Билдирүүнү түзөткөн: Geran: 17 Май 2016 - 21:04
Өзүбүздү баалоону үйрөнөлү Самооценка жөнүндө кеп
#21 17 Май 2016 - 21:02
#22 17 Май 2016 - 21:43
Mediziner (17 Май 2016 - 15:59) жазган:

Бардык нерсенин жакшы тарабын көрө билүүгө аракет кылыш керек. Ооздон чыккан сөздөн эле, негативди издей берсек, "пассивдүү" адамга айланып кетпейбизби.
А тема боюнча, пассивдүү адамдар өзүн-өзү баалай албайт. Алар өзгөлөрдүн "баа" берүүсүн күтүшөт экен. Кызык..а өзгөлөрдүн татыктуу баа берүүсүнө кепилдик канчалык болоор экен?))
сапсим тушунбодум сага ???????????? Эми озуну озун баалай берсен текебер болуп чыгасынго анда же туура эмеспи???????? Уууууаааааа ничо себе ...... ошо бироо мактаса жакшыда сени...
#23 17 Май 2016 - 21:58
Shalunka1215 (17 Май 2016 - 21:43) жазган:
Эми ар кандай адам бар да. Психологиясы ар кандай өөрчүгөн дегендей..
Кимдир бирөө "өзүмдүн жакшы тараптарымды баалай берсем текебер болуп кетем" деп ойлосо, а кимдир бирөө "өзүмдү жетишкендиктеримди баалап, дагы да алдыга жылууга аракеттенем" деп ойлонот экен..
Караңызчы, адамдардын ар түрдүүлүгүн? !))
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#24 17 Май 2016 - 21:59
#25 17 Май 2016 - 22:02
Бирок өзүмү баалай албайм зарыбыз бар,зорубуз жок деп коюп,бир нерсе болсо эшектенда пас(төмөн) адамга боло берет деп өзүмү өзүм сооротуп койом
#26 17 Май 2016 - 22:04
nurik2103 (17 Май 2016 - 21:59) жазган:
+++++
Туура айтасыз.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#27 17 Май 2016 - 22:06
atai9292 (17 Май 2016 - 22:02) жазган:
Бирок өзүмү баалай албайм зарыбыз бар,зорубуз жок деп коюп,бир нерсе болсо эшектенда пас(төмөн) адамга боло берет деп өзүмү өзүм сооротуп койом
Ойногонду магада уйротунчу(

#28 17 Май 2016 - 22:19
atai9292 (17 Май 2016 - 22:02) жазган:
Бирок өзүмү баалай албайм зарыбыз бар,зорубуз жок деп коюп,бир нерсе болсо эшектенда пас(төмөн) адамга боло берет деп өзүмү өзүм сооротуп койом
маладес
#29 17 Май 2016 - 22:35
"поделкасы" да барбы?
Мен озумду жакшы кором.Баалаганда баалайм.Кээде "урушуп" озумо козомол жургузуп турам.Бирок адам озунун кемчилигин анча коро бербейт эмеспи...
#30 17 Май 2016 - 22:49
Mediziner (17 Май 2016 - 15:37) жазган:
Байкадыңбы ушул жерде бирааааз эле адашып калдың. Мисалга эле мен сенен же Канатчик же Жөнжүрбөстөн өзүмү бийик койбойм,мен кпйсы арыма алардан өзүмү бийик коюшум мүмкүн?
- Өзүн баалагандар - өзүн сыйлай билүүчүлөр, б.а өзүнө жакшы нерселерди гана ыраа көрүп, ошол нерсеге жетишүүгө аракет кылуучулар. Мындай адамдардан өзгөлөр да сый көрүүсү бышык.

Билишимче башкадан өзүн бийик койгон адам,өзгөлөрдү теңсинбей менменсип койбойбу?)) Бул менен төмөн турса бул мени сыйласын мен неге сыйлайт элем деп))
#31 17 Май 2016 - 23:14
вызывает улыбку!
#32 17 Май 2016 - 23:14
atai9292 (17 Май 2016 - 22:49) жазган:
Мен "ат" десем, сиз "бээ" дегендей болуп калыптыр бул жагы.

"- Өзүн-өзү баалаган адам, кимдир бирөө менен өзүн салыштыра бербейт. Себеби ал ар бир адам өзүнчө уникалдуу экендигин эң жакшы билет." деген сөз менен, айткым келгени, адамдын өзүн бийик коюусу эмес,
тескерисинче кимдир-бирөөнүн артыкчылыгын көрүп, "эмнеге менде андай эмес" деп чөгүп калбай, өзүндө бар нерсеге канаат кылып жашаган адам, "өзүн баалаган адам" деп айткым келген.)
atai9292 (17 Май 2016 - 22:49) жазган:
Сиз бой көтөргөн адам менен өзүн баалаган адамды чаташтырбаңыз да)
Экөө эки бөлөк мүнөздөгү адамдар.
Бой көтөргөн адам сиз айткандай, менменсинүүгө татыктуу болсо болбосо деле, өзгөлөрдөн өзүн жогору сезип менменсине берет..
Ал эми өзүн баалаган адам, "кандай суроо салсаң, ошондой жооп аласың" дегендердин катарында болот. Башкача айтканда, өзүнө жаман сөз ашырып алууну каалабайт, ошондуктан сиз менен ар дайым жакшы мамиледе болууга аракеттенет. .))
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#33 17 Май 2016 - 23:23
#34 18 Май 2016 - 00:46

Өзүмдү баалабайт экенмин негедир.. Ошондуктан астыга чыгып кетпей, артта калып калбай жашап келе жатсам керек.. )
#35 18 Май 2016 - 01:55
#36 19 Май 2016 - 18:45
#37 19 Май 2016 - 21:47
Баалачу жерде баалап эле алам, бапестеп. Унчукпай кое турган жерде унчукпай коем, андай учурда баалачуулар баалап алаар)).
#38 22 Май 2016 - 11:13
Эми жаратып эле тим койбостон өзүнүн мыйзамдарын берип,ушул мыйзамдар менен жашасаң,ошол мен жараткан адам деген атка татыктуу болосуң деп койду.
Ал мыйзам Кураан шарият.
Ошол Кудай Тааланын ар бир айтканын берилүү,жана сүйүнүү менен аткарса дал ошол адам бактылуу болот,жүрөгүнө тынчтык келет,жашоосу ырахатга бөлөнөт. Муну ошол аткарып жүргөн адамдар жакшы билет,муну сөз менен айтууга мүмкүн эмес.
Бул адамдын өзүн өзү баалоосу.
Эми бул айтылгандардын баары тескери болсо,Кудайдын айтканын жасабаса,ал заттын кайтарган нерселеринен(арак, пиво,тамеки, уурулук,алдамчылык, )ушуга окшогон нерселерден тыйылбаса,бул адамдын өзүн өзү баалай албаган болот. Себеби бул инсан да.
Анан бир нерсени айта кетүү керек. Азыр психологдордун китептери адамдарды бузат. Ичин окусаң укмуштуудай сени аппак кылып, башка адамдардан өзүңдү бийик сезип,керек болсо Кудайды да унутасың баарын мен жасаймын,мен күчтүүмүн деп. Кудай Тааланын кудуретисиз инсан бир көзү жумулса ошол көзүн ачалбайт керек болсо.
Анан сен кантип күчтүү болосуң?!
Керек болсо дарактан бир жалбырак түшпөйт Аллаанын кудурети болбосо,жерден бир чаң көтөрүлбөйт, жараткандын кудурети болбосо.
Анан сен кантип кыйын болосуң?!
Анан сен кантип күчтүү болосуң?!
Кантип баарын өзүң жасайсың?!
Эгер адамдын колунда бир кудурет болгондо эчак Кыямат болмок. Баарын жараткандын буйругу менен жасайт адам.
Качан адам жараткандын мыйзамдарына баш ийип Кудайды тааныса,анан ал өзүн өзү жакшы тааныйт.
Дагы бир вариянты,адам баласы Кудайды жакшы тааныбаса,ал заттын кудуретин тан албаса, ал адам текебер болот. Мисалы мындай,шайтан алейхи наалатын Кудай Таала адамга сажда кыл дегенде,мен оттон жаралганмын, мен мындан бийкмин,бул топурактан жаралганга кантип сажда кыламын деп, текебер болот,бой көтөрөт менменсинет. Ушул кылыгы Кудайга жакпайт да,аны каафырга чыгарат. Себеби бой көтөрүү менменсинүү бир гана Кудайга таандык,калганы баары татыксыз, керек болсо периштелер да татыксыз.
Анан эле кылганын ишиң,айткан сөздөрүң баары шайтанский да,мен кыйнмын дейсиң,ал сенин кыйын экениңди билдирбейт, шайтан экөөң дос экениңди билдирет.
Шайтан ошентип мен кыйынмын деп,куугунтука айланган,ошон үчүн Кудай Таала шайтандын абройун эң төмөн кылды. Азыр бирөө бирөөнү урушса "шайтан" экенсиң деп урушат. Эч жерде уккан эмесмин "периште" экенсиң деп урушканын бирөөнүн.
Бул эмне себеп,так ошол бой көтөрүү менменсинүүнүн кесепетинен.
Мындай деген жакшы сөз бар ким өзүн өзү төмөн,жөнөкөй алып жүрсө Кудай анын даражасын көтөрөт,а ким өзүн өзү бийик сезип менменсинип, текеберденип жүрсө ал адамдын даражасын түшүрөт деген.
Ал эми эс алуу,өзүн өзү кароо,жакшы кийимдерди кийип таза жүрүү,жакшы жыпар жыттуу атырлады колдонуп жүрүү бул башка маселе.
Ошон үчүн улуу аалымдар,даанышмандар атагы чыккан адамдар эч качан бой көтөргөн эмес,тескеринчеси адамдардын эң төмөнү,эң жаманы мен болсом керек деп өздөрүнүн напсилерин ар дайым тарбиялап келген. Бирок ал адамдар ошол эле кезде мыкты кийимдерди кийишип,байлыгы бар,бийлиги бар,керек болсо падыша да болушкан.
Кыскасы мына ушундай.
#39 22 Май 2016 - 16:58
Т. Б Өзүмдү баалачу жерде сонун эле баалап коём. Анан көпчүлүк учурда баалабайм деле

Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 22 Май 2016 - 16:59
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#40 22 Май 2016 - 21:02