Т Ө Р Т Ү Н Ч Ү Г Л А В А
— Тезирээк аракеттенүү керек — эң негизгиси ушул,— деди Френсис Солано асьендасынын верандасына жыйылган чакан үй-бүлөнүн кеңешине кайрылып.
— Негизгиси!
— деди Леонсия үнүн катуу чыгарып жана верандада тынымсыз басышын токтотуп: — Негизгиси — аны куткаруу керек!
Ал өз сөзүнүн маанисин баса белгилегиси келгендей, сөөмөйүн Френсистин тумшугу алдына кезеди. Муну менен чектелип калбай, ал бардык туугандары — атасы менен агаларынын ар биринин тумшугунун алдына сөөмөйүн силкилдетип чыкты.
— Өтө тезинен! — Ал сөзүн кызуулана улады. — Биз тез аракеттенишибиз керек, болбосо... — Эгер алар тез кыймылдабаса Генри эмне болорун көз алдына келтирип, денеси калчылдап, үнү буулду.
— Шеф үчүн гринголордун бардыгы бирдей,— деди Френсис, өзү болсо ичинде «бул кыз кандай сулуу жана кереметтүү» деп ойлоду. — Шеф, албетте, Сан-Антониодо хан жана кудай,— сөзүн улады ал,— ал ойлонбостон туруп иш жасоого үйрөнүп калган. Генриге мага бөлгөн убакыттан көп убакыт бербеши айкын. Биз аны бүгүн эле сөзсүз түрмөдөн куткарышыбыз керек.
— Уккулачы!
— Леонсия кайра сөз баштады. — Биз, Соланолор, бул.. бул өлүмгө жол бере албайбыз. Биздин сыймыгыбыз.
.. биздин ар-намысыбыз.
.. Биз буга жол коё албайбыз. Сүйлөбөйсүңөрбү!
Деги бирөөңөр сүйлөгүлөчү!
Жок дегенде, сен, атаке, бир нерсе дечи...
Талкуу жүрүп жатканда, алардын сөзүн унчукпай угуп олтурган Френсис кайгыга батты. Леонсия жалындап толуп-ташып сүйлөп жатты, бирок бул жалындоо башка кишиге арналгандыктан Френсисти кубанта алган жок. Аны бошотуп, Генрини камакка алышкандан кийинки түрмөнүн короосундагы окуя алиге чейин анын көз алдынан кете элек. Леонсия Генринин кучагына жыгылганын,
ал болсо шакек ордунда бекен деп кыздын колун кармалап көргөнүн, ордунда экенине көзү жеткен соң, кызды бекем кучактап, узакка өөп турганын көз алдына келтирди. Бул эскерүүлөр анын жүрөгүн эзип жиберди.
«Болуптур, жетишет»,— деп ойлоду оор күрсүнүп Френсис. Эмнеси болсо да ал колунан келгенин бүт жасады. Генрини алып кетишкенден кийин Френсис Леонсияга — токтоо, ал тургай көңүл коштук менен — Генри сиздин жигитиңиз жана сүйгөнүңүз,
Соланонун кызы андан артык күйөө таба албайт, деп айтпай койду беле?
Ал туура иш кылдым деген сезиминен бактылуу боло албагандай эле, бул эскерүүлөрүнөн да бактылуу боло албады. Ооба, туура болду.
Френсис туура иш жасаганына кыпындай да шектенген жок жана бул Леонсияга карата жүрөгүндө кайнап жаткан сезимине эрк бербеди. Бирок тилекке каршы, өзүнүн актыгына ишенүү менен өзүн бактылуу сезишке болбойт эмеспи.
Андан бөлөк эмне кылышы керек болчу? Тек гана анын иши оңунан чыкпай калды: ал Борбордук Америкага аябай кечигип келди — бар болгону ушул; бул келгенде тиги сулуу аял андан мурда келген, Френсистен кем калышпаган,
адилеттик сезими айтып тургандай, андан да жагымдуураак кишиге жүрөгүн тартуулап койгон болчу. Ошол эле адилеттик сезими андан Генриге — өзүнүн кандаш тууганы Генри Морганга колдон суурулган ата-бабаларынын суурулган урпагына таар шым жана кыры кыйшайган сомбреро кийген, бейтааныш жигиттердин кулагына өч, каткан нан жана таш баканын жумурткасы менен тиричилик өткөрүп, карт каракчынын казынасын издеп, эки аралды — Бука жана Музоо аралдарын — казып таштоого даяр турган кишиге — чын жүрөгү менен мамиле этүүнү талап кылып турду.
Энрико Солано менен анын балдары узун верандада отуруп, Генрини куткаруунун жолун түзүп жатты, Френсис болсо алардын сөздөрүн кунт койбой угуп отурду; мына ушул убакта, бөлмөдөн кызматкер кыз чыгып, Леонсияпын кулагына бир нерсе шыбырады да, аны үйдүн бурч жагына, веранданын аркы четине ээрчитти. Аяктагы окуяны көргөндө Френсистин күлкүсү да, ачуусу да аябай келмек.
Үйдүн аркы бурчуна барган Леонсия бай плантаторлор кийчү кооз, орто кылымдагы костюм кийген, Альварос Торрести көрдү. Латын Америкасында мындай кийимдерди азыр да кийишет; Торрес башындагы сомбреросун колуна алып, башын жерге тийгенче ийип, кыздын алдында таазим кылды, анан кызды индия камышынан жасалган диванга алып барып отургузду. Леонсия анын саламына көңүл кош жооп берди, бирок үнүндө андан бир жакшы кабарды угамбы дегедей кызыгуу бар эле.
— Сот бүттү, Леонсия,— деди Торрес тим эле өлгөн киши жөнүндө сүйлөп жаткандай, акырын жана кайгылуу. — Өкүм чыкты. Эртең саат ондо дарга асылат. Бул абдан кайгылуу, өтө кайгылуу, бирок... — Ал далысын күйшөдү. — Жок, мен ал жөнүндө эч кандай жаман сөз айта албайм Ал татыктуу адам болчу. Анын бирден-бир кемчилиги — кырс мүнөзү. Ал өтө эле кызуу кандуу, ачуусу абдан чукул эле. Мына ушунусу абийирине каршы күнөө жасап, оз башын жеди. Ал ошол кезде өзүн оор, токтоо кармаганда,
эч качан Альфарого бычак сайбаган болор эле...
— Бирок менин агамды өлтүргөн ал эмес да! — Леонсия башын көтөрүп ага тик карап кыйкырды.
Үчөөнүн жүрөгү Жек Лондон
#22 01 Май 2016 - 21:43
— Бул өтө кайгылуу,— жумшак жана муңайыңкы сөзүн улады Торрес, кызга каршы чыгуудан качып. — Судья, адамдар, полиция башчысы, тилекке каршы бардыгы бир ооздон аны күнөөлүү деп жатышат. Бул абдан кайгылуу, албетте. Бирок мен сиз менен ал тууралуу сүйлөшүүгө келгеним жок. Менин сизге жардамым тийип жүрбөсүн деген сунуш менен келдим. Мени каалаган ишиңизге жумшаңыз. Менин өмүрүм, менин абийрим сиздин колуңузда. Буюруңуз. Мен сиздин кулуңузмун.
Аңгыча болбой Торрес кыздын алдына ийкемдүүлүк менен бир тизесин бүгүп олтурду; анын оң колун кармап, сыягы ыгы жок кооздолгон кебин улантмакчы эле, бирок мына ушул минутада Леонсиянын колундагы бриллиант көздүү шакекке көзү түшүп калды. Ал кабагын чытып, башын шылкыйтты, анан кайра өңүнө адаттагысындай шаң келтирип сүйлөй баштады:
— Леонсия, мен сизди бала кезиңизден, сулуу татынакай кезиңизден бери билем, сизди ошол кезде эле сүйүп калгам. Жок, сөзүмдү угуңуз! Сизден өтүнөмүн. Мен жүрөгүмдүн сырын айтышым керек. Сөзүмдүн акырына чейин угуңуз. Мен сизди ар дайым сүйүп келдим. Чет элден, өзүңүз окуган монастрдан бойго жетип, Соланолор үйүнүн нуру төгүлгөн асылзат ээси болуп кайтып келгениңизден кийин сымбатыңызга тим эле биротоло байланып калдым. Мен чыдамкаймын. Сизге өзүмдүн сезимим жөнүндө айткан жокмун. Бирок сиз муну байкашыңыз керек эле. Сиз, албетте, муну байкагансыз. Ошондон бери сизди көрбөсөм тура албайм. Сулуулугуңуз менен сымбатыңыздан да сулуу дилиңиздеги от мени өрттөп баратат.
Леонсия бул сөздөрдү токтотуп болбостугун билди, ошол себептүү Торрестин ийилген башына карап туруп, анын сөзүн сабырдуулук менен угуп зеригип кеткендиктен, эмне үчүн анын чачы начар тегизделген, акыркы жолу ал чачын кайда алдырды экен, Нью-Йорктобу, же Сан-Антониодобу деп ойлоп кетти.
— Чет элден кайтып келгениңизден кийин мен үчүн ким болгонуңузду билесизби?
Кыздан жооп угулган жок, Торрес кыздын колун катуу кабыштыра кармап тургандыктан, Генри Моргандын берген белек шакеги сөөгүнө батып оорутуп жатса да, колун тартып алган жок. Леонсиянын ою алыста чабыттап жүргөндүктөн, Торрестин сөзүн уккан да жок. Анын биринчи эле ойлогон ою ушул болду. Генри Морган өзүнүн махабатын мындай ыгы жок кооз сөздөрсүз эле баяндап, анын макулдугун алган. Эмне үчүн бул испандыктар өздөрүнүн сезимдерин ушунчалык обу жок эзме сөздөр Менен түшүндүрүшөт? Генри өзүн такыр башкача кармаган. Ал дээрлик ага эч нерсе айткан эмес. Ал аракет жасаган Анын ажарына жеңдирип, кыздын да ага көңүл кош эместигин байкап, эч кандай кеп-сөзсүз, өзүнүн сүйүктүүсүн таң калтырып, чочутуп жибербестигине ишенип — аны бекем кучактап, эрининен сүйүп алгаи.
Мына ошол алгачкы өбүшүүдөн кийин гана Генри аны кучагынан бошотпой туруп, өзүнүн махабаты тууралуу сүйлөгөн.
Веранданын аркы жагында азыр өзүнүн туугандары менен Френсис Морган эмне жөнүндө сүйлөшүп жатат, алар бир нерсе ойлоп табышты бекен? Аны кыялы андан да алыска алып кетти — ошондуктан ашык жигиттин сөзү кулагына кирген жок. Френсис! Эх!.. Ал үшкүрүп да жиберди: Генрини сүйгөнүнө карабай, бул жат гринго эмне үчүн анын жүрөгүнүн тынчын алат? Кантип эле өзү ушунчалык бузуку болсун? Ал экөөнүн кимиси жүрөгүнө жакын? Ушунусубу? Же тигинисиби? Же ар кандай кишиге эле умтула береби? Жок! Жок! Ал жеңил ойлуу кыяпатчы эмес. Андай болсо ким?.. Френсис менен Генри бири-бирине абдан окшош болгондуктан мээримдүү байкуш аял жүрөгү аларды бири-биринен ажырата албай жаткандыр? Мурда Генринин артынан отко-сууга түшүүгө, кубаныч— кайгыларын кошо татууга даяр эле; эми болсо Френсис үчүн андан да татаалыраак жолго барууга өзүн даяр сезгенсийт. Ал Генрини сөзсүз сүйөт — аны жүрөгү айтып турат. Бирок ал Френсисти да сүйөт, Френсистин да аны сүйөрүндө шеги жок — тиги жакта, түрмөнүн камерасында өтө кумарланып өбүшкөнү анын эсинен кетпейт. Бул эки жаш адамды эки бөлөк сүйүп, мындай болушун ойлогонго акылы жетпесе да, кээде Соланолор уруусундагы эң акыркы жана жападан- жалгыз бузулган аялмын деген туура эмес жыйынтыкка келчү.
Генринин шакеги анын манжасына катуу батып кетти. Торрес өтө берилгендик менен колун бекемирээк кысып жиберген эле, бул оору аны кыял деңизинен алып чыгып, Торрестин жүрөгүнөн чыккан сөздөрүн угууга айласыздан мажбур кылды.
— Сиз кооз роза гүлүнүн жүрөгүмө бекем сайылган тикенегисиз, дилимди бөлөк-бөлөк кылган канжарсыз, бирок бул махабат жарасы, азаптуу жана ыракат берүүчү жаралар. Мен сиз жөнүндө ойлочумун... сиз үчүн ар кандай ишке барууга даярмын. Сиз үчүн ар дайым дилимден бөтөнчө бир ысым орун алган, жалгыз гана — кыялымдын периштеси! Сиз мага турмушка чыгасыз, менин Леонсиям! Азыр эле өлүккө тете болуп калган тиги акылсыз грингону унутабыз. Мен сизге мээрбан жана боорукер болом. Мен сизди түбөлүк сүйөм. Биздин арабызга эч ким эч качан жолтоо болбойт. Мен болсо мага чейин болгон окуяларды эстөөнү эп көрбөйм. Сизди болсо... сизди болсо ушунчалык сүйөмүн, сиз ал адамды таптакыр унутуп каласыз, анын элеси эч качан бизге залакасын тийгизбейт.
Леонсия кандай кылсам экен деген ой менен унчукпай тура бергендиктен, Торрестин үмүтүн тутандырды. Леонсия тез жооп бербей убакыттан утуунун зарылдыгын туйду. Генрини куткарыш үчүн ушинтиш керек... Торрес өзү кызмат көрсөтүүнү сунуш кылып жатпайбы! Бир адамдын тагдыры Торреске байланышуу болуп турган соң, аны кууп жиберүүдөн эмне пайда!
— Сүйлөңүзчү! Мен күйүп баратам!.. — Торрес үнү дирилдеп жалынып жиберди.
— Кереги жок! Кереги жок! — деди кыз илбериңки үн менен. — Мен сүйгөн киши тирүү турганда бөлөктөрдүн махабат тууралуу сүйлөгөн сөздөрүн кантип угамын?
Сүйгөн... Бул сөздү өткөн чак маанисинде айтып жиберип, кыз өзү калтырап кетти. Торрес да калтырап үмүт учкундары кайрадан жалындай түштү. Ал, эми Леонсияны дээрлик өзүнүкү деп эсептеди.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#23 01 Май 2016 - 21:45
Деги бул кыз «мен сүйгөн» деди го, демек, ал эми Генрини сүйбөйт Кыз аны сүйчү эле, бирок ал сүйүү өтүп кетти. Албетте, дили ушунча назик жана сулуу кыз тигиниси тирүү турганда аны менен сүйлөшө албайт. Канчалык назик сезимдүү ээ! Торрес өзүнүн сезиминин назиктиги жөнүндө да сыймыктануу менен ойлонду жана ал тургай Леонсиянын жашыруун ойлорун туура тапканы үчүн өзүн куттуктап койду. Эртең саат ондо асыла турган кишинин кутулуп жана түрмөдөн качып кетпеси үчүн эми ал колунан келген бардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Генри Морган канчалык тез өлсө, Леонсия анын колуна ошончолук тез тиери ал үчүн ачык болгон эле.
— Бул жөнүндө башка сүйлөшпөйлү. .. азырынча,— деди ал рыцарларча сылыктык менен Леонсиянын колун андан да сылык кысып: анан ордунан туруп, кызга суктана көпкө тигилди.
Кыз да ага ыраазы болгондой түрдө кол кысып жооп берди да, колун бошоткон соң ордунан турду.
— Жүрүңүз,— деди кыз,— көрөлүчү, башкалар эмне кылып жатышты экен. Алар азыр Генри Морганды куткаруунун планын түзүп жатышат, туурараак план түзүүгө аракеттенип жатышат.
Алар терассадагыларга жакындашаары менен анда отургандар сөздөрүн дароо токтотушту. Сыягы бул жердегилер Торреске ишенчү эмес.
— Кандай, бир нерсе ойлоп таптыңарбы? — деп сурады Леонсия.
Курагынын эңкейип калганына карабай, балдарынан калышпай, какайып түз, келишимдүү жана шамдагай Энрико чал, башын чайкап гана тим болду.
— Эгер уруксат берсеңиздер, мен бир планды сунуш кылар элем,—деп Торрес сөз баштап келатып, Алесандронун көз ымдаганын көрүп, унчукпай калды.
Веранданын тушундагы аллеяда начар кийинген эки бала пайда болду. Бойлоруна караганда алардын жашы ондон ашык эмес, бирок көздөрү менен өңдөрүндөгү билинип турган митайымдыктарына караганда аларды улуураак деп ойлошсо болор эле. Балдар аябай таң калаарлык кийинишкен: экөөндө бирден гана кийим бар — биринде көйнөк, экинчисинде шым. Бирок шым-көйнөк болгондо кандай дейсиң! Алар таардан тигилген, эски, кезегинде узун кишиники болушу керек; бала шымды ээгине чейин көтөрө кийип, түшүп кетпес үчүн мойнунан байлап, колун болсо жан чөнтөктөрүнүн ордундагы тешиктерден чыгарып алган; багалегинен боюна жараша кынаптап бычак менен кесип коюлган. Экинчи баланын кийгени да чоң кишинин көйнөгү болгондуктан жерге тийип турат.
— Кеткиле бул жерден! — Алесандро аларга кыйкырды.
Бирок шымчан бала эч камырабай төбөсүнө көтөрүп келген ташты алып, астынан кат чыгарды. Алесандро тосмодон ийилип катка кол сунду, анан конвертке карап, аны Леонсияга берди, балдар болсо акча сурай башташты. Френсис бул кызык көрүнүшкө карап күлүп жиберди да, бир нече күмүш тыйынды балдарга ыргытты, көйнөк менен шым ошол замат аллеядан чуркап кетишти.
Кат Генриден болчу, Леонсия ага тез көз жүгүртүп чыкты. Бул катты коштошуу каты деп айтууга болбойт эле, себеби аны кандайдыр бир кокустук болуп кетпесе' өлүм оюна да келбеген киши жазган сыяктуу. Бирок ошондой болсо да, ар кандай кокустук болушу мүмкүн деп Леонсия менен коштошууну Генри милдетим деп эсептептир; катта тамаша катары эч болбогондо Генриге абдан окшош болгондугу үчүн да көңүл бурууга татыктуу болгон Френсисти унутпоону өтүнгөн эле.
Леонсия эң оболу катты бөлөктөргө да көрсөтмөкчү болду, бирок Френсис жөнүндө жазылган сөздөр аны бул нээтинен кайтууга аргасыз кылды.
— Бул Генриден,— деди ал катты көйнөгүнүн көкүрөгүнө жашырып жатып.— Эч кандай маанилүү сөз жазбаптыр. Бирок бир айласы табылып, кутулуп каларына эч бир шектенбей ишенет.
— Анын кутулуп кетиши үчүн биз аракеттенебиз, — деди Френсис чечкиндүү.
Леонсия ага ыраазы боло жылмайып карады, анан Торреско ошол калыбынан жазбай суроолу тигилип мындай деди:
— Сеньор Торрес, менин бир планым бар деп айттыңыз беле?
Торрес жагымсыз ырсайып, мурутун бурап, керкейген түрдө сөз баштады.
— Куткаруунун бир гана жолу бар — бул англосакстар колдонуучу, дайыма оңунан чыгуучу грингонун жолу. Ооба, бул дайыма оңунан чыгаруучу жол. Биз түрмөгө барып, гринголор сыяктуу ачыктан— ачык, качыра бастырып кирип, Генрини алып качабыз. Биздин мындай кылаарыбызды алар такыр күтпөгөндүктөн, план сөзсүз ишке ашат. Жээкте дарга асууга татыктуу каракчыларды каалашыбызча табууга болот, ошолордун жардамы менен түрмөгө чабуул коюу керек. Аларга жакшыраак акы төлөөгө убада бергиле, бирок акчанын баарын алдын ала колуна карматпаңыз, ошентсеңиз иштин бүткөнү.
Леонсия кубанып баш ийкеди. Карыя Энрико иши оңунан чыккандай көздөрү жайнап, дарынын жытын сезгендей таноосу дердейе түштү. Ага карап туруп, жаштар дагы шыктана баштады. Френсистин пикири кандай, бул планга кошулар бекен деп, бардыгы ага карады. Ал акырын баш чайкады, буга аябай ачуусу келген Леонсия Френсиске бир нерсе деп катуураак айтып да жиберди.
— Бул пландан эч нерсе чыкпайт,— деди Френсис.

#24 01 Май 2016 - 21:47
— Ишке ашпастыгы алдын ала билинип турган акылсыз авантюраны баштап, өмүрүбүздү коркунучка салуудан эмне пайда? — Ушундай деп Леонсиянын жанынан турду да, веранданын тосмосунун алдына келди. Ал Торрес менен беркилердин ортосуна туруп алды; ыгын таап, Энрико менен анын балдарына этият болгула дегендей белги берди. — Генриге келсек, анын күнү бүткөн белем...
— Башкача айтканда, сиз мага ишенбейсиз, ушундайбы? — Торрестин ачуусу келди.
— Сиз эмне деп жатасыз, кудай сактасын! — Френсис каршы болду.
Бирок Торрес ага көңүл бурбастан сөзүн улады:
— Демек, сиздин оюңузча, мен эски жана эң урматтуу досторум болгон Соланолордун үй-бүлө кеңешине катышпоом керек экен да? Муну мага сиз, али анчалык тааныш эмес адам тыюу салып жатасыз?
Аябай ачуулангандыктан Леонсиянын өңү кызарып кеткенин байкап, ага алдын ала эскертүүгө шашылып жана Торрестин маңыздыгын сылык жаңдоо менен токтотуп, карыя Энрико мындай деди:
— Сеньор Соррес, Солаңолордун сизсиз боло турган кеңеши жок. Себеби, чынында эле сиз биздин эзелтен берки кымбаттуу досубузсуз. Маркум атаңыз менен менин достугум бир туугандай ынак эле. Ошону менен бирге, ачыгын айтканым үчүн кары кишини кечириңиз, сиздин планыңыз ишке ашпай турган нерсе экенин сеньор Морган туура айтты. Түрмөгө чабуул коюу нака акмактык болор. Дубалдарынын калыңдыгын айтпайсызбы. Ал бир нече жумалык чабуулга туруштук бериши мүмкүн. Айтмакчы, моюнга алуу керек, эң оболу сиздин пикириңиз мага жаккан болчу. Жаш кезимде, Кордильер тоолорунда индейлер менен салгылашкан учурларыбызда так эле ушундай окуяларга дуушар болгонбуз. Жайыраак олтуралы, мен сизге ошол окуяны айтып беремин.
Бирок иши чачынан көп Торрес бул сунушту кабыл албай, баарынын колун досторчо кысып, бир-эки ооз сөз менен Френсистен кечирим сурады да, ат жабдуусу күмүш менен кооздолгон атына минип, Сан-Антониону көздөй чаап кетти. Анын негизги иштеринин бири: Томас Ригандын Уоллстриттеги мекемеси менен ар дайым телеграф байланышы эле.
Ал Панаманын Сан-Антониодогу өкүмөт радиостанциясына жашыруун кирүү укугуна ээ болуп, Вера— Крустагы телеграфка ар кандай кабар жөнөтүп турар эле. Риган менен болгон байланыш өзүнө гана пайда келтирбестен, Леонсия менен Моргандар жөнүндөгү өзүнүн оюна да дал келди.
— Сеньор Торреске каршы не айтмакчысыз? Эмнеге анын планын четке кагып, ачуусуна тийдиңиз? — деп сурады Леонсия Френсистен.
— Эч кандай,— деп жооп берди ал,— жөн эле биз ага муктаж эмеспиз, ал да мени жактырбайт. Ал жеткен акмак, ошол себептүү ар кандай планды жокко чыгарышы мүмкүн. Сотто менин ишим тууралуу көрсөтмө берип жатып, кандай оңтойсуз абалга түшүп калганын эстеңизчи. Балким ага такыр эле ишениш керек эместир? Билбейм. Канткен менен ал бизге керек болбогондон кийин, ишенип эмне кылабыз? Анын планы болсо абдан туура. Ушундай кылабыз: эгер баарыңыздар макул болсоңуздар, түз эле түрмөгө бастырып барабыз да, ал жерден Генрини алып качабыз. Бул ишти дардан качып жээкте тентип жүргөн немелерге тапшыруунун эч кандай кажети жок. Биз алты эркекпиз. Ишти өз күчүбүз менен орундай албасак, демек ага чекит коюшубуз керек.
— Бирок түрмөдө дайыма ондогон сакчылар турат,— деп Леонсиянын он сегиз жашар иниси Рикардо каршы болду.
Кайрадан тынчсыздана баштаган Леонсия инисине жемелүү карады: бирок Френсис жигиттин сөзүн кубаттады.
— Туура айтат! — деди ал. — Биз сакчыларды бир жаңсыл кылабыз.
— А беш фут калыңдыктагы дубалдычы? — деп эскертти эгиздердин бири Мартинес Солано.
— Биз дубалдын тешигинен өтөбүз,— деп жооп берди Френсис.
— Кандай кылып? — Леонсия чочуп кетти.
— Бул жөнүндө азыр кеп кылмакчымын. Айтыңызчы, сеньор Солано, сизде мине турган аттар көппү? Абдан жакшы! Сиз, Алесандро, плантациялардын биринен бир нече динамиттин шашкасын таба аласызбы? Эң сонун! Укмуш! Эми, сиз, Леонсия, асьенданын кожоюну болгон соң, жертөлөдө «Үч жылдыз» вискасынан запас бар экенин билет чыгарсыз.
— Ох— хо, заговор жетилип келатат,— деп күлдү Френсис, Леонсиядан «бар» деген жоопту алгандан кийин.
— Эми бизде Райдер Хаггари, же болбосо Рекс Бичтин чыгармаларыпын духундагы укмуштуу романдар үчүн бардык атрибуттар даяр. Кулак салгыла... Бирок токтой тургула. Леонсия, бул тамашанын кай бир майда— барат иштери тууралуу оболу Сиз менен сүйлөшүп алышым керек.

#25 01 Май 2016 - 21:59
Б Е Ш И Н Ч И Г Л А В А
Күн түштөн эчак эле ооп калган; Генри өз камерасынын темир тордолгон терезесинин жанында көчөнү карап, качан Чирикви көлү тараптан шамал согуп, үп болуп кеткен абаны бир аз болсо да салкындатаар экен деп күтүп турган Көчө чаң жана балит эле. Балиттигинин себеби, бир нече кылым мурда шаарга негиз салынгандан бери, кароосуз калган иттер менен түрү суук жаман сарылардан башка — бул куштар азыр да көчө бойлоп учуп, ар кандай таштандылардын үстүндө секирип жүрөт — көчөнү эч ким тазалабайт. Таш менен бышкан кирпичтен курулуп, аки менен акталган жапыс тамдар күнгө абдан кызып, көчөнү чыныгы тозокко айландырып жиберген.
Үйлөрдүн аппак түсү менен чаңдан Генринин көзү талып кетти, ал терезенин жанынан эми эле кетүүнү ойлоп турганда маңдайдагы үйдүн верандасында үргүлөп отурган бир топ самтырак кийимчен балдар көздөрүн ачып, көчөнүн баш жагына кызыгуу менен карап жатышканын байкады. Генриге эч нерсе көрүнгөн жок, бирок жакындап келе жаткан арабанын үнүн ал да укту. Анан ооздугун чайнаган ат алып учуп келаткан кичинекей шалдыраган араба көрүндү. Арабада отурган сакал— чачы аппак чал атын токтотууга жаналакетке түшүп аракеттенип жатты.
Генри эски, шалдыраган арабанын талкаланып кетпегенине таң калып, жылмайып койду; араба өйдө-төмөн жерлерден дөңгөлөктөрү огунан чыгып кетчүдөй болот. Анткени менен араба талкаланып кеткен жок; эски абзелдеринин үзүлүп кетпегени таң каларлык — Генринин ою боюнча бул тим эле укмуштун өзү болчу. Генри турган терезенин тушуна келгенде абышка атын токтотууга дагы бир жолу жаналы калбай аракеттенип көрдү: ал ордунан туруп, божуну тартты. Божунун бир жагы чирип калган экен, ошол замат үзүлүп кетти. Арабакеч орундукка жыгылды, колунда калган тизгин бекем тартылгандыктан ат оң жакка чукул бурулду. Андан кийин эмне болгонум — дөңгөлөгү сындыбы, же — огу чыгып кетип анан арабасы талкаландыбы — Генри туйбай калды. Ооба, араба талкаланганы анык эле. Анткени чал эт-бети менен жыгылды, ал колундагы божуну дале коё бербей, чаң жолдо сүйрөлүп барып, атты токтоого аргасыз кылды, ат тегеренип анын тушуна туруп калды.
Чал ордунан турганда айланасын адамдар курчап алган эле. Бирок түрмөнүн короосунан чуркап чыккан жандармдар карап тургандарды түрткүлөп таратып жиберишти. Генри терезенин алдында дагы эле карап тура берди, ал бир нече сааттык өмүрү калган кишиге такыр окшобогон кызыгуу менен терезенин жанындагы көрүнүштү карап турду, ошол учурда түрмөнүн жанына келип калган адамдардын сөздөрүнө кулак .түрдү.
Чал жандармдарга атын карматып коюп, кийиминин чаңын да күбүбөстөн, шашылыш арабага жетип, бир чоң жана бир нече чакан ящиктерден турган жүгүн түгөлдөй баштады. Ал айрыкча чоң ящикти этияттап туруп, ал тургай аны котөрүүгө аракеттенип көрүп, ящиктин ичиндеги бир нерсеге абайлап кулак салды.
Ушул кезде жандармдардын бири аны чакырып калды; чал боюн түзөп, сергектик менен бабырап жооп бере баштады:
— Менин ким экендигимди сурап жатасызбы? Мен кары адаммын, сеньорлор, бул жерден алыс жашайм. Атым Леопольдо Нарваэс. Ылайым жаны бейиште болгон энем немистин кызы болчу. Анткени менен атамдын аты Балтазар де Хесус-и-Сервальос- и-Нарваэс эле, анын атасы кайраттуу генерал Нарваэс, улуу Боливардын20 кол астында согушкан. А мен — менин шорум куруду, эми үйүмө да кете албай, ара жолдо калып олтурам.
Сыйлоо менен көңүл айтуулардан, эң самтыраган кишилер да көңүл айтууга уста болушат, жана суроолордон ал кайраттанып, өзүнүн аңгемесин андан ары улады:
Мен Бокас-дель-Тородон келдим. Жол менин он беш күнүмдү алды, бул жерге келгиче эч нерсе сатканым жок. Өзүм Колондо жашаймын, ал жерден чыкпаганымда жакшы болмок экен. Бирок мээрман Нарваэс да жер кезген соодагер боло алат, ал эми соодагер да жашоого акылуу. Ушундай эмеспи, сеньорлор? Эми айткылачы, силердин кооз Сан-Антониоңордо жашоочу Томас Ромерону тааныйсыздарбы?
— Панаманын ар бир шаарында Томас Ромерону каалаганча табышың мүмкүн,— деп түрмө башчысынын жардамчысы Педро Зуритка каткырып калды. — Ошондуктан аны даанараак сүрөттөп бербесеңиз болбойт.
— Ал экинчи аялымдын агасынын бир тууганы,— деди чал бир нерсе күткөндөй эки жакты карап, бирок тегеректеги адамдардын каткырыгы аны абдан таңдандыргансыды
Сан-Антонио менен анын айланасындагы жашоочу Томас Ромеролор ондон ашык,— деди түрмө башчысынын жардамчысы. — Алардын ар бири экинчи аялыңыздын агасынын бир тууганы болушу мүмкүн, сеньор. Бул жерде Томас Ромеро деген ичкич бар. Каракчы Томас Ромеро да бар. Дагы бир Томас Ромеро... Жок, ал адам өлтүрүп, уурулук кылгандыгы үчүн өткөн айда асып өлтүрүлгөн. Томас Ромеро деген бай бар, анын тоодо уйлары көп. Дагы...
Ар бир Ромеронун атын айтканда чал «ал эмес» дегендей баш чайкайт, бирок мал чарбачылык жөнүндө сөз болгондо өңүндө үмүт учкуну жылт этип, сүйлөп жаткан адамды токтотту:
— Мени кечиреңиз, сеньор. Ушунусу менин тууганым болсо керек. Эмнеси болсо да ал дөөлөттүү болушу ажеп эмес. Аны издеп табамын. Бул кымбат баалуу буюмдарды койгонго орун табылганда, азыр эле аны издеп чыгаар элем. Дагы жакшы, бул балакетке так ушул жерден жолукканымды кара. Жүтүмдү сизге ишенип таштасам болот: сиздин ак ниеттүү жана урматтуу адам экендигиңизди бир көрүү Менен эле байкадым. — Чал ушинтип айтты да, чонтөгүп аңтарып эки күмүш песо алып, түрмөчүгө узатты. — Мынабу сизге. Сиз жана сиздин адамдарыңыз мага жардамдашканыңыздарга өкүттө калбайсыздар го деп ойлоймун.
Тыйынды көргөн Педро Зурита менен жандармдар чалга ыраазылыгын билдирип жатканын байкаган Генри жылмайып койду. Алар чогулгандарды арабанын жанынан кууп, ящиктерди түрмөнүн имаратынын ичине ташый баштады.
— Этият болгула, сеньорлор, этият болгула,— деп безеленип жиберди чал, жандармдар чоң ящикти көтөрүп жатышканда. — Абайлап көтөргүлө. Бул кымбат баалуу, абдан .назик оокат.
Арабадагыларды түрмөнүн ичине ташып жатканда чал жүгөндөн башка болгон ат жабдыктарын бүт чыгарып, арабанын ичине таштады.
Бирок Педро Зурита айланада топтолуп турган самтырак кийимчендерди карады да, ат жабдыктарды да түрмөгө алып кирүүнү буюрду.
— Бурулдуң дегичекти ээр— жабдыктардын тасмасын да калтырбай шыпырып кетишет,— деп түшүндүрдү ал.
Чал бузулган арабанын үстүнө чыгып, Педро Зурита жана сакчылардын жардамы менен атына минди.
— Абдан жакшы,— деди ал, ыраазылыгын билдирип, мындайча кошумчалады: — Миң жолу рахмат, сеньорлор. Мүлктөрүмдү сактап бере турган сиздердей ак ниет адамдарды жолуктурдум, демек, ишим оңунан чыкты дей бериңиз. Чынын айтканда, буюмдарым эч нерсеге деле арзырлык эмес дечи, бирок мен үчүн алар өтө чоң байлык. Сиздер Менен таанышканыма кубанычтуумун. Эртең тууганым менен бирге келип, аны сөзсүз табамын, сиздерди арзыбас мүлкүмдү күзөтүүдөн бошотом. Ал шляпасын алып — Adios, сеньорлор, adios!—деди.

#26 01 Май 2016 - 22:08
Анан ал ушундай балакетке себепчи болгон атына ишенбегендей бир карап алды да, акырын жолго түштү. Аңгыча болбой Педро Зурита аны чакырып калды, чал атынын тизгинин тартып, артына кылчайды.
— Мүрзөлөрдөн издеңиз, сеньор Нарваэс,— деп кеңеш берди түрмө башчысынын орун басары. — Ал жерден миңдеген Томас Ромеролорду табасыз.
— Сизден болсо, сеньор, абдан өтүнүп суранам, чоң ящикти этияттаңыз деп жооп берди соодагер кыйкырып.
Генри карап турган көчө бошой түштү; күн абдан ысып кеткендиктен жандармдар менен сонуркагандар тарай баштады. Генриге кексе соодагердин үнү тааныштай угулду, бирок буга таң кала турган эч нерсе жок деп ойлоду ал Анткени соодагердин атасы гана испандык, анын тили да жарым испанча, жарымы немисче, себеби энеси пемис кызы. Ошого карабай чал жергиликтүү кишилердей сүйлөйт. «Эгерде түрмөгө калтырып кеткен чоң ящикте кандайдыр кымбат нерсе болсо, аны жергиликтүү кишилердики катары тоноп алыпгат»,— деген ойго келди Генри, анан бул окуя жөнүндө ойлонууну токтотту.
Бул мезгилде Генринин камерасынан элүү фут алысыраак жердеги кароолканада Леопольдо Нарваэстин буюмдарын тоноп жатышкан эле. Чоң ящикти абдан көңүл коюп айландыра карап чыккандай кийин, Педро Зурита баштап " берди. Ящиктин оорлугун байкоо үчүн бир жагынан көтөрүп жатып, ящиктин жаракасын көрдү да, ичинде эмне бардыгын билүүгө кызыгып ит сыяктуу шимшилеп жыттай баштады.
— Ящикке тийбе, Педро,— деди жандармдардын бири
күлүп. — Аманатка кыянаттык кылбас үчүн сага эки песо төлөдү эле го.
Түрмө башчысынын жардамчысы улутунуп, бир нече кадам артка чегинип отурду да, кайра ящикке карап улутунду. Сөз уланган жок. Алар улам-улам ящикке карап коюп отура беришти. Ал эмес бөлүнүп коюлган карта да жандармдардын көңүлүн өзүнө бура албады. Оюп да оюндан ойнолгон жок. Педрону тамашалаган жандармдын өзү эми ящикти искей баштады.
— Эч нерсе сезилбей жатат,— деди ал. — Бул ящиктен эч нерсе жыттанбайт. Эмне бар болду экен? Кабальеро кымбат баалуу буюмдар деди эле го!
— Кабальеро имиш! — Жандармдардын бири бырс күлүп жиберди. —Бул абышканын атасы чынында Колоп көчөрүндө балык кууруп сатып жүргөн, балким чоң атасы да ушундай болгондур. Бул калпычы селсаяктар болсо өздөрүн конкистадорлордун тукумунанбыз деп сезип жүрүшөт.
— Эмне үчүн тукуму болбойт экен, Рафаэль? — Педро Зурита нааразылана сүйлөдү. — Өзүбүз да алардын тукумунан эмеспизби? .
— Мунусу чын дечи,— деп Рафаэль анын сөзүнө шашыла кошулду. — Конкистадорлор көптөгөн адамдарды кырып жиберишкен.
— Алардан аман калгандар ошолордун тукуму болуп кала беришкен,— деп сөзүн бүтүрдү Педро. Анын сөзүнө баардыгы күлүп калышты. — Билесиңерби, бул ящикте эмне бар экендигин аныктоо үчүн, эки песонун бирин беришке даярмын.
— Мына, Игнасио да келди! — деп кыйкырды Рафаэль кирип келген жандарм менен саламдашып, сьестадан21 азыр эле тургандыктан жандармдын көздөрү шишип кеткен эле. — Ак ниет болсун үчүн ага акы төлөнгөн эмес. Бери кел, Игиасио, биздин көңүлүбүздү жайлап, мына бул ящикте эмне бар экендигин билип берчи.
— Мен кайдан билем,— деди көздөрүн кыбыңдатып Игиасио, баарынын көңүлүн өзүнө бурган ящикке карап. — Мен азыр эле уйкудан турбадымбы.
— Демек, ак ниет болуш үчүн сага акча төлөнгөн жок да, ушундайбы? — деп сурады Рафаэль.
— Оо ырайымдуу Умай Эне, ак ниет болуш үчүн ким мага акча төлөмөк эле,— деп зарлап жиберди түрмөнүн сакчысы.
— Андай болсо тетиги балтаны ал да, ящикти ач,— деп Гафаэль өзүнүн оюп акырына чейин айтты. — Биз анте албайбыз: себеби Педро эки песодогу биздин үлүшүбүздү — бериши керек, демек, ак ниет болуш үчүн бизге да акы төлөнгөн. Ящикти ач, Игнасио, болбосо биз баарыбыз муну аңдын отуруп, чычкыбыздан өлүп калышыбыз мүмкүн.
— Биз анда эмне бар экенин билиш үчүн бир жолу гана карап көрөбүз,— Игнасио ящиктин бир тактасын балта менен чыгарып жатканда Педро тынчсыздануу менен кобурады. — Анан ящикти кайра бекитип коёбуз... Колуңду салып көрчү, Игнасио! Ии, эмне бар экен?.. Эмнеге окшошот?
Игнасио көпкө убараланып жатып, бир нерсени тартты; акырында картон куту кармаган анын колу көрүндү.
— Ии-и, этияттап ал: кайра ордуна коюуга туура келет,— деп эскертти аны Педро. Аны кутудан чыгарып, оролгон кагаздарын алып таштаганда, жандармдар чоң бөтөлкөдөгү күрүчтөн тартылган аракты көрүштү.
— Кынаптабасаң коё кал! — деп күбүрөдү Педро таң калып. — Ушунчалык этияттык менен оролгон соң, демек, жакшы виски болсо керек.
— Американыкы! — деди башка бир жандарм күрсүнүп. — Америка вискисин Сантосто бир жолу гана даамдап көргөнмүн. Сонун нерсе. Аны ичкенден кийин ушунчалык баатыр болуп чыга келдим дейсиң, өгүздөр сүзүшүп жаткан убакта түз эле аянтка чуркап чыгып, ачуусу келип турган буканы жалаң колум менен качырып кириптирмин. Чынында бука мени челип жыкты, бирок баары бир аянтка батынып чыкканымды айтсаң!
Педро бөтөлкөнү алып оозун ачмакчы болду.
— Токто! — деп кыйкырды Рафаэль. — Ак ниеттүүлүк үчүн сага акча төлөнгөн эле го.
— Төлөшү төлөнгөн, бирок акча төлөгөн адамдын өзүнүн ак ниеттүү экенин кудай билет, — деп айтты Педро. — Бул контрабанда. Чал таможенный акысын төлөдү дейсиңби. Ошондуктан, келгиле, кудайдын буйругун көрөрбүз, эгер биздин тагдыр күлүп баккан болсо, келгиле, чын ниет менен ушул мүлктү өзүбүз ээлейбиз. Биз буларды конфискациялайбыз да, жок кылып жиберебиз.
Игнасио менен Рафаэль бөтөлкө бир айланып келишин күтпөстөн дагы бир нече бөтөлкөнү алып, мойнун сындырышты.
— «Үч жылдыз» эң сонун виски! — деп жарыялады Педро Зурита тынчтыкты бузуп, соода маркасын көрсөтө. — Билесиңерби, гринголордо начар виски болбойт. Бир жылдыз — жакшы виски, эки жылдыз — эң сонун виски, үч жылдыз — андан да сонун виски, мындан жакшысы болбойт. Муну жакшы билемин. Гринголор — ичимдиктин мыкты билермандары. Биздин пулькабыз аларга жакпайт.
Төрт жылдыздуусучу? — деп сурады Игнасио, ичкиликтен улам анын үнү кирилдеп, эки көзү кызарып чыккан эле.

#27 01 Май 2016 - 22:11
— Төрт жылдызбы? Досум Игнасио, төрт жылдыз көз ачып жумганча, же өлүм, же түбөлүк ыракаттануу дегени.
Арадан бир нече убакыт өтпөй эле, Рафаэль дагы бир жандармды кучактап алып, аны «боорум», мында, жер жүзүндө адамдын бактылуу болушу үчүн көп нерсе керек эмес деп балдырай баштады.
— Чал келесоо, келесоолордун ичиндеги эң акылсыз келесоосу,—деп түнт Аугустино биринчи жолу ооз ачып сөзгө аралашты.
— Жашасын Аугустино! — деп кыйкырды Рафаэль. — Бул «Үч жылдыздын» көрсөткөн кереметин караңыз! Аугустинонун оозундагы кулпуну алып салды.
— Силердин чалыңар айтканыңдан да ашып түшкөн келесоо,— деп кыйкырып жатты Аугустино мастык менен. — Бул укмуштуу ичкилик өз жанында, бүтүндөй өзүнүн карамагында болуп туруп, Бокас-дель-Тородон чыкканына үч күн болсо да, бир да жолу ичип көрбөптүр! Мен силерге айтсам, мындай акмактарды жылаңачтап, кумурсканын уюгунун оозуна олтургузуш керек!
— Чал — митаам,—деп күңкүлдөдү Педро,—эртең эртелеп «Үч жылдыздууларын» алганы келгенде аны контрабандист ден камакка аламын. Бул биздин баардыгыбыздын ишибизге көрөгөч мамиле кылганыбыз болот.
— Эгер биз далилдерди мына минтип жок кылсак эмне болот?— деп сурады Аугустино дагы бир бөтөлкөнүн мойнун сындырып жатып.
— Биз мындай кылып далил калтырабыз, — деп бош бөтөлкөнү ташка уруп сындырып, ага каршы сүйлөдү Педро. — Кулак салгыла, достор, сүйлөшүп алалы: ящик абдан оор экен. Аны түшүрүп жибердик, бөтөлкөлөр сынып, ичиндеги вискиси агып кетти — ошентип биз контрабанданы билип калдык, дейбиз. Ящиктер менен сынык бөтөлкөлөр буга жетишээрлик далил боло алат.
Арак азайган сайын уу-дуу көбөйө баштады. Бир жандарм эчак эстен чыгып калган он сентаво22 карызын эстеп, Игнасио менен чырдаша баштады. Дагы эки жандарм кучакташып бактысыз үй-бүлөлүк турмуштарын эстеп ыйлай башташты. Аугустино өзүнүн философиялык көз карашын шаңдуу сөз менен баяндап жатты, бул философиянын маңызы — унчукпагандык алтынга тете деген сөз эле. Педро Зурнта болсо баардык адамдар — тууган, деп далилдөөгө аракеттенип жатты.
— Ал турсун түрмөдөгүлөрдү да өз бир туугандарымдай жакшы көрөмүн,— деди ал тага күрмөөгө келбей.— Турмуш абдан кайгылуу нерсе,— анын көзүнөн жаш кулады: ал бир анча унчукпай калды да, вискиден бир жутум ичти.
— Түрмөдө жаткан кишилер мен үчүн өз балдарымдай кеп. Аларды көрүп жүрөгүм канап кетет. Карагылачы! Мен ыйлап жатам. Келгиле, алар менен тең бөлүшөлү. Алар да эч болбосо бир мүнөткө бакыт эмнелигин билишсин. Игнасио, менин сүйүктүү бир тууганым, мага бир жакшылык кылчы, карачы, ийниңе башымды коюп ыйлап жатам. Мына бул мүрөктүн суусу куюлган бөтөлкөнү гринго Морганга жеткирип бер. Ага айт: мен ал үчүн кайгыга баттым, анын эртелеп дарга асыларын ойлоп кайгыга батып жатам. Грингого саламымды жеткирип, ичип коюшун сурап, ал бүгүн арак ичип бактылуу болсун.
Игнасио тапшырманы аткарууга кетти, бир кезде Саптосто букалар сүзүшүп жаткан аянтка кирип барган жандарм болсо:
— Мага буканы алып келгиле! Буканы! — деп кыйкырып жатты.
— Бул сонун жигит буканы кучактап, аны канчалык сүйөрүн айткысы келип жатат,— деп түшүндүрдү Педро Зурита көз жашын көлдөтүп.— Мен да букаларды жакшы көрөмүн. Кудай жараткан макулуктардын баарын жакшы көрөмүн. Мен ал турсун чымындарды да жакшы көрөмүн. Дүнүйө абдан кооз. Анда мээрим— махабат өкүм кылат. Атаганат, азыр ойногонго арстан болсо... Мага арстан алып келгиле, мен аны менен ойнойм...
Көчөдөн кимдир бирөө эски каракчылардын ырынын обонун салып ышкырып жатканы Генринин көңүлүн бурду. Ал терезеден көчөнү караарда, эшиктин кулпусунун шалдыраганын угуп, уктамыш болуп калды. Камерага буту чалыштап Игнасио кирип, Генриге бөтөлкөнү сунду.
— Колу ачык башчыбыз Педро Зурита эң жакшы тилектер менен берип жиберди,— деп күбүрөдү жандарм.— Сен муну ичип мас болуп, эртеңки дарга асыларыңды унутсун деп айтты биздин башчыбыз.
— Сеньор Педро Зуритага да менин атымдан эң жакшы тилектеримди айткының, анан аны вискиси менен кошо шайтан алсын,— деп жооп берди Генри.
Түрмө күзөтчүсү боюн түзөп, мастыгы тарап кеткендей темтеңдебей калды...
— Жакшы болот, сеньор,— деди да, камерадан чыгып эшикти бекитип койду.
Генри терезенин тушуна карай умтулду жана ал жерден Френсисти көрдү. Фрейсис тосулган темирлердин арасынан ага тапанча сунду.
— Салам, досум,—деди Френсис. — Сени көз ачып жумганча куткарабыз. — Анын колунда жардыргыч менен капсулдуу эки динамит шашкасы бар эле. — Эмне алып келгенимди көрдүңбү, бул ар кандай укмуш деген ломдон жакшы. Сен аркы бурчка кач — Pronto! — бул дубалдан азыр ушунчалык тешик пайда болот дейсиң, андан биздин «Анжелика» да өтүп кете алат. Баса, «Анжелика» жакын жердеги жээкте күтүп турат. Кана эмесе, кач. Мен азыр шашканы орнотом, шнуру абдан кыска.
Генри камеранын аркы бурчуна жетеэлекте, кулпуга кимдир бирөө ачкыч салды, эшик ачылып, камерага чуручуу толуп кетти. Генри баш— аламан кыйкырыктарды укту, анын ичинен латын америкалыктардын адаттагы «Гринголорду ур!» — деген ураандары жазбай угулду.

#28 01 Май 2016 - 22:14
Ошондой эле, Генри Рафаэль менен Педронун камерага кирип келатып айткан сөзүн даана укту: «Ал жалпы бир туугандыкты танып жатат»,— деп ачуусу келип жатты биринин, экинчиси болсо: «Ал мени тиги дүйнөгө кетсин дедиби, чын эле ал ушинтип айттыбы, Игнасио?» — дейт.
Жандармдардын колунда мылтык: алардын артында, колуна илинген нерсе — мылтык, эскилиги жеткен тапанча, балта, бөтөлкөлөр менен куралданган мас полисмендер турат. Генринин колундагы тапанчаны көрүп алар токтошту. Педро калтыраган колу менен мылтыгын кармалап, мындай деди.
— Сеньор Морган, сиз азыр бардык закондорго ылайык — тозокко жол тартасыз.
Бирок Игнасио күтүп турбай мылтыктын кундагын көкүрөгүнө такап ок чыгарды, ал тийген жок: ок камеранын дубалынын ортосуна тийди, ошол замат Генри аткан октон Игнасионун өзү жерге кулады. Калгандары шашылып коридорго чегишти да, өздөрүнө ылайыктуу жер таап, камераны аткылай башташты.
«Кудайга шүгүр, дубал абдан калың, ок кайгып келип тийбесе эле болгону»,— деп ойлоду Генри бурчта динамиттин жарылуусун күтүп.
Ал күткөн жарылуу болду: терезе орнотулган дубалда чоң тешик ачылды. Бирок дубалдын кулаган кирпичтери
Генринин башына тийди, анын көз алды караңгылап, жерге жыгылды. Жарылуу убагында пайда болгон чаң менен дарынын түтүнү таркаганда Генри Френсисти элес-булас көрдү ал камеранын ичине сүзүп киргендей туюлду. Френсис анын колунан жетелеп, тешиктен көчөгө алып чыкты. Генри көчөгө чыккандан кийин жеңилдене түштү. Ал Энрико Солано менен анын кичүү баласы Рикардону көрдү. Алар көчөнүн өйдө жагына топтолгон адамдарды мылтык менен тосуп турушкан эле, бир күндө төрөлгөн бир туугандар Альварадо менен Мартинес болсо көчөнүн ылдый жагындагы элди тосуп турган.
Эл бул жерге окуяны көрүш үчүн кызыгып чогулушкан, алардын эч бири күндүз, чак түштө дубалды жардырып, түрмөгө бастырып кирген кудуреттүү кишилердин жолун тосуп, өздөрүнүн өмүрүн коркунучка салуудан алыс. Ошол себептүү көчөдөн ылдый карай келе жаткан чакан топко топтошкон эл урмат менен жарылып жол беришти
— Аркы көчөдө аттар күтүп турат,— деди Френсис, жооп ката Генринин колун кысып. — Леонсия да ошол жерде. Жарым сааттын ичинде жээкке жетип барабыз, ал жерде бизди кеме күтүп турат.
— Мага карачы, кыязы сага жаман ыр үйрөтпөптүрмүн ээ! — деди Генри күлүп. —Ышкырык менен обон салганыңда кулагыма ушунчалык жакшы угулду дейсиң, бул иттер абдан шашылышты. Алар эртең таңдын атышын да күткүлөрү. келбеди. Виски ичип алышып, мени өлтүрмөкчү болушту. Бул вискинин окуясы да абдан кызык. Соодагерчиликти кесип кылган кандайдыр бир мурунку кабальеро23, виски артылуу чүмбөттөлгөн арабада түрмө жанынан өтүп баратып, дарбазанын жанына келгенде арабасы сынып калды...
— Атак-даңкы менен өзүнө эстелик калтырган Нарваэстин баласы, Балтазар де Хесус- и-Сервальос- и-Нарваэстин уулу жогорку даражалуу Нарваэс да соодагер болушу мүмкүн, соодагер да жашаш керек да, ушундай эмеспи, сеньорлор? — деди Френсис чалдын сөзүн кайталап.
Генри Френсиске кубанычтуу карап, ыраазылык менен мындай деди:
— Билесиңби, Френсис, бир нерсеге мен абдан кубанычтамын, ушунчалык кубанычтамын. ..
— Ал эмне эле? — деп сурады Френсис, аттар турган көчөгө бурулуп бара жатышканда.
— Баягында, Музоо аралында сони күрөшүп жыкканымда, сен «кесе бер» деп туруп алганыңда, кулагыңды кесип албаганыма кубанам.

#29 01 Май 2016 - 22:18
А Л Т Ы Н Ч Ы Г Л А В А
Сан-Антонио полициясынын башчысы Мариано Верхара- и-Ихос, сот залында креслого жөлөнүп отурду да, өзүнө өзү ыраазы болуп, жайбаракат жылмайып, сигарета орой баштады. Баардыгы өзү ойлогондой болду. Судья чал бир ууртам мескаль ичип койбосун деп ал күн бою аны кайтарып жүрдү. Мына эми анын акысына судья полиция башчысынын көңүлүндөгү өкүмдү чыгарды. Ал эч кандай кемчиликке жол берген жок. Алты качанаак пеонго чоң салык салынып, Сантостогу плантацияга кайта жөнөтүлдү. Алар үчүн оор болгон келишимди, судья салыкты төлөө үчүн канча убакыт кетсе, так ошончого узартты. Ушул үчүн полиция башчысынын чөнтөгүнө дагы эки жүз Америкалык алтын доллар түшөт. «Сантостогу гринголор тил табышса боло турган адамдар,—деп ойлоду ал өзүнчө. — Биринчиден алар плантация түзүп, ушундай жол менен мамлекеттин өсүшүнө жардам көрсөтүп жатышат. Экинчиден, эң негизгиси — алардын акчасы чирип жатат, 'менин майда-барат кызматтарым үчүн да жакшы акы төлөшөт».
Ушул учурда ал Альварес Торрести көрүп, жадырап жылмайды.
— Кулак салыңыз,— деди Торрес полиция башчысынын кулагына ийиле шыбырап. — Биз эки Морганды тең жок кылышыбыз керек. Себеби чочко Генри эртең дарга асылат, эмне үчүн Френсис чочкону чоң аталарына бүгүн кошуп коюуга болбосун?
Полиция башчысы кашын суроолу серпти.
— Мен ошол грингого түрмөгө чабуул кой деп кеңеш бердим. Соланолор анын келжирегенине ишенишип, эми аны колдоп жатышат. Бүгүн кечинде чабуул коюшат. Андан мурда үлгүрө алышпайт. Сиздин ишиңиз ага даярдык көрүү жана кагылышуу учурунда Френсис Моргандын албетте өлтүрүлүшүнө көз салып туруу гана.
— Эмне себептен? Эмне үчүн? — Полиция башчысы шашылбай сурады. — Мен Генрини бир жаңсыл кылышым керек. Френсис болсо сүйүктүү Нью-Йоркуна, өз журтуна кайтып кете берсин.
— Френсисти бүгүндөн калтырбай өлгөндөрдүн артынан жөнөтүү керек, себебин азыр түшүнүп аласыз. Мен өкмөт радиостанциясы аркылуу жиберип жаткан телеграммалар сизге маалым, аларды өзүңүз да окуп турасыз го...
— Токтоңузчу, келишимибиз бар эле го, ошол келишим боюнча сизге өкмөт радиостанциясынан уруксат алып бергенмин,— деп эстеди полиция башчысы.
— Мен ал жөнүндө арызданганым жок,— деп актанды Торрес. — Ошентип, Нью-Йорктогу Риганда олуттуу жана өтө маанилүү ишим бар экендиги сизге белгилүү. — Ал колун көкүрөк чөнтөгүнүн үстүнө койду. — Мен андан азыр эле жаңы телеграмма алдым. Телеграммада Френсис чочкону бул жерде дагы бир ай кармап турууну сунуш кылып жатат, эгер ал Нью-Йоркко такыр кайтпаса да эч ким ага көз жашы кылбайт. Сеньор Ригандын айткандарына толук түшүнгөн болсом, анда Френсистин жоголушу эч кимди кайгыга батырбайт. Мына ошентип, ушул иштин өтөсүнө чыксак, анда сизге да жаман болбойт эле.
— Бирок али сиз бул үчүн канча акча алганыңызды жана канча аларыңызды айта элексиз,— деди полиция башчысы аны сынамакчы болуп.
— Ал жөнүндө жекече бүтүмгө келгенбиз, акча сиз ойлогондой көп эмес. Сеньор Риган деген сараң, ооба, сараң адам. Ошондой болсо да, ниетибиз иш жүзүнө ашса, тең бөлүшөбүз.
Полиция башчысы канагаттануу менен баш ийкеп:
— Алтын эсебинде миң доллар аларсыз? — деп сурады.
— Ошондой болот го деп ойлоймун. Ал ирландык чочко андан кем төлөбөсө кезек; мына ошондо, Френсис чочконун Сан- Антониодо башы алынса албетте — беш жүз доллар сиздики болот.
— Балким, алтын эсебинде жүз миң доллар аларсыз? — деп полиция башчысы суроону уланта берди.
Торрес кызыктуу тамаша кеп уккандай күлүп жиберди.
— Кантсе да миң доллардын өзү болбосо керек,— деди жолдошу тынчсызданып.
— Мүмкүн, марттыгы кармап көбүрөөк төлөп калар,— деп анын сөзүн ырастады Торрес. — Дагы беш жүздөй кошуп бериши да мүмкүн, эгер андай болсо ал акчанын да жарымы сиздики болот.
— Мен азыр эле түрмөгө барам,— деди полиция башчысы. — Сеньор Торрес, мен сизге кандай ишенсем, сиз да мага ошондой ишене бериңиз, жүрүңүз баралы, тайсалдабай, Френсис Морганды тосуп алууга кандай даярданарыбызды өз көзүңүз менен көрүшүңүз үчүн азыр эле чогуу барабыз. Мен курал колдонууну али унута элекмин. Мындан сырткары, үч жандармды Френсисти гана атуусун дайындап коёмун. Демек бул ит гринго түрмөгө чабуул коймокчу болуп жатабы? Кеттик Теаирээк.
Ал ордунан туруп, сигаретин четке чечкиндүү ыргытты. Бирок бөлмөнүн ортосуна жете элегинде бир самтыраган бала жетип келди. Баланын маңдайынан салаа-салаа тер кеткен. Полиция башчысынын жеңинен тартын, демигип араң шыбырады:
— Сизге эң маанилүү жаңылык алып келдим. Урматтуу сеньор, бул жаңылык үчүн акы төлөйсүзбү? Эч жерде токтобой чуркап келдим. .
— Мен сен өңдөнгөн тарптарды кузгундарга жем кылып, Сан-Хуанга жөнөтөм! — деп жооп берди ал.
Бала мындай коркутуудан ийинин куушуруп, бирок өтоачтыгы, абдан кембагалдыгы жана жакында боло турган букалардын' сүзүшүү оюнуна кирүү үчүн бир аз тыйынга ээ болуш үчүн баардык кайратын жыйнап кайталады.
— Бул кабарды биринчи болуп мен жеткиргенимди унутпаңыз, сеньор. Токтоосуз чуркап келдим, демим чыкпай өлүп кала жаздадым. Баарын айтып беремин, сиз чуркап келгенимди, биринчи болуп кабар бергенимди унутпаңыз.
— Мобу айбанды кара! Мейли, унутпаймын. Бирок сен биринчи болуп кабарлаганыңды эстеп калгыдай болсом, өзүңө кыйын болот, ушуну билип кой. Кандай жаңылык Балким аның бир сентавага да татыбаган жаңылыктыр. Эгер татыктуу жаңылык болбосо туулганың үчүн кудайга нааразы болосуң. Ушунчалыкка жеткирем. Сан-Хуан сага бейиш болуп көрүнөт.
— Түрмө...— деп шыбырады бала коркконунан үрөйү учуп. — Кечээ дарга асмакчы болгон гринго түрмө дубалын жардырып жиберди. Кудай ай! Ачылган тешик ушунчалык чоң дейсиз, ал чиркөөдөгү коңгуроонун өзүндөй келет. Берки гринго — мурдагысына окшош, эртең дарга асыла турганы — ошол тешиктен чыгып, аны менен бирге качты. Ал гринго аны тешиктен алып чыгып кетти. Мен өз көзүм менен көрдүм да, ошол замат бул жакка чуркадым, токтоосуз чуркадым, кызматымды унутпаңыз, сеньор....

#30 01 Май 2016 - 22:21
Полиция башчысы анын сөзүн укпастан Торрес жакка кайрылып, ага жек көрүү менен карады.
— Демек, сиздин оюңузча, сеньор Риган бизге убада берген көп акчаны төлөсө кең пейилдик кылган болобу? Жок, ал он эсе көп төлөшү керек: анан калса бул арстандай гринго закон жана тартиптерибизди, ал эмес түрмөбүздүн калың дубалдарын бузуп жатат...
— Бул калп чочулоо, шамал кай жактан согуп жатканын, Френсис Моргандын ниети кандан экендигин көрсөтүүчү түтүн гана,— деди Торрес маанайы суз жылмайып. — Ушуну унутпаңыз, түрмөгө чабуул коюуну мен үйрөткөмүн.
— Андай болсо түрмөнү түзөтүүгө кете турган чыгымдарды сиз менен Риган төлөйсүздөрбү? — деп сурады полиция башчысы, бир аз тыныгуудан кийин сөзүн улады: — Бирок эмнегедир, мындай болушуна ишенбейм. Мындай болушу мүмкүн эмес Мындай кылууга тентек гринго да батына албайт.
Ушул мезгилде эшиктин алдына жандарм Рафаэль пайда болду, анын маңдайындагы жараттан кан агып турду. Ал полиция башчысы менен Торрестин айланасына жыйнала баштаган адамдарды мылтыгынын кундагы менен түрткүлөп, шефинин алдына келди. ,
— Биз талкаландык, — деп сөзүн баштады ал,— түрмө дээрлик кыйрады. Динамит! Жүз пут, балким, миң пут динамит жарылды! Биз түрмөнү сактап калуу үчүн баатырларча кармаштык. Бирок ал түрмө км-жам болуп түштү. Миң ут динамит дегениң тамаша кеп эмес да! Мен эсимен танып жыгылдым, ошондо да колумдагы мылтыкты таштабадым. Анан эсимди жыйып айланамды карадым, айланамда жалаң өлүктөр жатат. Эр жүрөк Педро, баатыр Игнасио баардыгы өлүп жатышат! — Рафаэль алар өлүктөй мас болуп жатат дегенде туурараак болор эле, бирок баардык Латын Америкалыктар сыяктуу ал да кокустан болгон бүлгүндү ашырып, кайгылуу сүрөттөгөндүктөн, анын өзү менен башка жандармдар баатыр болуп көрүндү. Өзүнүн баамында окуя так ушундай болгон эле. — Алар өлүп жатышат. Мүмкүн өлбөгөн чыгар, эсинен танып калгандыр. Мен сойлоп, тиги гринго Моргандын камерасына бардым. Эн ким жок. Дубалда аңырайган коркунучтуу чоң тешик. Ал тешиктен көчөгө чыктым. Карасам топтошкон эл турат. Бирок гринго Моргандын изи да көрүнбөдү Окуя кандайча болгонун өз көзү менен көргөн кандайдыр бир самтырак менен сүйлөштүм. Аларды даяр аттар күтүп турушкан экен. Жээкти көздөй чапкан бойдон кетишиптир. Ал жактан парустуу кеме күтүп турган имиш. Френсис Моргандын атынын ээринде бир мүшөк алтын бар дешет— аны самтырак өз көзү менен көрүптүр. Момундай чоң мешок...
— Тешик-чи, чоңбу? — деп сурады полиция башчысы. — Дубалдын тешигин айтып жатам?
— Мешоктон чоңураак келет, кыйла чоң,— деп жооп берди Рафаэль. — Бирок грингонун мешогу да чоң — тиги самтырак ушундай деди. Мешок Моргандын атынын ээринде байлануу экен.
— Менин түрмөм! — деп кыйкырды полиция башчысы, ал канжарын сууруп, мизинен кармап жогору көтөрдү, сабына зор талант менен оюп жасалган керип салынган Христостун сүрөтү чыныгы крестке окшоп кетти. — Баардык ыйыктардын кусуру урсун, алардан өч албай койбоймун. Оо, менин түрмөм! Биздин адилет сотубуз! Закондорубуз! .. Ат алып келгиле. Жандарм, угуп жатасыңбы, тезирээк ат келтир! — Ал шашыла Торреске бурулуп, ага асыла кетти,— сеньор Риганды шайтан алсын! Мен өз акымды кайтарып алсам болду! Мени мазакташты! Түрмөмдү талкалашты! Менин законумду — биздин законубузду келекелешти, кымбаттуу достор! Ат! Ат алып кел! Жолоочулардын аттарын тартып алгыла! Тезирээк бол! Тезирээк!
Анжеликанын ээси, майя уруусунан чыккан индей аял менен ямайкалык негрдин уулу капитан Трефэзен адамдар толо кайык бул жакка жөнөгөн Сан-Антонио жакка карап, кеменин тар палубасында ары-бери басып, кемени жалдаган бул жин тийген америкалыктан качып кетсемби деп ойлоду. Же келишим кагазын жыртып таштап, үч эсе кымбат акы сурап, жаңы келишим түзсөмбү? Аралаш каны Трефэзенди жайына койбой, карама-каршы ойлорго түртүп жатты: негр каны аны этияттуулукка жана Панама закондоруна баш ийүүгө үндөсө индей каны законду бузуп, чырчатакка үндөйт.
Индейдин каны күчтүүлүк кылды: капитан кливерди24
көтөрүүнү буюрду да, жакындап келаткан кайыктагы адамдарды кемеге чыгарып алуу үчүн жээкти көздөй бурду. Соланолор жана Моргандардын куралданганын көрүп аларды таштап качып кете жаздады. Бирок кайыктагы аялды көрөр замат анын романтикага берилгендиги жана ач көздүгү күтүп турууга жапа адамдарды кемеге чыгарын алууга жетеледи. Себеби ал, эгер эркектердин ишине аялдар аралашса коркунучтун жана акчанын жыты болорун билчү.
Ошентип, кемеде аял, аны менен кошо коркунуч жапа акча: Леонсия, курал— жарактар жана бир мешок алтын пайда болду. Кайыктагылар кемеге кыйналбай тез эле
түшүштү — шамал анчалык катуу согуп турбагандыктан капитан кемесин токтотууга күч көрсөткөн да жок.
— Сэр, сизди «Анжеликада» көргөнүмө өтө кубанам,— деди капитан Трефэзен жылмайып, Френсис менен саламдашып. — Бул ким? — деп сурады ал Генриге башын ийкеп.
— Капитан, бул менин досум, коногум жана ал гана эмес тууганым да.
— Сэр, бир нерсе суроого уруксат этиңиз, тиги жээкте шашылыш чапкылап келаткан жентльмендер кимдер?
Френсис кумдуу жээкте текирең— таскактатып келаткан атчандарды көрүп, капитандын колунан дүрбүсүн сурабастан жулуп алды да, жээкти карады.
— Аттуулардын алдында шеф өзү келатат,— деди Леонсия менен анын туугандарына карап,—анын артында жандармдар. — Капысынан ал таңданган үн чыгарды, анан жээкти дүрбүсү менен узак карап, акырын баш чайкады: — Алардын арасынан досубуз Торрести көргөндөй болдум.
— Кимди? Душмандарыбыздын арасынанбы? — Леонсия уккан кулагына өзү ишенбей, кыйкырып жиберди. Ал бүгүн эртең менен эле верандада Торрес ага жүрөгүн чаап, кызматына даяр экендигин айтканын эстеди.
— Мен жаңылган окшоймун,— деди Френсис,— алар топтолуп алышты, ажыратуу кыйын болуп жатат. Бирок атчандардын алдында келаткан шефти даана көрдүм.
— Торрес өзү кандай адам? — деп сурады Генри кескин, — Биринчи жолу көргөнүмдө эле мага жаккан эмес, сиздердикинде болсо, Леонсия, аны дайыма ачык маанай күтүп алат.
— Мени кечириңиздер, сэр, мени кечириңиз,— деп капитан Трефэзен алардын сөзүн акырын бөлдү,— суроомду кичи пейилдүүлүк жана урмат менен кайталоого уруксат этиңиз, сэр, жээгин чапкылап жүргөн кишилер кимдер? Алар кандай адамдар?
— Алар кечээ мени аз жерден дарга асып коё жаздашты,— деп Френсис каткырып жиберди. — Эртең болсо менин бул тууганымды асышмак. Бирок биз аларды алдап кеттик. Көрүп турганыңыздай, мына алдыңызда сопсоо турабыз. Эми, мистер шкипер25, парустарыбыз салаңдап, асылып калганына көңүл бурушуңузду сурайм. Биз ордубуздан жылбай жатабыз. Бул жерде дагы канчага сороюп турмакчысыз?
— Мистер Морган, сэр,— деген жооп угулду,— мен сизге, кемемди жалдаган кишиге, терең урмат менен кызмат кыламын Бирок мен Британия гражданы экендигимди айтып коёюн. Король Георг26— менин королум, мен оболу ага жана чет элдин сууларында сүзүш тууралуу ал чыгарган законго баш ием, сэр. Мага ушул нерсе ачык болду, сиз мен жээгине келтирип койгон мамлекеттин законун бузуптурсуз, болбосо тигинтип тартип сактоочулар сиздин артыңыздан мынчалык сая түшпөс эле. Мындан сырткары, мен деңиз закондорун бузуп, качыш үчүн сизге жардам беришимди каалап жатканыңыз да белгилүү. Бирок ар-намысым менден, чамасы жээкте пайда болгон арзыбаган ыйкы-тыйкынын баардыгы калыбына келмейинче, ошондой эле менин закондуу королумдун кызыкчылыгына чечилмейинче ушул жерден кыймылдабай турушумду талап этип жатат, сэр.
— Шкипер, парустарды көтөрүп, деңизге чык! — деп Генри анын сөзүн ачуулу бөлдү.

#31 01 Май 2016 - 22:22
— Үмүтүм бар, сэр, сиз ырайымдуулук менен мени кечирээрсиз,
бирок өкүнүү менен сизге эки нерсени айтып коёюн. Биринчиден,
кемени жалдаган киши сиз эмессиз; экинчиден, мен чын жүрөктөн кызмат кылууга ант берген жалындуу король Георг да сиз эмессиз.
— Сенин кемеңди мен жалдаганмын го, шкипер,— метис менен мамиле кылуунун жолун билип калган Френсис жумшак көңүлдүүлүк менен кепке кошулду. — Кичи пейилдик кылып, штурвалды кармап, бизди Чирикви көлүнөн алып чык, кудай тилегиңди берсин, тезирээк бол, антпесең шамал басылгансып баратат.
— Бирок, сэр, келишимде «Анжелика» Панама менен король Георгдун закондорун бузсун деген эреже жок.
— Мен сага акыны көп төлөймүн,— деп Френсис чыдамсыздана убада берди. — Кана эмесе.
— Андай болсо, сэр, мени менен үч эсе кымбат келишим түзүүгө макулсузбу?
Френсис баш ийкеп макулдугун билгизди.
— Анда бир минут сабыр кылыңыз, мен азыр каютадан кагаз— калем алып келемин, келишимди документтештирип коёлу.
— Оо кудай! — Френсис онтоп жиберди. — Бурулуп бир аз ордуңдан кыймылдасаңчы. Бул кагазды сүзүп баратып да толтурсак болот го, сөзсүз токтоп турганда жазуу керек эмес да. Карачы! Алар атып жатышат!
Метис капитан тарсылдап атылып жаткан октун үнүн угуп, жайылган паруска карады да, грот— мачтанын эң бийик жеринен ок тешип кеткенин көрдү.
— Жакшы болот, сэр,— деп макул болду ал. — Сиз убадаңызды аткара турган жентльмен адамсыз. Мен сөзүңүзгө ишенемин жана мүмкүнчүлүк болору менен эле документке кол коёбуз деп үмүттөнөм. ...Эй ынды кара негр! Штурвалды карма! Рулду карма! Тез болгула, кара шайтандар, чоң парусту башкаргыла. Персиваль, сен тиги жерге жардам бер.
Команда тез эле кыймылга келди. Ар дайым күлүп жүрүүчү негр Персиваль менен дагы бири — денесинин сарылыгынан манжалары кыздардыкы сыяктуу ичке жана назиктигинен жарымы индей жарымы исиан — метис экендиги көрүнүп турган Хуан деген жигит парусту башкарууга шашылды.
— Дагы бир оройлук кылса бул ынды караны төбөгө сал,— деп күңкүлдөдү Генри Френсиске карап. — Же болбосо мага тапшыр, аны тез эле молдо кылып коём.
Френсис башын чайкады.
— Ал жакшы жигит, бирок ямайкалык негрлерден болот, сен билесиңби, алар кандай адамдар. Анын үстүнө анда индейдин каны да бар. Жакшысы аны менен тил табышыш керек. Оюнда эч кандай арамдыгы жок — болгону ал көбүрөөк акча. иштеп табууну ойлоп жатат: анткени ал кемесин тобокелге салып жатат, шхунаны конфискациялап жибериши мүмкүн. Анын үстүнө ал өзүн акылманмын деп билет. Ар түрдүү акылмандуусунган түшүнүксүз сөздөрдү айтып турушпаса жарылып өлүшөт.
Ушул минутада алардын алдына Энрико Солано келди, анын мурду дердеңдеп, манжалары сабырсыздык менен мылтыгынын кундагын черткилеп, көздөрү болсо ок тартипсиз атылып жаткан жээкке кадалган болчу.
— Сеньор Морган, сиздин алдыңызда күнөөлүүмүн, — деди ал колун Генриге узатып. — Сүйүктүү иним Альфаронун өлүмүнөн кийин өзүмдү ушунчалык жоготуп коюптурмун, мойнума аламын, эң алгачкы убактарда аны сиз өлтүргөн деп ойлоп жүрдүм. — Кексе Энриконун көздөрүнөн учкун чачырады. — Кандайдыр бир суу жүрөк караңгыда артынан келип сайып өлтүргөн. Эмнеге ошондо тез оюма келбеди! Мен ушунчалык кайгыга баткан элем, анын үстүнө бардык далилдер сизге каршы эле. Жападан— жалгыз сүйүктүү кызым сизге байланып калганын да унутуп калыптырмын, сиздей түз сүйлөгөн, адептүү, баатыр, эр көкүрөк киши караңгыда артынан бычак саюуга барбастыгы жөнүндө ойлоп да койбоптурмун. Кетирген кемчилигиме өкүнөмүн. Мени кечирип коюңуз, суранам. Кызым Леонсиянын болочок күйөөсү катары сизди өз үй- бүлөбүзгө сыймыктанып кабыл алуу менен бактылуумун.
Генри Морганды соланолор үй- бүлөсүнө чын жүрөктөн кабыл алып жатканда, Леонсиянын кыжыры келип ойлоду: бир ооз сөз, колду бекем кысуу жана бири-бирине ачык жүз менен кароо жетиштүү боло турган мезгилде атасы эмнеге латын америкалыктардын адатынча көп сөз сүйлөп балдырады? Атасынын ордунда Генри же Френсис болгондо, алар так ушинтишмек Эмнеге, эмне үчүн анын испандык тукумдары тиги ямайкалык негрге окшоп ыгы жок кооздолгоп көп сөздү жактырышат.
Френсис болсо өзүн бардык күчү менен, б бул окуялар кызыктырбаган сыяктуу кармады; ошого карабай ал Хуан деген кер сары матрос башка матростор менен бир маанилүү нерсе тууралуу шыбырашып, колун шилтеп, далысын куушуруп жатканын байкап калды.

#32 01 Май 2016 - 22:24
Ж Е Т И Н Ч И Г Л А В А
— Мына эми, эки гринго— чочколорду тең колдон чыгарып жибердик,— деп күйүнө кыйкырды Альварес Торрес, «Анжелика» парустарын жайып алыстап баратканын жана жээктен атылган ок болжогон жерге тийбегенин көргөндөн кийин.
— Аларды жүз ярд жакындыктан көрсөм сыйынуучу жерге үч коңгуроого жете турган акча кудайы айтат элем,— деди Мариано Верхара- и-Ихос. — Эх, менин колумда бийлик болгондочу, бардык гринголорду тиги дүйнөгө бир заматта жөнөтөт болчумун, ал тозокто шайтан да англис тилин үйрөнүүгө аргасыз болор эле.
Альварес Торрес ызаланганынан буулугуп, пайдасыз ачуулануу менен ээрдин кашын бир нече жолу муштагылады.
— Менин таттуу кыялымдын кожоюну! — деп кыйкырды ал ыйламсырап. — Кетип калды, эки Морган менен кайын болду. Кемеге чыгып баратканын өз көзүм менен көрдүм. Эми Риганга эмне дейм? Кеме Чирикви булуңунан чыгып алса, түз эле Нью-Йоркко барышы мүмкүн. Мына ошондо Френсис чочко бир ай да жүрбөгөн болот, эми сеньор Риган бизге акы төлөбөйт.
— Алар Чирикви булуңунан чыгып кете алышпайт,— деди полиция башчысы кабагын түйүп. — Эмне, мен мээси жок эшекминби? Жок, мен адаммын. Ал жерден чыгып кете албастыгын баамдап турамын Өмурумдүн акырына чейин өч алууга касам ичкеи мен элем го. Күндүн батышына караганда түнкүсүн шамал болбойт. Муну асманга карап тез эле билип алса болот. Көрүп турасызбы тарам-тарам булуттарды. Шамал азыр күчөгөнү менен анчалык күчтүү болбойт. Түндүк- чыгыш жактан болот. Демек, шамал аларды туура Чорреро кысыгына айдайт. Алар кысыктан өтүүгө эч качан батына алышпайт. Тээтиги ынды кара капитан булуңду беш колундай жакшы билет. Ал айланып Бокас-дель-Торо, же Картахо кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылат. Ошол себептүү биз аны алдайбыз. Менин да кээ бир нерселерге акылым жетет. Акылым жеткенде да кандай! Кулак салгыла. Бизге ат менен узак жүрүүгө туура келет. Жээк бойлоп Лас-Пальмаска чейин барабыз. Ал жерде болсо азыр Розаро өзүнүн «Долореси» менен турат.
— Кайсы, жанагы араң бурула турган, начар эски кемени айтасызбы? — деп сурады Торрес.
— Ошондой дечи, бирок түнкүсү шамал болбойт, эртең болбойт. Ошол буксир кеме менен «Анжеликаны» колго түшүрөбүз,—деп полиция башчысы аны тынчтандырды. — Алга, достор! Кеттик! Капитан Розаро менин досум. Мен эмне десем ал жок дебейт.
Таңга жуук абдан чарчаган кишилер чаалыккан аттары менен Лас-Пальмас деген кароосуз калган айылдан өтүп, көздөгөн жерге жетип келишти. Бул жерде сырткы түрү кароосуз калып эскирип бүткөн чоң кеме турган. Алардын көзүнө кеме эң жакшы, накай болуп көрүндү. Морунан түтүн бурап, кеме жолго чыгууга даяр турган экен, муну көрүп полиция башчысы чарчаганына карабай, сүйүнүп кетти.
— Кутмандуу таңың менен, сеньор Розаро! Сизди көргөнүмө кубанычтамын! — деп полиция башчысы түрүлгөн аркандын үстүнө жамбаштап жатып алып, кара кофе ичип жаткан карт деңиз карышкыры испан— шкипер менен саламдашты. Капитан ууртташ үчүн кружканы оозуна алып келгенде, калтыраганынан тиши кружкага тийип, шакылдап турду.
— Бул каргыш тийген безгек жанымды сууруп алып жатканда, менде кандайча кутмандуу таң болсун,—деп капитан Розаро ачуулана кабагын салып күңкүлдөдү; анын колдору, денеси ушунчалык титиреди дейсиң, кофе оозуна төгүлбөй эле ээгинен төгүлүп, ачык жакасы ылдый жүндүү көкүрөгүнө тамчылай баштады... — Нары алсаңчы муну, айбан! —деп бакырып колундагы кружкасын ичиндеги кофеси менен кошо метис балага ыргытты. Сыягы кызматкери болгон бул бала, күлкүсүн токтотууга канчалык аракеттенсе да болбоду.
— Күн чыккандан кийин безгегиңиз басылат,— деди сыпайылык менен полиция башчысы, өзүн капитандын көңүлү чөгүңкү экенин байкабаганга алып. — Бул жердеги иштериңиз бүтүп, Бокас-дель-Торого кетип бараткансыз го, биз да сиз менен бирге барат окшойбуз, бир кызык окуя болот го деп турабыз. Штилдин айынан түндө булуңдан чыгып кете албаган «Анжеликаны» колго түшүрүп, бир топ адамды камакка аламын, капитан, сиздин баатырлыгыңыз, иш билгилигиңиз бүткүл Панамага даңазаланат, натыйжада, безгек азабы да эсиңизден чыгып кетет.
— Канча! — Капитан Розаро туурасын сурады.
— Канча дейсизби? — Капитандын суроосуна таңданын полиция башчысы кайталады. — Кымбаттуу досум, бул өкүмөт иши го? Анын үстүнө сиз баары бир Бокас-дель-Торого кетип баратасыз. Биз кемеге түшкөнүбүз үчүн бир күрөк да ашыкча көмүр сарпталбайт.
— Muchacho!27 Дагы кофе! — деп кыйкырды шкипер балага карап.
Ортодо тынчтык өкүм сүрдү. Торрес, полиция башчысы жана бардык чарчаган жолдоштору бала алып келген ысык кофеге ач көздүк менен карап калышты. Розаронун тиштери кружканы такылдатып жатты, ошого карабай, оозу , күйсө да, ал кофени төкпөстөн ууртады.
«Механик» деген сөз жазылган майланышкан фуражка жапа кир комбинзон кийген бир швед люктан чыгып, капжа түтөттү да, кеменин бортуна отуруп алып, ойго батып кетти.
— Ошентип, канча? —Капитан Розаро кайта сурады.
— Кымбаттуу досум, азыр жолго чыгалы,— деди полиция башчысы,— анан, безгегиң токтогондон кийин өзүбүзчө шашылбай сүйлөшүп алабыз, анткени биз айбан эмес, акылдуу жандыкпыз го.
— Канча? — деп кайра сурады капитан Розаро. — Кечириңиз, мен айбан эмесмин. Күн чыкканда да, баткандан кийин да, ал гана эмес мына бул каргыш тийген безгек калтыратып турганда да эс-акылым жайында болот. Ошентип, канча?
— Мейли, жолго чыга бериңиз. А өзүңүз канчаны каалайсыз? — Полиция башчысы чаалыккан түр менен баш ийип сурады.
— Алтын эсебиндеги акча менен элүү доллар! — деди ошол замат капитан
— Баары бир сиз ошол жакка кетип баратасыз, ушундай эмеспи, капитан? — деп жумшак гана сурады Торрес.
— Мен айттым го, алтын эсебинде элүү доллар деп.
Полиция башчысы кетмекчи болгон кишиче артына кайрылды.
— Түрмөңүздү талкалаганы үчүн өмүрүңүздүн акырына чейин өч алууга ант бербедиңиз беле,— деп эскертти Торрес.
— Чөнтөгүмдөн элүү доллар төлөп өч алам деген эмесмин,— деди полиция башчысы эпке келер бекен деп, безгектен калтырап турган капитанга көзүнүн кыйыгын салып.
— Алтын эсебинде элүү доллар,— деди капитан кофени ичип болуп, калтыраган колдору менен сигарета ороп жатып. Анан швед жакка карап баш ийкеп, мындай деди: — Анан дагы механигиме алтын акча менен беш доллар. Бизде салт ушундай.
Торрес полиция башчысына жакын келип шыбырады:
— Кеме үчүн мен төлөймүн, гринго Ригандан болсо кошумча жүз доллар аламын, калганын экөөбүз бөлүшөбүз. Ошентип, зыян тартпай калабыз. Тескерисинче пайда болот. Риган мага чыгымынан качпа деген.

#33 01 Май 2016 - 22:26
Күн горизонттон көтөрүлүп, айлананы нурга бөлөп калган кезде, жандармдардын бири алдан тайган аттарды жетелеп, Лас-Пальмастан кайтып кетти, калгандары кемеге түшүштү: швед механик машина бөлүмүнө түшүп кетти, күндүн нуру тийип, безгектен кутулган капитан Резаро матросторго якорду көтөрттүрдү,
бирөөнө компастын алдына барып, рубкага турууну дайындады.
Таң атканда «Анжелика» дагы эле жээктен узап кеткен жок; ал түнү бою шамал болбогондуктан деңизге чыга албады. Ошого карабай, агым менен сүзүп олтуруп, Сан-Антонио менен Бокас- дель-Торого жана Картахо кысыгынын ортосуна барып калган болчу. Ачык деңизге алып чыгуучу бул эки кысык менен «Анжеликанын» аралыгы да жыйырма беш милче бар. Шхуна булуңдун күзгүдөй жалтылдаган суусунда тынч уктап жаткандай. Тропиктин ысык, демди кыскан түнү баарың палубага чыгууга аргасыз кылды, палубада адамдар уктап жатышат, Леонсия капитандын каютасынын үстүндө жатты. Анын атасы менен агалары каютанын эки жагындагы тар коридорго жайгашкан. Шхунанын баш жагында капитандын каютасы менен башкаруучунун рубкасынын ортосунда эки Морган катар жатышат. Френсистин колу Генрини коргогондой, анын далысына артылып калган. Штурвалдын бир жагында метис капитан тизесин кучактап, колуна башын койгон калыбында уктап калган, штурвалдын экинчи жагында, так эле ушундай калыпта рулду башкаруучу — Кингстондук капкара негр Персивалдын жалгыз өзү коңурукту кош тартып уктап жатат. Вахтада турган күзөтчү шхунанын алды жагында, кичинекей полубактын үстүндө бетин басып, колун башына жаздап уктап жатса, матростор шкафутта башаламан жатышат.
Биринчи болуп Леонсия ойгонду. Алдына төшөп жаткан плащынын өңүрүн чыканактай жер таянып турду да, төмөн карап, полубада катар уктап жаткан Френсис менен Генрини көрдү. Кыздын алардын экөөнө тең көңүлү бар эле,. анан калса алар абдан окшош болчу; ал Генрини сүйөт, аны Генри кандай өпкөнүн эстеди, аны ойлогондо дене бою калтырап кетти; ал Френсисти да сүйөт, анын өпкөнүн эстеп кызарып кетти. Жүрөгүнөн бир эле учурда эки кишинин махабаты жай алганына ал өзү да таң калды. Ал өз сезиминин кандайлыгын жакшы өздөштүргөн, Генринин артынан дүйнөнүн бир четине барууга, Френсистин артынан андан да ыраакка барууга даярдыгын билет. Ал өзүнүн жеңил ойлуулугунан, же болбосо бир учурда эки кишиге көңүл койгонуна азаптанды!
Леонсия өзүн коркутуп жаткан ойлордон кутулуш үчүн колун сунуп, шарфынын учу менен Френсистин мурдун кытыгылай баштады; жигит толгонду, чиркей коругандай колун кыймылдатты да, уйку аралаш Генрини көкүрөккө бир муштады. Ошентип Генри мурда ойгонуп кетти. Ал ордунан шап туруп отурду да, Френсисти да ойготту.
— Кутмандуу таңың менен, куунак тууганым,—деп Френсис аны менен саламдашты. — Эмнеге мынчалык шоктонуп жатасың?
— Кутмандуу таңың менен, досум,— деди Генри,—деги кимибиз шоктонуп жатабыз? Мени бир муштап ойготуп жиберген сенсиң да. Уйкусурап жатып, желдет келип калдыбы деп ойлодум — анткени бүгүн эртең менен Мени дарга асышмакчы эле да. — Ал уйкусу келип эстеп, керилди да, бейпил жаткан деңизге карады. Ал Френсисти түртүп, уктап жаткан капитан менен рулду башкаруучуну көрсөттү.
«Бул Моргандар кандай сулуу эркектер»,— деп ойлоду Леонсия жана бул сөздү кыялында испанча эмес, англисче айтканын ошол замат ойлоп таң калды. Кантип эле ушул экөө жүрөгүн бийлеп алганы үчүн өз эне тилинде эмес, алардын тилинде ойлоп жаткан болсун?
Мындай чаташкан ойлорду мээсинен кууш үчүн ал кайрадан шарфы менен Френсистин мурдун кытыгылай баштады, бирок бул жолу колго түшүп калды: кыз күлүп, алардын капысынан ойгонуп кетишине себепчи болгонун айтып берди.
Леонсия үч сааттан кийин, жемиштер жана кофе менен тамактанып алып, руль алдына келди, Френсис кемени башкарууну, жолду компаска карап кандай белгилөөнү кызга түшүндүрө баштады. «Анжелика» түндүк жактан согуп турган шамалга баш ийип, саатына алты узел тездик менен сүзүп баратты. Генри шхупанын шамал согуп жаткан тарабына туруп алып, дүрбү менен горизонтту кунт коюп карап, устаты менен окуучусу канчалык берилип кетишкенине көңүл бурбоого аракеттенди, өзү болсо Леонсияга руль менен компасты пайдаланууну үйрөтүүнү алдын ала ойлобогонуна катуу өкүндү. Ошого карабай, ал өзүн токтотуп, аларга кароо тыякта турсун, көз кыйыгын да салган жок.
Бирок индейлер сыяктуу ырайымсыз сонуркоочулугу жана корол Георгдун кулу болгон негр сыяктуу уятсыздыгы менен айырмаланган капитан Трефэзен анча адептүүлөрдөн эмес болчу. Анын эки көзү жаштарда эле. Ошол себептүү өзүнүн кемесин жалдаган америкалык менен сулуу испан кызынын бири-бирине болгон ышкысын баамдабай коё албады. Алар катар турушуп, нактоуздан караш үчүн штурвал үстүнөн эңкейишкенде Леонсиянын чачынын учу Френсистин бетине тийип кетти; ошол замат алар өздөрүн ток ургандай сезишти. Метис капитан да муну байкады. Бирок алар метис капитан байкабаган нерсени да сезишип, андан экөө тең уялып кетишти. Бири- бирине таңдана карап, көздөрүн уялыңкы ала качышты. Френсис компастын картушкасы кандай иштеши жөнүндө палубанын аркы четине угулгудай даражада катуу жана тез түшүндүрө баштады. Капитан Трефэзен анын сөздөрүн угуп, мыйыгынан күлүп койду.
Шамал күчөп, Френсис штурвалды кармоого мажбур болду. Штрувалды Леонсия да кармап турган болчу. Френсис анын колунун үстүнөн кармоодон башка арга таба албады. Алар дагы ыңгайсыз абалда калышты, капитан кайра жылмайып койду.
Леонсия Френсиске карады да, уялган түрдө жер тиктеди. Ал колун чыгарып алып, сабак бүттү дегендей штурвалдан жайбаракат оолактай баштады жана бүт жүрүш турушу: эми руль менен компаска кызыкпай калдым дегенди билдиргенсиди. Френсис дабдырап калды: мындай кылуу адепсиздик, ыплас экенин ойлоп, каптал жагында турган Генриге эрксизден карап, болгон окуяны анын көрбөй калышын тиледи. Бул убакта Леонсия манжасындагы Генри берген шакекти ойлуу тегеретип, эч нерсе көрбөсө да, дарак менен капталган жээкти карап турду.
Бирок Генри кокусунан баарын көрүп калган эле: ал так ошол маалда горизонтто кандайдыр бир түтүн пайда болгонун айтыш үчүн аларга кайрылган болчу. Аны метис капитан да байкады. Ал Генриге жакындап, индейлерге тиешелүү ырайымсыздык жана негрлерге тиешелүү осолдук менен шыбырады:
— Көңүлүңүз чөкпөсүн, сэр. Сеньорита боорукер, анын жүрөгүнөн экөөңүздөр үчүн орун табылат: анткени силер асылзат жентльменсиздер да.
Ошол замат эзелтен бери айтылып келаткан сөздүн чындыгына көзү жетти: ак түстүүлөр өздөрүнүн ишине кийлигишкендерди жактырышпайт экен; капитан эсине келгенде чалкасынан жатканын байкады, анын башы палубага катуу тийгендиктен кара кушу аябай ооруду, маңдайы болсо, Генринин таштай катуу муштуму тийгендиктен, зыркырап ооруп жатты.

#34 01 Май 2016 - 22:27
Ошондон кийин гана капитандын индей каны кайнап кетти: ал ачуусу келип, ордунан ыргып турду, анын колунда бычактын мизи жалтырады. Керсары Хуан заматта анын катарына* келип турду, анын колунда да бычак бар эле. Жакын турган бир— эки матрос да чуркап келип, Генрини тегеректеп,
кысымга ала баштады; бирок Генри өтө шамдагайлык менен кеменин бортуна секирип, колу менен бир уруп темир тутканы чыгарып алды да, жерге түшүрбөй кармап, өзүн коргоого камынды. Аны көргөн Френсис штурвалды таштап жиберип, автомат— тапанчасын алып чыгып, Генринин жайына чуркап келди.
— Эмне деди ал? — деп сурады Френсис тууганынан.
— Эмне дегенимди кайталап беремин,— деди капитан коркутмакчы болуп, азыр анда негр каны үстөмдүк кылып турду: ал азыр чагымчылык менен болсо да жаңжалды бүтүрмөкчү болду. — Мен ага...
— Токто, капитан! — деп Генри кыйкырды. — Сага кол көтөргөнүмө өзүм өкүнүп жатам. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын. Тилиңди тый. Унут муну. Сени урганыма өзүм өкүнүп жатам. Мен... — Генри эрксизден токтоп калды, ал кайра сөзүн улоого аракет кылды, бирок үнү буулуп, чыккан жок. Себеби Леонсия катарында, анын сөздөрүн угуп турган эле: — Мен... мен сизден кечирим сураймын, капитан.
— Сиз мени мазактадыңыз, — деди капитан Трефэзен ачуусу менен. — Сиз мени уруп жибердиңиз! Кудай жалгаган король Георгдун кол астындагы кишини урууга эч кимдин акысы жок, эгер урса акча төлөп астына түшөт.
Генри анын одоно кылыгын, ачыктан-ачык талабын угуп, аз жерден дагы кол салбай калды. Бирок Френсис аны токтотуп калды. Генри сабыр кылып, жайдары күлкүгө окшогон үн чыгарды да, чөнтөгүнөн ар бири он доллар болгон эки тыйын чыгарып, ал алтын тыйындар колун күйгүзүп бараткандай, шашылып капитан Трефэзендин колуна кармата салды.
— Жеңил кутулдуң,—деп шыбырады Генри дагы эле өзүн кармай албай.
— Эчтеке эмес. Баасы оңой болгон жок,— деп ишендирди капитан. — Баш жарылган үчүн төлөнгөн жыйырма доллар ага арзыйт. Мага буйрук бере бериңиз, кызматыңызга даярмын. Сиз чыныгы жентльменсиз. Мындай акча үчүн каалаган убактыңызда кулак түпкө бере берсеңиз болот.
— Мени да, сэр, мени дагы! — деп кингстандык негр Персиваль жагымдуу жылмайып, сөзгө аралашты. — Мындай акча үчүн мени каалаган учуруңузда сабай бериңиз. Артык акчаңыз болсо дайыма сабай бериңиз...
Окуя ушинтип жыйынтыкталды, себеби ошол мезгилде күзөтчү матростун үнү угулуп калды:
— Түтүн! Артыбыздан кеме келатат!
Бир сааттан кийин бул кандай түтүн жана сөз эмне жөнүндө экендиги баарына түшүнүктүү болду, себеби «Долорестин» кайрадан штилге түшүп калган «Анжеликаны» кууп жетиши кеп эмес болчу. Эми жетектөөчү кемеден жарым милче аралыкта туруп, дүрбү аркылуу кемедеги куралдуу кишилерге толгон алдыңкы палубаны көрүүгө мүмкүн эле. Генри менен Френсис алардын арасындагы полиция башчысын жапа бир нече жандармдарды дароо таанышты.
Энрико Солано чалдын таноолору дердеңдеп кетти, ал төрт баласын шхунанын куйругуна катар тизип, өзү да алардын катарында туруп, согушууга даярданып калды. Генриге жана Френсиске сүйүүсү менен өзүнчө алектенип жаткан Леонсия сыр билдирбөө үчүн эски кеменин үстүндө эл катары күлүп турду жана капысынан шамалдын болгонуна кубанды. Күтүлбөгөн жерден соккон шамалдын эпкини «Анжеликаны» сол жакка оодарып жибергендиктен, кеменин чети сууга тиер-тийбес болуп, анан түзөлдү да, тогуз узел ылдамдыкта сүзүп кетти.
Бирок бул күнү аба ырайы, шамал да бат-бат өзгөрүп турду. Суу бетин бирде шамалдан пайда болгон толкун каптаса, бирде айнек сыяктуу тептегиз боло калып жатты.
— Сэр, өтө өкүнүү менен сизге маалым кылам, сэр, алардан качып кутула албайбыз,— деди капитан Трефэзен Френсиске. — Шамал болуп турганда тез сүзүп кетет элек. Тилекке каршы, шамалдын багыты бат-бат өзгөрүп, ал эмес токтоп калып жатпайбы. Шамал бизди түз эле жээкке алып баратат, сэр; биз туюкка капталдык, эми чыгып кете албайбыз.
Жээкти карап жаткан Генри дүрбүнү көзүнөн алып, Френсиске бурулду.
— Кана, тез айт! — деп кыйкырды Френсис. — Бир нерсени ойлоп тапканың өңүңдөн көрүнүп турат. Кандай планың бар? Айта бер.
— Тээтиги жерде Жолборс аттуу эки кичинекей арал бар,— деп Генри өзүнүн оюн айта баштады. — Алар Хучитан булуңун тегерете жайгашкан. Мага ишене бер, ал Жолборс аралдарынын тиши чыныгы жолборстордукунан калышпайт. Аралдардын өйүз-бүйүзү. ушунчалык тайыз, кайыктар дээрлик тирелип калат. Сууну жакшы билген адам гана өтө алат. А мен аны жакшы билемин Туура, аралдардын арасындагы кысыктын чуцкурлугу канааттандырарлык, бирок ал ушунчалык тар болгондуктан бурулууга болбойт. Шамал кеменин арттан, же болбосо траверзден28 жүрүп турса гана шхуна кысыктан өтүшү мүмкүн. Азырынча шамал биз үчүн ыңгайлуу болуп турат, ошондуктан биз кысыктан өтүп кетебиз. Бирок бул менин түзгөн планымдын жарымы гана...
— Эгер шамалдын жүрүшү өзгөрсө, же токтоп калса, сэр, кооз шхуна аскага урунуп талкаланат, ошондой эле, бул жерде суунун көтөрүлүшү жана төмөндөшүнөн кээде үйдөй толкундар пайда болот,— деп капитан Трефэзен нааразы боло сүйлөдү.
— Эгер шхуна бир балакетке жолукса, акчасын мен төлөймүн,— деп Френсис тактап ишендирди да, ага ашыкча көңүл бурбай, Генриге кайрылды. — Ии, планыңдын экинчи жарымынын жыйынтыгы кандай?
— Сага айтуудан уяламын,—деп Генри күлдү. — Бирок бул испан тилинде ушунчалык каргыштарды туудурат дегин, кары Морган Сан- Антонио менен Бокас-дель-Торону тоноп алгандан бери Чирикви булуңу мындай паалаттарды уга элек болсо керек. Муну азыр көрөсүң.
Леонсиянын көзү жанып, кол чаап кыйкырып жиберди.
— Абдан сонун нерсе ойлогон көрүнөсүз, Генри. Бул өңүңүздөн эле байкалып турат. Жок дегенде мага айтсаңыз.

#35 01 Май 2016 - 22:29
Генри Леонсияны бир четке алып чыкты, палуба кыйшайып тургандыктан анын белинен сүйөп, кулагына бир нерселерди шыбырады. Френсис муну байкап, көрмөксөнгө салып, дүрбү менен душман жакты карады. Капитан Трефэзен жылмайып, керсары матрос менен маанилүү тиктешкендей болду.
— Кеп мында, шкипер,—деди Генри анын алдына келип. — Азыр биз Жолборс аралынын кире беришинде турабыз. Штурвалды карма да, туура кысыкка айда. Мындан тышкары мага жарым дюйм эски жумшак зым алып "келишсин, көбүрөөк аркан, парустун жибинен, амбардагы пиво турган ящикти, кофе идишин, кечээ ичиндеги акыркы тамчы керосинди төгүп таштаган беш галлондук бидонду да алып келишсин.
— Бирок өтө кайгыруу менен белгилеймин, сэр, аркан бир тон акча болот,— деди капитан Трефэзен Генри алып келинген нерселерден бир нерсе жасап жатканын көрүп.
— Акысын төлөйбүз,— деп Френсис аны тынчтандырды.
— Кофе идиши да дээрлик жаңы.
— Аны да төлөйбүз.
Капитан күрсүнүп баш ийди, бирок Генри пиволуу бөтөлкөлөрдүн оозун ачып, пиволорун жерге төгө баштаганда дагы күрсүндү.
— Сизден суранам, сэр,— деп чыйпыйы чыгып жалынып жиберди Персиваль,— ушул пивону төгүш эле зарыл болсо, менин кулкунума төгүңүз.
Матростор кымбат ичимдикти талашып ичишип бир аздан кийин Генринин алдына бош бөтөлкөлөрдү коюшту. Ал кайрадан бөтөлкөлөрдүн оозун бекемдеп, аралыгын беш фут кылып арканга байлай берди. Анан аркандан узундугу эки саржандан кылып бир нечени кести да, бөтөлкөлөрдүн арасына байлады. Кофе идишин жана башка банкаларды да байлады. Генри аркандын бир учуна керосинден бошогон бидондорду, экинчи учуна пиво ящигин байлады да, бул иштерин бүтүрүп, Френсиске карады.
— Эмне кылмакчы болгонуңду беш минут мурда түшүнгөмүн, — деп Френсис күлдү. — Жолборс кысыгы тар көрүнөт, болбосо жетекчи кеме капканыңды айланып өтүп кетер эле.
— Кысыктын аралыгы так ушунча,— деген жооп угулду. — Тайыз жерлеринин арасы кырк фут да келбейт. Капитан өзүнүн кемесин капкандын жанына бурса, кумга тыгылып калат. Андай болсо кемедеги кишилер суу кечип жээке чыгып алышы мүмкүн. Эми бул капканды кеменин арт жагына алып барып, сууга таштоого даяр туруш керек. Сен оң жакта тур, мен сол жакта турамын, «үч» дээрим менен ящикти мүмкүн болушунча алысыраак ыргытууга аракеттен.
Шамал өтө азайып кеткен болсо да «Анжелика» беш узел тездикте баратты, бирок алты узел тездик менен сүзө турган «Долорес» акырындык менен жакындай баштады. «Долорестеги» мылтыктар тилге киргенден кийин, капитан, Генри менен Френсистин жетекчилигиндеги шхунанын артына картошка, пыяз толо мешоктор, эски парустар жана аркан өрүмдөрүнөн бийик эмес баррикада жасалды. Рулду башкаруучу мына ушул тосмонун артында ийилип алып, шхунаны башкарып баратты. Леонсия ылдый түшүүдөн баш тартып, атышуу кызыгандан кийин туугандарынын зордоосу менен каютанын артына жашырынды. Матростор булуң— бурчтарга жашырынып алышты. Солано чал жана анын балдары болсо арт жакка жатып алып, кемеге ок жаадырып жатышты.
Генри менен Френсис өз жайларын ээлеп, «Анжеликанын» эң тар жерге жетишин күтүп, алар да ок атышууга катышышты.
— Менин куттуктоомду кабыл алыңыз, сэр,— деди капитан Трефэзен Френсиске. Андагы негр каны палубага тынч жатып алууга мажбурласа, индей канынын таасири менен кээде башын көтөрүп коёт. — Кемени капитан Розаро өзү башкарып келаткан. Азыр ал бир секиргенсиди да, колун кармап калды. Анын колун теше атканыңызга ишенсе болот. Сэр, капитан Розаро адаттан кызуу кандуу адам! Анын сөгүнүп жатканын ушул жерден угуп жаткансыймын.
— Даяр болуп тур, Френсис, азыр белги беремин,— деди Генри, куралын четке коюп, шхунанын эки жагынан жээкти карап. — Керектүү жерге жеткени калдык. Шашылба, белгимди күт, «үч» дээрим менен ыргыт.
Генри белги бергенде кеме эки жүз ярд аралыкта болуп, шхунага 'тездик менен жакындап келаткан. Генри менен Френсис боюн түзөп, «үч» деп колундагы арканды сууга ыргытышты. Пиво ящиги менен керосин бидону, бөтөлкө банкалар байланган арканды деңизге тартып түшүп кетти.
Генри менен Френсис өз иштерине берилип кеткендиктен, көбүктөнгөн сууда өздөрү койгон капкан кантип тартылып жатканын карап турушкан эле. «Долорестен» удаа атылган октор аларды палубага жатууга аргасыз кылды, алар баштарын көтөрүп карашканда, капкан кеменин астында калган эле. Бир минутадан кийин анын тездиги төмөндөп, токтоп калганын көрдү.
— Кеменин винтин ороп таштадык! — деп Френсис кол чаап жиберди. — Баракелде, Генри!
— Иши кылып эми шамал токтобосо болгону... — деди Генри токтоолук менен.
«Анжелика» токтоп калган кемени артта калтырып, ары сүзүп кетти: кеме барган сайын кичирейип баратты, ошого карабай шхунада туруп кумга батып калганын, адамдардын борттон ыргып түшүп, суу кечип жээкке жөөанөлкөнүн көрүп турушту.
— Кел, сүйүктүү ырыбызды ырдайбыз! — деди Генри, анан кубанычтуу ырдай баштады.
Далыма— далы мачта алдында...
— Бул жагы абдан жакшы болду, сэр,— деди Моргандар биринчи куплетин айтып бүтөрү менен капитан Трефэзен аларды токтотуп, буга чейин көздөрү жайнаган капитан обондун ыргагына ылайык далысын куйшуңдатып турган эле. —Бирок шамал басаңдады, сэр. Биз кайра штилге түшүп калдык. Хучитан бухтасынан эми кантип өтөбүз? «Долорес» анча деле бузулган жок. Биз аны бир азга гана токтоттук. Негрлердин бирөө сууга түшүп винтти тазалайт. Анан бизди тез эле кууп жетет.
— Бирок бул жерден жээк алыс эмес,—деди Генри, аралыкты чамалап көрүп, анан Энрико жакка бурулуп сурады:— Сеньор Солано, бул жээк кандай? Ким жашайт бул жерде: майя уруусунун индейлериби, же плантаторлорубу?
— Плантаторлор да индейлер да бар,— деп жооп берди Энрико. — Мен бул жерди абдан жакшы билемин Эгер шхунада калуу коркунучтуу болсо, менимче жээкте коркунучсузураак. Ал жерде ат, ээр— токум, эт жана нан табышыбыз мүмкүн. Кордильер тоосу узак эмес. Бизге мындан бөлөк эмне керек?
— Леонсиячы? — деп кооптонуп сурады Френсис.
— Ал тубаса чабандес, ат минүүдө ар кандай америкалыкты артта калтырып кетет,— деп жооп берди Энрико. — Сизге кеңешим ушул, эгер макул болсоңуз, «Долорес» жакындаары менен чоң кайыкты сууга түшүрөбүз.

#36 01 Май 2016 - 22:31
С Е Г И З И Н Ч И Г Л А В А
— Баары жайында болот, шкипер, баары жайында болот,— деп жээкте, Генри жанында турган метис— капитанды ишендирип жатты. Капитан алар менен коштошуп, Хучитан бухтасында агым боюнча сүзүп жүргөн «Анжеликага» кайтып барууга батына албай жаткансыды.
— Бул, мындайча айтканда, багыттан кыйшаюу,— деп түшүндүрдү Френсис. «Кыйшаюу» жагымдуу сөз. Белгиленген планга ылайык оосок мындан да түзүк болор эле.
— Эгер мунун өтөсүнө чыга албасак,— деп нааразылык билдирди капитан Трефэзен,— анда башкача, таптакыр жагымсыз «кыйроо» деген сөз менен сүрөттөлмөк.
— «Долорестин» винтин ороп таштаганыбызда да так ушундай болду,— деп Генри күлдү. —Бирок биз кыйроо эмне экенин билбейбиз. Биз аны башкача «жолдон четтөө» деп атайбыз. Ишибиздин ийгиликтүү болушу үчүн сеньор Соланонун эки уулун жаныңызга калтырабыз. Альварадо. менен Мартинес фарватерди29 беш колундай билишет. Шамал оңтойлуу жактан жүргөндө, алар сизди бул жердеп чыгарып коюшат. Полиция сизди кууп жүргөн жок го. Ал бизди кууп жүрөт. Биз тоого карап кетерибиз менен ал да отряды менен биздин артыбыздан түшөт.
— Кантип эле сен түшүнбөйсүң? — деп сөзгө аралашты Френсис. — «Анжелика» туюкка камалып калды. Биз кемеде калсак, шеф бизди да, «Анжеликаны» да колго түшүрөт. Ошол себептүү биз изибизди жашырып, тоого кетүүгө чечим чыгардык. Ошондо алар биздин артыбыздан түшөт, мындан пайдаланып «Анжелика» көздөн кайым болот. Бизди болсо кармай алышпайт.
— Шхунамдан ажырап калсамчы? — деди кара сур шкипер андан калышпай. — Эгер ал зоокага урунса, кемеден ажырап каламын. Анткени бул жерден өтүү абдан коркунучтуу.
— Андай болсо кеменин акчасын төлөшөт, баягыдан бери кулагыңа куюп жатпаймынбы? — деди Френсистин ачуусу келип
— Бөлөк чыгымдарымчы? ..
Френсис кагаз— калем алып, бир нече сөз жазды да, капитанга узатты.
— Бокас-дель-Торого барып сеньор Мельхиор Гонзалестин колуна бересиң,— деди ал. — Ошондо андан миң доллар аласың. Ал банкир менин агентим — сени менен ошол эсептешет.
Капитан Трефэзен кагазга ишенкиребей карады.
— Коркпо, сага төлөш үчүн анын акчасы жетет,— деди Генри ишеничтүү:
— Ооба, сэр, мистер Френсис Моргандын атактуу жана дөөлөттүү жентльмендигин билемин, сэр. Бирок анын байлыгы канча? Балким анын бардык байлыгы менин жупупу дөөлөтүмчө келбес? Мына бул «Анжелика» меники, мен эч кимге бир песо да карыз эмесмин Колондо бүтө элек эки участкам бар, Белен портунда төртөө, «Юнайтед фрут комнани» ал жерде өздорүнүн складдарын кура баштаганда, абдан байып кетемин..
— Френсис, кана айтчы, атаңдан сага канча мурас калган? — деп Генри метистин жинине тийүү үчүн атайлап сурады. — Орчундууларын эсептеп айта гой.
Френсис далысын куушуруп бүдөмүк жооп берди
— Буту-колумдагы манжаларымдан көбүрөөк.
— Ушунча долларбы, сэр? — деп сурады капитан.
Генри башын чайкады.
— Миңби, сэр?
Генри дагы башын чайкады.
— Миллионбу, сэр?
— Эми таптыд,—деди Генри. — Мистер Френсис Морган жеткен бай, каналдарды эсепке албаганда, Панама республикасын сатып алууга кудурети жетет.
Метис— капитан ишенбегендей Энрико Соланого карады.
— Мистер Морган эң урматтуу жентльмен,—деп ырастады ал. — Мен аны жакшы тааныйм Анын сеньор Мельхиор Гонзалеске жазган катып алып, Бокас— дель— Тородоп миң песо алдым. Ал акчалар тетиги мешокто турат.
Солано баш ийкеп, таңгак жүктөрдүн үстүндө отуруп эрмек үчүн винчестерди дүрмөттөп жаткан Леонсия тарапты көрсөттү. Капитандын алда— качан көзү түшкөн мешок Леонсиянын бутунун алдында жаткан эле.
— Акчасыз саякат жасоого табитим тартпайт,— деп түшүндүрдү Френсис өзүнүн жолдошторуна. — Акча качан керек болуп каларын алдын ала билип болбойт. Бир күнү машинам Ныо-Йоркко жакын Смит-Ривер-Корперсте бузулуп калды. Менде чек дептеринен бөлөк эч нерсе жок болчу, билесизби, ошондо сигаретсиз калдым.
— Бир күнү Барбадосто учуучу балык уулаш үчүн кемемди жалдаган ак түстүү жентльмендин сөзүнө ишенген элем... —деп баштады капитан, бирок Генри анын сөзүн бөлдү:
— Болуптур, капитан, кош бол. Андан көрө кемеңе бар, биз азыр жолго түшөбүз.
Энрико баштаган кичинекей отряд тоого жол тартты, капитан Трефэзендин бага ийүүдөн бөлөк аргасы калбады. Ал кайыкты сууга түшүрүүдө матросторго жардамдашты да, анан өзү кайыкка түшүп рулду кармап, «Анжеликага» карай сүзүүнү буюрду. Капитан жолоочулар жүктөрүн көтөрүп, калың жашыл дарактарды аралап көздөн кайым болгуча улам артына кылчактап жүрүп олтурду.
Көп өтпөй жолоочулар токойдогу жолго чыгышты. Токой ичинде пеондор топ-топ болуп, буга чейинки кол тийбеген тропик дарактарды кесишип, дүмүрлөрүн казып омуруп салышып, каучук дарагын тигүү үчүн орун даярдап жүрүшөт: азыр автомобилдер үчүн абдан көп каучук керек. Леонсия отряддын алдында, атасы Менен катар баратат. Жүк көтөрүп алган агалары Рикардо менен Алесандро алардын артынан, ал эми Френсис менен Генри да жүк көтөрүшүп алып, эң артында бараткан эле.
Көрүнүшүнөн испан байларына окшогон нооча, улгайганына карабай ат үстүндө түз отурган чал бул кызыктуудай жолоочуларды көрүп, кулаган дарактар Менен омурулган дүмүрлөрдүн чуңкурларына карабай туура аларды карай чаап жөнөдү.
Ал Энрикону таанып, аттан ыргып түштү да, сомбреросун алып, Леонсияга таазим кылды, Энрико менен болсо эски достордой кол кысышып көрүштү. Анын салам— алигинде, көз карашында Леонсиянын сулуулугуна таңдангандыгы сезилип турду.
Сүйлөшүү испанча, пулемёт атылгандай тездикте багаталды, ошол замат аттан жардам берүү жөнүндө өтүнүч айтылды жана кичи пейилдүүлүк менен айтылган ыраазылык жооп болду; анан эки Морганды тааныштырды. Латын Америкасындагы салт боюнча плаптатор ошол замат ат тизгинин Леонсияга карматты, үзөңгүнү кыскартты да, кызды атка мингизип койду. Чума плантациядагы бардык минүүгө жарактуу аттарды кырып жибергенин айтып, башкы кароолчунун минүүгө жараарлык бир нече аты барлыгын, аларды алып келээри менен Энриконун карамагына өткөрүп берээрин айтты.
Ал Генри жана Френсис менен чып жүрөктөн, ошону менен бирге кадырлаш адамдардай кол алышты, анан досумдун досу менин да досум деген мааниде бир эки минутадай ыгы жок кооз соз сүйлөдү
Энрико плантатордон Кордильер тоосунуп жолдорун сурады жапа нефти жөнүндө айтты. Алардын кебине Френсис дароо кулагын түрдү.
— Сеньор, сиз Панамада нефть табылды демекчисизби? — ден сөзгө аралашты ал.
— Албетте,— деп плантатор баш ийкеп сөзүн ырастады. — Бул жерде нефть фонтандары бар экенин ата- бабаларыбыз да билишчү. Бир гана «Эрмосильо» компаниясы чындап иш баштады: гринго инженерлерин жашыруун жиберип, изилдөө ишин жүргүзүп, жакшы жерлерди сатып ала баштады. Айтып жүрүшөт, бул жерде чоң нефть аянты бар деп. Мен өзүм да нефтинин эмне экенин билбеймин. Бирок ушуну сезип турам, алар көп жерлерди казышты, азыр да казып жатышат, нефть ушунчалык көп, баарлык айланага жайылып баратат. Катуу басым менен чыгып жаткандыктан, жер астында сактап * калуунун эч мүмкүнчүлүгү жок, деп айтышат. Нефтини океанга алып баруу үчүн нефтепровод керек, аны да кура баштады. Азырынча нефть коолорго агып жатат, бул чексиз зыян тартуу эмей эмне.
— Нефть сактагычтарды куруп болушканбы? — деп сурады Френсис, өзү толкундануу менен «Тэмпико петролеумду» эстеди. Бул ишкана анын байлыгынын негизги өзөгүн түзүп, Нью-Йорктон кетип баратканда биржада «Тэмпико» акциясы тез көтөрүлүп кеткен эле. Ошондон бери ишкана жөнүндө эч нерсе уккан жок.

#37 01 Май 2016 - 22:33
Плантатор баш чайкады.
— Баардык кеп транспортто, — деди ал. — Деңиз жээгинен кенге чейин качыр менен жүк ташуунун мүмкүнчүлүгү жок. Бирок бул жагынан алар көп иш жасап коюшту. Алар тоо ойдуңдарына туш тарабын тосушуп нефть сактагычтарды — чоң нефть көлдөрүн жасашты, ошентсе да агымды токтото албай жатышат, кымбат баалуу суюктук коолор менен төмөн агып кетип жатат.
— Ал сактагычтардын үстү жабыкпы? — деп кызыкты Френсис «Тэмпико петролеумга» алгачкы күндөрдөгү чыккан өрт чоң зыян келтиргенин эстеп.
— Жок, сеньор.
Френсис жактырбагандай баш чайкады.
— Алардын үстүн албетте бекитүү керек. Кимдир бирөө, мас же кек кууган пеон ширеңке таштап жиберсе — баардыгы күйүп кетет. Ишти жакшы жолго коюшпаптыр, өтө жаман.
— Деги мен «Эрмосильонун» ээси эмесмин го! — деп каршы болду плантатор.
— Албетте, мен сизди эмес, «Эрмосильо» компаниясын айтып жатам,— деп түшүндүрдү Френсис. —Мен байлыгымды нефтиге жумшаган адаммын. Ушундай кокустуктардан же кылмыштардан жүз миңдеген зыян тарттым. Кандай пайда болушун эч ким алдын ала айта албайт, андай агып кетпешин да эч ким билбейт.
Нефть сактагычтарды акмак, арам ойлуу пеондордон коргоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө Френсистин дагы эмне деп айтары белгисиз бойдон кала берди, анткени ушул маалда алардын алдына колуна чыбык кармаган плантациянын башкы кароолчусу келген эле. Ал жаңы келгендерди кызыгуу менен карап, ошол эле убакта жакын жердеги иштеп жаткан пеондордун отрядын кыраакылык менен кузөтүп турду.
— Сеньор Рамирес, кичи пейилдик кылып аттан түшсөңүз, — деп плантатор — кожоюн ага сылыктык менен кайрылды, ал аттан түшөөрү менен эле меймандарды тааныштырды.
— Бул ат сизге, досум Энрико,— деди плантатор. — Эгер өлүп калса, сизден сураарым мүмкүнчүлүк болсо ээржабдуусун берип жибериңиз. Эгер сизге бул оор болсо анда саламдан бөлөк мага кээ бир нерселерди жөнөтүүнү унутуңуз. Сиз менен Сиздин жолдошторуңузду конок кыла албаганыма өкүнүчтөмүн Бирок шеф өтө канкор айбан, мен аны өтө жакшы билемин. Шефти биз тескери жолго салып жиберүүгө аракеттенип көрөбүз.
Леонсия менен Энрико атка минип, жүктөр кур менен аттарга таңылгандан . кийин жолго чыгышты. Алесандро менен Рикардо атасы минген аттын ээринин үзөнгүсүнөн карман чуркап баратты. Ушундай чуркоо аларга жеңилдей сезилди. Френсис менен Генри да алардан өрнөк алып, Леонсиянын ээринин үзөнгүсүнөн кармашты, алтын толо мешокту болсо ээрдин кашына асып коюшту.
— Кандайдыр түшүнбөөчүлүк болгон окшойт,—деди плантатор күзөтчүсүнө — Эприко Солапо асыл адам. Анын кылган иштери да асыл. Ал бир кишиге кепил болсо, демек ал да асыл адам. Ошого карабай, Мариано Верхара-и-Ихос аларды куугунтуктап келатат. Эгер ал бул жерге келсе, биз аларды тескери жолго салып жиберебиз.
— Тигине алар! — деп күзөтчү кыйкырып жиберди. — Бирок сыягы алар алиге ат таба алышпаптыр.
Ошентип айтты да, ал эч нерсе болбогондой кыжырданып, булар күнү бою жарым ишти аткарышпайт деп пеондорго асыла кетти.
Плантатор көз кыры менен тез жакындап келаткан Альварес Хоррес башчылыгындагы топту карап, аларды көрмөксөнгө салып тер төгүп иштеп жаткан пеондордун жанында дүмүрлөрдү кандай кылын тезирээк омуруп таштоо жөнүндө күзөтчү менен сүйлөшүп тура берди.
Плантатор Торрестин саламына кичи пейилдик менен жооп кайтарды да, эч кандай мыскылсыз отрядды кайда алын баратканын, балким нефть издөөгөндүр деп сурады.
— Жок, сеньор,— деп Торрес жооп берди. — Биз сеньор Энрико Соланону, анын кызып, балдарын жана алар менен бирге саякат кылып жүргөн эки узун бойлуу грингону издеп жүрөбүз. Чынын айтсам, бизге гринголордун өзү керек. Алар бул жердеп өтүшкөн жокпу, сеньор?
— Ооба, өтүштү. Алар өтө шашылгандыктан, урмат үчүн бир аз эс алууга да токтошкон жок. Кай жакка кетип баратканын да айтышпады — мен аларды да нефть оорусуна кабылгандай ойлоптурмун. Эмне, алар бир күнөө кылып коюштубу? Анысын эмнеге сурап сүрүштүрүп отурам. Сеньор Энрико Солано абдан асыл адам...
— Кай жакты карай кетишти? — деп сурады энтигип калган полиция башчысы, эми эле жетип келип, жандармдарды жарып өтө.
Плантатор менен кароолчу убакыттын өтүшүн каалап, ачык эмес жооп берди, анан туруп такыр карама-каршы жакты көрсөтүштү. Бирок Торрес бир пеондун күрөккө жөлөнүп сөзгө кулак салып турганын көрүп калды. Алданган полиция башчысы тескери жолду карай жүрүүгө ар кимге буйрук берип жатканда, Торрес эч кимге билдирбей, пеонго күмүш долларды көрсөттү. Ал болсо аттуулар кай жакка кеткенин белги берип көрсөттү да, тыйынды илип алды. Анан жан далбастап чоң дүмүрдү чукулай баштады.
Торрес ошол замат шефтин буйругун жокко чыгарды.
— Биз ал жакка барбайбыз,— деди полиция башчысына көзүн кысып. — Бир кичинекей куш мага урматтуу досубуз адашып жатканын, алар такыр бөлөк жол менен кетишкенин айтты.
Жандармдар отряды ошондон кийин атчандар кеткен жолго түштү, плантатор менен күзөтчүнүн көңүлдөрү чөгүп, таңданышып, бири-бирине караган боюнча кала беришти. Күзөтчү эринин кымтып, кожоюнуна: «Сиз жөн туруңуз»,— деди да, дарак кыюучуларга көз жүгүрттү. Чыккынчы пеон башын көтөрбөй жан-алакетте иштеп жаткан, бирок анын жанындагы пеон эрдин билинер— билинбес кыймылдатып, күзөтчүгө ушул дегендей белги бериап көрсөттү.
— Мына ошол кичинекей куш! — деп кыйкырды күзөтчү чыккынчынын алдына келип, анын желкесинен кармап силке баштады. Пеондун жыртылып самсаалаган кийиминен күмүш доллар тоголонуп түштү.
— Мынакей,— деди плантатор, окуяны түшүнүп,— бул бай болуп кеткен турбайбы. Кандай коркунучтуу, Менин пеонум байып кетиптир. Демек ал кимдир бирөөнү өлтүргөн, же тоногон. Мойнуна алмайынча сабай бергиле.
Байкуш пеон күзөтчүнүн келтегинин алдында тизе бүгүп отуруп, ал долларды кантип иштеп тапканын мойнуна алды.
— Ургула аны, аябай сабагыла. Эң жакшы досторума чыккынчылык кылганы үчүн уруп өлтүрүп койсоңор да мейли,— деди плантатор камаарабагандык менен. — Айткандай, токтоткула. Ургула, бирок өлүп калбагыдай болсун. Азыр жумушчу күчү жетидей турат, ошондуктан адилеттүү ачуубузду тыйышыбыз керек. Ушундай ургула, түбөлүк эсинен чыкпай тургандай болсун, бирок эки күндөн кийин ишке чыккыдай болсун.
Ушул окуядан кийин пеондун кандай азаптарды башынан кечиргендиги жөнүндө бүтүн бир китеп жазса болот. Бирок адамды өлүмгө жеткире сабап жаткандарды көрүү жана ал жөнүндө жазуунун өзү да жагымсыз. Бир гана айта турган нерсе, пеон өзү үчүн буюрулган келтектин бир нечесин жегенден кийин, ордунан ыргып турду да, самтыраган кийиминин бир бөлүгүн күзөтчүнүн колунда калтырып, жинди немече учуп-күйүп токойго кирип кетти. Ат менен жүрүп үйрөнгөн күзөтчүнүн аны кууп жеткенге алы жетпеди!

#38 01 Май 2016 - 22:38
Жанынын ооруганынан жана күзөтчүнүн куугунтугунан корккон пеон ушунчалык тез чуркагандыктан,
Солано менен анын жолдоштору кичинекей арыктан кечип өтүшкөндө жетип келди. Аларды көргөн пеон тизе бүгө чыккынчылык кылганы үчүн кечирип, ырайым этишин суранды. Алар эч нерсе билишчү эмес... Френсис пеондун начар абалда экенин көрүп токтоду. Арак толо бөтөлкөсүнүн металл кепкегин бурап ачып, байкушка күч болсун деп жарымын оозуна куйду: анан жолдошторуна жетүүгө шашылды. Байкуш пеон өзүнчө чулдурап, ыраазычылыгын билдирип, куткаруучудай көрүнгөн токой ичине, бирок башка тарабына кирип жоголду. Ал ачка жана оор эмгектен ушунчалык алсырагандыктан,
ошол замат буту чалыштап, коюу дарактын көлөкөсүнө жыгылды.
Тез аранын ичинде из куугандар арык жээгине жетип келишти, Альварес Торрес таз сыяктуу алдыда, анын артында жандармдар, полиция башчысы эң артында алсырап келе жаткан. Арык жээгиндеги кургак таштардын үстүндөгү жалаң аяк пеондун изи Торрестин көңүлүн өзүнө бурду. Бир минута өтпөй алар пеонду табышып, калган каткан салбырак кийиминен алышып, аны жаткан жеринен сууруп чыгышты. Ошол күнү тизе бүгө берип жарылып кеткен тизесине таянып пеон алардан да ырайым кылышып өтүндү, бирок ал каардуу суроого кабылды. Ал Солапопун тобун көрбөгөндүгүн айтты. Пеон аларга чыккынчылык кылып келтек жеди; ал мурда айтын берген кишилер болсо кайра ага жардам көрсөтүштү эле, ошондуктан анда ыраазылык жана жакшылык кылууга окшош сезим ойгонду, ал күмүш доллар алган аянттан жөнөп кетишкенден бери Соланону көрбөгөндүгүн айтты. Пеондун башына эми Торрестин келтеги тие баштады: беш, он жолу катуу урулду, чынын айтпаса бул азаптан кутулбасы сезилди. Пеон дээрлик бешиктен бели чыга электен баштап бактысыз, дайыма жеп жүргөн келтектерден кирпи болуп бүткөн байкуш баш ийип, из куугандарга кай жакка карай барууну көрсотүп берди.
Бирок бул ошол күнү пеондун башына түшө турган кордуктардын башталышы гана болчу. Ал тизе бүгүп Соланолорго карата экинчи жолу чыккынчылык кылууга үлгүрө элегинде, терге баткан аттары менен кожоюну, анын бир нече жакын күзөтчүлөрү токой арасынан чыгып келишти!
— Бул менин пеонум, сеньорлор,— деди качкынды тезирээк кармоого шашылган плантатор. —Сиздер аны эмнеге кыйнап жатасыздар?
— Эмнеге кыйнабайт экенбиз!—деди полиция башчысы.
— Себеби ал меники, аны урууга менин гана акым бар.
Пеон полиция башчысынын алдына жыландай сойлоп келди да, кожоюнума бербе деп сурана баштады. Бирок ал боор ачуу эмне экенин билбей турган адамдан жакшылык сурап жаткан болчу.
— Албетте, сиздики, сеньор,—деди полиция башчысы плантаторго. — Мынакей кайтарып бердик. Биз законго таянышыбыз керек — бул адам болсо сиздин жеке менчигиңиз. Анын үстүнө эми бизге анын кереги да жок. Бирок, сеньор, бул укмуштуудай пеон. Ал Панама тарыхында эч бир жан жасабаган ишти жасады: бир күндүн ичинде эки жолу чындыкты айтты.
Пеондун колун алдына байлап, аркандын учун күзөтчүнүн атынын ээрине таңышты да, келген жагына сүйрөп кетишти, эми ал маңдайына жазылган эң коркунучтуу азап алдыда күтүп турганын туйду. Анын ойлогону чындык эле. Плантацияга кайра келишкенден кийин, аны зым тикендүү столбага мал байлагандай байлап коюшту. Кожогон качкынды кармоодо жардамдашкан достору менен бирге асьендага тамактанууга кетти. Пеон өзүн эмне күтүп турганын жакшы билет.
Жайыт, ороп коюлган тикенектүү зым жана жакын жерде жүргөн аксак бээни көрүп пеондун мээсине бир ой келди. Колдоруна тикен батып катуу ооруганына карабай арканды курч зымга жышып үздү да, эми мага бийликтегилерден бөлөк эч ким коркунучтуу эмес деп ойлоп, зым дубалдын астынан жөрмөлөп өттү да, аксак бээни дарбазадан алып чыгып, ага ыргып минди, анан аны теминип анык куткаруучу Кордильер тоосун карай чаап жөнөдү.

#39 01 Май 2016 - 22:51
Т О Г У З У Н Ч У Г Л А В А
Бул учурда куугунчулар Соланонун отрядына жетип калышкан эле, Генри Френсистин кыжырына тие баштады.
— Бул жерде, токойдо доллар эч нерсеге арзыбайт экен. Ага ат сатып алууга болбойт. Ал эмес мына буларды да дарылай албайсың, буларга да чума жуккан болуу керек, плантатордун башка аттары ошол оорунун айынак кырылып кетиптир го.
— Мен ушуга чейин акчадан күчтүү эч нерсени коро элекмин,— деп Френсис каршы болду.
— Сенин оюңча, акча болсо тозоктун ичинен да суусунду кандыруу мүмкүн,— деди Генри.
Леонсия анын сөзүн жактырып кол чаап жиберди.
— Билбейм,— деп жооп берди Френсис,— мен азырынча тозокто боло элекмин.
Леонсия дагы кол чапты.
— Ошондой болсо да, доллар ушул токойдо да керек болуп калат деп ойлоймун. Мен ал тургай азыр эле бактымды сынап көрөйүн деп турам,— деп кебин улады Френсис, ээринин кашындагы акча салынган мешокту чечип алып жатып. — Сиздер арылап кете бериңиздер.
— Эмне кылаарыңызды эч болбосо мага айтаарсыз! — деп суранды Леонсия. Ал Френсис жакка ийилди, Френсис анын кулагына бир нерселерди шыбырады; кыз күлдү, Энрико жана анын балдары менен сүйлөшүп жаткан Генри кыздын күлкүсүн угуп, өзүн өзү кызганчаак акмакмын деп койду.
Френсис дарактардын арасына кире берерден мурда ал чөнтөк блокнотун жана калемин алып, бир нерселерди жазып жатканын алар көрүштү. Ал жазган нерсе кыска жана так — «50» деген цифра эле. Френсис баракты айрып алып, чыйыр жолдун ортосуна бир күмүш доллар менен үстүнөн бастырып койду. Анан мешоктон кырк тогуз доллар санап алды да, каттын айланасына чачып жиберди, анан жолдошторун көздөй чуркан жөнөдү.
Соо кезинде ооз ачпаган, ичип алганда болсо тынч туруу — алтын менен барабар деп далилдөөгө аракеттенүүчү Аугустино деген жандарм так эле аң изин тиктеп келе жаткандай башын ийип, айланага кыраакылык менен карап бараткан. Ал капысынан бир барак кагаздын үстүндөгү күмүш долларды көрө койду. Долларды өзү алып, жазууну полиция башчысына узатты. Торрес шефтин желкесинен мойнун созо карап, сырдуу «50» деген цифраны көрдү. Полиция башчысы андан кызыктуу эч нерсе көрө албай, кагазды ыргытып жолго түшмөкчү болду. Бирок Аугустино кагазды алып: «50» деген цифра эмнени билдирет экен деп ойлонуп калды. Ал ойго батып турганда Рафаэлдин кубанычтуу кыйкырыгы угулду. Аугустино ошол замат анын кыйкырганынын себебин түшүндү: Рафаэль дагы бир доллар тааптыр; демек жакшылап издесе бул жерден ушундай тыйындан элүүсүн табууга болот экен. Ал кагазды ыргытып жиберди да, эмгектеп тыйын издей баштады Калган жандармдар да ага кошулушту. Отряддын алга жүрүшүн талап кылышып, каргыш жаадырып жаткан Торрес менен полиция башчысына бул кыжы- кужуда эч ким көңүл бурган жок.
Алардын арасынан эч ким тыйын таба албай калышкандан кийин, жандармдар чогулуп, канча акча тапкандарын санап көрмөкчү болушту. Баардык тыйын жыйылып кырк жети болуптур.
— Ушул жерде дагы үч доллар болушу керек! — деп кыйкырды Рафаэль, анан кайра баары издөөгө киришти. Жетпей жаткан үч доллар табылганга чейин дагы беш минутадай убакыт өтүп жетти. Ар ким өзү тапкан акчасын чөнтөгүнө салып, Торрес менен полиция башчысынын артынан жолго түшүштү.
Бир милче жол жүрүшкөндөн кийин, Торрес жолдо жаткан жалтырак долларды көрүп калып, аны топуракка көмө басып таштоого аракет кылды. Бирок мышыктай көзү курч Аугустино муну көрүп калып, жумшак ным топурактын арасынан тыйынды шып илип алды. Эми анын жолдоштору кайсы жерден бир доллар табылса, ал жерден дагы табылаарын өздөрүнүн тажрыйбасынан билип калышты. Отряд токтоп калды. Башчылардын коркутуп— үркүтүүлөрүнө, жалынып— жалбаргандарына көңүл бурган жандармдар токойго кирип, чыйыр жолдун ары жак бери жагын тыткылай башташты.
Майя же панамалык метиске караганда, мексикалык индейге көбүрөөк окшогон тегерек жүздүү Висенте, изди биринчи болуп көрдү. Жандармдар дароо даракка качып чыккан тыйын чычканды торогон иттердей аны тегеректеп алышты. Висенте дарактын түбүндө тургандыктан бул салыштыруу ага топ келди. Дарактын баш жагы жок, чирип калган, бийиктиги он эки фут, жоондугу болжол менен төрт фут келет. Ортосу көңдөй экен, бооруна мурда табышкан кагаздай бир барак тикенек менен кадалып, ага «100» деген цифра жазылып коюлган.
Мушташуу башталып, бир нече минутага созулду. Жандармдардын ар бири даракка биринчи болуп чыгып, көңдөйдөгү акчаны алууга умтулушту. Бирок дарактын көңдөйү чуңкур болгондуктан, адамдын колу жетээр эмес.
— Келгиле, даракты кесебиз,— деди Рафаэль дарактын көңдөйү кайсы жерден түгөнөөрүн билиш үчүн мачетасынын арты менен ургулап көрүп. — Даракты баарыбыз кулатабыз, ичиндеги акчаны санап туруп бөлүп алабыз.
Муну угуп, башчылардын жаны чыгып кетти, шеф болсо Сан- Антониого бараарыңар менен баардыгыңарды иттерге жем кыламын деп коркутту.
— Бирок биз, кудайга шүгүр, азырынча Сан-Антониого бара элекпиз,— соо кезде унчукпоочу адатын бузуп, Аугустино кезектеги акылман сөзүн айтты.
— Биз кембагал адамбыз,— деди Рафаэль — Ошондуктан ак ниеттүүлүк менен бөлүшүп алабыз. Аугустино туура айтты: кудайга шүгүр, биз азыр Сан- Антониодо эмеспиз. Дөөлөттүү гринго бир күндө чачып жиберген акчаны бир жыл эмгектенип да таба албайбыз. Мисалы, мен баардыгынын акчасы көп болушу үчүн революцияны жактаймын. Эгер, ошол революцияга бай гринго жетекчилик кылса,— деп кошумчалады Аугустино. — Ал мындан кийин да күмүш чачылган жол менен ээрчитсе, түбөлүккө анын артынан бара берүүгө даярмын.
— Мен да,— деп анын сөзүнө кошулду Рафаэль,— эгер тигилер, ал башын Торрес менен полиция башчысы жакка ийкеди,— кудай өз каалоосу менен бизге жиберген акчаларды терип алышыбызга каршылык көрсөтө турган болсо, тиги дүйнөгө кете берсин. Биз адамбыз, кул эмеспиз. Дүйнө чексиз. Бет маңдайыбызда Кордильер тоосу турат. Биз тоодо жашайбыз, баардыгыбыз бай, эркин болобуз. Ал жерде жашаган индей кыздардын сулуулугун айтпайсыңбы! ..
— Шылтоо менен аялдарыбыздан да кутулабыз, алар Сан-Антониодо кала берсин! — деди Висента. — Келгиле, кымбат баалуу даракты кескиле.
Чириген, көңдөй дарак мачетанын соккусунан улам быркырай баштады. Дарак кулагандан кийин, жандармдар жүз эмес бир жүз кырк жети күмүш долларды тең бөлүп алышты.
— Гринго колу ачык жигит экен,— деп какылдады Висенте. — Кагазда жазылганга караганда көбүрөөк таштап кетиптир. Мүмкүн дагы калгандыр?
Жараңка менен дарактын кыпындарынын арасынан дагы беш тыйын таап алышты, аны издештин өзүнө туура он минута убакыт кетти. Торрес менен полиция башчысы аларды күтө берип абдан тажап кетти.
— Байлыгын кара, санап да койбоптур ээ,— деди Рафаэль. — Мешогун чечип, санабастан төгүп кеткен белем. Бул түрмөбүздү жардырып, Сан-Антониодон алып качкан баягы мешок болсо керек.
Куугун кайра башталды. Алар таштанды плантацияга жетип келгенче жарым саат токтобой жүрүштү. Үстүнө саман салынып жарымы бузулган үй, кыйшайып калган жумушчулардын алачыгы, устундары тамыр байлап жалбырактай баштаган малкана, акырында, чамасы жакында эле суу алынган (жыгач челекке жаңы аркан байланган эле) кудук — булардын баардыгы адам жапайы табийгатты баш ийдире албай, чегингенинен дарек берет. Кудук чыгырыгынын көрүнөө жерине тааныш кагаз жабыштырылып, ага «300» деген цифра жазылган болчу
— Оо, Умай эне! Деги бул бүтүн бир байлык го,— деп жиберди Рафаэль.
— Ылайым түбөлүккө тозок отунда куурулсун! — деп Торрес кошумчалады.
— Ал сиздин сеньор Риганынызга караганда көбүрөөк төлөп жатат,— деди айласы кеткен полиция башчысы, Торрости шылдыңдап.

#40 01 Май 2016 - 22:54
— Анын күмүш салынган мешогу анчалык чоң эмес,— деди Торрес. — Мешоктун ээсин колго түшүрүүдөн,
мурда, анын байлыгын терип ала турган көрүнөбүз. Бардыгын терип алып, качан мешогу бошогондо өзүн колго түшүрөбүз.
— Жүргүлө, достор,— деп полиция башчысы куулана баштады. — Күмуга акчаларды кайтып келе жатып, бош убактыбызда терип алабыз.
Ушул убакта Аугустино оозунун кулпусун кайра ачты.
— Кайсы жол менен кайтаарыбыз, деги кайтабызбы, жокпу — аны эч ким билбейт,— деди капалануу менен; анан өзүнүн оозунан чыккан акылдуу сөздөн өзү кайраттанып кетип, дүйнөдө бир акылдуу соз тартуу кылууну ойлоду. — Колуңдагы үч жүз, кудуктун түбүндөгү үч миллиондон жогорураак.
— Кудукка кимдир бирөө түшүшү керек,—деп Рафаэль өрүлгөн жипке асылып көрдү. — Көрдүңөрбү, аркан бышык, бирөөнү кудук түбүнө түшүрөбүз. Кана, кудукка түшө турган баатыр барбы?
— Мен,— деп Висенте алдыга чыкты. — Ошол баатыр мен болом, кудукка мен түшөмүн...
— Ооба, сен түшөсүң да, ал жердеги акчанын жарымын уурдап аласың,— деп Рафаэль оюна келген сөздү айтын калды. — Эгер сен түшсөң, оболу баардык акчаңды мага берип кой. Кайра чыкканыңдан кийин тинтип карап, канча тапканыңды билип алабыз. Анан баардыгын тең бөлүшөбүз, өзүңдүн акчаңды да кайтарып беребиз.
— Мага ишенбеген адамдар үчүн кудукка түшпөйм,— деди Висенте чечкиндүү. — Азыр баарыңардай эле мен да баймын, а, эмне үчүн мен түшүшүм керек? Адамдардын кудук түбүндө өлүп калганын коп укканмын.
— Кудай үчүн, түшсөң түшчү көп сүйлөбөй! — деди полиция башчысы. Тезирээк! Тезирээк бол!
— Мен абдан семизмин, бул аркан мени көтөрө албайт, түшпөймүн,— деди Висенте.
Баары ар дайым унчукпай жүрүп, бүгүн бир жумалык сөздү сүйлөп койгон Аугустиного карашты.
— Гиллермо — эң арык, эң жеңил,— деди Аугустино.
— Гиллермо түшөт,— баары колдошту.
Бирок Гиллермо кудуктун түбүн корккон түрдө карады да, баш чайкап, чокунуп артына кетенчиктеди.
— Сырлуу Майя шаарынын жашыруун казынасы болсо да түшпөймүн,—деп кобурады ал.
Полиция башчысы тапанчасын чыгарып, жандармдардын макулдугун күткөндөй аларга суроолуу карады. Алар баш ийкеп көз караштары менен жооп беришти.
— Баардык ыйык олуялардын атынан айтып жатам, кудукка түш! — деп зекиди ал кичинекей жандармга. — Батыраак кыймылда, болбосо, ушунчалык сыйлык аласың, дал ушул каргыш тийген кудуктун жанында сөөктөрүң чирип кетет... Бул баш тартса атып өлтүрөмүн, ушинтсем туура болот го дейм, жигиттер?
— Туура! — жандармдар аны колдоп кетишти.
Ушинтип, Гиллермо мурда. тапкан тыйындарын колу калтырап санады да, анан коркконунан өңү кумсарып, чокуна кудукка жакын келди, ал жыгач челекке отуруп,
буттары менен жипти кысып алды, жандармдар аны ылдый капкараңгы кудуктун түбүнө шашыла түшүрө башташты.
— Токтогула! — Кудуктун түбүнөн анын үнү угулду.— Токтогула! Суу! Мен сууга жеттим!
Жандармдар чыгырыктын огуна асылып токтотушту.
— Мага өз үлүшүмдөн тышкары дагы он песо бересиңер,— деген Гиллермонун үнү угулду.
— Токтоп тур, сага он песону көрсөтүп коёмун! — деп кыйкырды кимдир бирөө
Анан баары чуулдай баштады:
— Бүгүн сени сууга тойгузабыз!
— Азыр арканды коё беребиз!
— Кесип таштайбыз, бүттү!
— Ошондо акча бөлүштүрүүгө келгенде бир киши кем болот!
— Суу абдан сасык экен,—деди кудук түбүнөн Гиллермонун араң чыккан үнү. — Чала өлүк кескелдириктер менен куштун тарпы жатат, жытына адам чыдап болбойт. Мүмкүн жылан да бар чыгар. Туура, ашыкча он песо мындай иш үчүн арзыбаган акы.
— Азыр сени чөгөрүп жиберебиз! — деп кыйкырды Рафаэль.
— Сени атып таштайм! — деп өкүрдү полиция башчысы.
— Атып таштайсызбы, же чөгөрүп жибересизби, —деген кудуктан Гиллермонун үнү чыкты. — Мындан сиздерге эч кандай пайда жок; акча кудук түбүндө кала берет.
Ортодо тынчтык өкүм сүрдү: жогорудагылар, кандай кылабыз дегендей, бири— бирине карашты.
— Гринголор болсо алыстагандан алыстап баратат,— деп Торрес ачуусун жашыра албады. — Сеньор Мариано Верхара- и- Ихос, сиздерде тартип жакшы экен. Жандармдарга сөзүңүз өткөнү ушулбу!
— Сизге бул жер Сан-Антонио эмес,— деп корс этти полиция башчысы. — Бул жер Хучитан токою. Менин күчүктөрүм Сан- Антониодо гана чын эти менен. кызмат кылат, бул жерде алар менен этият мамиледе болуу керек. Антпесек курутуп кетишет — анда иш бүттү дей бер.
— Баардыгы ушул каргыш тийген алтындын айынан! — деди капалуу, шартка моюн сунган Торрес. — Мындай жерде социалист болуп калуу да оңой: кандайдыр бир гринго алтын чидер Менен сот адилеттигинин колун байлап коёрун ойлоп көр.
— Күмүш чидер менен,— деп анын сөзүн ондоду полиция башчысы.
— Ай, барыңызчы ары! — деди Торрес. — Бул жер Хучитан токою, Сан-Антонио эмес, деп абдан туура айттыңыз, демек бул жерде сизге эркин жана катуу сүйлөй алам. Сиздин кызуу кандуулугуңузга ким күлүү? Баарыбыздын тилегибиз бир болуп турган учурда, арзыбаган нерселерге тартышып отурабызбы?
— Эй, силер угуп жатасыңарбы? — деген кайра Гиллермонун үнү угулду. — Суунун тереңдиги болгону бир метрдей экен. Демек мени чөгөрүп жибере албайсыңар. Суу түбүнө жеттим, колумда төрт песо турат. Кудуктун түбү күмүшкө толуп кетиптир. Эмне дейсиңер, арканды таштап жибересиңерби? Же ыпылас ишти аткарганым үчүн кошумча он песо аламынбы? Суунун түбү оозу ачылган мүрзөдөй сасып кетиптир.