Ушундай кырдаалда жаңы смартфонду кантип заряддаш керек деген суроо туулат.
Бардыгыңар эле жаңы телефон / ноутбук / фотоаппарат алганда анын батарейкасын башкача ыкма менен заряддаш керек деген ойдосуңар. Мисалы,
- Девайсты бир канча убакыт иштетиш керек, анан батарейканы толугу менен түгөтүш керек;
- Ушундай толтуруу / түгөтүү циклин 2-3 жолу кылуу керек;
- Девайсты жаңы алганда 12 саат боюн заряддаш керек;
Муну силерге ал нерсени саткан, сатып алып берген тууганчигиңер / доскеңер айткан болуусу керек. Анан силер жаңы девайстын батарейкасы түнү менен зарядкага койдуңар. Ооба, билем го силерди )))
Так, вот, туугандар, эми жаңы девайс алсаңар антип убара болбой эле койсоңор болот. Себебин төмөндө жазып кетем.
Алгач, батарейкалардын түрлөрүн билип алсак:
Ni-Cd (Никель-кадмийлик);
Ni-MH (Никель-металлгидриддик);
Li-ion (Литий-иондук);
Li-Pol (Литий-полимердик);
Биринчи жана экинчи түрдөгү батарейкалар болсо эскирген болуп эсептелинет. Азыркы баарыбыз колдонуп жүргөн смартфондордо, фотоаппараттарда, ноутукбуктарда – баардыгында литийдин негизинде жасалган батарейкалар колдонулат. Ишенбесеңер ачып көрсөңөр Li-Ion деген жазуу көрсөңөр ошол литий жана иондун кыскартылган аты болот. Негизи бул коркунучтуу зат болуп саналат )). Ооба, именно коркунучтуу. Өткөндө Кытайда бир жерде жарылуу болбодубу, вот ошондой жардыруулардын себеби ушундай батарейкалар болуусу толук мүмкүн. Ошондуктан учак менен саякат кылганда телефондорду алып жүрүүгө лимит бар (канча экенин билбейм).
Тетиги никель-кадмий жана никель-металлгидрид батарейкалары баягы бир жума бою “уктабаган” телефондордо колдонулган. Мына ошолорго жогордо айтылган кеңештер иштейт. Анткени, алар ошондой камкордукка муктаж. Ал эми литий-иондук батарейкаларга 12 саат эмес 120 саат койсоң да жардам бербейт. Жөн эле убаракерчилик.
Литий-иондук батарейкаларды:
- Толук түгөтпөө керек!
- 20% болгондо эле заряддап баштоо керек.
- Оптималдык көрсөткүч болуп 40-60% эсептелет. Дүкөндөрдө көбүнчө батарейкалар ушул санды көрсөтүп турат. Анткени, 40-60 та көпкө кармалат;
- Суукта тез түгөнөт. Ошондуктан андай чөйрөдө ички чөнтөктө эле кармаган оң;

