Дил кутудагы талкуу. Оюңарды таштагыла.
#21 14 Май 2016 - 15:08
#22 14 Май 2016 - 15:27
Shaa-82 (14 Май 2016 - 14:24) жазган:


Билдирүүнү түзөткөн: HEMKA: 14 Май 2016 - 15:27
#23 14 Май 2016 - 15:33
#24 14 Май 2016 - 15:34
Т.б Ооба, ажообуз туура эмес кылган го, канчалаган кыргыз энелерибиз турса атайын ошол озбекти чакырып, озбекче суйлотуп койгону. Жок дегенде ошол создорун кыргызчага которуп койбоптур. Озбектердин духун которуп коюптур да. Кетээринде кыргыз озбек жанжалын кайра баштап кетейин го, деген да ой келип кетет экен.
Ош окуясында озбекстанга отуп кеткен кыргызстандык озбектердин кыргызстанды жамандагандарын коруп нерв болгон болчум. (Эсиниздерде болсо Жалал-Абадтта жашагандар озбекстандын "наманган" деген телеканалы бар эле. Ошол телеканалдан корсоткон болчу). Ошондо Шамалды-Сайда жашаган озбек аял да суйлогон эле. Кийин аны кыргыз аялдар чогулуп алып жаман эле кылган.
#26 14 Май 2016 - 15:36
Татыктуу тарбия берген кыргыз энелер чыкпай калыптырбы, анан ата эне мунозун кошуп торой албайт экен,багып,18 ге чыгарып койгону анча жетпейби?
Балдарын таштап,чет олкодо жургондордун оюн билбегенден кийин соз атып кереги жок!
#27 14 Май 2016 - 15:45
OMURBEK. (14 Май 2016 - 15:04) жазган:
Негизи еле айтамда озбек мектептерин жаптырып кыргызча кылып койсо эмнеге болбосун жабуунун ордуна озбек мектептерине китеп чыгарып берип олтурат теледен же коомдо кыргызча суйлотуп койсо емнеге болбосун ошолордун тилин кысып койсо кыргызча суйлоп калаар еле го ушинтип же мындан да жакшыраак нерселерди ойлоп койушса эмнеге болбойт экен ушуга эч тушуно албадым
Кыргызча сүйлө деп кысым жасоо туура эмес. Алар да бир улут, алар да улутунун тилин унуткулары келбейт. Бабадан калганын урпактарына жеткирели, тил унутта калбасын дешет алар да биздердей болуп. Туура түшүнүү менен ой жүгүртөлү.
#28 14 Май 2016 - 15:52
HEMKA (14 Май 2016 - 15:45) жазган:
Ооба,оздорунун тилинде суйлошсун! Бирок,Кыргыз тили биринчи анан озунун тилин суйлош керек! Азыр,Ош,Кара- суу,Озгон тарапта Озбектер коп ошон учун ушул аймакта жашагандар да Озбекче аралаштырып суйлоп калды.Булар оздору эле суйлой бербей башка бироону да суйлотот турбайбы!
#29 14 Май 2016 - 15:52
#30 14 Май 2016 - 15:55
HEMKA (14 Май 2016 - 15:45) жазган:
Кыргызстанда- мамлекеттик тил Кыргыз тили. Кайсы улуттагы адам болбосун, кыргыз тилин билиши шарт. Суйлош дагы керек деп ойлойм.
#31 14 Май 2016 - 16:24
Grand (14 Май 2016 - 15:55) жазган:
Мен азыр атайын ошол берүүнү таап көрүп келдим. Эне 92 жашта экен. Жалгыз бой эне! Оор жылдарда жолдошун жоготуп, балдарына атасынын жоктугун билгизбей, жалгыз татыктуу тарбия берип өстүргөн экен. Балдары, келиндери сыймыктануу менен айтып отурушат. Сыймыкка татыктуу! Баатыр Эне сыйлыгы куттуу болсун, эненин! дейли... Бала-чака, небере, чөбөрө, кыбыра көргөн эненин өмүрү узун болсун! дейли... 92 жашты таяп калган энени кыргызча сүйлөбөйт деп отурганыңар жарабайт!
Билдирүүнү түзөткөн: HEMKA: 14 Май 2016 - 16:36
#32 14 Май 2016 - 16:28
kaidasyn (14 Май 2016 - 15:52) жазган:
Озгондо шаардын озундо гана озбектер коп.А айылдарда кыргызча эле суйлойбуз! Кыргыздар эле жашайбыз! Коруп,билип туруп анан жазыш керек!
#33 14 Май 2016 - 16:44
Т.б Улутчул болбогула дегендер 2010- жылдагы озбек- кыргыз урушун унутуп калдынарбы? " Эшекти сыйласан акурга ч*чат" болдуго ошондо. Озбек аял 7 баланы чонойтуп, баатыр эне сыйлыгына ээ болсо, алда эне деп жан тарткандарга тушунбойм. Ал Кыргызстанда туруп Кыргыз уулун эмес, озунун озбек уулун тарбиялап жататго? озубуздун Кыргыз уулдарынын энелери деле баргооо. Сыйлап аткан ажобузгада тушунбойм!
вызывает улыбку!
#34 14 Май 2016 - 16:46
meerimka86 (14 Май 2016 - 15:52) жазган:
Сизге толугу менен кошулам. Жергиликтуу айыл окмот карайтда андай нерселерди. Бул жерде Атамбаевтин куноосу жок деп ойлойм .
#35 14 Май 2016 - 16:56
aiturgasha (14 Май 2016 - 16:44) жазган:
Т.б Улутчул болбогула дегендер 2010- жылдагы озбек- кыргыз урушун унутуп калдынарбы? " Эшекти сыйласан акурга ч*чат" болдуго ошондо. Озбек аял 7 баланы чонойтуп, баатыр эне сыйлыгына ээ болсо, алда эне деп жан тарткандарга тушунбойм. Ал Кыргызстанда туруп Кыргыз уулун эмес, озунун озбек уулун тарбиялап жататго? озубуздун Кыргыз уулдарынын энелери деле баргооо. Сыйлап аткан ажобузгада тушунбойм!
Кыргыз, орус, өзбек, дунган, уйгур ж.б. улуттуна карабай, ар улуттан баатыр энелер сыйланып, сыйлык алып келишкен.
#36 14 Май 2016 - 16:56
HEMKA (14 Май 2016 - 16:24) жазган:
Окуп отурсам жаман эле актадыңызго. Андай болот экен эртең 31-августтуда Ошто майрамдадык деп келип өзбектерди суүйлөтүп тартып кеткиле ошолда туура болот. Ош окуясында ким жабыр тартты?өзбектер ким өлдү? өзбектер бул жакта миңдеген кыргыздар эч нерсе болгон эместей. Кече нооруз майрамын карасыңыз андада ким майрамдады? өзбектер,өзбектерди көрсөттү,кыргыздар майрамдабагансып. Бир жолу мейли эки жолу мейли бул көрүнүш ашыкча болуп кетти деп эсептейм жеке менөзүм
#37 14 Май 2016 - 17:02
asylbekova (14 Май 2016 - 16:46) жазган:
Андай болсо ар бир журналисттин иши текшерүүдөн өтөт ошондо жетекчилик. Эй чурбан мына өзбектин ордуна кыргызды тарткыла деш керек болчу. Ошондо бул ктркда иштегендердин айыбы болуп калабы?
#38 14 Май 2016 - 17:06
Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 14 Май 2016 - 17:06
#39 14 Май 2016 - 17:11
#40 14 Май 2016 - 17:17
Ош облусундагы көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени, «Эне да ңкы» медалы мамлекеттик сыйлыктарына көрс өт үү дөг ү оош-кыйыштар боюнча КР Өкм өт үн үн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өк үлчү лү гү нү н үй-б үл ө жана аялдар иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Анара Капаровага суроолор менен кайрылга нбыз.
- Анара Капаровна кеп башынан облустагы энелерди сыйлоо тууралуу айтсаңыз?
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 11-июнундагы «Баатыр эне» орденинин статусу жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде, 2016-жылга чейин жалпы облустагы көп балалуу энелерге 10400 «Баатыр эне», 497 «Эне даңкы» мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылган. Анын ичинен, 2010-жылга чейин көп балалуу энелерге 3037 «Баатыр эне», 115 «Эне даңкы» медалдары тапшырылган. Ал эми 2015-жылы энелер 1017 «Баатыр эне», 57 «Эне даңкы» сыйлыктарына татыктуу болгон.
Ал эми 2016-жылга облус боюнча раймамадминистрациялар тарабынан 864 эне «Баатыр эне», 56 эне «Эне даңкы» мамлекеттик сыйлыктарына сунушталып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча катчылыгына тапшырылган. Бул наамдар май айынын үчүнчү жекшембиси «Энелер күнүнө» карата тапшырылары күтүлүүдө. Ал эми көп балалуу энелерди наамдарга көрсөтүү боюнча документтерин кабыл алуу жер-жерлерде улантыла берет.
-«Баатыр эне» жана «Эне даңкы» наамдары энелерге кандай шарттарда ыйгарылат?
- Көпчүлүгүбүз билгендей, «Баатыр эне» наамы тээ союздун кезинде 10 бала төрөп, тарбиялаган энелерге ыйгарылчу. Кыргызстанда 2007-жылдан тарта 9 же андан көп балалуу энелерге, 2008-жылдан 8 же андан көп балалуу энелерге «Баатыр эне» наамы берилип келген. 2009-жылдан 1-январынан тарта 7 же андан көп балалуу энелерге «Баатыр эне», ал эми балдарынын саны 6 га жеткен энелерге «Эне даңкы» сыйлыктары ыйгарылып келет. Албетте, наамдар төрөгөн балдарына татыктуу тарбия берген энелерге берилет. Мындан тышкары баласы, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамына ээ болгон жана балдар үйлөрүндө көп жылдар эмгектенген энелерге «Баатыр эне» наамы ыйгарылат.
Мамлекет тарабынан пенсия жашындагы «Баатыр энелердин» пенсиясына 1000 сомдон, ал эми тоолуу шартта жашагандарына 1000 сомдон жогору сумма кошулган. Облусубузда көп бала төрөгөн энелердин көбөйгөнү байкалат. 2014-жылы облус боюнча «Баатыр эне» наамын 1017 аял алса, 2015-жылы 1074 болуп көбөйдү. Ал эми 2014-жылы «Эне даңкын» 40 аял алган болсо, 2015-жылы 57 аял алды.
- Жогорудагы наамдарды алууда энелер документ иштеринин так эместигинен көп кыйналышат?
- Союздун кезинде көп балалуу энелер бейкапар жүрө беришчү. Тиешелүү кызматкерлер кабар берип, «Сиз көп бала төрөдүңүз, «Баатыр эне» болосуз»- деп кабарлачу. Мына ушул нерсеге көнүп калганбызбы, кээ бир көп балалуу энелер учурунда так даярдашпай же кээде жөн эле ыкшоолук кылып коюшат. Айыл өкмөттөрдөгү соц.кызматкерлер кайсы айылда, канча балалуу канча эне бар, так билүү керек. Алар көп балалуу эне наамга татыктуу болсо, документин кантип даярдоо керек экенин түшүндүрүп коюш керек. Кээ бирлери документтери бүтпөгөнүн айтып, айылдардан бизге келип кайрылышат, туура эле силерге алып келели, айыл өкмөттөн же райондон бүтпөй жатат дегендери кездешет. Биз документи эмне үчүн өтпөй калганын, жергиликтүү бийликтин чечими керектигин жакшылап түшүндүрүп кайра жөнөтөбүз. Жөн эле документиң өтпөдү десе, түрдүү ойлор жаралышы мүмкүн, жакшылап түшүндүрүү керек. Бул боюнча жер-жерлердеги бул иш менен алектенгендер иш алып барып жатышат. Энелерди кабыл алып, инструкцияны түшүндүрүп, кайсы документтер керек экенин көрсөтүп, керектүү жерлерге илип коюу зарыл, азыр көп жерлерде ушундай.
Ошого эле кошумча, көп балалуу энелердин мамлекеттик органдар тарабынан жазылган документтеринде каталыктар бар. Мисалы, союз кезинде туулган балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө Исмаилова, паспортунда Исмайилова, же башка документинде Ысмайылова болуп жазылып калат. Документтин тамгасы өчүп калган же жакшы сакталбагандары кездешип, ушундай каталар кыйынчылыктарды жаратат. Кээде баласынын күбөлүгүндөгү эненин аты-жөнү эненин паспортуна дал келбей калат. Ошол учурларда укук коргоо органдарына кайрылууга туура келет. Аны сот кызматкерлери карап чыгып, анан аныктама берет. Ошондой эле балдарынын бирөөсү укук коргоо органдарына катталып калса, же иш козголсо да аныктама керек болот. Биз ушундай маселелер менен ички иштер органдарына кайрылып, маалымат-аналитикалык борборлору менен иштешебиз.
Энелер «Баатыр эне» наамына татыктуу болуу үчүн 7 же андан көп бала төрөп, ошол балдарына татыктуу тарбия бериш керек. Бир дагы баласы сот жообуна тартылбоо керек, акыркы төрөгөн баласы эгер жетинчиси болсо 1 жашка толук толуу керек. Ал эми «Эне даңкы» медалына татыктуу болуу үчүн 6 бала төрөп, аларга татыктуу тарбия берүү керек. «Эне даңкы» наамын алган пенсионер энелердин пенсиясына азырынча кошула элек.
ПРЕЗИДЕНТТИ КҮНӨӨЛӨП ЖАТКАНДАР ҮЧҮН ИЛИП КОЙДУМ.
