Суперстан: Жортуул - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жортуул Асанбек Стамов тарыхый роман

#21 Пользователь офлайн   Disappear   02 Март 2016 - 17:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ой, сен капыр Алдар көсөгө окшоп, баарын билгениңкандай? Олуянын өзу болуп жүрбө, — деп таң калды оозун ачкан Жекебаатыр. Айтканыңдай эле менин уруум —Чогорок болот, түпкү тегибизди тейит деп койчу. Тейиттер азыр чоң эл. Элеттиктерге караганда биз көппүз. Тейиттер ичкиликтердин уюткусу. Сан кыргыздын көбүн Тейит түзөт.Же жалган айтамбы, Олуям?Каражаак кейип алды:— Байкушум, сен Тейит болгондо дүйнө өзгөрүп кетмек беле. Мейли Чогорок же Тейит болосуңбу андап тапкан пайдаң кайсы? Баары бир кыргыз атанын тукумдарыбыз. Не болсо да билип койгонуң жакшы, өз заманында Чогороктор ичкиликтердин уюткусу эле кайран эл. Кыргызды баштап ошол кезде падыша Бабырдын айласын кетирген. Билгенге ал оңой эл бекен? Падышага тең келип болобу, акыры амалын таап бүтүндөй элдин белин сындырып таштады Султан Бабыр.«Катуудан казаны, жумшактан күлү, кара башыл адам аттуудан эч ким калбасын» деп жардык чыгарган экен падыша,Падышанын каары оңойбу? Бабыр падышанын түмөндөгөн колу чогорок аттуунун баарын бирден терип кырып кирген.Элден тукум калсын деп ошо кездеги атактуу жайчы Түмөнбаи Чогороктордун ичинен бир уул, бир кыз баласын үңкүргөжашырып • калып, аларды көздөй каптап келаткан падышанын аскерлеринин үстүнө ак жайдын күнү мөндүр, кар жаадыртып жылдырбай койгон тура. Тооктун жумурткасындай мөндүрлөр чекелерин томпойтуп, үшүп өлө турган болгондо падышанын колу артка качып араң кутулушуптур. Ошондо да Бабырдын салык жыйнаган колу — Чогороктордун малжандыктарын мыдырын койбой чаап, талап калууга үлгүрүшкөн. Айтканга оңой, андан бери үч кылым өттү. Түмөнбай жайчы үңкүргө катып калган.уулкыздан туулган балдар кайрадан эл болду.Тукум улап көбөйүп, кудайга шүгүр азыр да Чогорок атыңар өчө элек...Эсенбай Жекебаатыр энөөлүк кыла мурутунан бир кылды шарт жулуп алды дег— Ыя, ошондойбу энеңди урайын десе! — деп катуу сөгүндү. — Деген менен чындыкты айттың. Чогорокторду бүтүндөй жок кылмакчы болуп, кайсы бир падыша сөрөй кыра баштаганда бир топ кыз жигит канатчан хотоздорго минишип булуттардын үстүнө чыгып кетишкен экен. Fтамдын санжырасы боюнча Чогороктордун тукумун касиеттүү хотоздор сактап калган. Билсең керек, илгери илгери топозду кыргыздар хотоз дешкен. Топоздой алдуукүчтүү асыл мал кайдан болсун. Жүк жүктөсөң, минсең унаа. Сүт каймагын бир жолу жеген адам үч-төрт кунгө чейин ачка болбойт.Топоздун эти менен аюнун эти бирдей: жеген соң көк музүстүнө жатсаң да ысуулап чыгасың, үшүк албайт. Каймагы карыш, уюган айранынын үстүнө секирип чыккан улактынтуягы өтпөйт.— Хотозуңдун этин биз да жегенбиз. Сүт-айранын ичкенбиз. Андан көрө элге кошулуп, жанагы эки жаман чүрпөңдү кыргыз атанын салтсанаасынан бөлбө деп жатам,Жекебаатыр. Аман жүрсө жаман уулуң Орозбай калайыккамаалым баатыр чыгат. А берки эки жашар наристе кызыңдын даңкы сулуулук жагынан далай жерге жетет. Кара күчүңө,кардың толо жеген этке корстон болбой башчысы бар, баркыбар, баатыры арбын элге кошул. Үч жүз жыл жашаган чынар тегерегйн деги токойго сүйөнөт. Жалгыздын иши жалгыз.Жалгыз терек токой болбойт.Ушу жерден эсиңе келгенсиген Жекебаатыр таңгалып койду:— Баса, деги өзүң кимсиң? Чогороктор кыргыз ичинде туу баштаган, падышага баш бербеген баатыр эл болгонуна чейин билгениң аз келгенсип, мени мурда көрбөй билбей туруп жети атама чейин чечмелеп салдың.,Элибиз баатыр болорун атамдан далай уккам. Билесиң жоо менен беттешүүнүн өз жолу бар. Кылычтар кындан суурулуп кызыл кыргын башталарда эрлер жекеге чыгышат. Андай чакта жекеге такай Чогороктун эрлери чыкчу дешет. Өзүм деле далаң жолу локуйган аюуга бет келип, курал жарагым жоктугуна карабастан мойнун бурай муунтуп өлтүргөм.— Обу жок мактанба — деп, Жекебаатырды тыйып койгон Абдрахман кайра кебин улады, — Тирүүлөй аюуну чалкасынан салгандан кийин оозун кемечтеп коюп, сен аны үйүңө чейин жетелеп келгениңди уккам. Көп эле элирбей андан көрө КерегеТаштын түбүнө качан көчүп келдиң? Мен сени али дагы КараМыктын аскаларынын арасында жатат деп ойлоптурмун. — Ой, деги кимсиз өзүң? Мени түп-тамырымдан. бери чукудуң. Ал тургай эки жашар кызымдын аруу чыгарына чейин билгендей, чын эле олуясыңбы? Анда эле айтчы, мен качан жана кандай дарттан өлөм?Локуйган дөөнү шылдындай күлгөн Каражаак:— Болуптур, өзүң сурап калдың, анча кызыга түштүң сенин качан өлөрүңдү айтса айтып берейин. Анан да чычалап жүрбө,урганым— деп, ойлоно калды.— Тагдыр буйруса өлбөгөн адам болбойт. Анын эмнесине чычалайт элем. Айта бер...Каражаак бирөөнүн өлүмүн угузуп жаткандай мостоё түшүп:— Сени көчкү алат — деп түз айтты. — Денең жерге көмүлбөйт, чириб ейирибей муз алдында жата бересиң.Аялыңды аюу ала качат. ОшОндо жүрөгү тушкөн ал да каза болот...— Сендей олуяны биринчи көрүшүм. — Жекебаатыр ачуулангандын ордуна таңгалып койду. — Анда эле жанагы эки жашар секелегимдин көргөн күнү кантет? Уулум Орозбайдан кам санабайм. Ал эс тартып калды. Бирөөгө жемин жедире койбос...— Кызың менен уулуңдун тагдырын алдын ала айткым келбейт. Алар жаш: мен деген көзүмдө мөөрүм, тилимде сөөлүм бар адаммын. Бирөөнү каргасам — каргышым өтөт.Алкасам — батам тиет. А неси болсо да, адам баласы маңдайына жазылганын көрөт дечи. Бирок да балдарыңдын тагдырын да көрүп турам.Локуйган Эсенбай ушу жерден чочуп кетти.— Деги, түбү жаман бүтпөйбү? Жаман чүрпөлөрүм аман жүрүп, ырыстан тайыбаса — менде не арман — Ырыстуулукту сен кандайча түшүнөсүң? — Каражааксуроо салды да, кайра өзү жооп бере баштады. Илгертеден келе аткан нусканы эске салайын. Ар ким эле тагдырынын кулу. Тагдырды адам баласы — өз колу менен жасайт. Демек,адамдын тагдыры — анын өз керт башындагы кыял жоругуменен күткөн үрп адатына баланыштуу. Анда эле адамдын таалайырысы — анын өз колунда деп түшун. Ачыгын айтканда: ар бир эле адамдын жекече кулкмүнөзү акыры келип, анын тагдыр таалайына багыт берет. Сөздүу зартпаганда: сенин жеке кулк мүнөзүң — өз тагдырың. Дагы айтам кыргыздын билгени боюнча: келип келип эле ар кимдер колу менен кылгаңын мойну менен тартат. Бактылуу болуу,же бактысыздык да ар кимдин өз алаканында. Муну энөө чалыш Жекебаатырга айтып жаткансыганы менен оңбогон Каражаак анын баарың Каргабайга багыштады. Каражаактын ой жоруусун караманча аңдабаганЭсенбай таңгалып алды:— Деги сөздөрүңдүн бирин түшүнсөм өлөйүн. Болуптур сен айткандай мен көчкү алдында калат экенмин. Андан коркпойм. Катыным кандайча аюу rолдуу болмокчу? Анча баштадың калганын да ачык айт. Анда балдарымдын күнү не болот? Алардын тагдырын билгим келетд.Каражаак бул жолу кесе айтты. Сыягы локуйган Жекебаатырдын бейчеки суроосунан кутулгусу келди белем.— Балдарыңдын тагдыры — мындан ары мына бу менин жанымда унчукпай отурган жигиттин тагдырына энчилеш.Каргабай өзүнчө селт этти:— Эмне дейт? Эсенбай акени биринчи көрүшүм. Мындан ары кез келишебизби бир кудай билет? Анан, кандайча мен ал жаш балдардын тагдырына энчилеш болом?— Эсенбайга жолукпасак болмок... Эми айла калбады.— Билип коёлук? — деп, Жекебаатыр ансайын такыды.— Аны айта келсе сөз көп, убакыт чак. Андан көрө сапардан калбайлык...

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 02 Март 2016 - 18:00



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Disappear   02 Март 2016 - 18:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Кызык кеп экен, — деди, Каргабай анча ишене бербеседа..Локуйган Эсенбай эрегишкендей ыкыс берди:— Андай экен, балдарымдын тагдырына чын ортоктош болчу адамды биз да биле жүрөлүк. Деги аты жөнү ким жаш мырзанын?— Азыркы ысмы — Каргабай. Сенин кызың мындан он эки жыл өткөндө суйкайган сулуу чыгып, анда кызыңа көптөгөн мырзалар менен бийлердин ышкысы түшө баштайт. Ошондо Каргабай үкөмдүн төл ысмы кандайча өзгөрөрүн мен билбеймда. Дегинкиси, дагы он, он беш жыл өткөндө Каргабай жамы кыргызга таанылат. Байлыгы, мартабасы артып, ошондо булмырзага атасы азан чакырып койгон ат жарашпай, айтор башка ысымга көчөт...— Сен өзүң кызык сүйлөгөн адам экенсиң. Түшүнсөм кудай урсун. Антип атагы чыккан адам ысмын эмнеге өзгөртмөк?Өзү сан кыргызга таанылган мырза менен менин жаман чүрпөлөрүмдүн кандай иши болмок? Сен көп мээни чакпай ушуну айтчы?Каражаак мостойду:— Учурунда кызың ченде жок сулуу чыгып, уулун теңдешсиз эр жүрөк болот деп айтпадымбы. Дагы башка эмне керек сага?Жекебаатыр Каражаакка ысык боткодой жабышты:— Уулум өзүмдү тартса эле баатыр болот. Ага мен ишенем.А кызымдын акактай сулуу чыгарын сен кантип туйдуң?— Эсенбай,. мен уулуңду баатыр чыгат, өзүңө окшош локуйган дөө болот деп айткан жокмун да.— Көтөк, эмне дейт! Азыр эле айтпадыңбы? — Айтканымды танбайм Бирок уулуңду эр жүрөк чыгат дедим.— Аньгңды кандай түшүнсөк?— Баатырдын сыны — сүрүндө, келбетинде. Алар көбүнчө алдуукүчтүү келип, тулку бою чоң болот. Бою бакана, турпаты жай адамдын ичинен деле тайманбаган эр жүрөк, кайраттуу жоокер чыга берет. Бирок сенин уулуң кара күчү жагынан өзүңдү тартпайт.Жекебаатырдын кадимкидей ачуусу келе титиреңдеди. — Олуя десе эле, адамды көп шакаба чекпе. Болбосо, ушусен азыр менден бирди көрөсүң. Отурган жериңДен башыңды чилдикиндей жулуп алсам, менден эч ким кун сурабайт. Чын эле менден бирди көрөм дебесең, айт?Эмнеликтен уулум мендей баатыр чыкпайт?— Жекебаатыр, менин башым — өтө кымбат баш Анын кунун жеке сени кой, бүтүндөй Чогорогуң быякта турсун,ичкилик эли бирйгип төлөй албайт. Андыктан. мени коркутам деп опурулба. Коркутчулар бу чөлкөмдө жок.Андан көрө буйрук экен»мени менен беттешип отурган соң сөзүмдү көкүрөгүңө түйүп кой. Экинчи жолу экөөбүз кездешкенде, сен айтканымды эки кылбай кызматыма өтөсүң/ Менин дегенимди түшүнүп .жатасыңбы. байкушум. Жекебаатыр таңгалды,.— Сениби, мына бул сөөмөйүм менен басып койсом өлөсүң. Анан дагы кыр көрсөткөнүң кандай?Жекебаатырды шылдыңдады Каражаак.— Макоо эрдик кара күчтө бекен? Ал — акылда. Андай экен, сени ушу турган жериңден жайлап салсамчы?— Кантип? Кана...— Ушинтип эле.Жекебаатыр ишенбегендей баш чайкады.— Колуңдан келбейт.— Анда мелдешелик? — Сыйкырлап эле өлтүрбөсөң, башкасына ишенбейм.Каражаак өчөшүп калгандай.— Өзүңө колум барбайт, атыңды сай. Ушу турган жеринен жайлайм— Макулмун! — деп тартынбады Жекебаатыр. Ушу кезде «тарс» эткен катуу үн чыгып, Жекебаатырга кошо Каргабай да көмкөрөсүнөн түшүп, кулагын басып калган болчу. Алар көздөрүн ачканда Эсенбайдын аты тырайып жатат. Белгисиз түтүндүн изи ургандай айлана каңырсып турду. Жекебаатыр сулк жаткан атынын жанына басып барса, анын дал чекесинен азыраак кан чыгып калыптыр. Эси чыккан Эсенбай сурады:— Баатыр, чын эле сыйкырың чоң экен. Сага баш ийдим.!Каражаактын бул өнөрүн Каргабай да биле элек болчу.Ошондуктан чын дилинен таңгала сурады:— Сыйкырыңдын аты эмне, байаке?— Тапанча дейт муну. Башка сураба — деп, жүз үйРҮДҮ— Баатыр, мен тоодон чыкпаган аюудан өткөн дөдөй экемин. Бекер жерден кыр көрсөткөнүм үчүн айып көрбө. Чын эле сыйкырчынын анык өзүнө жолугуптурмун. Каражаактын үнү негедир бошоңдоду.— Мен сага кыр көрсөткөн жокмун, Жекебаатырым. Билип жүр: тагдырыңды айттым. Ошол жаманбы? Жекебаатыр элдешкендей долдурады:— Угайын эле, деги чынын айтчы? Эмнеликтен, уулум өзүмдү тартпайт.— Уулуң өзүңдөй дөөгө окшогон балбан болбойт. Бирок эржүрөк, кылычтай өткүр, курч чыгат. Ошол жаманбы?Эсенбай кызыга түшкөнсүдү: — Бала бакырамды көрбөй туруп сынаганың кандай, олуям?Билебиз, Санчы сынчы менен Толубай сынчы деле адам тукуму менен аттын" түрүн көрүп туруп сын бергек. Көзү ачык адам экениңе ишендим. Деги аты-жөнуң ким?— Аты-жөнүмдү жашырбайм. Аны го айтам дечи Эң алды бала бакыраңды көрбөй туруп сынаганымдын жөнүн айтайын. Жарайбы? — Каражаак тигини сынагандай тиктегендеЖекебаатыр кол шилтеп койду:— Мейли, айтканыңдай болсун. Каражаак сөздү чукулбурду: — Сен катындын эң аруусун алдың. Же айтканым жалганбы?Желкесин кашыган бойдон:— Ким билет! — деп, өзүнчө бүшүркөдү Жекебаатыр. — Ырысыңды жебе. — Зекиди Каражаак. Кыз кезинде анын ай жамалына тең келген ким бар эле? Жалган айтсам төгүнгө чыгар. Сеники менен колуктуңдун атасы тамыр эле.Экөөңөр курсакта кезде эле бел куда болуп коюшкан.— Билет экенсиң! — деди, Жекебаатыр кандайдыр кубанган түрдө,— Билгенимди айтсам, чычалайсың. Андан аркысын ук. Колуктуң бой жеткен сайын ага көз арткандар арбый берди.Сулуу кыз бала колдон түшкөн жакуттай эмеспи. Коркуп кеткен энеатаңар силерди он төрткө чыкканыңарда баш коштурду. Ошондо да айдай сулуу жаш катыныңа далай эрлердин көзү түшө бергендиктен, сен чыдабастан тоого кире качып кеткен боюнча элге жолобой Жекебаатыр атыктың.,Эки уулуң курсактан түшөөрү менен атаэнең бакты. Башында айттым: эр жеткенде алар жортуулда каза болду.— Олуям, айтканыңда калет жок.Каражаак Жекебаатырга үстөмдүк кылып алды:— Эмки сөз, сенин уул кызың жөнүндө. Баса, элден мурда өз керт башың тууралуу: катыныңа кароосуң. Жашырганда эмне, аябай ичиң тар. Жадаганда бечераны аюунун эркегиненда кызганган жериң бар. Ушу жоругун. адамга жагабы?— Койчу эми! — Жекебаатыр долдурады.— Койчу мойчусу жок эле, мен аны жакшы билем. Калп эле сыпааланба! Абдрахман деген ысымды уктун беле?— Укпагандачы! Эй, иттики десе, чын эле Абдрахман сенсиңби?— Билип жүр, ошо Абдрахман деген пириң мен болом..Жекебаатыр кайра бир сөгүнүп алды:— Айтам да. Ырас, тааныбай калдым. Көзүңдү көрбөсөм кантмек элем. Сени билбеген адам аттуу жоктур.Алтын, күмүшү ашып ташыган зер атасы — Абдрахман көпөстү ким билбейт...Ушу жерден Абдрахман чоочуп кетти: — Жекебаатыр, жаныңды жебе. Мени Абдрахман манатчы дейт. Зер атасы бөлөк. Ал Аксыдагы —Мамажусуп. Саргыч тиштери арсайган Жекебаатыр чын дилинен боорун тырмап күлдү:— Жаныңды .жебе, зер атасы Абдрахман. Мамажусуп сага жетпей калсын. Аны тооругандар, талагандар көп. Хан алдына алтынын кочуштап барып бир бөйпөңдөсө, элеттин бекзаттары өзүнчө тонойт. Сенде алтынкүмүш ыксыз көп. Тоо таштын кайсы булуң бурчуна катканыңды ким табат? Куучудай куулуп,атыңды улам өзгөртүп, бир жерге байыр албайсың. Билем, менда сенин жайыңды,..Сөздү ырбаткысы келбеген Абдрахман ойт берди:— Жекебаатыр, мени көп тырмаба. Сен айткан алтынкүмүшменде эмес. Алтын кармаган, алтын чогулткан кыргызды көрдүң беле? Болсо, анча мынча бардыр. Андан көрө, үйүңдө илбирс жолборстун же болбосо сүлөөсүн, калтардын терилери бардыр?Жекебаатыр маалкатып барып жооп берди:— Буйруган аңтерилер тургандыр. Кантип болбосун. Көбү үңкүр сүңкүрлөрдө катылуу. Канчасы ашатылбай үйдө жыдып жатат.Каражаак кокусунан ордунан турду:— Аттар тыныккандыр, , Каргабай. Анда эмесе бастыралык. Ушу жерден Жекебаатыр ордунан тура калды:— Айттым го башында, менин үйүм мына бул эле жерде.КерегеТаштын түбүндө. Жакында көчүп келгенбиз. Мейман болуп кеткиле.Каражаак чоочуду:— Кокуй,ал жериң бүтүндөй чытырман токой. Анан калса аюу менен жолборстун уюгу. Жекебаатыр камырабагандай: — Мен жүргөн жерге аюу — жолборс жолобойт Ушу кезге чейин бирин серин малмүлкүмө кол салыша элек. Айбан да болсо кошуначылык дегенди жакшы түшүнүшөт экен. Алды адам баласына катылбайт аны Жологон күндө да өздөрү түшүнбөйт тура... Эми сөздү көп узартпай үйүмдө түнөй жатып, конок болуп кеткиле. Муну атайын өтүнүп жатам силерден. Андай эле кыйын болсон, уулкызымдын ошондо жүзүн көрүп туруп анан сында, Абдрахман аке! Эт аштын чүйгүндөрүн казанга салып таштайбыз. Кааласаңар аюунун этинен кебек жёйсиңер. Болбосо, жолборстун &өйрөкбоорун кууруп берем. Бакма малды айтпаганда да, дүйүм аңдын эти үйдө батпайт. Балдарымды жакшылап сынасаң андан акыбетиң кайтат, каалаган аңдын терисин бегиликке аласың. Бүкүлү жебей этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт.Силер мёнен эрмектешип мен дагы бир гүлдөйүн/ Өзүңөр да кумардан бир чыккыла.Каражаак чынын айтты:— Айтпадымбы, сенин балдарыңды көргөндө эмне, аларга ушу жерден туруп эле сын бердим. Болду эми, биз жолдон калбайлык. Бүгүн түнөй турган жерибиз бар. Эртеңкиси да башка. Бу жолу сеникинде мейман болуу бизге буйрубаптыр, баатыр.— Мен макул эмесмин — деп, кашайды Эсенбай. —Балдарымды сыртынан сынатпайм. Андай жосунсуз сынды кыргыз билбейт. Мен таптакыр дөдөй бекенмин, зер атасы Абдрахман. Билип турам, бүгүнкү коно турган жериң малжандыгы жер сууга батпаган — мал атасы Сансызбай. Анын баркына, даңкына мен теңеле албасмын. Болбосо,казанашы жагынан ал менден өйдө турбайт.Каражаак бечеранын энөөлүгүн кечиргендей күлө сүйлөдү:— Жекебаатырым, биз кара курсактын камын көргөн бечералардан эмеспиз. Анан калса, сен айткан мал атасы Сансызбайдыкына кайрылсак деген ниетибиз таптакыр жок.Малы тескери жайылган Сансызбай аман эсен жүрө берсин.Аны менен башынан алака кыла элекмин.— Анда эле таптым — деди, жаш балача сүйүнгөнЭсенбай. — Мал атасы Сансызбайдын үйүнө түнөбөсөңөр, анда эле кечке жуук Малик молдонукуна жетип токтойсуңар. . Малик молдону — сөз атасы деп коюшат көпчүлүк. Кызыл тили сайрап берсе, алдына эч жан чыкпайт. Чечендиги жагынан Малик молдо ак таңдай аталган. Аныкына түнөгөн киши үчүн кыштын узун түнү бир чай кайнамчылык көрүнбөсө, жайкы түн желип өткөн желче сезилбейт. Малик молдонун үйүндө кеп сөзгө кумарпостор түнөйт. Сөз кунун түшүнбөгөн мага окшогондор анын эшигинин алдына басып да барбайт .Жекебаатырды андан ары дөөрүткүсү келбеген Каражааккесе айтты:— Локуйгаң байкушум, чакырганга келбеген, үндөгөнгө зар болор. Кыргыз баласы качан эле чакырган жерден баш тартчыэле? Сен минтип кастарлап үйүңө чакырып жатасың, эгер зарыл ишибиз чыкпаса кантип барбайт элек. Бүгүн үйүңдө коно жатып, чер жазсак сонун болмок. Теңир алдында актанайын: кечээтен бери бизди атайын күтүп жаткандар бар.Сенден жашырганда эмне, ал мал атасы — Сансызбай же чечендиги жагынан атагы жаамы кыргызга дайын, сөз атасы —Малик молдо эмес. Ал киши эл башына күн түшкөндө же эки жак жоолашып кан төгүлөрдө — чукугандай акыл тапкан даанышмандыгы жагынан алдына эч ким чыкпаган сан кыргызга таанымал — элдин акыл атасы. Өчөшкөндөрдү өнөк кылып, жоолашкан эки элди достоштура билген—Асылжандын журту бар жолдо. Айтор, бүтүрчү ишибиз,кеңешчи сөзүбүз ошол акыл атада. Акыл атага мына бул жигитти учураштырам. Майлуу эт чайнаганга көнбөй акыл уксун. Сөздүн наркын түшүнүп, көптү көрүп, көзу каныксын.Адеп мага жолукканда эжигейдей ылжырап жүүнү бош; аябай шалкы эле. Азыр тапка кирген жагалмайдай. тарана каада күтүп калды. Бүгүн сен бизге таарынба. Кантсе да сеникине дагы кайрылып келебиз. Атайын чыгынып келгенибиз оң. Балким көп создуктурбай биринчи сонордо келербиз. Ошондо уулкызыңды жакшылап сынап берейин. Ачыгын айтсам,чының айтсам капа болбойсуң, баатыр. Анан да сулуу катыныңды кызганам деп жүрөгүң жарылып кетсечи.,. Тамашага моокуму каңгандай Жекебаатыр аржактап күлдү:— Үйүнө баш баккан меймандан кайсы кыргыз катынын кызганчы эле. Катынын эркек көзүнө көргөзбөй катып коюу— сарттын иши. Эсенбай деген жайкышы боз уйдө жашаган жай кыргыз. Эндей кыргызды антип шакаба чекпе, олуям...— Жекебаатырым, анда эмесе көрүшкөнчө кайыр кош.Сенин үйүңө келбей койбойбуз. Түшүнүп атасыңбы? — деп,атына минген Абдрахман бастырып кетти.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 02 Март 2016 - 18:18



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Disappear   02 Март 2016 - 18:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Жолдо келатканда: — Каап, кол берип коштошуп койбой — деп, Каргабай кейиди.Абдрахман аны кекетти:— Өзу озунуп салам айтпады го... Анан озунуп кол бербеген аюуга эмнеге кол сунат элек...— Деги жакшы адам көрүнөт — деди Каргабай. Каражаак өзүнчө кубанып коёт:— Жекебаатырга кез келгенибиз — жакшы болду.Берейин деген кулуна, кудайым белен кылат жолуна деген ушул.Өзүнчө кубанган Абдрахман менен иши жоктой Каргабайа ртына кылчайды. Жекебаатыр жүргүнчүлөрдүн карааны үзүлгөнчө алардан көзүн тартып алар түрү жоктой. Кантсе да коңултуктап, зеригип турат бечара. Каражаак менен Жекебаатырдын сөзүнө башынан эле кийлигишкен эмес Каргабай. Эми бейкапар бастырып бараткандан пайдаландыбы, анан калса ал өзү да Каражаакка кадыресе тең ата боло, баятан бери жүрөгүн өйүгөн суроосун ортого салды:— Чын эле Эсенбайдын жалгыз уулуна көрбөй туруп сын бергениңиз кандай, жарыктык? Мүмкүн ал бала баралына келгенде сиз айткандан бөлөк: Күрөш менен эр сайышта,чокмор чабышта эч кимге мөөрөй бербеген баатыр чыкса кантебиз! Баланы коюп кызына өтөлүк. Бир көрбөй туруп эле эки жашар наристенин учурунда Айчүрөктөй сулуу чыгарында айтып салдыңыз. Каражаак кебелип койбоду:— Ушул суроолорду берериңди башында эле билгем, Айта түш, дагы кошумчаң бардыр?— Башкасын коюп, келип келип эле мен алар менен кандайча тагдырлаш болуп каларымды түшүнсөм көкө теңир урсун. Сиз сүйлөп отурганда жомок угуп жаткандай болдум. Жашыңыз да, жолуңуз да улуу. Ишенбесем да, сизди кой деп айтмак белем. Чынында адамдын тагдырын алдын ала айтууга болобу? Кантсе да ар кимибр сиз айткан тагдырдын кулубуз. Кудайдын башка салганы тургандыр. Энөө жүргөн, момун бечарага айтса эле баары жараша берет дедиңиз го... Мурда айтканымдай — сиз мен үчүн дагы эле табышмаксыз. — Сыйкырчысыз — деп айт. Каргабай тартынган жок:— Жалган айтып не керек, сыйкырчы элесиз...— Дагы айта түш?— Сурай берсе сөздөн көөмө жок дечи...— Анда кезек меники — деди, кебелбеген Каражаак Ичиңде дат калтырбай айттың көрүнөт, үкөм. Аның жакшы,ыраазымың, Дагы эле сенден өтүнөрүм: көзүң жетпеген, түйүнүн чече албаган иш жайын тартынбай сурап тур. Калмак душман көргөн кишисине мындай бата берет: «Өзүң билбе, эч качан билгендин тилин алба». Карачы, мындан өткөн жаман каргыш болобу? Кудайым көкүрөгү сокур адамга күнүңдү түшүрбөсүн. Өзүм да сенден көп сыр жашыргым келбеи калды. Эстүу адам — балам көп, мураскорум көп — деп кубанбайт. Каражаак тымый түшкөндө Каргабай коштоп койду.— Уланта бериңиз, байаке!— Айтса ошол, акылдуу адам жолумду жолдорум бар деп каниет кылат. Баланын баары эле жакшы атасын тартып эстүү чыкпайт. Тирүүчүлүктүн кууралы, бар балээси ушунда. Элдин өмүрү уланып, эл эл боюнча турганда, акылман менен эл баштаган баатырдын осуятын тутунары калса — анда ал пенде өмүрүм бекерге өттү дебес. Мен сага ишенип калдым. Далай жолу байкап, чайкап көрдүм. Чынымды айтсам дээриңде бар. Баралыңа келгенде сен менден ашып түшөт окшойсуң. —Оосар сүйлөп койгон жокмунбу деген Каражаак алакан жаябата кылды.— Ыраазымын, ыраазымын, байаке — деп, Каргабай тердеп кетти.— Түбү жаман болбойсуң — деди кобураган Каражаак.— Сокурдун тилегени эки көз. Анын сыңарындай ар ким эле теңирден жакшылык тилейт. Бир топтон бери сизди ээрчип жүрөм. Акылыңызды угуп, карыккан көзүм каныкты. Жакшы тилегиңизге раазымын. Ошентсе да күнөм саноодон кутулайын, берген суроолорума ачыгыраак түшүнүк берсеңер экен: олуячылыктын деле жандырмагы болор.Дилгирлик кылды Каражаак.— Айтып эле берейин. Сен ойлогон олуячылыгымдын өзүнчө сыры бар .Каргабай жактыргандай баш ийкеди:— Уланта бер, байаке.— Адепки сөз Эсенбайдын өзү жөнүндө. Жана анын көзүнчө чындыкты айткандан тайсалдадым. Эски жарааттын картын сыйрыгым келбеди... Анын Жекебаатыр аталганга чейинки тарыхы бир башка. Ошо кезде Эсенбай калайыкка таанымал баатырлардын бири эле. Эр сайышка түшсө эч кимге намыс бербеген, күрөшкөнүн жыккан, келтекчокмор көтөрүп жекеге түшсө — андан алдырбаган эр болчу ал.Чогороктордун эн мыкты уланы Эсенбай ошо боюнча жүрө берсе сан колдун ичинде туу баштаган мыкты кашкаларынын бири болмок. Анын кендирин жанагы мен айткандай катынынын аруулугу кести. Аталары эң мурда бел куда болуп коюшкандыктан он төрт жашар Эсенбай биринчи жолу күйөөлөп барат. Салт боюнча күйөө бала кайындарында айлап жылдап жүрө берет Да. Анда жанагы колукту сөрөйү да көзгө толуп дегендей жетилип калган го.Сөздүн кыскасы он бештеринде кыз боозуйт. Колуктусуна аябай ашык болгон Эсенбай да жөн жатпаса керек. Калыңы төлөнгөндүктөн кыздын кош бойлуулугу анча эрөөн көрүнбөй той болуп, нике кыйылат. Ошентип Эсенбай чүрөктөй сулуу жары менен таттуу өмүр сүрүп жатканда чатак башталат. Мен анда мындан жашыраак элем: угуп, көрүп калдым. Анан калса Эсенбайдын жаш катыны он сегиздерге толгондо — адам көзү тайгылган сулуу чыкты. Акакча мөлтүрөйт: ай десең ай, күн десең күн эле го чиркин. Ошондо кыпчак менен ичкиликтер жоолашты да, эрегиштен эр өлөт болуп, кыпчактардын эркашкасы найза жеп каза болду. Түмөндөгөн көп кыпчактар ичкиликтерди кунга жыкты. Тогуздап төлөнчү кундун ичинде нечен кулкүңү да бар; Күңгө алынуучуларга кошуп Эсенбайдын сулуу катынын кыпчактардын дагы бир башка —эр кашкасына токолдукка кыймак болушат ичкиликтер. Сөздүн ток этер жери: ошондон улам туугандары менен элжуртуна таарынган Эсенбай аялын жетелеп алып тоого сиңип кеткен...— Шумдуктай ишке кириптер болуптур бечара — деди,Каргабай. Каражаак акырын кобурады:— Айта берсе Жекебаатыр башынан кечиргендердин, кызык жактары өтө арбын. Анын баарын кур бекер жобурап баш оорутпайлык. Көпчүлүктүн чечимине каршы турса да Эсенбайдын артынан куугуичу түшкөн жок. Өз кулунун кантсе да жамандыкка кыймак беле эл журт. Болушуп,арачалап койгонго жарабаган тууган уругуна биротоло таарынган Эсенбай ушу күнгө чейин «Жекебаатыр» аталып тооташтын арасында жалгыз үй жашайт. Атаэнеси өлүп,чырактай эки уулунан ажыраганда канчалык кайгырганын болжоп айта албайм. Бирок да жанагинтип кээде баёолук кыла,аржактай күлгөнү менен өтө көк, жеткен кара мүртөз. Көздөгөнүнөн кайтпайт, беттегенин бербейт. Анан калса аюу менен топоздун эти өтө курч келет. Ансыз Жекебаатыр чыдай албайт,/ Аны жеген соң делбектеп ысуулайт. Боз үйдө уктай албастан мөңгүнүн этегиндеги көк музду кучактап жатмай адаты бар. Өзгөчө, жаз кылтыйып, кар эрий баштаган кезде көк муздуу этек аябай коркунучтуу. Нечен жолу ал жерден көчкү жүрүп, далай топоз, жапайы аң апат болгон. Кирген дарыя менен көчкү баатырды аябайт. Акыр бир күнү Жекебаатырды көчкү серпип кетпесе майнеке болон. Анан калса булардын тукумдарынан эч кимиси пайамбар жашына жете жашабайт... Эси чыккансыган Каргабай:— Аялынын күнү эмне болот? — деди.— Айтпадымбы, аялы мен айткан тагдырга туш келет.— Анда катын эл журтуна көчүп кетпей жаны жокпу.— Эсенбай менен айчүрөк аялынын көзү турганда жолотпойбуз деп эл журт касам ичип коюшкан. Ошого жараша жалгыз үй жашоонун өзү деле каргышка калгандык— дешип жайына коюшту Булар көздөрү тирүү турганда элге кошулбай калышты го...— Байкуштар — ай!— Жекебаатыр атаэнеси менен чырактай эки уулу өлгөндө да топурак сала албай калганын айттым беле? Каргабай башын ийкегенде Каражаак дагы кошумчалады. — Ошентип Жекебаатырдын көргөн күнү курусун, үкөм.— Аялынын аюу колдуу болорун кайдан билесиз?— Көзү өтсө эле анын сулуу катынына аюу катылат...— Катылганы кандайча?— Үкөм, шашпай сөздүн төркүнүн түшүнө олтурсан. Аюу катылганда анын катынын мерт кылып таштабайт. Эркек аюу аны өзүнө кадимкидей эле катындыкка ала качат...(Каргабай чын пейлинен тангалды:— Капырай, ошондой да шумдуктар болобу?— Болбогондочу, көргөнүңдөн көрө элегиң көп деген кеп бар. Төрт аяктуу жырткычтардын ичинен аюунун аңдоосу адамдыкына түспөлдөш келет. Айрыкча эркек аюулар сулуу катынга кадимкидей куштар болушат да, колуна тийген ургаачыны, катынча пайдаланган учурлар көп учурайт. Сен буга таң калба. Анан калса КөкСуунун алкымы менен КерегеТаштын арасында аюу деген жаныбарлар батпайт. Эркек аюу далай жолу Эсенбайдын катынын акмалаган. Жекебаатырды бул чөлкөмдүн ээси деп ойлошкондуктан гана катынына катыла элек...— Укмушун кургур...— Эсенбайдын көзү өтсө азыркы сөзүм чын чыгат. Анан аюунун колуна тирүүлөй түшүп берген катын сүйүнмөк беле.— Рас эле, эси чыкканынан да өлбөйбү.— Апбали, эми таптың. Ошондо жүрөгү түшкөн катын өлөт, Бирок өлбөй жашап калгандар да болуптур. Илгери бир кызды аюу ала качып кетсе, ал аюуга биротоло катын болуп берип тынган дейт. Кийин кызды мергенчилер таап алышып,үйүнө алып кетели десе макул болбоптур. «Үңкүр да болсо үйүм, аюу да болсо эрим бар» — деген макал ошондон калган...— Төгүн жерден өрт чыкпайт дегендей, ал сөз бекер жерден айтылбаптыр да...— Ананчы — деп, кубаттады Каражаак. — Берки сурооңду бербейсиңби? — Кайсыл, байаке?— Эсенбайдын балабакырасына тийешең болорун айтпадым беле.— Баса, өзүм да сурайын деп турам. Чын эле аны кандайча түшунсөк?— Кудай буюрса, жакында анын үйүнө мейманчылап келебиз. Локуйган баатыр бизди жаналы калбай сыйлайт. Ошобойдон сен аны менен биротоло насиптеш болуп каласыңд— Болгону элеби?— Кеп башкада, үкөм. Анын өзүнчө сыры бар. Каражаак ойлоно түшкөндө:— Угуп атам — деди Каргабай.— Түшүнсөң не бир баалуу аң терилер Жекебаатырдыкында. Итке темирдин кереги эмне, анын сыңарындай лөк дүнүйөмүлктү кадырлабайт. Өзү айткандай нечен сонун аңдын терилери үйүндө жыдып жаткандыр. Анын бизге мындан бөлөк керектүү жагын туюп ал. — Айта бериңиз...— Өзүң баамдап көрчү, Каргабай. Жанагы катыл ганказынаны бизге Жекебаатырдан бөлөк ким казып берет. Өзү кызык адам, эгер казнаны таап алсак, ал өз энчисинен баштартышы да ыктымал.— Койчу?— Ал байкуш аяктай алтындан көрө, бир чеңгел майлуу этти жакшы көрөт.— Унуткарбай айтып берсеңиз? Чынында анын балдарына менин кандайча тийешем болмокчу?— Эсенбай менен зайыбы экөө бирдей каза тапса балдарына сенден башка ким тээк болот. Таанышкан соң сен Эсенбайдын балдарына сиңишип каласың да. Айтор, башына иш түшкөндө балдар сени өздөрү издеп чыгат же сен аларды издейсиң. Кызын айта албайм, баласы менен еен мындан ары тагдырлашсың. Бирде сен анын керегине жарасаң, кээде ал сенин керегине жарайт. Келесоо адам гана өнөрлүү жигитти колдон чыгарат...— Бар болгон өнөрү жөөк күлүктүк экен. Мен аны эмне,чабышка салмак белем? Андан атасын тарткан баатыр чыкпайт дедиңиз го..— Ап бали, сөздүн талуу жеринен баштадың! — Каражаак купшуңдады. — Андай болсо кептин талуу жеринен улантсаңыз экен,байаке? — Эркек-аялдың сын сыпаты менен кулкмүнөзүн алардын кулакбашына карай опоңой ажыратууга болот. Кыраакы сынчыга өзгөчө адамдын кулагы баарынан кабар берет.Кулак көзүңө биринчи урунат, анан ал сага ал адамдын сырын биротоло ачып таштайт. Мисалы: эшек кулак, башы чоң бойлуу адамдан анча акыл чыкпайт да, аңгөөдөк келет;кара күчү таш жарган, булчуң эти буркуйган балбан баатыр болор. Бирок андайлар алды эл бийлей алышпайт. Андайлар— атсаң бирөөнүн колундагы жаа, чапса — кылычы, урса —кестиги. Ага окшогон баатырларды алдаш, жазгырыш анча кыйын эмес. Эгерде башы чоң баатырдын кулагы кичине,ээрди жука, манчалары узун, аялдыкындай сулуу болсо, ал эч жанга алдырбайт. Андай баатыры бар элдин бактысы тоодой.Ал баатыр нечен татаал жолдордо өз башын гана куткарып калбастан, элин да сактай алат. Эрлердин буга окшогон сыпатын айта берсе сөз түгөнбөйт дечи! Байкадыңбы, Жекебаатырдын кулагын?— Жалган айтып не керек, байкай албадым — деди,Каргабай. — Байкабаганыңа өкүнөм, үкөм. Анын бүткөн бою, келбети накта эле баатырдыкы. Суктанып да, таңгалып да отурдум мен.Ошого жараша кулагынын кичинелиги, эрдинин жукалыгыжакты мага. Көпчүлүктөн эртерээк бөлүнүп кетпегенде —калайыкка таанымал баатыр чыкмак. Элинин туусу — эркашка болмок ал. Адамдар менен такыр бет келишпей калган айыбы, болбосо д"агы эле аны ээрчимек. Көп нерсеге көзү жетип турбайбы. Мындай эрдин тукумуругун катынынын жатыны бузат. Катыны гана жарашпай калган кайран эрге.— Капырай, анын катынын көрбөй туруп да сынайсызбы? — Сулуу катындан эгерим баатыр уул туулбайт. Илгери бир жолу Жекебаатырдын катынына кокусунан көз кырымды салдым. Анда мен жалгыз келаткам. КараМыктан төмөн,КөкСууга жетер жетпеген булакчанын көлмөсүндө киринип жатыптыр аял. Кудай өзү кечирсин, байкоосуздан колоттун кырына чыга берип, жылаңач перини көрүп артка тарттым да атымды эчки талга аса байлап коюп кайра келдим Ээн кокту,булак бойлой кыпкызыл тал өскөн жапсар. Аял камырабайт. Үч жашар уулу жанында болчу. Жалгыз тигилген боз үй коктунун алкымында экен. Аппак денесин шакар менен көбүртүп, кайра барып көлмөгө узунан жата калат. Анын денесинин сулуулугун быякка кой. Андан көрө аялдын турпатынын мага жакпаган жактарын айтып берейин. Кулагы өтө эле кичинекей, оймок ооз экен. Шылып таштагансып төшүндө эмчек деген неме ныпым жок. Шүдүңгүттүкүндөй куйругу да чыкпай, башы кичинекей алма баш. Негизи, ал жерде көп деле аярлаган жокмун, кудай алдында актанайын,мен ага аял катары кызыкпадым. Жекебаатырдын катынын сындап, анын тукумуна сын бермекчи болдум. Буга чейин эл безер баатырдын өзүн көрбөгөм. Сыртынан уккам. Мына азыр эрдикатынды айкалыштырып коюп сынап жатам.Баатыр тууй турган катындын куйругу менен кулагы чоңболотлАнан калса оймок ооз катындын жатыны анча кубаттуу болбосун билип жүр. Дегинкиси, катынына жараша Жекебаатырдын тукуму шайкелең чыкпайт. Кызы ашкан сулуу чыгарын атасын көрүп айтып жатам. Көп учурда сулуулук кыздын бактысын ачпай, кайра анын шору болупкалат. Тогуз жашар уулу атасынча москоол, баатыр болбогону менен, өтө чыйрак, шамдагай жана эр жүрөк чыгары анык. Билгиң келсе баатырдык карууда эмес, ал жүрөктө. Жүрөгүндө оту, башында акылы жетик адам элбаштайт. Ошондой эле, аялдын кулагына карата алардын миң бир түрдүү кыял жоругун айтып берер элем. Аялдагы жылуулук шайкелеңдик, сулуулук, карылыкка окшогон белгини бүт бойдон кулагы айтып коёт. Өзүн канчалык жаш,сулуу сезген аялдын кулагы — баарын ашкерелеп тыштайт. Мисалы, бир эле белги: аялдагы карылык анын кулагынын түбүндөгү тырыштан башталат. Андыктан эстүү аял оңойменен бөтөн кишиге кулагын көрсөтпөйт.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 02 Март 2016 - 18:36



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 00:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ушу жерден алдыларынан чакан айыл жолуккандыктан Каражаак алаксый түшкөн эле. Алар айылды четтей өтүп баратышканда Каргабай сөздүн аягын уккусу келгендей акырын сурап койду:— Улай бериңиз!Каражаак бир топко чейие унчукпай бастырган боюнча:— Несин айтайын. Деген менен эл безерге бүгүн жолукканыбыз сонун болду. Локуйган дөө жанагы катылган казнаны өзү казып берет бизге; — Ал кокусунан мурдагы оюн кайталады. Сапарлашынын кыял жоругун бүт бойдон алтынкүмүш ээлеп алганын түшүнгөн Каргабай башка суроо салган жок. Ошо боюнча алар аттардын жонунан ысык тер чыгып, түш оогончо унчугушпай бастырышкан. Бул сапарКаргабай үчүн эмнегедир өз тагдыры, келечеги ачык көрүнгөндөй алдыдагы бүдөмүк дүйнө аны кандайдыр жүрөкзаада кылып жаткансыды. Эми кокусунан унчукту Каражаак:— Ат — адамдын канаты. Ат сыйлаган жөө калбайт деп кыргыз бекеринен айтыптырбы. .. Касиеттуү Камбар атанын тукумусуз, адам баласы боору менен сойлоп жүргөн жыландын өзү болмокпуз. Аттардын бели талыды. Ыңгайлуужер карай жүр. Бир азга аттарды тыныктырып, өзүбүз да түштөнөлүк. Ага чейин сенин өз керт башың жөнүндө айтарым бар...Чоочугандай жалт караган Каргабай:— Кантип? — деди.— Бир жакшы өнөрүң бар. Ошону кут катары тутуп,урматтай жүр — деп эскертким келет. Кыргыз ичинде куранды шатырата окуп, колуна калем кармагандар аз. Илгертеден, падышага баш ийип, ордо күткөн ортолук казнасы бар элде —калемдин касиетин ыйык көрүшкөн. Калемчилер падыша сарайынын куту. Ыйык курандын өзү да биздей урпактарга —калемдин касиети аркылуу жетип отурат го. Не бир даанышман дегендин нуска сөзү калемдин касиети менен ак кагаздын бетине түшкөндө гана асманды көздөй оболоп канатсермеген кушча жандана түшөт. Кагаз бетине түшпөгөн накыл канчалык таамай, күчтүү айтылса да, акыры ал унутулат,эскирет. Оттук таштын кичинекей жылт эткен учкунунан коломтодогу от күйөт. Ал тургай учкундан өрт чыгат.Калемдин сыйкыры да ошого барабар. Калемдин сыйкырынан үзүр көрүү — сенин энчиңе туш келиптир, үкөм. Ошондуктан мыкты өнөрүң бар экенин биле жүр. Сен найза суна, кылыч көтөрүп, баатырлык кыла албайсың. Өз тулку боюңдагы күчкасиетиң бүт калемге сиңип кеткен.у Демек, сенин кайратың калемде. Бирок төрдө отуруп сопулукка жарабайсың. Соодагерчилик гана жарашат сага. Калемдин сырын билгендиктин өзү эле — байлыктын башаты эмеспи. Мен билген мыкты соодагердин баары — калем кармай билишкен. Калемчи мусулманга орусубу же чиниби, айтор,капырлардын кимисинин тилинде сүйлөсө да күнөө катары эсептелбейт. Соодагер адам дини бөтөн элдин тилин үйрөнүп алса, өнөр үстүнө өнөр кошулганы. Калемдин күчүнө —падышалардын падышасы Чынгыш хан да акыры келип ишенген. Падышачылык кылып, элди башкаруунун жол жобосун калемдин касиети аркылуу кагазга түшүрткөн ал.— Падышалардын ичинен калемди өзгөчө жогору койгон— Султан Бабыр эмеспи...Каргабайдын айтканын тамашага айлантты Каражаак:— Кулкулдабатты го билесиң, бирок туруптуруп сийесиң дегендей, калемдин касиетин өзүң жакшы туюп туруп, анда эмнеликтен кумарга оодуң< Куранды шатырата окуп, колуна калем алгандардын кимиси кумарга алданыптыр? — Байаке, — деди шайы оогонсуган Каргабай — аны экинчи колго алгыс болдум го. Ошо капырды унуталыкчы. ..— Соодагердин дагы бир анты бар. Ал атасына да сыр ачпайт...— Сиз мага далай сыр айттыңыз окшойт. Каражаак тигини зекиди:— Мен сага сыр айта элекмин. Акыл айтып жатам, Качан мен өлүп баратканда кокус жанымда турсаң, мүмкүн сыр айтууга үлгүрөрмүн. Ага чейин ашыкпа.Алар жалгыз түп жаңгактын жанына келип токтогондо сөзү зүлдү. Бирөөлөрдүн тагдырын алдын ала айтып,маңдайындагы жазууну дароо окуган Абдрахман көпөс, дагы бир жылга жетпей өзүнүн да ичер суусу бүтөрүн ушу тапта билген жок. Көзү ачык жолдошу ошондой капилет өлүмгө туш болот деп Каргабайдын да капарына келбеди. Ошоңу менен Абдрахман Каражаактын өлүмү Каргабайдын тагдырын таптакыр башка жакка буруп ийди...

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 00:20



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 00:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Казына катылган жердеги көрүстөнгө ал үчөө жайдын капортосу ченде, эл журт толук жайлоого көчүп кетишкен кезде келишкен. Ээн талаа, эрме чөл. Кыбыр эткен тирүү жан жоктой, какшыган аптап жаныңды коёрго жер таптырчудайэмес. Каражаак Абдрахман менен Каргабай өтө эле жупуну кийинишкендей сыяктанса да коюн кончу толтура куралжарак. Андан бөлөк куржунга арта келген шаймандар, керкичот,балта менен учуна темир кийгизилген эски буурусундун уңгусунан тартып, кетменкүрөккө чейин Эсенбай —Жекебаатыр артынып жүрөт. Алар түнү бою тыныккан болушуп, ишке эртеси таң, агарып келатканда киришкен эле.Жумуштун жайын дароо түшүнгөндүктөн эч кандай суроо салбастан Жекебаатыр дулдуңдап иштеп жатат. Анын каракүчү тоону томкорчудай эле бар экен. Баш көтөрбөй боз топуракты челип ыргыткан Эсенбай бир маалда бел курчоосунан келгенде эски мүрзөнүн чарасына туш болду.Чаранын оозу жыш кургак арча менен тосулуп, үстүнө чым коюлгандыктан мүрзө эгерим түшпөөчүдөй. Тизилген арчаны четинен алып жаткан Эсенбайдан көзү өткөн Каргабай шатырата куран окууда. Таң атып калгандыктан, оңурайган чарадан ары көр ичине күндүн нуру куюлуп, жарык толо түшкөндө үрөй учурган качанкы көмүлгөн адамдын сүлдөрү:чачылган сөөксагынан башка көр ичинде эч нерсе жоктой.л.Бир аз туруп калган Эсенбайга буйруду Каражаак:— Түш ичкери.— Батпайм мунун оозунан.— Андай болсо оозун кеңейтпей жаның жокпу — деди,ачууланган Каражаак.Өйдө карабаган Эсенбай иштеп кирди. Бери жакта тургандар эми мүрзө ичин даана көрүштү.— Түш — деди, чыдамы кеткен Каражаак. Каражаактын буйругуна дың дебей моюн сунган Эсенбай шап эте кирип барса, көрдүн ичи ал ойлогондой эмес аябай кенен экен. Дөөдөй эме мандаш уруна отурганына карабастан төбөсү көрдүн шыбына тийер тийбестей... — Эй, эмнеге локуюп отуруп алдың? — деди, жинденген Каражаак. — Издебейсиңби? Эсенбай ошо отурган калыбынан жазбастан күңкүлдөдү: — Казына белен тургансып кекетет кишини. Сен айткан кумура кумура алтын тургай балээ жок быякта. Бирок мен бир кызыкты көрүп турам.Каражаак чыдамсыздандьц— Эмне болгон кызык экен ал?— Мына бу менин жанымдагы арбактын сөөгүн карачы?— Көзү жок киши бар бекен мында. Көрүп турам аныңды!— Абдрахман аке, көргөнүңдөн көрө элегиң көп тура.Кызыктар көрдүн төмөнкү бурч жагында жатыптыр...Каражаак эңкее берди:— Деги баш катырбай айтчы, ал кандай кызык?Мөөрөйу колуна тийгенсиген Эсенбай колун жаңсады:— Карачы, дагы төрт арбактын сөөгу катар жатат. Абдрахман бир топко унчукпай карап туруп сүйүнгөндөй: — Көрдүм, көрдүм — деп кыйкырып жиберди.— Көрсөң ошол. Андан бөлөк эч нерсе сезилбейт. Бир жолку казатта апат болгон эр жигиттер катар коюлган мүрзө турбайбы. Шейиттердин кийим кечесин сыйрып алганга да үлгүрүшпөптүр. — Ыя, ошондой бекен?Каражаактын чоочуганына маани бербеген Эсенбай:— Кайран эрлер! — деп, капылет кейиди. Абдрахман эми чындап сүйүндү:— Анда эле кудай бериптир бизге. Жакшылап кара эки жагыңды. Казына сөзсүз ушул көрдүн ичине катылган.— Жайнаган куу сөөктөн башка эч нерсе жок десе,ишенбейт. Эсенбайдын баёо жоругуна Абдрахман эми өзүнчө кейиди:— Алтын катылган казына ушул көрдүн ичинде деп жатам, байкушум. Урган, аны жакшылап издегенге жарабадың. Итке темирдин кереги змне. Айтса, сен аны жемек белең... — Адилет сөздө айып жок. Сиз айткандай алтындын мага кереги эмне? Аны үйүмө белендеп алып келип берсе даалбайм. — Эсенбай чынын айтты. — Баса, казына ушул жерде экенин кайдан билесиз? Тим эле өзүңүз каткансып сүйлөдүңузго Каражаак оюн бышыктады:— Угуп турчу, түшүндүрөйүн. Казына катканы келгендер элден мурда төрт жигитке эски мүрзөнү ачтырган. Анан алтынкүмүштү каттырган соң өздөрүн ушул көрдүн ичинде жайлап туруп чыга беришкен да. Казына ээлери бир бирине өтө ишенген адамдар экени көрүнүп турат.— Э койчу! —. Эсенбай дагы эле ишене бербеди. Каражаак тигини кайрадан зекиди:— Изде дейм, эми тезирээк. Бөтөн бирөөлөрдүн көзүнө чалдыгабыз. — Эчтеке жок десе болбойт. Же мен катып алыптырмынбы. — Кадимкидей тырчыды Жекебаатыр. — Алтын издеген адам акыры бир балээге туш болот дечи эле атам раматылык. Кайдан келдим бу сааткы жайга...— Сени катып алды деп жаткан жерим жок. — Каражаак элдешкендей сүйлөдү. — Казына ушул эле жерге катылганын сезип турам.Эсенбай таарынгандайл— Андай экен келип өзүнүз издеңиз...— Бери чык! — деди жини келген Каражаак. — Расайтасың, мен өзүм кирбесем сенин колуңдан келбейт. Таппасам майнеке болоюн.Казына каткан адамдар айбанбекен. Алардын айлаамалын мен түшүндүм...

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 00:27



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 00:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кебелбеген Эсенбай көрдөн суурулуп чыга келгенде,сойлогон жылаанча добуш чыгарбаган Каражаак көргө кирип барып, айланасын тооруй тиктеген бойдон чоттун уңгусу менен ар кайсы жерде ургулай далайга чейин акмалап турду.Берки экөө сыйкырдап жаткансыган Абдрахмандан көздөрүн албай дымып калышкан эле. Көздөрү алая, арбашып жаткансыган анын эч ким менен иши жоктой. Чоттун уңгусу тийген сайын алда качан таштай каткан жерден кезеккезегинде туңгуюк ачык добуш чыга калат. Бир кезде кыбыланы карай жаткан арбактын сөөгүнүн баш жагындагы жерди аярлай тыңшап, кулак тосот да, анан ортону менен черткилеген боло токтой калды. — Ыя Алла, кеп ушунда экен, — деди сүйүнө. Чыны менен ошо жерде оро сыяктуу боштук бар сыяктанды.Чот урунган сайын добуш анча даана чыкпай калып жатты. Эми өтө аярлаган Каражаак ал жерди акырын казып кирди. Адепки катуу топурак барган сайын борпоңдоп, анан бир топтон кийин чоттун уңгусу ташка тийгендей каңк этти.— Ыя, кудай буюрса таптым көрүнөт. — Терин шыпырган Каражаактын далысы калтырап жаткан эле. Кызыга түшкөн берки экөө көргө башын созгондо Каражаак зекиди:— Жарыкты тоспой арыраак тургула.Эми ал шашпай кайрадан таштын тегерегин казып кирди.Таш тегерек жана жалпак болчу. Каражаак таштын четинен эки колдой кармап аны өзүн көздөй оодара албай жатканда:— Мен түшөйүн — деди Эсенбай. Макул болду Каражаак:— Кел сен түшпөсөң алым келчүдөй эмес.Түшүп келген Эсенбай жалпак ташты бир эле колу менен оодарып таштаганда, арытан чоң оро сыяктуу жай көрүндү. Ичи караңгыраак, анча жакшы көрүнбөйт Акырындай кез караңгылыкка көнүп, саал башын созо орону караганАбдрахман: — Бар экен! — деп сүйүнгөнүнөн ыйлап жибере жаздады. Жээлигип алган Эсенбай:— Оозу тар тура, кеңейтейинби? — деди. Тийбе дегендей башын чайкаган Каражаак:— Бисмилла, — деп өзү секирип кирди орго. Казына салынган карапа кумаранын оозу ылай менен шыбальгп, анан гана капкактары жабылганын көргөн Абдрахман негедир кебелбейт. Бирөө тоголонуп жаткан болчу. Андан төгүлгөн алтын дилдени тишке алып чайнамыш болгон Каражаак анан эреркей Эсенбайга карады:— Кана, сыртка чыгып тартып ал бирден...Ал өзү араң көтөргөн кумараларды бирден берип, төртүнчү төгүлүп жатканын Эсенбайдын колуна карматкан соң өзү кошо чыкты да, көрдүн оозунан башын созгон боюнча:— Кана, тартып ал — деп, колун созду Каргабайга. Сыртка туруп акыркы төртүнчү кумараны Эсенбайдын колунан алып жерге койгон Абдрахман кумара оозунан күнгө чагылышкан сары алтынды чеңгелдей улам сапырып коюп эреркей сүйлөп жатты:— Оо, жараткан! Берейин деген кулуна, белен кылат жолуна деген ушул. Карачы, үнүңдөн айланайын, өңүңдөн кагылайын. Буйруган да акыры өзүбүзгө. Бул казна, бир ордо элдин байлыгы. Карачы тазалыгын, тунуктугун. ..Сүйүнөрүн же ыйларын билбей делөөрсүгөн Каргабай катып калгансып кыймылсыз. Ушу жерден селт эткен Каражаак:— Ия, иттики десе, төгүлгөн дилделерди албай баса берген турбайынбы. Каргабай сен эки жагыңды акмалай турчу, мен терип келе калайын калган алтындарды. Таштап кетсек анын кусуру урар бизди — деп, желпинген бойдон кайра көргө кирип кеткен эле.Бир кезде ал чачылган алтындарды чогултуп алып арбактардын куу сөөгүнүн жанына чыгып келип аярлай калганда, кандайдыр белгисиз шыбыш чыга муздак нерсе мойнуна ороло түшкөндөй болду. Көрдөн башын созо кыйкырып жиберди ал:— Жылас алгырдыкы ай, жылас алгырдыкы! Жылаанбы,мына бул балакет? — Абдрахман мойнуна жабышкан эмени оңколу менен апчып апчып алганда агыш бозомтук ичке жылан кайра кердү көздөй алеки заматта кирип кетти.— Чын эле жылан экен, чагып алган жокпу? — Каргабай бүшүркөдү Карагылачы? Эсенбай тигинин алкымындагы кичине кан чыккан жерди көруп: — Атаң көрү, чагып алыптыр, уусу тарай электе кесип ыргытайын — деп, ал шамшарын сууруп чыкканда Абдрахман кетенчиктеди: — Ой урган, токто, күрөө тамырды кесесиң. Андан көрө соруп ташта.Эсенбай тарткынчыктады: — Соргондо жыландын уусу шилекей менен тамакка кетсе адам өлүп калбайбы. Каражаак кекетти:— Мунун жанынын таттуусун.— Адамда кара-жандан башка кандай байлык болмок.Жан ар кимдин өзүнө керек.— Мен сором, байаке! Дилгирлик кылган Каргабай анын алкымына эрдин акырын тийгизип жаңыдан соро баштаганда, кайдандыр жакын эле жерден ит улуп жиберди .Селт эткен Абдрахман:— Атаң көрү ай, ушул алтындар мага буюрбай калган сыяктанат. Каргабай акмалачы? Быякка эч ким келбеш керек эле. Кайсы сааткысы бул? — деп, баягы оозу ачык кумарадагы алтындан эки жолу чеңгелдеп калтасына салды.Кайра келген Каргабай бүшүркөдү:— Эч кандай дарек чыкпайт. Айлана тыптынч эле. Оор үшкүрүнө Абдрахман тамагын кармаган бойдон.— Уу тарап кетиптир, тамагым шиший баштады. Жанагы жөн жылан дейсиңерби. Казынанын ээси ошол, Казына катылган жерде жылан сөзсүз болот. Мына бул улуган ит бекен? Ал дагы казына ээси. Адеп келгенде мал мууздап, түлөө кылганга жарабаптырбыз да. Мейли эми, болор ишболду. Анда мени уккула: Эсенбай, сен казынаны куржундарга салып тезирээк жөнө үйүңө. Барарың менен бир мерчемдүү жерге катып ташта алтындарды. Аманчылык болуп жүз көрүшсөк бөлүшөбүз. Казынаны жакшылап бекиткенден кийин кайра кел да, бир серкени мууздап,арбактардын жанына таштап туруп, кайра аны мурдагысындай кылып көөмп кой...— А силерчи? — деди сөзгө анча маани бербеген Эсенбай. Абдрахман шашылды:— Менин ахвалымды көрбөй турасыңбы... О, төмөнтө Дербиш деген табып бар. Ошого эптеп жетип тукүртпөсөм соо калбайм. Кана, анда салгыла куржундарга. Тезтез, болгула...,Куржунду артынган Эсенбай бастыра бергенде Каражаак кыйкырып калды.— Ой Жекебаатыр, сак бол. Алдагы аманат дүнүйө жоголсо,тим эле жаныңды алам. Уктуңбу?Артына кылчайбастан ал зоңк этти:— Көп эле кам санаба! Бир дагы жанга жигин билгизбейм. Эсенбай эми кокусунан тизгин жыя артына кылчайды.— Каргабай үкөм, кокус Абдрахман акең каза болсо, өзүң кел, жалгыз кел, меникине, казына бүт бойдон өзүңкү. Олжого туйтунасың. Кыргызда сенден ашкан бай, ардактуу адам болбойт анда. Кебелбей бастырып бараткан Эсенбайды жек көрө сүйлөдүКаражаак: — Локуйган айбан, тилеги жаман го. Менин өлөрүмдү туйду капыр. Тарт аттарды үкөм

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 00:35



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 00:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ушу кезде Абдрахмандын тамагы ысып, шишип чыккан болучу. Кош атчан төмөн жактагы көгөргөн көк жайыкты көздөй жаңыдан ат тизгинин коё берерде мурзө арасынан кайрадан улуган иттин үнү чыкты да, жалт караган Каргабайдын көзүнө былтыркыдй ак селдечен сөлөкөт карап тургансыды. Ошо бойдон алар да артка кылчайбастан чаап жөнөшкөнч..Абдрахман Каражаактын тарыхын ушу жерден үзөлүк. Анын өлумун сүрөттөп отуруунун кажети жоктур. Анткени,жаш карыбы акыры карабашыл адамдын өмүрүн шум өлүм бир күнү кыят дечи, Өлүмгө туш келген тагдырлар канчалык көп жана ар башка көрүнгөнү менен акыры келип эле өлүмдүн баары бири бирине коёндой окшош. Себеп дегенде: өлүм тузагына илингендердин кимиси болбосун адегенде эле жарык дүйнө менен кош айтыша кареги күн нуруна чагылышпай биротоло тунарат, өчөт. Дербиш табыптыкына жеткенче атта өз бетинче жүрө албай Абдрахмандын шайы ооду. Тамагы биротоло шишип, жыландын уусу жүрөгүнө,мээсине өтүп кеткендиктен ал заматтын ортосунда тилден калып, эки колу менен төшүн тыткылай башын муштагылап жатты.Канча байлыгы: жиги чыкпай катылган көп алтынкүмүшү эч кимге буйрубай кайып болуп, жер соргонуна ичи күйгөндүктөн жана да акыркы керезин; сырын айта албай кетип жатканына өкүгеуп баратты окшойт кайран киши. Кези келгенде кара жанды карч уруна жыйган баилык мүлку шинтип көз ачьга жумганча бир көрүнгөн заакымча жок болот экен да. Айласы түгөнгөн Каргабай биринчи эле кездешкен айылга ат тизгинин. бурган. Бешим ченде жүрүп кете берди АбдрахманКаражаак. Ошондо бир асыл адамдан,акылдуу адамдан айрылганын билген Каргабай катуу катуу эчкире ыйлап алган эле. Абдрахмандын сөөгүн коюуга алаксыган Каргабай боз кыроо түшкөнгө чейин анын айлынан чыга алган жок. Көпөстүн бала бакырасы, тууган уругу анын кайтыш болгонуна кайгырган болушса да, алтын күмүшүнүн кайда катылганын биле албай ичтеринен кан өтүп жаткан. Бир болсо Каргабай билет дешти алар. Эч кандай керезин, сырын укпагандыгы туурасында чын дилинен айтса да, ага көп ишене беришкен жок. Бар кордугу тигилер Каргабайдын артьшан акмалап калгандыгында эле. Муну сезген жигиттин өзү да салт бастырып кеткенге шашкан жок Кеч. күздө ганаал Абдрахмандын чоң үйүнөн, туугандарыныкынан аттанып чыгарда тигилерди биротоло түнүлтүш үчүн куранды кармап касам ичти. Абдрахман көпөс өлүм алдында эч кандай сыр ачпагандыгын айтты. Сыр ачууга, керез айтууга үлгүрбөй кеткенине туугандары ишенип, а бир даары ишенбей турганын да түшүндү Каргабай. Андыктан бул жылы Эсенбайды издеп чыгууну санаасынан таптакыр чыгарып тыштаган эле. Ошону менен кышы бою атасынын жанынан чыккан жок. Экинчи жылы гана тың ат минип КөкСууну карай жалгыз жөнөдү да, өткөн жылкы конушунан Эсенбайды табаалбай аябай кейиген. Кайтып келатып эски көрүстөнгө кайрылса, баягы казына катылган мүрзө мурдагысындай эле чочоюп сыр бербей турат. Эси чыккансыган ал атына камчы уруп жөнөй берерде эки жагын элеңдей карай берип, эч кандай аян көрбөгөнүнө сүйүндү. Ошо бойдон тынч жатып оокат кылууга мойну жар бербеген эме «кыз карактамай» эски кесибине кайрадан баш оту менен кирип кетти да, бул кесиптин сааткысынан аз жерден жантаксым болуп кала жаздаган. Сулуу кыздар ким колдуу болуп жатканын акыры билгендиктен Анжыян базарынан кармап, аны таш бараңгаалмак экен. Кабарды убагында жеткиришип, жигиттин бул чөлкөмдөн баш оту менен кетишин эскертишкен ,санаалаштары. Жалгыз атчан Каргабай атасынын үйүнө көз байланганда келип түштү. Кайда барып, кимди караан тутарына дегенде билген жок жигит.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 00:44



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 00:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Түн. Көөдөй караңгы түн. Коломтодогу арчанын жалгыз чычаласы боз үйдүн ичине анча деле жарык бербей, туурдугу чүмкөлбөгөн түндүктөн нары жылдыз аттуу көрүнбөйт, асманды кара булут каптап турат. Жайдын салкын, мындай жумшак түнүндө асман түнөрүп, кара булут канча чулгаса да жамгыр тамчылабайт. Бирок айлана тымып, ыйлагысы келип турса да, Каргабай абалын атасына сездирбөөнүн айласын кыла, башы салаңдай өзүн карманган, чыдаган болот. Баятан бери үн катпай отурган атасы Күчүк каплеттен:— Ушундайбы? — деп, койду.Каргабай мелтиреген бойдон жер тиктейт. Башынан кечирген кылмышын атасына төкпөй чачпай айтып берди.Эми, эмне демекчи? Кошумчалар деле эч нерсе калган жок. Быяктан башка жакка ооп кетпесе, талпагы ташка жайылары анык. Коштошор алдында атасынын бир эки ооз кеңеши,батасы керек. Боз уйдүн ичинде экөөнөн башка эч жан жок эле. Уулу туш болгон тозокту Күчүк деле түшүнүп турат дечи, бирок тунжураганына караганда бир айла издеп жаткан түрү бар...Күчүк уулунан акырын сурап койду.— Эми эмне кылмакчысың? — Силерге коштошкону гана кайрылдым — деп, тымый түштү. — Биротоло безбесем болбойт. Быякта жашырынып жургөндө деле акыры дайнымды билип алышат; Силерге залакам тийбесин, кетейин ата. Ак батаңызды бериңиз...— Батадан мурда кайда. кетериңди айтчы?— Ала-Тоонун коюн колтугу азбы? Иши кылып башкалкалар жер, элжурт табылар.— Журттун да журту бар. Эми жакшылап мени тыңшап,менин акылыма көн.— Угайын — деп, дилгирлик кылды Каргабай.— Тагайбийдин тун уулу — Богорстон. Богорстондон —Эштек. Эштектен Солто тарайт. Солтонун тукумдары көп, алар түптүү журт. Солтолор башынан эле кең Чүйдү мекендешчү. Анжыян тарапта бир азыраак солтолор жүрөт. Алар негизинен Талкандын тукумдары. Талкандын атасы —Чаа. Солтону Солто кылып элжуртка тааныткан кайран баатыр Чаа тууганыбыз эле. Чаанын мыкты чыгаан уулдарынын бири Талкан кечээ кыргызды калмак басканда ,калмак эзгенде — тукум уругу менен биз жакка, Анжыян тарапка ооп келип баш калкалаган. Кайран Талкандын сөөгү Анжыянда калды. Талкандын сөөгүн кыйгысы келбеген бираз тукумдары, жана мен айткандай, жүрөт азыр да быякта.Ушу күндө солтолор СарыӨзөндөн калмактарды биротоло кууп чыкты деп уктум. Эмнеликтен сөздү Солтодон баштаганымды анан түшүнөсүң.Тагай бийдин экинчи уулу — Койлон. Койлондон кооз Жедигер биз тарайбыз. Жедигерлер бүт бойдон Анжыяндын жака белинде. Тагай бийдин үчүнчү уулу — Кылжыр. Дегиэле, түпкү атабыз Тагайдын он эки уулу болгон. Кылжырдан кийинкилери: Ороз (Карачоро), Саяк, Азык, Черик болуп уланып кете берет. Тагай — бийдин Жедигерден башка тукумдары бүт бойдон КанТоонун койнун мекендейт. Буларды айтып жатканымдын өзүнчө жөнү бар. Аякка барганда кайсы тууганыңды баш паанек кыласың? Кан — Тоолук туугандарыңдын баары эле жоокерчилик турмушка көнөтүшкөн. Жоолашып, сайышып, душман көргөнүнө найза сунбай жашай алышпайт. Кочкор, Жумгал, Кабак, Суусамыр, КетменТөбөнү жердеген көп саяктын ичинен ушу күндө АлаКөзКабанын тукумдарынан — Качыке менен эр Садыр мыкты чыкты деп уктум. Жортуулга чыгып жолу болбосо, кылычын шилтерге киши таппагандай эр Садыр үйүндө тынч байыр алып отура албайт экен. Аны туугансып барып, эрСадырга кошула кылыч чабыша аласыңбы? Ал сенин колуңдан келбейт. Эр Садыр сага окшогон сопуну эмне кылат. Аякта сен уурдоочу сарттын кыздары жок.— Ата, мен эми мындан ары тынч өмүр сүргүм келет.— Ушул жоокерчилик заманда тынч өмүр сүргөн ким барэкен? — деп кейиди Күчүк. — Андан көрө жаныңа калка,башыңды коргогонго көмөктөш тууган изде. Барсаң Солтонун тукумдары сени батыра алат. Эч кимиси өгөйлөбөй күтүп алганга жарайт. Бирок, солтолор да өздөрүнө этектеш жашаган казакка тынчтык бербей, андан ары калмактардын артынан саякууп жүрүшбт дейт. Солтонун ичиндеги эр Кошойдун уулу Момокондун кылычынан кан тамса, Конурбайдын уулу Жайыл — баатырдын жаны жай албаганын уктум. Анан калса баатырлыгына жараша Момокондун кыялы аябай терс экен. Агасы Жамансартка тили тийгендиктен эки бир тууган ушу кезге чейин жүз көрүшпөй жүргөнүн кеп. кылышат.Момоконду караан тутканда да аны менен жуурулушуп тең ата боло албассың. Тили тийсе, андан кагуу жесең, жалгыздыгыңды эстеп арманың күчөйт. Ошондо күйбөгөн жериң күл болбойбу...

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 00:50



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 00:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Аларга мен тең тууганмын да. Эмнеден чоочулайт элем. Жалгыз тууганын батыра алышпаса эмнеси эл. Бара берем Солто туугандарыма. Ошол калың элге бир кара башым батаар...— Шашылба — деди Күчүк. — Айттым го башында,туугандын да тууганы бар. Анын үстүнө арабыздын ажырап калганына сан жылдар өттү. Сенин таянар тооң, караан тутарың бөлөк Ал Сарбагыштан чыккан Түлкү баатырдын уулу — эр Тынай. Жашынан жетим калып азапты көп тарткан адам. Баатырлыгын айтпаганда да: акылдуулугу, адамкерчилиги жагынан алдына не бир мыктымын деген көйкашкаларды чыгарбайт. Жаштайынан азаптозокту көп тарткан адам боорукер келет. Андан башка эр Тынайдын өзүнүн да дээринде бар дечи. Жаштайынан жетимдиктин азабын тартса, эр жеткен соң калмактар менен салгылашып нечен тозокту көрдү. Качып барбаган жери, башпаанек кылбаган эли калбагандыр. Биз жакта, Анжыянда да өмүрүнүн көбүн өткөргөн ал. Анда колдон келген жардамыбызды биз дасы аябадык. Үстүнө үй тиксек, жээрине согумубузду аябадык. Аштык айдайм деп, кара жердин бетин чийгенде себерге үрөөн бердик. Арыгын чабышып, орогун оруштук. Өзүнүн мыктылыгы менен баарыбызды алып,алынып да кеткен. Кечээ калмактарды КанТоодон кууганда: Бердике берен, эр Солтоной, Коңурбай Жошой, Нышаа баатырларга кошулуп кыргызга зор эмгек өтөдү. Айттым го,эрдигине жараша акылынын тунуктугунан аркалык сан кыргызын туу башчысы болууга жарады. Азыр эр Тынай Кемин жайлап, Сары Өзөндөн орун очок алып, түбү бекем .Билип ал: ушул азыр да Чүйдө сарбагыштар аз. Ошого карабастан азгантозгон айрым аз урук элди тегерегине жыйып: Тынай — бий атала күтүрөп отурат. Кудай жалгап башына бакдөөлөт конуп, уулдары Атаке менен Сатыбалдыда мыкты чыгыптыр. — Курама жыйып эл кылган, кулдарды өзүнө бел кылган — эр Тынайга гана батасың. Барсаң, эстүү чыккан уулу Атаке сени ини кылып алар. Иничиликтен, тууганчылыктаи мурда да эр Тынай сага тага. Энең анын жакын карындашы. Анжыянга ооп келген он төрт жашар кыз эле. Нике кыйып дегендей буйрук экен мага тийди. Жердин алыстыгы: катыша албай, кабарлаша албай жүрөбүз. Кирип барсаң койнун ачат, кор кылбайт. Бөтөн бирөөлөрдөн запкы чекпессиң. Сен дагы ак пейлиңди салып тууганым десе тууган бол, жээнсиң десе жээндик жолуңду кыл. Неси болсо да эр Тынайды караан тут. Кантейин, мага топурак сала албай калдың. Сен экөөбүз мындан ары атабала катары көрүшпөспуз .Күчүк жашып кетти.— Ата, акыры жыл эскиртип келем быякка — деди, жалооруган Каргабай.Кучүк карыя кайраттана, соолуга түштү:— Келген күндө да элге батпайсың. Билсең катуу кирдеп калдың, балам. Андай чакта эр жигит күнөөсүн, дилине жуккан кирин кантип жууйт, билесиңби? — Уулу атасынанкөзүн албай ээрип калгансыйт. Күчүк керез айтып жаткансып сөзүн улай берди. — Мындайда эр жигит колу менен кылганын башы менен тарткан. Эл кечиргис күнөөсүн каны менен жууган. Колдун алдында жүрүп, элдин алдында озунуп найза сунуп жаа тарткан, жекеге чыккан. Эгерде, көкүрөгүнө найза кагылып, жоо колунан каза болсо, күнөөсүн ошондо гана кечкен көпчүлүк. Же жоону кырып жүз башы, түмөн башы болгондо күнөөсү унут карылган.— Ата! — деди, ушу жерден көзү алайган Каргабай. —Менин кылмышым билинип калбаганда күнөө катары эсептелбейт эле да. Мен болгону ата кесибин уланттым. Күңкул олжолоп, аларды улуу базарда сатпаган, кан менен бекке бегиликке бербеген эр азамат азыр да журт ичинде аз. Менин бир гана күнөөм, билгизип койдум. Аярлабагандыгым, сактанбагандыгым башыма тийип отурат. Күчүк токтогун дегендей акырын колун көтөрдү:— Рас эле, күңкул олжолоо илгертен келаткан ата кесип. Аны мен танбайм. Атабабалар андай олжону жоо чаап, ордобузганда алган. Караманча бөтөн элден, алыстан олжологон аларды. Андай кыйын болсоң сен азып тозуп бараткан ойротторго эмне катылбадың? Алар биздин далай кызжигиттерибизди олжолой кетти. Ал колуңдан келбегендиктен: түн жамынып акмалай өзүбүздүн кандаш, дилдеш туугандарыбызга катылганыңа таңмын. Жаман айгыр энесине тап, анын сыңарындай сен макрөө ишке бардың. Эржигит өз журтун өзү тонобойт. Анжыян өз калаабыз. Асыл Пергана — атабабаңдын киндик каны тамган ыйык мекенибиз. Ушуга акылың жетпесе, эмнеге адаммын деп басып жүрөсүң. Сөз төркүнүн түшүнбөй, кур бекер каяша айтпа. Бүтүндөй жедигер журтуна тийиштүү кежирлик сенде бар тура...— Ата, деп Каргабай дагы эле моюн бербеди. — Ал кыздардын баары келип келип эле хан ордосунда кор болмок. Кайра мен кыздарды азаттыкка чыгардым го..— Курулай аксынба деп, Күчүк карыя уулун тыйып койду.— Билсең, хан да, ордо да элдики. Кудайым сүйгөнпендесинин пешенесине хандыкты буйруйт. Анац калса: ханболуп, эл бийлөө оңой бекен. Хандык кылуу деген такта отуруп, ордо катындарга короз болуу дегендикке жатпайт.Ал көбүнчө эл камын жесе, бирде керт башын ойлойт. Ханга көз арткан, анын тагына суктанып, элжуртун, байлыгын таласам дегендер арбын. Деги эле теңирим хандын тагдырын,анын бактысын эч пендесине бербесин. Анан калса хан ырыскысын өзүнө тете киши талашса жарашат. Сендей салт атчан кутурса, акыры андайларды хандын кусуру урат.— Ата, арстан жем жеген жерди — чөө аңдыйт. Чөөчо жок бекенбиз.— Олдо уулум ай. — Күчүк кайрадан кейиди.— Арстан жанына эгерим каблан менен көк жалды жолотпогондуктан гана дайыма аны чөөлөр курчап жүрөт. Хандар дынкөпчүлүгү деле ошондой, тегерегине өзүнө теңтайлашкан адамды күтпөйт. Каап, айтайын деген пикиримди бузуп таштадың ээ. Оөздүн чоожайы башкада эмес беле. Кантейин мага сенден топурак буйрубаптыр. Сен дагы эми быякты эңсебе. Ысмыңды өзгөртүп алып өз күнүңдү көр, бирок түпкү тегиңди унутпа. Элжуртун ким экендигин балачакаңа айтажүр. Жети атасын билбегендин тукуму кул аталат. Тексиз экен деп аларды эч ким теңине албайт. Катарга кошпойт. Жедигер— Тэгай — бийдин жакшы көргөн небереси. Тагай — бий арканы биротолого жердеп калганда Жедигер туулган.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 00:57



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   karamat1999   03 Март 2016 - 15:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 29 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2017 17:25

Кызыктуу экен.Кутуп жатам,уланткылачы. Ушул чыгарма коптон жазылат эле.Буга да коз тийдиби,не?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 16:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Арканы биротолого жердеп калганда Жедигер туулган.— Анча болду, ата, — деп Каргабай суроо салды. —АлайКуу, КараКулжа, КыргызАта, КенАлай жана Өзгөн менен АкБуура, Анжыянды тыштап Тагай бийдин аркага оошуна эмне себеп? Адигине бабабыздын тукумдары жатпайбы быякта кенирсип. Ай деген Ажо, кой деген Кожо болбосо,эмнеге качты ата конушунан?— Уулум, билсең КанТоонун коюнколтугу бүт бойдон: АтБашы, Нарын, ИсыкКөл, атактуу Каркырадан ары Какшаал,Кашкар, бери жагы КеңКөл, Талас, Сары Өзөнгө чейин Кыргыздын ата конушу. Тагай — бийдин атабабасынын жергесине көчүп кеткениңде эч айып жок. Ошентсе да, анын өзүнчө бир эки себеби бар. Аны чечмелеп бергенге оозум да барбайт. Анын үстунө бул таржымалды билбеген кыргыз аз чыгар.— Мен билбейт экенмин да, ата...— Тагай бийдин ооп кетишине Наалы эженин жоругу шылтоо болгон. Бир учурда агасы Адигине Кашкардан ары Кытай падышарына ак үйлүү болуп барымтага кеткенде, артынан Тагай бий издеп чыккан. Агалары сыртта жүргөндө кара далы болуп бараткан карындашы Наалы күнөөлү ишке барган дешет. Улуу сөздө уят жок. Эрсиреген кайран эжебиз жылкычысы менен ойноп коюптур. Кийин боюна бүтүп төрөгөндө наристени кашкулактын ийнине катып, эл көзүнө көрсөтпөй, элине келген агаларынан көпкө жашырат. Ошол никесиз туулган баланын тукумдары азыр деле бар. Өздөрүнчө урукка айланды. Алардын аттарын мениноозумдан укпа. Адигине — Тагай элге келер мененкарындашын эрге бериптир. Анын да тукумдары көп ушу кезде. Акыры, баягы уяттуу каншаар Тагай — бийге аялдары аркылуу жетип, ал катуу сынып калат. Ызаланган Тагай карындашын тымызын өлтүрмөккө Адигинеге кенеш салса,ал инисин тыйып коюптур. Ошентип ичтен сыздап жүргөн ал бир жылы кышында эки жаат болуп ордо атыша кетишет.Адигине жагы бир тарап, Тагай экинчи тарап. Тагайдын жааты мөөрөй бербей утуп баратканда Адигине ызаланып кетет да, кан черткени жаткан жигитти туура эмес тооруйсун деп бутунан тартып, жыдытып коёт. Эки бир тууган чабышпаса да, Тагайдын ичинде кек калып кийинки жайда,малжандык ирденген кезде балабакырасы менен кошо эли журтун алып арканы көздөй кетип калган. Тагай — бийдин тун балдары: Богорстон, Койлон, Кылжырлар быякта туулган.Эми өз жетен Жедигердин тарыхын айтып берейин. Жедигер Тагай — бий КетменТөбөнү жайлап турганда туулган дедимби? Кийинчерээк арылай көчүп: АтБашы,Нарын; бер жагы: Кочкор, Жумгал, Чүй, ИсыкКөлгө чейин ээлеп балабакырасына жер суу бөлүштүргөн турбайбы. Тун уулу Богорстон менен Карачоронун тукумдарына кен Чүйдү ыйгарса, Кылжырга ИсыкКөл менен Нарындын чатын берет,Черик АтБашы менен КызылСууну ээлейт. Саякка кең Жумгал, КетменТөбө, Азыкка Таластын башы тийет. Жакшы көргөн небереси Жедигер менен анын атасы Койлонду башкылып, өзү Кара Кочкордо .калат. Ушинтип чубай берсе сөз көп, уулум. Андан көрө таң атып кетелекте үйдөн чыгып кеткениң оң. Ошондуктан, сага айтайын деген купуя сырым: өз атабабаңдын тарыхы.— Анча болду, ата, Жедигердин кайра Анжыян тарапка көчүп келишинен баштаңыз? — деди, Каргабай. Күчүк макулболду: — Өлөрүнүн алдында Тагай — бий балдарына энчи бөлүштүрүп, «эми жылкыңарга тамга салгыла, кийин малжандык аралашып талаш чыкпасын» — дейт. Бир чети балдарын сынагысы келет. Богорстон" тамганы жылкынын санына басса, Кылжыр жаагына, Койлон чекесине, Саяк сол санына басыптыр. Кейпи тамга басуу улуулата кетсе керек.Анда Тагай — бий өзүнчө жоруган дейт: Богорстонго жердин соорусу тийип, тукуму көп болот, Кылжыр да жери көп чоң эл болор. Саяктын тукуму сансыз, жери да көп, Койлондун тукуму аз, малы да аз, жайлаган жери чектелүү болот деп ичинен ырым кылыптыр. Айткандай эле Койлондун уулу Жедигердин тукуму, жери аз болгонунан башка ынтымагы да жогураак келет. Улуусуна кичүүсү баш ийбеген чатагыраак эл. Эркелиги тукумуна таасир эттиби, айтор, Койлондон кооз Жедигер деп бекеринен айтылбайт. Жедигердин жигиттери: сылаң —короз, мактанчаак, кыздары эстуү, сулуу чыгат. Чагуу жүрсө өз ара ынтымаксыз, алыстай калсак күкүктөй сайрап, бирибирибизге арзыган сагынчак элбиз. Айта келсе, Жедигердин төрт уулу болгон: Орусалы, Асан, Үсөн жана Мөңкө. Тагай бий өлгөн сон неберелери бир курдай өз ара чатакташа түшкөн го. Саяктын үчүнчү уулу Каба аябай баатыр, өктөм чыгат. Кайсы бир жылы Кабанын кара аргымагын калмактар үурдап кетсе, жарыктык жарым жылдан кийин аяктан качып чыгыптыр. Кундуздай кулпунган аргымак суу ичип турган жеринен Жедигердин кенже уулу Мөнкө кармап алып, урунуп жүргөндө кабар Кабага жетип,ошондон эки туугандын ортосунда чатак чыгат. Аргымагымды сен уурдадың деп док урунса керек Каба баатыр.Курулай ууру аталганына ичтери күйгөн Жедигердин балдары бычакка түшмөк болушканда, Солто калыстык кыла Кабага аргымагын кайрып берет. Аябай намыстанып, бир чети сынган Жедигерлер Анжыянды көздөй жапырт көчүп кете беришкен дейт. Алар кара аргымак колдон чыкканга таарынбай, Каба баатырдын Жедигер дин тукумун ууру тутканына ызаланышат. Анын үстүнө Саяк Тагай бийдин Карачорону ээрчип келген асыранды баласы да. Өз тууганы Солтонун жан тартпаганы Жедигердин тукумдарынын жанына баткандыр. Ошол Каба баатыр менен жаңжалдашкан Жедигердин кенже уулу Мөңкөдөн биз тарайбыз. Мөңкө да төрт уулдуу болгон. Алардын эң улуу — Кулболду, андан кийин Кочкор, Кулжабаш, эң кичүүсү Кулжыгач. Сенин түпкү атаң — Кулжыгач. Кулжыгачтын дубанда жок сулуу кызы Кишимжан эжеңдин тарыхын эшиттиң беле? Суроого анча кызыкпаган Каргабай:— Кулагым чалган, ата! — деп, ыргылжың баш ийкеди.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 16:42



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 16:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кыргызда конок ата салты боюнча айттырбай келет...))) мен да азыр кудайы коноктор менен алекмин. Чыгарманы экиден бир жазма варианты болсун деп биринчи вордго коп коптон терип анан ал жактан бул жакка кочурудоомун. Супердин озунон теруу мага ынгайсыз болууда. Орто чээнинде эскертуум барго - Отклик жок деген, ошого байланыштуу. Эми аз да болсо 1-2 форумчу ун салып бул тема менден да башка окурмандарга кызык экенин, кутуп окуп жаткандар бар экенинен кабар берди. Ошого байланыштуу сала сал кылбай, жаны жылга бутуром деген сарказмды кайра озумо алып, коз майымды аябай мойнума алган жоопкерчиликти аягына чыгармакмын. Дагы бир эскертерим мен чыгарманы узуп-жулкуп 1-2 абзацтан жазбай биротоло окуганга ынгайлуу конулду толтурсун деп бир тергенде 2-4 беттен бир терем анан бул жакка котором. Шашпаныздар али окуу алдыда болгону 51 бетке кана келдик Сүрөт Баса калыстык учун- башка кочуруп жазуучулардай 1 жумада 1 жазбай кунуго тема жаныланып кем дегенде 2 билдируу менен толукталат ар бир билдируу орто эсеп менен озуно 2-3 китеп бетин камтыйт. Ошондуктан коп эле озунордун ..... кармасанар.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 16:54



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 16:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Кайран эжебизге ашык болгон Кыпчак жээнибиз Олжобай экөөнүн канына сапкы болгон Кочкордун уулу Кудаке. Ошол окуя Кудакелер менен биздин ортобузду суутуп тыштаган. Сенин тек жайың кыскача ушул, уулум.Калган катканын баралы келгенде өзүң чечмелеп ал. Кана,эмесе, коштошолук. — Күчүк ордунан араң козголду. Агала сакал атасыңын калчылдаган, жүдөгөн түрүн көргөн Каргабайдын көзүн жаш чайып кетти. Канткен менен мындан ары атабала жүз көрүшпөйт. Бу да болсо, Каргабайдын кудай алдындагы күнөөсү же тагдырыдыр. Турган ордунда уулун бооруна катуу кысып алды да:— Жашыбай, эрлерче, артыңды карабастан шар кеткин —деди, өтө чыдамдуу коңур үндүү Күчүк. Таң атып келаткан экен, койлор мекирене баштады.— Бая түнү түшүмдө аян көрдүм. Буурул аргымакчан сен тоонун туу чокусунда жүрүпсүң. Бир маалда булут аралай сызып, мейкинге түштүң да, эч кимге жеткирбей чаап жөнөдүң. Калган чабендестин баары сенин аргымагыңдын коюу чаңында калды. Күн чыга электе атайын өзүм жорудум. Артың жаман боло койбос. Эл журтка кадырың өтүп, тукумуң өсөт. А балким касиеттүү Тынай бийдин жанында жүрүп,зоболоң көтөрүлөр. Артыңда атың калар. Оомин, жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун.Атабала эшикке чыгышты. Таң куланөөк салып кетлатсада, энеси жаткан чоң үйдөн жарык чыгып тургансыды. — Кирпик ирмебептир, байкуш — деди атасы. Алардын келатканын сездиби, эшик ачканда кемпир селейип тура калган эле. Кандайдыр бир мандем жүрөгун өйүгөн түрү бар. Бөтөн элге биротоло кетип жатам деп айта албады Каргабай. Ак саамайы чыга, калу калчылдай энеси сунган бир аяк кымызды дем албай тартып жиберди да, үйдөн шарт чыгып кете берди. Атасы да анын артынан ээрчий чыккан жок. Энеси ыйлап жаткандай угулду. Каргабай мамыдагы атынын тизгини колго тнйгек де ыргып минген бойдон экижагын карабастан чаап жөнөгөн болчу. Ошентип, атасы Күчүктүн кеңеши боюнча бир жагынан тууганы, ары кетсе жездеси Тынай — бийдин айлын издеп, Сары Өзөнгө Абдырахман деген жаңы ысымга жамынган бойдон жөнөп кетти Каргабай каракчы. Ушуну менен Абдрахман — Каражаактын тарыхы аяктайт да, мындан ары Абдырахман Күчүк уулунун таржымалы башталат.Баса, көпчулүктү күмөндөр кылбас үчүн жогоруда биз сөз кылган окуя 1756 доңуз жылына туура келерин эскертебиз. ..Каргабай безгенден кийин үчүнчү жылы оорубай сыктабай сопсоо отурган Күчүк каза болду да, өзү айткандай кайран кишиге уулунан топурак буйруган жок. Күчүктүн көзү тирүүкезинде дайынсыз жоголгон уулу жөнүндө ар кимдер сөз кылганды караманча коюшкан. Карыя каза болгон соң биротоло түңүлүп коюшкан тууган уругу кайып болгон уул жөнүндө ооз ачышпады. Ошондон бери дагы сегиз жыл өткөндө Каргабайды көрдүк деген айың тарап кетти. Селдеоронгон, Каргабайга окшош сакалчан мырзаны Ош шаарынаң көргөндөр умтула барып салам беришсе, ал айылдаштарын таптакыр тааныбай койгон имиш. Ошондон уламбы, элжуртичинде далайга чейин ал бөтөн адам экен деген күңкүл сөз тыйылган жок. Селдечен бакыбат мырза кийинчерээк КөкСуу тараптан да көрүнө коюп жүргөнүн айтып калышчу. Анда эле Каргабай сымалдуу мырза кантсе да Эсенбай —Жекебаатырга каттырган баягы казнаны андып жүргөндүр. Рас эле, эс акылы жетиле көсөм болгон Каргабай кантип эле ошончо байлыктан кур калсын. Биз дагы андан күнөм санай албайбыз...

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 16:59



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 17:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

САРЫТАЙ МЫРЗА
Ошол 1786-жылкы жылынын баш оона айында өзүн ҮчКуртканын беги катары эсептей баштаган Карабайдын Сарытай деген уулу Шамшынын белине чыга бергенде, ага куйрук улаш бастырып келаткан жигити атынан дароо түшө калды да, мырзасынын аргымагын тизгинден алып, түшүңүз дегендей аны жоодурай карай бергенде, жигитине Сарытай мырза колтугунан сүйөөгө үлгүртпөстөн, ал илбирсче шамдагайлык менен аттан ыргып түшүп, тизесин жапкан көкшиберди жирей, өзү биринчи жолу туш келип отурган мынабу ажайып сонун дүйнөнү кумарлана тиктей калган болучу. Чаңкай түш чен эле. Чалкыган көк асман алдында гүл аңкыган чар тарап өзүнчө мемирей не бир кооздукка, бейкуттукка тунуп, жандили жибий көздөрүнөн нуру төгүлдү мырзанын. Ушу кезде жанына жетип келген кошундун аксакалы Ыман жаш мырзанын дендиреген бейкут абалын бир беткей түшүндү да:— Жүрүн мырза, чатыр жакка барып бел чеч, куда каала сакелип да калдык. Эми шаша турган жөнүбүз жок. Баатырдын айлына күүгум талаш киргенибиз он, кыз Сырга да өзүңдү кокус өргөөдөи шыкааласа, сөөлөтүңө каныпканбагандай беймаал кезде барып көрүнөлүк — деп, эркелете сүйлөдү.Тээтиги бет алды ченде эгиз талдын жанына атайын жортуул учурунда тигилчү көк жибек чатыр туруп калган эле. Чатырды көздөй шашпай кадам шилтеген Сарытай мырза аксакалынын чымчып айткан тамашасына жооп кайтарган жок. Кантсе да андан ыйбаа кылат. Чынында Ыман бир журтчулуктун аксакалы. Анын үстүнө атасы экөө ынак курбулар. Ишенгенинен гана аны ушундай ыйык бата расымына кошуп жибербедиби. Бирок мырза жигит ичиндеги сезимталын Ыман аксакалга алдырып койгонуна кантсе да өкүнүп алды. Деги эле Сарытай мырзанын азыркы ойлогону кыз жөнүндө эмес элего... Жанып турган чырактай нур жүздүү, ак тиштүү, карасаң бирине бири окшош, ары жашташ жана биринен бири озгон шамдагайшайыр, кулпунган, кубулган, кындагы кылычтай суурула: кези келсе баш кескен; кан кечкен, бир туруп кеменгер жана балача баё; ары кетсе көк жалча кара мүртөз, кекчил, өрткө тайманбай кирген, ок болуп атылган, жоо болуп түмөн колго катылган бул кырк жигит — эч жеринде өөнү жок жаш уландар эле .Кээде жаадырай күлүшүп, бирде жаадай ийилишип, кайрадан найзадай сүңүлүп, күтүп тура калышат мырзанымына ушинтишип. Эмелеки жайдары уландар жакын келген мырзасынын сузураак түрүн көрүшүп, баары мостоё калышты. Күмүш кумгандан колуна булактын муздак суусу куюлган соң Ыман: аксакалына катарлаш оң жагына барып отура калды, Сарытай мырза. Деги эле мырзанын кыймыл аракети көзгө илинерлик мес, тез. Чөлдүн жыланындай кара сурунан келген, бели да бир тутам,шырыктай узун бойлуу эле ал. Кичинекей капкара көздөрү бирөөнү тиктегенде арбап жаткандай кадала калат тим эле. Наристе курсактан түшөр замат атасы азан чакыргандан кийин эмнеликтен Сарытай деген ысымды ыйгарганын ким билет.Сыягы, төрөлган ымыркай өзүнө коёндой окшош, кара сур тартканынан улам ырым кыла ысмын тергеп койсо керек деп болжойбуз. Урунган мандашын жазбаган Сарытай мырза баятан бери эч козголбой, кыймылдабай дасторкондогу чүйгүн тамакка табити чаппаган адамча оозуна анча наар албастан тээтигил бет маңдайындагы кызыл асканын үстүндө каалгый жай айланган жалгыз бүркүткө суктангандай көз чаптырып,анан не бир ойго батыппы, же каны ичине тартыппы унчукпайт, кепке аралашпайт. Жаш мырза көп отурса жадаганынан жанбаштай кетип бут сунган, кымызга кызысакаткыра күлүп обу жок тамаша айткан же оозун толтуруп майчайнап тамакка рахаттанган бай уулунан эмес. Ал хандын ордосун көргөн, ордо курууга катышкан бийлердин жанында жүрүп салтзаңды жакшы билген бектин тукуму. Андыктан жигиттери өзүнө теңтуш. кадырлаш, насиптеш болгонуна карабай күткөн каадасын эч убакта коё бербейт. Кантсе да алардан боюн оолак тутат. Ички сырын, тээ келечек үмүтүн алардын эч бирине туюндурбоого аракеттенет. Бул кырк жигит анын жаалыкылычы, кубаты, аркажөлөгү, бирок жолдошу эмес. Анткен менен жаш мырза кээде алардын оюншоогуна, азил тамашасына кошула кетип күлсө да, чектен чыкпайт жана алардын эч кимисин какпайт, ал тургай көңүл оорутуп, орой сүйлөө быякта турсун, эч убакта зекибейт. Жигиттер анын каарын, буйругун, каалаганын кирпик ирмеминен гана билишет, ооз учун кыбыратканынан түшүнүшөт. Мына баятан бери тайдын чучугу менен картасынан кыякыя кесип жешип, кымызга канга нжигиттеринин тамашасы чыгып каткыра күлүшө, өз ара азилдеше башташкан кез эле. Мейли чер жаза беришсиндегендей Сарытай мырза эми аларга караманча көңүл бөлбөгөн адамдан бетер өз бетинче, өз дуйнөсү менен алек.Ушу кезде алтын чөйчөктү аярлай. кармаган жигити Жолболду мырзанын каптал жагынан келип жоодурай тиктеп, ары келинче ийилип тура калган болучу. Мырзанын кумсарган абалын жөн билгич жигити өзүнчө түшүнгөн эле.Чөйчөктө тунуктугу булактын суусунан аша мөлтүрөгөн кытай арагы. Сарытай мырза энсеп турганын сездирбөөгө аракеттенип, чөйчөктү өтө сыпаалык менен колуна алды...

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 17:08



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 19:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Көмөкөйдү куйкалаган муздак арак жаңыдан бойго тарап, мына эми жаны жыргай түшкөнсүгөн Сарытай мырзакайрадан жалгыз бүркүткө көз чаптыра бергенде. жигитбашы, ары өзүнө теңтушураак, кантсе да ынагы Койсары сарыбагыш кыз Сырганы көкөлөтө мактай, сыпаттап келип, кала берсе аны Айчүрөккө теңеп жиберген жерине келгенде ичинен тырчыган мырза: мейличи дегендей баятан бери жүрөгүнө тынчтык бербеген мурда гы эле купуя ою менен алек боло берди. Мырзанын ичиндеги кыжаалатты Койсары кайдан билсин, ого бетер мактаныч кылды: — Алтын чөгөрүлгөн ээрлүү аргымагы баш болгон сан жылкыны кайсы эле кыргыз калыңга берди эле, ыя? Эмдигиче алар баатырдын айлын каптап, тепсеп кеткендир... Ошондо дагы бир жигити:— Атан төөлөргө жүктөлгөн алтынкүмүш, зер, кес. кескытай жибектеричи? —деп ооз көптүрдү. — Атаке баатыр мынчалык дүнүйөнү өмүрүндө көрдү дейсиңерби? — Рас эле калыңда өөн жок, күйөөдөн айып таппайсың —деп Койсары кайрадан бакылдай бергенде жаш мырза Ыман аксакалды карап акырын үнкатты:— Аке, бата кылсак кантет...Бата тиленип колго суу куюлган соң баары жапыр торундарынан өйдө болушту. Атаке баатырдын айланасындагы калың жөнундөгү сөз ошо бойдон козголгон жок. Ал Сарытай мырзага жакпай калганын баары түшүнө калышкан эле. Күн али эрте болгондуктан аттанууга шашышпай, тобун бузбаган жигиттер мырзадан буйрук күтүшкөнсүп, жардана тура калышканда, ал мурдагыдай көктү тиктеген абалында:— Алып келаткан калыңыбызда бир чоң өөн бар. Ошону эчкимиңер сезе элек турбайсыңарбы? ! — деп коюп, ал гүл жайнаган коктуну өрдөй өзүнчө басып жөнөду.Жигиттер бул кандайча дегенчелик кыла Ыман аксакалды тиктей беришкенде, ал дагы мырзанын табышмагын жандырууга аракет кылбай желкесин кашый туруп калган. Топ жигит эми бирибирин сырдуу тиктешкен бойдон азыраак болсо да дештиби, өтө алыстабай туш келди жайылабасышты

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 19:33



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 19:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ми

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 19:40



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 19:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Артынан жоо кууп келаткансып, жөө күлүкчө чуркай баскан жаш мырза коктунун алкымына жетпей боз үйдөн чоң таштын түбүнө токтоду. Мына ушу жерге жеткенде гайа Сарытай —быякка аттанардан мурда атасы экөө ээндей жалгыз бастырып жүрүшүп, далай жолу акылдашкан, кеңешкен, эми болсо жеке өзүнүн гана кыялынын түпкүрундө уюп жаткан сырды бир саамга көз алдынан сыдыртты. Ооба, ал чынында эле Атаке баатырдын кызын алганы күйөөлөп келатат. Анысы жашыруун иш эмес. Алтын чөгөрүлгөн ээрлүү аргымагы баш болгон сан жылкыны тиги ҮчКурткадан күн мурдатан айдатып жибергенде эле, кабар жаамы кыргызга дүңк эте түшкөн. Кыз Сырга он алтыларга толуп, «кара далы» атала баштаптыр деген айыңды жигиттин кулагы мурда бир нече жолу чалган. Кыз кара далы атанып, ага кайын чыкпай жатканынын себебин көзү ачыла элек жаш мырза ал кезде билбегени да чын. Сырга сөөктүү, мсскоол жан болсо, ошогожараша ал анчалык жигит суктанарлыктай чырайлуу эмес деп уккан. Бардык кеп ошондо бекен? Жок, ата баркы менен кыз,мата баркы менен бөз өтөт. Анын сыңарындай Атаке баатырдын кызына чын эле кайын чыкпай жатса, анын да себеби атасынын өзүнө байланыштуу экендигин Сарытай мырза алгачкы жолу атасынан укту. Атасы экөө салт атчан, айылдан итапкан узап калышкан эле. Көп жорткон бөрүчө далайды башынан өткөргөн атасы сөз учугун аяр чубады:— Керегеде кулак бар, кеңешчү болсоң ыраак бар —дешет, уулум. Анда эмесе кулак сал кепке.Сарытай мырза дилгирлик мёнен атасына жүзүн бурганда Карабай бир топко чейин дымып барып, анан улады оюн:— Сен көкүрөк күчүгүмсүң. Жылан жылы туулдуң эле,мына быйыл эки мүчөлүң. Жылан жылды ата бабадан бери ыйык тутушат. Жылан жылы туулган уул баатыр чыгат: эл башкарып, журттун тагдырын чечет, андай жигит бирде айкөл, бирде кыйды жана өтө сак, же ары келип жыланча билгизбей душманын чагып өлтүргөн чыгаан, ошондой эле эч кимге сыр алдырбай, сырын алган акылман, айтор, айта берсе көк жалдын нак өзү деген ырым бар. Ойлоп көрчү, жырткычтардын ичинде бөрүчөлүк баатыры ким деги?.. —Атасы кайрадан унчукпай бастыра берди да, сөзүмдү эч ким уккан жокпу дегендей улам эки жагын каранып коёт. Кашка суу аккан колот, айланасында өздөрүнөн бөлөк бейчеки бастырган эч жан көрүнбөйт. Эмнеге кооптонот? А бирок бул карт бөрү сактыкка кордук жок деп сактанганга көнгөн. Дегинкиси, дилиндеги ыйык сырын буга чейин эч жанга ача элек болчу. Мындан ары да карачечекей өз уулунан бөлөк эч бир жан туйбаш керек. Кайрадан сөз уланды:— Көрүп турасың, акелериң үйжайлуу, бүт бойдон очорбачар. Сен гана үйрөтүлбөгөн кунандай — башың бош. Анжиянда калган катынбалаңды кепке албайлык. Быякта сениалда качан эле үйлөйт элем: буйрубагандыктанбы, ылайыктуу кайынжурт таппай, бир кыйла чарпылдык. Азыр күйөөлөп барып, колукту ала турган кез келди. Кайын журттун да ыгыкелип турат. Буга дейре жылда пайлап жанымда кошо жүрдүң.Акылың толо эр жетип, каныктың го дейм. Эми катын ал, уулум. Тектүү жерден кайын күт. Мен карыдым, өзүңдөн бөлөк элжуртка ким болот тутка? Сарытай мырза өзүнчө мелтирей сөз тыңшоодо.— Бир аз күндө күйөөлөп чыгасың — деп айтып салды бек.— Билип ал: Сары өзөн Чүйдө Тагайбийден тараган айтылуу Тынайдын уулу Атаке баатыр жатат, чалкып, өзүң да кабардарсың андан. Дайындап койдум: калынын айдап барып,кыздын колун суроо эми өз милдетиң.— Бек! — деп жиберди жаш мырза кокусунан. — Ал атасына дайыма башкаларча ушинтип: «бек» деп кайрылчу. Сыр алдырып койду. Сарытай эми ичинен кейип турат.Уулунун чоочуп кеткен абалын сезбеген кишиче Карабай:— И, и! — деп, баш ийкеди. Иймене түшкөн жигит унчуга алган жок.— Айта бер — деп буйруду атасы ошол бет алдын тиктеген калыбында. Мырза аргасыздан жооп берди:— Атакенин бойго жеткен кызы бар дешкен...— Ооба, мен да ошону айттым.— Анда эле бек, Атаке жырыктын кара далы кызынабы?Карабай жинденди: — Мындан ары «жырык» деген сөздү кулагым укпасын. Атаке баатыр де,п жүр. Кыргызда андан өткөн касиеттүү адам ким экен азыр?Кагуу жеген жаш мырза жүдөй түшкөндөй унчугушпаган экөө катар бастыра беришти. Атасынын үнү эми элдешкендей жай:— Кара далы деп Атаке баатырдын кызын чанган түрүң бар го... Сени мынчалык чолок ойлойт деп күткөн эмесмин.— Ал чын эле кейип алды. — Андан көрө Атаке баатыр кызын берер бекен? Ойлодуң беле ушуну...Уулу таңкалды:— Бек, кантип?.. Атасы кейиди:— Сени жетилди гО деп ойлогом. Көрсө... — Ал көпкө дейре үн катпай, Сарытай мырза андан бетер кынына кирди.Бир топко барып Карабай бек өзүнчө сүйлөдү:— Мен бир нече жолу киши жиберип Атаке баатырдын кызын сындаттым. Өтө сергек бийкеч дешти. Баса, кыздын мүчө башы москоол болгону жаман бекен, кайра тукумуң баатыр чыгат, ары акылдуу болушат...

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 19:39



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 19:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Атасынын сөзүнө Сарытай мырза уюй түшкөн эле. Муну куу чал түшүндү. Эми уулу менен кеңешип жаткандай үнү кырааттуу:— Түшүнчү? Сен баатырдын кызын алып жатам деп ойлобо, өзүн аласың. Ал тилегиңе жетсең, сол колун Анжиянда болсо, оң колуң Сары Өзөн Чүй быякта калсын,аягы Талас, башы касиеттүү Көл аймагына дейре жетет. Сен ойлогондой кыз кара далы атанса, күнөө бийкечте бекен? Ада болсо жеке Атаке баатырдын данкынын салдары. Деги Атакени ким деп ойлойсуң? Ал өзүнө ишенбесе бешикте кезинде эле кызын кудалашып коймок. Түшүнүп ал: баатыр кызынын башын бекеринен бош койгон жок. Андай эр экен, куда болчулар даап келсин деп кебелбей отурат ал. Баатырдын сүрүнөн, кыздын калыңынан коркушуп, далай мыктыкашкалар ага батына албай жатса кантесиң? Кызынын колун сурап келгендерге Атаке сүйүнүп кетет деп ойлобо. Кыраакы дечү элем сени, көрсө... али чийки турбайсыңбы. Айтса, келгендердин далайын баатыр тоотпой коёт. Жини кармаса менин да бектигиме карабайт ал. Бир болсо эле ал тууганчылыкты ойлойт. Биз, отуз уулдан тараган басыздардагы Тагай бийдин тукумдарынча оңго киребиз. Бир корксо Атаке баатыр арбактан коркот. Болбосо, азыр ага теңелиш кыйын. Дегинкиси, калыңдан өөн чыкпасын. Кептин баары калыңда, мырзам, — деп Карабай уулун эркелете. карады. —Кыз он алтыда гана дешти, тапкан экенсиң кара далыны. Деги,эмне үчүн мен Атаке баатырды көздөп калганымды баамдадыңбы? — бек уулун чукул карады. Атасы менен тиктеше түшкөн Сарытай мырза эмне дээрин билбей тайсалдады. Жообу туура чыкпай калсачы? Катар баскан кош ат көк жонго чыга берген кез эле. Балбылдаган, өрттөнгөн кызыл күн бата жаздап калыптыр. Күндү тиктеген боюнча жүрөк толтосуна катылган сырдын маңызын айткандай болду бек: —Сенин атабабаларың тээ илгертеден эле, Коконду Кокон кылган Шоорук бийден тартып ордого аралашып келатат. Андан бери төрт бий өттү. Мен өзүм эле үч бийдин бийлигин көрдүм. Өзгөчө биздин кызмат Эрдаана бийдин учурунда бааланды. КетменТөбөнү чабам деп Эрдаана бийдин чыгынганы эсимде. Кетментөбөлүк Сатыке баатыр ошондо бийдин шагын бир сындырган. Сан колду Сатыке капчыгайдын ичинен басты да, далай эрлер ошондо атматы менен Нарындын көк ирим айлампасынан чыга алышпай күмжам болушкан. Андан бери КанТоонун коюнколотторундагы сан кыргызга кокондуктар чындап катыла элек. Ошондон кийин гана кырк үйлүү басыздар КөкАрт аркылуу ҮчКурткага оогонбуз. Мына азыр эл, болуп,бек аталып дегендей бийлик ээсибиз быякта. Куда кааласа жакында... деп баштап келатканда Карабайдан уулу сурады:— Биздин тукумдар кайсы атабыздан тартып бек аталып келет? Ошо доордо басыздардын ок канатка киери жөнүндө маалыматтар бар.Уулунун суроосу күтүүсүздөн берилгендиктен дароо жооп айта албай, Карабай бир азга дымыды. Ичинде тырчып турсада, уулун каккан жок. Түз берилген суроого, түз жооп берүүда ылайыксыз. Бирок жообу уулун ынандырбаса өз кадырына доо кетет. Карт бөрү аны да билип турат. Өз теги кайдан чыкканын мырза азыр билбесе, эл башкарып, журтка туу боло алабы?Күн батып, күүгүм кирип калган, Карабай жандатып жай түшүндүрдү; — Бек деген касиеттүү наам. Ал кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун пешенеси менен кошо жаралат. Жана эр жигиттин башынан багы тайып, бийлиги колдон түшкөн күнү кошо жоголот. Айтпадымбы, биздин атабабалар Шоорук бийди жандагандан тартып бек аталды деп...Сарытай дароо макул болду:— Ынандым, бек. Карынын дили жибип кетти:— Бийлигиң күчтүү чыкса ажеп эмес, уулум. Кези келгенде бек быякта калсын, а мүмкүн сен дагы кан аталарсың... Ажары сыртына чыккан Сарытай баш ийкеп алды.Уулунун ички турпатын атасы да сезүүдө. Тээ, андагы тоо чокуларындагы асканы жирей толгон ай көрүнду. Алар сүйлөшүшпөй бир аз бастырышкандын ортосунда азыр эле атасына берген суроосун ичинен кайталап алды жаш мырза.... Тегибизден бек экенбиз да!Кайра бир туңгуюк үн каршы болгонсуду: ...Качан тегинен бек эле булар?Жүрөккө тынчтык бербеген эки анжы суроо Сарытайдын дилин оорутмак тургай, кайра максатын ого бетер курчут тукөрүнөт, укумтукумуна чейин бек аталып, сан кыргызга хан болгусу келди ал.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 19:46



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 19:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Карабай уулунун көксөөсүндөгү максатты бышыктай кырааттуу сүйлөп, эч бир шашпайт. Кулагын атасы жакка төшөгөн уулу да өзүнчө ээрип калган. Карт бөрү билет: уулу зилинен мансапкор, бийлик дегенде эч нерседен кайра тартпайт ал....Далай жылдан бери Пами рАлай жана КанТоонун арачолосу алда канча тынч. Анын ичиндеги булун бурчту мекендеген калайык калк да дүркүрөй өсүп, малжандыктын саны артты. Кыргыз кыргыз аталгандан бери мынчалык бейкут турмуш болбогондур. Билгенге бейкут турмуш оңой эле келе койгон жок го. Аны да кыргыз атанын арбагына сыйынышып,кыргыз деген ыйык сөздү туу кармаган кайран журтчулук өздөрү жаратты. Азаттык — муң зарсыз жана кан төгүүсүз бүтпөйт. Кезинде, далай эрлердин көкүрөгүнө найза кагылды. Далай баштар ийнинен алмадай ыргыды. Кылымдап көзү ачылбай, кул болуп, күң болуп: басына, тосуна, качып, куугунтук жей — чайпалган, төгүлгөн шордуу эл мьша бир аз жылдан бери баш көтөрө «Сан кыргыз» атка конуп отурат. Бөрүдөй өжөр жана итче чыдамкай экен кыргыз. Антпегенде, акыркы эле жүз жыл аралыгындагы жунгарлардын зомбулугун кайышып да болсо көтөрбөйт эле го. Таандай самсып Жунгариядан чыгышкан чапкынчылар казак кыргызды каптапкетти да, күүлөнгөн селдин түрмөгүндөй болгон жоо колу Анжияндан аша Букарага чейин жетти. Ошондон кийин зор өлкө бирде Жунгар мамлекети, кээде ойрот хандыгы делип элжурт аралашты да, несин айтасың, будуңчаң эле болуп калган... Жеңгендердин алдындагы жеңилгендердин көр оокаты курусун: байкуш кыргыз ар качан коркок билиш; басынды, жүгүндү; амалайла издеп кууланган, корсунган учурун айтпа. Ошого карабастан эл элдигин сактап, тилин жоготпой, канчалык азап чексе да душманына дилин алдырбай эр кыргыз чыдады го. Контайчжинин төрөлөрү күлө сүйлөп күлүгүн тартып алса, кызыккан кызыл кызын кыйнап да болсо катындыкка алышты. Баш көтөргөн эле далай кыргыз кашкаларынын териси тирүүлөй сыйрылып, койчу не кыйноону тартпады кайран эл. Бул жылдары бир уруу эл жур ттүп көтөрө тентиген учурлар канча. Күзгү суудай тайыздап, соолуп бараткансыган кыргыздар кайрадан толкуп күч ала,боордош казактар менен ширелешип, аларга Анжиян, Аксы,Алай кыргыздары көмөктөшө, маңгыт, миң уруулары четте калбай, душмандарына тайманбай киришти да,алардын быт чытын чыгара Ала-Тоонун койнунан ары, кайра Жунгар чегине чейин сүрүп ташташкан. Алардын быякта калган бир даары куулуп куулуп отуруп орус мамлекетине чейин жетип башпаанек издешти. Өзгөчө 1754жылы жунгар мамлекетинин улуу Контайчжиси Алдан Цэрен өлгөндөн кийин ойроттордун шору биротоло курубадыбы. ОшондоМаньчжур кытайлардын Цин династиясынын улуу Эгеси Богдыхандын кылычынан кан тамган. Атасы өлгөн соң мураскорлордун чатагын ким басмак эле. Ансыз да ыдырай баштаган зор өлкөнүн шайы ооп турганда Богдыхан Циянь Лун жүрүш жасап, заматтын ортосунда Жунгариянын негизин түзгөн Иле аймагын бүтүндөй басыпалды да, ойротторду кылычка алып бырчылдатып, бешиктеги баласы, боюнда бар аялына чейин аяган жок. Сан миңдеген адамдардын канынан жерсуу түтөп кетти. Өлүккө тойгон иттер кутуруп, асманда жору, кузгун батпай, эми арыган азган элдин шоруна жараша кара тумоо далайды жалмады да, ойроттордун бир тобу казактын султаны Аблайханды баш паанек кылып, Россияны көздөй тентиген. Кечээги чоң өлкө, казак кыргыздын жүрөгүн тирүүлөй сууруган зор өлкөнүн төрөлөрү эми өздөрү мусапырга айланып, калган каткан ойроттор кыргызга жамынып,кыргызча сүйлөп, элге сиңип кетүүнүн аракетин издей жанталпас кылышты. Тагдырдын, тарыхтын жолуулуу экен .Богдыхан ошо бойдон эле табасы кана, тынчып калган жок.Ал ойроттордун атын баш оту менен өчүргүсү келип Жунгарияны — Синьцян деп, ал эми илгертен келаткан Үрүмчү шаарьшын атын Дихуага которуп таштаган. Өз династиясына улам коркунуч туудурган жапан көчмөндөрдүн мамлекетин жойдум деген ал эми КанТоонун ичине көз артып калган жерине токтогон Карабай бек бир азга унчукпай калды...Баятан бери угуп келаткан аңгеме тарых эмес, ал кечээ эле калк башынан кечирген шорлуу окуя экени Сарытайдын өзүнө маалим. Атасы булар жөнүндө бекеринен айтып жатпаганы да белгилүү. Бул айтылгандардын артында бир чоң маани бар. Андыктан бейчеки суроо бербейт, унчукпайт да. Ай итагжан көтөрүлүп калыптыр. Айлана тынып, тунуп калгандай .Кээ кээде жакындан эле күү күү деген үкүнүн үнү, мына алыстан элик бакыра, байкаса суунун шары кулакка тынчтык бербей, түнкү теребел ырдап, өзүнчө сүйлөп турган экен жарыктык.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 19:55



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2016 - 20:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Карабай бек уулуна капылеттен суроо берди:— Баамдап көрчү? Бу Нарботобий ушу кезге чейин эмнеликтен өзүн кан көтөрбөй келатат?— Бек, Нарбото азыр кан эмей ким?— Рас айтасың, азыр ордонун бийлиги бүт бойдон Нарботонун колунда. Ошондой болсо да ушу кезге чейин өзүн«кан» деп атай элек. Белгисиз кандын атынан Кокон ордосун чыңдады. Казнасын алтынга толтуруп. өлкөнүн чегин кеңейтти. Азыр Коконго бүтүндөй Анжиян Аксы жана Паргананын көбү карайт. Ошого карабастан Нарботобий өзүн кан атап, башына таажы кийе элек. Аны кыргыз кыпчак, миң урууларынын бектери, бийлери ак кийизге салып жамы журтйа көрсөтө кан атаганын көргөн адам бар бекен?Канчадан бери ордо менен катышым бар, ага көмөктөш болуп келаткан сенин атаң мен да билбейм.— Анда ким билет?— Анысы бизге дайын дечи, уулум... Алда качан башталган аңгеменин негизги "түйүнү азыр чечилчүдөй Сарытай мырза атасын бейкапар сүрөп койду:— Кулак сизде, бек!— Нарбото бий өзүн кан көтөргөнгө даабай жатсачы?— Кандайча?— Билгиң келсе, балээнин баары ушунда... — Бек, кантип?.Карабай бек атын акырын теминип койду да, жорго басыкка термелген бойдон дагы бир аз ха унчукпай калды.Ушу кезде анын көз алдына жаш чагы келе калган эле. Ал кичинесинде ордодо жүрүп бийдин баласы менен көкүлдөш болуп өскөн. Ошол 1728 жылы атасы Сарыгкашка жетижашар Карабайды Коконго алып келип Абдрахим бийдин эң кенжеси Шарипбек менен көкүлдөш кылып анан ордого таштап кеткен болчу. Ал кезде миң урууларынын бийлери дээрлик бойдон тоолук кыргыздардын мыкты чыкмалары менен достошуунун, туугандашуунун ар кандай жолунан баш тартышкан эмес. Итче кабышып, бөрүчө жортуп турган заман. Жоо кайдан келип, кайсы бөйрөгуңө канжар уруп кетерин билбейсиң. Сактаныш үчүн эл алып, ызатташуу керек. Жоо жарагы шаймашай көчмөндөрдөн кошун түзүү алдаганча оңой. Ошондуктан, кыргыздар менен байланышты күчөтүүнүн мыкты жолдорунун бири — көкүлдөштүк. Анын жайы мындайча: Атактуу адамдардын эки жаш баласын бирге чоңойтуп, анан алар качан эс тартканда атайын өстүрүлгөн узун көкүлдөрүн байлаштырып туруп,наристелердин төштөрүн төштөрүнө тийгизе кучакташтырган соң, аларды шилекей алыштырчу. Ошондон кийин эки бала достон ынак, бир туугандан жакын болуп жүрө беришкен. Көкүлдөштөрдүн ичинде бирибирин сатып,өз ара чыккынчылыкка баруу деген акылга сыйбай турган жорук болгон. Учуру келген кездерде көкүлдөштөр бири үчүн бири өзүн өлүмгө кыюудан кайра тартышкан эмес. Көкүлдөшү Шарипбек менен бирге жүрүп, бирге ойноп дарс окуп: билим алган, тарбия таасирге үйрөнгөн Карабай он жетилеринде гана атаконушуна келген эле. Демек, Карабай: Анжиян, Паргананын санжырасы быякта калсын, алардын тарыхына чейин мыкты билген, көзу ачык, сергек адам. Карабай каплеттен уулун жалт карады:— Даабай жатканынын себеби бар.— Угуп жатам, бек. Карабай буйдала түшүп айтып салды:— Жети атасынан кан чыкпасачы?— Андай болсо, бийлик бар жерде кулдук бар — деп айтчу элеңиз го. Өзүн кан көтөрүп жиберсе каршылык кылчу ким ага?— А, аа! — деп койду өзүнчө Карабай. — Мансап дегенде уулунун акылы жетик экендигинен бу сапар ал күнөм санаган жок. Мураскоруна чындап ичи жылыды. Бөрү бөлтүрүгүн үйрөткөн сыяктуу кайра башынан түштү бек:— Нарботобий өзүн кан көтөрүш үчүн калайыкты ынандырарлык шылтоо жок болчу. Атасына кадимкидей батынып алган мырза:— Бийлигичи? Ошо аздык кылабы? — деп дагы көшөкөрлөндү. — Билип ал: негизсиз жерден жаралган бийликтин түбү бош келет. Нарбото акылман адам, эми ого бетер көзүм жетти...Сарытай атасын таңгалгандай тиктей бергенде:— Падыша Султан Бабыр жөнүндө угуп жүргөндүрсүң? —деп суроо салды.— Уккам...— Айтып көрчү укканыңды?— Сыягы, качанкы бир заманда өзүбүздүн падышабызболгон ал.— Кабарың бар экен. Султан Бабырдын асыл тукумдары ушу тапта да Хиндустан өлкөсүнө падышалык кылып, такта отурушат. Эсиңе тутуп кой: Нарботобийдин түпкү бабалары ошол касиеттүү Султандан тарайт тура. Аны мурда эшитбептирбиз. ..— Сиз дагыбы?— Менин да кабарым жок эле ал. тууралуу. Жакынкы үч- төрт жылдан бери жеке эле ордо ичинде эмес, элет жерлеринде да кайран падышаны ооздон түшүрбөй кеп кыла башташкан. Көрсө, ошол падыша Бабыр акыры келип Нарботобийге түпкү ата болуп чыгарын билбептирбиз. .. Уулу шыпшынды:— Кызык...— Шашпа, уулум, көрө турган кызыктар али алдыда.— деп коюп оюн улады. — Айкөл падыша быяктагы киндик каны тамган ата журтунан куулуп, буттарына чарыктартына жөө жалаң, арыпазып Ооганды беттеп бараткан жолдо аялы Сейде аппак төрөгөн имиш. Анан ымыркайды өздөру менен кошо ала кете алышпай турганына көздөрү жеткен соң, наристени алтын бешикке бөлөп таштап кетишкен тура көрсө. Сөздүн кыскасы, алтын бешикте жаткан баланы мына биздин миң уруулардын бирөө таап алышыптыр. Кудай жалгап эми ошо «алтын бешиктен»тарагандар өзүбүздүн бий Нарбото, анын түпкү аталары болуп чыкпадыбы...

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2016 - 20:05



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: