- (18 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
"АРМАН" Зуура СООРОНБАЕВА
#2 04 Март 2016 - 18:25
АРМАН
(Роман)
Бишкек-2002
Кыргыз ССРинин маданиятына эмгексиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын жазуучулар Кошунун мүчөсү, КыргызРеспубликасынын эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын калемине “Чоочун киши “ аттуу роман, “Андрей”, “Жетимдер”, “Астра гүлү” повесть-аңгемелер жана бир канчажыйнактар таандык.
Зуура Соорнбаева 2002-жылы“Арман” деген романын окурмандарга тартуулап отурат. Анда айрыкча жаштарды карыларды кадырлоого, ыймандуулук мененадамгерчиликке, кайрымдуулукка, бкем достукка, эмгекти барктоого үндөгөн , сүйүүгө,турмуш ууруга, үй-бүлө күтө билүүгө багытталган маселелер камтылган.
:)
#3 04 Март 2016 - 18:27
Жети-Өгүз курорту-менин ыйыктутуп, жакшы көргөн курортторумдун бири. Анын родону менен дары суусу, аркандай түркүн түрдүү ооруга эм болгон касиеттүү кара баткагы чайыр жыттангантаза абасы кимдерди куштар кылбаган дейсиз. Ооба “Ат баспайм деген жерин үч басат” дегендей, быйыл да менин шыбагымаушул Жети-өгүз курортуна курортуна келип дарыланууга туура келди.
Дем аалууга келген биринчи күнүмэле. Экинчи маршрутта обо мелжиген кош теректин түбүнө коюлган орундуктардынбиринде өзүм менен бир бөлмөдө жаткан шеригим экөөбүз ары-бери өткөндөрдү карапэс алып отурганбыз. Ошол кезде, көөдөндөрү кок тиреп , бирине бир сөөлөттөнөкыналып, алдыбыздан өтүп бараткан аля эркек биздин тушубузга келгенде, бурулакарап токтой калышып, жанымдагы аялдан кимдир биөөнү сурап калды.
-Алиги Акылбек деген бала эки күндөн бери көрүнбөй калды. Билген жоксузбукайда кеткенин?
-Кечээ эртең менен узаттык дешти го жолдоштору. Мен да коштошпой өкөнүпкалдым. Иштеген жеринен шашылыш телеграмма келип чакырык менен кеткен имиш.
-Аа, анда биротоло кетиптир...
Акылбек деген атты угуп, жүрөгүм удургуй тушту. Булар кайсы Акылбек айтыпжатышат болду экен,-деп ойлоп, аялды бир чолуй карап калдым. Тигилер болсо,кеткен жигитти корбой , аны менен коштошпой калгандарына окунушуп, кейип-кечиптуруп басып кетишти. Алардын артынан удаа эле , жасана кийинишкен, токтолупкалган салабаттуу аял менен бойго жеткен кыз бала биз тарапка жылмая карап,салам берип отуп кетишти. Шеригим сурабасам деле озунчо суйлонду:
-Тигил кыз азыркы адамдар сураган акылбек деген жигиттин жердеши экен. Ошолбала иштген чарбанын бир болумундо механизатор болуп иштейт имиш. Айылдагы онжылдык мектерти бутуруп эле, ондурушто калыптыр. Жанындагы аял Чуйдон келиптир.Малчы экен. Экоо бир палатады жатышат. Караныз буларды карапайым жумушчу депким айтат. Кийим деген ушуларда. Бирин чечеип бирин кийип , аба ырайыны каратакубулуп турушат. Карап турап ушул кун, ушул доолотубуздун бетине колоко тушпой, кут болсо экен деп кудайга мунажат класын.
А мен болсом шеригимдин бирсозун уксам , бир созун укпай эмелки ушул жерде уккан атты эсимден чыгараалбай, алагды болуп турган жаным, аялдын созун болдум
-Алиги азыркы кишилер сураган акылбек дегенинер ким эле?
-Ии, ушул жерде эс алган жигит.
-Фамилиясы ким экен, Капаров эмеспи?
-Ооба , ооба , капаров дешти го.
-Жакында эле кеткен экен да?
-Ооба кече куну кетти дешти жолдоштору.
-Каап. Жаздым басып алганымды карачы!-дедим кейишке тушуп.
-Тааныйсызбы?
-Тааныган учун окунуп жатам да. Оз баламдай болуп, колумда жургон бала эле.Коп болду корбогонум.
:)
#4 04 Март 2016 - 18:29
-Аял алыптырбы?
-Аялын коргон жокмун. Озу эле журду го. Колумда жургон бала эле дейсиз. Аялалган, албаганын билбегениниз кызык экен.
-Туура айтасыз, кызыгы кызык...
Мен ушул саамда откон кундорду,акылбек менен Элалдын студенттик кездерин, бир Наргулго, бир Касиеткеуйлонгондогу окуяларын ойлоп, туна тушуптурмун. “Байкуш Акылбек, Куйип кетти гоошондо. Кайната болбой камыран калгыр ай. Ой акма-а-ак! ”
Жанымдагы аялдын унунон селтэттим.
-Эмне деп жатасыз? Кудай урсун, созунорго кенедей да тушунгон жокмун.Акылбектин кайнатасы жонундо айттып жаткан жоксузбу?
Мен аялдын созун угуп, ичимеойлогон ойумду, сыртымда айтып жатканымды сезе коюп, уялганымдан кызара туштум:
-Ай апенди жаным ай, Акылбектин, ушундай эл оозуна кирген жакшы адамболгонун угуп суйунгонумдон, бир кезде кемсинткен адамдарды эстеп озумчосуйлонуп ийген турбаймынбы. Ал жонундо айтып отурса тгунбогон жомок, курдаш.
-Ии, тобо, ошондой денизчи,-аял шыпшына суйлоду.
-Ошондой, “жакшынын жыты жок” тура. Арыктагы агын суудай аркырап, арадан онжылдай ашык убакыт отсо да, Акылбек менен Элалды эсимден чыгар албайм. Экоонункичи пейил, жайдары муноздорун канча жолу эстесем, ошончо жолу, журогум алооболуп толот да турат. Андай балдар азыр саналуу болуп баратпайбы. “Жакшы дегенат бир кууса жеткис, жаман деген ат бир жууса кеткис” дген созду уктунуз беле? Чындыгдаушундай эмеспи , сиз кандай дейсиз?
-Калети жок соз. А Элал деген ким эле ?
-Акылбектин тентушу. Экоо институтта бирге окуган. Жатса жаны бирге, турсаконулу бирге балдар эле. Мен аялды карадым. Сизге тиешеси жок созду баштап,тажатып жиберген жомунбу деги? Журунуз басалы. Биз суу ичип, бир айланыпкелгенибизче, тамак убагы да болуп калат.
Мен ордумдан турайын дегенче, аялалаканы менен тиземи басты:
-Коюнузчу, тажаткандай эчтеке суйлогон жоксуз ашык. Жакшы адамдар жонундоукканга эмне жетсин. Мен акылбекти биринчи коргондо эле , адептуу, ыйманы бар,тарбия коргон жигит экен деп ойлонгонмун. Айткандай эле тузук жигит экен. “Адамоз жамандыгын олгончо билбей, киши жамандыгын кирип чыкканча билет” дегендей,ал баланын ушул жерде улууларды урматтап, саламынан жазбаганынан эле, кандайадам экени белгилуу болгон. Эгерде жашыруун болбосо кайнатасы эмне болгон кишиэле айтып беринизчи? Адам канча жашаса да билгенинен, билбегени, коргонунон, корлеги, коп болуучу неме тура. Таалим-тарбия, адеп-ахлак деген бийиктиккары- жакша бирдей керек нерсе го билгенге. Биздин да бой жеткен уулдарыбыз, кыздарыбыз бар. Буюрса куйоом экообуз бирибиз кайната, бирибиз кайнене болуучубактылуу кундун босогосунда турабыз. Ошондуктан, уул уйлоп, кыз чыгарганадамдар жонундо, анда колдонулуучу каада-салттар, урп-адаттар жонундо уга жургонубузжакшы эмеспи. Ар нерсенин жакшы жагын кабыл алып, жаман жагынан качкандайболсок зыян болмок беле.
:)
#5 04 Март 2016 - 18:30
Ордубуздан туруп, суу ичкени беталдык. Врачтын кенеши боюнча тамакка жарым саат калганда “зам-замдын суусунан”уч маал бир стакандан мен да, тигил жанымдагы шеригим дагы ичишибиз керек экен.Жолдо баратып жаны таанышыма карадым:
-Кечиресиз, ойлоп корсом сиз экообуз бир палатада жатканыбыз менен али толук тааныша элек турбайбызбы. Ананкалса бири-биризди билбей туруп эле, дароо “чон казатга” кирип кетиптирбиз.
-Мен сизди тааныйм. Журналисттер жеринен таанымал болот да.
-Аныныз туура денизчи. Бирок, мени сиз тааныганыныз менен, мен сиздитааныбайм да.
-Мектепте мугалим болуп иштейм. Атым Шарапат.
-оо, жакшы кесибиниз бар тура. Мына эми тааныштык. Мени билем дединиз.
-Билем, билем. Бугун эмне кылалы, киного барсак эмне болот?
-Жок, мен барбайм. Ары-бери басып аба жутам. Сиз маган карабай барабериниз.
-Андай болбойт, сиз барбасаныз мен деле барбайм. “Орозодо кочкон эрмек”дегендей, анда мага акылбек жонундо айтып бериниз.
-Болуптур, айтып берейин. Бирок, азыр эмес,-дедим суйлоого табитимтартпай. ..
Шарапат айтканын да, укканын даунутпаган аял экен. Акылбек жонундо эртеси дагы сурады.
-Капаров жонундо качан айтып бересиз?
Кулдум.
-Дгеи, акылбекке ашык болуп калган кыз-келиндерден эмессизби?-дедимтамашага чалып.
-Коюунузчу, кантип ошондой болсун. Акылбек жаш да.
-Бирок , чын-чынына келгенде, кээде жаштын оодо-ылдыйына карабай жаздамбасып алган мезгилдер да болот. Кичуулор кичуулугунуно карабай, улууларулуулугуна карабай бири-бирине конулу тушуп, махабатка мас болуп, ашыктыктыназабын тарткан адамдар бул дуйнодо аз дейсинби. Бул суйуу деген балакет жашкакарабаган ожор неме болот тура.
Шарапат каткырып конулдуу кулду.
-Кудай шерменде кылып, андай дабасы жок дартты башка салбасын. Тим элеугайын дегем.
-“Бура суйлогон кулгонго жакшы” дегендец, мен дагы тим эле тамаша кылыпжатам. Угайын десен угуп тур. Анда созду, тээ башынан айттып берейин.
БишкеккеУрумкан деген курдашым чакырып, ошондо конокко барганмын. Мен кетээр куну абаырайы бузулуп, самолёт учпай, автобуз менен чыккан болчубуз. Машына толожургунчу. Аба ырайынын начардыгынанба, демейде жол жургондо жаактары жайалбаган юаякы суйлоок жургунчулор бугун тымтырс. Ооба, десен, чындыгында эле,мындай мезгилде, ким менен ким таанышып, ким менен кимдин суйлошкусу келсин.Анан калса адамдын конулу да аба ырайындай неме эмеспи. Чолпон-Атадан отуп,Корумдуга жеткенибизде, кар аралаш соккон алай-дулой тушкон кардуу бооронготушкелдик. Терзеден эч нерсе корунбойт. Анткени туркун тусто кыйма-чийме болуп муз пардасы
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 04 Март 2016 - 18:34
:)
#6 04 Март 2016 - 18:32
-Жок, мен ушугон жокмун балам. А сенчи?
-Ушуп жатам.
-Анда кел мага! Кызымды алдыма алып, тонума ороп боорума кыстым. –Сенчонмун дейсин, кичине эле турбайсынбы. Эми экообуз тен ушубойбуз. Азыраакчыдасан уйго жетебиз.
-Уйго аз калдыбы?
-Ооба, аз калды...
Кучагымда олтурган балажылынгандан кийин мемиреп уйкуга кетти. Чоноюп калган баламын салмагына,буттарым ымыр-чымыр болуп, уюй баштады. Анда-санда аягымды алмак-салмак солбупкоюп баламды ойготуп албасам экен деген ойдо , тышта болуп жаткан ааламаттанжуроксуп, ийнеликтей болгон муз саймаларга карагимди кадап келеткам. Бир кездемашинанын мен олтурган жаккы капталы орго тушуп барткансып эништей тушуп барып,бир катуу силкинип алып тык токтоду. Баарыбыз селт эттик.
-Эмне болду? –жургунчулордун ичинен кимдир бироо башын селт которуп чочулайсурады.
-Эмне болгонун корбой турасызбы?-деди ындыны очуп , кабагы карыш тушконшофёр, -курткуго тыгылды машина.
-Куртку болсо эле болду. Мен дагы жолдон чыгып, жарга кулап кеттикпи депкорктум эле.
-Жарга кулаган жокпуз . андай коркунучтуу жер жок бул жерде. Тек ганажолдон чыгып кеттик окшойот.
-Кап, будунду коруп туруп байкасан болмок экен чунак бала.
-Ай жарыктык, байкабайын деди дейсизби. Кардан карагим кардыгып кеттикорунот. Кандайча болгонун озум да байкабай калдым. Анын усутуно кар калындап,жолдун нугун билгизбей бутоп салган тура, -деди эрдин кесе тиштеген шофёр кошаягы менен педалды алмак—алмак басып...
Мотор иштегени менен майнап чыкпады. Машина турган ордунда козголупкойбостон, чоккон нарга ошкоп калын карга малкып жатты. Анан бир заматта ак кар, кок музга оронуп, анын бар экени, жежок экени билинбей да калды. Жургунчулор тышка чыгышты. Машинанын ичиндекызымды боорума баскан бойдон мен калдым. Кун кечтеп, тун пардасы тартылыпкелетканы билинип, айланы уламдан улам куугумдонуп, карангылыктын кучагынасунгуп баратты. Эмне кылаарымды билбей тынчым кете баштады. Ангыча эшик кучменен ачылып, эки жигит калдырап, кар аралаш бороонду машинанын ичине алакиришти.
-Эжеке, турунуз, Бишкектен келеткан бир машинаны токтоттук. Анын ичиндежургунчусу толук экен. Биз кетпесек да баланыз менен сиз жетип алыныз.
Шашкалактап жигитердин биралдымда уктап жаткан баланы алып упчулой баштады. Экинчиси жанымда турганчемоданды алып жатып:
-Сиз ырас жук салгычка берген эмес экенсиз. Башкалар жукторун алалбайжатышат, -деп кубаны суйлоду.
Машинага жаны эле жетип , эшигинаттай бергенибизде, ар жактан шофёрдун ачуулу уну бурк этти.
:)
#7 04 Март 2016 - 18:33
-Мына, мына , тушту. Ракмат асакал, сиздерге.
Шашып –бушуп бизди олтургузуп, чемоданыбызды жаныбызга коюп, Набатты зонкойтуп которуп турган жигит баланымага берди.
-Алдынызга эле алып алыныз. Орун жок экен. Болуптур, эжеке, жакшы барыныз.Экоо машинадан кайра секирип тушуп кетишти.
Мен аларды биз тушкон машинаменен кетет экен деп ойлоптурмун. Корсо мен учун, менин балам учун кам корушупчуркап жургон балдар турбайбы. Жигиттердин калып калгаын коруп ичим ачышатушту. Эч болбосо ракмат айтып койбогонума окунуп калдым. Эмне дегенадамгерчиликтуу, эмне деген ыймандуу балдар эле,-дейм ичимден озум менен озумсуйлошуп. Бул балдар болбосо олтурмак экенмин да. Кандай бактылуу адамдардынбалдары болду экен, деген ой журогумдо ойнойт. Ушундай уулдарды торот,тарбиялап остургон ата менен энене суктанбай коё алган жокмун. Кандаймартабадуу кыздардын багы ачылып, никеси которулуп турду болду экен? А балким колуктулуубалдардыр, -деп жолдо катар боорон-чапкынды эсимден чыгарып, эмелки эки баланыкайра- кайра эстеп келаттым...
Уйго келгенде деле копко чейинконулумдон бир дит кетпей журду. Ал болсо кочодон башка жаштарды коруп калсамделе “баякы эки бала, ушуларга окшоп биздин шаарда окуган студенттерден болдубекен” деген ой эле. Тышка чыгып, ары-бери басып калсам эле издегеним да, ойлогонум да ошол эки балаболуп калды. Коруп калсам, баякыда айтпай окутто калаг ракмат-алкышымды айттуу.Танышуу. Баарынан да озумдун балдарым ушуларды корсо болот эле дейм ичимден.“Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети” дегендей. Ушул окшогон акыл-эстуубалдарды коруп, таалим-тарбия алса деген тилек журогумду умутко ундойт. Бирок, бара-бара баякы бей тааныш балдардынкарааны коз алдымдан уламдан алыстап, ону-тусторун боолголой албай унутупбараттым.
Кычырагын кыш отуп, жаркыраган жазкелген.мен институттун тил-адабият факультетинин алдындагы адабият куржогунунмучоолору менен жолугшуудан жаны эле чыгып бараткан болчумун. Туура тушумданкимдир бироонун “Саламатсызбы, эже!” денег унун угуп, бурула карадым. Туз элемени коздой келеткан шынга бойлуу, коздору жайнаган, кара торусунан келгенжигитти коруп токтоп калдым.
-Жакшы, кагылайын! -дедим бушуркой карап.
-Мени тааныбай турасыз го!-деди жигит, мандайы жаркып. –Эсиниздеби, кышында, -деп жаны эле соз баштап келетканда кош кабагым серпиле тушту.
-Ооба, ооба, эсимде. Унута элекмин. Силерди да ушул жерде окушса керек депболжолдоп журдум эле. Ошондо экооноргоракмат айтууга да улгурбой калбадымбы.
Жигит жадырай тушту:
-Коюнузчу эжеке, эмнеге ракмат. Андай алкышка татый турган эчтеке кылган жокпузда. –Мени узата басты.
-Ракматты айта турган иш болсо,айтыш керек да. Студент турбайсынарбы. Жакшы, жакшы. Кайсы факультеттесинер?
-Элал экообуз тен физматтабыз. Бирок, бирибиз бир жыл мурун бирибиз бир жылкийин бутобуз.
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 04 Март 2016 - 18:34
:)
#8 04 Март 2016 - 18:35
-Менин атым акылбек эжеке.
-Ии, сенин атын да жакшы ат экен. Ата-энен балабыз акылдуу, адамгерчиликтууболсо экен, деген чон максат менен койсо керек ээ!?
Акылбек мени уйго чейин узатыпкелди. Эшик алдына жетип, мени менен коштошо баштады.
-Ракмат эжеке, уйунузду коруп алдым. Элал экообуз бир куну чоогу келебиз.Жакшы калыныздар! ...
Акылбек убадасына турду. Араданкоп убакыт отпой, дем алыш кундорунун биринде, Элал экоо жоогазын дестесинкоторуп кирип келип турушат. Ушул ундон баштап экоо бирдей ык тартып жакындайбашташты. А дегенде анда-санда келишсе, кийинчерээк тез-тез келе турган болуп кетишти.Биз да уй-булобуз менен , алар келбей кечигип калса жоктоп, конултактап туруучуболдук. Экоо тен мелдешип алгансып жогорулатылган стипендия менен улгулууокуган , активист студенттер экен.
“Жакшыда талуу жок, жаманда каруужок” дегендей кун откон сайын оз балдарымдан бетер женилимди жерден, оорумдуколдон алган, жаныма куйумдуу балдар болуп чыга келишти. Колдо кый анчалыккатуу болбогону менен оор тушоору баарыга маалым эмеспи. Ушул жылы кыш оорболду. Эки кун катары менен ар бири ак кополоктун канатындай болгон суу кар унэлегенсип тынымсыз сапырылып турду. Мындай карды куроо озунчо бир кучту талапкыла турган оор жумуш. Балдарымды эртен менен ойготтум.
-Тургула, айланайындар. Окууга баргыча эптеп кар курогуло.
-Биротоло эле кун ачылганда куройлучу, ыя апа! –Экоо бирдей ынгыранышат.
-Алда айланып кетейиндер ай, кечинде куроп койгула десем, эртен эрте мененкуройбуз деп, телевизор коруп отурп алдынар. Эми минтип кун ачылганда дейсинер.Тургула. Элал менен Акылбек абанар келсе уят да, жалкоо балдар экен дешпейби.
-Бугун келбейт апа алар, коросун го. Акылбек адам менен Элал абам уйунонкелгиче бутобуз да куроп.
Балдарымдын созун угуп ачуум келетушту.
-Ой , уяты жоктор десе. Тим эле Элал менен Акылбектин оокатын жасап, карынкуроп жаткансыпган окшошкон акмактар. Бул эмне деген жооп, эмне соз, ыя? Ботон, сый балдар менен салмакташып, алар менен мелдешке чыккансып! Озун куро депайта албай турасынар го дейм, ыя? Азыркы созунордукайтарып айткылачы?-балдаргажакындай бастым.
Экоо тошокторунон биринин артынанбири секирип турушту.
-Ай, апкебайым о-о-й, кантээр экен деп койсо, чыны менен эле ишенип алгантура. Кантип эле сени куро деп айталы. Акылбек абам менен Элал абам укса ушулсозду, чыны менен уят да.
-Албетте уят. Уяттын эмне экенин билесинерби?
-Уятты билбей эмне жинди белек.
:)
#9 04 Март 2016 - 19:08
-Анын баарын айтпасан деле билебиз, апа. Качан болсо эле согуш убагынайтып, наалып тураа каласын. Согуш болсо биз деле ошентип иштейт элек да. Анынбаарын кинолордон коруп, чыгармалардан окуп жатпайбызбы. Кичине эмессинердейсин, качан кичинебиз дедик. Баарын эле жасап жатабыз го.
-О-о-й кокуй кун ай, бир созду жоопсуз калтырбайсынар го чиркин. Кепжасаганда эм-е-е-с, адам болууда.
-Адам болобуз да. Биз деле чонойсок, Элал менен Акылбек агадай болсок депойлойбуз.
-Антип ойлосонор жакшы балдар экенсинер. Болуптур, баргыла эми бабыргандайболуп коп суйлобой. Эки курок тен тышта, чыга бериштеги дубалга илип койгомункечте. Азыр мен да чыгам.
-Чыкпай эле кой, биз озубуз эле куройбуз.
Балдар тышка чыгаар-чыкпастан эле,а дегенге алдары калбай, тапыраган бойдон жарыша чуркап кайра киришти.
-А-п-а-а! Бери келчи, кызык.
Балдарды угуп токтой калдым.
-Эмне болуп кетти? Тынччылыкпы, ботом?
-Апакебай, кардын баары озу эле куролуп калыптыр. Тундо биз уктап жаткандаасмандан, учуучу тарелка тушуп, периштелер келип куроп кеткен окшойт, апа!
-Эмне дейт? Тамаша кылбай жон иштегилечи!
-Кудай урсун, тамаша эмес апа!
-Капырай де, -Отугумду чала-була бутума салып, мен да шашып калдым. Алап болсомени айлана чуркап, ишендирууго аракет кылып жатышты.
-Чыпчын апа. Азыр коросун го. –Колумдан жетелешти.
Дагы деле ишенбеген бойдон,балдардын коштоосунда чыктым. Эшик ачылаарыменен озумо козумо ишенбей, оозум ачыла анкая туштум.
-Чын айтыптырбызбы? Эми ишендинби?
-Чын экен, ишендим.
-Мен билип турам, мунун баарын жасаган НЛО.
-Ой, кокуй ой, жок немени айтасынар да. Кайдагы НЛО болмок эле. Элал мененАкылбек куроду тим эле билээнчек болуп кетишет.
-Элал абам менен Акылбек абам куросо туят элек го. Алар уйлоруно кетишпедибеле.
-Тим эле уйкулары сергек, туянак немелер. Уйлоруно кетсе келгенин корбой турасынарбы. Алда айланайындарым ай, балдары окууга кетсе, эжем кар куройм деп убара болотдешип, мени аяшкан экен да. Жана мен турайын деп жатканда дарбаза кыйч эткендейболгон. Булар азыр эле кеткен балдар. Силер ушинтип башка бироонун энесинебоорунар орруп аяр беленер?
-Аяйбыз апа. Тигил Болду чон энем тируусундо, биз деле суусун алып, отунунжагып беруучу элек го.
:)
#11 05 Март 2016 - 17:36
Балдар менин созумо каткырыпкулушту.
-Ха-ха-ха.Койчу апа,бата дакеппи.Тим эле силерге да жаман кылган жок деп коёсуз.
-Ал байкуш батадан башка силергеэмнесин бериш керек эле.”Бата менен эл когорот,жамгыр менен жер когорот”.Батадеген оной эмес каралдыларым. Жакшы болсон бата аласын,жаман болсон каргышаласын. Каргыш катырып салат адамды.
Чын эле менин айтканым тууракелди. Тан атпай кар куроп кетишкен белгисиз кишилер Элал менен Акылбек болупчыгышты. Ошентип биздин уй алардын экинчи энеси болдум да калдым.Каны менен каныбир,жаны менен жаны бир оз эне,балдарына кандай тилек тилесе,мен дагы Элалменен Акылбекке ошондой эле тилектерди тилеп журдум.Аман- эсен окууларынбутушуп, акыл-эстуу ыймандуу колуктуга уйлонуп,ойлогон ой,коздогон максаттарынажетишсе экен дейм...
Айлана жаз жыттанып,конулункоктомдой жадырап асманга сермелет.Ооба, жаз айы озунчо сыйкырдуу кереметэмеспи. ”Жаз жарыш,куз курош”.Бул мезгилде кундун бир мунотун текке кетирбейпайдаланып калыш керек.Бала кунумдон огороддо иштегенди,короо- жайдыниреттуулугун, баскан-турган жердин гулбурап,жер жемиштин момолоп турганын жакшыкором. сатып албай кок-мокту оз огородундан узуп алганга эмне жетсин.Жооктартып, жашылчалардын кочотторун отургузуп жатканмын.Бир оокумда короого кимдирбироолор киргендей болуп калды.Бесеткада ойноп аткан Набат менен суйлошупжаткан унду угуп дароо тааныдым.
-Эжем кайда?-деди Элал.
Апам огороддо помидор,капустаотургузуп жатат.Чакырып коёюнбу-деди кызым.
-Жок,жок,сен ойной бер.Биз озубуз эле таап алабыз.Ырас уйдо тура.-Суйлогонсоздорунун аягына чыгып,чыкпай, калитканы кый ачып,азыр эле конулумдуойлоп, оздорун эстеп турган балдар козумо шамдай урунду.
-Ишилгери болсун,эжеке!
-Ракмат,айтканынар келсин.Келгиле.
-Ай эжем ай, ”Кары келсе ашка,жаш келсе ишке” дегендей, илгертмек силерденболсун дебейсизби. Убара болбой эле бизге айтсаныз го,-деди элал менин жанымаотуп жуйурто отуп басып олтура калып,тартылган жоокторго памидордун кочотторунотургузганга камынып жатып,бактын бутагына костюмун илип жаткан Акылбеккекарады:
-Бол эми кочоттор озу деле аз калыптыр.Эртенке калса соолуп калат,отургузакоёлу. Мындан башка жумуш барбы, ыя эжеке?
-Башка жумуш жок.Колунарды бекер эле булгап жатасынар.Мен озум эле шашпайолтургузуп алат болчумун.
-Биз театрга чакырып келдик сизди,-деди да, ошол саамда Акылбеккекарап, тилин чыгарып койгонун байкап, ”кочот олтургузулуп жаткандакелип, жумуштун устунон чыкандарына кыжаалат болуп жатышабы”деп ойлоп ордумдантурдум:
-Айттым го,буга убара болбогулачы, балдар, комулбосо комурон калсын, кочотбир жакка качып баратты беле. Анан олтургузса деле боло берет. Шашылыш жокбуларга. Жургуло, уйго кирели.Театрда эмне оюн болуп жатыптыр?
-Жаны премьера экен. Жакшы деп мактап жатышат.
:)
#12 05 Март 2016 - 17:41
оюнга шылтоолоп, дагы бир иш боюнча сизге келгенбиз эжеке,-деди Акылбек. -ТеатргаЭлал чакырып жатат.Барбасаныз болбойт.
-Элал чакырып жатабы?
-Озу айткандан уялып, ортого мени салып жатпайбы. Болочок колуктусункорсотуп, сиз менен тааныштырам дейт. Жакында келиндуу болосуз...
-Болсун, болсун. Жакшы созунор бар экен кубанычтуу. Ыя, Элеке, анынэмнесинен уялып жатасын, кагылайын. Сыягы кыздар театрга го. –Мындай чакырыккабарбай коюу куноо болоор? Бая ушинтип айтпайсынарбы? –Мен Акылбекке карадым.–Сеники да барбы?
-Эок эжеке, менин азырынча суйлошконэч кимим жок. Бугун Элалдыкын гана коросуз. Мени кыздар чанып жатышпайбы, -Акылбек тамашага чала суйлоду. –“Жигит суйуп селкини, селки суйуп башканы, алда суйуп башканы, жалындады жаш жаны" де”ендей, ошол жолу болбогон бечера жигиттердин бири кем десе, туз элемени корсотуш керек.
-Кыздар чанбай эле, озун чанып жатсан керек, ыя Акыл. Чынынды айтчы?
Элал созго аралашты:
-Акылбек айдын кызын алам деп , жердин кызын жерип журбойбу. “Тандаганымтаз болду, сокур кара кыз болду” болуп калбасан эле болду, деп мен журом.
-Карып, кетелекмин да, туурабы эжеке?! Байкаш керек. Буюрган бироотургандыр.
-Туура. Омур шерик жубай кутуу оюнчук эмес, балдар. “Жети олчоп, бир кесишкерек” дегендей, байкаш керек.
-Элалдын колуктусун коросущ го, ай десе аркы, кун десе корку жок сулуу кыз.–Акылбек кулду.
Элал кызара тушуп кунк этти:
-Чырайды чылап ичкен ким бар экен? Ай чырайлуу сулууну сага эле бердим.Коробуз сеникин да.
-Чычалайсынбы?
-Чычалап жаткан жерим жок, чындыкты айтып жатам.
-Элалдын колуктусу ушул биздин инститтутта окуйт го сыягы?- дедим мен.
-Ооба, эжеке бизде окуйт. Озунуздун синдиниз болот. Колдук кыз. Элалдан биржыл кийин бутот.
Биз ушинтип суйлошуп отуруптеатрга кандай жеткенибизди билбей калыптырбыз. . балдар мени копчулуктон обочотурган эки кызды коздой ээрчите басты.
-Кутуп турушкан экен. Биз сизди келет деп айткан эмеспиз, -деди Акылбеккулундоп.
Козум дароо кыздарга такалды.Элалга колукту болуп бактысы ачылчу кыз, бул экоонун кимиси болду экен? Болду ,болбоду, тиги ак жуумал, шынга бойлуусу болуу керек, деп ойлогончо болбой,кыздардын жанына чукул келип токтодук.
-Эжеке , синдиниз менен таанышып коюнуз, -деди Элал.
-Кыз мага ийменинки карап колузатты.
-Касиет!
Коздорум чекчее тушту. Коргонкозумо да , уккан кулагыма да ишенээр шенбесимби билбей турдум. Будоомук ойгоматалып турган жаным, унсуз, созсуз кыздын сунган колун конулсуз кармап койдум.
:)
#13 05 Март 2016 - 17:45
Эладын суйлошкон кызын коруп,чындыгында конулум сууй тушту. Акылбек жанагы созду тамаша кылып айтты годесем, чын турбайбы, -деп ойлодум. “Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундузбар”- дегендей, ички дуйносун ким билсин, сырткы корунушу мага жакпады. Коргонкозго комсоо, орто бойлуу, коздору бутуйгон, билинээр-билинбес жылбрыска кашыбар, эрди калын, мурду китирейген, майдайы жазы, тегерек бет томпойгон кызэкен.
Тогорогу топ келген, сын-сыпатыкелишкен татынакай Элалды бул кызга ыраа тартпай, ичим эншерилип, конулум тарыпбуй болуп турдум. “Тобо, кыргызда кыздар кырылып калгансып, мин-сан кыздыничинен тапканы ушул беле?!” деген ой журогумду ойуп, озумдон озум бушайманболуп, кайра-кайра алдыртан жазгыра карай берем кызды. Менден кооптонгонсуп, алдагы анда санда козунун кыйыгы менен мени серпип отуп жатты. “Ой шумдугункургур, Элал бул кыздын эмнесин жактырып суйуп калды экен?!” “Сулуу сулуу эмес,суйгон сулуу” деген ушундай болчу немеби деп ойлоп, дагы деле тиги кызданконулумду алыстата албай, убара боло бердим.
Театрдан эрте эле чыктык. “Таздынкоону болбосо, кыздын коону жокпу” дегендей, жактырбай турсам да Элал мененАкылбек учун Касиетти уйго чакырдым.
-Жургуло, чогуунар менен биздикине. Эми эжесинин эшик торун коруп, чай ичипчыгышсын.
Элал болочок колуктусун карады.Баятан бери мостоюп, унсуз келаткан кыз мени карап, кызара тушуп жарк этти. АЭлал болсо менден шектенгендей, эмнегедир мурдагыдай ачылып суйлобой ,тартынгансып калды.
Касиет жолдошторунун пикиринсурабай, билбей туруп эле чечкиндуу суйлоду:
-Ракмат эжеке, капа болбосонуз башка куну баралы.
-Эмне учун башка куну, бугун элебаргыла. “Тааныбасты сыйлабас” дегендей, же мени каалабай турасынарбы? -Конулумдо “жашабагыр” деп койдум. “Тие элекжатып эле, Элалды кынк дедирбей бийлеп алган неме го азыртадан эле. Томпойгон тугот, башкалардай сулуу болсон курутмак экен” деп ойлоп кеттим.
-Жок, жок андай эмес эжеке, сиз мага туура тушунунуз,-деди кыз, Акылбекменен Элалсыз эле сизди тааныйбыз, эже. Инилериниз да сизди ооздорунантушурбойт. Башка кундо барсак жакшы болот эле...
-“Чакыргандан калбагын, озун басып барбагын” дегендей, эже озу чакырыпжатса барбайбыз дегенинер болбойт Касиет, -деди Акылбек.
-Куру кол элеби? Жок дегенде гул алып алсак жакшы болот эле! Касеттинкабагы туйуло тушту:
-Ой кокуй, эчтекенин кереги жок, кечинде кайдагы гул болмок эле. Кирип элечай ичип чыгасынар.
Чоогубузменен уйго кирдик. Меймандарымды залга киргизип коюп, конок камын кккоргонуашканага чыктым. Оюмда Касиет менен Элал. “Кыз конулуно жактыбы, эже! Магатуболук жуп болууга ылайык бекен? Деп сураса, эмне деп жооп берем?”. Же “Булкыз сага ылайык эмес экен” деп чынымды айтсамбы. Буга уйлонсо “жибекке курумшужамангандай” болуп калчуудай, эстеген сайын конулум иренжий берет. Газга чай
:)
#14 05 Март 2016 - 17:49
-“Кенешип кескен бармак оорубайт”дейт эмеспи. Ачык суйлошолу, аш демдейинби, же лагман жасап берейинби? Кана,киминер кайсынысын каалайсынар?
Олтурган жаштар бирин-бири карашып,бир демге дымый тушушту. Ортодогу саамга созулган тынчтыкты Акылбек бузду.
-Кайсынысы женил,ыя?
-Мейли , лагман болмо лагман болсун. Мен жардам берем эже! –Касиет ордунанкозголду.
-Болуптур анда, лагман жасайлы, -дедим мен...
Чай ичилип буткондон кийин Касиетменен курбусу менин жаныма чыкты.
-Эже, мурда камырын жууруп коёюн, ун салып бериниз. –Касиет шымаланып,колун жууп кирди.
Камырды кандай жуурарынаишенкирбей, табакка ун салып келип стол устуно коюп жатсам, Касиеттин курдашы:
-Келе, камырды мен жуурайын. Жумуртка бар болду бекен?-деп калды.
-Бар. Эмне жумуртка керекпи?
Касиет созго аралашты:
-Жумуртканы эмне кыласын?
-Камырга кошпойбузбу?
-Ой кокуй, лагмандын камырына жумуртка кошмок беле?
-Эмне учун?-деди кыз тандана.
-Жумуртка камырды сууга тушкондо коптуруп, жоонойтуп жиберет. Лагман мененкесменин дарысы эле ийлеш. Кой, мен эле жуурайын.
Касеттин созуно ичим жылый тушту.Тамакты табы менен дамдуу бышырган чеберлигинен алыстан болсо да кабар алгансыпкалдым. Анын ушул созунон кийин, жасап жаткан тамагына кийлигишким келбейчеттей бердим. Карап турсам бир заматта камырды жуурду да, жакшылап ийлепцелофан сальфеткага дыкан ороп, столдун бир четине алып койду. “Тузук. Камырдыжууруштун жайын жакшы билет экен” деп ойлогонумча болбой, берки кыздын тынчыкеткен созу угулду:
-Ай Касиет, камырды катуу жууруп койдун окшойт. Эми ал кантип созулат ыя?Кооа кетет деп жумуртка дагы кошкон жоксун.
Касиет курдашынын созун укканжокпу, же укса дагы укмаксан болдубу, кол-аягына жукпай жашылчаларды жууптазалап келип тактайдын устуно койду да, ар жакта турган камырды алып кайрабаштан ийлеп кирди. Ушул маалда алиги “катуу жуурулуп калды” деп журогунун ойуптурган соз курдашынын оозунан дагы чыкты.
-Алдагы камырын катуу эмеспи ыя?
-Жок, катуу эмес. Жакшы тынса озу эле жумшарат.
Тигил кыз камыр жонундо ошолбойдон ооз ачкан жок. Сыягы “ созгондо кимибиз туура, кимибиз туура эмес экенин коро жатарбыз" дегенчилик кылды окшойт деп калдым.
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 05 Март 2016 - 17:50
:)
#15 05 Март 2016 - 17:52
-“Кенешип кескен бармак оорубайт”дейт эмеспи. Ачык суйлошолу, аш демдейинби, же лагман жасап берейинби? Кана,киминер кайсынысын каалайсынар?
Олтурган жаштар бирин-бири карашып,бир демге дымый тушушту. Ортодогу саамга созулган тынчтыкты Акылбек бузду.
-Кайсынысы женил,ыя?
-Мейли , лагман болмо лагман болсун. Мен жардам берем эже! –Касиет ордунанкозголду.
-Болуптур анда, лагман жасайлы, -дедим мен...
Чай ичилип буткондон кийин Касиетменен курбусу менин жаныма чыкты.
-Эже, мурда камырын жууруп коёюн, ун салып бериниз. –Касиет шымаланып,колун жууп кирди.
Камырды кандай жуурарынаишенкирбей, табакка ун салып келип стол устуно коюп жатсам, Касиеттин курдашы:
-Келе, камырды мен жуурайын. Жумуртка бар болду бекен?-деп калды.
-Бар. Эмне жумуртка керекпи?
Касиет созго аралашты:
-Жумуртканы эмне кыласын?
-Камырга кошпойбузбу?
-Ой кокуй, лагмандын камырына жумуртка кошмок беле?
-Эмне учун?-деди кыз тандана.
-Жумуртка камырды сууга тушкондо коптуруп, жоонойтуп жиберет. Лагман мененкесменин дарысы эле ийлеш. Кой, мен эле жуурайын.
Касеттин созуно ичим жылый тушту.Тамакты табы менен дамдуу бышырган чеберлигинен алыстан болсо да кабар алгансыпкалдым. Анын ушул созунон кийин, жасап жаткан тамагына кийлигишким келбейчеттей бердим. Карап турсам бир заматта камырды жуурду да, жакшылап ийлепцелофан сальфеткага дыкан ороп, столдун бир четине алып койду. “Тузук. Камырдыжууруштун жайын жакшы билет экен” деп ойлогонумча болбой, берки кыздын тынчыкеткен созу угулду:
-Ай Касиет, камырды катуу жууруп койдун окшойт. Эми ал кантип созулат ыя?Кооа кетет деп жумуртка дагы кошкон жоксун.
Касиет курдашынын созун укканжокпу, же укса дагы укмаксан болдубу, кол-аягына жукпай жашылчаларды жууптазалап келип тактайдын устуно койду да, ар жакта турган камырды алып кайрабаштан ийлеп кирди. Ушул маалда алиги “катуу жуурулуп калды” деп журогунун ойуптурган соз курдашынын оозунан дагы чыкты.
-Алдагы камырын катуу эмеспи ыя?
-Жок, катуу эмес. Жакшы тынса озу эле жумшарат.
Тигил кыз камыр жонундо ошолбойдон ооз ачкан жок. Сыягы “ созгондо кимибиз туура, кимибиз туура эмес экенинкор жатарбыз2 дегенчилик кылды окшойт деп калдым.
:)
#16 05 Март 2016 - 17:54
Ырас эле Элал айткандай “Чырайдычылап ичмек беле!”
Касиет бир кишилик камырды биртуруп алып озунчо созуп, озунчо бышырат экен. Баарыдан да ичкелиги чачтай болсода камырдын бошобой да, узулбой да бышырганда суудан тируу чыгышы мага айрыкчажакты. Чындыкты моюнга алыш керек, тамак жаатында озумду бир топ аялданустатмын деп ойлоп жаным, Касиет менен тентайлаша келгенде шонаа эшелбайкалуучудай болуп турдум...
Ушундан кийин арадан коп убакыт отпой Касиет менен Элал уйлонуп институттарабынан экооно жатаканада оздорунчо бир комната болмо берилди. Ары-берикараганча окуу жылы аяктап Элал институтту ийгиликтуу бутуруп, оз районунун биртоолуу кыштагындагы он жылдык мектепкеорношуп, жайкы каникул буткончо Касиетти озу менен кошо ала кетти. Мезгил дегенталаа безип,жорткон желдей тура. Бир каш кагып, кирпик ирмемче корунбой бат элекайра баштан жаны окуу жылы башталуучу мезгил да келип жетти.
Элал менен Касиет биздикине келиптушту. Бири-бирибизди сагынышып калыптырбыз. Эне баладай кучакташып коруштук.Обушуп- жытташып да алдык. Касиет мурдагыдан да ону серт тартып озгорупкетиптир. Кара-тору жузу майланган буудайдай болуп кунго куйгон. Анын устунокошул- ташыл болуп мурдунун устун октолой тартып, сепкил басып кетиптир.Озборбогон уну менен жайдары мунозу, чай устундо суйлошуп отурганда дедим:
-Аябай тотугуптурсун, синдисю ырассенселген чачын бар эле. Кыштакка барып мурдакыдай чачына карап жасанганынды даташтап койгон окшобойсунбу? Жалпайып эле калпытырсын.
- Ооба, эжеке ошондой болду. “Элин бору болсо бору бол, тулку болсо тулкубол” дегендей айлана-чойро, шарт дегендерге да конбосо болчудай эмес. Жаманонумо жарашып, озунуз айтмакчы жалпайып укмуш болуп калдым. Элалдын энесикандай жур десе ошол кишинин айтуусу менен болуп, ошондой журдум. Барганданкелгенге чейин жоолукту башымдан тушургон жокмун. Ал жактан коп нерсегеуйронуп, коп нерсеге кондум. Кээ бир оз энемден угуп, оз энемден уйронбогонду, кайненемден угуп, кайненемденуйрондум.
-И, эмнени угуп, эмнени уйрондун? –дедим кызыга сурап.
:)
#17 05 Март 2016 - 23:27
#18 06 Март 2016 - 16:51
-Туура кылыптырсын. Дин бар жерде ыймын бар, ыймын бар жерде ынтымак бар деген ошол. Намаз окуп, орозо кармаган такыба киши тура кайненен. Андай уйдо кенендик менен тазалык жанаша журот. Ошого тушунушун керек. Элал сени жамандыкка кыйбасын билесин да. Айтымында кайненен жаман киши эмес экен. Башкасын коюп кайненен сени кандай кабыл алганын айтчы. Оз конулумдо “колдун коп кызынын ичинен тапканын ушул ону суук кара кызбы?” деп жериди бекен деп ойлоп, билгизбей суроо таштадым.
-Туура баамдадыныз эжеке. Кыраакы турбайсызбы. Кайненем жакшы киши экен тушунуктуу. Адеп барганда эле ооп жыттап, жан алы калган жок. Айткандан ушуну айтты.
-Оо катыгун кудай, саксайбай куруп кал. Сен да чачынды кыркан кыз белен. Башыныды уксуйтпой жоолук салын балам. Шаарда шаардай, айылда айылдай журуш керек – деди.
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 06 Март 2016 - 16:54
:)
#19 06 Март 2016 - 16:53
Апам мени жугун дегендей ишарат кылды. Мен жугундум. Ал киши алкаар-алкамаксан болуп, кандайдыр бир жапайы киши коргонсуп комсуна тиктеп туруп, мурдун чуйруткон калыбында бетимден ооп койду. Анан кайненем менен ээрчише басып уйго кирип кетти. Бул аялдын озунон-озу кумсандаган жагымсыз жузу да, козу да, созу да мага жаккан жок. Артынан ээрчий карап томсоруп туруп денем муздай тушту. Апам мага тушундубу, уйго кирип баратып кылчайды:
-Самоорун кайнаса алып кир балам!
Аялдын устуно киргим да келбей, чай да бергим келбей турса да, апамдын айтканы мен учун мыйзам эле. Бир демге кежигем кер тартып туруп, алардын артынан самоор которуп кирууго аргасыз болдум. Аял менин козумчо атайын уксун дегендей созун уланта берди. Жаш неменин шагы сынып калат экен, озум жаман корунуп албайын деген да жок. Балким мени басынтыш учун атайын ошенттиби, билбейм.
-“Тандаганым таз болду, сокур кара кыз болду” дегендей Элалдын кыздын кызы жактырбай, тандап журуп коп дубандан алган кызы ушулбу?! Ону кантет. Ээ кокуй, серттин серти экен го . –Башын аста чайкап койду. –Алтынды кара темирге чогоргондой эле иш болуптур жене.
Мындай суук созду уккан жаным, денем оло тушту. Самоорду ордуна коюп жатып, бетим менен кете жаздап токтодум. “Мына бузуку, - дедим ичимден -бузуучулар адамды ушинтип бузушат экен да”. Ар жакта тартылуу турган кошогого кандай киргенимди озкм да билбей калдым. Жуйурто басып, чекемди тиземе басып ыйлап жибердим. Айла канча, ыйладым эмне, ыйлабадым эмне жаратылыш сулуукту бербесе кантем. Оз онумду озум жасап алган жокмун да. Озумду-озум токтото албай албай тула боюм эле эмес, ичимден бери солкулдап чыктым.
Ошол саамда кайненемдин ачуу бурккон уну угулду. Козумдон жашын чала-була суртуп, сестее тыншап калдым. Кокусунан кайненем мен жонундо тиги аялга кошулуп, жагымсыз соз суйлой турган болсо, бул уйдон дароо качып кетууну ойлоп, конулум бузулуп турду.
-“Кара кыздын агынан эмес, багынан” деген ошол. Элалым суйду, балама жаккан келин мага да жагат. Коруп журобуз сулуу кыз дегендерди. Чырай эмне, жанагы тышы жалтырак, ичи калтырактарбы? Кудай талаам биздин заманда тогорогу топ келген сулууларды жаратпай калганбы дейм. Сулуу, Омурдун келиниби?! Мага ыймансыз сулуунун кереги жок. Кайненесин какшататго, чиркин. Ал байкуштун канын сулуктой соруп, жыландай чагып олтурганын жакшы билем. Үйун үй, жайын жай, дуйносун тугол кылып олтурган ошол аял келинге жакпагандан кийин создун буткону. “Эшектин суту арам, кучу адал” деген ошол. Онунун сулуусунан акылдын сулуугу керек мага. “ Чириген ооздон, ириген соз чыгат”.
-Ой женекебай, менин созумо катуу капа болуп кеттин да, -деди тигил аял. –Бетке айткан кууруган жаным, ачууна тийип алдвм ээ, кечирип койчу, катуу кетсем.
-Бетке айткан кара жерге кир сен. Бетке айтчу соз бар, айтпачу соз бар. Ооздугу жок атка окшоп, дайны жок кыйынсынып, оозго келгендин оттоштун кереги эмне
:)
#20 06 Март 2016 - 16:56
Кайненем тышка чыгып кеткенден кийин, аял тээ бир оокумга чейие унсуз-созсуз олтурган сон аста туруп, жыла басып апамдын артынан жоноду. Ал киши чыгып кеткенден кийин кайненем кайра кирди.
-Ээ, Касиет, - деп кошогонун аягынан баш багып, -Жаанакы доопорос неменин созуно капа болуп калдын окшойт ээ, балам.
Озум эле эмне кылаарымды билбей, ызага буулугуп турган жаным унум дирилдеп, ыйлагым келип кетти:
-жок, апа, капа деле болгон жокмун. Жаратылышым ошол болгондон кийин айлам канча. Озум деле билем, онумдун серттигин.
-Онундон секет кетейин, серет деле эмессин. Алжыган аялдын айткан созуно капа болбо, каралдым. Ал ошондой олдур-солдур суйлой берген неме. “Алганым озум деген сон, айылым айтып не кылат” дегендей, сага озубуздун козубуз туз болсо болду да.
Кайненемдин жылуу созун угуп, конулум жайланып, санаам тына тушту. Жанакы кайненеге окшогон жаман кайненеге туш болбогонума ичимден кубанып, тобот кокко жетидей болуп калдым. Элалдын апасы чыны менен эле акылы менен абысын алган, акылы менен айылдаштарына, ага-тууганга жаккан киши экен. Улуу-кичуу дебей, жамы-журттунызаттап, сыйлап турушу мага озгочо таасир калтырды. Карыганда кайненеме окшоп мен да салабатым менен карысам экен дейм ичимден. Башкаларды айтпаганда да, балдары менен келиндерине калганда каргылуу кара тоо, касиеттуу Умай эне. Берендей болгон беш баласы беш жактан козунун агы менен тен айланып, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып турушса энелер учун мындан ашкан бакыт барбы?... Кептин балада окшобойбу. Куйоолору энесин козун карап сйлап туруса, келиндердин таскагы озу эле чыгат тура. Ал эми кыз куйоолоручу? ... Оо, алардын куйумдуулугу уул-келиндеринен отот. Энеге болгон ушундай мамилерди коруп олтуруп, кайненемдин бактысына сугум тушуп “ырыстуу байбиче экен” дейм ичиден. “Уядан эмнени корсо, учканда ошону алат” дегендей, ушундай уй-булоодо тарбияланып, ата-эненин нускасын коргон балдар келечекте кантип жаман болсун. Булар ушулардын жолун жолдоп, улууга урмат корсоткон, кичууну сыйлай билген, адамдардан боолоруна менин ишенимим ар дайым арта берет.
Бири-бирине болгон мамилелерин коруп олтуруп, озумдон озум толкунданып кетем. Оз ата-энемдин, оз бир туугандарымды ойлоп, булар менен салыштыра берем. Бирок, алардын мынчалык адамгерчиликтин илебин издесем да таппайм. Кайненем “жок” деген созду жаман коргон киши экен. Ай, айланайындар “жок” дебегилечи. Жоктун тубу жок болот. Силер “жок” дегенде бироо алып келип берет беле. “Кудайым бар, эмнеден камым бар” дейт да турат. Кокустан уйго киши келип калса, “жайнаткыла” дей берет. Адамдын пейли тойбой карды тойбойт. Артканы
:)
- (18 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »