Суперстан: Айта бар менин кебимди... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Айта бар менин кебимди... Арслан Капай уулу Койчиев (роман)

#21 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 15:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Башы оорлоп, чыкыйы ооруганын, өзөгү карарып, карды ачканын эми сезди. Ойлонуп бакса эмнени гана уккан жок эртеден бери. Тил күрмөөгө келбеген “Интернатсанал”, кайсы-бир активди колго салып шайлоо, көзгө көрүнбөгөн дагы бир активдердин көлөкөсүн колго салып төргө чыгаруу (“ардактуу президиум” дейт экен аны), партиянын утурумдук иштери, үркүн, Абдыракмануб, Камбаруб... Эки ортодо кыйкырган урааны канча!? Урушка түшчүдөн бетер “ураалашканы” канча!? Башы ооругудай, каны бузулгудай эле болуптур. “Өх!” деди ичинен.

Топурап калышты делегаттар. Илгерки бай-манаптын тобундагыдай болуп, үй тиктирип, конок алган ким бар дейсиң, “чайынын ылайыгы кандай?” деп бүшүркөп, “Кол чаначым! Кол чаначым бар эле, канжыгада асылуу эле!” деп кол чаначтарын сурап, “Үкөктүү келди элем! Үкөгүм!” деп үкөгүн издеп, делегаттар азан-казан түштү эле:

-Конокторду чайканага алып баргыла! Чайканага баштагыла!
- деген буйрук айтылды.

“Чайкана” десе чайнектин чоргосунан шырылдаган сууну ченеп саткан чайкоочу эске түшүп, кол чаначтарын тутамдай, корунгансып калышты эле:

- Кызыл чайкана! – деди баштаган киши.
Ошондо да, “бир чөөгүн чайдын акысын төлөп жүрмөк белек” дешип, куржундуу, чаначтуу делегаттардын жарымы бакты четтей имерилип, жаңыдан жамырай баштаган көктү тебелей келип, чепкен-чапандарынын этегин кайра-түрүнө келип, тегерете жайлана башташты. Аш-тойдо табак тартылчудагыдай болуп, бештен, ондон бөлүнө жолоочулуктун казанын асмакка кам урду. “Бысмылда! ” деп коюшат чөк түшүп жатып, “Бысмылда! ” деп коюшат чанач-куржундарынын көзүн ачып жатып. Күлазыкка калама нан, бышкан эт, тоңдуруп койгон куурдак, курут алынган экен, суусар тебетейин сеңселткен оокаттуудан өңдөнөт, арасында чучук, казы-карта, бөөн-карынга куюлган сары май, сүзмө ала келгени бар экен. “Аксарбашылына айтуяк чалынчу, кырк кулактуу казан асылчу жорукка кабылдык! ” дешип уу-дуу, “Айтуяк айтчу маал эмес, мал - көтөрүм эмеспи! Анын үстүнө Бишбектин чок ортосу! Өзү Бишбек болсо, орус сойдурбай калсын, бакты чукутпай калсын!” дешип уу-чуу. “Абдыракмануп улуксат алып берсе, заматта тегерете казан асып, ылайыгын деле таап жибермекпиз! ” дегени чыкты ичинен. Деген менен үзүкчүлүктүн ың-жыңы билинбеген узун-узун дасторкон жайылды. “Курултай дасторкону! Кара-Кыргыз абтоном облусун чакырчудагы, чамгарагын сегиздеп көтөрчүдөгү курултай дасторкону! ” деп бажаңдашат.
Куржунун сүйрөгөн Таласбай Зулпуев кайсы топко кошулаарын билбей кайсактап калды эле, капталдан бирөө “Таласбайлап” чакырды. Он чакты кыргыздын арасына кыпчылган Саадак мойнун буруп, колун маңдайына алып, булгалап туруптур. Таласбай Зулпуев анын жанына жүйүртө отура калып, куржунунун көзүн ачты.
Саадактан өйдө отурган, устуканына жамбаш кармаган чокчо сакал кыргыз кезеги эми келгенсип, жыйынды эми билгенсип кеп салат:
-Кандуу моюн мужуктун жазасыз жүргөнү жалганбы?
Кой терисин жамынып, делегат атанып, арабызда жүргөнү канча дейсиң!
Бу кишинин партия чыгаардан мурун томояк жүргөнү билинбейт, атка минер көрүнөт, сөөлөтүнө караганда мурда болуш, болбоду дегенде ыстарчын жүргөн кебетеси бар. Абдыракманов менен орустардын кызыл чеке түшүү жагдайын, талаштын ушул жерин ачыктай албай башы маң болгон делегаттар чокчо сакалдын оозун тиктейт. Анын айтуунда Абдырахманов “кара орус жазалансын” деп, орустар - каршы. Ушундай турбайбы! Эмне эле мушташчудай кызаңдап, жулунушат десе! Текши унчукпай, сары майга малынган бармактарын жаланат, эттен үзүп оозго салып, сүзмөдөн илип сугунуп, жаактары бүлкүлдөйт. Элпектенип эт туурап, кыя тилинген эттен, анда-санда этке аралаштырып, бөөндөгү сары майдан томкоруп, оозун толтурган Саадак анын сөзүн улайт.

- Керимбай досум кандай жүрөт? – дейт чокчо сакал делегат.

- Күүлүү, - дейт оозу бошобогон Саадак.

- Такай топ үстүндө болчу эле, - дейт тигил.

- Топко мени атказбадыбы, - дейт Саадак.

Абалтан ымаласы бар немелердей. Кандай топ болуп бөлүнгөн буларың, экөөнүн кобурашканына аралашса сөздөн жаңылышчудан бетер, отургандар кулак гана төшөп, жаактарын чулчуйта эт чайнап курсакты тойгузуу менен алек. Коомайланган Таласбай Зулпуев ушинтип ойлогуча:

- Жусукебиз кыргыздан кызматчы чыгаруу жагын да сонун келтирди ээ! – деди Саадак кудундап.

Абдыракмановдун сөзүнөбү, же башкасына ичи чыкпай калганбы, айтор, чокчо сакал:

- Кул-кутанды сүрөгөн заман, - деп күңк этти.

- Кедей-кембагалды! – деди отургандардын бири териккен түр менен көзүн чекчейте.

Баята Абдыракманов трибунаны муштагылап бакылдаганда, кулагына сиңген белем:

- Пролетариат! – деди Таласбай Зулпуев таптак.

Чокчо сакал делегат “дегеле кыйраттың” дегенчелик Таласбай Зулпуевди бир тиктеп алып, үстүндөгү бейкасам чепкенди карап турду да:

- Кайсы элденсиң? – деди бир маалда.

- Аксыдан. Саруу элинен, - деди Таласбай Зулпуев бейкапар.

- Жашың? – деди тигил.

- Жыгырма жети, - деди Таласбай Зулпуев.
Таласбайдын чаарала чапанын жактырбай караган тигил киши

эми “жыгырма” деген сөзгө чындап иренжип, сынай тиктеп калды.

- Аксынын канчасы обулуска кошулду? - деди.

“Жер уусунан кабарлуу го!” деп ойлоп калган Таласбай Зулпуев:

- Нанай колоту чек болду. Тоо жагы кыргызга кошулду, пас жагы... жаңыча аталды, өзүбек аталды, - деди.

“Пас” деген сөздөн тамаша чеккиси келген тигил киши:

- Өзүң деле “пас” жактык окшойсуң, биз жакка кантип өттүң? –

деди.

Отургандар “дуу” эте күлүп жиберишти. Киши күлөрлүк эмне

айтканын түшүнбөй Таласбай Зулпуев элейди.

- Эмнесине күлүп? – деди Саадактан.

- Сени Намангандын сарты деп ойлоп калды, -деди

Саадак кыткылыктап.

Арданган Таласбай Зулпуев “энеңди...” деди ичинен.

- Ким мунуң? – деди.

- Жумгалдын манабы, – деди Саадак. – Саяктан!

Таласбайды чычалатып алган Жумгалдын манабы кайра жайгармакка устуканынан үзүм эт сунду:

- Кел, агаңдын колунан даам ооз тийип кой!

“Жумгалдын манабы түгүл, Кокондун каны болуп кетсин маа демектен. Шакаба чеккен неменин шагын сындырып коёюн” деген ойдо, Таласбай оройлонду:

- Сага окшогон кишинин колунан кешик алганча! - деди.

Отургандар кастарын тигип, жаман көзү менен карашты. Төбөдөн ары бир урчудай обдулуп, Жумгалдын манабы үрпөйүп калды эле, Саадак ортого түштү:
-Ал, алып кой, кадырлуу киши сунуп жатканда...

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 24 Апрель 2016 - 15:40

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 19:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Анан мойнун буруп:
-Биз жаат, - деп тыйды.
-Ким жаат? – деп опурулду манап.
-Биз жаат, - деп кайталады Саадак.
- Кыштак болуп конгон элдин кыргызчылыгы кем, - деди манап.
-Булар кыштагы жок эл, - деди Саадак. Манап унчукпай калды. Жаатташуудан кайдан кабары болсун,
“курултай делегатымын” деп жүрбөйбү Таласбай Зулпуев.
Бири түркөйлөнүп, бири оройлонуп, текши суз тартып отуруп калышты. Ардеменин башын бир чулгуп, кош сөздүү сүйлөшүп, көпкө отурушту аңдынып.
Дене-башын жазып, буттарын кенен-чонон чоймокко отурган жерлеринде жамбаштай жата кетишти. Өтүк-маасыларын, чокойлорун чечип, чулгоолорун жая койду четте отургандары. Тебетейлерин кыйшайта түртүп, нымшыган чекелерин аарчынат, ооздорун чоң ача эстеп, чайкана жакты карайт алаксымакка.

Эриге түшкөн Таласбай Зулпуев ордунан туруп барып, не чөл кыргызы, не чалымы бар өңдөнгөн делегаттардын тобуна кошулду. Арманын жалгыз айтса Абдракманов тоотпостой туюлуп, “ушуларды кошо бетиме кармап, айтчумду айтып калайын, көктөн издегеним жерден табылбадыбы! ? Жабыла айтсак, жааласак, угар,” деди ичинен.

-Мен Абдуракманупдун алдына барам, - деди Таласбай
Зулпуев.

-Эмнеге? – деп үрпөйүштү тигилер.
-Багыш, жоо – кесек, найман ... ушунун баары чекти
ажыратууда Кара-Кыргыз өкүмөтүнө кошулбай, чекилик кетти. Ушуну айтып кел деп аттандырышкан мени. Абдуракманупка жеткирейин. ..

“Абдуракмануптун алдына барчу киши тура!” дешип, тигилер жаалап калышты:

-Жакшы болор эрди! Түрк, кыпчак элиден болобуз. Экиге
бөлүнүп, өкүмөтсүз калганыбызды айтып бериң, аке?
-Ии... – деди Таласбай Зулпуев. – Чогуу баралы!
-Курамадан эдем... – деди бири.
Белин жоолук менен аарчындаган кара чапан ал немени муңуна Таласбай Зулпуев кулак төшөй албай калды.
Так ошол маалда чайканага кеткендердин алды бириндеп, арты чубалып келе баштаган. Негедир алды ашыгычтуу келип, ач кулактан тынч кулак дегенсип бакка отургандарга аралашты, арты өз ара кажы-кужу айтышып чубалат. Жакындаган сайын кыжылдашканы катуурак. Кулак салышса, кыйкырыктуу келатышат. Ынтымактуу эле кетишкен, эки жаат болуп бөлүнүп, жакалашчудай келатышат. “Колго салабыз!”, “Колго салабыз!” дегендери угулат. Ага көнбөй каршы тарап опурулат.
Отургандар моюндарын созуп, аңдоо салат. “Эмне болуп кетти!” дешип, этек-жеңдерин кагынып, ордуларынан атып турушту. “Эмненин колго салганы?” дешип таң.
- Акетай, ээй! Чай ичишпей эле, арак ичишкен го буларың!? –деп тамашага чалат бирөөсү.
- Самагун! “Самагун” дегени болот орустун! – дейт экинчиси.
Ачуулуу топту баштаган орто чендеги беш-алтоо – орусча чолок этек чапан кийген, баята “турпанчыбыз” деген делегаттар кебетеси – кызыл чеке түшүп, бирин-бири омуроолойт, биринин сөзүн бири жөнөтпөй, кыйкырып келип каруулары менен урунат. Ай-койго келбей, бир маалда чапчыша кетишти. Арачы түшкөндөр күйпөлөктөйт:
-Ой, жигиттер! Кантесиңер! Колго салабыз дебедикпи?
-Сабыр кылгыла, колго салабыз! Сабыр кылгыла!
-Жолдош делегат! Тарт колуңду! – деген үн угулду.
Колун кагып жибергиче, сабыры түгөнгөн бирөөсү муштумуна
ээ боло албай, шарт бурулуп муштап калды. Муш жегени ашата сөгүнүп алып, жакалаганды тумшугуна туштап урду. Тебетейи ыргып кеткен тигиниси “Какы-ый! ” деп кыйкырып, маалкатпай тээп алды. Тебенекти капталынан чыккан бирөө былч эттире уруп өттү, уранаакты бирөө качырып келип тээп өттү. Ага болушуп дагы бирөө жулунду. Анан калың топтун эки жаат болуп төбөлөшкөнүн көрүп ал. Баары эле муштумун түйүп, тегеренип жүрөт, “атаңын оозун!..” деп сөгүнүп, айланып жүрөт. Жарылган төбөсүн кош колдоп басып, башын ийнине каткан бирөөсү качып жүрөт, канжалаган тумшугун билектеп жанган бирөөсү кууп жүрөт, бири жер кулачтап жыгылат, өлөрман бири айкырып кайра тура калат... Ичин басып, өзөрүп бири жүрөт жөргөлөп.
Жанараакта эле, чайга чыкканча эле Абдыракмановдун
маңдайында о дүйнөлөп кыйкырып, “үркүндөн кайтканбыз, үздүгүп жүрүп кайтканбыз” деген кыргыздар мына ушинтип мушташып атты. “Он алтынчы жылында бир өлүмдөн калганбыз, Текес-Турпандан бери тентигенбиз, кокуй! Терип жегенибиз кой текей, узун текей болуп, Терс-Маёодон ары өткөнбүз, кокуй! Куму эшилген эрме чөлдү кезгенбиз, как эткен каргасы жок, кук эткен кузгуну жок ошол чөлдүн этегинде “Лоп” деген жер кую болот экен, Лопко чейин киргенбиз, кокуй! Домбул бийден кийин кеткенби, Долон бийден мурун житкенби, иши кылса айры калпак “улоптук” деген эли болот экен, ошол улоптукка улагалаш жүрүп, аз жерден “улоптук” боло жаздаганбыз, уксуз кете жаздаганбыз, кокуй!” деп безеленген кыргыздар, чөкө таандай чурулдаган кыргыздар өлөр-тирилерин билбей мушташып атты. Атасынын куну бардай, бирин-бири жеп жутчудай мушташып атты. Баштары айрылып, көздөрү чыкканча мушташты.
- Милиция! – деген үн угулду орус делегаттардын арасынан.
Ордуларынан атып турган орус делегаттар жалпысы менен “милициялап” кыйкырып калды эле, кыргыз делегаттар капталдан айгай салды:
-Жооптуу катчы бар эмеспи! Жооптуу катчыны чакыргыла!
-Жусупту алдыргыла, ботом!
Кыргыздардын кыйкырык-жүйөсүн жөн тапкан орустардын “милициялап” бакырганы басаңдай, кошо жоопту катчыны чакырышты:
-Юсупа сюда! Юсупа Абдуракманова сюда! Скорее!
Ошондо соорусу бышаңдуу (керки тамга эле анысы) бедөө аргымагын жулкунтуп, жоо кийимчен Абдыракманов кайдандыр-жайдандыр келип калбаганда, “эмне кылыгыңар бу!” деп айкырып, албууттанып айбатын салбаганда, ким билет мушташтын кантип бүтөөрүн. Ким билет, чилдей бытырап Турпандан бери безгенин айтып, эмеледе бышаң-бышаң ыйлаган кыргызың бул саам бирин-бири бычакташып тынмак беле тим койсо!?
Жаалы кайнагандан өңү кер сары тартып чыккан Абдыракманов делегаттарды ичкериге топурата айдап кирип, кыдырата тизип алып, бир сыйра сөккүлөдү. Тобоо, шыңгоосунан келген Абдыракмановдун кабылан сымал сүрүн кара ошондо, же жооптуу катчылыктын камчысы ошончолук катуу беле, айтор, чоң-чоң эле кишилер, Абдыракмановдон бойлуу, эңгезердей эле кишилер кер сүйлөөгө даабай, баштарын шылкыйта, сүрдөп туруп беришти алдында.
-Жолдоштор! Кыргыз баласы качан оңолот деги!? Көзүңөр
качан ачылат! – деп сөөмөйүн кезенет кызыл аскер фуражкасын көзүнө баса кийген Абдыракманов. – Чачылган баш-аягыбыз жыйналбай жатканда, кагышка түшчүдөй болуп эмненин талашы!? Төңкөрүштүн шарданы аркасында эрктүү элдердин катарына кошулсак, өзүнчө облус күтүнүп атсак, өзгөрүшчүлөрдүн кылаар жоругу эмес бул!
Каңырыгы түтөп, зээни чындап кейиптир кайран жигиттин, кыркалекей тизилгендердин алдында жер тепкилеп, ары басып кейиди, бери басып кейиди. Жанатада трибунаны чапкылап, элсизде жүргөнүн айтчуда мынчалык түтөгөн эмес эле. Бир кейисе он алтынчы жылында кызыл уук түшүп бозгондо кейигендир мынчалык, боз улан чагында Турпан жолунда тозгондо кейигендир мынчалык, көчмөндүү кыргыз элинен адашып, атпай чиркей журтунан азганда кейигендир мынчалык. Көзүнөн буурчак-буурчак жаш төгүлбөгөнү эле болбосо, тегеренип жиберчүдөй кейиди кайран жигит.
Чын эле эмненин талашы? Же бир, башың сайып чек талашып атпаган соң, же ошол чектеги алыштын башын талашып атпаган соң, эмненин анчалык кырды–бычак талашы? Эл талашканы деле угулбайт, эл талашып атпаган соң, анда эмненин кызыл-жаян мушташы? Таласбай Зулпуев аң-таң. (Сураштырып укса, жаңы активдердин арасында жаат-жаат бөлүнгөн өнөр чыгып, “уулучулук” деп коюшат экен аны, “Кудайкул уулучулук”, “Сыдык уулучулук” деп коюшат экен. Кийин өз башына түшпөгөндө ушул мушташтын жандырмагы өмүрүнүн аягына чейин бүдөмүк бойдон кала бермек).
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 19:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

“Өчтүүнү күчтүү жеңиптир” деген анык белем, Абдыракманов үнүнүн калчылдаганын араң тыйып, сөздү акырындап ар кайсы оез-болуштан элди бөлүү, облус чегин ажыратуу ыңгайына бурду. Мындай топ “ликбез” деп аталып калган жаңыча, анын сыңарындай чукулу ликбезге окшоп калды мунусу. Көчмөндүү кыргыздын жер чегин ажыратууну Абдыракманов Лениндин төрүндө, ошол кишинин өзү менен көздөшүп, бычып келгенсип, кепке кызыккан делегаттар бирин-бири түрткүлөй, кулак түрмөккө ороло калышты. Айылга айда-жылда бир каттаган чоң жомокчу-санжырачынын кебин тыңшагансып, тебетей-малакайларын көтөрүп, моюндарын созо Абдыракмановдун оозун тиктешет. Эртеден бери укпаганыбыз калган жок деп жүрүшсө, кеп чүйгүнү айтыла элек экен алигиче, трибунаны койгулап, оруска сүр көрсөткөнү менен Абдыракманов ачыла элек экен алигиче. Жооптуу катчы оозун эми ачырды тигилердин. Арасында кыйын ашуу-белдери бар Ала-Тоонун тээ Каркыра, Челек, Кашкелең, Каштек, Бетегелүү Кой-Таш, дагы эмне-эмне деген өндүр-өтөктөрүнөн бери бирден саймедиреп санап, автоном облустун топурагын айланта айтып чыкты эле, “Ой-буй!” дешип, далайы башын чайкады. Жетим эле жүрүп жетилген неме экен өзү, кайдан жүрүп мунун баарын көкүрөгүнө түйгөн капырай, далай жылы тентип эле жүргөн неме экен өзү, качан жүрүп жердин уусун үйрөнгөн капырай, не бир бел-белестерди тизмелеп чыкты эле, тээ Эдил-Жайыктан берки адыр-күдүрлөрдү угушкансып, бирдаарлары “Пай! Пайлап!” жакаларын карманды. Байкоостон бири “Челеги каяк эле?” деп шыбырады эле, Абдыракманов жемелегендей жалт карады. “Бетегелүү Кой-Таш дейби? Каяк эле?” деп дагы бири күңкүлдөдү эле, жекиргендей жалт карады.
Эл арасынан чыгат экен да, сөзүнө караганда билгени бар өңдөнөт, баягы “Мукай Камбарубмун” деп, үркүндү айтып безеленген, кишини тик караган делегат боорундагы курун таянган тейде:
- Ал берки жагы. Короготу, Түйүшкөн? – деди.
- Казакта, - деди Абдракманов.
- Кордой менен Ыргайты? – деди делегат.
-Билем! – деди Абдыракманов талылуу жерден карматкандай
оңтойсуздана, - Үркүндө ээн калган кыргыздын жерине казак отура калып.
Кыйла жердин казакка өтүп, чектин Чүй суусун бойлой
ажыратылып калмагынын жөнүн узун түшүндүрдү. Майдалап түшүндүрүп, оозун жыйганча, “Мукай Камбарупмун” деген делегат негедир жооптуу катчынын сөзүн макул албай, не какшыктаганы, не кээр узатканы белгисиз, турган жеринде жамактатып:

-Короготу, Түйүшкөн,

Кеткенине күйөмүн.

Кордой менен Ыргайты,

Кошо кетти, күйөмүн,

Кантейин! - деп көктү тиктеген бойдон күңгүрөнүп коё берди.
Кер-мур айтышчудай болуп барып, сөзүн улаган Абдыракмановдун бир оокумда:
-Анжыянды да алалбай калдык! – деп кошо үшкүрүнүп
алганы Таласбай Зулпуевдин эсинде калыптыр.
“Баса-а! Анжыян, Алай арасы, Анык журту кыргыздын” деген
кеп бар эмеспи эртегиден, айтууда “Манаста” эмеспи! Аныбыз эмне болуптур?” дешип, тургандар ошондо араң Анжыянды эстешип, чоң сөз укмакка белендене, Абдыракмановду түйшөлө тиктеп калышты.
-Биздин камыбыз чала болуп калды. Кыргызстандын ордосу...
дегеним, борбору кылуу максатыбыз бар эле Анжыянды. “Экономика” деп коёт орусча, сарамжал жагынан куп оң келмек. Тогуз жолдун тоому, туш тарабы кыргыз журту, өзү кыргыздын эзелки базары дегендей, - деп сөзүн улады Абдыракманов күрсүнө. - Анжыян эми мындан ары Өзбекстан деп аталчу республикага өттү. Өзбекстан демекчи, элин мындан ары өзүбек демей болдук. Анан дагы эсиңерге түйүп койгула, мындан ары [moderated] элин “өзбек” деп каттоо тууралуу партиянын буйругу бар.
Ушинтип, сөз арасында Кара-Кыргыз автоном облусун бир-эки
ирет “Кыргызстан” деп атап, көзүн ачтым деп ойлоду актив чыкмалардын.
Баята мушташкан кыргыздын дайны жок, улам бири ордунан ыйбалуу кол көтөрүп, көздөрү ачылгансып сөздү улайт.
-Бу сарттын өзүбектин арасына киргени чын болсо, биз
деле кара-кыргызы жок эле, анык кыргыз бололу, - деди сөңгөктөй узун кыргыз.
- Кызыл-кыргыз бололу! – деп капталдан чыкты көзү тегерек кыргыз.
Бирөөлөрдүн купулуна толду көрүнөт:
- Кызыл-кыргыз! – деп, күүлдөгөн үндөр чыкты туш-туштан.
Абдыракманов муюгансып калды кайсы биринин
сөзүнө. Ушуну эле күтүп турган жаны, “Анжыян” дегенди укканда кеп удулун кетирбей Таласбай Зулпуев кезектүү сөзүн талашууну чечти. “Бул кайсы актиб сөрөйү? Кулак салалычы сөзүнө!” деп калышты делегаттар. Ал учурда Таласбайдын “Жолдош, Абдыракманов! ” дегенди үйрөнө элек чагы эле, тамагын жасап алып, айтчусун ток этер жеринен баштады.

- “Аксы” деп коёт биз жакты, - деди Таласбай Зулпуев,- Илгери Наманганга чейинки жердин баарын эле “Аксы” деп коюшчу. Нанай колоту бар, Аксынын алкымында, ушул жерлер Өзүбекстан деген өкмөттүү болгонун угуп атабыз, - деди Таласбай Зулпуев.

-Гмм... Биринчиден, Өзбекстан өкмөт эмес. Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы! – деп оңдоду Абдыракманов, - Орто Азиянын атынан Советтик Социалисттик Республикалар Союзуна толук мүчө. Сөзүңүз оозуңузда!

-Жалал-Абад өкүмөтү... - деп улады сөзүн Таласбай Зулпуев.
-Кантону!. . - деп оңдоду Абдыракманов.
-Ии, кк....кантүнү, - деди Таласбай Зулпуев мукактанып.
Чыйраксынган жаны аябай жүдөдү. Мынча кишинин көзүнчө уят болдум деп ойлоп, жерге кирип кете жаздады. “Мендей дагы партия болобу!” деп өзүн-өзү жемеледи. Жыйырма төртүнчү жылдан тарта партия болуп жүрөт, ата-а!
Абдыракманов ойлуу тиктейт. “Эмнени ойлоду экен? Аксынын
жерин кайрып бермекти ойлонуп жүрбөсүн” деди тердеп-кургаган Таласбай Зулпуев ичинде. “Кайран кыргыз эли! Кадрларыбыз караңгы!” деп ойлогон эле Абдырахманов. Бир караса көздөрү чагылып, арбашкандай тиктешип калышкан экен экөө. “Тилиңди жутуп алгансыбай ула сөзүңдү!” дегендей теше тиктейт Абдыракманов. Отургандар жымжырт. Таласбай Зулпуев чыйралды, Абдыракмановдой так сүйлөйүн деп чыйралды. Чыйралып сөзүн улады:
- Кабарыбызда чек тартууга Жалал-Абад кантүнүндөгү шора өкмөтү алсыздык кылууда. Багыш, жоо-кесек кыргыздарынын жерлери экиге бөлүнүп, көбүнесе Өзүбекстанга өтмөктө, - деди.
Ушуну эле күтүнүп турушкан экен, “кыпчакпыз, түркпүз” дегендер кошо ордуларынан комдонуп, ымдашып калышты эле, Таласбай Зулпуев аларды да кыстарды сөзүнө. Аны укканда:
- Алары ким эле? – деп ийиндерин куушургандар болду.
Бирөө баята “Эркин-Тоону” окутуп укчудагыны чала-чарпыт эстей калды көрүнөт:

- Кезитте сөзгө алынды беле жаңылбасам? – деди.

- Таң! - дейт экинчиси.

- Андай кыйын экен, казак, кыргыз теңдүү эле өздөрүнчө болушпайбы? – дегени да чыкты.

- Шора? – деди бири капталдан.

- Жаңы өкмөтчү! – деди Таласбай Зулпуев.

- Ээ, “Кеңеш” дебейсиңби! – деди алиги.

Ушул сөз арасында баятан каарын төккөнсүгөн Абдыракмановдун көздөрү жылт эте түшкөнүн, жүзү тамылжыганын байкады Таласбай Зулпуев. Жеңилдеп алды. “Баса! - деген эле Абдыракманов оюнда, - Талашты ушул өңүттөн салбаймынбы? Маселени ушул өңүттөн жиребейминби? Чын эле каракалпак, кыпчак, түрктүн чаар чапан, ала допу өзүбекке эмне тиешеси бар! Кыргызга боор элдерди кыргызга кошпойлубу! Курама топтоп журт кылмак дегениң ушул эмеспи! Эсеби, каракалпак, аккалпак кыргыз, кыпчак... “Кыргыз” боломун деп өздөрү келип атса!”.

- Кайсы жылдан бери партияга членсиң? – деди Абдыракманов.

Былтыртан бери! – деди Таласбай Зулпуев.
- Жолдош Зулпуев! – деди Абдыракманов:

Жалал-Абад кантону боюнча жер-суунун чегин ажыратуу
ишине уполномочун болосуң! – деди.
Таласбай Зулпуев эсин жыйгыча, “уполномочун” дегениң камчысы узундуу чоң кызмат болоорун угуп жүргөн Саадак Атаев капталынан укуп:

- Аный дей көрбө! – деп шыбырады . - Мени кошо, мени кошо сунушта!

- Макул! – деди Таласбай Зулпуев Абдыракмановду тике тиктеп.

- Мени унутпа! – деди Атаев Таласбай Зулпуевди колтукка укуп. - Эми, ыңгайын таап мени айта көр!
Облустун чын кызматын өтөмөккө керели-кечке тиленип жатып, аксылык делегат Таласбай Зулпуев ушундайча чекке жооптуу ишке чегерилип алды. “Абдыракман уулучулук” деген жалаага кабылаарын, өзү ортого түшүп, кызматка ээрчите келген дал ошол Атаевдин көшөргөн арызы аркасында атылып кетээрин кайдан билсин!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 19:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

V

Жусуп аңгемесин окуп болду. Окуп болду да “эмне таасирде калдыңар?” дегендей, отургандарды калкыта карады. Ушунчанын ичинен эң кызыктуу ойду баягы кызыл үйдүн алдынан көргөн, күмүш күбөк тагынган турна моюн кыз айтаарынан капары жок, төр жактагы ийримдин белдүү мүчөлөрүн тиктейт.

Капкайдагы оозго тыюу окуяларды уккандарына эстери ооп, ийримдин ийри отурган мүчөлөрү адегенде демдерин ката, отуруп калышты мелтиреп. Кеп сынынан бузулбас, “коку-уй, каяктан да келдик элек адашып?” деп, баштарын ийиндерине катып, “өлгөнү жүргөн неме го бул!” деп, эмитен эле үрөйү учкандар да болду. Бир балээнин башталаарын сезгендей, тунжураган тымтырстык өкүм сүрдү. Тынчтыкты ийримдин жетекчиси бузду.

- Канча күндө бүтүрдүң? – деди үрпөйүп.

- Тогуз күнү отурдум, - деди Жусуп.

- Жарабайт! Жакшы чыгарма тогуз күндө жазылбайт! – деди тигил дароо эле.

- Эмнеси чыкпай калыптыр? – деди Жусуп итатайы тутула.

- Оң каарман, сол каармандардын айырмасы жакшы чыкпай калыптыр, - деди тигил.

Талкуу ушинтип башталды.

- Тешкен тоо курулат. Аскасы асманды чапчыган, чокусу обо мелжиген Төө-Ашуу тешилет, ак кар, көк музга жетпей эле, берегиден ашкан эңиш жол түшөт. Ошону жазбайт белең? – деди.

- Өрмөк комбинаттары курулду кыргызда, көз алдыбызда курулду. Качан эле өрмөк комбинаты бар эле кыргыздын. Мына - тема! – деди дагы бири.

- Кезеги келгенде жазаарбыз өрмөк комбинаттарын. Мен азыр атам тууралуу жаздым! – деди Жусуп.

- Кулак салгылачы! – деди бири. – Тактап алалычы, жанагы Абдыракманов дейсиңби? Ал кимиси деги? Кимиң болот?

- Ушундай актив жашаган. Угуумда, атамдын досторунан. “Эл душманы” деген жалаага кабылып, атам менен чогуу атылган.

Десе, отургандар Таласбай Зулпуевдин аянычтуу тагдырына кейип, Жусупка боор ооруган түр кылышат, анан эле Абдыракмановду оозангандан коркушат, ботом.

- Ии, атаң Фрунзеге чейин келген турбайбы? – деген болушат.

Абдыракмановду атабастан, ары кетишет, бери кетишет, жанагы Саадак Атаев деген шүмшүктү сөгүп коюшат. Белинскийди айтышат, Горькийди айтышат, айланып келип эле Атаевди сөгүп коюшат. “Мансапкор окшойт! Андайлар азыр да бар арабызда! ” деп коюшат.

Ал учурда адабият жаатында илим жактагандар бирин-серин болоор эле, анысы да орустан же еврейден болоор эле, узунду-кечке “ошолордой болуп кандидаттык жактасам, чиркин-ай, анан атпай Ала-Тоого “дүңк” этип бир угулсам!” деген тилек менен жашаган, качан көрсөң тирмейип китеп окуган тырышчаактыгы бар курсташы туурадан тийди:

- Жанагы жерин, “түрүк” дейсиңби, ошол жерин түк түшүнгөн жокмун. Турцияны кыстарып атканыңбы эми? Турциянын эмне тиешеси бар буерге?

- Чын эле! – дешти. – Ошол жери оңдуу түшүнүксүз. ..

- Атамдын өмүр баянындагы окуя. Болгону үчүн жазганым, - деди Жусуп. - Ошол элди атам ыраматылык Абдыракманов экөөлөп Кыргызстанга кошмок болушкан экен. Жанагы Атаев дегени айгак чыгып, аттырып жиберген!

- Атаев аттырган? Ээ, аның...

- Жусуп, сенин акындыгың эле жакшы болчу. Уйкаштарды

эксперимент кылгандагы ырыңчы! Жусупка окшоп кетесиң

да! - деди жакын курбусу.

- Кайсы Жусупту айтасың!? – деп бири кычыктанды.

- Сөзүмдөн адаштырба! Кадимки эле акын Жусупту айтамын! –

деди тигил.

Анан Жусуп Зулпуевдин “Улуу сюжет изденип” деген, далай

студенттин арасында жат болгон ырын келтирди:

Өз өмүрүн өзү жазган жазуучу сымал - адам!

Жакшы жашап өткөнү жакшы жазылган,

Чала жашап өткөнү чала жазылган

Китепке окшош ар бир адам!

Убакыт алып-учуп,

Ар бир күн оодарылат барак сымал.

Чиймеленген барагыма кейип турам!

Түзөтмөккө кемтигин өмүрүмдүн,

Кунун кууп алмакка,

Чийки чыккан күндөрүмдүн,

Улуу сюжет издеп турам!

Жаңылтпай санагымдан,

Барактарым куушуп,

Күндөрүм сапырылат.

Бири кетет - китепке, бири - текке.

Жаңылбай санагымдан,

Үч жүз алтымыш беш күндү барактаймын жылына,

Ыргытып мезгилимдин архивине.

Уйпаланып,

Актай кеткен барактарга кейип болуп,

Улуу сюжет издеп турам.
Жаңылтпай санагымдан,

Барактарым куушуп,

Күндөрүм сапырылат.

Бири кетет - китепке, бири - текке.

Жаңылбай санагымдан,

Үч жүз алтымыш беш күндү барактаймын жылына,

Ыргытып мезгилимдин архивине.

Уйпаланып,

Актай кеткен барактарга кейип болуп,

Улуу сюжет издеп турам.

Университет күндөрүм беш том болуп,

Оодарылат жылдарым том-том болуп...

Улуу сюжет издеп турам!
Ушинтип ырын окуп, Жусупту коргоп калайын, капкаяктагы “Абдыракманов, Атаев” дегендерди оозандырбай, талаштын нугун бурайын деген амалы экен көрсө.
- Бали! Бали! – деди бири.
Ырдын ыргагын таанып алганына корстон ылдыйкы курстун
студенти:
- Берлибир! – деп кыйкырды.
- Верлибр! – деп корс этти чоңураак курстун студенти.
Ийримдин жаңы кошулган жаш мүчөлөрү өөн сөз уккандарына
аңырайып турушса, Жусуптун ырларын жакшы билген дагы бири:
Жо-ок! Сенин өнөгөлүү ырларың эле мыкты, - деди.
Самое главное, чтобы мысль была поэтична! – деди,
“Белинский болчумун” деп талаптанган бирөөсү орусча кербезденип.
Мунусун кыргызча оодарып айтканында, балким беркилер дагы бирдеменин башын чубап, моюн бербей кажылдаша беришмек беле, андыктан китептен окуганын окугандай кылып так айтты эле, төрө жосун угушкансып, унчукпай калышты калгандар.
Бир далай кетишти көрүнөт, ийримди баштаган жигит кайрып
келди талкууну башына:
-Жолдоштор! Жолдоштор! Тынчтангыла! Бүгүн Жусуптун
аңгемесин талкуулоочу күн эмеспи! Чыгарманын идеялык мазмуну тууралуу оюңар болсо ортого салгыла а көрө! Мына, Максим Горькийдин “Эне” романындагы идеялык мазмунду келтирдиңер. Сөз ушул нукта болсо...
- Толстой “Согуш жана Тынчтыкты” тогуз которуп жазган! – деди анда дагы бири.

- Тогуз жолу көчүрдүм! - деди Жусуп моюн бербей.

Кайра эле ары кетишет, бери кетишет, жанагы Саадак Атаев деген шүмшүктү сөгүп калышат. Белинскийди айтышат, Горькийди айтышат, арасынан окумалыраак бир-экөө Чернышевский менен Герценди аралаштырып коюшат, айланып келип эле Атаевди жабыла сөгүп калышат. “Андайлар азыр да бар арабызда! ” деп коюшат. Балким көп эле ойлор айтылгандыр, бирок Жусупка ушундай туюлду.

- Байкелер! – деди күмүш желбирөөчү алмадай мойнунда тагылуу кыз, - Турмуш эки деңгээлде болот деген ойго токтоп турам. Адамдын жер бетиндеги чыныгы турмушу, анан - ойлоп, ою менен жасап алган турмушу. Ал – искусство. Жусуп байке атасын көркөм дүйнө, санаа аркылуу тирилтип алган сыңары...

- Молдолордун окуусуна окшоп кетет экен мунуң, - деди бири, - Тигил дүйнө, бул дүйнө. Жалган дүйнө, чын дүйнө. Анын сыңарындай. ..

- Экинчи бөлүгүн бүтөр убактың качан? – деди ийримдин

башчысы сөздү бөлүп.

- Тыкыр жумуш чыкпаса, эки аптада апкелем, - деди Жусуп.

- Менин сунушум мындай, - деди ийримди баштаган жигит, - “Антагонизм” деп коёт адабиятта, оң каарман, сол каармандардын айырмасын көзгө сайгандай ачыктап жазсаң. Таласбай Зулпуев эл душмандарынын айыбын таап, ашкерелесе, жанагы Абдракманов дейсиңби, ошону ашкерелетсең, менимче анын оң каарман касиеттери дааналана түшмөк!
Акыры чындап эле Жусупка боорлору ооруганыбы, же болгон деңгээлдери ошол беле, айтор жанагы Атаев деген шүмшүктү катыра сөгүштү да тарап кетүүнү эп көрүштү.
Эртесинде Жусуп дегдеткен “Ала-Тоо” журналына жетти эртелей, жүрөгүнүн карасы жок курчтугун кара, түз эле редакторго кирген.
Редактор адегенде алдындагы кол жазманы мурдун чүйрүй карап турду да, кыңая ачылган каалгадан кабылдамадагы келинге шыкаалап:
- Турсунуб мага кирсинчи! - деп кыйкырды.
Көз айнек тартынган, ийне жутуп алгандай арык неме экен Турсунову, каалганын эле түбүн кайтарып отургансып, маалкатпай кирип келди шыпылдап:
- Чакыртыпсыз, жолдош редактор!
Редактор карабай туруп эле кол жазманы карматты Турсуновго.
Анысынын ант ичкендей кубарып чуркап келээрин кайдан билсин, Жусуп Зулпуевди “Дагы жазып тур, көп жаз! Токомбаюпту, Сыдыкбекупту, Баялинопту көп оку! Азырынча бара бер! Өзүбүз кабарлашабыз! ” деп, адабий акыл-насаат айткан болуп, жолго салып коюп, чалкалап отурган. Бир маалда көзү алайган Турсунов – көз айнек тартынган кишинин көзүнүн алайганы да курусун, айнектин артынан тим эле чанагынан чыкчудай чекчейет каректери - эшикти чертпей туруп эле эңтейдей кирип келди:
-Бул баарыбыздын түбүбүзгө жеткени жүргөн арам го!?
-Ыя!? – деди редактор обдула.
Кызматкер колуна кол жазма эмей эле, кочуштап чок кармап алгансып редактордун алдына таштаганча шашты:
-“Ала-Тоого” чагым салып, ушул турган жайыбызды орду -
түбү менен буздурганы жүргөн неме мунуңуз!
Кызматы төмөн неменин кеп-сөзгө келбей эле боюн ала качып, күнөөнү арта салгансып “мунуңуз” дегенине редактор катуу терикти:
- Ошон үчүн карап бермекке сага тапшырдым да! Эмне экен?
- Мунуңуз контр жүргөн неме, чагымда! - деди кызматкер. - Чагымчы болбосо жалаң эл душмандарын жазабы да “Ала-Тоонун” босогосун даап аттайбы?
- Контр!?
Редактор колуна албастан туруп, алдында жаткан кол жазмага үстүнөн үңүлдү.
“Ала-Тоо” журналында мына ушундай окуя болгон. Алиги экөө “редакцияда бөлөк киши укпасын муну” деп сөз бекитишти да, дароо университет жетекчилери менен КГБга кабар урганча ашыгышты.

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 24 Апрель 2016 - 19:46

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

VI

Ошол жылдары Фрунзең дагы чоң калаалар менен тирешип,
чоң калаага окшоп баратканынын бир каадасы кейиптенип цирктүү болгон. Ошол циркте казыналык ат минип, журт ордундай оюлган жерди мээси айланбай тегерене чапкылаган казыналык чабендеси, кыл аркандан кыл арканга чегирткедей секирген казыналык дарчысы, башы тултук, көлчөйгөн чокойлуу казыналык куудулу, анан дагы казыналык балбаны болот экен. Алтынчы күндөрү Турар Атаевдин “женпедден” кийинки эле эрмеги циркке бармай болчу. Жел таманданып алыстан келет, тээ университеттен келет атайы. Циркке кумар эле. Айрыкча белин кайыш кур менен таңынып алган, булчуңдары үйлөп койгонсуп чулчуйган казыналык балбандын чулу темирлерди башынан ашыра-ашыра ары ыргытып, бери ыргыткан оюну! Көпкөлөң учуру экен килеңдеген Турардын, алиги казыналык балбан менен күч сынашсам деген да ой кетчү.
Цирктин оюну жок эле ошол күнү. Кеч күздөгү Дзержинканын жалбырактары чала күбүлүп жарым жылаңачтанган эмендүү багын, чырпык-шагы каркая керилген ак теректерин аралай басып келип, арык боюндагы жөлөнмөлүү тактай отургучка көчүк баскан эле. Бүгүн да адашкансып алыстан, тээ университеттен келген. Болжолу ноябрдын ортосу болсо керек эле. Анткени, ошол окуядан оболу 7-ноябрь майрамына катышканы эсинде, жоон топ студенттер азыркы Абдымомунов көчөсүн бойлой топурай басышып, кыргыздын “ССР” экендигин билдирген өкмөт үйүнүн алдындагы аянттан кызыл байрак көтөрүнүп, ураалап кыйкырып, жер тепкилеп өтүшкөнү эсинде. Топ студент ошол көчөнүн тигил башындагы үч кабаттуу жайды жаңсай көрсөтүшүп, Кремлди көрүшкөнсүп таңыркап, “Советтик Кыргызстан”! “Советтик Кыргызстан” гезити ушул жерде! Токомбаев иштеген!” дешип, ал жерге жалаң улут кеменгерлери жыйылып алгансып, аларга караганда өздөрүн көздүүнүн сокуру сезишип, “не бир даана кишилер отурат мында!” дешип уяттуу тамшангандары да эсинде.
“Женпеддин жатаканасы” деп коёт, а бирок чындыгында жубандары жок эле жалаң кыздар мекендеген төрт кабат жай, ошонун тушундагы жөлөнмө отургучта чалкалап, кыйгачтап тийген күзкү күндүн коңур төккөн нуруна чубактап, жатакананын терезесин шынаарлап отурган. Көздөгөнү - циркке барчу төтө жолдо таанышкан институттун моймол кызы. “Булактап качан көрүнөт? Үстүңкү кабаттын кыркалекей кайсы терезесинен алмадай башын чыгарат?” деп күтүнүп, көзгө урунаар замат кол булгалап калайын, карпа-курп жетип барайын деп отурган.
Аны женпеддин маңдайына чүлүктөп апкелген азгырыктын аты эмне? Алиги кыздын эмнеси азгырып, тигинче жерден бери убарасына карабай бастыртып келди? Ушул ойлор туюк каптап келгенде, моюн бербей, “али ашыктык эмес” деди ичинде. Ашыктык болбосо эмне анда? Делебесин козгогон кумарбы? Кумар!
Бүгүнкү түйшүгүн кыз жандоонун кайгысы менен өткөрүп отурган. Бийик дөңгөлөктүү, калың каалгалуу “Победа” деген машиналар болоор эле, Дзержинканын капталындагы чон жолду бойлой зуулдап өтүп кетсе башын буруп, тиктеп калат. Сооруларын чайпалтып күлүңкөз орус кыздар өтөт өйдө-ылдый. Оюнда боюн ченеп, “Атаңгөрү! Орус катын алсамбы! Орустан алсам Аралдык туугандарым эмне дээр эле!?” деп карап калат. Кайра эле институт жакты кыйбай акмалайт.
Казыналык жазуучулар өтөт каалгый басышып. Ушул тегеректеги сыраканалардын бирин кыргызың жоро кылып алган дейт, Мидин менен Райкан ошол жерден чыкпайт деп уккан. Аларга көз сала издеген болот көрүп каламбы деп. Ананчы, Фрунзеге келбей жатып “Тураровка! ” деген лакап аттуу болсо өзү, Мидиндин алдынан жол тосуп, учурашпаганда эмне экен!?
Теңтуштарынын арасында лакап аттуу болуп, аңызга айланган
ал жоругунун жөнү да кызык. “Кыргызстандын булуң-бурчунан ушунча дос күттүм! Чүйдүн төрүн көргүлө! Коноктойм эле коноктойм! ” дегенинен чүйлүк курдашын ээрчиген курсташтар дем алышка туштап, октябрдын этегинде тээ Кеминдин оозуна чейин айылчылап барышкан. Турардын илгериде Сары-Өзөн атыккан Чүй боорун алгач аралап чыкканы ушул. Шыр жеткен унаа жок ал заманда, жолду катар эки-үч мертебе автобус которуп, ал ортодо жыландын изиндей болуп тоону аралап, жыбытты бойлоп кеткен жолдун айрылышынан уусун таппай адашып, “грузовой” деп коет, артынан коюу чаңды ызгытып борту тактайланган машине келаткан экен сапар жалгап, ошол машинеге жармашып, конок алчу жерге араң жетишкен эле. Ала-Тоонун кокту-колотун аралап кетишкенсип ошондогу саякаттын ыракаты! Аралачусун аралап өткөн, кыйгачусун кыйгап өткөн көп кыштактардын эсебин алчудан бетер бирден санаган Турар Чүйдөгү конуштардын жыгачтуу келээрине бир эсе сонуркай көз чаптырса, жалаң орусча аталганына таңыркап, адашканын деле билбей калган. Бир маалда коноктогон теңтушу: “Бизде орустар көп!” деп компойгон. Анысы: “биз жетишип калдык” дегени эле. Каадаланган топ студент өздөрүн милдет конок туюп, унчукпай отурса, кучунашы кармаган Турар дасторкон үстүндө:

-Айланайы-ын! Быягы жалаң эле Лебединовка, Покровка,
Ивановка, Быстровка тура! Деги эмне болгон элсиңер? – деп омуроологон эле чүйлүк курдашын.

- Эчтеме болбой эле!

- Моберекинин кенебей сүйлөгөнүн карачы! Кыргызча айтсаңар бирдеме болобу? Анда аты-жөнүңөрдү деле өчүрүп алгыла! Айырмасы жок болсо, “Иванов”, “Петров” болуп катталгыла эмитен!

- Өчпөй эле! Жогор жактын баары эле кыргызча, ылдый жагы орус конгондон бери эле ушундай!

- Кыргызча ат таппай калдыңарбы?

- Гмм...

- Ат таппасаңар менин атыман койгула анда! “Тураровка” деп койгула!

- Болду! Болду! Мындан ары “Тураровка” деп жүрөлү! – деп кутулган курсташы. – Танда анда! Кайсы кыштакты “Тураровка” деп жүрөйүн. Быстровканыбы же Ивановканыбы?

- Иши кылса бир кыштак карызсыңар маган!

- Солточук! – деп кайраштырды бири.

- Ит эле болдуң сарыбагыш! – деп эрегештирди экинчиси.

Калжың-чыны аралаш айтылган ушул сөзгө бүтүндөй курстун бир кылка балдары сандарын чаап каткырып, “Турар” дешпей, кээде “Тураровка! Тураровка келатат!” деп калжактап калышканы ошондон.
Чүйлүк курсташын чымчып алчудагы ушул окуяны бир маал
эстеп, “дагы эмненин ичинен чыксам” деп, коңур салкында чубактаган күн нуруна жүзүн тосуп, желдүү тартып баратса чолок күрмөсүнүн бүчүсүн тарта кымтынып коюп, Турар Атаев Дзержинкада, оттору кечинде балбылдаган айтылуу Дзержинкада жай отурган. Өткөн-кеткенге көз чаптырып коет. Өңкөй кырдуу шляпа, курбулуу шапке кийген, өңүрү жоон балтырга жеткен узун плаштуу казыналык акын-жазуучулар каалгый басып өтүшөт өйдө-ылдый. Ийиндеш баратып, өз ара акырын сырдана кобурашып өтүшөт. “Акын-жазуучулуктун бир белгиси колду чөнтөккө салып, каалгый басуу, шыбырашып сырдашуу окшойт!?” дейт баамында. Cары чачтары чоктой албырган кызыл-сары жалбырактар сымал кулпунуп, сокбилектей- сокбилектей оролуп сооруларына түшкөн, беттерине эндик-упа жапкан, ойноккөз орус кыздар өтөт өйдө-ылдый. Шыңкылдап күлүшкөнүн кулагы чалса, “кебине мени кыпчыдыбы” дейт жаман оюнда, “Өңүлүп өпсөм оозуңдан! ” дейт кыялында. Тегерекке көз чаптырып, утур женпед тушту терек-эмендерден өткөрө шыкаалап, бейкапар отурган ушинтип.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Кыргызынын кинотеатры жок жүргөнүнө арданган Жоомарт,Аалы деген уулдары тээ илгериде тамандары тешилгенче арызданып жүрүп, олоң журтту “Ала-Тоо” деген кинотеатрлуу кылышкан, тегерете чымкый дубалдуу, бийик дубалдуу бир жай, калаага баш баккандын баары ырымга сүзүп өтмөйүн кетпей, тегерегинен сонуркаган эл үзүлбөйт, ошол кинотеатр жактан группалашы келаткан. Курстун атынан комсомолдо актив жүргөн неме өзү, жаңылбаса, Түптүк болсо керек эле. Турарды көрө сала:

- Сен мындасыңбы? – деп имерилип калды.

Женпед жакты жалт карап, “жөн отурган жоксуң аа!”дегендей мулуңдаганы да бар.

- Бүгүн мындамын, - деди Турар отурган тейде артка чалкалап, аяктарын учкаштыра. – Тынччылыкпы?

Белендүү сөзүн айта албай кысталган немедей саамга калдастап турду да:

- Турар! – деди группалашы. – Зачеткаңдан атаңдын аты “Саадак” деп окугансыдым эле, “Турар Саадакович” деп жүргөнүн көзүм чалды эле. Саадак Атаев деген ким болгон деги?

- Акем Саадак Атаев кыргыздын тунгуч активдеринен! Чоң атамын колунда өскөнүмдөн ал кишини “аке” деп калгам, – деди Турар ээлене.

“Акемдин даңкы далай жерге жеткен экен” деген ойдо:

- Саадак Атаев - жыйырманчы- отузунчу жылдары кызматтарда жүргөн киши. Атамдын айтуунда - ал кишинин көзү тирүү – акем “НКВД”, “прокурор” болуп иштеген. Кырк экинчи жылында, мен төрөлгөн жылы – согушка кетип, Сталинграддын алдында баатырларча өлгөн. Кара кагазы бар. Кайдан угуп жүрөсүң? - деп, уккан-билгенин айтты.

- Тим эле, - деди курсташы.

“Өзү жердин түбүнөн болсо, акем Саадакты кайдан билсин. Бирдемени билип айтты, билбесе эмне азап?” деген ойдо калган Турар кадаланып сурады:

- Тим эле болбой калсын! Бирөө кеп кылдыбы? Китептерде бар бекен?

- Комсомол уюмунда сөз болду.

- Качан?! Анан калса комсомолдун эмне тиешеси бар акеме? – таңданган Турар Атаев ордунан тура калды.

- Мына бүгүн, истфак, филфактын активдери чогулуп, жогорку курста окуган бузук бирөөнү комсомолдон айдоо жагы кабыргасынан коюлду. Кызуу талкуу маалында “Саадак Атаев!” “Саадак Атаев!” дешкендеринен сен эсиме түшүп, - деди группалашы.

Турар Атаевдин аңырая оозу ачылып, ток этерин укканча шашты. Тигини ыйыгынан кармап, демитип жиберди:

- Ата-бабам көрбөгөн немистин жеринде, кырк төртүнчү жылында урушта өлгөн акемдин жыйыныңарга эмне тиешеси бар? Жөндөп айтчы, бай болгур!

- Филологияда окуйт имиш Жусуп Зулпуев деген. Атасы “контр” экен да, азыркыга чейин акталбаптыр. Филфактын балдарын өзүң жакшы билесиң да, калеми жорго келишет эмеспи. Ошол жигит аңгеме жазымыш этип, өз атасын көкөлөтө мактап, тетирисинче Саадак Атаевди эл душманы көрсөтүп салыптыр.
- Эл душманы?! Дөөдүрөк ко мунуң!

- Дөөдүрөгөнү үчүн комсомолдон куулуп, окуудан айдалганы атпайбы!

- Кандай неме экен өзү? Тааныйсыңбы?

- Жыйынга келгенинде көрдүм. Чачты артка кайрыган, өзүнчө эле кекирейген филолог!

- Бир көрсөтчү ошону! Саадакка сөз тийгизген акмактын сазайын колуна карматайын!

- Мен көрсөтпөсөм деле комсомол чакырып, тааныштырат го эми экөөңөрдү. Дарегиңди уккан комсорг: “жолдош Турар Атаевди тезинен тапкыла, эмки жыйынга таптыргыла! ” деп тыкыр издеттирип аткан.

- Кайсы факультеттин комсоргу?

Түптүк курсташы “биздин!” десе, тарых факультетинин жылчык көз, кодойгон комсоргу бар эле, ошол эске түштү. Баамында мына кечээ эле, ашып барса отуз-кырк жыл оболу, уруштан мурунку эле жылдары курсагы ашка тойбой, үстү эзели бүтөлбөй томояк жүргөн бирөөнүн тукуму, бирок томояк атасы жаңы заманда активдердин катарына аралашып, көчмөндөн чыккан активдерди Фрунзеге, жайнаган орустун арасына айдап киргизип атканда кошо келип туруп калган имиш. Мына ошондон улам орустун арасында туулуп калган тагдырына өөдөсүнөбү, айтор, комсорг “комсорг” болгону аз келгенсип, “шаардыкмын” деп, элеттик улан-кыздардан боюн ала качкансып, сүйбөсө деле жалан орус өңдүүлөргө ыктап-сүйкөнүп, кырданып турар эле. Кээде ишиң түшүп кыргызча кайрылсаң, эзели кыргызча укпаган кишиден бетер жебиреп орусча жооп берген өнөрү да чыга баштаган. Эми, кечээ эле кокту-колот талашып, көчмөн жүргөн, анысы аз келгенсип итке минип томояк жүргөн кыргызыңдын шаардык боло баштаганы да курусун. Агарбай жүргөн жакасынын агарганына, бүтөлбөй жүргөн жеңинин бүтөлгөнүнө ушунча көөп. Факультеттин бир учун чойгон комсорг болгону үчүн чыдайсың да! Аны чүйтүйгөн кебетесинен эле жактырбаган Турар көргөн жерден көзүнүн асты менен карап, “ары жок кечээги томояк” деп баш чайкап коёр эле. Бирок ушул азыр анын жаат болгонун тыңшап отуруп, биринчи ирет ичи жылыды.

- Комсорг дагы эмне дейт?

- Дайныңды укканда сүйүнүп кетти. Билбептир мурда.

- Алигинин жазганы канчалык? Эмки жыйыны качан? – деди Турар.

- Жазганын көргөн жерибиз жок. Партиянын колуна бир түшкөндөн кийин карматып койбос?! Биз жыйынга салынган маселени гана карадык. Бүрсүгүнү кайра жыйылабыз.

Кийин ойлоп-бакса, бир кудай өзү сактаптыр, чуулуу аңгемени көрүнгөндүн колуна кармата беришсе, студенттер арасы дүрбөгөндү кой, бир көчүрмөсү айланып жүрүп акыры Турардын колуна тиймек, “ошол күндү Саадактай кишилер көрөттүр” деген каргышчыл сабын өз көзү менен окуганда, ачуусуна ууккан неме Жусупту турган жеринде бышып алмак. Иши кылса бир кудай сактаптыр!

Азыр болсо Турар Атаевдин кулагына башка сөз угулбай, кыз уулонун кайгысы тып унутулуп, карбаластай түштү.

- Билейинчи! – деди.

Курбусу өйдө, темир жол вокзалы жакка кетти, “Дурайын...! ” деп сөгүнүп, Турар Атаев Дзержинканы бойлой төмөн, эки жолдун кесилишиндеги аялдаманы көздөй жөнөдү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Калеми өчтүү чыккан кайсы-бир сокур чымындуу неменин Атаевдерге акаарат айтууга даап барганына ичи кектүү Турар университетке жетээр-жеткенче кезенип барды, орус толо автобуска түртүшүп кирээрде жаш-карысына карабай бир-экөөнү ачуусу менен ийин тушка жөөлөп алды, мерчемдүү жерден өтүп кетпеске аңтандап, автобустан ашыгып түшөөрдө дагын бир-экөөнө сүйөнүп, бир-экөөн көмөлөтчүдөй омуроолоп алды. Артынан сүйлөнүп, “Сволочь невоспитанная! ” деп күңкүлдөгөндөрүн кулагына илбей, кумсара тиштенип барат. Ошол кездери эски кишилер “Сталин көчөсү” деп койчу, аныгында “Партсьезд”, “22-Партсьезд” аталганына жыл айлана элек кан көчө бар эмес беле, шаардын эки кабат, үч кабат, айтор эң бийик - эң бийик имараттары тирелген, орустан келген автобустары менен троллейбустары ары-бери күүлдөп чуркап турган, эки жээги такай шыпырылуу кан көчөчү, оболу, эндейин ченемекке жип-зым тартылып, казык кагылып, анан эле дыңы бузулуп, топурак-тозу сапырылган, ага удаа чатырлары калайдан каңдалуу үйлөр катар-катар түшүп, отуз-кырк жыл ичинде эле камыш-шабырлуу айдың талаа кезеңи ың-жыңсыз унутулчу тагдырында далай ирет ат артынан ат алмаштырган көчөчү, ошол көчөдөн сол түштүк беттеп университетке маңдайынан баратканда эки жагы ээн, таштуу узун жол бар, кунан чабым узун жол. Ошол жолдо кара жарышка түшкөнсүп Турар Атаев бат адымдап баратты, эл суюлуп, тегереги ээндей түшкөндө бир-эки мертебе үнүн чыгара “Энеңди...” деп сөгүнүп алды. И-и, алиги жазуучу сөөрөйдү эмне гана кылган жок оюнда. Эркекче сүйлөшмөккө эрөөлгө да чакырып ийди бир маалда, университеттин маңдайындагы бакка жакасынан сүйрөп чыгып, ириде тумшугу менен бир тийди да, эсин жыйгыча көмөлөтө койду. Тура калганда оң жамбашына салып жерге урду, жана тура калганда сол жамбашына салып жерге урду. Кийиздей гана ийледи белем. Озондото кыйкыртып, чөгөлөттү, желкесинен басып, кечирим суратты. “Кечир! Кечире көр мени! Колум сынсын! Экинчи калем кармасам колум сынсын!” деп жалбарып атты алиги. Бир туруп жалаа жапканы үчүн жазасына жылын бычтырып, “этап” деп коет, этап кылып кестирип да жиберди Карагандыга. “Зонанын кордугун көрүп, как талаадагы Карлактын тикен зымынан чыкпай, чирип өлсүн!” деди оюнда. Чычалап алган жаны Чынгыш уругунун намысын ушинтип коргоп атты.

Университеттин тарых факультети отурган канатына бурулуп, андагы комсомолдук уюм отурган, Лениндин жыгач калыптуу үлкөн портрети илинген оозку бөлмөгө баш бакса, уюктаган топ студент, активист чыкма кыз-жигиттер адатынча кужулдашып, узун-туурасы бир кулач дубал гезиттин үстүндө күйпөлөктөп атышыптыр. Төркүсүнө аттап кирип барса, кудай жалгап тарых факультетинин комсоргу өзүндө экен. “Өзүндө” демекчи, төрөчыкмалыгы студент кезинен дайынданбы, айтор, өзүнчө кеңсе-кабинет күтүнүп, жашабай жатып өзүнчө үстөл кучактаганды үйрөнгөн, муунта галстук байланган өнөрү да болоор эле комсорг аттуунун, иштин баарын жалгыз кыйратып аткансып, качан көрсөң кабинети кымгуут болоор эле. Жылчык көз комсорг элчилеп эрте кетпей, дале отуруптур жаагын таянып. Кудуңдап кетти Турардын өзү билип, баш бакканына.

- Заходи, заходи, товарищ Турар Атаев! Ырас келбедиңби! Шашылыш издеттирип жаттым эле! – деди шыпылдап.
Мушташка түшчүдөй булкунуп кирген түрүнөн, чычаладай

кызарган көздөрүнөн Турарды “кабарлуу окшойт” деп боолголоп, колун жаңсап, узун үстөлдү капталдата кыркалекей тизилген орундуктардын төркүсүнө отурууга чакырды. Кантсе да партиялык кызматка талаптануу жагынан табы өйдөрөөк экен, катардагы комсомолду алкынтып отурбай, алдындагы кызматкерине сүйлөгөн чоңунан бетер каадалуу түр жасап, сол колу менен креслосун чирене таянып, обдулуп сөз баштады. Адатынча орусча баштап жибереби деп коомайланды эле, жок, аралаштырса да татынакай эле кыргызча сүйлөдү.

- Товарищь Атаев! – деди, - Университет студенттери

идеологиялык даярдык жактан жетик болмогу абзел. Бул жагынан айрыкча тарыхчылар менен филологдордун жоопкерчилиги чоң. Түшүндүң да?

Турар Атаев комсоргдун жылчык көзүнүн кычыгынан карегин издей тигиле:

- Албетте! – деди.

- Так! Советтик-партиялык активист Саадак Атаевдин уулу өзүбүздө окуйтту угуп калдык. Саадак Атаев деген...

- Ооба. Саадак Атаев кыргыздын тунгуч активдеринен, учурунда прокурор болуп иштеген, НКВД деп коюшчу тура, анда иштеген...

- Билем-билем, өмүр баяны партиялык архивде сакталуу, - деди үнүн ан сайын сыпаа созгон комсорг машинкага терилген эки барак кагазды бетине такап.

Бири эмнеге жетип келгенин, бири эмнеге безеленип издеттиргенин ушундайча ым кагыша түшүнүп, дароо иштин чоо-жайын кобурашты.

- Көрсө, Кетмен-Төбөлүк турбайсыңбы? – деп жымсал сурады комсорг.

- Ооба, - деди Турар суроонун төркүнүнөн кабары жок.

Жүлжүйгөн көзү жымың этсе, баягы сокулуктук Ногой аксакалдын жосуну эске “кылт” деп, “бу каапырың да Кетмен-Төбөгө арнап сөз баштаганы жүрөбү?” деген ой кетип, суроолуу карады эле:
- Та-ак! Арабызда эскинин салдары бар! Болгондо да буржуазиянын куйругу! – деди комсорг. – Түшүндүң да?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

“Буржуазия! ” десе, адамга жакшылыгы кем андай балээнин түбүнөн арамза жаралаарын гезит-китептен үзбөй окуп, агайлардын кабакты карыш салып, кызуусу менен кафедраны чапкылап, какшап окуган лекцияларынан күндө укканы эле болбосо, арабызда болот дегени үч уктаса да түшүнө кирбеген Турар кеби оозунан түшүп, эсейди.

Көзүн сымаптын тамчысындай жымын-жымың ойноктоткон комсорг бир маалда Турардын кабак-кашын байкамакка сөз арасында “ушуну эсиңе түй” деди да, “түбү түштүктөн! ” дегенди даана айтпай, ооз учунан булдуруктап койду. Турар түшүнбөй калды анысын. Комсорг сөзүн улап:

- Партия менен өкмөткө эмгеги сиңген кишилерди көз көрүнөө жамандоо аракети жасалган, байкабай калыппыз ушуну! Айыбынын оордугунан акталбай, иши дале партиялык көзөмөлдө турган “контрлардын” адабияттагы оң образын түзүү аракети жасалган! Түшүнүп атасыңбы?! Айтууда, идеологиялык диверсанттардын жашыруун уюму бар! Аты - “Учур”! Ырас, бизде эмес, филологдордун арасында экен! – деди.

-Кантейин? – деп чамынды Турар Атаев, - Кантип эсебин
берейин?

-Ашыкпа, - деди комсорг Турардын колун басып, - Эки
факультеттин комсомол активдери катышкан жыйын болот.

Безилдеп айтып отурса Жусуп Зулпуев ысымдуу комсомол бар экен филология факультетинде, ошол жигит комсомол башы менен коммунисттик идеологияга жат аңгеме жазган имиш. “Факультеттеги коммунисттик тарбия маселеси КГБынын да тикелей көзөмөлүндө! ” деди эсти чыгарып.

-Саадак Атаевдей адамдардын эмгегин даңктоо –
комсомолдун милдети! Ошол себептүү, жогортон Жусуп Зулпуевди жазалоо талабы келген. Комсомолдон чыгаруу жагын биз карайбыз, окуудан айдоо жагын деканат карайт. Эртеңки жыйынга жогортон чоңдор, ЦыКанын кишилери катышат, ошолордун көзүнчө саган сөз ыйгарылат. Саадак Атаевдин өтөгөн эмгегин кенен-чонон он мүнөт айтып берүүң абзел. Сөзүңдү “Зулпуев комсомолдун катарында калууга татыксыз! ” деп бүтүр. Даяр бол! - деп сөзүнө тундурду.

Иши кылса шиши толгон Жусуп Зулпуевди эси-көөнүнөн кеткис кылып кудайлатмай болушту. Эки факультет биригип, комсомол канына сиңген активдердин сүрөө болмою эбак макулдашылыптыр, тигинде керели-кечке жанытма артынан жанытма жазып, улам бирин жаратпай, жатагына тарабай дубал гезиттин убарасын тартып аткандардын да салымы болот окшойт.

Комсорг босогого чейин узатып чыгып:

- Бүрсүгүнкү жыйын менен чектелбей, активдердин уулундай

болуп, комсомолдун ишине көбүрөөк көмөктөшүп турсаң! - деди, баштарын көтөрүп, жардана тиктеген дубал гезитчилердин көзүнчө. - Сенден башка комсомолдор ушул жерди айланчыктап активдүү!

- Келиштик.

Турар Атаев дубал гезитти тегеректеп, кыжы-кужу түшкөн кыз-уландарды өтө берди жандап. Кожураган кебинен гана кимдир бирөөнүн, чагында алиги Жусуп Зулпуевдин абийирин айрандай төккөн дубал гезит даярдалып жатканын жаңылбай болжолдоду. Бузуктардын катарын ашкерелеген дубал гезит “каррикатура” деген сүрөтсүз болчу беле, Турар Атаев өчүнүн ырайы суук сүрөтү илинээрин да элестетип алды.

-Жанытма! – деди бир улан.
Ага удаа бир чойтекенин:

-Ой, что за слово, неприятное на слух. “Фельетон” эле
дегилечи! - деп чойроктогону шак этти кулагына.

“Жанытма” деп эле жазчубуз! – деди улан.

Тигил чойтеке чыргайлыгын карматып:
-“Фельетон” лучше... И современно звучить! – деди.
-Кыргыздын сөзү, - деди жигит.
Чойтеке:

-Диалект, наверное, - деди эле, жигит мукактанып унчукпай
калгансыган өңдөндү.

“Ии!” деди Турар Атаев ичинен. Мындайды сая кетирбеген жаны артка шап бурулгусу келди эле, бирок мойну жар берген жок бул саам. Мүдөөлөш болушканы үчүнбү, унчукпай, өз жолун улай кете берди.

Ырымга терезеси жок күңүрт, эни ашып барса эки аттам кууш корридорду, эки жагы жалаң “кафедра” аталган, эртекиде кашаадан кашаа, кашардан кашар талашып көчмөндүү жүргөн кыргызың эми минтип бирден кафедралуу болгонсуп, каалгаларына “андай кафедра”, “мындай кафедра” деп чубалта жазылган, тооктун уясындай толо бөлмөлүү туура корридорду бойлоп, жыбыраган айнектүү, жарыгы эртелей жандырылуу узун корридорго бет алып бараткан Турар Атаев “Өх!” деди ичинен:“Буюрса, өкүртө согот экенбиз! Саадак акемдин кадырын карачы! Ал эми даярданганда эмне? Үңкүйүп отуруп архив казмак белем!? Атай атамдын оозунан укканым эле нече күндүк доклад. Айтып түгөтө албайсың! ”.

Ээ, “аталуу жетим - армандуу жетим, энелүү жетим - эрке жетим” дейт эмеспи элде, а бирок Турардын окуясы элдикинен башкача. Атасыз өссө да атанын дооронун сүрүп торолду. Андай таалайды кудай-таалам оомалуу-төкмөлүү ошол доордо көрүнгөндүн эле мандайына жазбаса керек, тууган атасы Саадак урушка так аттанган жылы жарык дүйнөгө келип, жаш аялмет энесинин колунда калганы менен чоң ата-чон энесинин короосунда боор көтөрүп, эрезеге жеткен. Тек чокчо сакал Атай атасы отту кенен калатып, очок тегеректеп отурушчу кыштын узун кечтеринде, же болбосо каш карайчу маалы качып, күүгүмү калкып калган жай саратан күндөрүндө каадасынча чечиле кеп салчу учурларда, же бир күтүүсүздөн эсине түшкөндө “Курманбек” деген калың китептин ичине катылуу жеринен сууруп чыгып, ойго бата тиктеп калчусунда, жанына чакырып, “Ай, Тукуш! Ушул - акең!” деп, шадылуу сөөмөйү менен сайып көрсөткөндөн, жоо кийимчен бир-эки сүрөтүнөн тааныганы болбосо, Саадакты үзүлө сагынган жан эмес. “Үч-төрт жылы үзбөй кат алып турдук акеңен, тил кармадым, Курски-Мурски деген жерлерде катуу уруштан чыктык, киши өлчөөсүз кырылды, госпитальдан эки оңолуп, кайра урушка кирдим дечү. Уруш бүтөөрдөн бир жыл мурун кат үзүлдү, оболу кара кагазы, артынан ордени келген” деп эскерет ак ээк Атай атасы күнү бүгүн да. Саадактын өлүмүн угузчудагы кара кагазы келген жылы, жесиринин башы чынгыш уулунун ичиндеги жакын туугандарына байланып, Турар өз энесин “жеңе” дегени ошондон, жетимдиктин азап-кордугун туйбай, атазар сагынычты билбей чоңойгону да ошондон.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Сүрөтүн эле көзүнө кадап тим болбой, атасы Атай Саадак аттууну жети атасынын санжырасына кошуп айттырганы канча. “Атаңоозучайын! Жети атасын билбегенди “кул” деген илгеркилер! Кул белең?!” деп жекире, мүйүз чакчасын алаканына сала кагып ийип, асмай атмай адаты бар атасы жети жашка чейин Турарды кулагынан толгоп, кашына отургузуп, жети атасын жат айттырчу. Ал үчүн канча жеме укту дейсиң!? “Акең - Саадак, атаң, аныгында чоң атаң - Атай” деп, кубаар-жотосуна, жетеси Чынгышка чейин жеткирип, кайра алардан тараганды бирден артка санап, кимисинин туягы ким, кимиси туяксыз өттү, кимиси жылкы чапкан, кимиси эр өлтүргөн, кимиси эриш бузган, дагы эмне өнөрү, эмне кыялдары бар эле, кимисинин көзү бу жалгандан ачык өттү, көзү тирүүлөрү каякта, кайсы элдин ичинде, айылды айланчыктап, туугандык катыштан чыкпай жүргөндөрү кимдер, төрт ата өттүбү, беш ата өттүбү, ураанчыл Алооке абасы кимден кошулат - ушунун баарын жаттатып айттырчудагы санжыраны эстегенде Саадактын кызыл аскер кийимчен сүрөтү кылт этпей койчу эмес.

Сүйлөчү сөзүн “доклад” деп каадалуу атап алган жаны ушинтип сүлдөрү ата-жото угуп-билбеген капкаяктагы орустун чер токоюнда жатканы, былкылдап саздуу келет дейт, же немистин турпагында чым басып калганы белгисиз Саадак акесинин өмүр баянын көз алдынан чубуртуп өттү саамда. Он мүнөт делди эле, ойлоп көрсө, он мүнөттүк сөзгө сыйчу түрү жок. Эл аралачуда кызыл аскерче жылдыздуу бөркүн көзгө түшүрө баса кийинип, жамбашына салпылдата тапанча асынып, чакчырыла сүйлөп, НКВД, прокурор жүргөнүн айтсаң эле канча кеп!? “Контрлардын” сары изине чөп салып, абийирин айрандай төгүп, айыбын ашкерелечүдөгү мажарасы! ?

Сыртка чыкса, кыйгачтаган күн эбак эле кат-кат өркөчтөнгөн, чыгыштан батышка созулган ашуулуу кырка тоолордун тээ Кара-Балта, Кайыңды тушуна кылтая жашынып, тегеректеги теректүү көчө-көйлөрдүн койну көзгө даана илинбей, айлана иңирттеле баштаптыр. Киши-кара сээлдеп, университеттин университет экени менен иши жоктой иреге талашып, эки аттам аралыкта көчөлөш, алышташ жаткан жалпайган орус кепелер түтүнмө-түтүн чырагын тамызып, оттуу терезелер бир кылка жайнайт. Оттуу Фрунзе болуп, Аралдын абышка-кемпирлерин бир көрүүгө аңсаткан Фрунзе болуп балбылдайт. Эртелей меш жаккан үшүкчөндөрү арбын келеби арасы, шыпыргы көтөрүнүп, өлгүдөй мончо жандуу келген немелер же отунду аябай күрүлдөтүп мончо жагып атышабы, айтор, кернейден тартылган, бир кезчелик – бир кезчелик соройгон морлорунан көк түтүндүн изи бурулдайт. Күндө кечинде ишембиликке чыгышкансып, шымаланган орустун кеч күзүндөсү жапырт шыпырынып-тазаланмай, эшик-ээлигиндеги сапырылган жалбыракты, куураган чөп-чар, кашекти молойгон короосунун ортосуна тырмоочтоп жыйып, айрылап үйүп, өрттөмөй бакырчылыгы болоор эле, азыр да кимдир-бирөөлөрдүн короосунан быкшыган жалбырактын дабыркай жыттуу иси мурунду өрдөйт. Мордун бурулдаган түтүнү, жалбырак-чөптүн быкшыган иси абада калкып, көк туман чалып тургансыйт кечки Фрунзени. Кечки наар эсине түштү. Отун калап, тамак жасаганды кой, өмүрү калдыратып мискей кармап көрбөгөн неме шаарга келгени арзан чүчпарасына, көк сорпосунда ашык–кеми жок он тоголок бүдүрү калкыган чүчпарасына көнүп алган эле, бүгүн да он тоголок чүчпара, эки кесим бөлкө нан менен жатууну чечти да, ашканага барчу шерик издеп жатаканасын көздөй бурулду. Бака теректүү бакты жээктеп, жол бетине төшөлгөн күзгү жалбырактарды шилей басып баратып, комсоргдун партиячыл сабаттуулугуна суктанды. Бүрсүгүнкү жыйында комсоргдон кем калбай сүйлөсөм деп кыялданды. Көзүнүн жылчыгы, бутунун кыйшыгы тигил, анан тилинин тактыгын кантесиң! ? “Жөн кишини адаштырган сөздөр оозунан чубуруп, октой экен, сүйлөгөнү плакат, транспаранттын тилиндей таамай экен” деп, сугун артты: Эскинин салдары! Идеологиялык диверсант! Оң образ...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

VII

Орусу деле, кыргызы деле жапырт “БАЗ” деп койчу университет залы, кире беришинде жаш Лениндин, демекчи, он жети - он сегизиндеги чачтуу Лениндин эки колду көкүрөгүнө кайчылаштыра кармай, күрмөсүн желбегей жамынып, кабакты карыш түйө алысты ойлуу тиктеп, арышын чоң таштачудай керилип турушу келтирилген эки метрлик таш эстелиги зоңкойгон, тоо караган терезелери үй боюндай, төр жаккы туюк дубалына азыркынын тумарындай үч сүрөт – Маркстын, Энгельстин, анан Лениндин кара күрмөчөн портреттери улуулатасынан илинүү, ортосуна бир колхоздун эли кенен-чонон баткыдай заңгыраган ушул залы далай-далай жыйындарды көрдү эле, бирок “таптык элементтин” иши каралган ушундай кызуу жыйындын, кызылжаян жыйындын мурда-кийин болгонунан шегим бар. Комсомол менен партиянын активдери мүлдө калктын ичинде тузакка илинбей жүргөн соңку эл душманы табылгансып, айыбын көзүнө чукуй ачышкансып, шоруң каткыр Жусуп Зулпуевди санатылуу төрт саат ортого сокойто отургузуп сөккүлөп, бир моокумдан чыгышты белем!

Кагаздан кагаз калтырбай күйпөлөктөшүп, керели-кечке талпакташып, таптык элементтин эсебин бермектин, сазайын колуна карматмактын кам-чомун жеп чимирилишкенсип, жыйналчу кишилер саат кечки бешке түрө чогулушту. Демейде болжогон жерине он - он беш мүнөт кечикмейин жүрбөгөн студенттер да бүгүн мөөрөйдөн кур калчудан бетер эртелей жыйылган. Бири “тирүү буржуазияны” өз көзү менен көрмөккө, бири Жусуптун айыбына күбө өтмөккө, бири Жусуптун комсомолдон, андан ары окуудан кууларын угуп, табалагандан (эмитен эле: “бука сийдик ыр жазган бечаранын беш томдугу тамамдалбай калды” деп, алдыртан кер какшык узаткандары да бар), дагы бири өздөрү айткандай жыйынга жөн эле сонуркагандан чогулуп атып, жалаң филология түгүл, тарых факультети кошулуп атып, шыптагы асма чырактары түгөл жандырылган залга эл шыкала толду. Колтугуна суу бүркүп, көкүтүп койгон экен, алдыңкы эки-үч сапка отургандардын тили жеткени сөгүнүп, жетпегени сөөмөйүн кезенип, зал күүлдөп атты.

Адегенде, комсомолдун мыкты чыкмалары чубура басып келишип, жалгыз филология факультетинин комсоргу секидеги (кээде: “сахна” деп да коюшат) кызыл чыттан жабуусу жер чийген узун үстөлгө өттү да, калгандары капталдап отурушту. Комсомолдунбу де партиянынбы, айтор бирде-жарым кишиси какылдап-какшап сүйлөп атканда, кабагыңды чытып, кулакка илгениңди дароо кагазга ойдолото чиймелеп, эсебин алган түр жасабасаң, оозду ачып отурган маңыроодой же бекерпоздой карашчу, андыктан жыйналышты баштан-аяк тизмектеп, даңса кылып жазышчудан бетер адатынча колдоруна бирден сыя калем, блокнот уучтай келишти. Каада ушундай болчу. Аларга удаа чилистен журтуңдун “профессор”, “доцент” атыккан, кабактары карыш түйүлүп, жаактары чулчуйган мугалимдери оолжуй басып келишти. Артынан эле чачтарын артка кайрыган, текши костюм-шым, жагоочон, кыргызы-орусу аралаш курсактуу кишилер кирди. Беттери барабандай- барабандай тултуйган, басыгы чалкалаңкы тарткан буларың партиянын кишилери эле.

Эмне жыласка калганын түшүнбөй, түшүнгүсү да келбей, президиумдун кашындагы жөлөнгүчтүү жалгыз орундукта жалгыз Жусуп Зулпуев отурду миз бакпай. Өлөрманын кантесиң, ээрдин тиштенип, тегеректи кыйгач көзүнүн үстү менен ызырына тиктейт анда-санда. Эл катарынан чыгып калгансып, жанында киши-кара жок. Ала менен ооруган кишини көрүшкөнсүп көздөрүн алайта карап, бойлорун ала качат баары эле. “Учурчулардын”, тели-теңтушсунуп жүргөндөрдүн деле дайыны билинбейт, баштарын ийиндерине катып каерде отурушкандары деле угулбайт, унчукканда эми колдорунан не келмек...

Жыйын ачылгычакты БАЗдын ичи аарынын уюгундай ызылдап турду. Тыңсынган студенттер моюндарын созуп, сөөмөйлөрүн сайып, тигинде кирип келгендердин тек – мансабын сүрүштүрүп жүрөт, керели-кечке көтөрүнгөнү китеп-дептер шыкалган баштык, ошондо да көзү ачылбай, “ЦКнын бюросу ким?” дегенден жаңылган, тоң бойдон келип, тоң бойдон кеткен, бети туурулуп келип, туурук бойдон кеткен студенттер болот, ошолордун оозун араандай ачырып жүрөт. Ал учурда “темгек” деген сөздүн али унутула элек кези, билермандары “темгектүү киши!” деп коюшат тигинде далысын салып, чалкалай отургандарды тааный. “Тигиниси “парткомдон”, кашка башы - шаардын комитетинен, биринчи катчы Усубалиевдин кол алдынан, жанындагысы, темгилдүү галстук байланганы андан улук, “ЦКадан! ЦКадан!” деген күбүр-шыбыр аралап, туна, туна тиктешет. “Кайдан таанып жүрөсүң?” дейт тоң студент таң кала. “Бакыйган сүрөтү өгүнү “Советтик Кыргызстанга” басылган эмеспи! Андан оболуда – жетинчи ноябрда портретин көтөрүп баспадык беле!?” дейт “темгектүү киши болсом” деп шыпшынган билерманы. “Аа!” деп аңыраят тигиниси. Ушунданбы, айтор, ушул жыйын бирерлеринин эсинде “Жусуп Зулпуев комсомолдон куулчудагы! ” деген, бирерлеринин эсинде “темгил галстуктуу ЦКанын кишиси катышчудагы! ” деген даңаза менен эстеринде калган.

Качан кызыл чыттан жабуусу жер чийген үстөлгө эмеле коомай отурган комсорг кагазын ирээттеп, бир маалда ордунан тура сөз баштаганда элдин кыжы-кужусу акырындап барып тынчтанды. Алгач колго салып күн тартибин жарыялады. Курстук иштин темасындай чубалжыта аташыптыр анысын, маңдайына бир барак кагазды кармап, “Кыргыз Мамлекеттик Университетинин комсомолдук уюмунун учурдагы аткарган иштери жана студенттерге идеологиялык тарбия берүүнүн айрым маселелери” деп, бир дем менен жарыя окуп, добушка салды эле тоңсунган жалгыз Жусуп Зулпуевден башкасы жабыла кол көтөрүп, макул тапты. Жыйналыштын жүрүшүнө байкоо салчу президиумсуз болобу мындайда, комсорг колго салып президиум шайлатты да, капталдап отурган, бирден сыя калем, блокнот уучтаган активдерди кезеги менен төргө чакыртып алды. Бир сыйра ушинтип жайлангандан кийин алгы сөздү филологиянын комсоргу өзү алып, трибунага чыкты. Беш-алты барак докладына кошуп, кызыл тыштуу бир китепти колтугуна кыстара ала чыкты да маңдайына, трибунанын кырына жөлөп койду.

- Жолдоштор! – деп жалпыга, чылк жаштарга кайрылды.

- Комсомолдук уюмубуздун бүгүнкү жыйналышынын урматтуу катышуучулары! – деп чилистен журт жакка ийилди.

- Жыйналыштын кымбаттуу коноктору! – деп партиянын улуктарынын алдынан бир өттү да, барак-барак кагазга алдыртан жазып алган сөзүн кырааты менен окуй баштады.

“Чү” дегенде эле уккандын жүрөгүн “болк” эткизип, ушул турган жыйналыштын, жыйналыштын ар бир катышуучусун, керек болсо бүтүн университетиңдин тагдырын ашык-кеми жок эле туура КПССке тапшыргансып, “КПССдеп! ” ооз толтуруп, маселени чоң жиреди. “КПССтин жыйырманчы сьездинде айтылгандай”, “КПССтин кезексиз чакырылган жыйырма экинчи сьездинде белгиленгендей” деп, кайдан жүрүп жатыкканы белгисиз, иши кылса КПССти келтиргендин, эки сөзүнүн биринде Хрущев менен Брежневди күбөгө чакыргандын ыгын “райком”, “партком” сындуу чоң активдерден кем эмес үйрөнүп алган жайы бар экен, ар бир сьезддин тезистерин беш-алтыдан кайтарып айтып, комсоргдугуна сала какшанып айтып, студент журтуң түгүл, эптеп университетке баштарын жаңыдан батырганына, кудай айылдын көр турмушунан кутултуп, университеттен айтканына, буюрса эртең “кандидат”, “доцент” атыгаарбыз деп кербезденген анча-мынча мугалимдердин эсин кошо чыгарды.

- Трибу-ун! – деп баштарын чайкап, тамшанып коюшат аларың.
Партиянын жасоолу кейиптенген “трибун” кагазынан көзүн албай үңүлүп, анда – санда, “Жолдоштор! ” деп добушун өктөм чыгара элге кайрылчусунда гана башын көтөрүп, залга маал-маал тике тиктейт. “Жусуп Зулпуевдин сол иши алиги сьезддерде айтылган тезистердин кайсынысына каршы келет? Кайсы тезиске тууралайт болду экен? Кайсы тезиске салып тууралайт болду экен?” деп залдагылар трибунадан чыңкы бою гана көрүнгөн докладчынын оозун жалдырай карайт.

Коммунисттик көз карашты насыйкаттоого жан-дили менен берилип алган неме идеология темасын дагы бир ирет кайрып келип:

- Партиянын жетекчилери совет элинин азыркы муунун коммунизмдин тушунда жашаарын айткан! – деди да трибунага ала чыккан алиги кызыл китепти башынан бийик көтөрүп: “Баары ушунда жазылуу! Биле элегиңер болсо билип алгыла, көрө элегиңер болсо көрүп алгыла!” дегенчелик кезеп-кезеп койду. Отургандардын көзүнө кезеп турган куралы: “20-й сьезд КПСС (14-25 февраля 1956 года): Стенографический отчет” деген китептин биринчи тому болчу.

“Баса-а!” деген үндөр угулуп, бал китепти көрүшкөнсүп ооздору ачылды айрымдардын. Эси-дарты сексенинчи жылдарга кетти алардын. Санап-болжоп көрүшсө, ал күнүң деле алыс эместей, “эсен турсак көрөт экенбиз!” деген ой аралап өттү бирдаарын.

Сол колдоп трибунанын кырын мыкчыган комсорг:

- Бирок кылымдык уйкудан ойгонгон Тянь-Шань

тоолорунун койнунда коммунизмдин, жаркын келечектин орношун

кечиктиргиси келген кас элементтер бар арабызда! – деди да ээрдин тиштенип, саамга тигилди отургандарга.

Көчмөнчүлүктөн кутулуп, жаңы тирдик баштаганы “Коммунизмдеп! Кызыл Ураандап! ” ураалап, жомоктогудай заманга алгалаган жөнтөк калктын ичинен кыянатчыл элемент чыкканына жаны чындап кейип, күйбөгөн жери күл болгон кербези ушубу же ЦКанын кишилери күндө эле келип атпаган соң, ошол темгил жагоолуу, чакмак жагоолуу чондордун көзүнчө кара күчкө салып болсо да көшөкөрлөнгөнүбү, иши кылса ырайын бир башкача кумсартып алган. Илгеркилерден “ант ичкендей кубармак” деген сөз бар эмеспи, анын сыңарындай комсомолдун алдында ичкен анты үчүн азыр өлүп берчүдөй комдонуп, кубарат.

Зал мелтиреп, трибунага өбөктөгөн комсоргду тиктейт.

- Андай кас элементтердин арабызда жүргөнү, жапырт коммунизмди курууга аттангандардын арасында кой терисин жамынган бөрү баласындай сыр бербей жүргөнү өкүнтөт! – деп озондоду комсорг.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Эмнени жаза коём деп Жусуп Зулпуевдин мынчалык суук тумшук көрүнгөнүн, эмне балээни баштап, бүлүк салганы жүргөнүн укканы жыйылган көпчүлүк “кас элементти” укканда ансайын аңкайып, чыдамы кетти ток этээрин билмекке.

Барак-барак докладынын беш эле бетин окуп болгон комсорг эми Зулпуевдин жазмакерлигин ашкерелемекке өнөрүн чыгарды. Университет журтунун бетине чүркөө болуп, тээ ЦКадан бери жаманатты кылган аңгеменин кемтигин “чү” дегенде эле “идеялык мазмуну тескери, антисоветчил” деп ажыратты да ашыкпай чуусун чубашка өттү.

Жаагын жанып айтып отурса, айланайы-ын, төбө чачты тик тургузган аңгеме жазыптыр тигинде далысын үңкүйтүп, башын салган Зулпуевиң. Карасанаган антисоветтик үгүт Американын, Англиянын эле колунан келет деп жүрүшсө, ириткинин ириткиси, бузукунун бузукусу экен Зулпуевиң. Дени-карды соо кишинин оюна келбеген ушунча бузук идеяны кантип ичине катып, эл арасында билинбей бугуп жүргөн!? Басып өткөн өмүрү жетилип келаткан муунга өрнөк болчу эчен-эчен асыл адамдардын адабияттагы, төтөн кыргыз адабиятындагы образдары түзүлбөй жатканда, кыргыздын “Матросову” табылып, эми кыргыздын “Морозову”, кыргыздын “Корчагини” табылбай, таап жазууга казыналык жазуучуларыңдын шаасы жетпей жатканда, акыл-эси ордунда кишинин кылар иши эмес мынабул жорук! “Союзубузга жай керек” десе, жайлуу кылып, “гезит-журналдан чукакпыз” деп даттанса, анысын орундатып, партия менен өкмөт жылда иргеп таптаган акын-жазуучуларың образдан образ калтырбай, кагаздан кагаз калтырбай, жазып үлгүрбөй атса, капталдан качырып, эл душмандарын көкөлөтүү каапырдын кылар иши эмеспи!”.

- Жолдоштор! Комсомолдун кызыл билетин көтөрүнүп жүргөн Зулпуевдин оюнда Совет бийлигин түптөгөндөр жек көрүндүлөр имиш дагы, эл душмандары эл келечегин самаган оң каармандар имиш! Ушул туурабы!? – деди комсорг.

Отургандар огобетер үрпөйө жакаларын карманды.

- Же арабызда алигиче “контрларга” сыйынган комсомолдор барбы!? – деп кыйкырды комсорг.

- Кыянаттык! – деп бир ооздон күбүрөнүп коё берди отургандар.

- Бирөө-жарым үйрөтүп-үгүттөгөнү бар го!? – ЦКанын

кишилери зыңгырап отурган катардан бирөөсү “барк” этти.

Көкүткөнсүгөн ушул сөз докладдын чыгармачыл муунду камкордукка бөлөөдөгү алешемдиги айтылган кайрыгына туштап айтылган экен, анда эле комсорг филология факультетиндеги калемгер улан-кыздарды идеялык жактан алпештөө маселесин саймедиреп калса болобу. “Учурчулардын” баштары шылкыйып, филфактын мугалимдери уятынан жерге кирип кете жаздады.

Ары жок Зулпуевдин аңгемесин “Ала-Тоого” көтөрүп барганы гана айтылган жок, же болбосочу, жакшы эле такалап, жакшы эле талкалады...

- Жолдош Зулпуевдин комсомолдугун ушул жерден чечип бергиле! – деп туталана бүтүрдү сөзүн комсорг.

Жарыш сөздүн кезеги жарыяланганча отургандар БАЗдын ичин солкулдата шатырата кол чаап турушту.
Кезек тарых факультетинин комсоргуна ыйгарылды. Комсоргду “комсорг” эле деп жүрүптүр айрымдар, айтууда “Өтмө кызыл туусу” да бар экен. Ошол чыкты жулунуп.

- Жолдош комсомолдор! Силер каякты карап отурасыңар капырай, комсомол Жусуп Зулпуевдин анти-коммунистчил кыялын мен беш колумдай эле көрүп турам, керек болсо ал азыр да жыйналышты тоотпой, чалгыртмалуу отурат! – деди ал ай-буйга келбей эле.

Залдагылар баштарын созуп, көздөрүн ымдап, “дагы эмне айыбын таап алды? Чылгый оозун ачпай отурган неменин оюндагысын кантип окуду?” деп эстерин жыйгыча, тигил сөөмөйүн кезенип:

- Жана күн тартибин колго салганда Жусуп Зулпуев колун да көтөрүп койгон жок. Демек, жыйналышыңарга “макул эмесмин, каршымын” дегени! – деди.

Отургандар оңтойсуздана: “Коку-уй! Кашайып байкабай калганыбызды карачы!” дешти ичтеринен. Колдогон болуп, кол чаап жиберишти ага да.

Негедир, “баланчанчы сьезддин делегаты”, “түкүнчөнчү сьезддин делегаты” делгендердин, кур дегенде “өтмө кызыл туунун ээси”, “ударниги”, “отличниги”, “комсоргу” делгендердин сөзү жугумдуу болот окшобойбу, залдагылар аларды мелтиреп угуп, кол чапканы келгенде алакандарын шапалактай ургулап калат. Ушуну байкады Турар баятан. “Биринчи курстун студенти дегенден бөлөк кадырым жок, кантээр экемин, сөзүм кандай чыгат?” деп убайым чекти.

Аңгыча жыйынды баштаган комсоргдун:

- Сөз кезеги Совет бийлигин орнотууга катышкан тунгуч активдердин бири, Ата-Мекендик согушта немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы кашык каны калганча кармашып, социалисттик Мекен үчүн жанын кыйган каарман Саадак Атаевдин уулу, комсомолдун мүчөсү, тарых факультетинин өрнөктүү студенти Турар Атаевге ыйгарылат! – деген жарыясы угулду.

Тааныгандар бирин-бири чыканактары менен түрткүлөшүп,

“Сөз “Тураровкага” тийди”, “опеей, трибуна талашып, ЦКнын кишисине көрүнмөкчү болгон “Тураровкаң” оңой эмес тура!” дешип, тамаша чала күбүрөшүп калды. ЦКанын кишилери да кыйгачтана моюндарын буруп, “туңгуч активдин уулу” дегенге кызыга көз чаптырышты.

Кошо мойнун бура берген бир Жусуп Зулпуев гана көзүн алайтып, уккан кулагына ишенбей элейди. Коюу чачы жука тармалдуу, ары алибеттүү жигиттин элди аралап, трибунаны көздөй арышты кенен сала басып баратканы көзүнө урунду. Колтугунда кыстарган кагазы бар. Күрөшкө түшчүдөй опурулган басыгынан, олбурлуу келбетинен, чачты өскөлөң койгон түрүнөн физкультура институтунун студенттерине, өзү айткандай “кайран беш жыл окуусун акылды пештөөгө эмес, колу-бутунун булчуңун чыңоого короткон, анан да ошонусуна корстон, колоктоп Фрунзенин көчөлөрүн таптаган көөдөк студенттерине” окшоштурду.

Тобо! Акырет дейт, акырети жок эле акыры түбү кез келбесең коё кал! Акырети жок эле алакчы дүйнөнүн тамашасы бейм! “Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” деген баягы лакапты сүйүктүү каарманы Таласбай Зулпуевге эмнеге айттырмакчы болду экен? Аңгемесинин экинчи бөлүгүндө ушуну жазмак оюнда бар эле, Нанай колотунун нары жагында калган элдерди кыргыз автоном облусуна кошкусу келгендиги үчүн “Абдыракман уулучулук” деген жалаага кабылып, ак жеринен күйгөнүнө айласы куруган Таласбай Зулпуев ушинтип айтышы керек эле! Сюжеттин ушул учурдун болушун алдын-ала билип-туйгандай түзүлгөнүн карасаң! Жорголотуп ыр жазчуда сыйынган Парнасыбы, кара сөзүн жазчуда сыйынган атасынын арбагыбы, айтор кайсы-бир сыйкырдуу күч ыңгайын келтирип, аңдынып отуруп калеминин учуна салып атканын карасаң!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Трибунаны тиктеп отуруп, өзөгүнүн тереңиндеги эски кеги ойгонду Жусуптун, тула боюн майда калтырак басып, каны тээп чыкты төбөсүнө. Өңгөсү түгөнүп, эми атасын аттырып ийгендин баласына тепкилеткени атышкан тура! Эркимди майтарып, кайратымды жашыткысы бар тура буларың! Эми ушунусу калыптырбы! Мынчалык мазактоо болобу?! Жулунайын дейт, жулуна албай отурду, айкырып алдынан чыгайын дейт, айкыра албай отурду. Ызаасы толду ичине. Так ошол ирмемде, башын ачуулуу чулгуй бергенде бирөө бир муштагансып кокусунан эле мурдунан кан кетти. Адегенде мурдуна ысык шүүшүн келгени туюлгандан, оң колунун үстүнө сала жанып көрсө, кан шыбала берди, “ий!” деп эки таноосун чымчып, ак көйнөгүн булгап албаска шарт эңкейүүгө араң үлгүрдү. Байкаса, сол таноосу канап атыптыр. “Жай уксам болот эле мунуңарды, уруксат бекен?” дегендей жан жагын жал-жал тиктеди эле, сыртка чыкса ошондон ары качырып алышчудан бетер, “шүк отур!” дегендей теше карашат залдагылар. Каран басып ошончодон дал бүгүнкүдөй ашыгычтуу күнү унутуп чыга бергенин карачы, сол колдоп чөнтөгүнүн түбүн сыйпагыласа жүз аарчысы жок. Папкесин шыйрагына жөлөй сала, шашкалактай аңтарып, сыя соргуч сууруп чыкты да таноосуна басты. Колу таноосунда, чакчайып эки көзү трибунада чиренген Турар Атаевде. Бир туруп Саадак Атаевдин элеси тартылат көзүнө. Жалаңкычтай көрүнөт көзүнө.

- Жолдоштор! Ыраматылык Саадак Атаев - менин тууган атам экен! Советтик жана партиялык көрүнүктүү кызматкер! – деп баштады сөзүн Турар Атаев. - Ал киши жаңы заманга жан-дили менен кызмат өтөгөн, совет бийлигин орнотуу ишине аянбай салымын кошкон азаматтардан болуптур. Өзү орто чарбадан экен, бирок сабаттуу болуптур. Ошонун аркасында аң-сезимдүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн, элди алгачкылардан колхозго үгүттөгөн киши. “Май колхоз” дейт элде, азыр да бар. Мен чоң атамдын колунда өсүп калып, ал кишини “ата” деп калгам, атамдын айтуунда Саадак Атаев кокту-колотто көчүп жүргөн биздин элди “Чынгыштын оолусу” деген ээн жердин оозуна кыштак кылып кондуруп, өзү жол баштап, өз колу менен кыштактын башындагы тунгуч тамдын дубалын урдурган экен. Атам азыр турган ошол там азыр да бар! Эки бөлмөлүү там!

Экөөнүн көз караштары чагылыша түшүп, Турар Атаев “бу жигитти кайда көрдүм эле” дегиче, Жусуп Зулпуев өбөктөй берди. Челдей жука кагаз эле жанагы сыя соргучу, үч которуп басканда канга эзилип-жуурулуп калбаспы. Жусуп кайсактап башын салаңдатты. Томолоктолгон кагазды алдына таштады да, сол колун папкесине солоп, дагы сыя соргуч издеди. Жок. Оң кочушу канга толуп чыкты. “Эми эмне кылам?” деп заманасы куурулуп, залдагыларга, президиумда отургандарга жана бир мертебе жалдырай көзүн агытты эле, тумшугун канжалата коюшкансып табалай карашат тигилер дале. “Орус - акыйкат, орус - боорукер” деп жүрсө, тим эле сөз окшойт аның деле, тигинде отурган быштактай сары чийкил орусуң деле унчукпайт мелтиреп.

Трибунага ээлик кылган неме залды жаңырта бакылдап атат:

- Сержант Саадак Атаев немецтик-фашисттик

баскынчыларга каршы кан-жанын аябай согушуп, тил кармаган! Өзү тээ алыскы Кетмен-Төбөнүн эле койнунан чыккан тоолук кыргыз туруп, немистен келген нечен-нечен фашистти өз колу менен жайран кылган! Баатырлыгы орденге татыган!
Өзү кошо майданга жалтанбай киргенсип, төбөсүнө темир каска жапкан, кундагы чолок автоматын туурасынан сундурган, уңкул мурун, чуңкул көз немистин маңдайынан туш келип, майкандашып кайткансып, далайынын башын өз колу менен айрыгансып Турар Атаевдин көөдөнү керилүү, үнү сыймыктуу. Кудай бетин салбасын, көкмөлдүр асман - асман болуп жаралганы, төшү түктүү кара жер - кара жер болуп жаралганы, ошол жер менен көктүн ортосундагы жарыкчылыкка башы кара, буту айры адам баласы - адам болуп келгени алмустактан киши тукуму көрө элек уруш чыгып кечээгиде, ошол уруштун чуусу азыр да жаңырып тургансыйт ушул муундун кулагына. Казат жылдарына оро-пара жарык дүйнөгө келген, кан күйгөн жылдардын капшабынан жетимдиктин жүрөккө так салган азабын, карыпчылыктын жанга баткан тозогун текши тарткан, эми минтип окуп киши болууга көгөрө шайланган ушул муундун арасында боору бүтүнү чанда болсо керек эле, жок эле дегенде чукулураак бирде-жарымы уруштан кайтпай калган шордуу муун эле, ошол себептенби, атасы согуштан өлгөндү угушканда баштарын ийкеп, Турар Атаевге жандары ачып отурду. Анүстүнө урушта өлгөндөрдүн даңкы башкача ардакталчу эмес беле.

Он мүнөт сүйлөйсүң делди эле, сөзү он мүнөттөн ашып, Турардын чактачудай түрү жок.

- Берлинге чейинки челчең жерлерди тебелеп барып, аттиң, жеңиштин күнүнө жетпей, баатырларча курман болуптур. Сержант Атаевдин өлгөнүн угузчудагы кара кагазы атам Атайдын бокчосунда сакталуу, “майор Шевчук” ысымдуу командиринин колу коюлган!

Кан кочуштаган оң колун жамбашына сүртө берип, Жусуп Зулпуев мурдун ал ортодо сол колдоп буугучакты, кан көйнөгүнүн төшүнө тамды. Эки колун шымына алмак-салмак сүртүнүп, күрмөсүнүн жеңи менен да аарчыды кызыл жаян тумшугун. Же бир мурдунун канаганы тыйылып калсачы, кычагансып, илдет жармашты да калды.

Арданды. Так ушул өчтүүнүн алдына келгенде бирөө тумшугун канжалата муштагансып, мурдунун каны шүүшүндөп тыйылбай, көпчүлүктүн алдында башын бийик кармай отурууга шарты келбегенине андан бетер арданды.

Ач чөөлөрдүн таландысында калган, алдан тайып, айбаты түгөнгөн кабыландай айласы куруп отурган. Жүдөгөндөн көзүнүн чарасы чөгүп, мусаапыр туюп отурган өзүн.

Так ошол маалда кимдир-бирөө оң каруусу туштан билинер-билинбес жумшак укулады. Мурдунун убарасы менен болуп жатып, адегенде таңазар албаганда, алигинин колу катуурак түрткүлөдү. Ормоң этчүдөй кабагын чытый кылчайса, үлбүрөгөн ичке билектүү бир селки саймалуу жүзарчысын сунуп турат. Ирмемге жүзүнө бакмакка башын көтөрдү. Караса, аккуу мойнуна желбирөөч асынган баягы кыз турат! Үнсүз тиктеп, кирпигинин учунда шүүдүрүмдөй чолок жашы турат! Ийменбегенине таң калды. “Ме, байке!” дегендей телмирип, көзү менен муңайым суранып турат, “Колумдан келген көмөгүм ушу!” дегендей өтүнүп, жалбарып турат. Жусуп Зулпуев боюн түзөп, чыйралды. Сол колу менен мурдун калкалап, жүз аарчыны эңкейе оң колдоп илип алаарда:

- Ыракмат, карындаш, - деп шыбырады.

Кирдүү кол менен кармагыс саймалуу жүз аарчыны

бүктөмүнөн аярлап жазып, учун таноосуна кысты эле, жыпар самындын, атырдын аңкыган жыты кеңилжээрин өрдөдү. Оңдоп экинчи учун басты. “Өх!” деди ичинен.

Кызыл-жашыл жибек жиптен саймалуу ушул жүз аарчы, ушул жүз аарчы сунулган ирмем демөөр болду Жусупка, ушул ирмемди тартуулаган үлбүрөгөн ичке билектүү, күмүш желбирөөчтүү кыз аркасын тийгизип, периште болду Жусупка.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

( Кийин ушул окуяны желбирөөч тагыган кыз мындайча эскерет:

- Арстаным! Адам зөөкүрлүккө алдырганда көздөрү чөө

кейиптенип калаарын туйдум, көздөрүн боз чалып, акшыңдап калаарын көрдүм. Залдагылардын чөөлөрдөн айырмасы жок көрүндү маган! Трибунаны мыкчып, залды жаңырта бакылдап сүйлөгөндөрү чөөнүн жинди каткырыгындай туюлду! Түтпөгөн жаным жүз аарчымды сундум өзүңө... ).

“Дурус эле айттым окшойт, чактап сүйлөйүн” деп Турар Атаев түшүп кетти трибунадан. Жабалактап кол чапмай дагы кайталанды. “Кыбалары канды окшойт! Сөзүмдүн кайрыгын комсоргчосунан плакат, транспаранттай таамай келтире албасам да кыраатын келтирдим” деп Турар Атаев өзүнө-өзү корстон болду. Актив болот деген ушу да.

Мындайда жогортон келгендин көзүнө илинип, назарына түшүп калмакка ашыккандар жабалактап көбөйүп кетет эмеспи, улам бири жарыша кол көтөрүп, жарыш сөз талашууда. Алардын үнү баштагыдан катуу, өктөм.

Тарых факультетинин дымактуу балдары сүйлөдү:

-Тик согуштун заманында компартия менен комсомолдун
ишин чангандарга комсомолдун катарынан орун жок!

-Университет төрт жыл бөпөлөп окутса да жолдош
Зулпуевдин сабаты ачылбаптыр, саясы жактан жетилбептир!

- Окууну аяктоонун алдында турса, эртең бир мектепке жумушка жөнөтүлөт, өсүп келаткан жаш муундун арасында кантип иш алып барат? Коммунизмдин эртеңки куруучуларын идеологиялык жактан кантип тарбиялайт? Татыксыз!

Өздөрүн чымындуу санаган филфактын балдары сүйлөдү тапанданып:

-Майып иш! Мал аласы сыртында, киши аласы ичинде деген
ушул! Арабызда жүргөнүн туйбай калыппыз!
-Куттуу университетибиздин ыйык атын булгаган сыйкы!
- “Учур” ийримине жамынып, эл-журтту көйгө салган чуут! Комсомолдук билеттен айлансын!

Бир аңгеме жаза коём деп, кулагы мынча чуулдаган Жусуп кеп кайтара албай отура берди саймалуу жүз аарчыны уучтаган тейде...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

VIII

Бир чоң ишти кыйраткансып трибунадан түшкөн Турар Атаев жуп отураарында күбүр-шыбыр түшкөн жоро-жолдошторунун: “Жабуулуу кара инген чыгат! Кара инген!” деп тамшанып жатышканын кулагы чалганы эсинде. Жүрөктөрү кабынан козголгонгобу, айтор тынч отура алышпай копшолушуп, күмүш желбирөөч тагынган кыз отурган жакка утур-утур моюндарын созушканы эсинде...

Комсомолдук кырмызы белеттин ошондогу кызыл чеке талашы жыл айланбай кыз талашка айланаарын ким билиптир. Анан ал талаштын кумары филфак менен тарых факультетинин студенттери арасындагы аңыз-аңгемеге айланып эле тим болбой, далай аңгеменин жазылышына себеп болоору андан бетер ойго келбеген жосун эле! Эки акын жаакташкансып, удаа-удаа төгүлгөн ошондогу саптар, эки жазмакердин калеминен удаа чыккан ошондогу аңгемелер…

Ошол жылы окууга түшкөн студенттер өмүрүндө глобусту биринчи көрчүдө айран калгандан баштарын чайкап, таңдайларын кагып (шаарга оболураак киргенине өйдөсүнгөн бирин-экин кыргыз кеп кылгандай “деги айылдык балдардын жоругу курусун”), тамашага чала айткандай, ал ортодо дүйнө чарк айланып, тегеренип аткан, дүйнө үшүнтүп бейкапар кыргызыңдын көр турмушун кошо айландырып- тегеретип аткан. Ай-жылдыздын бийиктигинен туруп ошончо жердин ичинен Суусамырдын айдайгак талаасына көз чаптыргансып, глобустун бооруна кадала тигилген суусамырлык студент не таңкалгандан, не кейигенден башын чайкай: “капырай, ушунун бетинде эле чачырап кетпей, укум жерди айланчыктай ары-бери куру-бекер чапкылап жүрүппүзбү? !” деп таңыркаса, кыргыз баласынан жалгыз Америка менен Европанын узун тарыхын ирээтин бузбай оозанганга жарап, аудиторияны жаңырта, жаңылбай дарс окуп калган, ошонусу менен эчендин гана оозун ачырган мугалими: “эми куру бекер чапкылабайбыз, кызыл байрак желбиретип, коммунизмди көздөй алгалап, айланабыз! ” деп компое жооп кайтарганындай, кыргызыңдын жай турмушу көч карасында кошо айланып, кошо агылып атты. Бул сапаркы саамдарда коммунизмди көздөй айланып аткан.

Көктөм маалы болчу. Момун кыргыздын атынан советтик тиричиликке иритки салып, турмушун тетири айландыргысы келген оолукманын айыбын ачкан, абийирин төккөн жыйындан кийин актив катардуу жүргөн Турар Атаев университеттин комсомол уюму отурган кабатка көтөрүлүп баратса (экинчи кабатка чыкчу тепкичтин имерилген жеринде), күмүш күбөгүнүн айынан университет ичине дайыны аңыз баягы кыз так маңдайынан чыкса болобу. Албырып алган негедир. Адегенде каректери чагылыша түштү. Ошол ирмемде кыз эмне ой менен карады ким билет, айтор жалт эте тиктей сала кайра дароо көзүн ала качып, таардан бычылган китеп кабын кучактаган тейде капталдата басып, жандай өтө берди. Моймол көз неме экен, негедир суз тарта түштү. Турар имериле түшүп, көзүнүн кыйыгын салып артынан узата тиктесе, май соорусуна түшкөн кара чачын алты өрүм кылып өргөн кыз арышын бачым таштап, булактаган бойдон кетти. Кайкалай түшүп, чачын оңдомокко мойнун бир силкинип алганы гана жактырбагандай түр көрсөтүп, булкунгандай туюлду Турарга.

Бир бет келип, сындан өткөрбөй жүргөн экен чиркиндики, бул саам кыздын сын-турпаты Турардын жадына таасын орноду. Алкымын жапкан, далайга сөз болгон күмүш желбирөөчүн эле көзү чалган жок, а бирок айчырай жүзү, айча бел мүчөсү, ошол мүчөсүнө кынама отурган көк кыжымыдан чыптамасы, кенен жеңи билектен өйдөрөөк, этеги балтырынын үстүн жапкан кызыл сатин көйнөгү (кош этек мындай көйнөктөр илгериде кызыл ашыкка түшүп турчу эле) көөнүндө калды.

“Ии!” деди ичинен: “Тяньшандык окшойт!”.

Бирден олчойгон папке, калың кагаз, жок эле дегенде душман көзүнө ырымдап сөзсүз бирден китеп көтөрүнмөй өнөрү бар профессор-доценттердин утур кашынан чыкканына утур “Саламатсызбы! ” деп үн чыгара учурашып, экинчи кабаттын кууш корридорун бойлой баратканда да алиги кыздын айча бел мүчөсү, маралдай басыгы, бели кыналган көк кыжымы чыптамасы, кызыл сатин көйнөгү, албырган жүзү көз алдында турду. Эми анын сын-турпатын толтурмакка үстү-башын ийне-жибине чейин эстеди. “Чачынын өрүмү бешөө беле, алтоо беле? Көйнөгүнүн бүйүрмө жакасы саймалуу беле? Кыжымы чыптамасынын бүчүлүгү инжудан беле, күмүштөн беле? Балтырына кыналган көкшаалы өтүгү?..” деп бүшүркөдү.

Ал заманда көсөлдү көргөндө кыргыз баласы көзүн жайнатып, көмөкөйүн бүлөп, ары сөздүү, ары жамакчы келчү эмес беле, анын сыңарындай айылдагы жородо бозого кызып алчусундагы бир-эки курдай кепке конок бербей ырдаган адистигине салып, ичинен жамактап да жиберди:

“Кызыл-Бел, Көк–Бел арасы,

Кызгалдактын талаасы.

Кызыл шайы көйнөгүң,

Кызганычтын дабаасы”.

Ээн-жайкын жер, жайлоонун жайыгы болгонунда ошондон ары коңурдуу добушун кошуп, заңкылдап ырдап жибермектир, университеттин корридору кууштук кылды да азыр.

Кайсы-бир ары жокко ыраа кыйбаган кызганыч сезими ойгонуп, комсомол комитети отурган бөлмөнүн босогосун аттап кирерде күзүндө окуудан куулгандан бери иликсиз жоголгон Жусуп Зулпуевди эстеди. Зулпуевдин чуусун чубап, комсомолдон айдачудагы жыйында көрбөдү беле кызыл сатин көйнөкчөн кызды!? Ошону да эстеди.

Ал кыздын оболураак эле башка бир күйөрманынан жүрөк туйлаткан ыр алганынан, дал ушул ирмемдерде көңүлү элеп-желеп болуп, университетке батпай деми кыстыгып, университеттин артынан көздөн далдаа, ээнчилик издеп баратканы менен иши жок, башка бир күйөрманы тумарча бүктөп, бердирип жиберген катты түрсүл соккон жүрөгүнүн алдына мыкчый уучтап, тумардай уучтап баратканы менен иши жок, эски өчү Жусуп Зулпуевдин Корголчосунан ак бакайын кошуп боздоп, Барпычасынан күйүп, ал кызга ыр арнап жүргөнү менен иши жок, “Мага ылайыктуу көрүнөт!” деп ойлоду.

Комсомол комитетинин эшигине туура беш кадам калганда:

“Кызыл-Суу менен Кожояр,

Кыяндап агат Итагар.

Кыжымыдан чыптамаң,

Кыжаалат кылды итабар,” - деп улады жамагын.

Бу комсомол комитети дегениң кызык мекеме да! Кирип барып, ээ-жаа бербеген кызуу талкуунун үстүнөн чыкты. Демейде лекция-семинарларда сурак салсаң ооздоруна талкан толтуруп алышкансып, мелтиреп отуруп берчү студенттер сөздүү деле. Эркек-ургаачысы аралаш узун үстөлдү тегеректей отурган жоон топ активист кургурларың сөз жөнөтпөй, туурадан чыгып: “Менин сунушум!”, “Менин пикирим!” деп, мелдешке түшкөнсүп ар биринин сөзү “мен эле мен!” деп башталып, адаттарынча элөөрүп алышкан. Кимдир-бирөөнүн туулган күнүн айтып, үстөлгө таянгандары аздык кылып, үстүнө чыга кала какылдап атышат. Эки-үч мүнөт коё туруп, “Эмне мынча камтама!” деп кулак салса, Лениндин туулган күнү жакындап, ошого кайгы жегендеги кербездери экен, үлгүрбөй калышчудай болуп өлүп-тала “ишембилик”, “дубал гезит” дегендери ошондон экен.

“Ээ, кокуй!” деди Турар Атаев айланчыктап туруп, “22-апрелге чейин дагы кенен бир ай убакыт бар эмеспи!”

Темселеп эмнеге киргенин түшүнбөй, “ушинтип активдүү болбой эле коёюнчу” деди да, төмөн түшүп, окумал элчилеп кызыл үйгө баш бакты. Партия болмокко партия тууралуу китептер жакшы эмеспи, тактай текчеде катар тизилген кызыл-көк тыштуу китептен колуна тийгенин алып, терезенин түбүндөгү бош үстөлдү ээледи. Бирок канчалык үңүлүп окуса да окуганы түк мээсине кирбей, эшик ачылса улам башын көтөрүп, ооз жакты шыкаалай берди. Кызыл сатин көйнөкчөн алиги кыз ушул отурган кызыл үйгө китеп издеп кирип келчүдөй, алты өрүм чачын сеңселтип баш багып калчудай туюлгандан, көзү толо көрмөккө куштарланып аңдынат. Мына ушинтип жаны тынч албай, көңүлү токтобой отуруп, жол-жолдуу дептеринин актай бетине уйкашын келтире төрт сапты чиймелей салды.

Көкө-Мерен, Үчүлүк,

Көгөрө жүрсөм күнчүлүк.

Көзүм толо бир көрсөм,

Көөр таштан беле бүчүлүк?

Жазып болуп, китебине үңүлөөрдө жанатада, тепкичтен көтөрүлүп, корридорду бойлой баратканда бүшүркөткөн ойлор кайра келди уйгу-туйгу түшүрүп: “Чачынын өрүмү бешөө беле, алтоо беле? Көйнөгүнүн бүйүрмө жакасы саймалуу беле? Бүчүлүгү?..”.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Окуудан чыгып калбастын далбасасында тырышып окуган студенттер болот, түшүнбөй атса бир жол сүйлөмүн үчтөн, төрттөн кайталап окуган, анысы да мээге кирбей атса сүйлөмүн сүйлөмдөй жаттап окуган студенттер болот, ошолор сыңарындай китептин үстүнө үңүлүп, анда-санда күбүрөнө окуп, үстөлгө өбөктөп отура берди.

«Общая тетрадь» деген жаңы чыга баштаган агезде, китепти китептей көчүргөнгөнгө ылайыктуу болор эле, ошондой калың тетраддан бирден көтөрүнгөн бирин-экин курсташы:

-Кармаганың кайсы китеп? – деп жөөлөп өтүштү эле,
“Мынакей! ” дегенчелик Турар китептин сыртын көрсөтө берет.

-Аа! – деп коюшат курбулары. – Сенден бошобойт өңдөнөт?
-Азыр эмес.
Көк тыштуу бир китепке ээ чыгып отура берди ушинтип. Көп эле киши кирет, көп эле киши чыгат топурап. Топ-топ болуп ээрчишкен, кызыл-ала кийинген кыз-кыркын кирди. Бирок кызыл сатин көйнөкчөн кыз көрүнбөйт негедир. Көгала-сарала чыптамачан, беттери алмадай албырган кыздар кирип келди чууруп. Жалгыздап басышса тобунан бириндечүдөй болушуп чогуусу менен кирип келишет да кызыл үйчү аялдын маңдайына туруп калышат түртүшүп. Бирок көк кыжымыдан чыптама кийинген кыз көрүнбөйт арасынан негедир. Беш өрүм, алты өрүм чачтарын сеңселткен кыздар деле кирди чууруп. Бирок алты өрүм чачынын учу май соорусунда чайпалган кыз көрүнбөйт негедир... Турар үшкүрүнүп алды.

Жарым саат өтүп-өтпөй - окумуш этип китепти ортолоп калган - жанагы саптарды дагы улады:

Ичке-Суу менен Такталык,

Идерлүү жүрсөм күнчүлүк.

Изиңен таап бир көрсөм,

Инжудан беле бүчүлүк?

Ушул саптар мандайынан бир көргөндө көңүлүнө бүлүк салган аты белгисиз алиги кызга өзүнөн-өзү арналып жатты жаман оюнда, акындык даарыгандан шыгы ойгонгондой уйкаштуу чыгып, уйкашы уйкашына учкашып, ак барактын бетине шурудай тизилип жатты. Ушул саптар непада алиги кыздын колуна тийсе дароо жүрөгүнө чок салчудай туюлуп, жүрөгүнөн, жүрөгүнүн тереңинен суурулуп жатты, ошол кызга деп сунулуп жатты. «Арзуу саптары!» деди оюнда. «...га!» деп арнап коёрго гана кыздын атын билбей турду кыйналып.

Түш оогончо отурду кезерип, инжу бүчүлүкчөн кыз кызыл үйгө китеп издеп киргени жок томсортуп. Бешимге чейин отурду көгөрүп, кара чачы алты өрүм кыз кызыл үйгө китеп сурап баш баккан жок бозортуп. Канчалык акыя отурбасын, караанына зар кылып, ансайын аңсатып, келбей койду ындынын өчүрүп.

Курсташтарын таң калтырып, кызыл үйдөн элдин арты болуп чыкты Турар. Бирин-экини менен жол улаш басып, бутак-шагы күчүктөп, бүрү жарыла баштаган бакты аралай келатканда да жан-жагына кылчактады. Топтошуп баскан, жупташып баскан жаштар жүрөт толтура. Негедир издеген кызы көрүнбөйт. Ошондо дагы төрт сап ыр жазчудай ээлигип, “Ашыктыктан акын атанмак ушундай окшойт” деп ойлогону да бар. Сыңар тизелете отургуза калып, дептеринин бетине түшүрүүгө шаштырган ал саптарды кечинде, тээ уктар маалда дагы эстеди.

Курдаштарына желбирөөч кызды көргөнүн, бирок бүгүн желбирөөчсүз көргөнүн айтып, сырт келбетин сүрөттөп берсе, алары «Аа! Баягы жабуулуу кара инген чыкчу кызбы!» дешип, далайга кобурашып кеп кылышкан.
-Тяньшандыкпы! ?
-Өзү! Өзү!
Турар желбирөөчтүү кыздын жердигин өткөндө жаңылбай
тапканын эстеди. Орусу кайнаган Фрунзеге тайманбай окууга түшкөнү, болгондо да университеттин филфагында жүргөнү эле далай аңызга айланып, жигиттердин арасында даңаза күткөнү менен иши жок, ушинтип боолголоп койбоду беле, ошону эстеди. Тянь-Шандык беш көкүл сулуунун шаардап кеткени Тянь-Шань элинде эмне кеп болгонун ким билсин, айтор Тянь-Шандык ашкан сулуунун Фрунзеге келгени эле былтыртан бери бүтүн Фрунзеге уу-дуу кеп болгонун, эркек аттуунун баары ошол күндөн ушул күн университеттин филфагын аңдынып калышканын угуп, оготер бүйрү кызыды.
Көзү илинбей, ооналактап жаткан. Бир оокумда жанындагыларды чоочутуп, керебетинен каргып турду да бурчтагы чарчы үстөлгө чаарала турсы, ак майкачан отура калып, жол-жол дептерине жазганы бул эле:

Күмүштак башы кечүүлүк,

Күлүктөй жүрсөм күнчүлүк.

Күйүнбөй барып бир көрсөм,

Күмүштөн беле бүчүлүк?

Катар керебетте жаткан курбулары: «Тураровкабыз эми Кулмырза болгону калганбы? » дегендей баштарын көтөргөн.

Экиби, үч күндөн кийин укса көк кыжымы чыптамасынын үч бүчүлүгү эле үч куплет ырга тең кыздын аты «Зыйнат» имиш, артынан калбай арзуусун айтып, ашык болгону - Жусуп Зулпуев имиш! Ошондо Турар Атаев чындан намыстанып: «тал чыбыктай буралган ушундай кызды чынары куурагыр Жусупка кантип ыраа көрөйүн!» деди. Ошо күндөн кеч калбай кызга сөз айттырууну чечти.

Оболу, бүчүлүк тууралуу үч куплетти башына коюп, мурунку жамагын аягына улап, кызыл сыя менен көчүрүп чыкса баш-аягы беш куплет ыр болгон. “З...га” деп арнап, жооп күтөрүн айтып, кудум баягы айылдын кыздарына кат ташычу кездегидей тумарча бүктөп, филфактагы эле курбу кыздарынан бердирип жиберди.

Университетти айланып эки күнү күттү жообун. Жышаанасы да болгон жок. Үч күн күттү жообун. Ишаарасы да болгон жок. Жатаканасында калчуда ары басат мүнөт санап, бери басат мүнөт санап. Түн уйкусунан үч ойгонгон учуру болду. Жооп күтүп зарыккандан айласы куруган Турар кат жазгандан төртүнчү күнү дегенде, түштөн кийин филфактын кыздары жаткан жатаканага барды жолдошун ээрчитип.

Алтынчы күн эле. Жасанып алышты. Ошол жылдары шаарга кирген бир курдуу кыргыз жаштарынын көлбөөртүп кара костюм-шым кийген өнөрү чыккан. Ак матадан көйнөктөрүнүн үстүнө модасын “диагональ” деп койчу, жүн кездемеден бычылган костюм-шымдарын кийиништи. Кочкул-көк, кочкул-кызыл түстөрү жол-жолунан келген, балтыр туштан чоймо менен тарттырып коймо жибек байпактар чыгып, кыргыз баласы да жибек байпактуу боло баштаган. Андан кийиништи. “Буюрса кызматчылыкка жетээрибизге мына-мына аз калды” дешеби, айтор өйдөңкү курста окугандардын фетровый шляпа киймей адаты болор эле, Турар да аларды туурап, оокаттуу курдашынан сурап алган фетровый шляпаны капталына кыңайта кийип алды.

Дүпүйгөн кара жыгачтарга көмүлгөн эки кабат жатакана жаз илебине койнун кергенсип, жыгачтуу терезелери кенен-кенен ачылуу экен барышса. Кыз-кыркындын дабышы угулуп, кыңылдап ырдаганы да бар. Тушунан барып “Зыйнат! Зыйнат барбы?” деп, колу менен оозун калкалап, бекем үн салууга терезесин билишсечи жаткан бөлмөсүнүн же мурда тааныбаган соң...

Күймөнүп турушту да эшик кайтарган орус кемпирге “Зыйнат” аттуу кызды издеп келишкендеги жайын айтышты. Ай, ушул Фрунзедеги эшик кайтарган ошондогу орус кемпирлердин азабы! Мамлекеттик бир маанилүү жайды коругансып эшик кайтарган орус кемпирдики өттү эми. Тигил экөө кыз ала качканы келишкенсип акырая карап:

- Жигиттерге жолоого болбойт бул жерге! - деди ыргыштап.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

“Апей! Карындашыбыз болот!” деп атып араң жоошутушту кемпирди.

- Кирип-чыккандардан айттыргыла, - деди орус кемпир акыры.

Чөөгүн көтөрүнгөн кыз бараткан экен:

- Карындаш, Зыйнатты чакырып бересизби? – деди Турар туура эле.

- Кимди? – деди чөөгүнчөн кыз имерилип.

- Зыйнат, - деди Турар.

- Зыйнат?

- Ооба, Зыйнат.

- Зыйнат деген жок, Сыйнат деген бар. Үчүнчү курстанбы?

“Зыйнат ысымдуу жок” дегенди укканда жүрөгү болк этип, шаабайы сууй түшкөн Турар Сыйнатты укканда оңоло түштү.

- Ошол, ошол... – деп жиберди боолголоп.

“Зыйнат” эмес, “Сыйнат” турбайбы! ” деди ичинде: “Кап, “С...га” дебей, “З...га” дегеним чекилик болгон турбайбы?”.

Сыйнат эми кызыл сатин көйнөгүн, көк кыжымы чыптамасын кийинип, аккуу мойнуна күмүш желбирөөчүн тагынып, жазгы гүлдөй түрлөнүп чыгат деп ойлоп алыптыр толкунданган Турар. Чыккан жок маалкатып. Ал ортодо жигиттерди ары шектүү, ары жактырбаган түр менен тиктеген орус кемпир кууп чыкчудай түрдөнөт. Тигил экөөнө бети түктөйгөндөй көрүнөт.

Түшүнүп көтөрүшөбү, түшүнбөй көтөрүшөбү ким билсин, же окууга ынтызар кишинин кебетеси ушундай деп ойлошобу, айтор кудум “Советтик Кыргызстандын кызы” деген сүрөттөгүдөй болуп китеп кучактаган, кудум ошондой болуп бир байлам кызыл жоолук байланган, анан да бош колуна кулагы кыйшык мискей кармаган кыз өтүп баратыптыр. Андан айттырышты.

-Карындаш, Сыйнатты айтып коёсузбу?
-Ким дейин? – деди имерилип.
-Агасы. Агасы болобуз.
Он мүнөттөй сагалашты. Үй ичине кийингени окшойт, жеңи билектен, этеги тизеден гүлдүү чыт көйнөкчөн эле желең чыга келди Сыйнат бир оокумда. Оозго дейре басып келип, сыртка бир баш багып, ким чакыртканын түшүнбөгөн кишидей түр кылып, кайра артка бурулаарында:

- Сыйнатсызбы? – деди Турар.
- Ооба, - деди кыз үркө караган болуп.

- Сөз бар эле.

Коомайланган Сыйнат күтүнүп калды.

- Мындайраак басып сүйлөшпөйлүбү, - деди Турар.

- Айта бериңиз ушул жерден эле.

- Басып келсек...

- Каякка? Жок, мен баса албайм...

-Кат жаздым эле.
-Алгам...
Сүйлөшүп алышсын дегенчелик кылып, ээрчиген жолдошу экөөнү ээн калтырмакка окчунураак басты. Турар буйдалбай:

- Кат бердим эле, – деди.

- Кыз накыштуу окшойсуз! – деди Сыйнат.

- Эмне? Эмне дедиңиз?

- Каңырыш угуп калдыңызбы? Кыз жандуу окшойсуз!

Мукактанып сөз таба албай калган Турар:

- Сен үчүн акын болормун! – дебеспи.

-Кудай маңдайга шык жазбаса, жанталашканыңыз курусун!
-Жазсамчы!
-Ычкынсаңыз, ычкынчаак жазуучу атыгасыз!
-Шыктуумун! ..
-Куу чирен көрүнөсүз! Көрдүм жазганыңызды!
Ушинтип кагуу жеп калаарын ойлобогон Турардын күйбөгөн жери күл болду. “Ашыктыктан ыр арнадым өзүңө” деп жүрсө, “өмүрүмдү сайып, акының болоюн өзүңө” деп жүрсө! Өзү Сыйнаттын маңдайында сүйлөшүп турат дагы эмнегедир оюна Жусуп келиптир. Жактырбай тиктеген кыздын: “жазганың Жусубумдун ырларынын жанында шоона эшпейт” деп ойлоп алганын кайдан туйсун, “жаман Жусуп эле менден артык жазат бекен? Көрбөдүкпү Жусуптун жазганын?” деп ойлоду ичи күйгөндөн. Жүрөгүнө чок салдым го деп жүрсө, муз бүрккөнсүп сүйлөгөнү эмнеси? Эсин жыйып, оозун ачканча кыз эшиктен аттап, бачымдай басып кетти. Сөз тапканга буямасы келбей, шашкалактаган Турар Сыйнаттын артынан эки ирет атын чакырганга араң жарады:
-Сыйнат! Сыйнат!..
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Сыйнат кайдан кайрылсын. Аркасынан кошо босогону бир аттап, үндөккө келтирчүдөй обдулду эле:

- Молодой человек, Вы куда! – деди орус кемпир ордунан козголуп.
Чанагы чукурдуу көзүн үңүрөйтүп, кабагын чытып, берегилердин кобурашкандарын түшүнгөнсүп баятадан кадала карап отурган орус кемпирдин алдында калпы ашкереленгендей туюлуп, өтүрүк айтып келгендеги сөзүнүн төркүнүн, эми минтип кыздан өкүнтөрлүк кеп укканын ал кемпир билип-туюп койгонсуп Турар уялганынан жерге кирип кете жаздады. Орус кемпирдин кыргызча түшүнбөгөнү абийир болду да, болбосочу… (Кийин-кийин ушул окуяны Турар: “Агездеги кыргыз балдардын ыймандуулугун кантесиң! ? Кыргызча ыпым билбеген орус кемпирдин көзүнчө кайсы арыма уялам ошондо?” деп эскерет).

Кыздан мындай кагуу жеп көрбөптүр башта. Беш куплеттик ырынын куну, беш күндүк үмүтү минтип беш мүнөттүк кепке арзыбай калганына ызааланган Турар жорто басып, жатакананын оозунан чыгып кеткенче ашыкты. Уйгу-туйгу ой арасында “Беш күндүк беле!” деп коет, “Беш күндүк эмес!” деп коет...

Кыркалекей кара жыгачтардын катарын көлөкөлөп, кыйшык сөңгөгүнө таянып турган жолдошу Турардын бозала болуп, шылкыйган түрүн көргөндө боюн түзөп, сөз айта албай элейди. Жакын келген досунун көзүн тиктеди жалдырап.

-Көңүлү калгансып так секирет. Жанагы жаман Жусуп
башын айлантып алса керек, - деп күңкүлдөдү да Турар башынан фетр калпагын чечти.

Тим эле керстендей керилип, Дзержинканы бойлото каалгып баскан чоң акындан бешбетер фетр калпак кийип алганычы! Фетр калпак жарашпай турду ушу азыр.

- Мындай басып кетеличи, досум, - деди.

Сөлбүрөбөй, көздөн далдаа басып кетүүнү каалады. Шаардын активдерчесинен көлбөөрүтө кийинген костюм-шымы шөлбүрөгөнсүп жарашпай турду ушу азыр.

Дароо жатакананын жолуна бурулбай, көчөлөп көпкө
жүрүшкөн соң Молодая Гвардия бульварына чыгышты да, тротуарды бойлой жогору беттеп басып келатышты. Кызга кумар жигиттин миң кыялы курусун, эмне гана келбейт кыялга. Анын сыңарындай Турардын миң кыялынын ичинде аккуу моюндуу, күмүш желбирөөчтүү Сыйнатты жандап баратсам бульварда, арманым болбос бу барда деп кайрыган бир кыялы болгонбу, кудайым ушул азыр андай тагдыр буюрбай атканына, андай кыялды шамалдай айдап алыстатып атканына түпөйүл түшүп, түнөрүп келатты. Эмелеки окуяны чолуп-чолуп кеп салган болот.
-Өзү деги эти тирүү, сөзү чыйрак неме окшойт, - дейт кунт
коюп угуп келаткан досу. – Жерлиги каяк экен?
-Тяньшандык дешет го. Тяньшандык.
-Тянь-Шанын кенен эмеспи. Кайсы району, айылы дейм да?
Жерлигин сурагандай болдубу!? Желкеси тырыша түшкөн Турар:
-Таң! – деп туталанды.
Кыжаалат ойго чөктү. Көк кыжымы чыптамачан, кызыл сатин көйнөкчөн Сыйнатты көзү толо бир көрүүнү эңсегендегисин ойлоду, көсөлдүгүн көөр таш бүчүлүккө теңегенин ойлоду. “Айткандыр! ? Тумарча бүктөп кат бердиргенимди айткандыр?” деп ойлоду. “Балким окуткандыр! ?” деди.
-Эмитен эле жаман үйүт баштаба. Үстөк-үстөк кат берүүң
керектир, - деди досу.
-Туура айтасың. Жазуум керек, - деп чыйралган эле Турар, -
Үстү-үстүнө жазуум керек.
“Бүгүнкүнү да айтып бараар!?” деп ойлоду ал ортодо. Ушул ой келгенде кектүү Жусуп кекээр сөз узатып, кыйшая күлүп алаарын элестетти. Элестетти да арданды. Жанына теңебеген жаман Жусуптун кекээр сөзүн укчубу!? “Жообу болмогу керек!” деп кекенди Турар. Баягыда, тээ баягыда атасына акаарат айтканын укчуда Жусупту университеттин күзгү багына алып чыгып, көк ала койдой соймокчу да болгонун эстеди. Негедир азыр антип кайнай алган жок. Болгону:
-Мурдунан түтүктөп кан аткандай кылбасамбы! - деди.
-Ээ, - деп сөздү бурду досу, - Өткөндө эле агызбадыңбы. Эми
Сыйнатты ала качып эле сызга отургузпасаң.
- Кайдагы жосунга үндөйсүң, досум! Анткендер статьялап кесилип атышпайбы! – деп чоочуду Турар, - Юрфактын балдарынан сурасаң...

Кыз ала качканды эскинин калдыгы санап, статья бычат эмеспи азыркынын соту. Досу үрпөйүп:

- Баса! – деди.

- Балким, трибунага чыгып, Жусуп Зулпуюпту сокпогонумда, Сыйнат сыртын салбайт эле, - деди Турар.

- Балким, - деп ийнин куушурду досу.

Экөө ушинтип “Молодая Гвардияны” бойлой келе беришти, келе беришти.

- Адашып кетпейбизби? Алыс кеттик го? – деди досу жан жагына элеңдеп.

Кайсы-бир жерден кулагы чалганын эстеп, оюна туура
келгенден алаксымакка айтып калайын дедиби же алаксытмакка айтайын дедиби, айтор Турар:
-Баса, ушул бульвар башта Ат-Башы көчөсү аталчу экен, -
деди.
Ыя? – деди досу, - Кайдан билип жүрөсүң?
Соңку жаңы тарыхтан окуган, маал-маалында кыргыздын
тарыхын жалтанбай сүйлөгөн кандидат агайдан укканым. Кээде лекциядан сырткары жайда, жалаң кыргыз студенттер арасында Эсенгул баатыр, дагы эмне баатыр дегендерди эскерип, санжырадан кеп салганды өтө жактырат эмеспи. Ошонун айтканы...
- Ооба десең. Бирок ошол агайды корком...
Төрт-беш жылдай илгери кең Фрунзе калааң кыргызыңды дагы бир жолу ээси оогончо таң калтыртып, “Октябрь” аттуу кинотеатрлуу кылган эле. Капкалуу сарайдай заңгыраган имарат эле аның. Ошол кинотеатрдын тушуна келишкенде артындагы кара жыгачтуу бактын ичинде, алыштын четинде сыралуу сары бочкени тегеректей түртүшкөн топ орусту көрүштү.
-Бир кружкеден сыра жутпайлыбы? – деп сунуштады Турар
ал жакты карап.
Фетр калпакчан, көлбөөрүгөн кара костюм-шымчан, кара тору эки кара кыргыздын жөөлөшкөн топ орустун арасына жулунуп кирип барып, жулкулдап кружке талашарын, орустан талаашарын элестете албай досу дал болуп, кысынды.

-Жүрү! - деди Турар сары бочкеге далай имерилген кишидей
ишенимдүү.

Досу “тыйыны!? ” дегендей, чөнтөгүн сыйпагылады.

-Сары чологум бар! Стипендиямын жугу, - деди Турар досун
айттырбай түшүнүп.

Турар эки ирет сары бочкеге кезекке туруп, экөө эки кружкеден сыра жутушту. Кара жыгачка ийни менен жөлөнүп, көбүгү кружкенин кырынан ашкан сыраны тамшана жуткан Турар чала-була аян келгенсип, Сыйнатты таң калтырмакка аңгеме жазмакчы болуп шерденди.
-Мен бир аңгеме же поэма жазып, Сыйнатка жөн киши
эместигим билдирейин, - деди.
-Жакшы болот. Бирок не тууралуу жазасың?
-Эми, кыргызга жарашпаган темага кийлигишпейм. Гастелло
болуп эмне кылам! Бектер бектей кезинде, хандар хандай кезеңде, Эр Эсенгул деген өткөн кыргызда! - деди Турар. – Ошону жазайын.
- Ээй, койсоңчу, - деди досу, - Эскичилдигиң билинет. Жусуптан беш-бетер мурдун канжалап жүрбөсүн...
- А мен КГБ жигин билбегидей, жытын албагыдай кылып жазам. А чынында... Чынында тиги Дзержинкада каалгып баскан, шаа мүйүз жазмакерлер, идеологиянын бөрк ал десе баш алган суракчы-дөлөнгүттөрү эмне демектен ошо десин, маа десе талап жесин, ириде Сыйнатка жетсем болду, - деди эрдемсип.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Досу чоочуй карады.

Кара жыгачтын бүрдөгөн бутак-шагын кыялдана тиктеп отуруп,

көбүгү жабырган сыранын күчү козгодубу, же жайдары жаздын күүсү ойготтубу, же чын эле дээринин тереңинде уктап жаткан шыгы кытыгалыдыбы, айтор кыялында бир укмуш аңгеме жаратты. Кыялында укмуш болуп атты, аны окуган Сыйнаты таң калып атты.

Бирок алгач саптары “хандар хандай кезинде, бектер бектей

кезинде, бул жалгандан Эсенгул деген өтүптүр” деп башталганы менен, кыялынан ары өтпөй, он барак ангемени эртелей жазып, Сыйнатына суна албай, адегенде он ай жүрдү алпурушуп. Анан айлар жылга алмашты, убакыт болсо уча берди. Шыгы чалабы, же билими жетпедиби, жаза албады кашайып, кыялында дурус эле келгенсийт, жаза келгенде эле эчтеме жок.

Учурунда, ошол жылы, жок дегенде кийинки жылы кагазга түшүргөнүндө эмине.

Он жыл бою кагаз бетине түшпөй, кыялында гана жашап, жанын кыйнаган аңгеменин сюжети мындай болушу керек эле.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 22:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

IX

Капка трагедиясы

(Биринчи бөлүк)

Эки заманды көргөн, эс тарткандан замандын эки мертебе оодарылганын көргөн Эр Эсенгул баатырдын ичер суусу, көрөр күнү түгөнүп баратты. Тогуз канат кийиз үйдүн төрүндө төрт күндөн бери төшөк тартып суналып, үзүлө албай кыйналып, ээги экчелүү жаткан Эсенгул баатыр акка армандуу баратты. Айтканы эзели эки болбогон айтылуу Эсенгул эле, үзүлгөндү улайм деп жүрүп, чачылганды жыйнайм деп жүрүп, алты мүчөл өмүрүн ат үстүндө өткөргөн Эр Эсенгул эле, атангөрү-ү дүнүйө, ат башындай армандуу баратты. Эки арманы бар эле...

Эчкидей жашы калганында адам баласын жараткан Эгем эртели-кеч тилетип коёт эмеспи, анын сыңарындай “Теңирим жанды кыйнабай, бут серппей үзүлсөм” деп тилек кылчу эле, угуза да тиленчү, купуя да тиленчү. Түбүнөн эле бири кем бу дүнүйө тилегениңди буюра бербейт экен, же маңдайына жазылган буйрук “муну да көрүүң керек!” дегенби, ичинен жашоого топук кыла: “ашарымды ашадым, жашарымды жашадым, кетейин эле кетейин, Сарысейит-Тукурдун артынан кетейин, арбагы бийик Үчүке менен Түлкүнүн артынан кетейин, Маматкул-Тынайдын артынан кетейин!” деп, эбак өлгөндөрдүн артынан житмекке ниетин канчалык ээрчитсе болбой, өлөөр алдындагы уйгу-туйгу санаасынын үзүл-кезил учугу жүрөгүн өмүр бою өйүгөн арманга келип такалып, качанкы арманды козгойт. Козгойт да турат, козгойт да турат көкүрөктү ачыштырып...

Акырет дейт, акыретке баш багып көрбөгөн сон, өлүм алдындагы кишинин эмнени ойлонуп, эмнени койгонун, далбастап эмне жаналекетке түшүп жатканын билип болобу, капшытты тирей отурган бир атанын балдары – жалпы үстүнөн “Болот уулу, Темир уулу” деп коёт аларды – тебетейлүү баштарын текши шылкыйтып, телмиришет. Жаңсап сүйлөшүп, ымдап байкашып, телмиришет эле телмиришет. Эчендеген эрегиште эр өлтүрүп, эчендеген чабышта далай-далай эрлердин өлгөнүнө көзү канган, жүрөгү көнгөн кан ичер немелер - булар, негедир төрдү тиктеп, элейишет эле элейишет. Эшик-төрдөй жерди ээлеп, дөөдөй болуп андагы жаткан кишинин анда-санда оор онтогону сүрдөнтөт. Өлүм тууралуу ойлор тике каптап, дүйнөнүн жалганы менен чыны, алакчысы менен акырети тууралуу түнөрткөн ойлор ныгырат барын үстүнөн. Баатырдын ана-мына үзүлөөрүнө удаа тогуз канат боз үйдү түп көтөрө өкүрмөккө комдонушат. Ар кимиси өбөктөй калып өкүрчү сөздөрүн белендеп алган ичтеринен: “Эсил кайран атакем!”, “Эсил кайран Эсекем!”, “Эсилимди эми кайдан табамын!”. Теребелге чакчелекей сала мына ушинтип өкүргөндө, ага удаа кара жамынган катын-калач алмадай бетти айрып сала, чуру-чуу түшүп кошкондо, Чүйдүн ичи кошо ыйлап, көчмөндүү кыргыз журтунда, асыл манап тукумунда чанда бир туулчу кишинин оо дүйнө көчкөнү билинүү керек. Жака менен жайлоодогу төрт түлүктү четинен жыгып, киши алчудагы, көрүн кенен казып, сөөк койчудагы шааниң оң-сол жаткан журтка, тээ Анжыян-Алайдан бери угулуу керек. Теги сайпана “сарт” деген журт жатат андан арыдагы чөлдүү талаада. Көроокаты сабиз-күрүчсүз өтпөгөн ошол [moderated] укпай калбасын асты, Намангандын сартына да, Кашгардын сартына да тегиз угулуу керек. Ыраакка, тээ ыраакка угулуу керек. Баатырды жоктоону ушинтип элестетип, ушинтип күтүнүштү.

Эсенгул баатырдын жакасына жакын мандаш токуна калбаат отурган тамырчы - баяраакта балдарынын чакыртуу менен келген – сыркоонун сунулган колун билектеп, тамырын тыңшайт.

- Суук! - деп күңк этти бир маалда.

-Ыя, - деп жалдырай тиктешти баатырдын балдары.
Кайран Эсенгул качанкы Эсенгул эле. Быйыл жетимиш үчтү таяган чагы болчу. Боз үйдүн ичи-сыртын орогон Темир-Болот уулунун улуу-кичүүсүнөн бери ушул ойго жетеленбеген киши жок, Эсенгулдун алты мүчөл өмүрүн бир сыйра таразалап, бир сыйра көз алдына тартпаган киши болгон жок.

Ат жалын тарткандан кылбаганы жок эле атабыздын! Анжыян-Алайдан түрүлгөн оң-сол Кетмен-Төбөдөн берилей аттанчуда самсый качкан арам калмактын артынан сая кууган атабыз эмеспи мынабул, ата-бабанын нагыз конушу – Сары-Токум , Үч-Алматынын койну дейт, кийин чагында ошол Үч-Алматынын айынан казак менен касташкан атабыз эмеспи, Барак-Сарак дегендер менен басташкан атабыз эмеспи! Кайран жер Үч-Алматы, үзүлө тартып кайгыңды, ушул сенин айыңан көзүнүн жашын он талаа кылып ыйлаган атабыз эмеспи! Кара оозуна кан толгур калмактын заманында өлчөөсүз азып кетиппиз, атаңдын көрүү дүнүйө эй, ошондо саныбыз арбыбай койгонун армандап, кабыргасы майлуу Сары-Токумдун ээн өндүрүнө казганактата отургузайын десе уруусу кыргыз журтуңдун катары чукак, өтөктүү кокту-колотун толтурайын десе уруусу кыргыз элиң башка чукак, ошондо жер сорусун ээсиз калтырып, ээнсиретип алганына, жетимсиреген жерди караламан казакка тебелетип салганына жаны кашайган атабыз эмеспи, кашайгандан этек-жеңин кагынып, жер тепкилей үч ирет тегеренген атабыз эмеспи!.. Кысталактыкы- ы, ала көөдөн Абылайды эки мертебе жыкчуда төбөсүн айрып, ээринин кашын тааныткан атабыз эле, Иледен өтүп жылкы чапчуда калмактын өтүн алган атабыз эле, ажалын оозуна тиштей казак конушун бөрүдөй аралап барчуда Бердикожосун соё келген атабыз эле, алтымыштан ашканча сырнайзасын колтукка толгоп, жекеге чыккан атабыз эле, жекебасар атабыз эле! Баш койкоң атабыз эле...

“Баш койкоң атабыз!” дешет бир демден. Жабалактаган ушундай ойлор жаш-карысын ылгабай тунжурата бийлеп турду. Атагы ааламдан ашкан санжыргалуу ошол киши эми минтип кереге сакалы өйдө экчелип, көзү чукурайып, кыргый кабагы уркуюп, жаагы узарып, жаны кыйналгансып жатты. Өзү да сөөк-саактуу, оңбогондой чоң неме эле, узунунан салынган кабат-кабат кийиз үстүндө бою да бир башкача суналат. Сыңар тизелеп, далысын үңкүйтө жакын отурган орто курактагы киши айкарасынан жабылган төө чепкенди оңдомуш эте этегин тартып, Эсенгулду кымтыган болду.

Башын салаңдатып, көзүн сүзгөн тамырчы эсебинен жаңылгандай сөөмөйү менен ортонун ондоп жылдырып, билектеги тамырдын бүлк-бүлк соккондогу ыргагын санайт. Бирде сөөмөйү менен ортонун, бирде ортону менен аты жогун жылдырып, күрөө тамырды эки-үч жолу оңдоп тыңшаган соң:

- Баатыр – оор! - деп түңүлттү башын көтөрбөстөн.

Шаабайлары биротоло сууй түштү отургандардын.

-Учуктап суу ууртатып көргүлө, - деди тамырчы. – Үч
күндөн кийин сууга курут эзип берип, сапырып ичирип тердеткиле. Көрөлү!

Кыркалакей отургандардын арасынан бирөөнүн бышактаганы угулду.

-Жаман жорук баштабай, жашың тый! Баатыр тынч үзүлсүн,
- деп тап берди Болоттун көк топучан, көк ала сакал бир баласы туюк калпакчан бир баласына.

Малакайчан экинчиси ороюн бузуп:

-Чыга тур! - деп эшик жакка ээк какты.
-Жашык өңдөнөсүң! – деп өңүн бузду тыңсынган бир
өспүрүм.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 23:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Өңгүрөп ийбеске ээгин кесе тиштеп, абайсыздан бышактаган тестиер – Эсенгулдун жаман неберелеринен эле – эргилчектин тушунан эңкейе берип, эшикти сол ийнине сала көтөрүп ачты да чыгып кетти булкунуп. Эшикти көтөрүп, ирегеден аттаарда өтүгүнүн апкытын чала басып чалынып, жыгылып кала да жаздады. Аягы чалыштаганда башы эргилчекке тийгенден калпагы да кыйшайып кеткендей болду.

“Жаман кишинин кыялынан ит кабат” деп ойлонду тыңсынган өспүрүм.

Түлкү ичигин кымтына катар отурган кишинин:

-Эшикти түрдүрүп салбай, - деп шыбыраганы угулду.
-Желдүү жакпайт. Тамырчы баатырдыкын суук дебатпайбы. Жылуу кармоо оң, - деп күңкүлдөй жооп узатты бири.

Эшиктин бир өңүрү көтөрүлүп, “далп” эте кайра түшкөнүн элес алганы да албаганы да кайтадан өз ою менен алек. Жанагы кытыгы ой менен алек. Эртегиден калган кары сөз бар эмес беле. Ошону менен алек. “Биринчиде баш койкоң туулат, андан Кабактын кара барчыны туулат, андан канжыгалуу кара сеңсел, ат качырбас боз айгыр туулат, андан ичсе тойбос, куйса толбос кызыл меш туулат, андан чабалай баштуу, чап жаактуу туулат” деген сөз бар эски кишилерден калган. Ашык-кеми жок алты муунду сынга толтурган, алты муунду өлчөгөн айың сөз, капырай. Мынабу мелтиреп отургандардын чөбөрө-кыбырасына дейре мерчемдеп сынга толтуруп, алты муундан ашырбай, андан аркысы майда-чүйдөгө аралаша, аралаша-аралаша акыр заманга житип кетээрин айткан сөз, капырай.

Мелтиреп отурушканы менен ичтеринен дымактуу. Жаргак шымдарына тырмактарын батыра тизелерин аткый комдонуп, комдонуп коюшат. Ар кими өзүн кара барчын санап, кара барчын сынына толо элегин билгени кара барчын атыгаар күндү самап, эски сөздү боюна гана куп чактап, боюна гана жараштырат. Кандан канга өтүп, алты муунга кетчү болгон, алты муунга жетчү болгон алиги купуя касиетти өз тукумунун бешенесине жоруп, ошол касиет буйталбастан, адашпастан өз тукумунун шыбагасына буйругай эле деп күсөйт, өз тукумуна гана жуккай эле деп күсөйт. Өз тукумунан кара сеңсел, ат качырбас боз айгыр издейт айлантып, ичсе тойбос, куйса толбос кызыл меш издейт тизмектеп. Аягы бүдөмүк кайсы-бир, кайсы-бир замандардагы тукумунан чабалай баш, чап жаак туулса деп улутунат. Кудум Эсенгул болуп туулса, Эсенгул кайра туулса деп улутунат.

Эки ата алыстап бараткан Темир уулу деле талашат ушул тилекти, Болот уулу деле талашат ушул тилекти. Болот уулу Темир уулунан талашат, Темир уулу Болот уулунан талашат. Болот уулунун ичинде Эсенгулдун отуз уулу бар, отуз уулунун ичинде тондуу уулу бар, алар дагы талашат ушул тилекти. Байбичеден туулганы деле талашат, токолдон туулганы деле талашат. “Атабызды жазбай тартчусу өзүбүз” деген үмүт астыртан ар биринин ой-санаасын ээлеп, эрегиштирет. Алтымыштан ашканча алты катын алып, алтоону алтыдан туудурган аксакалын деле эрегиштирет, үлбүрчөккө кол тийгизип, кыз өбө элек бозоюн деле эрегиштирет. Боз үйгө батпай, сырттагы ат мамы менен акырды дүнүйө капар айланчыктаган, сары тонун кымтына келген-кеткенди жалтак-жалтак тиктеген, өзү боктой болсо да кыялы октой салбырдын баласы деле талашып жатты ушул тилекти ичинде. “Менин катыным туугандыр кызыл мешти, менин катыным туубасын кызыл мешти... Туула элеги бар болсо менин белимдедир дагыле, менин белимде жүргөндүр кызыл мештүү касиет. А көрө кыз алган катыным жарашты бекен, жарашпай калып жүрбөсүн! Жаман катындын...” деген ой күүлөгөндө бойлору талыкшый, ичинен камырынат.

Ал ортодо, бу жарыкчылык менен коштошуп, баатырдын ысык жаны үзүлөр замат, жер-сууну жаңырта чуру-чуу түшө чуркурап, алмадай бетти апчый тыта буркурап, кан какшаган жоктоосу кылымга бузулбастан угулгудай, тээ кылым түбүнө угулгудай айтылмагын камданып, абайсыздан өксүп ийбеске эриндерин кымтынат капшыт талаша тирешкен катын-калач, кыз-келин. Ийиндери солкулдап, соолуктай жаздай араң турган кимдир-бирөөсүнүн:

Эсенгул атын койсоң, аа,

Эгем-талаа айтпасаң,

Эсенгулдай болбос, аа!

Экинчи бу жалганда,

Эсенгулдай туулбас, аа! – деп, көзүнүн жашын он талаа кылып, эчкире-эчкире ыйлагысы бар.
Төбөсүндө көзү бар дешчү эле. Анын сыңары төбөсүндө көзү бардан бетер ушунун баарын билип, ушунун баарын туюп жатат Эсенгул баатыр. Тилинде сөөлү бар дешчү эле. Анын сыңары, шоңшоюп отургандарга адатынча бир кайрылып сөз айтсам дейт, сөз айтмакка обдулсам дейт. Кайдан! Тили күрмөөгө келбей, түндүктөн көктү тиктеп жатат, кабылан чагында оң колтукка сырнайза гана толготкон, ач билекке айбалта гана карматкан каруусу качып, кайдадыр качып, кабат жаздыкка башын жөлөп, очорулуп жатат. Эс-акылың тунук бойдон тил-ооздон калуунун жөнү ушундай тура.

Сырттагы кымгуутту туйду бир туруп. Катар-катар үйлөр тигилип, катар-катар кемеге-очоктор ое казылып, тогуз кулак - тогуз кулак чоюн казандар асылгандагы, көнөктөп-көнөктөп суу белендегендеги, иши кылса киши алыштын, союшту жыгуунун камын жегендеги кымгуутту боолголоду. Кырктан бычак саптатып, илгертен аш-тойдо боло келген кымгуут эмеспи. Эшиктеги апыр-тапырдын арасынан, кермеде тизилген төрт түлүк малдын арасынан үй тушуна байланган тулпардын төрт аягын туйлатып, кошкурганын ажыратты. Башын кыңайтып кулак салды эле мамыда аса байланган тулпарынын - теке жоомарт буудан эле жаныбар - аягы менен жер чапчып, азынаганы жаңырды. “Ээй, жарыктык! ” деди Эсенгул.

Байкаса экөө эле сүйлөшүп калды, экөө эле сүйлөшүп жатты. Ошондо Эр Эсенгул баатырың түндүгү сыйрылуу чамгарактан көктү тиктеп, көкмөлдүр асманга жалдырап, көзүн сатты.

...Мунун баары илгери-илгери, тээ илгериде болгон. Текенин өтүндөй курч кезинде болгон. Кудум азыркыдай дың сууган убак эле.

Топ жигитин баштаган Эсенгул баатыр эл-журтту сыртынан кароолдоп, Үч-Алматынын үстүнөн жер чалып келаткан. “Атаңкөрүү Иле ! Атаңкөрүү Алматы! Ата-бабанын сөөгү жаткан жерден көз жумуп калчубузбу! ? Ата-бабанын киндик кесип, кир жууган жери буйрубай калчубу!?” деп, жаны кайышкан немелер кара чабышка салып, аттарын зоруктура катуу жүргөн соң Сулуу-Төрдүн 6оозунан бир өргүштү. Чалдардын:“өзгөдөн да өгүздөй чоң неменин аты жүрбөй кыйналды го!” дегенинен мингич ат жетелетип жана да чанач-чанач күлазык артына утурлай чыккан тууганы Сулуу-Төрдүн этегиндеги апай беттеги үйдөй кара таштын түбүнөн каршы алды аларды. Этектеп бараткан немелерди ат чабым жерден тааный сала өйдө болуп, тебетейин булгалады эле Эсенгулдар аттын башын бурду.

-Арыбаңыз баатыр! Аман-эсенсиңерби? Силер кеткенден
журт уктабай, элейе жол карап калгандан кабарыңарды билмекке чыктым. Ат чалдырып алгыла, - деди амандашмакка колун созгон тууганы.

Чылбырды кыска кармап, алкынган атынын оозун кере тарткан Эсенгул баатыр ээрдин кашына өбөктөй сол жагына ооп, кайыш боолуктуу булдурсуну билегине имерилүү колун сунду.

- Көйкүлүгүң кантти? – деди тууганы зор аттын кундуздай

куюлган коюу жалына колун сойлотуп.

Сөзү оозунда, Эсенгул баатыр аттан түшмөккө кыйшайды эле

жол тоскон жигиттердин арасынан сары чийкил бирөө суурулуп чыгып, атын суулуктан, өзүн колтуктан алды.

-Көйкүлүгүм жарады, - деди Эсенгул баатыр үзөңгүдөн
бутун ала, булдурсунун ээрдин кашына илип жатып, - Болбосо балээниби! ? Ала-Көлдөн ашпай, ара жолдо жүрбөй калмакмын. Өзүңөр канттиңер? Эл-журт тынчпы, мал-кел аманбы?

-Шүгүр! Шүгүр! Эл-журт тынч. Тынай тууганыңыз
жатат, жарбаң тууганыңыз жатат...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 12:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: