— Саратан күз. Көл башындагы кайындарыма барып калдым. Шапак деген элдин уруусунан чыккан, жумурай журтка белгилүү, атагы алыстап кеткен Томо деген мүнүшкөрдү көрсөм дегенде ак эткенден так этип жүргөн кезим. «Томо эртең ителгилерин кууга агытат экен» деген кабар кулакка шак дей түштү. Өңгөнүн эмне болгонун билбейм, чынымды айтайын, ал түнү көз ирмегеним жок. Эси-дартым Томодо болуп какчайып таң атырдым. Үйгө жарык шоола чачырап, түндүк жабуу серпилер менен төшөктөн ыргып турдум. Жолдошторумду түрткүлөп ойготуп, эртең мененки чайга да карабастан шапа-шупа ат токунуп жол тарттык. Күзгү семиз аттар кандай күүлүү. Аяң-буяң дегенче болбой Томонун айлына күндүн тумшугу тиери менен жарыша чаап жетип бардык. Айылдын тушундагы аккан сууну бет алып, эки карысына эки чака кыстарган жаш келин маңдайыбыздан бетме-бет чыкты. Сурасак «Томонуку» деп айылдын аркы четинде обочороок жумурткадай апаппак дардайган ак боз үйдү көрсөттү. Ат дүбүртүн угуп, үйдөн бир жан да эшикке басып чыкпады. Үйдүн сырткы эки капшытында эки кара тайган тумшуктарын колтуктарына катып тоголоктошуп жатат. Аттарыбызды байлаштыра салып, камчыларыбызды бүктөй кармап, салам айтып шып-шып кирип бардык. Үй ичин жаны эле жыйган көрүнөт, эртең мененки насибин да ичишпесе керек.
Коломтого жакын кире бериштеги сол капшытка салынган үч бүктөм кара көлдөлөңдүн үстүндө башында апаппак топусу бар, эттүү-жөндүү манаттай кыпкызыл киши малдаш токунуп олтурган экен. «Томо деген ушу болбогондо анан ким болот эле» деп, ичибизден ой жоруп койдук. Болжолу жетимиштин ары жак, бери жагы дей тургандай. Бирок жарашыктуу сыйда сакал, субагай тарткан кер муруттарынын ак чалганы байкалбайт. Нурдуу жүзү алманын наарындай тарам-тарам. Өңүнүн эч бир жерине бырыштын изи түшпөгөн. Бетинен бит тайгаланчудай тасыраят. Кашка баш, ак маңдай жаркын кабак, бакырайган эки көз илбирстикиндей күлүңдөп, от болуп күйүп турат. Кокус сурданып теше караса адамдын шилисине чыга түшчүдөй. Мүнөзүнө караганда өмүрү жамандык көргөн жан эмес. Кунан минип, куш салып, булут чайнап, муз бүркүп жүргөн берендердин бири көрүнөт. Деги эле карылык үч уктаса түшүнө кире турган эмес. «Келгиле, балдар» деп, жүк тарапты көрсөтүп жүзүн буруп койду, өзү ордунан солк этип да койгон жок.
Неченчи аялы экенин билбедик, өзүнө караганда өтө эле жаш, отуз-отуз беш чамасында го деп болжодук. Бою шыңга, тараз келген, артык баш эти-жөнү жок, өңдүү-түстүү, карагаттай эки көзүнөн жаштыктын оту ойноп бизди караган сайын жалын чачып турду. Үстүндө кийгени ак шайы көйнөк, салынганы ак жибек жоолук, жашыл тукаба чыптама, далысынан соорусуна чейин төгүлгөн кол көтөргүз күмүш шолпу, анын да ортолоруна каухар таштар чөгөрүлүп, тегереги ак бермет, кыпкызыл шурулар менен жылдыздалган. Жаш аялдын бүткөн бою козголгон сайын шарактап шолпудан үн чыгып турду. Буга чейин былк этпей сенек болуп олтурган бизге Томо карыя өзү сөз баштады.
— Жол болсун, балдар, эрте аттанган экенсиңер?
— Ооба. Шалбадан бастырдык — жоопту мен кайтарып турдум.
— Кебетелериңерге караганда Тилекмат уулунун балдарына окшойсуңар.
(Тилекмат Чыныбайдын атасы).
— Сарбагыш болобуз, Кочкордонбуз.
(Тилекмат Чыныбайдын атасы).
— А, ошондой де. «Чыныбайдын Шааркан деген кызынын күйөөсү келип, Чыныбай өргөө көтөрүп кызын узаткан жатат» деди эле, ошо күйөө балдардан болуп жүрбөгүлө.
— Туура айтасыз.
— Күйөө бала сенсиң го, сыягы — мени тике карады.
— Ооба,
— Күйөө баласы мүнүшкөр экен деп уккам. Ысмың ким?
— Кудайберген.
— А... туура, туура. Эми балдар келген экенсиңер? Бүгүн менин кууга жайылар күнүм экенин кайдан уктуңар?
— Эл эмеспи, угулду.
— Баракелде, баракелде, балдар, бир аз күткүлө. Менин да шакирттерим келип калар учуру болуп калды. — Аңгыча тыштан аттардын түрсүлдөгөн добуштары угулуп, кобур-собур үндөр чыгып калды.
— Келишти го, — деди карыя, ал киши ордунан обдулганда биз карап турабызбы, баарыбыз эшикке жабыла чууруп чыктык.
Көгүчкөндөй окшош жети жаш жигит эшик алдында кырка тизилип атчан туруп калышкан экен. Ат жабдыктары бириникинен бири айырмаланбайт. Кийген кийимдери да бир бычмачы бычып, бир бычмачы тиккендей. Ар биринин боюна жараша жарашыктуу кыналган. Бирөөнүн да буруу-терүүсү жок, баштарында апаппак калпактар. Айрымдарынын билинер билинбес жаңыдан учтары кылтыйып келаткан муруттары бар. Бир үйүрдөн бөлүнгөн кунандардай, бир уядан учуп чыккан балапандардай опокшош. Баарын тегиз он сегиз, жыйырмалардын ортосунда десең карап тургандардын бирөө да талаша алчудан эмес. Ала-сала көргөн суук көз адамдын көзү тийчүдөн. Тим эле Ала-Тоонун жаздагы солкулдак ышкындары, ананайындар. Өңдөрү да бири-биринен айрып алгыс. Сабагынан үзүлбөй катарлаш тизилип эзиле бышкан алмадай жүздөрү тамылжыйт. Аттарычы, эгиз төрөлгөнбү, бир бээнин кулундарындай опокшош карабоз. Колдорунда алакандатып татынакай өрүлгөн бугу камчылар, белдеринде жаркыраган күмүш кемер курлар. Жети жигиттин ат үстүнөн түшпөй тизгиндерин жыя кармашып катары менен тизилип турганын көргөндө аларды далайга чейин тиктеген көздөрүбүздү тарта албай талый түштүк. Асмандан түшө калдыбы же жерден чыга келдиби? Жети кишинин бирөө кыдыр болот дечү эле ушунун ичинен кимиси кыдыр? Ай буруу-териси жок жетөө тең кыдыр го. Биз тиги жигиттерди карап делдейип турганда: «Ителгиңерди кондуруп чыккыла», — деди Томо карыя. Жигиттер машыккан аскерлердей аттарынан шапа-шупа ыргып түшүп, байлаштыра салышты да наркы катардагы боз төбөл чоң үйдөн томогочон-томогочон бир бирден ителги кондуруп чыгышып, кайра жабалактап аттарына миништи. Ар жактан дагы бир жигит жумшак көрпөчө салынып, келиштире токулган, жерге жакын жалпагыраак келген курсактуу боз жоргону жетелеп келип, Томонун алдына тартты. Анан ошол эле жигит кайра чуркап кетти да жанагы боз төбөл үйдөн бир кара ителги кондуруп жетип келди. Айланайын акебай көргөн көзүмө өзүм ишене албадым, ителги дечүдөн эмес. Канат куйруктары сынган, жүндөрү көөнөрүп жыртылган малакайдай уйпаланган. Ит талаган короздон бетер кейпи кетип ышпалдасы чыккан, бүткөн боюнда тамтык жок ушаланып бүткөн. Томонун колунда ушундай жаман ителгинин конуп турганына, кондурган Томо эмес быякта турган биздин да кыжырыбыз кайнап, ичибиз тартылды. Жөн эле ыргытып жиберчүдөн, айла канча кондурган Томо болсо.
— Бастыргыла, балдар — деди да, өзү боз жоргосун бөжүтүп алдыга түшүп берди. Томо жети шакирти менен биз он жигит күн аркан бою көтөрүлгөндө кол жээгин көздөн шатыратып жүрүп калдык.
Коңур күздүн таң эртеңден берки сыдырым жели көлдүн чет жакаларын майда-майда тармал толкундарга айландырып кытыгылап турган кези экен. Улам арылаган сайын толкундар кош кабат-кош кабаттанып көк майсаңга жашыл килемдерди күбүгөндөй бүктөлө-бүктөлө түшүп жондонуп-жондонуп көрүнөт. Андан арылап дагы алыстаганда керегеленген ак жал толкундардын биринен сала бири үстүнөн аша коюп, ордунан жыгылып тура калган азоодой уламдан-улам аңтара салына түшүп албууттанып жатканы байкалат. Асман ачык. Көлдүн тынч ала калган чет жакасы үстүнө күмүш бейказам чапан жапкандай күн нуру чачыраган сайын жалт-жулт, жалт-жулт этет. Жээктердин кенен булуңдарында өрдөк, каз, ак куулар өз-өз үйүр-үйүрү менен топ-топ болуп бирин-бири куушуп, көгөргөн көлүнүн үстүндө ыракатка батып ызы-чуу, күрү-гүү түшүп жүрүшөт. Анда-санда гана бирде учуп, бирде чекпелектеп көл бетине коно калып тынчы кеткен балыкчы ак чардактар.
Ак куулар көп топтошо калчу булуң-бурчтар Томого бакма тоогундай жедеп жат болгон сыяктанат. Ошондой кенен имерилиштин биринде өрдөгү жок, казы жок атайылап иргеп койгондой бир өңчөй ак куулар сүзүп жүргөн экен. Муну Томо капкайдан көрүп, артынан дабырата чаап келаткан бизди токтотту. Баягы жети ителги кондурган жети шакиртин жети жакка шилтеди. Алар чапкан бойдон жетөө жети дөбөнүн башына барып, кароол карагандай соксоюп атчан туруп калышты. Бизди: «Ушерден жылбагыла, тамашага батасыңар» деп тобубуздан ажыратпай чогуу калтырды. Өзү болсо баягы жаман кара ителгисин кондурган бойдон боз жоргосун бөжүтүп көл жээгин көздөй сызды.