Суперстан: Жортуул - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жортуул Асанбек Стамов тарыхый роман

#81 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 16:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Просмотр сообщения USSR (10 Март 2016 - 12:02) жазган:

Аллах ыраазы болсун сизден, эң жакшы көргөн чыгармаларымдын бири,көптөн бери окусам деп эңсеп жүргөм.

Жылуу созунузго ыраазычылык билдирем. Ушундай комментарийлер кылып жаткан эмгегимдин мааниси бар экенин билгизип, кубандырат.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 16:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Аттар бир калыпта аяк шилтейт. Бул сүрөөнү чечмелөөнүн алдында олуя өзүнчө дуба окуй, акырын бата _кылганда, баарысы тең алакан жайып, тизгин тартышты. Бата кылынган соң сапар кайра уланды да, Берик олуянын кыраттуу үнү чыкты.
— Касиеттүү Ибрагим пайгамбардын уулу Искак, андан Жакып пайгамбар төрөлөт. Жакып пайгамбарым эки жолу никеге турган. Ал биринчи зайыбынан он эркек бала көрсө,кийинки зайыбынан эки уулдуу болот. Өзгөчө ошол кийинки никелүүсүнөн туулган уулу Жусуп: ай десе ай, күндесе күндөй көрктүү, чырайын бир эле көргөн адамдын ээси оогондой ажайып сулуу, көрктүү, аземдүү улан болгон дейт.Ааламда жок чырайлуу баласын башка уулдарына караганда атасы Жакып да өзгөчө жакшы көрчү. Сулуулугуна жараша жандан өткөн акылдуу адилет экен кичинесинен эле Жусуп. Бир курдай Жусуп түш көрүп, тушүн атасына айткан жери:— Оо, атакебай мен түндө жатып кызык түш көрдүм. Карасам, көктө жаркыраган он бир топ жылдыз туруптур. Онбир жылдыз менен кошо күлмүңдөп тийген күндү, жаркыраган айды көрдүм. Баарынан кызыгы ай жылдыз жанакүн баш болуп мага баары таазим эте, күлмүңдөй карап турушту. Ушул түшүмдү жоручу, атакебай. Жусуптун түшүн уккан атасы:— Кагылайын, каралдым! Көргөн түшүңдү ылайым бир туугандарыңа айта көрбө — деп шашып калды. — Түшүңдү угушса ичи тарыйт. Ансыз да сени көрө албайт алар. Ооба, алар деле адам дечи. Ичи күйгөн агаларын сага бир жамандык ойлошсо канттиң? Адамды ар качан азгырып, аныак жолдон чыгарган шайтан. Шайтандын азгырыгына сенин бейкүнөө агаларың чыдай аулышар бекен...Жакып баласынын түшүн өзү жорубастан: аны да Аллатааланын амиринен чыккан жакшы жышаан катары көрүп, сага түш көргөзгөн кудурети күчтүү жараткандын өзү, анын жандырмагын да жараткан өзү чечмелеп берер. Ашыкпай акырын күтсөң, анын райымы сага, сенин атаң Жакыптын тукумдарына да тийет. Сенин жетең Ибрагим менен Искак башынан эле Алланын кылоосунан куру калышпаган пенделер. Кудуреттүү кудайдан өткөн акылман, телегейди тегиз билген эч ким жок — деп, Жусупка насаат айтты....Эми бурадарларым, Берик олуя сөзүн улады. Адам дегендин пендечилигин эсиңерге туя жүргүлө. Адам жүргөн жерде ич тардык, көрө албастык боло берер. Башында айттымго: Жусуп баланын өзү менен аталаш бир туугандары бар болчу. Атасы Жакып өздөрүнө караганда Жусупту жандилинен жакшы көрөрүн сезишкен алардын ичтери күйөт да:«Атабыз бизге караганда Жусупту өтө эле жакшы көрөрүнө көзубүз жетти. Биз эмне, атабыз үчүн бир топтошкон байкушбуз да. Атабыз жаңылып жүргөн жокпу? Ага Жусуптан башкабыздын керегибиз канча... Деги ал жарыктыктын жоругу кимиңерге жагат? — дешип, өз ара акылдаша кетишти. Ошентип Жусупту атасы чындап жакшы көрөрүнө ишенген бир туугандар не болсо да кичинекей айжаркын баланын көзүн тазаламак болушкан тура.Акыры улуу катындан туулган балдар алдына келншип:— О, атакебай, биз токойго отунга баратабыз. Жусупту бизге кошуп бер. Ойноп көңүл ачсын, дайыма жаныңдан карыш жылдырбай жаман үйрөттүн — деп, акедей асылышты.Санаасында жаманчылыкты сезген Жакып адегенде макул болбоду:— Эмнегедир, жаш баланы силерге кошуп бергенге көңүлүм тынчыбай турат. Ээрчитип барып, жакшы карабай коёсуңарбы деп корком. Силер кокус оюнга алаксып кеткенде Жусуп карышкырга жем болсочу... Отунга өзүңөрчө кете бергиле. Жусуп үйдө эле калсын. Уулдары да көшөрүп атасына моюн беришпеди:— Атакебай, жоон тобубуз менен жүрүп, кантип эле жалгыз Жусупту карышкырга жем кылалык. Коркпо, инибизди көзүбүздүн карегиндей сактайбыз. Же эмне, Жусуп бизге бөлөкбөтөн беле? Такыр эле бизге ишенбейсиз да, жарыктык.Ошентип Жакып айласыздан балдарына ишенген экен. Эмки сөздү көңүлүндө кири жок, шамдай жанган Жусуптун агаларын ээрчий токойго келген жеринен баштайлык. Агалары өз колдору менен инисин өлтүруүгөда ашпай турганда, ичтеринде Жусупка жан тарткан бирөө акыл салат: «Бекеринен күнөөгө батпай, андан көрө эле эски кудукка тыштап кетсекчи. Ошондо корконунан эле өзү өлөт да. Үйгө барганыбызда инибизди карышкыр жеп кетти —деп, канга боёлгон көйнөгүн атабыздын, колуна берелик.— Капырай! — дешти, тыңшап бараткан жигиттер. Магдыраган Берик олуя аңгемесин мындайча улантты: ...Бир туугандар ушул акылды туура көрүшүп, айткандай эле Жусупту терең кудуктун түбүнө ыргытып жиберишти да,анын канга чылангансыган көйнөгүн колго кармап, атасынын алдына ыйлап келишет:— Оо, атакебай, биз акмак болдук. Кара көзүбүз кашайып калды. Кийимдерибиздин жанына Жусупту отургузуп коюп, текшибиз менен ойноп кетсек, аны карышкыр жеп салыптыр. Өзүң ойлогондой, канчалык чындыкты айтпайлык, бизге ишенбейсиз да. Уулдары канга боёлгон Жусуптун көйнөгүн атасы Жакыптын алдына ыргытышты. Көз жашын төккөн атасы сүйлөгөн экен:— Кайрат кылгыла, балдарым, азап чегип ыйлаганда не пайда. Мунун баары Алланын буйругунан чыккан жорук .Айла канча, Алладан жардам сурап, ага сыйыналык. Бирок өзү канчалык кайрат кылайын десе да болбой ыйлап отурган Жакыптын жанына бир курдай баягы жалаага калган карышкыр келип, кечирим сурагандай сүйлөптүр: «О,касиеттүү Жакып, балдарыңдын айтканына ишенбе. Мени Жусупту жеди дешкени калн, караандай жалаа. Бекеринен кунөөмдү көтөрбөсүн. Балаң агалары колдуу болду». Бу да болсо шайтандын азгырыгы. Алланын амиринен болгон иш экенин айтып Жакып ыйлап кала берди. Кайран Жакып ыйлай берип, акыры эки көзү соолуп калган дейт. Ыйык курандын бул сүрөөсүн биринчи жолу уккан жигиттердин көзү алайып, сыйкырлуу окуяга маш болушуп турганда Берик аңгемесинин учугун кайрадан чубады.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

...Андай болсо, күнөөсүз жерден кудуктун түбүндө жаткан Жусуптун кийинки тагдырынан сөз баштайлык. Бир жолу кечке жуук чарчап чаалыккан кербен кудукка жакын келип токтойт. Ошондо суусап араң келаткан кербенчилердин ичинен бирөө көнөчөгүн ала кудукту көздөй чуркаптыр. Рас эле, ал жип байланган көнөчөктү кудукка тыштап жиберип, кайра тарта баштаса челек демейдегидей жеңил эместей сезилет. Тамашаң кургур десе, көнөчөктү күч менен тартып алса, ичинен бала кошо чыгат. Периштедей ажарлуу, жылдызы төгүлгөн баланы көрүшкөндө кербенчилердин баары тең: «0,жараткан, ушунчалык да сулуу пенде адам баласынан туулабы?» — дешип, кыйкырып жиберишет. Ошо бойдонЖусупту олжо катары көрүшкөн кербенчилер жолго чыгышып, өзүнүн чырайлуулугу жөнүндө мурда укпаган Жусуп кызыга түшөт да, жолдо катар өз ырайын акырын күзгүдөн көрүп: «Капырай, аябагандай сулуу турбайымбы. ..Ушу мени сатса канча пул болор элем» — деп, кызыгып коёт. Жусуптун бейчеки тилеги кабыл болуп, кербенчилер Мисирг ежетер замат баланы дүнүйөлүү бир мырзага арзыган пул үчүн сатып жибериптир. Жусупту сатып алган мырза: «Жакшылап асыра, чоңойсо кол арага жарап берер. Эстүү чыкса бала кылып алалык» — деп, аялына катуу табыштайт. Мына мунун баарын көрүп билип турган Алла таала Жусупту дагы бир жолу сыноодоң өткөрмөкчү болгон тура... Айта берсе, Жусуп жетилген сайын Алла таала ага ошончолук мол акыл, таза жүрөк, жана да адилет пейилди кошо тартуулады. Бирок да шайтандын азгырыгына дабаа жок экен, Жусуптун келишкен келбети үй ээси, бакыбат мырзанын ак никелүү жубайы Зулайка сулуунун эси көөнүн эки кылат. Бурадарларым, билген кишиге ашыктык деген эң жаман илдет. Андай азаптуу дарттын салдарына чалдыккан пенденин көргөн күнү курусун. Ашыктык илдети тирүүнү санга кошпой, өлүүнү көрдө жок кылып, бүтүндөй турпатын, дилин эзет; өзөгүн куйкалайт, санаасын удургутат, кыйнайт, күйүткө салат, уйку качып, жүрөккө тамак аш барбай, акыры сары оорунун азап тозогуна чыдабаган пенде ашыгына жетпесе, өмүрдөн да кечип ийген учурлар болгон. Аты жөнү табылса табыптын колунан айыкпаган дарт жок. А бирок да барыпкелип ашыктык деген сары оорунун сырын тапкан олуяны мен өзүм бир да көрбөдүм. Анын сыйкырын ушу кезге чейин эч жан билбейт. Алланын амириненби, же азесил даарыйбы, айтор, неси болсо да, мен туйган ал азап кандын бузулушунан улам чыгат да: адам баласы жабыгат, жайат,к ыйналып мокойт, кайра эле арстандан, ажыдаардан да коркуп койбой курчуйт, барынаң кордугу — ал түңдө кирпик ирмебестен тулку бою жалын чокко айланат бечера пенде .Мына ошондой азапка туш болгон Зулайка катындын тозоку абалын мен силерге адам тили аркылуу жеткире албасмын, ал туурасында далай акындар менен шайыр бакшылардын оозунан түшпөгөн дастангдар оголе көп. Анын кайсы бирин айтмак элем, андан көрө мен Зулайка ашыктын куранда жазылган жерине гана токтолоюн. Бечера катын акыры жандүйнөсүн тыюуга кубаты жетпей, Жусуп уланды ак жолдон чыгарып, өз боюна имере тарткысы келе, нечен жаналакетке түшүптүр. Акыры эри жокто Зулайка жаш уланды өзүнө чакыртып алып, эшикти бекем жапкан бойдон арам мүдөөсүнө жетмекчи болгон дейт: — Келгин деп жалыныптыр кучагын жайган катын. Рас, Жусуп анын шайтандуу жоругуна караманча көнбөдү. «Оо, жараткан сактай көр өзүң» — деп, Алладан жардам сурап, Зулайкага муну айтты: — Эриңди мен өз атамдай көрөм. Ал да мени баласындай ардактап, асырады. Канткенде анын тузуна карасанайм. Анда эле мени кусур урбайбы. Эсиңди жый, Зулайка. Кара баскан Зулайка өз кудуретин бийлей албайт. Ал жаш уланга ашыглык дартын айтып, кантсе да максатына жетүүнун, Жусупка ээ болуунун далалатын кыла, ого бетер жан талпас уруп мазасы кетти. Жусуп Алланын накта кулу, жүрөгү кирсиз пенде экени ушу жерде аныкталат. Ал таптакыр эле аялга боюн жолотбой туруп алганда, Жусуптун артынан Зулайка ашык кууп жөнөйт. Айласы куруган Жусуп эшикти көздөй качып чыкмакчы болот да, ошондо аял анын көйнөгүнүн артынан апчый берип, жигиттин көйнөгү айрылып кеткен дейт. Мына ушу кезде алардын бет алдынан үй ээси чыга калып, дароо жүзүкаралык кылган Зулайка эринин алдында көз көрүнө эле Жусупка жалаа жааптыр.— Балаңдай багып чоңойттуң эле, карачы, туз ургурдун жоругун.Сенин көзүң жоктон пайдаланып, никелүү аялыңдын денесин булгоого аракеттенди. Ушунчасында көзун тазала, зынданга сал, же өз күнөөсүнө жараша ылайыктуу жаза тап. —Кара өзгөйлүк кылган Зулайка буркурап ыйлап жиберет. Курулай жалаага чыдабаган Жусуптун жаны күйдү:— Аялыңыз калп эле айтып жатат, таксыр. Кайра мага өзу асылып, күнөөгө батты ал. Калыстык үчүн алты айлык наристё табыңыз. Ошол гаңа чындыкты айта алат. Кимисине ишенерин билбей үй ээсинин айласы куруп, акыры ал айткандай эле, бешикке бөлөнгөн наристени калыстыкка коюптур. Ошондо наристенин айтканы бул:— Эгер Жусуптун көйнөгү алды жагынан айрылса, катыныңдын айтканы чын. Анда эле Жусуп алдамчы, ага кандай жаза буйрусаң да жарашат. Жусуптун көйнөгү арт жагынан айрылса, катыныңдын калп айтканы. Наристе айтжандай, караса жигиттин көйнөгү арт жагынан айрылган экен. Ошондо үй ээси аялын жекирди:— Арам иш өз колуңдан келиптир. Күнөөң башыдан ашкантура. Жусуп, сен ак экенсиң, дагы эле мындай ыплас иштен сырткары жүр. Бөөдө жерден азгырып, ак жолдон чыгаргың келген, кайра ага жалаа жапкаа да өзүң турбайсыңбы. Кандайжаза тартарыңды ойлонолук... Ошентип шаар элинин аялдарынын оозунда ушак айың тарап: «Мисирдин эң мыкты мырзасынын катыны асыранды баласына ашык болуптур кызыгың түшкүр. Кантип дити барды экен андай арам ишке. Балага асылып жаткан жеринен күйөөсү өз колу менен кармап алыптыр» — деп уудуу кеп жүрүп жатты. Муну кулагы чалган Зулайка бир курдай баягь: оосар катындарды мейманга чакырат да, ар кимисинш колдоруна бычак берип: бирине сабиз тууратса, экинчи сине эт кестирип коёт. Анан катындар кызуу иштеп жатканда Жусупту чакыртып алып, бейжай ушакчылардын алдынаалып чыккан тура. Ошондо, боз уландын сулуулугуна жээликкен аялдар таңгалганын жашыра алышпай: «О жараткан, б.у адам тукумубу, же периштенин өзүбү?» —дешип, бычак менен колдорун кан дайча кесип алганын билбей калышкан дейт, ушуну менен бейкүнөө катындарды Зулайка айыпка жыгат.— Мынакей өзүңөр көрдүңөр. Мени бекер жерден табалап, ушакайың тараттыңар. А чынында мен муну жазгыргым келбеди. Бирок антпей коюуга кудуретим жеткен жок. Бул болсо таштай бекем эме экен. Айтканыма көнүп койбойт.Дагы эле айтканыма кенбөсө, Жусуп менден бирди көрөт. Зынданга салгызам, биротол байкуштун кейпин кийип, ошо жерде азап чексин.— О жаратканым, андай арам жолго кабылгандан көрө,зындан мен үчүн алда канча жыргал эмеспи. Алла, мени азезилдин торуна кабылта көрбө. Анда эле канттим? Эрксизден абииринен айрылган шүмшүкту кейпин кийгенден көрө өлгөнүм жакшы — деп көшөрө, Зулайка да айтканынан кайткан жок. Жан алакетке түшүп,эрин ишендирүүнүн аракети менен Жусупту азесилдей сыйкырчы экенин, наристени дубалап салганын айтты. Бакырларым, ошондо Жусуп уландын зар какшаганы кудайга жетиптир — деп, Берик олуя токтой калды. Кимдир бирөө жан чаначтан кымыз куюп, алы кеткесиген олуяга унду эле, ал тизгин жыйып кызыл ээгин: такап бир аз жуткан соң:.— кудайдын көз жаздымында калган кыңыр иш жок. Алла Жусупка боору ооруй Зулайканын торунан куткаруу ниетинде аны убактылуу болсо да зынданга Салган тура. Кунөөсүз баланы дагы бир жолу сынагысы келди го.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

жолу сынагысы келди го. Эми мен силерге Жусуптун зынданда жаткан кезинен кабар берейин. Зынданда Жусуп менен кошо дагы эки жаш жигит жаткан. Бир курдай ал экөө тең алтүндө түш .көрүп, Жусуптан түштөрүн жоруп берүүсүн өтүнуштү.— Айткыла — деди, Жусуп. Биринчи жигит минтип баштады:— Түшүмдө бышкан жүзүмдү эзип, ширесинен шербет жасап, аны падышага өз колум менен куюп берип жатыптырмын. Экинчиси да түшүн айтты:— Мен да тушумдө төбөмө нан көтөруп, аны падышага алып бараткан экенмин. Бир кезде карасам эле көтөргөн нанымды ар кандай куштар келип талап жеп кетишти. Ушул түшүбүздү жоруп бер, мырза. Байкап журөбүз: сен өзүн тегин адам эместейсиң. Колуңдан жакшылык гана келет— дешти алар. Рас, мен Алланын жолун ыйык туткан адаммын..Ата бабаларым да өзүмдөй такыба адамдар эле. Адамдардын ичинде Алланын жолун тутпай, келечегинен кайыр кутпөгөндөр да көп. Ошолорду аяп, ошолоргө чындап боорум ооруй берет. Биз азыр Алланын ыйык жолуна эмне кошумчалай алмак элек. Алла бешенебизге эмне жазса, баарыбыз ошону көрөбүз. Көпчүлүк аны туйбайт, топук кылуу аз. Тагдырлаш курбуларым, кудайдан өткөн кубаттуу ким бар? Алла таала жалгыз. Ага теңгелген жан жок. Аллага ишенип, анын ыйык жолун туткан адам гана марыйт. Адам баласы көкүрөгүндөгү Аллага болгон ишеничти жоготкондо эле куруйт. Башка түшкөндү көтөрбөскө нё чара. Тагдыр буйруганды кыңк этпей көтөрүу ар кимдер үчүн парс. Аны эч качан эстен чыгарбайлык. Жазмышка унчукпай баш ийе турган болсоңор гана түшүңөрдү жоруйм. Түшүңде жүзүм сыгып, андан шербет жасаганың, аман эсен зындандан чыгасың да, падышага кызмат кылып, ага өз колуң менен шербет сунуп турмакчысың. Ошондо падышага мен тууралуу кабар айт. Күнөөсүз эзилгенимди билсин. Ал эми,сен болсоң зынданда жатып өлөсүң — деп, экинчисинин бетине айтты. Өлгөндөн кийин сенин башыкөзүңдү каргакузгун чукуйт. Сага жазган тагдырдын жолу, Алланын буйругу ушу. Мен туйганымды айттым, курбуларым. Ушинтип Жусуп эки досунун түшүн жоруган экен.Айткандай эле, баягы тушүндө шарап эзгени зындадан аманэсен чыгып, падышанын кол алдына кызмат өтөт да,ошо бойдон шайтан эсин алып, Жусупту унутуп коюп, бечера Жусуп зынданда дагы бир нече жыл катары менен жатып калат. Арадан жылдар өтүп, падыша бир жолу түш көрөт да, түшүн эч ким жоруй албай коёт. Падышанын тушү мындай экен: Түшүндө жети семиз уй,жети арык уйду жана да жети баш көк буудай менен жети баш бышкан буудайды көрөт. Бир маалда жети арык уй жети семиз уйду жеп салат. Акыры — падышанын түшүн эч. кимжоруй албай айлалары кеткенде баягы зындандан чыккан падышанын кызматкери Жусупту эми гана эстеп: — керемет түштү жоруй турган адамды мен табам дейт. Падышанын макулдугун алган кызматчы зынданга келип, Жусуптан жети семиз уй менен жети арык уй жана жети баш бышкан буудай менен жети баш көк буудай туурасындагы падыша көргөн түштү жоруп, берүүсүн өтүндү. Жусуп ошол замат падышанын түшүн мындайча жоруйт. Жериңер жети жыл катары менен эң сонун түшүм берип, жети жыл катары менен элиңерде токчулук өкүм сүрөт.Ошондо буудайдын бир башын кырманды көздөн тыштайсыңар, экинчи башты даны меңен кошо машак кылып, өзүнчө жыйнай бергиле. Анан жети жыл катары менен .токчулукка кабыласыңар. Анын соңунан жети жыл ачарчылык болот. Ачарчылык кезинде баягы калган данды үнөмдөй аш кылып, үрөөн үчүн да бирден калтырышсын. Жети ток жылдын түшүмү, жети жылкы ачарчылыкка жетет. Демек, жети семиз уйду жети арык уйдун жеп койгону ошол да. Андан бери жамгыр мол жаап, кайрадан токчулук заман келет. Элиңер кайрадан бсйкут турмушта жашайт. Жусуптун жообуна раазы болгон падыша буйруду:— Ошол жигитти мага көрсөткүлө. Кызматкери Жусупка кайра.келип падышанын буйругун айтса: — Эң мурда зынданга салдырган катындан күнөөм канчалык экенин тактап көрсүн — деп өтүнөт. Айткандай ,падыша башында Жусупту каралаган катындарды суракка алса, алар бир ооздон: «Алла өзу кечирсин, биз ага бекер жерден жалаа жаптык. Аныи күнөөсү жок эле» — дешти бир ооздон. — Чидерлёнген төө акыры бир күн туруп кеткен сыяктуу, чындыкка да эч бир жан көө жабаа албасына көзүм жетти. Элдеи мурда Жусупту жазгырууга аракет кылган мен өзүм болчумун. Бирок ал дили ак, адилет, кең-пейил адам экен. Акка ийне сынбайт — деп Зулайка күнөөсүн мойнуна алды. Акыры адилеттик, акылмандык жана ажайып сулуулук жагынан Жусупка тен келе албасын билген падыша өз тактысын Жусупка түшүп берген дейт. Байкадыңарбы, кудрети күчтүу Алладан өткон көзү ачык, көңүлү жумшак, пейли калың ким бар? Ааламда кыбыр эткендин баары жараткандын кудуретинен тышкары боло албайт. Кумурсканын буту сынса, ал да жараткандын амиринен. Пейли таза адам учурунда жапа чексе, жанагинтип кудай гана калыстыкка келер. Баарын кудай колдойт, чекиликти да ал өзү оңдойт. Кала берсе, өз ыйманына камчы чапкандардын күнөөсүн да жараткан кечирет. Андыктан,бирөөгө ачууң келип, көңүлүң карарса: же пейлиң жибип,чекең айрыла кубансан да Жаратканга табын. Табынуудан жазбагын, байлыгыңа чиренбе, мансабыңа какайба. Телегейди тегиз билип, баарын көрүп турган Алла тааланы эч качан эсиңден чыгарба. Көрдүңөрбү, ошентип жазыксыз сынган Жусуптун актыгы акыры келип айгинеленди. Билгенге, аалам жүзүндөгү адилеттиктин башаты — Жусупта. Ак ийилет,сынбайт — деген лакап да ошондон калган.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 17:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ак ийилет сынбайт — деген лакап да ошондон калган. Бастырып бараткан калыбьшда Берик олуя жаңыдан алакан жайганда кокусуңан аты кошкуруп жалт берди да, кайрадан жүрөк түшүрчүдөй күркүрөгөн күн, чагылган чартчурт, азыр эле маңкая аптабы мээден өткөн Ала-Тоо, КараТоо ортосундагы касиеттүү СарыӨзөн Чүйгө каракочкул булуттар малынып, салаңдай устөкө босток нөшөр демепдемеп төгүүдө. Күн жүрүштөн берээк төмөн жакта асман көпкөк; тунган, тазарган боз салкын алдында дирилдей ээриген, эргиген торгой үнү не бир тынсачы: безейт, безеленет. Олуянын керемет жоругуна жаштар өздөрүнчө таң. Тынган теребелге кошкурган аттардын тери, деми аралаша — баардыгы дымый эч кимиси ооз ачпайт. Атчандардын дили бүт бойдон Берик олуяда, шилилери салаңдаган көпчүлүк кеп учугу качан чубалат дегендей бейкүнөө Жусуптун тарыхына тымысын кызыгып калышкан. Өз турпатына өзү корстон, дөөлөтүнө сөөлөтү бап келгенсиген сыйкырдуу кары ансайын ат үстүндө тирүү сүлдөчө катты. Өлүмтүк кубакай жүзү кайсы бирөөнү арбап жаткандай ушу кезде түпсүз, чексиз аалам да аңын бийлигинде эле. Ошол сырдуу, сүрдүү турпатты сезген Атакебаатыр да олуясын бурабады, суранган жок. Бир кезде карыя:— ал ыхлас, ыхлас — деп курандын кайсы бир сүрөөсүн кобурай, анан өзүнө өзү жооп кайтаргансыды: Оо дүйнөнүн түркүгу, Алла таала! Сенде эне жок, эге да жок — түгөлсүң. Туулбай-тутпай, атасыз-жетесиз туруп, Ааламга тутка болдуң жалгыз өзүң. Сенден ашкан сага төп келчү ким? Жан көзүнө чалдыкпадың бир дагы. Тулку жок, турпат жок жалкысың сен. Кудреттүү, касиеттүү — чоң кудай Ыкласымдан кайтпай дилимди бердим Эч кандай кылапат айтпадым. Колдой жүр биздей көр пенделериңди. Бурадарларым, мага кошулуп Алла таалага ыклас кылгыла. Азыркы мен айткан ыйык дуба курандын эн акыркы ЫКЛАС сүрөөсү. Табынуудан тайбаган мусулман баласы гана өмүр сүрүүнүтг маңызын чындап туя алат. Антпегенде көр дүйнөнүн түйшүгүнө көмүлөбүз, дилди катырып, көкүрөктү челге каптатпай жашоонун түпкү маңызын биле жүргөн эп. Андыктан ойлоп көрөлүк: көшүлгөн көк асман, саймалуу сан жылдыз, алоолонгон асыл күн менен аалам көркү жаркын айды ким тууган? Ким дегендин касиеттүү колу жаратты экендеги эле төшү түктүү кара жердин ээси кайда! Ушунун баары Алланьга амиринен жаралган. Аны туя билбеген пенде —наадан. Кудайды эч ким. ушу кезге дейре көрбөгөн.. Акыл менен сезип, ыклас кылган пенденин гана көкүрөгүндө ал. Карабашыл айры бут, биз сыяктуу адам атанын бээжай тукумдарынан тартып, жанжаныбардын баары — Алланын кулу. Анын буйругусуз, кырк жыл кыямат болсо да, бээжай чымын өлбөй, жараткандын эркинен тышкары —кумурсканын буту сынбайт. Эмелеки мен айткан ЫКЛАС сүрөөнүн маанисин биле жүргүлө, ошого жараша бейкүнөө Жусуптун падыша болушу да Алланын буйругунан эле. Кулагыңар кычышып жатат, анда эмесе кеп учугун улайын...... Адеп Жусупту падышага алып келгенде анын берген кенеши бу экен: О кудуреттүү падышам, мында» ары өлкөңдө чоң ачарчылык башхалмакчы. Элжуртту алааматтан аман сактап калуунун жалгыз жолу бар Ал өз эркиңде. Андыктан, мени бүтүндөй байлык мүлккө көзөмөлчү койсоң, жараткандын кылоосу тийилбей бир да пендең бөөдө өлүмгө дуушар болбойт. Жигиттин адам үнүнө такыр окшобогон сыйкырдуу добушу —Алланын буйругу сыяктуу угулуп, падыша өз эркин бийлей албай, көсөм Жусупка башын ийип таазим этти да, ага биротоло ыкласын берген бойдон мындай дептир: — О улан,сенин улуктугуңа, аруулугуңа эч жан теңгелбейт. Жоомарттык менен актык, тазалыктын накта улгусү өзүң экенсиң. Кудайдын амиридир, мен отурган алтын так, таажы сага ылайык, ал Алладан буйруган өзүңө. Кыйдым падышалыкты, мындан ары — сенин көп пендеңдин биримин, керек десең кулуңмун. — Жусупту такка отургузуп, падыша анын колуна жакут таш чөгөрүлгөн мөөрүн карматат. Ошо бойдон Жусуптун арааны жүруп, ал падышалык кылган өлкөдө кара ниеттик таптакыр жоголот да, бирөөнү бирөө алдабай адилеттик өкүм сүрө,кедей кембагалы дебей, байлык мулкү ташыган мырзат өрөлөрүнө чейин Жусуп падышага ыраазычылыктан башка кылапат айтышпай калган турбайбы. Адилет падыша баягы жети жыл катар болчу ачарчылыктын камын алдын ала көрүп: Карыжашы, бай кедейине чейин жер айдатып, эгин эктирип, андан кийин алган түшүмдү кантип үнөмдөөнүн айласын издейт. Айтор элин багам менен бүт өлкөнүн камын көрүп жүргөндүн ортосунда Жусуп падыша атасын эстен чыгарбай, ошол илгерки өзүнө кара санаган бир туугандары менен жүз көрүшүүнү тымызын самоочу. Айткандай, жети жылкы токчулуктан соң көптөгөн өлкөлөрдө жети жыл катары менен ачарчылык жүрдү да, мына ошондо Жусуптун атасы жашаган алыскы Ханаан өлкөсү да ачарчылыктын тырмагына чалынган болчу. Моюн ичкерип дегендей,денеден эт качып өлө турган болушканда Жакыптын мурдакы аялынан туулган он баласы атасынан өтүнөт: —Атаке, айла тап, жатып өлгөнчө атып өлөлүк. Анда Жакып кеңеш берди. — Түштүктө бир адилет падыша бар экен. Жоомарттыгы, берешендиги жагынан ага теңдеш жок дешти. Унааңарды камдап, баалуу белек бечкегинерди алабарсаңар ал силерди кур кол кайтарбас. Ушу тапта анын кампалары толо эгин. Ооба, карт Жакыптын аябай менти тайып калган кези эле. Анын үстүнө жакшы көргөн уулу Жусупту эстеген сайын ыйлай берип, эки көзү соолуп калган болчу. Баса, Жакыптын кичи аялынан Жусуп менен энелеш Жамил деген баласы боло турган. Ошону медер тутуп, жанынан карыш жылдырчу эмес жарыктык Жакып. Он уулун алыскы сапарга аттандырып жиберген бойдон озү Жамил менен отуруп калат ал. Рас, ич тардык менен илгери илгери өзүнө кыянатчылык кылышкан он агасынын сапар чегип келатканы жөнүндө Жусуп падышага күн мурунтан аян келет, кантмек эле көрмөкке журөгу дегдей падыша аларды алдынан тосуп чыккар тура. Бирок, бир туугандарын тосуп чыкканын ал жан кишиге билгизбеди. Дөөлөтү, сөөлөтү жер жаңырткан падыша нечен бир аземдүү коштоонун алдында чарчагь чаалыгып келаткан аталаш бир туугандарын алдыртав, алыстан байкоо салды. Жол азабын тарта арыктаган агаларынын түрүн кергөнде канчалык ичи күйүп, кеги ашына илгерки алардан көргөн азаптозогун эстесе да, боору ооруган падыша көзүнөн аккан бейкүнөө жашты тыя албаптыр. Мыкаачы, таш боор болсо да каны бирге агаларына жаны ачыйт. Жусуп падыша агаларына чет элдих атактуу мырзаларды күткэндөй сый көрсөттү. Ак сарайдын мыктысына жаткырып, дүйүм тамак ашка карк кылат. Не бир сыйкырдуу күү чертилип, перидей сулуу кыздар меймандардын алдынан бийлеп өтүп турду. Акыры тоскон, азган агалары тоюнуп, тыныккан кезде Жусуп падыша алтын такта отурган бойдон агаларын өзүнө чакырткан экен. Мында падыша тактыданын аземин айтып бүтүүгө сөз жетпейт, бурадарларым. Алтын туркүк, акак таш, асыл таштар менен кооздолгпн ак сарай, алтын чапан жамынып, таажычан падыша Жусуп. Нурлуу ажарына, дөөлөтүнө сөөлөт кутө келген падышаны көргөндө бир туугандардын шайы ооп, Жусупту тааный албай калышыптыр. Кантип таанышмак —ортодо далай каардуу жылдар өтпөдүбу Ошондо Жусуп аларга суроо салат:— Кайдан келген жансыңар? Эмне жумуш менеи келдиңер өлкөмө? Ичиңерде улууңар ким? Падышанын алдында сүрдөп, калтыраса да жом берди улуусу:— Онубуз тең бүт бойдон бир уядан чыкканбыз Атабыз болот азрети Жакып. Аябай арып карыса да азыр аманэсен. Бирок эки көзү тең көрбөйт, азис болуо калган. Анын себеби, эң жакшы көргөн баласы Жусуптан айрылганына көп болду.Токойго ойноп барган жерибизден ал инибизди ач карышкыр жеп кеткен, ошондон бери мөгдүрөгөн атабыз уулун эстеген сайын ыйлай берет. Көзүнөн айрылганынын себеби да ошодон, — дешип падышага атасынан дубай салам айтышты меймандар. Андан ары элжуртундагы ачарчылыктан кеп баштап, падыша казнасынан дан сатып алууга келген далалатын билдиришти алар. Атасынын тирүү экендигин укканда Жусуп адилеттин журөгү алып учуп сүйүнсө, куса болгон жаны жабыга, ыйлагысы келе өзүн араң тутту ал. Мына ошондо падыша бетин ачып, агаларына дит коюп үңүлө карады. Бирок аларЖусупту дагы эле тааный алышкан жок. Андай болгон соң падыша агаларына кыр көрсөттү: «Мен силердин жообуңарга ишене бербейм. Мүмкүн, жер кезип жүргөн уурукески же тыңчы болсоңорчу? Ырас, түрүңөр жүдөңкү, а бирок тилиңер ширин, дилиңер таза эместей. Калпты көп айткан шум адамга окшойсуңар. Ишенбейм силерге». Анда бир туугандар бир ооздон карганышты: «О Султан, аалам суктанган акылман.Кантип калп айталык өзүңө. Биз жетебизден бери ыйык тукумдарданбыз. Дилибиз таза, оюбуз ак. Эгин сатып алганга гана келдик».— Андай болсо,— деп Жусуп меймандарга шарт койду.—Эгинди унааңардын көтөрүшүнчө бергизем. Бирок тогузуңар кетип, бириңер менде аманат калгыла. Анан үйүнөргө жеткенде атаңар Жакып азрети силердин тынчы эмес экениңерди далилдеген кат жазып берсин. Аны иниңер Жамил өзү ала келбесе ишенбейм. Эгерде мен айткандай болбой калпыңар чыкса аманат калганыңар зынданда чирийт. Өзүңөр да жазаланасыңр. Бир туугандарга падышанын айтканын эп көрбөскө аргасы барбы? Тукумдары бүт бойдон ачкадан кырылганча бирөөнү аманат калтыруу алда канча оңой да. Айтор, ошону менен төөлөрүнө эгинди нык артышкан тогузу эл журтуна жөнөп кетишет.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 17:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ошентип тогуз бир тууган эл жерине чоң олжо менен келишет. Капкап эгин артышкан алар ачкачылыктын чеңгелине илинбей мындан ары аман каларын мактаныч кылышса да, болгон окуяны атасы Жакыпка төкпөй чачпай айтышты. Кантсе да бир уулунун аманат калганын укканда атасы кейип кепчип ыйлайт. Жусуп жоголгондон кийин ал өтө жашык болуп калган эле. Бирок падыша колунда амана ткалган уулду куткарыш үчүн катты Жамил алып барарын укканда ого бетер чыдамы кетти карт Жакыптын. Айла канча,бир чети ичтен чыккан ийри жылан аманат калган уулун да кыя албайт ал. Акыры сабаттуу кишини чакырып алып кат жаздырган дейт. Каттын башында падышага салам айтып, бүтүндөй дилин төгө, кантип кандайча жол менен уулу Жусуптун жоголгонунан дейре жашырган жок. Андан бери шайы ооп, бели сынып турганы айтылды. Эгерде аманат калган уулу келбей калса, биротоло менти тайырын зар какшай кошту. Жамилди болсо ого бетер жакшы көрөрүн кашкайта белгилеп, акыры адилет падышанын өмүру узун болушу менен бирге анын кең өлкөсүнө чыц ниетинен жакшылык, бейпилдик каалады азрети Жакып. Баса, башында эскертпедимби: Жусуптун атасы жашаган аймактын аты — Ханаан деп. Пайгамбар — сабаалар жашап өткөн ыйык жер экен ал. Болор жерин айтканда Ханаандан чыккан бир туугандар кайрадан падыша сарайында. Алар менен кошо кичүү иниси Жамил да бар. Падыша сарайында үч күн өргүштү: көңүлдөрү куунак, курсактары ток, сыйга карк баары капарсыз. Жатындаш инисин сыртынан көз салган падыша өзүн араң карманат, чыдамдуу. Ханаан ыйык жер болгондуктан меймандардын урматына чоң үлпөт курулду бу жолу. Тойдо падышанын жан жөкөрлөрү,атактуу адамдар. Меймандар отурган жер бейиштин жайыл дасторкондо дүйүм тамак, жан алы калбай кызмат кылган нөкөрлөр. Мукам күүлөр чертилип, перизаттар аккуудай сызып бийлөөдө. Үлпөттө отурган бир туугандар он бир. Баса, барымтага калганы да чакыртылган сый дасторконго. Бир маалда он бир ага ининин алдына беш алтын табак касалынган аш коюлду. Падышанын каалоосу боюнча бир табактагы ашты эки кишиден бир жешмек. Мында өзүнчө сыр жатканын падышадан башка билбейт эч ким. Падыша бүт баарын байкап отурганын сезбей эки экиден бөлүнөтушкөндө жатындаш он бир тууган беш табакка жиктелип, Жамил өзүнчө калды жалгыз. Көзүнөн жаш кылгырган ал ыза, жатындашынын жалкы абалын көргөн Жусуп падыша ыза. Ошондо ал чакыртып алып Жамилден сураган дейт: —Жалгыз табак четинде неге жалгыз калдың, азизим? Байкап турам, ичиң толо ыза, күйүт. Тигил бир туугандарың сени өз табагына кошпогону кандай? — Адилет падышадан сыр жашырганда эмне, ачып салды, төгүп койду ичтеги ызасын Жамил. Акыры бир сыртка чыкмак да бул каткан чер. —Булар ону тең бир энеден туулган, жатындаш. Андыктан,кааласа. каалабаса деле ушинтип ыгы келгенде бириге кетишет алар, —деп өзүнүн да жалгыздыгын жашырбады ал. Энелеш, чолпондой жалгыз бир тууган агасы Жусуптан айрылганына көп болгон, ошондон бери ичи толо бук, арманы күч. Жигит муңун айтып токтой калганда падыша арман кылгандай унчукту. — Мына карачы, мен дагы табак четинде жалгызмын. Андай болсо табакташып, ниетешип жүрөлук, азизим. Жакын кел чоочубай эле. Бир саамга болсо да ошол жоголгон агам менен бирге отурам деп сез өзүңдү. Табышмактуу, сыйкыр үн дилин эзди жигиттин. Айла канча корксо, чоочуса да падышага табакташ, бир чети эргүү басты Жамилди. Карапайым ханаандык адам, мусапыр жолоочу минтип падыша менен дасторкондош, насиптеш. Буга отургандардын баары таң, он бир тууган өздөрүнчө бушайман, ары кетип ичтери күйөт. Эми Жамил акырындай падышанын колун жакындан байкаса колу ушунчалык сулуу,көзгө сүйкүмдүү, ошондо бүткөн бой калтырай, араң турган жигиттен падыша сураптыр: — Оюңда кандайдыр кидик турат, азиз досум. Санааң чачылып айталбай турган сурооң бардай. Кысылба, жашырба, угуп көрөлүк... Эргүү баскан, калтыраган Жамил: — Сиздин касиеттүү апакай колукуз негедир мени ойго салды. Жоголгон агамды көргөндөй болдум кандайдыр. Колуңузду мындай кой, ал тургай турпатыңыз да агама абдан окшош экен. Кантейин, андаи күн болбойт дечи. Ыйык башынызды карапайым агама окшоштурганым үчүн айыпка жыга көрбө, азрети падышам. Кул кутурса кудукка кайрымак салат дегендей тантып жатам. Андан ары Жамил падышанын өтүнүчү боюнча Жусуптун карышкырга кандайча жем болгонун айтты толук. Окуяга өтө кызыккан падыша, анда эле карышкыр жеген агандын ошол кандуу көйнөгүн көргөзө алар белен дейт. Көйнөктү бир көрсөк окуянын түйүнү чечилбейт беле? Жамил сүйүнүп кетти. Агасы кайып болгондон бери ал анын тытылган кандуу көйнөгүн тумардай катып, койнунан чыгарчу эмес. Жамил көйнөктү койнунан чыгармакчы болгондо, падыша ордунан туруп, жолоочуну жеңден тартты. Алар элден бөлүнүп, далдоо жерге келишкенде Жамил койнунан кандуу көйнөкту алып чыккан дейт. Алланын буйругуна дабаа барбы, арадан көп жыл өтсө да балачактагы көйнөгүн көрүп турат Жусуп. Тааныды, көйнөк накла өзүнүкү. — Жакшылап карачы,көйнөктөгү тактар жаш улактын каны экен, — деп эйтты падыша. — Бул шайтандын азгырыгынан болгон яш. Сезип турам, агаң Жусуп тирүү. Агасынын өлбөгөнүнө сүйүнгөн Жамил падышага жалынган бойдон: — Эгер агам тирүү болсо сиздин куракка чыкмак, — деп алды. Өзүңүз да агама аябай окшошсуз. Айып этпе, сизди агамдай көрүп жүрөйүн, азрети падышам. Бейкүнөө шейиттин жаны мүмкүн сизде жүргөндүр. Жараткандын кудрети күчтүү да... Ошондо жаш чайыды кирпиктерин Жусуптун. — Азиз досум, айтканыңдай мен да сенин аган болууга макулмун. Өзүм да эч кимим жок жалгыз элем — деди дили бошоп, үнү калтыраган падыша. Буга ишенип-ишенбей Жамил ыйлады. Ансайын чыдамы кеткен падыша бетиндеги пардасын ачса, капкачан шейит болгон Жусуптун өзү. Буркурай ыйлап, эси кеткен Жамил жатат өлүктөй сулк. Башын жөлөп улам өбөт бир тууганын Жусуп падыша. Жамил көзүн ачып агасын: өктөө кылды мындай деп;— Ушунча жыл кабарыңды билгизбей не кылган жоругуңбу? Ыйлай берип атамдын көзү сокур. Кагылайыным ай, кыйнадың го бизди!Жусуп инисин эркелетти:— Менин тарыхым узак. Оор эле мага тартылган тузак. Силерди эңсеп, өзүм да куруп бүткөм. Акыры бул күн келет деп зарыгып күткөм...— Карыш чыкпайм . жаныңдан — деп иниси кайра ыйлап агасын улам кучактайт. — Сенин кызматыңа жарап, күн-түн күзөткөн сакчың болоюн. Керек жерде өзүң үчүн жан кыйуга даярмын.— Шашпайлык, — деди Жусуп инисине. — Экөөбүздүн сырыбызды агаларыбыз билбесин. Азыр барып көрун. Окуянын түйүнүн өзүм чечем. Жанына келген Жамилге чыдамы кеткен бир туугандар суроо салды:— Алла таала колдоп, ишибиз оңолгону ушу. Сен падышага насиптеш, табакташ болдуң. Айтчы, деги эмне жөнүндө сүйлөштүңөр? Жамил кууланды.— Акылман тура падыша. Силер мени табагыңарга кошпогондон кийин сарсанаа болуп отурганымды сезиптир. Жанына чакырганы да ошондон экен. Эмнеликтен агаларың сени өзүлөрүнө табакташ кылган жок? дейт. Энеден экөө элек десем, жатындашын кайда? — дейт Анан мен армандуу Жусуптун өлүмүн айтып берсем. «Канга чыланган көйнөгүн көрсөтчү? — деди. Аны мен койнума тумардай катып жүрчү элем го. Көрсөттум падышага Жусуптун көйнөгүн. Карап- карап таңгалды Анын айтканына караганда көйнөктөгү кан баланыкы эмес, жаш улактыкы экен. Олуя падышанын айтуусу боюнча кайран Жусуп карышкыр колдуу болбоптур. Карышкырдын күнөөсүн силер бөөдө көтөрөсүңөр деп зекиди мени. Эсин жоготкон агалары бир аз унчукпай калышып:— Падыша адам тукуму эмей көзү ачык го, мунун, олуялыгын — дешип, жакаларын тутушкан экен.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 18:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Эмки кеп Жусуп адилеттин амал таап иниси Жамалды кандайча жол менен алып калышы жөнүндө болсун. Падышанын буйругу боюнча ханаандык жолоочулардын калыбына атайын алтын чен аяк менен буудай салынды. Жүктөр толгондо алтын ченди көргөзбөй Жамилдин кабына катып оозун бууп. тышташат. Бир туугандар жолго чыкты. Олжого тунгандыктан алардын санаалары жайында. Жол ортолоп калганда, арттан уюган чаң чыгып, токтоп карашса падышанын жигиттери. Жетип келген алар жар салышты:— Падьша сарайынан силерге эгин салып берген чен аякжоголду. Билебиз, силер азис мейман болсоңор да кокус алган жоксуңарбы? Алсаңар сыйыңар менен чыгаргыла. Бир туугандар актыгы учүн касам ичүүгө даяр эле. Өздөрүн күнөөлүү сезбеген соң камырабай алган жокпуз деп карганышты бир ооздон.— Тинткиле! Буйрук болду куугун башынан. Тинтип көрүшсө кара баскан алтын чен Жамил артынган каптын ичинен табылса боло. Куралдуу куугунчулар карап турсунбу, Жамилди алып жөнөштү падыша сарайын көздөй.Атасынын кыйылганына карабай Жамилди ала келишпеди беле. Эми инисинен кур бекер айрылган алар канткенде атасынын жүзүн карай алышат. Айлалары кеткен бир туугандар кайра келишип, падыша алдына жыгылышты. Жамилдин күнөөсүн моюнга алгандан башка айла жок эле. Бир туугандардын ичинен эң улуусу сөз алды:— Инибизди азгырган шайтандын нак өзү. Антпесе сиз менен насиптешип сыйыңызды көрүп жатып ушу ишке барат беле. Азрети падыша, аныбыз сыртынан соо адамдай көрунөт. Бирок биз билебиз го, өзүнчө ноокас ал, Кээде жөн туруп эле ыйлап, онтоп, кабак аччу эмес. Жакындарды тааныбай да калчу. Жоомарттык кылып күнөөсун кечип коюң, адилеттуу падыша. Жамилсиз үйгө барсак атабыз өлүп калар. Ансыз да көзү көрбөй куурап турган чагы. Мындай кайгыны көтөрө албайт байкуш атабыз. Бир туугандар чогуусу менен падышанын бутуна жыгылышты. Падыша көнмөк беле:— Ууруга, калпычыга шариатта кечирим жок. Ишенбейм силерге, дагы зынданга түшпөй тирүү турганыңарга шүгүр кылгыла — деп, аларды айдатып чыкты сарайдан. Ошентип айла кетти бир туугандардан. Эгерде Жамилди тыштап кетишсе эле курубайбы атасы. Илгерки жоруктары бир тен, азыр эмне деп жооп айтышмакчы; Андан көрө дешип падышаны жекеге чакырмак болушг. намыстанган алар. Араларында кайраты таш жарган кара кучү арстандыкындай азаматы да бар болчу. Ордо до айкырып чуу көтөрө ал тилегин падышага билдиришти. Агаларынын кур кыйкырыкка алдырган жалган намысы каарын өрчүтсө да, акыл токтотту падыша Жусуп Падышалык касиет ачууга кантип жеңдирсин. Кана жг кын келгиле дегендей өзү алтын такта кебелбейт. Биг туугандардын кабагы бүркөө, каары сыртында. Алардьп эң улуусу сөз алды:— Падыша, өзүңө баш уруп таазим кылабыз. Кылапат айтпайлык деген элек, бирок биз ызадарбыз. Инибизди бошотуп берсеңиз экен. Антпесеңиз бизде өнөр деген толуп жатат. Касиеттүү сарайыңызга бүлүк салууга күчүбүз жетет.— Кантип? — деди, кебелбеген падыша.— Жекеге чакырабыз.— Кимди? — мыскылдай күлдү падыша.— Өзуңүздү да, макул болбосоңор эле кеп башка. Бир кыйкырсам шаардагы катынбаланын журөгү түшүп елөт. Экинчи жолу кыйкырсам унаасыз каласыңар. Ат матыңар,эшегиңер кошо бүт кырылат. Эгер үчүнчу кыйкырсам шаарыңда жандуу адам аттуу калбайт. Мындай макоолукка падыша таңгалды:— Бечераларым, падыша башым менен жекеге мен чыгамбы? — дептир. Жекеге чыкчу найзакерлерим мин деп саналат. Силерден өткөн укмуштуу сыйкырчыларым да жетиштүү. Күч сынашкыңар эле келсе чамаңарды сынап көрөлүк. Жусуп агаларын кан жолго ээрчитип чыкты. Келишсе жолдун как ортосунда боз үйдөн чоң кара таш жатат дейт. Эки жактан келаткан жолоочулар өтө албай быкбырдай кайнайт. —Кана, эр болсоңор ушуну кимиңер жолдон чыгара тебе алат?Ошондо алардын бири эмес, ону биригип кара ташты ордунан кыймылдата албай коюптур. Ошентип ханаандыктардын айласы куруп турганда падыша жай басып келип бир тепсе зылдай кара таш турган ордунан камгактай учат. Эл таңгалып,эрдемсиген бир туугандардын үрөйү учат да, падыша бастырьш кеткен тура. Андан сон бир туугандар өз ара кылдашып, Жамилдин жанында дагы төртөө калып калгандары жолго чыгышты . Сөздү көп эле чойбой, эми Жакып азреттин уулу Жамилдин жаман жоругун уккандан кийин эси ооп калган жеринен баштайын. Азрет эси ооп жатып түш көрөт, түшүндө Азреил жан алгыч менен бет келип сүйлөшөт. Жакып чал:— Салом алейкум, Азреил жан алгыч. — Аалекум салам,азрети Жакып.— Күтүп жүргөм, жакшы болду келгениң. —Келдим, азрети Жакып.— Алмадай башка бир өлүм. Мен даярмын, тарт аманатыңды. — Эмнеге мынча шашылдың, али ичер сууң бар эле го...— Мындан ары мага өмүр сүрүүнүн кызыгы жоктой. Жакшы көргөн уулум Жусуптан алда качан айрылгам. Аны күтөкүтө зарыгып, минтип азиз болдум. Үмүт да карыды. Андан башка экинчи бир медерим Жамил доого учураптыр. Мындан өткөн каргыш болобу азиз Жакыпка. Эми өмүр сүрүүнүн мага кереги канча? Тарта бер жанымды, Азреил. Азреилдин жүзүн мээрим чайый Жакып карыяны соороткон жери:— Азрети Жакып, сенден өткөн ак ниет, дили таза пендени көрө элекмин. Азыр мен жаныңды алганы келген жокмун. Кайра сени сооротоюн деп келдим.— Азреил жан алгыч, эч кимге боор ооручу эмес элең го. Мунуңду кандайча түшүнсөк? Сенин кызматың жан кыюу. Акка мойнумду сундум деп жатам. Тарта бер жанымды. Азреил айтканын дагы ырастады:— Сенин күнүң бүтө элек, азрети Жакып. Ичер сууң али алдыда. Дагы далай нарктуу өмүр сүрөсүң. Шашылбай акырын күт.— Андай болсо суроом бар, — деп Жакып жан алгычты тиктеди. — Тирүүлөрдүн арасында кара чечекейим Жусуп жүрөбү? Же алда качан жанын алдың беле? Бул дүйнөнүн көй азабын тартпай жүргөндүр бейиште. Күнөөсү жок жаш баштың кимге зыяны тийди дейм да...Азреил күңгүрөдү:— О ыйык Жакып, билип кой. Үмүтүңдү кур бекер үзгүм келбейт. Жусуптун жанын ала элекмин мен. Уулуң тирүү. Азыр аның эл бийлеген падыша. Жусуптун даңкына тенкелген падыша буга чейин чыга элек болчу.— О Алла, чын эле Жусуп тирүүбү? — деп катуу кыйкырган Жакып ойгонуп кетиптир.Эми Жакыпка күч кубат кирип чыйралды да, ошо замат падышага кат жаздырат. — Ак ниет, адамкерчилиги тендешсиз Азрети падышам. Колу ачык, мээрман, акылдуу султан. Сенин дайныңды көп уктум. Сизге чейин элде, эч бир жерде өзүңдөй даанышман бийлик эгеси болбоптур. Жамалы өзүңкундөй сулуу, колу ачык падышаны адамзат көрё элек болчу. Каармандык жагынан өзүнө эч падыша жетпейт. Эми мендей бечера пенде муңун угуп кой. Чынында мен аябаган кары адаммын Эки көзүм караманча көрбөйт.Анын да өзүнчө себеби бар, азретим. Уулдарымдын ичиндеги жанымдай көргөн жалгыз медерим Жусуптан айрылгам. Андан бери канча жыл өттү. Көңүл чөгүп азап жедим. Бирок үмүт үзбө. келатам. Кайгырам, ыйлайм, бирок кайра эле Жусубум тирүүдөй сезилет. Анын жамалы, карааны дайыма коз алдымда. Уктасам-турсам элеси өзүм менен бирге. Ошого тете Жусупка жатындаш иниси Жалил менин акыркы үмүтүм, шамчырагым эле. Ал дагы түтүндөй изсиз жоголгон агасын менчелик жакшы көрчү. Мени менен кошо ыйлай берип,мээсине доо кетсе керек анын да. Болбосо, уурулук ишке кантип барсын. Аны шайтан азгырды. Мен өзүңдөн кечирим сурайм, азрети падышам. Билем, уурулук үчун бир гана жаза,ал — өлүм. Ошентсе да даанышмандык кыл, бейкүнөө Жалилди өлүмгө кыя көрбө. Кечир күнөөсүн.. Азаттык бер жалгыз башы кетип, Жусупту алар соодагерлерге сатып жибергенине на. Мендей шордуу карыптын, мусапыр атанын сооб чейин айтып, бир туугандардын ошондогу тил катына тиер касиеттүү жаныда. Күнтүн дебей өзүңдү бөөдө кыйнап чейин көрсөтсө да, алар караманча танып жатып алышсыктан сырткары болушуңду тилейм. Тукумуң өссүн де са боло. кудайга табынам. Алтын таажың асыл башыңдан эч кг Жаны күйгөн Жусуп тигилердин алдына келип: чан түшпөсүн, азрети падышам. Уулдарым да ичине — Жакшылап тиктегилечи, ошол Жусуп деген ини зилдеп, кейип жатышат. Мендей бечера атаны азапта дер мен болом. Силердин кыянатчылыгынардын аркасы куткар, азрети падышам. Тукумуң өссүн — омийин. менен канча жыл азап чеккенимди билбейсиңерби? —Уулдарынын колуна катты карматты Жакып азрет деп, агаларын тиктей берген экен. Жолоочулар. канча күн сапар тартканы белгисиз, акы Ооба, эми аябай күнөөгө баткан агаларын Жусуп азыр падыша сарайына жетип келишти. Кантсе да алар рет зынданга каматып, кандайча жаза берүүнүн жолун дын санаалары жайында эле, анткени атасынын катын ойлоп жатканда, падышанын үстүнө Жебиреил периште колдорунда. Кооптонуу бар, бирок үмүт да чоң. Ошентип кириптир. Жебиреил периште: ханаандыктар кайрадан падыша алдында турушат. Азирети падышам, — деп Жусупту тиктейт — азрети падыша атасынын катын окуй бир чети жүрөгү зит 6ир туугандарыңдын күнөөсү жазанын эң ооруна ардеп, кайрадан ага жооп жазды Жусуп. Жообунда атг зыйт Бирок да айтчы, кандай жаза буйрумаксың алар агасын сооротуп, жакшы көргөн уулу Жусуптун тирүү жүг _ Кектөө капырдын иши гөнүнөн үмүт үзбөөсүн өтүнду да,касиеттүү карыя да , , ... _гы бир аз чыдаса, уулу менен жүз көрүшүп каларын э>.кертти. Падышанын экинчи каты колуна тийгенде Жакыптынкубанганын айтпа, ошол адилет падыша чын эле Жусуптун өзү болуп калбасын деп Жакып айтып да алды. Ошондо балдары: — Ата, кур кыялга алданба. Жусубундун ушу кезде сөөгү сөпөт болуп, жаны бейиште — дешип жуутушкан жок.— Биз эртең менен эрте жолго чыгабыз. Падышага берчү жообуңду даярда!Эми атасынын үмүтү жанып: Жусупту издегиле. Ал тирүу— деген сөзүн улам айтып кала берди. Бирок уулдары падышага кайра келгенде: Жамилди бошотуп руүсүн өтүнүшүп, атасынын Жусупту издегиле, деген отунүчүн айтышкан жок. Азрети Жакыптын мындан башка каалоосу жокпу менде?— деп кабак түйдү падыша.— Жок, дешти бир туугандар. Жамил гана бошонсо атабыз раазы болот. Биздин да тилегибиз ошол...Агаларынын калпычылыгы жанына баткан падыша дагы такып сурады:— Андай болсо, бейкунөө Жусуптун кандайча жоголгонун жашырбай айтып бергилечи? Мүмкүн, аны карышкыр жебегендир. .....Бул жолу да агалары мурдагы айтканынан баш тартышпай, Жусупту карышкыр кантип жегени жөнүндө калп эле жобурай беришти. Агаларын мынчалык карабеттикке барат деп ойлогон эмес Жусуп. Эми чыдабай кыя көрбө. I II» 11 г Падышанын жообуна раазы болгон Жебиреил периште эми падышага мындайча кеңеш берди:— Андай экен, күнөкөрлөрдү дагы бир жолу сынап көрөлүк. Угалыкчы, алар зынданда эмне жөнүндө сүйлөшүп жатышты экен. Эгерде, Алла тааланын алдында күнөкөр экенин сезишип, зыярат кылып, зар какшап жатышса, күнөөсүн кечип коёсуз. Адегенде киши жибер сүйлөшкөн сөздөрүн уксун...Жебиреил периште айткандай эле жиберген киц экинчи күнү агаларынын эмне жөнүндө суйлөшкөнун Жусупка төкпөйчачпай айтып келди. Өлүмдөн башка жаза өздөрүнө ылайык эмес экендигин моюндарына алышып, зар какшап жатышыптыр алар. Ханаандык ыйык атабабабыздын арбагына шек келтирдик. Жусуп менен Жамилдин күйүтү аз келгенсип,эми биздин акмак жорукту укса атабыз Жакып элдин жүзүн кантип карайт Намысына чыдабай ардангандан да өлөт дешип Азреил жан алгычтын келишин күтүп жатканын укканда Жебиреил периште кеңеш айтты:— Азрети Жусуп, сен тарткан азапка агаларың куңөөлүү бекен? Ал шайтандын колунан келди. Караниетик, мыкаачылык шайтандын гана иши, Анын баары Алла таалага дайын...Ошентип Жусуп падыша агаларына кечирим берет Андан соң дили тазарган бир туугандар ичтерине кир сактабай канча күн тойлоп, тирүүлүктүн рахатына батканын мен айтпайын, бурадарларым. Андан көрө Жусуптун атасы Жакыптан кабар берелик. Ыйык тамсилдин негизги түйүнү да ошондо чечилет.— Айтыңыз — дешти атчандар бир ооздон. „Жусуп адилет атасын алдыртууга кам көрүп, жаналы калбай не бир уктасачы. О Алла, азиз болгон, канча жыл азап жеген атамдын көзүн ач. Ошол киши менден баар таап, көңүлү агарсын. Адилет башкарган өлкөмдү өз көзү менен көруп, алтын сарайыма суктансындеп, табынып жатканда дагы эле асмандан Жебиреил периште түшүп келип мындайча кеңеш айтат: — Сенин үнүң Аллага жетти. Мындан соң атаңды; көзү ачылып, ал кадыресе жашарат. Ан үчүн илгерки сенин кандуу койнөгүндү атаң колуна кармап, көйнөк у менен көзун сүртсүн. Ошондо гана Жакыптын көзү ачылат, өзү жашарат. Бирок көйнөктү атаңа алып бара турган бир күнөөсүз пенде бар. Ал сенин ордоңдо жаша; Аты — Ашыр. Ошо кул менен сен тагдырлашсың. Себеби, сенин Канча жыл азап чегип, өзүнун көзү сокур болушуна атаң Жакып күнөөлүү. Ал мындайча...Андан ары Жебиреил периште качанкы бир кезде болгон окуя баяндайт. Көрсө, Жусуп менен Жамил төрөлгөндөн кийин энеси каза болуп Жусупту бир балалуу бечера аял багып жатчу экен. Балдар жаныдан тороло баштаган кезде Жакып, аялдын жалгыз уулу Ашырды соодагер сатып жиберген тура. Аял ыйлай берип акыры: — Сен дагы менин күнүмду көрүп кал— деп Жакыпты каргап тыштаптыр. Бейкүнөө катындын каргышына калгандыктан гана жогоруда биз баяндаган азаптуу тагдырга ки~ риптер болуптур Жусуп. Ал каргышты жандырыш үчүн Ашырга азаттык берип, ошол эмчектешиңди өзүңө жан жолдош кылып ал. Ашыр качан Ханаанга жетип,атаңа жолугардан мурда энесин таап, анын жүзунө жүзүн тийгизсин. Ушу кезде ал кемпир — кайырчы. Анын да көзү сокур. Ал дагы ошончо жылдан бери уулун күтүп жүрөт. Уулу экөө көрүшкөндө баягы каргышы жанып, ага да коз бутөт. Ашыр энеси экөө жолуккандан кийин гана сенин атан Жакыпка барсын — деп Жебиреил периште асманга учуп кетти.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 21:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Берик олуя унчукпай көктө торгой безеленип, Ала-Тоо тараптан уламулам күн күркүрөй, Ашым азыктын тилегин кудай берип, кара нөшөр СарыӨзөндүн үстүн сабап жатты. Олуя көпкө унчукпай калган соң жигиттердин ичинен кимдир бирөө күңк этти:— Олуя ата, бүттүңүзбү? — Бүтпөгөндөчү, бүттүм.— Жакыптын көзү ачылгандыр! — Ананчы, алар уулу Жусуп падыша болушуп, көп жылы чогуу жашашкан. Атаңды өлтүргөнгө аш бер дегендей ошентип, кудайдын ыйык китеби куранда: — Таш менен урганды сен аш менен ур деп айтылат. Чынында кекти кудайым капырга берген. Жамандыкка жакшылык кыла алат эр киши. Жакшылыкка жамандык кыла берет ар киши. Душманына да жакшылык кылып, кечирим берүү эр кишинин колунан келет. Ошондуктан ыкластан тайбай аркачан Алланы эсиңерден чыгарбагыла, бейкүнөө пенделерим. Олуя курандын Ыклас сүрөөсүн дагы кайталады. О дүйнөнүн туркүгү, Аллатаала, Сенде эне жок, эге да жок —түгөлсүң. Туулбай тутпай, атасыз жетесиз туруп Ааламга тутка болдуң жалгыз гана Өзүңдөн ашкан, сага төп келчү ким? Жан көзүнө чалдыкпадың бир дагы. Тулку жок, турпат жок өзүндө. Ыклас кылып, дилимди койдум. Эч кандай кылапат айтпадым, Колдой жүр биздей көр пенделериңди, Оомийин. Олуяны ээрчий бардыгы бата кылышып, аттар басыгын ылдамдатканда Шергазы чыдаган жок.— Олуя ата, карабет Зулайканын тагдырычы? Олуя чоочуду:— Карабет дебе, ал бейкүнөө катын.— Бейкүнөө катын Жусупка кошулгандыр? — Ананчы, кошулмак тургай Зулайка көп бала төрөп берген дейт Жусуп адилетке.— Айтсаныз? — жигиттер чуулдашты. Берик олуя ойлоно түшкөндүн ортосуңда Атаке баатыр акырын сүрөдү. Өзүнүн да бул ыйык сүрөөгө дити берилип калган эле.— Олуям, анча болду аягына чык. Тамсилдин маанисине мына бу мадыра баштар кансын. Антпесең булардын ышкысы басылбайт... Күүгө келүү сезимин — ышкы дейсиңерби, неси болсо да ал капыр мүлдө жанжаныбар менен айбанаттан баштап, адам атанын тукумдарынын турпатын да билгизбей бийлеп кетчү сыйкыр күч. Анын кудрети, касиетинен тукум уланат. Антпегенде, кара жер үстүндөгү тирүү жандын баары алда качан жексен болбойт беле. Айбан тукумдары үчүн самоонун өзүнчө чеги бар. Демек, жылдын мерчемдүү мезгилинде гана алардын самоосу бир гана жолу козголот да, алардын ышкысын теңирим өзү теңдейт. Айбанаттар менен жанжаныбарларга тийиштүү табияттын жосунуна жараткандан башка эч ким каралашпайт. Миңмиң жылдап келаткан анын жол жобосун шайтан да буза албас. Ал эми самоонун азгырыгы Адам атанын тукумдарынын күнүмдүк турмушунда чачыңкы. Ал туурасында айта берсе сөз арбын. Көбүн эсе мында адам баласын шайтан азгырат, алардын ыйык сезимине шайтан аралашат. Айры буттардын турмушунун чордону — үйбүлөчүлүктө, жупжуптан эрдикатын болуп жашоодо. Алла таала адеп Адам атаны топурактан жасаганда эле аны күн мурунтан ойлонуштурган, аны жалгыз койбой, Мама хаваны Адам атанын кабыргасынан кесип алып жасаганы да бекеринен бекен? Үйбүлөчүлүктүн, эрдикатындын турмушунун башаты —Адам ата менен Мама Хавада. Адам атанын кабыргасынан жасалгандыктан, эрине кылапат айтпай баш ийүү — аялзатынын ыйык парзы. Эр деген жеке эле мал жандык тургай үйбүлөнүн, катындын эгеси. Ыйык курандын өзү да эрдин касиетин аялдан жогору коёт. Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр өйдө деген эл макалп бекер жерден айтылбайт. Ушуга жараша, аял-эркек мамилесинин ыйык куранда жазылган жерин биле жүргөнүнөр оң. Шайтан гана аралашпаса: өрттүү сезим, карабаскан самоону башкарып алуу — мусулман баласынын өз колундагы иш дечи. Анын накта айгинеси — Жусуп менен Зулайканын тарыхы. Ал икаяны уккандан мурда, курандын никеге тийиштү үжерлерин билип койсоңор дейм. Демек, нике кайып же актык, адалдыктын ортосундагы өтмө катарына Алла тааланын өзү так, апачык жик койгон. Адам баласынын айбанаттан бөтөнчөлугу да ошондо. Динди таза туткан адам гана — өлсө жаны жанаттан орун алат.Үйбүлө күтүп, катын баланы багып алууга кудурети жеткен адам шарият боюнча төрт катынга чейин алууга руксат. Мындай чакта эркек киши тандайт аялды. Жанагы самоо, ышкы деген амалды — ушу жерден чечмелейин. Силерче ал —ашыктык. Демек, ашыктык арзуу сезим: аял эркектин экөөнө тең жат эмес чыгар. Бирок да арзуусун ачык айтып, ашыгына калың төлөп никеге туруу — эркектин милдети, арзып жүрүп нике кыйып алган катын — сенин энчиң, так айтканда менчигиң. Сен агз эгесиң. Ал катын сага тил тийтизип кылапат айтууга, же ак никени бузуп, арам жосунга барууга акысыз. Ушуга жараша катын киши эрине талак бере албайт, аялга үч талак бериш эрдин иши. Эр жеткен киши, кимди аялдыкка алууга болбойт? Мисалы, атаңар жологон катын сен үчүн ыйык. Ал сага эне, ага нике жүрбөйт. Атасы жологон аялды катындыкка алмак тургай, ага сугун арткан эркек күнөөлүү, андай ыпластыкты куран айыптайт. Анын сыңарындай баласы жологон аял атасына буйрубаган. Дагы кимдерге нике журбөйт? Эне менен эжеге, карындашыңа, кызыңа, атажагынан: бүтүндөй жатындашка, эмчегин эмизген аялга. Ушинтип айта берсе толуп жатат. Кыргыз атабабадан бери жети ата өткөнчө кыз берип, кыз алышпаган. Эгер алган эри каза болуп башы ачылса: — ага ининин каралуу жесирине кайчылаш нике кыюу лаазым. Жана никелүү эри бар аялды алууга эч кимдин акысы жок. Эгер анчалык эле сенин аялзатына ышкың түшүп, ашык болуп калдың дейли. Анда ошо аялга эри үч талак берген соң катындын мурдагы эрине калыңын төлөп берип никелеш. Мындан бөлөк купулуңа толгон, өзүң ашык болгон аялды калың берип алуута кудретиң жетпесе айла канча, анда жылкыңа карап ышкыр, мурдуңа карап бышкыр дегендей, күңгө да болсо нике кый. Ушужерден дагы бир эскертчү сөз. Эркек киши аялга дайыма адилет мамиле кылуусу парс. Эркек курулай зулумдук кылып, аялды бекер жерде эзгени жарабайт. Какпа, чаппа — ал сенин балдарыцдын энеси, акыреттик жарың. Бирок, мунун экинчи жагын биле жүргөн оң: эркек— аялдын пири деп башынд; эскерттим го: малмүлктүн, байлыктын эгеси болгон сыяк туу — эркек аялдын да эгеси. Аял үйжайды сарамжалдайт, күтөт, эринин тапканын сактайт. Экинчиден, аял эркектин жары тургай: жаны, асылкечи, бирден бир ишенген адамы. Алла таала каткан сырды —• аял да ката алат. Кыргызда деле айтылат го: эркектин ичине ээр токумдуу ат батса, аялдын ичине —кара башыл адам батат. Курандын өзүндө да ушу дуба бар. Андыктан, алпештелип койнуңда жаткан аял сенин сырынды сактай билүүгө акылуу. Демек, аял затын кор кармабай, аны алпечтей да билгиле. Сенин сыйсыпатыңды никелүү катының түшүнбөй тил кайрып каяша айта берсе, сен анын эри гана эмес, эгеся катары жаза берүүгө, ал тургай үч талак айтууга укуктуусуң. Аялың сага чыгыштык кылып, нике бузса — төрт кишини күбөгө тарт. Эгер ошентип, аялдын кынтык иши далилденсе — эри аны кандай жасалайм десе да өзү билет. Ал тургай андай катындын жанын кыйып, тындым кылып койсо эри күнөөлүү болбойт. Мындай кезде кыргыз баласы канткен? Катындын чачын кыркып, бетине көө сүртүп, байталга тескери имгизип талак берген. Күнөөкөр, ээн баш катынды байталга кердирсе да жарашар. Дегинкисин, жазалап өч алууну куран бардык учурда жактабайт. Эгерде күнөкөр катын Алла алдында заркакшап кечирим сураса — күнөөсүнөн куткарылат. Алланын амиринде деги эле кечирилгис күнөө жоктур. Кээде күнөөсү тоодой жандимилер да учурайт. Кыларын кылып, кыл жип менен бууп дегендей алар аша чаап кеткенине карабастан өлум алдында — анткорлоно, курулай кечирим сурашат.Андайларга ишенүү — күнөө, андайларга өлүм ак. Ушулар жөнундө өзгөчө курандын тобоо сүрөөсүн биге жүргөнүңөр Үй бүлөнүн актык тазалыгы туурасында дагы бир собол, куранда: о кудайга сыйынган пенделер, мас абалыңда намас уба, тилиң булдуруктап маскара болосуң, келмеге тилиң лбей абириң кетет. Дегеле мас болуу быякта турсун, адаттаашыра жеген тамактын баары арам. Ошондуктан ынсап кылажүргүлө. Сапар тартыл жолго чыксан да, мусулманчылыктыэстен чыгарба. Даарат алып, сууга чайын, анан намазга жыгыл.Эгер сыркоолоп, ноокастап калсаң же мусапыр болуп жеркезип журсөң, же кокусунан аялга жолоп бир төшөктөкоюндашып дегендей бетине бетиң, этине этиң тийсе — суугажуун, даарат ал. Суу жок болсо, таза кум менен жүзунөрдү, бетиңерди, этиңерди сүрткүлө. Ошондо гана сени— Алла таала кечирет. Булар адалдануунун, тазалыктысактоонун эрежеси.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 22:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Мына ушул узун сабак шарыятты уккандан тажадыбы өткүр жигит Шергазы олуяны Жусуптун тарыхына жакындатуунун амалын кылды:— Ыйык курандын насаатында эркекке өзү асылып, алтургай ала жипти аттаган аялдын баары күиөөлүү дедиңиз. Андайларды тындым кылса да болот экен. Асыранды баласы Жусупка өзү асылып, күнөөгө баткан Зулайка жаза албай, алмак тургай кайра Жусупка никелуу катын боло алса —арабызда эле жүргөн койчумойчулар, мадра баштар кантет?— Сурооңдун чекилиги жок — деди, баш ийкеген Берик олуя.Атаке баатыр көкүттү:— Чеч ыйык каптын оозун, олуям. ...Жусуп адилет ачарчылыктан элин сактайм деп мамлекетинин камын көрүп жүргөндө Зулайка катын ашыктыктын азабын тартып, жүрөгү өрттөнгөн бечера караманча эки көзү көрбөй калган дейт. Баса, ошо кездеги анын эри жан таксым болуп башы бош эле. Байлыгы ашыпташыган катын уламдан улам Жусуп дегенде ак эткенден так этчү. Нөкөр кыздардан башка ээн үйдө өзү жалгыз, ышкысы аша от болуп күйүп жалындай, үшкүрсо оозунан көк түтүн атылып, мына ошол армандуу дарттын айынаң анын чүнчүгөнүн айтпа, кала берсе карыды, бели бүкурөйдү. Бир жолу ал Жусупту эңсеп күйуп отурган чакта көчө жактан кандайдыр кыйкырыкчуу чыгат. — Бу ким? — деп, дирилдеди бечара Зулайка. «Падыша Жусуп кетип баратат»дей салды күңдөрүнүн бири. Мына ушу жерден Зулайка онтоп, кошок кошкондой катуу кыйкырып ыйлап алды да:«Минтип кур бекер азап чеккенден көрө кантсе да бул тозоктон чыгуунун жолун издейин. Жусупка жетпей кор болгончо өлгөн жакшы» — деп өзүнө өзү ант берди. Кандайда болбосун анын жолун табуу ылайык. Антип минткенче Зулайка күңдөрүнө жетелетип алып ошол Жусуп падыша өтчү жолдун боюна тура калат. Айткандай, ушу кезде Жусуп өтүп бараткан эле. Падыша жанынан өтө бергенде Зулайка ашык үнунүн жетишинче:— О адилет падышам, бир аз аярдап, мендей мусапыр аялдын, сенин айдай жамалыңа, адилет мүнөзүңө ашык болгон бечеранын зарын уга кет — деп жалынды, —Сеникиндей сыйкыр үн, даанышман көрк эч жанда жок. Адилеттик, ак ниеттик, тазалык менен чыдамкайлык гана жеткирди өзүңдү ушул бийик даражага. Эрким жетпей,эсим эки болгон мен бейбак аял — ашыктыктын айынан ушул абалга келдим. Аргымагыңдык тизгинин жыйып,акылыңды айт. Карыган кемпир, жинди аял экен деп менден жиркене көрбө, падышам. Мусапыр үндү уккан Жусуп падыша:— Бейкүнөө катын, чыдагын. Чыдамдуу бол, мусапырым. Кимде ким күтө билсе, чыдай билсе — ал тидегине жетпейкойбойт. Көп ыйлап, көп кыйналган адамды Алла таалаакыры муңдан арытат. Андай пенде акыры тилегине жетет —деп, бастырып кете берди. Жусуп падышанын үнүн уккан менен Зулайка кайрат кылып, тынчып калуунун ордуна кайра ого бетер азаптанып, үйүнө келгенде да тынчтана албай койду. Ошо бойдон каш карайып, түн кирсе да, кой ай дегенге болбой, бая Жусуп адилет менен жол боюнда баарлашкан жерге барып,оңко чоңкосунан кетти 3улайка ашык. Кара баскан дарттын күчү ушундай экен Зулайка катын падышанын аргымагынын такасы баскан жерди улам өөп, ошо жердин топурагын бети башына сүртүп не бир жан алакетке түшкөнүн айтпа. Жиндинин жоругундай Зулайканын жосунсуз албууттануусун басаалбай нөкөр кыздардын айласы кетиптир. Ошо бойдон аран дегенде Зулайканы үйүнө алып келишет алар. Ажыналаган адамдан бетер тозок отуна күйчүдөй азап чеккен Зулайка эч кимге баш бербей, эч кимдин кепкеңешин укпай,жатып калды катуу ооруп. Эти ысып, эс акылын жогото далай күн төшөктө жатты дейт Зулайка катын. Ошентип бир күнү көзүн ачып акылына келет да, өзүнүн ичер суусу бүтүп, өлө турганына чындап көзү жетип, Зулайка өлүмгө башын байлай, Азреил жан алгычты күтүп калганда кайрадан көчө жактан адамдардын ызычуусу угулат. — Бу эмне? — деп элеңдеди Зулайка. Көрсө, азыр да мурдагы жол менен Жусуп падыша өтүп бараткан экен. Падыша деген падыша, анын үстүнө журтуна кара кылды как жарган адилеттиги менен жаккан Жусупту калктын баары жакшы көрчү. Ушу тапта пздышага таазим кылуу үчүн жол боюна элдер батпай чыгат. Зулайка нөкөр кыздарына жалынды:— Айланайындар, өлүм алдында турам. Акыркы ирет Жусуптун үнүн бир угуп калайын. Менде каруу жок, мурдагыдай туруп баса албайм. Жаткан төшөкмэшөгүм менен кошо көтөрүп барып, мени Жусуп өтчү жолдун четине коюп койсонор. Кыздар ыйлап буркурап, айлалары кетип: — Керек десең сен үчүн биз өлүп бербейт белек. Айла жок экен —дешти да, айтканындай Зулайканы жол жээгине көтөрүп чыгышты. Ошону менен падыша өтчү жолго Зулайка ашык үчүнчү жолу келди.Жусуп падышанын дөөлөтү, сөөлөтү аябай келишкен. Мингени ак боз аргымак, артында, жан жагында шаанилүу вазири менен нөкөрлөрү. Түмөндөгөн кол падышаны курчап баратат. Мына ошондой шааншөкөттүн баары менен иши жоктой падыша өзүнүн жанынан өтө бергенде Зулайка ашык үнүнүн жетишинче кыйкырды:— О адилет Жусуп! Асыл падыша, өлүм алдында жаткан бечера аялдын арманын дагы бир ирет угуп кой. Сенин үнүңдү акыркы жолу угуудан башка мага эч нерсенин кереги жок — дейт айласы кете. — Карачы кейпимди, сен деп жүрүп карыдым. Ушинтип азап чегин жзшаганча касиеттүу үнүңдү акыркы жолу угуп, анан өлүп кетүүгө даярмын. Назарыңды буруп кой, касиеттүү падышам. Кызыгың түшкүрдүкү, мына ошондо Зулайканын алсыз үнү падышага жетиптир: Атынын башын бечера аялга бура коюп, мындай деген турбайбы:— Ашыктыктан азап чеккен бечера, менин жалгыз гана бсрер кенешим: — чыдамдуу бол. Сенин дартың эң эле азаптуу дарт. Муну көтөргөн пенде гана көтөрөт. Ошондуктан чыдагын, Алла таала көтөрүмдүү пендесин гана колдойт. Көрүп турам, сенин үнүң акыры кудайга жетет. Мына мен дагы далай жыл зынданда жатып, азап чеккем. Чыдоодон тажабай Алладан үмүтүмдү үзгөн жокмун. Тилегим, үнүм кудайга жеткен экен, акыры минтип падыша болуп отурам.Падыша аттан түшүп Зулайканы көздөй басты дейт.— Падыша бизди карай келатат — дешти, Зулайканын нөкөрлөрү.— Койгулачы, өлүм алдында жаткан адамды шакабалабай— деп Зулайка ишенген жок. Ошо кезде падыша чын эле ноокас Зулайканы көздөй келаткан болчу.— Кудай урсун, чын эле падыша сизди көздөй келатат. —Кыздар карганышты. — Ишенбейм — деди, калтыраган Зулайка. — Гүлдөй ачылган жаш кезимде Жусуп мага көз кырын салбады. Азыр көргүлөчү: чачым куудай, белим букүр, көзүм азиз. Мендей кемпирди карамак беле айжаркын падыша. Ошентип бурадарларым, Жусуп адилет сыркоо катын Зулайкага жакындайт да:— Бейкүнөөм, неликтен мынчалык азап чектиң? Ичиңден түтөй катып калыпсың. Арзууга алдырып арманың күч. Деги айтчы, менден сага эмне керек? Кудрети кучтүү Алланын шыбаасы тийбей койбойт. Тобоо десең бардык тилегиң аткарылат — деп жанына тура калды. Зулайка катын тартынбастан үмүтун билдирди падышага:— Адилет падышам, менин дартым өзүңө дайын. Ашыктыктын азабына кабылып, канча жылдар кыйноо тартпадым. Көрүп турасың, мынакей кейипкешпир кетти. Акыры минтип өлүм алдында турам. Эгерде жараткандын адилеттиги чын болсо менин жаштыгымды кайтарсын. Ышкыга алдыргандан бөлөк күнөөм эмне? Илгерки айжамалым, күчкубатым, жылаажын үнүм кайра келсе —армансыз болмокмун. Аалам суктанган падышасың,адилеттигиң чын болсо жардам кыл. Өчпөсүн менин үмүтүм.— Жалооруду чын дилинен.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Disappear   10 Март 2016 - 22:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ошондо Жусуп адилет.— О бейкүнөө Зулайка, ашыктык дарт бардык адам баласынын башында бар. Андан жапа чекпеген, анын отунакүйбөгөн пенде аз чыгар. Анын сыйкыры, анын жалыны сенин кара башыңды канча жылдар азапка салса, кудайдын кудретине табын. Анан падыша: — Алып кел сууну — деди нөкөрүнө. Ал жөнөкөй суу эмес, мүрөктүн суусу эле. Жусуп адилетошол ыйык суу менен Зулайканын азиз көзүнөн баштап жүзүбашын сүртүп киргенде эле, укмушуң кургурдуку десе —көрүп тургандар өз көзүнө ишенбегендей сыйкырга туш болотда, заматтын ортосунда Зулайка ааламда жок перидей айжаркын сулуу кызга айланыптыр. Кундуздай чачы капкара келишкен перизатты көргөндө, ашыктык дарты канын аралаган падышанын айласы кетти. Мынчалык кереметке өзүда таңгалып, перидей сулуу Зулайканы уламулам тиктей берген дейт падыша. Ошентип ашыктыктын өртүнө өзү да күйө баштады. Окуяга күбө болгондор бүт бойдон таң. Анан калса Зулайканын көз тайгылткан сулуулугу элдин барын арбап, көпчүлүк бир саамга ката түшкөндө, Зулайканын жылаажындай үнү чыкты:— О мээрман, адилет падышам! Башыңды салбай мага кара. Эмнеге тунжурайсың? Дилимди билдирүүгө менде сөз табылбайт. Кудай жалгасын өзүңдү. Тилегим кабыл болуп,минтип кубанып турам. Эмне кылайын, айт эркиңди? Баятан бери тили байланган падыша Зуланканы эзиле тиктеп, бирок да өзүнүн падышалык наркын сактай: —Бар бол перизат — деп, Зулайкага улам жакындай берди.Падышадан айбыккандай Зулайка сулуу да акырын кетенчиктейт. Мына ошондо падыша өз кудретин башкара албай ышкысы ашынган бойдон Зулайканы колдон алмакчы болду эле, кыз мант берип бурулуп кетип, айласы түгөнгөн падыша кармайм деп анын этегин апчый, нес болду да калды. Зулайка падышаны тиктей:— Адилет Жусуп, мынакей эми сен дагы менин илгерки кейпимди кийДиң. Ошондо тутам деп аракеттенгенде сен качып, колумда көйнөгүндүн айрьшдысы калган. Чеңгелинди аччы, тутамыңда азыр менин көйнөгүмдүн үзүндүсү турат.Эми экөөбүз теңелдик. Бири бирибизден айрымабыз жок. Падышам, эми мен азаптан арылдым. Өлкөңдө айдай сулуу колуктулар көп. Ошолордун бирин тандап ал. Мен сага мындан ары назарымды бербеймин — деп, калтардай мант бере басып кетти дейт Зулайка пери. Бул окуяга күбө болгон көпчүлүк таңгалбаганда кантет. Мына ошондон кийин ашыктык деген ышкы отуна күйө баштаган экен Жусуп падыша. Басса турса анын көз алдынанЗулайка кетпейт. Бирок назарын сындыргысы келбей, пейлин элге билгизбей ичтен бышты адегенде падыша. Зулайка пери үйүнө келди, келет да үйүндө тынч жашап, капилет жатып кала албайт. Ар бир эле курактын өзунчө бактылуу учурлары болот дечи. Ошондо да жаш курактын жашыл курактын өзүндөй бактылуулук кайда. Жүрөгүн мынабу ободо сайраган торгойдой калкып турса, чар тарабың кыбыла да. А сен болсо кызыр эмди тайдай эркинсиң, жүгөнсүз, ээрсиз өйдө төмөн ойдолой эреркип эркелегиң келет. Эрдемсиген жүрөгүң күйүп, каның дүүлүгөт. Ашык болгон, ышкысы ашынган адам эч нерседен кайра тартпайт турбайбы. Арзыган аялынын үйүнүн эшик алдына жолборс байлап койсо да тайманбай кирип барат го чиркин ашык. Мен мында ашыктык деген сыйкырлуу дарттын эркек затынын жандүйнөсүнө салган капсалаңын айтып жатаЛи. Ал эми аял затыделе тирүү жан дечи. Бирок алар арзуу сезимин эркекгерден бөтөнчөрөөк аяр тута билүүсу керек. Үйүнө келери менен Зулайканын жаны жай албай, ого бетер туталанды. Жанынкоё жер таппай айласы кетип, баягы ашыктык дарттын куйүтүнө ого бетер өрттөнүп, эмнеликтен Жусуп адиле бойсалбай басып кеткенине өкунгөн тура. Көргүсү ле эңсегени,самаганы эле Жусуп. Мына ошентип, Зулайка сулуу туталанып бир нече кунтүн уйку бетин көоЬ тан атырат. Акыры кайсы бир күнү баягы падыша так өтчү кан жол жактан ызычуу чыгат кайрадан. Нөкөр кыздарынын бирин карагылачы десе —Жусуп падыша өтүп баратат — деп кабарлайт. Ошо жерден Зулайка ашык жол боюна барып, элдин катарына туруп калат. Биз бу жерде падышанын шааншөкөтун сыпаттап отурбайлык. Ак боз аргымактын үстүндө келаткан Жусуп падышанын кабагы негедир салыңкы дейт. Ал дагы Зулайканы ойлоп,уктабай чыккан болчу. Акыры — алыстан эле Зулайканы көрүп, аргымактан секирип түшту да, падышалык дөөлөтүн коё бербей, салабаттуу түрдө басып келип, башын ийип таазим кылат. Жусуптун саламына алик алып, Зулайка анын адилет, ак ниет падышалыгын мактай, ага ак дилинен каалоо айтып суроо салды:— Мамлекет башкарып, эл журттун сырын алдың, бирок ашыктык деген армандуу дарттын сырын азыр билдиң бекен, падышам. Анын жайын билген болсоң, мени түшүнөр элен. Мен тарткан кыйноону сен али тарта элексиң да. — Перизаттай ажарыңа ким суктанбайт, Зулайка. Сага ышкым ашканынан алдыңда турам го. Же дагы кандай жаса колдонгуң келет. Падыша башым менен алдыңда турушум азбы? — деп, өктөө айтты Жусуп. Падышанын турушундагы текеберчиликти байкаган Зулайка да өктөө кылыптыр:— Адилет падышам, ашыктык деген илдеттин сырын бардык эле адам биле бербейт. Ааламды билип, алтын такта отурган сиз да ал жөнүндө кабардарсыз. ..— Андай экен далилдеп көр — деп Жусуп адилет муңканды.Жусуп деп тарткан махабатын далилдеш учүн Зулайка мындай деди:— О падышам, сага далил керекпи? Ал мен үчүн окой. Бирок өзуңө кыйын болор...— Мейли, башка салганды көрөйүн. Жусуп Зулайканы тиктедн. Анда Зулайка:— Падышам, камчыңдын учун мага карматчы. Менин махабатымдын сырын ошондо гана түшунөсүң деди.Ошентип Жусуп падыша эңкее берип, Зулайкага камIчысын сунат. Зулайка камчынын учун кармап туруп, анын Iортосуна эрдин тийгизген бойдон катуу үшкүргөн экен. Шумдутуң кургурдуку. .. Мына ошондо Жусуптун камчысы Зулайканын каөдөнүнөн чыккан көк жалынга түтпөй тен ортосунан күйүп түшүптүр да, жалындын табына чыдабаган Жусуп падыша колунда калган камчыны жарымын жерге түшүрүп жиберген тура. Мына ошондо Зулайканын айтканы:— Адилет падышам, мына ушул ысык отту көкүрөгүмдө сактап канча жылдар күйбөдүм. Акыры ал жалын менин көкүрөгүмдү өрттөп, чачымды агартты. Эки көзүмдөн ажырадым. Ал жалын сага болгон ашыктык оту эле. Мына көрдүңбү, чыдаш керек, чыдамкай бол — деп мага насаат айттың. Өз чыдамкайлыгыңды мага үлгү кылдың. Менин ордумда болсоң сен дагы чыдамак эмессиң андай оттун күчүн. Көрөм эми мындан ары грни. Азыр менин ашыктык дартым сага өттү, Жусуп. Эми сен дагы менче азап чегесиң. Бирок чыдап көр. Чыдамың канчага дейре түтөр экен — деп басып кетет


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Disappear   11 Март 2016 - 19:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бурадарларым, тарта тарта сүйлөгөндө ашык отуна күйгөн Жусуптун абалынан кабар берелик. Рас, эми ал кадимкидей Зулайканын кейпин кийип, бүткөн боюн өрт чалды. Тутанып күйүп акылы айран. Эси көөнүнөн Зулайка кетсечи. Зулайка дегенде ак эткенден так этип, аны бир көрүүгө зар. Ашыктыктын кыйноосу ушуга чейин жетти дейсиң, Жусуптун жүрөгүнө тамак баспай, мамлекеттин ишине да карабай, алтурсун жалгыз отуруп алып ыйлаган, боздогон да күндөрүн айтпа._ Падыша сарайындагылар Жусуп адилеттин ал ахвалын сезип, айла таба алышпай өздөрүнчө тымыйт. Канткенде,кантип падышага жардам берише алат? Ошондо баягы тактысын берген падыша Жусуптун дарты жөнүндө угуп, акыры ал жардам берүүнү чечип, улуу башы менен Зулайканын алдына келди. Келгенде да Зулайка перинин колун сурап, мындайча айтканда, куда башчы катары аг ападышанын алахвалын түшүндүрөт. Кызыгың түшкүрдүкү: Зулайка муздак, ал мерес. Падышанын жуучу жибергенине кубанмак тургай, дегеле жууткан жок ал. Жуучу Зулайканын алдына кырк жолу келип, Зулайка кырк жолу «жок» дегенден башка оңдуу жооп бербей, ийибеди. Баягы камчы аркылуу —Зулайканын ашыктык оту эми Жусупка биротоло өтүп, акьгры ал керемет ышкынын дартына туруштук бере албай, эс учун жоготуп кулап түштү тагынан. Зулайканын жүрөгүн жибите албай, күнү түнү уйку көрбөй кыйноого түшкөн Жусуп, арыктап сүлдөрү гана калат. Акыры кыркынчы күн бүтүп, бел байлап башын көтөргөн Жусуп, ашыгынын үйүн көздөй жөнөйт. Махабат деген азаптуу дарттын эмне экенин азыр накта түшүнүп, Зулайканын бир кездеги жосунсуз жоругун айыптамак тургай, анын жандүйнөсүнө бүлүк салып, таптакыр ага карабагандыгы үчүн өзүн чындап күнөөлөдү. Көрсө, адам баласы чалдыккан илдеттин ичинен махабат оорусуна тен келчу эч дарт жок экен да. Мынакей, падышанын наркын түшүргөн сыйкырдуу махабат — карапайым пендени аяйбы. Мунун сырын, түйүнүн ким чечиптир. Азыр Жусуп падыша менен Зулайка экөөнүн абалы бирдей, экөө тепетең. Махабаттын өртүнө Жусуп кырк күн чыдай албай өлүп кала жаздаса, ага кырк жылча чыдамы кеткен Зулайка эр экен да. Жолдо келатып падыша жаратканга улам улам: — Аялдын махабатын этибарга албай, текеберчилик кылгандыгым үчүн кечир. Менин дартыма дабаа кыл. Же мени Зулайкача азапка салып кыйнагың келеби? Анда эле шорум курубадыбы. Эгерде пендем десең, кулум десең Зулайкага мени кош. Ага жетпей кыйноо тарттыргандан көрө, алып кет жанымды — деп зар какшайт. Мына ошондо Жусуптун муну Аллага жетип, Жебиреил периште учуп келип: — тилегиң кабыл болду, падышам. Мындан кийин Зулайка сулуу өзүңө өмүрлүк жар болот деген куттуу кабар айтат. Бу жерде Жусуп падыша Зулайканын колун сураган жерин көркөмдөп айтса сөз көп. Акылман падыша десе кептин гүлүн тандагандыр. Мен сыйкырдуу сөз өнөрүн шыбаа туткан ак таңдай акын эмесмин. Өзүбүздүн түркү тилде дастан жазып атагы чыккан Алишер Новоиге караманча чендебейм. Зулайка Жусуптун тою кырк күн болгон деп айтылат. Ал тойдун шаан шөкөтүн сыпаттоо да дилиме туура келбейт. Мен такыба адам катары ар кыл пенденин каталыгын көрө алам, бирок аны кечиргин деп теңирден тилейм. Ушуга жараша силердин кулагыңарга сиңерлик бир насат: адам баласынын төрөлүшү канчалык азап болсо, анын жарык дүйнөдө өмүр сүрүп, тиричилик өткөрүшү да ошончолук азап. Пенденин бири жардычылыктын, зомбулуктун корун тартса; экинчиси, жанагинтип Жусуп менен Зулайкача ышкы отуна күйүп жанат. Тирүүчүлүктүн кызыгы, азаптозогу ушунда: акыйкат менен караниеттик же кубаныч кайгы — төгүлчачыл болуша чогуу жашайт. Оңдун солу бардай, барып келип эле көөдөй караңгы түндү күндүн асыл нуру сүрүп чыккандай нерсе. Тирүүчүлүктө оошпогон,кыйышпаган эмне бар? Ошого тете баарын тескеп, тендеп адилеттиктен, калыстыгынан жазбаган— Алла таала өзү жалгыз. Анын ыйык кудретин ар качан көкүрөктө тута жүргөн он. Бул жерден биз адам тукумунун демейдеги жансактоосунун кыпындай учурунан гана кеп кылдык. Жаки болбосо, зомбулуктун чет жакасын чырпый берсек ал ылайым түгөнгүс узун сабак. Эмне деген күнгө туш болдук. Карагылачы, азыр күнөөсүз бир журтту экинчиси чаап, талап,жоюп, союп жатпайбы? Кечээ биз дини бөлөк капыр деп мусулман баласы чогулуп, жунгар чапкынчыларын ТеңирТоонун койнунан кууп чыкпадык беле. Атажуртка ээ болдук, бейпил жашайлык десек, бүгүн кайра кыргызга өз көзүндөй көргөн дини бир тууган сөрөйлөрү өчөгүшүүдө. Кыргыз бу күндө туштушунан бөрү камап, аскага кептелген кийиктей каЛтырады. Тирүү жанбыз, бнз дагы_ элбиз —жатып өлгөнчө атып өл. Эмитен айла амал издебесек — элжурт тукум курут болбойбу? Мындайда баатыры кол баштайт, акылманы жол көрсөтөт. Казабат жолуна куран каршы бекен? Каармандык менен тайманбастыкты даңазалаган сүрөө куранда — тобоо сүрөөсү. Анда жанбезер, коркоктор айыпталып, зомбулукка колдонуу кубатталат. Ата конуш, жер суубуз жана мал жандын, элжурттун тагдыры бүгүн баатырдын мойнунда, жигиттер. Олуясынын ушу сөзүнөн кийин Атаке баатыр камырабаган, насат укпаган адамча аргымгына чү деп камчы үйрүдү. Кызылтору көпчүлүктөн озуп, Берик олуя баш болгондор Атакеге теңелүүгө шашылган жок. Бет маңдайда кашка суу аккан жашыл. колот. Он чакты ак боз үй тигилүү турган экен. Күн бата жаздап калган кез болчу. Боз үй тегерегинде бейчеки баскандар жүрөт. Сыягы, боз үйлөр жаңы эле тигилгенсийт. Кыр четине чыккан Атаке баатыр тизгин жыйды. Берик олуядагы эле ага анча теңеле бербей, баатырдын артындагылары да андан обочодо акмалайт. Кызыл тору аргымак үстүндөгү жашыл кымкап чепкенчен, башында кундуз бөрк кийген Атаке ушу тапта негедир Берик олуянын көзүнө куду пайгамбар сыңары: сүрү сыны келишип, жылдызы көтөрүлгөнүн байкай, ыйманы жанып ичинен бата кылды да,баатырга өмүр тилеп, жолу ачык болгой эле деп алакан жайганда, аны сезбеген Атаке ийнин күйшөп, зоңк этти.— Шергазы! Өрттөй жанган Шергазы өзүнө катарлашканда Атакенин үнү буулугуп, эмнегедир ачуу келгендей акырын сурады:— Таанычы, тургандар кимдер?— Таанып турам, баатыр. — Ылдам жооп берди Шергазы.— Ортодогусу өз кайниңиз, Жамансарттын уулу Түлөберди баатыр. Четтегиси, суусамырлык Күрүчбектердин билерманы— эр Сөлпү экен. Беркиси —өз иниңиз Ниязбек мырза го. Тигине, Таластан кайындарыңыз — Бердике берендин тукумдары да келиптир. Темирдиң уулу — Черикчи да жүргөнсүйт. — Жамансартчы, жок бекен?— Баатыр, Жамансарт көрүнбөгөнсүйт, ал уулдары: Түлөберди, Бөрүбай, Эсенаман жүргөн Жерлерге жолобой калды эле го.— Дурус — деди, санаасы тынган Атаке баатыр. Топтон бөлүнгөн үч атчан Атакенин утурлай чаап жөнөшкөнде: — Кана бастыралык — деди, баягы салабатынан жазбаган Атаке баатыр кызыл тору аргымагын темине. — Куду эле пайгамбардын өзү — Берик олуя ичинен кобурап коёт.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Disappear   11 Март 2016 - 19:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Мына кымбаттуларым ушуну менен Атаке баатыр анын заманы тууралу, ага жан жолдош болгон басып откон жолу баяндалган башында Каргабай, ооо кийин сыйлуу элчи Абдырахман Кучук уулунун тарыхы ушуну менен аяктайт . Жоортул китебине кирген экинчы чыгарманы тамсили болок болгондуктан озунчо болуп тема ачууну туура кордум. Ушуну менен бул чыгарма боюнча коз караштарынызды болушуну ачык деп жарыялайм.


Мен озумдун сезимдеримди айтсам китеп адабий чыгарма болсо дагы окуган сайын дем-куч алам, бул жерде адам сапаттарынын эн асылдары ага жетуунун, туурасы адам катары озун озу калыптоонун туура жолдору айтылган. Жанылбаган жаак- мудурулбогон туяк болбойт. Аягы туура бутсо болду демекчимин. Мага Атаке баатырдын оз эл жери учун куйуп жанганы, атан данкы ашып ташыса да кочмон кыргыз бойдон калганы, жонокойлугу жагат. Бул китеп мен учун мисал, мен учун колдонмо. Окуган сайын ата мекенге болгон ардактуу сезимдерим куч алат, кыргыз экениме сыймыктанам, колдон келсе да келбесе да мыкты болууга аракеттенем, каным дургуйт, бир башкача дуйного келип калгандай сезем озумду. Бир окуп алсам ошол кокурогумдо жанган от бир айга дейре алоолонуп жанат, унут болуп бара жаткан убакта кайталап окуудан тажабайм. Адам омурундо озун озу изилдеп, бийиктиктерге умтулганга не жетсин. Тарыхый чыгарма, андагы он каармандар менин жашоого болгон коз карашымды озгортууго, жашоодон оз ордумду табууга кошкон салымы зор. Коп нерселер азыркы жашоого шартыбызга дал келбесе да, аны бугунку кундун талабына ылайык ондоп алуу оз колубуздан. Али да болсо элибизде жерибизде биз суктана турган, биз сыймыктана турган азаматтар бар деп умуттономун. Бирок азырынча андай азаматтарды коп жолуктура элекмин, курч жигиттердин тукуму майдаланып бараткансыйт козумо. Майда созго кирип кеттим окшойт ))))


П.с- коптон коп кутуп жатам колума тийет, табылат деген умутум абдан чон. Кушчу уруусунан чыккан Кубат бий жонундо тарыхый роман, бир учурда эски Ала Тоо журналынан окуп озум учун сыйлап, ал тургай кумир тутуу мына ушул инсандан башталган. Бирок ал чыгарма азыр козго суртсон табылбачуу китеп болуп калыптыр. Издоо улантулуда, жана ийгиликтуу аякталчуу мезгилге жакындап калды. Мына ошондо ал тарых изи да супердин китеп суйуучулор болумундо пайда болуучу. И баса кимде ким ошол китепти табууга жардам берсе абдан ыраазы болот элем.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   rafo80   14 Март 2016 - 00:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 01 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2025 22:14
  • Жынысы:Эркек

Рахмат карындаш. Таасирлуу чыгарма экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   karamat1999   14 Март 2016 - 19:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 29 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2017 17:25

Рахмат,башкаларга окшоп куттурбой жазып бутургонуно.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   knk   14 Март 2016 - 20:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 13 Апрель 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:36

Чооон рахмат. Мен "Кочмондор кагылышы" деген китепти кайра окуюн деп таппай журом. Мумкун болсо жардам бергилечи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   piramida   17 Март 2016 - 23:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 12 Май 13
  • Соңку аракети: 14 Сен 2020 10:19

Рахмат карындаш кайрадан еске салганына мындан он жылча мурун окугам ушул чыгарманы естен чыга тушуптур коп жери.
Сураныч саяпкер жана мунушкорлор жонундо да уландысы бар еле Жортуулдун жазып салчы дагы бир жолу суранайын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Disappear   18 Март 2016 - 12:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Просмотр сообщения knk (14 Март 2016 - 20:51) жазган:

Чооон рахмат. Мен "Кочмондор кагылышы" деген китепти кайра окуюн деп таппай журом. Мумкун болсо жардам бергилечи.

букинистерден издеп корунуз, жакшы эсиме салып койдунуз, озум дагы коз сала журбосом. Бирок аны кочуруп жазуу....700 беттен ашык эмеспи ал.

Просмотр сообщенияpiramida (17 Март 2016 - 23:48) жазган:

Рахмат карындаш кайрадан еске салганына мындан он жылча мурун окугам ушул чыгарманы естен чыга тушуптур коп жери.
Сураныч саяпкер жана мунушкорлор жонундо да уландысы бар еле Жортуулдун жазып салчы дагы бир жолу суранайын.

Эстей албай жатам байке, уландысы болушу мумкун эмес. Мумкун авторы Стамов а озу башка болбосун. Мен азыр Стамовдун Ношордон кийин чыгармасын кыргыз тилинде издеттирип жатам. Арууке менен Дыйканбектин махабаты 2 болумун кана окуп аттап кеткендиктен. Андан сырткары Эрнис Турсуновдун Ата Журтун дагы кочуруп койсом деп ойлогом, ал дагы колго тийбей жатат. Чыгарманын атын эстесениз мумкун тапканга жардамдашармын.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   piramida   18 Март 2016 - 22:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 12 Май 13
  • Соңку аракети: 14 Сен 2020 10:19

Авторлору еки башкабы есимде жок бирок ошол Жортуул китебинде болчу ошол чыгармалар Супатай Суртай деген ага инилер баш каармандар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   aminali   20 Март 2016 - 05:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Супатай, Суртай "Кара Шумкар"деген китептен окугам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   mega777   20 Март 2016 - 09:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

LEGENDA. , курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынган.Эскертүү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 01:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: