Мен анда он беш-он алтыдагы боз бала элем.
Күндөрдүн биринде менден алты-жети жаш
улуу Кабылбек аттуу аталаш агам айылды
дүрбөлөңгө салып коңшу кыштактан кыз ала
качып келди. Жаңы жеңем тээ далайга чейин
ыйлап, отурбай ызы-чуу салып, а бирок
бечараны ар кимиси ары булкуп, бери булкуп,
кээ бири:
– Ботом, бу кандай бетпак кыз, тастаңдаган?
!
– десе, дагы бири:
– Уяты жок! Тартипсиз!
– деп тилдеп,
айрымдары:
– Кой, антпе кагылайын!
“Кыз жыргар жерине
ыйлап келет!” Биз деле ушинтип келип эле,
мынакей, өсүп-өнүп отурабыз!
Ошенте гой,
берекем! – деп ымала санаган болуп, атүгүл
агамдын аракка алагүү болуп тоюп алган
достору да келиндин каруусунан мыжыга
кармап:
– Эми эмне эле болуп атасың?! – деп кекетип-
мокотуп жатып акыры отургузушту.
Баракча 1 - 1
АЛГАЧКЫ МАХАБАТЫМ..! АЛГАЧКЫ МАХАБАТЫМ..!!!
#2 17 Сентябрь 2016 - 10:10
Буга чейин мындай нерсеге анчалык деле
маани бербей, кыз ала качууну жөн салды эле,
мыйзам ченемдүү көрүнүш катары билчүмүн.
Бул жолу болсо элдеги салтка айланып калган
ушул адатка ичимден каршы болуп, жаңы
жеңемди аяп турдум...
Анткен менен жеңемдин тынчып, унчукпай
отуруп калганы мени да кубантты. Жеңелүү
болуш жаманбы?! Үйгө кирип-чыгып жеңеме
көз кырымды салам. Анткен менен эки-үч
күнгө чейин жүзүн эч көрө албай койдум.
Үчүнчү күнү гана жеңемди көшөгөдөн
чыгарышты. Ушунчалык сулуу, үлбүрөгөн назик
жан экен! Жада калса мени дагы тик багып
карай албай, жер тиктейт. Карап тура берсең
апакай жүзүнүн албырып, кызарып
кеткеничи?!
Мен жеңеме суктанып, көзүмдү ала албай
карай берчү болдум. Менин бул жоругумду
Кабылбек байкем да байкаса керек, акыркы
убактарда мага мамилеси бузулуп, жаман көрө
баштады. Демейде эки үй бир үй-бүлөдөй
болуп эле аралашып жүрсөк, эми үйүнө
барганымда жактыра бербей:

Аа
#4 17 Сентябрь 2016 - 16:38
#5 18 Сентябрь 2016 - 05:06
Чыгармалар үчүн атайын бөлүм бар.
Тема жылдырылды.
Тема жылдырылды.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#6 18 Сентябрь 2016 - 07:10
Эмне болду?! Эмнеге келдиң?! – деп
кетиргиче шашат.
– Жөн эле! Эмне, келсе болбойбу?! – дейм.
Үйлөнгүчө мени үйүмдөн жетелеп келип,
койнуна алып жатып, бир эле күн көрбөй калса
сагынып калчу агамдын минтип тез арада эле
өзгөрүлүп кеткенине таң калып да, таарынып
да жүрдүм.
– Тетиги Кабылбегиң жинге тийди! – деп
апама келип арызданам.
– Эмне болду, ботом? – апам да таң кала
карайт.
– Аял алса эле ушинтип калыш керек экен да!
“Эмне келдиң? Кет үйүңө” деп!.. Барбай койсом
кутуламбы?!
– Жаңы баш кошкон эмелер кенен-кесири
басып-тургусу, ойноп-күлгүсү келет да, балам!
Ысыгы тарагыча ошентишээр, андан кийин
агаң кайда бармак эле?!
Ошондон кийин таарынып, көпкө чейин үйүнө
барбай койдум.
Күндөр өтө берди. Анткен менен менин эси-
дартымдын баары эле Кабылбек байкемдин
үйү жакта боло берчү. Чындап келсе
байкемдин өзүн дагы сагындым!
Бир күнү сабактан келатып, эмнегедир
алардын үйүнө жеткенде кадамым тушалып,
кылчактап калдым. “Кантип кирем?” - деп
кайсактап турсам, Кудай жалгап жеңем суудан
келатыптыр. Мени көрө коюп эле жаш
баладай кубанып, жарк этип күлүп жиберди:
– И-ий, ырас болбодубу, эрке бала! Суумду
көтөрүшүп койчу! – деп. Абалкыга караганда
азыраак ачылып, жаңы үйүнө көнө түшкөндөй
көрүндү.
– Биздикине эмне келбей калдың? – деди
анан, - Кечке жалгыз отуруп аябай зеригип
кетчү болдум. Бат-баттан келип турчу,
жарайбы?
“Макул” дегендей башымды ийкеп койдум.
Ошондон кийин сабактан кийин дайыма
алардыкына кайрылам. Байкем ал убакта иште
болгондуктан, коркпой-үркпөй кирем. Жеңем
болсо мени көрүп адатынча сүйүнүп кетет да,
назик күлө багып дасторконун жаят. Кадыресе
чоң кишидей болуп бар кыймылынан көзүмдү
албай карап отурам.
- Окууларың кандай? – дейт ал мени карабай
акырын унчугуп.
– Жакшы эле! – дейм. Бирок, кийинки күндөрү
жеңем караган сайын эми өзүм да сүрдөп, эки
бетим ысып-күйүп, дуулдап кетчү адат
таптым. Жеңем да анымды сезип алгандай,
эми менден абалкысындай айбыкпай,
сүрдөбөй калды. Кетээримде босогого чейин
узатып келет да:

#7 18 Сентябрь 2016 - 07:11
Жакшы бар, ээ? Келип турсаң? – деп чын
дилинен айтып, атүгүл эркелете чачымды
уйпалап, уйгу-туйгу чачып коёт. Келатканда
суулап жатып араң эпке келтирген чачым
андайда үрпөйүп эле калат. “Мени кичинекей
баладай көрөт окшойт!” – деп анысына
ичимден арданып кетем.
***
“Тез эле эр жетип, тез эле мен да аял алсам...”
– деп самачу болдум эми. Жада калса болочок
жарымды элестетип, кыял менен жеңемдей
бирөөнү издеп, убаралана берем. Бирок
өчөшкөнсүп классымдагы, мектептеги, атүгүл
айылдагы кыздардын бири да ага окшобойт.
Ошентип, улам убакыт өткөн сайын менин
дагы балалыгым алыста калып баратты.
Мүнөзүм абалкыдан кыйла эле өзгөрүлүп,
токтоо тартып кеттим. Анымды өзүм да
байкап, ансайын өзүмчө компоюп, чоң
кишилерди туурап басып, олуттуу сүйлөгөнгө
аракет кылып, жеңеме көрүнгүм келет.
Мени таң калтырган дагы бир кызыгы,
эмнегедир акыркы убактарда мен кайра
агамдын өзүнөн Айдана жеңемди кызганчу
болуп алдым. А балким ал дагы жеңемди
менчилеп аяп, барктап күтүп алса, балким
антмек эместирмин. Мүмкүн! Кээде көп
ыйлагандан жеңемдин көздөрү кызарып,
шишип, атургай көздөрү, бети көгала болуп
калчу болду. Менин жүрөгүм сыздап, аяй карап
калганымда жеңем:
– Жөн эле... Жыгылып кеттим! – деп жүзүн
ала качып кетчү. Байкеме жиним келээр эле.
Эки муштумум түйүлүп, ушул азыр агамды
басып жыгылып, ургум келип кетчү.
Көрсө, мен ошондо эң алгачкы, аруу
махабатыма кезигиптирмин! Ким билиптир
аны?! Билсе бир Кабылбек байкем билгендир.
А балким ыраматылык жеңем билгендир. Өзүм
билчү эмесмин! Баарын кеч, далайда барып
түшүнүп жатпаймынбы!
***
Убакыт билинбей өтүп жатты. Жеңем ай-
күнүнө жетип, ансайын ажарына чыга түштү.
Боюнда бар аялдын ушунчалык сулуу болорун
ошондо көргөм.
Жай мезгили эле. Ушул мезгилди али күнчө
жакшы көрөм. Айрыкча айылдын түнкү
кереметин айт! Сыдырым, таза жел саамайдан
сылап, таттуу кыялдар көңүлдү делөөрүтүп,
сезимим кытыгылана берер эле. Айрыкча чөп
жыйнаган бастырманын башына чыгып алып,
жымыңдаган жылдыздарды, айды тиктеп
кыялга батуу мен үчүн жыргалдын жыргалы
боло турган. Анын үстүнө бул жерден мага эч
ким жолтоо да болбойт. “Аны алып келе
калчы, муну алып келе калчы”, – деп апам да
жумшабайт.
Баарынан жакшысы, жеңемдердин үйү дагы
бул жерден алаканга салгандай даана көрүнөт.
Көпчүлүк учурда ошол тарапты баштанып,
жеңемдин кирип-чыкканына көз салам.
Кечиндеси элеңдеп эшикке чыга калып, кайра
киргиче шашкан жеңемден көзүмдү албай
“кайтарып” жатам. “Кокус эле ким бирөө чыга
калып жеңемди коркутсабы. .. шашпасын! ” –
дейм кыялымда. Качан гана ал үйгө кирип
кеткенден кийин чалкамдан түшүп жатам дагы,
асманды тиктейм.
Тигине, акырын жылып ай баратат...
Жакшы бир табылга таап алгансып, бир убакта
кубанып кеттим! Асмандагы күлүмсүрөп
келатып, булуттарга жашынып калган аппак ай
мага жеңем болуп көрүнүп кетти! Бардык оюм
“тык” токтоп, карап калдым! Чын эле! Көрсө,
ай менин жеңеме окшош турбайбы! Ура-а!
Карасаң!.. Ал да кудум жеңеме окшоп, аппак
бетин билинер-билинбес “сепкил” басып, жада
калса муңайым карап, акырын жылып
баратканы да!..
Мен ушундан кийин аты да уйкаш Айдана
жеңеме тек гана Ай деген ат коюп алдым.
“Менин Айым!” – деген сөз жандүйнөмдүн
аялуу, терең жеринде жашачу да, кээде-кээде
эч кимге угузбай көөдөнүмдү толтура айтып-
айтып алчумун.
Бир күнү сабактан келатып кирсем жеңем жок!
Кайра чыгып келатсам, алдымдан утурлап
чыга калган агам:
– Делдегей! Сүйүнчү, инилүү болдуң! –
дебеспи!
Эмне дээримди билбей, кубанганымдан
агамды тиктеп абдаарып калдым да, бир
убакта:
– Ура-а! – деп сумкамды башымдан алыс
ыргытып, сүйүнгөнүмдөн көкүрөгүм жарылып
кете жаздады. Жада калса анын “делдегей”
дегенине да мурункудай терикпей,
шашканымдан: “Атын ким койдуңар?” –
дештин ордуна:
– Аты ким экен?! – деп алыпмын. Аны өзүм
деле байкабайм. Агам эле баштагы адатынча
боорун тытып күлүп жатат. Кудай берип койду
да ага!
– Эмне күлөсүң?! – дедим мен эми ызаланып.
– Эй, кеңкелес! – Агам чекеме чертти да: -
Атын кошо төрөмөк беле?! – деди.
Унчукпай ичимден уялып калдым. Байкем
болсо:
– Азыр экөөбүз чогуу барып келели, жарайбы?
– деди, - Айтмакчы, атын өзүң койчу, ээ?
Кубанып кеттим. Бул менин турмушумдагы эң
биринчи бөбөгүм жана мага карата болгон эң
биринчи жооптуу ишеним эле.
Байкем экөөбүз да ушул саам кудум баягыдай
ысык-ынак сезилишип, саамга кучакташып да
турдук. Бул кубаныч экөөбүздү кайрадан
бириктирип, таарынычтарды таратып,
көңүлдөрдү агартып жиберди! Мага ошондо
жеңем да экөөбүзгө кубанган окшоп сезилген...
Эки кабат төрөт үйүнүн алдына келдик.
Байкем жерден майда таш издеп, ыргыткан
сайын “тырс!” этип айнектерге тийип, ары
жактан “кимибизге келди экен?” – дегендей
бала көтөргөн келиндер карап коюп, көрүнбөй
калып жатышты. Аңгыча эң четки терезеден
жеңемди көрдүм! Бөбөгүмдү куурчактай кылып
ороп, көтөрүп алыптыр. Анысы бети-башын
бырыштырып, эриндерин чөрмөңдөтүп жатат.
Жеңем болсо ага ичи элжирей бир нерселерди
кобураган болот. “Атаң менен агаң келди.
Карачы, уулум!” – деп жаткандыр да. Анан
бизге карап колун булгалады. Айнектин
артында аппак жоолук салынып, башкача бир
бактылуу күлүп турган жеңем демейдегиден да
сулуу болуп кетиптир! Мен аны азыр
жаңырган, апамдын тили менен айтканда
“жаңы тууган” айга окшоттум. Ойлонуп кеткен
экемин, бир убакта байкем:
- Эмне эсиң ооп калды?! Басасыңбы?! – деди.
Чын эле эсиме келе түшүп, бу жоругум үчүн да
уялып калдым. Агам жанагыдай
жайдарыланбай өңү бузулуп, ачуусу келе
түшүптүр. Унчукпай алдына түшүп кетип
бараттым...