.

Сыртта кулагерди тизгининен жетелеп, козулар көгөндөлгөн көгөндүн этегине байлап жаткан Жээнбекти Раманкул согулган чийдин арасынан карап турду.

Абаскан үйгө киргенде төрдө отурган раманкул тура калып салам берип, кемпир жакты карай ыктай отурду.

Сырттантбеш- алты атчандын кобуру угулуп, алар да үйгө киришти.

Маңдайкы белестеги жалгыз арчага коно калган сагызган куйругун селкилдетип. Шакылыктай ары боркулду карай учуп кетти.

Баягы сагызган кайра да аттар байланган арча ат мамынын бирөөсүнө коно калып, шакылыктап жатты.

Кемпир Рамнакулду карады. Бир нерседен чочулагандай үйдөн чыгып, ат мамыны көздөй басты.

Кемпирди көрө сагызган учуп кетти.

Абаскан Раманкулду карап:

- Ийи, келип калыпсың? – деди.

- “Ак зооттун жакасы бар, жеңи жок, чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок” дейт, баатыр. Мен сизге келдим, жигиттериңиз тааныбай, Кыдыраалыдагы эки аксакалыбыздын үйүрүн айдап баса бериптир. Ошону кайтарып кетейин деп келдим.

Абаскан чекчейе, Раманкулга ачуулу, атып карады:

- Эмне, менин жигиттерим ууру бекен?! Ууру болсо кармап алган жериңди айт. Болбосо чычрканакка бөлөтүп, эки бутуңду керегеге кердире байлатып, эсиңден кеткис кылып сабатам. Таанысаң айдап кетесиң, тааныбасаң. ..

Абаскан ордунан тура калды.

- Жээнбек, айдап кел,жылкыларды!

- Баатыр, мен кошо барайын, - деди Раманкул.

- Жээнбек, аттан түш! Карабек экөөң тиги капталдан чычрканак алып келгиле. Тигини, тигини, кошо барат имиш! Тыңын мунун!

Абаскан ансыз да сөөктүү Раманкулга алы жетпесин билип:

- Эй, берегини ат мамыга байлай кеткиле! Качып кетпесин! – деди.

Эки жигитке арыта келаткан үчөө кошулуп, Раманкулга асылышты. Ансыз да ачууга ууккан Раманкул өзүнө асыла берген Карабекти көмөлөтө тепти. Артынан Үркүнчү асылып, белинен бекем кармаганда жулкунуп бошонууга аракет жасады.

Көптүн иши көп да, бат эле көмкөрөсүнөн ныктай жыгып, эки колун артына карай кабыштыра кылчылбыр менен казыкбаш чала байлап,ат мамыга сүйрөп келип, жоон арча казыкка байлап салышты.

Чоң Жээнбек:

- Алың ушунча экен, Карабекке асылганды ким коюптур?! Сага окшогондун далайын жайлаган бу кол.

Ачуусу келген Жээнбек байлануу жаткан Раманкулдун оозун кабыштыра кармады. Раманкул үн дебеди. Табасы кангандай, үйүн карай басып бараткан Абаскан:

- Карабек, тигил чычырканакты жүктөтүп келе кал. Жону кычышып жатса керек, анан сүйлөшөбүз! ..

Өгүзгө жүктөтүп келген эки таңылчакты боз үйдүн бир капшытында төшөттү. Анан үй ээси:

- Тигини алып келип, эки бутун эки жакка керип, кыл чылбыр менен байлагыла. Чалкасынан жаткырып, эки колун керегеге керип таңгыла. Береги булдурсун менен энчисин бергиле! Карабек, өчүң бар, ээ? Биринчи балакты өзүң ал! Табаң кансын! Тигини, тигини! Каяша айтып коёт дагы! Жаткыргыла, тезирээк!

Абаскан ордунан атып турду. Анын кадимки карөзгөйлүгү кармап, эки бетин кан тээп чыгып, улам-улам:

- Тигини, тигини! Биз ууру кылыппыз, ээ?! Ууру имишпиз! Ууру кылганды эми көрсөтөм сага! – деп сөгүнө берди. Апасы болсо бул окуяны көргүсү келбей, жанаша тигилген боз үйү тарапка эчак эле басып кеткен.

Абаскан Раманкулду кекете:

- Тогуз катар торкодон, токтучагымдын терси жакшы дей турган кылам! Ур башка, Карабек! – деп бакырды.

Карабек чычырканакка бөлөнгөн Раманкулду камчы менен туш келди шыбап жатты.

Байлоодогу жигиттин оозунан шүйшүңдөп кан акты. Бүт денеси канга бөлөнүп, өзгөчө баш терисинин куйкасы камчы тийгенде тилинип, кан дирилдеп акты.

Раманкул үн дебеди. Эрдин бекем тиштеп, чалкасынан жаткан боюнча эсинен танды.

Эшиктен шашып кирип келген Абаскандын энеси:

- Кокуй күн! Кокуй күн! Жайлаган трубайсыңарбы! Мунун кунун кууп алары жок дейсиңерби? ! Жиндилигиң калбады го, сенин! Болушаары жок дедиңби?! Эми эле уккан туугандары сени да ушул акыбалга алып келет. Токтот урганыңды! Келе, алдагы камчыны?!

Кемпир уулунун колундагы камчыны жулуп алды.

- Окшошкон гана жиндилер! Чыккыла эшикке Жазалайт десе ушинтип урасыңарбы? ! Муну көргөн эл эмне дейт?!

Кемпирдин ачуу заары Абаскандын кулагына “шак” дей түштү. Апасын сыйладыбы, жигиттерин эрчитип, капчыгай ылдый эңиштеп бастырып кетти.

Раманкулдун буту-колун Алтынайга чечтирип, бош койду. Раманкул бош жатып, көптө барып эсине келгенде:

- Айланайын, жиндинин жини кармап калыптыр. Сени өлтүрү коёт, бу жерден тез кет, - деген кеңешин берди.

Эшикке чыкса аты жок, ээр токулгасын ачышкан жонуна көтөрүп, Раманкул улам бадалдан бадалга жашынып эс алып, денеси көк тулуп болуп шишип. Башы-көзүнө каткан кан өңүн таанытпай, алдастап бу жерден кеткиче шашты.

 

***

 

Кызыл-Суунун өңүрүндөгү калың чыргайдын арасынан капталдап элик качты.

Эңиштеп келаткан топ атчан табылгынын башы менен тең секирип бараткан жапан жаныбарга кайдыгер карап коюшту. Элик бат эле белестен ашып, көрүнбөй калды.

Айлана жымжырт. Көп-көк асман. Абаскан үйүн карай шашып, ыкчам бастырып келет.

Баатырын артында кер атын жулкунтуп, Үркүнбай атына камчы шыбайт.

Антип-минткиче кыш өтүп, жаз да келди. Элди бириктиргендин ордуна уруу уруунун ортосуна  ок жактырып, аларга бүлүк салууну көздөдү Абаскан.

Тогонойдогу Кабыкени көчүрүп алууга бүлүк салууну ойлоп, Алыш-Булакка Жумаалы менен Жолдошбайды көчүрүп алат. Садыраалынын макулдугу менен жер берип, жаш Жолдошбайга жер тандатып, жанына алып жанаша кондурду.

Таңатар уруусу менен Менде уулу уруусу эски конушунда калып калды.

Атын ылдам бастырып келген Кулузак Абаскандын Сары-Камыштан келип, элди бөлүп кеткенин Байгабыл менен Дорбого айтты. Өзүнчө кейиген Дорбо:

- Атаңдын көрү-ү, бул шумпайдын залимдиги күн санап артты го. Өткөн жылы Раманкулду сабатты. Кайран жигит Буланайымдын табыптыгы менен араңдан зорго айыкты. Минте берсе эл арасы тынч болбойт.

- Анан эмне кыл дейсиң?

Алп денелүү Байгабыл Дорбону чекирейе карады.

- Мен эл арасы бузулуп кетпесе экен деп жатам, Байгабыл. Сен эмне дегени турасың?!

Ат үстүндө зиркилдеген Байгабыл:

- Туулмак бир, өлмөк бир. Ушул Абаскандын башын кесип келип берейинби?

Ал чын дили менен Абаскандын иниси Раманкулду сабатканын эстеп. Күйүп айтты.

- Ок! Эмне дейт?! Эл укпасын! Анда биртике эл экиге бөлүнүп, кырылышып кетпейбизби. Анте көрбө, Баке?!

Ачуусу чындап келген Байгабыл:

- Качанкыга чейин бөлүнүп-жарылып жашап... Кой, э! Иш билги Кулузак экөө билет деп койсок... Силердики да өттү.

Байгабылдын түрүн байкап, жумшактап сүйлөдү Дорбо:

- Ачууга алдырба. Илгертен, жоокерчилик замандан эле эл ушинттип жашаган. Акыл токтотуп сабыр кылганы утуп келген эл. Катуу кетпе, баатыр.

Байгабыл унчукпай, жөндүү сөзгө ийикти.

Орто жымжырт.

- О, кызыталак, Садыраалы атасы Турдубайды тартпапптыр го! Кайран киши! Ажаат ачкан кары эле. Мунун кылыгын кара.

Кулузак айткандай, Абаскан менен таяке-жээн болуп, тууган арасына бүлүк салганы турат.

- Доке, дагы сен жарайсың. Садыраалыга айт. Абасканды эпке келтирсин. Эки тарап бөлүнүп, чабышып, сөзгө -сөлтүк, кепке – кемтик болбойлук.

- Кулузак Садыраалынын кулагына кумдай куюп келди. Сөз укпаса эмне кылалы?

- Атаңдын көрү-ү, туугандыктан кетет окшойбуз. Андан көрө Тургунаалыга билдирели. Отрядга башчы эмеспи. Турдумамбет, Жума, Кенейди бизге бер, орус алып келип тыйбасак, арабыз ажырап кетет го.

- Ажырабаганда неси калды? Ишенгенибиз Жолдошбай, Жумаалылар Чаар-Ташка көчө качышты. Тууган арасы ушинтип бузулат. Баштап алаары болбосо...

Кулузак жаны кейип айтты.

- Ой, ушу жаңы өкмөтүңдө шегим бар. “Кедей-кембагалга жан тартып жатабыз. Заман силердики”, - деп коёт дагы, иштеген иши тиги.

- Тигиниң кайсы? – деди Дорбо.

- Абасканга окшогон зулумдарды кайра эле башчы кылып койгондорун айтам.

Эки атчан кыр жондо бастырып келет. Байгабылдын аты “селт” эте, кырдана басып кергиштеди. Аттын ооздугун кагып, тизгинин тарта берип, алдыда чуркап бараткан эки караанды көрүп калды.

Аларды Дорбо тааныды:

- Ой, бачикилер, бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр?

- Буларың ким?

- Кулкишинин Көлбайы, менен менин тууганым Медетбек.

Ансыз да ачууга уугуп келаткан Байгабыл:

- Атаңардын ган оозун урайын! Силерге бок барбы, бул жерде?!

- Кыргындын башы эмнеден башталат, ошону байкап жүрөбүз.

Оозу шок Көлбай Дорбону аңырая карады.

- Сүйлөсө кеп кетет, оосурса жел кетет. Эртеңки күнү жаман окуянын үстүнөн чыгып калбагыла. Тез кеткиле!

Тигил экөө тез эле кокту ылдый чуркап, изин суутуп жоготушту.

 

***

 

Үчүнчү күнү Кетмен-Төбөдөн орустардан кошчу алып, беш атар мылтыктарды асынып Турдумамбет менен Жума Кара-Куурайдагы Төрөкулдун үйүнө келип жатышты.

Таң атканча ар кайсы жерде алоолоп күйүп жаткан чычырканактагы отторду көрө орустар тынч ала албады. Колу менен жаңсап көрсөткөн Жума:

 - Ой,алар ээнбаш эл. Бир аз эле ок чыгарып, койсок же бирөөнүн атын өлтүрө атып салсак тоо аралап жок болот.

Бул сөзгө орус жигити анча ишене бербеди. Далайды башынан өткөрүп, түштүктөгү коогалаңга да катышып, этегинде жолдошторунун бир тобунан ажырап, күндүзү жолдун өңүтүн байкап, түндөсү жүрүш жасаганы эсине келди.

- Буларың ээнбаш эл болот экен. Оюна келгенин кыла беришет. Жер өзүнүкү, тоолор өзүнүкү, жок болуп кетишип, кайра пайда боло калышат, түтөтмө мылтыгын колуна алып, күтүлбөгөн жерден ат үркүтүп чыга калчу эл. Окуяны көзү көрсө ошондо зорго ишенет тоолуктарың, - деп орус солдат бош унчуккту.

 

***

 

Түн ортосу, Төрөкулдун үйүндө олтруган орус баштаган кошуун тынч.

- Ой жатпайсыңбы, - орус жигиттин беш атарын колунан ала өздөрүнүн мылтыктарынын жанына коюп, Турдумамбет өзүнө деп салынган төшөнчүсүнө жата кетти.

 “Орус баштап, аскер алып келишти”, - деген суук кабар Абасканга да жел менен кошо жетти.

Таң агарып калганда аттарына минген атчандар кыр менен туура, капталдай бастырып буйгага кирип, күндүн көзү Күрөң жайлоодон көрүнгөндө Ноот аркылуу жүрүп олтуруп Кулузак менен болжогон жерине беттешишти.

Кулузак сүйүнүп кетти.

Айлана тынч. Анда – санда үргөн жатакчылардын иттери гана болбосо, элге бүлүк салган киши жоктой. Кийик атып кандим болгон мергенчи Турдумамбет Сары-Оозго кетип бараткан Молдаалыны тааныды.

- А баччагар, Абасканың ошол жакка бекинген экен. Өйүз-бүйүздөгү элди тынч жашатпадыңар го, - деп беш атарынан ок чыгарды. Күнгө ак жалы чагылышып желип бараткан боз ат кишенеп барып очорулуп, ээси Молдаалынын сол бутун баса жыгылды. Артынан аттарын чапкылап Сейтаалы, Садыраалы, Үркүнбайлар кошо келип Молдаалыга жанаша түшкөндө жана да ок жаңырды. “Селт” эте ордунда тынч турган Үркүнбайга Жума:

- Элди жайына койгула, Жумабай менен Орозбайды биз жакка кайтарып бергиле, - деп кыйкырды.

Молдаалы ок жаңылып өлгөн атынан бошонуп:

- Айланайындар, бардыгы силер айткандай болот! - деп сабылып жиберди.

Артынан бастырып келген топ атчан Үркүнбайларга жете бергенде дагы да беш атардын үнү жаңырды. Топтошкон эл бир айла болобу деп Молдаалыны өлгөн экен дешсин деген түр көрсөтө, атынын жанында кошуп өкүрүп жиберишти. Чычырканакка топтошкон эл тынчый түштү.

Элдин түрүн байкап турган Абаскан Сары-Ооздон Кызыл-Сууну көздөй жапырылып түшүп жигиттерин жанына алып, Кызыл-Сууну өрдөп капталдай бадал аралап, Тер-Жайлакка качып изин суутту.

Баягы эле эл. Бири-бирин айыпка жыгып топурап, конуштарын жаңыртып жүргөн эл.

Айлана тыптынч. Урунуп аккан Туура-Кайыңдын суусу тоо бетин бербей жыш өскөн калың арча. Арасында соксоюп олтурган жапалак үкү: “Үгү- гү,үгү-гүлөп”, кайдан келгени белгисиз. Суунун шарына кошул-ташыл тээ бийиктен “баулап” бакырган эликтердин үнү. Капчыгай тынч. Аралап кирсең сүрдүү. Жаратылышынан элди сактап, койнуна катып келген тоолордун сырын тоодо жашагандар эле билбесе, беш атчанга кошулуп бараткан жалгыз орус каяктан билсин.

- Орус көрөбүз, жүргүлө орус көрөбүз!

Калмурат бир топ балдарды ээрчитип алган. Аларды көргөн тиги аскер адамы көзүн чекирейтип, көпкөк дарыядай тунук көзүн ымдап- ымдап алды. Тоолук балдарды таңкалычтуу аңкая тиктеди.

- Эй, бастыр!

Турдумамбет мылтыгынын кундагы менен орус кошчуну түртүп койду. Ал чоочуп кетти. Берки шериктерине ишенгендей жылмая күлүп атын теминип:

- Но-но! - деп коет.

 

***

 

Тоо арасы дагы эле тынчыбай, баягы эле кокуй күн!

Абаскандын жигиттеринин арасында бараткан Үсөнкан ойлуу.

- Атаат, туура эмес кылып койдум.

Кубатбек укса ачуусу чукул эле: “Атка сүйрөтөм, Тотойдун балдарын шерменде кылдың, айбан! Карысам да сени ала жатам!” – деп бакырбаса болду. Ушу Үркүнчүнүн кылганы. Үсөнкан алдыда бастырып бараткан Үркүнчүнү карап алды.

Аттын тизгинин тарта артта калып калды. Аны эч ким байкабады, тебетейдей шыпырылып Кызыл-Сууга түшүп, өз тобуна кетип изин суутту.

Таарынчысы басылбаган эл. “Сен кылдың! Мынчалыкка жетпесек болот эле!” - дешип бирин-бири жемелеген эл, тууганы-тууганына таарынган эл.

Үсөнкан Жумабайга жолугуп, эл арасы кандай деп кеп сурады:

- Ой эмнени айтасың, Үсөнкан Залимди ээрчип кетти! Ушу сенин кылганың! - деп Кубатбек кары Мейманканды уруптур деген кеп уктук. Ал бала да, чырымтал түгү түшө элек. Тиги да бирөөнүн сөзүнө киргенби?..

Үсөнкан бул сөздү укканда:

- Эй, Жумабай, көлөптөрдөн чыгып калыпбыз. Абасканга барып жашыналы, - деди.

- Мунуң да жөндүү, - санаасы тынчыбаган Үсөнкан атын желдирип астыда барат. Элден чыккан тосот дечү эле. Ушу ачууга алдырып тосуп калып жүрбөйлүк, Жумаке.

- Тоссо тостук да, жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу дейт. Биз өгүздүн мойну болбодукпу?

- Сен уктуңбу? Көтөрмөгө конгон Абаскан тынч жатпай туугандары эки бөлүнүп, ортодо бирөө набыт болду дейт.

- Аны укпадым. Укканда не, укпаганда не Абасканга барып жашырынсаң жаның калчудай Үсөнкан.

Көлөп уруусунан эл бөлүнүп Абасканга жан тартып көчүп келаткандар бар деген кабарды уккан Телегей желедеги тору бээни жайдак минип көч алдын утурлап чапты. Кайран Телегей, Эгенбердини Эгенберди атка кондуруп үстүнө тонун тостурбай, алдындагы күлүгүн таптап адам кылып жүрдү. Эми баласы Абасканга алы жетпей калмакпы. Колуна укурук алып, Үсөнкандарды Тер-Жайлактын түзүнөн тосуп чыкты.

Ал алыстан эле Үсөнканды таанып:

- Жаман атанын баласындай болуп каякка барасыңар, кокуй! Туугандарыңар укса эмне дейт?! Күлгө чапкан чучуктай баркы кетпейби, каты күн! Ушундайыңарда артка кайткыла. Аял да болсом тилимди алгыла, түбү бирге кошулат эжеңермин, кандай айтсам жарашат.

Үсөнкан нестейе түштү.

- Алат күн, Алыбек акем төшөктө жатса бул эмне кылганың?

- Алыбекти айтканда Үсөнкандын көз алдына атасы тартыла, жүрөгү мыжыкты. Ичинен өзүн-өзү жемеледи, ичи ачышып эмне кылаар айласын билбей турду. Кеңеш берээр тууган таппады.

Ал өзүнчө:

- Аа Үсөнкан, өлбөйм дейсиң?! Жаштыгымды түбөлүк кармайм дейсиң, ээ?! Ким өтпөгөн бул жалганда?!

Үсөнкан Телегей эжесин карады. Телегей укукрукту жерге ныктай сайып, тору бээнин тизгинин кагып, бээни суулуктай кармап ачуусу, заары бетине түктөйүп чыгып, аял да болсо көзүнөн намыс чачырап беркилерге бакырды.

- Ушундайынарда кайткыла! Көтөрмөдөгүлөр эле жыргап калышыптырбы. Эр өлтүрүп, эл экиге бөлүнүп жатат дебеспи.

Бул кепти Телегейден уккан Жумабай нестейе түштү.

“Атаңдын көрү, аял да болсо бизден өйдө экен. Эркек болуп элди туура жолго баштай албай шерменде болмой болдук.”

Башын өйдө көтөргөн Үсөнкан:

- Эже көч бул жакка келбейт.

Ал аттын башын артка бура, акырын бастырып жөнөй берди. Элди баштап Аралга, андан Күрөң жайлоого конуш жаңыртып кетишти. Жылкыларды Тар-Сууга айдап, өздөрү Абаскандан сак бололу деп күнүгө Кароол дөбөгө чыгып кезектешип, эки жакка көз салып турушту.

Абаскан Тар-Суудагы жылкыга жигиттерин жиберип кабар алдырды. Апасы Телегейди аядыбы, же элдин бөлүнүп баратканын түшүндүбү, жылкыларды айдатып кеткен жок.

Эл жайлоодо. Бир аз конуш жайлуу боло калса, жел сокпогон көлдө мемиреп эч нерсе менен иши жоктой.

Тоо арасындагы абал тынч, кийиктер оттоп жүрөт. Айыл аралап кирип келген чаарчык энесинен адашып калган өңдүү.

 

***

 

Ошол жылы күздө Жумабай Омокенин жанына кыштап, жазда Торкенге көчүп кетти. Бөлөк эл, бөтөн жер. Аларда ээн баштары болбойт дейсиңби. Бир жыл айлантып Торкенден Эсенжан Жумабайды туугандарына көчүрүп, колдоруна тапшырды. Жумабай суз, өзүн-өзү айыптуу сезди. “Сен кеттиң, кайра келдиң” деген киши болбоду.

“Акыры көч бара-бара түзөлөт да”, - деп туугандары менен тең ата болуп кетти.

 Көтөрмөгө көчө качкан Абаскан күздө Толукка кайра көчүп келди. Тоого эки жолу кар жаап, булак башы небак муздап, аймакты тоң тиштей баштаган.

Абаскан айласын таппай апасы Телегейге барып, башын ийип турду. Энеси уулун карап нестейди. Абаскан бүкчүйүп карыган энесинин бети-башын тордун желесиндей калың бырыш басып, өтө эле санаага алдырганын көрүп ойго чөмүлүп сабыры суз.

Ушул күздө Кетмен- Төбөдөгү эл башкаргандарды бийлигинен алып эки колдорун артына байлатып айдатып кетти. Алардын арасында Абаскан да жер тиктеп, кылган залимдигине моюн сунуп, күнөөсүн мойнуна алып, милициянын коштоосунда, ортодо соксоюп “баягы Кара-Куучунун айтканы келди” деп Кудайга мунажат кылып салбырап барат.

“Ой, Карачунак, олуядай айткан экен, анын айтканы келди, эми сөөгүм чын эле Ташкенде калабы, мени ким алып кетет?”

Өмүрү бирөөгө жалынбаган ал милицияларга:

- Айланайындар, мен да пендемин, пендечилигим ушул, кылган күнөөм башыман ашып, тумчугуп баратам? Колумду бошотуп койгулачы? Өз айыбымды өзүм билем, эч жакка качпайм, атымды эркин бастырып барайынчы, - деп беркилерге аянычтуу карады. Айдап бараткан милициялар аны менен иши жоктой тоо арасындагы бир капталдан экинчи белеске качып өтүп бараткан эликтерди таң кала карашат.

Жолдон Раманкул жолукту. Ал Абасканга аянычтуу карады: “Залимдигиңен көр көрбөгөн кордукту көрсөттүң. Башыма так салдырып ызаладың эле!” - дебеди. Тек кана, кетип бараткандарга салам айтып өтө берди.

 

***

 

Басмачылар күч алып, койлуу байдын коюн, жылкылуу байдын жылкыларын талап турган убак. Эл арасы дагы эле тынч эмес.

Мал семирген кезде Кыдыраалы Үч-Коргонго мал айдатмак болду. Аларга башчы кылып жаш болсо да күйөө баласы Раманкулдун баруусун эп көрдү. Бул жөндүү ишине Булан айым:

- Байым, күйөө балага мал айдаганга жылкычыларыңан кош. Бөөдө жолдо басмачыларга жем болуп, ким көрдү деп издеп калба, байым, - деп ыйба кылып өзүнүн өргөсүнө кирип кетти.

Алдыда кыш. Боз кыроо. Мал нык семирген убак 150 кой 60 эчки, он беш уй беш жылкы, үч төө кошуп Үч Коргон багытына соода кылмакка үч кишиге кошулуп, Женаалы бай да он жылкы кошуп эки адамын жөнөттү.

Ала турган буюм тайымын матасын Раманкулга катка түшүрүп Кыдыраалы Темиркендин тегерегинде кала берди.

Жол катары мал айдаган беш атчан Нарындын жээгин бойлоп Анжиян же Үч Коргон базарына соодаласак деп кетип барат.

Дайранын шоу,шоу деген үнү, ананда беймал эчкинин бирин экини маараганы болбосо айлана тынч алар эңиштеп кетип барат, улам эңиштеген сайын капчыгай сүрдүү эки жагы жалама зоо калар. Көк жалтыр муз мөңгүнүн этегин тиштеп алдынан жылтылдап саргып суу агат.

Алдыда шарп, шарп этип кээ бир жеринде ташка жанчылып аккан карт Нарын өтө сестүү.Кимдир бирөө жалгыздап баратса алдынан киши чыга калса ой, айланайын Көкөтеңир колдо, ыймандуу пендеден болсо экен деп көкүрөгүн карматкан карт Нарын.

Далайды мал салы менен койнуна катып, бозомок өңүнө жашырып, ың- жыңсыз,  бул дүйнөдө жашап өтпөгөндөй тымпыйып,ушул эле агыш менен кылым кезип агып келатканы келаткан.

Өйүзгү чийеге коно калган сагызган куйругун селкилдетип шакылыктап, бирде өйдө өйүзгө өтө табынгынып башына коно бутактарын ийип такшылык же жамандыктан кабар бергендей шакылыктайт.

Мал айдагандар да сак. Канжыга сыпа кол токмоктой чокмор байланып, ар биринде артынган куржуну бар. Анда жолго кереги тиет дешип үйлөрүнөн даярдап беришкен наны, куруту же дагы бир башка тамагы.

Алдыда бастырып бараткан Орозбай:- Ой, Раманкул, бир төөңдүн алдыңкы буту ташка кыпчылып калыптыр.Малдын артын сүрдүктүрүп айдашпас беркилер.Өзүң тез чаап келе кал деп кыйкырды.

Раманкул чочуп кетти. Боз чаарга камчы берип малды жандай бастырып, боркулдарды аралап, алдыга жете келди. Чын эле боз нардын алдыңкы буту таштын коңулуна кирип, тизесине чейин батып, өзү чөгүп, көзүн жалдыратып беркилерден
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Февраль 2016 - 21:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

жардам күткөндөй эки жагын карап коет.

- Я, Раманкул, нардын буту сынса эмне кыласың? Ушул жерден союп этин жүктөп аласыңбы? Орозбай тамашага сала каткырып күлүп желкесин кашып кабагым-кашым дебейт.

Аны караган Раманкул: Уулду болсоң узун сүйлөбө, кыздуу болсоң кыя сүйлөбө - дейт анда эл да кайнатаң да: Уул таянган мал таянат, мал таянган жер таянат деп мени коштоду да. Өлсө бир нар өлөөр. Бул карт Нарын эмнелерге гана күбө болбогон. Келе мен моюнунан өйдө көтөрөм, сиз төө бутун тартканда камчы менен тизеге чапсаңыз буйругу болсо бутун сууруп алаар.

Чын эле төөнү шапалак менен чаап өйдө тургузуп Раманкул төөнүн көкүрөгүнө жонун тосо берди. Таштын коңулу ого эле терең, бирок оозу тар экен. Кирген бут чыкпай коймокпу. Орозбай камчы менен тизеге чапканда үч буттап турган Нар жаны ачылып турган суруп алды.Раманкул бели менен төөнү жол жакка түртүп жиберди. Төө бир балээден кутулгандай эки көзүн жалдыратып жол ортосуна туруп калды. Шапалак менен чапкан Раманкул Нарды айдап кыйла жөө барды. Кудай жалгап төөнүн буту сынбаптыр. Нардын соо экенине көзү жеткенде гана боз чаарга минип көңүлү тынчыгандай малдын ортосуна түштү.

Бир айга жакын мал менен кошо жүргөн Раманкулдар күүгүм кире айдап барган малдын астын тосуп имерип, Үч коргон базарына жакын жерге түнөп калышты. Ылдыйтан келе жаткан ала топучан дагдайган атчан караганды көрө жандык, төө, жылкы айдап барышкандар, сасык үпүпчө өзүнчө үрпөйүшүп топтолуша калышты.

Э, урган, аттууга жөө жетпейт го, экөөнө бирөө бата албайт го. Арылап кетээр тиги дагдайган топучан дешип көпкө карап турушту. Ал улам жакындап келген сайын, жаңы эле тамактанышып олтургандардын ичкени ириң, жегени желим.

Раманкул,- туугандар, келаткан караан соо адам эмес, Темене тартып төө алабыз, Тартуу кылып чай алабыз, пулдап, мата алабыз - деп келдик! Тууганга карасанаган , туура жалчыбайт деген кеп бар. Бөлүнбөйлүк. Келген киши эмне деп суроо берсе мен жооп берейин. Анын кеби берки бирге мал айдашып келгендерин чыйралтты.

Келаткан караан чарчап келип, имерилип жаткан кой эчкилерди айлана бастырып өтүп кетти. – Ох, жаным кайда калсың Баарыбызды алдына салып айдап кетеби деп жүрөгүм жаман гана болкулдады да деди Саадабай.

Кетмен-Төбөдөн базарга мал айдап келишиптир деген кабар,ошол эле түнү, Үч Коргонду, Ноокенди карактап жаткан Мадаминбекке жетти. Мадаминбек: - Жүда якшы боптур да.

Кетмен-Төбөнүн малынын даамынан да оозтийип көрөлүк. Өзүбүз жетпесек да кудай жеткирген малды албай жаныбыз жокпу. Мадаминбек айланасында отурушкан басмачыларга кубана карады.

Мамат:

- Ляппай бегим,  ушу ишти сен аткарасың.

- Мал базарга түшө электе Мадаминбектен чабаганчы ошол эле түнү кетти. Эртеси күндүн нуру тегиз жайылып, чарчап келген жандыктар ордунан козголуп “ каякка келдик” – дегендей айланасын таңыркай карашат.

- Каяктан болосуңар?

- Кетмен-Төбөдөн.

- Эмне иш менен келдиңер эле?

- Малыбызды сатып кышка даярдык көрүп, Саадабай унчукпай калды. Аны беркилери акырая карап, кечеги бекиген сөздү бузуп, сүйлөгөнүн ....

- Башчыңар ким?

- Буларга мал айдатып келген мен болом, атым Раманкул.

- Жан үка мени менен Мадаминбекке кошо барасыз. Кептин калганы ошол жерде айтылат.

Ойлоно калган Раманкул: даарат алып алайын.

- Бол, тез! - деп бакырды Мамат. Раманкул арыта агып агып жаткан сууга барып, кемеселинин ичинен кагаз алып чыкты да жаза баштады:

“Биздин ишеничибиз Мадаминбек!

Кандай саламатта жүрөсүзбү. Сизге ишенип мал айдаттым. Өз кишим катары көрүп ишеним артып жөнөттүм. Менин барган кишилериме өзүңүздү жардамын аябайт деп алладан тилейм. Сизди бул жакта урматтап күтүп алар адамдарыңыз бар экенине толук ишениңиз. Малымдын сатышына жардам керек, үй бүлоңүздүн өзүңүздүн ден соолугуңуздун аман болушун кудайдан тилеп урматтоо менен Кыдыралы бай” деп жазды да, ал кагазды төрт бүктөп кемселдин ички чөнтөгүнө бекитти. Бул кат арабча, сабаттуу жазылып Мадаминбек Кетмен-Төбөлүктөрдү күтүп алат деген ишеничи болорун билип жазды. Мамат арыта келаткан Раманкулду шаштыра:

- Бол, бек күтүп жатат, - деп ачулуу бакырды.

Боз чаарды токунуп минген Раманкул Маматтын алдында ыкчам бастырып барат.

Мадаминбекке эки жүз кезче беритен атынан түшүп, боз чаарды бош кое берип, өзү мойнуна камчысын салынып, кулдук уруп, чөгөлөп барартты. Антпесе башын алдырып коерун мурун уккан Раманкул тизелеп барып койнунда катып келген кагазды тооп кылып эки колдоп суна берди.

- Бул эмне? - Мадаминбек Раманкулду акшырая карады.

- Биз Кетмен-Төбөдөн келдик. Кыдыраалы бай ушул кагазды сизге арнап жаздырып “алып барып бересиң, эч ким көрбөсүн өзүнө тапшыр” деген эле.

Раманкул башын ийип камчысын мойнунан албай, эмне болот, эмне коет деп Мадаминбектин өкүмүн күтүп турду.

- Мамат, молдо кайда кетти.

- Шу ки жерде бек.

- Чакыр бери.

- Ляппай бек.

- Арытан кара тообурчак минип келаткан молдосу, Мадаминбекке жете бербей токтоду да, атынын чылбырын чуркап келген Маматка кармата салды.

- Катчым, бул кагазды окучу. Береги отургандар бүт уксун.Мадаминбек колундагы кагазды молдосуна сунду.Ал кагазды паранданын балапанын кармагандай, абайлай кармап,үнүн абастуу чыгарып толук окуп берди. Эми эле сурданып, жаалы кайнап турган Мадаминбек басмачыларга карап:

- Эй угуп койгула биздин өрүшүбүз кенен. Каратамандар орусуна ишенип, аттын канжыгасына бош байлаган калтадай салпактап канчага барат дейсиң.

- Туура, Туура, бек.

Арыта көз казганактап турган эл кубаттап кетти.Мына Кетмен –Төбө эли да бизди колдойт. Минтип Кыдыраалы малын бизге ишенип малын айдатып кагазын жөнөтүп олтурат.Же жалганбы,Я?!

- Туура, бек. Арыта турган элдин үнү дагы да коштоп таза абада абаздуу үн жаңырыктады.

- Эки жагын карап, кимиси эмне дейт дегендей Мадаминбек өтө аяр. Анан Раманкулга карап:

- Э үкөм, эми эртең малыңды базарга кийре бер. Биз мазарга сыйынганга аттанабыз. Ошого бир эчкиңди бизге бересиң. Айдап келген малыңды сыртынан биз көз салып турабыз, ушунака ука.

Мамат жердин уусун билесиң өзүң барып эчкини алып кел.

Буйрукту аткаруу үчүн эки атчан артка жүрүп кетти.

Раманкул менен Мамат келсе мал айдап келишкен жолдоштору жок.Тигилер малды жашырып кетиптир.Аңгыча бир төө буф эте көбүк чача бакырып калды. Анысы Раманкулга угулду.Маматтан мурун жеткен Раманкул:

- Кокуй, ой, силер ушуну кыласыңарбы? ! Аз жерден башымды алдырып коё жаздадыңар! .

Жүрөгү дүкүлдөп, тынчы кетип Саадабайга басып барды.

- Биз базарга киришке уруксат алдык.

Андан жооп күтпөй Маматка карап:

- Тетиги эки жылы туу калган сары жаак эчкини алыңыз. “Бек капа болбосун. Туу калган эчки,”- деп эчкини арткы шыйрагынан кармап бутун бууп, Маматка өңөртүп жиберди. Эртеси күнү малды түгөл базарга айдатып кирди.

“А жан үка, Кетмен-Төбөнүн төрт түлүгү бул базардан сатылып бүткөнчө, алармандар башкаларга барышпайт. Базарды биз тейлейбиз”, - деп өткөн жумада ошол эле базарга түшкөн акжал чабдар аргымакты мага тартуулашты.

Ноокендиктер билет да, жылкы сырын Мадаминбек акжал чабдардын тизгинин кагып койду эле, ал бир нерседен шыбыш алгансып калып, кулактарын тикчийтип тыбырчылап калды.

- А Кетмен- Төбөлүктөр, силер берген эчкини алып мазарга аттанабыз. Тайып келбесек болбойт.

Берки басмачыларга анан:

-Туурабы? - деп жооп күтө карады. Топураган басмачылар:

- Сизден бир ооз кеп да,- дешип, орундарынан козголо беришти.

Мал сатып алганы келген алармандар бир жерде топтолуп турган төрт түлүктү, ээси менен кол алыша соодалап жатышты.

Ат тердетип алыстан чабаганчы келди.

Айдар:

- Бек ага, кызылдар келатат. Ноокенден өтүп калышты. Ушул эле базардын ичинде бүгүн бир тобу мал сатып алуучу киши болуп жүрөт,- деген каңшаар кепти Зарип айтты.

Мадаминбек чоочуп, Айдарды тикирейе карап:

- Чын элеби? - деди.

- Калп айтсам жанымды жейин.

Айдар камчысын бооруна алып, эки тизесин бүгүп бектин алдында салбырап турду.

- Тарс! Тарс!

Маузерден удаа-удаа атылган октон чоочуп, ансыз да мазар тайыйбыз деген басмачылар аттарын минип, заматта даяр болушту. Мадаминбек:

- А иттин баласы, биздин арабыздан бирөө жеткирген экен,  а! Тескеп алабыз! – деди каардуу.

Ачуусу келе, ак жал Чабдардын үстүндө олбурлуу денеси солк- солк эте, маузерин кабына салып катып, Акжалга камчы берди:

- Кеттик!

Артынан “лөк-лөк” этип базардагы аларман, сатармандардан бөлүнүп жигиттери ыкчам жүрүш менен Аксы багытына бет алышты.

Ал кезде малынын жарымына жакынын соодалаган Раманкул базарчыларга алып келген малын көрсөтүп, төрт түлүгүнүн жанында. Анын оюна Мадаминбекке Кадыраалы байдын наамына кат жаза койгону улам-улам келе берди.

Базар тарап, малынын жарымысын соодалаган Раманкул, боз кемселинин ичинде катылуу тумардай сактап келген кагазды алып, андагы жазылган буюм-тайымдарын, матасын алып жолдошторуна берди.

Алар унчукпады. Алыстан сөз баштаган Раманкул:

- Бел жабылып кала электе, силер кете бергиле, мен алган буюмдарды байга берип койгула. Кудайы аманат. Соо болсом, калган малды кийинки базарга өткөрүп артыңардан барып калам.

Тоодон келген жолдоштору бир түнөп, таңга маал жолго чыгышты. Базарда өтпөгөн малды базардан - базарга калтырып сатып, кар жаап, тигинтип ашууну кар басып Раманкулдун жолу да туюкталды.

Жалгыз, анын үстүнө жем чөбү жок боз чаарды кошо багыш Раманкул үчүн кыйынга турду.

Үч-Коргондон Сайдин деген кишинин үйүндө болуп, беш убак намазын үзбөй окуп, иш чыга калса иштеп атына да чөп-чар камдап алды.

Анын билимдүүлүгүн билген Сайдин эки уулун Раманкулга жазга чейин окутууга берди. Ал өзүнөн билимдүү алымдардан сабак алып, көптү билүүгө да тырышты.

Кээ күндөрү өзү окуткан балдары менен Сайдинди жанына олтургузуп “ Кыз Жибек” дастанын оозеки ыр менен жатка айтып берет. “Кыз Жибек”  дастанын молдодон укканын Сайдин элге таратып жиберди.

Бирөөнүн элинде бирөөнүн жеринде жалгыз жан сактамай оңойбу. Бирок ал коңшу колоңдорго таанылып, алар тартуулаган чаар топусун башына кийип, карачапанды үстүнө жамынып, белин саркечтеп сайган саймалуу жоолук менен курчанып, өзүн таза алып жүрдү.

Кетмен-Төбөгө жөнөп кеткен жолдоштору Раманкулдун Кыдыраалыга деген аманатын беришип, өзү калган малды сатып, ашуу жабылганча келип калат. Бизге: “Артыңардан жете барам малды сатып алайын деди”,- деп Кыдыраалы байга айтышты.

Үч Коргондо бир кыш кыштап, бала окутуп, май айына чейин жүргөн Раманкул, үйүнө кетерин Сайдинге айтты. Мурунтан камдап койгон саймалуу топусун, чапанын, бел курун ала Сайдин Раманкулга:

- Молдоке, балдарымды сабаттуу кылып, көзүн ачтыңыз. Береги колумдан келген аз оокатты алып кой,- деди. Анан да Раманкулга карап:

- “Сизге чак” деп алдым эле, кийип көрүңүзчү,  - Раманкул топуну кийип көрдү. Сайдин боз чаарды токуп Раманкулду аттантып, кыйла жерге чейин узатып барды.

Он күндөн ашык жол жүргөн молдо айылга кеч бешимде жете келди.

- Апа, апа, чаар баш киши келатат! – деген улуу кызы Саадакан үйгө чуркап кирди.

- Эмне дейт?!

Кызынын үйүндө олтурган Кыдыраалы Раманкулду көрө:

- Балам, үйгө кирбей коё тур. Тиги ак улакты союп өпкөсүн алып келгиле, садага чаап жиберелик. Оңойбу, ошончо жерден келиш! – деп шашып калды.

Жаңы союлган улактын өпкөсүн колкосу менен сууруп алып, Кыдыке берилей басты. Арыта чуркап келаткан Буланайым:

- Кагылып-согулуп өзүңчө жалынып олтур, үстүңө таар жаап, өпкөнү садага чаап жиберелик. Эңкей, балам, - деди.

Раманкул эңкейе бергенде төрт кырбылуу, төрт тарабында уйдун мүйүзүндөй кечтеси бар топу башынан жерге түшүп, тегеренип кетти. Топунун өңүнө кызыккан секелек кыз Саадакан атасынын баш кийимин ала коюп, беркилерге да айтпай, апасын карай басып боюн жашырды.


Аягы

 

© А.Токтогулов, 2009. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 19 Февраль 2016 - 22:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   mir_0110   23 Февраль 2016 - 00:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 27 Дек 2020 19:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чаткал

Кол таалытып коз майын коротуп жазганыныз учун рахмат. Абдан жакты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   belka   24 Февраль 2016 - 16:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Чоон рахмат,колдорунуз коздорунуз эч качан оорубасын да талыбасын.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 15:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: