БАШ СӨЗ
Тээ бала кезден менин улутубуздун
улуу сөздөрүнө баа берип,
санжырасын угуп, ысымдары
тарыхта калган инсандарыбыздын
басып өткөн жолуна кызыгып,
билип алууга ынтызарым күч алып
келет. Ооба, бирок бири кем дүйнө
дегендей, кээ бир Сопу ата өңдүү
өз учурунун белгилүү жана асыл
адамдарынын тарыхтары, жасаган
иштери, калтырган сабактары,
адамдык жакшы сапаттары,
жашап өткөн өмүр жолу айтылбай
жана жазылбай көмүскөдө калып
баратканы кимди гана
өкүндүрбөйт.
Аттиң, жок эле
дегенде ошол кезде азыркыдай
илим өспөгөн күндө дагы, кагаз
бетине кенен, таамай жазылып
калса, анда бул жашоого керектүү
наабаттуу сөздөр, акыл кеңештер,
асыл ойлор түгөлү менен бизге
жетет эле го. Ооба, өз учурунун
жакшысы аталган, акыл кошчу, эл
ээрчиген төбөлдөрдүн кеңешчиси,
учурунда сөз таба билген чечени,
алдыны көрө билген олуясы,
билим үйрөнүүгө ынтызары күч
балдардын устаты, алдыдагы
окуяны алдына ала билген
билгичи, санжыра-тарыхты мыкты
билген билерманы, кат тааныган
сабаттуу адамы, азык уруусунан
чыккан Сопу Эсет уулунун учурда
барк баасы билинбей баратканы
мени абдан түйшөлтөт. Бир кезде
мен санжыра-тарыхты кубалап
окуп, нускалуу сөздөрдү жата
калып укканга куштар элем. Ал эми
азыр ар бир уурудан чыккан
жазмакерлер өз уруусунан чыккан
гана атуулдарды мактап-жактап
жазып, башка улуттан чыккан
чыгаандарды унутта
калтыргандары албетте
калыстыкка жатпайт. Ооба, бизде
кыргыз элинде "көзү өтүп кеткен
инсандын артынан жаман сөз
айтпайт"-
деген сөз калган. Бирок,
азыр көзү өтүп кеткен
инсандардын артынан жаман сөз
айтмак турсун, каратып туруп
бурмалап жазгандардын саны
өстү. Муну эми биз, ар кимдин
абийирине койгонубуз оң. Сөз
өңүтү бурулуп баратат окшойт.
Эмесе сөздү көп чойбой олуялык
сапатка ээ болгон, сынчы Сопу ата
жөнүндө сөз кезегин баштасак.
Сопу ата 1760 -1850 - жылдардын
аралыгында,
өлкөбүздүн түндүк
тарабында жашап өтүп, улуу Алла
берген өмүрүн элге арнап, өзгөчө
кыргыз эли үчүн сөз жетпеген
жакшы иштерди жасап кеткени
тарых барактарында үстүртөн
жазылып жана ооз эки түрүндө
айтылып калган. Бирок, ириде
айтылгандай ал кезде кагазга
толук түшпөгөн соң, ооз эки
айтылган сөздөрдүн көбү
бурмаланып олтуруп, бизге Сопу
атанын эмгектери толук жетпей
калганы өкүндүрүп турат. Антсе
дагы санжырачы атам Таштанбек
Бийназаровдон уккан жана башка
тарых булактарынан алган
окуялардын жана сюжеттердин
жардамы менен болгон
билгендеримди сиздерге
тартуулоону туура таптым.
Албетте бул китептин
жазылышына жана жарыкка
чыгышына чоң салымын кошкон
Сопу атанын бир тууган
инилеринин урпактарына
ыраазычылык билдирип кетем.
Ооба, эгер Сопу атанын айткан
дегендери бизге толугу менен
жеткен болсо, анда анын жарыгы
бир гана кыргыз элине эмес
коңшулаш казак, орус элдерине
дагы кереги тийип, жашоо шарт
эбак эле туура жолго түшүп,
жакшы жагына оомок беле ким
билет? Анда бир гана кыргыз
элинде эмес, дагы башка
улуттардын,
мамлекеттердин
тарыхында ысмы айтылып, тарых
барактарында кенен
чагылдырылып,
ал киши менен
кыргыз эли сыймыктанмак.
Анткени бул жалганда Сопу атадай
олуя заада адамдар миң жылда
бир жарык дүйнөгө келиши толук
мүмкүн. Айткандай ал кишинин тээ
мындан эки кылым илгери эле
ушул замандын болушун таасын
айтып кеткени эмне деген касиет
жана эмне деген билгичтик. Калыс
алып карасак, эки кылым алдыны
көрө билүү олуялык сапат жөн
улуттан чыкпайт. Биз керек болсо
Сопу ата менен дагы сыймыктансак
болот. "Алтынды,
алтын, асылды
асыл табат" -дегендей, Сопу атадай
асыл адамдар кандай элден,
кандай жерден чыгат, өзүбүз ой
жүгүртүп көрөлү.
Бул жерден абасы бийик Ала-
Тоону, суусу тунук Ысык-Көл өңдүү
көлдөрүбүздү айтпай кетсек,
жарашпай калчудай. Албетте
мындай касиетүү жердин, жер
жарып чыккан булагынын тунук
суусун ичип, таза абасынан дем
алган адамдардан Сопу ата өңдүү
касиеттүү инсандар чыгып келген,
бирок дагы өткөнгө кайрылып
айтсак толугу менен кагазга түшүп,
сакталып калбаганы ойго салат.
Ооз эки айтылган сөзгө караганда,
кагазга түшүрүлгөн окуянын өңүтү
толук сакталып каларында шек
жок. Бирок, бизди түйшөлткөн
маселе бизге жетпей калган асыл
инсандарыбыздын таржымалы,
жасап кеткен иштери бармак
тиштеп өкүнгөнгө түрткү берет.
Ооба, өзүбүз эле калыс ой
жүгүртүп, акылга салсак, кандай
кишинин ысмына "ата" деген улуу
сөз кошулуп айтылат. Баатырдык
кылган инсандын атына "баатыр"
деген сөз бекер жерден кошулуп
айтылбайт, балбандын аты балбан
аталат. Ал эми кадырлуу
карылыкка, сөөлөттүү сөзгө
жеткен адамдын ысымына "ата"
деген сөз кошулуп айтылып
калганы, тарыхта кайталанып эле
келе жатат. Ооба, эгер атасы Сопу
деп ат койсо, ага уланган "ата"
деген сөздү эл энчилеп койгонун
танып болбойт. "Сопу ата" - деп
айтылып калган сөздүн артында
эле эмне деген кадыр-барк, эмне
деген улуулук, эмне деген сый
урмат жатат. "Манас"
эпосунда
"Бакай ата" деп аталып калгандай,
биздин улуу каарманыбыз Сопу
Эсет уулу дагы "Сопу ата" деп
тарыхта калганы, өз мезгилинде
кадырлуу инсан болгонун таасын
белгилеп турбайбы. Жакшы
адамдын артынан жакшы сөз
калат эмеспи. Анынсыңары
"Адалдыктын сепилинен кулабай,
жашап өткөн бакыт эмей эмне" деп
айтылгандай,
бул дүйнөдө бир
берилген өмүрдө артында из
калтырып, жашап өткөн
адамдардын изине гүлдөр өсүп,
арабызда ысмы жашап жатканы
баа-барк экенин танып болбойт
Сопу Бердикожо Бийназаров
#2 21 Февраль 2016 - 13:31
Түштөгү аян
Жаз мезгилинин орто чени. Мал
көккө тоюнуп, жер жарылып
шыбак чыгып, желин жарылып сүт
чыгып, кыш мезгилинин каарынан
толук кутулган элдин алды
жайлоого көчкөнү даярданып
жаткан кезде, түнү Эсет уктап
жатып түш көрдү. Ооба, тээ
илгертен кыргыз эли көргөн түшкө
абдан маани берип, жакшы көргөн
түштү мал союп, кадырлуу
карыяларды чакырып түштү
жоорутуп, ырымын кылчу. Эгер
жаман түш көрсө, сууга айтып, суу
менен агып кетсин деген ойдо
болушпады беле.
Эсет күндүн нуру алыскы тоо
башынан чыгып келе жатканда,
жылуу төшөктөн туруп эле көргөн
түшүн эстеп, бир топко жатты да,
анан жай кыймылы менен кийинип
сыртка чыкты. Мунун себеби, уктап
жаткан балдарын ойготуп
албайын деген далалаты экенин
танып болбойт эле. Акырын
кадамын алдыга таштап элүү
кадамдай илгери жылып, чыгыш
тараптан өйдө көтөрүлүп келе
жаткан күндүн нурун карап ойго
алаксып бир топко туруп калды.
Ушул жерден бир нерсени
эстегенсип эмнегедир маңдай
тарапты теше тиктеп, таттуу
кыялга жетеленип кетти. Эртең
мененки таңкы көрүнүштүн
кооздугуна арбалып, эч бир жерди
өгөйсүнтпөй нурун тегиз чачып
улам өйдөлөп келе жаткан күндүн
тийген нуруна ыраазы болуп, улуу
Алланын жараткан касиетине таң
берип, кыймылсыз турганда аялы
Аксаамай боз үйдөн чыгып үн
салды:
(Негизи эле санжырада аял
кишинин ысмы айтылбаган соң,
Эсет карыянын дагы аялынын аты
ким болгону белгисиз. Андыктан ал
кишинин ысмын мындан ары
Аксаамай деп атап коюну туура
таптык (автор)).
-Эсет сага эмне болду? Ал жерде
эмне туруп калдың, бир жерден
жылбай? - деди, алты айлык
боюнда бар аксаргылынан келген,
жашы отузга чамалап калган,
бетин болор-болбос сепкил баскан
Аксаамай. Бул берилген суроого
жооп бермек турсун, өз оюу менен
алаксып таңкы көрүнүштөгү бул
кооздукту биринчи жолу көрүп
жаткансып, жалдырап эле туруп
калган Эсетке аялы жакын келип
чыканагынан тартты да:
- Ой, деги дени-кардың сообу, эмне
мынча жалдырап? - дегенде Эсет
эми гана эсине келгенсип, аялын
оңурая карап:
- Сага эмне болду? -деп кайра
өзүнө суроо берди. Аксаамай көзүн
алайтып:
- Балага көз боло турчу, мен суу
алып келейин. Кечинде суу алып
келип коём деп ойлоп жатып,
унутуп калыптырмын, - деди.
Айтмакчы суу коктунун ичиндеги
булактан алынат. Анткен менен
алыс, бир караган кишиге. Күндө
ал жерден суу алгангабы,
Аксаамай үчүн жакын болуп
калган, суу ала турган булак.
Жерди тешип чыккан булактын
суусу ушундай бир тунук анан
муздак, бирок кышында тоңбогон
сапаты бар. Кээ бир кишилер
айтып калат, бул булакты "ыйык
булак" деп. Күүгүм талаш суу
алганы эч ким барбайт. Бул салтта
бар. Илгери абышкалар айтып
калышчу "караңгыда сууга
барбагыла" деп. Анткени көзгө
көрүмчү көрүнөт деп ойлошчу
беле, аны так айтып болбойт.
Эсет башын ийкеп жооп берип,
дагы бир жолу таңкы күндүн
нуруна көзүн кадап тигиле карап
алып артка бурулуп, үйдү көздөй
кадам таштады. Боз үйдүн
эшигинен кирип келип уктап
жаткан наристени кымтылап жаап,
дагы көргөн түшүн эстеп, бир
жакшы жышаан болоорун алдына
ала билип, кайра ойго алаксып
кетти. Аңгыча Аксаамай суудан
келип, идиш-аягы менен алек
болуп калды.
Жаз мезгилинин орто чени. Мал
көккө тоюнуп, жер жарылып
шыбак чыгып, желин жарылып сүт
чыгып, кыш мезгилинин каарынан
толук кутулган элдин алды
жайлоого көчкөнү даярданып
жаткан кезде, түнү Эсет уктап
жатып түш көрдү. Ооба, тээ
илгертен кыргыз эли көргөн түшкө
абдан маани берип, жакшы көргөн
түштү мал союп, кадырлуу
карыяларды чакырып түштү
жоорутуп, ырымын кылчу. Эгер
жаман түш көрсө, сууга айтып, суу
менен агып кетсин деген ойдо
болушпады беле.
Эсет күндүн нуру алыскы тоо
башынан чыгып келе жатканда,
жылуу төшөктөн туруп эле көргөн
түшүн эстеп, бир топко жатты да,
анан жай кыймылы менен кийинип
сыртка чыкты. Мунун себеби, уктап
жаткан балдарын ойготуп
албайын деген далалаты экенин
танып болбойт эле. Акырын
кадамын алдыга таштап элүү
кадамдай илгери жылып, чыгыш
тараптан өйдө көтөрүлүп келе
жаткан күндүн нурун карап ойго
алаксып бир топко туруп калды.
Ушул жерден бир нерсени
эстегенсип эмнегедир маңдай
тарапты теше тиктеп, таттуу
кыялга жетеленип кетти. Эртең
мененки таңкы көрүнүштүн
кооздугуна арбалып, эч бир жерди
өгөйсүнтпөй нурун тегиз чачып
улам өйдөлөп келе жаткан күндүн
тийген нуруна ыраазы болуп, улуу
Алланын жараткан касиетине таң
берип, кыймылсыз турганда аялы
Аксаамай боз үйдөн чыгып үн
салды:
(Негизи эле санжырада аял
кишинин ысмы айтылбаган соң,
Эсет карыянын дагы аялынын аты
ким болгону белгисиз. Андыктан ал
кишинин ысмын мындан ары
Аксаамай деп атап коюну туура
таптык (автор)).
-Эсет сага эмне болду? Ал жерде
эмне туруп калдың, бир жерден
жылбай? - деди, алты айлык
боюнда бар аксаргылынан келген,
жашы отузга чамалап калган,
бетин болор-болбос сепкил баскан
Аксаамай. Бул берилген суроого
жооп бермек турсун, өз оюу менен
алаксып таңкы көрүнүштөгү бул
кооздукту биринчи жолу көрүп
жаткансып, жалдырап эле туруп
калган Эсетке аялы жакын келип
чыканагынан тартты да:
- Ой, деги дени-кардың сообу, эмне
мынча жалдырап? - дегенде Эсет
эми гана эсине келгенсип, аялын
оңурая карап:
- Сага эмне болду? -деп кайра
өзүнө суроо берди. Аксаамай көзүн
алайтып:
- Балага көз боло турчу, мен суу
алып келейин. Кечинде суу алып
келип коём деп ойлоп жатып,
унутуп калыптырмын, - деди.
Айтмакчы суу коктунун ичиндеги
булактан алынат. Анткен менен
алыс, бир караган кишиге. Күндө
ал жерден суу алгангабы,
Аксаамай үчүн жакын болуп
калган, суу ала турган булак.
Жерди тешип чыккан булактын
суусу ушундай бир тунук анан
муздак, бирок кышында тоңбогон
сапаты бар. Кээ бир кишилер
айтып калат, бул булакты "ыйык
булак" деп. Күүгүм талаш суу
алганы эч ким барбайт. Бул салтта
бар. Илгери абышкалар айтып
калышчу "караңгыда сууга
барбагыла" деп. Анткени көзгө
көрүмчү көрүнөт деп ойлошчу
беле, аны так айтып болбойт.
Эсет башын ийкеп жооп берип,
дагы бир жолу таңкы күндүн
нуруна көзүн кадап тигиле карап
алып артка бурулуп, үйдү көздөй
кадам таштады. Боз үйдүн
эшигинен кирип келип уктап
жаткан наристени кымтылап жаап,
дагы көргөн түшүн эстеп, бир
жакшы жышаан болоорун алдына
ала билип, кайра ойго алаксып
кетти. Аңгыча Аксаамай суудан
келип, идиш-аягы менен алек
болуп калды.
#3 21 Февраль 2016 - 13:34
Жазгы күндүн таңында суук али
күчүндө болот эмеспи. Жеңил
кийинген Эсет сыртта жүрүп
чыйрыгып кетти. Качан гана
койдун көңү каланган очок
үстүндөгү чай кайнап, тасмал
жайылып, таңкы наарга
олтурушканда Эсет салмактуу
сүйлөп, оюн ортого салды:
- Аксаамай, мен бир жакшы түш
көрдүм. Түштү "бир гана жолу
айтып, бир гана жолу жорутуш
керек" деген кеп бар. Макул
көрсөң бүгүн мал союп, жети
абышка чакырып түшүмдү
жорутайын. "Жетинин бири
кыдыр" деген кеп бар, аны угуп
эле жүрбөйбүзбү. Ансыз деле
көптөн бери жаш сорпо иче
элекпиз, узун сарыда өзөккө
күчтүү тамак барбаса да болбойт.
Минтип өлбөгөн жанга жаз келип,
кыштын суугунан аз да болсо
кутулдук. Бирок эмнегедир
жаздын келиши кечикти го?
Аксаамай эмне демек эле, уктап
жаткан баласына көз жүгүртүп
карап алып, бошогон чыныга чай
куюп сунуп, жагымдуу үнүн
жогору чыгарып, болор-болбос
башын ийкеп:
- Аны өзүң бил, мен дагы кечээ түнү
түш көргөм. Бирок эч кимге
айтканым жок. Ал көргөн түшүмдү
өзүмчө жакшылыкка жоруп
койгон элем. Эсет кулак салып,
кызыгуусу арта:
- Айтып көрчү, балким экөөбүздүн
көргөн түшүбүз окшош болуп
чыгар. Аксаамай мыйыгынан күлүп:
- Азыр эле өзүң айттың го "Түштү
бир гана жолу жоруп, бир гана
жолу айтыш керек" деп. Андан
көрө тиги абышкаларыңды чакыр,
түш ооп кете электе тамак берип,
көргөн түшүбүздү жорутуп алалы.
Негизи эле түштү кечке калтырбай
жорутуш керек.
Эсет бул айтылган сунушту тура
көрүп, эмнегедир кош кат болуп
турган аялынын ичине көзү урунуп
кетти да, бир башкача көз караш
менен карап алды. Баскан турганы,
кыймыл аракети оор тартып
калган Аксаамай, Эсет туруп
кеткенден кийин эки колун жүзүнө
тартып күбүрөнүп сүйлөп өзүнчө
тасмалга бата кылды да, ордунан
туруп идиши менен алек болуп
кетти.
Таңкы сыдырым соккон жел
азыраак денени ичиркенткен
болбосо, жазгы көрүнүш көз
жоосун алып, көңүл көтөрөт. Ак
кардын кучагынан бошонгон жер
бетин жашыл тулаң каптап,
короодон чыккан койлор маарап,
козуларын ээрчитип, маңдайкы
бетке жайылып баратты. Эсет
коктунун ичиндеги тушалуу атын
алып келип токуп минип,
Аксаамайга кайрылды:
- Конок камын көрө бер, мен азыр
кой алып келгенче жети
абышканы чакыра келгендей
болом, - деп жөнүн айтып, атын
бастырып иниси Марканын үйүн
көздөй жөнөдү. Алдындагы
карагер аты таң атканча
оттогонгобу, басыгы шайдоот. Тоо
беттеп кеткен жол менен ат
үстүндө бара жатып Эсет
эмнегедир Аксаамай менен
таанышкан алгачкы күндү эстеп
мыйыгынан күлүп алды. Ошол
күндү азыр дагы эч унутпайт. Күнү
оюнан, түнү түшүнөн кетпеген
аксаргылдын сулуусу, арзыганы
Аксаамайга жеткенге чейин кандай
гана ашыктыктын азабын
тартпады, акыры ага жеткенден
кийин баары унутулуп калды.
Бирок азыр ошол кездегидей
Аксаамайды жакшы көрөбү, ага
так жооп бере албайт. Анткени
бул жашоодо баардык нерсе
убактылуу экенин ушул жолдо
бара жатып, калыс ойлоп койду.
Карагер атка аста камчы салды да
"чү" деп теминип алды. Ушуну эле
күтүп турган белем ат басыгын
ылдамдатып, ордунан жүткүнгөн
болду. Эсет алыска көз жүгүртүп,
тоо башындагы ак калпак
кийгендей калдайып жаткан ак
кар жамынып жаткан тоо
башындагы мөңгүлөрдү карап,
өзүнчө ойго алаксып кетти "быйыл
жай жаанчыл болот өңдүү" деп.
Аңгыча иниси Марканын үйүнө
келип калды. Марка өзү ат алып,
агасы менен учурашкан соң, таң
эрте келген агасын суроолуу
карады "эмне болду?" -дегенсип.
Эсет үйгө киргенден кийин гана
келген жөнүн түшүндүрүп айтып,
этүү кой сурады. Жаз мезгилинде
эттүү малдын табылыш кыйын
экенин ким билбейт. Марка
оокатка бүйрө, малды семиз
баккан, дегинкиси короосундагы
төрт түлүк малды эле эмес, короо
кайтарган тайгандарын дагы
жакшы баккан, адамдык сапаты
жогору "жок" - деп айтпаган
жакшы адаты бар, оокатына тың
жигит. Жайы-кышы короосунан
семиз мал өксү болбойт. Агасы
Эсеттин суроосуна "лам" дебей
макул болуп:
- Байке, сиз алдыга кете бериңиз,
мен малды мындай чыгарып коюп,
койду өзүм жеткизип барып берем.
Сиз чакырчу кишилериңизди
чакырыңыз, аларга эрте айткан
жакшы го дейм?
Эсет бул сунушту туура көрүп,
тасмалга бата тилеп, сыртка чыкты
да, атына минип бастырып кетти.
Марка малына көз салып коюп
дароо эле семиз кара койду
кармап, өзү атка өңөрүп
байкесинин үйүнө алып келди. Ал
кезде келген конок малга бата
кылмайын мал мууздалчу эмес, бул
шарт эле.
күчүндө болот эмеспи. Жеңил
кийинген Эсет сыртта жүрүп
чыйрыгып кетти. Качан гана
койдун көңү каланган очок
үстүндөгү чай кайнап, тасмал
жайылып, таңкы наарга
олтурушканда Эсет салмактуу
сүйлөп, оюн ортого салды:
- Аксаамай, мен бир жакшы түш
көрдүм. Түштү "бир гана жолу
айтып, бир гана жолу жорутуш
керек" деген кеп бар. Макул
көрсөң бүгүн мал союп, жети
абышка чакырып түшүмдү
жорутайын. "Жетинин бири
кыдыр" деген кеп бар, аны угуп
эле жүрбөйбүзбү. Ансыз деле
көптөн бери жаш сорпо иче
элекпиз, узун сарыда өзөккө
күчтүү тамак барбаса да болбойт.
Минтип өлбөгөн жанга жаз келип,
кыштын суугунан аз да болсо
кутулдук. Бирок эмнегедир
жаздын келиши кечикти го?
Аксаамай эмне демек эле, уктап
жаткан баласына көз жүгүртүп
карап алып, бошогон чыныга чай
куюп сунуп, жагымдуу үнүн
жогору чыгарып, болор-болбос
башын ийкеп:
- Аны өзүң бил, мен дагы кечээ түнү
түш көргөм. Бирок эч кимге
айтканым жок. Ал көргөн түшүмдү
өзүмчө жакшылыкка жоруп
койгон элем. Эсет кулак салып,
кызыгуусу арта:
- Айтып көрчү, балким экөөбүздүн
көргөн түшүбүз окшош болуп
чыгар. Аксаамай мыйыгынан күлүп:
- Азыр эле өзүң айттың го "Түштү
бир гана жолу жоруп, бир гана
жолу айтыш керек" деп. Андан
көрө тиги абышкаларыңды чакыр,
түш ооп кете электе тамак берип,
көргөн түшүбүздү жорутуп алалы.
Негизи эле түштү кечке калтырбай
жорутуш керек.
Эсет бул айтылган сунушту тура
көрүп, эмнегедир кош кат болуп
турган аялынын ичине көзү урунуп
кетти да, бир башкача көз караш
менен карап алды. Баскан турганы,
кыймыл аракети оор тартып
калган Аксаамай, Эсет туруп
кеткенден кийин эки колун жүзүнө
тартып күбүрөнүп сүйлөп өзүнчө
тасмалга бата кылды да, ордунан
туруп идиши менен алек болуп
кетти.
Таңкы сыдырым соккон жел
азыраак денени ичиркенткен
болбосо, жазгы көрүнүш көз
жоосун алып, көңүл көтөрөт. Ак
кардын кучагынан бошонгон жер
бетин жашыл тулаң каптап,
короодон чыккан койлор маарап,
козуларын ээрчитип, маңдайкы
бетке жайылып баратты. Эсет
коктунун ичиндеги тушалуу атын
алып келип токуп минип,
Аксаамайга кайрылды:
- Конок камын көрө бер, мен азыр
кой алып келгенче жети
абышканы чакыра келгендей
болом, - деп жөнүн айтып, атын
бастырып иниси Марканын үйүн
көздөй жөнөдү. Алдындагы
карагер аты таң атканча
оттогонгобу, басыгы шайдоот. Тоо
беттеп кеткен жол менен ат
үстүндө бара жатып Эсет
эмнегедир Аксаамай менен
таанышкан алгачкы күндү эстеп
мыйыгынан күлүп алды. Ошол
күндү азыр дагы эч унутпайт. Күнү
оюнан, түнү түшүнөн кетпеген
аксаргылдын сулуусу, арзыганы
Аксаамайга жеткенге чейин кандай
гана ашыктыктын азабын
тартпады, акыры ага жеткенден
кийин баары унутулуп калды.
Бирок азыр ошол кездегидей
Аксаамайды жакшы көрөбү, ага
так жооп бере албайт. Анткени
бул жашоодо баардык нерсе
убактылуу экенин ушул жолдо
бара жатып, калыс ойлоп койду.
Карагер атка аста камчы салды да
"чү" деп теминип алды. Ушуну эле
күтүп турган белем ат басыгын
ылдамдатып, ордунан жүткүнгөн
болду. Эсет алыска көз жүгүртүп,
тоо башындагы ак калпак
кийгендей калдайып жаткан ак
кар жамынып жаткан тоо
башындагы мөңгүлөрдү карап,
өзүнчө ойго алаксып кетти "быйыл
жай жаанчыл болот өңдүү" деп.
Аңгыча иниси Марканын үйүнө
келип калды. Марка өзү ат алып,
агасы менен учурашкан соң, таң
эрте келген агасын суроолуу
карады "эмне болду?" -дегенсип.
Эсет үйгө киргенден кийин гана
келген жөнүн түшүндүрүп айтып,
этүү кой сурады. Жаз мезгилинде
эттүү малдын табылыш кыйын
экенин ким билбейт. Марка
оокатка бүйрө, малды семиз
баккан, дегинкиси короосундагы
төрт түлүк малды эле эмес, короо
кайтарган тайгандарын дагы
жакшы баккан, адамдык сапаты
жогору "жок" - деп айтпаган
жакшы адаты бар, оокатына тың
жигит. Жайы-кышы короосунан
семиз мал өксү болбойт. Агасы
Эсеттин суроосуна "лам" дебей
макул болуп:
- Байке, сиз алдыга кете бериңиз,
мен малды мындай чыгарып коюп,
койду өзүм жеткизип барып берем.
Сиз чакырчу кишилериңизди
чакырыңыз, аларга эрте айткан
жакшы го дейм?
Эсет бул сунушту туура көрүп,
тасмалга бата тилеп, сыртка чыкты
да, атына минип бастырып кетти.
Марка малына көз салып коюп
дароо эле семиз кара койду
кармап, өзү атка өңөрүп
байкесинин үйүнө алып келди. Ал
кезде келген конок малга бата
кылмайын мал мууздалчу эмес, бул
шарт эле.
#4 21 Февраль 2016 - 13:37
Убакыт кичи шашке болуп калган
кезде малга бата тиленди. Тасмал
жайылып, келген коноктор ар
тараптуу сөздөрдөн кеп уруп
олтуруп, качан тамак алдыга
келгенде Эсет көргөн түшүн айтып
баштаганда, төрдө олтурган
сакалы көкүрөгүн баскан, азык
уруусунун сакалдуусу Жакшыбай
карыя куудай болгон сакалын оң
колу менен сылап, сөз угууга
ынтызар экенин билгизип,
жанындагыларды тынч олтургула
дегенсип карап алды. Эсеттин
жанында байкеси Дуулат, андан
жогору улуу байкеси Бекечал
олтурган. Баш аягы үйдө жети
абышканы кошпогондо ондон
ашык киши тасмал четинен орун
алган. Аксаамай чыгдан жакта
сорпо куюп берип, Эсеттин иниси
Марка сорпо сунуп, келген
конокторду тейлөө менен алек.
Түндүктөн көпкөк асман көрүнүп,
жылып бара жаткан бир үзүм
булутка чукул бийиктикте ак куш
айланып учуп турду. Бирок ал
кушту эч ким деле таназар алып,
байкаган жок.
Эсет көргөн түшүн минтип айтып
баштады:
-Түндө эмнегедир түн ортосуна
чейин уйкум качып, такыр уктай
алганым жок. Жаңы гана жылдыз
тарап, чолпон жылдызы көрүнүп
калган кезде сыртка чыгып
короого көз салган болуп келип,
жатып уктап кетиптирмин.
Түшүмдө бир чоң тоонун алдында
туруптурмун. Арык ылдый суу
агып, суунун үнү кулакка угулуп
турду. Суу жээги калың бак-шакка
бай, анда ар түрдүү куштар сайрап
учуп-конуп жүрүшөт. Бир кезде
тоонун башы тараптан бир ак куш
келип менин ийниме конуп калды.
Анан эле бир кара киши ак кушту
кармап алган болот. Мен кушту
таппай калам. Көп убакыт өткөн
соң ак куш алыс жактан учуп
келип, кайра ийниме конот.
Куштун чарчаган түрү мага даана
байкалды. Алиги кармап алган
кара кишиден запкы жеген түрү
бар. Анан эле ал кушту көптөгөн
куштар тегеректеп алган болот.
Баягы ак куш кайда учса, берки
куштар ошол жакка учуп конот.
Аңгыча эле менин жанымда дагы
тааныбаган көп кишилер пайда
болуп, мен алардын ортосунда
турган болом. Ушул жерге
келгенде бала ыйлап ойгонуп
кеттим. Азыр дагы ал көргөн
түшүмдү эстесем, тулку боюм
титиреп, толкунданып кетип
жатат. Бул көргөн түшүмдү
жакшылап жоруп берсеңиздер
экен? - деп, Эсет сөзүнүн аягына
чыгып, абышкаларды кыдырата
карап алып:
- Баса, Аксаамай дагы түш көргөн
экен. Ал дагы айтып калсын. Түш
бир жоругандан, бир айткандан
болот эмеспи - деп, сөзүнүн аягын
таппай калды. Бул сөздү уккан
төрдө олтурган Жакшыбай карыя
үнүн жасап кыра жөтөлүп алып:
- Келин бала, тартынбай айт. "Иши
оңолчу кишинин түшү оңолот"
деген кеп бар. Эсет айткандай
көргөн түштү, ырымын жасап
жорутуп койсо, иштин ийгисин
берет.
Тээ илгертен ата-бабаларыбыз
түшкө басым жасап келген. Сен
дагы кош кат болуп турган кезиң
экен, буйруса кыргызга керек уул
көрөрүңөр анык болуп калды
көрүнөт. Менин баамымда жакшы
жышаандын белгиси бул. Бул
жалганда боло турган ар бир
нерседен алдына ала белги
берилет, бирок адам баласы ага
көп көңүл бурбай келет. Кана,
айтчы, сенин көргөн түшүңдү
угалы да анан эки түштү бир
жоруйлу.
Аксаамай кары кишилердин
алдында сүйлөгөндөн уялып, ак
жүзүнө кан толуп, жүзү албырып
чыкты да, сакалдуу кишини сөзүн
жерге калтыра албай, тик карабай
жер караган тейде сөзүн минтип
баштады:
- Түшүмдө мага бир аксакал карыя
келип колума бир нерсе берип
кетти. Ал нерсе эмне экенин деле
баамдай албай калдым. Аңгыча эле
наабатуу ак элечек кийген эне
келип "бекем кармап ал" деп
жумуртка берди. Жумуртка колума
тийээри менен эле жарылып кетип,
ак кушка айланып калды. Ак куш
биздин боз үйдү айланып учуп,
жаныма конуп калганда биздин
үйдө көптөгөн куштар айланып
учуп, үй жалаң кушка толуп
чыкты. Мен аларга жем чачкан
болом. Анан эле ойгонум кеттим.
Бул түштү айтып болгондо,
Жакшыбай карыя кабагы ачык,
бир саамга ойлонгонгондой тынч
алып олтуруп анан:
- Эсет, Кудай берет деген ушул.
Келин экөөңөрдүн көргөн түшүңөр
төп келсин. Ак куш киргени абдан
жакшы. Эми силер акылга дыйкан,
эл эрчиген, эл керегине жараган,
азык уруусунун эле эмес, жамы
кыргыз элинин атын чыгарган
уулду болот экенсиңер. Эгер
Бүркүт түшүңөргө кирсе анда
баатыр уулду болот элеңер. Ак
куш бул атанын атын чыгарган, сөз
атасы болгон, акыл кошкон,
алдыны көрө билген олуязадаа
уулдун келишинен белги бергени.
Аны ээрчип куштар үйдү байыр
алганы, уулуңарды жандагандар.
Баса, баса белгилеп кетүүчү нерсе,
бала бой тартканга чейин сак
болгула. Башка бирөөнүн колуна
өтүп кетиши мүмкүн. Ал жагын так
айта албайм деп, сөздү башкага
бурду:
кезде малга бата тиленди. Тасмал
жайылып, келген коноктор ар
тараптуу сөздөрдөн кеп уруп
олтуруп, качан тамак алдыга
келгенде Эсет көргөн түшүн айтып
баштаганда, төрдө олтурган
сакалы көкүрөгүн баскан, азык
уруусунун сакалдуусу Жакшыбай
карыя куудай болгон сакалын оң
колу менен сылап, сөз угууга
ынтызар экенин билгизип,
жанындагыларды тынч олтургула
дегенсип карап алды. Эсеттин
жанында байкеси Дуулат, андан
жогору улуу байкеси Бекечал
олтурган. Баш аягы үйдө жети
абышканы кошпогондо ондон
ашык киши тасмал четинен орун
алган. Аксаамай чыгдан жакта
сорпо куюп берип, Эсеттин иниси
Марка сорпо сунуп, келген
конокторду тейлөө менен алек.
Түндүктөн көпкөк асман көрүнүп,
жылып бара жаткан бир үзүм
булутка чукул бийиктикте ак куш
айланып учуп турду. Бирок ал
кушту эч ким деле таназар алып,
байкаган жок.
Эсет көргөн түшүн минтип айтып
баштады:
-Түндө эмнегедир түн ортосуна
чейин уйкум качып, такыр уктай
алганым жок. Жаңы гана жылдыз
тарап, чолпон жылдызы көрүнүп
калган кезде сыртка чыгып
короого көз салган болуп келип,
жатып уктап кетиптирмин.
Түшүмдө бир чоң тоонун алдында
туруптурмун. Арык ылдый суу
агып, суунун үнү кулакка угулуп
турду. Суу жээги калың бак-шакка
бай, анда ар түрдүү куштар сайрап
учуп-конуп жүрүшөт. Бир кезде
тоонун башы тараптан бир ак куш
келип менин ийниме конуп калды.
Анан эле бир кара киши ак кушту
кармап алган болот. Мен кушту
таппай калам. Көп убакыт өткөн
соң ак куш алыс жактан учуп
келип, кайра ийниме конот.
Куштун чарчаган түрү мага даана
байкалды. Алиги кармап алган
кара кишиден запкы жеген түрү
бар. Анан эле ал кушту көптөгөн
куштар тегеректеп алган болот.
Баягы ак куш кайда учса, берки
куштар ошол жакка учуп конот.
Аңгыча эле менин жанымда дагы
тааныбаган көп кишилер пайда
болуп, мен алардын ортосунда
турган болом. Ушул жерге
келгенде бала ыйлап ойгонуп
кеттим. Азыр дагы ал көргөн
түшүмдү эстесем, тулку боюм
титиреп, толкунданып кетип
жатат. Бул көргөн түшүмдү
жакшылап жоруп берсеңиздер
экен? - деп, Эсет сөзүнүн аягына
чыгып, абышкаларды кыдырата
карап алып:
- Баса, Аксаамай дагы түш көргөн
экен. Ал дагы айтып калсын. Түш
бир жоругандан, бир айткандан
болот эмеспи - деп, сөзүнүн аягын
таппай калды. Бул сөздү уккан
төрдө олтурган Жакшыбай карыя
үнүн жасап кыра жөтөлүп алып:
- Келин бала, тартынбай айт. "Иши
оңолчу кишинин түшү оңолот"
деген кеп бар. Эсет айткандай
көргөн түштү, ырымын жасап
жорутуп койсо, иштин ийгисин
берет.
Тээ илгертен ата-бабаларыбыз
түшкө басым жасап келген. Сен
дагы кош кат болуп турган кезиң
экен, буйруса кыргызга керек уул
көрөрүңөр анык болуп калды
көрүнөт. Менин баамымда жакшы
жышаандын белгиси бул. Бул
жалганда боло турган ар бир
нерседен алдына ала белги
берилет, бирок адам баласы ага
көп көңүл бурбай келет. Кана,
айтчы, сенин көргөн түшүңдү
угалы да анан эки түштү бир
жоруйлу.
Аксаамай кары кишилердин
алдында сүйлөгөндөн уялып, ак
жүзүнө кан толуп, жүзү албырып
чыкты да, сакалдуу кишини сөзүн
жерге калтыра албай, тик карабай
жер караган тейде сөзүн минтип
баштады:
- Түшүмдө мага бир аксакал карыя
келип колума бир нерсе берип
кетти. Ал нерсе эмне экенин деле
баамдай албай калдым. Аңгыча эле
наабатуу ак элечек кийген эне
келип "бекем кармап ал" деп
жумуртка берди. Жумуртка колума
тийээри менен эле жарылып кетип,
ак кушка айланып калды. Ак куш
биздин боз үйдү айланып учуп,
жаныма конуп калганда биздин
үйдө көптөгөн куштар айланып
учуп, үй жалаң кушка толуп
чыкты. Мен аларга жем чачкан
болом. Анан эле ойгонум кеттим.
Бул түштү айтып болгондо,
Жакшыбай карыя кабагы ачык,
бир саамга ойлонгонгондой тынч
алып олтуруп анан:
- Эсет, Кудай берет деген ушул.
Келин экөөңөрдүн көргөн түшүңөр
төп келсин. Ак куш киргени абдан
жакшы. Эми силер акылга дыйкан,
эл эрчиген, эл керегине жараган,
азык уруусунун эле эмес, жамы
кыргыз элинин атын чыгарган
уулду болот экенсиңер. Эгер
Бүркүт түшүңөргө кирсе анда
баатыр уулду болот элеңер. Ак
куш бул атанын атын чыгарган, сөз
атасы болгон, акыл кошкон,
алдыны көрө билген олуязадаа
уулдун келишинен белги бергени.
Аны ээрчип куштар үйдү байыр
алганы, уулуңарды жандагандар.
Баса, баса белгилеп кетүүчү нерсе,
бала бой тартканга чейин сак
болгула. Башка бирөөнүн колуна
өтүп кетиши мүмкүн. Ал жагын так
айта албайм деп, сөздү башкага
бурду:
#5 21 Февраль 2016 - 13:42
Тээ илгери биздин чоң атабыз
Тагай бий жети баласын өзүнүн
жакын досу, улуту казак Турсун
деген сынчыны атайын ат
чаптырып алдырып, таман чыкма
семиз жылкы сойдуруп коноктоп,
анан сынаткан экен.
Жакшыбай карыя угуп
олтурасыңарбы деп
жанындагыларды кыдырата
караганда, катар олтурган өзүнүн
курдашы Саалы карыя, үнүн жай
чыгарып:
- Анан? - деген болду. Жакшыбай
эми чындап узун сөзгө кирди.
Анткени "сөздү уккан жерге айт"
деген кеп бар эмеспи. Оозун тиктеп
калган тасмал четиндегилер
көздөрү менен билгизишти, сөз
укканга куштар экендерин.
"Жакшы сөз жан эргитет"
дегендей, жакшы сөз угуу кандай
жакшы. Ал эми санжыра, уламыш,
жомок айткан кары кишиге кандай
жарашат. Сакалы куудай аппак
болгон Жакшыбай карыя дагы бир
жолу эки жагын каранып алып,
сөзүн андан ары улады.
- Тагайдын жөн жай
чакыртпаганын билген сынчы
учурун келтирип сурайт:
- Ии, курдаш, чакырттың келдим,
коноктодуң, конок болдум. Ачык
айт максатың эмне? Келгениме дагы
эки-үч күн болуп кетти. Сыйыңды
жакшы эле көрдүм. Тирүү жан
болгондон кийин ар бир адамдын
түйшүгү болот эмеспи. Үй-жайга
кайтайын дегенде, Тагай ойго
алаксып кетип бир саамга туруп
анан:
- Досум, менин максатым сага айта
турган сырым бул, балдарымды
калыс жана түз сынап
бербейсиңби? Ата жолун жолдоп,
эл ээрчиткен балдарым бар экенби,
билейин дедим эле. Бул жалганда
ата менен эне баладан үмүт кылып
жашайт тура. Сенин сынаган
сыныңа жараша "балдарыма энчи
бөлүп берейин" деген оюм бар эле
дегенде Турсун сынчы башын
ийкеп, макул экенин билгизип:
- Эртең эртең менен эрте сынайын.
Мен сенден ушул сөздү күткөм, -
деген тура.
Эртеси Тагай бийдин жети баласын
сынаганда, биздин атабыз Азыкка
сынчы мындай деп сын айтыптыр.
Мен сөздү чойбой кыскартып
айтайын.
- Азык уулуңдун келечеги кең,
маңдайы жарык, телегейи тегиз
экен. Бул уулуңдан эл аралаган
олуязаада, сынчы, калыс, эч кимге
жамандагы жок, жан адамга кара
санабаган, ак ниет балдар чыгат.
Бирок бир жаман жагы,
көңүлчөөк, башканын тилине бат
кирип, ишенчээгинен жакшылыгы
жамандык менен тийген, эмгегин эл
жеген, бирөөнө кылдай кара нерсе
ойлобогон, пейили кенен уулдар
ушул уулуңдан чыгат. Аракетчил,
башка жанга жакшылык кылайын
деген асыл ойлуу уулуң Азык деп
сынаган экен.
Айтылгандай эле Азык уруусунан
кандай олуя адамдар чыкты. Буга
мисал катары ушуга чейин жашап
өткөн Убаалы сынчыны, Санчы
сынчыны эле алалы. Менин жеке
оюмда Эсет ак куш түшүңө
кириптир, жарык дүйнөгө бинаа
боло турган уулуң олуязаада адам
болушу толук мүмкүн. Анткени ак
куш жөн адамдын түшүнө кирип,
аян бербейт. Макул анда мен сөздү
көп эле чоё бербейин, келин экөөң
өйдө туруп, бата тилегилечи? -
деди. Эсет менен Аксаамай
орундарынан турганда Жакшыбай
карыя эки алаканын жүзүнө
жакындатып:
- Көргөн түшүңөр төп келип,
үйүңөргө кут келсин, атыңарды
чыгарган уулду болуп, Аксаамай
келиним аман-эсен боюнан
бошонуп алсын. Жакшылык
жайыңардан кетпей, өрүшүңөр
малга, конушуңар жанга,
тасмалыңар данга толуп,
тилегиңер кабыл болсун! - деп
алаканын жүзүнө тартты. Тасмал
четиндегилер баары бир ооздон
тилек айтышып, алар дагы бата
берген болушту. Бата тиленгенден
кийин колго суу куюлганга чейин
жети абышканын бири Жума
курдаш катары Жакшыбайды сөз
менен чымчып өттү:
- Я, Жакшыбай, анан тиги Турсун
сынчы дагы эмне деп сын
айтыптыр "Азык атаңарды
көргөндө" деп. Бул берилген
суроого эмне деп жооп берет
болду экен деп баары жапырт
кулак түрүп калышты. Жакшыбай
суу куйган баланы алкап, колун
суулук менен арчып жатып:
- Жума, мен ал кезде болгон
эмесмин, болгону укканымды
айттым. Турсун сынчы кыраакы,
алдыны көрө билген, саяпкер
жылкы баласын кандай сынаса,
Турсун сынчы адам баласын так
ошондой сынай билген, чоң өнөр
ээси болуптур. Болбосо Тагай бий
кадырын салып чакыртпайт эле да.
Менин угушума караганда Турсун
сынчы бир жыйында Тагай бийге
өзү жолугуп айткан экен
"балдарыңды сынатсаң боло,
убакыт өтүп бара жатат" деп. Ар
бир нерсенин өзүнүн учуру болот.
Убакыт сааты келген күнү Тагай
бий балдарын Турсун сынчыны
чакырып сынатканын мен мындан
жыйырма эки жыл илгери Чүйдө
болгон чоң ашта Сарыбагыштын
ичинен тараган уруусу Жантайдын
Аюукесинен тараган Токтор
аксакалдан уккам. Ал киши сөзгө
чебер, акылга дыйкан, абдан
калыс киши эле, жарыктык. Ошол
аштагы ат чабышта болгон чырды
бир ооз сөз менен гана токтотуп
койгон. Сөз ушул жерге келгенде
Дуулат сөз алып калды:
- Мынча болду эми биздин үйгө да
тийип даам сызып кеткиле! - деп,
карыларга кайрылып калды эле
Жакшыбай карыя:
- Пейилиңе ыракмат, ушул жеген
тамагыбыз аш болсун. Сенин үйүңө
башка күнү баралы деп, ордунан
козголду.
Тагай бий жети баласын өзүнүн
жакын досу, улуту казак Турсун
деген сынчыны атайын ат
чаптырып алдырып, таман чыкма
семиз жылкы сойдуруп коноктоп,
анан сынаткан экен.
Жакшыбай карыя угуп
олтурасыңарбы деп
жанындагыларды кыдырата
караганда, катар олтурган өзүнүн
курдашы Саалы карыя, үнүн жай
чыгарып:
- Анан? - деген болду. Жакшыбай
эми чындап узун сөзгө кирди.
Анткени "сөздү уккан жерге айт"
деген кеп бар эмеспи. Оозун тиктеп
калган тасмал четиндегилер
көздөрү менен билгизишти, сөз
укканга куштар экендерин.
"Жакшы сөз жан эргитет"
дегендей, жакшы сөз угуу кандай
жакшы. Ал эми санжыра, уламыш,
жомок айткан кары кишиге кандай
жарашат. Сакалы куудай аппак
болгон Жакшыбай карыя дагы бир
жолу эки жагын каранып алып,
сөзүн андан ары улады.
- Тагайдын жөн жай
чакыртпаганын билген сынчы
учурун келтирип сурайт:
- Ии, курдаш, чакырттың келдим,
коноктодуң, конок болдум. Ачык
айт максатың эмне? Келгениме дагы
эки-үч күн болуп кетти. Сыйыңды
жакшы эле көрдүм. Тирүү жан
болгондон кийин ар бир адамдын
түйшүгү болот эмеспи. Үй-жайга
кайтайын дегенде, Тагай ойго
алаксып кетип бир саамга туруп
анан:
- Досум, менин максатым сага айта
турган сырым бул, балдарымды
калыс жана түз сынап
бербейсиңби? Ата жолун жолдоп,
эл ээрчиткен балдарым бар экенби,
билейин дедим эле. Бул жалганда
ата менен эне баладан үмүт кылып
жашайт тура. Сенин сынаган
сыныңа жараша "балдарыма энчи
бөлүп берейин" деген оюм бар эле
дегенде Турсун сынчы башын
ийкеп, макул экенин билгизип:
- Эртең эртең менен эрте сынайын.
Мен сенден ушул сөздү күткөм, -
деген тура.
Эртеси Тагай бийдин жети баласын
сынаганда, биздин атабыз Азыкка
сынчы мындай деп сын айтыптыр.
Мен сөздү чойбой кыскартып
айтайын.
- Азык уулуңдун келечеги кең,
маңдайы жарык, телегейи тегиз
экен. Бул уулуңдан эл аралаган
олуязаада, сынчы, калыс, эч кимге
жамандагы жок, жан адамга кара
санабаган, ак ниет балдар чыгат.
Бирок бир жаман жагы,
көңүлчөөк, башканын тилине бат
кирип, ишенчээгинен жакшылыгы
жамандык менен тийген, эмгегин эл
жеген, бирөөнө кылдай кара нерсе
ойлобогон, пейили кенен уулдар
ушул уулуңдан чыгат. Аракетчил,
башка жанга жакшылык кылайын
деген асыл ойлуу уулуң Азык деп
сынаган экен.
Айтылгандай эле Азык уруусунан
кандай олуя адамдар чыкты. Буга
мисал катары ушуга чейин жашап
өткөн Убаалы сынчыны, Санчы
сынчыны эле алалы. Менин жеке
оюмда Эсет ак куш түшүңө
кириптир, жарык дүйнөгө бинаа
боло турган уулуң олуязаада адам
болушу толук мүмкүн. Анткени ак
куш жөн адамдын түшүнө кирип,
аян бербейт. Макул анда мен сөздү
көп эле чоё бербейин, келин экөөң
өйдө туруп, бата тилегилечи? -
деди. Эсет менен Аксаамай
орундарынан турганда Жакшыбай
карыя эки алаканын жүзүнө
жакындатып:
- Көргөн түшүңөр төп келип,
үйүңөргө кут келсин, атыңарды
чыгарган уулду болуп, Аксаамай
келиним аман-эсен боюнан
бошонуп алсын. Жакшылык
жайыңардан кетпей, өрүшүңөр
малга, конушуңар жанга,
тасмалыңар данга толуп,
тилегиңер кабыл болсун! - деп
алаканын жүзүнө тартты. Тасмал
четиндегилер баары бир ооздон
тилек айтышып, алар дагы бата
берген болушту. Бата тиленгенден
кийин колго суу куюлганга чейин
жети абышканын бири Жума
курдаш катары Жакшыбайды сөз
менен чымчып өттү:
- Я, Жакшыбай, анан тиги Турсун
сынчы дагы эмне деп сын
айтыптыр "Азык атаңарды
көргөндө" деп. Бул берилген
суроого эмне деп жооп берет
болду экен деп баары жапырт
кулак түрүп калышты. Жакшыбай
суу куйган баланы алкап, колун
суулук менен арчып жатып:
- Жума, мен ал кезде болгон
эмесмин, болгону укканымды
айттым. Турсун сынчы кыраакы,
алдыны көрө билген, саяпкер
жылкы баласын кандай сынаса,
Турсун сынчы адам баласын так
ошондой сынай билген, чоң өнөр
ээси болуптур. Болбосо Тагай бий
кадырын салып чакыртпайт эле да.
Менин угушума караганда Турсун
сынчы бир жыйында Тагай бийге
өзү жолугуп айткан экен
"балдарыңды сынатсаң боло,
убакыт өтүп бара жатат" деп. Ар
бир нерсенин өзүнүн учуру болот.
Убакыт сааты келген күнү Тагай
бий балдарын Турсун сынчыны
чакырып сынатканын мен мындан
жыйырма эки жыл илгери Чүйдө
болгон чоң ашта Сарыбагыштын
ичинен тараган уруусу Жантайдын
Аюукесинен тараган Токтор
аксакалдан уккам. Ал киши сөзгө
чебер, акылга дыйкан, абдан
калыс киши эле, жарыктык. Ошол
аштагы ат чабышта болгон чырды
бир ооз сөз менен гана токтотуп
койгон. Сөз ушул жерге келгенде
Дуулат сөз алып калды:
- Мынча болду эми биздин үйгө да
тийип даам сызып кеткиле! - деп,
карыларга кайрылып калды эле
Жакшыбай карыя:
- Пейилиңе ыракмат, ушул жеген
тамагыбыз аш болсун. Сенин үйүңө
башка күнү баралы деп, ордунан
козголду.
#6 21 Февраль 2016 - 13:44
Ошол окуядан кийин туура үч ай
дегенде Аксаамай уул төрөдү.
Жайдын толуп турган кези.
Аптаптуу ысыктын илеби
жайлоодо анча деле билинбейт.
Бала төрөлөр кезде үйдүн үстүндө
ак куш айланып учуп турганын,
бир гана Аксаамай байкап, үч ай
илгери көргөн түшүн эстеди. Жан
кыйналып, денеден бала бөлүнүп
чыкканга аракет кылып, толго күч
алган кезде, Аксаамай дароо
түндүктөн асманды караганга
үлгүрдү. Ошол кезде баягы ак куш
ушунчалык жакын учуп келгенин
элес-булас көзү чалды. Анан
калганын байкай албай калды.
Баланын "баа" деп бакырып
түшкөнү эненин кулагына дароо
угулду. Аттиң, кайран эне ай. Канча
азап тартып, кандай күч коротуп
денеден баланы бөлүп чыкканы
эле эмне деген түйшүктү, эмне
деген эмгекти талап кылды. Эми
баары эле ушуну менен бүтүп
калса кана. Баланын чоңойгонго
чейинки азабы да моюнда илинип
турганын кантип тана алат. Бир
кезде баланы төрөткөн киндик эне
Жибекчач, Аксаамайга
сүйүнчүлөдү "уул бала экен" деп.
Эне буга чейин эле билген, ичтеги
наристе уул бала экенин. Анткени
тигинтип асманда ак куштун
айланып учуп турганы эле ичтеги
бала уул экенинен белги берип
койгон.
Бул учурда Эсет үйдө эмес болучу.
Кечинде эки бутун тушап отко
койгон аты бошонуп кетип, аны
издеп кеткен. Кетээринде
Аксаамайдын толгоосу баштала
элек болучу. Болбосо эрте
келгенге аракет кылат беле. Ат
бошонуп, иниси жайлаган коктуга
кирип кетиптир. Таппай убара
болмок, ат жылкынын четине
келгенде айгыр кубалаганда Марка
кармап байлап койгон. Болбосо
айгыр чайнап салат беле ким
билет. Эч санаа оюнда жок
кымызга орто кызып, ойго алаксып
келе жатканда алдынан сүйүнчү
айтып чыккан бала "уулду
болдуңуз" дегенде, дароо көргөн
түшүн эстеди да, алдына ала
билген касиети бар Жакшыбай
карыянын айткан сөзү кулагына
жаңырды. Сүйүнчүлөгөн баланы
ыраазы кылып, аттына камчы
салып, үйүн көздөй чаап жөнөдү.
Бул, уулду болгон ар бир атанын
сүйүнгөндөгү жоругу экенин
танып болбойт.
Жаңы төрөлгөн балага Сопу деген
ысым берилди. Бул ысымды дагы
уруунун ак сакалы Жакшыбай
карыя өзү билип койду. Ал кезде
сакалдуу кишинин алдына өтүп
балага ысым койгон шартта жана
салта жок болучу. Жакшыбай
карыянын ымыркайга Cопу деген
атты койгонунун дагы бир себеби,
түшүнөн аян берилип койгону
тууралуу эч кимге айткан жок.
дегенде Аксаамай уул төрөдү.
Жайдын толуп турган кези.
Аптаптуу ысыктын илеби
жайлоодо анча деле билинбейт.
Бала төрөлөр кезде үйдүн үстүндө
ак куш айланып учуп турганын,
бир гана Аксаамай байкап, үч ай
илгери көргөн түшүн эстеди. Жан
кыйналып, денеден бала бөлүнүп
чыкканга аракет кылып, толго күч
алган кезде, Аксаамай дароо
түндүктөн асманды караганга
үлгүрдү. Ошол кезде баягы ак куш
ушунчалык жакын учуп келгенин
элес-булас көзү чалды. Анан
калганын байкай албай калды.
Баланын "баа" деп бакырып
түшкөнү эненин кулагына дароо
угулду. Аттиң, кайран эне ай. Канча
азап тартып, кандай күч коротуп
денеден баланы бөлүп чыкканы
эле эмне деген түйшүктү, эмне
деген эмгекти талап кылды. Эми
баары эле ушуну менен бүтүп
калса кана. Баланын чоңойгонго
чейинки азабы да моюнда илинип
турганын кантип тана алат. Бир
кезде баланы төрөткөн киндик эне
Жибекчач, Аксаамайга
сүйүнчүлөдү "уул бала экен" деп.
Эне буга чейин эле билген, ичтеги
наристе уул бала экенин. Анткени
тигинтип асманда ак куштун
айланып учуп турганы эле ичтеги
бала уул экенинен белги берип
койгон.
Бул учурда Эсет үйдө эмес болучу.
Кечинде эки бутун тушап отко
койгон аты бошонуп кетип, аны
издеп кеткен. Кетээринде
Аксаамайдын толгоосу баштала
элек болучу. Болбосо эрте
келгенге аракет кылат беле. Ат
бошонуп, иниси жайлаган коктуга
кирип кетиптир. Таппай убара
болмок, ат жылкынын четине
келгенде айгыр кубалаганда Марка
кармап байлап койгон. Болбосо
айгыр чайнап салат беле ким
билет. Эч санаа оюнда жок
кымызга орто кызып, ойго алаксып
келе жатканда алдынан сүйүнчү
айтып чыккан бала "уулду
болдуңуз" дегенде, дароо көргөн
түшүн эстеди да, алдына ала
билген касиети бар Жакшыбай
карыянын айткан сөзү кулагына
жаңырды. Сүйүнчүлөгөн баланы
ыраазы кылып, аттына камчы
салып, үйүн көздөй чаап жөнөдү.
Бул, уулду болгон ар бир атанын
сүйүнгөндөгү жоругу экенин
танып болбойт.
Жаңы төрөлгөн балага Сопу деген
ысым берилди. Бул ысымды дагы
уруунун ак сакалы Жакшыбай
карыя өзү билип койду. Ал кезде
сакалдуу кишинин алдына өтүп
балага ысым койгон шартта жана
салта жок болучу. Жакшыбай
карыянын ымыркайга Cопу деген
атты койгонунун дагы бир себеби,
түшүнөн аян берилип койгону
тууралуу эч кимге айткан жок.
#7 21 Февраль 2016 - 13:52
Жаш баланын уурдалышы
Убакыт канатын кагып алдыга
жылып, баягы түштөн аян берилип
төрөлгөн бала, анча мынча кол
арага жарап чоңоюп калган. Ошол
кезде улуу "Жибек Жолу" менен
калмак соодагерлери Андижан
тарапка жүк алып өтүп соодалап,
кайра жүк алып артка кайтып өтүп
турушкан. Алар кайра өз мекенине
айыл чети менен өткөн кездеринде
жаш балдарды уурдап кетишип, өз
жерлерине барганда малдары көп
байларга сатып жиберген адатка
айланып бара жаткан эле. Жаш
балдарын уурдаткан ата-
энелердин ошондогу кан какшап
сыздаганын жан адамга бербесин.
Бул калмак эли адам баласынын
убалынан коркпой мал эмес, адам
баласын уурдай качкандары
албетте абдан эле коркунуч
туудуруп, жергиликтүү калктын
кыжыры келип, алар өтөр кезде
балдарын катып, сак-сактап
калышкан. Кичине балдар
ыйлаганда же тентек кылганда
"калмак келе жатат" деп коркутуп
соороткон адатка айланган.
Калмактар бир эки жолу
кыргыздардан ыдык көргөндө,
бала уурдагандарын коюп, сөзгө
келишкен. Убадага туруп бала
уурдаган адат бир-эки жыл жок
болуп кетип, кайра пайда болуп,
кээде калмактар менен
кыргыздардын ортосунда чоң чыр
чыккан күндөр дагы болгон. Бирок
акчанын кыныгын алып алышкан
соодагерлер көнгөн адаттарын
такыр эле жыйыштырып
салышканга диттери чаппай
турушкан. Ал турсун кээ бир
байлар соода жолуна чыккандарга
"жаш бала керек" деп алдына-ала
акча сунуштап соодалашкандары
дагы калмак соодагерлеринин
кызыгуусун арттырып, ыгын
келтирип бала уурдаган иш улана
бергени ойго салбай койгон жок.
Жакшыбай карыя кабагы салыңкы
кырга келип олтурганда, кадырман
карылар, жакшы чыкма мырзалар,
жакшы аталган төрөлөр жыйын
боло тургансып кырга бир-экиден
басып келип чогула баштады. Ою,
санаасы - санга бөлүнүп олтурган
Жакшыбай карыянын көңүлүндө
эмнелер орун алып турганын эч
бири таназар алышкан жок.
Ар бир гүлдүн ширесин аары
билгендей, элдин ичинде эмне бар,
кандай уйгу-туйгу чийеленген
күдүк санаа бар экенин кыраакы,
акылман гана адамдар байкайт.
Көп адамдар акылдуу, туруктуу,
адамкерчиликтүү болууну кааласа,
начар адамдар өзүн элге таанытыш
үчүн далбас урат. Басылбек карыя
башын ийкеп, сөз сүйлөй турганын
билгизип, болор-болбос үн
чыгарып жөтөлгөн болуп:
- Жакшыбай, сен эмне эле санаага
чөмүлүп, унчукпайсың? Биз аккан
суунун өзү болбосок дагы
булагыбыз. Дегинкиси, жүйөө кеп
кеңешке ортоктош болуп, акыл
кошо турган жөлөк болгонго
жарайбыз. Кулагыбыз турмуштун
ачуу-таттуусун билиш үчүн аз
сүйлөп, көп ойлонуп, кептин
негизине кулак төшөсүн деп
адамга эки кулак, бир ооз
берилген. Кепке сараңдык адамды
акылдуу дедирбесе, анда көңдөй
дедирет. Жакшыбай карыны ой
басып:
- Көз менен көрүп туруп кантип
мен ойго алаксыбайм. Тигинтип
калмактар жаңы өнүп келе жаткан
муундарыбызды уурдай качып
жатса. Аларга жакшылык менен
дагы, урушуп дагы айттык. Бирок
биздин аракетибизден эч майнап
чыкпай, дагы да болсо балдар
уурдалып, дайыны жок жоголуп
жатса, мени кантип ой баспайт.
Кечээ эсиңерде болсо керек, өткөн
жылы баласы жоголгон
Бүбүканды көрүп, абдан кабыргам
кайышты. Бул жалганда баланы,
энеден ажыратпасын. Баланын
күйүтүнөн кайран Бүбүкан алынан
тайып калыптыр. Мотурайган,
маңдайы жарык уулу бар эле. Ал
азыр эмне күндү көрүп жатты
болду экен? Айтаар кебим, эми
силер оң кулагыңар менен дагы,
сол кулагыңар менен дагы уккула.
Мындан кийин биздин айылдан
бала жоголбосун дагы, ата менен
эненин сыздаган үнү чыкпайсын.
Калмактарга сак болгула. Алардын
бала уурдаганын кол менен
кармап албаган соң, күнөөлөгөн
дагы болбойт. Эки элдин ортосунда
чыр чыкпасын, деги байкагылачы.
Түндө түш көрдүм. Биздин
айылдан бир нерсени кара күч,
башка жакка алып кетти. Дагы
бала уурдалып, ата-эне
сыздабасынчы. Бул бир маселе.
Экинчи маселе күз келди. Кыштын
камын көрүү кандай болуп жатат?
Менин баамымда кыш эрте
түшчүдөй. Тиги тоонун башына
эмитеден эле кар түшүп калыптыр.
Андижанга өткөн калмактардын
соодагерлери дагы кайра артка
өтчү кези жакындап калды.
Алардан кышка керек нерселерди
сатып алып калгандай болгула.
Бул алардын быйылкы жылы
акыркы жолу өтүшү. Эми жаз
келгенде гана өтүшөт. Жазга чейин
соода-сатык токтойт. Сөз ар
тараптуу айтылып жатып, акыры
баары бир кепке келип, тарап
кетишти. Жакшыбай карыя үйүн
көздөй келе жатып, уурдалган
балдардын тагдырына боору
ооруп, кейип алды. Анан эмне
кылат. Адам баласы картайып,
жашоодон сабак алган сайын
артында өсүп келе жаткан муунду
ойлоп калары анык. Жакшыбай
карыя чынында эле ушул жашка
келгени башынан көп нерсени
өткөрдү. Колуна кылыч кармап,
калмактар менен урушту. Жылкы
тийип кеткендердин артынан
барып кайра кайрып келди.
Кечинде теңтуштары менен бирге
жигит каадасы кылып кыз
жандады. Ат жалын тартып минип
алыска барып эл, жер көрүп
келди. Айтып олтурса ар бир инсан
үчүн жаш кезиндеги күндөргө эч
нерсе жетпейт.
Бир жолу Жакшыбай карыя кеч
күүгүмдө ат менен жалгыз келе
жатып, жыш мүрзөнүн арасынан
уңулдап ыйлаган үндү угуп,
атынын тизгинин тартып үн чыккан
жакты тыңшап калат да, анан
аттын башын буруп, жакын келип
баласы уруштан каза болгон энени
көрүп, аны аяп уруш чыгарган
калмактарга абдан нааразы болгон
эле. Ыйлап жаткан энеге кайрат
айтып, үйүнө алып келип ошол
үйгө түнөп калган. Эх, ошондогу
эненин боздогону азыр дагы
кулагына жаңырып, ошол күндү
ушул кезге чейин эсинен чыгарбай
келет. Карыя үйүн көздөй келе
жатып, ойго алаксыды. Ушул бир
келген жашоодо пайда көрүш
үчүн, бала уурдап бирөөлөрдү
сыздаткан калмактардын
жоругуна ичи ачышып, көңүлү
чөгүп, эмне айла амал кылышты
билбей турду.
Убакыт канатын кагып алдыга
жылып, баягы түштөн аян берилип
төрөлгөн бала, анча мынча кол
арага жарап чоңоюп калган. Ошол
кезде улуу "Жибек Жолу" менен
калмак соодагерлери Андижан
тарапка жүк алып өтүп соодалап,
кайра жүк алып артка кайтып өтүп
турушкан. Алар кайра өз мекенине
айыл чети менен өткөн кездеринде
жаш балдарды уурдап кетишип, өз
жерлерине барганда малдары көп
байларга сатып жиберген адатка
айланып бара жаткан эле. Жаш
балдарын уурдаткан ата-
энелердин ошондогу кан какшап
сыздаганын жан адамга бербесин.
Бул калмак эли адам баласынын
убалынан коркпой мал эмес, адам
баласын уурдай качкандары
албетте абдан эле коркунуч
туудуруп, жергиликтүү калктын
кыжыры келип, алар өтөр кезде
балдарын катып, сак-сактап
калышкан. Кичине балдар
ыйлаганда же тентек кылганда
"калмак келе жатат" деп коркутуп
соороткон адатка айланган.
Калмактар бир эки жолу
кыргыздардан ыдык көргөндө,
бала уурдагандарын коюп, сөзгө
келишкен. Убадага туруп бала
уурдаган адат бир-эки жыл жок
болуп кетип, кайра пайда болуп,
кээде калмактар менен
кыргыздардын ортосунда чоң чыр
чыккан күндөр дагы болгон. Бирок
акчанын кыныгын алып алышкан
соодагерлер көнгөн адаттарын
такыр эле жыйыштырып
салышканга диттери чаппай
турушкан. Ал турсун кээ бир
байлар соода жолуна чыккандарга
"жаш бала керек" деп алдына-ала
акча сунуштап соодалашкандары
дагы калмак соодагерлеринин
кызыгуусун арттырып, ыгын
келтирип бала уурдаган иш улана
бергени ойго салбай койгон жок.
Жакшыбай карыя кабагы салыңкы
кырга келип олтурганда, кадырман
карылар, жакшы чыкма мырзалар,
жакшы аталган төрөлөр жыйын
боло тургансып кырга бир-экиден
басып келип чогула баштады. Ою,
санаасы - санга бөлүнүп олтурган
Жакшыбай карыянын көңүлүндө
эмнелер орун алып турганын эч
бири таназар алышкан жок.
Ар бир гүлдүн ширесин аары
билгендей, элдин ичинде эмне бар,
кандай уйгу-туйгу чийеленген
күдүк санаа бар экенин кыраакы,
акылман гана адамдар байкайт.
Көп адамдар акылдуу, туруктуу,
адамкерчиликтүү болууну кааласа,
начар адамдар өзүн элге таанытыш
үчүн далбас урат. Басылбек карыя
башын ийкеп, сөз сүйлөй турганын
билгизип, болор-болбос үн
чыгарып жөтөлгөн болуп:
- Жакшыбай, сен эмне эле санаага
чөмүлүп, унчукпайсың? Биз аккан
суунун өзү болбосок дагы
булагыбыз. Дегинкиси, жүйөө кеп
кеңешке ортоктош болуп, акыл
кошо турган жөлөк болгонго
жарайбыз. Кулагыбыз турмуштун
ачуу-таттуусун билиш үчүн аз
сүйлөп, көп ойлонуп, кептин
негизине кулак төшөсүн деп
адамга эки кулак, бир ооз
берилген. Кепке сараңдык адамды
акылдуу дедирбесе, анда көңдөй
дедирет. Жакшыбай карыны ой
басып:
- Көз менен көрүп туруп кантип
мен ойго алаксыбайм. Тигинтип
калмактар жаңы өнүп келе жаткан
муундарыбызды уурдай качып
жатса. Аларга жакшылык менен
дагы, урушуп дагы айттык. Бирок
биздин аракетибизден эч майнап
чыкпай, дагы да болсо балдар
уурдалып, дайыны жок жоголуп
жатса, мени кантип ой баспайт.
Кечээ эсиңерде болсо керек, өткөн
жылы баласы жоголгон
Бүбүканды көрүп, абдан кабыргам
кайышты. Бул жалганда баланы,
энеден ажыратпасын. Баланын
күйүтүнөн кайран Бүбүкан алынан
тайып калыптыр. Мотурайган,
маңдайы жарык уулу бар эле. Ал
азыр эмне күндү көрүп жатты
болду экен? Айтаар кебим, эми
силер оң кулагыңар менен дагы,
сол кулагыңар менен дагы уккула.
Мындан кийин биздин айылдан
бала жоголбосун дагы, ата менен
эненин сыздаган үнү чыкпайсын.
Калмактарга сак болгула. Алардын
бала уурдаганын кол менен
кармап албаган соң, күнөөлөгөн
дагы болбойт. Эки элдин ортосунда
чыр чыкпасын, деги байкагылачы.
Түндө түш көрдүм. Биздин
айылдан бир нерсени кара күч,
башка жакка алып кетти. Дагы
бала уурдалып, ата-эне
сыздабасынчы. Бул бир маселе.
Экинчи маселе күз келди. Кыштын
камын көрүү кандай болуп жатат?
Менин баамымда кыш эрте
түшчүдөй. Тиги тоонун башына
эмитеден эле кар түшүп калыптыр.
Андижанга өткөн калмактардын
соодагерлери дагы кайра артка
өтчү кези жакындап калды.
Алардан кышка керек нерселерди
сатып алып калгандай болгула.
Бул алардын быйылкы жылы
акыркы жолу өтүшү. Эми жаз
келгенде гана өтүшөт. Жазга чейин
соода-сатык токтойт. Сөз ар
тараптуу айтылып жатып, акыры
баары бир кепке келип, тарап
кетишти. Жакшыбай карыя үйүн
көздөй келе жатып, уурдалган
балдардын тагдырына боору
ооруп, кейип алды. Анан эмне
кылат. Адам баласы картайып,
жашоодон сабак алган сайын
артында өсүп келе жаткан муунду
ойлоп калары анык. Жакшыбай
карыя чынында эле ушул жашка
келгени башынан көп нерсени
өткөрдү. Колуна кылыч кармап,
калмактар менен урушту. Жылкы
тийип кеткендердин артынан
барып кайра кайрып келди.
Кечинде теңтуштары менен бирге
жигит каадасы кылып кыз
жандады. Ат жалын тартып минип
алыска барып эл, жер көрүп
келди. Айтып олтурса ар бир инсан
үчүн жаш кезиндеги күндөргө эч
нерсе жетпейт.
Бир жолу Жакшыбай карыя кеч
күүгүмдө ат менен жалгыз келе
жатып, жыш мүрзөнүн арасынан
уңулдап ыйлаган үндү угуп,
атынын тизгинин тартып үн чыккан
жакты тыңшап калат да, анан
аттын башын буруп, жакын келип
баласы уруштан каза болгон энени
көрүп, аны аяп уруш чыгарган
калмактарга абдан нааразы болгон
эле. Ыйлап жаткан энеге кайрат
айтып, үйүнө алып келип ошол
үйгө түнөп калган. Эх, ошондогу
эненин боздогону азыр дагы
кулагына жаңырып, ошол күндү
ушул кезге чейин эсинен чыгарбай
келет. Карыя үйүн көздөй келе
жатып, ойго алаксыды. Ушул бир
келген жашоодо пайда көрүш
үчүн, бала уурдап бирөөлөрдү
сыздаткан калмактардын
жоругуна ичи ачышып, көңүлү
чөгүп, эмне айла амал кылышты
билбей турду.
#8 21 Февраль 2016 - 13:57
Күз мезгилинин башы. Аяк оона
айынын аягы. Күз берекесин
берип, ак төөнүн карды жарылган
кез. Күн кыскарып, эртели кеч
сууктун белгиси билине баштаган.
Жакшыбай карыя айткандай
Андижанга өткөн калмак
соодагерлери бул жолу эмнегедир
жалган шашкеде өтүштү.
Жергиликтүү калк алардан майда
барат нерселерди малга
айырбаштап алып калышты.
Калмактар соодасы бүтүп, айылдан
эбак узап кеткенде, убакыт чоң
шашкеден өтүп калган кезде,
Аксаамайдын "чар" деген эле үнү
чыгып калды. Бул кезде Эсет дагы
үйдө эмес болучу. Кол арага
жараган эркектердин баары мал
менен талаада жүрүшкөн.
Аксаамай ары чуркап, бери чуркап
эле эшиктин алдында ойноп
олтурган Сопуну таппай калды.
Эненин жүрөгү бир нерсени сезет
жана эч качан алдабайт эмеспи.
Аксаамай дагы чар эткизе
бакырганынын жөнү бар эле.
Анткени алиги калмактар соода
кылып жатканда, көзүндө калы
бар, жашы алтымыштан өткөн,
кара сакалчан адам, жаш
балдардын арасынан Сопуну бир
башкача көз менен караганын өз
көзү менен көргөн. Анын жаман
ою бар экенин учурунда элес алган
эмес. Ары чуркап, бери чуркап үн
салып, атынан чакырып баласын
издеп жатканда, Шарапат деген
келин дагы баласын издеп таппай
калды. Бул кабар дароо айыл
элине желдей тарап, эбак узап
кеткен калмактардын артынан
куугун жөнөдү. Алгачкылардын
болуп Эсет алдыга ат салды.
Аксаамайдын эки көзүнөн аккан
жаш бетин жууп, эсинен танды.
Эне үчүн баланын көз көрүнө
жоголгону, кандай гана азап. Эки
эмчеги сыздап, али балтыр эти толо
элек баладан айрылган эне менен
атанын арманын, азабын бербесин!
Балапанынан айрылган
канатуудай чыйпыйы чыгып, бир
орунга олтура албай калганы аз
келгенсип, болгон ишин таштап,
көзүнөн жашы тыйылбаган
Шарапат эч кимге ээ бербей,
калмактардын артынан жөө
жөнөгөн. Таманы тикенекке, ташка
тилингенине эч караган жок.
Анткени кармагандардын колунан
жулунганда бутундагы бир бут
кийими чечилип калган. Ага
кайдан караганга дарман жетет.
Баарына бала үчүн кайыл болгон
эне байкуш, тилим-тилим болуп
тилинип канаган таманына кайыл
болуп, канаты болсо учуп жетип
калмактарды көзүндө огу болсо
бирин калтырбай атып салгандан
кайра тартпайт эле. Кайран гана
эне ай. Шарапаттын кадамы улам
алдыга жылган сайын кечтин
киришинен белги берип, күн дагы
ылдыйлап бара жатты. Шарапат
ага караган жок. Баладан
тирүүлөй айрылганча,
калмактардын артынан жетип,
алардын колуна өлүп бергени
артык болучу.
Көзүнө бир гана баласынын
"апакелеп" ыйлаган элеси
тартылып, Шарапат кырдан-кырды
ашып, чарчаганын билбей бара
жатты. Таштак жолго жеткенде
таманы ооруп басканга дарманы
жетпей калды да, болгон үнүн
чыгарып чаңырып жиберди,
кулунун карышкырга алдырган
жылкы баласындай болуп. Бул
кезде күүгүм кирип, караңгылык
пардасы тартылып, тоо арасын
коркунучтуу элес каптап калган.
Так гана ат жолдун ортосунда
чалкасынын жатып, ооруган
денесине кайыл болуп,
томураңдап ойноп жүргөн
баласынын ар бир жоругун эстеп,
эне байкуш ээн талаада дарманы
кетип эс алганча жатканда, жакын
жерден карышкырдын улуган үнү
чыкты. Ага дагы караган жок.
Баладан айрылгандан көрө,
карышкырларга жем болуп бул
дүйнөдөн өтүп кеткен алда канча
жеңил болучу. Бир кезде жакын
эле жерден эненин кулагына жаш
баланын кыңкыстаган үнү угулду.
Энеде дароо үмүт пайда болуп,
жер тыңшап, оң кулагын жерге
такады. Бир аз убакыт өткөн соң
баягы үн даана угулганда,
Шарапат болгон үнүн чыгарып,
тынч жаткан тоо ичин жаңыртып,
кыйкырып алды " Байкуту, Сопу!?"
- деп. Анткени айылдан эки бала
жоголгонун билет да. Андан дагы
баласы Байгуту, Сопу менен ойноп
жатканын кошуналары көрүптүр.
Бирок тиги калмактар кантип жана
кайсы убакта эки баланы уурдап
кеткенин билбей калышканы,
баарына табышмак. Шарапаттын
ачуу үнүн артынан издеп келе
жатышкан беш-алты аял, эркек
даана угушту. Бул кезде асманда
жылдыздар чыгып, күндүн теңи
болгон түн пардасы тартылып,
көзгө сайса көрүнбөгөн
караңгылык айлананы каптап
калган. Шарапат үн чыккан жакка
жакын келип дагы үн салды
"Байгуту, Сопу" деп. Кайран гана
эне ай. Эненин үнү бул саам
баштагыдан катуу чыкты. Колу-
буту таңылуу Байгуту апасынын
үнүн укканда кысылган деми
ачылып, таңылуу оозун болор
болбос бошотуп "апа" деп, алсыз
чаңырганда Шарапатка даана
угулду. Баласынын үнүн укканда
шашып, калдастап, алапайын
таппай калды. Бир жагынан
сүйүнүчү койнуна батпай, уулунун
үнүн укканда, баятан бери тарткан
азабы түккө турбай, көздөрү
жайнап, али дайыны билине элек
кубанычтын белгиси, болгон дитин
ээлеп алды:
- Байгуту, балам, деги сен
кайдасың, үнүңдү дагы бир жолу
чыгарып койчу?! - деп жан талаша
үн катты. Аңгыча артынан
издегендер дагы келип калды.
Байгуту эптеп колу менен таңылган
оозун болор-болбос бошотуп, бул
жолу үнүн жогору чыгарды.
Шарапат баласынын үнүн даана
угуп, үн чыккан тарапка
караганды, кожогатты, тикенек,
аң-чуңкурду карабай кадам
таштады. Бир кезде буту суурдун
ийнине кирип кетип, жыгылып
кетти. Бирок ооруксунган бутуна
караган жок. Ошондо дагы үнүн
чыгарып, кыйкырып алды.
Жоолугу башынан шыпырылып,
чачы саксайып, бетин жаап,
көзүнө эч нерсе көрүнбөй, бир
жагынан алдыга кадам таштаганга
тоскоолун тийгизип алды жакты
көрө албай жатты. Ушул кезде
колун созуп чачын иреттеп,
жоолугун оңдоп салынып алганга
дагы жараган жок. Дале болсо
көзүнөн аккан жаш бетин жууп,
уңулдап ыйлап да алган. Алты
кана тикенек өскөн тоо бети менен
улап өйдөлөп чыгып бара жаткан
Шарапаттын денеси ооруну деле
сезбей калды. Мына эненин балага
болгон бир гана жоругу, бала деп
соккон жүрөгү, бала үчүн көргөн
далалаты. Бирок бала, эненин жан
аябаган ушундай эмгегин баалай
алабы, аны ачык айтып болбойт.
Шарапат улам өйдөлөгөн сайын
шайы кетип, эми кудум жаңы
эмгектеген баладай жөрмөлөп, эки
колу менен колуна эмне илинсе
аны кармап, зоо бетине чыгып
бара жаткан шамдагай кишидей
тартынып, он беш метрдей алдыга
жылды да, дагы үн салды:
- Байгуту, балам, мен апаңмын,
барсыңбы?! - деп. Эх, эне ай, ай
талаада баарына кайыл болуп,
бала үчүн далбас уруп, баласынын
үнүн дагы бир жолу угуп калсам
экен дегенде эки көзү төрт болуп,
эмне деген гана асыл үмүт менен
караңгыга карабай тоо бети менен
жөрмөлөп өйдө чыгып келе
жатканына бир гана түн күбө
болуп турду. Илгери үмүт менен
күткөн баланын үнү бул саам
абдан жакын жерден чыккандай
болду. Артынан келгендер
жыйырма кадамдай Шарапаттан
алыс эле. Алар дагы баланын үнүн
угуп, жабыла үн чыгарышты. Топ
элдин чурулдаган үнүн уккан
жакын жерде үйүрү менен жүргөн
карышкырлардын улуган үнү жап
болуп, башка тарапка орун
которуп кеткенге эчак үлгүрүшкөн.
Курган эне уулунун алсыз үнүн
угуп, сүйүнүчтөн жүрөгү кабынан
чыгып кетчүдөй тез-тез дүкүлдөп
соккону өзүнө да угулуп турду.
Шарапат күчүн жыйып дагы
алдыга жылып жакын келгенде,
жаш бала таңылуу оозун эптеп
чечип, болгон күчү менен
кыйкырды "Апа, мен мындамын! "
деп. Шарапат үн чыккан жакты
элеңдеп карап, сүйүнгөнүнөн
көзүнө келген жашты аарчыганга
дарманы жетпей, жыгылып -туруп,
баласы жаткан чуңкурчага жетип
келип эле, боюн таштап салды да,
баласын кучактаган тейде,
буркурап ыйлап жиберди. Кайран
гана эне ай! Адамды нурга бөлөп
жашарткан, күндүн нурун,
өмүрдүн азыгын каалап, баланы
тарбиялап өстүрүп, азабы менен
жыргалына өнөктөш болгон энеге
даңк! Шарапат баласынын жытын
жыттап, жоготкон бакытын таап
алгансып, кайра аны бирөө тартып
кетчүүдөй кучактаган колу
карышып калган. Байгуту дагы
мотурайган кыска колун энесинин
мойнуна артып, үнүн чыгарып
уңулдап ыйлап алган. Артынан
келгендер бала менен эненин
коюн-колтук алышып, чуңкурчада
кучакташып ыйлап олтургандарын
көрүп, алар дагы көздөрүнө жаш
алышты. Шарапат бул жашоого
жаралганы азыркы уулун
тапкандай сүйүнбөсө керек. Ушул
жерден дагы бир жолу эненин
ыйыктыгын, бийиктигин,
асылдыгын билсек болот. Көрсө
бул жалганда жан болобу, мал
болобу эне үчүн баладан өткөн
баалуу эч нерсе жок белем.
Чуңкурчадан чыкканда гана
Шарапат бутунун, денесинин
ооруганын сезди. Артынан
келгендер чечилип калган бут
кийимин ала келишиптир. Бирок
ал бутуна батпай койду, тилинген
таманы шишип кеткендиктен.
Түн ортосунда гана Шарапатты
жетелешип, баланы көтөрүп
баарысы чогуу айылга келишти.
Бул кезде куугунга кетишкендер
калмактарга жете барышканы
менен алардын болгон жүгүн
чачып, карагандары түккө турбай
жоголгон балдарды таба
алышпай, алардын алдаган тилине
ишенип, жаңы эле келишкен.
Байгуту бала болсо дагы болгон
окуяны үстүртөн айтып берди.
айынын аягы. Күз берекесин
берип, ак төөнүн карды жарылган
кез. Күн кыскарып, эртели кеч
сууктун белгиси билине баштаган.
Жакшыбай карыя айткандай
Андижанга өткөн калмак
соодагерлери бул жолу эмнегедир
жалган шашкеде өтүштү.
Жергиликтүү калк алардан майда
барат нерселерди малга
айырбаштап алып калышты.
Калмактар соодасы бүтүп, айылдан
эбак узап кеткенде, убакыт чоң
шашкеден өтүп калган кезде,
Аксаамайдын "чар" деген эле үнү
чыгып калды. Бул кезде Эсет дагы
үйдө эмес болучу. Кол арага
жараган эркектердин баары мал
менен талаада жүрүшкөн.
Аксаамай ары чуркап, бери чуркап
эле эшиктин алдында ойноп
олтурган Сопуну таппай калды.
Эненин жүрөгү бир нерсени сезет
жана эч качан алдабайт эмеспи.
Аксаамай дагы чар эткизе
бакырганынын жөнү бар эле.
Анткени алиги калмактар соода
кылып жатканда, көзүндө калы
бар, жашы алтымыштан өткөн,
кара сакалчан адам, жаш
балдардын арасынан Сопуну бир
башкача көз менен караганын өз
көзү менен көргөн. Анын жаман
ою бар экенин учурунда элес алган
эмес. Ары чуркап, бери чуркап үн
салып, атынан чакырып баласын
издеп жатканда, Шарапат деген
келин дагы баласын издеп таппай
калды. Бул кабар дароо айыл
элине желдей тарап, эбак узап
кеткен калмактардын артынан
куугун жөнөдү. Алгачкылардын
болуп Эсет алдыга ат салды.
Аксаамайдын эки көзүнөн аккан
жаш бетин жууп, эсинен танды.
Эне үчүн баланын көз көрүнө
жоголгону, кандай гана азап. Эки
эмчеги сыздап, али балтыр эти толо
элек баладан айрылган эне менен
атанын арманын, азабын бербесин!
Балапанынан айрылган
канатуудай чыйпыйы чыгып, бир
орунга олтура албай калганы аз
келгенсип, болгон ишин таштап,
көзүнөн жашы тыйылбаган
Шарапат эч кимге ээ бербей,
калмактардын артынан жөө
жөнөгөн. Таманы тикенекке, ташка
тилингенине эч караган жок.
Анткени кармагандардын колунан
жулунганда бутундагы бир бут
кийими чечилип калган. Ага
кайдан караганга дарман жетет.
Баарына бала үчүн кайыл болгон
эне байкуш, тилим-тилим болуп
тилинип канаган таманына кайыл
болуп, канаты болсо учуп жетип
калмактарды көзүндө огу болсо
бирин калтырбай атып салгандан
кайра тартпайт эле. Кайран гана
эне ай. Шарапаттын кадамы улам
алдыга жылган сайын кечтин
киришинен белги берип, күн дагы
ылдыйлап бара жатты. Шарапат
ага караган жок. Баладан
тирүүлөй айрылганча,
калмактардын артынан жетип,
алардын колуна өлүп бергени
артык болучу.
Көзүнө бир гана баласынын
"апакелеп" ыйлаган элеси
тартылып, Шарапат кырдан-кырды
ашып, чарчаганын билбей бара
жатты. Таштак жолго жеткенде
таманы ооруп басканга дарманы
жетпей калды да, болгон үнүн
чыгарып чаңырып жиберди,
кулунун карышкырга алдырган
жылкы баласындай болуп. Бул
кезде күүгүм кирип, караңгылык
пардасы тартылып, тоо арасын
коркунучтуу элес каптап калган.
Так гана ат жолдун ортосунда
чалкасынын жатып, ооруган
денесине кайыл болуп,
томураңдап ойноп жүргөн
баласынын ар бир жоругун эстеп,
эне байкуш ээн талаада дарманы
кетип эс алганча жатканда, жакын
жерден карышкырдын улуган үнү
чыкты. Ага дагы караган жок.
Баладан айрылгандан көрө,
карышкырларга жем болуп бул
дүйнөдөн өтүп кеткен алда канча
жеңил болучу. Бир кезде жакын
эле жерден эненин кулагына жаш
баланын кыңкыстаган үнү угулду.
Энеде дароо үмүт пайда болуп,
жер тыңшап, оң кулагын жерге
такады. Бир аз убакыт өткөн соң
баягы үн даана угулганда,
Шарапат болгон үнүн чыгарып,
тынч жаткан тоо ичин жаңыртып,
кыйкырып алды " Байкуту, Сопу!?"
- деп. Анткени айылдан эки бала
жоголгонун билет да. Андан дагы
баласы Байгуту, Сопу менен ойноп
жатканын кошуналары көрүптүр.
Бирок тиги калмактар кантип жана
кайсы убакта эки баланы уурдап
кеткенин билбей калышканы,
баарына табышмак. Шарапаттын
ачуу үнүн артынан издеп келе
жатышкан беш-алты аял, эркек
даана угушту. Бул кезде асманда
жылдыздар чыгып, күндүн теңи
болгон түн пардасы тартылып,
көзгө сайса көрүнбөгөн
караңгылык айлананы каптап
калган. Шарапат үн чыккан жакка
жакын келип дагы үн салды
"Байгуту, Сопу" деп. Кайран гана
эне ай. Эненин үнү бул саам
баштагыдан катуу чыкты. Колу-
буту таңылуу Байгуту апасынын
үнүн укканда кысылган деми
ачылып, таңылуу оозун болор
болбос бошотуп "апа" деп, алсыз
чаңырганда Шарапатка даана
угулду. Баласынын үнүн укканда
шашып, калдастап, алапайын
таппай калды. Бир жагынан
сүйүнүчү койнуна батпай, уулунун
үнүн укканда, баятан бери тарткан
азабы түккө турбай, көздөрү
жайнап, али дайыны билине элек
кубанычтын белгиси, болгон дитин
ээлеп алды:
- Байгуту, балам, деги сен
кайдасың, үнүңдү дагы бир жолу
чыгарып койчу?! - деп жан талаша
үн катты. Аңгыча артынан
издегендер дагы келип калды.
Байгуту эптеп колу менен таңылган
оозун болор-болбос бошотуп, бул
жолу үнүн жогору чыгарды.
Шарапат баласынын үнүн даана
угуп, үн чыккан тарапка
караганды, кожогатты, тикенек,
аң-чуңкурду карабай кадам
таштады. Бир кезде буту суурдун
ийнине кирип кетип, жыгылып
кетти. Бирок ооруксунган бутуна
караган жок. Ошондо дагы үнүн
чыгарып, кыйкырып алды.
Жоолугу башынан шыпырылып,
чачы саксайып, бетин жаап,
көзүнө эч нерсе көрүнбөй, бир
жагынан алдыга кадам таштаганга
тоскоолун тийгизип алды жакты
көрө албай жатты. Ушул кезде
колун созуп чачын иреттеп,
жоолугун оңдоп салынып алганга
дагы жараган жок. Дале болсо
көзүнөн аккан жаш бетин жууп,
уңулдап ыйлап да алган. Алты
кана тикенек өскөн тоо бети менен
улап өйдөлөп чыгып бара жаткан
Шарапаттын денеси ооруну деле
сезбей калды. Мына эненин балага
болгон бир гана жоругу, бала деп
соккон жүрөгү, бала үчүн көргөн
далалаты. Бирок бала, эненин жан
аябаган ушундай эмгегин баалай
алабы, аны ачык айтып болбойт.
Шарапат улам өйдөлөгөн сайын
шайы кетип, эми кудум жаңы
эмгектеген баладай жөрмөлөп, эки
колу менен колуна эмне илинсе
аны кармап, зоо бетине чыгып
бара жаткан шамдагай кишидей
тартынып, он беш метрдей алдыга
жылды да, дагы үн салды:
- Байгуту, балам, мен апаңмын,
барсыңбы?! - деп. Эх, эне ай, ай
талаада баарына кайыл болуп,
бала үчүн далбас уруп, баласынын
үнүн дагы бир жолу угуп калсам
экен дегенде эки көзү төрт болуп,
эмне деген гана асыл үмүт менен
караңгыга карабай тоо бети менен
жөрмөлөп өйдө чыгып келе
жатканына бир гана түн күбө
болуп турду. Илгери үмүт менен
күткөн баланын үнү бул саам
абдан жакын жерден чыккандай
болду. Артынан келгендер
жыйырма кадамдай Шарапаттан
алыс эле. Алар дагы баланын үнүн
угуп, жабыла үн чыгарышты. Топ
элдин чурулдаган үнүн уккан
жакын жерде үйүрү менен жүргөн
карышкырлардын улуган үнү жап
болуп, башка тарапка орун
которуп кеткенге эчак үлгүрүшкөн.
Курган эне уулунун алсыз үнүн
угуп, сүйүнүчтөн жүрөгү кабынан
чыгып кетчүдөй тез-тез дүкүлдөп
соккону өзүнө да угулуп турду.
Шарапат күчүн жыйып дагы
алдыга жылып жакын келгенде,
жаш бала таңылуу оозун эптеп
чечип, болгон күчү менен
кыйкырды "Апа, мен мындамын! "
деп. Шарапат үн чыккан жакты
элеңдеп карап, сүйүнгөнүнөн
көзүнө келген жашты аарчыганга
дарманы жетпей, жыгылып -туруп,
баласы жаткан чуңкурчага жетип
келип эле, боюн таштап салды да,
баласын кучактаган тейде,
буркурап ыйлап жиберди. Кайран
гана эне ай! Адамды нурга бөлөп
жашарткан, күндүн нурун,
өмүрдүн азыгын каалап, баланы
тарбиялап өстүрүп, азабы менен
жыргалына өнөктөш болгон энеге
даңк! Шарапат баласынын жытын
жыттап, жоготкон бакытын таап
алгансып, кайра аны бирөө тартып
кетчүүдөй кучактаган колу
карышып калган. Байгуту дагы
мотурайган кыска колун энесинин
мойнуна артып, үнүн чыгарып
уңулдап ыйлап алган. Артынан
келгендер бала менен эненин
коюн-колтук алышып, чуңкурчада
кучакташып ыйлап олтургандарын
көрүп, алар дагы көздөрүнө жаш
алышты. Шарапат бул жашоого
жаралганы азыркы уулун
тапкандай сүйүнбөсө керек. Ушул
жерден дагы бир жолу эненин
ыйыктыгын, бийиктигин,
асылдыгын билсек болот. Көрсө
бул жалганда жан болобу, мал
болобу эне үчүн баладан өткөн
баалуу эч нерсе жок белем.
Чуңкурчадан чыкканда гана
Шарапат бутунун, денесинин
ооруганын сезди. Артынан
келгендер чечилип калган бут
кийимин ала келишиптир. Бирок
ал бутуна батпай койду, тилинген
таманы шишип кеткендиктен.
Түн ортосунда гана Шарапатты
жетелешип, баланы көтөрүп
баарысы чогуу айылга келишти.
Бул кезде куугунга кетишкендер
калмактарга жете барышканы
менен алардын болгон жүгүн
чачып, карагандары түккө турбай
жоголгон балдарды таба
алышпай, алардын алдаган тилине
ишенип, жаңы эле келишкен.
Байгуту бала болсо дагы болгон
окуяны үстүртөн айтып берди.
#9 21 Февраль 2016 - 14:02
- Биз, Сопу экөөбүз үйдүн жанында
ойноп олтурсак, эки киши келип
бизди өздөрүнө чакырышты " чүкө
беребиз" деп. Биз алгач алардан
коркуп жакын барганыбыз жок.
Анан улуурагы чөнтөгүнөн кооз
оюнчук алып чыгып, бизге
көргөздү. Андай оюнчукту биз бир
да жолу көргөн эмеспиз. Алгач мен
жакын барып, тиги оюнчукту
колум менен кармап көрдүм. Анан
Сопу жаныма келип оюнчукту колу
менен кармаган кезде, экөө
оозубузду басып, дароо таңды да,
көтөрүп жөнөштү. Ары жакта
аттары бар экен. Бизди атка арта
салышып эле кокту менен өйдө
чаап жүрүп беришти. Канча жол
жүрдүк билбейм, бир кезде мени
алып бара жаткан кишинин аты
суурдун ийинин басып алдыбы,
билбейм, ат жыгылып кетти. Биз
дагы аттан жыгылдык. Ошондо мен
бир топ ылдый тоголонуп барып,
алиги чуңкурчага түшүп калдым.
Шашып жаткан экөө мени кайра
атка артып кеткенден эриништиби
же мени таппай калыштыбы ким
билет, таштап салып кетип
калышты. Андан дагы мен
чуңкурга түшкөндө эсимди
жоготуп койдум. Балким алар мени
"өлүп калды" деп дагы ойлошту
болуш керек. Чынын айтсам
калганы эсимде жок.
Бул сөздөрдү толук уккандар,
балага боорлору ооруп, бир
жагынан Шарапатка ыраазы
болушту. Эгер ал артынан издеп
барбаган болсо, бала
карышкырларга жем болот беле
ким билет? Байгутудан, Сопунун
дайынын уккан Эсет менен
Аксаамай шалдырап эле олтуруп
калышты. Ушул жерден алгач Эсет
баягы көргөн түшүн эстеп,
Аксаамайга кайрат айтты:
- Эч кам санаба, уулубуз кайрылып
келет. Билесиңби, баягыда менин
көргөн түшүмдү? Колума ак куш
конгондо, бир кара киши алып
кеткенин. Анан ак куш кайра
кайрылып келгенин. Мен эртең таң
эрте туруп, кайра калмактардын
артынан барам дагы, баламды
кайрып алып келем деди.
Бул кабарды уккан Жакшыбай
карыя кабагын түйүп:
- Кап, Эсетке жаман болгон
турбайбы. Мен өткөндө эле
эскертип айткам, "калмактардан
сак болгула" деп. Ушул окуя
болоорун алдына ала билген элем.
Бул Эсеттин уулу учуру келгенде
"элге алымдуу уул болобу"- деп
дагы ойлоп калдым. Анткени ал
менин түшүмө кудум ак куштун өзү
болуп кирбедиби. Бул бала жөн
бала эмес. Балким калмактар
баладан бир сырды байкаган үчүн
уурдап кетиштиби деп калдым.
Бирок буга чейин эле жаш балдар
уурдалып жатпады беле... Чын эле
уурдаса, анда жол боюндагы
балдарды эмнеге уурдаган жок
дагы, айылдын четинде жашаган
Эсеттин үйүнө кантип барып
калышты? - деген суроого жооп
таба албай, ар тараптуу ойлорду
ойлоп, таң эрте Эсетти өзүнө
чакыртты.
Бул учурда Эсет жаңы гана уулун
издегени аттанып кеткени жаткан.
Жакшыбай карыянын
чакыртканын угуп, азыраак
өкүнгөн болду да:
"Жарыктык киши эмнеге чакыртты
болду экен, кап кичине эртерээк
чыгып кеткенимде, жол арбытып
алат элем" деп, алты амалы кетип,
аксакалдын сакалын сыйлап
бастырып келди. Учурашып, ал
жайды сурашкан соң Жакшыбай
кайрат айтты да, Эсетти жолдон
алып калуунун амалы кылып:
- Эсет, өзүңө кел, эмне жаш бала
болуп калгансыңбы? Сен кечээ эле
барып алардын болгон жүгүн
чачып, жолдон калтырып чыр
салсаң, эми минтип кайра артынан
барып дагы догурунсаң, сени алар
ким көрдү кылып жок кылып
салса, кандай айла кыла аласың?
Андан дагы алар азыр сен
барганча өздөрүнүн чегине кирип
барат. Балким балаңды башка
калмактар уурдасачы? Аны так
билбеген соң ачууга алдырып,
опурулганың түккө турбайт.
Уурдалган бала уурдалды. Эми
анын амандыгын тилейли. Бала
менен кошо сенин дагы
жоголушуңду биз каалабайбыз.
Айткан тилди алып, өзүңдү
сабырлуу тут. Менин түшүмө сенин
уулуң кирген, бирок эч айла кыла
алганыбыз жок. Бул дагы
уулуңдун тагдыры. Маңдайга
жазган жазуусу ошол. Мындан ары
башка балдарыңдын амандыгын
тиле. Менин сага айтар кеңешим,
жаныңа бир жакшы, тың жигитти
алып, жок издемиш болуп
калмактардын айылына өт. Баланы
анан астыртан акмалап изде.
Болбосо башка айла-амал таба
албайбыз.
Бул сунуш Эсетке абдан жакты.
Жакшыбайдын таасын жана
жеткиликтүү кылып айткан
сөздөрү чындап ойго салды да,
өзүнүн баштапкы оюнан кайтты.
Бирок, баланын азабы жанын тынч
алдыра койгон жок. Баарынан
дагы түшүнөн аян берилип, көргөн
түшүн жорутуп, акыры уулу
минтип кол арага жарап, көзгө
көрүнүп калган кезде, алдырар -
күнү жаздырар болуп, көптү үмүт
кылган баласынын тирүүлөй
айрылганы Эсетти акыры алыс
жолго алып чыкты.
ойноп олтурсак, эки киши келип
бизди өздөрүнө чакырышты " чүкө
беребиз" деп. Биз алгач алардан
коркуп жакын барганыбыз жок.
Анан улуурагы чөнтөгүнөн кооз
оюнчук алып чыгып, бизге
көргөздү. Андай оюнчукту биз бир
да жолу көргөн эмеспиз. Алгач мен
жакын барып, тиги оюнчукту
колум менен кармап көрдүм. Анан
Сопу жаныма келип оюнчукту колу
менен кармаган кезде, экөө
оозубузду басып, дароо таңды да,
көтөрүп жөнөштү. Ары жакта
аттары бар экен. Бизди атка арта
салышып эле кокту менен өйдө
чаап жүрүп беришти. Канча жол
жүрдүк билбейм, бир кезде мени
алып бара жаткан кишинин аты
суурдун ийинин басып алдыбы,
билбейм, ат жыгылып кетти. Биз
дагы аттан жыгылдык. Ошондо мен
бир топ ылдый тоголонуп барып,
алиги чуңкурчага түшүп калдым.
Шашып жаткан экөө мени кайра
атка артып кеткенден эриништиби
же мени таппай калыштыбы ким
билет, таштап салып кетип
калышты. Андан дагы мен
чуңкурга түшкөндө эсимди
жоготуп койдум. Балким алар мени
"өлүп калды" деп дагы ойлошту
болуш керек. Чынын айтсам
калганы эсимде жок.
Бул сөздөрдү толук уккандар,
балага боорлору ооруп, бир
жагынан Шарапатка ыраазы
болушту. Эгер ал артынан издеп
барбаган болсо, бала
карышкырларга жем болот беле
ким билет? Байгутудан, Сопунун
дайынын уккан Эсет менен
Аксаамай шалдырап эле олтуруп
калышты. Ушул жерден алгач Эсет
баягы көргөн түшүн эстеп,
Аксаамайга кайрат айтты:
- Эч кам санаба, уулубуз кайрылып
келет. Билесиңби, баягыда менин
көргөн түшүмдү? Колума ак куш
конгондо, бир кара киши алып
кеткенин. Анан ак куш кайра
кайрылып келгенин. Мен эртең таң
эрте туруп, кайра калмактардын
артынан барам дагы, баламды
кайрып алып келем деди.
Бул кабарды уккан Жакшыбай
карыя кабагын түйүп:
- Кап, Эсетке жаман болгон
турбайбы. Мен өткөндө эле
эскертип айткам, "калмактардан
сак болгула" деп. Ушул окуя
болоорун алдына ала билген элем.
Бул Эсеттин уулу учуру келгенде
"элге алымдуу уул болобу"- деп
дагы ойлоп калдым. Анткени ал
менин түшүмө кудум ак куштун өзү
болуп кирбедиби. Бул бала жөн
бала эмес. Балким калмактар
баладан бир сырды байкаган үчүн
уурдап кетиштиби деп калдым.
Бирок буга чейин эле жаш балдар
уурдалып жатпады беле... Чын эле
уурдаса, анда жол боюндагы
балдарды эмнеге уурдаган жок
дагы, айылдын четинде жашаган
Эсеттин үйүнө кантип барып
калышты? - деген суроого жооп
таба албай, ар тараптуу ойлорду
ойлоп, таң эрте Эсетти өзүнө
чакыртты.
Бул учурда Эсет жаңы гана уулун
издегени аттанып кеткени жаткан.
Жакшыбай карыянын
чакыртканын угуп, азыраак
өкүнгөн болду да:
"Жарыктык киши эмнеге чакыртты
болду экен, кап кичине эртерээк
чыгып кеткенимде, жол арбытып
алат элем" деп, алты амалы кетип,
аксакалдын сакалын сыйлап
бастырып келди. Учурашып, ал
жайды сурашкан соң Жакшыбай
кайрат айтты да, Эсетти жолдон
алып калуунун амалы кылып:
- Эсет, өзүңө кел, эмне жаш бала
болуп калгансыңбы? Сен кечээ эле
барып алардын болгон жүгүн
чачып, жолдон калтырып чыр
салсаң, эми минтип кайра артынан
барып дагы догурунсаң, сени алар
ким көрдү кылып жок кылып
салса, кандай айла кыла аласың?
Андан дагы алар азыр сен
барганча өздөрүнүн чегине кирип
барат. Балким балаңды башка
калмактар уурдасачы? Аны так
билбеген соң ачууга алдырып,
опурулганың түккө турбайт.
Уурдалган бала уурдалды. Эми
анын амандыгын тилейли. Бала
менен кошо сенин дагы
жоголушуңду биз каалабайбыз.
Айткан тилди алып, өзүңдү
сабырлуу тут. Менин түшүмө сенин
уулуң кирген, бирок эч айла кыла
алганыбыз жок. Бул дагы
уулуңдун тагдыры. Маңдайга
жазган жазуусу ошол. Мындан ары
башка балдарыңдын амандыгын
тиле. Менин сага айтар кеңешим,
жаныңа бир жакшы, тың жигитти
алып, жок издемиш болуп
калмактардын айылына өт. Баланы
анан астыртан акмалап изде.
Болбосо башка айла-амал таба
албайбыз.
Бул сунуш Эсетке абдан жакты.
Жакшыбайдын таасын жана
жеткиликтүү кылып айткан
сөздөрү чындап ойго салды да,
өзүнүн баштапкы оюнан кайтты.
Бирок, баланын азабы жанын тынч
алдыра койгон жок. Баарынан
дагы түшүнөн аян берилип, көргөн
түшүн жорутуп, акыры уулу
минтип кол арага жарап, көзгө
көрүнүп калган кезде, алдырар -
күнү жаздырар болуп, көптү үмүт
кылган баласынын тирүүлөй
айрылганы Эсетти акыры алыс
жолго алып чыкты.
#10 21 Февраль 2016 - 14:07
Калмак жергесинде
Сооданын кыныгын алган
Сабитахун байлыктын азгырыгына
улам барган сайын тереңдеп кирип
бара жатты. Андижанга барып
келген сайын ойго келбеген акчага
маарып, баштагыдан бой көтөрүп,
сүйлөгөн сөзү жогору чыгып,
малай жумшаганга дагы жетишти.
Анткен менен Сабитахундун өзүнүн
болор-болбос сынчылык жайы
бар. Бир нерсени тез баамдап,
боло турган нерсени алдына ала
биле койгон өнөрү бар. Анча-
мынча баланы же чоң кишилерди
сынай койгон адаты бар экени, өз
чөйрөсүнө маалым. Ал турсун
аялдарды дагы сынынан өткөрүп,
кайсы аялдан чыгаан уул төрөлөт
биле койгон сырын, эч кимге
билгизбей келет. Ооба, бул өнөр
атасынан оогон. Кээде айтып
койгон сөздөрү туура чыгып
калган учуру болуп, ушул өнөрү
менен көпөстөргө, байларга, эл
бийлеген төбөлдөргө анча-мынча
кадыры бар жана сөзү өтөт. Демек,
чоң адамдар менен табакташ десек
жарашат.
Сабитахун, Андижанга өтүп бара
жатканда эле жол жээгинде ойноп
жүргөн балдардын арасынан
Сопуну көзү чалып, кызыгуусу
арткан. Бирок аны кантип уурдап
кетүү керек экенини ичинен ойлоп
койгон болучу. Сынчынын көзүнө
чалдыккан Сопу бир нерсени
сезгенсип, элүү кадамдай нары
жакта өтүп бара жаткан
калмактарды бир башкача көз
караш менен карап, үйүн көздөй
чуркап жөнөгөн. Көзүндө калы
бар, Сабитахун айылдан бир топ
узаган соң сөз алды:
- Бул буруттар кыйын калк болот,
аз болушса дагы. Билбейм
булардын суусунанбы же
жериненби, көзгө илине турган
чыгаан уулдар көп чыгат.
Былтыркы жылы дагы биз уурдап
барып уйгур байына саткан
баладан мен бир сырды байкагам.
Анын жанына мен жакын жолой
албай, аптыгып, сүрдөгөн элем.
Сыймыгы күчтүү экенин дароо
билген болчумун. Бул жолу дагы
силер эч нерсени байкаган
жоксуңар. Алиги жол жээгинде
ойноп жүргөн балдардын
арасынан келечекте олуя, алдыны
көрө билген, сынчы боло турган
баланы көзүм чалды. Ал баланы
тезинен колго албасак олуялык,
билгичтик, алдыны көрө билген
көрөгөчтүк кыргыздардын
укумунан-тукумуна өтүп, кыргыз
элинде көрөгөч адамдын тукуму
үзүлбөй калат. Мындай сапат
кандай элден чыгат, билбейм.
Мактанбайын, сынчылык сапат
менде бар, бирок бул буруттардын
сынчыларынын жанында менин
сынчылык өнөрүм суу кечпей
калат. Бирок мен алиги баланын
келечегинен чоң нерсени көрдүм.
Андай бала жөн элден, жөн
уруудан чыкпайт. Бул сөздү уккан
соодагерлердин ана башчысы
Батурхан сөздү бөлүп:
- Сиздин айткан кебиңиз чын болсо
кайра артка тартканда, алиги
сиздин көзүңүз түшкөн баланы биз
менен бирге алып кетели. Уурдай
жүргөн жаныбыз, уурдап кете
беребиз. Айылыбызга барганда
көзүн тазалап же бирөөнө
малайлыкка сатып жиберебиз да,
пайдасын көрөбүз. Баса, биз
соодага чыгарда баягы уйгур бай
Наримжан "малай алып келип
бергиле" деген. Ага чоң акчага
сатып жиберсек, пайдасын эле
көрүп, акчага маарыйбыз. Бул
сунушту Сабитахун абдан туура
көрүп, ойго алаксып кетти.
Бирок, анын жүрөгүн эзген бир
нерсе, каргышка калгандан коркуп
келет. Чылкый кара атынын жалын
тиктеп бара жатып ойлоп койду
"ушул бала акыркысы болот,
мындан кийин бала
уурдаганыңарды токтоткула деп
айтам" деген ойго такалды. Бул иш
өзүнүн өнөрүнө төп келбейт.
Сынчы бирөөнүн убалынан
коркуш керек болучу. Акча
кубалап, байлыктын артынан
түшкөнү ак жолдон чыгып, чоң
күнөөгө батканын сезип келет.
Андижан шаары. Кыжы-кужу
базар ичиндеги соода жүрүп
жатты. Эл деген тим эле быкылдап
батпайт. Мал базардан чыгышкан
соодагерлер курсак тойгузуп алуу
үчүн уйгур ашканасына киришти.
Тээ илгертен уйгурлардын
ашпозчусу аял эмес, эркек. Ал эми
Кыргыздардын эркектери менен
калмактардын эркектери казан аяк
кармашпайт "баштан сыймык
качат, идиш аяк кармаганда" деп,
казан - аяктан, аял киши жасаган
иштен бойлорун алыс тутушат. Ат
жалын тартып минип, жоокер калк
болгон үчүнбү, уйгурлар менен
өзүбектер жасаган тамакты
жасаганга таң калып келишет
"кантип жасашат" деп. Ар бир
улуттун айырмачылыгы бар
эмеспи. Сабитахун бир кезде ысык
чайдан ууртап алып:
- Бул жолу соодабыз ойдогудай
болду. Эми биз бул жерге көпкө
кармалбай алчу нерселерди тездеп
алып, жолубузга түшөлү. Бизди
базардагылардын көбү байкап
калышты, тонотуп жибербегендей
бололу. Мал базардан бир алп
денелүү өзүбек ушундай бир көз
караш менен карады. Анын көзүнө
чалдыкпайлы, бир балээни
баштабасын деп, сөзүнүн аягына
чыкпай дагы шорулдатып чайдан
ууртап, жанындагыларды карап
алды "эмне дейсиңер?" дегенсип.
Бул сунушту баары туура көрүшүп,
каршы эмес экендиктерин
билгизип, унчукпай калышты эле,
четте олтурган Пазыл:
- Сабитахун ака, биз Ибрагимге
жолукпай эле кете беребизби? Ал
бизди күтүп жатпайбы. Андан ала
турган дагы нерсебиз бар эмес
беле? - дегенде, Сабитахун
кабагын түйүп:
- Ал такыр эсимден чыгып кеткен
турбайбы. Ырас эстетпедиңби.
Анда бүгүн ал жакка баралы да,
аны менен да кеңешип көрөлү.
Балким ал дагы жакшы сунуш
айтып калар деп, сөз бүттү
дегенсип, бир жерди тиктеп ойго
алаксып кетти.
Сооданын кыныгын алган
Сабитахун байлыктын азгырыгына
улам барган сайын тереңдеп кирип
бара жатты. Андижанга барып
келген сайын ойго келбеген акчага
маарып, баштагыдан бой көтөрүп,
сүйлөгөн сөзү жогору чыгып,
малай жумшаганга дагы жетишти.
Анткен менен Сабитахундун өзүнүн
болор-болбос сынчылык жайы
бар. Бир нерсени тез баамдап,
боло турган нерсени алдына ала
биле койгон өнөрү бар. Анча-
мынча баланы же чоң кишилерди
сынай койгон адаты бар экени, өз
чөйрөсүнө маалым. Ал турсун
аялдарды дагы сынынан өткөрүп,
кайсы аялдан чыгаан уул төрөлөт
биле койгон сырын, эч кимге
билгизбей келет. Ооба, бул өнөр
атасынан оогон. Кээде айтып
койгон сөздөрү туура чыгып
калган учуру болуп, ушул өнөрү
менен көпөстөргө, байларга, эл
бийлеген төбөлдөргө анча-мынча
кадыры бар жана сөзү өтөт. Демек,
чоң адамдар менен табакташ десек
жарашат.
Сабитахун, Андижанга өтүп бара
жатканда эле жол жээгинде ойноп
жүргөн балдардын арасынан
Сопуну көзү чалып, кызыгуусу
арткан. Бирок аны кантип уурдап
кетүү керек экенини ичинен ойлоп
койгон болучу. Сынчынын көзүнө
чалдыккан Сопу бир нерсени
сезгенсип, элүү кадамдай нары
жакта өтүп бара жаткан
калмактарды бир башкача көз
караш менен карап, үйүн көздөй
чуркап жөнөгөн. Көзүндө калы
бар, Сабитахун айылдан бир топ
узаган соң сөз алды:
- Бул буруттар кыйын калк болот,
аз болушса дагы. Билбейм
булардын суусунанбы же
жериненби, көзгө илине турган
чыгаан уулдар көп чыгат.
Былтыркы жылы дагы биз уурдап
барып уйгур байына саткан
баладан мен бир сырды байкагам.
Анын жанына мен жакын жолой
албай, аптыгып, сүрдөгөн элем.
Сыймыгы күчтүү экенин дароо
билген болчумун. Бул жолу дагы
силер эч нерсени байкаган
жоксуңар. Алиги жол жээгинде
ойноп жүргөн балдардын
арасынан келечекте олуя, алдыны
көрө билген, сынчы боло турган
баланы көзүм чалды. Ал баланы
тезинен колго албасак олуялык,
билгичтик, алдыны көрө билген
көрөгөчтүк кыргыздардын
укумунан-тукумуна өтүп, кыргыз
элинде көрөгөч адамдын тукуму
үзүлбөй калат. Мындай сапат
кандай элден чыгат, билбейм.
Мактанбайын, сынчылык сапат
менде бар, бирок бул буруттардын
сынчыларынын жанында менин
сынчылык өнөрүм суу кечпей
калат. Бирок мен алиги баланын
келечегинен чоң нерсени көрдүм.
Андай бала жөн элден, жөн
уруудан чыкпайт. Бул сөздү уккан
соодагерлердин ана башчысы
Батурхан сөздү бөлүп:
- Сиздин айткан кебиңиз чын болсо
кайра артка тартканда, алиги
сиздин көзүңүз түшкөн баланы биз
менен бирге алып кетели. Уурдай
жүргөн жаныбыз, уурдап кете
беребиз. Айылыбызга барганда
көзүн тазалап же бирөөнө
малайлыкка сатып жиберебиз да,
пайдасын көрөбүз. Баса, биз
соодага чыгарда баягы уйгур бай
Наримжан "малай алып келип
бергиле" деген. Ага чоң акчага
сатып жиберсек, пайдасын эле
көрүп, акчага маарыйбыз. Бул
сунушту Сабитахун абдан туура
көрүп, ойго алаксып кетти.
Бирок, анын жүрөгүн эзген бир
нерсе, каргышка калгандан коркуп
келет. Чылкый кара атынын жалын
тиктеп бара жатып ойлоп койду
"ушул бала акыркысы болот,
мындан кийин бала
уурдаганыңарды токтоткула деп
айтам" деген ойго такалды. Бул иш
өзүнүн өнөрүнө төп келбейт.
Сынчы бирөөнүн убалынан
коркуш керек болучу. Акча
кубалап, байлыктын артынан
түшкөнү ак жолдон чыгып, чоң
күнөөгө батканын сезип келет.
Андижан шаары. Кыжы-кужу
базар ичиндеги соода жүрүп
жатты. Эл деген тим эле быкылдап
батпайт. Мал базардан чыгышкан
соодагерлер курсак тойгузуп алуу
үчүн уйгур ашканасына киришти.
Тээ илгертен уйгурлардын
ашпозчусу аял эмес, эркек. Ал эми
Кыргыздардын эркектери менен
калмактардын эркектери казан аяк
кармашпайт "баштан сыймык
качат, идиш аяк кармаганда" деп,
казан - аяктан, аял киши жасаган
иштен бойлорун алыс тутушат. Ат
жалын тартып минип, жоокер калк
болгон үчүнбү, уйгурлар менен
өзүбектер жасаган тамакты
жасаганга таң калып келишет
"кантип жасашат" деп. Ар бир
улуттун айырмачылыгы бар
эмеспи. Сабитахун бир кезде ысык
чайдан ууртап алып:
- Бул жолу соодабыз ойдогудай
болду. Эми биз бул жерге көпкө
кармалбай алчу нерселерди тездеп
алып, жолубузга түшөлү. Бизди
базардагылардын көбү байкап
калышты, тонотуп жибербегендей
бололу. Мал базардан бир алп
денелүү өзүбек ушундай бир көз
караш менен карады. Анын көзүнө
чалдыкпайлы, бир балээни
баштабасын деп, сөзүнүн аягына
чыкпай дагы шорулдатып чайдан
ууртап, жанындагыларды карап
алды "эмне дейсиңер?" дегенсип.
Бул сунушту баары туура көрүшүп,
каршы эмес экендиктерин
билгизип, унчукпай калышты эле,
четте олтурган Пазыл:
- Сабитахун ака, биз Ибрагимге
жолукпай эле кете беребизби? Ал
бизди күтүп жатпайбы. Андан ала
турган дагы нерсебиз бар эмес
беле? - дегенде, Сабитахун
кабагын түйүп:
- Ал такыр эсимден чыгып кеткен
турбайбы. Ырас эстетпедиңби.
Анда бүгүн ал жакка баралы да,
аны менен да кеңешип көрөлү.
Балким ал дагы жакшы сунуш
айтып калар деп, сөз бүттү
дегенсип, бир жерди тиктеп ойго
алаксып кетти.
#11 21 Февраль 2016 - 14:15
"Акча бар жерде тилиңди тишиңе
кат" деп бекер айтышпаса керек.
Бул жалганда көп чырдын башы
байлыктан башталган эмеспи.
Сабитахун базар аралап келе
жатып, көпчүлүктүн ичинен бир
кишиге көзү түшүп калды. Ал эч
кимге билинбей артынан аңдып
келе жаткан бирөөнү байкаган
жок. Ал киши көзгө толумдуу,
ичинде кири жок, баё мүнөз
күткөн, боюна жарашыктуу кийим
кийген, жакшы адам экенин
байкап, жанына катар келип
акырын үн салды:
- Курдаш, байка, сени аңдыган
бирөө бар, акчаңа сак болгондой
бол деп, айтты да, эч сөз айтпаган
адам болуп анын жанына узап
кетти. Тиги киши эми гана эки
жакты алаңдап карап алып, дароо
эскертип айткан кишини карады.
Бирок бул кезде Сабитахун ал
жерден узап кеткен эле.
Ибрагимге жолуккан күнү дагы эки
күнгө кармалууга туура келди.
Анткени ал Хива шаарынан чоң
товар келе жатканын айтып, күтүп
турууну эп көргөн.
Ооба, соодадан келип, бала колуна
тийгенге чейин Сабитахун ичинен
санаа чекти. Көз алдына көзү
жайнаган мотурайган баланын
элеси кетпей койду. Ал турсун ал
баладан дагы көп нерсени
үйрөнчүдөй болуп, кандайдыр бир
үмүт пайда болду. Качан гана тиги
айылга жакындаганда, алты
соодагер жакшылап план түзүштү.
Алгач баланы таап, анын изине
түшүп алып кетүүнү биринчи
планга коюшту.
Сабитахун айылга келгенде эле
майда балдардын арасынан көзүнө
тааныш баланын караанын
издегенге өттү. Бирок өзү күткөн
баланы таба койгон оңойго
турбады. Ичинен эзилип санаа
чекти "бала башка жакка кетип
калбаса экен" деп. Бир кезде
сулуучумак келген аялды ээрчип
жанында турган Сопуну көргөндө,
кабагы жазгы күндүн нурундай
ачыла түштү. Бирок, тиги аялдын
кан какшап баласын издээрин
эстегенде, сынчы болуп жаралап
калганына өкүндү. Бул жолу
соодага чыгышканда "бала
уурдабайбыз" деп сүйлөшүшкөн.
Бирок убаданы өзү бузуп, көңүлү
Сопуга бурулуп калбадыбы.
Саяпкер күлүк атка кызыкса,
сынчы чыгаан уулга кызыгаары
айдан ачык экенин жашырып
болбойт.
Атка тың, эки жигитке баланы көзү
менен көргөзүп, артынан түшкүлө
деген белгини бергенде эле, тиги
экөө Аксаамайдын артынан аңдып
барышты да, үйдү акмалап
турушту. Кеминде эки сааттан
ашык убакыт өткөндө гана эки
бала колдоруна тийди. Байгутуну
алышмак деле эмес. Эгер аны
таштап кеткенде анда арттарынан
куугун түшүп калат болучу. Ошол
себептен экөөнү бирдей алып
кетүүгө туура келди. Бирок,
жолдон Салкаштын минген аты
мүдүрүлүп кетип жыгылып, бир
баладан кол жууп калышты.
Шашкан экөө такыр башка жолго
салып, тиги жолдошторуна
калмактардын чегинен
жолугушмак болушкан. Эсеттер
кубалап келишкенде, Сопуну
жалгыз аяк жол менен алып кетип
бара жатышкан. Ээрге
бөктөрүлгөн Сопунун денеси
ооруп, чыдабай калганда, аны тиги
калмак колу бутун чечип, атына
өңүрүп алды да, качсаң артыңдан
жетип жаныңды алабыз деп
коркутуп коюшту. Али эч нерсени
түшүнө элек жаш бала коркуп, эч
сөз кайрып айта алган жок. Аңгыча
караңгы да кирип, жолоочулар
тоо боорундагы чоң үңкүргө келип
байыр алышты. Жаш болсо дагы
санаа чеккен Сопу таң аппак
атканга чейин уйку бетин көрбөй
ойго жатты. Көз алдына апасы
келди. Ал издеп жүргөнүн
эстегенде белинен жип менен
таңып, колуна жиптин бир учун
байлап койгон өңү серт калмак
жигитти тымызын карап койду.
Эгер эптеп эле экөөнүн колунан
бошонуп чыкса, карматпай
кетээрине ишенип эле турду.
Бирок белиндеги жипти чечүү
колунан келе койгон жок.
Эртеси туруп эле, таң эрте кайра
жолго чыгышты. Минген аттар таң
атканга чейин оттогонго
баскандары тың болуп, алып-учуп
калыптыр. Анча бийик эмес бөксө
тоолорду ашып кыя жолдор менен
тоо беттеп жүрүп олтурушуп,
качан гана калмактардын чегине
жеткенде Сопунун үмүтү үзүлдү.
Болбосо буга чейин атасы баш
болгон кишилер артынан кууп
келе тургансып сезиле берген.
Жылаңач, бир түп багы жок боз
тоолор көзгө комсоо көрүнүп,
кунары качкан кызыл чаптар күнгө
тууруккан малдын терисиндей
кубарып, канча жылдан бери чөп
өспөй турганы-турган. Ушул
чаптардын так этегинен өткөн
баш-аягы көрүнбөгөн ат жолдун
оң тарабындагы ойдуң жерде эки
калмак тим эле атагы таш жарган
баатырды кармап келишкенсип,
өздөрүнчө маашырлана аттарын
тушап коюп, боз топуракка
чалкасынан жата кетишти да,
катуу чарчаган адамдай көздөрүн
жумушту. Жылдызы качып,
көзүнүн нуру өчкөн Сопу аларды
караган да жок. Анткени эми
мындан ары экөөнөн тырмактын
учундай ырайым болбосун жаш
жүрөгү менен сезди. Эгер курагы
тигилер менен тең болгондо, анда
экөөнүн колунан жөн эле кутулуп
кетмек беле... Ооба, тиги экөө
сырттарынан өткүр көрүнгөнү
менен жүрөктөрү мококтой
сезилди. Сопу жаш болсо дагы
ички туюу сезими менен сезип,
уурдай качкан экөөнү сынынан
эбак эле өткөзүп койгон.
Эки колу таңылуу, кара кыл
чылбыр менен. Чын эле экөөнүн
биринде эле баатырдык сын
болгондо, балтыр эти толо элек
жаш баланын колун бош эле
коймок " жаш бала кайда качып
кетет эле" деп. Сопу түнү бою
уктабаганга денеси талып,
канчалык жаны жер тартып турса
дагы боз топуракка денесин ыраа
көрбөй, зыңгырап гана олтурган
тейде Байгутуну эстеди. "Ал
жанагы чуңкурда жаткан бойдон
эмне болду экен? Жок эле дегенде
оозу таңылуу болбогондо
кыйкырса дагы бирөөлөр
жардамга келип, жаны аман калат
беле" деп ойлоп койду.
Түш жарым убакытта, баягы өзүн
тикирейе караган кара киши баш
болгон соодагер калмактар,
соодадан түшкөн малдарын айдап,
жүктөрү жүктөлгөн аттарын
жетелеп, жөн эле жоо чаап,
жылкы тийип келишкенсип,
чарчаган түр менен келип
калышты. Сабитахун зымырайып
олтурган Сопуну көргөндө,
көздөрү жалтактап, өңү бузулуп,
жүзүн тетири буруп жиберди.
Ушул жерден билди, өзүнүн
сыймыгынан тиги жаш баланын
сыймыгы күчтүү экенин.
Соодагерлердин башчысы
Батурхан аттан түшүп эле Сопунун
жанына келип, анын жылдыздуу
көздөрүн тик карай албай,
тайсалдай түштү да, оозуна алы
келбей айтып жиберди:
- Сабитахун аба, сиздин көзүңүз
түшкөн бала ушулбу? - деп. Бул
сөз менен Батурхан, Сопунун
алдында айтылган сырды, карта
оюнундагы жашыруун картаны
ачкансып, ачып салды. Сабитахун
бул сөздү укканда көзүнүн чаарын
чача карап, үн дебестен белги
берди " байкап сүйлө" деген
белгини. Сопу жаш болсо дагы
тиги көзүндө калы бар кишинин
талабы менен уурдалганын билип,
андан көзүн алган жок. Бир кезде
баары чогуу тамакка олтурушту.
Сопунун алдына челпек нандан
жылдырып, суусундук берген
болушту. Курсагы ачкан Сопу,
канчалык ачка болуп турса дагы
сынынан жазбай, тигилердей
тамакка үзүлүп түшпөй, нанды
колуна алып, сыпаа чайнап жеди.
Анын тамак жеп жатканы
беркилерге билинген жок.
Сабитахун байкатпай сын көзүн
кадап олтуруп, Сопуга дагы ичинен
ыраазы болду, жаш болсо дагы
султандык кылып, сыр алдырбай
олтурганына. Ооба, эл бийлеген
султандар керек болсо тамак
ичээрде дагы башкалардан
өздөрүн жогору алып олтуруп,
ооздорунан ашыкча сөз чыгармак
турсун, оозуна салган даамды
чайнаганын жан адамга
билгизбейт. Ал эми түбү ачка,
курсагы толук тойбогон пенделер
тамак ичип олтурганда эле эмес,
жөн гана топко келгенде
ооздорунан сөзү түшүп, апкаарып
калат. Сабитахун бир кезде элден
окчун олтурган Сопунун ийининде
конуп турган ак кушту даана
көрүп, көзүн бар-бар ирмеп алып,
кайра карады. Бирок, экинчи
жолку караганда куш көзүнө
көрүнө койгон жок. Бул жолу
өзүнүн сынчылык өнөрүнө баа
берип " Мен жаңылган эмес
экенмин, бул баланы сынагандан"
деп ойлоп койду.
кат" деп бекер айтышпаса керек.
Бул жалганда көп чырдын башы
байлыктан башталган эмеспи.
Сабитахун базар аралап келе
жатып, көпчүлүктүн ичинен бир
кишиге көзү түшүп калды. Ал эч
кимге билинбей артынан аңдып
келе жаткан бирөөнү байкаган
жок. Ал киши көзгө толумдуу,
ичинде кири жок, баё мүнөз
күткөн, боюна жарашыктуу кийим
кийген, жакшы адам экенин
байкап, жанына катар келип
акырын үн салды:
- Курдаш, байка, сени аңдыган
бирөө бар, акчаңа сак болгондой
бол деп, айтты да, эч сөз айтпаган
адам болуп анын жанына узап
кетти. Тиги киши эми гана эки
жакты алаңдап карап алып, дароо
эскертип айткан кишини карады.
Бирок бул кезде Сабитахун ал
жерден узап кеткен эле.
Ибрагимге жолуккан күнү дагы эки
күнгө кармалууга туура келди.
Анткени ал Хива шаарынан чоң
товар келе жатканын айтып, күтүп
турууну эп көргөн.
Ооба, соодадан келип, бала колуна
тийгенге чейин Сабитахун ичинен
санаа чекти. Көз алдына көзү
жайнаган мотурайган баланын
элеси кетпей койду. Ал турсун ал
баладан дагы көп нерсени
үйрөнчүдөй болуп, кандайдыр бир
үмүт пайда болду. Качан гана тиги
айылга жакындаганда, алты
соодагер жакшылап план түзүштү.
Алгач баланы таап, анын изине
түшүп алып кетүүнү биринчи
планга коюшту.
Сабитахун айылга келгенде эле
майда балдардын арасынан көзүнө
тааныш баланын караанын
издегенге өттү. Бирок өзү күткөн
баланы таба койгон оңойго
турбады. Ичинен эзилип санаа
чекти "бала башка жакка кетип
калбаса экен" деп. Бир кезде
сулуучумак келген аялды ээрчип
жанында турган Сопуну көргөндө,
кабагы жазгы күндүн нурундай
ачыла түштү. Бирок, тиги аялдын
кан какшап баласын издээрин
эстегенде, сынчы болуп жаралап
калганына өкүндү. Бул жолу
соодага чыгышканда "бала
уурдабайбыз" деп сүйлөшүшкөн.
Бирок убаданы өзү бузуп, көңүлү
Сопуга бурулуп калбадыбы.
Саяпкер күлүк атка кызыкса,
сынчы чыгаан уулга кызыгаары
айдан ачык экенин жашырып
болбойт.
Атка тың, эки жигитке баланы көзү
менен көргөзүп, артынан түшкүлө
деген белгини бергенде эле, тиги
экөө Аксаамайдын артынан аңдып
барышты да, үйдү акмалап
турушту. Кеминде эки сааттан
ашык убакыт өткөндө гана эки
бала колдоруна тийди. Байгутуну
алышмак деле эмес. Эгер аны
таштап кеткенде анда арттарынан
куугун түшүп калат болучу. Ошол
себептен экөөнү бирдей алып
кетүүгө туура келди. Бирок,
жолдон Салкаштын минген аты
мүдүрүлүп кетип жыгылып, бир
баладан кол жууп калышты.
Шашкан экөө такыр башка жолго
салып, тиги жолдошторуна
калмактардын чегинен
жолугушмак болушкан. Эсеттер
кубалап келишкенде, Сопуну
жалгыз аяк жол менен алып кетип
бара жатышкан. Ээрге
бөктөрүлгөн Сопунун денеси
ооруп, чыдабай калганда, аны тиги
калмак колу бутун чечип, атына
өңүрүп алды да, качсаң артыңдан
жетип жаныңды алабыз деп
коркутуп коюшту. Али эч нерсени
түшүнө элек жаш бала коркуп, эч
сөз кайрып айта алган жок. Аңгыча
караңгы да кирип, жолоочулар
тоо боорундагы чоң үңкүргө келип
байыр алышты. Жаш болсо дагы
санаа чеккен Сопу таң аппак
атканга чейин уйку бетин көрбөй
ойго жатты. Көз алдына апасы
келди. Ал издеп жүргөнүн
эстегенде белинен жип менен
таңып, колуна жиптин бир учун
байлап койгон өңү серт калмак
жигитти тымызын карап койду.
Эгер эптеп эле экөөнүн колунан
бошонуп чыкса, карматпай
кетээрине ишенип эле турду.
Бирок белиндеги жипти чечүү
колунан келе койгон жок.
Эртеси туруп эле, таң эрте кайра
жолго чыгышты. Минген аттар таң
атканга чейин оттогонго
баскандары тың болуп, алып-учуп
калыптыр. Анча бийик эмес бөксө
тоолорду ашып кыя жолдор менен
тоо беттеп жүрүп олтурушуп,
качан гана калмактардын чегине
жеткенде Сопунун үмүтү үзүлдү.
Болбосо буга чейин атасы баш
болгон кишилер артынан кууп
келе тургансып сезиле берген.
Жылаңач, бир түп багы жок боз
тоолор көзгө комсоо көрүнүп,
кунары качкан кызыл чаптар күнгө
тууруккан малдын терисиндей
кубарып, канча жылдан бери чөп
өспөй турганы-турган. Ушул
чаптардын так этегинен өткөн
баш-аягы көрүнбөгөн ат жолдун
оң тарабындагы ойдуң жерде эки
калмак тим эле атагы таш жарган
баатырды кармап келишкенсип,
өздөрүнчө маашырлана аттарын
тушап коюп, боз топуракка
чалкасынан жата кетишти да,
катуу чарчаган адамдай көздөрүн
жумушту. Жылдызы качып,
көзүнүн нуру өчкөн Сопу аларды
караган да жок. Анткени эми
мындан ары экөөнөн тырмактын
учундай ырайым болбосун жаш
жүрөгү менен сезди. Эгер курагы
тигилер менен тең болгондо, анда
экөөнүн колунан жөн эле кутулуп
кетмек беле... Ооба, тиги экөө
сырттарынан өткүр көрүнгөнү
менен жүрөктөрү мококтой
сезилди. Сопу жаш болсо дагы
ички туюу сезими менен сезип,
уурдай качкан экөөнү сынынан
эбак эле өткөзүп койгон.
Эки колу таңылуу, кара кыл
чылбыр менен. Чын эле экөөнүн
биринде эле баатырдык сын
болгондо, балтыр эти толо элек
жаш баланын колун бош эле
коймок " жаш бала кайда качып
кетет эле" деп. Сопу түнү бою
уктабаганга денеси талып,
канчалык жаны жер тартып турса
дагы боз топуракка денесин ыраа
көрбөй, зыңгырап гана олтурган
тейде Байгутуну эстеди. "Ал
жанагы чуңкурда жаткан бойдон
эмне болду экен? Жок эле дегенде
оозу таңылуу болбогондо
кыйкырса дагы бирөөлөр
жардамга келип, жаны аман калат
беле" деп ойлоп койду.
Түш жарым убакытта, баягы өзүн
тикирейе караган кара киши баш
болгон соодагер калмактар,
соодадан түшкөн малдарын айдап,
жүктөрү жүктөлгөн аттарын
жетелеп, жөн эле жоо чаап,
жылкы тийип келишкенсип,
чарчаган түр менен келип
калышты. Сабитахун зымырайып
олтурган Сопуну көргөндө,
көздөрү жалтактап, өңү бузулуп,
жүзүн тетири буруп жиберди.
Ушул жерден билди, өзүнүн
сыймыгынан тиги жаш баланын
сыймыгы күчтүү экенин.
Соодагерлердин башчысы
Батурхан аттан түшүп эле Сопунун
жанына келип, анын жылдыздуу
көздөрүн тик карай албай,
тайсалдай түштү да, оозуна алы
келбей айтып жиберди:
- Сабитахун аба, сиздин көзүңүз
түшкөн бала ушулбу? - деп. Бул
сөз менен Батурхан, Сопунун
алдында айтылган сырды, карта
оюнундагы жашыруун картаны
ачкансып, ачып салды. Сабитахун
бул сөздү укканда көзүнүн чаарын
чача карап, үн дебестен белги
берди " байкап сүйлө" деген
белгини. Сопу жаш болсо дагы
тиги көзүндө калы бар кишинин
талабы менен уурдалганын билип,
андан көзүн алган жок. Бир кезде
баары чогуу тамакка олтурушту.
Сопунун алдына челпек нандан
жылдырып, суусундук берген
болушту. Курсагы ачкан Сопу,
канчалык ачка болуп турса дагы
сынынан жазбай, тигилердей
тамакка үзүлүп түшпөй, нанды
колуна алып, сыпаа чайнап жеди.
Анын тамак жеп жатканы
беркилерге билинген жок.
Сабитахун байкатпай сын көзүн
кадап олтуруп, Сопуга дагы ичинен
ыраазы болду, жаш болсо дагы
султандык кылып, сыр алдырбай
олтурганына. Ооба, эл бийлеген
султандар керек болсо тамак
ичээрде дагы башкалардан
өздөрүн жогору алып олтуруп,
ооздорунан ашыкча сөз чыгармак
турсун, оозуна салган даамды
чайнаганын жан адамга
билгизбейт. Ал эми түбү ачка,
курсагы толук тойбогон пенделер
тамак ичип олтурганда эле эмес,
жөн гана топко келгенде
ооздорунан сөзү түшүп, апкаарып
калат. Сабитахун бир кезде элден
окчун олтурган Сопунун ийининде
конуп турган ак кушту даана
көрүп, көзүн бар-бар ирмеп алып,
кайра карады. Бирок, экинчи
жолку караганда куш көзүнө
көрүнө койгон жок. Бул жолу
өзүнүн сынчылык өнөрүнө баа
берип " Мен жаңылган эмес
экенмин, бул баланы сынагандан"
деп ойлоп койду.
#13 21 Февраль 2016 - 17:23
Убакыт алга жылып, күн
кылкылдап уясына батып бара
жаткан кезде, соодагерлер эли
көп, шаар тибиндеги чоң айылга
келишти. Буга чейин мынчалык
көп кишиси бар жерди көрбөгөн
Сопу, канчалык таң калып турса
дагы, элеңдеп эки жакты карабай
мисирейип гана үн катпады, бирок
ичинен эзилди. Ата-энесин, бир
туугандарын, айылын эстеп, ичи
эңшерилип, күч менен улуттунуп
алды.
Эртеси алыс жолдон чарчап-
чаалыгып келген калмактар, күн
аркан бою көтөрүлгөнгө чейин
уктап, уйкулары канып, өздөрүнө
келишкен соң, бешим намазынын
учурунда Батурхандын үйүнө
чогулушту. Бир койду союп,
казанга асып коюшкан. Соодадан
түшкөн кирешени эсептешкен соң,
чоң талкууга өтүштү. Сөз кезеги
келгенде Сабитахун адатынча
уккула дегенсип уй мүйүз тартып
олтургандарды кыдырата карап
алып:
- Бул жолу сооданын жакшы
болгонунан дагы мени абдан
сүйүнткөн нерсе, биз буруттардын
келечектеги сыймыгы болгон
баланы мында алып келгенибиз
чоң олжо болду. Эгер биз муну
колго түшүрбөгөндө, буруттардын
жашоо шартын оңдогонго, аларды
түз жолго салганга чоң салымын
кошкон, эки кылым алдыны көрө
билген, силер маани бербеген
баладан чоң олуя чыкмак. Андан
дагы бул баланын тукуму, тактап
айтканда мындан төрөлгөн бала
болгон буруттарды башкарып,
бизди эле эмес, дини каапыр
орустарды жерине жакын
жолотмок эмес. Ал турсун биздин
элге үстөмдүк кылып, бул жерден
алыс кууп салат болучу. Мен
ушунун баарын билип туруп, тиги
баланы уурдаганга жол ачтым. Эми
мен силерге гана айтайын, эч
кимиңер сыртка чыгарбагыла деп
олтургандарды текши карап алып,
анан кайра сөзүн улады.
- Бул бала бизде жүргөндө өзү эле
эмес, мунун тукуму дагы бизге
жакшылык кылбайт. Бул жагын
ойлонуштуралы, - деди эле, дене
бою олбурлуу, өзүн баатыр сезген,
өңү кара, башы чоң, сол бетинде
кылыч тийген тырыгы бар, Илеби
кытмыр күлүп:
- Сизди сынчы десе жөн эле андан
ары бул мадыра баш баланы
көкөлөтүп, ага эч кимди теңебей
салдыңыз го? Эгер ушунчалык эле
анын кыйындыгына көзүңүз жетсе
, сөздү ырбатпай азыр эле көзүн
тазалап салалы. Болбосо мындан
ары ал кенедей буруттун баласын
бизге сиз, ыйык көргөзбөңүз. Аны
эне тууса, бизди дагы эне тууган.
Эмне анын төрт колу, төрт буту бар
экенби, ошондой кыйын болуп
бизге залалын тийгизгидей?
Көрдүм кадимкидей эле жаш бала
экен! Илеби ачууга алдырып бир
топко опурулду эле, Сабитахун
тигинин сөзүн аягына чейин чыдап
угуп болуп:
- Эй, акмак, сен тим койсо эмне деп
эле былжырап жатасың?! Эмне
өзүңдү кыйын сезип калдыңбы?
Эгер биздин элде чыгаан
баатырлар болгондо, кичине
болсо дагы мекенибиз болот эле
го? Бул жактан кытайлар кысып
салса, тиги жактан монголдор
кысса, жогорудан буруттар кысып
минтип уйгурлар менен жамаатташ
болуп жашап жатпайбызбы. Ал
эми мен кеп кылган буруттардын
эли аз болсо дагы ээлеген жери
бар, мекендеген мекени бар.
Жерин сен кыдырып көрдүң беле.
Ала-Тоосунун бийиктиги, Ысык-
Көлүнүн тунугу, карагай-шакка
бай жеринин кооздугун айт. Алар
билинбегени менен баатыр жана
көчмөн калк келишет. Ошол
себептен алардан баатырлар,
алдыны көрө билген олуялар,
акылга дыйкан адамдар көп
чыккан үчүн, минтип жаш баласын
уурдап келип, бизге кызмат
кылууну ойлодум. Айтты койду
дебегиле. Эгер ушул бала бизде
аман жүрсө, элибизге жарыгы
тийбей койбойт. Бул баланы жан
тазилим кылган кишинин тукуму
соолуйт, эли жакшылык көрбөйт.
Айтарым бул, баланы биз
пайдаланып калалы. Азырынча
бирөөнө малайлыкка сатып
жиберип, кийин колго алалы. Бул
сунушту баары бир пикирден
колдогон болушту. Сөз кезеги
келгенде төрдө олтурган сакалдуу
арык Шамыр деген киши олтурган
ордунун копшолуп алып:
- Сабитахун, Илеби айткандай чын
эле сен бул буруттун баласын
абдан катуу мактадың. Биз бир
гана сенин сының менен бир
бүтүмгө келбей, Кашкардагы көзү
азиз болуп калган Задибай
сынчыга дагы көргөзүп, анын дагы
пикирин угуп көрөлү. Айткандай
биздин дагы чыгаан баатырлар
болгон жана бар, буруттардын
баатырларындай. Бир гана биздин
элдин кендирин кезген
жерибиздин тардыгы жана
элибиздин биримсиздиги. Буга
далил катары азыр эле биздин
талаш-тартышты мисалга алалы.
Менин жеке оюмда "бөрү баласы
ит болбойт" дегендей, тиги бала
буруттун бизге жарыгы деле
тийбейт. Аны Задибай сынчы менен
кеңешип иш кылалы. Балким бир
жерин майып кылып, сыймыгын
оодарыш керекпи аны дагы
ойлонуштуралы деди. Бул
айтылган сөз дагы тиги жерде сөз
угуп олтургандарга жакты. Ар
тараптуу сөздөр айтылып, талаш
бир топко созулду. Акыры бышкан
тамак тартылып, бака-шака
түшкөн калмактар шам намазынын
убагында гана тарашты.
Эртеси айтылган сөз боюнча
Илеби, Шамыр баш болгон бир топ
аттуу баштуу киши атайын келип
Сопуну көрүштү. Тим эле күлүк
жылкы баласын же айдай сулуу
кызды сынаганы жана көргөнү
келишкесип, көздөрүн тимирейтип,
киши көрө электей карашты. Сопу
тигилердин сынап жатканын
жаземдебей билип, аларды тик
караган жок жана сыр алдырбай
жер карап олтуруп алды. Шамыр
көзүн албай бир топко караган соң
башын чайкап:
- Бул бала Сабитахун айткандай
жөн бала эмес көрүнөт. Эртең алып
жөнөш керек, Кашкарга. Анткен
менен жылдызы жанган, адамга
жамандыгы жок жан экен. Кайран
гана бул баланын атасы менен
энеси ай. Бала эмес короодон
чычкак улак жоголсо ызы-чуу
түшүп издейбиз. Мындай
мончоктой баланы жоготкон ата
менен эненин тарткан азабын көз
көрбөсүн дагы, башка салбасын.
Былтыр уурдалып келген
буруттардын жаш баласы, өткөн
базарда бала күрөштөн баарын
жыкты. Аны сатып алган уйгур эле
акчага маарып, кадыры өстү.
Келечекте ал баладан чоң баатыр
чыкчудай элес берди, ага
көпчүлүктүн көзү тийбесе болду.
Биздин айылдын менменсинген
төрөсүнүн дагы кыйынсынган жаш
балбанын көтөрүп урду эле,
жыгылган бала эле эмес, төрө дагы
боз ала болуп ал жерден кеткенче
шашты. Бул буруттар көчмөн калк
болушканы менен жоокер эл
эмеспи. Баатырлары жүрөктүү,
кыз-келиндери жашоо шартына
чыдамкай келет. Ошол себептен
булардын элинен сынчы, баатыр,
балбандар көп чыгат. Тээ илгери
Манас деген баатыры кылкыдаган
кытай элин кырып, сез көрсөткөн
экен. Ал жөнүндө айтсам сөз учу
түгөнбөйт. Илеби дагы
жактырбаган түр көргөзүп, жаман
көзү менен карап:
- Коюңузчу, эми сиз дагы
буруттарды мактабай. Биздин
элдин деле ооз толо айта турган
баатырларыбыз болгон жана азыр
деле бар. Ушул элдер кызык эле.
Дайыма өздөрүнөн чыккан
чыгаандарды көрүшпөйт дагы,
башка элдин жакшы сапатын
көрүп калышат. Бул буруттун
баласы башка балдардай эле бала
экен го, эмнеси менен
айырмаланып турат? Сопу өзүн
көтөрө сүйлөгөн Илебини көзүнүн
кыйыгы менен карады эле, экөөнүн
көздөрү чагылыша түштү. Илеби
чын эле Сопунун бул көз
карашынан бир сырды байкады,
бирок ал эмне сыр экенин биле
алган жок. Жүрөгү кысылып,
көңүлү айнып, көзүнүн нуру кайта
түштү. Анткен менен сыр алдыра
койбой, артын карай бурулуп,
далысын салып басып кетти.
кылкылдап уясына батып бара
жаткан кезде, соодагерлер эли
көп, шаар тибиндеги чоң айылга
келишти. Буга чейин мынчалык
көп кишиси бар жерди көрбөгөн
Сопу, канчалык таң калып турса
дагы, элеңдеп эки жакты карабай
мисирейип гана үн катпады, бирок
ичинен эзилди. Ата-энесин, бир
туугандарын, айылын эстеп, ичи
эңшерилип, күч менен улуттунуп
алды.
Эртеси алыс жолдон чарчап-
чаалыгып келген калмактар, күн
аркан бою көтөрүлгөнгө чейин
уктап, уйкулары канып, өздөрүнө
келишкен соң, бешим намазынын
учурунда Батурхандын үйүнө
чогулушту. Бир койду союп,
казанга асып коюшкан. Соодадан
түшкөн кирешени эсептешкен соң,
чоң талкууга өтүштү. Сөз кезеги
келгенде Сабитахун адатынча
уккула дегенсип уй мүйүз тартып
олтургандарды кыдырата карап
алып:
- Бул жолу сооданын жакшы
болгонунан дагы мени абдан
сүйүнткөн нерсе, биз буруттардын
келечектеги сыймыгы болгон
баланы мында алып келгенибиз
чоң олжо болду. Эгер биз муну
колго түшүрбөгөндө, буруттардын
жашоо шартын оңдогонго, аларды
түз жолго салганга чоң салымын
кошкон, эки кылым алдыны көрө
билген, силер маани бербеген
баладан чоң олуя чыкмак. Андан
дагы бул баланын тукуму, тактап
айтканда мындан төрөлгөн бала
болгон буруттарды башкарып,
бизди эле эмес, дини каапыр
орустарды жерине жакын
жолотмок эмес. Ал турсун биздин
элге үстөмдүк кылып, бул жерден
алыс кууп салат болучу. Мен
ушунун баарын билип туруп, тиги
баланы уурдаганга жол ачтым. Эми
мен силерге гана айтайын, эч
кимиңер сыртка чыгарбагыла деп
олтургандарды текши карап алып,
анан кайра сөзүн улады.
- Бул бала бизде жүргөндө өзү эле
эмес, мунун тукуму дагы бизге
жакшылык кылбайт. Бул жагын
ойлонуштуралы, - деди эле, дене
бою олбурлуу, өзүн баатыр сезген,
өңү кара, башы чоң, сол бетинде
кылыч тийген тырыгы бар, Илеби
кытмыр күлүп:
- Сизди сынчы десе жөн эле андан
ары бул мадыра баш баланы
көкөлөтүп, ага эч кимди теңебей
салдыңыз го? Эгер ушунчалык эле
анын кыйындыгына көзүңүз жетсе
, сөздү ырбатпай азыр эле көзүн
тазалап салалы. Болбосо мындан
ары ал кенедей буруттун баласын
бизге сиз, ыйык көргөзбөңүз. Аны
эне тууса, бизди дагы эне тууган.
Эмне анын төрт колу, төрт буту бар
экенби, ошондой кыйын болуп
бизге залалын тийгизгидей?
Көрдүм кадимкидей эле жаш бала
экен! Илеби ачууга алдырып бир
топко опурулду эле, Сабитахун
тигинин сөзүн аягына чейин чыдап
угуп болуп:
- Эй, акмак, сен тим койсо эмне деп
эле былжырап жатасың?! Эмне
өзүңдү кыйын сезип калдыңбы?
Эгер биздин элде чыгаан
баатырлар болгондо, кичине
болсо дагы мекенибиз болот эле
го? Бул жактан кытайлар кысып
салса, тиги жактан монголдор
кысса, жогорудан буруттар кысып
минтип уйгурлар менен жамаатташ
болуп жашап жатпайбызбы. Ал
эми мен кеп кылган буруттардын
эли аз болсо дагы ээлеген жери
бар, мекендеген мекени бар.
Жерин сен кыдырып көрдүң беле.
Ала-Тоосунун бийиктиги, Ысык-
Көлүнүн тунугу, карагай-шакка
бай жеринин кооздугун айт. Алар
билинбегени менен баатыр жана
көчмөн калк келишет. Ошол
себептен алардан баатырлар,
алдыны көрө билген олуялар,
акылга дыйкан адамдар көп
чыккан үчүн, минтип жаш баласын
уурдап келип, бизге кызмат
кылууну ойлодум. Айтты койду
дебегиле. Эгер ушул бала бизде
аман жүрсө, элибизге жарыгы
тийбей койбойт. Бул баланы жан
тазилим кылган кишинин тукуму
соолуйт, эли жакшылык көрбөйт.
Айтарым бул, баланы биз
пайдаланып калалы. Азырынча
бирөөнө малайлыкка сатып
жиберип, кийин колго алалы. Бул
сунушту баары бир пикирден
колдогон болушту. Сөз кезеги
келгенде төрдө олтурган сакалдуу
арык Шамыр деген киши олтурган
ордунун копшолуп алып:
- Сабитахун, Илеби айткандай чын
эле сен бул буруттун баласын
абдан катуу мактадың. Биз бир
гана сенин сының менен бир
бүтүмгө келбей, Кашкардагы көзү
азиз болуп калган Задибай
сынчыга дагы көргөзүп, анын дагы
пикирин угуп көрөлү. Айткандай
биздин дагы чыгаан баатырлар
болгон жана бар, буруттардын
баатырларындай. Бир гана биздин
элдин кендирин кезген
жерибиздин тардыгы жана
элибиздин биримсиздиги. Буга
далил катары азыр эле биздин
талаш-тартышты мисалга алалы.
Менин жеке оюмда "бөрү баласы
ит болбойт" дегендей, тиги бала
буруттун бизге жарыгы деле
тийбейт. Аны Задибай сынчы менен
кеңешип иш кылалы. Балким бир
жерин майып кылып, сыймыгын
оодарыш керекпи аны дагы
ойлонуштуралы деди. Бул
айтылган сөз дагы тиги жерде сөз
угуп олтургандарга жакты. Ар
тараптуу сөздөр айтылып, талаш
бир топко созулду. Акыры бышкан
тамак тартылып, бака-шака
түшкөн калмактар шам намазынын
убагында гана тарашты.
Эртеси айтылган сөз боюнча
Илеби, Шамыр баш болгон бир топ
аттуу баштуу киши атайын келип
Сопуну көрүштү. Тим эле күлүк
жылкы баласын же айдай сулуу
кызды сынаганы жана көргөнү
келишкесип, көздөрүн тимирейтип,
киши көрө электей карашты. Сопу
тигилердин сынап жатканын
жаземдебей билип, аларды тик
караган жок жана сыр алдырбай
жер карап олтуруп алды. Шамыр
көзүн албай бир топко караган соң
башын чайкап:
- Бул бала Сабитахун айткандай
жөн бала эмес көрүнөт. Эртең алып
жөнөш керек, Кашкарга. Анткен
менен жылдызы жанган, адамга
жамандыгы жок жан экен. Кайран
гана бул баланын атасы менен
энеси ай. Бала эмес короодон
чычкак улак жоголсо ызы-чуу
түшүп издейбиз. Мындай
мончоктой баланы жоготкон ата
менен эненин тарткан азабын көз
көрбөсүн дагы, башка салбасын.
Былтыр уурдалып келген
буруттардын жаш баласы, өткөн
базарда бала күрөштөн баарын
жыкты. Аны сатып алган уйгур эле
акчага маарып, кадыры өстү.
Келечекте ал баладан чоң баатыр
чыкчудай элес берди, ага
көпчүлүктүн көзү тийбесе болду.
Биздин айылдын менменсинген
төрөсүнүн дагы кыйынсынган жаш
балбанын көтөрүп урду эле,
жыгылган бала эле эмес, төрө дагы
боз ала болуп ал жерден кеткенче
шашты. Бул буруттар көчмөн калк
болушканы менен жоокер эл
эмеспи. Баатырлары жүрөктүү,
кыз-келиндери жашоо шартына
чыдамкай келет. Ошол себептен
булардын элинен сынчы, баатыр,
балбандар көп чыгат. Тээ илгери
Манас деген баатыры кылкыдаган
кытай элин кырып, сез көрсөткөн
экен. Ал жөнүндө айтсам сөз учу
түгөнбөйт. Илеби дагы
жактырбаган түр көргөзүп, жаман
көзү менен карап:
- Коюңузчу, эми сиз дагы
буруттарды мактабай. Биздин
элдин деле ооз толо айта турган
баатырларыбыз болгон жана азыр
деле бар. Ушул элдер кызык эле.
Дайыма өздөрүнөн чыккан
чыгаандарды көрүшпөйт дагы,
башка элдин жакшы сапатын
көрүп калышат. Бул буруттун
баласы башка балдардай эле бала
экен го, эмнеси менен
айырмаланып турат? Сопу өзүн
көтөрө сүйлөгөн Илебини көзүнүн
кыйыгы менен карады эле, экөөнүн
көздөрү чагылыша түштү. Илеби
чын эле Сопунун бул көз
карашынан бир сырды байкады,
бирок ал эмне сыр экенин биле
алган жок. Жүрөгү кысылып,
көңүлү айнып, көзүнүн нуру кайта
түштү. Анткен менен сыр алдыра
койбой, артын карай бурулуп,
далысын салып басып кетти.
#14 21 Февраль 2016 - 17:40
Эки бир туугандын сапары
Тынымы жок ат бастырышкан Эсет
менен Марка эки күн дегенде
көздөгөн жерге келишти да, эмне
кылышты билбей айылдын
четинде чай кайнам убакыт туруп
калышты. Убакыт деген токтоп
турбайт аккан суудай агыла берет
эмеспи. Эки бир тууган бир пикирге
келишкенче эле жалган түш
болду. Андайда ылайыктуу акыл
чыкпай, ой уйгу-туйгу болуп да
калары анык. Жөн эле
калмактардын жерине келишсе
эле бала табыла койчудай
сезилгени менен минтип ойлогон
ой, ойдогудай боло койгон жок.
Түш ченде Эсет иниси Марка менен
мал издемиш болуп айылга келип
элге аралаша түшкөн соң, аз да
болсо өздөрүн эркин сезишип,
айылды тинте кыдырышты. Бирок
өздөрү ойлогондой баланы
көздөрү көрүп, аны таба коюшкан
жок. Ал турсун эч кимден сурай
дагы алышпады " уурдалган бала
көргөн жоксуңарбы? " деп.
Кечинде бир уйгурдун үйүнө
жатышты, бир түн жата турган
акысын төлөп. Уйгур орто
жаштагы маңдайы жарык адам
болгону менен баскан изин санаган
сараң адам экени даана эле
байкалды. Аны Эсет сөзгө тартты
эле, уйгур ашыкча сөз оозунан
чыгарбай кыска гана сүйлөп,
берилген суроолорго жооп берген
болду. Таң атканга чейин санаасы
санга бөлүнгөн Эсет уйку бетин
көргөн жок. Бөтөн эл, бөтөн
жердин өгөйсүнткөнүнө өзү күбө
болуп, туулган жер менен өз
элинин кадырын эми сезди.
Көз алдына алыстан көзгө боз үй
сыяктуу көрүнгөн ак мөңгүлүү,
башында кар сактаган, дайыма
мунарыктап, мемиреп боз тарткан,
жайдын кайсы убагы болсо да
үстүнөн томуктай булут кетпеген
Ала-Тоо тартылып, туулган жерге
болгон сагынычы эки күндө эле
күч алганын тана албайт эле. Ал
эми бул аймакта белгисиз убакыт
кала турган уулу Сопуну эстегенде
каңырыгы түтөп , көзүнө жаш
тегеренип кетти. Бир түнөбөй эле
калмактардын жашаган жерине
батпай турганын жүрөгү менен
сезди. Анткени тээ илгертен бери
эле калмактар, кыргыз элине
душман болуп келгени себеп
болдубу ким билет, өзүн эркин
сезе албай койду. Ушундай тынчы
жок жерде кала турган уулунун
тагдырын ойлогусу келбей көзүн
жумуп, уктап алаксыгысы келди.
Бирок кайдагы уйку. Эптеп уулун
таап, айылына алып кетсе,
өмүрүндө өзүнө-өзү ыраазы болот
эле. Марка агасынын абалын
айттырбай түшүнүп, эч сөз
козгободу. Бир сөз айтса эле, агасы
Эсет катуу сөз айтып жиберчүдөй
же уулунун кайгысынан ыйлап
жиберчүдөй сезилди. Андан дагы
калмактардын жашоо турмушуна
көңүлү тойбогонун, Эсеттин кабак-
кашы эле билгизип турду.
Эки бир тууган таңкы наарды
татышкан соң, кайда барышарын
билбей түш жарым убакыт
максатсыз айылды айланып
кыдырып жүрүшкөндө, улуту
өзбек Усман деген киши
учурашкан соң, жан тартып:
- Мусулман бурадарлар, силер
азыр тез аранын ичинде
карааныңарды мындан үзгүлө!
Болбосо калмактар кармап алышат
дагы, аттарыңарды тартып алып,
өзүңөрдү майып кылып коюшу
толук мүмкүн. Силер мал издебей
эле бала издеп жүргөнүңөрдү
алар билишет. Эгер макул
көрсөңөр, баланы талаадан
издегиле. Анткени жаш балдарды
алар алып келип байларга
сатышат. Байлар балдарга мал
кайтартат. Менин тилимди алсаңар
жаман болбойсуңар. Силерге жан
тартканымдын себеби, апам
кыргыз кызы. Силер мага таяке
болосуңар. Азыр айылдан чыгып,
түндүк тараптагы тоо арасын
кыдыргыла. Калмактар менен
кыргыздар сөөк өчтү душмандар
экенин эсиңерден чыгарбагыла.
Шашылып эч жакка кылчактабай
айылдан чыгып кеткиле.
Бул сунуш экөөнү дароо ойго
салды. Баштарын ийкеп сөздү
аягына чейин угушкан соң
коштошуп, дароо айылдан чыгып
кетишти да, талааны көздөй сапар
алышты. Ооба, чын эле айылдан
чыгышканда экөө тең кенен дем
алышып, көңүлдөрү ачыла түштү.
Беш чакырымдай тоо тарапка
жүрүшкөн соң кой кайтарып
жүргөн жаш балага жолугушту.
Бирок бул бала кыргыз бала эмес
экен. Аны сөзгө тартышты эле ал
бала уйгур тилинде
сүйлөгөндүктөн, тилин толук
түшүнө алышкан жок. Бир гана
"бурут бала ал жакта" деп айткан
сөзүнө түшүнүшүп, бала көргөзгөн
жакты көздөй аттарына камчы
салып шашып жөнөштү. Эки
коктуну басып өтүшкөндө, үч
жүздөй койду кайтарып жүргөн
жаш баланы көрүштү. Ал баланы
көрүп эле экөөнүн көздөрү
жайнай түштү. Анткени ал бала
алыстан Сопуга окшошуп
кеткендей болгон. Жакын
келишсе, боор оруй тургандай
кейиптенген жаш бала колуна
ичке таяк кармап алган,
көздөрүнүн жылдызы өчкөн,
кийген кийми, кийим деген эле аты
болбосо дал-дал болуп айрылган.
Тил угуп жалтаң болуп калганы
даана байкалып турду. Алгач эле
Эсет күлө карап:
- Уулум, атың ким? - деди. Тиги
баланын кыргыз тилин укканда
дароо кубанычтан көздөрү
жайнай түшүп:
- Кадыр, - деди. Эсеттин каңырыгы
түтөп:
- Мында келип кой кайтарганыңа
канча болду?
Кадыр кабагын түйүп:
- Бир жыл болду. Былтыр мени
алдап мында калмактар алып
келишип, Алдияр деген уйгур
байга сатып жиберишкен.
- Кайдан келдиң эле?
- Байкелер, мени тигил жакта
кожоюнум карап турат, кетип
калыңыздар. Болбосо силерге
залалы тийип калат. Мени бул
жакка алыс жактан алып келген.
Атамдын аты Самсаалы.
Эсет кабагын чытып:
- Сен билбейсиңби, кечээ жакында
мында бала уурдап келгенин?
Бала башын чайкап:
- Билбейм байкелер. Аны коюп
мени силер менен бирге алып
кеткилечи. Атам менен апамды
абдан сагындым, - деди, көзүн
жашылдантып. Марка сөзгө келип:
- Кожоюнуң сураса бир үйүр
жылкы издеп жүрүшүптүр деп
айтып кой. Эртең ушул маалда тиги
кырга чыгып тур, биз сени алып
кетебиз. Бирок өзүңө сак бол. Биз
барып кожоюнуңа жолугалы,
болбосо бизден шекшип калат
деп, аттарына камчы салып жөнөп
кетишти да, анча бийик эмес
тоонун кырында карап турган
кишиге жакын келишип,
саламдашкан соң, келген
жөндөрүн айтышты. Алдияр кабак
түйүп:
- Анча жылкыны бул жерден таба
албайсыңар го? Колуңардан келсе
Кашкардын базарына барып издеп
көргүлө. Уурдаган киши акмак эмес
да, чоочун жылкыларды ээн коюп,
басып жүрө бергендей. Бирок ал
жактын эли жаман. Сырттан келген
жалгыз-жарым кишилерди аңдып,
карактаганга көнүшкөн. Менин
тилимди алсаңар, элиңерге
кайткыла. Азыр бул жакта эл ичи
тынч эмес. Уйгурлар менен
калмактар келише албай турушат,
жер талашып. Алдияр ээринип
турганбы бир топ сөздүн башын
айтты да, сөзүнүн соңунда:
- Эки күн илгери соодадан келген
калмактар айдай келген малдарын
тиги бетке чыгаргандай болушту,
ошол жакты дагы карап көргүлө, -
деди. Эки бир тууган анын сөзүн
угуп, күн батыш тарапка ат
бастырышканы менен ойлору бир
жерге турган жок. Эсеттин өзгөчө
жүрөгү канап, тиги кичинекей
Кадыр көз алдына тартыла берди.
Ал дагы бир шору каткан ата
менен эненин баласы да. Сопум
дагы ал баладай болуп
жаштайынан талаада күнгө күйүп,
шамалга бети туурулуп, таманы
ташка тилинип, курсагы ачка
кожоюнунун көзүн карап жалтаң
болуп калат да. Эмне болгон күндө
дагы мен баламды издеп табышым
керек деп, ойго алаксып кетти.
Экөө чоң коктуга келишкенде
капыстан үч атчан алыдарынан
чыкты. Келе жаткан түрлөрү
жаман. Алар жакын келип эле эч
саламга келбей:
- Эй, буруттар, бүгүн биздин жерди
таштап чыгып кетпесеңер,
тагдырыңарга тарынбагыла. Биз
силерге мүмкүнчүлүк берип
жатабыз. Анткени биздин элге
жериңерден соодага жол
бергениңер үчүн. Билебиз силер
бул жакка жылкы издебей эле
башка максат менен келгениңерди.
Азыр силерге адамча кайрылып
жаткан соң, чыры жок кетип
калгыла. Адам баласы бир гана
жолу жашоого келет. Андыктан эң
алгач өмүрүңөргө сак болгула.
Бул экөөнү көчөдөн көрүп калган
Сабитахун жиберген болучу "сыйы
менен кетип калышсын" деп.
Анткени Эсет баласын издеп
артынан келип жүктөрүн чачып,
абдан катуу ыдык көргөзгөндө,
таанып калган эле да. Баланын
күйүтүнө чыдабай келгенине гана
кечирим берди, болбосо мурунку
күнү эле экөөнү карматып, аттарын
тартып алып, бир чара көрүп коёт
беле ким билет? Алиги Усман деген
өзүбекти дагы Сабитахун
жиберген, "кетирип жибер" деген
ойдо. Эсет кабагы салыңкы:
- Силер биздин эмне максат менен
келгенибизди билсеңер, анда
бизге баланы кайрып бергиле, биз
силерге сураган нерсеңерди
бергендей бололу, - деди.
Олбурлуу келген калмак башын
чайкап:
- Бизде силер издеген бала жок.
Айттым го сыйыңар менен кетип
калгыла деп. Балаңарды башка
жерге барып издегиле. Биздин
жердеги жергиликтүү калк бала
уурдабайт. Азыр силер менен
акыйлашып турганга биздин
убакыт жок. Кетип каласыңарбы
же чара колдонолубу?
Булардын ниети бузула
баштаганын билген Эсет акырын
гана башын ийкеп, аттын башын
тетири бурду. Бир жагынан тиги
калмак айткандай бөтөн жерде
өмүрлөрүн бергенче, сый менен
кетип калууну ойлоду. Бул
үчөөнүн оңой эле баштарын алып
койгонго жүрөгү ишенип турду,
бирок чекке чейин жол алыс
экенин эске алды.
Жолдо келе жатканда Марка үн
салды:
- Байке, ыгы келип турат, Кадырды
алып кетсек кандай болот? Тигине,
анын кожоюну ылдый жакта
кетип бара жатат - деди. Эсет бул
сунушка дароо макул болуп, атын
теминип алды. Мындайды күтпөгөн
чаптар ат чочуп кетип, жүрүшүн
ылдамдатты. Экөө баягы коктуга
келсе, Кадыр сууга түшкөн
койлордун алдын тосуп, чоң ташка
көчүк басып олтурган экен. Эки
жакты аяр караган экөө чукул
келишти да:
- Кадыр, бол тез. Биз сени апаңа
алып кетебиз деди. Мындайды
күтпөгөн Кадыр шашып калды.
Жаңы эле кыялданып олтурган, өз
жерине кетүү үчүн. Дароо башын
көтөрүп:
- Байкелер кожоюнум эмне дейт? -
деди, көзүн жалтаңдатып. Марка
эңкейип колун сунуп:
- Келе колуңду, кожоюнуңа мына
биз жооп беребиз. Бол тез, атка
учкаш! - деп үнүн ишенимдүү
чыгарды. Кадыр колун сунганда,
Марка жеңил гана тартып алып,
артына учкаштырды да, аттын
башын коё берди, Ала-Тоону
көздөй.
Эки бир тууган Сопуну таба
албасына көздөрү жеткен үчүн,
куру кетпей, жок дегенде бир
баланы ала кетип, бир үйбүлөнү
сүйүнтөлү деген ойго келишкени
анык эле. Аттардын туяктары
жерге тийип-тийбей арыш керип
баратканда, чаң асманга
сапырылып, жол арбып калмактын
жерин улам артка таштап бара
жатты. Кадырдын кубанычында
чек жок, Марканы бекем кучактап
алган. Аны көргөн Эсеттин кабагы
ачылып "менин уулумду дагы
туткундан бошото турган киши
болсо экен" деп ойлоп койду. Кеч
күүгүмдө гана чоң ашуунун түбүнө
келишип, аттардын белин бошотуп
отко коюшту да, өздөрү дагы
курсактын камын ойлошту. Эсет
эми гана Кадырга суроо берди:
- Кадыр, сен өзүңдүн айылыңды
билесиңби? - деп. Кубанып
көздөрү жайнаган Кадыр:
- Ала-Тоого жетсем эле элибизди
оңой эле таап алам. Менин атам
жыгач уста. Көп кишилер тааныйт.
Мен атама жардам берип, боз
үйдүн жыгачтарын жасашкан
элем. Эсет эми эстеди Самсаалыны.
Ал өткөн жылы баласын
жоготкону "устачылыкты
таштаптыр" деп уккан болучу. Эки
сааттай аттарды чалдырышкан соң
түнү менен Беделди ашып
кетишти. Болбосо арттарынан
куугун келип калышы толук
мүмкүн эле. "Сактыкта кордук жок"
дегендей, эки бир тууган олжолуу
келе жаткандарына кубанышты.
Тынымы жок ат бастырышкан Эсет
менен Марка эки күн дегенде
көздөгөн жерге келишти да, эмне
кылышты билбей айылдын
четинде чай кайнам убакыт туруп
калышты. Убакыт деген токтоп
турбайт аккан суудай агыла берет
эмеспи. Эки бир тууган бир пикирге
келишкенче эле жалган түш
болду. Андайда ылайыктуу акыл
чыкпай, ой уйгу-туйгу болуп да
калары анык. Жөн эле
калмактардын жерине келишсе
эле бала табыла койчудай
сезилгени менен минтип ойлогон
ой, ойдогудай боло койгон жок.
Түш ченде Эсет иниси Марка менен
мал издемиш болуп айылга келип
элге аралаша түшкөн соң, аз да
болсо өздөрүн эркин сезишип,
айылды тинте кыдырышты. Бирок
өздөрү ойлогондой баланы
көздөрү көрүп, аны таба коюшкан
жок. Ал турсун эч кимден сурай
дагы алышпады " уурдалган бала
көргөн жоксуңарбы? " деп.
Кечинде бир уйгурдун үйүнө
жатышты, бир түн жата турган
акысын төлөп. Уйгур орто
жаштагы маңдайы жарык адам
болгону менен баскан изин санаган
сараң адам экени даана эле
байкалды. Аны Эсет сөзгө тартты
эле, уйгур ашыкча сөз оозунан
чыгарбай кыска гана сүйлөп,
берилген суроолорго жооп берген
болду. Таң атканга чейин санаасы
санга бөлүнгөн Эсет уйку бетин
көргөн жок. Бөтөн эл, бөтөн
жердин өгөйсүнткөнүнө өзү күбө
болуп, туулган жер менен өз
элинин кадырын эми сезди.
Көз алдына алыстан көзгө боз үй
сыяктуу көрүнгөн ак мөңгүлүү,
башында кар сактаган, дайыма
мунарыктап, мемиреп боз тарткан,
жайдын кайсы убагы болсо да
үстүнөн томуктай булут кетпеген
Ала-Тоо тартылып, туулган жерге
болгон сагынычы эки күндө эле
күч алганын тана албайт эле. Ал
эми бул аймакта белгисиз убакыт
кала турган уулу Сопуну эстегенде
каңырыгы түтөп , көзүнө жаш
тегеренип кетти. Бир түнөбөй эле
калмактардын жашаган жерине
батпай турганын жүрөгү менен
сезди. Анткени тээ илгертен бери
эле калмактар, кыргыз элине
душман болуп келгени себеп
болдубу ким билет, өзүн эркин
сезе албай койду. Ушундай тынчы
жок жерде кала турган уулунун
тагдырын ойлогусу келбей көзүн
жумуп, уктап алаксыгысы келди.
Бирок кайдагы уйку. Эптеп уулун
таап, айылына алып кетсе,
өмүрүндө өзүнө-өзү ыраазы болот
эле. Марка агасынын абалын
айттырбай түшүнүп, эч сөз
козгободу. Бир сөз айтса эле, агасы
Эсет катуу сөз айтып жиберчүдөй
же уулунун кайгысынан ыйлап
жиберчүдөй сезилди. Андан дагы
калмактардын жашоо турмушуна
көңүлү тойбогонун, Эсеттин кабак-
кашы эле билгизип турду.
Эки бир тууган таңкы наарды
татышкан соң, кайда барышарын
билбей түш жарым убакыт
максатсыз айылды айланып
кыдырып жүрүшкөндө, улуту
өзбек Усман деген киши
учурашкан соң, жан тартып:
- Мусулман бурадарлар, силер
азыр тез аранын ичинде
карааныңарды мындан үзгүлө!
Болбосо калмактар кармап алышат
дагы, аттарыңарды тартып алып,
өзүңөрдү майып кылып коюшу
толук мүмкүн. Силер мал издебей
эле бала издеп жүргөнүңөрдү
алар билишет. Эгер макул
көрсөңөр, баланы талаадан
издегиле. Анткени жаш балдарды
алар алып келип байларга
сатышат. Байлар балдарга мал
кайтартат. Менин тилимди алсаңар
жаман болбойсуңар. Силерге жан
тартканымдын себеби, апам
кыргыз кызы. Силер мага таяке
болосуңар. Азыр айылдан чыгып,
түндүк тараптагы тоо арасын
кыдыргыла. Калмактар менен
кыргыздар сөөк өчтү душмандар
экенин эсиңерден чыгарбагыла.
Шашылып эч жакка кылчактабай
айылдан чыгып кеткиле.
Бул сунуш экөөнү дароо ойго
салды. Баштарын ийкеп сөздү
аягына чейин угушкан соң
коштошуп, дароо айылдан чыгып
кетишти да, талааны көздөй сапар
алышты. Ооба, чын эле айылдан
чыгышканда экөө тең кенен дем
алышып, көңүлдөрү ачыла түштү.
Беш чакырымдай тоо тарапка
жүрүшкөн соң кой кайтарып
жүргөн жаш балага жолугушту.
Бирок бул бала кыргыз бала эмес
экен. Аны сөзгө тартышты эле ал
бала уйгур тилинде
сүйлөгөндүктөн, тилин толук
түшүнө алышкан жок. Бир гана
"бурут бала ал жакта" деп айткан
сөзүнө түшүнүшүп, бала көргөзгөн
жакты көздөй аттарына камчы
салып шашып жөнөштү. Эки
коктуну басып өтүшкөндө, үч
жүздөй койду кайтарып жүргөн
жаш баланы көрүштү. Ал баланы
көрүп эле экөөнүн көздөрү
жайнай түштү. Анткени ал бала
алыстан Сопуга окшошуп
кеткендей болгон. Жакын
келишсе, боор оруй тургандай
кейиптенген жаш бала колуна
ичке таяк кармап алган,
көздөрүнүн жылдызы өчкөн,
кийген кийми, кийим деген эле аты
болбосо дал-дал болуп айрылган.
Тил угуп жалтаң болуп калганы
даана байкалып турду. Алгач эле
Эсет күлө карап:
- Уулум, атың ким? - деди. Тиги
баланын кыргыз тилин укканда
дароо кубанычтан көздөрү
жайнай түшүп:
- Кадыр, - деди. Эсеттин каңырыгы
түтөп:
- Мында келип кой кайтарганыңа
канча болду?
Кадыр кабагын түйүп:
- Бир жыл болду. Былтыр мени
алдап мында калмактар алып
келишип, Алдияр деген уйгур
байга сатып жиберишкен.
- Кайдан келдиң эле?
- Байкелер, мени тигил жакта
кожоюнум карап турат, кетип
калыңыздар. Болбосо силерге
залалы тийип калат. Мени бул
жакка алыс жактан алып келген.
Атамдын аты Самсаалы.
Эсет кабагын чытып:
- Сен билбейсиңби, кечээ жакында
мында бала уурдап келгенин?
Бала башын чайкап:
- Билбейм байкелер. Аны коюп
мени силер менен бирге алып
кеткилечи. Атам менен апамды
абдан сагындым, - деди, көзүн
жашылдантып. Марка сөзгө келип:
- Кожоюнуң сураса бир үйүр
жылкы издеп жүрүшүптүр деп
айтып кой. Эртең ушул маалда тиги
кырга чыгып тур, биз сени алып
кетебиз. Бирок өзүңө сак бол. Биз
барып кожоюнуңа жолугалы,
болбосо бизден шекшип калат
деп, аттарына камчы салып жөнөп
кетишти да, анча бийик эмес
тоонун кырында карап турган
кишиге жакын келишип,
саламдашкан соң, келген
жөндөрүн айтышты. Алдияр кабак
түйүп:
- Анча жылкыны бул жерден таба
албайсыңар го? Колуңардан келсе
Кашкардын базарына барып издеп
көргүлө. Уурдаган киши акмак эмес
да, чоочун жылкыларды ээн коюп,
басып жүрө бергендей. Бирок ал
жактын эли жаман. Сырттан келген
жалгыз-жарым кишилерди аңдып,
карактаганга көнүшкөн. Менин
тилимди алсаңар, элиңерге
кайткыла. Азыр бул жакта эл ичи
тынч эмес. Уйгурлар менен
калмактар келише албай турушат,
жер талашып. Алдияр ээринип
турганбы бир топ сөздүн башын
айтты да, сөзүнүн соңунда:
- Эки күн илгери соодадан келген
калмактар айдай келген малдарын
тиги бетке чыгаргандай болушту,
ошол жакты дагы карап көргүлө, -
деди. Эки бир тууган анын сөзүн
угуп, күн батыш тарапка ат
бастырышканы менен ойлору бир
жерге турган жок. Эсеттин өзгөчө
жүрөгү канап, тиги кичинекей
Кадыр көз алдына тартыла берди.
Ал дагы бир шору каткан ата
менен эненин баласы да. Сопум
дагы ал баладай болуп
жаштайынан талаада күнгө күйүп,
шамалга бети туурулуп, таманы
ташка тилинип, курсагы ачка
кожоюнунун көзүн карап жалтаң
болуп калат да. Эмне болгон күндө
дагы мен баламды издеп табышым
керек деп, ойго алаксып кетти.
Экөө чоң коктуга келишкенде
капыстан үч атчан алыдарынан
чыкты. Келе жаткан түрлөрү
жаман. Алар жакын келип эле эч
саламга келбей:
- Эй, буруттар, бүгүн биздин жерди
таштап чыгып кетпесеңер,
тагдырыңарга тарынбагыла. Биз
силерге мүмкүнчүлүк берип
жатабыз. Анткени биздин элге
жериңерден соодага жол
бергениңер үчүн. Билебиз силер
бул жакка жылкы издебей эле
башка максат менен келгениңерди.
Азыр силерге адамча кайрылып
жаткан соң, чыры жок кетип
калгыла. Адам баласы бир гана
жолу жашоого келет. Андыктан эң
алгач өмүрүңөргө сак болгула.
Бул экөөнү көчөдөн көрүп калган
Сабитахун жиберген болучу "сыйы
менен кетип калышсын" деп.
Анткени Эсет баласын издеп
артынан келип жүктөрүн чачып,
абдан катуу ыдык көргөзгөндө,
таанып калган эле да. Баланын
күйүтүнө чыдабай келгенине гана
кечирим берди, болбосо мурунку
күнү эле экөөнү карматып, аттарын
тартып алып, бир чара көрүп коёт
беле ким билет? Алиги Усман деген
өзүбекти дагы Сабитахун
жиберген, "кетирип жибер" деген
ойдо. Эсет кабагы салыңкы:
- Силер биздин эмне максат менен
келгенибизди билсеңер, анда
бизге баланы кайрып бергиле, биз
силерге сураган нерсеңерди
бергендей бололу, - деди.
Олбурлуу келген калмак башын
чайкап:
- Бизде силер издеген бала жок.
Айттым го сыйыңар менен кетип
калгыла деп. Балаңарды башка
жерге барып издегиле. Биздин
жердеги жергиликтүү калк бала
уурдабайт. Азыр силер менен
акыйлашып турганга биздин
убакыт жок. Кетип каласыңарбы
же чара колдонолубу?
Булардын ниети бузула
баштаганын билген Эсет акырын
гана башын ийкеп, аттын башын
тетири бурду. Бир жагынан тиги
калмак айткандай бөтөн жерде
өмүрлөрүн бергенче, сый менен
кетип калууну ойлоду. Бул
үчөөнүн оңой эле баштарын алып
койгонго жүрөгү ишенип турду,
бирок чекке чейин жол алыс
экенин эске алды.
Жолдо келе жатканда Марка үн
салды:
- Байке, ыгы келип турат, Кадырды
алып кетсек кандай болот? Тигине,
анын кожоюну ылдый жакта
кетип бара жатат - деди. Эсет бул
сунушка дароо макул болуп, атын
теминип алды. Мындайды күтпөгөн
чаптар ат чочуп кетип, жүрүшүн
ылдамдатты. Экөө баягы коктуга
келсе, Кадыр сууга түшкөн
койлордун алдын тосуп, чоң ташка
көчүк басып олтурган экен. Эки
жакты аяр караган экөө чукул
келишти да:
- Кадыр, бол тез. Биз сени апаңа
алып кетебиз деди. Мындайды
күтпөгөн Кадыр шашып калды.
Жаңы эле кыялданып олтурган, өз
жерине кетүү үчүн. Дароо башын
көтөрүп:
- Байкелер кожоюнум эмне дейт? -
деди, көзүн жалтаңдатып. Марка
эңкейип колун сунуп:
- Келе колуңду, кожоюнуңа мына
биз жооп беребиз. Бол тез, атка
учкаш! - деп үнүн ишенимдүү
чыгарды. Кадыр колун сунганда,
Марка жеңил гана тартып алып,
артына учкаштырды да, аттын
башын коё берди, Ала-Тоону
көздөй.
Эки бир тууган Сопуну таба
албасына көздөрү жеткен үчүн,
куру кетпей, жок дегенде бир
баланы ала кетип, бир үйбүлөнү
сүйүнтөлү деген ойго келишкени
анык эле. Аттардын туяктары
жерге тийип-тийбей арыш керип
баратканда, чаң асманга
сапырылып, жол арбып калмактын
жерин улам артка таштап бара
жатты. Кадырдын кубанычында
чек жок, Марканы бекем кучактап
алган. Аны көргөн Эсеттин кабагы
ачылып "менин уулумду дагы
туткундан бошото турган киши
болсо экен" деп ойлоп койду. Кеч
күүгүмдө гана чоң ашуунун түбүнө
келишип, аттардын белин бошотуп
отко коюшту да, өздөрү дагы
курсактын камын ойлошту. Эсет
эми гана Кадырга суроо берди:
- Кадыр, сен өзүңдүн айылыңды
билесиңби? - деп. Кубанып
көздөрү жайнаган Кадыр:
- Ала-Тоого жетсем эле элибизди
оңой эле таап алам. Менин атам
жыгач уста. Көп кишилер тааныйт.
Мен атама жардам берип, боз
үйдүн жыгачтарын жасашкан
элем. Эсет эми эстеди Самсаалыны.
Ал өткөн жылы баласын
жоготкону "устачылыкты
таштаптыр" деп уккан болучу. Эки
сааттай аттарды чалдырышкан соң
түнү менен Беделди ашып
кетишти. Болбосо арттарынан
куугун келип калышы толук
мүмкүн эле. "Сактыкта кордук жок"
дегендей, эки бир тууган олжолуу
келе жаткандарына кубанышты.
#17 22 Февраль 2016 - 09:40
Берки чыгарманы аягына чыгарып койбойспу?!
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#18 22 Февраль 2016 - 10:55
#19 22 Февраль 2016 - 11:11
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#20 22 Февраль 2016 - 11:39
Тагдырдын чечилиши
Жашы сексендин бешине чыккан,
суйдаң кара сакалы бар, көзү азиз,
бою жапыс, өзүн пакиза алып
жүргөн, сөзгө сараң Задибай
сынчы, Сопуну алып келишкен
учурда жаңы гана наар татканы
тасмал четинен орун алган. Келген
конокторду адатынча муздак
кабыл алды. Учурашып орун алып
олтурушканда Задибай азиз көзү
менен улага жакты карап:
- Силер эмне алыстан келген
мейманды улагага калтырып
кирдиңер? - деди. Ооба, чын эле
Сопуну бала деп кире беришке
калтырышкан болучу. Шамыр
карбаластап сөзүн таппай калды
да:
- Ал бала али жаш. Чоң кишилерге
аралаша турган кези келе элек деп
жаңы гана сөзүнүн аягына
чыкканда, Задибай кабагын чытып:
- Ал бала азыр жаш болгону менен
силерден кадырлуу адам болот,
эгер өмүрүн берсе. Менин көзүмө
ал бала чоң кишидей көрүндү.
Кана балам, мага жакын келип
колуңду мага сунчу деди. Сопу
кадамын акырын таштап, чочулап
көзү азиз абышкага жакын келди.
Бала да. Биринчи жолу көзү
көрбөгөн кишини көргөнгөбү, таң
калып да алды. Задибай, Сопунун
колун кармап бир топко турду.
Кармаган колу ысып, жүрөгү бир
башкача согуп, чоң сырды
байкады, өзүнөн көзүн албай
карап турган Сопудан:
- Бул баланы кайдан алып
келдиңер? - деди. Берилген
суроого алгач умтулуп дагы Шамыр
жооп берди. Ал эми өзүн кыйын
сезген Илеби астананы аттаганда
эле сүрдөп тилин жутуп алгансып,
тилден калган. Шамыр үнүн жай
чыгарып, шилекейине какап кетти
да, жөтөлүп алып:
- Буруттардан алып келдик, сизге
сынаталы деген ойдо. Задибай бир
саамга унчукпай туруп анан үнүн
ачуулу чыгарып:
- Дагы бир ата менен эненин
каргышына калган экенсиңер да.
Мен силерге канча айтам " бала
уурдабагыла" деп. Бул улуу Аллага
жакпаган иш. Бирөөнүн көз
жашынан пайда көргөн кантип
жакшы болсун. Кана балам
тамакка кара, курсагың ачкан
чыгар деп, Сопуга жан тарта
сүйлөдү. Сопу бул жакка келгени
биринчи жолу жылуу сөз угуп,
көңүлү аз да болсо өсө түштү. Адам
көңүлү кандай назик.
Калмактардын баарын жаман
көрүп, аларга ичи жылыбаган
Сопунун көңүлүнө жылуулук
уялады. Анткени тиги киши көзү
азиз болсо дагы дили таза экенин
жаш жүрөгү менен сезди. Анткен
менен бул үйдөн курсагы тоё тамак
ичип, эмнегедир өзүн эркин сезди.
Себеби тиги көзү азиз абышканын
колунан жамандык келбесин
билгенгеби же жылуу сөз
уккангабы болор болбос кабагы
ачылып, үй ичин сыдыра карап
алып таң калды. Ооба, айылдан
чыкпаган жаш бала мынчалык
жасалгалуу үйдү көрө элек
болучу. Бир кезде алиги абышка
бала укпасын дедиби Сопуга
кайрылды:
- Балам, сен сыртка чыгып тапчанга
олтура турчу. Биз сүйлөшүп алалы.
Жаш бала чоң кишилердин сөзүнө
аралашпайт, - деди. Сопу башын
ийкеп сыртка чыкты да,
көрсөтүлгөн жерге келип олтуруп,
сөз өзү жөнүндө болорун билип,
кабагы бүркө айылын эстеди.
Жаңы гана эмгектеп, көзгө көрүнүп
калган инисинин жоругу,
апасынын мээримин төккөнү,
Байгутунун чуңкурга томолонуп
барып түшүп кеткени, ак кар
баскан Ала-Тоо баары сыдыргыга
салгандай көз алдына тартылды.
Бала болсо дагы баарына текши ой
жүгүртүп, калмактардын жашоо
турмушуна салыштырып карады.
Бул учурда үйдүн ичинде
калмактар чоң масилет кылып,
жашыруун сүйлөшүп жатышты.
Задибай адатынча жер караган
калыбында:
- Бул буруттар кыйын калк келет.
Эмне үчүн биздин элден бул
баладай бала туулбайт, туулса
кана, менин көзүмө көрүнөт эле го?
Кап, бул бала калмак баласы
болгондо өзүм аз күндүк калган
өмүрүмдү ага арнап, элдин
келечегине керек бала кылып
тарбиялайт элем. Бул баланын
сыймыгы абдан күчтүү экен.
Айтаар кебим бул баланы
кыйнабагыла дагы, өмүрүн
сактагыла. Эгер кимде ким бул
баланын өмүрүнө зыян келтирсе,
анда ал киши тукуму менен жакшы
болбойт. Сынчы бир топко азиз
көзү менен жер карап, аппак
болгон суйдаң сакылын оң колу
менен сылап, ойго чөмүлө, ичинен
өзү менен өзү кеңешип жаткансып,
дем тартпай туруп калды. Анын
бул абалын түшүнгөнсүп жан адам
үн катпай, күтүп турушту. Тээ бир
кезде гана сынчы жерден башын
көтөрүп, таттуу уйкудан ойгонгон
адамдай селт этип алып,
каргылданган үнү менен:
- Жан адамга, ал турсун өзүнө дагы
билгизбей бул баланы тез аранын
ичинде ылгап койгула. Антпесеңер
тукум калса, буруттардан буга
окшогон алдыны көрө билген
олуязаада балдардын тукуму өксү
болбойт. Калмактар эле эмес,
кытайларга дагы сез көрсөткөн
балдар төрөлөт. Аттиң, карачы бир
арманым ушул бала калмактын
баласы, калмактын канынан
жаралган бала болуп калбаганын.
Ушуну менен үч кишиден Сопунун
дарегине жакшы сөз уккан Илеби
таң калып, бир чети ичи күйүп
"эмне баары эле сүйлөшүп
алышкансып, буруттун тырнактай
баласын макташат" - деп ичи уйгу-
туйгу болду. Жаман оюнда баланы
жок кылып салууну дагы ойлоду.
Анткени ушул жашка чыкканы
Илеби үйлөнө элек. Ыгы келсе
"көзүн тазалайм" деген гана ойду
ойлоп туруп алды. Анткени
Задибайдын бир эмес эки жолу
"ушул бала калмактан эмне үчүн
туулбайт" деген сөзү намысын
козгодубу, ким билет?
Көздөп келген кишинин берген
кеңешин уккан соң, Шамыр баш
болгон калмактар кайра айылына
тартышты. Сопу биринчи жолу ат
арабага түшкөнгөбү, абдан таң
калып, кызыгуусу арта, айланып
бара жаткан дөңгөлөктү карап,
узак жолду кантип басып өттү
билбей калды. Сүйлөшүлгөн сөз
боюнча баланы Шамырдын үйүнө
убактылуу коюп турууну эп
көрүштү. Качан ылгаган соң
баланы сатып жиберүүнү планга
киригизишти. Шамыр бул сунушка
макул болуп, Сопуну үйүнө алып
келип "короодон чыкпа" деп катуу
дайындап, эки күн эркин койду. Үй
ээси Шамырдын өзү теңдүү баласы
жана кызы менен Сопу бат эле тил
табышып, ойногонго үлгүрдү. Экөө
бир-эки жашка гана кичүү
болбосо, тең тайлаш эле. Керээлди
күнү кечке бир нерселерди жасап
ойногон балдарды көрүп, үй
ээсинин аялы, Лейле күйөөсү
Шамыр келгенде тамак ичип
олтуруп кеп кылды:
- Тиги бурут бала кызың менен
уулуңа абдан жагып калды
окшойт. Эки күндөн бери абдан
жакшы ойноп жатышат, үйдөн
чыкпай. Макул көрсөң биз эле бала
кылып алсак кандай болот?
Жылдызы жанган жакшы бала
экен. Андан дагы балаң менен
кызың тамакты тиги бала менен
бирге жейбиз деп, жөн эле бир
тууганындай ага үйрүлүп
түшкөндөрүн айт. Менин дагы ал
балага көңүлүм түшүп,
балдарыңдан алыстаткым келбей
калды. Шамыр көзүн жүлжүйтүп
бир саамга ойлонуп турду да, анан
кесе айтты:
- Болбойт, мен ал баланы эртең
үйдөн башка жакка алып кетем,
али кеч болуп кала электе. Бул
сөздү укканда аялы Лейле:
- Шамыр, бир жолу менин тилимди
алып койчу. Ал бала бизге керек.
Жана мен аны менен бирге эки
баланы үйгө калтырып майда
барат алып келгени кетсем, баягы
алдымдан ыйлап тосуп чыккан
кызың менен балаң менин
келгенимди капарларына дагы
алышкан жок. Оюндун кызуусуна
киришкен экен. Чекип сурасам
бурут бала биздин бала менен тең
эле өңдү. Бирок канчалык жаш
болсо дагы ойлогон ою, сүйлөгөн
сөзү салмактуу. Шамыр дагы бир
нерсени ойогонго үлгүрдү да:
- Аял киши эркектин ишине
кийлигишпеши керек. Ал бала бул
жакка жөн-жай уурдалып келген
жок. Анын себебин кийин
түшүнөсүң. Эгер бул бала
уурдалып келбеген бала болсо,
анда сөз башка эле. Көргөн эл эмне
дейт " калмак баласы калбай
калгансып, буруттун баласын
багып алыптыр" деп кеп кылса,
анда кандай айла кыла алабыз.
Ушул жагын ойлодуңбу? Лейле
кабагы салыңкы, бир жерди теше
тиктеп, баланын апасы менен
атасынын баланы издеп азап
тартып жатканын эстеп, ичиркенип
алды. Эмне болгон күндө дагы аял
да. Аял заты баары бир боорукер
келип бирөөнө, өзгөчө жаш балага
эч качан жаман ой ойлобойт
эмеспи. Бир жерден жылбай, ойго
алаксып кеткен Лейли уулу менен
кызынын көңүлүн таап, ойноп
жаткан Сопуга эч жамандык ыраа
көрбөй турду. Аңгыча кызы чуркап
келип:
- Ата, апа, билесиңерби? Тиги
биздин конок бала абдан жакшы
бала экен. Бизге сонун оюн
ойногонду үйрөттү. Ал баланы
биздин үйдөн кетирбегилечи.
Кетирсеңер мен ыйлайм! - деди,
секелектин жүрөгү бир нерсени
сезгенсип. Бул сөз Шамырды дагы
ойго салды. "Мен кыйын" деген
сынчылардын көңүлүнө жакканы
аз келгенсип, минтип кызы менен
баласы дагы жанынан жылбай
ойноп, али эч нерсе боло электе
эле, аны алдына ала коргоп сүйлөп
жатканы жүрөгүн тилип кетти.
Ушул саам дагы Задибайдын
айткан сөзүн эстеди "бул баланы
кыйнабагыла дагы, өмүрүн
сактагыла" - деген. Кызына башын
ийкеп жооп берди да, бир аздан
кийин акырын басып келип ойноп
жаткан бардарды бир топко карап
турду. Сопу тиги экөөнү эбак эле
колуна алып койгонун дароо
билди. Ата менен эне үчүн
баланын күлкүсүн уккан
билинбегени менен кандай бакыт.
Кызы менен баласы тим эле
кыткылыктап күлүп, кабактары
ачык. Буларды карап туруп чын
эле өзүнүн дагы көңүлү өсө түштү.
Ал турсун Сопудан бир жарык
нурду, жагымдуу элести байкады.
Жакшы адамды дайыма нур каптап
турат деген сөздү уккан. Кызы
менен баласы курсактары
ачканына кайыл болуп, оюн менен
алек. Сопу жөн эле бир
тууганындай кам көрүп, ойноп
жатат. Бир кезде Сопу, Экметтке
кайрылып, эскертүү берди:
- Экмет, эч качан кыз баланы капа
кылбаш керек. Анткени кыз бала
эркек балага караганда алсыз
келет эмеспи. Ошол себептен
эркектер ат минип сыртта жүрүп,
сырттын ишин жасайт, ал эми
аялдар менен кыздар үй ичиндеги
ишти жасайт. Азыр биринчи
кезекти Раймага берели деди. Бул
сөздү укканда Шамыр дагы ичинен
Сопуга ыраазы болду.
Жашы сексендин бешине чыккан,
суйдаң кара сакалы бар, көзү азиз,
бою жапыс, өзүн пакиза алып
жүргөн, сөзгө сараң Задибай
сынчы, Сопуну алып келишкен
учурда жаңы гана наар татканы
тасмал четинен орун алган. Келген
конокторду адатынча муздак
кабыл алды. Учурашып орун алып
олтурушканда Задибай азиз көзү
менен улага жакты карап:
- Силер эмне алыстан келген
мейманды улагага калтырып
кирдиңер? - деди. Ооба, чын эле
Сопуну бала деп кире беришке
калтырышкан болучу. Шамыр
карбаластап сөзүн таппай калды
да:
- Ал бала али жаш. Чоң кишилерге
аралаша турган кези келе элек деп
жаңы гана сөзүнүн аягына
чыкканда, Задибай кабагын чытып:
- Ал бала азыр жаш болгону менен
силерден кадырлуу адам болот,
эгер өмүрүн берсе. Менин көзүмө
ал бала чоң кишидей көрүндү.
Кана балам, мага жакын келип
колуңду мага сунчу деди. Сопу
кадамын акырын таштап, чочулап
көзү азиз абышкага жакын келди.
Бала да. Биринчи жолу көзү
көрбөгөн кишини көргөнгөбү, таң
калып да алды. Задибай, Сопунун
колун кармап бир топко турду.
Кармаган колу ысып, жүрөгү бир
башкача согуп, чоң сырды
байкады, өзүнөн көзүн албай
карап турган Сопудан:
- Бул баланы кайдан алып
келдиңер? - деди. Берилген
суроого алгач умтулуп дагы Шамыр
жооп берди. Ал эми өзүн кыйын
сезген Илеби астананы аттаганда
эле сүрдөп тилин жутуп алгансып,
тилден калган. Шамыр үнүн жай
чыгарып, шилекейине какап кетти
да, жөтөлүп алып:
- Буруттардан алып келдик, сизге
сынаталы деген ойдо. Задибай бир
саамга унчукпай туруп анан үнүн
ачуулу чыгарып:
- Дагы бир ата менен эненин
каргышына калган экенсиңер да.
Мен силерге канча айтам " бала
уурдабагыла" деп. Бул улуу Аллага
жакпаган иш. Бирөөнүн көз
жашынан пайда көргөн кантип
жакшы болсун. Кана балам
тамакка кара, курсагың ачкан
чыгар деп, Сопуга жан тарта
сүйлөдү. Сопу бул жакка келгени
биринчи жолу жылуу сөз угуп,
көңүлү аз да болсо өсө түштү. Адам
көңүлү кандай назик.
Калмактардын баарын жаман
көрүп, аларга ичи жылыбаган
Сопунун көңүлүнө жылуулук
уялады. Анткени тиги киши көзү
азиз болсо дагы дили таза экенин
жаш жүрөгү менен сезди. Анткен
менен бул үйдөн курсагы тоё тамак
ичип, эмнегедир өзүн эркин сезди.
Себеби тиги көзү азиз абышканын
колунан жамандык келбесин
билгенгеби же жылуу сөз
уккангабы болор болбос кабагы
ачылып, үй ичин сыдыра карап
алып таң калды. Ооба, айылдан
чыкпаган жаш бала мынчалык
жасалгалуу үйдү көрө элек
болучу. Бир кезде алиги абышка
бала укпасын дедиби Сопуга
кайрылды:
- Балам, сен сыртка чыгып тапчанга
олтура турчу. Биз сүйлөшүп алалы.
Жаш бала чоң кишилердин сөзүнө
аралашпайт, - деди. Сопу башын
ийкеп сыртка чыкты да,
көрсөтүлгөн жерге келип олтуруп,
сөз өзү жөнүндө болорун билип,
кабагы бүркө айылын эстеди.
Жаңы гана эмгектеп, көзгө көрүнүп
калган инисинин жоругу,
апасынын мээримин төккөнү,
Байгутунун чуңкурга томолонуп
барып түшүп кеткени, ак кар
баскан Ала-Тоо баары сыдыргыга
салгандай көз алдына тартылды.
Бала болсо дагы баарына текши ой
жүгүртүп, калмактардын жашоо
турмушуна салыштырып карады.
Бул учурда үйдүн ичинде
калмактар чоң масилет кылып,
жашыруун сүйлөшүп жатышты.
Задибай адатынча жер караган
калыбында:
- Бул буруттар кыйын калк келет.
Эмне үчүн биздин элден бул
баладай бала туулбайт, туулса
кана, менин көзүмө көрүнөт эле го?
Кап, бул бала калмак баласы
болгондо өзүм аз күндүк калган
өмүрүмдү ага арнап, элдин
келечегине керек бала кылып
тарбиялайт элем. Бул баланын
сыймыгы абдан күчтүү экен.
Айтаар кебим бул баланы
кыйнабагыла дагы, өмүрүн
сактагыла. Эгер кимде ким бул
баланын өмүрүнө зыян келтирсе,
анда ал киши тукуму менен жакшы
болбойт. Сынчы бир топко азиз
көзү менен жер карап, аппак
болгон суйдаң сакылын оң колу
менен сылап, ойго чөмүлө, ичинен
өзү менен өзү кеңешип жаткансып,
дем тартпай туруп калды. Анын
бул абалын түшүнгөнсүп жан адам
үн катпай, күтүп турушту. Тээ бир
кезде гана сынчы жерден башын
көтөрүп, таттуу уйкудан ойгонгон
адамдай селт этип алып,
каргылданган үнү менен:
- Жан адамга, ал турсун өзүнө дагы
билгизбей бул баланы тез аранын
ичинде ылгап койгула. Антпесеңер
тукум калса, буруттардан буга
окшогон алдыны көрө билген
олуязаада балдардын тукуму өксү
болбойт. Калмактар эле эмес,
кытайларга дагы сез көрсөткөн
балдар төрөлөт. Аттиң, карачы бир
арманым ушул бала калмактын
баласы, калмактын канынан
жаралган бала болуп калбаганын.
Ушуну менен үч кишиден Сопунун
дарегине жакшы сөз уккан Илеби
таң калып, бир чети ичи күйүп
"эмне баары эле сүйлөшүп
алышкансып, буруттун тырнактай
баласын макташат" - деп ичи уйгу-
туйгу болду. Жаман оюнда баланы
жок кылып салууну дагы ойлоду.
Анткени ушул жашка чыкканы
Илеби үйлөнө элек. Ыгы келсе
"көзүн тазалайм" деген гана ойду
ойлоп туруп алды. Анткени
Задибайдын бир эмес эки жолу
"ушул бала калмактан эмне үчүн
туулбайт" деген сөзү намысын
козгодубу, ким билет?
Көздөп келген кишинин берген
кеңешин уккан соң, Шамыр баш
болгон калмактар кайра айылына
тартышты. Сопу биринчи жолу ат
арабага түшкөнгөбү, абдан таң
калып, кызыгуусу арта, айланып
бара жаткан дөңгөлөктү карап,
узак жолду кантип басып өттү
билбей калды. Сүйлөшүлгөн сөз
боюнча баланы Шамырдын үйүнө
убактылуу коюп турууну эп
көрүштү. Качан ылгаган соң
баланы сатып жиберүүнү планга
киригизишти. Шамыр бул сунушка
макул болуп, Сопуну үйүнө алып
келип "короодон чыкпа" деп катуу
дайындап, эки күн эркин койду. Үй
ээси Шамырдын өзү теңдүү баласы
жана кызы менен Сопу бат эле тил
табышып, ойногонго үлгүрдү. Экөө
бир-эки жашка гана кичүү
болбосо, тең тайлаш эле. Керээлди
күнү кечке бир нерселерди жасап
ойногон балдарды көрүп, үй
ээсинин аялы, Лейле күйөөсү
Шамыр келгенде тамак ичип
олтуруп кеп кылды:
- Тиги бурут бала кызың менен
уулуңа абдан жагып калды
окшойт. Эки күндөн бери абдан
жакшы ойноп жатышат, үйдөн
чыкпай. Макул көрсөң биз эле бала
кылып алсак кандай болот?
Жылдызы жанган жакшы бала
экен. Андан дагы балаң менен
кызың тамакты тиги бала менен
бирге жейбиз деп, жөн эле бир
тууганындай ага үйрүлүп
түшкөндөрүн айт. Менин дагы ал
балага көңүлүм түшүп,
балдарыңдан алыстаткым келбей
калды. Шамыр көзүн жүлжүйтүп
бир саамга ойлонуп турду да, анан
кесе айтты:
- Болбойт, мен ал баланы эртең
үйдөн башка жакка алып кетем,
али кеч болуп кала электе. Бул
сөздү укканда аялы Лейле:
- Шамыр, бир жолу менин тилимди
алып койчу. Ал бала бизге керек.
Жана мен аны менен бирге эки
баланы үйгө калтырып майда
барат алып келгени кетсем, баягы
алдымдан ыйлап тосуп чыккан
кызың менен балаң менин
келгенимди капарларына дагы
алышкан жок. Оюндун кызуусуна
киришкен экен. Чекип сурасам
бурут бала биздин бала менен тең
эле өңдү. Бирок канчалык жаш
болсо дагы ойлогон ою, сүйлөгөн
сөзү салмактуу. Шамыр дагы бир
нерсени ойогонго үлгүрдү да:
- Аял киши эркектин ишине
кийлигишпеши керек. Ал бала бул
жакка жөн-жай уурдалып келген
жок. Анын себебин кийин
түшүнөсүң. Эгер бул бала
уурдалып келбеген бала болсо,
анда сөз башка эле. Көргөн эл эмне
дейт " калмак баласы калбай
калгансып, буруттун баласын
багып алыптыр" деп кеп кылса,
анда кандай айла кыла алабыз.
Ушул жагын ойлодуңбу? Лейле
кабагы салыңкы, бир жерди теше
тиктеп, баланын апасы менен
атасынын баланы издеп азап
тартып жатканын эстеп, ичиркенип
алды. Эмне болгон күндө дагы аял
да. Аял заты баары бир боорукер
келип бирөөнө, өзгөчө жаш балага
эч качан жаман ой ойлобойт
эмеспи. Бир жерден жылбай, ойго
алаксып кеткен Лейли уулу менен
кызынын көңүлүн таап, ойноп
жаткан Сопуга эч жамандык ыраа
көрбөй турду. Аңгыча кызы чуркап
келип:
- Ата, апа, билесиңерби? Тиги
биздин конок бала абдан жакшы
бала экен. Бизге сонун оюн
ойногонду үйрөттү. Ал баланы
биздин үйдөн кетирбегилечи.
Кетирсеңер мен ыйлайм! - деди,
секелектин жүрөгү бир нерсени
сезгенсип. Бул сөз Шамырды дагы
ойго салды. "Мен кыйын" деген
сынчылардын көңүлүнө жакканы
аз келгенсип, минтип кызы менен
баласы дагы жанынан жылбай
ойноп, али эч нерсе боло электе
эле, аны алдына ала коргоп сүйлөп
жатканы жүрөгүн тилип кетти.
Ушул саам дагы Задибайдын
айткан сөзүн эстеди "бул баланы
кыйнабагыла дагы, өмүрүн
сактагыла" - деген. Кызына башын
ийкеп жооп берди да, бир аздан
кийин акырын басып келип ойноп
жаткан бардарды бир топко карап
турду. Сопу тиги экөөнү эбак эле
колуна алып койгонун дароо
билди. Ата менен эне үчүн
баланын күлкүсүн уккан
билинбегени менен кандай бакыт.
Кызы менен баласы тим эле
кыткылыктап күлүп, кабактары
ачык. Буларды карап туруп чын
эле өзүнүн дагы көңүлү өсө түштү.
Ал турсун Сопудан бир жарык
нурду, жагымдуу элести байкады.
Жакшы адамды дайыма нур каптап
турат деген сөздү уккан. Кызы
менен баласы курсактары
ачканына кайыл болуп, оюн менен
алек. Сопу жөн эле бир
тууганындай кам көрүп, ойноп
жатат. Бир кезде Сопу, Экметтке
кайрылып, эскертүү берди:
- Экмет, эч качан кыз баланы капа
кылбаш керек. Анткени кыз бала
эркек балага караганда алсыз
келет эмеспи. Ошол себептен
эркектер ат минип сыртта жүрүп,
сырттын ишин жасайт, ал эми
аялдар менен кыздар үй ичиндеги
ишти жасайт. Азыр биринчи
кезекти Раймага берели деди. Бул
сөздү укканда Шамыр дагы ичинен
Сопуга ыраазы болду.