— Ооба! Ооба! — деп кыйкырышты жандармдар кудум ичине ийилип.
— Эмне, ооба? Арканды таштайсыңарбы,
же кошумча оп песо бересиңерби?
— Беребиз! — деп бирдей жооп беришти.
— Ыйык олуялардын урматы үчүн тезирээк бол, тезирээк!
— деп кыйкырды полиция башчысы.
Кудук түбүнөн суунун шарпылдаганы жана сөгүнүү угулду, аркандын бошоңдогонунан улам жандармдар Гиллермо челектен сууга түшүп, акча терип жатканын байкашты.
— Акчаларды чакага сала бер,. сүйкүмдүү Гиллермо,— деп кыйкырды Рафаэль.
— Мен чөнтөгүмө салып жатам,— деген жооп угулду.— Чакага салсам аны тартып алып, мени унутуп коюшу мүмкүн.
— Жүк оорлук кылып жип үзүлүп кетиши ыктымал,— деп Рафаэль аны эскертти.
— Аркан чыдабашы мүмкүн, бирок менин эрким жетет, ооба, бош келбеймин,—деди Гиллермо.
— Аркан үзүлүп кетсечи?.. — деп Рафаэль кайра сөз баштамакчы болду.
— Эмне кылмак элем, ии, баса мунун да жолу бар,— деди Гиллермо. — Сен да төмөн түш. Ошондо мурда мени тартып чыгарышат, андан кийин акчаны, эң акырында сени тартып чыгарышат. Мына ошондо адилеттик болот.
— Рафаэль шашып калды. Анын оозу ачылып, эч нерсе дей албады.
— Жооп бер, Рафаэль, төмөн түшөсүңбү?
— Жок,— деп жооп берди ал. — Баардык күмүштү чөнтөгүңө салып алып чыга бер.
— Бул каргыш тийгирди, ага кошуп мени да жин урсун,— деп тынчсызданып бакырды полиция башчысы.
— Мен эчак эле айткам,— деди Торрес.
— Эй, тарткыла!
—деп кыйкырды Гиллермо!
— Сасыктан башка нерсенин баарын койбой терип алдым. Демим кысылып бара жатат. Тезирээк тарткыла, болбосо ушул жерде мүрт кетчүдөймүн,
мени менен кошо үч жүз песо да калат. Эмне ден жатам ыя: бул жерде үч жүздөн да көбүрөөк Гринго акчалуу мешогун бүт ушул жерге төккөн окшойт.
Бул убакта бир топ илгерилеп кеткей качкындар ачкалыктан кыйналып, оор дем алып бараткан аттарды эс алдырыш үчүн чыйыр жолдун тоого чыга. турган жеринде токтотушту:
Френсис ушул жерде аларды кууп жетти.
— Эми жаркылдаган тыйынсыз эч жакка саякат кылбаймын,— деди да, ал кароосуз калган плантацияга жашырынып алып, эмне көргөнүн айта баштады. — Билесиңби, Генри, өлгөндө да жаныма бир мешок акча ала кетем. Ал жерде да керек болуп калат: анткени, тиги дүйнөдө бизди эмнелер күтүп турганын кудайдан бөлөк эч ким билбейт. Угуп тургула! Жандармдар кудук жанында ит менен мышыктай тытышышты. Бири- бирине ишенишпеди,
өз жолдошун жанындагы акчасын калтырмайынча кудукка түшүрүшпөдү.
Жандармдар буйрукка баш ийбей коюшту. Башчы 45ою кыска жана кичинекейин кудукка түш, болбосо атып таштаймын деп коркутту. Анан ал кудук түбүнө түшүп алып, баркын көтөрө баштады. Баардыгы, албетте, ага убада беришти, бирок кудуктан чыккандан кийин аябай сабашты. Мен бул жакка келатканымда да аны сабап жатышкан.
— Бирок эми мешогуң бош калбадыбы,— деди Генри.
— Ооба, бул башыбызга түшкөн чоң бактысыздык,
— деп Френсис анын сөзүнө кошулду. — Акчам болгондо барбы, алар бизге эч качан жете алышмак эмес. Сыягы адаттан тышкары колу ачыктык кылып жибердим окшойт. Мынчалык арзан баага сатыларын билбептирмин.
Бирок азыр бир нерсени айтамын, ага оозуңар ачылып калат. Торрес, сеньор Торрес, сеньор Альварес Торрес, ошол келишкен жентльмен жана Соланолордун үй- бүлөсүнүн чын досу полиция башчысы менен бирге куугунчуларга.
башчылык кылып келатат! Анын жандармдар токтоп калганына аябай жини келүүдө. Шефтин жандармдарын баш ийдире албагандыгы үчүн ал аны менен аз жерден чырдаша кете жаздады. Ооба, туугандарым,
ал шефти жин тийгир деп тилдеди. Анын тилдегенин мен өз кулагым менен уктум.
Беш милче жерди токтобой чаап өткөн соң, аттар алдан кетип токтошту. Чыйыр жол бул жерден төмөн карай капчыгайга алып кирип, кайра тоого алып чыгат: Френсис жолду уланта бергиле деп коюп, өзү артта калды. Ал бир нече минут күтүп турду, жолдоштору кыйла узап кеткенден кийин, алардын артынан жөнөдү. Бир аздан соң калың чөп баскан ачык жерге чыкты да, аттын изин көрүп коркуп кетти: чын эле чым үстүндө аттын изи аяктай болуп чуңкурайып көрүнүп турган эле. Издин житине капкара май сыяктуу суюктук толуп калган болчу, Френсис суюктук чийки нефть экендигин дароо билди. Бул нефтинин алгачкы издери болчу — ал жогоруда агып жаткан арыктан сызып чыгып жаткан, арык болсо негизги агымдын бир тармагы болчу. Жүз кадамдай ары жактан Френсис агымдын өзүнө кезикти, ал тик жерден агып жаткан, эгер нефтинин ордуна суу акканда, бул жерде шаркыратма пайда болмок. Бирок коюу шире сыяктуу чийки нефть тоодон агып жатты. Нефть дарыясынан аттап өтпөс үчүн Френсис ушул жерде буктурма коймок болду; ал таш үстүнө олтуруп, бир жагына мылтыгын, экинчи жагына автомат-тапанчасын койду, анан өзү сигарета ороп түтөттү. Ошентип ал жакындап келе жаткан куугунчулардын үнүнө кулак сала баштады.
Мына ушул убакытта өлөрчө келтек жеген жана алдыда андан бетер азаптар күтүп турган пеон ансыз деле кара терге баткан бээсин камчылап, дал Френсистин үстү жагындагы капчыгайдан өтүп бараткан. Нефти кудугунун жанынан алсыраган жаныбар жыгылып калды, пеон атты тепкилеп турууга аргасыз кылды, аябай сабады, келтекке чыдабаган байкуш ат аксаңдап токойду көздөй качып жөнөдү. Бирок анын биринчи күнкү окуялары али аяктай элек болчу, аны пеон билген жок. Ал нефтини басып албас үчүн, таштын үстүнө бутун жыйыра, сигарета күйгүзүп кудуктан чыгып жаткан нефтини карап отурду: капысынан кимдир бирөөнүн үнүн угуп калып, жакын жердеги калың өсүмдүккө жашырынды; аңгыча эки бейтааныш киши көрүндү. Алар түз эле кудуктун жанына келишип, бөлүштүргүч кланындын темир бурагычын бурап, нефть агымын азайтышты.
— Болду! — деди көрүнүшүнөн башкаруучу кейиптенген адам. — Катуурак бураса басымдын күчтүүлүгүнөн түтүк жарылып кетиши мүмкүн бул тууралуу инженер гринго мага айткан.
Эми басымы аз, бирок дагы эле кооптуу көрүнгөн агым төмөн карай куюлуп жатты. Тиги кишилер ишин бүтүрө электе токойдон атчан кишилер чыга келишти, бекинип жаткан пеон өзүнүн кожоюнун, кошуналарын жана күзөтчүлөрүн дароо тааныды. Аларга качкын кулду издөө англичандардын түлкү уулаганы сыяктуу рахат берүүчү.
Жок, нефтичилер эч кимди көрүшпөдү. Бирок отряддын алдында келе жаткан плантатордун көзү аттын изине түшүп калды, астындагы атын теминип, из кууп таскактатып жөнөдү, калгандар анын артынан жөнөштү.
Үчөөнүн жүрөгү Жек Лондон
#42 01 Май 2016 - 22:59
Пеон алардын кетишин күтүп, сигарета тартып, кыялга батты. Бардыгы көздөн кайым болгон соң, жашынган жайынан акырын чыгып, нефть агымын тартипке салып туруучу механизмди акырына чейин ачып койду. Жер астындагы газдын басымынын күчтүүлүгүнөн нефть фонтандай атылып чыгып, дарыя сымал төмөн агып кете баштады. Пеон кулак түрдү, кудуктан чыккан газдын шоокуму, тарсылдаганы угулду. Бул жерде эмне болуп жатканын ал түшүнбөдү, бая сигарета чеккенде акыркы ширенкени пайдаланып койгону үчүн гана анын өмүрү кийинки окуялар үчүн аман калды. Самтыраган кийимин, кулактарын,
чачтарын тыткылап ширенке таба албады.
Ошондон кийин ал нефть дайрасына карады, ушунча байлыктын жок болушуна кубанып, капчыгайдын түбүндөгү кургак чөп- чарларды эстеп төмөн чуркады. Пеонду ал жерде автомат— тапанча кармаган Френсис күтүп алды. Пеон коркконунан канталап кеткен буттарын бүгүп тизеледи да, бир күндө эки жолу саткан адамынын алдында ырайым тилей баштады. Френсис аны тааныган жок: пеондун жүзү тытмаланып, бүтүндөй кан болуп калган эле.
Amigo,amigo! (дос!) —деп жалынып жатты ал.
Төмөндөгү чыйыр жол жакта бирөөнүн буту тийип кулаган таштардын шалдыраганы угулду. Ошол замат Френсис бул адам кейиптенген байкуш пенде баягы флягасындагы арактын тең жарымын ичкен пеон экенин тааныды.
— Ии, amigo,— деди Френсис ага жергиликтүү тилде,— артыңдан кууп келаткан окшойт ээ?
— Алар мени сабап өлтүрүшөт, аяшпайт,—деп шыбырады байкуш. — Сиз менин жападан— жалгыз ишенген жолдошумсуз, азыр атам да, энем да сизсиз! Мени куткарыңыз!
— Атканды билесиңби? — деп сурады андан Френсис.
— Өзүмдү кулдукка сатканыма чейин Кордильер тоосунда аңчылык кылчумун, сеньор.
Френсис анын колуна автомат-тапанча карматты да, качан гана ок жаңылыш кетпесине ишенгенден кийин ат деди. Френсис өзүнчө: «Территаунда азыр гольф ойноп жатышат. Миссис Беллингхем клубдун верандасында отуруп алып, уттуруп койгон акчасын кантип төлөрүнө баш катырып, мага да бере көр деп, кудайга жалбарып жаткан болсо керек. Мен болсо бул жердемин, эх кудай— ай, жолумду нефть тосуп турат...» — деп ойлоду.
Анын кыялын полиция башчысы, Торрес менен жандармдардын капысынан пайда болушу бузду. Френсис аларга ок атты, ошол замат алар жок болушту. Анын аткан огу бирөөнө тийдиби, же куугунчулар бир аз чегиндиби — муну ажырата албады. Алар түздөн-түз кол салууга батынышпады, ошондуктан дарактарга жашынып, абайлап аракеттенмек болушту. Френсис менен пеон да аларга окшоп, бадалдардын арасындагы асканын артына жашынып, орундарын бат- бат алмаштырып турушту.
Бир сааттан кийин Френсистин мылтыгында бир ок калды. Френсистин акылы менен коркутууларынан кийин пеондун тапанчасында эки ок калган эле. Бирок Леонсия менен анын жолдоштору бул мезгилдин ичинде бир сааттай илгерилеп кетишти, анын үстүнө Френсис каалаган убакта нефть дарыясынан өтүп жашырынышка ишеничи зор эле. Иш анчалык жаман эмес болчу жана арты ийгиликтүү бүтүшү мүмкүн эле, бирок жогор жактан дагы бир топ атчандар пайда болушту, алар да дарактарга жашынышып, ок ата ылдый түшө баштады. Булар качкын пеонду издеп жүргөн плантатор менен анын достору эле. Френсис болсо дагы бир полиция отряды изибизге түшкөн окшойт деп ойлоду; анын үстүнө атчандардын ок атуусу Френсистин болжолун ырастап турду.
Пеон Френсистин жанына жылып келип, тапанчанын ичинде эки ок калганын айтып, кайтарып берди да, анын ордуна ширеңке сурады. Андан кийин өзү капчыгайдан өтүп, сиз да өтүңүз деп Френсиске белги берди. Френсис пеондун нээтин түшүнүп, анын сөзүнө кирди, ыңгайлуу жаңы жайды ээлеп, жакындап келе жаткан отрядка карата мылтыктагы акыркы окту атып, аларды капчыгайга карап чегинүүгө аргасыз кылды.
Акыркы минутада пеон ширеңке чагып таштаган нефть дарыясы жалынга айланды. Дагы бир минутадан кийин тоо үстүндөгү нефть кудугунан атылып чыгып жаткан газ күйүп асманга көтөрүлдү. Бир аздан кийин жалындын агымы дарыя бойлоп төмөнгө, туура Торрес менен жандармдарды көздөй агып кетти.
Нефтинин жалындап күйгөн табынан алсырап суй жыгылчудай болгон Френсис менен пеон тоонун боору менен жогору чыгып, кайрылып артына карашты, алар нефтинин күйүп жатканын дагы бир жолу көрдү да, кайра чыйыр жол менен алга карай чуркап жөнөштү.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#43 01 Май 2016 - 23:01
О Н У Н Ч У Г Л А В А
Френсис менен пеон аман-эсен арылап качып кетишкенде, түбүндө нефть агып жаткан капчыгай жалындуу дарыяга айланып кеткен болчу. Торрес менен жандармдар үчүн тик кыядан жогору карай тырмышып чыгуудан бөлөк айла калбады. Плантатор кенен анын жолдоштору да капчыгай ичинде жалындап күйүп жаткан өрттөн качып, артка чегинүүгө аргасыз болушту.
Бат-бат артын карап бараткан пеон акырында куунактык менен биринчи кудук күйүп жаткан жерден бир аз арыраакта пайда болгон экинчи жалынды көрсөттү.
— Дагы бири! — деп кубанды ал. — Кудук тиги жерде да бар болчу! Бүт баары күйүп кетет. Аймакка бул дагы аздык кылат! Жеген келтектерим үчүн жазасын тартышсын. Билесизби, төмөнүрөөктө бүтүн бир нефть көлү, ал эмес чоңдугу Хучитандай келген нефть деңизи бар.
— Френсис плантатордун аз дегенде беш миллион баррель кара алтын сакталып турган нефть көлү тууралуу сүйлөгөн сөзүн эстеди. Бул нефтини кемелерге жүктөө үчүн деңиз жакка агызуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, топурак менен тосулган жасалма көлчүктөрдө ачык сакталчу.
— Сен канча турасың!— деп Френсис пеонго ишке тиешеси жок суроо берди.
— Пеон анын суроосун түшүнгөн жок. .
— Кийимдериң, үстүңдөгү нерселердин наркы канча турат?
— Жарым песо... жок, жарым песонун жарымы,— деп пеон уйпаланган кийимдерине карап, муңайыңкы мойнуна алды.
— Дагы эмнең бар?
Байкуш пеон таптакыр кедей экендигин билдирип колун жазды да, кайгылуу жооп берди:
— Карызымдан бөлөк эч нерсем жок. Карызым эки жүз дагы элүү песо. Бул карыздан өлөр— өлгүчө кутула албайм: адам рак оорусунан кутула албагандай, мен да карызымдан кутула албаймын. Ошондуктан плантатордун кулумун да.
— Хм! — деди Френсис, күлкүсүн тыя албай.— Демек сен эки жүз элүү песо турасыңбы, баары бир арзыбаган акча, ал турсун сан да эмес, математиктин түшүнүгүндөгү гана абстракттуу терс бирдик. Мына ушул ноль азыр миллион песо турган нефтиге өрт койду. Эгер бул жерде топурак борпоң болуп, тез жуулуп кете турган болсо, анда бүткүл нефти аянтын өрт каптайт — бул демек миллиард доллар деген сөз. Билесиңби, сен эки жүз элүү доллар турган абстракттуу бирдик эмессиң, сен чыныгы hombzeсиң!
Бул айтылган сөздөн пеон “hombze” дегенден бөлөгүн түшүнө алган жок.
— Мен адаммын,— деди ал сыймыктана көкүрөгүн кере канга боёлгон башын бийик көтөрүп —Ооба, мен hombze, мен майямын.
— Сен майя уруусунансыңбы? — деди Френсис шектүү,
— Жарым— жартылай,— деп пеон анча каалабай мойнуна алды. — Атам чыныгы майя. Ал Кордильерде жашачу, бирок майялык аялдар ага жакчу эмес. Ошол себептүү ал жылуу жактардагы метис кызды жакшы көрүп калыптыр. Андан мен төрөлүпмүн; бирок ал кийин Барбадостук негр менен качып кетет, атам болсо Кордильерге кайтып келген. Атама окшоп менин маңдайыма да метис кызга ашык болуу жазылган экен. Ал менден акча талап кылды, мен аны ушунчалык сүйчүмүн, акылымды жоготуп, өзүмдү эки жүз песого сатып жибердим. Ошондон бери, же аны, же акчаны көрбөдүм. Беш жылдан бери пеонмун. Беш жыл кул болуп, таяк жедим. Эмичи? Эми эки жүз гана эмес, эки жүз элүү песо карыздармын.
Френсис Морган менен майя уруусунун жапакеч тукуму жолдошторуна жетүү үчүн Кордильер тоосунун ичкерисине кирип бараткан кезде, Хучитандын нефтилүү талаалары буркурап жанып жаткан убакта алды жакта, бир топ узак Кордильер тоосунун дал борборунда шумдуктуудай окуялар күтүп жаткан болчу, бул окуялар качкындар менен куугунтуктоочуларды: бир жагында — Френсис, Генри, Леонсия, анын туугандары жана пеон, экинчи жагында — плантаторлор, полиция башчысы жетектеген жандармдардын отряды, Риган убада берген акчаны гана алыш үчүн эмес, Леонсия Соланону да өзүнүкү кылууга ашыгып жаткан Альварес Торрестерди тагдырдын бир жиби бириктирмек эле.
Үңкүрдүн ичинде бир аял менен бир эркек отурушту. Метис аял жаш жана сулуу эле. Ал арзан баалуу керосин менен күйүүчү чырактын жанында окуп жатты, анын колундагы музоонун териси менен тышталган китеп Блэкстондун30 испанча жазылган китеби болчу. Эркек да, аял да жылаң аяк, чүмкөмөлүү узун, жеңсиз көйнөкчөн. Жаш аялдын көйнөгүнүн чүмкөмөсү артка ташталып, калың кара чачтары далысына жайылып турат. Чалдын чүмкөмөсү болсо так эле монархтардыкындай маңдайына чейин түшүрүлгөн. Анын такыба, ойлуу жана кайраттуу кексе жүзүнөн темирдей эрктүүлүктүн белгиси көрүнүп турду. Мындай жүз бир гана испандыктарда болот. Мүмкүн, Дон Кихоттун жүзү да так ушундай болгондур. Абышканын көздөрү жумулган, аны сокур караңгылык түбөлүк курчап алган эле. Ал жел тегирменди эч качан көрө албайт жана аны менен согушууга чыга албайт болчу.
Абышка Родендин «Ойчулу» сыяктуу отуруп алып, сулуу метис кыздын окуганына элейип кулак салууда, бирок чал кыялкеч эмес, Дон Кихот сыяктуу жел тегирмен менен согушуу анын табиятына жат болчу. Дүйнөнү көрбөй калган сокурлугуна карабай, ал кайраттуу эле.
Анын жан-дүйнөсү сокур эмес болчу, нерселерди жана окуяларды катасыз терең түшүнүп, адамдардын жүрөгүн, жашыруун бузукулугун жана таза асыл ниеттерин көрө алчу.

#44 01 Май 2016 - 23:04
Ал колун жаңсап кызды токтотуп, окулгандар жөнүндө үн чыгарып ой жүгүртө баштады.
— Адамдар жараткан закон,—деди акырын жана ишеничтүү,— азыркы кезде акыл мелдешине окшойт. Алар акыйкатка эмес, софистикага негизденишет. Закондор адамдардын жыргалчылыгы үчүн түзүлгөн, бирок аларды түшүндүрүүдө жана колдонууда адамдар жасалма жолдор аркылуу барышат. Алар максатка жетчү жолду максаттын өзү, аракеттин ыгын болсо анын бүткөн натыйжасы деп ойлошот. Ошого карабай, закон — закон боюнча калат. Алар зарыл жана пайдалуу. А биздин заманыбызда аларды туш келди колдоно беришет. Судьялар менин адвокаттар бири-бири менен акыл ийкемин салыштырып мелдешишип, өздөрүнүн окумуштуу экенине мактанышат, бирок өздөрүнчө акча төлөгөн жана алардан амалкөйлүк менен акылмандуулукту эмес, акыйкат кылууну, чындыкты күтүп жаткан жабырлануучу жана жооп берүүчүнү унутуп коюшат.
Ошого карабай карыя Блэкстондуку туура. Калыстык кан тамырында болгон сыяктуу, закондордун негизинде ал асыл кишилердин чындык жана акыйкатка кызуу умтулуулары жатат. Устат бул жөнүндө эмне дейт? «Судья менен адвокаттар абдан эптүү чыгып калышты». Адамдардын жыргалчылыгы үчүн түзүлгөн закондор да ушунчалык чеберчилик менен бузулду дейсиң, эми жазыксызды да, күнөөкөрдү да коргоого жарабай калды. Бир гана семирип кеткен судьяларга жана өз душмандарынан, ал эмес өкүм чыгаруучу судьялардан акылдуураак экендигин далилдей алышса, атак-даңк кубалап, курсак байлаган семиз ач көз адвокаттарга кызмат кылып жатат.
Абышка унчукпай калды да, дагы эле Родендин «Ойчулу» сыяктуу отурган абалда ойго батты, анын бул көрүнүшү дүйнөнүн тагдырын таразага салып жаткандай эле; метис кыз болсо окууну улантуу үчүн анын адаттагы белгисин күттү. Акыры чал терең ойдон кутулуп, кайра сүйлөй баштады.
— Бирок бизде, Кордильер тоосунун Панама жагында, закон бардык күчү менен — адилеттүү жана баары үчүн тең боюнча сакталып калды. Ал кээ бир кишинин пайдасы үчүн, же байлардын жыргалы үчүн кызмат кылбайт. Адилеттүү жана калыс судьяга жука кездемеден эмес, боз кендирден тигилген кийим жарашат. Оку, Мерседес. Эгер туура окуса Блэкстондуку дайыма туура. Улантып оку! Блэкстон — бул инсан адилетчилигинин негизи, бирок, оо кудай,—Блэкстондун ысмына жамынышып, акылдуу адамдар кандай гана жамандыктарды жасашпайт.
Сокур философ он минутадай убакыттан кийин башын көтөрүп, абаны жыттап көрдү да, кол жаңсап кызды токтотту. Кыз да аны туурап абаны жыттап көрдү.
— Оо Адилеттүү, мүмкүн бул чырак жытыдыр! — деп жоромолдоду кыз.
— Жок, нефть күйүп жатат,— деп сокур каршы болду. — Чырактын буга эч кандай тиешеси жок. Анын үстүнө алыс жерде күйүп жатат. Капчыгай жактан атышуу да уккансыдым.
— Мен эч нерсе укканым жок...—деп кыз сөз баштады эле, абышка анын сөзүн бөлдү.
— Кызым, сен жарык дүйнөнү көрөсүң, ошондуктан сага меникиндей сезгич кулактын кереги жок. Капчыгайда мылтык атылды. Балдарыма айт, эмне болуп жатканын билип, мага кабарлашсын.
Жаш аял чалга урмат менен таазим кылып, эшикке илинген одеялды көтөрүп сыртка чыкты. Чал сокур болсо да, аялдын ар бир аракетин угуп, сезип алууга көнүп калгандыктан анын таазим кылганын билди. Үңкүрдүн оозунда эки пеон олтурган, экөөнүн тең мылтык жана мачетеси бар, куруна бычак кыстарылган. Кыз аларга буйрукту айтты: экөө тең ордунан туруп таазим кылышты, бирок кызга эмес, буйрук берген киши отурган жакка карап таазим кылышты. Анан алардын бири азыр эле өзү отурган ташты мачете менен уруп такылдатты да, кулагын төшөп тыңшап калды. Таш, бүткүл тоо бойлоп өткөн жана ушул жерден жердин үстүнө чыккан кендүү жайды бекитип турар эле. Ал эми тоонун аркы карама-каршы бетинде, Кордильер тоосунун кооз жаратылышы көзгө урунган бүркүт уяда башка бир пеон отурган. Ал да кварц ташына кулак төшөп, анан мачете менен ташты ургулап жооп берди. Андан кийин жарымы куурап калган бийик дарактын жанына келди Дарак пеон олтурган жайдан алты кадамдай ары жакта болчу. Ал көңдөйгө колун салып, ичинде асылып турган арканды коңгуроо чалгандай тартты.
дарактын өзүнчө соройгон чоң бутагы семафор сыяктуу өйдө-төмөн кыймылдады. Андан эки милче ары жактагы аскалуу тоонун чокусунан так ушундай эле семафор— дарактын жардамы менен жооп болду. Андан да ары жакка күзгү менен нурун чагылдырып, үңкүрдөгү сокурдун буйругун билдиришти. Тез арада Кордильер тоосунун бул бөлүгү шыңгыраган кен катмары, күндүн нуру менен шактардын кыймылдашы сыяктуу шарттуу тилде жанданып кетти.
Энрико Солано индей жигиттериндей болуп боюн тыкан кармап, атын таскактатып бара жатты. Ал Френсистин куугунчуларды алаксыткандыгынан колдон келишинче пайдаланууга аракеттенди. Алесандро менен Рикардо анын үзөңгүсүнөн кармап, эки жагында чуркап баратты, Леонсия менен Генри болсо анчалык шашылышкан жок. Френсис келе жатты бекен деп улам бир Леонсия бир Генри артына карап коюшат. Генри бир шылтоо таап артына кайрылды. Беш минутадай убакыттан кийин Генри сыяктуу Френсистен тынчсызданып жаткан Леонсия да атынын башын артка бурмакчы болду. Бирок ат Соланонун атынан артта калууну каалабай тик турду да, анан жер тепкилеп баспай койду. Леонсия ыргып түшүп, тизгинди жерге таштап, артын көздөй жөнөдү. Панамалыктар атты тушап, же байлап отурушпайт. Генри Френсис менен пеонду учуратканда кыз да тез чуркагандыктан аларга жетейин деп калган эле. Бир минутадан кийин экөө тең — Генри менен Френсис — кыздын ойлонбой иш кылганына кейишти, бирок ар биринин үнүндө махабат менен мээрим байкалып, бул болсо атаандаштардын жүрөгүндө кызганыч ойготту.
Махабат аларды абдан бийлеп алгандыктан, башка эч нерсе тууралуу ойлошкон жок. Ошол себептүү токойдон капысынан плантаторлордун отряды чыгып келгенде, алар селейип катып калышты. Бат эле башына таяк тие баштаган качкын пеон алардын арасынан табылганына карабай, пеондун кожоюну, Соланолор үй-бүлөсүнүн ишеничтүү досу бул жерде болгондо Леонсия менен эки Морганга эч ким тийишпеген болор эле. Бирок эки күндө бир кайталанып туруучу безгек плантатордун аргасын кетирген, ошондуктан азыр күйүп жаткан нефть талаасына жакын жерде титиреп-калтырап жаткан болчу.
Ошого карабай, пеонду сабап, аны тизе бүгүп ыраным суроого мажбур кылган плантаторлор Леонсияга рыцарларча сылыктык менен мамиле кылышты. Аттарын калтырып келген тоонун бооруна чыгуу мезгилинде Генри менен Френсистин колун байлап коюшса да, аларга анча оройлук кылышкан жок. Тескерисинче, Латын Америкалыктарга тиешелүү ырайымсыздык менен баардык каарын пеондон чыгарышты.
Бирок туткундарды алып, көздөгөн жерге жетип баруу аларга буюрган эмес экен. Капысынан тоонун боорунан кубанычтуу кыйкырып, өз башчылары менен Альварес Торрес жетекчилигиндеги жандармдар пайда болушту. Тез эле баардыгынын тили чыгып калды: түшүнүк берүүнү талап кылгандардын суроолору да, эмнегедир түшүндүрүүгө аракеттенгендердин жооптору да бул ызы-чууда угулбайт. Баары бири- бирине кулак салбай кыйкырып- өкүрүп, уу-дуу ашкан убакта Торс Френсиске баш ийкеп, Генриге жеңиштүү, мазактаган түрдө карап койду да, Леонсиянын алдына келип, чыныгы жигиттердей урмат менен баш ийди.

#45 01 Май 2016 - 23:21
— Кулак салыңыз,— деп акырын сүйлөдү ал, кыздын жек көрүп турганын байкап. — Менин нээтим тууралуу жаңылышпаңыз.
Мени туура түшүнүңүз. Сизди куткаруу жана ар кандай балакеттерден коргоп калуу үчүн бул жерде турам. Сиз кыялымдын ханшасысыз.
Мен сиз үчүн өлүмгө даярмын, бирок сиз үчүн жашоого дайым даяр болсом да, кубаныч менен жанымды тартуу кыламын.
— Сөзүңүздү түшүнбөдүм, — деп кескин жооп берди кыз. — Азыр сөз биздин жашообуз, же өлүмүбүз туурасындабы? Биз эч кимге жамандык кылганыбыз жок. Же мен, же атам, же Френсис Морган, же Генри Морган. Ошондуктан, сеньор, биздин жашообузга эч нерсе коркунуч салып жаткан жок.
Кыйкырык— өкүрүккө карабай, Генри менен Френсис, Леонсия менен Торрестин сөзүн укпай калбас үчүн кызга жакыныраак келип турушту.
— Генри Морганды, албетте, асып өлтүрүшөт,— деп сөзүн бекемдеди Торрес. — Атаңыздын бир тууган иниси, сиздин агаңыз Альфаро Соланону Генри өлтүргөнү далилденген. Аны куткаруунун мүмкүнчүлүгү жок. Бирок Френсис Морганды куткарып калышым мүмкүн, эгер...
— Эмне эгер? — деп сурады Леонсия, олжосун колуна түшүргөн жолборс сыяктуу тиштерин кычыратып.
— Эгер мага ыйбаа карап, турмушка чыксаңыз,— деп Торрес сөзүн кебелбестик менен бүтүрдү. Колдору байлануу, начар абалда турушкан эки грингонун көзүндө Торрести турган жеринде өлтүрүп жибергилери келгени көрүнүп турду.
Торрестин чын жүрөктөн ышкысы ташкындап, Леонсиянын колдорун кармады, бирок андан мурда Моргандар жакка аяр көз таштап, алар өзүнө эч кандай зыян келтире албастыгына дагы бир жолу ишенди.
— Леонсия,— деди ал жалынычтуу, —эгер сизге эр болсом, Генриге да кандайдыр пайдам тийиши мүмкүн. Эгер ал Панамадан тез чыгып кетүүгө ыраазы болсо, балким анын өмүрүн сактап калармын.
— Испандын гана ити! — деп кыжырданды Генри, артына кайыра байлаган колдорун бошотууга пайдасыз аракет жасап.
— Сен өзүң Американын итисиң! — деп кыйкырды Торрес, анан кулачын керип, Генрини тишке уруп жиберди.
Ошол замат Генри Торрести бөйрөккө тепкендиктен, ал өзүн кармай албай Френсис жакка темтеңдеп кетти: Френсис да токтоп турбай аны экинчи бөйрөккө тепти. Алар Торрести бири- бирине топтой тоголотуп жатышты, жандармдар акыры аларды кармап, колдорунун байлануусунан пайдаланып, ура баштады. Торрес жандармдарды көкүтүп гана тим болбостон, өзү да бычагын сууруп чыкты: латын америкалыктын каны кызыганда кан төгүлбөй калбагандай, бул жолу да иш кандуу кырсык менен бүтөрү анык эле, бирок ушул маалда жыйырмага жакын куралдуу атчан кишилер ың-жыңсыз калың токойдон чыгып, акырындык менен өкүмдү оз колдоруна алышты. Бул сырдуу бейтааныш кишилердин кээ бирөөлөрү матадан кийим кийип, кээ бирлери узун көйнөкчөн эле.
Жандармдар менен плантаторлор чокунуп, дуба окушуп, коркунуч менен артка чегиништи.
— Сокур каракчы! Каардуу судья! Булар ошонун адамдары. Өлдүк! — деген үндөр чыгып жатты "ар тараптан.
Бир гана киши — жабырланган пеон гана алга умтулду, сокур каракчынын адамдарына башчылык кылып жаткан олуттуу кишинин астына канга бөлөнгөн тизесин бүгүп чөгөлөдү, пеон арызданып, адилеттик тууралуу суранды.
— Кандай адилеттикти сурап жатканыңды билесиңби өзүң? — Деп отряд башчысы коңур үн менен сурады.
— Ооба, Каардуу Адилеттик жөнүндө,— деп жооп берди пеон. — Каардуу Адилетикке кайрылуу эмнелигин билемин, ошондой болсо да кайрыламын, себеби адилеттикке чаңкап турам, ишим болсо ак.
— Мен да Каардуу Адилеттикти талап кыламын,— деп кыйкырды Леонсия көздөрү жанып. Анан Френсис менен Генриге акырын сөз катты: — Бул Каардуу Адилеттик кандай болушуна карабай.
— Торрес менен полиция башчысынан күтө турган адилеттиктен жаман болбосо керек,— деп шыбырады Генри кызга, анан алдыга чечкиндүү кадам коюп, отряд башчысына үн катты: — Мен да Каардуу Адилеттикти талап кыламын.
Башчы башын ийкеди.
— Мен да,— оболу шыбырап, анан катуу айтты Френсис.
Сыягы жандармдарга баары бир эле, плантаторлор болсо, Сокур каракчы кандай өкүм чыгарса, ошого баш ийишерин билдиришти. Бир гана полиция башчысы нараазылык билдирди.
— Мүмкүн менин кимдигимди билбестирсиз? — деп сурады ал керкейип. — Мен Мариано Верхара- и- Ихосмун, кадимки беделдүү байлардын урпагынанмын, түпкү ата-бабаларым дайыма чоң иштерде турушкан. Мен Сан-Антонио полициясынын башчысы, губернатордун жакын досу, Панама республикасынын өкмөтүнө ишеничтүү адаммын. Мен өзүм законмун. Жалпы мамлекетибизде бүткүл Панама үчүн, Кордильер үчүн да бир гана закон бар. Бул тоого өзүңөр орноткон жана силер Каардуу Адилеттик деп атап жаткан законго каршылык билдиремин. Сокур каракчыңызды камакка алуу үчүн аскер жиберемин; аны СанХуан түрмөсүнө салып, этин куштарга жем кыламын.
— Сиз азыр Сан-Антониодо эмес, Хучитан токоюнда экендигиңизди унутпастыгыңызга кеңеш берем,— деп Торрес жинденип жаткан полиция башчысына шылдыңдуу эскертти. — Анын үстүнө бул жерде эч кандай армияңыз да жок.
— Мына бул экөө Каардуу Адилеттикти талап кылып жаткан адамдардын бирөө— жарымын капа кылганбы? — деп кескин сурады башчы.
— Ооба,— деди пеон. — Алар мени сабашты. Баары мени сабашты. Эч кандай себепсиз мына булар да мени урушту, колдорумдун жоору чыгып, бүткүл денем канталап көгөрүп кеткен. Мен дагы ырайым кылууңуздарды жана мына бул экөөнү айыптаймын.
Башчы баш ийкеп, ишара менен өзүнүн адамдарына туткунга түшкөндөрдү куралсыздандырып, жолго түшүүнү буюрду.
— Адилеттикти! .. Мен да баары үчүн бирдей адилеттикти талап кыламын! — деп кыйкырды Генри. — Менин колум артыма кайрылып таңылып коюлган. Же баарынын колу байлансын, же биздин да колубузду чечишсин. Байланган боюнча кишинин жол жүрүшү кыйын.
Башчынын жүзүндө күлкүнүн белгилери пайда болду жана ал өзүнүн адамдарына жипти кесүүнү буюрду. Бул Генринин датынын адилеттүүлүгүнүн далили эле.
— Өх! — деп Френсис Леонсия менен Генриге амалкөйлүк менен карап койду. — Эгер эсимден чыкпаган болсо, мындан бир миллион жыл мурда Нью-Йорк деп аталган бир тынч элет шаарда жашачумун, өзүбүздү баёлук менен жан кечти баш кесер катары самачубуз, анткени гольф ойночубуз, Таммаий-Холл31 менен согушчубуз, бир күнү полиция инспекторун электр стулуна жөнөтүүгө жардамдашканбыз жана көзүнө карабай болушунча пара алчубуз.
— Эх! — деп кыйкырды Генри арадан жарым саат өткөндөн кийин, алар тоо чокулары даана көрүнө турган жерге чыгышканда. — Ой, шайтандар ой! Бул узун көйнөк кийген куралдуу жигиттер анчалык жапайы эмес экен го. Карачы, Френсис! Бүтүндөй бир сигнал берчү система! Тетиги даракты көрүп турасыңбы, андан ары жагындагы чоң дарактын бутактарынын силкинип жатканын кара.

#46 01 Май 2016 - 23:24
Акыры бир нече миль жолду туткундардын көздөрүн таңып алып барышты, анан алардын көздөрүн чечишпей, Каардуу Акыйкат бийлик кылган үңкүргө алып киришти. Көздөрүн чечишкенден кийин, туткундар кенен жана бийик үңкүргө кирип калышкандарын байкашты. Үңкүрдү абдан көп шамдар жарык кылып турат, бет алдыларында таштан оюп жасалган такты үстүндө сокур абышка: бут алдында анын тизесине далысын жөлөп сулуу метис кыз отурат.
Сокур чал сүйлөй баштады; анын үнү күмүш коңгуроонун үнүндөй таза жана бийик, сөзү — көп жашаган жана оор турмуштун тажрыйбасын арыткан даанышман кишилердикиндей олуттуу эле.
— Силер Каардуу Адилеттикти талап кылыпсыздар. Кулак силерде. Калыс жана адилеттүү законду ким талап кылып жатат?
Баардыгы эрксизден артка чегиништи, ал эмес полиция башчысы да Кордильер закондоруна каршы турууга батына албады.
— Араңарда аял киши бар экен,— деп сөзүн улады Сокур каракчы. — Биринчи болуп ошол сүйлөсүн. Баардык пенденин — эркектердин да, аялдардын да — күнөөсү болот, же жок дегенде айлана-тегерегиндегилер күнөөлүү деп ойлошот.
Генри менен Френсис Леонсияны токтотмокчу болушту, бирок ал экөөнө тең жылмаюу тартуулап. Адилет калыска коңгуроодой үнү менен даана— даана сүйлөдү:
— Мен жигитимди адам өлтүрдүң деп негизсиз күнөөлөп асмакчы болушканда, кутулуп кетүүсүнө жардам берген элем, болгон күнөөм ушул.
— Сөзүңдү уктум,— деди сокур каракчы.— Эми мага жакыныраак кел.
Узун көйнөк кийген кишилер Леонсияны сокурдун алдына алып келип, тизе бүгүүгө мажбур кылды; ага ашык болгон эки Морган тең кыздын ар бир аракетин тынчсыздануу менен карап турушту. Метис кыз чалдын колун Леонсиянын башына койду. Бир минут үңкүрдө салтанаттуу тынчтык өкүм сүрдү. Чал колун кыздын маңдайына коюп, тамырынын согушун кармалап, Леонсиянын маңдайында турду. Анан ал колун кармап, боюн артка таштады да, ойлоно баштады.
— Тур, сеньорита,— деди ал. — Сенин жүрөгүңдө жамандык жок. Сен эркинсиң... Дагы ким Каардуу Адилеттикти талап кылат?
Френсис ошол замат алдыга кадам койду:
— Мен да адилетсиздик менен өлүмгө өкүм кылынган ошол адамдын кутулушуна жардамдашкам. Биз алыс тууганбыз, фамилиябыз да бир.
Френсис да тизе бүктү жана чалдын жумшак манжалары анын каштары менен чыкыйын сыйпагылап, анан билегинен кармап, тамыр согушун байкаганын сезип турду.
— Мага баары түшүнүктүү эмес,— деди сокур. — Жүрөгүңдө тынчтык, токтоолук жок. Сени бир нерсе кыйнап жатат.
Ушул мөөнөттө пеон капысынан алдыга чыгып, уруксатсыз эле сүйлөй баштады. Анын үнүн угуп, айланада турган кишилер, ал бир кудайга тил тийгизген немеден бетер селт этип кетишти.
— Оо, Адилеттүү, бул адамды коё бер,— деп жалбарды пеон. — Бүгүн мен алсыздык кылып, аны эки жолу душмандарына саттым, ал болсо бир күндө эки жолу мени коргоп, душмандарымдан куткарып калды.
Ушундай деди да, пеон бүгүн көп чөгөлөгөнү менен, адилеттүү закон жүргүзүүчүнүн алдында биринчи жолу тизе бүктү. Ар кандай ырым-жырымга ишенген неме, коркконунан калтырап жана алсырап, алдында качандыр бир кезде адам баласы тизе бүккөн бөтөнчө судьянын манжалары маңдайын жеңил жана тез сыйпалап жатканын сезип турду. Бул бармактар пеондун денесиндеги, ал гана эмес далысы менен артындагы баардык тырыктарын жана тактарын текшерип чыкты.
— Тиги адам да эркин болушу мүмкүн! — деп жарыялады Адилеттүү калыс. — Ошондой болсо да аны бир нерсе кыйнап жатат. Кеп эмнеде экендигин биле турган, бизге айтып бере турган адам жокпу бул жерде?
Сокур анын жүрөгүндөгүлөрдү сезгендигин Френсис дароо түшүндү: аны Леонсияга болгон махабаты кыйнап жатты жана анын Генриге берилгендигине салакасы тийбесе экен деп коркчу. Муну Леонсия да абдан тез түшүндү, жаштар бири-бири менен түшүндүм дегендей маанилүү карап алышканын, анан экөөнүн уялышып көздөрүн ала качкандыгын сокур чал байкаганда, Френсистин толкундангандыгынын себебин катасыз билип алган болор эле. Метис кыз болсо муну байкады жана бул махабаттын итпи экенин түшүндү. Бул Генринин да көз жаздымында калган жок, анан ал эрксизден кабагын бүркөдү.
Адилеттүү абышка кайрадан тилге кирди.
— Бул махабат менен байланыштуу болсо керек,— деди ал. — Аял заты дайыма эркектердин жүрөгүнө салып келаткан азап. Ошондой болсо да бул адамга эркиндик беремин. Ал бир күндө өзүн эки жолу саткан адамга эки жолу жардамга колун созгон. Аны кусалык эзип жатат — ошого карабай ал өлүмгө себепсиз өкүм кылынган кишиге жардам берген. Ал адамды да сынап көрүш керек. Мындан сырткары алдыма тизе бүгүп турган, өзүн куткарып калыш үчүн бүгүн эки жолу эрксиздик кылган, азыр болсо өзү жөнүндө унутуп салып, азаматтык жана эрдик көрсөткөн, ырайымсыз токмоктолгон пеонду эмне кылууну да чечүү керек.

#47 01 Май 2016 - 23:35
Ал ийилип пеондун өңү — башын сыйпалап көрө баштады.
— Сен өлүмдөн коркосуңбу? — деп капысынан сурады ал.
— Оо Улуу жана ыйык адам, абдан коркомун! — деп жооп берди пеон.
— Андай болсо бул адам жөнүндө калп айттым деп айт. Анын эки жолу жардамга колун созгону калп деп айтсаң, аман каласың.
Пеон бүрүшүп, сокурдун манжалары астында унчукпай туруп калды.
— Жакшылап ойлонуп көр,— деп абышка ага катуу эскертти. — Өлүм — коркунучтуу. Түбөлүк жансыздыкка айлануу, топурак менен ташка окшоп катып калуу — коркунучтуу эмей эмне! Калп сүйлөдүм десең, өз өмүрүңдү сактап каласың. Кана, сүйлө!
Пеондун үнүндө коркуу сезилип турса да, өзүн айкөл жана баатыр кишилердей кармоого күч тапты.
— Оо ыйык адам, мен бул адамды эки жолу саттым. Мен Петр эмесмин да, ошондуктан ага үчүнчү жолу чыккынчылык кылбайм. Мен өлүмдөн абдан корком, ошондой болсо да үчүнчү жолу чыккынчылык кыла албаймын.
Сокур калыс денесин артка таштады, жүзү ички бир нур менен жарык болгондой, өзгөрүп кетти.
— Жакшы айттың! — деди ал. — Жүрөгүң — чыныгы адамдын жүрөгү. Эми менин өкүмүмдү ук: ушул мөөнөттөн баштап өмүрүңдүн акырына чейин адамдарча ойлойсуң жана адамдарча иштейсиң. Мал сыяктуу түбөлүк жашагандан көрө, адам сыяктуу өлгөн жакшыраак. Экклезиастыкы туура эмес. Өлгөн арстан тирүү чычкандан өйдө! Бар эми, кайрадан төрөлгөн уулум, сен эркинсиң!
Метис кыздын белгиси менен пеон ордунан туруп жатканда сокур калыс аны капысынан токтотуп калды.
— Бүгүн гана адамга айланган киши, мага айтчы, баардык кайгы- муңуңдун башкы себеби эмнеде?
— О Адилеттүүм, менин байкуш жүрөгүм жылуу жердик каны аралаш аял махабатына зар эле. Ошо деп плантаторго эки жүз песо карыз болдум. Ал болсо акчаны алып башка бирөө менен качып кетти. Мен плантаторго кул болуп калдым. Ал жаман адам эмес, бирок плантатор да. Мен эмгек кылдым, келтектерге чыдадым, беш жыл азап чектим, а карызмын азыр эки жүз элүү песого жетти; менин сөөгүм менен теримден башка эч нерсем калган жок, кийимдерим да минтип самтырап кеткен.
— Ошол аял абдан жакшы беле? — деп сокур калыс мээримдүү сурады.
— О ыйык адам, ал үчүн акылымдан адаштым. Азыр ойлосом, жакшы деле аял эмес экен. Бирок ошол убакта мага андан сонун аял жок эле. Ага болгон махабатым жүрөгүм менен акылымды алып, өзүмдү кулга айландырды. Ал болсо биринчи түнү эле качып кетти. Андан бери аны көрө элекмин.
Пеон тизе бүккөн калыбында башын ийип күтүп турду. Сокур каракчы болсо, баардыгын таң калтыра, терең күрсүнүп, баардык нерсени унуткан сыяктуу болду. Анан колун эрксизден метис кыздын башына коюп, жалтыраган капкара чачтарын сылады.
— Аял... —деп ушунчалык акырын сүйлөдү, анын таптаза коңгуроо сыяктуу сыйкырдуу үнү азыр шыбырагандай угулду.— Түбөлүк аял, сулуу аял! Баардык аялдар... эркектер үчүн сулуу Алар аталарыбызды сүйүшкөн; алар бизге өмүр тартуулаган; биз аларды сүйөбүз; кыздарын сүйүп жана аларды сулуум деп атасын үчүн бизге уул төрөп беришет — дайыма ушундай болгон, жер жүзүндө адам жана адамдык махабат бар жана ар дайым ушундай болот.
Үңкүрдө тынчтык өкүм сүрдү, Каардуу калыс болсо өз ою менен алек болду. Акыры сулуу метис кыз жароокерлик менен аны түрттү да, дагы эле алдыда тизелеп отурган пеонду эстөөгө мажбур кылды.
— Өкүмүм мындай,— деди сокур,— сен көп токмок жеген экенсиң. Денеңе тийген ар бир токмок плантаторго кайтарылган карызың болгон. Сен эркинсиң Бара бер. Бирок тоодо кал. Аялдарды сүйгүң келсе, деги эле аялдарсыз эркектердин турмушу турмуш эмес, бул жолу тоолук аялды сүй. Бар, сен эркинсиң. Сен жарым майясың, ошондойбу?
— Ооба, жарым майямын,— деди пеон. — Атам — майя.
— Ордуңан тур да, кете бер. Майя атаң менен тоодо кал, жылуу жерлер — Кордильерде туулган кишинин жайы эмес. Сенин плантаторуң бул жерде жок, ошондуктан, аны соттой албайбыз. Плантатор плантатор бойдон калат. Анын достору өздөрүн эркинмин деп эсептешсин.
Каардуу калыс бир нерсени күткөн сыяктуу олтурду, Генри да күттү, анан өзүн чакыра электе ордунан туруп, алдыга кадам таштады.
— Киши өлтүрүүдө айыпталып, өлүмгө өкүм кылынган адам менмин,— деди ал чечкиндүү,— бирок мен адам өлтүргөн эмесмин. Өлгөн адам мен сүйгөн кыздын агасы эле, эгер Кордильерде, ушул үңкүрдө чын эле адилеттик болсо, мен ушул кызга үйлөнөм.
Ал сүйлөп бүтө элегинде полиция башчысы анын сөзүн бөлүп жиберди:
— Бул сеньоританын агасын өлтүрөмүн деп коркутканын жыйырмадай киши уккан. Бир сааттан кийин бул грингону али сууй элек өлүктүн үстүнөн көрдүк.
— Ал туура сүйлөп жатат,— деп ырастады Генри. — Мен чын эле ал кишини коркутмакчы болгон элем. Экөөбүз тең кызуу кандуубуз, анын үстүнө шарап ичип алган элек. Сууй элек өлүктүн үстүндө турганымда жандармдар жетип келишти. Бирок мен аны өлтүргөн эмесмин. Караңгыда кандай суу жүрөк аркасынан келип бычак сайганын билбейм, элестете да албаймын.
— Сурак кылуум үчүн экөөңөр тең тизелеп олтургула,— деп буюрду сокур каракчы.
Ал сезгич жана акылдуу манжалары менен узак сурак кылды. Бул манжалар эки эркектин жүздөрүн узак сыйпалады: сокур каракчы тамырларынын согушун да байкап көрдү — ошого карабай бир чечимге келе албады.
— Бул иште аял киши аралашканбы? — деп чындыкты сурады Генри Моргандан.
— Ооба, бир сулуу аял. Мен аны сүйөмүн.
— Жүрөгүңдөн махабаттын орун алганы жакшы, себеби аялга ашык болбогон эркек чыныгы эркек эмес,— деди судья. Анан полиция башчысына карап, кошумчалады: — Мына сенин жүрөгүңдү аял киши жаралаган эмес, ошого карабай, сени да эмнедир эзип жатат. Бул адам жөнүндө,—деп Генрини көрсөттү,— анын жүрөгүн бир гана аял кишиге болгон сезим жаралабаган болсо керек. Мүмкүн буга жалгыз өзүң айыптуудурсуң, мүмкүн жалгыз анын сага каршы кара ниеттен ачууланып жатканы себепчидир. Экөөңөр тең ордуңардан тургула. Мен силерге калыстык кыла албаймын. Бирок катасыз жооп бере турган бир сыноо бар: бул куш менен жылан сыноосу. Кудай канчалык күнөөдөн алыс болсо, бул сыноо да ошондой, анткени ал адилеттик орнотот. Блэкстондун да кудай соту менен сыноо акыйкатты аныктоодо жардам берет деп айтканы бар.

#48 01 Май 2016 - 23:40
О Н Б И Р И Н Ч И Г Л А В А
Сокур каракчынын ээлеген аймагынын так ортосунда тереңдиги он фут, диаметри отуз фут келе турган чуңкур бар эле, ал бука сүзүштүрүүчү чакан майданга кадимкидей жарамак. Бул түбү тегиз, дубалдары тик чуңкур, табыйгый жол менен пайда болгон жана табийгаттын ажайып бир жайы болгондуктан, аны жасап— түзөө үчүн адамзаттын колу да тийген эмес. Узун мата көйнөкчөн каракчылар, плантаторлор жана жандармдар — Каардуу калыс менен метис кыздан бөлөгү бүт ушул жерге чогулган эле; бардыгы, бука сүзүштүрүүгө, же гладиаторлордун кармашына чогулган көрүүчүлөр сыңары чуңкур четинде жарданып турушту.
Аларды туткунга алган отряддын ачуулуу башчысынын ишарасы менен Генри жана полиция башчысы шаты менен чуңкурга түшүштү. Алардын артынан отряд башчысы менен бир нече каракчы түштү.
— Азыр эмне болорун кудайдан башка эч ким билбейт,— деди Генри англис тилинде', жогору жакта калган Леонсия менен Френсиске карап. — Бирок бул өмүр, же өлүм үчүн күрөшүү болсо, чалуу, тиштөө жана Маркиз Куинсбери, же Лондондогу сыйлык үчүн күрөш закону боюнча боксташууга уруксат берсе чедирейген шеф менин олжом болот. Анткени менен, абышка акылдуу, бул кармашууга мүмкүнчүлүктөрүбүз тең болушунун чарасын көрөр, албетте. Мындай кылабыз: эгер шеф мени үстөмөндөтсө, силер мен тараптуу болгонуңар үчүн бармагыңарды көтөрүп, үнүңөрдүн болушунча кыйкыргыла. Шектенбесеңер да болот: эгер мен аны жеңсем, анын кишилери бармактарын өйдө көтөрөт.
Чуңкур жаман таасир көрсөткөн полиция башчысы отряд башчысына испан тилинде кайрылды.
— Мен бул адам менен кармашпайм, — деди Мариано Верхара-и-Ихос. — Ал менден жаш, деми жакшы. Мындан сырткары, бул адилеттик эмес. Панама республикасынын законуна ылайык мындай өкүм жок. Мен болсо Кордильердин Панамага баш ийбестигин жана законго туура эмес иштерди кабыл кыла албаймын.
— Бул Жылан менен Куш сыноосу,— деп анын сөзүн бөлдү башчы. — Сен Жылан болосуң. Колуңа мына бул мылтыкты карматат. Тиги киши Куш болот. Ага коңгуроо карматып коёбуз. Карап тур! Сыноо кандай болорун азыр түшүнүп аласың.
Анын буйругу менен каракчылардын бирине мылтык берип көзүн байлап койду. Көзү таңылган экинчи каракчыга коңгуроо карматышты.
— Мылтыктуу киши — Жылан,— деди башчы. — Ал Кушту — коңгуроону кармаган кишини карай бир жолу ок атууга укуктуу.
Анын ишарасы менен экинчи каракчы коңгуроо кармаган колун созуп шыңгыратты да, шарт четке боло берди. Биринчи каракчы коңгуроо үнүнө кулак салып туруп, болжолдоп кароолго алды да, атып жаткандай аракет жасады.
— Түшүнүктүүбү? — деп сурады отряд башчысы Генри менен анын душманынан.
Генри жооп кылып баш ийкеп, полиция башчысы болсо кубанганынан шилекейине чакап, кыйкырып жиберди:
— Мен жылан боломунбу?
— Ооба,—деп баш ийкеди башчы.
Полиция башчысы эми Кордильердин эркиндиги жана мындай соттун законсуздугуна каршы нааразылык билдирип отурбай, шашылып мылтыкты алды.
— Ого, мени өлтүрүүгө аракеттенет экенсиз да? — деди Генри аны опузалап.
— Жок, сеньор Морган. Аракет кылбайм, түз эле жер кучактатып коё салам. Панамада эки жакшы мерген бар болсо, анын бири менмин. Мергенчилигим үчүн кырктан ашык медаль алганмын. Мен көзүмдү жумуп да атышым мүмкүн. Мен караңгыда да көп атчумун, ошондо бир да аткан огум жаза кетчү эмес. Кыскасы өзүңүздү тиги дүйнөдөмүн деп эсептей берсеңиз болот.
Мылтыкка бир ок салышты, анан полиция башчысынын көзүн таңышып, колуна мылтыкты карматты да, дубал жакты каратып коюшту. Генриге анын жайын чыккынчылык менен билдирип туруучу коңгуроону карматып, дубалдын карама-каршы жагына коюшту. Анан каракчылар чуңкурдан чыгышып, шатыны тартып алышты, алардын башчысы жогору чыгып алгандан кийин мындай деди:
— Көңүл коюп кулак салыңыз, сеньор Жылан, сөзүмдү угуп боло элегиңизде ордуңуздан жылбаңыз. Жыландын бир огу бар. Анын көзү байланган чүпүрөктү жылдырууга акысы жок. Эгер жылдыра турган болсо, аны дароо өлтүрүүгө аргасыз болобуз. Бирок жыландын карамагында убакыт көп. Ал бир огун аткыча бүгүн кечке чейин, түнү менен кыскасы каалашынча аңдышы мүмкүн. Кушка келгенде болсо — коңгуроонун шыңгырашын токтотуу үчүн анын тилине тийбеши керек. Эгер Куш ушул законду аткарбай турган болсо, ошол замат өлтүрүлөт. Биз жогоруда, үстүңөрдө карап турабыз, сеньорлор, колубузда мылтык, ким законду бузса, ошол замат өлтүрүлөт. Мына эми баштагыла, кудай иши актын тарабында болот!
Полиция башчысы акырын бурулуп, кулак салды: Генри коомайлана четке бир кадам жасады, коңгуроо шыңгырап кетти. Мылтыктын оозу тез көтөрүлүп, аны кароолго ала баштады. Генри чуңкурда тыяк-быякка чуркады, мылтыктын оозу сая түшүп көзөмөлдөп жүрдү. Генри коңгуроону түз сунулган бир колунан экинчи колуна алмаштырды да, өзү четке чыга берди — мылтыктын оозу да түз бурулуп, кайра ага туураланды. Бирок полиция башчысы бир окту байкоосуздан атып коё турган кадыресе жөнөкөй неме эмес эле, ал акырын жана этияттык менен чуңкурду кесип өтө баштады. Генри бир орунда кыймылдабай туруп калды, коңгуроонун үнү да басылды.
Полиция башчысынын сак кулагы коңгуроонун күмүштөй шыңгыраган үнү акыркы жолу угулган жайды ушунчалык анык белгилеп алган эле, көзү байлануу болгонуна карабай, түз эле Генрини көздөй жүрүп анын жанына, так эле коңгуроо кармап турган колунун астына келип калды. Генри аябагандай этияттык менен үн чыгарбоого аракеттенип, колун бир аз жогорураак көтөрдү эле, душманы анын кол астынан коңгуроого тиер-тийбес болуп өтүп кетти.
Полиция башчысы мылтыкты кезеген калыпта дубалдан жарым фут бери ыргылжың болуп токтоп калды, бир аз кулак салып, анан бир кадам койгон эле, мылтыктын учу дубалга такалды. Ал тез артына кайрылып, сокурлардай душманын издеп мылтык менен абаны өйдө-төмөн кескилеп аңтара баштады. Генри шашылып четке секирди, коңгуроону токтоосуз шыңгыратты, өзү ары-бери секирип турбаганда мылтыктын оозу Генриге албетте кадалган болор эле.

#49 01 Май 2016 - 23:42
Генри чуңкурдун ортосуна токтоп, кыймылдабай турду. Анын душманы бир метрдей жанынан өтүп, бет маңдайындагы дубалга барып такалды. Ошондон кийин ал мышык сыяктуу акырын кадамдап, мылтык менен эки жанын тынымсыз тинтип, дубалды жээктеп жүрө баштады. Анан чуңкурдун тиги бетинен бул бетине бир нече жолу кесип өтүп, Генрини таба албады. Коңгуроо үнсүз турган эле. Ошондон кийин полиция башчысы амалдуу ыкманы колдонду. Кыдырууну кай жерден баштаганын белгилеап алыш үчүн шляпасын жерге таштады да, эң жакын аралыктан чуңкурду кесип өттү, аанан дубал жээктеп үч кадам таштап, чуңкурдун кененирээк жеринен кесип өтө баштады. Дубал жээктеп дагы үч кадам таштады да, мурдагы өтакөн эки сызыгы бири- бирине жарыш экендигин шляпасынын жаткан жерине салыштырып текшерип, анан шляпадан дубал жээктеп, дагы үч кадам өлчөдү да, чуңкурдун үчүнчү жеринен кесип өтө баштады. „
Генри согуш талаасын анын кандай текшерип жатканын көрүп, иш начар, душман менен жолугушуудан кутулуп болбойт, деп ойлоду. 0шентип ал душман таап алгыча күтүп отурбады. Коңгуроону шыңгыратып, аны бир колунан экинчисине алып, чуңкур ичинде ары-бери чуркап өттү, анан бир жерде кыймылдабай катып калды.
Полиция башчысы душманын табуу үчүн машакаттуу кыдыруусун кайра баштады, бирок Генри нерв тамырларын азапка салуучу бул оюнду создуктуруу ниетинде эмес болчу. Ал полиция башчысын эң акыркы сызыктан өтүп, өзүнө бетме-бет келгиче күтүп турду. Мылтыктын оозу так жүрөгүнүн тушунан бир нече карыш ары көкүрөгүнө барабар көтөрүлүшүн күтүп турду да, мылтыктын оозу жогоруда калыш үчүн тез отура калып, үнүнүн бардыгынча кыйкырды:
—Ат!
Бул ушунчалык капысынан болгондуктан полиция башчысы машааны басып жиберди. Ок Генринин башынан ары чуулдап өтүп кетти. Жогорудан кол чабуулар угулду. Генрини узун таар көйнөкчөн каракчылар куттуктап жаткан эле. Полиция башчысы көзүндөгү жоолугун алып, маңдайында күлүп-жайнап турган душманды көрдү.
-Абдан жакшы, кудай өз ыраачылыгын билдирди,- деп жарыялады каракчылардын башчысы, чуңкурга түшүп келатып.
-Ок тийбеген адам күнөөсүз. Эми башкасын сыноо калды.
-Мениби?- деп чыңырып жиберди коркконунан жана мындай болорун күтпөгөндүктөн шашып калган полиция башчысы.
-Куттуктайм шеф, - деди Генди шылдыңдуу. — Сиз чындап эле мени өлтүрүүгө аракеттендиңиз. Эми менин кезегим. Мылтыкты мага бериңиз.
Иши оңунан келбегенине жана ачуудан көзүнө кан толгон полиция башчысы жалгыз ок салынганын унутуп коюп, мылтыкты Генринин жүрөгүнө такап, машааны басты. Мылтыктын тарс этип чыккан үнү угулду.
-Абдан жакшы,деди башчы анын колунан мылтыкты алып октоп жатып. — сенин бул кылыгың тууралуу кабар кылабыз. Сыноо улантылат: бирок кудай сүйгөн киши сен эместигиң көрүнүп турат.
Полиция башчысы майдандын кайсы жерине жашынаарын билбей, амфитеатрдагы адилетсиз адамдарга көзүн алайткан айласыз жарадар бука сыяктуу жогору карады да, каракчылардын мылтыктарын, Леонсия менен Френсистин салтанаттуу жүзүн, жандармдардын кызыгуу менен карап турган өңдөрүн жана букалар сүзүшүн тамаша кылып жаткан күйөрмандар сыяктуу көздөрүнө кан толгон плантаторлорду көрдү.
Башчы Генриге мылтыкты берип, көзүн таңып жатканда, анын олуттуу жумулган эриндеринде бир аз жылмаюу пайда болду.
— Мен даярданып болгуча эмнеге аны дубалга каратып койбойсуз? — ден сурады полиция башчысы ачуулангандыктан колундагы калтыраган күмүш коңгуроо шыңгырап.
— Себеби ал кудайга жаккан адам, — деген жооп угулду. — Ал сыноодон өттү. Демек, ал кыянат иш жасабайт. Кудай сыноосунун сотунан өтүш кезеги эми сага келди. Эгер сен чыныгы асыл адам болсоң, Жылан сага эч кандай зыян келтире албайт. Кудайдын буйругу ушундай.
Полиция башчысы олжо ролунда ойногонго караганда, уучу ролунда тыңыраак эле. Ал Генринин бет маңдайында кыймылдабоого аракеттенип көрдү, бирок мылтыктын оозу гана жакындай баштаары менен мээсинин чыдамы жетпей колу калтырап, коңгуроо шыңгырап кетти. Мылтык дээрлик кыймылдабай калды — мылтыктын оозу гана коңгуроонун үнүн ээрчип, коркунучтуу кыймылдап турду. Полиция башчысы коңгуроону шыңгыратпас үчүн калтырагын басууга жөнү жок аракеттенип жатты. Ошондон кийин шеф коңгуроону бир четке ыргытып жиберип, бетин басып жерге жатып калды. Генри анын денеси күп этип жерге түшкөнүн угуп, мылтыктын оозун төмөндөттү да, кашааны басты. Полиция башчысы этинин ооруганынан бакырып жиберди — ок анын ийнин тешип өткөн эле; ал ордунан турмакчы болду, анан сөгүнгөн бойдон кайра күп этип кулады да, карганып- шиленип кала берди.
Баардыгы кайра бут алдында метис кыз олтурган Сокур каракчы өкүм чыгарган үңкүргө киришти.
— Жараланган жана жылуу жактын закону жөнүндө көп сүйлөгөн бул адам Кордильер закону кандай экенин эми билет. Жылан менен Куш сыноосу далилдегендей, ал күнөөлүү. Анын өмүрү алтын эсебинде он миң долларга бааланат; эгер бул акча берилбесе, ал кудай берген өмүрүнүн калганын акырына чейин ушул жерде дарак кесип, суу ташуу менен өткөрөт. Менин сөзүм бүттү. Эгер акча төлөнбөсө, кудай анын өмүрүн кыркышы ачык сөз.
Арада узакка созулган тынчтык өкүм сүрдү, бул убакта ачууга алдырып, душманын өлтүрүүдөн кайтпай турган Генри да адамды жок кылуунун мындай жагымсыз законунан жийиркенгенин жашыра алган жок.
— Закон ырайымсыз, — деди Каардуу калыс, арада кайра тынчтык өкүм сүрдү.
— Акча төлөнбөйт, өлө берсин,— деди плантаторлордун бири. — Ал ит, чыккынчы экендигин көрсөттү. Итке — ит өлүмү.
— Сен эмне дейсиң? — деп сурады Сокур каракчы пеондон. — Ушунча көп токмок жеп, бүгүн кайра төрөлгөн адам, аргын, сулуу аялдарды жактыруучу пеон, сеп эмне дейсиң? Ага акы төлөөнү каалабагандыктары үчүн ит азабында өлүп кетиши керекпи?
— Ал ырайымсыз адам,— деди пеон. — Бирок мен бүгүн эмнегедир көңүлчөөк болуп калгансыйм. Эгер он миң доллар акчам болгондо, ал үчүн акча төлөгөн болор элем. Оо, улуу зат, адилеттүүм, эгер эки жүз элүү песо акчам болуп, азыр мени плантатордон эркин кылганда да, ага карызымды төлөгөн болор элем.
Сокурдун жүзүн нур чайып, балкып кеткендей болду.
— Бүгүн сен сүйлөп жаткан сөздөрдү кудайдын өзү айтып жатат, эй дүйнөгө кайра жаралган адам,— деп ырастады ал.
Бирок ушул минутада Френсис чек дептерине бир нерселерди жазып, али сыясы кургай элек чекти метис кызга узатты.
— Мага да сүйлөгөнгө уруксат кылыңыз,— деди ал. — Бул адам арамза, ит азабын тартып өлүүгө ылайыктуу болсо да — мейли, ал өлбөй күнүн көрсүн.
Метис кыз чекке эмнелер жазылганын үн чыгарып окуду.
— Түшүнүк бербей эле кой,—деп Сокур каракчы Френсис бир нерсе демекчи болгонун сезип, аны токтотту. — Мен анчалык келесоо эмесмин, Кордильерден башка жерлерди да көргөнмүн. Мен Барселон шаарында соода билимин алганмын. Нью-Йорктогу «Кемикл нейшнл» башкасын билемин, бир кезде өз өкүлдөрүм аркылуу ушул банк менен байланыш түзгөмүн. Бул он миң долларга жазылган чек. Муну жазган адам бүгүн чын сүйлөдү. Чектин катасы жок. Анын үстүнө ал банкка мына ушул чекке акча берилбесин деп кабар жеткирбесине ишенемин. Өз душманы үчүн кун төлөй турган киши, же абдан боорукер, же аша кеткен акмак, же болбосо абдан бай болушу керек — ушул үчөөнүн бири. Эй адам: мага айтчы, буга сулуу аял себепчи эмеспи?
Френсис оңго да, солго да, же Леонсияга, же Генриге кароого батына албай, түптүз Сокур каракчынын жүзүнө карап жооп берди, анткени башкача жооп бере албайт болчу:
— Ооба, Каардуу калыс, буга сулуу аял себепчи.

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 01 Май 2016 - 23:46
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#50 01 Май 2016 - 23:49
О Н Э К И Н Ч И Г Л А В А
Туткундардын көздөрү тоого баратканда таңылган жерге баары токтошту. Алар качырга минип көзү байланган Леонсия, Генри жана Френсис, көзү таңылган, бирок жөө пеонду кайтарып бараткан бир нече каракчылар эле. Алардан жарым саат мурда бул жерден ушундай сакчылар менен плантаторлор, Торрес, полиция башчысы жана анын жандармдарынан турган топ өтүп кетти.
Каракчылар башчынын уруксаты менен азыр эркин болушу керек болгон туткундардын колдорун чечишти.
— Мен бул жерде мурда да болгон сыяктуумун, — деп мурда көргөн жерлерин таанып, Генри күлүп койду.
— Нефть дагы эле күйүп жаткансыйт, — деди Френсис жарымы кара түтүнгө капталган горизонтту көрсөтүп. — Пеон, кылган ишиңе бир карачы! Чөнтөгүндө бир чакасы жок кедейлердин ичинде сен мен көргөн эң чоң ысырапчысың. Нефть королдору мас болуп калганда миң доллардык акчага тамеки ороп чегишет экен деп айтышчу. Сен болсоң ар минутада бир миллион долларды күйгүзүп жатасың.
— Мен кедей эмесмин,— деди пеон сырдуу керкейип.
— Самтырак кийимчен миллионер! — деп тамашалады Генри.
— Акчаңды кайда сактайсың? — деп кепке аралашты Леонсия. — «Кемикл нейшнл» банкында эмеспи?
Пеон тамашаларга түшүнгөн жок, бирок өзү жөнүндө күлүп жатышканын байкады да, капа болгондой денесин түзөп, унчукпай калды.
Каракчылардын каардуу башчысы сөз баштады.
— Бул жерден ар ким каалаган жагына кетиши мүмкүн. Адилеттүү ушундай деди, сеньорлор, сиздерден ээрден түшүп, качырларды кайтарып берүүңөрдү сурайм. Сеньорита болсо качырдан түшпөсүн, бул Адилеттүүнүн сеньоритага белеги. Ал киши сулуу аялдын жөө кетишине жол бербейт. Сиз экөөңүздөргө болсо, сеньорлор, жөө басуу пайдалуу. Адилеттүү баарынан да бай сеньорго көбүрөөк жөө басууну кеңеш берди. Байлык ушуга алып келет, деди ал, адам жөө баскысы келбей калат. Аз баскан адам семирип кетиши мүмкүн, аялдар болсо семирип кеткендерди анчалык жактыра бербейт. Адилеттүүнүн акылман сөзү ушул.
Ал пеондун ушул тоодо калуусуна чын дилинен кеңеш берди. Бул жерден ал сулуу аял табат, эгер ал аял кишиге мээрим коё турган болсо, өз уруусундагы аялдардын бирин сүйгөнү оң. Өрөөндөгү аялдар өрөөндөгү эркектерге, Кордильер аялдары Кордильер эркектерине арналган. Кудай кан аралашканды жактырбайт. Качыр дүйнөдөгү эң көрксүз айбан экендиги бекеринен эмес. Жарык дүйнө уруулардын аралашып кетүүсүнө жаралган эмес — булардын баардыгы адамдардын ойлоп тапканы Өңү канчалык таза болбосун алар аралашкандан кийин тазалыктан эч нерсе калбайт. Суу менен нефть аралашпайт. Табыйгаттын да өз алдынча закондору бар. Адилеттүү так ушинтип айтты, мен бар болгону анын сөзүн кайталадым. Мага дагы мына муну айтып коюуну буюрду. Ал эмне айтканын жакшы билет, анткени өзү да бир кезде күнөө жасаган экен.
Бул сөздөрдөн англо-сакстар — Генри менен Френсис катуу толкунданып, дүрбөлөңгө түшүп калды, Латын Америкалык Леонсия да оңой толкунданган жок. Албетте, Леонсия өзү сүйгөн жигиттердин кимисине болсо да, эгер алар катар турушпаганда, көз кароосу менен Адилеттүүнүн бул сөзүнө кошулбаганын айтмак эле; жигиттер да өз алдынча кыз менен жалгыз болгондо, экөө тең бул ойго кошулбастыгын айткан болор эле. Ошого карабай экөө тең көңүлүндө Сокур каракчыныкы чын экендигин аргасыз моюнга алышты. Мындан алардын жүрөгү да кирдегенсип калды.
Күтүүсүз чыккан дүбүрт менен шытыроо алардын оюн бөлүп кетти. Оорудан турган плантатор бир нече атчандардын коштоосунда жантайма кууш өрөөн менен тайгалана жана сүрүлгөн аттары менен түз эле аларды көздөй түшүп келе жатышты. Плантатор чыныгы идальголордой32 Соланонун кызына ийилип таазим кылды. Анан Генри менен Френсистин Энрико Соланонун меймандары экендиги эсине түшүп, алар менен да кол учунан көрүшүп, урматтаган кейипте акыбал сурашты.
— Сиздин асылзат атаңыз кайда? — деп сурады ал Леонсиядан. — Мен ага кушкабар алып келдим... Сиз менен акыркы жолу жолугушканыбыздан бери бир жума өттү, безгек оорум кармап, бир нече күн кыймылдабай жатып калдым. Бирок Бокас— дель— Торого чабарман жибердим: шамал ыңгайлуу жактан келип тургандыктан, чабарман Чирикви булуңунан тез өтүп, белгиленген жерге жетти, Бокас- дель-Торо полициясынын башчысы менин жакып досум. Ошол себептүү мамлекет радиосу аркылуу Панама президенти менен алака байлады. Президент да менин эски досум, Колондогу мектепте бирге окуганбыз, бир комнатада чогуу жашаганбыз, ошондо бири- бирибизди мурдубуз менен нечен жолу ылайга чөмүлткөнбүз. Президенттен жооп келди; бардык иш ойдогудай: адилет сот Сан- Антонионун полиция башчысынын чектен тышкары, ошону менен бирге мактоого ылайык кайраты себептүү чаташтырылган; эми баары унутулду жана кечирилди, асылзат Соланонун үй-бүлөсү америкалык асылзат достору менен бирге закондун негизинде саясий куугунтуктоодон коркпой үйүнө кайта берсе болот...
Плантатор өз сөзүн бекемдөө үчүн Генри менен Френсиске таазим кылды. Бирок ушул убакытта капысынан Леонсиянын артына жашырынып отурган пеонду көрүп калып, көздөрүндө жайнаган учкун чачырады.
— Эй кудай, сага миң мертебе шүгүрчүлүк, мени унутпаптырсың! — деп кыйкырды плантатор, анан коштоп жүргөн жолдоруна карап мындай деди: — Карызын төлөбөй, качып кеткен уяты жок мээсиз айбан мына. Кармагыла аны! Аны эми ушунчалык токмоктотоюн, бир ай ордунан тура албай жаткыдай болсун.
Плантатор ат тизгинин буруп, Леонсиянын качырынын артына өттү, бирок пеон эпчилдик менен аттын тумшугунан чуркап өтүп, эгер экинчи платтатор ат ойнотуп анын жолун тороп омуроолотпогондо сөзсүз токойго качып кетмек. Мындай иштерге көзү канып калган плантаторлор дароо эле байкушту бир шилтеп тургузушту да, колун артына кайрып таңып, аркандын бир учу менен мойнунан байлады.
Френсис менен Генри муну көрүп, бирдей каршылык көрсөтүштү.
— Сеньорлор,— деп жооп берди плантатор,— менин Соланолордун асылзат үй-бүлөсүнө урматым өтө жогору,. бул үй- бүлөнүн карамагында болгон сиздерге да ар кандай кызмат кылууга даярмын. Сиздердин сак- саламаттыгыңыздар жана тынчтыгыңыздар мен үчүн ыйык. Сиздерди ар кандай кырсыктан тосуу үчүн көкүрөгүмдү калкан кылууга даярмын. Менин үйүм, мал-мүлкүм да керек болсо сиздердин кармаагыңыздарда Бирок пеонго келсек — бул башка маселе. Ал сиздердики эмес. Ал менин пеонум, бул плантациядан качып кеткен карыздар пеон. Сиздер мени түшүнүп, кечиресиздер деп үмүттөнөм. Бул жеке менчик маселеси. Пеон болсо менин өз мүлкүм.
Генри менен Френсис дабдырай жана таңыркап бири бирине карады. Мамлекеттин закону ушундай экендигин алар жакшы билишчү.
— Адилеттүү калыс менин карызымды кечти — ушул жердегилердин баардыгы буга күбө болушту,— деди пеон угулар угулбас.
— Ал чын айтып жатат. Адилеттүү калыс анын карызын кечти,— деп ырастады Леонсия.
Плантатор күлүмсүрөп таазим кылды.
— Бирок пеон мени менен келишим түзгөн,— деди ошол күлүмсүрөгөн калыпта. — Ал Сокур каракчы ким экен менин плантациямда акмактарча закон орнотуп, менин өзүмө тиешелүү эки жүз элүү песодон ажыратуучу?
— Мунун сөзү туура, Леонсия,— деп коштоду Генри.
— Андай болсо мен Кордильерге кайтып кетемин,— деди пеон. — Эй Адилеттүү калыстын жоокерлери, . мени Кордильерге бирге алып кеткиле!
Бирок алардын башчысы баш чайкады.
— Биз ушул жерден сени бошотуп жибердик. Ошону менен биздин бийлигибиз бүттү. Эми бизде эч кандай укук жок. Бардыгы менен коштошуп, кайра артыбызга кайтып кетишибиз гана калды.
— Токтой тургула! — деп кыйкырды Френсис, чек дептерине бир нерселерди жазып жатып. — Бир минут күтө туруңуздар. Азыр мен пеондун карызын төлөймүн. Бирок кетүүдөн мурда сиздерден бир нерсени сурамакчымын. — Ал плантаторго чекти узатып жатып, минтип кошумчалады. — Валюта алмаштырууга он песо кошуп койдум.

#51 01 Май 2016 - 23:51
Плантатор чекке карады, анан аны чөнтөгүнө салып жатып, байкуш пеондун мойнуна байланган аркандын учун Френсиске карматты.
— Эми пеон сиздики болду,— деди ал.
Френсис арканды карап, каткырып күлүп жиберди.
— Муну карагыла! Мен кулдуу болуп калдым. Эй кул, сеп меникисиң, менин менчигимсиң, түшүнүктүүбү?
— Ооба, сеньор,— деди урмат менен пеон.— Ошол аялга болгон махабатым үчүн акылымды жоготуп, ал үчүн эркиндигимден ажыраганымдан баштап, маңдайыма кимдир бирөөнүн өздүк мүлкү болушумду жазып койгон экен. Башка улуттан болгон аялды сүйүп калганым үчүн кудай мени жазалады.
— Сен дүйнөдө ар дайым сулуу делип эсептелген аялдар себептүү кулга айлангансың, — деди Френсис пеондун колу таңылган арканды кесип жатып. — Эми өзүңдү өзүңө белек кылдым,— деп мойнуна чырмалган аркандын учун пеондун колуна карматты. — Эми өзүңө өзүң кожоюнсуң. Эсиңде болсун: бул арканды эч качан эч кимге карматпа.
Бул окуялар болуп жатканда капысынан узун бойлуу арык абышка кайдайдыр пайда болуп калды. Анын катып бүткөн терисинин астындагы кабыргалары саналып турат. Ал чыныгы майя уруусунун индейи эле. Эгер белиндеги белбоосун эсепке албаганда, ал дырдай жылаңач болчу. Анын таралбаган чачтары мумия сыяктуу кургап, сөөктүү бетине тарам-тарам болуп түшүп турат. Буту менен колундагы булчуң эттери шалбырап калган. Кыйшык оозунда бир нече сынган тиши көрүнөт, маңдайы бырышып, көздөрү болсо ичине тартылган, бирок эки кара мончоктой кареги безгек болгон кишинин көздөрүндөй от болуп жанып турат.
Ал жыйылып турган адамдардын арасынан жыландай сойлоп өттү да, как сөөк колдору менен пеонду кучактады.
— Бул менин атам,— деди пеон толкунданып. — Карагылачы муну. Бул чыныгы майя, өз уруусунун баардык сырларын билет.
Эми эле бирин-бири тапкан ата- бала жаңылыктарды айтышканча Френсис каракчылардын башчысынан тоо арасында адашып жүргөн Энрико Солано менен балдарын таап, аларга эми закон куугунтуктабасын жана аларды үйлөрүнө эркин кайтуу мүмкүндүгүн айтып коюусун өтүндү.
— Алар эч кандай жамандык кылган эмеспи? — деп сурады багачы.
— Жок, эч кандай,— ишендирди Френсис.
— Макул. Аларды тез табууга убада берем, анткени алардын кай жакты карап баратканы бизге белгилүү. Аларды артыңыздан жээкке жиберебиз.
— Азырынча менин үйүмө жүрүңүздөр, — деп плантатор кубанычтуулук менен сунуш кылды. — Плантацияма жакын Хучитан булуңунда жүк кемеси якорь таштап турат, ал жакын арада Сан- Антониого жөнөшү керек. Асылзат Энрико менен балдары Кордильерден кайтып келгиче кемени токтотуп турушум мүмкүн.
— Френсис болсо кеменин бекер турганы үчүн акы төлөйт,— деп шылдыңдады Генри, муну Леонсия сезди, бирок Френсис байкаган жок.
— Албетте төлөймүн,— деди ал көңүлдүү,— бул чек дептеринин ар кандай жерде пайдасы тиеринин далили!
Баары каракчылар менен коштошкондон кийин, пеон менен анын атасы айланадагыларды таң калтырып, Моргандардын артынан ээрчиди, алар менен күйүп жаткан нефть аянттары аркылуу ылдый түшүп, плантацияга — пеон нечен жыл кулдук азабын тарткан жерге келишти. Ата менен бала ар бир кадам сайын Френсис, Леонсия жана Генриге ыраазылыгын билдирип жатышты. Бул убакыттын ичинде алар өз ара көпкө сүйлөшүштү. Энрико менен анын балдары плантацияга жетип келишип, баардыгы жээкте күтүп турган кемеге карай жөнөгөндө, пеон менен анын атасы да аларды ээрчиди. Френсис индейлер менен коштошмокчу болду эле, пеон алар да кошо кетерин айтты.
— Мен кембагал эместигимди айткан болчумун,— деди пеон матростор угуп калбасын деп Моргандар менен Соланолорду бир четке чыгарып. —. Чын айтам. Конкистадорлор да, инквизициянын монахтары да таба албаган майя уруусунун байлыгы кайда экенин билемин. Мен анын сактоочусумун. Тагыраак айтканда, менин атам. Ал майя уруусунун байыркы эң жогорку жрецинин33 түздөн-түз тукуму. Ал бул уруунун акыркы жреци. Атам экөөбүз көпкө сүйлөшүп, байлык жашоодогу эң негизги нерсе эмес деген чечимге келдик. Сиз мени эки жүз элүү песого сатып алып эркиндикке чыгардыңыз, ал гана эмес өзүмдү-өзүмө белек кылдыңыз. Сиз бир адамга жашоо тартууладыңыз, ошентип эми мен өзүмө-өзүм кожоюнмун. Мен ушундай пикирдемин, атам да ушинтип ойлойт. Гринго менен испандар үчүн эң негизги нерсе байлык экен, атам экөөбүз сиздерди майя уруусунун казынасына алып барабыз: атам жолду жакшы билет. Тоого Хучитандан эмес, Сан-Антониодон жөнөш керек.
— Атаң чын эле казынанын кайда экенин билеби? Анык билеби? — деп сурады Генри, анан Френсиске ушул казына үчүн кары Моргандын Музоо аралындагы казынасын издөөнү таштап, материкке өткөндүгүн шыбырады.
Пеон башын чайкады.
— Атам эч качан ал жерде болгон эмес, анын эмне кереги бар — ага байлык зарыл эмес. Атаке, өзүбүздүн байыркы тилибизде эмне жазылганын бир көрсөтчү, аны тирүү майялардын ичинде бир сен окуй алат эмессиңби.
Чал белиндеги белбоосунун арасынан булганыч боз мешокту алды. Андан түйдөктөлгөн, баардык жагы түйүлгөн ичке чылбырга окшош нерсени сууруп чыкты. Бирок бул чыныгы чылбыр эмес, жыгачтын кабыгынан жасалган жип болгондуктан, кол тийсе эле тытылып кетчүдөй көрүндү. Чынында да абышканын колу. тиери менен чиринди төгүлө баштады. Индей кадимки майя тилинде дуба окуп, түйүндөрдү ачуудан мурда аны бийик көтөрүп кастарлоо менен таазим кылды.
— Түйүн кат — байыркы замандагы майялар жазуусу, бирок азыр алардын тилин эч ким билбейт,— деди Генри акырын,— эгер абышка окууну унутпаган болсо, буга ишенүүгө болот.
Түйүн Френсистин колуна өттү, аны баардыгы кызыгып карай баштады. Бул чоң жана кичинекей түйүндөр менен капталган жиптер тажрыйбасыз адам жасаган кистиге окшош эле. Жиптер да бир кырка эмес, бири ичке, бири жоон, дагы бири узун, бири кыска болчу. Чал түшүнүп болбой турган сөздөрдү угулар-угулмаксан айтып, түйүндөргө колуп тийгизип чыкты.
— Ал окуп жатат!—деп салтанаттуу кыйкырды пеон.— Түйүндөр биздин кадимки жазуубуз, аны атам китеп окугандай окуп жатат.

#52 01 Май 2016 - 23:52
Леонсия менен Френсис жакшыраак көрүш үчүн ийилип карашып, кокусунан баштары бир бирине тийип кетти — андан экөө тең чочуп, артка боло беришти, бирок көздөр бири- бирине кадалып, алардын арасынан чагылган жаркылдагандай болду. Индейдин сөзүн берилип угуп жаткан Генри эч нерсе сезген жок, ал сырдуу түйүндөн көз айырбай карап турган болчу.
— Сен эмне дейсиң, Френсис? — деп шыбырап сурады ал. — Бул абдан чоң байлык! Аябаган көп!
— Мени Нью-Йоркто күтүп жатышат,— деди Френсис арсар болуп,— бир эки адам, же огон күлкү эмес, иш күтүп жатат,— деп ал шашыла кошуп койду, Леонсиянын унчукпай капалуу карап турганын көрүп. — Менин «Тэмпико петролеум» жана башка биржа базары менен байланышта экендигимди унутпагыла; аларга канча миллион кошконумду ойлоонун өзү коркунучтуу.
— Мына ушундай ит бул! —— деп кыйкырды Генри. — Майя казынасы адамдардын оозунда жүргөн ушактан он эсе кем болгондо да сен, мен жана Энрико — ар бирибиздин үлүшүбүз сенин азыркы баардык байлыгыңдан көп болот.
Френсис дагы эле арсар болуп турган эле, Энрико майя казынасы чын эле бар деп ишендире баштады. Леонсия ушул учурдан пайдаланып, Френсистин кулагына шыбырады:
— Ырас эле казына издөө сизди ушунчалык тез жадатып жибердиби?..
Френсис кызга суроолуу тигилип, анан анын колундагы жигити берген белекке карап, акырын жооп берди.
— Мен сизди сүйсөм, сиз болсо Генрини сүйсөңүз, анан бул жерде кандай калышым керек?
Ал өз сүйүүсүн биринчи жолу ачык айтты. Леонсия болсо жүрөгүнө кубаныч толуп— ташканын сезди, анан бир убакыттын өзүндө эки кишини сүйгөн кыз өзүн ар-намыстуу эсептей алабы деп ойлоп жүрөгүндөгү баякы шаттыктан намыс жогору келип, кызарып кетти. Кыз өз дилин сынамакчы болгондой, Генриге карады эле жүрөгү «ооба» деп жооп берди. Ал Генрини да Френсисти сүйгөндөй чын махабат менен сүйчү, алардын окшош жактары кызга бирдей жеагымдуу келип, окшошпогон жактары аны ар түрдүү тынчсыз ойлорго салар эле.
— Мен Бокас -дель-Торого барып, «Анжеликага» түшүп жөнөп кетсемби дейм,— деди Френсис кыздын жигитине. — Сиздер Энрико менен казынаны издегиле, тапсаңар тең бөлүп аласыңар.
Пеон бул сөздү угуп, атасы менен өз тилинде тез- тез сүйлөштү да, анан Генриге кайрылды.
— Уктуңбу, анын эмне дегенин, Френсис,— деди Генри ыйык чалбырга карап. — Биз менен бирге барбасаң болбойт. Абышка уулун куткарып калганың үчүн сени ыраазы кылмакчы болуп жатат. Казынаны ал бизге эмес, сага берип жатат. Эгер сен барбасаң биз үчүн бир да түйүндү окубайт.
Баары бир Френсистин чечимин өзгөртүүгө Леонсия гана жарады, ал жигитке унчукпай ойлуу тигилип, көз карашы менен: «Суранам, мен үчүн макул деңиз!» — деп тургансыды.

#53 02 Май 2016 - 01:38
О Н Ү Ч Ү Н Ч Ү Г Л А В А
Бир жума өткөндөн кийин күндөрдүн биринде Сан- Антониодон Кордильер тоосуна үч экспедиция жол тартты. Биринчи экспедиция качырларга минген Генри, Френсис, пеон, анын кары атасы жана Солано плантациясынан алынган бир нече пеондон түзүлгөн эле. Пеондордун ар бири азык-түлүк жана жарак-жабдыктар артылган качырларды жетелеп баратышты. Кары Энрико Солано жаш кезиңде кайсы бир революцияларга катышканда жараланган жери ачылып, жолго чыгарда сапардан баш тартууга аргасыз болду.
Бул топ Сан-Антонионун негизги көчөсү менен келе жатып, дубалын Френсис жардырып туткундар жаңы дубал тургузуп жаткан түрмөнүн жанынан өттү. Экспедиция көчөдө жайбаракат келе жаткан Торреске кездешти; ал азыр эле Ригандан дагы бир телеграмма алган болчу. Бир топ адамды ээрчитип кетип бараткан эки Морганды көрүп, аларга таң калып карады.
— Каякка кетип баратасыздар, сеньорлор? — деп кыйкырды ал.
Баардыгы сүйлөшүп алгандай Френсис асманды, Генри жерди, пеон оң жакты, анын атасы сол жакты көрсөттү. Бул урматсыздык Торрестин кыжырын кайнатты. Ал жаман сөздөр менен кыйкырып коё берди, бирок анын мунусу баарынын күлкүсүн келтирди, ал тургай качырларды жетелеп келаткан пеондор да күлүштү.
Торрес дагы бир окуянын күбөсү болду. Бир топтон кийин, баары уйкуга кеткен маалда ал качыр минип бараткан Леонсия менен анын иниси Рикардону көрүп калды. Алар да жүк артынган бир качырды жетелеп алыптыр.
Үчүнчү экспедиция Торрестин экспедициясы эле. Анда Леонсиянын экспедициясында канча адам болсо так ошончо: Торрес менен, бул жерлерде киши өлтүргүч деп аталган Хосе Манчено деген кишиден түзүлгөн эле. Торрес аны кандайдыр жол менен Сан-Хуанда коркунучтуу өлүмдөн куткарып калган болчу.
Бирок Торрестин бул экспедицияга чыгуудагы максаты кеңири болчу. Так Кордильер тоосунун түбүндө Кару деген таң калаарлык уруу жашачу. Бул уруу Африкадан качкан негр-кулдар менен Чиркейлер Жээгинен, качып келип, отурукташып калган дээрлик кулдар болгондуктан, алар өрөөндөн кыздарды уурдап келип аларга жана өздөрүнө окшогон качкын кул аялдарга үйлөнүшчү. Индейлер жашай турган жогору Кордильер менен өрөөндөгү Панама өкмөтүнүн ортосундагы бул жападан- жалгыз колония көз каранды эместигин дээрлик сактап калган эле. Кийинчерээк бул колонияга качкын испан туткундары келип кошулуп, алардын өңү-түсү менен уруусу бүтүндөй курама болуп кетти. Кару эли айлана-чөйрөгө ушунчалык жаман атты болуп калды; ошол убактагы өкмөт түрдүү саясий иштер менен алек болбогондо, бул кесептердин уясын талкалоого армия жибермек. Хосе Манчено так ушул кесептер уясында киши өлтүрүүнү өзүнө кесип кылып алган испан ата менен кесиптеш метис энеден төрөлгөн эле. А Альварес Торрес Томас Ригандын Уолл-Стриттеги мекемесинен келген буйругун аткаруу үчүн Хосе Манчено аны так ушул жерге ээрчитип келаткан.
— Булар менен жолугуп ишибиз оңунан чыктыбы дейм, я,— деди Френсис Генриге алдыда бара жаткан майя уруусунун эң соңку жрецин көрсөтүп.
— Ооба, бирок ал абдан карын калыптыр,— деди Генри Кебетесин карачы!
Алдыда бараткан чал ыйык жиптерди теспе сыяктуу санап, токтоосуз шыбырап баратты.
— Абышка аны үбөлөп жибербес бекен,— деди Генри тынчы кетип. — Жиптерди кайра— кайра тыткылай бербей, көрсөтмөнү бир жолу окуп, эсинде сактап калса болор эле.
Алар чөп-чар жана бадалдардын арасынан жайык жерге чыгышты, сыягы кимдир бирөөлөр бул жердеги дарактарды кесип, токойду суюлтууга аракет кылса керек. Күн нурунан айланасын көгүлтүр асман курчап турган тээ ыраактагы Бланко Ровало тоосунун кооздугу көзгө урунат. Кары индей качырын токтотуп, манжалары менен ыйык жиптерди сыйпалады да, тоону көрсөтүп, испан тилин бузуп сүйлөй баштады:
— Теспе жипте: «Кудайдын Таманынын изи түшкөн жерде Чиа көздөрү күйгөнгө чейин күтүп тур»,— деп айтылган.
— Ал ушундай деп өзү окуган жиптеги түйүндөрдү көрсөттү.
— Абышка, ошол из кана? — деп сурады Генри көптөн бери бут тие элек чөптөргө көз жүгүртүл
Абышка эч нерсе дебестен качырды жылаң аяк согончогу менен жорголоткон бойдон капталга тепкилеп, ачык жерден кесип өттү да, аркы өйүздөгү калың токойго кирип кетти.
— Так эле из тапкан тайгандай кетип баратканын, — деди Френсис ага карап. —
Ушул абалда алар дагы жарым чакырымдай жол басышты; токой бүтүп, атчандар боорлорун калың чөп каптаган тоого жетип келишти. Абышка тереңдиги үч фут келе турган, өтө чоң тамдын формасына укмуштай окшогон чуңкурга келгиче качырын теминип, токтобой жорголотуп бара берди. Чуңкурга он эки киши кадимкидей батмак.
— Кудайдын Таманынын изи,— деп салтанаттуу жарыялады да, абышка качырынан түшүп, жерге чөгөлөп алып дуба окуй баштады. «Кудайдын Таман изи түшкөн жерде Чиа көздөрү күйгөнгө чейин күтүп тур» — ыйык түйүндөр ушундай деп жатат.
— Эртең мененки тамакты иче турган жай экен! — деди Генри. — Ар түрдүү кызык окуялар башталар алдында тамактанып алсак дурус болор эле.
— Эгер Чиа каршы болбосо,— деп күлдү Френсис.
Чиа каршы болгон жок, кантсе да кексе жрец өзүнүн түйүндөрүнүн арасынан эч кандай каршылык таба албады.

#54 02 Май 2016 - 01:41
Алар токойдун четине качырларын тушап, жакып жерде агып жаткан суудан алып келишти. Анан Тамандын изинин ортосуна от жагышты. Ал эми кексе майя эч нерсе көрбөгөн жана укпагандай,
өзүнүн түйүндөрүн кайра-кайра терип, токтоосуз дуба окуп жатты.
— Бул акылынан адашып калбаса эле болгону,— деди Френсис.
— Чучитанда экенибизде эле мага анын көздөрү алда кандай көрүнгөн болчу,— деди Генри. — Азыр деле өзүң карап көрчү, көздөрү кандай экенин.
Англисче эч нерсе түшүнбөсө да, азыркы кеп атасы жөнүндө болуп жатканын сезген пеон сөзгө аралашты.
— Майялардын кадимки ыйык жайларына кирүү күнөө жана коркунучтуу. Бул өлүмгө алпарчу жол. Муну эч ким билбесе да, атам жакшы билет. Ал жерде көп адамдар өлүп кеткен. Баардыгы капысынан жана коркунучтуу өлүмгө кабылган. Алардын арасында майя жрецтери да болгон. Атамдын өз атасы да ушундай кырсыктан өлгөн. Ал да өрөөндө жашоочу аялды жакшы көрүп калган. Ага болгон махабаты үчүн майялардын сырын алтынга саткан: казына кайсы жерде экенин ыйык түйүндөрдөн окуп билип алгандан кийин, өрөөндөгү кишилерди ээрчитип барган. Ал өлдү, аны менен баргандардын баардыгы өлүп калышты. Атам карып калды, эми ал өрөөндөгү аялдарды сүйбөйт. Жаш кезинде аларды аябай сүйчү, ал гана эмес күнөө да жасаган. Сиздерди казынага алпаруу кооптуу экенин ал жакшы билет. Майялар казынаны жашырышкандан бери бир нече кылым өткөн. Ушул мезгилдин ичинде көп адамдар аны табууга аракеттенип көрүштү. Казына катылган жерге жеткендердин бири да кайтып келген жок. Уккан имишке караганда, конкистадорлор менен англичан Моргандын каракчылары казынага жеткен, бирок сөөктөрү сөпөт болуп, ошол жерде калган.
— Атаң өлгөндөн кийии сен да майялардын башкы жреци болосуңбу? — деп сурады Френсис.
— Жок, сеньор,— деп пеон башын чайкады. — Мен таза кандуу майя эмесмин. Түйүндөргө карап окууну да билбеймин. Чыныгы майя болбогонум үчүн атам мага окууну үйрөткөн эмес.
— Эгер ал азыр өлүп калса майялар арасында түйүндөрдүн сырын чече алчу киши табылабы?
— Жок, сеньор. Менин атам — бул кадимки Жазууну окуй алчулардын эң акыркысы.
Леонсия менен Рикардо аларга жете келгендиктен сөздөрү токтоп калды. Алар качырларын тушап, оттоп жүргөн башка качырларга кошуп, өздөрү чуңкурга жакындап төмөн жакка чочулай карашты. Леонсияны көрүп, кубанганынан Генри менен Френсистин жүзү жадырай түштү. Бирок аны экөө тең жемелүү кабыл алып, катуу кейишти: алар Леонсияны Рикардо менен үйгө кайра кетишин талап кылышты.
— Кантсе да, тамак бербей туруп кетирип жибербестирсиздер! — деди кыз, анан жооп күтпөй эле аялдарга тиешелүү амалкөйлүк менен сүйлөшүүнү ыңгайлуураак шартта чын жүрөктөн улантуу үчүн чуңкурга жылбышып түштү.
Алардын бакылдаган сөздөрү картаң жрецти дуба окуудан адаштырды. Ал Леонсияны жактырбагандай карады да, андан да катуураак нааразылык менен, майя тилине испанча сөздөрдү аралаштырып тилдеп кирди.
— Ал, аялдар — каргаша деп жатат,— деп жрец бир азга токтоору менен уулу анын сөздөрүн которуп берди. — Ал дагы айтат, аялдар үчүн эркектер чыр чыгарып, бычак көтөрүп бирин-бири өлтүрүшөт экен. Кайсы жерде аял болсо — каргаша менен кудайын каары да ошол жерде болот экен. Алар кудай жолунан тайып, адамды балекетке жолуктурат дейт. Аялдар, кудай менен эркектин байыртадан берки душманы, ал ар дайым кудай менен эркектердин ортосун тосуп турат. Аялдар ар дайым кудайдын буйругун төмөндөтүп, эркектердин кудайга жакындашуусуна тоскоолдук кылат. Ошол себептүү бул аял да кетсин деп жатат.
Френсис ичинде эзиле күлсө да, бул ачуулуу акыл айтууга көнүп ышкырып белги берди, Генри болсо Леонсияны кайра кетирүүгө аракеттенип көрдү.
— Акылыңызга келиңиз, Леонсия! Мына, сулуулар жөнүмдө индейлер эмне деп жатканын уктуңуз. Демек сиз бул жерден кетишиңиз керек. Сиздин ордуңуз Калифорнияда. Ал жерде аялдардын добуш берүүгө укугу бар.
— Балакеттин баардыгы абышканын жаш кезинде башына ушунча бактысыздык салган аялды азырга чейин унута албаганында, — деди Френсис, анан пеон жакка бурулуп кошуп койду: — Атаңдан сурачы: анда кудай таманынын изинде аялдар отурушу мүмкүн эместиги жазылбаптырбы?
Картайып калган жрец канчалык аракеттенгени менен экспедицияда аял кишинин катышуусуна каршылык билдирген эч нерсе таба албады.
— Мээси айнып калган,— деп жеңиштүү күлдү Френсис,— башынан өткөргөндөрүн уламыштарга аралаштырып жиберип жатат. Менимче баары жайында. Леонсия, сиз биз менен калып, бирге тамактансаңыз болот. Кофе да даяр. Андан кийин...
Бирок кийинчерээк боло турган нерсе азыр болду. Алар жерге олтуруп, тамактанууга киришкенде, Леонсияга куймак узатуу үчүн Френсис бир аз ордунан көтөрүлгөн эле, ошол учурда башындагы шляпасын ок учуруп кетти.
— Ох— хо! — деди ал бат ордуна олтуруп. — Мына муну сыйлык десе болот! Карачы, Генри, мени атууга батынган ким экен.
Ушул минутада кары индейден башкасынын бардыгы аңгектин четине барып, сыртын карады. Алар төрт тараптан укмуштай кийинген кишилер сойлоп келатканын көрүштү; өңдөрү менен денесинин түсүнө караганда, алар белгилүү бир расага тиешелүү болбой, баардык расалардын курамасы сыяктуу эле. Алардын кебете- кешпиринин түзүлүшү менен денелеринин түсүн жасоодо бүткүл адамзаттын үй- бүлөсү катышкан сыяктуу.
— Чыныгы макулуктардын өзү! Төрөлгөнүмдөн бери буларга окшогондорду көргөн эмесмин! — деп кыйкырды Френсис.
— Булар карулар,— коркуп кеткендиктен титиреп чыккан пеондун үнү араң угулду.
— Алар кандай шайтандар... — деп Френсис, өзүн тезинен колго алуунун аракетин кылып. — Кечиресиздер мени, кудай акы айтчы деги, кару деген кандай адамдар?
— Алар азезилдин балдары,— деп жооп берди пеон. — Испандардан каардуу, майялардай коркунучтуураак. Аларда эркек аял албайт, кыз эрге 'тийбейт. Алардын жреци да жок. Азезилдин өзү, шайтандын балдары, же андан да жаманыраагы.
Мына ушул жерге келгенде кары жрец ордунан туруп: «Мына башыбызга түшкөн балекеттин себепчиси» дегендей айыпты Леонсияга коймокчу болуп, ага сөөмөйүн кезеди. Ошол замат анын ийнине ок тийип, теңселе түштү.

#55 02 Май 2016 - 01:42
— Аны төмөн тарт!—деп Генри Френсиске кыйкырды. — Түйүндөр тилин андан бөлөк эч ким билбейт. Чианын көзү, же ал жакта эмне болсо да, али күйө элек.
Френсис анын сөзүнө баш ийип, абышканын бутунан кармап тартты эле, ал сөөк толо мешоктой төмөн кулады.
Генри ийниндеги мылтыкты алып ата баштады, ага 5К00П иретинде, ок мөндүрдөй жаады. Бир минуттан кийин Рикардо, Френсис менен пеон Генриге кошулуп ок атышты. Чал болсо түйүндөрдү кармалап, аңгектен жогору карай, тоонун аскалуу боорун көз ирмебей карап турду.
— Токтогула,— деп кыйкырды Френсис, бирок анын үнү атышуунун арасында угулган жок.
Ал жолдошторунун атуусун токтотуш үчүн ар биринин алдына сойлоп барууга аргасыз болду. Ал ок-дарылар качырларда экенин, ошондуктан мылтыктагы окторду этияттап сарптоо керектигин ар бирине жеке-жеке түшүндүрүп чыкты.
— Сак болгула, ок тийбесин,—деп Генри бардыгын эскертти. — Алардыкы эски мылтык, огу тийчү болсо аяктын оозундай тешик ачып коёт.
Френсистин автомат-тапанчасындагы бир нече окту эсептебегенде, бир саат өткөндөн кийин, акыркы ок атылып бүттү, ошондон кийин алар карулар баш аламан ок атып жаткан болсо да, атышууну токтотушту. Атышуу эмнеликтен токтогонун Хосе Манчено биринчи болуп байкады. Ал өзүнүн болжолу туура, же туура эмес экендигин байкаш үчүн чуңкурдун жээгине сойлоп келди да, кырчоодогулардын огу калбады, эми аларды жеңил эле колго түшүрүү мүмкүн деп, шериктерине белги берди.
— Силерди мыкты гана колго түшүрдүк да, сеньорлор,— деди ал өздөрүн коргоп жаткандарды табалап. Анын сөзүн аңгекти ороп алган карулдардын каткырыгы коштоду.
Бирок ушундан кийин окуя театрларда көшөгө ачыларда боло тургандай капысынан өзгөрдү. Эмнегедир карулар артына кайрылып, коркунучтуу кыйкырышып, бириндеп качып жөнөштү. Алар чакчелекей, дүрбөлөңгө түшүп качкандыктан көпчүлүгү мылтыктары менен мачетелерин таштап кетишти.
— Баары бир сени өлтүрөмүн, сеньор Кузгун,— деп кыйкырды Френсис, Манченого тапанчасын сунуп.
Ал машааны басмакчы болуп, анан ойлоно калды:
— Болгону үч ок калды,—деп кечирим сурагандай Генриге карады. — Бул өлкөдө үч ок качан көбүрөөк зарыл болушун алдын ала билип болбойт: «Мен муну бүгүн сездим, дапдаана»,— деп ырдады ал.
— Карагыла! — деп кыйкырды пеон, атасына алыстагы тоону көрсөтүп. — Алардын эмне үчүн качышканы белгилүү. Майялардын ыйык жайы өлүм менен коркутуп жатканын алар түшүнүшүптүр.
Кары жрец оозунан көбүк чыгарып, ыйык түйүндөрдү кармалап, алыскы тоого карады. Тоонун боорунда болсо катар эки жарык нур күйүп турду.
— Мындай көрүнүштү эки күзгүнүн жардамы менен эле ким болсо жасашы мүмкүн,— деди Генри шылдыңдуу.
Бул Чианын көздөрү, Чианын көздөрү,— деп кайталады пеон. — Атамдын эмне дегенин сиздер уктуңуздар эле го. Ал түйүндөрдөн: «Кудайдын Таманынын изи түшкөн жерде Чиа көздөрү күйгүчө күтүп тур» деген сөздөрдү окуган эле.
Чал ордунан туруп, өзгөчө бир үн менен кыйкырды.
— «Казынаны табуу үчүн, көздөрдү табуу керек».
— Абдан жакшы, карыя,— деди Генри аны тынчтандырып, анан кичинекей чөнтөк компасы менен эки нурдун турган ордун белгилеп алды.
— Кызык, абышканын башында компас бар окшойт,— деди бир саат өткөндөн кийин Генри, алды жакта качыр минип бараткан жрецти көрсөтүп. — Анын жолун компаска карап белгилеп баратам, кээ бир табыгый тосмого туш келип, жолун өзгөрткөнү менен, кийин кайра магнит стрелкасындай, өз жолуна түшүп алат.
Саякатчылар кудайдын Таман изинен чыгары менен эле нур көздөн кайым болду. Кыязы, жер өйдө-ылдый болгондуктан ошол жайдан гана көрүнөт белем. Бул жер чынында да түз эмес, суусу кургап калган жылгалардан кийин аскалар, токойдон өткөндөн кийин кум дөбөлөр менен вулкан күлүнүн калдыгы бар таштак жерлерге кез келиши мүмкүн.
Алар ат менен жүрүүгө болбой турган жерге келишти; айдоочуларды качырлар менен бирге Рикардонун кароосуна калтырып, ага ушул жерге лагерь жаюуну буюрушту. Калгандары бадалдар жыш өскөн тоонун тике боорунан бирин-бири тартып, жерден чыгып турган тамырларга тырмышып, жогорулай башташты. Кары индей дагы эле алдыда баратты, ал Леонсиянын бирге баратканын унутуп калган сыяктуу.
Алар дагы бир чакырымдай жүрүшкөндөн кийин, чал канысынан тык токтоду да, так эле жылан чагып алгандай кетенчиктей түштү. Окуя мындай болгон болчу: Френсис каткырып жиберген, аны шылдыңдагандай аскалардан жаңырыктуу үн кайталанды. Майя уруусунун акыркы жреци шашыла манжалары менен түйүндөрдү кармалады, анан түйүндүн бир жибин тандап алып, анын түйүндөрүн эки жолу сыйпалап көрдү да:
— «Кудайлар күлгөндө этият бол!» Түйүндөр ушинтип жатат,— деп түшүнүк берди ал.
Генри менен Френсис бул Жаңырык экенине кары Жрецти ишендириш үчүн жарым сааттай каткырып күлүштү, ар түрдүү үнгө салып кыйкырышты.
Жарым сааттан кийип жолоочулар кум дөбөлөргө жетишти. Аны көргөн чал дагы кетенчиктей түштү. Кумду баскан ар бир кадамдан түрдүү үн чыккансып жатты. Адамдар кадамдарын токтотсо, үндөр да тынат. Кадам койсо эле, кум кайрадан ырдай баштайт.
— «Кудайлар күлгөндө этият бол!» — деп эскертти чал.
Ал кумга бармагы менен айлана сызды, сызып жатканда кумдар улуп-уңшуп ыйлады, тизе бүгүп отурду эле, кум кыйкырып, сурнай тартып жиберди. Атасын туурап пеон да кобурап жаткан айлананын ичине кирди, чал сөөмөйү менен кандайдыр бир фигураларды, белгилерди сызып жатты, кум болсо кыжылдап кирди.
Бул окуядан аябай эси чыккан Леонсия Генри менен Френсистин колтугуна ыктады. Ал эмес Френсиске да айран-таң калды.

#56 02 Май 2016 - 12:29
— Жаңырык албетте күңүрт болот,— деди ал. — Бирок бул Жаңырыкка окшобой турат. Эч нерсеге түшүнө албай жатам. "Чынын айтсам, бул менин нервиме таасир эте баштады.
— Болбогон эле бир нерсе — деп Генри нааразылык билдирди да, буту менен кумду козгой баштады; күрүлдөгөн үн угулду. — Бур ырдоочу кум. Мындай кумду Гавай аралдарынын бири — Кауаиден жолуктурган элем, ишенип коюңуздар, туристтер үчүн ал ажайып жай. Бирок бул жердеги кум тазараак, үнү күчтүүрөөк экен. Окумуштуулар бул кубулушту далилдөө үчүн ондогон акылман теорияларды ойлошкон. Мындай кубулуштар жер шарынын башка жайларында да кездешерин укканмын. Мындай кезде колго кампасты алып кумду кесип өтүш керек. Бул кум улуганы менен биздин бактыбызды тоспойт.
Бирок жрецти өзү сызган айлапанын ичинен чыгууга көндүртө алышпады; бардык аракеттеринин натыйжасы бул болду; ал дуба окуудан токтоп, майя тилинде түшүнүп болбой турган сөздөрдү айтып ачыктан ачык токулдап, аларга ачуулу кыйкыра баштады.
— Ал айтат,— деп пеон атасынын сөзүн которду,— биз күнөө иш жасаптырбыз, ошондуктан кум да ачууланып жатат. Ал эми баспайт. Чианын коркунучтуу мекенине баруудан коркуп жатат. Мен да барбайм — анткени чоң атам ошол жерде өлгөн, муну майялардын баардыгы билишет.
Атам ал жерде өлүүнү каалабайм деп жатат. Ал: «Өлүм али мага эрте»,— дейт.
— Албетте, бар болгону сексенге кирсе! — деп каткырып күлгөн Френсис ошол замат кум дөбөчөлөргө урунуп, таркалып кеткен жаңырыктын сыйкырдуу күркүрөшүнөн коркуп, өзү селт эте түштү.
— Өлүш үчүн али абдан жаш имиш! Сиз эмне дейсиз, Леонсия! Сизге да өлүмүңүздү тилешке эртелик кылса керек ой?
— Кана, мен үчүн жооп бер,— деп тамашалап кыз бутун кумга бир аз тийгизгенсиди, андан күрсүнүп зекигендей үн чыкты. — Такыр тескерисинче, аскалардын күлкүсү менен кум дөбөчөлөрдүн бизге үргөнү үчүн гана жүрөгү жарылып өлө турган даражада жаш эмесмин. Андан көрө алга басалы. Бая көргөн отторго аябай жакып калдык. Чал сызыктын ичинде биз кайтып келгиче күтүп олтура берсин.
Кыз алардын колун коё берип, жол баштады. Генри менен Френсис кыздын артынан басышты. Алар кадам шилтери менен эле дөбөлөр өкүрүп, ыраак— жакындагы кумдар төмөнгө куюлуп, үн сала каткырышты. Алардын бактысына Френсис ичке бышык жип алып алган экен.
Үчөө кумдун арасынан өтүп, жаңырыгы баягыдан да күчтүүрөөк жерге келишти. Алардын кыйкырыгы алты жети, ал турсун сегиз жолу кайталанып турду.
— Эх, жин тийгир! — деп кыйкырды Генри,— Жергиликтүү эл мындай жерден корккону бекеринен эмес тура.
— Эсиңиздеби, Марк Твенде жаңырыкты коллекциялаган адам сүрөттөлгөн? — деп сурады Френсис.
— Биринчи жолу угуп олтурушум. Бирок майялар бул жерде жакшы эле коллекция жыйнаган болор эле. Казынаны кайсы жерге жашырууну ойлоп тапканын караңыз! Бул жайлар байыркы замандардан бери, ал испандар келе электе эле, ыйык деп эсептелген болушу керек. Кадимки жрецтер кубулуштун мындай сырын билишкен болсо да, карапайым адамдарга улуу сыр, табигый эң кубаттуу кубулуш деп түшүндүргөн.
Алар бир аз убакыттан кийин тегиз, ачык жерге келишти. Үстүдө жаракалуу аска таштар асылып турат; алар андан ары ээрчишпестен, жанаша басышты. Айланадагы жер ушунчалык катуу — нымсыз жана таштак болгондуктан бир жерлерде дарактар өсүп, чөп-чарлар көпкөк болуп турганын көз алдыңа элестетүү кыйын эле. Толкунданган жана куунак Леонсия эркектердин көңүлүн иренжитүүнү каалабай экөөнүн тең колун кармап алган. Алар беш кадамдай баса электе жер жарылып, Френсис менен
Генри бипбирдей тизесине чейин кумга батып кетти. Алардан кийин Леонсия да кумга батып калды.
— Эх, жин тийгир! — деп кобурады Генри. — Бул жер чынында да жин- шайтандын мекени экен!
Шыбырап айтылган бул сөздөрдү айланада курчап турган аскалар илип алып шыбырап, токтоосуз кайталай берди.
Леонсия менен жолдоштору акыбалдары кыйындап калганын адегенде капарларына алган жок. Кумдан чыгууга аракеттенип, белине чейин батып кеткенден кийин гана эркектер кандай тузакка илинишкенин түшүнүштү. Леонсия болсо кызык окуяга жолуккандай тынымсыз күлүп жатты.
— Эшилме кум!—деп коркунуч менен шыбырады Френсис.
— Эшилме кум! — деп дөбөлөр кандайдыр шумдуктуу жаңылыкты маскаралап маалымдагандай, акырын өчүп бараткан шыбыш менен жооп кайтарды.
— Бул жерде эшилме кум ширеп калган аң бар,— биле койду Генри.
— Чал ырдоочу кумда калып жакшы кылган экен,— деди Френсис.

#57 02 Май 2016 - 12:34
Үрөй учуруучу шыбыроо, кайра башталып, алыс жакка созула бир топко үн салып турду.
Эми алар көкүрөгүнө чейин кумга кирип, акырындык менен андан да чуңкурураак батып баратышты.
— Бул тозоктон кимдир бирөө тирүү чыгышы керек го! — деп кыйкырды Генри.
Жигиттер акылдашып отурушпай Леонсияны жогору көтөрө башташты, бирок кыздын салмагы менен өздөрү төмөнүрөөк чөгө баштады. Леонсия алардын далысына чыгып алгандан кийин, Френсис айткан сөздөрдү жаңырык эрмек кылгандай кайталады:
— Эми, Леонсия, сизди бул жерден ыргытып жиберебиз. «Алга» дээрибиз менен секириңиз да, каткалаң жердин үстүнө жетүүгө аракеттениңиз — бирок кумга күч менен тийбеңиз — абайлаңыз. Сиз ошол замат жыла баштаңыз. Ошентсеңиз абдан жакшы болот, бирок токтобоңуз. Алга сойлой бериңиз. Эмнеси болсо да катуу жерге чыгып алгычакты ордуңуздан турбаңыз. Кана, Генри, даярсыңбы?
Алар кыймылдаган сайын кумга чөгүп бара жаткандыгына карабай, кызды ыргытуу үчүн ары-бери күүлөп туруп, Френсис «Алга» деп кыйкырып кыздын катуу топуракка барып түшүшүн болжолдоп туруп ыргытып жиберишти.
Леонсия алардын көрсөтмөсүн так аткарып, аскага чейин сойлоп барды.
— Эми арканды мага ыргыткыла! — деп кыйкырды кыз аларга.

Бирок Френсис кумга ушунчалык батып кеткендиктен, түрмөктөн асынып алган арканды алып бере тургандай абалда эмес эле. Бул ишти Генри аткарды. Ал аркандын бир учун шамдагайлык менен Леонсияга ыргытты, бирок өзү да Френсис сыяктуу кумга батып кетти.
Леонсия арканды алып өзүнө тартып, бир учун чоңдугу автомашинадай келген ташка ороп койду, анан Генриге арканга тартылып чыгыңыз ден кыйкырды. Анткен менен мындан эч кандай натыйжа чыккан жок: Генри кумга андан беш бетер батып кетти; Генрини алкымына чейин кум жуткан кезде, Леонсия айлананы жаңыртып капысынан кыйкырып жиберди:
— Токтогула! Тартпай тургула! Мен бир нерсе ойлоп таптым! Арканды мага таштагыла! Өзүңөргө колтуктан байлаганга жеткидей калса болду.
Ал ушинтип арканды сүйрөп асканын үстүнө жөрмөлөп чыга баштады. Кырк футтай бийиктиктеги асканын жаракасында бутактуу жапалак дарак өсүп турган, ошол жерге барганда Леонсия токтоду. Ал аркаңды дарактан өткөрүп, учун жарга асылып турган чоң оор ташка байлады.
— Азамат кыз! Туурабы, Генри? — деп кыйкырды Френсис.
Кыз эмне кыларын экөө дароо түшүнүштү: эмки кептин баары жардын жакасында турган чоң ташты ордунан жылдырып, ылдый кулатып жиберүүдө болчу. Леонсия ташты жайынан жылдыруу үчүн калтек табууга эң кымбат беш минутасын кетирди. Ал шашпай, бар күчүн жумшап, ташты түртө баштады, кыз сүйгөн эки жигит болсо андан да тереңирээк кумга батып баратышты. Акыры кыз ташты ылдый кулатууга жетишти.
Таш ылдый кулап баратып, арканды күч менен чойгондуктан, Генри чыдай албай онтоп жиберди. Ал айласыз бошотуп жаткан кумдан акырын чыга баштады, жер бетине чыккандан кийин абага серпилип, эшилме кумдан аша катуу жерге, так эле дарактын түбүнө келип түштү. Таш болсо кулап келип, анын жанына токтоду.
Аркандын учун Френсиске таштаганда кум аны мойнуна чейин жутуп алган эле. Катуу жерде турган Леонсия менен Генринин алдына чыгып алгандан кийин, өзү араң кутулган кумга муштумун түйүп маскаралай баштады. Генри менен Леонсия ага кошулду. Буларга жооп иретинде сансыз арбактар аларды мазактап, аба коркунучтуу күбүр шыбырларга толуп кетти.

#58 02 Май 2016 - 12:36
О Н Т Ө Р Т Ү Н Ч Ү Г Л А В А
— Кудайдын Таманынын изи бул эки жарыктан Миллион миль узактыкта болбосо керек,— деди Генри, үчөө салаңдап турган тик асканын астына эс алууга токтошкондо. — Эгер жарык узакта болгондо биз көрмөк эмеспиз: мына бул чоң аска аны тосуп калмак. Бирок бул асканын үстүнө чыгып болбойт, ал эми айланып өтүш үчүн көп убакыт керек. Ошондуктан, келгиле, эң оболу бул жерди текшерип көрөлү. Менин оюмча, жарык ушул жакын арадан күйгөндөй болгон.
— А балким кимдир бирөөлөр күзгүнүн жардамы менен бизге чагылдыргандыр? — деп ой жоруду Леонсия.
— Жок, бул табийгаттын бир кубулушу болсо керек,— деп жооп берди Френсис. — Тиги үн кубулткан кумдан кийин табийгаттын кереметтерине ишене турган болуп калдым.
Леонсия кокустан жогор жактагы аскага карады да, эмнегедир кыймылсыз катып калды.
— Тигини карагыла! — деп кыйкырды кыз.
Генри менен Френсис баштарын көтөрүштү. Алар көргөн нерсе жарыктын өчүшү эмес, тескерисинче бир калыпта үлбүлдөгөн шоола, күн сыяктуу көздү уялткан жарык экен. Эркектер ошол замат аска түбүнө карай жылышты. Чөп-чардын жыштыгынан бул жерге көп жылдардан бери адам буту тийбегени билинип турат. Алар оор дем алып, кийинки кездерде таштардын кулашынын натыйжасында өсүмдүктөр жанчылып жоголгон такыр жерге чыгышты.
Леонсия кол чаап жиберди. Эми нур булак баарына даана көрүндү. Асканын отуз футчалык бийигинде, ар бири эки саржан келе турган, кандайдыр жаркыраган зат менен капталган эки жарык жанып турду.
— Чианын көзү! — деп кыйкырды Леонсия.
Генри бир нерсени эстөөгө тырышып башын кашылады.
— Чамамда, бул көздөр эмнеден жасалганын тапкансыдым, — деди ал. — Мен аны эч качан көргөн эмесмин, бирок кары кишилердин айткандарын укканмын. Бул индейлердин майя уруусунун эзелки ыкмасы Френсис, бул кандай зат экендигин айтып бере албасам, казынаны бөлгөндө тийчү үлүшүмдү он центтик чака тыйынга алмашам.
— Шартыңды кабыл кылдым! — деп жооп берди Френсис. — Талаш көбөйтүү таблицасы жөнүндө барганда да мындай шарт менен мелдешүүдөн баш тартуу — акмактык болор. Мындан миллиондогон акчаны утууга болот, а менин мелдешим болгону он цент гана! Мындай мелдешүү менен мен эки жерде эки беш болот деп талашышым мүмкүн, анткени бир кереметин таап, эки жерде эки беш болорун далилдеп беремин! Кана, айтчы, бул эмне? Мелдештик?
— Устрица,— деп күлдү Генри. — Устрицанын кабыгы. Мен седептей жалтырак кабыктарды айтып жатам. Бул мозаика сыяктуу чеберчилик менен орнотулган седеп, күн нурун толук чагылта алат. Эгер буга ишенбесең, өз көзүң менен көр.
Көзгө окшогон эки жарыктын ортосунун бир аз төмөнүрөөгүндө аябагандай чоң мурунга окшош үч бурчтук сороюп көрүнүп турат. Ал асканын бетине өзүнчө бир жарашык берип турду. Таш тегиз эмес эле, анын үстүнө Френсис мышык сыяктуу шамдагайлык менен аска түбүнөн үч бурчтукка чейинки он фут аралыкты тез эле басып өттү. Андан ары өйдөлөө бир топ жеңил болду. Бирок жыйырма беш фут бийиктиктен жыгылып, ээн жерде колун, же бутун сындырып алуу жаман иш болор эле, ошондуктан Генринин ичине кызганыч отун салып Леонсия:
— Кудай жалгагыр, Френсис этияттаңыз! — деп кыйкырды.
Френсис үч бурчтуктун чокусуна жетип токтоп, оболу бир көздү анан экинчи көздү кылдат карап чыкты. Ошондон кийин аңчы бычагын алып, оң көздү чукуй баштады.
— Кары жентльмен болгондо, бул кордоону көрүп талмасы кармап калмак,— деди Генри.
— Сен он цент уттуң! — деп кыйкырды Френсис, Генринин колуна чукуп алынган көздүн бир бөлүгүн ыргытып жатып.
Ал мозаиканын бир бөлүгү — жалпак седеп эле.
— Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт, — деди Генри. — Майялар бекер жерден бул ээн жайды тандап, аскага Чианын көзүн салышкан эмес.
— Кары жентльменди ыйык түйүндөрү менен аякка бекер калтырыптырбыз, — деди Френсис. — Түйүндөр мындан кийин эмне кылаарыбызды айтып бермек эле.
— Көз бар жерде мурун да болушу керек,— деп койду Леонсия.
— Мына ал! — деп кыйкырды Френсис. — Оо кудай, мен азыр ошол мурундун үстү менен чыгып келдим го. Биз абдан жакын турабыз, ага узактан кароо керек. Жүз ярддай узактан бул адамдын өтө зор бетине окшоп кетсе керек.

#59 02 Май 2016 - 12:39
Леонсия асканын түбүнө барып, бул жерге тропик бороону учуруп келген жалбырак менен ыпыр-сыпырларды буту менен түрттү.
— Андай болгон соң, оозу да оз ордунда — мурундун астында болушу керек,— деди ал абдан олуттуу түрдө.
Генри менен Френсис бир заматта ыпыр-сыпырларды буттары менен тепкилеп аскадан оюк табышты. Бирок оюк адам батпай тургандай кичине эле. Таш көчкөндө тешиктин бир бөлүгү бүтөлүп калган болсо керек. Френсис бир нече ташты четке кулатып, тешикке башын салды да, ширеңке күйгүзүп, ичин карады.
— Жыландан этият болуңуз,— эскертти Леонсия.
Френсис алкыш билдирип бир нерсе деген болду да, анан минтип жарыялады:
— Бул жасалма чуңкур. Асканы оюп жасаган, анын үстүнө, байкашымча, зор ынтаа менен жасалган. Эх, шайтан алгыр! — Акыркы сөз, анын бармагын күйгүзгөн ширеңкеге карата айтылган эле. — Бул жерге ширеңкенин кереги да жок! — деп таңдана кыйкырды ал. — Үңкүргө табигый жарык түшүп турат экен... Жарык кандайдыр жогор жактан келип жатат... Күндүн нуру. Байыркы майялар азамат экен. Лифт, ысык жана муздак суу, буу жылыткычы жана швейцарды көрсөм да таңданбайт болчумун. Ошентип, кошкула!
Френсис үңкүрдүн ичине кирип, көздөн кайым болду. Арадан бир аз өткөндөн кийин үңкүр ичинен анын үнү угулду.
— Бери келгиле! Бул жер укумуш экен!
— А, сиздер мени бирге алып келүүнү каалаган эмес элеңер! — деди Леонсия аларга жеңелүү, жер таманы тептегиз үңкүрдүн түбүнө түшүп жатып; үңкүргө түшкөн күүгүм талаш сыяктуу сырдуу жарыкта баардык нерсе абдан даана көрүнүп турду. — Мен сиздерге оболу көздү, анан оозун табууда жардамдаштым. Мүмкүн мен болбогонумда азыр асканы айланып өтүп, көздөгөн жерден узап бараткан болор элеңер.
— Анткени менен бул жерде эч нерсе жок, малак жалагандай экен! — деп кошуп койду ал бир аздан кийин.
— Түшүнүктүү, — деди Генри. —Бул болгону вестибюль тура! Конкистадорлор издеп жүргөн казынаны ушул жерге жашырып, эмне, майялар акмак дейсиңби? Мен мелдешүүгө даярмын: Сан-Антониодо казынадан канча алыс болсок, азыр да ошончолук алыспыз.
Ошол тапта алар кеңдиги он эки-он беш фут келе турган өткөөл жолду көрүп калышты, анын бийиктигин аныктоо кыйын эле. Генринин болжолу боюнча үчөө кырк кадамдай жүрүштү. Жол тез ичкерип кетти, алар чукул оңго бурулуп, анан солго бурулушту да, башка кенен үңкүргө туш келишти.
Жогор жактан түшүп турган сырдуу жарык алардын жолун көргөзүп турду. Алдыда бараткан Френсис күтүүсүз токтоп калды эле, Леонсия менен Генри аны сүзүп алышты. Алар катар туруп калышты. Ортодо Леонсия, бет алдыда эчак өлгөн, бирок алиге чирий элек кишилердин тизилген катарын көрүштү.
— Египеттиктерге окшоп, майя индейлери да бальзамдоо сырларын билген болуш керек,— деди Генри, көмүлбөгөн өлүктөрдүн алдында шыбырап. Өлүктөр тирүү кишилер сыяктуу катар тизилип, аларга карап турган.
Алардын бардыгы Европача кийинип, баарынын жүзүндө европалыктарда боло турган бейкапардык көрүнүп турат. Үстүндө конкистадорлор менен англис каракчыларынын кийими, бул кийимдер бүт бойдон чирип кеткен эле. Экөө жүзү ачык темир калкан кийинген. Кээ бирөөнүн белинде кылыч, кээ бирлери кылычтарын катып калган колунда кармап турат; баарынын белинде кадимки оттугу бар эски тапанчалардын саптары сороёт.
— Карт маянын сөзү чын экен,— деп шыбырады Френсис. — Казына жашырылган жерге кирмекчи болгондордун баардыгы өз сөөктөрү менен казынанын вестибюлун кооздоп, бул жерге келгендерди эскертип турат. Карагылачы! Мына бул чыныгы испан эмеспи! Ата-бабасына окшоп, бул да бир кезде гитара дыңгыраткандыр.
— Мобул болсо так эле девонширдиктин өзү,— деди Генри да шыбырап. — Тешик он центикке мелдешишим мүмкүн: бул уулоого тыюу салынган токойдон кийин уулап жүрүп королдун ачуусунан коркуп, туш келген эле кемеге олтуруп Испанияга качып өтүп кутулган браконьер болгон.
— Бр-р-р-р!.. — Леонсия чочуп кетип Френсис менен Генриге калкаланды. — Бул арбактардан өлүктүн жана дагы бир балаанын жыты келип жатат. Өч алуунун даанасы! Казынаны уурдамакчы болгон адамдар эми түбөлүк сакчылыкта туруп, чирибес денеси менен ушул казынаны кайтарууга өкүм кылынган.
Эч ким жолду андан ары улантууну каалаган жок. Өлүктөрдүн кадимки кийимдеги кебетелери баардыгын сыйкырдап койгонсуду.
— Карагылачы, Америка басып алган жердин биринчи күнүнөн баштап байлык артынан түшүү адамдарды канчалык жапайы, коркунучтуу жайга алып келген! — деди Генри. — Алар казынаны алып кете албас болушса да, сезим аларды түптүз казынанын вестибюлуна жетелеп келген. Каракчылар менен конкистадорлор, силердин алдыңарда баш ием! Салам айтам, сиздерге, эр жүрөк селсаяк каракчылар! Сиздер абдан сезгич болгонсуңар; алтын катылган жерди сезип, алтын үчүн согушууга жетишээрлик кайратыңар бар эле.
— Ух! — деди Френсис, Генри менен Леонсияны кадимки укмуштуу казына издөөчүлөрдүн арасынан алып өтүп баратып. — Карт сэр Генри да ушул жердеги катардын башында болсо керек.

#60 02 Май 2016 - 12:42
Алар отуз кадамдай басышты. Жол дагы бир жолу бурулду. Эки катар болуп тизилип турган мумиялардын акырында Генри капысынан жолдошторун токтотуп, өлүктөрдүн бирин көргөзүп, кыйкырды:
— Албетте сэр Генринин бар, же жок экенин билбейм, бирок Альварес Торрес маңдайыңарда турат!
Чынында да жарымы чириген орто кылымдагы испан костюмун кийип, кургап калган колуна чоң испан кылычын кармап, испанча туулганын астындагы кичинекей каралжын жүздүү өлүк Альварес Торреске абдан окшоп кетет. Торрестин бети да ушундай кичине жана кара болчу. Муну көргөн Леонсия чочуп кыйкырып жиберди да, чокуна баштады.
Френсис Леонсияны Генринин жанына калтырып, өзү өлүктүн жанына келди, анан маңдайын, бетин жана эриндерин кармалап көрдү да, көңүлү тынчып күлдү:
— Атаганат, Альварес Торрес ушул рыцардын ордунда болуп калса. Билесиздерби, бул адам, майялар казынасынын босогосунун ардактуу күзөтчүсү болуп жай алардан мурда, Торрестин бабасы болгонуна кымындай да шегим жок.
Леонсиянын бүт денеси калчылдап, коркунучтуу мумиянын жанына өттү. Тар жол такыр караңгы болуп калгандыктан, алдыда бараткан Генри улам-улам ширеңке чагып турду.
— Ох-хо! — деп жиберди ал дагы эки жүз кадамдай басышкандан кийин. — Мына бул ишке карагыла! Ташты абдан жонуп жылмалаган экен!
Бул жерге жогорудан күүгүм жарык түшүп, ширеңке чакпаса да бардык нерсени көрүүгө мүмкүн эле. Саякатчылардын алдында тешик пайда болду. Анда өткөөлдүн чоңдугуна ылайыктап кесилген таш капкактын жарымы чыгып турат. Сыягы аны тешикти бекитиш үчүн алып келишкендей. Таш ынтаа менен жылмаланып, чеке бурчтары дубалдагы тешикке дал келгендей “жасалган.
— Мелдешип коюшум мүмкүн, майя чалдын атасы так ушул жерде өлгөн! — деди Френсис. Ал ташты айландыра турган механизмдин сырын билген, көрүп турасыздар, таш өз ордунан жарымына чейин козголгон...
— Ох, жин тийгир десе!—деп тилденди Генри, анын сөзүн бөлө, адамдардын сөөгү чачылып жаткан жерди көрсөтүп. — Мына, андан эмне калыптыр! Бул тиги тургандардан бир топ кийин өлгөн — болбосо бул да мумияга айланып калган болор эле. Болжолдоп айтканда, бизден мурда келгендердин эң акыркысы болсо керек.
— Кары жрец атасынын бул жерге өрөөндүктөрдү баштап келгенин айткан эле,— деп эске алды Леонсия.
— Ошондой эле, алардын бири да кайтып келбегенин айткан,— деп кошуп койду Френсис.
Генри баш сөөктү көрүп, аны колуна алды; күтүүсүздөн ал бир нерсе деп кыйкырып, ширеңке тамызды, эми жолдоштору анын колундагы нерсени көрүштү. Баш сөөк кылыч, же мачете менен экиге бөлүнүп гана калбай, арттан атып өлтүрүлгөн октун изи да бар эле. Генри баш сөөктү силккенде, ичинен бир нерсе шылдырады; аны кайра дагы силкти эле, ичинен жалпайып калган ок түштү. Френсис аны көңүл коюп карап чыкты.
— Тапанча менен аткан,— деп тыянак чыгарды ал. — Чамасы начар, же ным тартып калса керек. Анткени жакындан аткан болсо да — бул жерде алыстан атып болбойт — ок тешип кете албаптыр. А баш сөөк индейдики экени анык.
Дагы оңго бурулуп, алар кичинекей, бирок бир топ жарык үңкүргө өтүштү... Өтө бийикте жайгашкан түндүктөн үңкүргө күүгүм жарык түшүп турат. Жерде адамдардын чачылган сөөктөрү. Баш сөөктөрүнө караганда, булар европалыктар болчу. Мылтыктар, тапанчалар, кээ бир жерлерде мачетелер чачылып жатат.
— Алар казынанын ирегесине келишиптир, — деди Френсис. — Ушул жерге келгенде өлтүрө элек аюунун терисин талашышкан окшойт. Кары индейдин жаныбызда болбогону өкүнүчтүү, антпегенде атасынын тагдыры эмне менен бүткөнүн өз көзү менен көргөн болор эле.
— Бирөө-жарымы тирүү калып, казынаны алып кеткен болсочу? — деп болжоду Генри, бирок кайгылуу айланадан — жерде жаткан сөөктөрдөн көзүн алып, үңкүрдү айланта карап чыккандан кийин, өз суроосуна өзү жооп берди: — Андай болушу мүмкүн эмес. Сиздер мына бул жасалма кудайдын көзүндөгү кымбат баа ташка караңыздар. Эгерде менин да кээ бир нерселерге акылым жетсе, мобулар асыл таштын накта өзү эмеспи.
Френсис менен Леонсия ал карап турган жакка бурулуп, оозу ачык аялдын чоң ташка түшүрүлгөн статуясын көрүштү. Аял малдаш токунуп, кыпкызыл көздөрү менен аларга карап турду. Анын оозу ушунчалык чоң болгондуктан, жүзү өтө серт көрүнөт. Аялдын жанында андан да өңү серт жана жийиркеничтүү будда — эркек кишинин статуясы. Ал баатырдык символдо жасалгаланган. Бирок аялдын оозу канчалык чоң болсо, эркектин бир кулагы да так ошондой шалпаң кулак эле.