Кызыл гүл
Кызыл гүл, кыз жүзүндөй канталаган,
Жаныңда акын турат анталаган.
Мен сени көргөн кезде көпөлөк – деп,
Ойлогом мен жеткенче көкөлөйт – деп.
Желбиреп учуучудай канаттарың,
Көзүмдү жалбырттатты манаттарың. ..
Чыпчын гүл, учпашыңа ишенбедим,
Кол менен сабагыңды «кишендедим».
Учушту унуткансыңбы конуп алып?
Багынттың сезимиме толуп алып.
Өтүгүм жанчмак сени, балким, сылтып,
Колумда калем эмес, болсо мылтык.
Тамыры, сабагы бар көпөлөгүм,
Соолуба, күндү карай көкөлөгүн!
* * *
Эс алуу жок бутту керип жай алып,
Колдон келсе жашыргым жок аянып.
Ар кандайча кыялданат буурул баш,
Алаканды жаздык өңдүү таянып.
Табуу кыйын, канча мээни катырба,
Канча тушка калем сапты матырба.
Толгонуунун толкунунда термелем,
Тоо башында, шамал канат чатырда.
Курдаш кылып замананын арышын,
Эл кыдырам кара, күрөң, сарысын.
Эркелетип мотурайган балдардын,
Чекесинен өөп чыгам баарысын.
Сокурларга карек болуп төрөлөм,
Уулу жокко бөбөк болуп бөлөнөм.
Кан майдандан майып болуп кайтканга
Оң колтукка балдак болуп жөлөнөм.
Дүлөйлөргө ырдын шаңын тийгизип,
Бети чаарды сулуу кызга сүйгүзүп.
Кор болгондун тасмалына нан болуп,
Колу жоктун папиросун күйгүзүп...
Алпурушуп иштей берип түн менен,
Кубалашып жылдыз, турмуш, үн менен
Байкабайле ыргып чыгып чатырдан
Сүзүшкөнүм эсте калды күн менен.
Кирпигимди, мурутумду куйкалап,
Туруп калам чачтарымды уйпалап.
Күн да күлөт, от чагылып көзүнөн,
Томпок болгон сол чекесин сыйпалап.
* * *
Кай бирде биз көрмөксөн болгон менен
Чырылдап жүрөгүбүз ыйлап турат.
Жалындай көңүлүңдү тутандырып
Жалганды өлтүргүн деп кыйнап турат.
Кай бирде көрөм десе көрбөгүн – деп
Катабыз кирпиктерге көзүбүздү.
Анакей-мынакей – деп будамайлап,
Чындыктан качырабыз өзүбүздү.
Канчалык көрмөксөнгө салсаң дагы,
Уктатпай баса берип абийир кыйнайт.
Киргилди, каралыкты жашырдың – деп,
Кирпиктин астындагы чындык ыйлайт.
* * *
Көктүн көгүш көшөгөсү сүзүлүп,
Каркыралар учат сап-сап тизилип.
Каркырага канат болуп жөнөдү,
Өмүрүмдөн да бир барак үзүлүп.
Өмүрүмдөн да бир тамчы тизилип,
Дагы бир тал күмүш чачты тагынып.
Учуп барат менин оттуу өмүрүм,
Каркырага канат болуп кагылып...
Каркырага таазим кылып ийилип,
Өмүрүмө кол булгалайм сүйүнүп.
Жаз келгенде кайра келет өмүрүм
Жаңы көйнөк, жаңы чапан кийинип.
* * *
Жылт этип күндөр кулап санатыма
Айланды жазды тосуу адатыма.
Чыйырчык сулуу жаздын бир чымчымын
Чыпыйтып ката келди канатына.
Кылымдын кызыктарын көрүп алып,
Күлмүңдөйт күмүш тиштүү кыргыз тоолор.
Ааламдын алдыңкысын көрүп алып,
Аңкаят алтын тиштүү кыргыз тоолор.
Күн чыгышым
Улам карап туш тарапты элеңдеп,
Айтаар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым! Сени күтөм зарыгып,
Анык беле айткан сөзүң келем деп.
Тоонун суусу аңтарылат иримдеп,
Дарак ырдайт жалбырагы дирилдеп.
Күн чыгышым! Келсең боло күттүрбөй,
Салааланып, саамай чачың бириндеп.
Айлап-жылдап жалгыз сен деп түгөндүм,
Жүрөгүңдүн бардыгына күмөнмүн.
Колду шилтеп кетип калбас себебим,
Боосу сенде мен катынган жүгөндүн.
Улам карап туш тарапты элеңдеп,
Айтаар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым! Сага деген махабат,
Жүрөгүмө батып барат тереңдеп...
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 28 Сентябрь 2013 - 19:06