Антип минткенче мен бойго жеттим. Жамандык- жакшылыкты таанып-билип,
такшалып дегендей, токтоло турган деле кезим эле. А мен болсом мурдагыдай эле оюнкараак, кыялкеч жана сергек бойдон кала бердим. Ошо жоругум атаэнеме жакпайт. «Качан сага эс кирет. Качан токтолор экенсиң», —дешип жемелеп калышса да, баары бир оюм менен болушат. Мага эмне, жерде боорум менен сойлоп жүрүп көктү эңсейм. Асмандагы ч кушка теңелип учкум келет. Мына бул белестин арты мындан да кооздур деп ойлойм. Булак агып, булакка кошулса суу болорун, тоо артында тоо бар экенин да билем. Түн ичинде жылдыздын баары мени тиктеп тургандай сезилет. Мен өзүмчө туруп эле алар менен сүйлөшө кетем. Анан тез эле меңин жыргалым бүтүп, күз келерин сезем. Андан сон кыш келет. Ошондо менин ичим күйчү. Өзүмчө капа болуп ыйлаган учурларым да болгон. Мен кышты жаман көрөм. Чээнге кирип, канча бир күн дебей уктагандан өткөн кордук барбы. Ошондо мен адамдарга суктанчумун.
«Эмне үчүн адам болуп калбадым?» деп арман кылган учурларым көп эле болду. Биз, жыландар оттон коркуп, оттон качсак да, отто бир улуу касиет бар экенин кандайдыр өзүмчө сезчүмүн. Адамдардын чээнге кирбеген себеби/аларга кубат берген, аларга өмүр берген, сыйкырдуу от деп түшүнчүмүн.
Асманда учуп жүргөн чагылгандын бир үзүмүн өзүнө багынтып алган адамда зор күч бар. Алар тегин жандар эмес деп ойлогон мен адамга айлангым келип нечен түндөрү уктабай өткөргөнүмдү айтпа. Токойлор шуулдап,биринчи ызгаар жүрөт. Анан жерге шүүдүрүм түшүп, жалбырактар күүлөт. Менин атаэнем чээнге кириш үчүн суу тийбеген кургак коңул же ийин издей баштаганда эле көңүлүм чөкчү. Чээнге кирердин алдында алар баарыбызга мээр чөп тиштетип коёт. Мээр чөп өлбөстүн дарысы. Ал дарман кетирбейт, кышы бою сага кубат берет. Жазга чейин эттен азып, арыктабайсың.
Үшүбөй, мемиреп уктай бер. Журөгүң гана билинбей акырың бир калыпта кага берет. Сен өлүп калгандай кыймылсызсың.
Кала берсё чээнде жатып да, өзүмдүн тирүү экенимди сезчүмүн мен. Бирок кыймылдоого,
сойлоп кетүүгө гана кубатым жетчү эмес. Жерге баар кирип, жаз чыгып келатканын мен биринчи туям. Жүрөгүм булкуна элепжелеп болгон мен эшикке сойлоп чыгайын деп кайра коркчумун. Анткени апамдын айткандары есимде: «Шашмалыгың башына жетет. Сойлоп чыкканыңда кар жаап ийсе нйинди таппай тоңуп өлөсүн. Мен баштамайынча ийинден чыкпа дечү. Токсон чыксын. Токсон жерде томуктай тоң калганча жатат. Кыймылдаба».
Чээнде жатып мен алгачкы жамгырдын үнүн угам. Жар башындагы чай урган карлар эрип, жерге тамчы тама баштайт. Буга өзүмчө сүйүнөм. Кыялардан кыян жүрдү, уйкусоонун ортосунда жатып мен аныда билем. Жер көөп, биздин ийиндин ичине жаз деми келетч Көк чөп жыттанат. Мына ошондо накта ойгонуп кеткен мен «Апа, турбайсыңбы>
Жаз келди» — деп чыйылдайм. Апам дагы эле кебелбейт. Кайрадан көзүм илинип кетет. Былтыр сага кездешер жылдын жайында менин бойго жетип, кучкө толуп турган кезим болчу.
ҮЧ МЭЭРИМ Асанбек Стамов - БӨРҮБАЕВГЕ арналат
#22 13 Март 2016 - 14:25
Айтса,
ошол жылдын көктөмүнөн тартып мага ашык болгондор абдан көп болду. Күйөөлөп келгендердин эч кимин чениме жолоткон жокмун. Менин турмушумда быйыл кандайдыр бир бурулуш болорун алдын ала сезем. Ансайын көңүлүм алып учат. Жыландар дүйнөсүндөгү махабат өзүнчө башка. Бийкечти эч ким өз эркине мажбурлай албайт. Сенин махабатыңа татыш үчүн эрдемсиген күнүлөштөр адегенде өздөрүнчө күч сынашышат. Жеңгени, эң кубаттуусу гана сени жандап, сага махабатын ыроолоого акылуу. Ошондо да ага өзүң макул болуп моюн сунмайынча,
тигил эр сенин жаныңа эч жанды жолотпойт. Тикесинен тик турат да туш тарабынан көзүн албай, сени кайтарат, сени ар кимден кызганат. Сен анын кекиртегинен тиштеп, жанын оорут, ага баары бир. Ал эмес өлтүрө жарадар кылсаң да сага катылбайт, баарына кайыл. Жыландын эркегинче көк, ары чыдамкай, жаракөр, сүйүүгө бекем эч жан жок экенин мен эми билип отурам. Кызык, ошондо мен өзүмө махабатын тартуулаган эки азаматтын кекиртегин жара тиштеп салгам. Өлүп баратышып да мени жалдырай тиктешип, нааразылык билгизишкен жок. Ошондо байкуш башым дүйнөдөгү жандын баарында махабат бирдей болот экен деп ойлогом. Азыр мен сага кандайча ашык болгонумду айтып берейин. Бир курдай чоң суунун боюндагы кумайда күнгө кактанып, рахаттанып жаткам. Ошол күндөрү тьгнчым кетип, уйкум качып, өзүмчө эле бушайман болуп жүрдүм. Кала берсе кандайдыр бир жакка качкым келет. Каякка экенин өзүм да билбейм. Көңүлүм алагды. Жүрөгүм элеп желеп. Жанымды жай алдырар айла издейм. Андай дары табылбасын билип да турам. Баса, ошентип бир жолу кумайда жатып, мен токой тараптан кооз үн уктум. Башымды көтөрүп тыңшай калам. Үн кайталанып,
улам кучөйт. Аябагандай кооз, муңдуу, мукам үн. Мындай үндү ме» мурда эч качан укпаган элем. Ар кандай үндү, добушту бирибиринен айрып таануу жагынан жылаандардын алдына эч ким чыкпайт. Ал эми өзгөчө өз тукумдарыбыздын ичинен бул жагынан мага эч качан эч ким тең келчү эмес дедим го. Менин туйгучтугум ушунча эле: ал эмес токойдогу дарак жыгачтардын түрүн,алардын жалбырагынын шуудураган үнүнөн эле айрып биле алчумун. Чөптүн түрлөрүн жытынан, кыймылынан ажыратчумун.
Ал эми ар кандай жанжаныбарлардын үнү жөнундө айтпай эле коёюн. Мен үндү кызыгып, суктанып тыңшап жаттым. Үн болсо ансайын куулат, ансайын мени сыйкырлайт.
Мен мурда таанып билген добуштар, жанжаныбарлардын үндөрү, куштардын сайраганы бир тең, жанагы токой жактан чыккан сыйкырдуу үн бир тең эле. Ал сыйкырдуу үн табияттагы эң бир кооз, уккулуктуу деген үн менен добуштун баарын өзүнө чогултуп, сиңирип алгансыйт. Бул мен мурда уккан үндердун, добуштардын төрөсү сыяктанат. Бир маалда мен баягы кооз үнду тыңшап отурам десем, сойлоп отуруп мен ошол ун чыккан жерге барып калыпмын. Ошондо жөнөкөй, ары карапайым көрүнгөн түтүкчөнү үйлөп коюп, үргүлөп отурган сени көрдүм. Жүрөгүм жарылып кете жаздап өзүмдү араң токтоттум. Сенин ак маңдайың, кырдач мурдуң жана кара көзүңдү жаап жоодураган жибек кирпиктериң менин эсимди оодарды Сенин колуңдагы жөнөкөй көрүнгөнсүгөн түтүк өзүнчө бир керемет эле. Дүйнөдөгу эң сулуу, кооз деген нерсенин баары жөнөкөй болорун, бир караган көзгө токтомсуз болорун мен ошондо түшүндүм. Көрсө, улуулук деген — бул карапайымдык турбайбы. Атаганат, сен ойноп жаттың. Мен байкуш сыйкырдуу обонго эрип, боюм балкып жатты. Бир маалда сенин колуңан түтүгүң тушүп, үргүлөп кеттиң. Мен сенин кашыңа келип, сени тиктеген бойдрн көз ирмебей карап турдум. Чиркин десе, башымды сенин төшүңө коюп эркелегим келет. Сенин мойнуңа, денеңе оролуп чырмал>ъгымкелет.
Бир кезде сен түш көрдүң окшойт, кабагың жыйрылып, ойгонуп кеттиң. Өңүң бузулуп, көңүлүң кирдей башыңды көтөрдуң да, чоордо кайрадан ойной баштадың. Байкасам,ойноп жаткан обонун өз башыңдан өткөргөн өмүр жолуң экен.Тыңшап отуруп, мен өзүм да обондун сыйкырына кошула сенин басып өткөн жолуңду, кайгыңды, кубанычыңды,
ашыктыгыңды толук туюп билдим. Ошо жолу мен сени үйүңө чейин ээрчип бардым да, керегенин башына сойлоп чыгып, таң атканча сени тиктеп турдум. Түндүктөн айдын нуру түшүп биркеремет түн өкүм сүрүп турду. Сен таң агарганча ойгонбодуң.
Бирок уйкуң тынч жана бейкут болгон жок. Уктап жатып да бирде күлүп, бирде ачууң келип, кимдир бирөөгө тишиңди кычыратасың.
Кайрадан кимдир бнрөөнү кучактагың келет. Алтургай түшүңдө бир саам ыйлап да алдың. Ушунун баарын байкап отурган менин да көзүм илинип кетиптир. Ошо кезде токой тараптан булбул таңшып жаткан. Бир маалда уйкусоонун ортосунда жаткан мен баягы сыйкырдуу обонду кайра уктум. Көзүмдү ачсам, сен чоордо ойноп отурупсуң. Сенин чооруңдун үнү чыкканда булбулдун үнү тып басылып, куштар сайрабай, дирилдеген жел да токтоп табият тунуп, тынып калды. Сен ойноп да, ыйлап да жаттың. Кезегинде Арзыгүлдүн атын айтып үшкүрүнө тынып калып, кайра ойнойсуң. Мен маң болгондон шайым ооп, чарчап, араң дегенде үйгө келдим. Баягысындай кыялкеч кызым өзүнчө жүргөндүр деп эне-атам менин түрүме бул жолу маани беришкен жок. Ошондон кийин мен жинди болгон эмече сенин артыңдан калбай ээрчип алдым. Бара бара менин ал жайымды энеатам түшүндү. Бул жөнөкөй көрүнгөнсүгөн чоордун жайын мен кийин энеатамдан билдим. Бакалбайдын айтканы туура экен. Кыдыр Иляс чоордун жанын алып койдум деп ойлосода, аны такыр үзүп койбоптур. Эгерде ойногон адамы жарашса, жана да анын кайгымуңу канчалык зор болсо,чоордун миңден бири кайрадан тирилип, табиятты, жанжаныбарларды дагы эле болсо өзүнө багындырып,
бийлеп алат имиш. «Сен минтип жинди болгонуңду токтотпосоң,
чоорду тыңшаганыңды койбосоң— бул сыйкырдуу түтук акыры сени адам кейпине айландырып таштайт» — дешти, бир ооздон биздин билермандар.
Мага ошол гана жетпей жаткан. Сүйүнүп кеттим. Бирок оюмдагыны эч кимге билдирген жокмун. Мен адамга айланып, сулуу кыз болгум келди. Мен сага аял болуп, сени бактылуу кылгым келди. Өзүмө ант бердим. Сенин жаныңан чыкпай, сенин артыңдан калгым келген жок. Күндүр түндүр сени ээрчип алдым. Менин оюмду түшүнгөн атаэнем аябай капа болушуп, мени жемеге алышканын бир билем. Мен көшөрүп айтканымдан кайтпайм. Менин энем аябагандай акылдуу, туйгуч эле. Ушу жерден айта кетейин, биз жыландардын султаны Шахимардендин тукумунан экенбиз. Биздин тукумдардан миң жылда бирден адамга айлангандар да болуптур. Бирок бир да бири толук кандуу адам болуп, адамдардын арасында жашабаптыр.
Ага да күнөөлүү адамдардын өзү экен. Ушуларды түшүндүрүп келип апам муну айтты:— Сенин толук кандуу адам болуп, адамдардын арасында жашап калышың үчүн үч жагдай керек. Чечмелеп айтканда: үч мээрим керек бөлот, — деп мага түшүндүрдү.
—Адамзаттын турмуш тиричилигиндеги үч мээрйм сенин тулкубоюңа,
каныңа сиңбесе сен кайрадан жыланга айланасың. Кайрадан жыланга айланган күндө да, сени жылан журтчулугу кабыл алышпайт. Ошентип байкушум, же жылан эмес, же адам эмес, эч кимге кошулбай, жалгыз жүрүп өлөсүң. Ал эми дүйнөдө жалгыздыктан өткөн тозок болбойт.Ушуга түшүнөсүңбу?
Fall into my trap :)
#23 13 Март 2016 - 14:52
Мен адамга айланып, махабаттын кумарына каныш үчүн тозоктун бардык түрүнө макул элем. Ашыктык эмнеге алып келбейт. Анда мен азыркыдай абалга туш болом деп ойлогон эмес экенмин. Чыдамым кеткен мен:— Элден мурда жанагы үч мээрим жөнүндө айтып бериңиз? —деп өтүндүм. Энем кейип койду:— Билип турам, азыр көзүңө жигиттен башка эч нерсе көрүнбөйт. Мейли түшүндүрүп көрөйүн. Сен жакшылап көңүлүңө түйүп ал. Биринчи мээрим — бул махабат, эркек менен ургаачынын ортосундагы сүйүшүү, ашыктык жышааны. Ушул улуу нерсе айкашканда гана өмүргө өмүр уланат. Өмүрдүн чексиздиги,
анын үзүлбөстүгү да ушу улуу сезимге байланыштуу.
Сен сүйүп калдың. Жүрөгүң азыр күйүп турат. Сен азыр көлкүлдөп эрип турган кезиң. Сен адамга айланып, сулуу кыз болгон күндө да, жигит сени сенчелик сүйө алар бекен. Кептин баары ошондо...— Аялдын сүйүүсүнө эрибеген да эркек болобу?— деп койдум. Энем баш ийкеди:— Туура айтасың. Жигиттин ушу кезде жалгыздыктын азабын тартып жаткан кёзи. Мурда өзү ашык болгон кызына окшош сени көрсе ал тим эле алдыңа төгүлүп берет. Чын эле анда кеп жок. Экөөңөр бир жылча бактылуу болосуңар. Анан эмне болот билесиңби?— Жок, — апа, — деп мен чынымды айттым. — Биринчи мээримди түшүндүм. Ал махабаттан же ашыктыктан чыккан сезим экен. Зкинчиси жөнүндө билүүгө болобу?— Аны мен жай түшүндүрүп келатпайынбы,
шашпагын, —деди энем. Мен унчукпай апамдын оозун тиктедим.— Экинчи мээрим — бул энелик мээрим. Жалындай ысык махабаттан өмүр жаралат. Бала төрөлөт. Ансыз болбойт...— Аны мен деле билем, — дедим кыйынсына. Энем мени мыскылдай күлдү: — Билгениңден биле элегиң көп, ашыкпа. Эне болуу кудуретине жетишип, бала төрөө деген оңой бекен? Анын үстүнө сен адам тукумунан болсоң бир жөн. Адам касиетин каныңа толук сиңире элек жатып, анын сырын кайдан билет элең. Махабат канчалык ширин болсо, эне кудуретине ээ болуу, бала төрөө — ошончолук азап. Толгоо учурунда аял жарык дүйнө менен коштошуп кайра жанат. Аялдын отуз омурткасы сыздайт. Эти эзилип, сөөктөрү эрийт. Төрөт учурундагы дарттын күчү ушунда. Ал аялдын эс акылын алат. Аял байкуш миң кубулуп чабалактайт.
Жаны кыйналган бечара ошол саатта ыйык махабатына шек келтирет. Кептин баары ушунда... Адамдын төрөлүшү канчалык оор болсо, адам болуп жарык дүйнөдө жашоо ошончолук азап деп айры буттардын акылманы бекер айтыптырбы.
Адам дүйнөсүнүн татаалдыгы жөнүндө дагы эсиңе салармын. Азыр сен аял кейпин кийип, анан бала төрөгөн учуруңду элестетип көрчү. Жаның кыйналганда бирде адам болуп—аял болуп, кайра нечен жолу жыланга айланасың. Аңтип аял менен жыландын ортосунда турган сени көрсө адамдардын эси чыгат. Сенден, балаңдан да баш тартып майып кылып койсо кантесиң. Жыландын кыялжоругун өздөрү жакшы билишпейт да, адамдар жылан дегенде так түйүлө качышат. Ал эми достукка, сүйүүгө,жолдошчулукка жыландай бекем эч жан жок экенин алар билишпейт. Ошентип, кызым, койнунда жаткан катыны жылан экенин билсе, эриңдин жүрөгү түшпөйбү. Кечтим махабатыңдан,
тойдум жыргалыңа деп сени кетмендеп салса кантесиң. Аман эсен төрөгөн күндө да жылан деген атың эгерим өчпөйт. Тукумуңа доо кетет, байкушум.— Анда мен кантем, энеке! — Жүрөгүм өрттөнгөн мен ыйлап жибердим. Энем мени соорото сүйлөдү:— Билем, махабат дегеи ал азаптуу дарт. Мында бир гана айла бар. Толгооң келген мезгилден тартып, туура жети кунгө чейин сени эч ким көрбөш керек. Эгерим адам көзүнө чалдыктьщ эле, сен жылан боюнча каласың. Ошол жети күн ичинде сен балаңа эмчек сүтүңдү эмизип энелик мээримге канасың. Балаңды сүйүп, балаңды эркелеткен сайын адамдык кудуретиң артат. Адамдык касиетиң күчөйт. Ушуну менен эле жыргап калам. деп ойлобо. Сенин энелик мээримиңди толукташ үчүн бала таш эмчегинди бир жылга чейин кактап эмиш керек. Бала сенин мамаңды өзү жеримейинче эмизе бер. Анан баланын күлкүсү чыгып, кыял жоругу башталат. Баланын мээрими бирибирине сиңишип өтушмөйүнчө сен толук кандуу адам боло албайсың. Деги эле мен айткан ушул үч мээрим —бири бирине жуурулушуп,
каныгып дегендей бирибирин толуктап тургандыктан гана, адамзаттын өмүрү башка жанжаныбардыкына окшош эмес. Ошентип сенин адамга айланышың үчүн алдыңда оор сыноо турат.— Сиз айткандай болсо, анын эмнеси оор, энеке! — дедим мен.— Сага аны түшүнгөнчө көп бар.Знемдин сөзүн мен дагы эле капарыма албадым:— Мен баарына чыдайм... Энем кейиди да, эми мени аягандай буларды айтты:— Билип турам, сен го баарына чыдайсың. Баарын көтөрөсүң. А адамдарчы? Адамдарга ишениш кыйын, кызым.— Башынан эле адамдарга ишенбейсиз.
Аны мен билем, —деп мен энеме кадимкидей каяша айттым. — Отту өздөрүнө багындырган адам. Жанжаныбардын баарынан бийик турган, баарынйн улуу, баарынан акылдуу адам. Андай болсо, эмне үчүн адамдарга ишенбейсиз?
Fall into my trap :)
#24 13 Март 2016 - 15:06
— Туура айтасың... Адам аттуунун баары бирдей эмес. Алардын ичинде да боорукер, жароокери көп. Негизинен адам тукуму толук жакшырып, мүлдө баары мээримдүу болгончо көптөгөн жылдар өтөр. Жан кыйнаган эмгек, тынбай мээнеттенүү гана адам тукумун жакшыртат. А бирок, адамдын баары текши эмгектенгиси келбейт. Алардын ичинде өздөрү үчүн башкаларды иштетип, жыргалды жеке өзү көргүсү келгендер көп. Дүнүйө күтүп, байлыкты эңсеген адамдын напсисине чек коюу кыйын. Адам байыган сайын байысам деп самайт. Деги адам баласы эч качан дүйнөгө тойбойт. Биз жыландар курсагыбыз бир тойсо башка менен ишибиз жок, дүнүйө капар жүрө беребиз. Адамдар сараңдык, ач көздүк деген жаман оорудан оңой менен кутула алышпайт. Байлыгы канчалык көп болсө, алар ошончолук өздөрүн алдуу сезишет. Байлык көп жерде: чоңдук, зомбулук, көрө албастык, ичитардык, адилетсиздик өкүм сүрөт. Мына ушундай бирибирин көрө албаган олуялардын арасында кантип жашайсың. Алардын ыгына көнүп, алардын дилин түшүнгөнчө кыйналарсың.
..Мен энемдин оозун тиктейм.— Адамдардын дагы бир кемчилиги — алар сүйлөгөндөн тажашпайт. Сөз көп жерде ушак чыгат. Ушакты уккан сайын дил бузулат. Ушак бар жерде жакшыга— жаман, акка —кара, акыйкаттыкка — кара ниеттик үстөмдүк кылат. Түшүнсөң адамдардын турмушу татаал. Дагы айтам, алардын арасында жашоо сен үчүн өтө кыйын болоор, — деди энем мени аяп. Мен ыйлап жибердим. Жанган үмүтүм өчүп, сага жетпей калат экенмин деп ыйладым. Акылдуу энем меца,кайра сени сыпаттай кетти: жтогу эриң турмуштан запкы жеп, азап чек. Өз керт башы дурус неме. Болуптур, анданданкөр.
Сүйүү мээримине кабылдың. Сени жүрөгүңдү эзген жалгыз махабат эмес, жаген эменин үнү. Ошол сыйкырдуу түтүк болбосо сен мынчалыкка барбайт элең. Сенин жигитке канчалык мээримиң түшсө деле жылан бойдон калмаксың. Билип ал, махабат мээримине ээ болсоң да, калган эки мээримге канмайынча сен накта адам катарына кошулбайсың.
.Эне менен баланын мээрими гана сени биротоло адам кылат. Ансыз сен же адам эмес, же жыландарга кошулбай, жалгыз жүрүп олөсүң. Ал эми тирүү жан үчүн жалгыздыктан өткөн тозок жок.... Ошентип эне атам ыйлап, бүтүндөй жыландар ыйлап, мени менен биротоло коштошушту.
Андан соң мени энеден туума жылаңач бойдон токойдон жолуктурдуң.
Мынакей менин тарыхым. Ээнбаштыгым башыма тийди. Тил алган жок элем. Мына эми энем айткандай тозокко кабылдым. Арга жок. Мейли, тагдырдын ушунусуна да рахмат. Сүйүүгө кандым, жүрөгүм жылынды. Аялдык кудуретке ээ болдум. Бала төрөдүм. Бирок таш курсагымды бошотсом да, таш эмчегим бошобой арманда кетип баратам. Баламдын күлкүсүн көрбөдүм. Баланын ширин сөзүн уга албай калдым. Тогуз ай көтөрүп, томугум сыздаган, он ай көтөруп омурткам сыздаган баламдын «Эне» деген ширин сөзүн уксам болот эле. Эркелетип, ыйлаган көз жашын көрүп, ай жүзүнөн аймалап сүйсөм болот эле. Балтыр этин торолтуп, баарына чыгарсам болмок. Армансыз дүнүйө болбойт тура. Айла жок. Баланы жакшы бак. Чымындай жанын кор кылба. Сүйүү мээриминен жаралган, кандан бүткөн, жандан бүткөн медеримди мен дагы өлөр өлгөнчө эстен чыгарбайм. Ыңаалаган үнүнө зар болсомда чыдайм да. Арман көп... — деп байкуш аял акырындай бүт бойдон жыланган айлана баштаптыр.
Fall into my trap :)
#25 13 Март 2016 - 15:22
Ошо кезде, балдарым, шолоктоп ыйлап жаткан Бөрүбайдын боорундагы ымыркайдын да ыңаалаган үнү чыгат. Ого бетер шолоктогон Бөрүбай эңкейе берип сурайт аялынан:— Баланын тагдыры не болот? Өзүң жок кантип багам бу кызыл этти? Эч болбосо кеңешиңди айтып кет. Ушу тапта аялдын бүт денеси жыланга айланып, башы гана адамдыкы боюнча турган дейт. Ошо жерден жылан токтой калып, эринин алдына сойлоп келип:— Тос колуңду, — дейт Бөрүбай алаканын тосот. Ыйыныпычкынган аял куйкасынан бери жыйрып келип, кабагын катуу кысканда,анын оң көзү бөлт этип эринин алаканына кулап түшөт да, чечекейинен ажыраган чанактан кызыл кан шүүшүндөп жерге тыптып эте тама баштаган дейт. Балдарым, атам жомоктун ушу жерине.келгенде мен дагы кошо ыйлап, көпкө басылчу эмесмин. Оңой бекен, баласы үчүн эне чечекейин чукуп бергенден да кайра тартпайт тура Бала үчүн эне эмнеге гана барбайт. Карачы, ал баарына чыдайт. Эненин көзүн ал эмне кылат дейсиңерби?
Сурооңор эң туура. Ал жөнүндө азыр айтам. Кан аралашкан алакандагы көздү Бөрүбай аярлай кармап, буркурап ыйлаган бойдон сураптыр:— Ардагым, көздү мен эмне кылам? Түшүндүрүп кет. Анда аял сүйлөптүр:— Бала ыйлай баштаганда таңдайына сала кой. Бир аз соргон соң курсагы тоёт. Анан кайра алып, таза идишке сакта. Бир жашка чыкканча балага башка тамактын кереги жок. Эне чечекейинин кубаты баланы ачка кылбайт. Оозуна салгандан кийин унутуп калба. Деги сак бол, бала байкабай чечекейди жутуп албасын. Ыйлап жатып Бөрүбай кайрадан сурайт:— Сени мен кайдан издейм? Кайдан табам? Эң кур дегенде кабарыңды билгизе жүр, ардагым?— Байкушум, мени издеп эмне кыласың? Андан көрө менден түңүл, мени көргөндө не пайда. Мен жылан, сен адамсың. Кейпимди көргөндө өзүң жийңркенип,
балаң коркот. Жыландын сүрү күчтүү. Кез келген сайын жүрөгүң муздайт. Бир аз күндөн кийин өзүң деле мени тез унутарсың, Махабатка бекем кайсы эркек бар экен... Менин жылан сүлдөрүмдү тез унут. Жылдыздуу Арзыгүлүңдү эсиңден чыгарба. Энең жылан болгон Деп балага эч качан айтпагын. Аял толук бойдон жыланга айланып, шарт бурулуп жүрүп баратканда Бөрүбай дагы өтүнөт.— Ардагым, кылчайбай эле кете бересиңби? Акыркы сөзүңдү угуп калайын, менин өзүмө бир каалоо айт. Эстей жүрөйүн, көңүлгө түйө жүрөйүн. Анда жыландын эрине кайрылып айтканы бул:— Баса, адамдар жөнүндө энемдин айткандары туура экен. Аны азыр түшүнүп отурам. Айткандай, адам али адам боло элек турбайбы. Алар али күнчө далай кемчилинен арыла,тазара электигине көзүм жетти. Мисалга сени эле алалы. Убадага тура албай жалакайлык кылдың. Акыры минтип убалыма калган өзүңсүң. Шорум кайнап ара жолдо турам. Эмнеликтен силерде көктүк, чыдамкайлык аз? Ушак-айыңга тез ишенесиңер!
Силер көшөрлүк, курулай акчылдануу күчтүү. Боору таштык жана арамзалык да силерде. Күчтүүнүн алдында баш көтөрө албай: «Бийлик бар жерде, кулдук бар» —деп, ага жүгүнүү силер үчүн көнүмүш иш. Байкушка, бечарага бооруңар ачыбайт. Капа болсоң да айтайын: боору таштык,кара өзгөйлүк да силерге таандык. Душмандашкан адамыңар жеңилсе, ага ылайык кечирим берүү деген болбойт силерде. Тепсеп, жанчып, башын ийнинен бөлүп таштамайынча көксөөңөр суубайт. Силер кээде итче да болбогонуңарга таңмын. Ошого кадимкидей кейип кетем. Иттер талашканда жыгылып берип, төрт буту асманды карап калганын каппайт. Көксөөлөрү сууп, ага кечирим бере туруп кетишет. Ушак айтуу жана биринерди бириңерге көкүтүү да силерге таандык. Ыйманына камчы уруп, чын ишти жалган деген жандимилерда силерде. Салттуу жана ыймандуу карыбаган шүмшүк чалдар араңарда али көп. Мисалы, Бакалбай куучуну силер олуя көрүп, пайгамбарга теңейсиңер.
Аныңар эч кимге жакшылык кылбайт. Силер үчүн ал ак сүйлөгөн акылман,көптү билген даанышман. Анысы калп. Арамдыгы адалдыгынан ашып түшөт. Танбайм, билгени бар, көргөнү көп. Анын баары жеке керт башынын кызыкчылыгынан ашпайт. Элиңерди бөлгөн, араңарды жиктеген ошол арамы. Көзүнөн чаары, бетинен заары чыгып башка кандан кошулган тукумдарга эмнеликтен жүз үйрүйт ал? Анткени анын ичи тар. Алдыма эч ким чыкпаса деп ойлойт. Боорукердик,
адамкерчилик жөнүндө көп сүйлөгөнү менен андан өткөн мыкаачы жок. Эмне үчүн элге кошулбай жалгыздап жүрөт ал? Жайды жайлата ал суурга жана анын чөндөлөйүнө капкан салат. Жыландардын ордосун бузуп, жылан кармайт. Суурдун майын кайнатып, анын боорун жейт. Жыландын жаагын тирүүлөй айрып, өтүбүздү алат. Уубузду чогултуп, этибизди кургатат. Чөндөлөйдү кыйнап, анын терисин тирүүлөй сыйрат. Байкуш чөндөлөйдүн жаш этин жегенге кумар. Жегенде да аны бышырбай чийки жейт. Чөндөлөйдүн канын сорот. Ошондуктан ал кузгунча көп жашады. Жыландын өтүн ичип,уубузду дарылыкка пайдаланат.
Биз андан коркобуз, биз жылан тукуму — аны жек көрөбүз. Эгер эле Бакалбайда көрөгөчтүк,
сергектик бар болсо, ал бизден жуккан. Анын мээсин сергиткен биздин кан, биздин табыят. Бакалбайды эмчидомчу кылган биздин шарапат. Айтарым, Бакалбай чалга ылайым ишенбе. Бизди бөлгөн, биздин убалыбызга калган ошол арамы. Илгертен анын бизде өчү бар. Жыландын дааныщмандыгын,
анын ыйыктыгын ал билет. Деги эле жыландын каны менен адамдын каны кошулса эмне болмок? Анда силерге биздеги тазалык жукмак. Тукумуңар жакшырып, келечекте таза мууңдар көп болот эле.Дүнүйөкорлуктан,
ач көздүктөн арылмаксыңар.
Туруктуулук,
көктүк, эрдик мүнөзүңөрдө басымдуулук кылмак. Агарат элеңер, көгөрөт элеңер анда. Жылан өлуп атса да даттанбайт,
кейибейт. Дым чыгарбай өлөт ал. Эмики айтарым, алдагы бала кандан бүткөн, жандан бүткөн, махабаттын мээриминен бүткөн перзент. Мындан ары ушул жалгызды көзүңдүн карегиндей сакта. Наристеге аталык мээримиңди аяба, менин жайымды билгизбе. Эс киргенде энең төрөттөн каза болгон деп түшүндүр. ЭнемДин бейити кайда деп кыйнаса, эски молону көрсөт. Эңилчек баскан молону мыкчыса, көксөсү сууйт. Эзил жаның кыйналса, энем деп бала ыйласа, үйүнө акжоолук кийирип ал. Анда айылдан башка жакка көчүп кет. Сөз укпасын жубайың. Ушакка кабылбасын ал. Мени эгерим издебе. Ажал жетип өлгөнчө жалгыздын күнүн көрөм. Кызыкчылыгы жок болсо да өмүр сүрүү ар бир тирүү жан үчүн парз. Өз жанымды өзүм кыйбайм. Антип күнөөгө батпайт жылан тукуму. Кош бол, асылым. Мээримиңе жылыдым, өзүңө да мээримим өтту. Кош бол, махабатым. Арманым, күйүтүм... — жылан боз үйдөн шарт сойлоп чыгып баратканда буркурап ыйлаган Бөрүбай артына кыйкырып калат: — Эгер сени издесем кайдан табам? Жылан жүрүшүн токтотпой жооп берет:— Бир болсом Турна-Көлдөмүн.
Андан таппасан Жашыл- Көлдөн изде. Анын эмнеси кызык сага. Издебе, мени, ардагым! Ошо боюнча жылан жүрүп кеткен экен, балдарым.
Fall into my trap :)
#26 13 Март 2016 - 15:41
Эсентур,
ыйлаган сенби? «Жыланды аяп жатам». Аның дурус экен. Айтпадымбы,
боорукердик адамдагы жакшы мүнөз. Иши кылып аман эле жүр. Акыры менин жомогумдун маанисин да түшүнөсүң. Жомок демекчи, ал бүтүп деле калды. Эми силерге жомоктун аяк ченин айтып берейин. Ошентип, Бөрүбай жылан менен кош айтышып, ымыркайы менен жалгыз калат. Анын ортосунда бир жылга жакын мезгил өтөт. Жигитканчалык куса болсо да жылан катынды издемек беле. Алкүндүртүндүр кызыл эт баласын багуу менен алек. Жанынанкарыш жыла албайт. Баласы ыйлаган сайын таңдайына энесинин карегин сала коёт. Наристе аны бир аз сорсо эле курсагы тоюп, көшүлүп уктап калчу экен. Айткандай атасы ар дайым баланын таңдайындагы каректи алып чөйчөккө салат да, үстүн жаап койчу дейт. Ошентип кыш өтүп, жаз чыгат. Өзү болсо Аңыр-Көлдүн боюнан кетпейт, элжуртка да кошулбаптыр.
Аңгыча жай чилдеси да кирип келет. Бир күнү баласы ыйлаганда, Бөрүбай каректи анын таңдайына салып коюп унутуп калат.Балээнин баары мына ушул жерден башталат. Наристе каректи соруп жатып, жутуп ийиптир. Бир жылдан бери карек,өзү деле кичирейип отуруп, баланын тамагынан өткүдөй болуп калса керек. Атасы эстей коюп баланын оозун караса карек жок. Бөрүбайдын айласы кетет. Эми эмне кылмакчы? Кечке жуук бала катуу ыйлайт. Анын курсагы ачканын билген атасы, эптеп тамак беримиш болсо бала оозуна наар албайт. Сүт берсе ичпейт. Каймак берсе жебейт. Бала какылдап ыйлоонун үстүндө. Ошентип, айласы түгөнгөн Бөрүбай бозүйдүн эмеректерин атына жүктөп, жалгыз уюн жетелеген бойдон жылан аялын издеп жөнөйт. Көкүрөгүндө көтөргөн бала. ЖашылКөлгө барса, анда жок дейт аялы. АкКөлгө барып, мындан таппайт. Бала ыйлап отуруп алы кетет. Курсагындагы энесинин кареги болбосо, ал ачкадан өлүп калмак. Бирок ал карек дагы бир аз күндө эрип түгөнөт да. Ошентип эч жерден жылан аялын таппаган Бөрүбай койнундагы чоорун колуна алып, арман зарын айтып ыйлай баштаган дейт. Чоордун үнү, чоордун муңу шамал аркылуу жеткен го. Бир күнү бала көтөрүп, азып тозгон Бөрүбайдыналдынан баягы жылан эне каршы чыгыптыр.— Эмне болду? Чоордуы муңун укканда жүрөгүм түшүп калды. Деги бала аманбы? — деген экен.— Балаң аман! — дейт да күнөөлүү Бөрүбай болгон окуяны аялына айтып берет.. — Айтпадым беле, бала каректи жутуп албасын деп. Болбостур эми. Жүрө бергин менин артыман. — Жылан сойлоп жөнөйт. Бала көтөргөн Бөрүбай анын артынан калбайт. Бир кезде алар жылан эне жашаган ТурнаКөлдүн жээгине келишет.Алар көл четине жетишкенде жылан эне күйөөсүн, алсыраган баласын тиктей берип:— Тос, алаканыңды,
— дейт. Бөрүбай колун тоскондо жыландын экинчи кареги, эринин алаканына топ этип кулап түшөт. Жалгыз көздүн чанагынан шүүшүн кан тыптып этип кара жерге таамп жатты дейт. Айласыз Бөрүбай солкулдап ыйлоонун үстүндө. Эси оогон жылан сулк жатып калат. Бечара жигит баланы чалкасьгаан сала коюп, каректи бергенде ал соруп кирет. Бир аздан кийин курсагы тойгон наристенин бетине кан жүгүрүп күлкүсү чыгат. Атасы каректи анын оозунан ала коёт. Баланын үнү чыкканда жылан эне башын көтөрүп, эрине өтүнгөн тура.— Ардагым, эми мен капкараңгы түндүн ичинде калдым. Мага мындан ары жашоонун кандайча кереги бар? Андан көрө башымды таш менен жанчып өлтүр да, көөмп кой. Бир айнегим барда эптеп жан бакчу элем. Эми кантем...— Колум барбайт. Андан көрө өлгөнүм жакшы. — Акылсызым, сен өлгөндө бала кантет. Ал курубайбы. Өлбөйбү ал.— Ардагым, колум барбайт. Кантип башыңды жанчам?— Сенин колуң барбаса, мен дагы өз жанымды кыя албайм. Жыландар үчүн өз жанын өзү кыюу чоң күнөө.— Антпе, чогуу жашайбыз, мен сени багам. Кор кылбайм. Бөрүбайдын сөзүнө жылан макул болбойт:— Макул, чогуу жашайлык. Анан балага эс киргенде канттин? Энеси жылан экенин билсе жүрөгү түшпөйбү.— Азырынча чогуу жашап көрөлүчү... Жылан башын көтөрүп, ойлоно калат да, кайра өзү акыл салат:— Андай болсо мен көлдүн ичинде жашайм. Көл жылуу. Ал кышында тоңбойт. Мурда тамак таап жечү элем. Эми эптеп оозумду ачсам тишиме бирдеме илинер. Тамыр, балыр болсода жарай берет. Андан көрө силер үйүңөрдү көлдөн окчун жерге тиккиле. Мен таң атканын, күн батканын көрбөйм да. Күн бүркөлүп түн түшкөнү да капарыма кирбейт. Бөрүбай күнөөлүүдөй унчугат.— Ошо жагы жаман болду... Жылан сүйлөйт:— Жаз, жай, кыш менен да ишим болбойт. Ошондуктан сен кезкез бала уктап жатканда жаныма келип, чоор тартып, жарык дүйнө жөнүндө кабар салып тур. Бирок мен жөнүндө бала такыр билбесин. Эгер ушул убадага турбасаң эле сени өлөр өлгөнчө жек көрүп жүрүп өтөм. Ошентип, байкуш жылан көлгө сойлоп кирип кеткен дейт.
Fall into my trap :)
#28 13 Март 2016 - 20:02
Бул окуя уламыш болсо да,чындап эле адамдан откон ташбоор,ичи тар нерсе жок бул дуйнодо.
#29 13 Март 2016 - 23:41
Айткандай Бөрүбай ТурнаКөлдөн окчунураак жерге боз уйүн тигип, эптеп оокатын кыла баштаган экен. Эртең менен баласы уктап жатканда Бөрүбай көлдү көздөй чаап келет да, чоор аркылуу күндүн чыгып келатканын кабарлайт. Ошондо жылан көлдөн сойлоп чыгып, башын созгон бойдон теребелге көз салат. Чоор табияттын ажайган маанайын бүт бойдон күүгө салат. Көгүш жалбырактар,
апакай. булут, асманда каалгыган бүркүт, кумайда жайылган кийиктер, качкан түлкү, токойдү жойлогон кабыланга чейин кабар берет. Көшүлгөн күн нуру, көйкөлгөн шиберлүү гүлдөр, көз кумары канбаган сулуулуктун баарын күүгө салат чоор.— Баарын көрүп турам, — дейт ыраазы болгон жылан. Анан жылан эне чоор үнүнөн баласынын кыял жоругун,күлкүсүн угат.— Өнөрү чыгып, адам болуп калыптыр. Ыраазымын сага. Ыраазымын жашоого дейт...Жылан эненин кубанганына сүйүнгөн Бөрүбай ойной берет. Ал ойноодон тажабайт. Анын сыйкырдуу күүсүн бүт табыят тыңшайт. Жанжаныбар бүт угат.— Ыраазымын сага, болду эми. Бала ойгонду, баргын, —дейт жылан эне.— Шашпа, ардагым! Бала кечан ойгонорун билем мен. Сага тамак ала келгем, андан көрө ичип ал, — деп ынак сүттү анын алдына коёт. Сүттү ичип, ыраазы болгон жылан эне Бөрүбайды алкайт: Жашоодон бекер үмүт үзүпмүн. Көзү жок жашоонун да өзүнчө кызыгы болорун ким билиптир. Ыраазымын, Бөрүбай.— Ал эрин чын ниетинен алкайт. Бөрүбай көл жээгине түштө келет. Кечинде да келет. Күздө жана бороон улуган кышта да чоорун тартып көл жээгинен чыкпайт. Эгерде уйкусу келбеген бала жанынан чыкпаса, ал боз үйдүн жанында туруп алып чоордо ойной баштайт. Баары бир чоор үнү жылан энеге жетет. Чоордун касиети ушунда — ал үйүндө болуп жаткан кыймыларакеттин баарын көрө алат, баарың тыңдап билет, көңүлү жайланып, ан сайын жашоого болгон кумары таркабайт. Өзгөчө уулунун тили чыккан кезин айтып, анын сүйлөгөнүн,
күлкүсүн, кыял жоругун чоордон укканда бүтүндөй жан дүйнөсү козголуп, көңүлү көкөлөйт. Өмүрдүн кооздугуна,
жашоонун сонундугуна таң калат. Ал Бөрүбайдын чоордо тынбай ойной берүүсүн самайт. Кайрадан жүрөгү кубанычка толуп, адам өмүрү чексиз, жашоосу татаал турбайбы деп таңгалат, Мындан башка бакыттын мага кереги жок деп жараткандан тилейт. Өзү үй бүлөсү менен кошо аралаша жашап жаткандай көрөт. Бүт тулкусу жылан экенин унутуп да коёт. Келген сайын эрине акылын, кепкеңешин айткандан не бир тажасачы. Ал баласын өңүнөн тааныйт. Кирпик кашына чейин көрүп турганына сүйүнөт. Чоор үнүнүн сыйкырына ал таң калганын такыр койгон. Мына ушинтип арадан жетисегиз жыл өтүптүр. Жашоо Бөрүбай үчүн да кызык, жалгызсыроо деген анда жок. Мурдагыдай капалануу дегенди билбей баласын сүйөт,ансайын жүрөгү толкуйт, ага жалынат. Айткандай «апам кайда?» деп бала алгач сураганда Бөрүбай аны ээрчитип барып жалгыз бейитти көрсөткөн болчу. Ага ишенген бала атасын ээрчйй жалгыз бейитке барып келсе энесин көргөндөй, аны менен жолуккандай кадыресе каниет алып калар эле.
Fall into my trap :)
#30 13 Март 2016 - 23:47
Бир жолу атасы жумуштап кеткенде энесин эстеп куса болгон бала жалгыз бейитке келди. Бала көк чым баскан молонун этегинде муңга батып мулуюп, башы салаңдайт. Ошо кезде добуш чыгат. Бала башын көтөрсө бет алдында көзү кылыйган Бакалбай чал. Бала аны чала таануучу. Ызаат кылган ал ордунан тура калып, аксакал кишиге салам айтты: —Ия, жубарымбек,
эмне кылып отурасың? —деп зекийт чал.— Энемдин бейитине келдим, ата! — Эмне дейт? Кайсы энеңдин?— Өз энемди айтам, ата! Ал ушу жерге көмүлгөн, — деп бала муңайса, чал карскарс күлдү.— А бечара, бул жерде мындан отуз жыл мурда өлгөн Көчөрдүн кызынын сөөгү жатат.— Анда менин энемдики кайда?— Сенин энең тирүү. Аны өлдү деп ким айтты сага? Сүйүнүп кеткен бала ордунан тура калат.— Менин энем тирүүбү? Билсеңиз айтыңыз, ата! Ал кайда?— Байкушум, аны тапканда сага пайдасы кайсы. Сен ;жыландан туулгансың!
Жүзү куулуп: бирде моетоюп, бирде күлүп турган бул саргыч чалгак ачуусу келген бала башын чайкады:— Калп айтпаңыз. Жыландан адам төрөлбөйт. Мен сизге такыр ишенбейм. Ишенбесең барып көр. Көл жактан атаңдын чоорунун үнү чыкканда жылан энең көлдөн чыгып келип, атаң менен адамча сүйлөшө баштайт. Экөө кадимки эрдикатындай сүйлөшүшөт.
Мына ошондо нака ишенесиң. Бирок тил алсаң барбай эле кой. Эне сөрөйдүн түрүн көрүп эсиң чыгат. Анын үстүнө байкуштун эки көзү жок. Дагы эле ишенбеген бала сурайт:— Аны сиз кайдан билесиз? Эмне үчүн энемдин көзү жок? Чал болгон окуяны түшундурүп келип, муну айткан экен:— Сен жубарымбек,
ошентип жаштайындан энеңдин эки көзүн жутуп алгансың. Эми ишенбесең барып энеңди көрө бер. Тигине, атаң чоордо ойной баштады. Ошо жерден бала көл тарапты көздөй ыйлаган бойдон чуркап жүрүп отурат. Көл четинде чоор угуп, эри менен сүйлөшүп отурган жылан эне уулунун унүн укканда эрине бир кыйкырып, көлдүн тереңин көздөй качып жөнөгөн дейт.— Мен анткан жокмун. Менин оозуман чыккаи жок —деп карганган Бөрубай уулунун жолун торой чуркайт. Бала атасын буйтап өтүп, көлгө боюн таштайт да, куйрук башы араң көрунгөн жыланды көздөй «энекелеп» сүзүп бара берет. Балага тоскоол болчу эч кандай күчтүн жоктугун сезген атасы анын артынан жөнөйт. Атасынын ач кыйкырыгына бала көңүл буруп да койбонт. Атасы ого бетер үн салат:— Аманат, Аманат, токто! Каралдым, көлгө чөгөсүн! «Көлгө чөгөсүң» деген сөздөн улам жылан эне артка кайрылат да, чын эле көлгө чөгүп өлбөсүн деген кыязда ал баланын жолун торой артка карата сүзүп келе берет.
Fall into my trap :)
#31 13 Март 2016 - 23:56
Эки көзү жок, караманча сокур алты кулач ак жыланга жеткенде бала эч бир коркуп жана үркүп койбостон энесинин башынан кучактай берип: — Энеке, энеке! — деп солуктап ыйлагандан башка сөз сүйлөй албаптыр. Жылан дагы баласына алты оронуп, анын демине, жытына чыдабай муундары бошогон байкуш эчкирип өксөп ыйлаган тура. Чындаса, сокур көздөн жаш чыгат деген макал бар. Бирок жыландын көзүнөн жаш ордуна кан чыгыптыр.Эне балага жетип атасы да кошо ыйлай баштайт. Ал эми ошондо баланын көзүнөн аккан мөлтүр жаш, шор жаш жыландын сокур көзүнө тамат. Кызыгың түшкүр, жаш тамган сайын жылан эненин көзү ачылып, ага көз бүтүп, ал бир заматта суйкайган сулуу аялга айланган турбайбы. Кучакташа калышып, бирде күлө, бирде өбүшүп, бактыга тунган үч адам көлдөн чыгып келатканда күн күлуп жиберет. Дүйнө, чарчарап ого бетер кооз боло түшөт: Ошо кездеги эне, бала жана ата учөөнүн бирибирине төгүлгөн мээримин сүрөттөөгө сөз жетпес, балдарым... Анан эмне болду? — деп сурабайсыңарбы.
Ооба, ал аңгыча каткыра күлүшкөн үч адам жээкке жете бергенде Бакалбай чалдын үнү аларды селт эттирди:— Бактыңар кут болсун, Адам атанын тукумдары!
— Кексечал үчөөнү сынагандай тиктеп, деги бир кебелбейт. КуттУктоого ишёнбеген Бөрүбай аны баамдай карады. Ансызда майда тырыш баскан саргыч жүзү сөөгүнө жабышып,чалдын күлүп же мостоюп турганы такыр сезилбейт. Кыжыры келген Бөрүбай орой жооп берди.— Чекеге чыккан чыйкан болдуң го. Дагы кандай дооң бар бизде?— Мен силерди куттуктап жатам... Тилегеним жакшылык.— Качантан бери бизге жакшылык тилеп калгансың? Чал күлдү:— Мен силерге жамандык да кыла элекмин.— Жамандык кылбасаң, биз сегиз жыл жапа чегет белек.— Сегиз жыл силер сыноодон өттүңөр.— Сенин буйругуң менен... — Кудайдын буйругу ал, пендем.— Анда Кудайдын көзү бизге түз экен.— Кудай эч кимди алдабайт.— Аны мен да билем.— Ошон үчүн силерди куттуктап жатам...— Андай болсо бизге жол бериңиз, ата? — Эринин чапанын жамынган Арзыгүл жүгүнүп койду.— Башыңдан бактың кетпесин!
Этегиңден жалга, келин бала.Чалдын батасына ийиген келин ага кайрадан үч ирет жүгүндү. Чал да жибип кетип, үнү дирилдеп мээрим чачты.— Умай эненин жолун жолдо. Ылайым ырыстан кем болбо, — дей берип, башы салаңдай түштү. — Мен жөнүндөгү оюңду толук билем. Бирок ага анча капа болбойм. Эгер менде ошончолук кемчилик болсо, ал адам тукумуна таандык. Өзүң айткандай адам тукуму жакшырмайынча ал кемчилдик башыбыз менен кошо жатар...Келин уялгандай башын салды:— Жан кашайганда,
мүмкүн сизди көбүрөөк каралагандырмын.
— Аны билем дечи.— Мен ойлогондой караманча эле жаман адам эмес экениңизди азыр сезип турам, ата.— Ырас, ошончолук жаман болсом эл ичине батамбы. Дегинкиси, сиз айткан мыкаачылык менен боорукердик көп кишинин табиятында чогуу жашайт... Келин кейиди:— Деги, адам тукуму андан качан арылат?— Акыры келип арылары анык. Ал үчүн көп жыл бар...— Качан деги? Чал сөздү башкага бурду:— Сиз айткан үч мээримге башында мен ишенген эмесмин.— Эмичи.ата? — Эми ишендим! Өзгөчө кийинки эки мээримге. Көрсө, бала менен эненин мээриминен артык эч нерсе жок тура. Сени адам катарына кошкон да ошол эки мээримдин күчү. Келин жылмайды:.— Ансыз мен бул жерде турбас элем. Чал кайрадан каада күттү.— Адам тукуму бактылуу болуш үчүн үч сезим кантсе Да аздык кылат. Келин чочуп кетти.— Кандайча?— Ан үчүн, мен силерге бир тамсил айтып берейин. Чалдагы бир балээни баштабасын деп, кепке Бөрүбай аралашты:— Аксакал, биз үйүбүзгө кетсек...— Бир бээ саамчалык убактыңарды бөлгүлө. Тамсил силер үчүн эмес, мына бул наристе үчүн керек. Бөрүбай нааразы болду:— Ошончолук элеби?— Ооба! — Чал кесе айтты. Арзыгүл баласын сүйүп жатып сүйлөдү:— Бала үчүн болсо айтсын...
Fall into my trap :)
#33 14 Март 2016 - 00:13
Чал жалпак таштын үстүнө мандаш урунуп отура калды. Тигил учөө анын оозун тиктөөдө. Асман чайыттай ачык, чаңкай түш чен эле...— Баш аягы жок чер токойдо, кенен токойдо көптөгөн башка айбанаттар сыяктуу эле Арстан менен карышкырлардын көк жалы Каблан ,да жашашчу — деп баштады Бакалбай. —Жан жаныбардын бардыгы экөөнү тең сыйлашчу, экөөнү тен урматташчу жана экөөнөн тең чочуй турушкан. Күрүлдөй үн чыгарып, Арыстан түнт токойду аралап өткөндө айбанаттардын баары жүгүнуп салам айтып, кээси айбыккандан жашына калышып, анын көзүнө тик карай алышпай, айтор, айлалары кете турган. Түйшүк, кырсык санаасына келбеген Арыстан: — Түнт токойдун, жашыл токойдун ээси, падышасы менмин, — дечү. Ага кйм айбат кылсын, бул ойлогону чын эле.Кабылан да бекеринен келбей турган шерлердин бири. Алдагы чер токойду жойлоп өткөндө жан жаныбар бүт бойдонага да таазим этишип, аны да куттуктай, салам айтуусун жазышпай турган. Экөөнүн жеген жеми, уулаган аңы, кылган тиричилиги эки бөлөк болсо да жашаган токою, ичкен суусу, көргөн күнү, сыйынган кудайы бар болчу. Бирок андай экенин экөө тең ал кезде капарына алышкан жок. Ошол жөнүндө ойлоп да коюшпай бейкам жүргөн кездеринде кокусунан экөөнүн ортосунда жаңжал чыкты. Жанжалдын отун тутанткан кадимки эле Момолой чычкан болду. Кой оозунан чөп албаган, момун жана сыпайы деген Момолойдун ошончого барарын адегенде экөө тең аңдай алышкан жок. Арыстандын түнөгүнө жакын ийинде жашаган Момолой дүйүм чөптүн тамыры менен жержемиштин данын тандап жей берип аябай семирип, акырындай Арыстанга үйүр алышып кетти да,курулай эрдемсиген,
көпкөн жубарымбек чириген эски дүмүрдүн үстүнө чыгып алып чыртылдап, чыңкылдап, эртели кеч тили буудай кууруп сайрай берет:— Кабыландын ичи сага бузук, Шерим. Анын сага оң санайьш деген ою жок. Сени жоготсом дегенде эки көзү төрт. Баякүнү анын сен жөнүндө кыжырланып жатканын өз кулагым менен уктум... Кебелбеген Арыстан башын көтөрбөй бейкам бурк этти:— Ал макулук эмне деп жатыптыр?— Айтып келатпайынбы,
сырттаным. Уксаң?..— Айта бер, кулак сенде!— Айтса байкатпай келип сени уктап жаткан жериңден жара тартып салуунун амалын ойлоп жүрөт ал желмогуз.— Анте турган кандай себеби бар экен?— Ушул кереметтүү кооз токойду жалгыз өзүм ээлесем деген тилекте да ал ыймансыз. — Ошондойбу!
— Жини келген Арыстан башын көтөрө берип, комдоно калды.— Калп айгсам, жаным чыксын. Калп айтсам, ылайым ийинден чыкпай калайын. — Жаны күйгөн, ак жүрөк эмече молойгон капыр ыйлап жиберди. Момолойдун айтканына ишенбеске аңгөөдөк Арыстанда эми арга калган жок. Жүрөгү алып учуп, кыжыры келген ал:— Көрсөтөм мен ал итке! — деп туш жагындагы бейчеки өсүп турган кайыңды бир койгондо, терек белинен чорт сынды. Арстандын каны дүүлүгүп, чыны менен Кабыланды жара тартып сала турган абалда жүргөндө ал капыр Кабыланды жолуктуруп баягы сөзүн, баягы ушагын айтып аны көкүттү:— Арыстанды кудай урду. Мен ага кошуна турам го. Эртели кеч эле ызырынганы,
энсегени сен.— Өзүм тийишпесем делеби!— Аны менен иши жок, көпкөн да. Ал итти жок кылмайынча жаным жай албайт дейт. Сени иттин тукуму деп шылдындап жатканын көрчү. Деги сак бол, Сырттаным. Кабылан боюн керип кебелген жок.— Ишенбейм айтканыңа, Момолоюм.— Калп айтсам жаным чыксын. Ылайым ийиндин ичинде жатып чирип өлөйүн. Айтканымдын баары чын. Байка,Шерим.
Ордунан ыргып турган Кабылан эми чындап такыды.— Айтчы, мен ага кай жеримден жазыптырмын?
Эмне күнөө кылыпмын?— А Сырттаным!
Билем: аңкоолук, кенебестик,
баатырдын иши, Дегинкиси, себепсиз кантип эле ачуулансын.
..— Андай болсо билгениңди айт! — деди, Кабылан жүнүн үрпөйтүп.Момолой чаңкылдады;
— Билип ал, Сырттаным. Эсиие түйүп жүр, Кабыланым.Токойдогу айбанаттын баары сени да сыйлайт. Арыстаңды кандай көрүшсө, сени да ошондой көрүшөт. — Аны мен билем.— Ошол Арыстанга жакпайт экен. Ошондуктан ал сени көрө албай жатат. Болгону ушул, Шерим. Деги сак жур. Бир күнү келип, жара тартып таштабасын.
Кабыланды кадимкидей санаа басты. Баякүнү өтүп баратса, алыстан аны Арыстан көргөн. Чын эле ошондо анын көзү канталап, кол салчудай октос берип турганьщ байкай, буйтай өтпөдү беле.— Мен да оңой келбейм. Мен дагы экинин биримин. Көрсөң айтып кой, көп тийишпесин.
Болбосо, менден бирди көрөт ал мышык. Кабыландын сөзүн жасап, кооздоп жеткизди Момолой.— Сенден коркпойт экен, Шерим. Сени ал теңине албайтэкен,
Султаным. Карыган мышык мага кеп эмес деп айтты. Менден коркуп, сездеп жүрбөсө бир күнү кардын жара тартам, — деди.Мына ушуга окшогон толгон токой ушактан кийин ачууга жеңдирген Арыстан:— Кайда жүрөт, ал айбан! — деп ордунан ыргып турду да, Кабыландын жаткан жайын көздөй атырылып жөнөдү. Сак жаткан Кабылан ордунан буйт берип, бир далайга чейин айбат кыла кармашкан болду.Акыры чарчап, алы жетпесине көзү жеткенде ал качып берди. Арыстан анын артынан сая кууп келет. Экөө тең аябай чарчаганына карабай, өлүм менен өмүрдүн ортосундагы күрөш бир саамга да токтогон жок. Кууп баратканына карабай:— А кудай, жардам бер. Ушуга жетип бир жайласам, экинчи арманым болбойт эле — деп, алы кете баштаган Арыстан теңирге улам улам жалынып коёт.— А кудай, колдой көр! Ушу жоодон кутулсам өмүр бою сага сыйынып жүрүп өтөм — деп, өзүнчө жалынат жараткангаг Кабылан. Бири-биринин сөзүн уккан экөө тең өздөрүнчө кобурады:— Кудай мендик. Ал качканды колдойт.— Кудай мендик. Кууганды өзүнчө колдойт ал.
Fall into my trap :)
#34 14 Март 2016 - 14:59
Ал аңгыча Кабыланга куйрук улаш жете жаздап калган Арыстан күп этип казылган орго күлап түшту. Балээден чын кутулган Кабылан кайра келип, ордун четине токтоду да:— Ырас гана болду сага! Шишиң толгон болчу! — деп мыскылдай бейкапар күлүп турат. Ор аябагандай терең эле. Ордон чыга албасына көзү жеткен Арыстан көзүнө жаш ала чын наалыды:— Ээ, чоң Кудай, калыстык кылган жоксуң. Кайсы жеримден жаздым сага. Эми ушу ордон чыкпай чирип өлөмбү? Калыстык кылган жоксуң, теңирим. Ушу кезде күңгүрөгөн жоон үн чыкты.— Жок, мен калыстык кылдым.— Сен кимсиң? — деди Арыстан көктү тиктей берип. — Мен сен сыйынган Кудайыңмын!
— Кудайыңмын?
— Ооба, Кудайыңмын.
.. — Андай болсо эмнеге көрүнбөйсүң!
Көзүмө көрүнүп туруп сүйлө. Арманымды ук, чоң Кудай!— Эй, макулугум!
Кудайды эч ким ушу кезге чейин көзү менен көргөн эмес...— Анда аны ким көрүптүр?— Аны эч ким көрө албайт. Аны ар ким акылы менен гана туят.— Андай болсо зарымды ук! Калыстык кылып мени ордон чыгар...— Мен калыстык кылдым. Ошон үчүн сен тирүү турасың!— Калыстыгың ушубу! Акыры, ушинтип ордо жатып чирийимби!
..— Жок, чиригениңче көп бар! Али ичер сууң түгөнө элек. Сени ордон чыгарып алышып, торго салышат. Тамакты колдон жеп, көптү көрөсүң!— Ошо кантип жашоо болсун...— Антип оосар сүйлөбө. Ага да көнөсүң, каниет кыл. Мунун баарын угуп отурган Кабылан кыткыт күлдү: — Чоң Кудай, мен сага ыраазымын. Алсызды колдоп,калыстык кылганыңа рахмат. Баягы жоон үн кара сүйлөдү:— Сен да көп кубанба! Сүйүнө турган эч нерсе жок, бечарам.— Кантип! Мына мен эркинмин. . Токойдун жалгыз ээсиэми менмин.— Аңкоом, байкушум!
Жээликпей, эрдемсибей айланаңды жакшылап карачы! Кабылан тура калып туш тарабына көз чаптырса, тегерете курчалган майдамайда темир тор экен. Ошондо амалы түгөнгөн ал да ыйлап жиберди.— Мунуңуз адилетсиздик,
чоң Кудай!— Жок, мен эч кимиңе тарткан жокмун. Кара .кылды как жарган адилеттик деп ушуну айтат. Кеңдикти, эркиндикти эч кимиң баалаган жоксуңар. Эми мындан ары экөөң тең тор ичинде ушинтип, жанаша жашап күн көрөсүңөр. Арыстан менен Кабылан кошула унчукту:— Кудайды ооздон түшүргөн жок элек. Кудай күлдү.— Качкан да, кууган да Кудайды оозуна алат. Кудай болсоэч кимге тартпайт. Ал ар дайым ушинтип калыстык кылат. Эми ар кимиңер өз күнүңөрдү көргүлө.— Өмүр бою ушинтиппи? — деп экөө тең уңшуп жиберди. Кудай кайра жооп берди:— Өмүр деген эмне? Мен үчүн ал жыл менен, кылым менен ченелбейт. Ал жан-жаныбардын баарынын маңдайына кокусунан буйруган бир гана тыс эткен учкун . Дегинкиси,өмүр дегенди мындан ары баалайсынар Кудайды мындан кийин нака көрөсуңөр!
Ал көздөн кайым болду. Айтканындай эле капастагы эки шер кийинчерээк Кудайды өз көздөрү менен көрүшчү болгон. Кеңирсиген көк асман жана көктө жадырай ааламга нурун тегиз чачкан күн, ошондой эле тоо ташы менен токою, суу байлыгы ташыган төшү түктүү кара жер — кереметтүү Кудайдын өзү экен. Мына ушул үчөөнүн алдында терин төгө эмгектенип,
эркин, бейкапар жашаган жан жаныбарлардын баары бактылуу турбайбы, көрсө. Кудайды накта тааныткан, адамзат дебей, жан-жаныбардын баарын бактылуу кылган чыныгы эмгек, уулум деп көл ичинде энесине ыктай. өзүнөн көзүн албаган балага карады да, кайра аңгемесин мындайча жыйынтыктаган экен чал.— Ошондон кийин ар дайым эртең менен күндүн кызыл нурун көргөндө экөө тең:— Ассаломалейкум,
чоң Кудай! — дешип озуна салам беришчү. Ааламга нурун тегиз чачкан адилет Күн ошондо алардын саламына кадимкидей мээримдүу жооп берчү экен:— Алейкум салам, макулуктарым!
Тамсилин айтып бүткөн Бакалбай: «Бактылуу болгула, эч качан ырысынар кемибесин!
» — деп бата берет да, ордунан ыргып туруп, атына минген бойдон чаап жөнөйт. Тигил үчөө болсо тамсилди өздөрүнчө аяр талдап, бул сапар карыя ичине кир сактабай ак дилден бата бергенине ишенип, үйлөрүн көздөй жол тартышкан дейт.
Жомогум бүттү, балдарым. Мен айткан үч мээримдин мааниси ушул. Ал эми Бакалбай чал айткан тамсилдин маанисин өзүцөр талдагыла. Бул үчөөсүз өмүр сүрүү кызыксыз болсо, буга дагы бир кошумча: адам керт башынын эркиндигин сезмейинче үч мээрим маңызына чыкпайт. Баамдадыңарбы? Оңбогон чалдын тамсили ошол жөнүндө... Ошентип, энебала жана ата үчөө элге кошулуп, чон той беришет да, бактылуу өмүр сүрүшкөн экен. Алардан тукум калып, тукумдары көбөйүп отуруп, өзүнчө урууга айланган дейт. Мына ошол жылан энеден тараган журччулукту Өзүктөр деп коюшат. Алардын тукумдарын мен да кезегинде учурата калам. Ырдаса үндөрү мукам, күлсө кулкүлөрү ачык, жаракөр болушат алар. Өңтүстөрү кара сурунан келип, көздөрү жоодурай сулууча келишет өзүктөр! Алардын тукумдары анчалык көп болбойт. Туулса бирден же экиден ашпайт алар. Бирок алар жайдары көрүнүшкөнү менен өтө намыскөй, кайраттуу, ары кекчил болушат. «Өчөшкөнүн өксүткөн Өзүк» деген макал да ошондон калган, балдарым. Адам —адам болуп жаралган сон анын намыскөй, кайраттуу болгону жакшы дечи. А мен өзүм кекчил адамдарды анча жактыра бербейм. Адамдын калыс, боорукер жана кечиримдүү болгонуна не жетсин...
Туз айылы. 11май, 1986ж. Аягы
Жомогум бүттү, балдарым. Мен айткан үч мээримдин мааниси ушул. Ал эми Бакалбай чал айткан тамсилдин маанисин өзүцөр талдагыла. Бул үчөөсүз өмүр сүрүү кызыксыз болсо, буга дагы бир кошумча: адам керт башынын эркиндигин сезмейинче үч мээрим маңызына чыкпайт. Баамдадыңарбы? Оңбогон чалдын тамсили ошол жөнүндө... Ошентип, энебала жана ата үчөө элге кошулуп, чон той беришет да, бактылуу өмүр сүрүшкөн экен. Алардан тукум калып, тукумдары көбөйүп отуруп, өзүнчө урууга айланган дейт. Мына ошол жылан энеден тараган журччулукту Өзүктөр деп коюшат. Алардын тукумдарын мен да кезегинде учурата калам. Ырдаса үндөрү мукам, күлсө кулкүлөрү ачык, жаракөр болушат алар. Өңтүстөрү кара сурунан келип, көздөрү жоодурай сулууча келишет өзүктөр! Алардын тукумдары анчалык көп болбойт. Туулса бирден же экиден ашпайт алар. Бирок алар жайдары көрүнүшкөнү менен өтө намыскөй, кайраттуу, ары кекчил болушат. «Өчөшкөнүн өксүткөн Өзүк» деген макал да ошондон калган, балдарым. Адам —адам болуп жаралган сон анын намыскөй, кайраттуу болгону жакшы дечи. А мен өзүм кекчил адамдарды анча жактыра бербейм. Адамдын калыс, боорукер жана кечиримдүү болгонуна не жетсин...
Туз айылы. 11май, 1986ж. Аягы
Fall into my trap :)
#36 24 Март 2016 - 13:30
Жазып илгениниз учун чон рахмат,мен жакшы коргон китептер жарыяланып аябай суюнуп жатам.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!