Жарыя эски жомок айткан ырым.
Кан соруп, тойбой өткөн канча зулум,
Карабай, Сарыбай деп эки бай бар,
Экөөнүн ортосунда сансыз мал бар.
Карабай, Сарыбайдын жаны бирге,
Жайылып төшкө чыккан малы бирге.
Экөө кеңешишип айткан күндө,
Карабай, Сарыбайдын тили бирге.
Конушта бир отурат үйү бирге,
Чатырды белге тиккен жанаштырып,
Айылдан жалгыз көчкөн адаштырып.
Карабай, Сарыбайда эки аял,
Экөөнү ырым менен айттым баян.
Экөө кечээ күндүз үйдө даяр,
Бир күнү бул экөө жол алышты,
Балабыз уул болсо дос кылсак деп,
Балкып бою, кызып туруп кол алышты.
Кыз болсо курбу болуп жүрүшсүн деп,
Айылдаш коңшулар билишсин деп.
Бири уул, бири кыз болсо шунда,
Убадасы экөөнүн болмок куда.
Аялдын экөөнүн тең айы жетти,
Карабай, Сарыбайлар ууга кетти.
Алыстан кулак салып булар жөнөйт,
Эки аял бапбарабар бирдей төрөйт.
Кемпирлер киндигин жетип кести,
Дем алып эки аял тең көзүн ачты.
Карабайдын аялы уул тапты,
Асмандан нурун чачкан чолпон жылдыз.
Эки бай бир тилектеш кечээ күндүз,
Сарыбайга кудай берди бир сулуу кыз.
Эки байга тең сүйүнчү чаап кетти,
Байлардын эшиткенде көөнү өстү.
Сарыбый кыз бермекке болду кайыл,
Карабай мал бермекке болду тайын.
Жентек той, кудалык той болду бирге,
Экөө тең катташып жүрдү күндө,
Карабай, Сарыбайда кызык өскө,
Байбиче сүйүнгөндөн салды сөйкө.
Экөө насип болду жазып калам,
Карабайдын байбичеси сулуу Санам.
Экөөнүн убадасы мурун нечен,
Калыңды бай Карабай берди нечен.
Сарыбайдын байбичеси сулуу Шекер,
Экөө тең максатына качан жетер.
Карабай кудалашып сыйды көрдү,
Тагдырдан ажал жетип шондо өлдү.
Кызыккан кудаларды теңир бөлдү,
Кайгыны санашканга катуу салды,
Арзуу менен коргон уулу жетим калды,
Аксанам артык сулуу жесир калды,
Бул өлүм экөөнө кесир салды.
Козуке Карабайдын баласы эле,
Тиктесе оң көзүнүн карасы эле.
Өлбөсө Карабайдын кубаты эле,
Экөө бир тилекте турат эле.
Сарыбайдын көргөн кызы сулуу Баян,
Карабайдын түшүндө көргөн аян.
Шум өлүм экөөнү бөлүп кетти,
Ажал күчтүү бай Карабай өлүп кетти.
Байбиче Санам жесир калды жатып,
Козуке жетимче деп кызын бербей,
Бөлүнүп өз элинен кетти качып.
Убада, шерт жолуна чыдай албай,
Тагдырдын буйругуна ынай албай,
Сарыбай акылынан кетти шашып.
Санам сулуу калың берип калды күйүп,
Он бешке бала жетти жетим жүрүп.
Козуке он бешке энди жеткен,
Ордо ашык болсо баарын черткен.
Козуке минип жүргөн буурул жорго,
Баладан кутулбаган салган ордо.
Ордого кызык болгон бала шондо,
Баладан Санам сулуу көөнү тынды.
Ордодон чүкө чертти эр Козуке,
Козуке черткен чүкө учуп барып,
Чекеде бир кемпирге катуу тийди.
Отурган Бакты жандын буту сынды,
Чыңырып Бакты кемпир жаны күйдү.
Бир убакта эс токтотуп өйдө турду,
Ачулуу Бакты кемпир бир сөз урду:
Ордого мурун шашып жеткен бала,
Жашында атасы өлүп көпкөн бала,
Көпкөнүң зыян кылды эми мага,
Айтайын сен билбесең сырды сага.
Карылык жакын жеткен мен бир муңдуу,
Кайлыгың алыс кеткен Баян сулуу.
Өз атаң байлык кылган али бойдон,
Карабай келин алмак Сарыбайдан.
Атаңдын ээлеп калдың барлык малын,
Артыкча Баян сулуу сенин жарың.
Көпкөнүң мен кемпирге көрсөтпөстөн,
Кайлыгың Баян сулуу жетип алгын.
- деп, Бакты кемпир ачуусу келип, бутунун оорусуна чыдай албай, Козукеге энеси жашырып жүргөн сырды айтат. Бала таң калып, энемден сурайынчы деп энесине барат. Энеси балама айта турган маалы келген жок деп сырын жашырат. Козуке эмне кыларын билбей ойлонот да, тура калып, эне курсагым ачты, буудай кууруп берчи дейт. Энеси чын көөнү менен буудай куурат. Козуке шашып, кочуштап алып бер дейт. Энеси шашкалактап, жетим өскөн чунагай деп, кочуштап алганда, колунан бекем кармап, мени балам десең айт сырыңды дейт. Энеси колунун күйгөнүнө чыдабай кое бер балам айтайын деп жалынат.
Козуке энесинин колун бошотот.
Кара оозуна кан толгур,
Жин оозуна жин толгур,
Кандай неме айтты экен.
Чоңое элек жетимге,
Чогууда бирөө айттыбы?
Эскире элек жетимге,
Эрмектеп бирөө айттыбы?
Акылы жок жетимге,
Айылдан бирөө айттыбы?
Болбоду көөнүм бир күн жай,
Кайнатаң аты Сарыбай,
Кайненең Шекер, мен Санам,
Сурадың кыйнап сен балам.
Арманым артык менде алам.
Билдирүүнү түзөткөн: belka: 04 Апрель 2016 - 00:22