Суперстан: Үч тагдыр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үч тагдыр новелла

#1 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Февраль 2013 - 23:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

1. "Чачың кандай, апаке..."
Кетирген жаңылыштым бүткүл
өмүрүмдө түгөнгүс арман,
турмушума чабылган балта
болорун алдын-ала билген
көзү ачык болсом, мен эч
качан андай күнөө жасамак
эмесмин. Жаңылгандан
жаштыгымдын деми менен
убактылуу гана өтүп жаткан
күндүн камын көрбөдүмбү.
Жууп кетиргис күнөөмдү эми
сезип олтурбаймынбы!
Ыңаалаган ымыркайдын үнүн
уксам, жанымды коерго жер
таппай кетем. Арадан он эки
жыл өтсө дагы, менин
наристемдин элеси көз
алдыма ошол бойдон
тартылат.
Атай менен жаңы жылдык
балда тааныштым. Көптөгөн
кыз-жигиттин арасында ошол
кечте экөөбүз бирге бийлеп,
жанаша олтуруп, бири-
бирибизге жакын болдук.
Жасалган столдо шампан ичип
жатып Атай менин кулагыма
шыбырады: "Гулия, "жаңы
жылды ким менен бирге
тоссоң, жыл аягына чейин аны
менен бирге болосуң", - деген
ырым бар экен. Мүмкүн, сен
экөөбүз ушул жылы бою бирге
болоорбуз?"
Ал кечтеги бал мен үчүн
жакшы маанайда өттү.
Атай өзүнүн теңтуштары
менен биздин бөлмөгө келип
жүрдү. Бир жолку келгенинде,
ал мени жактырып калганын
айтты. Атайдын сунушу мени
көпкө чейин ойлондурду.
"Кызым, мени багам деп
жүрүп, жашың да өтүп баратат.
Ылайыктуу бирөө туш келип
калса, багың ачылсын!" - деген
апамдын сөзүн эстедим.
Жалгыз кызы болгондуктан,
атам өлгөндөн кийин
төшөктөгү оорулуу апамды
багып, үч жылы үйдө олтурган
элем. Оорусунан айыккандан
кийин апам мени өз
ыраазычылыгы менен шаарга
окууга узаткан.
Узун бойлуу, ак саргыл
келген таластык жигиттин
турпаты, келбети мага жаккан
эле. "Менин көптөн бери
күткөн аруу махабатымды, жан
дүйнөмдү арнап, бакыт үйүнүн
босогосун жетелешип аттай
турган адамым ушул Атай го", -
деп ойлодум. Ички дүйнөсүн,
адамкерчилигин терең
изилдей албасам дагы,
Атайдын мага болгон сүйүүсүн
кабыл алдым. Дискотека,
туулган күн, майрамдардан
куру калбай, ээрчишип ойноп-
күлүп, жаштыктын доорун
сүрүп жүрдүк. Аз убакыттан
кийин мен өзүмдүн жакында
эне болоорумду сезип калдым.
Үйлөнүү тою, бешик той, бака-
шака, күлкүлөр... ушундай
таттуу кыялдар менин
башымды тумандатты.
Кубанычымды Атайга айтсам:
"Шашпай турчу, сессиябыз
бүтсүн", - деп көңүл жубатты.
Менин акыбалымды уккандан
кийин эмнегедир Атай мага
азыраак каттап калды. Ал
башка институтта окуур эле,
ошонодуктан: "Экзаменге
байланыштуу келе албай
жатам", - деген сөзүнө ишенип
жүрдүм. Мезгилдер алмашып,
менин жашыруун сырым
билинип калды. Мени тааныган
студенттер арасында күбүр-
шыбыр көбөйдү. "Наристелүү
болсом ачыкка чыгарбыз" , -
деп кыйынчылыкка чыдадым.
Көз жара турган убактым
келип жетти. Жаз күндөрдүн
биринде мен кыздуу болдум.
Кызым Атайга союп
каптагандай окшош экен.
Ысмын Мээрим койдум.
Топураган группалаштарым
колунда болгонун көтөрүп
келишип, студенттик бешик
той өткөрдүк. Улам бири
көтөрүп кетип, кээси сабактан
калып жүрүшүп, кыздар
баламды багууга, менин
окуума жардам беришти.
Мээримге эки ай толгон кезде
айылдан таэжем келип мени
тилдеп: "Закондуу никең
болмоюнча эжем сенин
жүзүңдү карабайт, бизди
уяткардың" , - деп апама
барууга мага тыюу салды.
Таэжемдин койгон талабын,
түштүк элинин салтын Атайга
айттым. Ал бир жумадан кийин
мага келди да, биз
үйлөнгөнчөктү баланы эжеси
багып турарын билдирди. Мен
көпкө чейин каршы болуп,
акыры анын шартына көндүм.
Үч күнү жол жүргөндөн кийин,
Атайдын эжеси жашаган
шаарга келдик. Эжесинин
бизди салкын кабыл алышы,
жездеси менен Атайдын
өздөрүнчө бөлүнүп
сүйлөшкөнү менде күнөмдүү
ойлорду туудурду. Кызым
менен коштошуу мага абдан
кыйынга турса дагы, убакыт
ченелүү эле, көзүмдөн
жашымды чубуртуп, өмүрүмдө
биринчи ирээт көргөн "кайын
эжелерге" таштап, окуума
жөнөдүм. Атай экөөбүз жолду
ката көп деле сүйлөшкөн
жокпуз. Түн ортосунда
түшүмдөн чочуп ойгонуп,
жанымда Мээримдин жок
экенин көргөндө ичим туз
куйгандай ачышып, жүрүп
бара жаткан поездден
секирип түшүп кайра артка,
ымыркайыма сызгым келип
жатты. Эне жүрөгү сезгич
болот деген чын белем,
кызымды таштаганыма каттуу
өкүндүм.
Жатаканага келгенден
кийин, Атайдын мамилеси
мага кескин өзгөрдү.
Мурдагысындай келбей калды,
эми аны Гүлайдын бөлмөсүнөн
чыкканын көрүп калдым. Гүлай
жашы боюнча менден кичүү
айылдашым эле. Ал мени эже
деп, биздин бөлмөгө көп
келчү. Алыс жерде экөөбүз
эже-сиңди болуп, мен анын
кем-карчына жардам
берчүмүн. Атайдын бул
мамилесине мен чыдай алган
жокмун, болуп жаткан окуяны
түшүндүрүүсүн өтүндүм. "Гулия,
мени кечирип кой! Сени менен
болгон жолугушуу менин
жаңылыштыгым экен. Аны эми
сезип олтурам, чыныгы сүйүгө
сенден кийин кезиктим. Сага
чындыкты айтайын, кызды
берген үй жездемдики эмес,
досумдуку болучу. Баладан
үмүтүңдү үзө бер..." Ушул
сөздөрдү эптеп чыдап уктум,
акырында Атайды жаака бир
чаап алып комнатама
чуркадым. Шашкан бойдон
керектүүлөрүмдү алып темир
жол вокзалына жөнөдүм.
Эртерээк кызыма жетсем
экенмин деп ак эткенден так
этип тилеп жаттым. Эңсеген
жериме түн ортосунда жеттим.
"Кайын эженин" үйүнө келип
эшигин такылдаттым. "Жарым
түндө жүргөн ким бул?" - деп
жактырбаган уйкулуу көзү
менен боюнда бар келин
чыкты. Мен келген себебимди
түшүндүрдүм. Келин өзүнүн
беш баласы бар экенин,
Атайды бир гана жолу
көргөнүн, ымыркайды балдар
үйүнө алып кетишкенин айтты.
Башымдан ылдый муздак суу
куйгандай дене боюм
дүркүрөп кетти. Келиндин
жөлөөсү менен үйүнө кирип,
ыйлап жатып таңды атырдым.
Эртеси борбордогу
ымыркайлар үйүнө барып
сураштырып жүрүп эч
дайынын биле албадым, андай
бала алып келишкен жок
деген жоопту угуп, келген
жагыма кайттым.
Күндөр өтүп жатты.
Кайгыдан өңүм азды, түн уйкум
качты, кыздар кайрат айтып,
көңүлүмдү жубатышат,
алаксытышат. Кулагыма
алдейимдин ыңаалаган үнү
жаңырып, алда нерседен жапа
чегип, менден жардам
күткөндөй, элсиз жерде
калгандай сезилет. Көз алдыма
баягы төшөктө оролуп жаткан
чагы, эмчек издеп оозун ачып,
упчуну чопулдатып соргону
элестейт. Көзүмдөн жаш,
көкүрөгүмдөн сүт диркиреп
куюлат. Кыз атым менен бала
төрөп жаман атты болгонума
жараша эрдик кылып
перзентимди бөпөлөп асырап
ала албай, аталык милдетин
аткарбай качып жүргөн
Атайдын алдоосуна көнүп
жоготуп жибергеним үчүн
өзүмдү-өзүм жек көрдүм.
Атайга бир эмес, эки жолу
алдандым, ушунчалык алсыз,
жардамсыз, жалгыз болгонума
абдан өкүнүп, арманда
болдум. Мээримди
жоготкондон бери, ал менин
көзүмө адам кейпин кийген
жаналгычтай көрүнүп калды.
Жатаканада Гулай менен
Атайдын тою болду. Атайга
деген мурдагы сезимдер
кызым мене кошо кеткенби,
жүрөгүмдүн бир да жери "тыз"
деп койбоду.
Он эки жаз өттү. Мен
кызымдын өлүү же тирүү
экенин билбейм. Көчөгө
чыксам, балдардын арасынан
издейм. Бийик мунарага чыгып
алып "Мээрим! " - деп
кыйкыргым келет. Эгер тирүү
болсо, кандай ата-эне багып
алды экен? Атын өзгөрттү да.
Өңү кандай болду экен? Баким,
бул келаткан кызга окшоштур...
Кийген кийими бүтүн, ичкен
ашы жетиштүү бекен?
Сансыз ойлор көңүлүмдү
ээлейт. Суроолорума өзүм ар
түркүн жооп издейм. Менин
суроо-жообум, күтүүм,
изденүүм өмүр бою бүтпөйт
го... Жашоодо кызым Мээрим
канча жашка чыкса да, анын
элеси мен үчүн ыңаалаган
ымыркай бойдон калды.
"Чачың кандай апаке, узунбу
же кыскабы?...
Неге сенин жүрөгүң мени
төрөп муздады?..."
Бул ырды Мээримим ырдап
жаткандай туюлат мага.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Февраль 2013 - 23:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

2. "Апакебай, жылытчы...>
Жасмин көзүнүн жашын көл
кылып туруп берди.
Ыйлагандан башка анын
колунан эч нерсе келген жок.
- Оо, көзүңө ак түшкүр!
Уялбай дагы ыйлап коет. "Кыз
боозуп - энесин коркутат" , -
дейт. Э, айланайын кудай,
ушунун кылыгын мен эмне
үчүн байкабадым экен? Агаң
укса эми менин кактабай
канымды ичет. Бүтүндөй элге
шерменде болбойбузбу, ээ,
кокуй! Чоңдор укса эмне дейт?
Айылчы Султановичтики укса...
андан көрө өлүп кал! Өлүп кал!
- деп жеңеси Калый какылдап-
какшап тилдеп жатты. - Канча
болду ичиңе?
Жасмин унчукпады.
- Мелтейбей сүйлө! Агаң уга
электе бир балакет кылалы.
Сага эле жакшылык каалап
жатам, ыя, канча айлык
алдагың?
- Беш.
- Беч деп коет. Ошо "беч"
айдан бери мага эмне
унчукпайсың? Ээ, айланайын
кудай, ушул кең Ак-Талаадан
бир эркек табылбай
калгансып, кайдагы бир
тентиреген томолой оштукту
ээрчигениң эмнең?
- Сиз ал жөнүндө жаман сөз
айтпаңыз. Мен аны сүйөм, -
Кыз көзүнүн жашын сүртүп
жатып ушуну айтты. - Томолой
болсо, ал кудайдын маңдайга
жазганы. Мен да томолоймун,
Кайрат экөөбүздүн
тагдырыбыз бирдей экен.
Ошон үчү мен аны сүйдүм.
- Кечирип кой, Жаку. Сен
менин оюмду түшүнчү, - деп
Калый жумшара түштү. Кайын
сиңдисинин таалуу жерине
тийгизе сүйлөгөнүн сезе калды.
- Азыркы закондо сүйүү экинчи
планда турат. Илгери деле:
"Катын албай, кайын ал", -
дешкен бабаларыбыз. Агаңдын
иштесе иши, акча десе акчасы,
мансап десе мансабы бар.
Сени каадасы менен, жадырап-
жайнап жыргай турган, бутак-
тамыры жайылган жерге
берели, келечеги жакшы
болсун деген эле оюбуз.
Айылчы Султановичтей
кайнаталуу болсоң жыргайсың.
Машинадан түшпөй жүрүп
гана өтөсүң. Ошко барсаң
ошондо билерсиң
баркыбызды. Таң заардан
туруп эшик шыпырып, ак-
укалап ары-бери өткөндө
тоңколоңдоп жүгүнүп, каткан
ширедей болуп, тамеки,
пахтага чыгып, тандырга нан
жаба албай, башыңдан бери
камыр болгондо, какылдаган
Калый көзүңдөн учар. Аш
десең аш, акча десең акча
турат, оюндан калбай барасың.
Айтчы деги, эмнеден кем
кылдык? Ошко барганда
акчасы жок, тамагы жок,
эриңдин ботиңкесин
жейсиңби? Үйү деле жок
болуш керек...
- Жетишет, жеңе! Кайратты
көп эле кордой
бербеңиз.Тирүүдөн түңүлбө
дейт, - Жасмин эшикти көздөй
басты. - Сөзүңдөн жадап
кеттим.
- Аа, байкуш. Агаң укса
жадаганыңды көрөт элем.
Болуптур, эртеңкиге чейин
ойлонойлу, калган сөздү
ошондо сүйлөшөбүз, - деп
Калый кухняга кирип кетти.
Жасмин медучилищени
бүтүп, Бишкектен келгенине
бир жылча убакыт болгон.
Келгенден бери дале агасынын
колунда. Мектепте окуп
жүргөндө да ушул үйдө
тарбияланган. Атасы Жасмин
кичинекейинде эле каза
болгон экен, энеси
кийинчерээк оорудан өлүптүр.
Жасмин эки гана бир тууган,
ошондуктан жеңеси: "Сенин
тагдырыңды биз чечебиз", -
деп жатпайбы. Окууда
жүргөндө дагы, кайын
сиңдисинин жигиттер менен
сүйлөшүүсүнө тыюу салган.
"Окууңду бүтсөң жигит сага
машинасын минип өзү келет", -
деп. Акыркы экзаменин берген
күнү эле Калый кызды
Бишкекке бир күн тургузбай,
үйдү көздөй алып жөнөгөн:
"Сандалган бирөө Таласка же
жердин түбүнө алакачып кетсе
эмне кылат?" Жумушка
орношкондон кийин, Жасмин
Кайрат менен таанышкан.
Жигит таякесиникинде турат
экен. Оштон келиптир. Кайрат
дагы ата-энесинен эрте
айрылып, таэжесинин колунда
өсүптүр. Бул жакка келгенде
ооруп калып ооруканага
жатат. Жасмин ошол бөлүмдө
медсестра болуп жаңы иштей
баштаган. Бети аппак, денеси
назик, халаты менен чепчигин
кийгенде, көлдөгү сүзүп
жүргөн ак кууга окшошуп
калат экен. Кайрат бул кызды
биринчи көргөндө эле
жактырды. Табиятынан жоош,
адамга зыяны жок, көңүл
калтырбаган кара тору
жигитке Жасмин дагы көз
кырын салып, анда-санда
тамаша сөз ыргытып жүрдү.
Экөөнүн тааныштыгы ушинтип
башталды. Кайрат
ооруканадан чыккандан
кийин, ынак болуп кетишти,
акыры ал мамиле сүйүүгө
айланды. Жигити жөнүндө
оюн кимге айтмак, сырдашууга
же эже-сиңдиси болбосо,
кеңеш сурайын десе энеси
жок, жеңеси менен агасы
Айылчы Султановичтиндин
баласы деп эле суусап
жатышса. Кайрат жөнүндө
укса Калый жеңеси чок
баскандай секирбейби! "Тең
теңи менен, тезек кабы
менен", - дейт, Айылчынын
акчаны самандай чачкан,
көпкөлөң тарткан Жорасы ата-
энеси жок Жасминди
теңсинмек беле. Же ортодо
сүйүү болбосо, анан дагы
тигинин ырайы суук, кыздан
тогуз жаш улуу. Ошол кишиге
кантип тиймек эле. Бул жанагы
Калыйдын чыгарганы.
Ошончолук эле Айылчынын
үйүн эңсеп атса, өзү тийип
албайбы! "Жетим өз киндигин
өзү кесет", - дейт, Жасмин дагы
өз тагдырын өзү чечүүгө
тийиш. Өмүр бою өкүнбөс
үчүн, өз теңин өзү табат. "Мага
Кайраттан артык эр кайда".
Жасминдин чечими ушундай
болгон. Андан бери зымырап
айлар өтүп кетти. Эми
ичиндегиси билинип отурат.
Калыйдын чыгарбаганы жок,
таң атканча уктабай чыкканбы,
эртең менен эрте Жасминди
тургузуп, Чаектеги өзүнүн
эжесиникине салып жиберди.
Издеп келген Кайратка: "Бул
үйдө андай кыз жашабайт" , -
деп кыска гана жооп берип,
эшикти "тарс" жаап алды.
Айылчы Султановичтин
аялына: "Жасмин шаарда
жүрүп, бир ичеги болуп
калыптыр, кымыз ичип келсин
деп жайлоого жибердик" , -
деген шылтоону айтты.
Мектептен келе жаткан
Жасминдин бөбөгүнөн Кайрат
анын дайынын сурамжылады.
Ал эжесинин Жумгалга
кеткенин, апасы кыздын көптө
келээрин айтканын божурады.
Атүгүл адресинен бери жазып
берди.
Кайрат Жасминдин
капысынан эч дайынын
билгизбей жоголгонуна таң
калган жок, мунун артында
бир сыр жатканын сезип
калды. Кичинесинен кагылып-
согулуп, турмуштун ачуу-
таттусун көрүп чоңойгон жигит
Калыйдын мамилеси ага
карата урулган биринчи
соккусу экенин айттырбай
түшүндү. Жасмин бир жолу
ага-жеңесинин ниетин кеп
кылган эле, анда Кайрат
унчукпай, ичинен гана ойлонуп
калган. Кечээ гана колунда
тургансыган бакыт кушу
тоскоолдукка чалынган тура.
Эмнеси болсо да ошол
бактысы үчүн ал күрөшүүгө
тийиш. Эч токтолбостон
Кайрат таякесинин
мотоциклин минип, кеч кирип
калганына карабай жолго
чыкты.
Айлакер Калый Жасминди
Жорага кондуруу максатында
бир топ иштерди жасап
жиберди. Бир чемодан баалуу
көйнөк-көчөк, шакеги менен
алтын сөйкө, чет элдик
сапожка, акыркы модадагы
"лама" пальто, деги, мурда
жетиштүү кийинсе дагы,
мындай белектерди көргөндө
Жасминдин башы айлана
түштү. "Ии, көрдүңбү, Кайрат
сага ушуларды таап бере алат
беле? Шашпа-а, эми буюрса
мерседесте чалкалайсың,
андан көрө Жора аман
болсун!" - Кыздын кайсынын
кармаарын билбей алактаганы
Калыйдын чырагына май
тамызды. "Болду! Кыз даяр.
Эми мобул ичиндеги
балакеттен кутулуу керек".
Чаектеги Калыйдын эжелери
дагы сөөлөттүү немелер экен,
Жасминди сейилдетип волга
менен алып чыгышты. Мындай
шаан-шөкөт кызга жагып
калды, өзүн жомокто
жүргөндөй сезет, ичиндегисин
эстей калганда гана жүрөгү
"тыз" дей түшөт, Кайраты
болсо алыстан-алыстан
бүдөмүк көрүнүп, бөтөн адам
боло түштү. "Акчаң болсо
жашооң жыргал болот
турбайбы. Меймандар,
жасалгаланган стол, босогодон
төргө чейин төшөлгөн килем,
былкылдаган дивандар,
көздүн жоосун алган стенка...
Корооңдо жалтылдаган
машина.Кайратта буга жумшай
турган акча кайда? Жорада
баары бар. Мурда мындай
алтыным жок эле..." Жасмин
сөйкөлөрүн кармалап жатып
ушуларды ойлоду.
Сураштырып жүрүп Кайрат
Жасмин турган үйдү тапты.
Жасмин Кайратты көрүп көпкө
селейип туруп, анан мойнуна
асылды. Жолугушуу узакка
деле созулган жок, экөөнүн
ортосунда муздак, көзгө
көрүнбөгөн тор тартылып
тургансыды. Ошко кетүү
жөнүндөгү сунуша Жасмин
мындай деп жооп берди:
"Агамдан башка таянарым жок
болсо, жалгыз кыз болсом, ал
жактан мага ким каралашат.
Эгер Ошко кетсең,
топурагыңды түйүп беребиз
деп жеңем тилдеп жатат".
- Демек сен экөөбүз баш
кошо албайт турбайбызбы?
Кайраттын суроосу жоопсуз
калды.
- Балабызчы? Ал эмне болот?
- Төрөлгөндө көрөбүз да, -
Жасмин башын шылкыйтты.
- Аз убакыттын ичинде
ушунчалык өзгүптүрсүң,
Жасмин. Сага эмне болду? Мен
сени көргөн көзүмө ишене
албай турам. Кандай
пландарды түздүк элек? Анын
баары утопия турбайбы.
- Кечирип кой, Кайрат. Мен
өзүмдүн тагдырыма ээ боло
албадым.
- Болуптур, качан төрөйсүң?
Баламды бир көрүүгө уруксат
берсең, келейин. Мүмкүнчүлүк
болсо өзүм багып алам.
- Үч айдан кийин келсең
болот.
Кайрат Жасминдин алдында
өзүнүн бошоңдугун көрсөткүсү
келген жок, көкүрөктө
кыйнаган ызаасын жутуп
жатты. "Болуптур, кайыр кош!"
- деп жүрүп кетти. Ой-тилеги
бир жакын адамдарынан
бирөөнү көрсө азыр ыйлап
жиберет беле. "Алдыңа
кетейин ай, таалайыңа
кудайым ушул күндү жазган
экен, не кылабыз. Кайраттуу
бол, эч качан чүнчүбө, өзүңдү
өзүң көтөрмөлөй жүр!" (Чоң
атасынын бир тууган эжеси,
кемпир болучу) айткандары
кулагына жаңырып, ушул
сөздөрдү ал өзүнө таяныч
кылып бара жатты.
Экөөнүн бирикпесин эми
сездиби, Жасмин: "Кайрат! " -
деп кыйкырып жиберди.
Сагынып күткөн Кайрат
алыстап кетти, укпайт, эми
келбейт. Ал таарынды.
Таарыныч эми жазылбайт
Жасмин эмне кылды?
Кайратты сагынып, жаздыкка
далай жолу жашын төкпөдү
беле? Ал өзүн-өзү тилдеп
жатты. Көз алдында
кекирейген куник Жоранын
элеси тартыла түштү. Жасмин
жаңылганын сезип, өкүнүчкө
бата ыйлап жатты.
Жасмин аман-эсен көз
жарып, ооруканадан чыгып
келди. Бала менен алек болуп,
эртеден кечке чейин
убакыттын өткөнү деле
билинбейт экен. Ымыркайдын
төрөлүшү бул чөйрөдө
кайдыгер гана кабыл алынды.
Калыйдын эжеси болсо:
"Никесиз бала", - деп
жийиркендей. Жасминдин
кантсе да биринчи кубанычы
эмеспи, ымыркайды сүйүп
караган ушул энеси гана.
Кайратты ойлогондо жүрөгү
"тыз" деп көзүнө жаш келе
түшөт.
Балканактай болгон эркек
бала. Атасына окшош.
Болпоюп жоош, курсагы тойсо
үйдө жаш бала бар экени деле
билинбейт.
Кайрат кеткенден бери үч ай
түгүл, сегиз ай өттү. Дайны
билинбейт. Кубанычын
бөлүшүүгө Жасмин ак
эткенден так этет. Мына, бала
беш айга толуп, олтуруп калды.
Энесин көргөндө күлөт, үн
салат, сүйлөшкөн болот.
Ушул күндөрдө Ак-Талаадан
Калый келип калды. Адеп
дасторконго олтурганда эле
сөзү бузулуп, жыландын
башын соймоңдотуп жатты.
Какылдап сүйлөп жаткан
жеңеси Жасминдин көзүнө
жаман көрүндү.
- Сен эми жашсың. Эмитен
бала кучактап азап тартып
эмне кыласың? Же "эй, балам"
деген немең кайрылып
келбесе. Өз баласына
кайрылбаган ошону көрдүм,
каапыр! Баланы мага бер,
таэжемдин баласы жок эле,
ошол багып алсын. Сен аман
болсоң, дагы эле төрөп аласың.
- Кантип берем, жеңе,
баламды өзүм эле багам.
- Ий, кызыке, мени баякы
айткан сөздөрүм эмдигиче
мээңе жете элекпи? Элге-
журтка шерменде
болбойбузбу? Дагы жакшы
чоочун элде сенин ким
экениңди билишпейт. Ак-
Талаага эри жок тууп алдым
деп мактанып бала кучактап
барасыңбы? Сен агаңды ойло...
- Жетишет, жеңе. Түшүндүм.
Бул жолу да жеңеси тарапта
болду. Эртеси Калый айдатып
келген машинасы менен
баланы алып жөнөдү. Жасмин
көз жашын төгүп кала берди.
Калый Жасминди таэжеме
берем деп алдап койгон.
Көптөн бери Калый Гуля аттуу
келинди сыртынан байкап,
Жасминдин баласын ушуга
берсемби деп ойлоп жүргөн.
Калыйдын ою орундаган жок.
Гулянын күйөөсү жок, чоңоюп
калган бир эркек баласы бар
эле. "Баланы багып алат элем,
беш айга чейин бакса, кийин
энеси кыска ойлоп, эмгегим
текке кетип, бала чоңойгондо
менден сууруп кетсе, мен
кантем", - деп жооп берген
Гуля Калыйга.
"Албаганда кайда барат эле",
- деген Калый март айынын
түнүндө баланы Гулянын
эшигинин алдына таштап
кетти Шашып жатып Калый
чагарактагы кулпуну байкаган
жок. Үйдө киши жок эле, жөн
гана жарыгы күйүп турган.
Одеялдагы бала эч нерседен
бейкапар уктап жатты. Эртең
менен гана Гуляга жумуштап
келген кошунасы Батыш
ороодогу түбөлүк уктап
жаткан беш айлык баланы
таап алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   ROUSE   02 Март 2013 - 01:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

3. Кээр
Чоң жолдун кесилишинде олбурлуу, узун бойлуу
өспүрүм бою кичинекей, арык баланы сабап жатты.
"Оо, энеңди урайын,мунун арызданганын
кара, мына сага! Мына
сага!" Өйдө болуп
келатканда улам ичке
тепкилеп, кокуйлатты.
"Э, ботом, ай, муну
өлтүрөсүңбү? Бул эмне
кылганың?" Көрүп
туруп, чыдабай
кеттиби, ары жактан
Мундузкан эне чуркап
келди. Кемпирди угуп,
чоң бала басып кетти. -
Тур, тура гой, ичегиңди
эзип салды го, олчогой
буту менен. Кудайды
карап урсачы. Эмне
күнөөң бар эле?Мундузкан эне тигинин кийимин күүп жатып сурады? - Колумдагы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   ROUSE   03 Март 2013 - 18:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

токочту жулуп алганынан, артынан куусам, мени урган. Анан эжеге айтып койсом, жолдон тосуп алып мени тепкиледи. Ый аралаш бала ушуну айтты. -Эжеңе айтпай, апаңа айт, үйүндөгүлөргө барсын. Өлүгүңдү көрөйүн, курама темир курч болот деген ушул да. Бир кезде муну багаарга киши жок, түрткүнчүк болду эле, эми минтип чоңоюп диңкилдеп калганда эле билинбей калат тура, -Мундузкан кемпир тагдырын, мезгилин...
Минавар шаардын бир дүкөнүндө сатуучу болуп иштөөчү. Күндөрдүн биринде капысынан ревизия келип калып, дүкөндүн акчасына тогуз жүз рубль жетпей калды. Ал убакта тогуз жүз рубль өтө көп акча эле. Мурунку текшерүүдө дагы беш жүз сом жетпей калып, эжелери жапкан. Эми эмне кылат? "Эки айдын ичинде төгүңүз", -деп текшерүүчүлөр дагы убакыт беришти. Минавар төртүнчү күйөөсү менен жашап жаткан. Боюнда бар, ай күнүнө да жакындаганда дүкөнүн өткөрүп берди. Келин шаардагы төрөт үйүнө жатып калды. Балканактай болгон уул төрөдү. Салмагы дагы ырас, эмчекти дагы жакшы эмет, ден соолугу жайында. Минаварга үйүнөн деле киши келбейт. Келин тааныган бир чоңдун аялы гана күндө бир келип кетет. Уулун колуна алып, муздак гана тиктейт жаш эне. Эрди калбайып, кабак-башы атасындай. Эмнегедир Сабыржан менен убактылуу гана жашоочудай сезилчү келинге. Экөөнүн ортосунда сүйүү деле жок эле. Мынакей, жаш үй-бүлөнүн ортосундагы данакери дагы төрөлдү. Мындан аркы жашоо кандай болот? Ай, уланып деле кетпейт го! Сабыржанга Минавар капысынан чыгып калган. Эптеп баш калкалоого жай табыш керек болучу, айылга барса, ата-энесинин үстүндө эрден чыккан кыздын жүрүшү деле кыйын экен. Мүнөзү да башкалардыкындай
жугумдуу эмес. Ар кимге тарк-турк бир тийет. Көпчүлүктү сүйбөйт. Кыскасы, Минавар турмушта өз ордун таба албай жүргөн. Антип-минтип доктурдан чыга турган учур да келип калды. Сабыржан сүйүнүп, балага ороо-чулгоо комплектисиn көтөрүп келиптир. "Болчу, уулумду көрсөтчү? Жок дегенде терезеден көрсөтүп койсоң боло!" -Минавардын көзүн карап алактайт. "Бизди бүгүн чыгарбай калды, баланы көрсөтө албайм. Ден-соолугу начар дейт" -келинчеги муздак унчукту. Сабыржандын шаабайы сууй түштү да, үйгө кетти. Ооруканадан түшкө маал Минаварды ак волга минген, кычыраган айым чыгарып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   ROUSE   03 Март 2013 - 18:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

"Ушундай туякты төрөгөнүң үчүн" -деп Минавардын колуна келишим боюнча көздүү чоң алтын шакек салды. Андай шакек 350 рубль турат дүкөндө. Чак түштө Сабыржандын эшигинин алдында ак волга токтоп, Минаварды түшүрүп
кетти. Наристемди көрөм деп, бактылуу болгон ата боорунда кучактаган баласы жок, оозунан ичимдик буркураган Минаварды көрүп, чочуп кетти.
- Ии, чыгардыбы? Бала кана? Сабыржан суроо салды.
- Бала чарчап калыптыр,- бурк этти келин.
- Минаш, Минаш, эмне үчүн биздин балабыз чарчайт? -Сабыржан келинчегин кучактап алып буркурап жиберди.
- Кечээ эле жакшы турат дебедиң беле? Эмнеси ооруйт экен? Күтүп олтурган Сабыржандын көңүл-оту суу сепкендей жалп өчтү.
Кеч күз. Бөлмөдө капачылык, муздак маанай өкүм сүрүп турду. Сабыржан чын дилинен кайгырып, эркек болсо да көзүнөн жаш чубуруп олтурду. "Мен балага ысым тандап олтурбадым беле! Эх, ажал! Ушул тырмактай баланы жөн эле койбойсуңбу? !" Минаварчы? Минавар жеңил ойлуулугунанбы, энелик түйшүктү көрүүгө али даяр эмес эле. Үй-бүлө деген түшүнүккө кайдыгер карачу. "Балаңды кайын энеме же өз энеме берип коюп, иштейм. Жаш болсок баланын эмне кереги бар" -деген сөздөрдү айтчу. Бул бөлмөдөгү тунжуроo канчага созулмак? Ким билсин. Чай ичип олтургандардын көңүлүн үйгө кирип келген врач менен медсестра, милициялар болду.
- Бала кана, Минавар? -врач кирип келери менен сурады.
- ... - келин унчукпады.
- Бала өлүп калд дебедиңби? -Сабыржан врачка суроолуу карады.
- Балаң өлсө, өлүгүн ороп беребиз. Сен эмне сөөгүн сурабайсың? Күйөө ушундай жоопту укту.
- Сенин балаңды ким алып кетти, Минавар? Ал аял кимиң болот? -милиционер сөзгө кошулду. - Бизде эне менен баланын укуктары кандай билесиңби?
- Бала кана? Ушул жерде кантип чыдап олтурасың? Сен кандай энесиң? -врач үстү-үстүнө суроо жаадырды. Сабыржан аялына жетип барып, жулкулдатып жиберди:
- Бала кана, энениңди урайын? Келиндин көзүнөн жаш чыкты. -Эмне үчүн бала өлүп калды деп калп айтасың?
- Кийин! Мен сенин балаңды колуңа тапшырышым керек, -врач буйрук берди. Ымыркай Минавардын колуна тийгенден кийин, төркүнүнө кетти. Сабыржан кайын энесин чакыртып, колуктусун жолуна салган. Төбө чачты тик тургуза турган бул окуядан кийин, эки жаштын бир түтүн булатып жашоосу мүмкүн эмес эле. Сабыржандын чечими ушундай болду. Минавар менен ак волга минген айымдын "соодалашып" жатканы ошол төрөт үйүнүн санитаркасы угуп калбаса, Сабыржандын баласы бир чоңдун эркеси болот беле, ким билет. Үч жүз элүү рублдик алтын шакекке сатылган Минавардын уулу азыркы айткан Мундузкан кемпир айткан "курама темир" эле.
АЯГЫ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   ROUSE   03 Март 2013 - 18:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Айым Талгатбек кызы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   mamalak94   17 Март 2013 - 03:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Ммм жакшы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Atlantida.   30 Март 2016 - 16:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 12 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2018 21:06

...

Билдирүүнү түзөткөн: Atlantida.: 30 Март 2016 - 16:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 03:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: