Суперстан: ҮЧ МЭЭРИМ - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

ҮЧ МЭЭРИМ Асанбек Стамов - БӨРҮБАЕВГЕ арналат

#1 Пользователь офлайн   Disappear   11 Март 2016 - 22:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кичинекей ангемеден сон ар турдуу акылга сыйбачуу сыйкырга чуулганган баяндар форумчуларга кызык туудурарын байкадым Сүрөт ошол кызыгуунун ысык кезинде биздин суйуктуу окуяны илип коюйун. Бул чыгарманы дагы колго терип жазам. Анда эмесе бир чети болмуш - бир чети жомокко болгон сапарыбыз дал ушул муноттон башталсын.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Disappear   11 Март 2016 - 22:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Эгер андай экен угуп тургула, балдарым. Бул жомокту мен алгачкы ирет атамдан уккам. Атам аны бала чагымда өз атамдан уккам дечү. Ага да өз атасы айтып бериптир. Иши кылып бул жомок бабадан атага, атадан балага өтүп, биздин Качы тукумдарынын ичинде, оо, көптөн бери мурас катары ооздон түшпөй келаткан эзелки жомок. Мен дагы бул жомокту бала кезимден тартып далай ирет уккам жана канча жолу уксам да эч качан тажачу эмесмин. Баса, бул жомокту мен алгачкы ирет жети жашымда уккам. Адегенде эле силерди эскертип коёюн, жомокто жыландын кызы Арзыгүл сулуу жөнүндө сөз болот...Эсентур, эмнеге дымый түштүң? Энеңдин колтугуна башыңды катып, коркуп жатасыңбы? «Жомок айтып бер» —деп суранган да өзүң. Кечээ сен жетиге толдуң. Демек, эскирип, ар нерсени түшүнүп калган кезиң. Ошондуктан, бул жомокту бүгүн баштап отурам. Коркпо балам. Карачы, терезеден куюлган айдын нурун үйдүн ичи жаркырап күндүзгүдөй. Биз жашаган жерди Норуздун салаасы дейт. Төмөнкү, жака жагыбыз — Жайылманын талаасы. Илгери,илгери бул жерден Чүй боору алаканга салгандай көрүнүп турчу экен. Азыр болсо туш тарабыбыз дүңгүрөгөн айыл. Ага бакшактын карааны кошулуп, талааны бүтүндөй жаап жатпайбы. Андыктан, Нооруздун алкымын өрдөп, бөксө жонго чыкмайынча Жайылманын түзөңү азыр анча көрүнбөйт. Деги бул жер Чүй боорундагы касиеттүү жерлердин бц ри. Жайлоо десең жайлоого окшоп абасы салкын. Чөл десең чөлгө окшоп, бирок какшыган аптап жок. Колдоц түшкөн дан эгерим өнбөй калбайт. Сепкениңдин баари бышат. Дыйкандын акыбетин жебейт бул жер. Жана эле күндүз өзүң көрдүң го: жазында Медер байкең экөөц тиккен коондун уругу чылбыр байлап, түйүлүп калыптыр. Демек, биз эр эмгегин беш эсе кайтарган касиеттуу Чүй өрөөнүнүн нак жүрөгү, кең Нооруздун салаасьшда жашайбыз. Баягүнү барбадыкпы өзүң менен кошо, биздин жердин тоолору токойсуз токол болгону менен,ошентип койнундагы тулаңы тушардан. Кокту-колотторунан агып чыккан көк кашка тунук сууларычы. Атаганат, ууртасаң тишиң какшайт, жуткан сайын моокумуң канбайт, кирген кезде ат кече албайт. Мунун баарынын жомокко кандай тиешеси бар дейсиңби, Медер? Антип текебер сүйлөбө,уулум. Өзү туулуп өсүп киндик каны тамган жердин бир кичинекей касиетин билип коюу ар ким учүн парс. Дегинкиси, адам баласы менен жанжаныбар дебей: баарысы алгачкы сабакты ата энесинен алат. Эмесе коркпой, уктабай олтуруп уккула жомокту.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Disappear   11 Март 2016 - 22:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

...Анда биз Ой-Кайың деген өрөөндөгү кичинекей ЖашылКөлдүн боюнда жашачыбыз деп баштаар эле жомогун атам... Медер, сен эмне эле башынды көтөрүп, терезе жакты улам карайсың. Ооба, аякта музыка, аякта клуб бар. Билем, жолдошторун күтүүдө. Баары бир эшикке чыкпайсың. Сен жаңы эле онду бүтүп, жакында он жетиге толдуң. Жигит болдум, эр жеттим деп ойлойсуң го. Жок, али жашсың. Биз үчүн сен отузга чыкканча, жашың андан өйдөлөсө да мейли, баары бир бала бойдон кала бересиң. Кыз жандап, бийлей турган убагың али боло элек. Адегенде институтка өт, же болбосо колхоздо иштеп адам катарына кошул. Ан үчүн жан кыйнап, эртели кеч иште, көп оку,даярдан. Деги эринип, эмгектенгенден качкан кишини ким эле жакшы көрсүн. Чыдамкайлык, көктук жигитке таандык. Назиктик ийменчектик кыз балага жарашат. Ошондуктан, эркек танаа дегендин чыдамкай болушу парс. Башың аман болсо кыз жандап, ойноп күлгөнгө жетишесиң. Бул жомокту мурда көп жолу уккам дейсиңби? Рас, жомокту мен мурда көп жолу айтып бергем сага. Бул жомок сен үчүн балким эскирген, эзелки жомоктур. Кандай ойлосоң мейлин. Аны мен сенден талашпайм. Бирок, бул жомок биз үчүн, биздин балабакырабыз жана тукумдарыбыз учүн эч качан эскирбейт. Болду анда, мындан ары улам суроо берип, алагды кылбагыла атаңарды. Айттым го, унчукпай, уктабай жатьш уккула.

ЖашылКөл дегенибиз — тегерегинде кайың тал, долоно,шйлбиси менен асамуса жана жашыл карагайына чейин жыш өскөн, түндүк түштүк жагы көк. аскалуу зоокалар, ал эми айланасындагы кызгылт сары эңилчек баскан түркүн таштары бордолгон өгүзчө чөгүп жаткан өзүнчө бир ажайган кооз жер. Жашыл балырлуу жээгинде аңырлары балапан басса, көлдүн кек ортосундагы кара моюн чүрөктөрү, калдайган каз өрдөгу кумар жаса куушуп ойногон касиеттүү жай экен ал. Токоюнда булбулу тынбай таңшып, бадалдарында бабырганы бакырган,ээндей баскан элиги көл кылаасында жуушап, коёндору эчкимден коркуп койбой, не түркүн аңдары аралаша өскөн жер соорусу экен го чиркин ал. ЖашылКөлдүн күн батышындагы этеги чытырман чер токой боло турган дечү атам. Ал токойго эгерим күндүн нуру тийбегендиктен, Күнтийбес аталыптыр. Күн тийбестин түндүк жагындаты тоолор өтө бийик, тоонун кыл чокусуна жакың көгүш кумайды ээн эркин мекендеген көптөгөн жапайы эчкитекелер эртели кеч жайылганда, куушуп, сүзүшүп ойногондо тоскок ылдый таш кулап, Күнтийбести кыйгап аккан Туура-Суунун ичи дүңгүрөп, жанжаныбар үркуп,коркуп төш таяна качыша айлалары кетчү экен. Жашыл- Көлдун түштүк жагындагы токойлуу секиченин аты — Кара- Булак. Биздин атабабаларыбыз кышкысын ошол КараБулакта кыштап, жаз чыгары менен Куу-Куурай деген түзөңгө аштык айдашып, көк жетилгенде Чүмкөк деген жайлоону көздөй көчүп чыгышып, бейкут жашашкан тура. Мына ошол картөшкө, жүгөрү жана буудайга чейин өскөн бышыкчылыктуу, жайы, кышы малжандыкка жайлуу кооз өрөөн азыр деле Ой-Кайың деп аталат. Ой-Кайыңды тегерете алкак тоолор курчап турат. Аякка машиненин жолу салына элек. Илгери кандай болсо, азыр да ошондой дешет. Ушу кезде да капчыгайдагы жалгыз аяк жол менен Ой-Кайыңга жандарын ооздоруна тиштеп, аттарын жетелей адамдар араң өтүшөт экен. Ашуунун татаалдыгынан ал жерди биринсерин малчылар гана жайлашпаса, эч ким мекендебей ээн жатканына күйөсүң...Эстеген сайын жүрөк болк этет. Укса кулактын кычуусу канбайт. Ошентип:Кундузу сууда ойногон, Төрүндө суусар жойлогон. Улары тоодо сайраган, Маралы койдой жайнаган...Касиеттүү кайран жерде атабабаларыбыздын сөөгү жатат. Биздин тукумдардын ичинен атабабанын бейит башына ушу кезге чейин эч ким чыгынып бара элек. Жапайы айбанаттардан башка эч адам буту баспай, ыйык бейиттер жер менен жер болуп, изи суугандыр... ОйКайынды кезинде Жолуке, Койке деген эки бир тууган эл мекендешчү экен. Алардын ичинен бир ууч Койке деген журтчулук ар кайсы жакка тарап отуруп, тарап отуруп ушу кезде тууганчылыгын, бир кандан тараган түбү менен эч кимисинин иши жок караманча эле ада болуп баратат. Дегинкиси, эл оошуп, элдин аралашканы жаман эмес. А бирок жаш муундар өз тегин билбей калса, анын эмнеси жакшы...


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Disappear   11 Март 2016 - 22:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Айланасы алкак тоо
Коргон жасап койгондой,
Касиеттүү Ой-Кайың,
Сени кантип жүрөм ойлонбой? — деп атам кезегинде ырдап калчу. Ой-Кайың кайда дейсйңби, Эсентур! Балам ай, ал жерди мен өзүм да көрө элекмин. Мына бул Нооруздун ары жагында жадыраган жашыл өрөөн бар. Аны көргөнсүңөр. Ошондон ары Ысык-Атаны өрдөп жүрүп отурса ашуунун ары жагы Суусамыр, Суусамырдын Кызыл-Оюна жетпей Уруңкай деген кууш капчыгай аркылуу Ой-Кайыңга өтүшчү экен. Ой-Кайыңга Жумгал же Кочкор тарабынан да каттаса болот имиш. Баса, ошол Ой-Кайыңдагы биздин кыштоо —КараБулактын секисинде чоң атабыз Качынын жыгачтан салынган тамы ушул кезде да бузулбаптыр. «Качынын ысык үйү» — деп коюшат экен ал жерди кыштаган малчылар. Жакында ошол жакты билген бир койчу жээнге жолуктум. Чоң атабыздын тамынын босогосунун алдында бир түп жапайы карагат жана анын желкесинде кош арча өсүп турат дейт. Мөмөсү бышкан кезде эки үч чанач карагат терип аларын айтып мени кызыктырат. Сыягы, барса көрсө деп ойлойт го. Негизгиси, ал үйдү мазар катары тутушуп, өздөрү да тийбей, тегерегинде малсал жолотушпайт экен. Ошондой адамдарга арбак раазы болсун. Жомогуңду тезирээк башта дейсиңби? Түн бакырдыкы, шашпагын, Медер. Чыдамың аз, шашмасың. Деги кандай адам болор экенсиң...Ошентип бир кезде, балким мындан жүз жыл же эки жүз жыл мурдадыр, айтор, ошол ОйКайында жалгыз атчан, жалгыз тончон, туугануругу да жок эр көкүрек, оокатка эпчил Бөрүбай деген жигит жашаптыр. Бөрүбайдын жашы ошондо отузга толо элек, күчкө толуп турган кези го. Анын той тамашада сөөлөткө минчү күлүк аты жана үйтиричилик менен чарбага пайдаланчу дагы бир күлүгүнөн ашкан байлыгы болбоптур. Бөрүбайдын туткан кесиби — боз уйдүн сөөгүн жасоо экен. Боз үйдүн сөөгү деген эмне? Олда, балдарым ай. Сурай бересиңер, сурай бересиңер... Унчукпай угуп турсаңар өзүм деле түшүндүрөт элем го. Кийиз жабуу жасалгасынан башка: кереге уук, түндүк жана босого аяк сыяктуу жыгач жарактарын илгеркилер боз үйдүн сөөгү деп коюшчу. Айтмакчы, Бөрүбай баатырдын кесиби жөнүндө баяндоодон мурда, алды менен анын ОйКайыңга кайдан жана кандайча келип калганы жөнүндө азыраак сөз баштап берейин. Бөрүбай деле өз учурунда ата энелүү, туугануругу бар бир чакан элдин эр көкүрөк жигити экен. Эр сайышка түшсө андан алдырбаган, эңишке, күрөшкө түшсө мындан. алдырбаган эрдин бири го сыягы. Анын киндик каны тамган коломтосу, жайлаган жайлоосунан баштап, ичкел суусу жана илгери үмүтүнө чейин ак калпак кыргыздын атам замандан берки ыйык мекенинин бир чеги, айтылуу Анжиян тарап болгон. Ал кезде кыргыздар төрт топко бөлүнчү. Мисалы: Анжиян кыргызы, кыпчак кыргызы делип түштүк тараптагылары аталса; аркалык кыргызы жана алтайлык кыргыз делип быяктагы түндүк тарабындагылар өзүнчө бөлүнгөн. Бытыраган кайран эл анда деле өз элдүүлүгүн жоготпой, кыргыз аталышса да, Жунгар баскынчыларына көз каранды бойдон калган. Кыргызды тукум курут кылгысы келишкен Алтын Хандын канкорлору элдин атын өчүрмөкчү болуп, «Бурут» деп ат коюшкан бизге. Андан мурдараак Султан Бабурдун карамагында турганда баарыбызды тоолуктар же сактар деп тергешкен. Айтор, кыргыз көрбөгөн азап жок балдарым. Менин жомогум ал жөнүндө эмес, анжияндык. Бөрүбайдын башынан кечирген кордугу жана сүйүүсү жөнүндө.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Disappear   11 Март 2016 - 23:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Айта келсек, антип жаз чыгары менен жер чийип, аштык айдап, терим бүткөндө боз уйдүн сөөгүн жасап, ата кесибин уланткан Бөрүбай жыйырма төрт жашка толгончо бейкут турмуш сүрөт. Ал аңгыча ата-энесинен ажырайт да, жанына күйөр бир туугандары жок, коколой башына өзү ээ болуп, жалгыз бой калат. Колунда мыдыр малы жок, үйүнө ак жоолук киргизе элек кези экен бечаранын. Ал кезде шарт ошондой. Калың төлөй албаса жигитке аял тийбейт. Аялсыз эркектин көргөн күнүн теңирим эч жанга бербесин. Аны азыр түшүнө элексиңер. Ошентип, бир жолу жайдын капортосу ченде Бөрүбай жараган жалгыз атын минип, тоо тарапты көздөй аттаныптыр. Кыясы, Анжияндын мээ кайнаткан ысыгынан качтыбы же көңүл жубаткысы келдиби,же тагдыр азгырдыбы, же оңуту келсе атып алармын дедиби, айтор, саадагы менен кара мылтыгьщ асынып жер болжобой, күн болжобой кете берет ал. Ал кезде Анжиян менен Оштун тегерегиндеги тоолордун койнунда ак кийиктер менен маралдар толтура болчу экен. Азыр барбы дейсиңби, Эсентур? Кайдан... азыр андагынын бири жок. Элдин тукуму өстү. Техника дегенибиз быкпырдай кайнайт. Ал эми касиеттүү жер эне өспөйт экен да... Ошту жарып аккан азыркы Ак Буура дайрасын анда эл Куба суусу деп аташчу экен. Ошол Кубаны бойлой бастырып, тоо тарапты көздөй кете берген го сыягы. Түш оой тоо өндүрүн өрдөп калган кезде Бөрүбай жалгыз тигилген ак боз үйгө туш келет. Жакындап бастырып келсе,калган боз үйлөр андан окчунураак, ойдуңда, жапсарда экендейт. Ат добушун укса да үйдөн эч ким чыкпаптыр. Жигит атын мамыга өзү байлап, боз үйдун эшигине жете бербей тык токтойт. Себеби, эшиктин босогосунда кара туу илинип турганын байкайт да: «Аза күткөн үй тура» деп ыргылжың боло түшкөндө ичкериден кошок кошкон үн чыгат. Бөрүбай баш тарта албай калат. Мындайда чоочун экенине карабай салт боюнча үй ээсине көз көрсөтпөсө өөн иш кылмак. Жолоочу жигит үйгө кирип кошок басылганча камчысын бөйрөгүнө таянган бойдон жер тиктеп чөгөлөй отурат. Керегени карап кошок кошкон аялдар басылганда гана Бөрүбай капшыттагы күмүш ээр чыканактаган карыяга салам бериптир..— Арбаңыз, ата!— Бар бол, уулум. Үй ичине алдыртан көз салган Бөрүбай кошок кошкондордун бири он алтылардагы кыз бала экенин баамдайт. Төбөсүндөгү аземдей үкү сайылган кундуз тебетейдин алдына чекесин жаба кара жоолук буунган жүзүн чоочун жигитке көрсөтпөөнүн айласын кылып, ого бетер үлбүрөй тамак камың көрө баштайт. Бөрүбай кызды уурдана кароо менен алек болуп жатканда, карыя андан жай суроого өтөт:— Кайсы элдин кулунусуң? Кайсы жердин кыргызысын, уулум?— Соовайдан болом, ата, — деп Бөрүбай дароо жооп берет. — Анда өз боор экенсиң. Кечээки казатта силер тараптан жардам келбей биз көп өксүдүк. Дагы да болсо кыпчак боордошторубуз ишке жарады. Туу жыгыларда ошолор жетип келип, абийирибиз жабылды. Калмактарды кууп чыктык куттуу конуштан. Жеңиш, мөөрөй онойго турган жок, уулум. Канча бир нур жигиттерибиз шейит болду. Мен өзүм эки көк жалымдан ажырадым. — Карыя тунжурай түшөт. Катары менен эки уулунан ажыраса да, кайратынан жанбай, мөгдүрөбөй, аңгеме салып отурган карыяга Бөрүбай кайрат айткан болуп, алдына келген кымыздан кылдат жутуп, курут кошулган жууган майдан кичине ооз тиет да, өзүнө сый көрсөтүп жаткан кызга алдыртан көз кырын салат. Жүзүнөн нуру төгүлө, олоң чачы жер чийген кыздын бойго жетип турган чагы экен. Ошо кезде карыя буйрук бере сүйлөйт.— Арзыгүл балам, тышта ким бар экен? Айт, мейманга казан ассын.Үлбүрөгөн сулуу кыз эшикке чыгат. Мейманга казан ас деген сөздү карыя сыпайкерчилик үчүн айтпаганын Бөрүбай түшүнөт да, каршылык кылбай дымый түшөт. Улуу киши айтып жатканда сөз талашпай, унчукпай угуп олтуруу ал кезде салт болгон. Аксакалдын сүйлөгөнүн эч ким эки кылган эмес анда. Илгертеден элибиз сөзгө маани берищ сөздүн кунун баалай билишкендиги менен айырмаланган, балдарым. Сөзгө жыгылбаган, сөз жебеген адамды эл сыйлаптырбы. .. Ажо атанын сөзүнө карк болгон Бөрүбай эшикке чыкса, күн кечтеп калган экен дейт. Ал ошол өзү кирген чоң ак боз үйдүн туура жагындагы жапсардагы чоң айылга көз чаптырат да, айылдан кеткиси келбей бир аз туруп кайра кирет. Тамак желип бүткөнчө күн кечтеп, кечинде кайрадан кой союлат. Ошентип, ал түнү бул меймандос айылда конуп калат Бөрүбай. Айыл карыяга таандык, карыянын аты Самат ажо экен. Журт ээси аксакалды ал кезде Ажо дешкен.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Disappear   11 Март 2016 - 23:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

«Ай дээр Ажосу жок, кой дээр Кожосу жок» деген макал да ошондон калган го. Айтымына караганда, ошо жолку майданда карыя өзү туу башында туруптур. Майдан кызуу жүрүп жаткан жерден чабарман, келип, уулуң Аккочкор баштаган кол жыгылды. Аккочкор өлдү деп кабар бергенде карыя: «Аккочкор өлсө Каңкым бар, ааламга жетер баркым бар— деп кичүү уулу Каңкыны баш кылып жоого каршы айдаган дейт. Акыры Каңкы дагы найза жеп, кол башчысы жок эл селт эте түшкөндө, Самат карыя өзү туу баштай калмактарга каршы туруп, аларды касиеттүү ата конуштун чегинен ары өткөзө кууп таштаптыр... .Уйкуңар келген жокпу, балдарым? Мейли, уйкуңар келбесе, мен жомогумду уланта берем. Түн бакырдыкы. Эмики сөз Бөрубай эрдин кантип Арзыгүл сулууга ашык болгону жөнүндө...Айтса балдарым: өлүм менен өмүр, күлкү менен кайгы ар качан бири бирине тең орток. Акырындай ошол аза куткөн айылга уйүр алып, баягы бир көргөн перизат Арзыгүлдү сүйүп калат Бөрүбай. Мен силерге сүйүү ашыктык деген, сыйкырдуу дарттын табиятын чечмелегим келбейт. Аны өз башыңардан кечиргенде түшүнөрсуңөр. Негизгиси, ашыктык жөнундө ушу кезге чекин эч ким жеткилең жооп бере электир. Анын табиятындай татаал не бар дейсиң. Болбосо, Самат ажонун кенже кызы Арзыгүл жалаң атчан, жалаң тончон Бөрүбайды жактырып калат беле. Кызга жан оту менен ашык болгон Бөрүбай, Самат карыянын айлына биротоло байланган го... Адегенде муну эч ким элес албайт. Бир бечара жигит жүрөт да айылда деп тим коюшкан окшойт. Кийинчерээк, бир жылдан кийин Самат эки уулунун ашын берип, кыз кыркыны менен жесирлердин башындагы карасы алынат. Мына ошондо Бөрүбай менен Арзыгүл ачыкка чыгышса керек. Сез Саматтан мурда, анын тун уулу Ибрагим бекке жетет. Селсаяк жигиттин дымагына Ибрагим таңгалат. Баш чайкайт. Ал бийлигине, өкүмүнө салып, жалгыз бой эмени айлынан кууп чыгып же өлтүрүп койсо деле эрки жетмек. Атасынын көзү турганда батына албай, бир жолу жай басып барып, Ажонун үстүнө кирет да, өзү уккан окуя жөнүндө сөз катат. Самат ошо замат Бөрүбайды чакыртат да, бир аз унчукпай отурган соң кейиген экен.— Олдо, уулум, ай! Дымагыңа чактап иш кылсан болмок. Эрдин дымагы эмнелерди гана кылбайт. А бнрок дымакты, көкурөктү акыл эс бийлейт. Ошону кантип эстен чыгардың, уулум... Айласы кеткен Бөрүбай сыңар тизелей калып, жалынып жиберет:— Ажо ата, мен улагаңдагы кулуң болуп берем. Башым тартуу. Ибрагим бек мыскылдайт: — Сенден башка да кулдарыбыз жетишет... Эстүү карыя жигит сынып калбасын деп уулун акырын зекийт. — Кулуң болом деп айтпа, шордуум. Бек айлы кулга кыз берчү беле. Андан көрө сага арка болчу урук тууганын, элиң барбы? Ким келет кепил болуп?..— Коколой башым, жалгыз атымдан башка мага арка болор эч кимим жок, ата. Бирок колумдан баары келет...— Келгенде кандай?— Мен колумдан көөр төгүлгөн устамын.— Аның го дурус экен. Негизгиси, сени менен бет маңдай келип, улуу иштеги салтты бузуп жатабыз. Кай салтта барэле жигит өзү келип кыздын колун сураганы... Ушу жерден Ибрагим бек тамаша чындын ортосунда бүтүм чыгарыптыр: — Ата, бу азамат өз дымагына ишенбесе Арзыгүлдүн колун сурайт беле. Карындашымды бул жолу мен билейин... Уулунун бир амалы бар экенин түшүнгөн карыя баш ийкейт.— Айт балам, айта бер. Менин да ичер суум аз калды. Эчкинин жашындай жашым бар. Мындан ары журт згеси өзүңсүң. Сен кандай айтсаң, биз макул.. — Арзыгүлдүн калыңы үч миң кысыр калды кой, ичинде жүз күлүгү бар. тандалган миң жылкы, жүз каймал төө. Анын ичиндеги беш төөгө кыл торкодон тартып, жибек бейкасамга чейинки не түркүн дүнүйө жүктөлгөн жүгү болсун. Мына ушуларды таап келсе, Бөрүбайга Арзыгүлдү аттантып жиберебиз... — Айтканыңда өөн жок, уулум. Эр жигит үчүн ушу кеппи. Түрүлуп качып бараткан калмакка бир жолу чыгынып койсо, табылчу дүнүйө экен да ал. Самат карыя жамбаштай берип унчукпай калат. Ал биринчиден Бөрүбайдын үмутүн үздүрүүдө мындан. башка айла жок экенин түшүнсө, экинчиден «андай кыйын экен тапсын» дегендей аны сынайт. Негизгиси, жооптун жумшагы, сыпайкерчиликтуусү ушул эле. Катуу сөз айтылып, жигиттин шагы сынган жок. Өздөрү да жаман аттуудан алыс болушат.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Disappear   12 Март 2016 - 14:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Анда Самат жаман экен дейсиңерби. .. Самат жаман эмес,балдарым. Ал канчалык баатыр, адилет болсо да, өз доорунун кишиси. Ал кезде: «Каадасыз кыз болсо да, калыңсыз кыз жок» деген макал бекеринен айтылган бекен? Анын үстуне Самат бир элди бүтүндөй бийлеген журт ээси. Сөздүн кыскасы, анча калыңды Бөрүбай кайдан табат эле. Жңгиттиң айласы кетип жүргөндө, Арзыгүлгө бычылган калың жалпы журтка тарайт да, бир жолу Самат баатырдын айылын жакалата мал айдап, КеңАлайдын койнунда жашаган атактуу Баргы элинин мыктысы Жоору келген дейтТ Кол куушура салам айтып, тизе бүгө ийилген Жооруну Самат жакшы кабыл алат. Коно жатып, мейман болот. Ызаатсыйга карк болгон меймандан «кандай жумушуң бар эле?» деп Самат баатыр сурабайт. Кийинки күнү ал өзү сөз салат:— Айлыңызга бекер келген жокпуз, баатыр.— Түшүнүп отурам. Чыгынып келиптирсиң. Себеби бардыр...— Сөздүн ток этер жери баатыр Арзыгүлдүн колун сурап келдик.Самат ойлоно калып, Жооруга назарын салат: — Кыз бала сурагандыкы. Кадыркөңүл жарашса... •—Биздин кадыркөңүлдү жараштырчу сиз бычкан калың. Чыпчыргасын коротпой, айлыңыздын этегине түрүп, сүрүп айдап келдик. Калган сөз өзүңүздө.— Жоору баатыр, билсек болор бекен? Беш уулуң бар деп укканбыз. Кызымдын колун кимисине сурап келдиң?— Самат баатыр, мен Арзыгүлдүн колун өзүмө сурап келдим. Айып этпе...Ошондо Самат Ажо бир чети чочуп, ачуулана Жооруну үңүлө тиктептир.— Жаңылбасам, сен экөөбүз чамалашпыз. Жашыбыз элүүдөн ашты. Бойдок уулдарың турганда, кызымдын колун өзүңө сураганың кандай? .Жоору дароо жооп айтат:— Баатыр, сиз кызыңыздын калыңын бычканда, күйөөнүн жашын кошо бычкан эмессиз. Өзүң айткандай эр ортону элүү жаш. Мен жаңы эле элүүгө толдум. Ал эми үйлөнө элек уулдарымдан кам жебеңиз. Кудалашкан жери бар. Баатырдын сөзү эки болбойт, биз дагы элдин салтын билебиз...Эң мурда айттым го, Оөзүнө ээ болбогондорду илгеркилер жектешкен. «Адамдын сөзү.өлгөнчө өзү өлсүн» — деп бекеринен айтылбайт. Анын үстүнө Самат эр киши. Бир журтчулуктун Ажосу. Ал өзү да бекеринен жаман аттуу болгусу келбейт. Жоору даХаматты катуу жерден кармадыго. «Аттиң» деп ичинен өкүнгөн Самат жигйттерине буйрук бериптир.— Алып келген калыңынан өөн издегиле. Бир жеринен кынтык табылса, малы тескери айдалсын. Жоору да бекеринен чыгынды дейсиңерби, балдарым. Алып чыгаарда, айдап чыгаарда жүз өлчөп, бир кести да. Саматтын жигиттери Жоорунун калыңынан эч кандай өөн таба албай, кайра өзүнө келип айтышат. Ал аргымак атын минип «ууга» деп айылынан чыгып кетээрде: «Кызымдын көз жашын көрбөйүн. Ыйлаганын укпайын. Тагдырына буйруганы ошол. Атказып жибергиле — деп бастырып кетиптир.Ошентип, кыз чалга катын болдубу? Катын деген орой сөз, Эсентур. Аялы же жубайы деп сура мындан ары. Кыз ыйлап,тытынган менен айласы канча. Доор ошондой. Ал кезде салтка, адатка баш ийбеген эч жан болбогон. Анын кан какшап көшөргөнү менен кимдиң иши бар. Арзыгүлдү даярдай башташат. Ошо кезде Бөрүбай кайда экен? деп сурабайсыңарбы андан көрө. Айласы түгөнгөн жигит, эптеп даболсо кызга жолугууга аракеттенет. Кыз болсо кайтарууда, көзөмөлдө. Ала качып кете албасын түшүнөт. Кабыргасы кайышып, намысына чыдай албаган жигит тун ичинде келип, карт күйөөнүн жүрөгүнө йанжар уруп, өзү айылдан чыгып кетиптир. Ырас, ошону менен Саматтын айлы кунга жыгылат. Ал эми сүйгөнүн картаң эрге тийүүдөн куткарган Бөрүбай,баарына кайыл болуп кете берген дейт. Ушу жерден жомогумду токтото турайын. Калганын башка түнү уккула. Уйкуңар келип турат сыягы. Кана эмесе уктайлык, балдарым. Жаттым тынч, жаздыгым кенч. Көзүнөрдү жумгула. Жок, аягына чейин угабыз. Мына тамаша! Эсентур, сенчи? Уктай элекмин. Мага эмне, уйкуңар келбесе айта берем. Баса, жомоктун кызык жери азыр башталат. Андай болсо Бөрүбайдын жыландын кызына жолуккан жеринен баштайын...


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Disappear   12 Март 2016 - 14:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ошентип, ОйКайынга качып келген Бөрүбайдын изи сууп,бир нече жыл өтөт. Жигит элге алынып кетсе да, эмнегедир өзүнчө өгөйсүй тойтамашаларга аралашкандан качып, ардайым жалгыздап оолак жүрөт. Көтөрүп алган боз үйүн да айылдан четкерээк тигет. Айттым го, башында анын кесиби жөнүндө. Жасаганы боз үйдүн сөөгү: кереги, уук, түндүк; ошо менен катар зергерчилик да кылат. Неси болсо да, колунан көөрү төгүлгөн устаны эл кадырлайт. Жасаган иши үчүн сугалактык кылып соодалашпайт. Кол акысын кесип бычпай бергендерин алат. Ачылып сүйлөбөгөн момун жигиттин топуктуулугу көпчүлүккө жагып, анын үйлөнбөй салт жүргөнү, түркөйлүгү акырындап ар кимдердин көңүлүнө илинбей, жергиликтүү элге синип калган кези болчу. Ошол жылдар аралыгында Бөрубай ирденип, мал күтөт. Өткөнкеткен соодагерлерден үй тиричиликке керектүү дүнүйө чогултат. Жууркан төшөк көктөтүп, ала кийиз, өрө кийиз жасатып алат. Эртекеч кереги тиеби дегендей, ал өзүнчө эле аялдын бир сандык кийим кечесин жыйнайт. Мунун баарын чогултуп жүргөндө үйлөнүп, турмуш курам деп деле ойлобойт бечара. Сүйгөнүнө жетпей калган соң аял алуу анын санаасына кирбеген жорук сыяктанчу. Ошо кезде жигитте дагы бир жаңы өнөр бүтөт. Жаш кезинде атасы ага чоор жасап берип, чоордо ойногонду үйрөткөн. Мына ошол өнөрүнүн пайдасы эми тиет. Мурдараак ага анча кызыкпаса,эми жалгыз боло калганда чоордо ойнргон сайын жаны жыргап, бүткөн бою балкый, бугу чыгып, кадимкидей алаксып, жеңилдеп калчу. Мурда ал чоорду ар дайым талдын жаш бутагынан жасачу. Барабара ойноп көрүп, анын да сырын алат. Өзгөчө чогойно менен тобулгу жана асамуса жыгачынан жасалган чоордун үнү жеңил, кооз чыгарын билет. Чоордо ойногон сайын жигит өзүнүн жалгыздыгын унутат. Ошентип, барган сайын анын бирден бир эрмеги, жандосу — чоор болот. Чоор менен жигиттин жан дүйнөсү бир. Ал экөө мундаш. Жалгыз бой жигитке мындан өткөн жолдоштун, эрмектин кереги эмне. Ошондой абалда жашап жүргөн Бөрүбайды бир курдай анын өзүнө окшоп дайыма дөңдө жалгыз отурчу Бакалбай деген куучу жанына чакырат. Бакалбай айылдын карысы. Эл бир чети анын карылыгын сыйласа, экинчиден аны куучу, сыйкырчы деп чоочулай турган. Ал эмчи домчулук кылып дартка чалдыккандарды дарыласа, кээде элди тегерегине чогултуп алып комуз чертип күлдүрүп, бирде бийлепкуудулдук кылчу дейт. Өзгөчө ал боз уйдүн ичинде бакшыбнйди бийлегенде төбөсү түндүккө тийип, кайрадан коломтодогу отто кып кызыл болуп ысыган орокту ала коюп шыркырата тили менен ######, кээде кадимкидей кор кечип ойной, эл дин жүрөгүн түшүрчү. Ал эми жайдын кечинде карыя ар дайым дөңгө чыгып кылкылдап батып бараткан күндөн көзүн албай комуз чертип, өткөн кеткендерди, жок издегендерди өзүнө чакырып коюп, алжайын сурай, кайра анын жоготкон малы кайда жүргөнүнө чейин айтып берип, ал жерден каш карайганча түшчү эмес экен Бакалбай.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Disappear   12 Март 2016 - 14:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бул жолу жанына келген Бөрүбайдын саламына акырын баш ийкеп коюп Бакалбай черткен күүсүнун аягына чыкмайынча унчукпаптыр. Качан күү бүткөндө комузу тирүү жандан бетер аны аярлай чок ташка жөлөп коюп: «Күүнүн башы Камбаркан» — деген ушул деп кеп баштайт. Адегенде ал Камбаркандын чыгышы менен Камбар атанын тарыхын айтып келип, жөлөнүп турган комузун көрсөтө баян этет.— Кыргыз — кыргыз болуп жаралганда эле теңирим анын колуна комузду кошо берген, уулум. Билсең, мен сага комуздун сырын, санжырасын айтып берейин деп чакырдым. Көкүрөгүңө түйүп кой: кыргызга жашташ кары комуз —жашоону, тирүүлүктү күүгө салат. Комуз өмүрдү даңазалайт. Жашоодо, өмүрдө туулмак бар, өлмөк бар. Өлүм менен өмүр бар жерде кайгы жана кубаныч, өкүнүч тен орток. Андай болсо, комуз күүсү — адам тарыхынан, анын бүткүл турмушунан кабар этет. Комузда айтылбаган, комуз күүгө салбаган эч нерсе жок. Элестетип көрчү: комуз күүсүндө күлкүтамаша, оюнзоок, кайсыкапа, ашыктык арманга окшогон деги, адамдын жашоосуна, тирилигине тийиштүүнүн баарыбар. Мындайча айтканда балам, комуз — тирүүлүктүн аспабы. Адам өлүп, денеси көр алдында калат. Жаны тиги дүйнөгө кетет. Ал эми комуздун өзү баш болуп, анын күүсүнө чейин бул дүйнөдө, жарык дүйнөдө калат. Комуз жарык дүйнөдө жашаган бээжай адам менен кошо жашап, калган урпактарга сырын ачат. Кыргыз кыргыз болуп турганда, анын үнү шаңкылдап эч качан өчпөйт. Элибиз канча жашаса, ал ошончо өмүр сүрө турган касиетке ээ... Карыя Бөрүбайды тиктей берип: «Кана, алдагы койнуңдагыны алып чыкчы», — деп колун сунат. Бөрүбай чоорун койнунан сууруп чыгып, карыяга сунганда ал албайм дегендей баш чайкап коюп, эми чоор жөнүндө сөз салат.— Андай экен, эми мен сага чоордун сырын чечмелеп берейин. Ошондо гана сен, балким чоорду колуңа албассың. Түшүнсөң чоор — комуз эмес. Чоор — жаннаттын аспабы. Ал бу дүйнөгө да, тиги дүйнөгө да таандык. Мындайча айтканда, уулум, чоордун жаны бар. Аны адамзат такыр билбейт. Бирок негизинен чоор — тирүү аспап. Анын тарыхы мында: ээ качандыр бир кездерде, Кудайым жер сууну, отту жана жан-жаныбардын баарын жасап болуп, эң акырында Адам ата менен мама Хаваны жараткан дейт. Медер, дагы оюмду бузуп, сурап жибердиң ээ. Де-гинкиси, сураганыңдын да жөнү бар. Илгери айткандарым эсинден чыгып кетиптнр. Мейли анда түшүндүрөйүн. ' Мына бул тырнактай иниң Эсентурдун көөнүнө көп жетпестир. Ал болсо сенин курагыңа келгенче түшүнүп калар. Биздин элде илгертеден эле Адам атаны — Адам ата, Еваны — мама Хава дешкен. Көп эле алагды кылбай угуп тур, балам. Мама деген кыргыздын эзелки — түпкү сөзү. Илгертеден энени элибизде Мама дешкен. Кийинчерээк ал сөз акырындай эскирип аялдын эмчеги деген мааниге өтүп кетпедиби. «Ак мамаңды эркелеп эмдим эле, энеке». Болбосо кыргызда «Мамаке, Мамасадык, Мамажусуп, Мамаш, Мамаша деген толупжаткан аттар кайдан чыкты дейсиңер. Демек, «Мама» дегенбиздин түп сөзүбүз, төл сөзүбүз. Баса, Каба-Хаба деген ат да эл ичинде көп кездешет. Эми мен Бакалбай карыянын аңгемесин улантайын... ...Ошентип, Кудай. Адам ата менен мама. Хаваны жасап алып, аларга жан сала албай кыйналыптыр Кандай аракет кылса да алар жансыз кыймылдабай сулк жата берген дейт. Нечен аракетке түшүп, Кудайдын айласы түгөнөт. «Капырай,башка жан-жаныбардын баарына оңой эле жан салбадым беле», — деп өзү Кудай болуп туруп алсыздыгына таң кала, бир чети айласы Кетип, шалдая туруп калат. Эми эмне кылмакчы?..Бир кезде Кудай эригип отуруп, жанында өсүп турган чогойнону кесип алып, эки жагын таарыйт да, акырын оозучуна жакындата үйлөп көрөт. Үйлөгөн сайын сонун,сыйкырдуу кооз үн чыгат. Адам ата менен мама Хавага жан кире, алар кыймылдай баштаган экен. Качан аларга толук жанкирип, экөө тең көзүн ачып, дүйнөнү таңыркай, сонуркай карай бергенде, Кудай көздөн кайым болот да, баягы чбгойно түтүгүн унутуп коёт. Адам ата менен мама Хава кол кармаша так секирип, дүйнөнүн кооздугуна, сонундугуна канбай көпкө ойношот, көпкө убараланышат. Акыры Адам ата унут калган түтүктү кокусунан колуна алып, үйлөйт. Үйлөгөн сайын кооз үн чыгат дейт. Кызыга түшкөн эки жан отуруп алышып, жөнөкөй көрүнгөнсүгөн ошол сыйкырдуу чоордо ойной беришиптир. Байкашса, туш тарабындагы агып жаткан дарыялар токтоп, шамал жүрбөй, дарактар да кыймылсыз, ал эми жан-жаныбарлардын баарысы тен аларга жакын келишип, селейген-селейген боюнча туруп калышыптыр. Ажыдаарлар баштарын көтөргөн бойдон алардан көзүн .албай элейишсе: арыстан, жолборс, аюу, кийик маралы баш болгон канаттууларына чейин Адам ата менен мама Хаванын бийлигинен чыга ала турган көрүнбөйт. Алар кайда карап,кайда басышса ошоякты карай ээрчий аракеттенишкен эрксиз,кудуретсиз, макулукка айланышкан экен го...


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Disappear   12 Март 2016 - 14:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Мунун баарын көрүп, байкап отурган чоң Кудай өзүнүн кетирген кемчилдигин дароо түшүнөт да, Кыдыр Илясты жанына чакырып алып:— Кудай башым менен катуу чекилик кетирдим, — деп өкүнгөн экен.— Ээ, кудурети күчтүү жаратканым, анынызды кандайча түшүнсөк? Кудай сүйлөйт:— Мына бул экөөнү жакшылап байкачы, Илясым. Калган сөздү анан айтам. Кыдыр Иляс аларга бир аз көз салып туруп жооп берет:— Көрүп турам, Азретим.— Андай болсо билип ал: бул экөө менин кудуретимден жаралгандардын ичиндеги эн аруусу, баалуусу жана сүйкүмдүүсү. Буга чейин мен мынчалык татына, суктанарга арзырлык эч нерсе жарата элек болчумун. Кыдыр Иляс кадимкидей таң калат:— Кызык, бул макулуктарда суктанарлык кандай касиет бар?— Жакшылап байка, Илясым.— Карап эле турам, Азретим. Бирок бул экөөнөн көзгө урунтуктуу, көңүлгө толорлук жүрөктү элжиреткен эу нерсе таба албадым. Чоң Кудай кебелбейт:— Койчу, жакшылап тикте. Менин көзүм менен карап көр. Аларды канчалык тиктесе да купулуна эч нерсе толбогон Иляс мурдагы оюнан баш тартпай дагы эле өзүнчө ой жоруйт:— Сиз жараткандын баары сонун. Аларга суктангандан мен эч тажабайм. Мени жазага тартпа, мени кечире көр, жаратканым. Эгер туура көрсөңүз, оюмду айтып калайын...— Айтып кал. Тартынба, Илясым.— Аруу деп, кооз деп мына буларды айт..— Иляс куланды, жейренди, эликти көрсөткөн экен ошондо. Тулку деп ушулардыкын айт. Буттарын, кулактарын, баштарын карачы. Тиктей берип көз кумарың канбайт. Тим эле чыдабай кетип кучактап өпкүң келет... — Чын элеби? — Кудай Кыдыр Илясты тан кала тиктейт. Кыдыр Иляс эми Арстанды, Жолборсту, Илбирст Ажыдаарды көрсөтуп ого бетер эргийт:— Сулуу деп мына ушуларды айт. Биринен бири өтөт. Караган сайын көз тайгылат. Жүрөгүң жибип, коңулүң көкөлөйт. Чынын айтсам, мына бул макулуктарың мага жаккан жок, Азретим.— Эмнеси жакпайт алардын? — Кудай да таңкаганын жашырбаптыр. — Буттары айры, ырайы суук. Денелеринде ылайым түгүжок. Сүйрөлүп, сүйрүйүп деги эле кейиптеринин жаманын айтпа. Колдору кыска, кулактары мулук. Тиштери да кыска экен. Деги буларыңыз кантип күн көрүп, кантип жан сактайт. Ысыкка чыдабай, суукта тонуп өлөт. Ушу жагын бйлогон жоксузбу, Азретим? Кудай бшондо атайын эле текеберчилик кылган дейт:— Мына бул кооз дүйнөнүн ээлери — мындан ары ушулар. Буларда акыл бар, аң сезим күчтүү. Билип кой, бутар кызыл жабар түктүн не түрлөрүнө чейин өздөрү табышат. Кызыл жабарды алар каалагандай кооздоп, аземдей алышат. Булардын сулуулугу, күчү жана куралы да акылында. Аларга жей турган тамакты, кызыл жабар кейипти акыл эс берет.Канчалык ойлонуп, эмгектенип, жан кыйнаган сайын алардын күчүнө күч кошулат. Тиштин курчун, тырмактын узунун,курал жарактын эң бекемин да алар акыл менен табышат.Тирүүсүнгөндөрдүн арасында мындан ары булардан еткөн алдуукүчтүү, айлакер эч жан чыкпайт. —Буларыңыздын атыжөнү барбы, Азретим?— Бар эмей, буларды адамдар дейт. Мындан ары булардан өздөрунө окшоп көптөгөн айры буттар тарайт. Ошондо көрүп ал...Кызыга түшкөн Кыдыр Иляс:— Азретим, макулуктарыңыздын, ошо жагы кызык экен, —деп Адам ата менен Хава мамага жан тарткан тура.— Булар акыры жүрүп отуруп отту табышат. Ошондо сен кооз деген мына бул дүйнөдө жаңы учур башталат. Кыдыр Илястын өзү да анда «от» деген эмне экенин билчү эмес, балдарым. Ошондуктан ал сураптыр:— От деген эмне, Азретим? Ал аңгыча күн катуу күркүрөйт. Чагылган чартчурт этип,анын огу чытырман токойго келип түшсө керек. Токойдон өрт чыгат. Алоолонгон кызыл жалын Адам ата менен мама Хава отурган жерди көздөй улам жакындай берет да, ал бет алдындагынын баарын мойсоп олтуруп, тигил экөөнү тен оп тартып кетерде Кыдыр Иляс кыйкырып жиберген экен.— Теңирим, баары жексен болот. Токтот, капырыңды! — Шашпагын, азыр көрөсүң баарын, — деп Чон Кудай кайрадан өртту тиктеген бойдон кыймылдабайт. Ал аңгыча Кыдыр Илястын өзү кызык окуянын күбөсү болот. Алоолоно каптап келаткан кызыл жалын тигил экөөнун жанына жетипжетпей токтойтда, же өчүп калбай, же дуулдап күйгөн бойдон чоор ойногон экөөнү каптап кетпей,.алар кайда басса ошоякка октос бере ээрчий, тиги экөөнүн эркинен чыкпай тура бериптир.— Мына көрдүңбү? — дейт Чоң Кудай. — Жада калса менин эң күчтуү куралым, чагылгандын оту да экөөнө баш ийди.— Ага эмне үчүн капа болосуз, АзреТим! Кайра жакшы болбодубу! — Баятан бери өкүнүп олтурганым бекеринен дейсинби? Жок, мен кокусунан булардын колуна өтө коркунучтуу жарак берипмин. Аны мен азыр гана түшүндүм...Чоң Кудайдын айтканын тушунбөгөн Иляс дагы сурайт:— Сиз айткан коркунучтуу жарак кайсыл?— Ал жарак — тетигил адамдын колундагы карапайым көрүнгөн түтүк. Аны аты — чоор.— Чоор дейсизби? Эң сонун жарак тура! Аты да кооз, үнүда кооз. Мынчалык сыйкырдуу добушту мен эч качан уккан эмесмин. Кудай кейигенсийт: — Коркунучтун баары чоордо. Ал адамдын колунда турганда жансыздын да, жанжаныбардын баарында күн жок. Анда алар тигил экөөнүн кулу болот да калат. Карачы,каардуу деген чагылгандын оту да тигилерге каршылык кыла албады. Чоор колдорунда турганда жанжаныбардын баарысын алар каалагандай бийлешет. Эмгектенгенди унутуп, жалкоо болушат. Жан кыйнабай дүнүйө тапкан жерде адамдын акылы мокойт. Алга жылуу, өсүш токтойт...— Азретим, анда бул макулуктар кантип күн көрөт? Асманда жүргөн отту кантип багынтышат? — Мен аларга эч жанда жок акыл бердим. Ойлонуп, эмгектенишсин. Ошондо алар отту да табышат. Сонун сонун шаарларды курушат. Эмгек бар жерде гана турмуш ыракаттууболот. Өздөрүнүн жаны ооруп кыйналмайынча башкалардын кыйналганы менен иши болбойт адамдын. Жан кыйнап мээнеттенмейинче адам тукуму жакшырбайт. Алар үчүн өмүр сүрүү кызыксыз болот,..— Андай болсо буйругуңуз барбы, Азретим? Мен дагы сңздин бир макулук, аткарууга даярмын.— Сен азыр барып, Адам атанын колундагы чоордун жанын алып тын. Ал эми анын тулкусу, өзү алардын колунда кала берсин. Ошондо гана чоор алардын эмгектен чарчаган кездеринде көнүл жубатчу аспабына айланат. Айткандай эле Кыдыр Иляс Адам атанын жанына барып:— Кана, алдагы түтүгүңдү мага берчи. Мен дагы ойноп көрөйүн, — деп сураган экен. Чоор колуна тийгенде Кыдыр Иляс аны ээрдине такай үйлөмүш болуп ойноп көрөт да, түтүктүн үнүн гана калтырып, анын сыйкырын, жанын өзүнө оп тартып алып коёт. Адам ата чоорун кайра алып үйлөп көрөт. Андан баягыдай эле кооз үн чыкканы менен үн өздөрүнөн башкаларга керексиз болуп, жанжаныбардын баарысы өз жайларына тарайт. Шамал дам урдагысындай жүрүп, дарыялар да өзөз нугу менен ага баштаптыр. Ал эмес чагылгандын огу да аларга туткун болбой көккө учуп кеткен дейт.Ошентип, Бакалбай чал чоор туурасынд,агы аңгемесин бүтүп, Бөрүбайды тиктейт.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Disappear   12 Март 2016 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бөрүбай болсо карыянын сөзүнө анчалык ишене бербей: — Мен чоордун сиз айтканчалык касиети бар экендигин билген жок элем — деп, басып кетмекчи болгондо, чал ага кайрадан эскертет.— Карынын кебин капка сал, уулум. Мен сага бекеринен кеп уруп жаткан жокмун. Чоордо ойногонуңду мындан ары токтот. Болбосо бир балээге кабыласын. Кыдыр Иляс чоордун сыйкырын алып койгоң деп эскерттим. Бирок баарыбир ал жаны бар аспап. Айттым го башында: чоор жаннаттын буюму. Зериксең, куса болсоң комузда ойногонду үйрөн. Комуз черт. Бакалбайдын айтканына ыза боло мулуйган Бөрүбай жооп бербестен бастырып кетмекчи болгондо, чал анын артынан кыйкырып калат.— Балам, чоордо ойногонуңду токтот. Дагы айтам, сак бол... Анан Бөрүбай чоордо ойногонун токтотуптурбу? Суроон туура, Эсентур. Кептин баары Бөрүбайдын чоордон ажырабагандыгында. Байкап атам, жомогум силёрге жага түшкөн сыяктанат. Андай болсо, мен уланта берейин. Ошентип койнуна катылган чоорун ал үч күнгө чейин колуна албайт. Бирок жалгыз бой эме аябай зеригет. Ойноюн десе карыяНын сөзү эсинде. Неси болсо да Бакалбай куучу укпаса болду да деп ойлогон жигит бир жолу айылдан алыс оолактайт. Жалгыз гана муңдашы — чоор, ал койнунда. Бөрүбай Чүмкөк деген жайлоонун этеги чендеги чытырман токойго кирип алып ойной берет да, акыры йңир кирип кашкарайганда гана үйүнө келчү экен. Бир жолу токойдон кайтып келатса, жолундагы көк жонДо олтуруп алып, кылкылдай тоодон ары батып бараткан күндүн кызылынан көзүн албай Бакалбай чал комуз чертип отуруптур. Буйтап өтө албай жигит ага кайрылып салам айтат. Акырын • баш ийкей алик алган куу чал ошол комуз черткен боюнча өзү менен өзү сүйлөшөт: — Атаңдын көрү арман күү. Көр четине дагы бир кадам жакындадык. Туулдум — өлдүм деген кеп чын тура.. Карыянын сөзүнө Бөрүбай кадимкидей нааразы болуптур.— Жарыктык, баткан күндү, өткөн өмүрдү эсептеп санаркайсыз. Ушундай да жашоо болобу... Мен сизге таңмын. Өлүмдү ойлобой, эч нерседен капарсыз жашагым келет. Чыккан күнгө бой балкытып, кубангым келет.— Өлүмдү ойлобогондук — жашоону урматтабагандыкка жатат. Жаман айтпай жакшы жок, уулум. Кузгундун жашына келген карыянын тилин албай, чоордо ойногонду токтотпой, өз билгениңди кылдың. Мейли эми, айла жок. Сен барган жердин аты — Жыландуу. Ал жер — жыландын ордосу. Кандай күнгө туш болор экенсиң, бечарам. Билип кой: сенин чооруңдун үнү, муну жана өзүңдүн күйүтүн жыландын да боорун эзет. Бар, бара бер. Бешенеңе жазганды көрөсүң да...Ошо бойдон Бөрүбай да жүрүп кетет. Ал бул жолу да чалдын сөзүнө маани бербейт. Бул жолу да капарына эч нерсе албайт. Жайлоонун толуп турган кези. Жүрөгү алып учуп; белгисиз кубаныч көнүлүн көтөрөт. Жашоого болгон кумары тарабачудай. Өмүр сүрүүнүн кызыгын бүгүн сезгенине өзү да аябай таңгалат.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Disappear   12 Март 2016 - 15:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Бул жолу Бөрүбай керели кечке тынбай иштеп, тал кыркат. Түндүккө, кереге уукка ылайыктуусун өзүнчө ылгап, тез кургап жарактан чыкпасын деген ойдо көлөкө жерге жыят да, жай отуруп ала келген азыгын жеп болгон соң, асман мелжиген кызыл карагайдын түбүнө олтуруп алып, чоордо ойноп кирет. Ойной берет, ойной берет. Ойногон сайын туулуп өскөн элижери, сүйгөн жары Арзыгүлдүн ай жамалы көз алдына тартыла, кыздын элеси, жыпар жыты өзөгүн өрттөгөн Бөрүбай үргүлөй түшөт. Иштеген кызматы жана кусалыктан башка көргөн күнү жок шордуу башка эмне кылмак. Ал кеч кирген ченде гана көзүн ачып, ордунан турса керек. Илкип-калкып дегендей жай жүрүп олтурса, күүгум ченде түнөгүнө жетерин билет. Ашыкканда да аны күткөн эч ким жок. Көк жашаңга тойгон тору аты нары жакта ыксырап, үргүлөп ээсин күтүүдө. Бөрүбай атын токуп минип, бастырып кетмекчи болгондо, туура жагындагы жаш кырчындын арасынан «Жардам, жардам» дегендей кызднн ичке үнүн кулагы чалыптыр. Аты бышкырьш кетенчиктегенине карабай жигит ошол үн чыккан жакты көздөй бет алмакчы болот. Жакындай бергенде үн шаркыратманын ары жагындагы эчки талдын арасында экенин билип, аттан түшөт. Тизгинди бош коё берген ал аркы өйүзгө секирип өтөт да, кайра бет алдын тике карай албай кетенчиктей бериптир. Ооба, балдарым. Эскертип коёюн, ошол тал түбүндө олтурган кыз бала энеден туума жылаңач экен дейт. Ошондо кызга далысын салып, дит багып карай албаган Бөрүбай сураган тура:— Сени ыза кылган ким, карындашым? Ушул абалга кандайча туш болдуң?— Мени эч ким ыза кылган жок, байке. . Жайымды анан түшүндүрүп берейин. Андан көрө, мени эптеп кызыл жабар кылыңыз... Кыздын айтканын дароо түшүнгөн Бөрүбай атынын жанына чейин чуркап барып, жаанда чүмкөнчү таар чапанын алып жетип келет да, аны кайра кызды көздөй болжолдоп ыргытып жиберет. Кыз чапанды желбегей жамынган соң:— Эми бери өтүп сөзүмдү ук, байке, —деп өтүнөт. Бөрүбай жанына келсе, кыз ал ойлогондой таптакыр эле жылаңач эмес экен. Анын өрүлбөгөн капкара олон чачы бүтүндөй денесин жаап, чапандын этегинен аша кыздын буттарынын согончогуна чейин жетип турганына таңкалат. Кантсе да жигит кыздан: «Атың ким? Бул ахывалга кандайча туш келдиң, карындашым? » — деп экинчи жолу суроого оозу барбай, кыздын мынчалык аруулугуна суктана берип, өзүнөн өзү селт эте чоочуйт. Анткени кыз бала качанкы өзү ашык болгон армандуу Арзыгүлгө абдан окшош болчу... Жигиттин көз карашындагы арман, кайгы, кубанычтын баарын так, даана түшүнгөн бейтааныш сулуу аны эркелеткендей, бир чети аягандай унчугат:— Эмнеге туруп калдык, Бөрүбай байке? Бөрүбай селт эте чоочуйт.— Атың ким, садагасы?— Азырынча менин атымды сурабаңыз... — Өзүң менин атымды билгениң кандай?— Атыңызды билгеним үчүн, сизди тааныганым үчүн ушу жерде турам. Болбосо...— Мен сизди тааныбайм десем, кайра маган абдан тааныштай көрүнүп турасыз. Деги башым маң, кызык ушунда...— А мүмкүн мен сиздин көптөн күткөн таанышыңыздырмын. Анда кантесиз. — Кыз жигитти наздана тиктейт. Ушу кезде бейтааныш кыз ого бетер Арзыгулгө окшошо түшкөнсүйт. Бөрүбай эми тангалганын жашыра албай түкшүмөлдөйт: — Капырай, Арзыгүлдүн өзү экенсиз. Бирок, ал эмес экениңизди да билип турам.Кыз жайдары унчугат:— А мүмкүн мен сиздин жүрөктү эзген ошол Арзыгүл эженин сиңдисидирмин. — Андай болсо кана, атаганат! Бирок ал жер кайда, биз кайда? Ортобузду канча бир тоо, ак кар, көк муз бөлүп жатпайбы. Дегинкиси, кызык окуяга туш болдум мен.— Таң калбаңыз, жигит башынан нелер өтпөйт, байке!— Аның да туура, карындашым. — Туура болсо, мени Арзыгүлдүн сиңдиси деп түшунгүлө.— Кантип?— Анын эмнеси бар. Ошондо баары жайына келет.— Ага мен макулмун дечи. Эми атыңызды айтыңыз? Таанышалык. — Азыр эле сизден өтүнбөдүм беле, атымды сураба деп...— Түшүнбөдүм. Анын жашыра турган эмнеси бар? — Туура айтасыз, байке. Аты жок да адам болчу беле.— Ошону айтам да...— Анда эмесе, мени Арзыгүл деп жүрүңүз.— Мен ага макулмун, карындашым. — Мына эми биз тааныштык — деп, кыз жигитти жароокер тиктейт. Жүрөгү алеп-желеп, ичи эзилген Бөрүбай кыздан өтүнөт.— Айылың кайда, Арзыгүл? Күн кечтей электе жеткирип коёюн.— Менин айылым алыс. Аякка жете албайм бүгүн. Кызда бир сыр бар деп ойлогон Бөрүбай сынагандай сурайт:— Эмесе, биздин үйгө баралык, Арзыгүл.— Мен ага макулмун. Өзүм да сизди ошентип өтүнөт деп ойлогом.— Кеттик анда биздикине. — Сиздин үйдүн босогосун аттардын алдында дагы бир өтүнүчүмдү айтайын!— Сурай бер!— Мындан ары менден сыр сураба?— Ушул элеби, Арзыгүл? Ал өтүнүчүң аткарылат. Анда эмесе кеттик...— Шашылбаңыз, байке. Мен оюмду бүтө элекмин.— Угуп атам?— Бул өтүнүчүм балким оордук кылар...— Аткарчу иш болсо, көрөлүк...— Жигит аткара албаган да маселе болобу?— Угуп көрөлүк. Мүмкүн колдон келбес...— Мен сиздин үйгө көнгөнчө, төрүңүзгө чоочун киши түнөбөсүн. Бөрүбай кыз койгон шарттын жеңилдигине сүйүнөт да:— Ошо да кеппи! Ансыз да менин үйүмө эч ким келбейт,— дейт.— Мурда келбесе, азыр келер. Адамдан өткөн шекчил ким бар? — Чоочуба, карындашым. Үйүмө эч ким келбейт.— Андай болсо, үйдү азырынча айылдан бөлөк жерге тигелик.— Айтканыңыз аткарылат, карындашым, кам санаба. Шерттештик дегендей кыз жигитке колун сунат. Бөрүбай анын колун алса сөөгү жоктой абдан жумшак экен дейт. Бүткөн бою балкыган жигит ал кезде аны көп элес алган эмес тура...


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Disappear   12 Март 2016 - 20:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кыз Бөрүбайдын үйүнө келдиби? Келбегенде кайда бармак эле. Бирөөлөргө жолугуп калбайлык, баягы Бакалбай чал көрүп койбосун дешип, кыз-жигит эл баспаган төтө жол менен жүрүшүп, эки жагын акмалай карап, каш карайып эл толук орунга отурган ченде гана үйгө жетишет. Баягы өзү чогултуп жүргөн кийим-кечелерин кыздын алдына таштап, Бөрүбай эшикке чыгып кеткен го. Бир кезде «кире бериңиз» деген үн чыгат. Жигит үйгө кирсе, кыз жасанып-түзөнүп дегендей, жыйылган жүктүн түбүнө отуруп калган экен. Түндүктөн түшкөн ай шооласына аралаша ак шамдай жанган сулууга Бөрүбай тымызын суктанат да, коломтого кургак тезектен калап, от тамызмакчы болгондо чоочуган, өзүнчө эле корккон кыз жүк бурчун көздөй кача жалооруп жибериптир. — Байке, от жакпаңыз.— Оттон улуу нерсе болобу. От жагып тамак бышыралык.— Мен үйүр алганча от жакпайлык, байке Кыз ушул жерден сыр алдырып коёт. Бөрүбай ичинен таңгалса да эмне үчүн кыз оттон корко тургандыгын сурабайт. Жигит деген убадага бек турбаса болбойт да. Бирок бейкапар кобурайт.— Отсуз кантип күн көрөбүз. Адам баласы отсуз жашай албайт.— Аны билем, байке. Мен да отко үйүр алам. От жакканды үйрөнөм. Отту эртең күндүз жагалык.— Андай болсо эмне тамак ичебиз? Кеп ушунда...— Ашканада сүт бардыр...— Сүттөн көөмө жок.— Мен сүттү абдан жакшы көрөм. — Сүт ко табылат, эт бышырып жесек деп ойлогом.— Сүттөн өткөн да ширин тамак болобу. Мен бышырылган эт жебейм. Аны жаман көрөм, байке...— Сүт эле керек болсо мына азыр, — деп Бөрүбай бир тепши сүттү ашканадан алып чыгат да, сыр аякка толтура куюп кызга сунат. Ынак сүттү кыз дем албай тартып жиберип:— Рахмат, байке. Мынчалык жыргаган эмесмин, — дейт уялыңкы. Өзүнө бир керден жуурат куюп алып, Бөрүбай кайрадан кобурайт.— Бүгүнчө ушуга каниет кылалык, карындашым. Баары бир этсиз жашоо кыйын.— Айттым го, мен деле от жагып, сизге эт бышырып бергенди үйрөнөм, байке. Кыздын жообуна ыраазы болгон Бөрүбай бул сапар үмүттөнө жалооруйт.— Эми сен менин үйүмдөн такыр кетпе, Арзыгүл. Жагызчылыктан ансыз да жададым. Менин коломтомдун куту бол...— Андан кам санаба, байке. Мен сизди атайын издеп келдим. Кыздын сыпайкерчилик кылбай шар айткан жообуна толкунданган жигит:— Чын элеби? — деп, калдастай ордунан тура калат.— Чын айтам, байке. Анан өзүмдүн да барар жерим жок. Жигит эми айласы түгөнгөндөй муңканат. Кантсе да кыздын жообуна ишене албай жатса керек.— Сага ыраазымын, Арзыгүл. Сага туш кылган теңирге ыраазымын... — Экөөбүз бактылуу болобуз десеңиз, убадага бектуруңуз. Болбосо менин убалыма каласыз. Бөрүбай кызга берген убадасын эстейт да: — Түн жамынып көчөбүз. Ой-Кайыңда мен билбеген буйга жер жоктур, — деп ордунан туруп, үй чечүүгө киришет. Табышмактуу сулуу кыз да үй ичиндеги эмеректерди таңуунун камын көрүп, түн ката эл көзүнө чалдыкпай көчүп кетишиптир алар.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Disappear   12 Март 2016 - 20:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Эмки сөз, балдарым, Арзыгүл менен Бөрүбайдын эрди- катын болуп чогуу жашап калгандыгы жөнүндө. Аябай сүйүндүңөр го. Жомоктун ушу эле жери силерге жага бербей калса мейли. Үй-бүлөчүлүк дегенибиз, негизинен турмуш куруудан башталат. Ал тууралуу кеп салуунун эрөөнчүлүгү жок. Силердин ага кызыкканыңардын да жөнү бар. Канча миңдеген жылдан бери, адам өмүрү эмне үчүн үзүлбөйт. Аял менен эркек затынын ошентип эрди-катын болгон жуп мамилеси гана өмүрдү улап келатпайбы. .. Жайдын толуп турган кезинде Ой-Кайыңдын ичиндеги көз кумарынды арбаган кооздукту сүрөттөп айтууга адамдын кыялы жардылык кылар дечү атам. Ой-Кайыңды тегерете алкак-алкак тоолор курчап жатат деп башында айтпадымбы. Ал эми ошол алкак тоолордун этек ченинде көк жашыл боло булоолоңгон бөксө тоолор эбегейсиз көп. Алардын коктуколоттору сайын кызыл кайың менен жашыл карагайлар жыш өсөт: шилби, четин, долоно, жапалак арча, эчки тал, мажрүм тал жана тобулгуга окшогон дарак аттуулар ал жерде сансыз. Үлуу тоо жана анын ичиндеги жапалак арча, жашыл токой, шар аккан суу, мөлтүр булак, жаркын көл — бир. эле өрөөндун энчисине бүтүп; ээндикке, эркиндикке тунган мындай кооз жерде нечен түрлүү жапайы аңы, канаттуулары аралаш өссө — бул керемет эмей эмне? Касиеттүү Ой- Кайыңда аркар, кулжа, кийиги койдой жайылса, кыраан бүркүтү менен улары улуу тоонун көркү. Билип алгыла, деги эле Ой-Кайың каркыра-турна менен тоодактын, аңырдын мекени. Ал жерде суу бойлой учуп конгон кичинекей сарала чымчык бар. Ал эртеликеч «эжеке, бээ саа», «эжеке, бээ саа» деп жаны тынбай сайрай берет. Ошондуктан чымчыктын аты да «Эжеке, бээ саа». Демек, Ой-Кайың бүт бойдон жомок сыятуу ажайган кооз жай болсо, Бөрүбай менен Арзыгул көчүп келишкен Аңыр-Көлдүн жакасы өзүнчө эле бейиш экен дейт. Айгыр-Жал деген ноочонун как ортосунда кал сыяктуу уюган Аныр-Көлгө адам буту оңой менен басчу эмес. Көлдүн төрт тарабы аска-зоо экен. Анын күн чыгыш жагындагы таркыянын башы Кекилик-Ашуу. Ошол Кекилик-Ашуу аркылуу гаңа Аңыр-Көлгө ашып түшөрүн билишсе да, көлдүн ээси бар, ал алтымыш кулач ажыдаар деп түшүнгөн ырымчыл эл ал жерге караманча каттаганын коюшса керек. Жер кезип,кыр кезип күлү бир жерге додо болбогон Бөрүбай ал жердин шартын эң жакшы билгендиктен көчүп келген го. Анын үстүнө көлдүн тегереги көп айыл конуп, кой жаюуга тар болгондуктан, ээн жата берген окшойт. Көл үстүндө өрдөкчүрөк канчалык көп болсо, аңыры андан да көп экен. Жердин Аңыр-Көл аталышы да ошондон болсо керек. Тегерегине өлөң чөп, тулаң чөп, ат кулак, жөргөмүшкөокшогон чөптөрү жыш өскөн музоо көзүндөй моймолжуганкичинекей көлдүн четтериндеги" карагайлар кадимки эле каректин четиндеги кирпикке окшоп типтик өсүп турганына таң калган Бөрүбай бул кооздукка суктануудан не бир тажабай, Арзыгүл жарына болгон махабаты күндөн күнгө артып, карабашыл адамдагы бактылуулук дегенди ошо жолу гана түшүнөт. Ал чөлкөмдөгү кожогат, карагат, уу шилекей дегендин молдугун айтпа. Кожогат бышкан кезде, аны аралап эле кеткен жан шүүшүнгө жуунгандай кып-кызыл болур чыкчу тура. Дагы айтам, балдарым, аңыры аңкылдап көл жакалай учса, күн-түн дебей булбулу тынбай сайраган,күкүгү таңшыган бул жерди кантип бейишке салыштырбайт Бөрүбай. Аскадан ылдый кулаган шаркыратманын боюндагы самын таштардьш биринен бирине секирип ойной, жанагыл мен айткан кичинекей сарала чымчык «эжеке, бээ саа! Эжеке, бээ саа!» деп эртели кеч тынбай сайрап жатса, Арзыгүл аны менен өзүнчө сүйлөшө кетет: «Бээбиз жок болсо кантели. Мынакей уй саап жатам». Анда келинчегине өзүнчө жалооруйт, ага жалынгандан арданбай :«Бээлүү да болобуз, бээ да саайсын», — деп бооруна бек кыса, өз бактысына бир туруп өзү ишенбей кетчү экен бечара жигит! Аруу жер экен, бейиш жер экен Аңыр-Көл. Эртең менен күн нуру чачыраганда Ой-Кайыңдын ичи түтөгөндөй көгүш булоо асманга көтөрүлүп, чалкайган көк асман алдында аскар тоо чокулары бүлбүлдөй, бирде кылайып, андан ары дүйнөнүн чеги бүткөнсүп, төшү түктүү кара жердин уюлу, борбору ушу деп өзүнчө ой жоруган Бөрүбай канчалык үйоокатка, сырткы иштерге алаксыйын десе да келинчеги Арзыгүлдүн жанынан алыс кете албай имерчиктей берет. Буларды айтып отурганымдын себеби, дүйнөдө мына ушундай аруу жерде, ээн жерде ал экөөнүкүндөй эркин, элирген махабат сейрек учурайт. Жалпы адамзат өмүрү чексиз дейбиз. Андай болсо, адам өмүрү эч качан үзүлбөсө, табият махабаттын нечен бир сонун түрлөрүнө күбө болору анык. Ал эми Ой-Кайыңга окшош ажайган жаркын жер дүйнө жүзүндө өтө аздыр. Азырынча кайран жерибиз илгеркисиндей, атабабаларыбыз мекендеген кезиндей эле жап жаш жана жашыл бойдон жатат дейт. Көксөөбүз күчөп барууга санаа жетет, а бирок кол жетпей, чолообуз тийбей, биз турмушка байландык, каралдыларым. Жашырганда Эмне, эринчээкпиз, жалкообуз. Моюнга алсак, ал жаман адат менде, атаңарда да бар. Силер менин ыкшоолугумду тартпай чечкиндүүрөөк, өкүмүрөөк болсоңор экен деп тилейм. Өмүр барда, билектен каруу кайта электе жер кезип, көз кумарды кандырууга нежетсин. Азыркылар жер көрүү, саякатка чыгуу дегенди четжер, чет элди аралоо деп түшүнүшөт тура. Өз жер, өз элин таанып билбеген адам бөтөн жер, бөтөн элдин кадырына жетеби? Оолда Медер ай, оозуңду тарта албай дагы мени зекидиңби? Окуядан четтеп кетсем эмне экен? Мага сын такпай жүр дебедим беле. Болуптур, болуптур, тамашалашып, атаңа тийишип жатасың. Жакындан бери сенде андай өнөр пайда болгонун байкап жүрөм. Ооба, ага эмне үчүн теригет элем. Болду эми, сен дагы улам суроо берип мени алаксытпа. Жомокту улантсак эле, ал барып Ой-Кайыңга такалат. Эми кайран жерди көп эле сүрөттөй бербей, Бөрүбай мененАрзыгүлдүн кийинки тагдыры жөнүндө айтып берейин.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Disappear   12 Март 2016 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Антип минткенче Арзыгүлдүн боюна бүтүп, арадан бир жылга жетпеген мезгил өтсө да алар элге кошулбастан, баягыдай эле Аңыр-Көлдүн боюнда жалгыз үй кала беришкен экен. Жалгыз үй жашаган эки ашыкты ошо бойдон эле эч ким көрбөй, билбей калган экен деп ойлобогула. Жок, алар түн жамынып көчүп кеткендин эртеси эле Бакалбай чал дөндө жалгыз олтуруп: «Шордуу Бөрүбай, алты кулач ак жыланды ээрчип, Аңыр-Көлгө көчүп кетти», — деп өзүнчө кобурап коёт. Чалдын сөзүн куурай уктубу, же шамал жулктубу, ал айтканы эл арасына чагылгандай тез тарайт. Тилинде мөөрү, көзүндө сөөлү бар, батасы эм, айтканы жөн куучу Бакалбайдын, бакшы Бакалбайдын оозунан чыкканга ким ишенбейт. Ансыз да Аңыр-Көлду жайлабаган эл, эми ал жакка жакын баргандан такыр эле коркуп калышат. Өз махабатына карк боло, эч кимдин көзүнө чалдыккысы келбей элден оолак жүргөн Бөрүбай кантип эле куу чалдын көз жаздымында калсын. Бул жолу Бакалбай КекиликБелдин түбүнөн жигитти кокусунан жолуктургансып саламдашкан соң дароо айтып салат.— Чоорду экинчи колуңа алба десе болгон жок элең, мына айтканым чын келди. Бөрүбай чоочуганын билгизгиси келбей калп таңгалат.— Анчалык эмне болду, куучу ата?— Эмне болду деп? Али күнчө шекший элексиңби, байкушум?— Түшүнсөм кудай урсунГ— Сенин койнуңда жаткан ак сулуу адам тукуму бекен?— Анда кимдин тукуму?— Билип ал, шордуум. Ал деген жыландын кызы. — Эмне дейт? —Чоочуп кеткен Бөрүбай кайра эсин жыят да чалга кыжырлана орой сүйлөйт.— Билгич десе оозуна келгенди оттойт. Атын сооруга чаап желдирип бараткан Бөрүбайдын артынан кыйкырып калат Бакалбай:— Шордуум, мен тегин жерден айтпайм. Көрчүнү өз көзүң менен көрөсүң. Ошондо айлаң не болот. Азырынча ак сулуунун кызыгына бата бер. Эринин маанайы пас кайткан түрүн биричи жолу көргөн Арзыгүл чочуп кетет.— Эмне кабагың бүркөө?— Сага ошондой көрүнүп жатса керек, ардагым.— Жок, чыныңды айт, Илээндим. Үйдөн алыс чыгып иш кылгысы келбей, жаш аялынын жанында имерчиктей бергенинен улам Арзыгүл эрин ушинтип тергөөчү тура. Деги эле илгерки аялдар эрин атынан айтышкан эмес.— Ардагым, эч нерсе көңүлүңө алба! Менин капа боло турган кандай жөнүм бар. —Бөрүбай аялын имере кучактап көкүрөгүнө бек кысат. Эринин сүчүүсүнө эреркеген Арзыгүлда аппак билектерин анын кош ийнине артып эркелей кетсе, анын колдорунун сөөктөрү жоктой сыяктанат. Ышкындай ийилчээк, тыбыттай жумшак колду бүгүн гана сезгенсип ичинен таң калган Бөрүбай чалдын сөзүн эстей дагы ойлоно түшсө керек.— Мына, кайрадан кабагын кирдей түштү. Жүрөгүңдө бир кидик турат. Мага айткың келбей жатат ээ, — деп билегин тартып алат жары.— Ардагым, бушайман болбочу. Айтпадымбы, санаамжай ыкуда. Өзүн турганда мен эмнеге капа болот элем. Ал кайрадан имере кучактай аялынын саамайынан өбөт.Дили жазылган Арзыгүл жооткотот эрин:— Билии атам, эл журтту сагындың. Куса болуп жүрөсүң. Оңой бекен бир жылдан бери менден башка эч ким менен сүйлөшпөй... — Өзүң турганда мага эч кимдин кереги жок. Мен үчүн Мекеним да, элжуртум да жалгыз өзүңсүң. Мага сенден бөлөк караандын, таалайдын кереги канча.— Жок, антип айтпа, — Арзыгүл шашып кетет. — Элден бөлүнүп өмүр бою кантип жалгыз жашамак элек. Сен мени түшүнбөй жүрүпсүң, берекем. Биз да элге кошулабыз. Эл ичине барабыз. Бир аз чыдагын, мен аман эсен көз жарайын. Ошондо элге барып той .беребиз. Андан ары биздин бирге өмүр сүрүүбүзгө эч ким жолтоо боло албайт.— Чын элеби?— Анан сен эмне деп ойлоп жүрдүн эле, макоом. Дүйнөдө топтон качып, жалгыздап жашаган ким бар экен. Андайлар айбанаттардын ичинде да жоктур.— Ардагым, ардагым! —деп, аялын эркелетип жана ага эркелеп жаткаң эрине чын дилинен мээримин төккөн Арзыгүл бирөө угуп койчудай эми анын кулагына акырын шыбырайт.— Сенден көптөн көп өтүнөрүм — мен көз жарып, элге кошулганыбызча эч качан, эч жерден жанагы Бакалбай куучуга кезикпе. Мен андан корком...— Ошону кимдин көргүсү келип туруптур. Өзүмдун да ага ичим жылыбайт. Жаман көрөм...— Анда чечинип төргө өт. Казандагы эт бышып калды. Мён сага жылуу суу даярдайын, колуң жуу, —деп ал кумганды коломдодон тартып алып, ага муздак суудан кошуп чабыштыра баштайт.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2016 - 13:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Эми аңгемемди жайдын кап ортосу ченде гүл жыттана, булбул таңшыган, күкүк сайраган баягы эле Ой-Кайыңдагы Аңыр-Көлдүн боюнда айкүнү жеткен Арзыгүлдүн толгоосунун келишин күтүп жаткан жеринен баштайын. Алда кандай болот деп санаа баскан, көңүлү алагды болгон ал бул сапар кара тер басып жаны кыйнала баштаганын сезгенде эрин жанына чакырып алып, мына бул өтүнүчүн айтыптыр. Жакшылап сөзүмдү ук, Илээнди! Омурткаларым сыздап, жаным көзүмө көрүнүүдө, башталды көрүнөт. Мынчалык жан кыйналарын кайдан билдим. Адегенде туруп барып түндүктү чүмкөчү. Анан эшикти бек жап. Тигине, улагада кыл аркан жатат. Ошону менен боз үйдү үч айланта курчап кой. Баса,токтой тур. Элден мурда казанга суудан толтур. Анан гана өзүң үйгө жолобой, уйдөн алыс да кетпей акмалап жүрө тур, берекем. Жылдыз толгондо, түн ортосу ченде көз жарам. Качан баланын үну чыкканда асманды кара. Жылдыздар толуп, жылдыздар учуп жаткан кез болот. Ак жылдыз учса кыз төрөгөнүм, куйруктуу кызыл жылдызды көрсөң уулдуу болдум деп бил. Анан асан чакырып, баланын атын кой да, кылчайбастан жүрүп кет. Ошо бойдон үйгө баш бакпай, эчкимге көрүнбөй жалгыз жүрө тур. Жетинчи күнү гана баланын үнү чыккан саатта, түн ортосунда үйгө кел. Ошо кезде мен коломтого от жагып, сени күтүп отурган болом. Эгер үйдөн жарык чыкпаса, менден түңүл...— Ал теңирдин колундагы иш. Дегинкиси, тагдырды алдынала болжош кыйын. Мен каалоомду айттым. Жакшылап көңүлүңө түйүп кой, Илээнди. Деги аткара аласыңбы?— Анын эмнеси кыйын экен. Аткарам эле... Чын төгүндөн өзүнчө корстон болгон эрине ичи жылыган Арзыгүл түндүктөй ийилип, керегени чапчый кыйкыра баштады.— Мени көп тиктебей үйдөн чыгып кет. Бол, дейм, бол...— Айланайын, айланайын, — деп көлшал боло кара тер баскан аялына жалынган Бөрүбай үйдөн шарт чыгып кетет. Ал Арзыгүлдүн айткандарын алеки заматта аткара салат да,токулуу турган атына шап минген бойдон бастырып кеткен дейт.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2016 - 13:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Аңыр-Көлдүн кылаасы. Түн сүйкүм, түн кооз. Тынч алган куштар да кээде чукуранып, асманда жылдыздар батпайт. Созгон колуң жетчүдөй жылдыздар жакын, жылдыздар тунук, жылдыздар таза. Санаасы алып учкан Бөрүбай ак боз үйдөн көзүн албайт. Бирде элейет, бирде селейет. Алда кандай болот деген бечара кээде асмагнды тиктей калат да, көптөн күткөн тилеги көктөн түшчүдөй кол созуп, көкүрөк керип жылдыздарга сыйына өзүнчө кобурайт, ичинең дуба окуп, кээде дубанача келме келтире, ээги ээгине тийбейт. Бүгүн анын тагдырьг таразада. Рас эле перзент күтүп, коколой башына баш кошула тукум улайбы, же карып арып ичерсуусу түгөнгөндө башын жөлөр, оозуна суу тамызары жок, какыраган сайдагы куураган даракча өзүнүн адамдык парзын өтөбөй кылымга сиңип күмжам болобу... Ушулар анын кыялын бийлейт. «Кудай анын жүзүн ары кылсын» деп өзүнчө кобурай бергенде боз үй тараптан ыңаалаган баланын үнүн укту. Жонунан ысык тер чыгып, бир саамга делөөрүйтүшкөн Бөрүбай аялынын айтканын эстей асман тарапты тиктеди эле чубалжыган, көшүлгөн кызыл жылдыз көзүнө урунду. Мурда билбесе, укпаса да эки колу менен кулактарын басып кыбыланы карап чөгөлөй калды. «Алдо акбар, алдо акбар». Анын азан чакырып, Кудайга сыйынганы ушуну менен бүттү көрүнөт. Анан кандай ат койсом дегендей ойлоно түшүп, өзү да шашып калды. «Атын Аманат койдум,элине кадыры өткөн адам болсун», — деп бата кылды да делдектей басып, атына минген бойдон чаап жөнөдү. Таң ашырылган күлүк билген жолу, КекиликАшуунун туу жонунан эңкейген кезде Бөрүбай ат тизгинин жыйып артына кылчайды. Үйү көрүнбөйт. Ал эмес, Аңыр-Көлдүн кылаасыда бүтүндөй көз жаздымынан чыгып, али санаасы ордуна келбеген ал күн чыгышты тиктей, жалпак ташка көчүк баскан бойдон кыймылдаган жок. Таң атып келаткан экен. Кекиликтер бөжөңдөй ташганташка секирип чыгып, анан атаандашкандай биринин артынан бири сайрай башташты. Алардын үнүн башка куштар колдоп кетти. Көпчүлүк ойлогондой таң агарып атпайт экен. Ал адегенде көгүш тартып, үлбүрөгөн көк жибекче улам чоюлуп, түндү сүрөт, ансайын жылдыздар суюлуп, нуру өчүп, акырындай чыгыш тарап мала кочкул тарта чачырап келаткан кундүн нуру ак чокулуу тоолордун учун жылмалай баштайт. Мына ошондо гана ал ата бабадан бери келаткан расым боюнча Бөрүбай дитин коюп, чыгып келаткан күнгө сыйына баштады... «Ааламдын атасы,касиеттүү күн! Мээримиңди, кубатыңды бизден аяба. Жанжаныбар дебей ырысты, өмүрдү сенден алабыз. Төшү түктүү кара жердин ээси да сенсиң. Көктөгү жылдыз да сенин эркиңде. Сенсиз өмүр токтойт. Сенсиз биз бир макулукпуз. Карегибизден нуруң өчпөсүн, чекебизден жылуулугуң кетпесин. Түндө мен уулдуу болдум. Ошонун чымындай жанын аман кой. Оо, касиеттүү, күн!» Жерге толук күн тийгенде Бөрүбай атын жетелей ойго түштү да, булакка жүз чайкап, канжыгага байланган азыгынан бир аз жеп, чаначтагы айрандан кере жуткан соң кайрадан атына минди. Ошо бойдон ал маң болгон адамча кайда бастырып, кайда жүргөнү, кайда түнөгөнү менен иши болбой, үч күн эч кимди жолуктурган жок. Деги эле ал кимдир бирөөлөрдүн караанын көрсө буйтап кетип жүргөнүн өзү бир билет. Айыл көрсө алыстай качып жолобойт. Азынаган айгыр, үйүрүйүр жылкыдан качат. Ага дем берген, анын санаасынан чыкпай кубаттандырган —жалгыз гана жары жана жаңы көргөн перзенти. Үчүнчү күнү кечке жуук жалгыз бастырып бараткан аны: — Эй макулук, токтогун! — деген катуу үн селт эттирди. Кайдан чыкты дегендей ал азыраак аярлай калса бет маңдайында кула ат минген Бакалбай чал. Ачуусу келген, ызырынган Бөрүбай ат тизгинин тескери бурмакчы болгондо Бакалбай кайрадан ачуу унчукту. Чапсаң кууп жетем. Уккуң келбесе да угасың, артыңдан калбай сүйлөй берем. Андан көрө бир аз аярла, айта турган кепбар. Ошондо Бөрүбай чалды жаман көрө жалт караган дейт. Чалдагы Бөрүбайды арбап жиберчүдөй андан көзүн албаптыр. Ушу жерден балдарым, Бакалбай чалдын өңтүсүн силерге айта кетейин. Өңү керсары, көзү чекир, сакалы суйдаң саргыч, башында сары түлкүнүн бучкагынан тигилгең малакай. Айтор, адам десе адамга, куучу десе куучуга окшош, өзүнчө бир жаткан жан экеи го ал. Ал улам куулуп: бирде күлүп, бирде сустаят. Сыягы, бечара жигити сынай карагансыйт. — Сизге кай жеримден жаздым? Эмнеге эле мени аңдыйсыз? Жолумду торобо, аксакал, — деп Бөрүбай жалооруду.— Сага жамандык кылайын деген ниет жок менде.— Андай болсо жол бер, аксакал!— Айттым го, сага жамандык кылбайм. Кайра жамандыктан сактайын деген тилегим бар.— Чын элеби?— Ооба, чын болбогондочу. Айтайын десе уккуң келбей жатпайбы! — Андай болсо мени коё бер, аксакал! Кеңешинизди бир жумадан кийин келип угайын.— Анда кеч болуп калат, пендем.— Азыр менде сөз укканга чолоо жок. — Бөрүбай атын сооруга чаап жөнөй бергенде Бакалбай аны менен катар бастыра берип, жигитти кекетиптир. — Тукум бузуп, адам тукумун булгап, бул эмне кылганың?— Кимдин тукумун бузуптурмун? — Адамдын деп жатам.— Кайсы адамдын.— Жалпы адамзаттын. ..— Кандайча? — Ачуусу келген Бөрүбай чалды жекире карайт.— Сага жети күнгө чейин үстүмө кирбе деп айттыбы аялың?— Аны сиз кайдан билесиз? Бакалбай тоо жаңырта күлөт. Күлгөн сайын сакалы сербеңдей өңү улам куулат, көзү ачылбай ыкшыган куучуну таңгала тиктейт Бөрүбай. Анда чал сүйлөптүр:— Шордуум, мен билбеген бу дүйнөдө эч нерсе жок. — Койчу?— Ооба, билген үчүн айтып жатам буларды.— Деги аксакал, өзүңүз кимсиз? Эрди-катындын жалгыз отуруп сүйлөшкөн сөзүн тыңшаганыңыз уят эмеспи... — Мени куучу Бакалбай деп бекер айтышпайт. Мен сөз тыңшабайм. Менин пирим сары тайтан жер жүзүндө болуп жаткан окуянын баарың айтып берип турат...— Андай эле кыйын экен, сенин пириң мени чаап алсын. Урдум ошону! — деп жаны күйгөн жигит бастырьш кетет. Бакалбай болсо анын алдын торой көзү чекирендеп, өңү улам куулуп, жанталаша сүйлөп кирет:— Эрди катын деп коёт дагы кебелбей, Жыргаган катындуу болдум деп жатасың го, шордуум.— Аны менен змне айтмакчысың? — Мурда дагы эскертсем ишенген жоксуң, койнуңдагы катын сөрөйүң адам тукуму бекен?— Анан кимдин тукуму?— Аның жыландын кызы. Ишенбесең азыр барып көр.Аның аппак эркек бала төрөп коюп, өзү алты кулач жылан боло, баланын мээримине канчудай эмес...— Калп!— Айтпадымбы, ишенбесең азыр үйүңө бар. Боз үйдүн туурдугунан шыкаалап көр. Калп болсо кепиним өрттөнсүн! — Ишенбейм! — Бөрүбай катуу кыйкырды.— Калп болсо, кайра келип бетиме түкүр!


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2016 - 13:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Айласы түгөнгөн Бөрүбай калтырап титиреп туруп калгандейт. Кантсе да жигитти ишендирдим деп ойлогон Бакалбайдын бетибашы ого бетер тырышып, аны сынагандай карайт да, бирде күлөт, бирде мостоёт. Анын үстүнө балдарым, чалдын сөзүнө мындан ары йшенбеске айла жок болчу. Илгеркилер үчүн кепиним өрттөнсүи дегенден өткөн каргыш болгон эмес. Ошентип ыза болгон, ичи күйгөн Бөрүбай ыргылжың болуп турганда:— Баргын, кана жөнө! — дептир оңбогон чал. Айла канча, ачууга жеңдирген шордуу аялына берген убаДасын таптакыр унутуп коюп, үйүн көздөй чаап жөнөйт. Чаап келатып, дагы эле болсо чалдын сөзүнө көп ишене бербей дүбурт угуп, кокус шекшибесин деген кыязда ал атынан түштү да, аны обочо жердеги буйгага байлай салып, өзү жыла баса боз үйгө жакындайт. Эгерде чалдын айтканы калп чыгып калса, билгизбей кайра артка кете берем деп ойлойт ал. Боз үйгө жетип жетпей, ансайын жүрөгү алып учкан бечера туурдуктан шыкаалайт да, чын эле аялынын эмчектен ылдыйкы тулкусу бүт бойдон жылан экенин көрөт. Жылаңач бала энесинин мамасын балкылдата ээмп, аялы болсо баласынын май көчүгүн куйругу менен сылай көшүлгөн бойдон чалкасынаң жатыптыр. Чоочуй, бир чети эси чыккан Бөрүбай кетенчиктей басып, кетерде аялы башын көтөрө коюп, кыйкырып жиберет.— Сен ким? Буту чалыштап жыгылып кетчудөй араң турса да,Бөрүбай бир орундан кыймылдай албай каккан казыкча элейт. Эмне кылат: анда үн да, сөз да жок .— Убалыма калдың, убалыма калдың! — деп онтогон аялдын үнү эми бошоңдой баштайт. — Болору болду. Эми кир, кире бер. Айласы кеткен жигит ордунан козголбойт. — Арманымды, керезимди айтып калайын. —Ангыча баланын да ыңаалаган, ыйлаган үнү чыгат. Ошондо Бөрүбай башка эч нерсе ойлоого чамасы жетпей, эшикти шарт ачкан бойдон үйгө кирип барган экен... Чалкасынан түшкөн бала төрдөгү көлдөлөңдүн үстүндө эки бутун көктү карата тыбырчылай ыйлап жатыптыр. Кызыл эт наристени Бөрүбай ала коюп бооруна кысканда, ал эмнегедир соороно түшөт. Ошондо аялы: — Эшикти түрүп койчу? — дейт ары чарчагандай. Тиктеген сайын бүт тулкусу акырындай жыланга айланып бараткан аялын көрүп Бөрүбай кыйкырып жиберген дейт.— Кара көздү кашайтпа, токтой тур, Арзыгүл!— Мына ушинтип эми Арзыгүядөн биротоло ажырайсың.— Токтой тур дейм, жан бирем? Бир аз сүйлөшөлүк! — Рас эле, анда канттиң, шордуум! — Аялдын үнү кайрадан шылдыңдуу. Жыланга айланбай, анын башы гана калат.— Токтой турчу, жаным! — Жигит өксөп ыйлап жиберет.— Баланы эмне кылам? Мына бул кызыл этти кантип багам?— Ыйлаган сайын жигиттин көз жашы аялдын бетине таамп, ошондо гана мойнуна чейин жыланга айланган Арзыгүл токтой калат. Сүйүүдөн чыккан көз жаштын касиети мына ушунда да...— Эшикти чоң аччы? — дейт ал. Бөрүбай эшикти түрүп коюп аялынын жанына отура калат. Аял эми оор үшкүрүнөт.— Тил укпай, убалыма калдың. Карачы, бекер жерден балаң жетим, өзүң жесирсиң. Аздан кийин биротоло жуз көрушкүс болобуз, байкушум. Жигит ого бетер солуктайт.— Мага убал жок. Ушундай көрө өлсөмчү... — Кой, антпе. Сен да кошо өлсөн, бала талаада калбайбы! — Мен жерге кирейин.— Болору болду, боёсу канды, антпе дейм. Алдагы ымыркай үчүн кур дегенде бирибиз жашайлык. Кандан чыккан, жандан чыккан наристеде не күнөъ? — Мага убал жок!— Аны көп айтканда не пайда. Андан көрө сөзүмө жолтоо болбой угуп тур. Бөрүбай баш ийкей, ооз учун кыбыратты.— Айтэ бер, жан биргем. Угайын... — Башынан ушул тагдырга дуушар кылган да сен өзүн элең. Мага чала болот. Ошондо ата энемдин тилин албадым.— Кандайча, жаным? — Шашпагын эмй. Азыраак убактыбыз бар. Ошол жөнүндө айтып берейин. Менин тагдырым жөнүндө укпасан,сен дагы өмүр бою өкүттө өтөрсүң.— Угайын, жан биргем, — жигит демин ичине алды.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2016 - 13:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

... Мен туулгандан эле оюнкараак, сергек өстум. Анан калса, атаэнем өтө жакшы көрүшкөндүктөн аябай эрке элем.Эмне кааласам, ошону жасоочумун. Оюм менен болушчу байкуштар. Эркелигим гана болбосо абдан зээндүү болчумун. Көпчүлүк байкабаган, көпчүлүк туйбаганды мен элден мурда сезчүмүн. Баары таңгалышчу, баары макташчу. Келипкелип ошол сергектигим жана оюнкараактыгым өз башыма тийди. Ал жөнүндө кийинчерээк айтам. Башкаларча тамакка тоюп алган соң, ийинден чыкпай уктай бергенден каччумун. Деги мен боз кыроо түшкөнгө чейин ийинге киргенди жаман көрөр элем. Таңга маал куштар сайрап,күндүн муруту чачырап келаткан кезде айтпа. Мен коңулдан сойлоп чыгып, кыпкызыл болгон күндү тиктейм. Андагы күн ңурунун кооздугу ай. Тиктей берип, тиктей берип, көз кумарым канчу эмес. Суу тийбеген таштын түбүндө, дүмүрдүн нчинде жатсам да таңга маал чыйрыгып каласың. Мен жерге жарык түшкөндө сойлоп чыгам да, топ карагандын же жалпак таштын үстүнө чыгып алып, күн шашке болгончо уктайм. Туштушуңдан куштар сайрап, төмөн жагында чоң суу шаркырап агып жатат. Мен болсо мемиреп кебелбейм. Жолтоо болгон эч ким жок. Курсак ток, бейкутчулук жаныңды жыргатат. Мага суунун киргени, жамгырдын жааганы, булактын акканы, чагылган чартылдайкун күркүрөгөнүнө чейин жакчу. Бирок биз чагылгандын огунан аябай коркчубуз. Оттун пири — чагылган. Отту чагылган тууган деп энем ар качан кулагыма куя берер эле. Андыктан биздин кудайыбыз от деп билчүмүн мен. Чынында да оттон өткөн коркунучтуу душман жок биз үчүн. Өрт каптап, жыландардын далай тукуму отко күйүп өлгөнүн энем көп айтчу. Анын чет жакасын мен өзүм да көрүп калгам. Жайкысын биз суу жакалай, шиберлүүжерлерди жакшы көрүп, жар боорун пааналасак, күзгө тарта эчким. коюлбай калган эски мүрзөлөрдүн арасындагы сары өзөк болуп куураган чөптөрдүн арасын жакшы көрчүбүз. Ал жерде чычкан, келемиш дегендер аябай көп. Ал эмес, күзгү жамгырда жана боз кыроо түшкөн кезде чээнге кириш үчүн үй даяр. Эски мүрзөлөрдүн ичи кургак, жылуу боло турган. Кээде куу токойго чагылган тийип өрт чыгат. Ошондогу биз көргөн тозокту айтпа. Жылас басканда биз каплет каптап келаткан өрттү билбей калып шорубуз куруучу. Ийинге кире качууга үлгүрбөй, канчабызды от оп тартып кетпеди. Ийинде жатканыбыздын ичинде да аман калгандары аз боло турган.Анда түтүн каптап дем ала албай өлгөнүбүз канча. Оттон коркпогон гана жалгыз суу экен жарыктык. Сууга тийген от тумшукка жегендей жалп өчөт. Аны биз жакшы билчүбүз. Андай чакта сууга кире качканыбыз гана аман калып жүрдүк. Бир жолу күз ченде сар жондогу эски мүрзөнү өрт каптады. Анда биздин тукумдар КууКуурай деген кыштоого жаңы келгенбиз. Түтүн жыттанып, дуулдаган өрттүн добушу бизге кадимкидей угулуп турган. Энем тилин соймоңдотуп кудайга жалынып жатканын бир билем. Кышылдап отко күйүп жаткан жыландардын тозоктуу үнү ай. Кийин бир барсак каплет чыккан өрт аларды сойлоп чыгууга үлгүртпөй мойсоп таштаган экен. Күйгөн жыландардын сөлөкөтүн тиктөөгө дит барган жок. Түпкүчтөй түпкүчтөй болуп оролгон боюнча жатышат байкуштар. Ошондуктан биз үчүн оттон өткөн душман жок деп ойлочумун. Адеп сиздин үйгө баш бакканда оттон коркконум эсиңдеби? Деги бизге оттон башка ким коркунуч туудурмак эле деп ойлочумун байкуш башым. Көрсө.мен катуу жаңылып жүргөн турбайынбы. .. • Дагы да болсо, эми жыландардын табияты жөнүндө азыраак айта кетейин. Силер жылан десе бекер жерден чочуй бересиңер. Мындан ары ишенбей жүр антип айткандардын сөзүнө. Анын үстүнө адам тукумуна үйүр келебиз. Адам турмушу,анын тиричилиги бизди ар дайым кызыктырат. Баарынан улуу деген от адамдын колунда ойнойт. Анын коломтосунун куту да от. Отту өзүнө багындырган адам эмей ким? Адамдын негизги касиети да ушунда деп ойлойм мен. Дагы айтам: жылан тукуму бөөдө жерден бөтөн жанга катылбайт. Өз ичинен чыккан дили караны эмне үчүн жыланга салыштырат адамзат? Мен ошого таңмын. Аны чыгаргандар Бакалбай куучуга окшогон жүзүкаралар. Ал жөнүндө да билгендерибиз көп. Азыр кези келип турат, ал жөнундө бир аздан сон айтып берем. Мен ойлойм, жыландай боорукер, жыландай сыйкор эч тирүү жан жок. Бекер жерден биздин эчкимге зыяныбыз тийбейт. Биз боорубуз менен сойлоп өз бетибизче жүргөн бир пейли таза жанданбыз. Ошону билбей, жылан десе жаа бою качкан жалакайлардын жалган сөзүнө сен ишендиң. Чын-чынына келгенде достук менен сүйүүгө,жолдошчулукка бизден өткөн күйүмдүу ким бар экен? Аны сен түшүнгөнчө качан, байкушум. Биз жыландар адамдын жакшыжаманын же кара өзгөйлук менен адамкерчилигин бир көргөндө эле тааныйбыз. Өзгөчө аны биз үнүнөн ажыратабыз. Бул жагына калганда мёнден өткөн жылан болчу эмес. Ошентип, азыр ойлосом, кыялкечтик, оюнкараактык менин негизги кемчилдигим экен. Сарыатандуу жайда менин таптакыр эле уктагым келбей: тоо токойменен талаанын шоокуму, булбулдун сайраганы, суулардын шары, шамалдын добушу жанымды жыргатып, бирде жаныма тынчтык бербей, жаныбыздагы кичинекей көлгө боюмду таштап, айлуу түндө балыктар менен куушуп ойногум келчү. Мени көргөндө эми эле көктү көздөй секирип ойноп жүрүшкөн чабактар көлдүн түпкүрүн көздөй житип кетишет. Менин курсагым ток, аларды жегим келбесе деле эмне үчүн качышат деп, балыктардын макоолугуна таңкалып, энеме даттанган учурларым да болгон. Анда «макоосуң да деп энем мени зекийт. — Бизди жылан дейт. Сүрдүү келебиз. Ал эмес, бизди бир көргөндө адам балаасы да селт эте чочуп кетет». Айттым го, жазгы «нөшөр, жайында кирген суу да мага жагар эле. Дайыма эле сойлоп жүргөндүктөн жыландар жылдыздарды көрбөйт экен деп ойлобо. Мен жар боорундагы ийинден башымды созгондо көктөгү жьглдыздар көрүнчү. Мен алардын көлтүгүнө таңгалбай, мен алардын мени менен сүйлөшүп, көз ымдашып жатканына кызыкчумун. Суу киргенде энеатамдын агып өлөсүң, койай дегенине болбой анын агымына бой таштайм да,башымды көтөргөн бойдон агып жөнөйм. Суунун шары кээде мени ала салдырат, айлампага уруп көпкө чейин айламды кетирет. Өжөрлүгумө салып, моюн бербеген мен аркы өйузгө сүзүп чыгам да, жар бойлой сойлоп отуруп куүгүм киргенде үйгө келчүмүн. Ошентип жашоо кумарына канбай, өзүмчө мас жүрүп, мен биринчи жолу адам ,менен кездештим.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Disappear   13 Март 2016 - 13:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Анын жайы мындайча. Жайдын толуп турган кези. Биз Чүмкөк деген жайлоодо элек. Жашаган жерибиз үйдөй болгон кызыл таштын коңулу. Жаныбызда созулган билектей кашка булак. Ичи толтура балык, төмөн жагыбыз балырлуу саз. Анда да балык мол. Эсимде, ошол жылы биздин жаныбызга чоң ак боз үй конуп калды. Көгөн толтура тизилген козуулак. Уйжылкы, ал эмес, чуулдап үргөн иттери да көп эле. Боз үйдү көруп аябай кызыктым. Өзгөчө мага адамдардын үндөрү жакты. Чыдабай кеткен мен бир жолу боз үйгө сойлоп кирсем, бешикте бөлөнгөн бала жатыптыр. Үйдө андан башка эч ким жок экен. Баланын жыты мага ушундай жакты дейсиң. Мен акырын бешикке сойлоп чыктым да баланы тиктедим. Бала көшүлгөн бойдон кебелбейт. Мен аны тиктей бердим, көпкө чейин тиктедим. Бир маалда ал көзүн ачты да, мени көрүп күлдү, менда күлдүм. Аңан көңүлүм жибип кеткен байкуш жаным түпкүчтөй үч оролгон бойдон баланын төшүнө жата калгам.Анын көкүрөгү аябай жылуу экен, көзүм илинип кетиптир. Бир маалда энеси кирип келип бир бакырды дейсиң: «Жылан!» Мен өзүм да түшүнбөй калдым. Ал эшикке атьга чыгып, бир кемпирди ээрчитип кайра кирди да, өзү кетенчиктеп бери баспайт. Мен эмнегедир алардан корккон жокмун. Кемпирдин үнү жумшак, ары мээримдүү эле. «Тийбегиле жарыктыкка, тийбегиле! » — деп сүт чача баштады үстүмө. Ошо кезде мени издеп энем да боз үйгө кирип келиптир. Чурулдаган үндөрдөн улам мени өлтүрүп коюшат деп корксо керек. Жолума ак чачып жатканын көрүп раазы болду да: «Болду эми, башыңды көтөр деп шыбырады. — Бизге сый көрсөтүп жатышат. Өйдө бол, тентегим. Кетелик, Акак», —деди жайдарылана. Мен энемдин артынан ээрчип жөнөдүм. Ошо бойдон мен балага биротоло үйүр алышып кеткем. Кийинки жолу келгенимде бала төрдө жалгыз ойноп отуруптур. Мен алдына сойлоп барсам, ал дароо мени белден аткыды. Мен баланын билегине оролдум. Анын менден корко турган түрү жок. Ошентип экөөбүз жыргап ойноп жатканбыз. Бул жолу баягы ак чач кемпирдин көзүнө дагы урундум. Ал унчукпай эшке чыгып кеткен бойдон үй ичин ээрчитип кайра кирди да: «Мына бул апакай жылан тегин эмес. Кол көтөрчү болбогула. Бул деген жыландын пири —Шахимардендин тукуму. Сардарбекке зыян кылбайт! Кайра аны колдойт!»— деп, ак чачты да, анан жайпак кара аякка толтура сүт куюп керегенин түбүнө койду. Мен сүт ичкенди үйрөнүп, аны аябай жакшы көрүп кеттим. Кийин алар үч жыл катары менен ошол жерге көчүп келишчү. Мен баланы жазбай тааныйм. Анын үнү топ балдардын ичинен чыкса да жазбай ажырата билем. Ошол балага аябай куштар болуп калгам. Бул жолку жайда алар жайлоого келбей калышты. Мен баланы сагынып күткөн элем. Мен аны издедим. Конултуктап, куса болгонумду айтпа. Баланын изин кууп, алыс баргым келди. Ал үчүн жапа чегүүгө, азап тартууга даяр элем. Бел ашып башка жакка кетсе да табам деп чечтим. Атаэнем макул болушкан жок. «Бекер жерден майып болосун. Ээленбе дешти алар. Белде кар кете элек. Тоңуп өлөсүң». Айла канча, көндум. Ошондо табитиме тамак тартпай сары оору болуп жатып калганым эсимде. Биздин ийиндин жанынан ойноп өткөн, чуркап өткөн бала бакыраны андан кийин мен көп эле көрдүм. Алардын ичинен бирөө да Сардарбекке окшошчу эмес. Адамга мээримим түшүп, куса болуу дегенди мен биринчи жолу ошондо түшүнгөм. Адамдардын арасында жашагым келип кетчү. Айры буттардын баарысы боорукер, сыйкор болот ко деп ойлочумун. Көрсө,андай эмес турбайбы. Аны айтканымдын өзүнчө себеби бар. Бир жолу биз баарыбыз эң жаман окуянын күбөсү болдук. Биздин ийинден жогору, чоң ак таштын түбүндө ордолу, бир уюк кошуналарыбыз жашай турган. Ошол жайда алардын жанына да боз үй тигилип, аябай сүйүнүшкөн болчу бечаралар. Кечкурун, жайлоого салкын түшкөндөн оюнкарак экиүч бала жыландар боз үйгө сойлоп киришет. Көрө койгон.аялы: «Жылан!» деп айкырганда үй ээси. ширидей кара киши кирип келип бечаралардын экөөнү белинен былчырата тепсеп таштайт. Калгандары ийинди көздөй качып жөнөшөт. Кара сур мыкаачы качкандардын артынан акмалап жүрүп отурат да, жыландардын ордосун билип алат. Бир топтон кийин кайра келип, бир казан кайнаган сууну ийинге куйса болобу тозокко күйгүр. Адамдагы мыкаачылык деген эмне экенин биз ошондо билдик. Ийиндеги жыландар кайда качышат. Тырышып, бырышып бечералардын азаптангаңын, кыйналганын айтпа. Алардын өлүмүн алдыртан байкап биз баарыбыз ыйладык. Баса, алардын ичинен башында ак мүйүзү бар кара сур жылан аман калды. Ошол алаамат болуп жаткан кезде ал сыртта жүрүптүр. Ал ордонун башчысы экен. Биздикине келип алып ийрилип жыйрылып ыйлап жатат дейсиң. Апам менен атам аны араң сооротушту. «Адамдарды биз да билебиз, баары бирдей бекен? Ичтеринде боорукерлери арбын». Ата-энемдин айткандарына ынанса да: «Саам бир өч алам алардан. Ансыз көксөөм суубайт» — деди ал жесир. Бирок ошол эле күнү карасур мыкаачы журтун таштап коркуп көчүп кетиптир. Сур жылан душманын жайлоонун алкымынан кездештирет. Кымызга тойгон ал урган чак түштө жалпак таштын үстундө уктап жаткан болот. Бейкут жаткан эмени байкатпай келип чагып кетүүнү намыс көрөт ал эр. Жылаандар мындай карабеттикке эгерим жол бербесин билип кой, Илээнди. Ошондуктан душманынан ойгонушун күтүп, аны тиктеген бойдон тура берет ал. Биздеги салт боюнча жекеге чакыруунун жолу ушул. Ошентип, белчесинен өйдө туруп алып, өзүнчө эле башын эки жакка ыргай мүйүздүү суржылан касын арбоодо. Арбашуунун күчү ушунда болсо керек, бир маалда тигил уктап жаткан кара сур киши да башын көтөрө берип, эки жагына жайыргалган бойдон кирпнгин да ирмеп койбой, көздөрүн кадап, душманына тикирейгенден тикирейүүдө. Арбашып жаткандарды биз алыстан байкап турдук. «Эми эмне болот? Кимиси жеңет?» Айтор биз да өзүбүзчө бушайманбыз. Жыландын кичинекей ачекей кара тили дирилдей, бирдеме сүйлөгөндөй оозу тынбай бир кезде алы кетип бараткансыган. Адамдын да оозу эбиреп, шыбырап бирдемелерди тез тез кайталоодо. Иши кылып, экөөнүн тең көздөрү бирибирине кадалып калган кез эле. Кызыгың түшкүр, кара сур кишиден алкашалка теркетип, бир эт бышымга жетпеген мезгилдин ичинде ал кадимкидей өңдөн азып, шылынып дегендей, таптакыр арыктай түшүптүр. Тим эле көз алдыбызда ээрип бараткандай эти кача баштаганына баарыбыз таң калдык. Аңгыча, шумдук окуя болду. Тээ, туура жактан карбаластаган аял чуркап келаткан экен. Эринин кейпин көрүп, аябай коркуп кеткен бечара катын алыстан эле: «Карабек! Карабек!» — деп, кыйкыра берип көмкөрөсүнөн кетти. Байкуш киши, аялынын үнүнөн улам жалт эте карай берип, алаксый түштү да, кирпигин тартып алганда, мүйүздүү сур жылан душманынын алкымынан шап эткизе чагып алууга үлгүрдү. Ошондо Карабектин бүк түшкөн бойдон тырпырай түшкөнүн бир көрдүк. «Азаматсың, Баканооз! Сен жендиң! Мөрөй сеники!» Быяктан биз тигини куттуктап, табабыздын канганын айтпа. Кошунабыздын аты Баканооз экенин ошондо билип журөбүз. Оозу чоң, алкымынын кенендигинен ошондой атка конгонун кийинчерээк апам айтып берген. Баканоозубуз болсо, баягы арбашкан жеринен анча алыс эмес саздакка сойлоп жетип сулк жыгылыптыр. Карасак, ал суудаң гжай, шашпай ичүүдө. Карабектин тегерегинде да кыйкырык чуу чыгып эл батпайт. Ал жылдыз толгондо үзүлдү. Ага чейин шойкомдуу жаным мен кой десе болбой керегенин түбүнөн шыкаалап турдум. Уу анын алкымынан кысып жүрөгүнө өтө баштаган кез го. Аларан дем алып, кара көк тарта шншип кетиптир. Улам эле Бакалбай чалыңар кара кеседеги суудан ууртап коюп,улам улам ага бүркүп, дем салган болот. Канча аракет кылса да, көзү ачык Бакалбайдын дубасы ага эм болгон жок... Маркумдун кара ашына ак боз бээни баш кылып, көп мал союшту. Бээни элден мурун ал экөө арбашкан жерге жыгыштыда, канын тепшиге тосуп алышып, баягы Баканооздун жолуна чачышты. Көрсө, адамдар жыландардан кечирим сурашып: «Элдешелик, ичибизде кек калбасын», — дешип өз жолун кылып жатышыптыр. Кечинде Баканооздун жанына жыландар келпштн да: «Адамдар жолун кылышты. Адамдар кечирим сурап жатышат. Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч» деген айры буттардын макалы бар. Кечирим кыл, Баканооз. Мындан ары ичиңе кек сактаба. Карабектин калган тукумдарына зыян кылба» — дешти. Ошондо «Кек бүттү. Кек бүттү» — деп табасы канган Баканооз да уюган канга тумшугун малган.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 03:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: