— Жогору чыгып убара болбоңуздар,
— деди Паркер. — Мистер Морган үйдө жок.
— Ал кайда? — Сурады Генри чемоданын бир колунан экинчисине алып. — Аны тезинен көрүшүбүз керек. Билип коюңуз, тезинен. Сиз кимсиз өзү, шайтан алгыр?
— Мен мистер Моргандын камердинеримин,
— салтанаттуу жооп берди Паркер. — Өзүңөр ким болосуңар?
— Менин фамилиям Морган. — Генри анын сөзүн бөлүп, бир нерсе карап жаткандай айланага карады, анан китепкананын эшигин ачып, ал жердеги телефонду көрдү. — Френсис кай жерде? Аны кайсы номер менен чакырышым мүмкүн?
— Мистер Морган зарыл иши болбосо, эч ким телефон чалын менин тынчымды албасын деп айткан.
— Так менин ишим өтө зарыл. Номерин бериңиз.
— Мистер Моргандын бүгүн өзгөчө иши көп,— өжөрлөндү Паркер.
— Алы катуу кысымга алыштыбы, ыя? — сурады Генри.
Камердинердин жүзүндө өзгөрүү болгон жок.
— Бүгүн жыпжылаңач кылып чечип алышат көрүнөт ээ?
Паркердин жүзү катып калгандай жана алар эмне деп жатканын түшүнбөгөндөй аңкайды.
— Сизге дагы бир жолу кайталаймын:
мистер Моргандын бүгүн эч мүмкүнчүлүгү жок... — деп сөз баштады ал.
— Эх, кары шайтан! — Генринин ачуусу келип кетти.— Биржада анын коколонуп турганы эч кимге жашыруун эмес го, деги. Муну баары билет. Бул жөнүндө баардык таңкы газеталар жар салып жатат. Кана, мырза камердинер,
анын номерин айтыңыз. Анда өтө зарыл жумушум бар.
Бирок Паркер өжөрлөнүп тура берди.
— Адвокатынын фамилиясы кандай? Же маклерунун фамилиясы ким? Жок дегенде анын өкүлдөрүнүн биринин атын ата.
Паркер баш чайкады.
— Анда кандай ишиңиз бардыгын айтпасаңыз.
.. — деп баштады камердинер.
Генри чемоданды жерге койду, ал Паркерге жулунуп, кайсы биринин фамилиясын айтууга мажбурлоого даярданды, бирок арага Леонсия түштү.
— Айта бер ага! — деп кеңеш берди кыз.
— Айтайынбы? Эмне үчүн, андан көрө көрсөтүп эле коёюн. Эй, сиз, бери келиңиз! — Генри китепканага кирип, чемоданды стол үстүнө койду да, аны ача баштады. — Угуп туруңуз, мырза камердинер,
мистер Морганда чындыгында өтө зарыл ишибиз бар. Биз аны куткаруу, баткактан чыгарып алыш үчүн келдик. Биз ага 'миллион-миллион акча алып келдик, ал мына бул чемоданда...
Ушул убакка чейин кыжырлануу менен суук карап турган Паркер акыркы сөздөрдү угуп, коркуп артына кетенчиктеди.
Бул укмуштуу коноктор, же жинди немелер, же болбосо алдамчы көз боёмочулар,
деп ойлоду ал. Балким булар миллион жөнүндөгү куру жомогу менен аны ушул жерде кармап турганда, башка жолдоштору экинчи кабатты сыйырып кетпесин. Чемодандын ичинде динамит бардыр, аны ким билип олтуруптур.
— Токто!
Паркер бөлмөдөн чыгууга үлгүрө элегинде, Генри анын жакасынан кармап стол тарапка каратып, экинчи колу менен чемодандын капкагын ачты. Паркердин көз алдында иштетилбеген бир үйүм кымбат баалуу таш пайда болду. Паркер эсинен танып кала жаздады, Генри анын толкунданган себебин бөлөкчө түшүндү.
— Эми сизди ишендире алдымбы? — Салтанаттуу үн менен сурады Генри. — Эми акылдуу жигит болуп, мага телефон номерин бериңиз.
— Отуруңуз, өтүмүн, сэр... Сиз да, сеньорита,— деп кобурады Паркер урмат менен таазим кылып, өзүн кармоого аракеттене.
— Ырайым этип олтура тургула. Мистер Моргандын телефон номерин анын жатаканасында калтырыптырмын;
бүгүп эртелеп анын кийинишине жардамдашканымда жазып берген болчу. Азыр эле алып келемин. Аңгыча олтура тургула.
Паркер китепканадан чыгып, акылын тескөөгө аракеттенип,
заматта ченемсиз ишкердүүлүк жана башкаруучулук жөндөмүн көрсөттү. Кичинекей швейцарды чоң эшиктин алдына коюп, калган кызматкерлерди бул кылмышкерлердин шериктери балким жашырынып алгандыр . деп жогорку кабаттагы бөлмөлөрдү текшерип чыгууга жиберди. Өзү буфет бөлмөсүндөгү телефондон жакын арадагы полиция участкасына телефон чалды.
— Ооба, сэр,— деп кайталады ал дежурный сержанттын суроосуна жооп иретинде. — Булар, же экөө тең жинди, же кылмышкерлер.
Мүмкүн болсо, сэр, батыраак сакчы менен кошо полиция киресин жибериңиз. Бул үйдө кандай коркунучтуу кылмыш болуп жаткандан ары жагын али билбейм...
Ошол учурда чоң эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Кичинекей швейцар эшикти ачып, Чарли Типперини көрүп, жеңил дем алып, аны үйгө киргизди. Чарли Типпери таң атпай фрак кийип алган эле, ал Чарли кожоюнунун чыныгы досу экенин билчү. Чоң швейцар да аны көрүп кубанып кетти жана Чарли Типпериге эскертүү кылгандай көз кысып, анын алдына өтүп, китепкананын эшигин ачты.
Ал жерден кудай акы кимдерди көрөрүн билбей, Чарли Типпери бейтааныш аял менен эркек олтурган бөлмөгө кирди. Алардын күнгө күйгөн, жол азабынан чарчаган өңдөрү ага Паркерчелик шек туудурган жок, тескерисинче Нью-Йорктук мырза карапайым келгиндерге көрсөтө турган көңүл буруу менен көбүрөөк кызыгып карады. Леонсиянын сулуулугу аны таң калтырып, ал каршысында чыныгы леди тургандай сезди өзүн. Генринин Р. Г. М. жана Френсистикине окшош өңү ага жагып калды, ал жигитке карата урмат пайда болду.
— Кутмандуу таңыңыз менен,— деп кайрылды ал Генри, экөөнө таазим кылып жатып. — Сиздер Фрөнсистин жолдошторусуздарбы?
— Ооба, сэр,— деп кыйкырып жиберди Леонсия. — Жолдоштон да жакыныраакпыз.
Биз аны куткарып калуу үчүн келдик. Мен таңкы газеталарды окудум. Эгер кызматкерлердин акылсыздыгы болбогондо.
..
— Чарли Типпери,— деп ал өзүн тааныштырды.
— Морган, Генри Морган,—кезеги менен Генри да өзүн тааныштырды,
чөгүп бараткан адам бир тал саманга жармашкандай,
анын колунан кармады. — Бул болсо мисс Солано. Сеньорита Солано, мистер Типпери. Чынын айтканда, мисс Солано менин карындашым.
— Билесизби, мен да сиз келген иш менен келдим эле,— деди Чарли Типпери таанышкандан кийин. — Менин байкашыма караганда, Френсисти, же накта акча, же акчага айырбаштай турган кымбат баалуу нерселер сактап калат. Мен түнү менен тапкан нерселеримдин баардыгын алып келдим, бирок өтө аз...
— Канча алып келдиңиз? — Чынын сурады Генри.
— Бир миллион сегиз жүз миң. Сизчи?
Үчөөнүн жүрөгү Жек Лондон
#122 02 Май 2016 - 16:50
— Бизби, арзыбаган нерсе,—деди Генри, ачык турган чемоданды көрсөтүп,— кымбат баа таштардын эксперттери,
— деп зергерлердин үчүнчү тукумунун өкүлү менен сүйлөшүп жатканын оюна да келтирбей.
Чарли Типпери колуна тийген беш-он ташты алып, тез эле көздөн өткөрдү, бул жерде канча таш бар экенин андан да тез чамалап көрдү; анын өңү кызарып кетти — ал ушунчалык толкунданган эле.
— Деги бул миллиондогон доллардык таш го! — деп кыйкырды ал. — Буларды эмне кылмакчысыз?
— Френсисти куткарып калуу үчүн сатмакчыбыз, — деп жооп берди Генри. — Буларды күрөөгө койсок каалаганыбызча алышыбыз мүмкүн, ушундайбы?
— Чемоданды бекитиңиз! — деп буюрду Чарли Типпери. — Мен азыр телефон чаламын. — Атам үйдөн чыгып кете элегинде аны менен сүйлөшүүм керек,— деди ал телефон алдында кайрылып аларга карап, ал атасы менен байланышты күтүп турган экен. — Бул жерден биздикине чейин беш минуталык жол.
Бөлмөгө полиция лейтенанты менен эки полисменди баштап Паркер киргенде Чарли атасы менен кыскача сөзүн бүтүп калган.
— Мына, бүтүн бир шайка, лейтенант, аларды камакка алыңыз,— деди Паркер. — Оо, кечириңиз, мистер Типпери! Сизди эмес, албетте. Бир гана мына бул экөөнү, лейтенант.
Алардын кимдигин сот аныктасын. Жиндиканадан качкан эмелер болсо керек.
— Салам, мистер Типпери,— деди лейтенант жигитти таанып.
— Эч кимди камакка алыш керек эмес, лейтенант Бернс,— деди Чарли күлүп. — Киреңизди участкага кайтарып жиберсеңиз болот. Мен баардыгын инспекторго кийин түшүндүрүп берем. Бирок азыр сиз менен жана бул шектүү адамдарды чемоданы менен менин үйүмө чейин күгзөтүп барасыз. Сиз бизди кайтарып барасыз. Оо, мени эмес, мына бул чемоданды: анда миллион-миллион сомдук акча, чырайлуу, сокур кылчу, көздүн жоосун алган асыл таштар бар. Бул чемоданды атамдын алдына алып барып ачсам, эч качан көрбөгөн окуяны мына ошондо көрөсүз. Кана кеттик! Убакытты бекер өткөрбөйлү.
Ал Генри менен кошо чемодан туткасынан кармады. Муну көрүп лейтенант Бернс дароо алардын катарына өттү.
— Азырынча соодалаша элексиздер, ошондуктан мен эле көтөрүп барайын,— деди Бернс.
— Албетте, албетте,— деп ыраазы болду Чарли Типпери. — Бир гана кымбат убактыбыз бекер кетпесин. Али биз келишишибиз керек. Жүргүлө! Тезирээк!

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#123 02 Май 2016 - 17:00
Ж Ы Й Ы Р М А Т О Г У З У Н Ч У Г Л А В А
АКШ өмкөтү жарыялаган мораторий абалды стабилизациялап, биржадагы окуялар наркынын төмөндөшү токтоду, кээ бирөөлөрүнүн наркы көбөйдү. Френсистин капиталы каражатталган жана Риган наркын төмөндөтүүгө аракеттенип жаткан ишканалардын акцияларынан тышкары дээрлик баардык акциялар да так ушундай болду. Риган төмөндөтүү оюнун улантып, нарктын үзгүлтүксүз төмөндөшүнө жетишти. Ал рынокто «Тэмпико петролеум» акцияларынын чоң пакеттери пайда болгонун канааттануу менен белгиледи. Бул акцияларды, сыягы Френсистен бөлөк эч ким чыгарбаган сыяктуу.
— Эми биз күткөн убакыт келди,—деп буйрук берди Риган өз жолдошторуна. — Саткыла жана сатып ала бергиле... Экөөндө тең пайда табасыңар. Өзгөчө мен тизмесин берген ишканаларды эсте сактагыла. Ушул акцияларды сата бергиле, аны ушунчалык тездетип, кардардын колуна тезирээк карматкыла. Алар үзгүлтүксүз төмөндөй берет. Калган акцияларды сатып ала бергиле, тезирээк сатып алгыла; саткан нерселериңердин баардыгын кардарга тапшыргыла. .. Билип койгула, бул иш зыян келтирбейт, тизмеде көрсөтүлгөн акцияларды сатып, бир ок менен эки коён атып аласыңар.
— Сиз өзүңүз эмне кыласыз? — деп сурады «аюулардын» бири.
— Менби? Менин сатып алышымдын кажети жок деп жооп берди ал. — Бул менин сиздерге чын жүрөктөн кеңеш берип жатканым жана тактика тууралыгына күнөм санабаганыма далил болсун. Мен тизмеде көрсөтүлгөнүнөн тышкары бир да акция сатканым жок, демек, кандайдыр бир нерсе сатып алышым шарт эмес. Мен ошол замат алар менен эсептешем да, тизмеге, бир гана тизмеге таянам. Менин оюнум ушуну менен чектелет. Сиздер да бул оюнга катышсаңар болот. Өзгөчө сатуу жана ошол замат кардар менен эсептешүү керек.
— Келдиңизби, акыры! — Үмүтсүздүк менен кыйкырды Бэском саат он жарымда Френсис анын кабинетине кирип келгенде. — Биржада сиздин ишканаларыңыздын окуясынан бөлөк бардык акциялардын наркы көтөрүлдү. Риган сизди бууп таштамакчы. Анын мындай сокку берерин ойлогон эмесмин. Бул чабуулга чыдай албайсыз, талкаланып бүттүк. Бизди эзип ташташты — сизди да, мени да, баардыгыбызды мыжыгып таштады...
Френсис эч качан азыркыдай жайбаракат болгон эмес. «Баары бүткөн экен, эми эмнеге тынчсызданам! »,— деп ойлоду ал. Биржа оюнунда анчалык иш билги болбосо да, ал биржаны жакшы билчү, тажрыйбалуу Бэском сезбеген үмүт учкунун көрдү.
— Баарын жүрөгүңүзгө жакын кабылдай бербеңиз,— деп кеңеш берди Френсис, анын мээсинде пайда болгон план улам анык болуп баратты. — Келиңиз, бирден тамеки тартып, абалыбызды бир аз талкуулайлы.
Бэском тынчсызданып кол шилтеди.
— Токтой туруңузчу,— деп сурады Френсис. — Токтоңуз! Кулак салып туруңуз! Эмне, мени сиз талакаланды деп ойлоп жатасызбы?
Маклер баш ийкеди.
— Өзүңүздү дагыбы?
Ал кайра баш ийкеди.
— Демек, экөөбүз жакырдандык, — деп Френсис башына келген планын өнүктүрө баштады. — Толук, таптакыр, миң жолу, бүтүндөй жакырдануудан жаман нерсе жоктугу сиз экөөбүзгө белгилүү.
— Биз кымбат убактыбызды бекерге өткөрүп жатабыз,— деп нааразыланды Бэск
ом, Френсистин жыйынтыгына толук кошуларын баш ийкөө менен билдирип.
— Сиз менен мен жакырданып бүттүк, муну азыр экөөбүз тең мойнубузга алдык, ошондой экен, эми эмнебизден ажырамак элек? — деди күлүп Френсис. — Жакырданган адамга убакыттын да, акция сатуунун да, сатып алуунун да кандай зарылчылыгы бар. Эми биз үчүн эч кандай кымбат нерсе жок. Сизге бул түшүнүктүү болдубу, же жокпу?
— Андай болсо эмнени сунуш кыласыз? — деп сурады Бэском, капысынан аргасыздан пайда болгон токтоолук менен. — Мени жакырдандырышты, мен кедейленип калдым. Кедей болгондо да, кызылдай жылаңач!
— Мына эми сиз мага түшүндүңүз, — Френсис кубанып кетти. — Сиз биржага мүчөсүз, оюнга катышууңузга ким каршылык кылат. Сатыңыз, кааласаңыз сатып алыңыз. Каалаган нерсеңизди жасай бериңиз. Менин каалаганымды аткарыңыз. Эми жогото турган эч нерсебиз калган жок. Нойдон канча нерсени алып таштасаңыз да, ноль бойдон кала берет. Биз бардык нерсебизден айрылдык. Эми, келиңиз, жок нерсебизден айрылалы.
Бэском каршылык көрсөтүүгө аздыр-көптүр аракеттенип көрдү, бирок Френсис анын каршылыгына чечкиндүү бүтүм чыгарды.
— Эсиңизде болсун: нолдон канча санды алып таштасаңыз да, баары бир ноль боюнча кала берет. — Ошентип Бэском Френсистин кеңешине баш ийди. Бирок анын маклеру катары эмес, тобокелге салып, өз өмүрүндө эч жасабаган финансылык авантюрага кошулуп кетти.
— Мына эми баары түгөндү,— деди күлүп Френсис саат он бир жарымдарда, — эми оюндан чыгышыбыз мүмкүн. Унутпаңыз: ушул учурда абалыбыз мындан бир саат мурдагыдан кымындай да жаман эмес. Ошондо биз нолдо болчубуз, азыр да нолдобуз. Эми сиз каалаган убактыңызда буюм-терим сатуу жөнүндө жарыя жабыштырып коюшуңуз мүмкүн.
Бэском креслого оор олтурду да, күрөштү токтотуп, чындап багынганын жарыялоого буйрук бериш үчүн чарчаган түрдө телефон трубкасын алган убакта, күтүүсүздөн бөлмөгө кадимки каракчылардын ырынын тааныш кайырмасы угулду. Бул ырдын биринчи сөздөрүн угаары менен Френсис маклердун колунан турбканы жулуп алып, аны рычагына коюп:
— Токтой туруңуз! Угуңузчу! — деди ал.
Алар ырды угушту.
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз мимиңдин мизин!
Анан бөлмөгө чоң чемодан көтөргөн кадимки Генринин өзү кирип келди. Бирок анын колундагы таңкы чемодан эмес болчу. Аны көрүп Френсис да ырга кошулду.
— Эмне болду? — деп сурады Бэском Чарли Типпериден.
Френсистин досунун үстүндө дагы эле фрак, бирок уйкусуз түндөн жана тынчсыздануудан ыраңы кетип, чарчаган болчу.
Типпери ички чөнтөгүнөн бир миллион сегиз жүз миң долларга жазылган чекти чыгарып, Бэскомго берди.
Маклер капалуу баш чайкады.
— Эми кеч болуп калды,— деди ал. — Бул деңиздин бир тамчысы. Муну чөнтөгүңүзгө кайра салып коюңуз. Акчаны абага учуруудан эмне пайда.
— Токтогула,— деп кыйкырды Чарли Типпери, анан үнүнүн баарынча ырдап жаткан Генринин колунан чемоданды алып аны ачты. — Мына бул сизге жардам бере алабы?
«Бул» тартиптүү жайгашкан облигация пачкалары менен алтын жээктүү кымбат баа кагаздар эле.
— Бул жерде канча?. — Деми кысылып сурады Бэском жана оттун жалыны бир убакта алоолонгондой, анда жоомарттык толкуду.
Френсис болсо мындай берекелүү жардамды көрүп, ырдоону токтотуп, дал болуп оозу ачылган бойдон туруп калды... Анан Генри чөнтөгүнөн, накта акча жазылган он эки чекти чыгарганда Френсис менен Бэском көздөрү алайган бойдон катып калышты, себеби чектердин ар бири бир миллион долларга жазылган болчу.
— Буларды алган жерден дагы каалашыбызча алышыбыз мүмкүн,—деди Генри көңүл кош. — Френсис, сенин бир ооз эле сөзүң керек, ошондо биз бул «аюуларды» жер менен жексен кылып таштайбыз. Кана эми тезирээк иш башта! Бардык жерде сенин жакырданганың жөнүндө дуулдаган кеп-сөз. Алардын бир акылын кийирип кой! Алардын бардык алтындарын, алтын сааттары менен алтын тиштерине чейин кагып ал.
— Демек карыя Генринин казынасын тапсыңар да? — деп сурады Френсис кубанычтуу.
— Жок Генри баш чайкады. — Бул кадимки майялардын казынасынын бир бөлүгү: болжол менен үчтөн бир бөлүгү. Дагы бир бөлүгү Энрико Соланонун үйүндө калды, калган бөлүгүн сактоо үчүн «Зергерлер менен соодагерлердин улуттук банкына» тапшырдык. Билесиңби, сага айта тургай абдан көп жаңылыктарым бар. Угууга убактың болгондо баарын айтып беремин.
А Френсис жаңылыктарды угууга азыр эле даяр болчу. Ишти эмнеден баштарын андан да жакшыраак билген Бэском телефон аркылуу өз жардамчыларына акцияларды канча болсо да баарын сатып алуу жөнүндө көрсөтмө берди. Бул, кыска мөөнөттө жеткирип берүү шарты менен сатылган акцияларга төлөш үчүн Ригандын бүткүл байлыгы да жетпейт болчу.
— Торрес өлдү,— деп билдирди Генри.
— Урра! — Бул жаңылыкты угуп Френсис абдан кубанып кетти.
— Так эле капканга түшкөн келемиштей өлдү. Анын аскадагы үңкүрдөн чыгып турган башын көрдүм. Бул абдан жагымсыз көрүнүш эле. Полиция башчысы да өлдү... Дагы... дагы.. дагы кээ бирөөлөр да өлдү...
— Кантип эле Леонсия өлгөн болсун! — деп кыйкырып жиберди Френсис.
Генри башын чайкады.
— Соланолордун бирөөсүбү? Кары Энрикобу?
— Жок, сенин аялың, миссис Морган өлдү. Аны Торрес өлтүрдү, кара санатайлык менен атып таштады. Ал жыгылганда мен жанында элем. Эми өзүңдү карма: сен үчүн башка жаңылыктарым да бар. Леонсия ушул жерде кошуна бөлмөдө күтүп турат. Токто, кайда барасың? Шашылбай тур? Акырына чейин ук! Аны көрөрдөн мурда сага айта турган жаңылыгым бар. Ой, шашкалак десе! Эгер менин ордумда тааныш кытай болгондо, мен сага тегинге айтмакчы болуп жаткан сыр үчүн сени бир миллион төлөшкө аргасыз кылмак.
— Айта бер, дагы эмне? — Сурады Френсис тынчсызданып.
— Жаңылык өтө жагымдуу, сен буга чейин уккан жаңылыктардын ичинен эң жагымдуусу. Мен... бир гана нерсени суранам, күлбөгүн, башымды денемден алып таштоого да аракеттене көрбө... Кеп мындай: мен карындаштуу болдум.
—Анын эмнеси бар? — Френсис орой унчугуп, анын сөзүн бөлдү. — Англияда карындашың бар экенин мурда эле билчүмүн.
— Бирок сөзүмө түшүнбөй жатасың,— деди Генри анын жинине ансайын тийип. — Мен таптакыр жаңы, бойго жеткен карындашымды таптым, өзү да ушунчалык сулуу, андай сулуу кыз дүйнөдө жок.
— Анын эмнеси бар?'— деп кобурады Френсис. — Сен үчүн мүмкүн бул абдан жагымдуу жаңылыктыр. Бирок мага анын кандай тиешеси бар?
— Мына эми эң орчундуу жерине келдик,— деп жылмайды Генри. —Сен ага үйлөнөсүң. Үйлөнүшүңө толук уруксат беремин...
— Эгер ал он жолу сенин карындашын болсо да, жүз сулуу болсо да, баары бир мен ага үйлөнбөйт элем,— деп Френсис Генринин сөзүн бөлдү. — Мен үйлөнө турган бул дүйнөдө жок.
— Ошого карабай, Френсис, менин балакайым, ошол кызга сен үйлөнөсүң. Мен муну билемин. Мен муну бүткүл дилим менен сезип турам. Мелдешесиңби?
— Миң доллар коюп айтамын, үйлөнбөйм.
— О, жок,— деди Генри,— чыныгы мелдешүү болсун десең бийигирээктен кел.
— Каалаганыңча коюшум мүмкүн.
— Абдан жакшы. Андай болсо миң элүү доллар кой. Мына эми кошуна бөлмөгө чыгып, колуктуңду көр.
— Ал жерде Леонсия менен биргеби?
— Эч андай эмес. Ал өзү жалгыз.
— Ал жерде Леонсия олтурат деп айткандай болгонуңду уккансыдым эле го?
— Ооба, ошондой дегенмин. Чынында да Леонсия ошол жерде. Анын жанында эч ким жок. Ал сүйлөшүш үчүн сени күтүп жатат.
Ошондон кийин Френсистин ачуусу келип кетти
— Эмнеге мени мазактап жатасың? — деп сурады ал.— Кылжыктаган сөздөрүңдөн эч нерсе түшүнбөдүм. Бирде ал жерде сенин жаңы тапкан карындашың, бирде аялың...
— Мени аялы бар деп сага ким айтты? — Эми Генринин ачуусу келип кетти.
— Багындым,— деп кыйкырды Френсис. — Леонсиянын алдына баралы. Сени менен болсо анан акылың ордуна келгенде сүйлөшөбүз.
Ал эшик жакка карай кадам койгон эле, Генри аны токтотту.
— Дагы бир аз аяр кыл, Френсис, анан сени кармабайм,— деди ал. — Мүмкүн сенин эми бир нерсеге акылың жеткендир. Мен үйлөнгөн эмесмин. Кошуна бөлмөдө сени бир кыз күтүп олтурат. Ошол кыз — менин карындашым. Ал кыздын аты— Леонсия.
Френсис бул сөздөрдүн мазмунуна түшүнгөнгө чейин жарым минутадай убакыт өтүп кетти. А качан анын мээсине жеткенде эшикке карай жүткүндү эле, ошол замат Генри аны токтотуп калды.
-Ошентип, мелдеште мен уттумбу? – деп сурады Генри.
Бирок Френсис аны четке түртүп, эшикти ачты да, кайра тарс жаап алды.

#124 02 Май 2016 - 17:01
«Үчөөнүн жүрөгү» романы биринчи жолу 1919-жылы май-июнь айларында «Нью-Йорк джорнэл» газетасына жарыяланган,
ал эми 1920-жылы Нью-Йорктогу «Макмиллап» басмасынан китеп болуп ба- сылып чыккан.↩
Годдард — америкалык көрүнүктүү сценарист; аны менен биргеликте Лондон «Үчөөнүн жүрөгү» романын жазган.↩
Ранчо — Латын Америкасындагы кыштак, чарбак.↩
Тексттин котормосу Жумадыл Бектуровдуку. ↩
Корсар — деңиз каракчыларынын башчысы, кеменин капитаны.↩
Жорж Стерлинг * (1869—1926) — америкалык жазуучу жана акып.↩
Сэр Генри — англиялык атактуу каракчы Генри Морган (1635—1688), Испаниянын колониясы болгон Кариб деңизи менен Борбордук жана Түштүк Американын жээктеринде XVII кылымда каракчы- лык кылган. Кийинчерээк англиянын королевствасына кызматка өтүп Британ флотунун таянычы болгон Ямайка аралындагы олуттуу административдик постту ээлеген.↩
Кошкула.↩
Штиль — деңиз же көл үстүнүн толкунсуз мемиреген тыптынч мезгили.↩
Асьенда — Латын Америкалык өлкөлөрдө кенен чарбак.↩
Ялик — эки же төрт орундуу кайык.↩
Леди — англияда, америкада тектүү зайыптарга кайрылуу: айым деген мааниде.↩
Риф — учтары деңиз үстүнө чыгып турган суу астындагы аскалар.↩
Гринго — Борбордук Америкада жана кошмо штаттарда жашоочуларды мына ушинтип аташат.↩
Конкистадор — сөзмө-сөз — баскынчы, каракчы дегенди билдирет; XV—XVI кылымдардагы Борбордук жана Түштук Америкага баскынчылык менен келген испандыктар. ↩
2Кампеш—Латын Америкасында өсүүчү дарактардын бир түрү.↩
Пулъкерия — ичимдик ичилүүчү жай.↩
Мескалъ — Мексика арагы.↩
Пеон — жалданма кул.↩
Боливар – испаниянын колониясында болгон Латын Америкасындагы элдик-боштондук кыймылдын жетекчилеринин бири.↩
Съеста — Латын Америкасында — ысык өлкөлөрдө — түшкү дем алуу.↩
Сентаво — Латын Америкасынын көп өлкөлөрүндө майда тыйын.↩
Кабальеро — Испанияда деген тектүү адам, мырза сыяктуу сылык кайрылуу.↩
Кливер—кеменин тумшук жагындагы үч бурч парус.↩
Шкипер — кеменин командири деген мааниде.↩
Королъ Георг — Георг V, Улуу Британ өлкөсүнүн королу, Индиянын императору. ↩
Бала (испанча).↩
Траверз — кеменин жүрүшүнө перпендикуляр багыт.↩
Фарватер — суунун, дарыянын кеме жүрө ала турган бөлүгү.↩
Блэкстон, Уилъям (1723—1780) — англиялык профессор-юрист, эл аралык чоң авторитетке ээ болгон.↩
Таммани-холл — Нью-Йорктогу алдынкы көз караштагы партиялык уюм.↩
Идалъго — дворян.↩
Жрец — кечил; бутпарас дининдеги курман чалуучу киши.↩
Лига — аралык бирдиги; Великобритания менен АКШда 5 км-га барабар.↩
Кортес, Эрнандо (1484—1547) — испаниялык конкистадор; Мексика, Гондурас жана Гватемаланы басып алган.↩
Оракул — байыркы грек жер римдиктерде элдин суроолоруна кудайдын атынан жооп берүүчү жрец.↩
Маклер — далдалчы.↩
Пулъка — ичимдик.↩
Европада, Америкада ак сөөк аялдар балдарын төрөгөндөн кийин башка аялдарга (эмчек энеге) эмиздирип бактырат.↩
Лава — вулкандардан атылып чыккан эриген минералдык масса.↩