Суперстан: Күйүт, чыр-чатак, ичкилик, күтүүсүз ажал, Атакем. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Күйүт, чыр-чатак, ичкилик, күтүүсүз ажал, Атакем. журок сыры...

#1 Пользователь офлайн   akyn-jurogu   25 Сентябрь 2015 - 15:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 475
  • Катталган: 25 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2017 14:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БиШкЕк

Чыр чатак. Ичкиликтин кесепети.
Балалыгымды эстесем, айылда боз ала чан болуп, эч нерседен бейкапар, боз балдар менен кубалашып ойноп жургон жыргал кундор гана элестейт. Ата-энем, байкем, карындашым болуп, айылдын четиндеги кичинекей эки болмолуу уйдо жашачубуз. Ынтымагы жок уйдон ырк, кут-береке, жылуулук кетет экен. Уйубуздо кун алыс кыйкырыктар менен коштолгон уруш болуп турчу. Адамдардын эсин энгиреткен жинди суу, атамда да байырлап алган эле. Дегеним, атам ичкиликке берилип, кун сайын эле бутуна тура албай мас болуп келчу. Андайда апам отураарга орун таппай куйполоктоп, "Деги бир жолу тынч уктап калсачы"деп, мылтык такап душманы келгендей коркуп, "Кудай, Кудайлап" эриндери булкулдоп калаар эле. Анткени атам мас болсо эле, апамды сабап жатып калмай адаты бар эле. Анын мас болуп келе жатканын алыстан коргондо эле, баарыбыз жабалактап, "Апа, бир жакка кетип калалычы, атам соолуккуча кетип эле калалычы" деп чыркыраганыбыз эсимде. Мындай ызы-чуу албетте жаш балдардын психикасына терс таасирин тийгизбей койбойт экен. Атамдын ошончолук апамды басынтып, токмоктоп турганын корсок дагы, апам, бизге атам жонундо жаман пикир айтпоону суранат эле. "Атанды ичкилик гана ушундай жолго туртуп жатат" деп актап тураар эле. Кантсе да коз ачып коргон, ак никелуу жары да. Чогуу ойногон тен-туштарымды коруп ичим тызылдайт эле. Атам ичпегенде эн улгулуу ата болмок деп, арак саткан адамдарды жек корот элем...

Кутуусуз ажал.
Ичкиликтин тубу жакшы болмок беле?! Ичкилик озуно тартып журуп атамдын жанын алып тынды. Анда мен 9,10гана жашта элем. Биздин уй тараптан ызы-чуу ундор чыгып калды. Эч нерседен бейкапар, кундогудой эле жолдун топурагын сапырып ойноп жургом. Журогум бир башкача "селт" этип алды. Дароо оюма атам келди. Анткени, атам коп кундон бери ооруканада жаткан эле. Эч нерсеге карабай уйго энтигип чуркап кирдим. Кирип, дароо эле апама коз чаптырдым, апам башын мыкчый, боздоп ыйлап отуруптур. Эмне кылаарымды билбей нес болуп эле туруп калдым. Ангыча, кошуна эже "Кагылайын сен деле чоноюп калдын. Апакендин жанына барагой. Атан жакшы киши болчу, боздоп ыйлаганга акын бар. Атан оо дуйно салып кете берди, раматылык болсун " деп, болоор-болбос бышактап койду. Буга чейинки атама болгон жек коруум заматта жоголуп, чын дилимден ичим ачышып, чынырып ыйладым. Баарыбыз, "Жаман да болсо атабыз эле" деп, боздоп ыйлап кала бердик. Корообузда чычкак улак жок экендиги ушундай жамандыкта билинди. Айылда негизинен баары мал-жандуу болушат эмеспи. Эл-журт, туугандар бар экен, бизге жардам кылып, атамды акыркы сапарга узатышты. Кыргыз той кылса да, олсо да чыгаша болот экен.
Ошентип салтыбызда болгон ырым-жырымды кылып, атамды келбес сапарга узаттык. Учурунда маани бербегеним менен, атамдын киши колдуу болуп олгонун кийин билдим. Кошуна айылда ботолколош достору бар эле. Ичип олтурушуп, чатакташа кетишип, атамды катуу сабап салышкан тура. Ооруканага жаткан себеби да ошол экен. Аны Апакем бизге айтпаптыр. Атамдын жон гана ден-соолугу начарлап кеткендигин айтып, тынчтандырып коюшкан экен. Байкем атамды коп карап жатты. "Келечекте мыкты дасыккан доктур болом " деген тилеги бар эле. Атамды жерге берип келгенден тарта апамдын конулу ачылбай койду. Алкаш да болсо атамдын карааны апама тоодой тирек экенин кийин тушундук. Канчалык бизге билдбилдирбейин дегени менен айласыз жылмайган, мунга толгон коздору кайгыдан кабагы ачылбай жатканынан кабар берип турчу. Ойлонуп корсом, атам олоор олгучо арак менен алпурушуп, бизге бир да жылуу мамиле жасап койбоптур. Анысына жиним келгени менен, бир жаралган омурдо татыктуу жашап отпогонуно ичим ачышат...

Куйут деген кургур жаман нерсе экен. Бул дуйнодо эч ким жакынынан айрылып, анын куйутун тартпасын. Жан дуйном алоолонуп, куйо албай, бырыксыган тутундой быкшып, ичимди уулантып эзип бутту. "Алтын баш аман болсо, алтын аяктан суу ичет" дегендей, "Олгондун артынан комгон болбоюн" деп озумду аран гана алаксытып журом. Коп жылдан бери журокту эзип келе жаткан бул арманымды "сиздерге" жарыялоону туура кордум. Муну менен биринчиден, озум женилдеп алсам, экинчиден, мен сыяктуу тагдырга кабылып, анын токмогуна туруштук бере албай жаткан замандаштарыма сабак болоор деген ойдомун. Тагдырынды озгортуп ала албаган сон, ага таарынып, капалангандын кажети жок экенин билдим. Андыктан бир жаралган омурдо ачуу тагдырга кабылып турсан да, ага мункуробой тескерисинче позитивдуу маанай тартуулоону уйронушубуз керек экен. "Беш кол тен эмес" деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени, бул жашоодо ыйлап турган жузуно унуло карап, кеп-кенешин бергендер бар, тескерисинче, сенин козунчо куло басканы менен, устуртон дабалоо менен карагандар бар экенин оз жон терим менен сездим. Тагдырдын жазмышынан жан дуйном жабыркап, ушул кунго чейин кыйналып келем...

(Уландысы бар...)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   ailam14   25 Сентябрь 2015 - 16:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 300
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 25 Июл 2016 17:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аллахым сабыр берсин сизге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aruuke2013   25 Сентябрь 2015 - 16:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 15 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Апр 2019 16:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош-жалаабадтын ортосу

Уландысын кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Prelestina   25 Сентябрь 2015 - 17:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 29 Июнь 12
  • Соңку аракети: 10 Апр 2020 23:56
  • Жынысы:Аялзаты

озунуздун окуянызбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   akyn-jurogu   25 Сентябрь 2015 - 17:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 475
  • Катталган: 25 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2017 14:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БиШкЕк

Просмотр сообщения Prelestina (25 Сентябрь 2015 - 17:37) жазган:

озунуздун окуянызбы?

Саламатсызбы урматтуу форумчу! Озумдун окуям болсо эмне деп кенеш берет элениз? Кенешинизди гана жазсаныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   sabira.199890   25 Сентябрь 2015 - 17:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 495
  • Катталган: 02 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 01 Окт 2021 12:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Кутуп жатабыз кимдин баяны болсо дагы кызык экен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Umka..00   25 Сентябрь 2015 - 19:26

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Сабырдуу болунуз. Атаныздын ордуна уйунуздогулорго жолок болунуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Artur777   25 Сентябрь 2015 - 19:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 06 Янв 2016 11:55

Автор,канча жаштасын? Окуйсунбу же иштейсин?..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   akyn-jurogu   25 Сентябрь 2015 - 20:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 475
  • Катталган: 25 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2017 14:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БиШкЕк

Просмотр сообщения Artur777 (25 Сентябрь 2015 - 19:34) жазган:

Автор,канча жаштасын? Окуйсунбу же иштейсин?..

Урматтуу форумчу! Жеке суроолорду мумкун болсо, купуя кат аркылуу жазсаныз, бул жерге кенешинизди жазсаныз... Эмне деп оз кенешинизди берет элениз? Озунуздун оюнуз менен болушо кетсениз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   lucia01   25 Сентябрь 2015 - 21:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Май 2017 21:38

биринчи ачкан атан жонундогу тема такыр башкача элего?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   25 Сентябрь 2015 - 21:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Толуктап жазчы анан айта турганыбызды айтабыз...
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   saltanat.   26 Сентябрь 2015 - 02:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Акын жүрөгү, көп капалана бербегин. Баардыгы жакшы болот.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Enesai   26 Сентябрь 2015 - 09:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения akyn-jurogu (25 Сентябрь 2015 - 17:53) жазган:

Саламатсызбы урматтуу форумчу! Озумдун окуям болсо эмне деп кенеш берет элениз? Кенешинизди гана жазсаныз.


Арак деген жакшы адамды дагы ак жолдон чыгараарын тушунуп калыпсын демек...
Атан убагында жакшы адам болгон учун,апан экоо силерди тапкан да.Атан жонундо жаман ойлобо,жаткан жери жайлуу болсун!
Сен озун болсо андай катачылыктарды кетирбегенге аракет кыл! Турмуштан оз ордунду тап,суйуктуу ата,куйумдуу жар бол!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Enesai   26 Сентябрь 2015 - 09:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Анан,авторго суроо-билдируулорунду окуп журом,нигиндин аталышы кызыктырып жатат,Акын журогубу,жанылышпасам? Бул никти жондон-жон тандабаган чыгаарсын?
Ыр жазсан-ырларынды кутобуз!
Жашсынар,жаркыраган келечегин-алдыда!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   akyn-jurogu   26 Сентябрь 2015 - 10:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 475
  • Катталган: 25 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2017 14:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БиШкЕк

Уландысы...

Жаны жашоо...
Мен жашоонун мыйзамына баш ийууго аргасызмын. Тагдырдын башка салганынан эч ким качып кутулган эмес...
Баягыдай, мас болуп келип, чыр салып, кубалаган атам жок, уйдо тынчтык окум суруп эле калды. Ызы-чуудан тажаган жаным, "Атам жок кайра жакшы турбайбы. Атам болгондо баягысындай. ...." дегенимди аягына чыгарбай, апам созумду оозумдан жулуп алды. Экинчи айтпоону соомойун корсото эскертип, катуу ачууланды. Ошондон кийин атам тууралуу терс пикир айтууну токтоттум. Апам болсо бар кучун бизге сарптап, жашообузга жакшы шарт тузуп берууго далалат кылды. Эртен менен бизди мектепке жонотуп, кайра келгенибизде ысык тамагы менен кутуп алып, атабыз жок экенин билдирбей эркелетип журду. Карындашым жаш болсо да айыл туро тентуш кыздары менен ойноп кетпей, апамдын жанында караан эле. "Энелуу жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим" деген ушул экен да. Эне мээрими эч нерсеге тенелгис, зор байлык тура. Апамдын карааны бизге тоодой бийик, монгудой таза, эбегейсиз зор бакыт эле. Басса-турса карааныбызга кагылып, бакыт тилей берчу...
Ноябрь айы аяктап жаткан учуру эле. Аба-ырайы солгундап суук тушуп калган. Эртен менен турсак, кар катуу жаап салыптыр. Биздин кышкы кийимибиз жок, бир жума мектепке бара албай калдык. "Кана эми ушул менен мектепке барбай койсок"-деп катуу тилендим... Анткенимдин себеби бар эле. Тентуш балдар "Алкаштын баласы" деп кемсинтип, оздоруно кошушпайт. Ошондон улам баарынан тажап, башка жакка кетип калгым келчу. Коп отпой алыскы туугандардын кийилбеген кийимдерин алып келип, бизге чон экенине карабай, кыскартып ондоп берип, бизге "Элден калбай билим алгыла, алтындарым! Татыктуу билим алсанар, силер дагы турлоп кийим кийген убакыт келет" деп, чекебизден ооп, мектепке жонотту. Ошондо аябай журогумдун эзилгени азыркы кунго чейин эсимде.
Ошентип, коптон куткон тилегим орундалып, айылдагы уйду сатып, шаарга жакын мектептин жанынан уй алып, кочуп кеттик. "Жаны уй, жаны мектеп, жаныча коз-караштар менен жаны жашоо башталды" деп аябай катуу суйунгонбуз. Убакыт кандай откону белгисиз, карындашым экообуз мектепти удаа-удаа аяктадык. "Жаштын тилегин берет" дегендей, карындашым "доктур болом" деп коксогон окуусуна тапшырып, окуп калды. Мен да жогорку окуу жайлардын бирине тапшырдым. Апам эртеден кечке жумушта болот. Эс алуу эмне экенин унутуп койгон. Ал эми биз сабактан келип, апамдын жакшы коргон тамагын жасап, кутуп алчубуз. Кечки дасторкон устундо баарыбыз жакшы ой-максаттарыбызды айтып, апам менен сырдашып, бактылуу элек. Копко кобурашып отуруп, бир маалда карындашым, "жакшы жигит менен суйлошуп жатам" деп, жеке жашоосунун сырын ачты. Апам, "сени бактылуу кыла турган жигит болсо болду" деп гана койду. Ашыкча суйлогон жок, анткени, карындашымдын журум-турумуна ишенет эле...
Бир куну карындашымдын туулган кунуно карата апам экообуз ага эмне алып берууну ойлонуп, акыры, "Койнок эле алып берели" деп чечтик. Эртеси апам айлыгын алып келген экен, экообуз карындашымды уйго калтырып базарга кеттик. Байкем болсо, жашоо шартка байланыштуу таежемдердин колунда болчу. Базар кыдырып, кийимдерди коруп журуп, апам, "балам экооно тен кийим алып берейин" деп калды. Жалан туугандардын эскисин кийген жаным, жаны кийим кийериме суйунуп, апамды опкулоп жибердим. Ошентип, озумдун кыялымдагыдай бир сыйра кийиндим. Ар бир кыймылымды карап, бактылуу болгон апам,жолдун аркы бетиндеги балмуздак саткан куркону кызыга карай калганымды байкап, "Балам, сен ушул жерде тура тур. Мен балмуздак алып келе калайын" деди. "Апа, мен эле алып келейин" дегениме болбоду. "Жок, сен тура тур, мен бат эле" деп, балмуздак калбай калчудай шаша-буша басып кетти. Журогум алда нени сезгендей "болк" этип алды. Мен болсо апам кетээри менен бери жактагы кийимдерди кызыга карай басып кеттим. Ангыча эле ары жактан "чыйк!" этип, машиненин катуу келип токтогон уну угулду. Анча этибар албаптырмын деле. Бир маалда "Сузуп кетти, аял экен" деген кубур-шыбырларды кулагым чалып, эсиме келе тушуп, дароо эл уйулгон тарапка "Апам эмес.... Апам эмес...." деп чуркап бара жаттым...

(Уландысы бар)...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   akyn-jurogu   26 Сентябрь 2015 - 13:49

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 475
  • Катталган: 25 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2017 14:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БиШкЕк

Просмотр сообщения Enesai (26 Сентябрь 2015 - 09:45) жазган:

Арак деген жакшы адамды дагы ак жолдон чыгараарын тушунуп калыпсын демек...
Атан убагында жакшы адам болгон учун,апан экоо силерди тапкан да.Атан жонундо жаман ойлобо,жаткан жери жайлуу болсун!
Сен озун болсо андай катачылыктарды кетирбегенге аракет кыл! Турмуштан оз ордунду тап,суйуктуу ата,куйумдуу жар бол!

Чоон рахмат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   magic1721   26 Сентябрь 2015 - 19:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 115
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 25 Сен 2018 17:22
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:КG

автор улантыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   briliant87   26 Сентябрь 2015 - 22:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 201
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 19:05
  • Жынысы:Эркек

Автор:Бул чыгарманды "Адабият жана поэзия" болумуно жазсан болмок экен.Аялымды кожоюнума тартырып жибердим,деген теманы да сен жаздын беле адашпасам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Begai.93   26 Сентябрь 2015 - 23:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 30 Август 14
  • Соңку аракети: 02 Сен 2018 08:40

Ий журогум ооруй баштады ((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   akyn-jurogu   27 Сентябрь 2015 - 11:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 475
  • Катталган: 25 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2017 14:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БиШкЕк

Просмотр сообщения briliant87 (26 Сентябрь 2015 - 22:15) жазган:

Автор:Бул чыгарманды "Адабият жана поэзия" болумуно жазсан болмок экен.Аялымды кожоюнума тартырып жибердим,деген теманы да сен жаздын беле адашпасам.

Саламатсызбы урматтуу форумчу! "Аялымды кожоюнума тарттырып жибердим" деген теманы да мен жазгам ооба, ал эми бул ойдон чыккан чыгарма эмес, же повесть, роман эмес, адабият жана поэзия болумуно жазгандай. Бул болгон окуя! Форумчулардын кеп-кенештери керек... Мен деле билем, кайсы болумдорго эмнени жазышты...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Июл 2025 20:53

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: