Суперстан: Чолпонбек Абыке уулу - "Качкын" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чолпонбек Абыке уулу - "Качкын" "Качкын","Өлүмгө даярдык".

#1 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Кадимки "Кара-Илбирс

Курч окуялуу повесть

Отту чоң жагып коюп, эликтин этин шишкебек кылып куйкалап жеп, чаначтагы кымыздан улам кружкага куюп жутуп бейкапар күжүлдөшө сүйлөшүп отурушкан милиция формасын кийгендердин бири ордунан туруп четкерээк басты да зара ушатып жатып үнүн көтөрүңкү чыгарып: - Я-а жигиттер, аттарга ит-куш тийбес бекен? - деди. Орто жаштан өтүп калган топтоо отурган милициянын бири - Карышкырдын үйү бар беле жолдош майор, ким билет. Сактык үчүн бир-эки мылтык атып койгонубуз оң го. Четте от жагып отурган жаш милиционер, - Мен эле автоматтан патырата салайын, жолдош майор. Эпилдей ордунан ыргып туруп колуна автоматтын ала койду. - Жок. Автоматтын огун коротпо. "Макаровдун" үнүндөй ачуу үн жок, деди да майор жанындагы пистолетин сууруп чыгып колун созо көктү каратып туруп уда-уда эки жолу басып-басып алды. Ал өйдө сунган колун түшүрө электе үчүнчү мылтыктын үнү чыгып, майор аа-аа деп тегеренип келип кыйган чөптөй кулап түштү. Бир нече секундага эмне болуп кеткенин түшүнбөй селейе түшкөн милициялардын бири. - Оттун жарыгынан алысыраак жашынгыла деди да өзү ордунан атып туруп беш-алты кадам арыраак караңгылыкка кулап түштү. Опур-топур түшкөн милициялар бирин-бири түртүп, шашкандан биринин куралын бири талашып от боюнан туш-тушка качышты. Автоматты патырата койгусу келген жигит туура майор кулап түшкөн жерге жакын келип жыгылганын өзү да алгач билбей калды. Октун кайдан чыкканын билбей калган милициялардын эч кимиси каршы ок атышпады. Баары тым-тырс болушуп дагы ок чыгышын күтүп калышты. Капчыгай ичи кайрадан тыптынч боло түштү. Жакын эле жерден майордун онтогон үнүн уккан жаш сержант милиция; - Жолдош майор. Жолдош майор. Тирүүсүзбү деди. Берки бир нерсе деп күңгүрөнгөндөй болду. Кадимки согуштагыдай боору менен сойлогон сержант майорго жакын келди да колун созуп сыйпалаганда тигини колун кармаган майор тирүүмүн дегенсип кысып койду. Майордун тирүүлүгүнө кубанып кеткен сержант, - Жолдоштор, жолдоштор жолдош майор жарадар болуптур. Жардамдашыңыздар, - деп үнүн кичине көтөрө кыйкырды. Туш-тараптан өнкөңдөп чуркагандар чогула калышты. Караңгыдан эч кимиси ок майордун кайсыл жерине тийгенин көрө албады. Кол фонарын күйгүзгөнгө эч ким даабады. Аңгыча бирөө " Шинелиңерди чечип үстүнө жаба салгылачы фонарды, шинелдин ичине катып жарык кылалы деген акыл айтты. Эки шинелди катар жаап майордун алгач башынан баштап караганга өтүштү. Майор чалкасынан жаткандыктан бети бүт эле кан экен. Бирөөсү "Бинт барбы" деди эле. Экинчиси "Кайдагы бинт" деди күрсүнө. Сержант чөнтөгүнөн жүз арчысын сууруп бере салды. Тигил канды бир сыйра аяр сүрткөндөн кийин ок астыңкы эринди жулуп жаактын этин жырып кеткенин билишти. Астыңкы жаактын бир нече тиши да быркырап кетсе керек. Эң негизгиси өмүргө өтө деле коркунучтуу эмес экен. Кандын агышы басаңдап калыптыр. Күтүүсүз ок жаңылуудан эс-мас болгон майор толук акылына келе албай бир нерсе сүйлөйүн десе сүйлөй албай улам онтоп коет. Милициялар дагы он чактыбы деп күтүп жатышты да башка шек билинбегенде "Аттарды алып келгиле. Тезинен төмөнкү чабандардын үйүнө алып баралы" деди бири. Караңгыда дыбырап аттарды көздөй чуркаган милициялар бат эле аттарын апкелип токуп жиберишти. Майорду ордунан көтөрүп тургузушуп жоош деген аттын бирине мингизишти да бирөөсү артына учкашып кучактап алды. Дагы бири жетелеп төмөндөгү иттер үрүп жаткан чабандардын үйлөрү конгон конушка жөнөштү. От күйгөн боюнча калды. Батынып жарыкка чыгып отту өчүрүүгө эч ким даабады. Ал түгүл жарымы калган эликтин эти менен чаначтагы кымыз да кала берди. Аңгыча табактай болуп толгон ай тоо баштарынан жай көтөрүлүп чыга келип эмелеки капчыгай ичиндеги көзгө сайса көрүнгүс караңгылык качып, сүттөй жарык болуп шаша төмөн түшүп бараткан атчандар даана көрүнүп турду. Караңгылыкты жамынып жүрөк токтотуп бараткан милициялар алаңдап корко, айрымдары "Айдын жарыгы жетишпей турду эле" дешип күбүрөнүп да алышты. - Ылдам бастыргыла. Куралыңарды октоп даяр кармагыла. Эгер ок чыкса аттан ылдам түшүп жол жээктей жайгашып каршы жапырт ок чыгарабыз. Ал жалгыз. Биз көппүз. Көп корко бербегендей бололу деди чини боюнча да жашы боюнча да майордон кийинки улуу милициянын капитаны. Милициялар чабандардын конушуна аман жетишти. Айдын жарыгы менен бирден терет го деп денелери өлгөн немелер чын эле бизди аман кое бердиби дешип аттан түшүп жатканда бирин-бири карашат. Иттер ажылдап үргөндө эшке чыккан чабан милицияларды утурлай чыкты. Мылтыктын тарсылдаган үнүн угуп өзү да тынчсызданып турган. - Майор жарадар болду. Тез үйдөн орун даярдагыла деди жанагы жаш сержант. - Кудай сакта... Кудай сакта деген чабан далбастап үйгө чуркап, - Ой катын тез орунтук даярда. Жарадар киши бар экен деп кыйкырды. Майорду аттан көтөрүп түшүрүшүп, үйгө көтөрүп кийришти. Даярдалган орунтука жаткырышып чырактын жарыгы менен жаратын эми дааналап карай башташты. Ушунча милициянын ичинен бири да " Тез жардам" аптечкасын албаптыр. Бинтти, кебезди, йод дарылардан бери чабан өзүнүн үйүндөгү баштыгынан сууруп чыкты. Эпсиз кыймылдаган милицияларды карап туруп чыдабай кеткен чабан, - Мындай тургулачы, канын мен тазалап мен жарасын таңып берейин дегенде милициялар четке чыга беришти. Каткан канды ватаны жылуу сууга малып алып бүт арчып жууп чыкты да манжаларынын учу менен жаратын текшерип көрүп " Ажалың жок экен жигит, дагы эки ээли солго тийгенде ок кежигеңден чыкмак экен. Кудай буюрса сакайып кетесиң деди да баштыгынан бир ак порошок дары алып чыгып жаратка сээп, четин йод менен сүртүп туруп дагы бир суюк май сүйкөп таңа баштаганда жанатан көз албай карап турган сержант. - Бул дарыларыңыз койдукубу же кишиникиби? - деди тыңсына. - Айырмасы кайсы. Мал менен кишинин дарысы бирдей эле болот деп койду чабан камырабай. - Катын ийнелерди кайнатчы "Билидциллинден" анан ооруну басаңдатчу дарыдан укол сайып коеюн, канына микроп кетсе эртеңке чейин ириңдеп кетпесин дегенде милициялардын даана ооздору ачылды. Өздөрүнүн толук акылдары жетпегенден кийин чабандын айтканына көнүп беришке аргасыз болушту. Жараты таңылып укол алгандан кийин майор кадимкидей эсине келип, көзүн ачып, сүйлөй албасын билгенден кийин жазып түшүндүрүш үчүн кагаз калем сурады да "Жолдош капитан Бекбоев, отряддын командирлигин өзүңүзгө алыңыз. Эртең менен эрте мени эки милиция менен районго жөнөтүңүз да өзүңүз, калгандары менен кылмышкердин артынан сая түшүп кууну улантыңыз. Эгер беттешип калсаңар аябагыла. Өлтүрүп болсо да жок кылыш керек" - деп жазып капитанга сунду. Капитан катты бир сыйра окуп кичине ойлонуп туруп, жанында отургандарга сунду. Баары окуп чыккандан кийин капитан майорго кайрылып, - Жолдош майор биз жердин сырын билбейбиз. Кылмышкер болсо жер шартын жакшы билет. Бизди жазгырып буйтап кетип сиздерге кол салса иш чатак болот го. Районго чогуу барып начальниктер менен дагы бир жолу терең талдап план түзүп, анан кылмышкерди издөөнү улантсакпы деп ойлоп турам. Майор ойлонуп туруп дагы жаза баштады "Бул айтканың да бир четинен туура. Негизги күчтү экиге бөлбөй районго түшүп, начальстволор менен акылдашса акылдашалы. Түн ичинде аттарды алдырып жибербейли. Үйгө жакын аркандатып туруп экиден милицяны кезек менен кароол коюңуз. Калганыңыздар эс алыңыздар" деп жазып капитанга карматып сөз бүттү дегенсип жаагы соо сол жак ыптасы менен өзү да уктаганы жата кетти. Чындыгында таң аткыча эч кимиси жыргатып да укташпады. Таң толук атып жерге жарык киргенде эле капитан чабанды тургузду да " Атыңызды токуп минип жакын тегеректеги чабандардын эркек аялы дебей бүт баарын тез чогултуп келиңиз" деди.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Чабан баласы аялы болуп үч ат минип чапкылап бир саатка жеткирбей жакын арага конгон сегиз түтүндү чогултуп келе калышты.
Эмне болуп кетти деп түшүнбөй делдейишип чогулган элге капитан чогулуш өтө баштады.
- Мына сиздер бизге кармап бергендин ордуна кайра жардамдашып жашырып, тамак-аш менен камсыз кылган качкын түндө районубуздун начальник милициясынын биринчи орун басарын оор жарадар кылды. Биз бүгүн жарадарды районго жеткирип начальстводон жаңы буйрук алып келүүгө аргасыз болуп отурабыз. Ал түндө жердин уусун жакшы билгендиктен качып кутулуп кетти. Эми бир беттешсек эч жака кача албайт. Анын үстүнө буга чейин бизде тирүү колго түшүргүлө деген гана буйрук бар болчу. Эми каршылык көрсөтсө атып өлтүргүлө деген да буйрук алып кайра келебиз. Азыр ар бир үйдөн бирден эркек үйдө бар мыкты куралыңарды алып кайра чогулгула, бизди капчыгайдан ашып өткүчө узатып коюшуңар керек. Муну партиялык жана өкмөттүк буйрук катары кабыл алгыла. Чабандардын арасынан "Ушунчасы жүрүп бир кишиден коркуп чабандарга корголошот" деген күбүрлөр чыга баштады.
- Чабандарда кайсыл курал бар дейсиңер. Карышкыр коркуткан " дүмпүлдөк" 16дан башка. Аныбыз да курдүрмөт. Андан көрө автоматтарыңыздарды бизге бере тургула биз сиздердин куралдар менен эле ашуудан ашырып коелу деди көздөрү ойноктогон кызыл жүздүү топозчу жигит.
- Силерде курал деген толтура. Ар бир үйүңөрдөн эки-үчтөн чыгат керек болсо. Азыр кааласак баарын чогултуп кетебиз. Анткени биринин да документи жок - деп эдиреңдеп чыга калды тыңсынган сержант.
- Чогулткула. Карап туралы капчыгайдын ашуусунан кантип ашаар экенсиңер. Капчыгайдан учкандардын биринин да тирүү калганын уга элекмин деди токтоо, орто бойлуу кара мурут жылкычы. Чабандар менен милициялардын ортосунда тирешүү пайда боло түштү. Муну кантсе да турмушта көптү көрүп калган капитан сезе койду. Чабандар менен тирешүү кенедей да пайда апкелбесин жакыш билип турду. Керек болсо тогузу тең тигил капчыгайдан чыкпай калышы толук мүмкүн. Автомат, карабин барс, снайпер, пистолеттерден чабандардын көздөрү өтүп " атаң көрү бизде ушундай курал болсочу" дешип тамшанып турушканын, малчылар курал десе эт бетинен кетип жакшы көрөөрүн, ушул жерде тургандардын чимкиригин тарта албаган баласы да мылтыкты берки милициялардан мыкты атпаса акыры кем болбошун маңыроо жаш сержант кайдан түшүнсүн.
- Жолдош сержант сага эч ким сөз берген жок. Былжыраган сөзүңдү токтот акмак. Мамлекеттин малын итке-кушка жем кылбай коргоп, багып жүргөн малчыларга мындай сөз айтууга сага ким уруксаат берди. Бул сөзүң үчүн районго барганда жооп бересиң. Керек болсо кызматтан кетиртем сендей түшүнүгү жок акмакты - деп сержантка атырылып кое берди эле тыңсынгысы келген сержанттын оозунан сөзү түшүп, кулагынын учуна чейин кызарып, таяк жеген итче жалтаңдап баш көтөрө албай, өзүн кайда катарын билбей калды. Жанында турган токтолуп калган дагы бир сержант аны капталга укуп алды. "Сага эмне жок" деген ишарат менен. Калп күлүп жайдарыланган капитан кайра малчыларга кайрылды.
- Эгер курал алгыңар келбесе куралсыз деле узатып койсоңор болот. Биз жолду жакшы билбей жатабыз.
Кара мурутчан жылкычы капитанга тигиле карап туруп,
- Буйтактатпай эле түз айтпайсыңарбы. Биз сиздерге кошулуп узатсак "Качкын" тийбейт деп ойлоп турасыңар. Кол салгысы келсе, ал биз ар бириңерди жандамак түгүл учкашып баратсак да кол салат. Ал көзгө атар мерген. Ар бириңерди маңдайыңардагы жылдызыңарга атып эле терип коет. Биз менен аласа-бересеси жок. Бирибизге да тийбейт. Капчыгайдын жолу жалгыз аяк. Татаал узак да. Башка кетээр жолуңар да жок. Вертолет чакыртууга бизде рация жок. Айласыз капчыгай менен өтөсүңөр. Көңүлүңөр калбасын биз коштоп чыгалы. Бирок курал албайбыз. Эгер атышуу башталып кетсе биз четке чыга беребиз. Өзүңөр теришип алгыла. Биздин "Качкын" менен аласа- бересебиз жок. Эмнеге качып жүрөт, күнөөсү барбы, жокпу аны да териштиргибиз келбейт. Бизге бала- бакырабыз менен тынч аман-эсен жашообуз керек. Сиздер кете бересиздер биз ушул жерде калабыз. Качкын менен карышылашып калсак эч ким биздин ар бирибизге солдат кошуп берип кайтартпайт. Ал жандан кечкен адам. А биздин болсо жашагыбыз келет- деди. Капитан аргасыз баш ийкеп
- Кептин ачыгы сиздин айтканыңыз да туура. Менин оюмча Сиздер менен аралаш бастырып баратсак Качкын батынып кол салбайт деп турам. Ал да куу. Чабандар менен мамилесин бузгусу келбейт болуш керек.
Чабандар өздөрүнчө акылдашып туруп алтоо милицияларды коштоп чыгууга макул болушту.
Ансыз да түндөгү окуядан кийин үрөйлөрү учкан милициялардын чабандар менен сүйлөшүүдөн кийин ого бетер муундары калчылдап боз ала болуп калышты.
Капчыгайдын татаал жолуна келгенде бир чабан астыга түшүп эки милициядан кийин бирден чабан болуп аралаша чубатмага түшүштү. Милициялардын колдору куралдарына жабышып ар бир арчанын же таштын артынан Качкын аңдып тургансып алаңдап келатышты. Ар биринин оюнда кайсыл жерден тере баштайт болду экен. Биринчи кимибизди жайлайт деген турду. Тоо жолунда көнгөн чабандардын аттары эч кыйналбай шыпылдап баратса, тоого көнбөгөн милициянын аттары бирде мүдүрүлө сактап, бирде учуп кетчүдөй кыйралаңдап ансыз да жанын оозуна тиштеп бараткан ээлеринин ого бетер жүрөктөрүн түшүрүүдө. Майорду болсо эки бакаңды аттын капталына тикесинен кайчылаш байлап туруп атка бакан менен кошо таңып ташташкан да бири атын жетелеп алган. Малчылар илгертен өзү атка жүрө албаган оорулуларды ал түгүл өлгөндөрдү да ушинтип алып жүргөн салттары бар. Майорду кучактап аттын көчүгүнө отуруш мага тиет го деп сароору болуп турган жаш сержант муну көргөндө кубанганын айтпа. Ал түгүл жанагы уккан тилин да унутуп койду.
Туу белге чыкканда астыда бараткан кара мурут жылкычы эң катаал жол астыда эки жүз метрче болот. Атчан бастыргандан коркконуңар түшүп атыңарды жетелеп алгыла- деди. Капитан менен дагы бир сержанттан башкасы бүт түшө калышты. Тээ төмөндө ак көбүк болуп тоонун албуут суусу күркүрөйт. Үстүдө салаңдаган аскалар. Аскага жабыша өскөн жапыс-жапыс жапан арчалар. Качкын кол салса так ушул жерден салат. Эгер мылтык тарс этсе ат үркөт да бири-бирине урунат. Далайы ат-маты менен төмөн учат. Арткы ат менен астыңкынын атын атып салса жол жабылат. Жашынаар жер жок бирден терип атса болот.
Мына ушул ой ар биринин мээсин жеп баратты. Чеклеринен чыбырчыктап муздак тер чыгып, кийимдери терден алма-чөлмө болду. Жаратынын оорусу жанын жеп кыйналып келаткан майор да так ушул жолго киргенде көзү чакчайып улам бир ташты, жапалак арчаны жалтактай карай коркконунан жаратынын оорганын да унутуп койду.
Аңгыча үстүдөн таш кулап астыда бараткан кара муруттун атынын башынан бир кадамча гана жерден зуу- деп өттү. Баары катып калышты. Таш кулаган жакты тикирейе тиктеген кара мурут;
- Тоо эчки экен. Улагына кароолоп үйүрүнөн бөлүнүп калса керек. Бастыргыла деди да атын теминди.
Так ушул маалда мелтиреп сунулган карабиндин каролу улам бир милициянын так маңдайына кичинеге токтой түшүп кайра башкасына өтүп, улам машаага илинген сөөмөй тартыла сактап барып токтоп жатты. Ажал каш менен кабактын ортосунда ырсаңдап ойноп турду. Снайпердин дүрбүсүнөн ар бир милициянын жүзүнөн бери аябай дааналап карады. Баары кыргыздар экен. Тили буру жок. Майордун башы көзүнөн башкасы бүт бинт менен таңылгандыктан жүзүн көрө албады. Башын кыймылдатып баратканынан тирүү экенин түшүндү.
Милициялар капчыгайдан чыгып түзгө жеткенде чындап аман калгандарына ишенишип өңдөрүнө кызыл жүгүрө башташты. Чабандар түзөнгө жеткенде "Эми биз кайра артка кайталы. Мындан аркы жол коркунучсуз жалаң түзөң, бөксө белдер" - дешти эле, капитан чабандарга чын ыраазылыгын билдирип рахмат айтты. Качкындын капчыгайдан кол салбай аман чыгарганынын бирден бир себеби чабандар болгонун милициялар түшүнүп турушту. Эмнеси болсо да аман калганына сүйүнүшүп аттарын темине кагына жүрүштөрүн ылдамдатышты.
Чабандар кайра кайтып келатканда ашуунун туу белинде аларды Качкын күтүп отурган экен. Чабандар салам айта чарчаган аттарынан түшүп басмайылдарын бошотушту да Качкындын жанына отура кетишти. Качкын кол чаначтагы кымыздын оозун чечип улулата сунду.
ХХХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Ойдуңга түшүп коркунучтан таза кутулдук дегенден кийин капитан милициялардын жүзүнө астыртан бир сыйра көз чаптырып өттү. Баарынын өңдөрү көр сары тартып, айлап узак жол жүргөн адамдардыкынча шалпыйа түшүптүр. Жан деген, жашоо деген кандай таттуу чиркин. Аны бычактын мизине илингиче билбейбиз, - деп ичтен ойлоду да тынчтыкты буза:
- Кандайсыңар жигиттер. Кимиңер штаныңарды булгап койгон болсоңор тиги суу жээгине жеткенде уялбай эле чайканып алгыла. Өлүм менен өмүрдүн айкалышына биринчи кабылганда дайым ушундай болот, - деди.
- Сиздин чабандарды узатып чыгасыңар дегениңиз чоң табышкерлик болду. Болбосо жанагы капчыгайдан бирибиз да соо чыкпайт элек. Качкын чабандар менен болгон мамилесин бузбаш үчүн эле кол салган жок. Болбосо мылтыгынын кароолу ар бирибизди сыдырып өтүп жатканын сезип турдум - деди улгайган сержант.
- Туура... Туура бизди аңдып турганын бизда сезип жаттык бирибиз да соо калбайт элек деп чурулдай калгандары да сержанты колдоп кетишти.
Ойго баткан капитан "Ай кайдан? Биздин каныбызга сабын болуп ал эмне кылсын. Кейпи майорду деле коркутуп коеюн деп байкабай жараланты окшойт. Киши өлтүрө коюш эле оңойбу? " деп ойлогон менен аны ачык айтпады.
Райондон аттанган алгачкы күнүн эстеди. Мен барам деп жулунгандар канча болду эле. Шаңыраңдашып жөн эле кийик уулаганы бараткандай чыгышкан. Райкомдун буйругу менен бир күндө тогуз мыкты ат дайындалган. Райвонкоматтан, автомат, карабин, снайпер, жетиштүү ок алышкан. Топко кошулбай калгандар аларды суктанып узатып калышкан эле. Уу-дуу менен жанагы өткөн капчыгайдан ары баратканда кандай өткөнүн билбей калышыптыр. Ойлошсо керек мынча куралданган кишини көргөндө Качкын эки колун көтөрүп шөлбүрөп өзү чыгып келип берет деп. Малчылар түнкүсүн биздикине келип жатып тургула десе да болушпай кергиштешкеничи. "Кайда Качкын? Кайсыл жерде жашынып жатат көрсөткүлө. Силер Качкынды жашырып жатасыңар" деп улам бир малчыны кекетип-мокотушканычы. Улам бир чабандыкынан чаначка кымыз куйдуруп алып, астына ала айтып нан жасатып алып Качкынды издеп жүрөбүз деп кокту- колотту кыдырып элик-кийик атып көңүл ачып үч күн жүрүп, үчүнчү күнү кейпи Качкын биздин келгенибизди көрүп качып кетсе керек дешип түңүлө баштаганда түндөгү окуя болуп жатпайбы. Майор эр көкүрөк неме эле. "Эр эле болсо биз жакка мылтык сунуп көрсүнчү. Баарыбыз мээлебей туруп эле автоматтан ок жаадырсак калбыр кылып салабыз" деп. Капитан сак болсок кантет десе күпүлдөп кеп жебей койгон.
Автоматтан ок жаадырмак түгүл бир жолу мылтык "тарс" деп үнү угулуп дардаңдаган майордун жаагы жарылганда калгандары мылтык кармоого жарабай калышты.
ХХХ
Качкынды кармайбыз деп атайын түзүлүп аттанып чыккан отряд кайра келгенде бүт район дүң түштү да калды. Качкын менен милициялар тоодон беттешип аябай атышыптыр. Майор оор жарадар болуптур. Качкын дагы колго түшпөй кутулуп кетиптир. Анткени Качкындын изине сая түшкөн милициялар кеч кирип баратканда беттешип калышкан экен, Качкын карангыга жамынып кутулуп кетиптир. Милициялар тирүү колго түшүргүлө деген буйрукту буза албай гана куткарып ийишиптир болбосо тырпыйта атышмак экен -деген сөз тарап кетти.
бу да капитандын ойлоп чыгарган акылы эле. Чындыкты айтсак шерменде болобуз. Анын үстүнө чыгымдаган ок-дарыны да чыгыштаган акты жазыш керек. Ошондуктан баарыңар бир ооздон ушинтип айткыла деп үйрөткөн. Таяк жеген иттей болуп шүмүрөйүп келаткан милициялар капитандын айтканына дуу кошулуша өздөрүн чоң кармаштан чыккан эр жигиттей сезе ичтеринен табышкер капитанга ыраазы болушту.
Канчалык актанышпасын начальниктин тилинен кутула алышпады. Баарын тизип алып өкүртө тилдеди. "Кап курсак болуп калгансыңар. Бок курсак болуп калгансыңар. Көчөдө жаткан мастарга, чемичке саткан катынга эле алыңар жетет. Ушунчаңар жүрүп бир кишини кармап келе албагандан кийин кийген формаңарга да татыксызсыңар" деп буркан-шаркан түштү. Кейпи отряддын ичиндегилердин бири чындыкты начальнике шыбырап койсо керек. Оозун бирөө тырмагансып жаш сержант "Жолдош начальник колдон келишинче аракеттендик" деди эле. "Билем силердин кантип аракеттенгениңерди. "Бир ок чыкса штаныңарга толтуруп коюп ордуңардан тура албай калганыңарды айткыңар келип турабы" - деп маңдайына келип жекире тиктегенде. Корконунан аскерде жүргөнү эсине түшө калдыбы" Виноват товариш начальник" деп орусчалай какая калганда бери жактагылардын бир дарлары бышкырып күлүп жиберишти
ХХХ
Кымыздан кангыча жутканда кийин
- Милицияларга тийбей туура эле кылдыңыз Зак деди кара мурутчан жылкычы. Көз кыйыгы менен чабандардын жүзүн астыртан тиктеп кимиси эмне ойлоп отурганын окугусу келген####н Зарлыкка.
- Милицияларга тийип эмне кылам. Алар да кыргыздын балдары. Болгон күнөөсү өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жүргөндүгү. Майорду деле жарадар кылбайт элем. Эки-үч күн артымдан калбай тынчымды алганынан сез көрсөтүп коеюн дегем. Баса жараты оор эмес бекен?
- Жок. Оор деле эмес. Ок астыңкы үч тишин сындырып, жаагын тилип кетиптир. Догдурлар аны татынакай кылып тигип берсе өзү алтындан тиш салдырып алат да куландан соо болот - деп кепке аралашты түндө майордун жаагын таңып жардамдашкан чабан.
- Баса, милициялар силерди ашуудан ашкыча узатып чыккыла дешип күчкө салыштыбы?
- Жок. Кичине сөз көрсөтүштү. Чындыгында суранышты. Өкмөттүн малын багып токочун жеп жүргөндөн кийин биз да жок дей албадык. Кызыл жүздүү топозчу жигит бары үчүн жооп берди эле,
- Курал алгыла дегенинен. Куралсыз эле узатабыз. Эгер атышып кетсеңер биз кийлигишпейбиз - дедик деп сөздү улады кара мурутчан жылкычы.
- Мен сиздер менен аласа-бересем жок. Силер мага тийбегиле мен силерге тийбейм. Тамак-аштан жардамдашсаңар чын дилден берсеңер гана алам, болбосо кылыңарга да тийбейм, - деп башында да айткам эми да айтайын. Мен жөнүндө уга электерге да ушуну айтып койгула.
Кимдир бирөө мага тийишсе жообун берем. Бары-бир мен жандан кечкен өлү кишимин. Тагдыр ушул экен башка түшкөн күнүмдү көрүп жүрөм. Өкмөттүн укуругу узун. Эртедир - кечтир кайсыл бир жерден мени деле торойто аттырып салат. Акыры тирүү колго түшпөйм. Ичер суум бүткүчө жашай турайын. Силерге болсо рахмат. Мага түшүнүп мамиле кылганыңарга - деди Зарлык.
- Биз да өзүбүзчө чогулуп сенин аки-чүкүңө кийлигишпейли деп өз ара чечимге келгенбиз. Анча-мынча тамак-аш керек десең кимибиздин үйүбүздөн болбосун алып тур. Эт-ашты болсо өзүңдөй мергенге кудай тоодон айтып коюптур. Бизде аркар, кийик, элик деген кудайга эле шүгүр.
Ким күнөкөр, ким ак жерден күйүп жүрөт акыры териштирген адам да чыгаар. Кептин кыскасын айтсак бул өрөөндөгү малчылар сага душмандык кылбайбыз. "Төө көрдүңбү? Жок. Бээ көрдүңбү? Жок. " Негизи өзүң да сак бол. Тигил кеткен милициялар кайра көбөйүп келишет. Балким жер ооштурарсың. Ойлоносуң да. Буга чейин тирүү колго түшүргүлө. Өлтүрбөгүлө деген буйрук бар болчу эми каршылык кылса атып таштоого уруксат алып келебиз, деп кекенип кетишти.
Бардык чабандар үчүн кара мурутчан жылкычы жооп берип ордунан тура: - Кой эмесе аттардын бели эс алды көрүнөт биз жолубузду улайлы дегенде бары жапырт турушуп Качкын менен коштошушту да аттанып кетишти.
Зарлык ашуунун белинде отурган калыбында кала берди.
Майордун өлбөй калганын. Жаратынын анча деле оор эмес экенин чабандардан угуп кичине жеңилдене түштү. Чындыгында өлтүрөйүн деп деле аткан эмес. "Макаровдон" ок атылганда оозунан чыккан жалындын багытына карата.
Мээлеп балким колуна тиет же башынан алыс өтөт - деп мылтыктын үнүнө каршы милициялардын аракетин билгиси келип ок чыгарган. Туш келди окту мөндүрдөй төгүп киришет го деген. Каршылык болбоду. Эгер каршылык болуп ок жадырып артынан кубаласа эки-үчөөнү жеңил жаракат кылып коюну, болбосо баарынын аттарын атып салып жөө калтырууну пландаган.
Мылтык бир жолу "тарс" десе баш көтөрүүгө жарабай чабандардын аркасына жашынып шашкалактаган милициялардын жоругуна бир чети күлкүсү келсе бир чети кыжыры да келди. Кайда барса формасы менен коркутуп, эч ким каяша сүйлөбөгөн, кайрып каршылык көрсөтпөгөн жашоого көнүшкөн немелер мындайды күтпөгөндүктөн эс-акылдарын да жыйууга жарабай качышканын билип турду.
Ашуунун белинде өздөрүнчө кужулдашып узаган чабандар имерилиштен айланып көрүнбөй калгыча кыймылсыз отурду.
Ашуунун бели. Туу жон. Эртең мына ушул жол менен кайрадан тирүүлөй болсо тирүүлөй колго түшүрүп, каршылык көрсөтсө өлтүрүп өлүгүн алып кетүүчүлөр өтөт. Бүткүл СССРдин аймагы боюнча өтө коркунучтуу кылмышкер аталып, издөө салынды.
Бүгүн коркоктору качып кетти. Эртең коркпостору келет. Мылтыкты жаза атпастар, тоодо илбирстей жүрчүлөр келет. Ичер суусу көрөр күнү канча калды? Табышмак. Бийликтин колу узун. Жөргөмүштөй ушалап, сиркедей сыгып салат.
Зарлык муну жакшы түшүнөт. Түрмөдөн качып чыкканда эле түшүнгөн. Барар жери калбай калды. Бул акыркы жандалбасы болчу. Аз күн болсо да, бир күн болсо да өзүнүн сүйгөн тоолорун аралап, өмүр бою эңсеп келаткан тилегиндегидей очокко кайбереңдин этин кордоп жеп, ачык асман астында жатып жылдыздардын жымыңдашын тиктегиси келип, кыркка жашы жетпей жатып өмүр менен коштошоордо ушул тоолордун арасы кандай болду экен деп кызыга берүүчү балалык тилеги менен аралашып анан кадимки тоолуктарча өлүмдү тике карап, тайманбай туруп тосуп алууну туура көргөн. Тоого жашайын деп эмес өлөйүн деп келди. Түрмөнүн караңгы, таш дубалында өмүр менен коштошкончо бүркүттөр мекендеген бийиктикте өмүр менен коштошсом деп келди.
Эң башкысы өзүн кылмышкер катары, өлүм жазасына татыктуу кылмышкер катары эмес, чындык жана намыс үчүн күйүп кеткен адам катары эсептеп качып келди. Туура күнөөсү бар. Эмгеги бааланбады. СССРге сиңирген эмгеги бааланбады. Мамлекетке керек кезинде каалашынча пайдаланышты. Анан кереги жок болуп калганда экинчи сорттогу адам катары унутуп коюшту. Бийликтегилер, чөнтөгү акчага толгондор тирүүлөй күйгүздү. Чындыкты эч жерден таппасын билди. ОШондо катылуу жаткан куралын койнуна алды. Өзү сот. Өзү прокурор болду. Кан тозулду. Деги эле кичиненсинен көдөндө келаткан ыза да түрткү болду. Майда улуттун өкүлдөрүн, азияттарды, сибирликтерди, орусттар экинчи сорттогу адам катары карап "язычниктер" деп шылдыңдап, басмырлап мамиле жасашаарын, түрлүү анекдот чыгарып келекелешерин, ушинтип жүрүп "чукча" десе улуттун өкүлүн эмес "кейбир адам" деген түшүнүк пайда болгонун, кыргызды да так айтпай "киргиз" дешип үстүртөн карашаарын тээ бала кезинде эле интернатта окуп жүргөндө түшүнгөн.
Чоңоюп акыл-эси өсүп билимге жеткиче "кыргызмын" деп айткандан арданчу. Эгер өңү-түсү кичинеэле орус түспөлдүү болгондо паспортуна "улуту орус" деп жаздырып алмак. Саны аз элдин өкүлү болуп калганына арданчу. Орус боло албагандан кийин, башка улуттун өкүлү болуп өтүп кете албасын билгенден кийин өзүн-өзү коргоо сезими күчөп, кайсыл гана улуттун өкүлү болбосун тыңдыгы, өзүн алып жүрө билгендиги менен атандашууга даяр болуп өстү.
Бара-бара илим-билимге тереңдей баштаганда маданияттын көбү батыштан эмес чыгыштан батышка тараганын окуп билип баягы, саны аз улуттун өкүлү болуп калганына ардануусу жоюлуп, кайра көкүрөгүндө сыймыктануу пайда болду. Бир учурда бүткүл Азияны эле эмес тигил батышка чейин жеткен ата-бабасынын эрдигине сыймыктанчу болду. Ичи күйүп мектептерде элинин чыныгы тарыхы окутулбай учкай айтылып, азия тарыхынын ордуна кайдагы Рим тарыхы баш болгон батыш тарыхы окутулганына кыжырланчу. Чындыгында орустар жеке бийлигин жүргүзгөн сырты жалтырак ичи ириген мамлекеттик түзүлүшкө башы катып чындыкты издеп убараланчу.
Ошентип Зарлыкдын "жарылуусу" бир эле күндө эмес тээ көптөгөн жылдар бою ичке жыйналып чогула берген.
ХХХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Райондук начальник милициянын астында "Качкын" атыккан Зарлыктын жашыруун почто аркылуу алынган өмүр таржымалы жатты. Бир сыйра шыр окуп чыккандан кийин, кайрадан экинчи кайталап окуп айрым жерлеринин астын кызыл карандаш менен сызып белгилеп койду да, радио телефондун точкасын басып "Капитан Бекбоев мага кириңизчи" деди.
Капитан Бекбоев кирип келди да; - Чакырган экенсиз жолдош начальник деп боюн түзөп туруп калды.
- Кел отуруңуз. Жай сүйлөшө турган сөз бар. Бекбоев орунтука отургандан кийин начальник тамеки тутантып кичине ойлуу отурду да анан сөзүн баштады.
- "Качкындын" ким экендиги тууралуу толук маалымат келди. Ал оңой-олтоң колго түшө калуучу карапайым кылмышкер эмес экен. Өгүнү силерди жөн эле аяп жаныңарды аман кое берген окшойт. Болбосо барыңардын өлүгүңөрдү артып келмек экенбиз. Начальник кичинеге тамеки соруп унчукпай калгандан пайдаланып, - Мен да ошондой деп ойлодум эле жолдош начальник.
- Да-а.. Бары бир "Качкынды" кармоону, тез арада кармоону министрлик бизге тапшырды. Бул жолку "кармоо операциясына" тыкан даярданышыбыз керек. "Качкын" өз аты Зарлык бир учурда өзгөчө десанттык бөлүктө снайпер болуп үч жыл кызмат өтөптүр. Андан кийин айыл чарба институтту бүтүп жаткан жылы кайрадан армияга чакырылып снайпер катары Ветьнамдагы согушка эки жарым жыл катышып башынан жаракат алып госпиталдан айыгып чыккандан кийин бошотулуптур. Негизгиси ушул. Калганы чарбадагы иштер. Кыскасы ок менен канды тизеден кечип көнгөн канкор. Кишини атып кою ал үчүн чымчык атканга барабар.
Министр менен байланышып профессионалдардан кошумча күч бересизби десем, "Бир кишини кармаоого кантип уялбай кошумча күч сурайсың. Профессионал эместерди эмне кызматта кармап жүрөсүң", - деп кайра урушуп койду. Кыскасы жогортон үмүт жок. Өз күчүбүз менен кармашыбыз керек. Айла эле кетсе биздин райондун аймагынан кууп чыгышыбыз керек. Шүмшүктүн толгондон биздин райондун аймагына келип калганын кара.
- Облуска кайрылып көрдүңүзбү?
- Кайрылдым. Ал жактан да жыргаган сөз укпадым. "Армияда десанттык" бөлүктө кызмат өтөгөн эки профессионал жиберем. Силер жардамчы кошсоңор Качкыныңарды экөө эле кармап келет" - деп күпүлдөп койду. Обулначты билесиңго. Бардык иштен четте болгусу келет.
- Кандай сунушуңуз бар?
- Мына бул Качкын жөнүндөгү досьени окуп чык дагы операцияга даярдан. Бул жолу "Качкынды" кармоо операциясына өзүңдү жетекчи кылмсамбы деп турам. Астындагы "Делону" капитанга сунда да, -Эртең эртең менен даярданууга канча күн берилет качан аттанасыңар өзүм айтам. Ушул иш боюнча мени кечки саат бешке райкомго биринчи өзү чакырыптыр. Кейпи жайлоодогу малчылардын абалына тынчсызданып жатса керек.
Сөз бүттү дегенсип телефонду алып бир жакка чала баштады.
"Делону" колуна алган капитаны ордунан очорула араң турду. Бул иштен баш тартууга шылтоо жок болчу. Мына мына майорлук чин алганы турган. Жакында начальниктин биринчи орун басары башка жака которулат экен деген сөз чыккандан бери буюрса бошогон орун меники деп жүргөн кези.
Начальник да кичине четин чыгарып сени коем го деген пикири бар экенин билгизген. Ошондуктан өз кишидей көрүп сырдашып, ишеним кылып жогор жактагы начтарды кичине ушактап коюп жатканы. Болбосо бул милицияңдын турмушунда жаман. "Быш" десең "Тыс" деп шилекейиң кургай электе жогору начальниктерге жетип калат.
Өз кабинетине кирди да эшикти ичинен бекитип коюп Качкындын досьесун окуй баштады. Досье аскер архибинен алынса керек. Качкын Зарлык жөнүндө дээрлик толук жазылыптыр. Жана начальник учкай эле айтыптыр. Кейпи ишти колуна ала электе жүрөгүн түшүрбөйүн десе керек. Окуп чыкты да чыканактап креслосуна шалдырай отуруп калды.
Деги аялдар мындайда сезгич келет. Тоодон түшүп келгендин эртеси эле " Бир шылтоо таап ооруканага жатып алсаңчы. Тигил хируг кллассташыңа сүйлөшүп таза шылтоо таппасаң сокур ичегиңди алдыр. Курсагың жарык болсо беш-алты ай сени эч жака жибербейт. Болбосо эмкиде качкынды кармап келүүгө сени командир кылып жиберишин күтө бер" - деп, безилдеген. Туура айткан экен. Койсоңчу. "Коркуп ооруканага жата калды" дешет -деп болбой койгон. Сокур ичеги баары эле күтүүсүз болуп атпайбы. Классташы мыкты хируг жан адамга айтпай баарын жасап бермек. Эч ким да көп шекшимек эмес. Эми кеч болуп калды. Бийлигиңди дурайын бийлике эртеңки чоңоюшуна зыяны тиеби деп түшөйүл болбодубу. Анын үстүнө начальник чоо-жайды жакшы түшүндүрсө балким борбордон атайын даярдалган бөлүктөн отряд жиберер деп ойлогон.
Мына эми өзүн түз эле өлүмгө айдап барган турат. Эки жарым жыл Вьетнамда Американын мыктымын деген десантниктери менен согушуп, нечен снайперлерин кан кустуруп аты чыккан. Америкалыктар Кара Илбирс деп атаган кличкага татыктуу болгон адам үчүн элүү кадамдан жөн мылтыкты бутага онду тийгизе албаган катардагы милицяилар кеппи. Райондогу бүт милиция тип көтөрө чыкса да колдоруна түшө койбос. Бирден гана бутага койгон шишедей терет го. Ан үчүн бары бир. Өлгөн адам. Милициялардын эч кимиси ушундай бейпил тынчтык заманда өлгүсү келбейт. Жашагысы келет.
Башы жарылчудай болуп ысып ооруп чыкый тамырлары лукулдап чыкты. Кара жолтой "Делону" сейфине бекитти да начальниктин секретарына кирип, эгер издеп калса үйүндө болорун айтып эшке чыкты. Таза абадан кере дем алганда кичине жеңилдей түштү. Айлана тим эле көзүнө укмуш сулуу көрүнүп кетти.
Мен эмне болуп жатам. Түз эле эртең өлүп калчудай болуп. Башка түшкөндү көрөбүз да, деп өзүн жооткотуп койду.
Үйүнө келсе аялы жаңы эле жумуштан келип, казан аягы менен алек болуп жатыптыр. Күйөөсүнүн өңүн көрүп кичине тиктеп калды да,
- Сага эмне болду? Бир жериң ооруп турабы? - деди.
- Жок. Бары жайында. Начальниктерден кичине тил угуп калдык, деп жооткотуп койду да, ичинен мындан эч нерсе жашырып болбойт. Кыймылдаганымдан бери билип турат. Көзү көз эмес эле рентген, Чөнтөгүмө акча түшсө да "Канча акча апкелдиң" деп жылмаңдап туратко чиркин, - деп ойлой ичкери кирди да муздаткычтан коньяк алып чыгып чай чыныга толтура куюп туруп тартып жиберип артынан бир кесим колбасаны чайнай киймин которгону жатуучу бөлмөсүнө басты.
Коньяк улам денесине тараган сайын жанагы санаасынан арылып, көдөнүнө эрдемсинген ойлор келе баштады. Атаң көрү эмнеге ушул жалгыз адамдан коркобуз. Кызматыбыз, милдетибиз кылмышкерлер менен күрөшүү болгондон кийин мындайга дайым даяр болушубуз керек да. Жедеп көнсөк керек "кың" деп каршылык көрсөтө албагандарды астыга салып айдап жүрүп. Барса барм. Эмнеси бар экен. Акыры башта бир өлүм.
Балким колго түшүрүп келсем чоң сыйлыкка көрсөтүлүп тигил жогор жакка чейин атым угулат. Жок эле дегенде бир районго начальник болуп которулуп кетишим да ажеп эмес. Эмнеси бар экен билимим жогору. Керек болсо дагы курстардан окуп койсом болот. Ишти го көз ачканы милицияда келатам, азыркы начальнигимден артык иштебесем кем иштебейм. Чоң сыйлыкка көрсөтүлүп ЦКанын секретарынан сыйлык алып, улам зоболосу көтөрүлүп генерал чинине жетип чалкалап "чайка" машинасына отурганы көз алдына элестеп кетти.
- Начальник тамака кел даяр болуп калды - деген аялынын үнү кыялын бузуп жиберди. Үйдө өздөрүнчө отурганда кээде жакын жолдоштору келгенде деле аялы тамаша иретинде "начальник" деп кайрылат. "Начальник да болормун" - деп күрсүнө ордунан тура жөнөдү.
Кыңылдай ырдап келип орунтука отуруп жаткан күйөөсүн бир тиктеп алып,
- Кайран кырааным жүз граммдан уруп ала койдуңбу - деди.
- Сени КГБга иштеткенде болмок. Чиркин бир тал чачым түшсө да билип турасыңго.
- Он беш жыл чогуу жашасак билем да, деди аялы жылмая.
Саат сегиздер чамасында начальник өзү телефон чалды.
- Жолдош Бекбоев тез келип калыңыз!?
- Жарайт!
Шаша-буша формасын кийип жөнөп баратып аялына
- Мени чакырып жатышат!, - деп кыйкырып койду.
Качкынды кармоого жөнөй турган отрядга командир болуп тоого барганы жатканын аялына азырынча жашырып айтпады. "Мына, сени жиберет дебедим беле" деп толгон сөздөрдү айтып наалып өзү да нерв болуп өзгөнү да кыйнайт. Андан көрө жуп жөнөп жатканда "кетип жатам", деп коеюн деген ойго токтолду.
Начальникке келсе, кирели деп күткөндөр көп экен. Дежур милиция "Сиз кириңиз, күтүп жатат" деп Бекбоевди өткөрдү.
Начальник өңү кубарыңкы тартып ордунда отурбай ары-бери басып туруптур. Аябай ачуусу келгенде ушинтип калчу. Берки кирери менен:
- Кел мындай отур, - деди да өзү да отура кетти.
- Райкомдун биринчиси жөн эле чачын жулуп болгон ачуусун менден чыгарды." ЦКадан чалды" дейт. Анысы аз келгенсип жанагы Жогорку Кеңешке депутат болгон дөпүрөс чабан аял бар эмеспи, ошол да келип "Качкын бизге коңшу жайлоодо жүрөт" дейт. Эртең биздин жайлоого келип аялдарды зордуктап, малыбызга зыян кылса эмне болот. Эмне үчүн эмгиче кармабайсыңар. Ал биздин жайлоого келсе депутат деп биринчи менден баштайт. Чара көргүлө болбосо борборго телефон чалам. Аны кармамайын өзүм малга барбайм" деп ого бетер биринчини зиркиретип кетиптир.
- Энең урайын түйдөк баш. Ушунуку өттү. "Мен депутат" деп эле чыга калат. Акыры жаманга кудай күн салбасын. Катын чабандын депутат көрсөткүлө деген жогортон көрсөтмө келгенинен, башка чабан жок ушул бит башты көрсөтө салдык эле эми дегеле түбөлүк депутат болчудан бетер шеңиреңдейт да турат, - деп биринчи да кыжырланып алыптыр. Эртең эртең мененки саат беште аттанмай болдуңар. Аттар токулуп даяр болот. Облустан эки эмес үч офицер жибериптир. Кечки саат тогуздарга чейин келип калышат. Өзүңдү кошкондо жети киши бизден кошула турган болду.
Онуңар жетесиңер да. Бир кишиге отуз милиция жиберсек уят го. Баары сыртта күтүп турат. Азыр чогу сүйлөшөбүз. Өзүңө айтаарым деги колго түшүрө албасаңар да биздин райондун аймагынан кууп чыккыла.
Отрядга өзүм башчылык кылып барайын дедим эле. Жүрөк начар тоодо жүрө албайм. Анын үстүнө ат минбегениме канча жал болду, - деп актанымыш болду. Чындыгында жогортон "операцияга жеке өзүң жооп бересиң", деген көрсөтмө түшкөн. Аны ачк айткан жок.
- Кудай буюруп колго түшүрүп же атып өлүгүн болсо да алып келсеңер. Сени чоң сыйлык күтүп турат - дей бер. Жеке өзүм министрге чейин барам.
Шашылыш кабардан дапдарый түшкөн капитан үнсүз отуруп берди.
Кнопканы басып дежурду чакырды да күтүп тургандардын бары кирсин деп буюрду.
Экөөнөн башкасы өткөндө барып келгендер экен. Терт сержант, бир старшина, бир лейтанант. Капитанды кошкондо жети киши болушту.
Начальник үнүн каардурак чыгарып кепти чукулунан баштады.
- Иштин жайын негизинен билесиңер. Ойногону бараткан жоксуңар. Ар бириңер менен жекече инструктаж да өткөрдүм. Баарын кайталап отуруунун кажети жок.
Столунун тартмасынан журнал суруп чыкты да "Жекече инструктаж өткөрүлдү" деген жерге, анан "Операцияга катышууга өз эрким менен баратам" деген жерге кол коюп койгула - деди.
Баары үнсүз кол коюп кайра журналды начальнике сунушту. Ортодо кичинеге тынчтык боло түштү.
- Эмесе эртең мененки саат төрт жарымда толук даярдыгыңар менен чогулгула. Азыр болсо барып эс алгыла - деп, сөз бүткөнүн билгизип ордунан турду.
ХХХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Он кишиден турган милициялардын отряды ашуунун түбүнө келгенде отряддын командири капитан Бекбоев атынын оозун тарта токтотуп артындагыларга кайрылды.
- Жолдоштор! Ашуунун астында аттарды эки саатча эс алдырып тыныгуу жасайлы. Өзүбүз да тамактаналы, - деди.
- Эки саат көптүк кылбайлы жолдош капитан?, - деди облустан келген ага лейтенант чининдеги офицер. Облустан келгендердин экөө орус улутундагы жаш лейтенанттар бири ушул тыңсынган ага лейтенант кыргыз жигит экен.
- Жок. Көптүк кылбайт. Тескерисинче аздык кылат. Ашуу бийик. Жолу. татаал, аттар жакшы эс албаса кыйналып калабыз - деди капитан кыртышы сүйбөй. Ушул үчөөнү тең көргөндө эле жактырган эмес. Өзгөчө тигил эки орусту эмнеге кошту. Обл. нач. акылынан айныганбы. Булар тоодо атка жүрө албайт да" деп санааркап манайы чөгө түшкөндө начальниги келип өзүнчө чакырып айтты. Үчөө тең өздөрү сураныптыр. Десанттык бөлүктө кызат өтөгөн немелер экен. Тигил орустардын бири снайпер дейт. Көзгө атар мерген экен.
"Ай кайдан" деп башын чайкай бары бир көңүлү толбоду. Алгач чыкканда атты теминип койкоңдоп атышты эле беш сат жол жүргөндөн кийин караса үзөнгүнү бирде теминбей бутун бош коюп ээрге көчүктөрү талый баштаганын билгизип коюшту. Качкындын ким экенин билип калган райондук милицияларынын жүздөрү каарду тартып бири-бири менен жөнү жок тамашалашпай суз келатса облустан келген үчөө бей капар кыңылдап ырдап келатканын көрүп баягы жаш сержант капитанды жандай бастырып келип, үнүн пас чыгара "Жолдош капитан тигил үчөө кудум баягы биз биринчи тоого бараткандагыдай жыргап баратышат" деп көз ымдап жылмайып келекелегенин эстеп капитан дагы би жолу мурутунан жылмая атынын ооздугун чыгарып отко кое берди.
Туура эки саат өргүп, шашпай тамактанышкандан кийин "мына аттанабыз" дегенде каптан ордунан туруп.
- Жолдоштор! Мына ашуунун түбүнө келип жолго чыкканы турабыз. Биз кармаганы бараткан кылмышкер ким экендигин так биле элегиңерге ачыгын айтпасам болбойт. Эгер ушул жерден бардык чындыкты ортого салып айтып бербесем өмүр бою адамкерчилигимдин астында күнөкөр болуп жүрүп өтөм, - дегенде алысыраак отургандар жакын келип кулак түрө отура кетишти.
- Качкын, өз аты Зарлык десанттык бөлүктөгү өзгөчө отрядда снайпер болуп кызмат өтөптүр.
Орус жигиттер отургандыктан орусча сүйлөп жатты. Негизгиси бул да эмес. Андан кийин Вьетнамда эки жарым жылдан ашык согушка катышкан. Дагы деле өзгнөчө бөлүктөн десанттары менен снайпер болуп.
Вьетнамда жүргөндө ага Кара-Илбирс деген ат коюшкан. Мындай атка жөнөкөй адам татыктуу боло бербейт. Аны түшүнүп тургандырсыңар. Атылуучу куралдын кайсыл ган тирүү болбосун эң таамай атат. Үч-төрт мыкты даярдыгы бар карылуу жоокерлерге да кармаша кетсе алдырбайт. Чыгыш күрөшүн, каратэ, ушу өңдүү толгон ыкмаларда машыккан. Бычакты ыргытып да кол менен да саюнун чебери. Вьетнамда жүргөндө партизандык согуштун ыкмаларын эң жакшы өздөштүргөн. Үн чыгарбай атылчу куралдар жаа, өзү атылчу жебе сыяктууларды колдонгонду билет. Кыскасын айтканда киши өлтүрүүнүн жолдорун аябай өздөштүргөн. Ошондуктан ар бириңерге эскертерим өзгөчө сак болгула. Эгер беттешип калсак өлтүрө атканга аракет кылгыла. Анын тирүү же өлүүсүнүн айырмасы жок ансыз да атууга кесилген адам. Эгер биз аны өлтүрө албасак ал бизди өлтүрөт. Жер шартын жакшы билет. Атта эң мыкты жүрөт. Дагы кайталайын өтө коркунучтуу кылмышкер менен беттешкени баратканыбызды бир секунда да эсиңерден чыгарбагыла.
Менин айтайын дегеним ушул. Кимдин кандай суроосу бар. Милициялар дымырай түштү.
- Кандай суроо болмок эле. Ал снайпер болсо бизде да снайпер бар. Беттешсек көрөбүз да деп орус лейтенант жапжаңы снайпер мылтыгынын кундагын чапкылап бажырайа күлүп койду. Капитан кайра сөзүн улады.
- Ашуудан ашып баратканда татаал жолдоруна келгенде атты жетелеп өтүүгө туура келет. Ошондо ортолорубуз 5-6 метрден ашыгыраак алыс болсун. Эгер Качкын ашуудан кол салса, аттар үркүп бири-бирине урунуп баарыбызды кулатпагандай болсун. Эгер атты атып салса жолду бөгөтпөй төмөн кулатып жибергиле. Ок чыкса өзүңөрдү кармап өңүт издеп каршы ок чыгаргыла. Менин командамды дайым уккула. Эгер менен бир нерсе болсом жолдош ага лейтенант сиз отрядка команда берүүнү өзүңүзгө аласыз. Эң башкысы күтүүсүз кол салса туш келди качпагыла. "Качкан жону катын алат" дейт. Качсак бир бирден терип салат. Кана эмесе аттангыла! - деди да өзү да атына шайдоот минди.
ХХХ
Атчандар улам өр таянган сайын жол татаалдай берди. Ашуунун белине жакындаганда мурда тоодо жүрбөгөн милициялар ээрдин кашын бекем кармап аттар секиртмелерден секирген сайын көздөрүн жуумп жиберип жатышты. Бири-бирине сүйлөгөн эч ким жок. Баары үнсүз. Төмөндө таштан-ташка урулуп күркүрөгөн албуут тоо суусу. Тикеден куюлуп ак көбүк чачып ылдам аккандыктан Ак-Суу аталган.
Астында капитан Бекбоев. Эми кудайдын салганын көрөм да деп түктүйүп келатат. Белге жете бергенде төбөдөн салаңдаган асканын түбүнөн өткөн жер бар эле. Так ошол жерде салаңдаган аркандын башына кызыл чүпүрөк байланып туруптур. Артындагыларга токтогула деген белги берип өзү да атынын башын тартып арканды карап калды. Кара асканын артынан арта салынган аркандын сыры табышмак. Атынан түшүп жетелей арканга жакындады. Арттагылар да аттарынан түшүп куралдарын октоп даярданып калышты. Аркандын учундагы кызыл чүпүрөк эмне белги? Кан ушул жерден төгүлөт дегениби? Же мындан ары өтпөйсүңөр денениби? Балким арканга жарылчу бир нерсе байлап жолду бөгөп салайын дегениби? Жок. Бул жерден жолду жардырбайт. Жардырса малчылар жолсуз калат. Эгер алар менен өчүгүшүп кетсе жакшы болбосун Качкын да билет деген миң сан ой келди. Чүпүрөккө бир нерсе оролуп байланыптыр. Колу менен кармалап көрүп, чечип алды да оромолду жазса кагазга жазылган кат бар экен.
"Жаныбаз аман калсын десеңер кайра артка кеткиле. Мени кармаш силердин колуңардан келбейт. Мен өмүрдү кечип койгон адаммын. Силерге жашоо керек. Биринчи кезекте араңардагы орустарды кетиргиле. жакыш сөз менен айтып, түшүндүрүп кетиргиле. Болбойт экен өз убалдары өзүнө. Ушул аркандан өткөндөн кийин жандары учуп кетти деп эсептей беришсин. Кайра артка тирүү кетпейт. Баарыңар окугула. Менин башка сөзүм жок. Тилди албасаңар калган сөздү ок менен сүйлөшөбүз. Зарлык "Кара-Илбирс" деп жазылыптыр. Катты толук окуп чыккандан кийин кичинеге ойлонуп туруп калды. Анын ар бир кыймылынан көз албай турган арттагылардын ичинен облустан келген ага лейтенант чыдабай кетти көрүнөт "Эмне болгон кат экен?" - деп кыйкырып жиберди. Капитан атын ордунда калтырып өзү үнсүз артка басты да артта келаткандардын баарына бир сыйра окутуп чыкты. Катты окуп чыккандан кийин баары дым чыгарбай тунжурай түшүштү.
- Кана кандай кылабыз? Ким эмне айткысы келет- деди капитан үнүн көтөрө чыгарып.
- Кат жазыптыр деп коркуп барабыз артка качмак белек деди ага лейтенант күпүлдөй.
- Тиги орус жолдошторду кантсек.
- Аны өздөрүнөн сурайлы - деди да орусчалай тигилерге кайрылып жазылган каттын маанисин түшүндүрүп чыгып " Балким силер артка кете берерсиңерби. Биз өзүбүз эле баралы" десе " Койсоңорчу. Бизди тамаша кылбагыла. Биринчи беттешели анан көрөбүз" деп экөөнүн атынан Сергей дегени жооп берип болбой койушту. Болуптур. Анда кеттик - деди да капитан кайра атын калтырган жерге келип аскадан салаңдаган арканды тарткылап көрсө бек өңдөнөт. Катуурак тартайын дегенде мылтык "тарс" деди да аркан аскага арта салынган жеринен кыйылып өйдө карап алып тарткылап жаткан капитандын үстүнө түшүп жыландай оролуп калды. Ок аскага тийип катуу жаңырганда чоочуп үрккөн капитандын аты жолдон тайып төмөндү көздөй чаңырып кишенеген бойдон учуп жөнөдү да ак көбүк дайрага түшүп дайынсыз болду.
Аттарына жаңы эле минели деп жаткан милициялар кайра түшө калышып өңүт тапканы өңүтткө өңүт таппаганы атынын бооруна жашына калышты. Октун кайдан чыкканын да биле алышпады. Эси оой түшкөн капитан бат өзүнө келип "Кейпи ок капчыгайдын маңдайкы бетинен атылды" деп ойлой автоматын маңдайкы бетти көздөй сунуп туруп басып калды эле. Эмне кылаар айласын таппай турган милициялар баары жапырт маңдайкы бетти карай атканда капчыгай ичи согуш болуп жаткансып алай-дүлөй түшүп аттар чыңырып кишенеп үркөнчөк дагы эки ат төмөн учту.
Биринчи болуп ок атканды токтоткон капитан "Деги кайакты атып жатабыз" дегенсип жолдошторун караса алар да "Бир нерсе көрүп аттыңбы же бизче болжоп урдуңбу" дешкенсип капитанды карашат.
- Астыга! Эртерээк жаман жолдон чыгып кетели деп кыйкырды да капитан белди көздөй жүгүрдү.
Аркасынан аттарын жетелеген калган милициялар чуркашты. Сергей атын жетелей жанагы аркан илинген туштан үч-төрт кадам өтө бергенде "тарс" деп дагы мылтык атылды. Милиция кичине талтаңдай чайпала түшүп барып аскага чабала чалкасынан кулады. Оң көзүнүн орду өңурайа түшүптүр. Аты үркүп артка буралам деп капитандын аты учкандай учуп кургуйга куюла дайынсыз болду. Астыга жулунуп чуркап бараткан милициялар кайра ташка жашынганы, ташка таш таппаганы атына жашынды.
Бул жолу мылтык тескей беттеги арчанын арасынан атылып жатат деп болжошту да бет келди окту мөндүрдөй төгүп киришти. Атын жетелей ага далдоолоно Сергейге жеткен ага лейтенант бакырып жиберди. " Сейргей... Сейрейди жайлаптыр. Мен азыр ага көрсөтөм" . Жинди болгон немече атынын далдасынан чуркап чыкты да "Кайдасың. .. Эй Качкын чык бери". Автоматтан окту оң тетири мылтык үнү чыккан бетти каратып төгүп кирди. Аңгыча автомат кармаган оң колу каруусунан шалак деп артка чабыла түшүп колунан автомат ыргып кетти. Эсине келе "Апа" деп каруусун мыжыганда сол шыйрагы быркырап көмкөрөсүнөн кулады. Жанагы жинденгени кагыла түшүп "Жансоого, жансоого" деп киркирей жанталаша жөрмөлөй таш аркасына жашынгыча шашты.
Кичине кыймылдаса кулачудай болуп турган дагы эки ат ок тийип торок-торок жыгылып төмөн учту.
Чоң кара таштын кычыгына жашынган капитан эмне деп команда берерин да билбей калды.
Мылтык үнүнөн аскалар жаңырып Качкын кайсыл жерден ок атып жатат биле алышпады.
Далдоодон чыкканга даабай капитан фуражкасын чечип туруп автоматынын учуна сайып көтөрдү эле "тарс" мылтык атылып фуражка ыргып кетти. Ок туура какардага тийиптир. Муундары калчылдаган капитан ордунан жыгылгандан коркуп бүрүшө түштү.
Адамдар түгүл аттар коркуп айбан да болсо төмөн учкан аттарды көргөнгө калчылдап мурдакыдай туйлабай жоошуп калышты.
Капитандын фуражкасы учканда октун кайдан чыкканын байкап калган сержант милиция автоматтан мерчимдеп ок чыгарам дегенде оң ийини быркырап кетти. "Апа-аа" деп бакыра таш аркасына жашынды. Бутунан да колунан да оор жаракат алган ага лейтенант "Жардам жардам бергиле?! Жардам... деп кыйкырса да эч ким жардамдашып жаратын таңууга чыга албады. Ага жакын эле жерде жаткан милиционер атка далдаланып жардамдашайын деп жөнөп калды эле ок тизесин талкалап кеткенде "У-уу жеди" деп өгүздөй өкүрө кулап түштү.
Милициялар ок чыгарганын токтотуп айлана тынчый түштү. Капитан коңулга тыгылган жеринде жатып канча милиция тирүү калып, канчасы өлдү болду экен деп ойлоп, кандай команда берерин билбей башы катып чебелектеп жатты.
Соо колу менен чөнтөгүнөн ак жүз аарчысын алып чыгып мылтыгынын башына байлаган ага лейтенант мылтыкты көтөрүп булгалай "Зарлык биз жеңилдик. Бизди аман кое бер. Жарадарларыбыз кансырап үлбөйлү. Жан соога" деп кыйкырып киргенде "Бул эмне кылып жатат? деп чочуп кеткен капитан кайра ага лейтенанттын оюн туура көрдү. Ага лейтенант бир топко ак желегин булгалап турду да анан мылтыгына сүйөнүп соо бутуна таканчыктай ордунан туруп ачыкка чыкты. Дымырай демдерин ичине алган милициялар эми атат деп күттү эле ок чыкпады.
Капитан арыта тоголонуп жаткан фуражкасын мылтыктын учу менен илип өзүнө тартып алып таштын далдоосунан чыгарып көтөрдү эле эч ким атпады. Кейпи Зарлык булардын жеңилдик дегенин түшүнсө керек. Ошентсе да саксына алгач колдорун көтөрүп чыгарып көрдү да анан барып ордунан турду.
Милициялар мунун командасын күтүп турганын түшүнгөн капитан " Баарыңар жашынган жериңреден чыккыла. Тез жарадарларга жардам көргөзгүлө. Колдо калган аттарга жарадарлар менен өлгөндөрдү жүктөгүлө. Кайра артка кетебиз" - деп кыйкырып өзү эптеп тиштенип мылтыгына сүйнүп турган ага лейтенантка барып түзөң жерге сүйөп келип жаткызып жаратын таңууга дарядап кирди.
Беркилерди эч ким атпаганына көздөрү жеткенден кийин , калган милициялар жашынган жерлеринен чыгып, жарадарларга үнсүз жардамдашып киришти. Таштын кычыгына кыпчылган экинси орус милиция ган чыкпады. Эч кимиси ага унчукпады. Жөнөрдө гана капитан өзү барып, " Сага тийбейт. Кетип жатабыз" дегенде алактап араң ордунан турду. Үч жарадарды баарылып бат эле таңып жиберишти да, үчөөнү үч атка мингизди. Сергейдин өлүгүн өзүнчө бир атка жүктөштү. Мына эми кайра артка жөнөйбүз дегенде жакынкы эле беттеги арчалардын арасынан үн чыкты. "Снайпер мылтыктарды октору менен калтыргыла. Калган куралыңарды алып кете бергиле" деген7 Алактап корккон немелер снайпер мылтыктарды ачык турган жердеги ташка жөлөдү да болгон окторун да ошол жерге алпарып коюшуп " Эми кете берсек болобу" дешкенсип капитанды карашканда капитан, " кеттик" деп команда берди да, өзү жол баштап жөнөдү.
ХХХ
Зарлык аларды узатып карап отурду. Таштын коңулунда жаткан чаначты сууруп чыкты да четин кайрып туруп кымыздан кангыча жутту. Көздөрү жылтылдап күйүп каны дүргүп бягы Вьетнамда жүргөндөгү кыргын согуштар кайра эсине түшүп, кан ичмеси кармап өзүн-өзү араң кармап турду.
Эгер ниети бузулса тигил соо калган алтоону минутага жеткизбей алты жерге жалпыйта атмак. Снайперчилердин атайын мектебинде машыгып жүргөндө мыкты көрсөткүчкө жетишиш үчүн 2-3 секунда да бутаны кармап атууга көнгөн. Вьетнамдагы согушта болсо душмандын 3-4 жоокерин 15-20 секундада атып кайра жашынып калууга үлгүрчү. Снайпердин дүрбүсүнө илингенди жаза аткан эмес. Тирүү калган төрт атка жарадарлары менен өлгөнүн жүктөп жөө кайра артка кетип бараткан милициялардын карааны имерилиштен көрүнбөй калгыча карап отурду.
ХХХ
Милициялардын акыркысы булуңдан кайрылып көрүнбөй калды. Алардан көз албай отурган Зарлык эмнегедир оор үшкүрүп жиберди. Мына ушул үшкүрүктүн артында эмне жатканын өзү да түшүнө албай турду. Милициялар катуу каршылык көрсөтө албай кайра качканына жеңилденип үшкүргөн жок. Алардын каршылык көрсөтө албасын астына ала билген. Тескерисинче кайра ошолордун кетип калганына, ээн тоолордо кайберенче жалгыз калганына үшкүрдү окшойт. Жан дүйнөсү каңгырап ээнсирей түшкөнгө үшкүрдү окшойт.
Тоонун сырын толук түшүнө албаган милициялар Зарлыктын кайсыл жерде отуруп мылтык атып жатканын да билбей туш келди автоматтан ок жаадырып баштары айланган боюнча кайра качышты.
Кичинесинен тоодо өскөн Зарлык атайлап бет маңдайдагы асканын тушунда бадалга жашырынып отурган. Себеби мылтык аткан сайын маңдайкы аска" тарс" деп жаңырып ошол аскалардын арасынан атып жаткандай туюла берерин билген. Анан калса асканын шилисине өскөн арчалар шектүү көрүнүп, Зарлык мына ошол арчалардын арасында жашынып жаткандай туюлмак.
Баары астына ала пландагыдай болду. Милициялар арчалардын арасын ок менен тытышты. Бир да Зарлык жашынып отурган бадал жакты каратып мылтык сунбады. Милициялар ташка жашынса да, атына жашынса да бадырайып алаканга салгандай көрүнүп турду. Каны нечен бузулуп бүйрөсү кызыган менен баарын кырып таштабады. Өзүн кармада. Эрдемсингендерин гана атты. Ошондо да жарадар кылып жанын аман койду. Астына ала эскерткенин укпаганы үчүн бирин катуу жазалады. Анан калса снайпер көтөрүп алганына кыжыры келди.
Чыныгы снайперчилер эч убакта мындай топко кошулмак эмес. Өзүнчө жалгыз келмек. Жок эле дегенде биринчи эле мылтык үнү чыкканда Зарлык кайсыл жерде отурганын билип коймок да кайрып жооп берүүгө жарамак. Анткени снайперлердин өзгөчө мектебинде окугандар үндүн жаңыруу алдамчылыгын да окуп машыгышат.
Чыныгы снайперлердин көзү канчалык курч болсо кулагы да ошончо угарман, сезгич келет. Бутаны таамай атса эле снайпермин деш соң жаңылыштык.
Жолдун ыңгайына карап кыйгач баскан Зарлык милициялар таштап кеткен куралдарга түшүп келди да бир сыйра шашпай карап, текшерип көрүп баары жайында экенине көңүлү тое ийниндеги баштыгына окторду салып мылтыктырды кабатынан асынып кайра тоого чыгып кетти. Балким милициялар мылтыктардын затворлорун чыгарып кетеби деп ойлогон. Жок ага акылдары жетпептир. Жандары аман калганына кубанышкан экен.
ХХХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Эки күндөн бери майда ак жаан тынымсыз шыбыргактатып жаап жатат. Милициялар менен капчыгайдагы кагылшуудан бери үч күн өттү. Бул арада жакадан жайлоого эч ким каттаган жок. Жылкычы кара мурут Элүүбай гана жакага колхозго барып келди. Айыл чуу дейт. Элүүбайды согуштан келген баатырдай тозуп алышыптыр. Жолуккан киши эле "Зарлык силерге тийген жокпу. Тынчыңарды алган жокпу" деп сурашат дейт.
"Зарлыкты көрө да элекпиз. Бир жолу жолугуп мен силерге тийбейм, силер мага тийбегиле деген, ошол бойдон кайда жүргөнүн да билбейбиз. Тоо койну кенен. Кайсыл коктусунда жүргөнүн кайдан билебиз" деп коюптур.
Колхоздун чоңдору болсо Зарлыкка тамак-аштан жардам бербегиле. Эгер жардам бергениңер билинсе кыдлмышкерди жашырган, жардамдашкан киши катары жазаланасыңар - деп коркутуптур.
Элүүбай түндө келип бир топко ушуларды кобурап отуруп кетти. Баягы снайпер эки мылтыктын бирин Элүүбай бирин топозчу Карыпбек октору менен тартуу кылып берген.
Өмүрү мындай мылтыктуу болом деп ойлобогон Карыпбектин кубанганын айтпа. Бүгүн эртең менен ошол мылтык менен эки улар аткан экен бирин атайы апкелиптир. Экөөнү тең башка атыптыр.
- Минтип отурсаң сен жайлоодон кайберен калтырбайсың го - деп тамашаласа;
- Байке тоо биздики экенин биз да билебиз. Ченеп анда-санда атмай. Кудай жанагы сырттан келгендерден сактасын. Аларың аео дегенди билбейт. Бир жолу райком баш болгон топ военкомат, начальник милиция болуп автоматтары менен келишти да камоого алып отуздай кийикти арык- сезим, бооз, кысыр, улактуу дебей кырып салышты. Ичинен он чактысын араң аскадан түшүрүп алып кетишти. Калганы жору Кузгунга жем болду. Биздин ичибиздин күйгөнүн айтпа. Эки жылдай ошондо Муз-Төргө кийик келбеди. Ушу кантип болсун- деп ар нерсени божурап отуруп кетти.
Арчанын чогуна улардын этин кактап бышырып отуруп улам тээ төмөндөгү капчыгайдын жолун карап коет.
Үңкүр ичи от табынан жылуу. Арыта жанаша өскөн эки чоң арчанын жанында көк чаар ат оттоп жүрөт.
Тырс-тырс жарылып күйгөн от дабышы болбосо айлананын ээлеген мемиреген тынчтык.
Зарлык бул жайлоого жөн келген эмес. Бул сырды бир өзү, анан жылкычы Элүүбай гана билет. Экөө тең жан адамга ооздон чыгарбоого убадалашкан.
Элүүбай экөө тез бала кездеринде шаардагы интернатта чогуу окушкан классташтар. Ал интернатта республиканын туш тарабынан келген малчынын, турмуш-шарттары начар үй-бүлөдөгү колхозчулардын балдары окушчу. Кийин окууну бүткөндө ар кимиси өз районуна кетип көбү менен байланыштары үзүлгөн. Элүүбай экөөнүн мамилеси болсо башта окуп жүргөндө эле дос болушчу. Ошол боюнча кайда болсо кабардар болуп жүрүштү.
Элүүбай интернатты бүткөндөн кийин өз колхозуна кетип мал бакканга өттү. Башына иш түшкөндө Элүүбайды биничи эстеп жок дегенде жайымды толук угуп, жардам кылбаса да жакшы сөзүн айтаар деп ишенгенинин бир себеби учурунда, Элүүбайдын башына иш түшкөндө жардам кылган жайы бар.
Анда Вьетнамдан жаңы келген. Толук өзүнөн келе албай, кичине аба ырайы өзгөрсө эле башындагы жараты жанды жеп ооруп кыйналып жүргөн кези. Өмүр боюу ушинтип өтөм го деп толук айыгарына да ишенчү эмес.
Бир күнү Элүүбай келиптир бир чанач кымыз, бир козунун этин артынып. Алымды сураар досум бар экен деп жетине албай отурду. Экөө аркы беркини сүйлөшүп отуруп Элүүбай өз башындагы түйшүгүн айтып берди. Көрсө тууган тушкандарын кыдырып жүрүптүр жардам сурап. Колхоздун жылкысынан чоң кичинеси болуп 20 баш жетпей растрат болуптур. "Ишенген туугандарына барса бир да да кошумча бере турган түрлөрү жок" дейт. "Кейпи кесилип кетет окшоймун. башка түшкөндү көрөбүз да. Карышкыр жегени, ууру алганы болуп отуруп беш жылда эле 20 башка чыгып кетиптир. Кантсе да мурда мал бакпагандык, жаштык кылып койдум" деп маанайы чөгүп отурду,
Өз башында мүшкүл турганына карабай алын сурап келген досуна ичинен ыраазы болуп отурган Зарлык:
- Он беш миң сом акча болсо жетеби, - деди Элүүбайды тике карап. Анда Союздун убагы ССРдин рубль күчүндө.
- Жетмек түгүл ашпайбы, - деп койду Элүүбай Зарлыктын сөзүнө көп деле маани бербей. - Бир жылкынын орточо баасы 500- 600 сомдон. Мага эмне арык-торук чоң кичине кылып башын койсом болду да. Бирок андай акча кайда.
- Мен берейин...
Зарлыкты бир топко тиктеп калды да
- Койсоңчу, тамашаңды сенде кайдагы акча.
- Жүрү. Азыр сактык банкка барабыз. Ошол жерден алып берем. -Зарлык кийине баштады.
- Тамашалаган жоксуңбу?
- Эмнеге тамашалайм. Мына ишенбесең. Сактык китепчесин тигинин астына ыргытып койду.
Элүүбай китепчени ачып карап көрүп өңү бозоро түштү. А түгүл колдору Калчылдый түштү. Зарлыкты кичинеге жалдырай тиктеп туруп:
-Заке, өзүңө керек го, минтип анын үстүнө оорулу да болуп калыпсың.
- Мага калганы да жетет. Алдагы жерде 17 миң бар. Өлсөм эки миңи мени көмгөнгө жежет да. - Койсоңчу жаман сөздү, - деп ордунан туруп Зарлыктын артынан ээрчигенге аргасыз болду.
Ошондогу Зарлыктын жардамы менен Элүүбай растратадан эле кутулбастан мал жан курап колхоздогу байлардын катарына кошулуп кеткен.
Зарлык Вьетнамга кетип жаткандагы келишим боюнча бул жактан айлык чектелип орточо айлыгы толук сакталып турмак. Ага кошумча тигил жакта жүргөндүгү үчүн кошумча айлык, командировкалык акча, сыйлык болуп ошончо чогулган эле.
Жаны ооруп жүргөн неме акчага да маани берген эмес. Анда кайра досуна жардам бергенине кубанган.
Жайлоого келгенде Элүүбайга акмалап жүрүп жайыттан жолукту. Өз көргөн көзүнө ишенбеген Элүүбай кыйкырып жиберди. Экөө кучакташып калышты.
Жай отуруп Элүүбайга болгонун болгондой айтып берди. Сага зыяным тийбесин "Кылмышкерди жашырган" деп. Үйүңө барбай эле коеюн. Экөөбүздүн эски тааныш экенибизди да эч кимге айтпа. Жардамың ушул болсун менин малчыларга зыяным жок. Алар да менин тынчымды албасын. Ортобуздагы мамилебизди түзүп бер. Мен малчылардын чычкак улагына да тийбейм. Ушуну түшүндүр, - деп өтүндү.
Ары кетип - бери кетип жатып Элүүбай Зарлыктын үйүңө барбайм, таанышы эмесмин деген акылына көндү. Ошондо да " түн киргенде келип конок болуп кет" деп акидей асылып болбоду. Ошондон бери күн ара кымызын эт-ашын ташып келип турат. Жайлоодогу малчылардын эркектерин чогултуп келип Зарлык менен жолугуштуруп, бетме- бет сүйлөштүрүп бири-биринин ишине кийлигишпөөгө убадалаштырган да Элүүбай болду.
Алгач Зарлык келиптир деп сестенип боюн ала качкан малчылар аз эле күндө ага жакын болуп боор тартып кетишти.
Ал түгүл бир чабандын тушоо кесүү тоюна чакырышып, Зарлыктын өнөрлөрүн көрүштү. Ат үстүндө ойноп, чаап баратып бычак сайып, бута кылып ширеңкенин баштарын терип атып, азоо деген атка чалма ыргытып, байлап берип, түрлүү өнөр көрсөтүп бергенден кийин Зарлыктын баркы малчылардын арасында дүңгүрөдү. Малчылар үчүн мыкты чабандес , мерген, чалмачы шамдаган жигиттер илгертен ооздон түшкүс сөз болоор салты бар.
ХХХ
Жумалап жааган жамгыр басылып, кокту колоттордо уюлгуп чөгүп жаткан туман тарап, күн чайыттай ачылып кеткендин эртеси жайлоодогу малчылар конгон конуштун жанына жашыл түстөгү ала-була болуп боелген вертолет келип конду да, ичинен аскер формасындагы алты жоокер үч ити менен түштү. Аларга кошулуп төрт гражданча кийинген адам да келиптир. Экөөсү медик, бирөөсү райкомдон өкүл, бири колхоздун башкармасы экен.
Малчыларды чакырып бир сыйра чогулуш өткөрүштү. Сурагандары эле -Зарлык.
Зарлык акыркы жумада Элүүбай, Нарынбек үчөө акылдашып бир да малчынын көзүнө көрүнгөн эмес. Көк чаар атын Элүүбайдын жылкысына ошол калыбында кошсо билинип калат деп кара боек менен боеп туруп кошуп жиберген. Ошентип Жайлоодо Зарлык жөнүндөгү кеп да сээлдеп ал түгүл " жер которуп кетсе керек көрүнбөй калды" деген сөз жүрүп кеткен.
Себеби Зарлык эми милициялар келбешин билген. Ити менен жоокерлерди апкелип вертолет менен түшүрөт да жерде ит ээрчиткен жоокерлер үстүндө вертолет болот. Эр болсоң буйтап көр. Вертолет жакындап уча албай турган калың асканын арасына жашабасаң жаның аман калбайт. мындайда бийик аска зоону аралап жөө жашынган амалга өтүшү керек. Эгер атын тигилер көрүп калса атып ташташат. Анын үстүнө бул жолу сөзсүз чыныгы профессионал бир снайпер да ала келишет деп болжогон.
Ойлогондой болду. Алыстан дүрбү салып отуруп вертолеттон алты эле жоокер түшкөндө бир чети таңдана, бир чети " булар менин ким экенимди алиге биле элекпи" деп кыжырлана да түштү.
Баары атайын бөлүктө кызмат өтөгөн жоокерлер экенин да бир эле карап билди. Мылтыгын ала койду да мылтыктын дүрбүсүн чыгырп ичинен кимиси снайпер болду экен деп аяр карай баштады. Эң артында куралсыз түшкөн кичине бойлуу, сары тармал чачтуу жоокерге келгенде селт дей түшүп, кадала көпкө карап турду да даана тааныды" "Кобра" экөөбүздү тагдыр эми тоодон жолуктурдубу" деп күбүрөнүп да жиберди.
"Кобра" профессионал снайпер. Вьетнамда экөө чогуу кызмат өтөгөн. Мыкачылыгы жагынан "Кобрадан" ашкан адамды өмүрүндө жолуктура да элек. Адам ал үчүн чымын. "Кобранын" адаты дайыма эки көздүн ортосуна чекеге атат.. Окторунун баарына "К" деген тамга салып коет. Өзүнүнү "Кобра" деген аты үчүн сыймыктанат. Вьетнамда жүргөндө өзгөчө бөлүктүн жоокерлери менен таанышып калганда дайыма "Кобра" деп таанышканды жактырчу. Мылтыктын Зарлыктан ашып атпаса кем атпайт. Ал эми куулугун айтпа. Амал айла ойлоп табуудан астына киши салбайт. Айлакерлиги Вьетнамда жүргөндө нечен жолу жанын сактап калган.
Кемчилдиктери мактанганды жакшы көрөт. Кийинки жылдары атайын бөлүктүн жоокерлерин машыктыруучу болуп иштейт деп уккан. Анан акчаны сүйөт. Вьетнамда жүрүп да тымызын акчага иштей берчү. Жыйнаган акчасын аялга чачат. "Эгер боюм кодоо болбогондо дүйнөдөгү бүт сулуу меники болмок" деп күлчү. Ичип алганда Вьетнамдан өңү түзүрөөк кыз калтырган жокмун деп да мактанчу.
"Кобра" менен "Кара Илбирстин" жылдыздары каршы болуп бири-бирине тиштенип өчөшкөнү да Вьетнамда жүргөндө аялга байланышкан. "Тар жолдон жолугушсак бири-бирибизге таарынышпайлы. Тагдырыбызды ок чечсин" деп кол алышкан жагдайлары бар.
Мына эми "Кобраны" карап отуруп анын ылайыгы келгенде эзелки кегин алыш үчүн атайы суранып келгени сезди. Астыда айыгышкан кармаш турганын туюп боюн бир жыйрып алды да "Качкан да кудай дейт. Куугун да кудай дейт" "Кобра" кимибиздин маңдайыбызга эмне жазылганын бир кудай билет. "Тар жолдо тагдарды ок чечсин" деп убадалаштык эле . "Окко сыйыналы" деп күбүрөнүп жиберди.
"Зарлык көрүнбөй калды, башка жакка жер которуп кетсе керек" дегенди укканда райкомдон келген өкүл менен колхоздун башкармасы кубанган менен "Кобра" кабагын чытып, кичиненге унчукпай турду да:
- Жок биз аныгына көзүбүз жетмейин бул жерден кетпейбиз. Мен бир сыйра тоолорду аралап вертолет менен учуп келишим керек. Малчылардан бирөө кошулса жакшы болот эле коктуларды көрсөткөнгө. Ким бара алат? - деп малчылар жака кайрылды:
- Мен барайын, - деди топозчу Нарынбек. Нарынбекти кичинеге тиктеп турду да:
- Жок, сен эмес. Сен барасың. Орусча түшүнөсүңбү? - деди сөөмөйү менен жаңсай көрсөтүп, аскерге кызмат өтөп ушул жазда жаңы эле келген чырымтал мурут Токтор аттуу, чабандын баласына.
- Түшүнөм, - деди Токтор аз-маз тарткынчыктай.
- Барат. Барат. Аскерден жаңы келген жигит. Орусча түшүнөт. Өзү да азаматтардан, - деп коштоп кетти колхоздун башкармасы.
- Кеттик, - деди да Кобра вертолетту көздөй басты.
- Түштөнүп алып учпайсыңарбы - деди башкарма.
- Биз учуп баратып түштөнө беребиз. Силер болсо түштөнгөндөн кийин ылайыктуу жер таап, чатыр тиккиле - деп жоокерлердин арасындагы лейтенантка кайрылды.
- Сиздер болсо жоокерлерге беш мыкты ат дайындатып бериңиз - деди башкармага. Башкарма:
- Жарайт. Аттар табылат. Кам жебеңиз Константин Сергеевич! - деди эпилдей.
Вертолет абага көтөрүлөрү менен Кобра Токторду жанына жакын отургузуп кулагына;
- Качкындын жер которуп кеткенине ишенесиңби? - деди.
- Билбейм... Малчылар атын көрбөй калдык. Кейпи жер которуп кеткен го деп бир жумадан бери кеп кылып жатышат, - деди Токтор.
- Атынын түсү кандай эле.
- Көк чаар болчу.
Кобура учкучтарга барып бир нерсе айтып, кайра келди да Токторго
- Эгер чыныңды айтып Зарлыктын кайсыл жерде жүргөнүн көрсөтсөң, мына мобул бычакты сага тартуу кылам. Көрдүңбү, - деди да жанынан алып чыгып кичинекей кнопкасын басып койсо "шарак" деп ачылып кетчү узундугу кере карыш келген келишкен бычакты көрсөттү.
Токтордун көздөрү бычакты көргөндө жайнай түштү. Кнопкасын басса ачылган бычактар болот деп укчу, бирок көргөн эмес.
- Чын айтам, Зарлыктын кайда жүргөнүн билбейм. Билсем айтат болчумун, - деди бычактан көзүн албай.
- Ме, кармап көр. Абайла колуңду кесип алба, - деп Кобра бычакты Токторго сунду. Токтор бычакты алып кнопкасын басып "шарак" дедире ачып, кайра жаап көрүп, мизин кармалап лезвадай курчтугуна таң калып чындап кызыгып жатты.
Кобра Токторду астыртан теше тиктей " Бул азияттарга ишенип болбойт. Тили бирди сүйлөсө оюнда башка турта" деп ойлоп койду да дүрбүсүн алып түзөңдө жайылып жүргөн жылкыларды карай баштады.
- Тигил жылкылардын арасында Зарлыктын аты көрүнбөйбү. Карачы, -деп дүрбүнү Токторго сунду.
Токтор дүрбүнү алып бир сыйра карап чыкты да:
- Жок көрүнбөйт, - деп баш чайкады.
- Бул жайлоодо жайлаган малчылардын кимисинде кандай жылкы бар, айрып билесиңби?
- Жок! Колхоздун жылкычысында эле эркек ургачысы болуп үч жүзгө жакын жылкы бар. Ар бир чабан, топозчуда үч-төрттөн ат. Байлап ичкен беш-алтыдан кем эмес бээ болот. Баарын айра билүүгө колхоздун жылкычысы Элүүбай байке эле жарабаса башка эч ким жарабайт - деди жылмайа.
Кобра кичине ойлонуп отурду да:
- Жылкыларда башка Зарлыктыкындай көк чаар ат барбы?
- Жок! Зарлыктыкындай келишкен көк чаар ат жайлоодо бир да кишиде жок! Токтор ишенимдүү айтты.
Вертолет улам бир коктудагы жылкылар жүргөн жайыттарды кыдырып учуп, үйүр-үйүр жайылган жылкыларды көргөндө жакындап үстүнөн айланып өтүп жатты.
Кобра өзү да жылкылардын арасынан, Көк чаар атты аябай издеди.
Токтордон да улам сурап коет.
- Эгер, мурда сен көрбөгөн чоочун ат көрсөң да айт, - деп эскертти.
Токтор Элүүбай баккан аттары жайылган жайыттагы жылкыларды карап атып арасында жүргөн чылгый кара келишкен атты көрдү да, мурда мындай атты көрбөгөнүн эстеди.
"Тээтиги кара атты мурда көрбөптүрмүн" деп айтып жибере сактап барып, кайра ичинен "Элүүбай байкеден сурайынчы. Жакында жакага түшүп барып келдим деп жатты эле балким ошондо жакадан ала келгендир" деп ойлоп унчукпай калды.
Вертолет күн батып айлана күүгүмдөгөнгө чейин бирде кокту-колотту аралап, бирде бийиктеп кырлар менен учуп, бирде өтө бийикке чокулардын деңгээлине көтөрүлүп учуп жүрдү.
Кобра колундагы картаны жайып алып улам бир жерин кызыл менен чийип белгилеп, бир нерселерди блокнотуна жазат.
Айланага күүгүм киргенде келип эртең мененки конгон жерине кайра конуп, Токторду таштап өзү болсо жоокерлердин командири лейтенант менен сүйлөштү да, кайра учуп кетти.
- "Вертолет кайда учуп кетти?" - деген райкомдун өкүлүнүн суроосуна лейтенант "Ал мага кайда барарын айткан жок. Болгону менин эмне кылышым керектигин гана айтты" - дегенде
- Биз эмне кылышыбыз керек? - десе ийнин кушуруп коюп, жоокерлер секиге өзүнчө тиккен чатырды көздөй басып кетти.
Кобра болсо лейтенентка жакыныраак жердеги аскердик бөлүктүн бирине барып конуп келерин, антпесе түн ичинде вертолет менен жайлоодо калуу коркунучтуу болорун. Эгер Качкын жакын арада болсо түн ичинде келип вертолетту оп-оңой гана иштен чыгарып, жардырып таштарын айтып, "муну эч кимге айтпа" деп эскерткен. Өздөрүнө болсо кароол коюп түнү сак болуусун айткан.
ХХХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Эл орунга отурганда (1) чабандын үйүнө Элүүбай менен Нарынбек келди да, Токторду кепке тартып, "Вертолет менне кайда учтуңар? Тигил кодоо сары орус эмнени карап жүрдү?" деп сурап киришти. Токтор болгонун болгондой айтып берди. Эгер Зарлык жашынган жерди көрсөтсө бычак берем деп убада кылганынан бери айтты да, " бычагы чынында сонун экен бирок Зарлыкты бары бир билген күнүмдө да сатмак эмесмин. Бир бычак менен мени алдайм деп ойлойт жүнбаш" деп кыжынып койду.
- Элүүбай байке сиздин аттардын арасында келишкен бир чоочун кара ат жүрөт. Өзүңүз коштуңуз беле? Элүүбайды астыртан тиктеп калды.
- Өзүм кошпогондо ким кошмок эле. Өгүнү жакадан алып келгем. Бир туугандардыкы. Жайын жесин деп берип жиберишти. Эмне болду? -деп эч бейкапар жооп бере кайра Токторго карады.
- Мен мурда көрбөгөнүмдөн сурадым да.
- Тигил вертолоттогу оруска айттыңбы, чоочун ат экен деп?
- Жо-ок, антип айтып эмне кылайын.
- Туура кылыпсың, Токтор, ашык сөздүн эмне кереги бар - деп Нарынбек да кепке кошула кетти.
Зарлыктын азыр бизге зыяны жок. Эгер биздин аскерлерге жардам бергенибиз билинип калса зыяны да тийип калышы мүмкүн. Булар эртең кете беришет. Биз калабыз. Зарлыкты кармап кетишеби же жокпу али белгисиз. Андан көрө өзүбүздүн жандын тынчын ойлойлу, - деди Элүүбай.
- Ооба, Элүүбай байкем туура айтат. Биз өзүбүзгө сак бололу. Эртең жанагы беш жоокерге ар бириңер бирден ат алып келгиле, -деди. _ Ат бербей да кое албайбыз. Менин оюмча кашаң, үркүнчөөк, колдон чыкса качкан аттардан берели. "Болгону ушул" деп коебуз да деди Нарынбек
- Өздөрү деле жыргатып ат мине албайт болушу керек. Баары орустар экен - деди Токтор.
- Орустун да атка мингени болот. Эртең көрөбүз да, - деп койду Элүүбай.
Үчөө түн ортосу оогуча сүйлөшүп отуруп тарашты. Токтордун атасы сөзгө кошулбады, эшке төшөк салып жатып алды.
ХХХ
Кечке вертолеттун учканын аңдып жаткан Зарлык Кобра эмнени пландап жатканын болжоп билип турду. Түн ортосу оой Элүүбай келип, Кобранын Токтор менен болгон сөзүн төкпөй-чачпай айтып берди.
- Балким, чын эле жер которуп кетсеңчи, Заке, Кош-Белди жөө ашсаң "Бороонду - Төргө" түшөсүң. Андан ары токойлуу жайлоолор толтура. Мен атыңды бул жагы менен жетелеп, Кең- Төргө жеткизем- деди.
Зарлык унчукпай отурду да:
- Мен да ушундай ойго келдим эле, бирок азыр ал оюмдан айнып турам, жанагы вертолет менен учуп жүргөн кодоо орус экөөбүз эски таанышпыз. "Беттешкен жерден качышпайлы" дегенибиз. Анын аты -Кобра. Кобра экөөбүз эсептешип алалы андан кийн акылыңды ойлонуп көрөйүн" - деди түнөрө.
Зарлыктын көнбөсүн түшүнгөн Элүүбай жарык кирелекте үйгө жетейин деп кайра кетти.
ХХХ
Кобра эртеси эрте учуп келди. "Аскерлерге болсо аттарыңарды даярдап, тоодо жүрүүгө жарайбы, жарабайбы. Үркүнчөөк, качанак, кашаң эмеспи текшергиле. Жамандарын алмаштыргыла. Тоо кыдырууну эртең баштайбыз. Мен бүгүн да өзүмчө учушум керек!" деген буйрук берди да дагы Токторду чакырып, өзүнө кошуп алып кайра учту.
Бул жолу вертолет бийиктеп көтөрүлдү.
- Токтор, бул жайлоого тигил капчыгай аркылуу келген жолдон башка да кандай жолдор менен атчан байланышса болот? - Көз ымдап жанына чакырып алып, суроо узатты.
Тигил капчыгайдан башка коңшулаш Бороонду - Төргө чыга турган Кош- Бел аттуу ашуу бар. Ашуу өтө бийик. Жолу татаал. Жайдын толуп турган ушундай мезгилинде мергенчилер ары бери ашат. Кийнки жылдарда топоз уурдаган уурулар да топоз айдап өтөт экен деп угуп жүрөм! Токтор кыйкыра айтып берди.
- Ал кана? Кайсыл тарапта?..
- Тээтиги, ак мөңгүлү чокунун астындагы кабатынан кайчылаша жаткан Кайкы бел.
Кобра учкучтар отурган жака кетти. Вертолет түз Кош-Белди көздөй бурулуп учуп жөнөдү. Кош-Белдин үстүнөн улам төмөндөп үч-төрт айланып учту да, туура ашуунун белиндеги бир короо кой батчудай болгон түзөңгө конду.
Кобра Токторду чакырып эшке чыкты да мелтиреп апаппак болуп тунуп жаткан мөңгүнүн кырынан көздөрү уяла чөнтөгүнөн кара көз айнегин алып чыгып, тагынып жанына басып келген Токтордон:
- Кана каяктан чыгып келип, кайсы жер менен ашып өтөрүн көрсөтчү? - деди. Токтор жерди мыкты билгенине эрдемсип бериле айтып кирди. Тээтиги кара борчуктун асыт менен чыгып келет да, туура биз турган жерден өтөт. Башка жол жок.
Кобра өзү да айлананы бир сыйра көз жүгүртө карап чыгып, башка жол жогуна көзү жетти. Анан мөнгүнүн үстү менен из карап, ары төмөндөп Токтор айткан кара борчук жака түшө баштады.
- Токтор, жакын арада атчан эч ким ашуну ашпаптырбы сен да карачы? - деп кыйкырды. Ордунда туруп калган Токторго.
Экөөлөп бир саатка чукул из карашкан менен ары-бери чубап өткөн кийиктин изинен бөлөк кишинин да, аттын да, топоздун да изин жолуктура алышпады.
- Бороонду - Төр али ээн. Малчылар келе элек. Ошондуктан эч ким ашууну ашып биз жакка түшө элек тура - деди Токтор.
Кичине басканга абанын суюктугунан энтиге түшкөн Кобра "кеттик" деп кайра вертолетко отурду.
Кобра кайрадан учкучтар отурган жакка кетти. Вертолет Боронду Төрдүн үстү менен учуп өтүп, бир айланып, ылдыйкы жайлоодогу малчылар отурган жакка бет алды. Дүрбүүдөн көзүн албаган Кобра Бороонду - Төрдүн ичинен мал көрө албады. Аскалардан удургуп үрккөн аркар менен кийиктер гана жүрөт.
Вертолет жайылган жылкылардын үстүнө жакын учуп жатты. Арасынан көк чаар ат көрүнбөйт. Беш алты үй жанаша конгон түзөңгө келип вертолет клонгондо үйлөрүнөн чыккан малчылар чогула беттеп басышты. Арыта мал жайып жүргөн атчандары да чапкылай жетип келишти. Элди беттей баскан Кобра:
- Араңарда орусач түшүнгөнүңөр барбы ? - дегенде:
- Айта бер. Мыктап түшүнбөсөк да эптеп түшүнөбүз - дешти эки-үч эркек бири-бирин коштой.
- "Зарлык" деген качкын жөнүндө уктуңар беле?
- Укканбыз.
- Уксаңар, Зарлык силердин жайлоолорго келдиби? Билгениңер барбы? Балким укканыңар бардыр? - Жок. Ал биздин жайлоолорго келе элек. Тигил, Ак-Суу, Муз-Төр жакта деп угабыз. Бул жака оосо эмгиче ушунча малчынын бири-борлбосо бири көрүп же жолугуп дайнын билет элек. Орто жашап калган малчы дээрлик орусча, ирээтүү сүйлөп жооп берди.
- Жылкыдан, минген аттан жоголгондору боло элекпи?
- Жок. Андай мал жоготкондор жөнүндө да уга элекпиз...
- Болуптур анда биз ушуну эле билели дегенбиз, - деп Кобра кайра бурулуп вертолет жакка басканда жанагы малчы:
- Ой, токтой тургула! Кымыз ичкиле, - деди эле Кобра.
- Бизге болбойт. Шашылышбыз! - деди да, шыпылдай басып келип вертолетко секирип түштү.
Ветолет ордунан көтөрүлүп кайра Кош-Бел аркылуу ашып өттү. Бул күнү да кечке коктуларды кыдырып учуп жүрдү.
Кобра эки күн бою бекер учкан жок. Зарлык жашынып жатышы мүмкүн деген калың токойлуу, аска зоолуу жерлерди картадан белгиледи.
Төмөнтөн ит ээрчиткен аскерлер келгенде кайсыл жерде жашынып жатканы белгилүү болгондо, үстүдөн вертолет менен кантип кол салуу керек пландады. Учкучтарды кайсыл жерден кантип учуп чыгыш керегин көрсөттү. Болбосо кызуулук менен качкынга жакын барып, өздөрү аскага урунуулары толук мүмкүн. Мындай опурталдуу окуялар көп болгон.
Эки күндөн бери эки учкучтуу да сынап көрдү. Экөө тең өз ишинин чыныгы чеберлери экен. Мурда нечен тоо аралап учушкандары да көрүнүп турат. Качкын каякка качат. Муну да пландады. Ал менин келгенимди сөзсүз көрдү деп сезип турду.
Өткөндө биринчи учуп келген күнү "Мен келдим көрүп ал" деп атайлап артында өзүнчө бөлүнүп түшүп, айлананы бурулуп жүзүн көрсөтө караган. Эгер Кара Илбирс эле болсо анда дүрбү менен мыкты көрүнгүдөй жерде бизди аңдып жатат деп ойлоп койгон.
Бүгүн Бороонду Төрдүн астындагы малчыларга барып сүйлөшкөндөн кийин Кара Илбирс эч жака кетпей эле ушул жердин бир коңулунда жатыпсың. Эч нерсе эмес. Кайда жашынсаң да кежигеңден сууруп чыгам деп кыжынып койду.
Экөөнүн Вьетнамдагы биринин колун бири силке ок тиштеп туруп "Тар жолдон жолугусак тарынышпайлы. Ок чечсин" деген убадаларын эстей уртунан жылмая "Вьетнамдан жарадар болуп калып, аман кутулуп кеттиң эле. Эми колумдасың. Эч жака качырбайм сени " деп ойлоду. Жашынып качып жүрүүгө жердин эң мыктысын тандаган экен. Демек бул жерди мурда эле билген. Экинчиден сөзсүз малчылардын арасында өзүнүн кишиси бар. Күн ара тамак жеткизип турат болуш керек. Аты жылкылардын арасында эле жайылып жүрөт болуш керек. Түсүн өзгөртүп боеп коюш кантип Кара Илбирстин оюна келбесин.
Малчылардын Кра Илбирсти жактап жан тартып турганына караганда аны күнөөсүз жерден кор болуп качып жүргөн киши кылып көрсөтүп, асытртан үгүт жүргүзгөн бирөө болгон. Болбосо малчылар кылмышкер атыккан кишини сиңиришмек эмес. Негизи өзү жергиликтүү эл менен бат тил табышат. Вьетнамда жүргөндө да жергиликтүүлөр менен жакшы болчу. Оор жарадар болгон жеринен жондоруна көтөрүп, өздөрүнүн өлгөнүнө карабай кайнаган кызыл кыргындан сууруп чыгып, борборго учуруп жиберген да жергиликтүүлөр болгонун уккан. Жер тепкилеп тиштенип калган. Ошондон да жүрөгү сезген эле эртедир-кечтир баары бир экөө кайра жолугарын. Мына кайрадан кездешишти.
Мурдагы өзгөчө бөлүктүн жоокери, Вьетнам согушунун катышуучусу снайперчи качыптыр. Милицияларды кырып кое сактаптыр. Чыныгы машыккан снайперчи барбаса болбой турган дегенди укканда Вьетнамдагы согуштун катышуучуларынын баарынын кличкасы боло турган кимиси болду экен дегенде, "Кара Илбирс" - дейт дешкенде токтоосуз " Мен өзүм барам. Аны жок кылсам мен гана жок кыла алам болбосо ал көп чыгымга учуратып коюшу ыктымал деп өз эрки менен жулунуп чыкты. Жаш жигиттерден деле мыктылар толо. Балким ошолордон жиберээрбиз деген полктун командиринин сөзүнө макул болбой "Кара Илбирс керек болсо тоо арасында ротаңды жалгыз өзү талкалап коюшу мүмкүн. Ага көп жоокер жиберип чыгымга барбай бир гана кишини мени жибериш керек" деп атып көндүрдү.
ХХХ
Кечке тоо кыдырган вертолет кечинде Токторду таштап дагы белгисиз жакка учуп кетти. Жоокерлердин командири лейтенантка эртең саат алтыга даяр болгула Качкынды издөөгө чыгабыз деп гана койду.
ХХХ
Түн ичинде кабар айтып келген Нарынбекке Зарлык экинчи тигилер ары же бери болгуча эч кимиңер мага келбегиле деп кайра жөнөттү. Эки күн учкан вертолет жөн учпаганын, мерчемдүү жерлерди белгилеп, тактап карта чийип жүргөнүн билип турду.
Кобра оңой жоо эмес. Чабуулду эки негизде жасаган турат. Жерде аскерлер тинтип издеп жүрүшөт. Эгер Зарлык ок чыгарса кайсыл жерде жатканын билгизип коет. Анда Кобрага кудай берди дей бер үстүдөн вертолет менен айланып учуп кылт эттирбей атат. Эгер аскерлер ээрчиткен иттер болбогондо үңкүрдүн оозун жымыйта бекитип ичинде жата берсе өмүрү табышмак эмес. Иттен антип жашына албайсың. Астыдагы боло турган кармашка Зарлык да өз алдынча даярдана баштады.
ХХХ
Эртеси күн чыга электе учуп келген Кобра өзү менен дагы эки ит ала келиптир. Ошентип ар бир жоокер бирден ит жетелеп качкынды издөөгө чыгышты. Атчан аскерлер мерчемдүү делип, Кобранын картасында чийилген жерлерге келгенде аттарынан түшүп коктунун эки бетине үч-үчтөн болуп бөлүнүп жайылып чыгышып, аралыктары 100- 120 метрчеликте тинтүүнү башташты. Кобра бул жерде да табышкерлигин көрсөттү. Чыныгы профессионалга айла жок да. Зарлык бирине ок чыгарып экинчисин аткыча калганы жашынууга үлгүрүшмөк. Бир гана жаңылыштыгы тоонун сырын мыкты түшүнө албагандыгы болуп турду. Тигилердин ар биринин кыймылынан бери дүрбү менен кырда карап жаткан Зарлык бүгүн чычкандын ийнинен, коендун жатыгынан бери тинттик деген коктуга эртең ооп келип тигилер кечөө эле өзү жаткан жерди кантип тинтип жүргөнүн карап жатат берерин түшүнбөдү. Учу-кыйры жок түздүктөгү токойдо квадратка бөлүп алып, тинткендей кокту-коктуну карап чыккысы бар. Андай токойдо үзүм асмандан башка эч нерсе көрүнбөйт. Душман кайсыл тарабыңдан келерин билбейсиң. Этеги ит мурун чырканак өңдүү майда бадалдан башталып улам жогорулаган сайын карагай, арчага айланган чоң коктуну кечке тинтишкен аскерлер кечинде буттарын тарталбай, колдорун көтөрө албай калышты. Тоонун өйдө ылдыйы аз келгенсип жетелеген иттери коен, суур, кекилик, кыргоол учса деле жулуна беришип ого бетер жандарын жеди.
Үчүнчү күнү буттары жооруп, ырп этүүгө дармандары калбай калды. Ал түгүл иттерди да биринчи күндөгүдөй жетелебей кое берип жиберчү болушту. Алар коен кууп, суур кууп өз билгендерин кылып, чуркап жүрүп суй жыгылышып, семиз немелер аскерлерден бетер баспай калышчу болду. Зарлык болсо түн ичинде тигилер кечөө тинткен бетке өтүп алат да дүрбү салып жатат берет. Жаткан жери менен изине майда тамеки менен чабандар кой курттаганда чымын конбосун деп сээп жүргөн" биттин дарысы" деп койчу кадимки гексохлоран дарысын аралаштырып сээп кетет.
Бул дары чаңдай майда болуп, чачылганы билинбегени менен ит бир-эки метрдей жыттай электе мурдуна кирип, кеңил жерин ачыштырып жибергендиктен иттер жакын жа жолошпойт. Ошондуктан бир да ит Зарлыктын изин кууп жулунбады. Тескрисинче ал жаткан жерден алыс айланып өтүп жүрүштү.
Кобра үч күндөн берки эмгегинен жыйынтык чыкпай Кара Илбирстин өзү түгүл изин да таппаганга кыжырланып сөгүнө баштады. Этеги жайык, баш жагы кууш коктуну кыдырган аскерлер коктунун башына жеткенде куураган арчынын бутагына байланып турган кызыл чүпүрөктү көрүп, астыда барткан ит арсылдап үрүп жиберди.
Энтиге жетип келген аскер чүпүрөктү ачып, ичиндеги катты алды.
Кат Кобрага жазылган экен. "Кобра! Экөөбүз беттешчү жер тоо арасы экен. Сен куулук кылып койгон капканга түшө койчу мен эмес. Мени тоодон айлап издесең да таппайсың. Тумшугуңдун астында жатсам да көрбөйсүң. Сенин көзүңдү нечен жолу ое атууга мүмкүндүк болду, бирок атпадым. Сени менен эски убада боюнча эркекче кармашайын деп дагы да болсо убаданы бузбадым. Аскерлерди бекер эзип убара кыла бербей кое бер да, өзүң жеке кел. Кааласаң жөө, кааласаң вертолетуң менен кел. Чыныгы эркектерче беттешели. Сен катты окугандан кийин менин талабымды аткарбасаң, мен кол салм да, бүт аскерлериңди иттерине кошуп кырып салам. Өлүгүн жүктөп кетесиң. Ал түгүл кайсыл жерде болорумду да айтып коеюн. Эртең сен баягы биринчи күнү тинттирген карагттуу коктунун башында болом. Сөз ушул. Кара Илбирс!" деп кол коюлуптур.
Кат орусча жазлыптыр. Окуп чыккандан кийин жаш лейтананттын өңү бозоро түштү. Жанынан ракета алып чыгып, вертолетко белги берип ракета атты. Кырда айланып учуп жүргөн вертолет ракета атылары менен чукул бурулуп бат эле шуулдап учуп келди да лейтенантка рация менен "эмне болду" - деди. Кат жөнүндө укканда шаты түшүрүп "бери чык" - деди. Катты окуп чыгып, үнсүз кичинеге ойлонуп отурду да. " Бүгүнкү издөө бүттү. Артка кайткыла. Калганын эртең сүйлөшөбүз. Эртең менеки саат жетиге даяр болгула" деп тапшырма берип, лейтенантты кайра шаты менен түшүрүп, өзү Кара Илбирс эртең беттешебиз деген коктуну үч-төрт айланып учту да түнөгүнө кетти.
"Кобра" , "Кара-илбирс" айткан коктунун үстүнөн жөн учпады мерчемдүү жерлерин сүрөткө түшүрдү. Аска -зоорлорго вертолет менен чукул учууга мүмкүн болбогон өтө татаал жер экен. Кара-Илбирс күтөт деп болжогон жерлерге жакын дегенде 800-900 метрче алыс учуп барууга мүмкүндүк бар. Мындай аралыктан Кара-Илбирстин кайсыл жерде жатканын көрүш да кыйын. Таамай атуу андан да татаал. Эң оору вертолетто учуп баратып шамаалдын багытын билүү да кыйын. Алыстан шамаалдын багытын билбей туруп таамай атам деш келжиректик. Мына ушулардын баарын ойлогон сайын "Кобранын" кыжыры кайнап, тынчы кете баштады.
Эртеси эрте учуп келди.Жоокерлер жайгашкан жерге жакын конуп, өзү түшүп палатага барды да баарын чогултуп алып, жаңы планы менен тааныштырып кирди.
- Бардыгыңар көңүлүңөргө түйүп уккула - деди да колго тартылган картаны жайып, тигил жоокерлер даана көргүдөй жерге илди. Кара-Илбирс эртең мени ушул аймактан күтөт. Тайакчасы менен көрсөттү. Өтө татаал жерди тандаптыр. Вертолет жакын уча албайт. Жакын учса бурула албай аскага урунуп таш - талканы чыгышы толук мүмкүн. Ал жашынып алып, ок атууга ыңгайлуу үңкүрлөр, таштын коңулдары толо. Тоонун сырын мыкты билгендик кылып мени оңой торго түшүргүсү бар. Иш мындай. Азыр силер палаткаларыңарды жыйнайсыңар. Чабандардын аттарын өздөрүнө бергиле. Биз кетип жатабыз дегиле. Константин Сергеевич өзү издейт экен Качкынды деп койгула. Райкомдун өкүлү менен башкарма да жыйналсын. Курортко келгенсип жакшы эле жыргашты. Тиги көрүнүп турган белди ашкандан кийин токой бар. Мен силерди ошол токойдун арасына түшүрөм. Өзүңөр менен үч ит алып каласыңар. Кечке токойда жашынып жатып, караңгы киргенде жолго чыгасыңар да түнү менен жүрүп отруп, Кара-илбирс жашынган аймакка келесиңер. Эки группага бөлүнөсүңөр. Бир ит менен эки сержант аскалардын этегиндеги бадалга жашынышат. Лейтенант эки жоокер менен эки итти алып тик беттеги майда арчанын арасында жашынасыңар.
Мен вертолет менен учуп келип, мерчемдүү жерлерди айланып жакын учам да анын ок чыгарышын күтөм. Кара-илбирс кандай ок чыгарса так ошол замат кайсыл жерде жатканын билгиле да жерден кол салгыла. Окту аябай мөндүрдөй төгүп, иттерди агыткыла. Түн ичинде барып жашынганда сак болгула иттер үрбөсүн. Ашык добуш чыгарбагыла. Тамеки чекпегиле. Кыскасы силердин келип жашынганыңарды Кара-Илбирс билбеши керек. Эгер аяр иштебей жашынган жериңер билинип калса өз убалыңар өзүңүргө. Кара-Илбирс таранчы аткандай терип атып салат. Тигилерге эки карта берди. Ар бир ой- чуңкурдан бери тартылган так карта экен. Жоокерлер тиешелүү тапшырмаларын алгандан кийин, шашылыш чатырларын жыйнап киришти. Кетише турганын уканда райкомдон келген өкүл менен башкама да кубанып кетишти.
Бир саатка жетпей жыйналган отряд вертолетко толук отуруп учуп кетишти. Дүрбү менен алардын ар бир кыймылын карап отурган Кара-Илбирс "чын эле Кобра жеке беттешүүгө чыгайын дедиби. Балким дагы бир тузагын коюп жатпасын. Жыландай митаам "Кобранын" кылыгына толук ишене албай турду. Вертолет кырдан ашкыча карап отурду. Бул жолу вертолет өрөөндүн үстү менен айланып тиешелүү бийиктикти алып, анан түз учпастан жапыз учуп белден ары түшүп көрүнбөй калды.
Бир топ күндөн бери жүрүп тоолорду өздөштүрүп калгандыктан ушинтип учуп кеткендир деп ойлоп койду Кара Илбирс.
Караңгы киргенде Нарынбек менен Элүүбай келип жоокерлер кетти. "Кобра жалгыз өзүм бетешем" деген кабар айтышты.
Астыдагы боло турган беттешүүгө Кара Илбирс да даярдана баштады. Эртеси күн чоң шашке болгондо вертолет Кара Илбирс беттешүүгө чакырган коктуга күтүүсүз пайда болду. Кайкы белден жапыз учуп чыга келди да түптүз Кара Илбирс кайда жатканын билип тургансып калың бийик зоокаларды көздөй учту. Оозу кенен түбү кууш болуп кеткен үңкүрдөгү жанаша жаткан эки чоң таштын кычыгында жашынган Кара Илбирс Кобранын чыныгы профессионал экенине дагы бир ирээт баш ийди. Вертолет кайра бурулууга мүмкүнчүлүгү келгендей жерге чейин жакын учуп кирип келип жандай жөнөдү. Аскер вертолетунун каптал эшиги ачык экен. Снайпердин дүрбүсү менен карап отурган Кара Илбирс өз көргөн көзүнө ишенбеди. Эшиктин тушунда Кобра колундагы снайперин кармап бейкапр отурат. Бул эмне деген жоруга. Мени шылдыңдаганыбы. Кыжыры келе түшкөн Кара Илбирс тап-так илинген Кобранын сары ттармал чачтуу башын быркырата атыш үчүн машааны тартып ала турган болуп барып, кайра эмнегедир токтоп калды.
Кобра эч убакта минтип ап-ачык отурмак эмес. Мында бир сыр жатат. Кичинеге ойлоно түштү. Вертолет учуп өтүп кетти. Уурдана өтө аярлык менен тегеректии, жакынкы беттеги калың арчалардын арасын шектүү деген жерлерди дүрбүсү менен карай баштады. Жүрөгү опкоолжуп негедир бир нерседен шекшип турду. Мындай туюу сезими Вьетнамда жүргөндө далай ажалдан аман алып калган.
Өзү жаткан жерден беш жүз метрче жердеги бадалдын арасынан чыгып турган авчарка иттин эки кулагын көргөндө селт эте түштү. Көз албай снайпердин дүрбүсүнөн тиктеп калды, кичиненден кийин айланага дүрбү салган бир жоокердин, анын жанынан эле экинчи жоокердин башы көрүндү.
- Эх,Кобра, Кобра. Мен сага ишенген жок элем. Көрсө ушундай капкан койгон экенсиң да. Экөө бул жерде экен демек үчөө дагы бир жерде. Сөзсүз тигил маңдайкы беттеги калың арчанын арасында болуш керек деп күбүрөнө сүйлөнүп, калың арчаны тиктеп карай баштады. Көп кыйналбай эле башына чөп ороп алып, айланага дүрбү салып отурган лейтенантты таап алды. Жанында эки жоокери арыта иттин жамбашы чыгып турат.
Баарын тапкандан кийин жеңилдей түштү. Эгер жана Кобрага ок чыгарганда иттердин таландысында калмак экен. Жоокерлер баш көтөртпөй автоматтан ок жаадырмак. Баары атайын бөлүктүн жоокерлери сөзсүз мылтыкты мыкты атышат. Өзгөчө жакын жердеги эки жоокер үңкүрдөн чыгарбай камамак. Демек Кобра ок чыгарышымды күткөн экен.
Бир гана нерсени эмне үчүн ачык даана көрүнүп отуруп алганына таңданып отурду. Ордунан артка жылып, чоң-чоң коргул таштардын асты менен жөрмөлөп отуруп, атайы астына ала аркан салаңдатып койгон аскага жетти да, эки асканын кычыгы менен аркан аркылуу өйдө ылдам көтөрүлдү. Бул кычык тигил бадалдын арасындагыларга да, арчалуу беттегилерге да көрүнмөк эмес. Эгер вертолет жакын жерде болгондо оп оңой көрмөк бирок Кобра тээ төмөндө учуп жүргөн. Асканын башына чыгары менен арканды тартып алды да кичине үңкүрдүн ичине кирип, асканын таштарынан жылдырып өңүт жасай баштады. Бул жерге иттер түз чуркап чыгып келе алышпайт. Алар асканы айланып ичке оорчуктун үстү менен өтүп келишет. Боручуктун үстүнөн тоодогу аска зоого көнбөгөн иттер жай өтөт. Кара Илбирс бир бирден терип салат.
Жоокерлердин жетиши да кыйын. Коркунучтуусу эгер вертолеттон Кобра минамет менен атса асканын таштары жарылып басып калышы толук мүмкүн. Атышуу көпкө созулса он метрче жерге сойлоп өтүп, кычык аркылуу асканын ары бетине өтсө ал жакта үңкүр бар, анын түбү туура арчалуу беттен барып чыгат. Болгону үңкүрдүн оозу тигил эки жоокер жаткан бадалды түз карап турат. Эки жоокерди жок кылмайын ага жетиш кыйын.
Шашылыш ичинен баарын паландап жатты. Аңгыча вертолет кайра жакындап учуп келатты. Бул жолу кичине төмөнүрөөктөн учушту. Кобра жанагыдай отурбай башын дүрбү карагандай гана чыгарып алыптыр.
Снайпердин каролуна даана илингенде дагы учуп өтүп кетпесин деп шашкан Кара Илбирс машааны тартып калды. "Тарс" дейри менен снайпердин дүрбүсүнөн көз албаган Кара Илбирс өз чекесин өзү шак койду.
-Акмакмын, ушуга мээм жетпедиби, - деп сүйлөнүп жиберди.
Кобра вертолеттогу өзү отурган орунтуктун тушуна чоң күзгү коюп каршысындагы эшикти ачып койгон эле. Кара Илбирс кайта- кайта көрүп жаткан Кобранын күзгүдөн чагылган түсү болчу.
Мылтык "тарс" дери менен күзгү күбүлүп сынып түштү. Муну Кара Илбирс даана көрдү да алданганына ошол замат түшүндү.
Мылтык кайсыл джерден атылганын, арчалардын арасында отурган лейтенант көрүп калды да ошол замат "ок кайсыл жерден атылды болжоп калдым. Мен автомат менен аткан аймакты карагыла. Өзүн көргөн жокмун" деп рация менен вертолетко да, бадалдын арасындагы жокерлерге да шашылыш билдирип ок чыккан зооканы көздөй алыстан болсо да жанында эки жоокери үчөө тең окту төгүп кое берди.
Мылтык үнүнөн аскалар жаңырып алай-дүлөй боло түштү. Вертелот кайра айланып келгичектиги убакытты пайдаланып калыш үчүн Кара Илбирс боортоктой сойлоп бадалдагы жоокерлер күрүнгүдөй жерге чыкты. Арчалуу беттен ок жадыргандар жакты чоң аска таш тозгондуктан коркунч жок болчу.
Бадалдагы эки жоокер тең жаштык кылып баштарын ачык чыгарып алып, дүрбү менен Кара Илбирсти издеп жатышкан экен.
Он секундага жетпей экөө тең жер кучактады, ал түгүл бири экинчисине ок жаңылганын билүүгө үлгүрбөдү.
Аска таштар жыңырган мылтык үнүнөн Кара Илбирстин атканы да билинбеди. Экөөнү тынчытары менен Кара Илбирс өмгөктөй жүгүрө үңкүр жака өттү. Арсылдап үргөн иттер бул учурда Кара Илбирс кайда жатканын жытынан билишип зооканы айлана чуркап борчук аркылуу чыга башташкан. Өңкүргө жетери менен жаңы башы көрүнгөн иттин башын жара атты. Аскадан учкан ит ылдый кулады. Бул учурда колдон келишинче чукул бурулууга аракет кылган вертолет кайра Кара Илбирс жака беттеп калган.
Кобра өлгөн итти даана көрдү. Ок түбү карарып жакшы көрүнбөгөн үңкүрдөн чыгып жатканын болжоду. Аңгыча экинчи итке ок чыгып, дагы аскадан учту бул жолу Кобра ок үңкүрдөн чыкканын даана көрдү да снайперин бетине алды.
Вертолет жакындап келатканын көргөн Кара Илбирс үңкүрдүн түбүнө тоголоно секирди.
Эми эле өзү ок аткан жерди вертолеттон атылган снайпердин октору тытып кетти. Үңкүрдүн түбүнө түшкөн Кара-Илбирс эки асканын ортосу аркылуу өйдө кеткен кычык менен атайын бөлүктө жүргөндө машыккан ыкмага салып өйдө чыга баштады.
Вертолет үңкүрдүн оозуна 150-200 метрче жакындап учуп келди да абага каалгый бир орунда туруп калды.
Кобра үңкүрдүн түбүн канча көрүүгө аракеттенсе да карарып эч нерсе көрө албады. Бадал жактан бир да ок чыкпаганын көрүп, экөө эчак тынчыганын түшүндү. Болбосо үңкүрдүн оозу туура жоокерлер жашынган бадалды карап турган . Тынымсыз ок аткан лейтенантын группасына "ок атууну токтоткула. Кылмышкер жаткан жер силерге көрүнбөйт. Андан көрө арча-карагайга, ташка жашынып кылмышкер жашынган жерди көздөй жакындагыла. Кылмышкер силерге ок чыгара албайт, мен үңкүрдүн оозун тозом. Ошондуктан корпогула деген команда берди.
- Бадалдагы эки жоокер үндөбөйт. Аларга эмне болгон деп кабтырлана сурады лейтенант.
- Аны талкуулай турган учур эмес. Буйрукту аткаргыла деди Кобра. Борчукту айлана арсылдай үрүп чуркаган үчүнчү ит мурунку экөө өтөбүз деп окко учкан жалгзы жол менен өттү да үңкүрдүн ичине жулунган бойдон кирип кетти. Муну карап турган Кобра ичинен "Ай жалгыз болуп калды. Оңой эле атап салат" деп ойлой вертолеттун үнүнөн ит үрүп жатабы же дым болдубу угулбаганына кыжыры келди.
Иттердин мойнуна микропередатчиктериди тагып койбогонуна өкүндү. Улам бир ташка арча- каргайга жашынган лейтенант баштаган жоокерлер аскадагы үңкүргө жакындап келатышты.
Жан алакетке түшүп өйдө чыгып бараткан Кара Илбирс төмөнтөн өйдө секире үрүп жаткан итти көрдү. Бирок ага көңүл бүлүүгө убактысы жок болчу.
Тырмышып отуруп ак шоола жарык болуп турган оозго жетип кичине көкүрөөк баса эс алды да сыртка сойлоду. Жанаша бой тирешкен эки асканын туура шилисинен чыгыптыр.
Үңкүрдөн оозун тозгон вертолет андан төмөнүрөөк калат экен. Мылтыгын алып дүрбүсү менен вертолеттон Кобраны издей баштады. Митаам эч жеринен байкалбайт. Аңгыча снайпер мылтыктын чыгып турган дүрбүлүү унгусун байкап калды да, көз албай мелжеген калыбында күтө баштады.
Эң коркунучтуусу өзү жашынгандай өңүт жок экен. Асканын ачык тектирчеси. Эгер Кобра байкаса кайра жанагы өзү чыккан кычыка жеткиче эле тытып салчудай.
Үңкүрдүн арсылдай үргөн ит кайра чуркап чыкты. "Эмне болуп кетти. Кара Илбирске ок жаңылып өлгөнбү. Же үңкүрдүн башка жолу менен чыгып кеткенби" деген Кобра астыга жүткүнө дүрбүсүн көзүнө ала үңкүрдүн тегергин карай баштады.
Ички сезимдеги туюубу же капитеттен карадыбы күтүүсүз Кара Илбирс өзүн мээлеп турган асканын кырын карады да денеси ток ургандай дирт дей түшүп, өзүн мелжеген снайперди дүрбүсү менен тиктеше түштү. Жашынууга өтө кеч болуп калган. "Жеңиш сеники", деп ойлоого үлгүрдү. Жансыз денеси вертолеттун ачык эшигинен арта салына түшүп төмөн учту да коктудагы коргул таштарга барып "Былч" урунду.
"Ок чечсин дегенибиз" деди Кара Илбирс машааны тартып жатып. Экөө тиктеше түшкөндө Кара Илбирстин да денеси дирт дей түштү. Аз жерден жаза атып ала сактады. Кантсе да аркасынан эмес бет маңдайынан атканга өмүрүдүн акыркы секунддунда экөө тиктеше түшкөнгө жеңилдене түшкөнү менен ичи эмнегедир уйгу-туйгу боло жакшы тааныган жакын адамдарынын биринен айрылгансып көздөрүнөн жаш кылгыра тектирчеге шалдырап жатып калды.
Кобранын төмөн учуп баратканын көргөн вертолет айдаган учкучтардын бири экинчисине "Кара. Төмөндү кара" деди. Экинчиси да көрүп көргөн көздөрүнө ишенбей бири Кобра отурган жакка баш бакты эле анын орду бош калыптыр. Ачууга мууна түшкөн учкуч "Мен жана эле жардырып жоготолу" дегем деди да үңкүрдүн оозун мелжеп туруп миномотту басып калды. Жарылуудан аскалар кулап айлана айлай-дүлөй түшүп кетти. Тик аскалардан кулаган таштардын көтөрүлгөн чаңдан кокту ичинде эч нерсе көрүнбөй калды.
Ачууга алдырган учкучтар өздөрүнүн жаңылыштыктарын кеч сезишти. Аскадагы үңкүргө жакындап калган эки жоокер кулаган таштардын бутасы болуп кала беришти. Астыда келаткан лейтенант гана үйдөй таштын коңулуна тыгылып аман калды. Жөн эле тоо көчүп кеткендей болду. Лейтенант өзү коргологон үйдөй ташка урунган таштардын көбүнөн анын ысып чыкканын байкады.
Асканын кырындагы Кара Илбирс боортоктоп жаткан калыбында кыймылдай алган жок. Астындагы аска кадимкидей кыймылдап жатканын туюп турду. Таштар-ташка урунгандагы күйүк чаңдан дем ала албай чакап жатты.
Чаң удургуп көтөрүлүп, айлананы каптай баштаганда коркуп кеткен учкучтар өйдө көтөрүлүп алыстай учушту. Төмөндөгү лейтенант баш болгон жоокерлер кулаган таштардын астында калганын өз көздөрү менен көрүшкөндө бирин-бири өңдөрү бозоро алаңдай тиктеп алышты.
Кулаган таштардын аягы бери дегенде жарым сааттан ашыкка барып токтоду. Арадан бир жарым сааттан ашык убакыт өткөндөн кийин барып араң чаң басаңдап тарай баштады.
Вертолет кайра айланып учуп жердеги жоокерлерден тирүү калганы барбы деп рация менен байланышка чыкты. Жерден лейтенант кыйкыра жооп берди. "Силер эмне акылдан айнып калгансыңарбы. Аскер тирибуналында жооп бересиңер. Мен силерди түрмөдө чиритем. Эки жоокер силердин азабыңардан кулаган таштардын алдында калып өлдү. Мага шаты түшүргүлө" деген команда берди.
Жакындап учуп келаткан вертолет күтүүсүз кайра артка бурулуп алыстап учту.
Учкучтар бир ойго келе албай жатышты. "Болору болду. Эгер лейтенант тирүү калса экөөбүз тең түрмөдө чирийбиз же аскер тирибуналы атууга өкүм кылат. Лейтенантын көзүн тазалайлы" - деди командир учкуч жашына. Жашы үн дебеди.
"Миномотту мен аткан жокмун. Менде эмне күнөө" деп ойлоду ичинен. Анын оюн билип тургансып улуусу "Миномот менен сени атты" - дейм" Көрсөтмөнү күтпөй ачууга алдырып атып жиберди" - дейм, дегенде. "Кандайча. Мен аткан жокмун да" деп чоочуп кетти.
- Тартип боюнча миномотто сен отурасың. Турабы?
- Бирок мен аткан жокмунда.
- Аны ким көрдү. Күбөө жок бул жерде экөөбүз бир кайыктабыз. Жалгыз жол лейтенанты жок кылабыз да Кара Илбирс Кобраны жайлагандан кийин жердегилердин баарын бирден терип атып салды, биз аны миномот менен атып жок кылууга аргасыз болдук дейбиз. Эки жоокердин үлүгү таш астында калды эми лейтенантты да таш астына калтырабыз.
- Дагы миномот менен атабызбы?
- Жок. Шатыны түшүрөбүз да чыгып келатканда бийигирээк көтөрүлүп туруп кулатып жиберебиз. баары ойдогудай болот. Өзүм бүтүрөм.
- Балким Кара Илбирс тирүү калсачы.
- Кайдан тирүү калат. Ал жаткан үңкүрдүн изи да калган жок! Өзүң көрдүң го.
Вертолет алыстап учуп кеткенде эмне болду деп түшүнбөй калган лейтенант кайра жакындаганда кубанып кетти.
Лейтенант вертолеттон түшүрүлгөн шатыга чыга баштаганда коктудагы чаң толук тараган. Кара Илбирс аны даана көрүп турда. Тигилер жакшылап караса Кара Илбирсти оңой эле көрүшмөк.
Снайпердин дүрбүсү менен караган Кара Илбирс лейтенантты аткысы келген жок. Эмнеге экенин өзү да түшүнбөдү. Лейтенант эшике жете бергенде ары жактан учкуч чыкты да лейтенанты башка бир нерсе мене урду. Кара Илбирс снайпердин дүрбүсүнөн даана көрдү. Лейтенант шатыны кое бербей чайпалып туруп калды. Учкуч дагы урду. Лейтенант төмөндө көздөй кулап жөнөндү.
Бул аскер тили менен айтканда чыккынчылык болчу. Кара Илбирстин снайперинин дүрбүсүнүн каролу төмөн учкан лейтенантты карап турган учкучтун өң көзүнө келгенде машаа тартылды.
Учкуч чайпала түшүп лейтенанттын аркасынан төмөнгө кулады. Вертолет ордунан бир айланып алды да салпактаган шатыны да жыйбастан бел ашып ылдам учуп кетти.
Командир учкуч лейтенанттын аркасынан кулаганда башкарууда отурган жаш учкуч алгач коркуп кеткени менен үстүнөн оор жүк алгандай жеңилдей түштү. Көзүнөн аккан жашын да аарчыбастан базаны көздөй бет алды. Ал мындан ары чыдай алмак эмес. Бир жарым сааттан кийин болгонун болгондой бүт чындыгын айтып командирлеринин астында отурду.
ХХХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Ушул түнү Зарлык менен Элүүбай, Нарынбек үчөө Кош-Белдин үстүнөн коштошту. Зарлык ашууну жөө ашып кетмек. Атын Элүүбай эки жумадан кийин убадалашкан жерге жетелеп барып бере турган болду.
Кош-Бел али көк муз болуп ээрибей тургандыктан ат учуп кетиши мүмкүн эле. Тобокелге салгылары келбеди.
Толгон айдын жарыгында караандары алыстан бараткан Элүүбай менен Нарынбекти карап отурган Зарлыктын эсине кайрадан Кобра түштү.
- Жигиттин өртү эле. Өлүмүн тике карап кетти, - деп күбүрөнүп алды.
Кайрадан эсине Вьетнам түштү. Экөөнүн былчылдашып мушташа кеткени, ортого түшкөндөр ажыратып калганда ээн жерден беттешсек тагдырды ок чечсин деп көгөрө антташканы, көздөрүн жайнаткан вьетнам кызы экөөнүн ортосуна түшүп мен үчүн экөөң урушпагыла деп чыркырап турганы тасмадай тартылды.
Снайпер мылтыгынын кундагын мыжыгып, мыжыгып алды да
- Эх жашооңду... Кобра жигиттин сырттаны эле, - деп күңгүрөнгөндө көзүнөн жаш агып кетти.
Зарлык Вьетнамга кызмат өтөөгө барганда Кобра ал жерде "старик" болуп калган экен. Алгачкы жарым жылда ага "молодой" катары мамиле кылып жүрдү. Жарым жылдын ичинде Зарлык Кара Илбирс деген атка ээ болуп атайын бөлүктүн жоокерлери эле эмес жергиликтүү Вьетнам партизандарынын арасында да легендарлуу жоокерге айлана баштаган, душманын дайыма көзгө гана аткандыктан өзүнүн "тамгасы" бир снайпер болуп калды. Снайперлердин ичинен өзүнүн өзгөчө тамгасы барлар гана баркталчу.
Бир жолу тапшырмада үч күн бою аңдып жүрүп америкалык "Кара жебе" аттуу снайперди жок кылды. Кобра ошондо өзү келип колун кыса кармап туруп кулактын үстүндөгү тырыгын көрсөтүп, "мына "Кара жебенин" калтырган тагы. Эң мыкты снайпер болчу. Канча советтик снайперлерди, командирлерди, офицерлерди жок кылды. Чыныымды айтайын мен андан коркчу элем. Ал дагы мен сыяктуу дайыма эки каштын гана ортосуна атчу. Мындан ары экөөбүз досбуз" деп кучакташышкан. Ошондон кийин оор тапшырмаларга "Кобра" "Кара Илбирсти" ээрчитип алчу.
Даражасы улуу катары негизги паландарды Кобра түзчү. Бирок абал ыңгайына карап Кара Илбирс өз алдынча аракеттенсе унчукчу эмес.
Кобра канчалык досубуз дегени менен Кара Илбирс достошо албады. Кобранын мыкачылыг, башкалардын өмүрүнө болгон кайдыгерлиги аны андан алыстатып тураар эле.
Бир жолу америкалык эки снайперди жок кылуу тапшырмасын алып калышты. Жумалап түнт токойдун арасында аңдышмай башталды. Америкалыктар советтик чоң даражадагы үч офмицерди жок кылыптыр. Чалгынчылардын билдирүүсүнө караганда кезектеги операцияга даряданып ушул токойдо экен.
Кобра Вьетнамдык эки тың, эрдем####н жаш жоокерди тандап алды да экөөнө эки снайпер мылтыгын карматып " экөөңдү биз атактуу снайпер кылып тарбиялайбыз, биз менен жүргүлө" деп ээрчитип алды. Кара Илбирс алгач Кобранын түпкү максатын түшүнгөн эмес. Көрсө экөөнү жөн эле "жем" катары пайдаланган экен. Экөөнө тең советтик атайын бөлүктүн жоокерлери кийген кийимди кийгизип койгон.
Кобранын күткөнүндөй болду. Америкалык снайперлер да советтик эки снайпер экөөнүн аркасынан түшкөнү тууралуу кабардар болгон экен. Эки Вьетнамды Кобра менен Кара Илбирске чаташтырып алышты.
Мерчемдүү жерге Кара Илбирс менен Кобра бир күн мурда келип жашынышкан. Бир күндөн кийин тигил экөө келишип, экөөнө жакын жерге жайгашмак. Кичинесинен согушта чоңойгон вьетнамдыктар жыландай аяр келишти. Ошентсе да профессионал деген профессионал. Америкалыктар байкап калышыптыр. Эки ок бир учурда атылды. 2-3 секунд өтпөй Кара Илбирс мене Кобра да ок чыгарышты.
Кобра эч нерсе болбогондой гана эки вьетнамдыктын жанындагы снайпер мылтыктарын алып, өздөрүн чуңкур казып көөмп коелу -деди.
Кара-Илбирс "сен муну атайлап жасадың беле" деген суроо тилинин учунда турса да үн дей албады. Болгону үрпөйүп калды. Кобра " Каныңда Азияттын каны бар да. Экөөнө ичиң ачышып турабы. Согуш деген согуш. Биз ушулар үчүн. Ушулардын эркиндиги үчүн согушуп жүрөбүз. Россия менен Кыргызстан жердин түбүндө. Эгер тигил америкалык эки снайпер тирүү болсо мындайлардын жүздөгөнөн сулатмак. Кыскасы жеңиш биз жакта. Башты жерге салып үрпөйбөй эле кой" деп далыга таптап койду.
Кобра дагы бир жолу минага урунуп эки буту үзүлүп ичи жарылса да тирүү "Жардамдашкыла, жашагым келет" деп жалдыраган орустун офицерин жанындагы пистолетин сууруп алып, башын жара атып тынчытты да " Жаны кыйналбай кеткениң дурус. Госпиталга жетпей кансырап өлөт. Тирүү калган күнүңдө да жарым жан болуп мамлекетти чыгым кылгандан башка пайдасы болбойт" деп басып кетти. Ошондо Кобра жергиликтүү вьетнамдык жоокерлерге эле эмес бардыгына кара мүртөз мамиле жасарын билди.
Атышуулар токтоп бейкутчулук өкүм сүрүп калганда жөн жүрө албай чыр чыгарып дайыма мушташтын үстүндө жүрчү. Бою кодоо болгону менен каратэни мыкты билгендиктен өзүнөн алда канча күрсүйгөндөрдү да токмокточу. Мушташа кетүү кайра элдешүү ал үчүн көнүмүш иш болчу.
Кара Илбирс менен да үч төрт жолу аябай былчылдаша мушташкан. Экөө бирин-бири жеңе албай койгондо "Азаматсың. Сени менен гана мушташканда эркек менен мушташкандай моокумдан канам. Жек көргөнүм эки муштум жей электе коркуп качкандар да жеңилип бергендер. Андайды муштоодон жийиркенесиң" деп калчу.
Анан дагы бир начар жагы өзгөчө кыз жандуу болчу. Айылдарга жакын жерде жүргөндө күн сайын палаткасында таң аткыча кыздын кылыгы угулуп турчу. Талабына макул болгондорго күч колдонуп да болсо жетчү. Согуш адамдарды жашоого кайдыгер кылып коет. Кобрага айыгышып каршы чыккандар деле болчу эмес. Канча бир жылдардан бери согуш жүргөн аймакта эркектер менен аралаш жүрүп, алардын адатына көнүп да бүткөн вьетнамкалар Кобрага көбүнчө каршы деле болушчу эмес.
Убактылуу отурукташкан жоокерлердин улам бирине тебеленди болгуча Кобрадай барктуурак офицерлерге жакын болуп, лагер кеткиче жанын калкаланууга аракеттенишчү.
Кара Илбирс Кобранын мүнөзүнө маани да бербей көнүп баратканда экөөнүн ортосун бөлүп кайра элдешкис кылган окуя болуп өттү.
Экөөнү өзгөчө тапшырма менен америкалыктар ээлеген аймакта аракеттенген партизандардын арасына түн ичинде самолет менен жеткизди. Экөө болжошгон жерге парашют менен түшүштү. Партизандардын командири узун бойлусунан келген өңү да турпаты да келишкен вьетнам экен. Отряддагы алтымыштай жоокердин кырктан ашыгы аялдар экенин көргөндө Кобра жамакайы жалжыя кубанып, бул жака " айгыр болушка" жибергендей "Кудай буюрса дооронду сүрөт экенбиз" деди Кара Илбирсти укуй.
Табиятынан аялга үзүлө түшүп мамиле жасабаган Кара Илбирс тигинин делөөрүсүн этибарга да албады. Арадан үч күн өткүчө улам бир аял менен болуп чардаган Кобра атайын тапшырма менен кеткен беш кишиден турган отряд кайтып келгенде алардын арасындагы вьетнамканы көрүп эсин жоготуп кое сактады.
Мындай сулууну мурун Кара Илбирс да көргөн эмес. Периштедей. Бою да келишкен, мүчөсү да, бели кайкалап ичке келип эликтей керилет. Чыкчыя кийинип баскан турганы шайдоот. Англисче, орусча сүйлөйт экен. Кобра шыйпактап анын жанынан чыкпай калды. Котормочу катары жүргөн жоокер, " Бул катындан үмүт этпей эле койгула. Ал партизандардын командирини ойношу экен. Аялындай көрүп жанына башка эркек жолотпойт дейт. Балким аялдыка алам" деп да жүргөндүр деп эскерткенине да карабады. Ал түгүл Кара Илбирске "Буга жетмейин жаным жай албайт. Эгер ушул сулуунун рахатын көрбөсөм вьетнамда согушканым да бекер. Көрөсүң сөзсүз көндүрөм. Көндүргөндө да өз эрки менен көндүрөм" - деди көгөрө.
Кыз боюн ала качканына карабай уйгактай жабышканын байкап калган партизандардын командири Кобраны жакадан алып "Эгер бул кылыгыңды токтотпосоң мойнуңду толгоп коем" дегенде уруш чыгара албай турган Кобра колдун кыры менен кекиртекке берип калды эле муштатпай буйтай берип, Кобраны боорго урганда мындайды күтпөгөн неме сендиректей түштү.
Эсине келип кайра качырганда дагы буйтай берип, чимирилип келип согончогу менен чыкыйга тепкенде Кобра башы менен кум сүзө жыгылып, оозу - мурдунан кан атып кетти. Кобра чыгыш күрөшүнүн чыныгы чеберине жолугуп калганын билген Кара Илбирс ортого түшө калбаса тигил Кобраны белге тээп жүлүнүн үзүп өлтүрүп коюшу толук мүмкүн эле.
Кайда болсо советтик жоокер, бизди коргоочулар, колдоочулар деген сыйдын үстүндө жүрүп " өзүн-өзү билип, өтүгүн төрүнө илип" көнгөн Кобра үчүн бул катуу сокку болду. Ал түгүл мындайды мурда көрбөгөн Кара Илбирс да сестенип калды.
- Эсиңерден чыгарбагыла бул жерде мен командир. Менин гана командамды угуп менин гана сөзүмдү мыйзам дейсиңер. Кимдин уккусу келбесе тарбиялап коем - деп күпүлдөдү да партизандардын командири басып кетти.
Ордунан селдиректеп араң турган Кобра үн дебеди. Колтуктап жардамдашайын деген Кара Илбирстин колун кагып койду да мас кишидей тамтаңдай өзүнүн чатырына кетти. Ошол бойдон Кобра тигил сулуу кызга да, партизандардын командирине да жолбой берки "жоош" аялдар менен эрмектешип тынчып калды. Кара Илбирс Кобра чындап тынчыбыганын, анын коңулга кирип " чагып алчу" учурду күтүп жүргөнүн ичинен туюп жүрдү.
Ортодо ончактыдан ашык оор беттешүүлөр өттү. Кобра менен Кара Илбирстин өз иштеринин чыныгы профессионалдары экендиктерине көздөрү жеткен партизандар командири баш болуп катуу сыйлай турушкан болушту.
Кезектеги операцияда америкалыктардын убактылуу жайгашкан базасына кол сала турган болуп калышты. Бул базада билдирүүгө караганда жогорку даражадагы командирлердин жолугушуусу болот экен. Алардын бирөө борбордон учуп келиптир. Кобра менен Кара Илбирстин милдети кандай да болсо ошол борбордон учуп келген "конок" менен дагы эки офицерди жок кылуу.
Тигил партизандардын милдети аларга шарт түзүп бериш. Тапшырманын планын түзүп аткарылышына көзөмөл болууга бир советтик бир вьетнамдык полковниктик даражадагы офицерлер штабдан учуп келишти.
Операция аябай тыкан дарядалып, партизандардын командири баш болгон он эки тандалма жоокер жолго чыгышты. Жердин шартын мыкты билгендер жол баштап, күндүзү жашынып жатып, түнкүсүн жол жүрүшүп отуруп үч күндө мерчемдүү жерге жетишти. Базанын айланасы тикен, тор зым менен эки катар курчалыптыр да ар бир элүү метр жерге күчтүү жарык берчү прожекторлор онотулуп, ар бир үч жүз метр жерге вышка, ага племотчон кароол коюлган. Темир тосмонун ичинде ит ээрчиткен жоокерлер жүрөт.
Чалгынчылардын билдирүүлөрүнө караганда "коноктор" эртең түшкү үчтө вертолет менен учуп келет. Ошого чейин кол салууга даяр болуулары керек.
Ар жагынан да бери жагынан да карашканы менен вертолет конот деген жер өтө алыс болуп турду. 1000 метрден ашыгыраак. Мындай алыстыктан таамай атыштан мурда да кимди атып жатканыңды айрып тааныштын өзү кыйын. Кейпи "коноктор келет" деп кайтаруу күчөтүлсө керек. Эки брон машина, бир жеңил танка, бир чакан чалгынчы деп аталган вертолет турат. Жоокерлердин саны жетимиштен ашыкча. Беркилердин алган билдирүүсү такыр башкача болчу. Кыркка жетпеген жоокер кайтарган чакан база делген.
Улам дүрбү менен мерчемдүү жерлерди тиктеп үнсүз жаткан Кобра бир учурда үнүн көтөрө чыгарды:
- Планды өзгөртпөсөк болбойт. Эгер снайперлер тосмонун ичине кирбесек анда сыртынан гана чуу түшүрүп коюп кайра качабыз. "Коноктордун" кылы да кыйшайбайт, дегенде партизандардын "Кантип тосмонун ичине киресиңер" дегенсип ооздору ачылып калды.
Тигилердин суроосун күтпөстөн сөзүн улады.
- Бүгүн түнү Кара Илбирс экөөбүз тээтиги ортодогу камыштуу сазга жетип жашынабыз. Ал жерден вертолет конуучу жерге чейин 150-200 кадамча болот. Биз так ошол жерден кол салабыз. Эртең силер вертолет келип конуп, коноктор түшкөндөн кийин алар вертолеттон 20-30 кадам узаган маалда тигил карагайлуу туштан кол саласыңар. Биринчи вышкадагы племет менен отурган жоокерлерди жок кылгыла. Тосмо торду жардыргыла. Ал же штаб үйүнө жакын. Грантамет менен үйдү аткылагыла да 15 минута чуу көтөрөрүңөр менен чегингиле. Кайталайм ашык кеми жок 15 гана минута. Аман калганыбыз мына мобул жерден жолугабыз деп картасын алып чыгып, көрсөтүп, кимиң эмне кошумчалайсың деп айланасын карады.
Баары тунжурай түштү. Ар ким өз оюу менен алпурушуп жатты. Кара Илбирс бул Кобра тигил майда камыштуу сазга кантип жеткен жатат, деп ойлоп башы катып жатты,
Америкалыктар суу бойлоп өскөн камыштын туурасы жүз метрче жерин өрттөп туруп кырмандай таптаза кылган да тура ошол жерге башында күчтүү пржектору бар вышка койгон. Тынчтыкты бузуп:
- Балким биз тигил суюк карагайлуу жерден эмес мына ушул саздан токой жактан кол салсак кандай болот - деди партизандардын командири. - Анткени бизге чегинүү кыйын болуп калчудай. Ал жерден калың токойго жеткиче ачык талааны кесип өтөт экенбиз.
- А силер бизди ойлогуңар келбейби - деди Кобра! Бизде кайра артка чегине турган эки гана жол жатат. Бири тигил каршыдагы калың токой. Экинчиси ушул тарап. Оттун ортосунан чыгыш үчүн эки вариант болгону оң. Бири болбосо экинчисине аракет кылабыз. Биздин да жашагыбыз келет. Россиядан сөгүбүз Вьетнамдын сазында чирисин деп келген жокпуз да.
Силердин мүмкүнчүлүк кенен. Мен бекер жеринен 15 минута гана деп жаткан жокмун. Эгер силер ойдогудай чуу көтөрсөңөр 15 минутада тигилер эстерине деле толук келбейт. Алар баш аягын жыйгыча силер 500 метрге жетпеген ачык талаадан чуркап өтүп токойго кирбей жаныңар жокпу. Граната, ок дегенди аябагыла жөн эле буларга бир полк кол салгандай болсун.
Силер чуу көтөрүп жатканда Кара Илбирс экөөбүзгө төрт офицерди жайлап, тигил төрт вышкадагы кароолчуларды жайлап анан 1000 метр арлыкты чуркап эки катар тосмодон өтүшкө туура келет. Кимбиздин жолубуз жеңил экен. Эгер мындан жакшы планыңар болсо айткыла.
Дагы эч ким үндөбөй тунжуроо пайда болду. Аңгыча ушуга чейин эч сөзгө кошулбаган штабдан келгендер кошуп берген вьетнам сөзгө кошулду. Таптаза орусча сүйлөп: - Силер тигил кмыштуу сазга жетип жашынарыңарга ишене аласыңарбы. Тапшырма өтө олутту. Ал сөзсүз аткарылышы керек. Эгер тапшырманы ойрондотсоңор башыңар менен жооп берсиңер. Жалпы Вьетнамдагы согуш үчүн эле эмес Союз үчүн да мааниси бар "конокту" жок кылышыңар керек. Ал эми булар болсо силер айтканды жасайт - дегенде Кобранын да Кара Илбирстин да ооздору ачылып, ээктери түшүп калды. Партизандардын командиринин жанында жаткан сулуу кыз беркинин айтканын командирине бүт которуп берди көрүнөт тиги да таң калгандан деми чыкпай калды. Баары түшүндү КГБнын өкүлү сүйлөп жатканын. КГБ дегенди укканда вьетнамда жүргөндөрдүн жүрөгү байпакка түшүп калчу. КГБ каарына алса бүгүн барсың эртең жоксуң. Муну ар бири жакшы түшүнчү. Ошондуктан сен кимсиң? Кайдан чыга калдың? деп да сурашпады. Штабдан келгендер "силер менен биздин өкүл да барат" дегенде эле шекшишкен. Анан вьетнам тилинде тигилерге кыска буйрук бере сүйлөдү.
- Снайперлердин тапшырманы аткарышына толук шарт түзүп берүү биздин милдет экенин унутпагыла. Жанды кантип сактоону ойлоштон мурун кантип тапшырма аткарылат дегенди ойлосок гана биз жеңишке жетебиз. Жан керек болсо отрядга кошулбай кала берсеңер да болмок. Баарыңар өз эркиңер менен келгенсиңер, - деп бир сыйра кыдырата тиктеп келип командирди жекире карап койду.
Эч ким үн дебеди. Кобра:
- Биз кандай да болсо ошол камыштуу сазга жетмейин болбойт. Эгер жамгыр так ушинтип жаап турса тигил тосмонун түбүнөн барып ок чыгарсак жа "конокторго" даана тийгизээрибиз күмөн, - деди үнүн пас чыгарып.
- Силердин бүгүн түнү камыштын арасына жетип жашынганыңарды биз кантип билебиз. Эртең биз чуу көтөрөлү. Жоокерлер чыгым болсун. Экөөң тигил каршыдагы калың токойдун арасынан "конокторду" аткылап бизге болсо түндө канча аракет кылсак да кароолдон өтө албадык деп койсоңор кантебиз? - деди дагы орусча. Кобранын каштары түктүйүп ачуусу келе түштү. Башкасы башка бирок андай коркоктук ишке Кобра эч убакта барчу эмес.
- Өзүң биз мене жүргөндөн башка ишенимдүү жолу жок - деди кыска гана. Тигил кичинеге ойлоно түштү да;
- Мен го силер менен бармакмын, бирок булар менен да кимдир бирөө болуш керек - деди үнүн жай чыгара. Анан; - План негизинен туура. Болгону кичине толуктоо. Силер бүгүн түнү камышка жетип жашынганга аракет кылгыла. Биз болсо тигил суюк карагйлуу жерден эмес, андан бердеги бийик шалбаа чөп өскөн жерден кол салабыз. Ал жерден биричиден штаб жайгашкан үйгө жакын экен. Ошол жерден туруп эгер таамай атсак вертолет, бронетранспартерлорду да иштен чыгарышыбыз мүмкүн.
Экинчиден кантсе да бийигирээк жер экен, ал жерден аркы калың токойго чейин 500 метр эмес 200 метрче гана төмөн чуркайбыз. Силердин артка чегинген эки жолуңарга тең тоскоол болбойбуз. Тескерисинче биз ачык талаадан артка чегингенде бүт бизге алаксып калышат. Кандай дейсиңер?...
Дагы кичинеге үнсүз тунжурап турушту.
- Ушул план онду, - деди партизандардын командири. - Он чакты карагай бизге калканч деле болуп бербейт. Тигил жерден токойго жетүү оңойроок.
- Өзүңөр камыштуу сазга кантип жетсек дейсиңер, - деди такып сурай КГБшник.
- Менин оюмча биз камыштуу сазга тетиги машиналар кирген дарбаза аркылуу өтүп гана киришибиз мүмкүн. Башка жол көргөн жокмун, -деди Кара Илбирс.
- Биз кандай да болсо белгиленген жерге жетебиз - деди Кобра.
Беркилердин жообуна ыраазы болгонсуп КГБшник үшкүрүп койду да, үндөбөдү.
Унчукпай тамактанышты да түнгө чейин эс алып алыш үчүн ар жерге жатып уйкуга киришти.
Кара Илбирстин жанында жаткан Кобра беркинин ойго жатканын туюп:
- Ойгондуңбу? - деди.
- Ооба, ушундай аба райында ким жыргап уктасын. Мунун басыла турган түрү жок го. Өзүнчө наалып койду.
- Кыргызстанды сагындыңбы?
- Айта көрбө?!
- Мен да өзүмдүн Сибиримди сагындым. Сага эки эле жыл болду. Мени айт, мына үч жарым жылдан бери сасык саз кечип, чиркейге таланып жүрөм. Улам эле "алып кетебиз" деп коюшуп чоюп келатышат. Үшкүрүп койду да; - Эх орусумдун кыздары кандай периштелер. Терси сөөгүнө жабышкан ушулардай болуп калыптырбы. Аял эмес жыгач мингендей болосуң.
"Дагы баягысы" деп ойлоп койду ичинен Кара Илбирс. Экөө үнсүз кичинеге жатып калышты. экөө тең тамеки чегишчү эмес. Снайпер үчүн бул негизги сапат.
- Балким экөөбүз жолго чыгып кантип тосмодон өтөбүз пландай бербейлиби. Кечти күтүп жатканда эмене - деди Кара Илбирс.
- Туура айтасың. Урушта туруш жок, кыймылдай берели, - деп Кобра ордунан тура калды.
Экөө жандарына ашык жүк алышпады. Үчтөн граната, пистолеттерин октору менен, снайпер мылтыктарын, эртең кечке чейин кичинеден өзөк жалгап тургудай кичинеден кургатылган нан колбаса. Жоокердик флягаларына суу алышты.
Экөөнүн тең кийгени суучулдардыкы сыяктуу денелерине чыкыйта тигилген суу өткөзбөй турган брезент кийимдер. Партизандар экөөнү үнсүз карап турушту.
- Жолугушканга чейин..
- Жолгушканга чейин... Тигилер да баш ийкей коштошушту.
Экөө алгач базаны айланта тосулган тосмону жакынырактан бир сыйра айланып жакышлап карап чыгышмай болушту.
Тосмо бардык жагынан мыктап тосулуптур. Өзү да үч бурчтук болуп жайгашкандыктан деле ичине кирмек түгүл жакындоого да мүмкүнчүлүк жоктой.
- Тигил жолдун боюна жашынып жатып, түн ичинде базага келген машина болсо жабышып кирсек кантет - деди Кобра.
Эгер биз жабышкыдай жүк ташыган машина өтпөсө таң аткыча жата беребизби?
- Ал жагы да бар. Сенин оюң кандай?
- Чынын айтсам башым катып турат. Бирок бир нерсени туюп турам ичкериге машиналар өткөн дарбаза аркылуу гана кире алчудайбыз. Суунун боюн, шектүү деген жерлерге өзгөчө токой тарапка ит ээрчиткен жоокерлерден кошумча кароол коюптур байкадыңбы? Ар бир 150-200 метр жерде бирден ити менен кароол турат. Анан тигил тикен зымдан өткөн менен торду кантебиз. Ага тийсең ошол заат белги берет. Кантсе да дарбазанын жанындагы "Бутка үйгө" жакын барыш керек. Биз ошол жерден түнкү караңгылыктан пайдаланып, эгер машина келсе токтотуп текшерип жатканда жабышабыз. Кыскасы багыбыздан көрөбүз, - деди Кара Илбирс.
- Башты ооруткан менен пайда жок. Ичкериге өтсөк балким бирибиз гана өтө алчудайбыз. Экөөбүздүн бирибиз аракеттенип көрөлү. Эгер түнкү саат үчкө чейин баары "дым" болсо демек ичке өткөнүбүз. Үч офицерди жайлаш көп болсо эки минутанын иши бирибиз деле жетишебиз. Жереби ыргыталы да ичкериге киргенге бирден аракет кылалы. Сыртта калганыбыз ичкериге киргенибиздин кайра чыгышына шарт түзүп жол ачалы. Эгер бирибиз билинип калып чуу чыгарсак, экинчибиз өз алдыбызча аракет кылалы. Кандай дейсиң?
- Макулмун. Мен деле ушуну ылайык көрүп турдум эле.
Жереби ыргытканда ичкериге өтмөй Кара Илбирске туш келди. Кобра калың токой тараптан Кара Илбирстин кайра чыгар жолун тазалап турмай болду.
Караңгы кирээри менен Кара Илбирс бийик чөп өскөн ачык талаа аркылуу сойлоп дарбаза жака жөнөдү.
Дарбаздан күндүзү эки гана машина кирип бири кайра чыкты. экөө тең аябай текшерүүгө алынарын бүт айланта каралып, ал түгүл машинанын астында эңкейип мосунан бери карап чыгышаарын көрүп турду.
Кара Илбирс байкап калган бир гана мүмкүнчүлүк турган. Бирок аны кантип ишке ашырууга болот. Табышмак. Балким аны Кобра да билгендир. Ошондуктан ичкериге кирүүгө бирөөбүзгө гана мүмкүн дегендир.
Түнкү саат он бир болгондо Кара Илбирс дарбаза тоскон кичинекей буткадан он кадамча жерде чөп менен чөп болуп жатты. Бутканын каршысына коюлган вышкада племоту менен отурган жоокердин прожекторунун жарыгына бутка тоскоол болуп көлөкө түшүрүп турат экен. Арка жактагы прожектор анда-санда кыдыратып карап койбосо анча көп көңүл бөлбөгөнүн байкады. Буткадагы жоокердин кыңылдап ырдаганы да Кара Илбирске угулуп турду.
Эми машина келишин күтүү керек. Түнкү саат экиге чукулдап калды. Дым, кирген чыккан машина жок. Аңгыча алыстан фаралардын жарыгы көрүндү. Жоокерлерди тарткан чоң машина келип токтоду. Дарбазаны ачардан мурун каролчу документ текшерүүгө шофер жак бетине өттү. Машинанын ичиндегилер кажы-кужу болуп сүйлөшүп жатышты. Мындайда Кара Илбирс сезим менен гана иштеп калчу. Буткага кантип жетип жөө кишилер өтчү эшик аркылуу ичине кантип киргенин өзү да билбей алды. Кароолчу жоокер бул маалда машинанын артына өтүп астын карап жатан. Машинада отурган жоокерлер кароолчу ээрчиткен итке тийишип койду көрүнөт, ал арсылдап үрүп машинага секирип жатты. Ан- сайын жоокерлер анын кыжырына тийишип оюн кылып алышты. Машинанын үстүндө да иттер бар окшойт алар үрүп кирди. Вышкадагы жоокер болсо машинаны текшерген жоокер машинанын астынан бери тинте текшерип жатканда жарык берип алаксып калганын байкады. Анткени вьетнамдыктар кичинекей-кичинекей келгендиктен көп учурда машиналардын асытна жабышып кирип, далай өнөр көрсөткөндүктөн америкалыктар машинанын үстүнөн да астын аябай текшеришчү.
Бутунун учу менен кыймылдаган Кара Илбирс бутканын ички бетине өттү да үч-төрт кадамча жүгүрүп барып, чөптүн арасына жыгылып боортоктоп шыпылдай сойлой, колдон келишинче алыстап кетишке аракеттенди. Кара Илбирс элүү кадамча сойлоп кеткенден кийин барып машина ордунан жылып ичкериге кирди.
Прожектордун жарыгы жакындап келатканда Кара Илбирс чөп менен чөп болуп жабыша жатып калды. Майда жамгыр дагы деле себелеп жаап турган. Уучуна толгон чөптү мыжый кармап кубана "өттүм" деди ичинен.
Караңгылыкка жамынган Кара Илбирс камышты аралап көрүп жактыра бербеди. Чет жагы суюк экен ортосуна жатса ал жер чуңкур болуп вертолет конгон жер жакшы көрүнбөй калчудай. Эң башкысы партизандар кол салган тараптын каршысында болуп, офицерлерди ата баштаганда снайпер кайда отурганы билинип калышы мүмкүн.
Вертолет конот деген жерден жүз элүү метрче алысыраак жердеги офицерлер жатуучу чакан үйдүн каршысына чыгып, жайгашканда саат эртең мененки төрттөн өткөн. Майда жамгыр дагы деле себелеп жаап турду. Кургак жерге кирип жатканга денеси талыкшый түштү. Кирпиктен тартсаң жыгылгыдай чарчаган экен. Үстүндөгү брезентти чечти да шалк уйкуга кетти.
Эртең мененки тогуздан баштап жамгыр дагы күчөп нөшөрлөтүп төгүп кирди. Вьетнамда мындай аба ырайы көнүмүш. Айрым учурда эки-үч жумалап жааган учурлар болот. Кобра дөңсөө жердеги бийик карагайдын башына чыгып алып, камыштын ичин тинтип снайпердин дүрбүсү менен карап Кара Илбирсти издеп кирди. Канча аракеттенсе да өзүн көрмөк түгүл шеги билинбейт. Оңбогон Илбирс. Кайда жашынды. Сазды казып асытна кирип кеттиби. Базанын ичи тынч. Түндө кошумча жоокерлерди алып келишкен экен, ит ээрчиткендер дагы көбөйдү.
Саат үч болгондо Кобра өзү астына ала пландаган жерге барып жайгашты. Партизандар чуу чыгарган он беш минутанын ичинде үч вышкадагы үч племотчикти, жердеги эки жоокерди иттери менен жайлап, темир торду кесип тешик жаап, тикен зымдарды үзүп жол ачышы керек. Анан өзү дагы он минута күтүшү керек да эгер Кара Илбирс 25 минутада пайда болбосо артака кайтмай.
Саат 3.10 болду. Вертолеттон дайын жок. Аңгыча штаб жактан он төрт жоокер чыгып вертолет конот деген аймакты айланта 150 метрче аралыкта курчап ар жерге туруп калышты. Ит ээрчиткен үч жоокер камышты аралап киргенде Кобранын көзү айланып кетти. Жоокерлер бир айланып чыгышты да дарбаза жака кетишти.
Баары тынч өткөнүнө таңдана түшкөн Кобра "Шайтан Кара Илбирс эмне оюн койгон жатасың" деп жиберди күңкүлдөй.
ХХХ
Кара Илбирс ойгонгондо саат 12ден 15 минута өтүптүр. Тим эле өлүктөй болуп уктаган экен кадимкидей жыргап эс алып калыптыр. Эшикте жамгыр мурдагыдан да күчөп куюп жатат. Тили таңдайына батпай суусап калган экен арыта чечип койгон курундагы фляганы алып, суудан кангыча жутуп тамактанды. Тамактанганы төрт кесим кургак сухар, эки кичине кесим колбасаны шашпай рахаттана чайнап жатты. Сыртта жамгыр жааганына карабай тамдын үстүңкү чатырынын ичи үп болуп турат. Тамактанып бүткөн соң снайпер мылтыгын алып үстүндөгү көйнөгүн чечип астына жайып коюп, мылтыкты бүт ажыратып суусун аачып тазалар, майлап туруп кайра чогултту. Үн өчүргүчтү (гулуүитель) башына тагып баарын даяр кылгандан кийин башка куралдарын текшерип чыкты. Бардыгы ойдогудай даяр дегенден кийин гана кийинип, "конокторду" тозуучу өңүт издей баштады. Сырттан англис тилинде кыска-кыска команда берген үндөр угулуп турду.
ХХХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Вертолет саат үчтөн элүү минута өткөндөн келип конду. Ичинен үч офицер чыгары менен берки тараптан күтүп тургандардын ичинен төртөө чуркап барды да аскер тартибинде учурашып бүтөрү менен "коноктордун" үстүнө кол чатырларды кармай калышты. Кара Илбирс үчөөнү тең мыктап тааныды. Алгач "эң барктуу коноктон баштайт" анысы ортодо келатты.
"Коноктор" вертолеттон 30 кадамча узаганда оор жарылуу болду. Жөн эле жер силкинип кеткенсиди. Ал түгүл барына даяр турган Кара Илбирс да каролдон "конокту" чыгарып жиберип кайра илди. Илинери менен машаа тартылды. Бир минутага жетпей үч офицер үч жерге кулады. Аларды жандаган дагы экөө жер кучактады. Сыртта кайта-кайта жарылуулар. Кымкуут. Иттердин үргөнү да мылтык менен гранометтун үнүнөн угулбай калды. Аңгыча Кара Илбирс жатан үй солкулдай түшүп бир капталы кулады да күйө баштады. Осколькалар Кара Илбирстин улак түбүнөн чуулдап үйдүн чатырынын бир тарабы аңырайып, түтүн менен чаңдын эч нерсе көрүнбөй калды.
Кара Илбирс тамдын кулап калган жагынан төмөн секирди. Чаң менен түтүндүн арасынан ордуна тура албай жаткан жоокерди көрө койду да кекиртегине бычакты малып алды. Тигинин үстүндөгү күрмөсүн баш киймин чечип чаңын күбүп кийе салып арыта жаткан автоматын мойнуна иле сыртка бет алды. Бонетранспортерлордун күрүлдөп от алганы угулуп америкалыктар да эс учуна келишип, кол салгандарга каршы ок ата баштаганы билинди.
Кара Илбирс түндө көргөн бир кишилик жеңил аскер мотоцекилдер турган жака чуркады. америкалык аскерлер минген мотоцекилдер жөн эле жердеги ракетадай. Кара Илбирс өзү да мотоцекилдин шайтаны. Түндө бирин текшерип көрүп атайы даярдап четкерек койгон.
Түтүн, өрт, чаңды аралай чуркап мотоцекилдерге барса баары өз ордунда экен. Кара Илбирстин жанынан эле ары бери америкалыктар чуркап өтүп жатты. Үстүндөгү америкалык офицердин формасын көрүп кым-куутта эч ким жүзүнө көңүл бөлбөдү.
ХХХ
Тоскоол болот деген жоокерлерди бүт жайлагандан кийин Кобра тикен зымды торду да киши бою кыркып, ичи тикен зымды кыркып жатканда бет алдынан чыга калган мотоцекил минген америкалык офицерди көрө коюп, жанынан пистолетин сууруп алганда тигил бир колун көтөрө башындагы фуражканы ыргытып жиберди.
- Акмак Кара Илбирс аз жерден башыңдан жара ат сактадым - деди Кобра кыйкыра. Ал сүйлөп бүтө электе эле мотоцекил аткан октой зуу деп тордун тешигинен өтүп, сырткы тикен зымга жеткенде токтоду.
Артынан чуркаган Кобра мотоцекилге учкашканда саатын карады да чуунун башталгыннына эми араң он үч минута болду. Эки минутада сенин бул ракетаң менен СССРге жетебиз досум. Астыга! - деп далыга таптады. Зуулдаган мотоцекил көз ирмемде чытырман токойду аралаган ичке жол менен көздөн кайым болду.
ХХХ
Аман калганыбыз жолугушабыз деп болжошкон жерде Кобра менен Кара Илбирс от жагып коюп суу болгон кийимдерин кургатып кайра кайткан жолдо жейбиз деп калтыраган тамак-ашка тоюнуп бир уктап ойгонгондон кийин арадан он эки саат өткөндө партизандар келишти. Ондун ичинен КГБшникти кошкондо төртөө аман калыптыр. Бири сулуу кыз экен. Кийимдери тытылган колу буттарынан жаракат алышкан. Кирпиктеринен тартса жыгылгыдай. Келишери менен Кара Илбирс менен Кобра даярдап койгон тамактан ач карышкырча шаша-буша ичишти да туш келген жерге жатып уйкуга кетишти.
- Төрт саат эс алабыз да кайра жолго чыгабыз. Америкалыктар изибизге түшүп кайда экенибизди тапкыча алыстап кетишибиз керек -деди кыз командирлик үн менен. Эч ким унчукпады. Кейпи партизандардын командири окко учккандан кийин команданы ушул кыз алса керек. Кобра мене Кара Илбирске кайрылып; - Силер кантсе да эс алдыңар. Биз уктап ойгонгонгуча кароолго тургула. Картаны алып чыкты да, - бириң мына бул суунун жээгине. Бирңер болсо мына бул дөңсөөгө. Эгер баары тынч болсо туура төрт сааттан кийин бизди ойготкула.
Сөз бүттү дегенсип өзү да ордунан туруп жатууга чоң карагайдын түбүнөн жай издей баштады. КГБшник эки снайперге "Тапшырманы ойдогудай аткардыңар. Азаматсыңар! " деген да жок. Эч нерсе билбеген катардагы жоокерче үнсүз тамагын ичти да уйкуга кирди. Кейпи "тиешелүү адамдар өздөрү алкап алсын. Мен өз тапшырмамды аткардым" - деди окшойт. Демейде өз оюн айтмайын жөн эле көнө бербеген. Өзгөчө партизандардын үстүнөн команда кылганын такыр жактырбаган Кобар бул жолу "Айтканыңардай болот" деп эпилдей көңүлдүү ышкыра кароолго кетти.
ХХХ
Партизандардан аман калгандары болуп штабга келгенде, "борбордон" келгендер чыдамсыздык менен күтүп отурушуптур. Иштин жайын угушкандан кийин кетиш үчүн самолет же вертолет чакыра башташты.
Жолдо карат Кобра сулуу кызды канчалык имерчиктесе да жанына жакын жолотподу. Бүгүн түнү күчтөп болсо да максатына жетүүнү көксөдү. Анткени эртең "борбордон" келгендер өздөрү менен алып кетсе экинчи бул сулууну көрбөй да калышы мүмкүн.
Кыз Кобранын оюн билип калганбы кечинде Кара Илбирске келди да ыйлап жиберди. "Эгер бул офицерлериң жанымды койбой асыла берсе баарыңарды кырып салам. Ушуну айтып түшүндүрүп койчу. Мен да адаммын. Азыр кайгыдан баш көтөрө албай турам. Булар болсо жалынып асылышат. Кара Илбирс үнсүз турду да, эгер туура түшүнсөң кечинде менин палаткама мени менен жат. Кудай турат мен сага тийбейм. Колуңду да кармабайм. Эгер тигилердин бирөө эле келе турган болсо өзүм катыгын берем. Айтканыма көнбөсөң эч нерсе кыла албайм. Эгер сен айтканды аларга айтсам шылдыңдап күлүшөт. Согуш деген согуш. Бирөөнүн өлгөнүнө бирөөлөр кайгырбай калган" деди тигинин чачтарынан сылай. Кыз үнсүз чыгып кетти.
Арадан көп убакыт өтпөй өзү жатып жүргөн кийме мешогун алып кыз кирип келгенде жаңы эле уктап бараткан Кара Илбирс ойгонуп кетти;
- И келдиңби?! - деди да жылышып орун бошотту. Тигил үнсүз жайгашып жатты да;
- Сиз жакшы адамсыз. "Кобра" мага биринчи күндөн жакпайт. Адам эмес. Киши өлтүрүш үчүн жаралган жырткыч. Кичинеге үнсүз жатып калды.
- Кой, ар нерсени ойлоп өз тынчыңды өзүң буза бербей уктап эс ал,- деди Кара Илбирс. Экөө кичинеге үнсүз жатышты.
- Сизге бир несе айтайын. Болгону ичиңизде гана болсун. Биздин командирди да "Кобра" атты деп ойлом. Мага жетиш үчүн атты. Биз жаңы кол салганда эле ал окко учту. Карасам туура эки көздүн ортосуна тийиптир. Америкалыктар биз тарапка али ок атыша элек болчу.
- Эки көздүн ортосуна дейсиңби?! - "Кара Илбирс" чочуй сурады.
- Ооба, так эки көздүн ортосуна. Мындай таамай силер, снайперлер гана ата аласыңар. Мен өзүмө-өзүм ишене албай турам. Эгер чын эле "Кобра" экенине ишенсем аны азыр эле жайлайт элем.
- Балким адашкан октур. Вышкада тургандар аткандыр... Согушта боло берет эмеспи.
- Ошо да... Мен аны сүйчү элем. Эми жашагым келбей жатат. Бирок жүрөгүм "Кобра" эле атты деп шыбырап жаткансыйт. - Дагы бүлкүлдөп ыйлап кирди.
- Кой эми.. Ыйлаганда эмне... Өзүңдү кармачы. Кыздар күчүңөр ыйга чыккан. Согуш бүтсө дагы сүйүүгө жолугасың. Сендей сулуулар талаада калбайт.
- Ошо өңүмдүн да азабын көп тартам. Деги кээде баарына тоюп да кетем. Шарт оодарылды да "Кара Илбирсти" бекем кучактай көкүрөгүнө башын катып - Сиз менин байкеме окшошсуз. Байкем эки жыл мурда окко учкан. Чыныгы баатыр жоокер эле. Ал тирүүсүндө эч ким менин жаныма да жолой алчу эмес. "Кара партизан" дегенди укканда америкалыктардын жүрөктөрү байпагына түшчү.
- "Кара партизан" сенин агаң беле.
- Ооба! Уктуңуз беле?!
- Укмак түгүл таанычумун. Мага "Кара Илбирс" деген атты сенин агаң берген эле. Кызык. Тагдырды кара. Кыз "Кара Илбирске" дагы бкемирек жабышты.
- Чын элеби?! Кара Илбирс сен менин агамды таанучу белең?
Кара Илбирс кайсыл тапшырманы анын агасы экөө чогуу аткаргынан айтып бергенде.
- Оо эми ишендим. Ал мага айткан. Союзан келген азият снайпер жөнүндө да айткан. Көрсө сиз турбайсызбы. Сиз менин агамдын ордуна ага болуңузчу.
- Макул... ага катары көр. Бекем бооруна кыса кучактап көздөрүнөн өптү.
Ушул малда палатканын эшиги шарт ачылып "Кобра" баш бакты.
- Ого биз издеген киши бул жакта тура... Кара Илбирс кичине сүйлөшпөйлүбү?
Кара Илбирс эшке чыкканда;
- Ээй, азият! Тымызын гана кучагыңа салып алыпсың го. Кел, мындай эркекче сүйлөшөлү. Эртең экөөбүз тең кетет экенбиз. Түн ортосунан оогуча алып жат. Анан мага бер. Мен таңга жуук тигил полковнике берем. Ал да шилекейи чууртуп отурат.
- Болбойт. Эч кимиңерге бербейм. Үмүтүңөрдү үзгөлө. Тигине катын толуп жатат. Ошолор менен жата бергиле.
- Ээй... эй Кара Илбирс! Сен эмне кайдагы бир вьетнамка үчүн достугубузду кыясыңбы...
- Мен сени менен дос эмесмин. Керек болсо партизандардын командири да сенин колуңдан чыккан. Ок чекеге тийиптир дейт.
- Эмнеси бар экен. Эркектик эсептешүү.. Кобра эч убакта "карыз" болуп калган эмес. Ошондой... керек болсо сени менен да эсептешип коем.
- Ме сага эсептешесиң. .! Кара Илбирс тигини ээке берип калды.
Экөө тытышып киришти. Кара Илбирс ушунча жиндеп кеткенден кайдан жайдан күч алганын да билбей калды. Демейде тең тайлашып кармашчу Кобраны теридей тепкилей баштады. Кобра бутуна оңдуу турууга да жарабады. Өзүн жоготкон Кара Илбирс тигини былчылдата койгулап баса калып жаңы мойнун толгоп сындараарда арачалап ажыратып кетишти.
Белинен бекем кучактаган сулуу кыз көздөрүн жайнатып
- Ага, жетет. Мен үчүн урушпагылачы, - деп жалынып жатты.
Ордунан араң турган Кобра;
- Эй, Кара Илбирс унутпа! Сенин биринчи душманың менмин. Мени минтип эч ким ура алган эмес. Калган сөздү ок менен сүйлөшөбүз. Экөөбүздүн тагдырыбызды ок чечсин. Жер бетинде же сен, же мен тирүү жүрүшүбүз керек...
- Көп сүйлөгөндө эмине. Ээн жерден беттешсек калган сөздү ок чечет - деди Кара Илбирс муштумун кычырата түйүп.
Кайра палатага келип жатканында кыз чечинди да беркинин койнуна кирип;
- Сен менин өчүмдү алып бердиң. Рахмат! Кандай сабаганыңды көрүп турдум. Эгер ажыратышпаганда өлтүрүп коет элең. Жүрөгүм эс ала түштү. Тим эле командир үчүн өзүм өч алгандай эс ала түштү. Мен сендикмин - деди да ысык ээриндерин менен өпкүлөй баштады.
Эртеси "борбордон" келгендер Кобраны өздөрү менен алып учуп кетишти да. Кара Илбирсти партизандардын арасында калтырып коюшту. Эмне себептен. Эмне тапшырма аткарышы керек эч нерсе айтпады.
Арадан бир жарым жыл өткөндөн кийин оор жаракат алган Кара Илбирсти партизандар союздук госпиталга жеткиргенде аны эчак эле өлдү деп чыгарып салышканын билди. Кара Илбирс оор жарат алганда кыз аны сактайм деп өзү да окко учуптур. Аялдын сырттаны эле чиркин. Кара Илбирс аны эстеген сайын жүрөгү зыркырай түшөт. Кобра экөөнүн өчүгүш түйүнү ушундай.
ХХХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

"Жер тамырынан эл тамыры көп" деген чын тура" деп койду ичинен Зарлык. Бир жумача мурда Элүүбай атын апкелип берип кеткен. Жөн эле келип кетпей, ушул өрөөндө малчылардын ичинде кадыр-барктуу, Камчыбек аттуу топозчу досу менен таашныштырып кетти. Жергиликтүү малчылар менен жакшы маиледе болуштун кадырын, Элүүбайдын баркын, Элүүбай келип Камчыбек менен тааныштыргыча өткөн үч жуманын аралыгында жакшы түшүндү.
Тамак-аштан кем болуштан мурда да киши көзүнө көрүнбөй, өзү жөнүндө эмне кептер жүрүп жатканын билбей, жергиликтүү малчылар жөнүндө кабары жок жашаш өзүнчө түйшүк экен.
Элүүбай келгенде ичтен энесин көргөн баладай сүйүнсө да сыртынан сыр бербеди. Элүүбайдын айтымында өткөн "Кобранын чабуулунан" кийин качкын жөнүндө унутуп калышкансып, кеп- сөз болбой калды дейт. Башкарма айткан имиш "Жогор жактагылар. Малчыларга зыяны жок болгондон кийин тоосунда жашынса жашынып кышка чейин жүрө берсин. Кышта өзү түшүп келет, Кайда бармак эле" - дешиптир деп.
- Кышта да кудайдын салганын көрөрбүз, - деп койду Зарлык.
"Эки жумада бирден мерчемдүү жерден жорлугушуп туралы" деген Камчыбек арадан жума өтө электе сүйлөшүлгөн белгини берип, төмөндөгү булак боюна токтоду.
Шашылыш жолугушуу керек болсо булак боюна келип, атынын ээрин алып кайра токумак.
- "Белгиңди көрдүм" - дегенин билгизип Зарлык кырдан чайнектей ташты төмөн тоголотту.
Камчыбек экөө калың арча токоюнун арасындагы чоң карагайдын түбүнөн жолугушту.
Учурашкандан кийин Камчыбек чоюп отурбай кепти түз баштады, -Заке, шашылыш келгенимдин жөнү мындай: Сенин атыңа жамынган дагы бир "Зарлык" пайда болуптур. Тигил коңшу төрдөгү бир чабанды мылтык кезеп коркутуп, семиз коюн сойдуруп, этин бүт бышыртып, аны менен эле чектелип калбай желээден тандап туруп эки семиз бээсин жетелеп кетиптир. Мен жакында эле барып "Зарлык малчылардын чычкан улагына да тийбейт. Силерге кылдай арамдык кылбайт" - деп келгем. Уккан кулагыма ишенбей алгач чын эле сен экен деп ойлоп кетипмин. "Зарлык бети балжайган чоң сары киши экен" дегенде түшүндүм. Сенин атыңды саткан бирөө экенин. Анан сага жолугууга шаштым. Тоодогу малчылардын арасы дүргүп. Эгер ылайыгы келсе Зарлыкты атып салсак деле өкмөт бизге "Рахмат" дегенден бөлөк сөз айтпайт" дешүүдө.
Зарлык үнсүз ойлонуп отурду да:
- Рахмат, Камчыбек. Айтканың рас болду. Менин атыма жамынган "Зарлык" менен өзүм сүйлөшм. Жыйынтыгын жакында угуп калаарсың, - деди да жөн жай кептен аркы-беркинин сүйлөшүп отуруп жөнөтүп жиберди.
Камчыбек кеткенден кийин Зарлык эки анжы ойдо калды. "Менин атыма жамынган ким болду экен? Күнүмдүк пайда көрүүнү көксөгөн уурубу же КГБнын Зарлыкты малчыларга жаман көрсөтүү үчүн жасаган жоругубу" . Эмнеси болсо да жалганчы "Зарлыкты" издеп таап беттешип көрүүнү туура тапты.
"Зарлык деген кара ат минген күрсүйгөн чоң неме экен. Бети балжагай сары" деген сүрөттөө малчылар арасында жайылып кеткендиктен Зарлык кам жебей эле малчыларды аралап " Мал жоготуп издеп жүрөм" деп үйлөрүнө конуп, астыртан жалганчы Зарлыкты сураштыра баштады.
- Эмне жоготтуң эле? - дегендерге;
- Семиз эки ат, - деп коет.
- Анда эле ошол Зарлык алды - дешет малчылар.
"Ууру" атыгып кеткенине ичинен сызып "Күнөкөргө жолуксам экен" деп кекенет.
Арадан эки жума өтпөй күтүүсүз беттешип калышты. Улардын этин отко кактап бышырып жеп отурган.
Сак кулагы токой аралап бирөөнүн келатканын туйду. Снайпер мылтыгын ажыратып туруп капка салып атына бөктөрүп койгон. Ички сол колтугундагы "Макаров" пистолетин суруп чыгып, огун текшерип атууга дарядады да кайра кабына салды. Добушуна караганда жалгыз атчан көрүнөт.
Арыта оттоп жаткан аты да бирөөнүн жакындап келатканын туюп башын көтөрүп, дабыш чыккан жакты кулактарын тикчийтип тиктеп оттобой туруп калды да "Бирөө келатат. Байкадыңбы? дегенсип ээсин карап окуранып койду.
Зарлык эч нерседен бейкам кишиче эт бышыруусун улантканы менен көз кыйыгы дабыш чыккан жакта эле. Тигил бадалдын арасынан Зарлыкты кичинеге карап турду да анан атын ыкчам теминип чоочуткусу келген кишиче
- Атсалоом валеким мергенчим! - деп кыйкыра салам айтып чыга калды.
- Алеки салам...
Зарлык чочуганынан калдастап шашып калган кишиче түр көрсөтүп, ордунан тура калды да;
- Кайдан чыга калдыңыз? Эми эле тегеректе эч ким жок эле, -деди. Маңдайында ойноктогон чоң кара ат минген кең далылуу, бети балжайган сары, көздөрү көгүш келип ойноктоп турган, бою бери дегенде эле эки метрге чукул, колдору күрөктөй жигит турду. Ичинен "Жалган Зарлык" менен беттешкенин түшүндү. -Түшүңүз улардын этин кордоп бышырып жаттым эле бышып калды -деди эпилдей.
- Түшөлү... түшөлү... Мергенчим, мергенчи дейин десем мылтыгың көрүнбөйт. Мергенчи эмес десем жегениң улардын эти. Бул кандай ушуга түшүнбөй турам.
Атынан жеңил гана секирип түшүп, ооздугун чыгарып отко кое берип жатып сүйлөп да жатты. Карабин мылтыгын өзү менен ала отту көздөй басты.
- Туура баамдапсыз. Мергенчи эмес экеним рас. Жок издеп жүргөн жай кишимин. Уларды кечөө мергенчилерге жолугуп калып шыралга сурасам берип кетишкен. - Тигил "Чын айтасыңбы" дегенсип көздөрүн кыбыңдата тикирейе тиктей кол алыша учурашып жатып колдорун кычырата катуу кыса кармап силкип койду, "күчтүү байкап кой" дегенсип.
Зарлык да колдору катуу ооруп калган кишиче өңүн бырыштырып колдорун ушалап калды. Тигил өз жоругуна өзү ыраазы боло мылтыгын арыраактагы ташка жөлөп коюп от боюна отура кетти да
- бул бир уларыңдын эти кимибизди тойгузат. Жалгыз менин да жумурума жук болбойт го.
- Пейилди ток кармасак тоебуз. Адамдын көзү эмес пейили тоюшу керек жолоочум, - деп оттогу этти одарыштырды. Тигил Зарлыкты шылдыңдагандай каткыра;
- Ха-ха-ха, сен пейлиңди тойгуз мен болсо бул этке курсакты тойгузайын. Кандай дейсиң, ыя?.. Өз сөзүн өзү кубаттап дагы каткырып алды.
- Өзүңүз мергенчисиз го?..
Зарлык астыртан суроо узатты. Кантээр экен деген эле.
- Мергенчи дейсизби?! Мергенчи болгондо да чоң мергенчи маңдайында отурат. Жаныбардан мурда адамдарга мергенчилик кылам.
- Тамашакөй көрүнөсүз...
-Тамашаны азыр тигил атыңдан айрылып жөө калганда билесиң. Анткени атың мага жагып турат. Күлүк жылкы көрүнөт. Күрөң боекко боелгон Зарлыктын көк атын кызыга карап койду. - Андан көрө этти эртерээк бышыр. Өзүң эр жүрөк көрүнөсүң. Жалгыз токой ичинде жүргөн.
- Эмнеден корком. Күндүз...
- "Зарлык" дегенди уккан жок белең?!
- Уккам. Ошол Зарлык сизби?
- Так өзү маңдайыңда отурат.
- Чын айтасызбы?
- Эмне сага документ көрсөтүш керекпи. - Үнүн каарду чыгара кекерлүү сүйлөй - Деле тилиң так неме экенсиң. Бол, этиңди эрте бышыр!
Зарлыктын чыдамы кете баштады. "Кандай кылсам пистолетти чыкыйына такап туруп басып алсамбы. Жок. Анда болбойт. Күч сынаша кетсе аюудай күрсүйгөн немеге алы жетпей калсачы. Кудайдын салганы. Кармашып көрөйүн. Муштум менен жеңип эрдемсинген немени сындырайын" деп чечти.
- Демек, канкор Зарлык мемин дечи? Үнүн көтөрө чыгарды. Тигил көздөрүн жүлжүйтө беркини тиктеп калды.
- Далай менттин башын жуткан Зарлыкмын де?
- Мен го Зарлыкмын сен өзүң кимсиң?
Алыс жөлөп койгон мылтыгы жакты карап илбирстей аяр болуп калды.
- Менин сени көрсөм дегенде эки көзүм төрт эле. Акыры кудай так өзүм күткөндөй жерден жолуктурду.
Чын Зарлык "сизден" , "сенге" өткөндө эле тиги ичтен селт эткен. Эми мылтыгын жакын албаганына өкүндү. Беркини тикирейе тиктеп кантип ушуга алым жетпесин. Бөдөнө баскандай эле "бырпыратып" баса калбаймбы деп өзүн соороткону менен, чыныгы Зарлыкка жолукканмын го деген ой башына келген сайын шалдырай түшүп жатты.
- Демек чыныгы Зарылыкка жолуксам керек?!
- Түшүнүгүң бар жигит көрүнөсүң! Зарылык кекер сүйлөдү. - Анда жолукканыбызды белгилеп бир нерсе ичпейлиби? Менин куржунумда арак бар эле, - Ордунан туруп атын көздөй басты, Зарлык үн дебеди. Мылтыгына жете бергенде эңкейип мылтыгын алайын деди эле - Ага тийбе ордунда жата берсин - деди Зарлык үнүн сүрдүү чыгара. Тигил жалт карады. Оюнда курал кезеп турат го деген. Зарлдык оттогу улардын эти менен алектенип жатыптыр. Эрдемсий түштү. Эңкейип мылтыкты алып затворун тарткыча көп болсо үч секунда өтөт.
- Мага көрсөтмө бергидей сен кайсыл кеңкелессиң. Мылтыка колу жете бергенжде "тарс" дей түштү. Карабинин унгусу быркырап курогу затвору өзүнчө чачырап кетти. Берки коркконунан бир кадам арка секирди. Тигини караса дагы деле эч нерсе болбогонсуп улардын этин отко кактап отурат. Кантип атып кайра пистолетти кантип ордуна сала койгонун көрбөй калды. Пистолеттин үнүнөн аттар чочуй кошкуруп эки жакты элеңдей карап калышты.
- Арагыңды апкеле бер. Эгер чын эле бар болсо. Жок болсо кел дасторконго отур. Улардын эти бышты...
Куржунда чын эле арагы бар экен алып келди да үнсүз от боюна отура кетти. Кандай кылып кыябына келттире кол салсам деген ой мээсин жеп жатты.
- Чындап Зарылык экениңе ишендим... үнүн пасырак чыгарды.
- Бирөөнүн атын жамынган жигитчиликке жатпайт го. Өзүң деле андай бирөөнүн атына зар болчулардан эмес көрүнөсүң. Жол болсун жигит. Деги чын атың ким?
- Эми болору болду. Чын атм Кадырбек. Арактын оозун ачты да, оттон алысыраакта турган кружкага толтура куюп туруп, өзү тартып жиберип экинчисин Зарлыкка сунду. Зарлык кружканы алып -Арак ичпегениме канча болду. Мейли ичип коелу. Жолугушканыбыз үчүн деди да мына жута берээрде берки басып жыгылыш үчүн мышыктай секирди.
Зарлык да, туура мен аракты жута баштаганда кол салат деп күткөн. Колдорун кагып ийип астынан буйтап кетти. Экөө тең секирип туруп тооруша калышты. Кадырбек Зарлык пистолетин сууруп чыгат деп күттү.
- Койнуңда курал турат. Болбосо чычкандай чыркыратат элем -деди кыжына. Зарлык боюн түзөдү да койнунан пистолетин сууруп чыгып, ок салган магазинин ажыратып бир жакка, пистолетин башка жака ыргытты да
- Мына эми сенде да курал жок менде да курал жок. Тең болдук. Эркекче кармашалы. Жеңилгенибизде арман болбосун. Кандай дейсиң?
- Баччагар ажалың менден экен. Эми мен сени тирүүлөй жейм -деди да Кадырбек жолборстой күркүрөп качырап сала берди. Катуу чуркап келаткан неменин билегинен шап кармап астыга силкип, айкидонун ыкмасы менен бутун тосо койгондо тигил үч төрт ала салып кетти.
Ордунан тура калып эмне болуп кеткенин түшүнбөй сендиректей түштү да кайра кармашууга даярданды. Жанагы жутуп айген арагы башка тарап ого бетер шерденткен менен Зарлыкты жылаңач кол менен алууга мүмкүн эмес экенин түшүнүп аяр болуп калды.
Дагы торуша келип муштум шилтеди. Бир соккусу мүрүгө тийгенде Зарлык көмөлөнүп кетти. Ыгы жок болгону менен күчү өгүздүкүндөй экенин,эгер кекиртегинен бир карматса үмүрү бошоно албасын Зарлык да түшүнүп калды.
Үч-төрт качырганга эле күшүлдөй түшкөн Кадырбек, Зарлыктын буту ээгине шак дегенде көзүнөн от учту. Буттары жерден көтөрүлө түшүп барып кулады. Кайра тамтаңдап тура калды эле бул жолу сокку чыкыйга тийди. Ордунан чимирилип кетип жыгылгыча дагы кежигеге жеди.
Эсине келсе Зарлык эки атты жанаша байлап коюп беркинин баш жагынада отурган экен. Акшырайа бир карап, чыканактап ордунан турайын деди эле кыймылдоого дарманы келбеди. Башы денесинен бөлүнүп калгансып шалдырайт. Кайра эси ооп баратканда Зарлык бетине су чачып жиберди да кружкага арактан куюп туруп кежигесинен жөлөй жуткурду.
Арак жуткандай кийин кичине кайрат күчүнө келе түштү. Ордунан очорула араң козголуп отурду да,
- Сен жеңдиң. Чыныгы жан алгыч экенсиң, - деди күңкүлдөй.
- Анда ишке өтөлү. КГБнын өкүлүсүңбү?
- Өзүм малчымын бирок КГБга агент болуп иштегеним чындык.
- Демек мени малчыларга жаман көрсөткүңөр келген экен да?!
- Мага тапшырма берилди. Аткардым... Зарлыктын өңү түктүйө түштү.
- Уурдалган мал кайда?
- Алыс деле эмес. Бир күндүк жерде токой ичинде. Бүт көзү түгөл турат.
- Жашагың келеби?
- Кимдин жашагысы келбесин.
- Анда уурдалган малды кайра айдап келесиң да бүт ээсине таратып бересиң. Өзүң Зарлык эмес экендигиңди баягы малын зордоп алып кеткендерге кайра кыдырып айтып чыгасың. Ошондо гана мен сенин күнөөңдү кечип тирүү кое берем. Жок, айтканды аткарбайт экенсиң бул жарык дүйнө менен кош айтыштым дей бер. Качам деп ойлобо. Чымчык болуп качсаң да мээңди чыгара атам. Бери кара - деди да, тээ алыскы белдин үстүндө топудай болуп көрүнүп, айланып учуп жүргөн жоруну снайперин ала коюп, мээлеп туруп басып калды эле жору калдактап ылдый кулады. - Мен сени менен кошо жүрбөйм. Артыңдан акмалайм. Бүт зордоп тартып алган, уурдап алган малыңды тартып бүткүчө көлөкөдөй ээрчийм. Мен айтканды толук аткаргандан кийин дагы бир жолугуп арак ичишебиз. Калган сөздү ошондо сүйлөшөбүз. Азыр болсо куржунуң толо тамак-аш, арак экен. Кекиртегиңди катуу сыйлайт окшойсуң баарын мен алып калдым. Сөз бүттү. Сенин айтарың барбы? Берки үн дебеди. Зарлык колундагы бычакты айланта ыргытып кичине тиктеп турду да:
- Сөзүң жок босо жөнө - деди буюра. Кадырбек ордунан тамтаңдай араң туруп атына асылып жатып араң минди. Зарлыктын жанынан кичине узаганда эле жүрөгү айланып ат жалынан ашыра-ашыра кусту. Башы кенгиреп көңдөй калгансып эч нерсе ойлой албады. Башка катуу сокку жеп калган эле.
Күнү кечке, түнү таң аткыча жүрүп отуруп үйүнө жеткенде аттан араң ооп түшүп, атын мамыга аса байлады да үйүнө кирип босогодон өтүп эле кулады.
Бир кезде аялы жулкулдатканда араң көзүн ачты.
- Аракты ушунча ичесиңби. Иттерди эмне атып салдың?
- Эмне?.. эмне дейсиң?! Ордунан секирип туруп эшке атып чыкса эки дөбөтү эки жерде тороюп жатат. Ок экөөнүн тең көздөрүнө тийиптир.
"Зуу" деген үн чыгып мамыдагы атынын чылбыры чырт кесилди. Эки жагын элтеңдей карап, кырдан чыгып турган атчанды көргөндө эсине келе түштү. Мылтыгына "глушитель" тагып коюп, иттерди Зарлык жайлаганына түшүндү. Жүрөгү лакылдап чыкты. Көз алдына бирде ээгине, бирде чыкыйына шуу, шуу деп кадалган Зарлыктын буттары тартыла түштү.
- Жан алгыч.. түкүрүнүп алды. Шаша үйүнө кирип - Катын чаначка кымыз куюп баштыка нан сал. Мен баягы жылкыларды бир жакка жеткиришим керек.
- Куржунуң кайда ботом?
- Куржунду эмне кыласың энеңди...тез кыймылда...
- Сураса да болбойбу...
- Ме сага сурайсың..! Катынын "былч" дедире көчүкө тээп калды эле күйөөсүнүн сырын жакыш билген тигил ссыртка учуп чыкты да, тилин тартпай:
- Өлүк канаңды көрөйүн бутуна шал тийгир. Көрүнгөн жерде аракка тоюп жүрүп келип мени тебет...
- Энеңди.. азыр жаагыңды сындырам. Күйөөсү эшке чыкканда катына үйдү айлана качты. Чуудан ойгонгон кыздар балдарынын улуулары эмне болуп кетти дешип алайышса, кичүүлөрү:
- Апа-а, апаке! деп чыркырап ыйлап киришти.
- Энеңди.. канчык сени келгенде териңди тескери сыйрам. Шашпай тур, - деп саксактап ары качкан аялына камчысын кезей атына ыргып минди да, малды камоого алган төрдү көздөй жөнөдү.
Эки аты ыргыйдай болуп жүрбөй калгыча жаны тынбай чапкылап жүрүп, баягы алган малын бүт тартып чыкты. Бир семиз бээ союлуп кетти эле ордуна өзүнүн семиз бээсин берди. Бүт салды тартып бүткүчө Зарлык улам бир кырдан көрүнүп, көлөкөкдөй ээрчип артынан калбады.
"Эми бүттүм" деп үйүнө келатканда астынан чыкты. Көздөрү кызарып карышкырдыкындай болуп кетиптир. Кан ичмеси кармаган экен өлтүрөт окшойт, деген ой Кадырбектин башына келгенде боюнан тер кетип, муундары калчылдады.
- Кана, Кадырбек арак ичелиби? - деди Зарлык атын бура тартып.
- Жок, мен арак ичпей калдым..
- Эмнеге?..
- Билбейм. Арактан пайда жок экен.
- Аның туура.
- Малды бүт тараттым. Бирин да калтырган жокмун.
- Чынбы?!
- Чын! Кудай турат. Калп айтсам балдарымдын күнүн көрбөй калайын.
- Ии - им. Арак ичпесең эмнени сүйлөшмөк элек. Мындан ары бирөөнүн атын сатканыңды токтотоорсуң?
- Токтотом. КГБсына агент болгонумду да токтотом. Жөн эле жылкымды кайтырып балдарымды багып күн өткөзөм.
Зарлык үнсүз астыдагы мылтыгыны кундагын чапкылап койду да:
- Мейли кете бер, - деди кекерлүү.
Жүрөгү зыркыраган Кадырбек бурулсам эле атат го деген ойдо калтырай:
- Балдарым жаш...
- Эсиңден чыгарба, мен эч убакта аркасынан атпайм. Атсам маңдайынан атам...
- Мен кеттим... кеттим...
Кчине узай бергенде Зарлык кыйкырда;
- Кадырбек..! берки атын тык токтотту. Бурулсам эле көзүмө ок кадалат го деп ойлой денеси өлүк болуп калды. - Кадырбек катыныңды көп урат окшойсуң. Ал өз ишиң дечи ошондо да катынды сабай бериш жакшы эркектин иши эмес...
Берки үн чыгарууга дарманы жетпеди. Үңкүйгөн бойдон атын теминди. Кийин эки жылдан ашык түшүнөн чоочуп ойгонуп, бакырып тура калып жүрдү. Жан деген кандай таттуу экенин. өмүрдүн кымбаттыгын түшүнүп "Мен деген дөөмүн. Ачуум келгенде мыжыгып коем" - деп дүкүлдөгөнү калып, жибектей созлуп үй-бүлөгө камкор ата болуп чыга келгенине эмне себеп болгонун түшүнбөгөн аялы "Күйөөмдүн көзүнө тоодон жан алгыч көрүнүптүр. Ошондон бери ичкени да калды. Мени урганы да калды. Бирөөнүн ишине кылдай кара санабайт. Бирок катуу коркуп калса керек "Жан соого... жан алгыч келдиңби" - деп бакырып түшүнөн чоочуп көп ойгонот", деп айтып жүрдү.
ХХХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Бетеге бышып уруктап, кырлар күн сайын аздан сары боек сүйкөнүп эртели кеч дене чыйрыктырган жел жүрүп күз белгиси тоолорго өзүнүн кабарын бере баштады. Кыргыздар муну "шум кула чыкты суук келет" деп коюшат. Шум кула деген жарыктык учу көгүш өзү боз отоо чөп. "Шум кула" көп чыккан жердин чөбүнүн даамы кетип мал андай жерге жайылбай качат.Эгер огородко чыкса картошкаң болобу, памидоруң болобу даамы супсак тартып кетет. Көрсө бул отоо чөп башка чөптөрдүн, жашылча өсүмдүктөрдүн даамын соруп жашайт тура.
Акыркы кездерде жамгыр жааса жаан этеги мөндүрлөп да кетчү болду. Улам бир калың токойду паналап тоо кезген Зарлыктын тиричилиги оорлоп кетти. Жалган Зарлыктар Кадырбек менен эле бүтө калбады. Улам бир жерден чыгып торпок жоголсо да Зарлыктан көрө башташты. Анткени"Зарлык алып кетти" деген ушактар малчылар арасын тынымсыз аралап жүрдү.
Малчылар Зарлыкты мурдагыдай бийликтегилер менен тиреше кетип кор болуп качып жүргөн мусапыр катары карашпай ууру-кескидей көрүп сактанып, ал түгүл коркушчу болду. Ал түгүл эби келсе атып салууга да даярлар четтен чыгарын жакшы билген Зарлык малчылардын көзүнөн алыс болууга аракеттенип карышкырдын жашоосуна өттү.
Атын бөксөдөгү чер токойдун арасына отоого коеберип, өзү кырдагы асман тиреген карагайдын астында улам туш тарапка шектүү эч нерсе көрүнбөйбү дегенсип көз салып коюп жаткан эле. Коңшу кырдан чыга калган эки атчанды көргөндө дүрбүсүн ала коюп карагыча шашты. Көргөндө эле Элүүбай менен баягы топозчу Нарынбек экенин жазбай тааныды.
"Буларды кайсыл шамал мынчалык алыскы жайлоого айдап келди" деп тынчсыздана ойлонду. Аркасынан аңдыгандар жокпу деп ордунан кыймылдабай жата берди.
Тигилер туу белге токтошуп аттарын отко кое берип коюп бир чай кайнамдан ашык туш-тарапка дүрбү салып отурушту. Кейпи Зарлык ушул тоолордун бир жеринде болсо бизди көрсүн дешип шашышпады окшойт.
Далайда барып кайра аттанышты да ойдогу токойдун четине келгенде түшүп аттарын жайдактап тушап кое беришип, өздөрү отун чогултуп ушул бөксөгө конууга жайгаша башташты.
Зарлык күн кечтеп күүгүм кигиче ордунан жылбай дагы бөлөк шектүү караан көрүнбөс бекен деп жата берди. Экөөнүн артынан аңдыган эч ким жок экенине көзү жеткенден кийин гана ордунан туруп төмөн түшүп жөнөдү.
... Үчөө сагынышкан бир туугандардай кучакташып көрүшүштү. Зарлыктын өңдөн азып жүдөп кеткенин көрүп Элүүбай ичинен кейиди. Сакал муруту өсүп көйнөктөрүнүн жакасынан бери кир болуп өзүнүн да жаак эттери шимилип арыктай түшүптүр. Көздөрүнүн чөнөгү чункурайып баягы жанып турган нуру өчүп жансыз болуп калган. Барына кайыл болгонсуп кайдыгер карайт. Ал түгүл көк аты да арыктап сүмбөдөй болуп калыптыр. Али күз келип суук түшө электеги булардын кейпин көрүп Элүүбай "Чөп катып мал төмөндөй электиги кейиптери бул кышта кантмек" деп ичтен ойлоп койду.
- КГБнын өкүлдөрү мени малчыларга жеткен ууру кески кылып жаман атты кылып бүтүштү. Чычкан улагы жоголсо да малчылар менден көрүшчү болду. Кудай турат ушул кезге чейин бир малчынын бир козусуна да тийген жокмун. Тийбейм дагы. Ачкадан өлсөм өлөм бирок бирөөнүн малына тийбейм. Бирок мындай оюмду бүт малчыларга түшүндүрө албайт экенмин да...
- Туура Заке, сен жөнүндө малчылар арасында укмуш ушактар тарап кетти. Сырыңды билген биз ишенбеген менен эл ишене берет экен. Ошондуктан Нарынбек экөөбүз атайы издеп чыктык. Сени издегенибизге туура эки жума болду. Тапайт ойшойбуз деп түңүлө да баштаган элек.
- Бүгүн ушул жерге конуп эки-күн өрү болуп аң уулап сизди карйлы болбсо кайра тарталы дегенбиз - деп кепке Нарынбек да кошулуп койду.
- Өткөндө бирөөлөрдөн уктук "Качкын бир малчынын жаш кызын зордуктап коюптур" деп. Сураштыра келсек дегеле андай окуя эч жерде болбоптур. Көрсө ушак экен. " Биздин жайлоого келсе өзүбүз эле атып салабыз" деген малчылар да бар.
- Андайларды өзүм да жолуктурдум. Менин атымды саткан жалган Зарлыктарды да жолуктурдум.
Мурутунан күлө жакында эле өзү күбөө болгон бир окуяны айтып берди.
Беш малчы бирөөнүн колун аркасына байлап жөө айдап баратканын көрүп, иштин жайын боолоп түшүндүм да астыларынан чыктым.
Көрсө менин атыма жамынган бир берээн бирөөлөрдүн жылкысын уурдап келатканда артынан кууп келишип атын атып салып өзүн кармап алышыптыр. Анча-мынча ур-токмокко алышса тигил "Жалган Зарлыкмын КГБынын тапшырмасын аткарып жүрөм. Өлтүрө көрбөгүлө" деп боздогон экен. Кууланып бизден кутуулунун амалы кылып жатат деп ишенишпей астыларына салып айдап алышкан экен.
- Бул бир байкуш экен мунун кое бергиле. Чыныгы Зарлык менмин. Мен малчылардын кылына кара санабайм. КГБ силерге мени жаман көрсөтүш үчүн ушинтип агенттерин иштетип жатат- десем ден дароо болуп ишенишпейт. Бирөөсүн камчыңды өйдө көтөрчү десем көтөрбөдү. Башын быркырата атсам бүлдүргөсү ыргып кетип колундагы сабы калды эле бары шак ишеништи.
"Жалган Зарлыкты мага бергиле өзүм жазалайын" десем баягы баатырым тигилерге жалдырайт" Мени буга бергиче милицияга алпарып өткөргүлө" деп. Мунуңарды жазалап эмне кылайын. Силерди бекер убара болбосун деп астыңардан чыктым дедим да бастырып кеттим. Мен кеткенден кийин бир топко өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту да тигини жөө таштап бешөө чапкан бойдон кетишти эле берки жалган Зарлык менин колума түшүп калам дедиби төмөн карай декилдеп чуркаган бойдон кетти.
- Аны айтсаң биз жака да жалган Зарлыктын бирөөсү бара калган экен "Ой биз деген Зарлыкты жакшы тааныйбыз. Сен эмне атын сатып жүрөсүң" деп балдар кармап алып куралын тартып алып, өзүн сабап туруп кууп жиберишиптир - деди Элүүбай үшкүрө.
- Ошентип мага малчылардын көзүнө көрүнүш оор болуп калды. Зарлык көсөө менен аргасы кеткенин билгизе тунжурай от чукуду.
- Биз сени издеп чыккан себебибиз да абалыңдын оорлшуп кеткенин түшүнгүнүбүздөн, анын үстүнө минтип күн да сууктап келатат...
Эмне айтмакчысың дегенсип Зарлык Элүүбайды бир тиктеп алды да ойлуу кулак төшөп отурду.
- Малчылардын, Союздук республикалырдын слетуна эки жолу чогуу болгон казак досум бар эле. Ошону эстедим. Өзү кой багат. Жайкысын чөлгө кетишип күздө кыштоолоп келчү эле. Мен ошонун дарегин берейин. Сен Казакстанга өтүп кет. Ал болсо сени киши карага койчум деп коюп кыштан чыксаң жайында Каракалпактарга кеткениң оң. Ал жакта да тааныш койчуларым бар. Алар чөл кезип жүрө беришет экен. Сен кимсиң деп сураган киши болбойт дейт.
- Элүүбай байкем туура айтат. Казактарга өтүп анан алар чөлгө көчкөндө кошо кетип андан ары кара калпактын жылкычыларына кошулуп кеткениңден башка жол жок. Кыргызга батышың кыйын болуп калды, - деди Нарынбек коштой.
Зарлыктын жүрөгү сайгылашып ооруп чыкты. Тиштенип чымыркана тигилерге билгизбей оорусун жашырып отурду.
Акыркы күндөрү ушинтип жүрөк оорусу тез-тез кармачу болду. Түнкү караңгылыкта Зарлыктын өңү купкуу болуп эриндери көгөрө түшкөнүн жанында отургандар байкашкан жок.
Элүүбайлар Зарлык менен аң уулап эки күн чогуу болушту . Бир чети аттарын өрү кылышты. Кетип жатканда Элүүбай казак досунун дарегин кайта-кайта эскертип, кудай буюрса кышта машине менен барып кабарын аларын айтып кетти. Эки дос кучакташып коштошушту. Экөө тең каректерине түшкөн жашты көрсөткүлөрү келбей тескери карашты.
Зарлыктан алыс узагандан кийин Элүүбай:
- Кайран жигит. Кудай маңдайына жалаң түйшүктүү жазган экен деп койду.
- Нарынбектин билгени "Зарлык чарбанын башкармасы менен уруша кетип башын жара атып качып кетиптир" дегенди гана уккан. Башкасын билчу эмес.
- Башкарманы атпай эле кызматынан бошоп кете берсе болмок экен... деди атын темине.
- Ээ Нарынбек иним ошого жеткиргендир да.. деп койду Элүүбай үшкүрө. Зарлык жаңы качып келгендиги түн. Ошондогу Зарлыктын окуяны болгонун болгондой айтып бергени эсине түштү.
ХХХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Бетеге бышып уруктап, кырлар күн сайын аздан сары боек сүйкөнүп эртели кеч дене чыйрыктырган жел жүрүп күз белгиси тоолорго өзүнүн кабарын бере баштады. Кыргыздар муну "шум кула чыкты суук келет" деп коюшат. Шум кула деген жарыктык учу көгүш өзү боз отоо чөп. "Шум кула" көп чыккан жердин чөбүнүн даамы кетип мал андай жерге жайылбай качат.Эгер огородко чыкса картошкаң болобу, памидоруң болобу даамы супсак тартып кетет. Көрсө бул отоо чөп башка чөптөрдүн, жашылча өсүмдүктөрдүн даамын соруп жашайт тура.
Акыркы кездерде жамгыр жааса жаан этеги мөндүрлөп да кетчү болду. Улам бир калың токойду паналап тоо кезген Зарлыктын тиричилиги оорлоп кетти. Жалган Зарлыктар Кадырбек менен эле бүтө калбады. Улам бир жерден чыгып торпок жоголсо да Зарлыктан көрө башташты. Анткени"Зарлык алып кетти" деген ушактар малчылар арасын тынымсыз аралап жүрдү.
Малчылар Зарлыкты мурдагыдай бийликтегилер менен тиреше кетип кор болуп качып жүргөн мусапыр катары карашпай ууру-кескидей көрүп сактанып, ал түгүл коркушчу болду. Ал түгүл эби келсе атып салууга да даярлар четтен чыгарын жакшы билген Зарлык малчылардын көзүнөн алыс болууга аракеттенип карышкырдын жашоосуна өттү.
Атын бөксөдөгү чер токойдун арасына отоого коеберип, өзү кырдагы асман тиреген карагайдын астында улам туш тарапка шектүү эч нерсе көрүнбөйбү дегенсип көз салып коюп жаткан эле. Коңшу кырдан чыга калган эки атчанды көргөндө дүрбүсүн ала коюп карагыча шашты. Көргөндө эле Элүүбай менен баягы топозчу Нарынбек экенин жазбай тааныды.
"Буларды кайсыл шамал мынчалык алыскы жайлоого айдап келди" деп тынчсыздана ойлонду. Аркасынан аңдыгандар жокпу деп ордунан кыймылдабай жата берди.
Тигилер туу белге токтошуп аттарын отко кое берип коюп бир чай кайнамдан ашык туш-тарапка дүрбү салып отурушту. Кейпи Зарлык ушул тоолордун бир жеринде болсо бизди көрсүн дешип шашышпады окшойт.
Далайда барып кайра аттанышты да ойдогу токойдун четине келгенде түшүп аттарын жайдактап тушап кое беришип, өздөрү отун чогултуп ушул бөксөгө конууга жайгаша башташты.
Зарлык күн кечтеп күүгүм кигиче ордунан жылбай дагы бөлөк шектүү караан көрүнбөс бекен деп жата берди. Экөөнүн артынан аңдыган эч ким жок экенине көзү жеткенден кийин гана ордунан туруп төмөн түшүп жөнөдү.
... Үчөө сагынышкан бир туугандардай кучакташып көрүшүштү. Зарлыктын өңдөн азып жүдөп кеткенин көрүп Элүүбай ичинен кейиди. Сакал муруту өсүп көйнөктөрүнүн жакасынан бери кир болуп өзүнүн да жаак эттери шимилип арыктай түшүптүр. Көздөрүнүн чөнөгү чункурайып баягы жанып турган нуру өчүп жансыз болуп калган. Барына кайыл болгонсуп кайдыгер карайт. Ал түгүл көк аты да арыктап сүмбөдөй болуп калыптыр. Али күз келип суук түшө электеги булардын кейпин көрүп Элүүбай "Чөп катып мал төмөндөй электиги кейиптери бул кышта кантмек" деп ичтен ойлоп койду.
- КГБнын өкүлдөрү мени малчыларга жеткен ууру кески кылып жаман атты кылып бүтүштү. Чычкан улагы жоголсо да малчылар менден көрүшчү болду. Кудай турат ушул кезге чейин бир малчынын бир козусуна да тийген жокмун. Тийбейм дагы. Ачкадан өлсөм өлөм бирок бирөөнүн малына тийбейм. Бирок мындай оюмду бүт малчыларга түшүндүрө албайт экенмин да...
- Туура Заке, сен жөнүндө малчылар арасында укмуш ушактар тарап кетти. Сырыңды билген биз ишенбеген менен эл ишене берет экен. Ошондуктан Нарынбек экөөбүз атайы издеп чыктык. Сени издегенибизге туура эки жума болду. Тапайт ойшойбуз деп түңүлө да баштаган элек.
- Бүгүн ушул жерге конуп эки-күн өрү болуп аң уулап сизди карйлы болбсо кайра тарталы дегенбиз - деп кепке Нарынбек да кошулуп койду.
- Өткөндө бирөөлөрдөн уктук "Качкын бир малчынын жаш кызын зордуктап коюптур" деп. Сураштыра келсек дегеле андай окуя эч жерде болбоптур. Көрсө ушак экен. " Биздин жайлоого келсе өзүбүз эле атып салабыз" деген малчылар да бар.
- Андайларды өзүм да жолуктурдум. Менин атымды саткан жалган Зарлыктарды да жолуктурдум.
Мурутунан күлө жакында эле өзү күбөө болгон бир окуяны айтып берди.
Беш малчы бирөөнүн колун аркасына байлап жөө айдап баратканын көрүп, иштин жайын боолоп түшүндүм да астыларынан чыктым.
Көрсө менин атыма жамынган бир берээн бирөөлөрдүн жылкысын уурдап келатканда артынан кууп келишип атын атып салып өзүн кармап алышыптыр. Анча-мынча ур-токмокко алышса тигил "Жалган Зарлыкмын КГБынын тапшырмасын аткарып жүрөм. Өлтүрө көрбөгүлө" деп боздогон экен. Кууланып бизден кутуулунун амалы кылып жатат деп ишенишпей астыларына салып айдап алышкан экен.
- Бул бир байкуш экен мунун кое бергиле. Чыныгы Зарлык менмин. Мен малчылардын кылына кара санабайм. КГБ силерге мени жаман көрсөтүш үчүн ушинтип агенттерин иштетип жатат- десем ден дароо болуп ишенишпейт. Бирөөсүн камчыңды өйдө көтөрчү десем көтөрбөдү. Башын быркырата атсам бүлдүргөсү ыргып кетип колундагы сабы калды эле бары шак ишеништи.
"Жалган Зарлыкты мага бергиле өзүм жазалайын" десем баягы баатырым тигилерге жалдырайт" Мени буга бергиче милицияга алпарып өткөргүлө" деп. Мунуңарды жазалап эмне кылайын. Силерди бекер убара болбосун деп астыңардан чыктым дедим да бастырып кеттим. Мен кеткенден кийин бир топко өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту да тигини жөө таштап бешөө чапкан бойдон кетишти эле берки жалган Зарлык менин колума түшүп калам дедиби төмөн карай декилдеп чуркаган бойдон кетти.
- Аны айтсаң биз жака да жалган Зарлыктын бирөөсү бара калган экен "Ой биз деген Зарлыкты жакшы тааныйбыз. Сен эмне атын сатып жүрөсүң" деп балдар кармап алып куралын тартып алып, өзүн сабап туруп кууп жиберишиптир - деди Элүүбай үшкүрө.
- Ошентип мага малчылардын көзүнө көрүнүш оор болуп калды. Зарлык көсөө менен аргасы кеткенин билгизе тунжурай от чукуду.
- Биз сени издеп чыккан себебибиз да абалыңдын оорлшуп кеткенин түшүнгүнүбүздөн, анын үстүнө минтип күн да сууктап келатат...
Эмне айтмакчысың дегенсип Зарлык Элүүбайды бир тиктеп алды да ойлуу кулак төшөп отурду.
- Малчылардын, Союздук республикалырдын слетуна эки жолу чогуу болгон казак досум бар эле. Ошону эстедим. Өзү кой багат. Жайкысын чөлгө кетишип күздө кыштоолоп келчү эле. Мен ошонун дарегин берейин. Сен Казакстанга өтүп кет. Ал болсо сени киши карага койчум деп коюп кыштан чыксаң жайында Каракалпактарга кеткениң оң. Ал жакта да тааныш койчуларым бар. Алар чөл кезип жүрө беришет экен. Сен кимсиң деп сураган киши болбойт дейт.
- Элүүбай байкем туура айтат. Казактарга өтүп анан алар чөлгө көчкөндө кошо кетип андан ары кара калпактын жылкычыларына кошулуп кеткениңден башка жол жок. Кыргызга батышың кыйын болуп калды, - деди Нарынбек коштой.
Зарлыктын жүрөгү сайгылашып ооруп чыкты. Тиштенип чымыркана тигилерге билгизбей оорусун жашырып отурду.
Акыркы күндөрү ушинтип жүрөк оорусу тез-тез кармачу болду. Түнкү караңгылыкта Зарлыктын өңү купкуу болуп эриндери көгөрө түшкөнүн жанында отургандар байкашкан жок.
Элүүбайлар Зарлык менен аң уулап эки күн чогуу болушту . Бир чети аттарын өрү кылышты. Кетип жатканда Элүүбай казак досунун дарегин кайта-кайта эскертип, кудай буюрса кышта машине менен барып кабарын аларын айтып кетти. Эки дос кучакташып коштошушту. Экөө тең каректерине түшкөн жашты көрсөткүлөрү келбей тескери карашты.
Зарлыктан алыс узагандан кийин Элүүбай:
- Кайран жигит. Кудай маңдайына жалаң түйшүктүү жазган экен деп койду.
- Нарынбектин билгени "Зарлык чарбанын башкармасы менен уруша кетип башын жара атып качып кетиптир" дегенди гана уккан. Башкасын билчу эмес.
- Башкарманы атпай эле кызматынан бошоп кете берсе болмок экен... деди атын темине.
- Ээ Нарынбек иним ошого жеткиргендир да.. деп койду Элүүбай үшкүрө. Зарлык жаңы качып келгендиги түн. Ошондогу Зарлыктын окуяны болгонун болгондой айтып бергени эсине түштү.
ХХХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Зарлыктын чабага башкы инжинер болуп иштегенине төрт жылдан өтүп, иштин көзүн билип түн уйкудан күн тынымдан кетип иштеп жүргөн кезинде, чарба жетекчиси чоңоюп башка районго которулуп кетип ордуна жаңы жетекчи келди.
Иштебеген кызматы калбаган өзү эмгектин баатыры, жашы бир топко барып калса да күпүлдөп сөгөнгөнү көп, сый-урмат дегенди кызматы чоңдорго кана көрсөтүш керек, колхозчуларды болсо кулдай кууруп айдасаң жарашат деген принципте иш алпарган неме болуп чыкты.
Мурдагы иштеген чоң ордунан былыктары чыгып төмөндөп келиптир. Силер башкарма кылып аласыңарбы, албайсыңарбы деп да сураган киши болбоду. Райком ээрчитип келди да "Мына силердин жаңы башкармаңар. Иштеше бергиле. Башкысы планды үзбөй аткаргыла" -деп да кетте берди.
Чарба бай да эмес, кедей да эмес ортозар болчу. Зарлык мурдагы башкармага да нечен айтып, "механизаторлордун эмгек акысын көбөйтүшүбүз керек эле. Күн чыккандан , күн бакыча иштешет. Жумуш оор. Алган айлыктары өтө төмөн" деген сайын "Сизди түшүнөм. Сөзсүз биринчи мүмкүнчүлүктө механизаторлордун эмгек акысын көтөрөбүз" деп тил эмизип коюп жүрүп, чоңоюп кете берди. Кеткенде да жөн кетпей туура кетеринде механизаторлордун айлыгын эки эсеге көбөйткөн чечим чыгарып кетти, Зарлык култуңдап кубанып механизаторлорго сүйүнчүлөп бүтө электе жаңы башкарма ал чеимиди жараксыз деп таап, жыргатмак түгүл эмгек акыны мурдагыдан да төндөтүп ал түгүл көпчүлүк механизаторлордун жылдыкка ала турган сыйлыктарынын жарымысын кырктырып таштады.
Зарлык жекече да, парторг, прафком болуп кирип айтса да укпады. Укмак түгүл кабинетинен кууп чыгып сүйлөшпөй койду.
Бирични күнү келгенде эле айткан "Мени менен иштешкиңер келсе, менин айтканым айткан, дегним деген. Жок андай эмес десеңер иштен бошоп кетет бергиле" деп.
Буга чейин ар кимиси өз тармагына жооп берип, иштин ыңгайына жараша иштешсе, эми жаңы башкарма эмне десе ошону гана жасап калышты.
Эгер ал эч нерсе айтпай кетсе колду куушуруп отура беришет.
Бир жолу машиналар бош туруп калганынан бекер тургуча акча таба берели деп райондун бир ишканасы жакыш төлөп берем дегенинен көмүр тартууга Зарлык өзү билип жөнөтүп жиберсе башкарма келери менен өкүрүп-бакырып, урушуп базага барып, көмүр жүктөп жаткан машиналарды кайра көмүрлөрүн түшүртүп кубалатып келди. Мына ошондо экөө аз жерден мушташа кете сакташты.
- Бул жерде мен кожоюнмун. Мен чечем эмне кылышты деп өкүргөндө
- сен кожоюн эмессиң. Колхоз сенин жеке менчигиң эмес. Биз да өз ишибизге жооп беребиз - деди Зарлык.
Экөө тең орундарынан тура калып жулунушканда ортого түшкөндөр ажыратып калышты. Ошондон баштап тирешүү күчөдү. Жолуккан жерден бири-бирнен тил тартышпайт.
Колхоздун чоң жыйналышында элдин көзүнчө сөгүшкөнгө чейин жетишти. Элдин алдына чыгып жаңы башкарма механизаторлордун эмгек акысын төмөндөтүрүп, ал түгүл айрымдарынын сыйлыгынан бери кыскартып таштаганын ачык айтты эле.
- Сен эмне элди мага каршы үгүттөп жатасың. Түш трибунадан. Керек болсо сенин башкы инженер болгонго да акың жок. Коммунист эмессиң. Эртең иштен кетирип колхоздон чыгарам. Кирген үйүңдөн кууп чыгам"- деп күпүлдөгөндө Зарлык да тилин тартпады. Эл дуулдап Зарлыкты колдоп кетти.
Жыйналыш аягына чыкпай токтоп калды. Башкарма районго чапкылап барып, райкомдун биринчиси, исполкомдун председателин баш кылып чоңмун дегендерди бүт ээрчитип келди да " Колхоздо же бул иштесин же мен иштейин" деп ультуматум койду.
Райком "Эмне үчүн элди башкармага каршы үгүттөйсүң. Партиянын кызыкчылыгына каршы иш жүргүзөсүң, түштүң кызматыңан! " - деди.
- Кайсыл күнөөм үчүн? деди эле:
- Күнөнү керек болсо таап коебуз. Керек болсо кесилип да кетесиң. Мына прокурор, начальник милиция экөө тең отурат, керек болсо азыр алпарып каматып да коебуз. Эмне колуңдагы техниканын бары тең ойдогудай дейсиңби. Күнөө тапкыбыз келсе табылат. Таң аткыча эле бир машина жоголуп кетиши мүмкүн. Сенин күнөөңдөн! - деди демитип. Зарлыктын сөзүн укмак түгүл сүйлөтпөй да коюшту.
Эртеңден баштап ишиңди башкарма тандаган кадрга өткөр. Эгер чарбада калып үй-жайыңдан айрылыгың келбесе башкармадан кечирим сурап тил табыш. Балким шоферлук кызмат берер дешип шылдыңдап күлүп кетет беришти.
Зарлык өмүрүндө мынчалык ызаланбаса керек. Башкарма менен тиреше баштаганда эле мектептин директору орун жок деп аялын мугалимдик жумуштан чыгарып жиберген. Ансыз да "Сенин чесныйлагың өттү. Же элдей жыргатып кийим кийбейбиз. Же курсак тое тамак ичпейбиз. Качан болсо түрткүндүбүз" деп жүргөн аялы эки баласын ээрчитип төркүнүнө баса берген болчу.
Үйүнө келди да муздак дубалга сүйөнө шалдырап отуруп калды. "Эй көк мээ сен ким менен тирешкени жүрөсүң, Сендейлер үчүн мына мен мыйзаммын. Менин айтканым мыйзам" деген башкарманын кекерлүү үнү кулагына жаңырып жатты.
Райондон келгендер кичине болсо да мыйзамды сактап "Кой бул өзү үчүн жанталашып жаткан жок го Механизатолордун эмгегин да баалаш керек. Бул ишти ойлонуп чечели. Комиссия түзөлү" деген калыс сөзүн айтат го деп ойлогон. Жок дегенде " Бул жетекчи менен иштеше албасаң башка чарбага которолу. Кантсе да райондо дайыма биричиликти алган мыкты инженерсиң. Сыйлыктарың да бар" дешет деп күткөн. Көрсө "Мага өчөшкөң келет ээ. Көрөсүң күчүктөй кыңшылатып, чөөдөй улутам. Мен турганда Кыргызстандан сага эч ким жумуш бербейт" деген башкарманын сөзү чын турбайбы.
Канчага шалдырап отурду билбейт. Бир кезде чарбага жаңы иштеп келген зоотезхник жигит кирип келди. Киргенде эле мас экенин билди. Тамтаңдап араң басат. Көздөрү кызарып кеткен. Койнунда бир шише арагы бар экен. Алып чыгып стол үстүнө койду да;
-Кел байке ичели. Сиз менен бүгүн ичким келип турат- деди. Зарлык үнсүз туруп эки стакан алып чыгып, шкафтан закуска кылгыдай каткан нан да таппай койду да оозгу үйдөн сузгуга суу сузуп келди. Адатынча жигитти үнсүз тунжурай тиктеп койду. Ичтен сүйлөгөндү жакшы көрчү. Бул жолу да ичтен сүйлөдү. "Жүрөктөгүнү арак менен жууй албайбыз го. Ичпей эле койсок кантет" деди да кайра үнүн чыгарып:
- Эй жигит бул дүйнөдө чындык чыркырап көп жеңилерин мурда деле билчүмүн, бирок бүгүнкүдөй кор болорума акылым жетпептир -деди.
- Кел байке ичели - деди тигил жигит булдуруктай. Ал ичиндеги арманын айта албай өзүнчө кыжынып жатты. Жигиттин өңдүү колуктусу бар болчу. Жаңы башкарма келгенине бир ай өтө электе жаңы эле сырттан окуп жүргөн жаш келинди башкы экономист кылып койду да районго отчетко барабыз деп эки күндүн биринде машинансына салып кетчү болду.
Айыл ичинде экөө соо эмес деген аңыз сөз жүрүп кеткенин Зарлыктын да кулагы чалган. Кырлуу стакан менен толтура куюп туруп туртып жиберишти. Аркасынан суу жутуп куюшту.
- Байке жанагы акмак үй-бүлөмдү база турган болду. Сиздин аялыңызды да мектептин директорун кокуртуп жумуштун чыгарткан ошол. "Эгер муну жумуштан кетирбесең өзүң жоголосуң" дептир. Жогор жакта таанышы көп, акчасы көп болсо эле ушинтип кудайын тааныбай калабы энеңди деп сөгүнө ыйлап ийди.
- Кой эркек кантип ыйласын - деди берки. Башка эмне кайрат айтарын билбеди. Оозуна келген сөз ушул болду.
- Эркек... эркек... Сиз экөөбүз да эркекпизби байке... Сизди тигил менин катыныма кошуп калаганындай. .. тамтаңдай ордунан туруп басам деп бурчка кулап түштү да жыгылган жеринен эки жолу турам деп тура албай анан уктап калды.
Зарлык арактын калганын ичейин деп кол сунуп барып ичпеди. Ордунан туруп төркү үйгө кирип төрдөгү сандыкты ачты. Сандыктын ичиндеги атайын жасалган жыгач кутуда снайпер мылтыгы бар болчу. Жан адамга көрсөтпөй катып жүрчү. Алып чыкты да шашпай отуруп, май менен майлап кураштырды. Мылтык кармаганды сагынып калыптыр. Тим эле колдору ыпылдайт. Бир чечимге келгенине көңүлү ачылып, ал түгүл ичинен ырдап да жатты. Анан тоого аң уулаганда кийүүчү кийимдерин кийди. Короосундагы жалгыз байлыгы болгон көк чаар атын токуп мингенде жылдыз толуп түн ортосунан ооп калган.
Жаңы башкарма иштегенине беш ай болсо да үйүн көчүрүп келбей айылдын четиндеги чоңдор үчүн курулган мейманканада турчу.
Зарлык мейманканага келгенде короолчу уктап калыптыр. Айлана тынч экен. Короолчунун ити Зарлыкты таанып үргөн да жок. Түз башкарма жаткан бөлмөгө кирип барды. Эсиргени ушунча эшигин да ичинен бекиткен эмес экен. Менин үстүмө батынып ким кире алат десе керек.
Зарлык кирип барганда зоотоехниктин жаш аялы экөө светин да өчүрбөй махабаттын кумарына аябай кызуу батып жатышыптыр. Үстүлөрүндөгү шейшеп жерге түшүп кийимдери чачылган. Эшик ачылгандагы дабышка баш көтөрбөй туруп "Чык энеңди... Эшикти сыртынан жап" - деди. Эркектин асытнан башын чыгарган аялдын көзү чакчая буттарын тыбыратты. Тыбыраган катындын үстүнөн туруп "Энеңди... сен ким... деген берки Зарлыктын колундагы мылтыкты көргөндө өңү бозоро түшүп кичинеге үнсүз тиктешти. Зарлык затворду тартып мылтыкты көтөрдү.
- Эй.. эй акмак болбо.. кепке келели... деп булдуруктай ордунан очорулуп айласы кеткендей жерге түшүп калган шейшебин издеди. Аял болсо өң-алеттен кетет тигинин аркасына жашынды. Үйдөгү каңыл жарды жарган тердин жыты Зарлыктын кыжырын ого бетер келтирди. Үнү кекерлүү чыкты
- Демек сенин айтканың, ойлогонуң, дегениң дайыма мыйзам экен да ээ. Зарлык тамашалап келбегенин түшүндү башкарма да;
- Эй... түрмөдө чирийсиң... атылып кетесиң.. Көздөрү алактады башкарманын.
- Өзүң жөнүндө ойлосоңчу... Чоң ата, чоң энелериңе алдыгы калыбыңда жөнөрүңдү ойлосоңчу.
- Заке... Заке кепке келели... ачууга алдырба... айланайын Заке...үнү пастап. Баягы күпүлдөп чиренип турган нем бүжүрөй түштү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

- Кой Заке... Сүйлөшөлү... Кызмат кара жерге кирсин... Кел сүйлөшөлү Заке... Ишиңди иштей бер.. тизелей дивандан түшүп лөкүйгөн семиз денеси калчылдап чыкты. Курсагы жер чиет. Зарлыктын итиркейи келип кетти. "Тарс" деген мылтык үнүнө кошо тигинин мээси бүт дубалга чачырай жабышып калды. Буттары тарбактай түшүп, колдорунун башы бир топко силкилдеп турду. Жылаңач аял башынын жарымысы быркырап кеткен эркектин артынан чыңырып чыга качты да бурчка тыгылды. Зарлык эми аялды жекире тиктеди. - Жигиттин гүлү күйөөң турса чочкодой сасыган ушуга кантип тряпка болдуң ыя. Аял бир нерсе сүйлөйүн деди эле ээги эгине тийбей шакылдап, безгек тийгендей калчылдап сүйлөй албады. Көздөрү чанагынан чыга жалдырайт. - Эх ушу сендейлердин азабынан далай асыл аялдарга сөз тиет ээ. Бул го ичерин ичип, жээрин жеп сендейдин жүздөгөнүн кыңшылатып жашоодон алчусун алган чочко. Сага эмне жок. Кызматка жөн деле жетет элең го. Сага корогон кеп. Мейли дүйнөдө бир канчык аз болсун. Зарлык мылтыкты көтөргөндө тигил аял колун жаңсагылап жиберди. Бирок үнү чыкпады. Кейпи катуу корккондон тилин чайнап алса керек. Экинчи ок анын да мээсин дубалга жабыштырды. Башкарманын шоферу экө өлө аракка тоюп алып оңкодон түшө уктап жаткан кароолчу эч нерсени туйбады. Эртең менен көзүн ушалап ордунан турса маңдайындагы дубалда "Эки маймулду жайлаган Кара Илбирс (Зарлык) экенин милицияга, райком баштаган чоңдорго кабарлап кой. Эч кимди күнөөлөшпөсүн. Бүт өзүм жасадым. Сот да өзүм, прокурор да өзүм болдум. Чындык ушинтип чечилди" деп бадырайта жазып туруп, нан кескен аш бычак менен дубалга сайып коюптур. Түндөгү ичкен арактын азабынан акылы ордуна келелек неме түшүнгүчө өң алеттен кеткен башкарманын шоферу жүгүрүп келди. - Кокуй, кокуй... милиция чакыр. Башкарманы тигил катынга кошуп атып кетиптир - деп. ХХХ Зарлык эки күндөн бери Нарын дарыясын бойлоп келатат. Элүүбайлар менен коштошкондун эртеси жолго чыккан. Өңү кер сары тартып кеткен. Ыргыштап туйлап турчу көк аты да арыктап азган. Тээ төмөндө албуут Нарын дарыясы күпүлдөп ак көбүгүн чачып жулунуп агууда. Эки тарабынан аскалуу тоо кыскан бул жерде Карт Нарын дарыясынын жээктери кушурулуп жакындаган менен ылдамдыгы артып укмуштай күүлдөгөн үн чыгарып бир башка сүрдүү болуп кетет. Мындай жерден адамды кой кайберен да жээке жакын жолошпой алыс качышкандыктан жа дегенде кайберен жүргөн чыйыр жол да жок. Жедеп тоодо жүрүп машыккандыктан гана көк ат ар бир туягын аяр таштап басып келет. Эки-үч жолу кум эшилип учуп кетет да таштады. Зарлык баарына кайылча аттын эркине коюп башын шылкыйта ойлуу. Бийик асканын үстүндөгү жайыкка келгенде аттан түштү да көрпөчөсүн алып жерге жая салып өзүнө орун камдап, көк аттын ооздугун чыгарып отко кое берди. Ташка башын коюп чалкасынан жата кетти. Дагы жүрөгүн тарыштырып мыжыган оорусу кармап калды. Колу менен жүрөк тушун апчый онтоп жиберди. "Сага эмне болду" дегенсип баш жагында оттоп жаткан көк ат кулактарын тикчийте карап туруп бир окуранып коюп кайра оттоосун улантты. Ушуну менен жүрөк оорусунун бүгүн экинчи жолу кармашы. Бир топко кыймылсыз оң кырынан жатты. Мурдунан кан тамчылай түштү. Ого көптө барып кичине өзүнө келди. Ордунан туруп ары- бери басып талыган буттарын жазды. Тоо баштары ак кар чалып калган. Уюлгуган күзгү булуттардын үстү булайып кебездей агарса түбүн кочкул кара булут ороп сүрдүү. Ордунан келип чыканактай жаткан Зарлык кайра ойго батат. Миң сан ойлор. Кайда барбасын артынан калбай ээрчип мээсин жеген ойлор. Зарлык ойлой келсе дегеле жеке башынын жаны тынч бир да жерде жашабаптыр. Детдом. Чуруу- чу түшкөн балдар. Алдуусу - алсызын мышык чычканды эрмектегендей ойнотмой. Армия. Студенттик жатакана. Кайрадан армияга. Вьетнамдагы жылдар. ооруканадан, оорукана. Кайрадан студенттик жатакана. Анан чарбага барып иштеп жүрүп үйлөндү. Жөн эле үйлөнүп үй-бүлө күтүш керек деп гана үйлөнгөн окшойт. Башкалар сыяктуу эч убакта үйүнө шашчу эмес. Күн-түндөп техникаларга аралашып талаа стандан тамак ичип, жазы жер айдоодо, жайы чөп чабыкта, күзү эгин чабыкта, кышы техника оңдоодо жүрө берчү. Үйгө кийим которгону гана келчү. Кейпи көзү ачылгандан көпчүлүк менен болуп опур-топур туш келди тамак ичип, туш келди жатып жүрө бергенге көнгөндөнбү аялы экөө жалгыз калса өз үйүнө батпай жанын кайда коерун билбей кетчү. Аялы да адамга ымаласы жок, көп сүйлөбөгөн ичим тап неме болду. Алгачкы күндөн эле экөө ысык болуп кетишпеди. Бири күйөөлүк. бири аялдык милдеттерин аткарып жүрмөйгө өтүштү. Кийин ушул көк атты колхоздон кулун кезинде сыйлыкка беришти. Көк кулун үчүн күндө үйүнө келип кончу болду. Өз колу менен жем берип, өз колу менен суу берип чоңойтту. Кудай турат эки баласын да бул көк атча жакыш көрбөсө керек. Көк аттын жанына жан киши жолотчу эмес. Өзү ачка калса ачка калчу бирок көк ат жем жебей калчу эмес. Көк чаар да келишкен сулуу жылкы болуп чоңойду. Ат чабышка же улака да салчу эмес. Жөн гана эркелетип минип жүрчү. Ат чабышка салсам балким калып калса ызаланат деп коркчу. Улакка салсам бекер кыйналат дечү. Өзүнөн башка кишиге мингизчү эмес. Буга кичинесинен көнгөн ат өзү да башканы тээп тиштеп жанына жолотпочу. Бирок Зарлык эмне десе аткарат. Тилин кишидей түшүнөт. Жат десе жатат. Кел десе келет. Тур десе бир орунда тура берет. Кантип үйрөткөнсүң дешип баары таң калышчу. Көк чаар кулун кезинен Залыкка аябай үйүр өстү. Бир күн көрбөсө кадимкидей издеп кишенем сагынып кетчү. Жолукканда окуранып кишенеп, бети башын жалмалап ###### тосуп алчу. Зарлык "Мунун атасы да энеси да менмин. Мени да жалгыз түшүнүп сыйлаган ушул" деп күлүп койчу. "Көк чаарың үчүн мени эки балама кошуп туруп сатып ийгенге да макулсуң" деп аялы нечен уруш чыгарды го. Балким балдарынан алыс кылып койгонго аялынын да күнөөсү бардыр. Төрөлгөндөн колуна алса "Кой тийбе, бул сага темир эмес. Бир жерин оорутуп коесуң" десе, чоңое баштагандан балдарына сөз сүйлөсө эле " Детдомдогудай тарбиялайын дейсиңби" - дей берип үй-бүлөдөн алыстатып түртүп салганын билбеди.  
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Жалгыз алаксыганы жумушу, камкордук көрүп убакыт бөлгөнү көк чаар аты болуп өмүрү өткөн экен.
Элүүбай досу келип "Казакстанга өтүп кет" дегенде ызадан көзүнөн жаш айланып буулукту. Бирок үн дебеди. Өз жеринен өзү куулуп атканына ызаланды. Тоолорунан айрылып алыс чөлдөп кетерине ызаланды. Элүүбай ак дилинен эмне жакшылык кыларын билбей колумдан келгеним ушул деп келгенин түшүнгөндүктөн гана үн дебей угуп, "Макул барса барайын" деп экөөнүн санаасын тындырып койду. Чындыгында ичтен "Ал жакта эле мени ким тосуп туруптур. Деги менин кимге керегим бар", - деп ойлоду.
Акыркы күндөрү вьетнам кыз түшүнө көп кирчү болду. Экөө токой аралап ээрчишип жүрүшүптүр. Вьетнам кыз баягадан да сулуу болуп кетиптир. Эмнегедир сөздөрү бүтпөй сүйлөшүшөт. "Мен өлгөн эмесмин сага жөн эле өлдү деп коюшкан тура. Сени сагынып күтүп жүрбөдүмбү. Сен кетпесең болмок" - дейт. Ойгонуп кеткенде ойгонгонуна кыжыры келип жүрөк оорусу кармаган
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Ордунан туруп арыраак оттоп кеткен көк чаарды жетелеп келди да ээр токумун алып жайдактап, жүгөнүнөн бери шыпырып туруп кое берип, ээр-токумду артынган куржуну менен кошуп баарын асканын башына келип төмөндөгү күпүлдөгөн Нарынга ыргытты. Ээр токум ак көбүк дайрага кирген бойдон жок болду. Кайра артка келди да көк чаардын бышын кучактап мурдунан жыттады. Көзүнөн жаш салаалап куюлуп жатты. Көпкө турду кучактап. Ичинен сүйлөдү. Ичинен айтты. Ичинен сүйлөгөндү жакшы көрчү. Анан... Анан арыта ташка жөлөнүп турган снайпер мылтыгын алып асканын кырына келди. Күн кызарып батып бараткан. Булуттар кызыл от болуп жалбырттап турушкан. Ак көбүк дайранын үстүнө кара көлөкө түшүп түнөрө баштаган. Арчалар делдейип, аскалар тунжурап турган.
Асманды карады. Чокуларды карады. Дайраны карады. Карады да өз көргөн көзүнө ишенбей кетти. Вьетнам кыз колун булгалап төмөнтөн дайранын үстүндө отурат. Кыжына жулунуп, түйүлүп аккан Нарын мелмиреп тыптынч. "Сенсиңби. .. Мен мындамын азыр..." - деди да снайпер мылтыгын ыргытып артынан өзү кадам таштады. Бул дүйнөдө Вьетнам кыздын кучагынан башка батаар жери калбай калган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Zamira01   10 Сентябрь 2012 - 13:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 20 Июль 12
  • Соңку аракети: 24 Дек 2014 09:52

Бей капар оттоп жаткан көк чаар жерден башын жулка көтөрүп эми эле асканын кырында турган ээсин таппай калды. Чыңырып-чыңырып кишенеп жиберди. Асканын кырына чуркап келди. Жок. Аркы жээкти карады. Көлөкө түшүп көрүнбөйт. Ордунан чимириле чыңырып-чыңырып дагы кишенеда. Жок. Артка токой четиндеги бетке чейин чуркап барды. Жок. Асканын кырында эле турган. Күүлөнө чуркап келип каршыдагы жээкке секирди. Жээк алыс болчу. Өтө эле алыс болчу. Куйрук жалы жайылып чиркин каалгый учту. Созулган тулпардын айкелин тартаар сүрөтчү болсо кана.
Нарын эч нерсе укпаган, көрбөгөн, билбеген немече күркүрөй ага берди. Дагы деле агып жатат.
Октябрь 1997-жыл Бишкек

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   kurstan1980   10 Сентябрь 2012 - 16:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 28 Май 12
  • Соңку аракети: 01 Мар 2021 09:53
  • Жынысы:Эркек

замира сизге ото чон рахмат! Каарман кайда болса мен да ошо жерде болдум, ото кызык чыгарманы кочуруп жазыпсыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Mondur   10 Сентябрь 2012 - 19:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Мен бул чыгарманы мектепте окуп жүргөн кезимде кайдан-жайдан окуган элем.. Аябай жаккан, окуп жатып каармандар менен жашап калчу жаным, кыйла күн ушул адамдардын тагдырына кейип жургөн элем.. Чолпонбек Абыке уулунун ар бир чыгармасы өзүнчө кайталангыс бейм. Адашпасам "Жүндүү киши" деген чыгармасы да ушул чыгарма менен бир китепте катарлаш эле ..
Айтор эми мынтип кайрадан окууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтамын! Форумдагы окурмандардын сабырын сынабаган, толук жазылган алгачкы тема десем жалган болоор, темалардын бири! Андыктан бали!
Ушул агайдын чыгармаларына аябай кызыктармын, күтүп калам!
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Таллас   10 Сентябрь 2012 - 20:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Жана да бир жолу окуп чыктым :)

Мага могу үзүндү жакты:


Аз күн болсо да, бир күн болсо да өзүнүн сүйгөн тоолорун аралап, өмүр бою эңсеп келаткан тилегиндегидей очокко кайбереңдин этин кордоп жеп, ачык асман астында жатып жылдыздардын жымыңдашын тиктегиси келип, кыркка жашы жетпей жатып өмүр менен коштошоордо ушул тоолордун арасы кандай болду экен деп кызыга берүүчү балалык тилеги менен аралашып анан кадимки тоолуктарча өлүмдү тике карап, тайманбай туруп тосуп алууну туура көргөн. Тоого жашайын деп эмес өлөйүн деп келди. Түрмөнүн караңгы, таш дубалында өмүр менен коштошкончо бүркүттөр мекендеген бийиктикте өмүр менен коштошсом деп келди.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 10 Сентябрь 2012 - 20:09

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 06:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: