Суперстан: Хан Ормон - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман

#1 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2019 - 01:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

СӨЗ ЭРӨӨЛҮ «Ойлонбой сүйлөсөң онтогон ооруга жолугасың»(эл макалы) 1806-жыл. Жунгарлар жергеден сүрүлүп чыга, жылдар өтүп, чабылып-чачылган элдин бөксөсүтолуп, өрүшү кеңейе баштаса да, бейкутчулук орной элек, кылымдар түпкүрүнөн бериулуттук уюткусун сактап келаткан байыркы эл уруу-уруу болуп чар жайыт көчүп-коно, баш кошо албай турган кези. Эл биригип күч ала электе бөлүп-жарып, үстөм болууну көздөгөндөртуш тараптан көз артууда. Күн жүрүштө кылычын ичинен байлана салкын жылмайып, Кытай ыкыс берүүдө. Тыңчы соодагерлерин каттатып, эл аралатып, саякатчы окумуштууларына элжердин танабын тарттыра түндүктөн Орусия тымызын аңдыйт. Динибиз бирге, дилибизбирге, бир бололу, — деп, эшен-сопуларын, качырга жүк арткан ала чапан соодагерлерин жиберип, Кокон бери жылууда.Уруусундагы бийлик мартабасын эл биримдигинен жогору туйган билермандардынмаңги намысынан чыккан мал тийүү, барымта кармоо кесепеттери ынтымакка бөгөт болуп,калайыкты каржалтууда. Эл жайлоодон эбак түшкөн. Тогуздун айынын аяк чени. Кеч күздүн боз чаңгыл асманында каалгый көчкөн киргил булуттардын үзүлүштөрүнөн анда санда көрүнгөн күн нуру кунарсыз. Аба салкын тартып, Караколдун башынан соккон суук сыдырым бойду ичиркентет. Кар түшкөнгө чейин жылкы оторлоткондордун үч үйү суу бойлой конгон. Ортодогу көөнөрөөк алты канат боз үйдө үч киши күзгө маал коюуланган көрөңгөлүү ынак кымыз ичишип, ар кайсыдан кеп ура, өрө кийиз үстүндө малдаш уруна күүлдөп отурушат. Үйдүн төрүндөгү таар шалча жабылган такта үстүнө үч-төрт жууркан жыйылган, үстүндө эки жаздык. Эпчи жактагы чырмалбаган чий чыгдан ичиндеги ала бакандын өйдөкү ачасынан каймак жыйуучу кара көнөчөк, козу карын майдын оозу кылтыят. Үй ээси жашы кырктан өткөн кызыл чийкил тегерек бет, жалпагыраак келте мурун, жээрде сакал, чекир көзүнүн агы кызарып, мурдунун учу кара көк тарта, күчтүү кымызга көкүрөгү күйүп, алагүү отурган Атыга-баатыр атанган көрүнүктүү саяк мыктыларынын бири Кожобердинин жылкычыларынын башчысы алдындагы кырма кара аяктагы кымызды кере жутуп, мурутун жаный: — Өх, кымызга ысылык керек го байбиче. Булар да келип калыптыр. Уулуңду чакырып,улактардын бирин сойдурбайсыңбы, — деп компое аялын карады. — Баракелде, атанын баласы, нарк билген Атыкебиз ойдогуну айттырбай билет. Мен ошон үчүн силерди жүргүлө, Атыкеме учурашалы дебедимби, — деп жапалактады жашы отуздардагы кер мурут, кара тору чап жаак жигит, калпагын желкесине оодара, тердеген маңдайын алаканы менен аарчып. — Кантсе да чоң теринин бучкагы да, — деп аны коштоду, бир көзү чеч, коңкогой мурун,сары жигит, кырбуусу тайкы шырымал тебетейин алып жанына койуп, кирдеген, саймалуу ак топусун оңдоп кийди. Атыганын аялы жоолугун оңдоп салына, бошогон аяктарга кымыз куюп коюп, жыла басып тышка жөнөдү. — Атыке, тиги чоорду бери жөнөтчү, эптеп көрөйүн, — деп купшуңдады чийкил сары жигит. Чоор сыбызгып, “Кыз ойготор” күсүү безеленди. Аңгыча тыштан ат дүбүртү угулуп, түшкөн кишини Атыганын тестиер уулу каршы алып, эшик ачты. Салам айта, Айдаке үйгө кирди. — Аалёкума ассалам! О, акең Сарыбагыш келген тура. Төргө өт. Орун бошоткула, — деп,тамашага чала жайдарыланды үй ээси. Жашы кырктан өтүп калган, шыңга бойлуу, москоол кара сур, тегерек беттүү, суйдаң кара сакалчан, сейрегирээк кара муруту чычайта чыйратылган, ак калпак, кара кемселчен Айдаке отургандар менен кол алышып, үй ээсинин жанынан орун алды. — Ой катын, кымыз куйбайсыңбы! — деп аякка толтура кымыз куюп, Айдакеге сунуп турган аялын демитти, ала күү болуп калган үй ээси. Айдаке кымызды колуна алып, тынбай шимире аякты кайра узатты. — Акең Сарыбагыш суусаган экен! Куй дагы бирди, — деп опулдады үй ээси. Аяк кайра сунулуп, жөн жай амандык сурашууга өтүштү. — Айдаке баатыр, жол болсун! Кайдан келе жатасың? — деп суроо узатты кер мурут каратору жигит. — Базар-Туруктан чыктым. Шамшы ашып, айылга бүгүн жетейин, — деп баратамын. Атыгага бир киши аманат айттырды эле. Ошого кайрылдым — деди Айдаке, кымыздан бир жутуп, аягын жерге коюп. — Оо, күн кыскарып калды, бүгүн жете албайсың го айылыңа. Анын үстүнө Атыкең ысылыкка улак сойдуруп атат. Эт жемейинче кетирбейт сени, — деди сары чийкил жигит,ээрдин ######, оңдонуп отура. — Буюрса, эт жегенден кийин чыксам деле тор кашка соо болсо жетемин. Тор кашканын басыгы эле кээ бир аттарды текирең таскакка салат, — деп компойду Айдаке. — «Ат адамдын канаты», — деп бекеринен айтылган эмес да. Чыгаан аттар учкан куштай эле жүрөт эмеспи, жаныбарлар, — деди коңко мурун чеч көз киши. — Ат, — деп мына Медет датканын иниси Дуулаттын Кер табылгысын айт. Күлүктүгүнөн алдына жылкы баласы өтө элек эзели. Жүрүшү атты чаптырат, — деп бапыраңдады кермурут кара сур жигит. — Качыке бийдин Марал торусучу, Дуулаттын Кер табылгысы ага караандай албайт, — деди сары чийкил эткээл жылкычы карт кекирип, курсагын сылай. — Аларды айтып нетесиң, менин кара кунаным кезеги келгенде баарынан өтөт. Жайлоодо тайчабышта көрдүңөр го, — деп көтөрүлдү Атыга. — Менин акбозума жете албайт сенин кара кунаның, — деп калпагын алдыга экчеп тизесин таянды сары чийкил эткээл киши. — Эр болсоң жарышка сал менин кара кунаным менен башма баш, — деди Атыга. — Башма башыңдын кереги жок. Андан көрө байге сай — чоң болсун, — деди сары чийкил киши каадалана үнүн созуп. — Оо, байге дейсиңби, байгеге, ...байгеден тартынбайм ... кааласам, кааласам, — деп оолжуп туруп каткыра, — мына Айдакени байгеге сайдым, — деп күлкүсүн улантты. — Оо, акең сарыбагыштын өзүн сайдыңбы? Болгондо да Эсенгул баатырдын өз тукумун, —деп Атыганы далыга чаап каткырды кер мурут жигит. Айдакеге көз жиберип, кантип чыдап турасың дегенсип шыкактай. — Көпкөн экенсиң кызы талак, курсагың тойгондо Кудайды унуткансың го. Көпкөнүңдү көтүңдөн чыгарамын, — деп ордунан ыргып турду Айдаке. — Кой антпе, отур. Эт жеп кет, Атыга тамаша кылды да, — деди кер мурут жигит. — Урдум мен мындай тамашаны. Көрөбүз кимди ким байгеге саярын, — деп керегеден камчысын алып, Атыгага кеседи Айдаке. — Кымызга кызып алып, оозуна келгенди оттогонун көрүп турбайсызбы, аяш. Тамак бышып атат, ачууңузду берсеңиз, — деп чебеленди Атыганын аялы көкүрөгүн баса. — Ыракмат аяш, этти тиги кымыз менен кошо акылын ичип алгандарга бериңиз, — депАйдаке шарт эшикке чыгып, атына минип таскак урдура артына карабай жөнөп кетти. Маңги намыс көкүрөгүн тээп, бекер ооздун ала күү кеби үчүн өч алганы кетти.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2019 - 01:01



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2019 - 01:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Боз кыроо маалы. Күн аркан бою көтөрүлгөн. Суу бойлогон өндүрдө күздөөгө түшкөн калың айыл отурат. Төмөнтөдөн шайбыр жүрүш менен келаткан тор кашка атчан айылга жакындаганда жүрүшүн басаңдата айылдын өйдө жагындагы обочо тигилген он эки канат ак үйдөн аркы аттар байланган кермеге түшүп, атын байлап, боз үйгө бет алды. Он эки канат чоң үйдө он — он беш киши отурат. Үйдүн жасалышы бийдин сөөлөтүнө төп. Үзүк, туурдуктары кылданган ак жүндөн бордоло уютулуп, тегиз бышырылган өрө кийизден,четтери кызыл, көк жибек айкалыша жөргөмдөлгөн сызма менен кыюуланган, үзүк туурдуктун боолору, кырчоосу да ошол түстө жүн аралаша эшилген. Үзүктүн туурдукка айкалышуучу кырбуусуна үйдү айланта көгүш кызыл манаттан кочкор мүйүз оюу түшүрүлүп,четтерине кундуз кармалган эни кере карыш тасма тартылган. Уук, кереге турмандары тандалма талдан саратан ысыкта көлөкөдө кургатылып, талкууда түзөтүлүп маталган, атайын жошолонуп ышка тоборсутулган бир кылка, биринен бири айырмасыз кооз көрүнүп, үй ичине өзгөчө көрк берип турат. Ууктун керегеге байлануучу сабынын матоосуна чейин ич жагы тегизделип оюу түшүрүлгөн, боолору жибек, түндүккө сайылуучу учтарына жез учталган. Түндүктүн алкагы да, чамгарагы да кулжанын мүйүздөрүнөн жонулуп кынала, бир калыпта кынаптала жез менен чегеленип жасалган. Жел боолору ак жүндөн көк жибек аралаша эшилген. Кереге туурдуктун арасына каланган чийлер ар кандай түстөрдү айкалыштыра омуртка сайма түшүрүлө жибектен чырмалган. Ууктун матоосунан керегенин башына чейин күрөң макмалдан саймалуу тегирич тартылган, андан өйдө ууктун учу түндүктүн алкагына чейин кызыл жана кара манаттан оюлган жабык баш тартылган, желбоолору жашыл жибектен жүн аралаша эшилген. Үйдүн эки капшытына туш кийизге ылайыктала кундуз кармалган мисир килемдери тартылган. Эр жаккы туш кийизге бийдин атасы жунгарларды жергеден сүрүп чыгып, айтылуу Белек баатыр экөө саяк Садыр баатырдын кунун кууп, Аблай хандын колун талкалап, атпай кыргызга кызмат кылган кадимки Эсенгул баатырдын туулга, чарайна-сооттору, курал-жарагы илинүү, эки четинде кереге башынан ылдый эки илбирстин териси суналат. Аш үйү өзүнчө болгондуктан эпчи жакка чыгдан каланбаган. Улага капшыттагы үч ачалуу ала баканда отургандардын сырт кийимдери илинген. Үйдүн ич алдына өрө кийиздер эки кабат төшөлүп, үстүнө перси килемдери салынган. Капшыттарына төрдү айланта кара саксак көлдөлөңдөр төшөлгөн.Төрдө килем жабылган атайын жүк тактанын үстүндөгү күмүш чабылган жагдандарга атлес,макмал, бачайы жууркандардан үч кертим жүк жыйылган. Жүк үстүндө ак мамык жаздыктар жабык башты тиреп тизилип турат.Айдаке үйгө кире отургандарга көз жиберип ийиле: — Ассалому алейкум, — деп салам айтты. — Алейкума салам, арыбай жүрөсүңбү Айдаке мырза, кел мындай өт, — деп алик алды үй ээси, аюу талпак үстүндөгү аксакалдан ылдый отурган, жайкалган кара сакалы төшүн жаба,муруту сыйда серпилген тарам кызыл жүздүү, кырдач мурун, коюу кара каштары бийиккабагына төп келген, сурмалуу алагар көздөрү ойлуу тиктеген Ныязбек бий. — Айылдан эле келатам. Сиздерге салам берейин деп кайрылдым. Жумгалга Базар Туруктагы кудаларга бардым эле. Кечөө кайтып келдим, — деди Айтике. — Ыракмат балам, тирүүлүктө дидарлашып амандык сурашып турганга не жетсин. Бу жалган дүнүйөдө бүгүн көргөнүң эртең жок, — деп Айдакени карады бийден өйдө отурган суйдаң ак сакал-муруту куюлуша эрин үстү серпилген, үрпөйгөн коюу каштуу, бийик кабак алдындагы курчу кайткан коймолжун көздөрү тунара тиктеген, ачык жака жегде көйнөгүнүн сыртынан кийген кара чепкенинин этектерин кымтына отурган тепчиме ак топучан карыя. — Ии, кеп сала отур. Кудаларың, саяк туугандар мал-жандары эсен турушуп турбу,кыштоолору, эгин чөптөрү кандай экен? — деп Айдакени кепке тартты ак сакалдан бери отурган, көк ала сакал, чечектен чаар болгон, келте мурун, чекир көз, боз пияссы чепкенчен,кыюланган көрпө малакайын баса кийген карыя. — Жыл жаанчыл болуп, чөп-чары, мал оту кенен экен. Бирин-эки жатакчылар эле болбосо,эгин эккендер сейрек көрүнөт. Эл кыштоого кире элек, күздөө конуштарда экен. Жылкычылар кар түшкөнчө бөксө жайлоолордо турушуптур. Кожоберди, Качыкелердин жылкылары Каракол, Сөөктө оторлоп турушуптур, — деди Айдаке, оюндагысын толук айтаалбай, шырымал көрпө тебетейин оңдоп кийип, малдашын оңдоп козголо. — Эл ичи байгерчилик, тынч бекен, эмне сонун-сорпо кеп бар? Саяк туугандар ар нерседен кабардар сергек эл эмеспи, — деп кеп улады төрдүн эпчи жагынан үчүнчү отурган жээрде сакал, сары чийкил, кырдач мурун, бачики түлкү терисинен жасалган кырбуусу тайкы тебетей, кементайчан салабаттуу киши. — Эл ичи тынч, бирок өзүм көңүлүм кайт боло, ыза көрүп кайттым. Мындай кордукту көрөм деп ойлогон эмес элем, — деп Айдаке жер караган болуп, көз карашын Ныязбек бийге жиберди. — Ии, анчалык сенин көңүлүңдү чөгөргөн эмне окуя болуп кетти экен. Ат көлүгүң каракталган жокпу? — деп Ныязбек бий Айдакеге көңүл бурду. — Базар-Туруктан чыгып, Караколдо отурган Кожобердинин жылкычыларына кайрылдым эле. Атыга деген жылкычыга бирөө аманат айттырганынан, — деп ызалыгы эми эсине келип, буулуккан Айдаке бир тынымга токтой калды. — Анан эмне болду? — деп ыкыстатты Айдакенин ыза болгонунун себебин билүүгө бүйрү кысыган четтерек отурган, таноосу кыпчык, быйпык мурун, кара таар кемселчен, эскирек ак калпагын баса кийген орто жаш киши. — Атыганыкына түшсөм үч-төрт киши кымыз ичип отурушуптур. Амандык сурашып бир аз отургандан кийин, Атыга оолугуп, кунан чыкмасын мактап кирди. Салбар дегени өзүнүн акбоз кунанын мактап, экөө кунан жарыштырмак болушту. Байге сайганга келгенде Атыга келжиреп, «мен байгеге акең сарыбагыштын өзүн, болгондо да Эсенгул баатырдын өз тукумуАйдакени сайдым» десе болобу оозу мурду кыйшайбай. Беркилери аңылдап каткырышат. Жети өмүрүм жерге кирди. Өлөрдөй ыза болгонумду айтпаңыз, — деп үнү каргылдана сөзү үзүлдү Айдакенин. — Мына кызык, дөөрүгөн саякты кара. — Дымагын көр көөпайдын. — Акесин таанытыш керек. — Кымызга мас болгондогу жел сөз да. — Чаап алыш керек саяктарды. — Ошонун өзүн байлап келип, байгеге сайыш керек, — деген үндөр угулуп, үй ичи уу-дууболо түштү. — Ой, эмнеге дуулдайсыңар, азыр эле чабуулга жөнөөчүдөй, оозуңар менен орок оруп, —деген карыянын үнүнөн улам тынчтана түшкөн үй ичиндегилер эмне дээр экен дегенсип Ныязбек бийге көз жүгүртүп калышты. — Кымызга курсагы тойгон, ала күү неменин сөзү суу кечеби Айдаке мырза, ага анча теригип эмне. Аттуу баштууларына салам дуба жиберербиз. Эси жокту эсине келтирип коюшар дейм. Кандай дейсиңер? — деп сакалдууларды карады Ныязбек бий. — Бар сөз баатыр, бар сөз. Жоолашкандан көрө салам дубалашканга не жетсин. Саяк,сарыбагыш бир эле Тагай бийдин балдарыбыз, — деди аюу талпак үстүндө отурган ак сакал карыя. — Муназа кыла турган сөз экени ырас деңизчи. Ошентсе да эл оозунда элек жок, жыйын топтордо сарыбагышты саяктар байгеге сайган деген сөз келекеге айланып кетиши ыктымалго, уруу намысына доо кетип калабы дейм, — деп саласал эте бийди карады көгала сакал салабаттуу киши. — Саяктар дамамат кычыктай беришет. Болгондо да Эсенгул баатырдын өз тукумун байгеге саят имиш. Бий аке муну жөн койбоңуз, — деп обдула бийди карады четтерээк отурган жулма сакал боз чаар киши. — Кол курап барып айылын чаап, жылкычыны кармап келиш керек, — деди анын жанындагы жээрде сакал киши калпагын оңдоп кийе чыкчырылып. — Ээн оозду Кожоберди өзү жасаласын. Бийдин алдына Кожоберди өзү тартуу менен келгени лаазим, уруу намысын колдон чыгарбайлы, — деди көк ала сакал карыя өзүнүн алгачкы сөзүн ырастагандай. Бий бир тынымга тунжурай үнсүз отургандан кийин сөз уланып, ашуу бүтүп кала электе аттуу баштуу эки-үч кишини Медет даткага, Качыке бийге салам дуба айттырып жиберүүнү чечишти.<

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2019 - 01:27



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2019 - 01:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Эл кыштого кирердин алды жагы. Асман бозомук тарта, күндүн көзү көрүнбөй, суук сыдырым согуп турат. Кеч бешим. Жумгалдагы Медет бийдин айылына келаткан сарбагыш ичинде кадырлуу, сөзмөр Токтор бий баштаган үч атчан айылдан өйдөрөөк обочо тигилген чоң ак үйдүн алдына келип токтоду. Үйдөн чыгып атчандарга салам айта кабыл алган жигит меймандардын аттарын алып, кермеге байлап, өзүлөрүн ээрчите, эшик ачып, үйгө киргизди. Он эки канат азем жасалгалуу үйдө бийдин байбичеси, элүүлөрдөн өткөн, толукшуган салабаттуу, ак саргыл кырдач мурун, кара көз аял эки-үч курбусу менен чай үстүндө баарлашып отурган экен, башында чакан кийме элечек, тик жакалуу кара баркыт кемселине кундуз кыюуланган саймалуу күрөң баркыт белдемчи байланган, элечектин арт жапкычынан күмүш чачпак байланган жагдан ачкычтары шыңгырап, байбиченин салабаттуу келбетине сөөлөт кошуп тургансыйт. Бейтааныш, салабаттуу кишилер киргенде, аялдар жалпы орундарынан турун, эпчи жакка ыктай жымырылып, тышка чыга башташты. Бийдин байбичеси бейтааныш кишилерге ызаат көрсөтө: — Келиңиздер, арбаңыздар, — деди да, жанындагы жоолугун баса салынган, узун кош этек көйнөк кийген келинге: — Зуура балам, төргө көлдөлөң сал, дасторкон үстүн жаңырт, — деди. Келин арыдан бери төргө көлдөлөң салып, дасторкон камын көрүүгө киришти. Эшик ача, ээрчий кирген жигит, меймандардын сырт кийимдерин алып эпчи жак улагадагы ала баканга илип, камчыларын кереге башына кыстарды. Коноктор улуулаша төргө өтүп отурушту. Токтор бий алаканын жая: — Алло акбар, айдан аман, жылдан эсен бололу, ушул куттуу үйдөн береке, бейпилдик кетпесин, — деп бата тилей байбичеге кайрылды. — Байбиче, ракмат, бар болуңуз. Биз Чүй жактан сапар тартып келебиз. Бийге учурашып, салам дуба айталы деп чыктык эле Ныязбек бийдин айылынан. Бала-бакыра, үй-бүлө, айыл-апа менен эсен турасыздарбы, — деди. — Кудага шүгүр, өзүңөр арыбай келдиңиздерби? Бийди инисиникине ашка чакырып кетишти эле. Келип калар. Даамга караңыздар, — деди байбиче. Дасторконго казанга жабылган нан, омурулган кошкон май, эжигей, курут, каймак коюлду. Самоордон чай куюлуп,меймандар бир, эки чыныдан ичип, ыраазылык билдиришти, Байбиче кызмат кылган жигитке кайрылып: — Кана, кымыз келтиргиле. Муздактыр, бир аз тумшугун сындыра алып келгиле. Уулгаа йткыла, союш камын көрсүн, — деди.Үй кызматындагы жигит чоң чарага жылытылган кымыз келтирди. Меймандарга кымыз сунулду. Бир тыным өтө, эшиктен узун бойлуу, кең далылуу, кабагы бийик, куш мурун, чапжаак, сары чийкил, кермурут жигит кирди. Башында кара көрпө тебетей, ак пиязы кемселине күмүш кемер курчанган, шымынын багалеги көн булгары өтүгүнүн ичине кайрылган,жыйырманын ичиндеги бийдин уулу Айтак салам айта кирип, отургандар менен кол алыша,дасторкондун четине отуруп, ал-жай сурашууга өтүштү. Кыштоо жайы, мал оту, жылдын кандай болору, эгин-чөптүн абалы жөнүндө аңгемелешүү башталганда, эшиктен кирген жигит Айтакка жакын келип, ийиле ишарат кылды эле, ал: — А, эмесе конок союшуна бата жасайлы, — деп меймандарга карады. Дасторконго бата тиленип, отургандар сыртка чыгышты. Күн кылкылдап, тоо кырына жашына батыш тарабын кызыл алоо каптаган. Эшик алдында куйруктуу кара боз ирикти туура тарта бычак кармаган жигит турат. Байбиче эл алдына чыга алакан жайып: — Омиин, Аллах акбар. О жараткан, элге эсенчилик берегөр, бала-бакыра үрөн-бутак өссө экен, — деп бата тиледи. Батадан кийин коноктор үйгө кирип, даам татуу уланды. Шуулдап кайнаган самоор киргизилди. Айылдан дастанчы комузчу чакырылып, «Эр Төштүк»,«Курманбектен» үзүндүлөр айтыла, күү чертиле, коноктор ыраазы отурушту. Тамак-аштан кийин кол жуулуп, бата тиленген соң Айтак мырза меймандарды өз өргөсүнө эс алууга чакырды.Таңкы багымдат намазы окулуп бүтө, конокторду Медет бийдин чоң үйүнө чайга алып киришти. Төргө узата кара саксак көлдөлөңдөр төшөлүп, ортолото аюу талпак салынган. Дасторкон жайылып, даам коюлган. Чоң кашгар самоор шуулдап кайнап, жанында -илбериңки жигит чай куюп отурат. Дасторкондун эр жак четинде Медет бий, эпчи жагында байбиче конокторду күтүп отурушкан. Эшик ачыла Токтор аке баштаган кадырман конокторду бий байбичеси экөө орундарынан туруп, жылуу тосуп алышты. — Ассалом алейкум, урматтуу бий, эли-журтуңуз, мал-башыңыз түгөл, бакыбат турасызбы,— деп салам айтты алдыда кирген Токтор аке. — Алекум салам, келгиле, төргө өткүлө, чакырып келтире албас меймандар. Токтор аке өзү келген тура, — деп бий иреге алдына өтүп, коноктор менен кол алыша көрүшүп, жайдары мейман достук көрсөттү. Меймандар төргө өтүшүп, Токтор аке аюу талпактын үстүнөн, жанындагылары жаш улай экижагынан орун алышты. Даам үстүндө беймарал аңгеме уланды. — Кандай, Токтор аке, эл-журт тынч, коога-калдалаңдан оолак эсен турабы? Ныязбек баатырмал-жан, бала-бакыра эли-журту ичинде күүлүү турабы? Чүй боору, эки Кеминде быйыл жылкандай болчудай? — деп жашы улуу коногуна ызаат көрсөтө кайрылды Медет бий. Жашы алтымыштан ашып калса да, ак аралай элек жээрде сакалы коюу, узун мурут, терең кабак, куш муруну чекирирээк курч көзүнө жараша турпатынан эр туушу кайта элек. — Кудайга шүгүр, эл байгерчилик. Улуу жүз жактан кээде жылкы тийген ээн баштар эле болбосо, тынччылык. Жаз, жай жаанчыл болуп, жайлоо оттуу болгондуктан мал кыштоого семиз кирди. Теке эрте жүгүрдү, жаз эрте келер деп, болжошот эсепчилер, — деп сакалынсылай, бир тынымтоктой калды да, — Ныязбек баатырдын көңүлү жай,мал-жаны эсен. Сизге салам дуба жолдоду, — деди Токтор аке. — Кудай саламат кыштоого жаңыдан киргени турат. Мал эттүү, жайыт оттуу, жаз эрте келер деген үмүттөбүз. Тамактан алсаңар, мурдагы күнү төмөнкү кулжыгачта ашка чакырган экен. Ошол жакта жүрүп, түндө кеч кайттык эле. Сиздерди өзүм тосо албадым. Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы, — деди Медет бий. — О, айтпаңыз, байбиче менен Айтак мырза сиздин жогуңузду билгизишпеди. Рахмат,сыйлуу конок болдук, — деп Токтор аке сакалын сылай, чайдан ууртады. Аңгыча эшик ачылып, узун бойлуу, как элес, чокчо ак сакалы, сыйда муруту сыпаа серпилген,жаагы узун, бырыш баскан кубагай жүздүү, узун ак каштары кабагын жаба, курчу кайта баштаган көздөрү ойлуу тиктеген, көрпө малакайчан, кыргактуу мата чепкенине кисе,кындуу бычак илинген кур курчанган карыя кирди.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2019 - 01:19



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2019 - 01:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Келиңиз Караке, — деп Медет бий ордунан тура ызаат көрсөттү. Отургандар ордунан туруп, карыяга кол берип учурашышты. Карыя төргө өтүп отуруп: «Аллах акбар», — деп бата тилеп, сакалын сылай, көзүн сүртүп, конокторго кайрыла: — А Токтор баатыр кандай, эл журтуң, мал-башыңар эсенби? Каяка сапар тартып келатасыңар, — деди. — Кудайга шугүр аке. Эл журт байгерчилик. Кеминден мурдагы күнү чыктык эле, Шамшыны ашып, Абайылда уулу туугандарга жетип кондук. Мында кече кечинде келдик. Ныязбек баатыр сиздерге, Медет бийге, Качыке аксакалга салам дуба айттырып жиберди, — деди Токтор аке. — А, ошондой деңиз. Саламат болсун, — деп карыя чайдан ууртай, башын ийкеп ойлуу отурду. — Ар кимибиз ар кайда тирилик камында жүрүп, жыл аралыгында бирер көрүшөт экенбиз. Токо, сиздер менен жүздөшүп отурсун деп Кара акебизди да чакыртык эле, беймарал отуруп даам татыңыздар. Баатырдын салам дубасын шашпай угалык. Байбиче, чайдан кийин күзгү кымыздан келтиргилечи. Түштүгүнө кыш туумадан тандап сойдуруңуз. Түндүгүнө кысыремди тай болсун. Айтак, киши чаптырып, Качыке аксакалга, Кожобердиге айттыргыла, чогуу бололу, — деп жайдаңдады Медет бий. — Бар болгула, бар болгула, жылдыздай чачыраган кыргыз уулдары. Куштай учуп, желдей сызып өтүп баратат го өмүр чиркин. Катышып, кабарлашканга жер алыс. Ар уруу ар сууда күн өткөрсө да ынтымак сактап жүрөт го элибиз. Кече калмак капшабы каптап, казак кайың саап,кыргыз Ысар Көлөпкө тентиген алаамат заманда да ынтымак болбосо элдин уюткусу курубайт беле, — деп карыя эл ынтымагына ыраазы болгонун билдире, көзүн жума өткөндү көз алдынан өткөргөн таризде сакалын сылай, ойго каалгый, бир тыным унчукпай калды да,сөзүн кайра улады. — О, элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дечү эле, айтса-айтпаса төгүнбү. Жаңырды го эл-жер, күн өткөн сайын өмүр аягына чыгып баратат го. Өттү го нечен күндөр ат жалында, найза учунда жел ышкырган эрөөл күндөр, калмак, кыргыз тарап болгон тогол күндөр, эл жоону мекенден сүргөн күндөр, ынтымак, биримдик өбөк болгон күндөр, —деп карыя үнсүз тунжурай калды. — О, карыянын сөздөрү коргошундай салмактуу, алтындай нарктуу. Жарыктык кылым карыткан көсөм киши да, бул кишиден сөз угуу чоң олжо эмеспи, — деп Токтор карыяга ызаат менен карады. Дасторкон жыйылгандан кийин карыя Токторго карап: — Бизден бир кыйла кичүү болсо да Ныязбек баатыр азыркылардын көбүнөн улуудур. Кандай, күүлүү жүрөбү? Уулдары тың чыгып, санаасы тынгылыктуудур, — деди. — Кудайга шүгүр, баатырдын үрөн-бутагы өсүп, санаасы тынч. Эл ичи байгерчилик. Жатакта калып, эгин эккендер да арбый баштады. Ошолор элдин кардын тойгузуп жатат, — деди Токтор аке. — Токтор аке, Караке да уксун, Ныязбек баатырдын салам дубасын айтып отурбайсызбы, —деди Медет бий. — Ныязбек баатыр, бабабыз Тагай бийдин бир бутагы, саяк туугандарга жалпы эсенчилик, байгерчилик калайт. Курманкожо, Кулжыгач, Чоро урууларынын кут күткөн билерман элбашылары Качыке, Медет, Кожоберди баатырларга, калк карыткан Караке сыяктуу карыяларга салам дуба айтып, элге берекелүү тынччылык, үй-бүлөлөрүнө, ага-туугандары наамандык тилейт. Жана да көңүлүн иренжиткен бир жагдайды силерге билдирип коюуну өтүндү, — деди Токтор аке. — Ал кандай жагдай болду экен, баатырдын көңүлүн иренжиткен. Сөзүңдү улап отур, Токтор баатыр, угалы, — деди көзүн ача-жума каалгый отурган Караке — Ынтымакка бириктирген да, ынтымакты бузган да сөз тура, карыя. Баары сөздөн башталып, сөз менен бүтөт тура. Сөздөн чыккан нааразылык. Ныязбек бийдин жакын туугандарынын бири Айдаке Жумгалдан үйүнө кетип баратып, Кочкордун Караколундагы Кожобердинин жылкычыларына кайрылат. Кымыз ичип күүлдөп отурган жылкычылар кунан жарыштырмак болушат. Атыга деген жылкычы кунан жарыштын байгесине акең сарыбагыштын өзү Айдакени сайдым десе, калгандары каткырып, Айдакени шылдыңдашат. Ызаланган Айдаке эл чогулган жерде Ныязбек бийге датын айтты. Кымызга кызыган жылкычынын сөзү суу кечмек беле, ага көңүлүңдү уйпалап беймаза болбо, деп Ныязбек бий инисин жооткотту эле, отургандар дуулдап алыска кетишти. «Ойлонбой сүйлөнгөн сөз октой тиет, оттой күйгүзөт. Жылкычынын сөзү жеке Айдакенин эле эмес, эки уруу элдин намысына тийип турбайбы. Эл оозунда элек жок. Эртең эле сарыбагышты саяк байгеге сайган деген сөз лакап болуп кетиши ыктымал эмеспи. Ынтымакты ириткен сөз укум-тукумга өтүп, лакап болуп кетет, деп жаалап кетишти отургандар. Ары калчап, бери калчап отурушуп, ээн оозду жазалоо өзүлөрүнүн иши. Байыртадан келаткан ата салтты тутуп, саяк-сарыбагышка, атпай кыргызга кызматы өткөн Эсенгул баатырдын арбагын сыйлашса, саяктын журт башылары Ныязбек бийдин алдына келишсин деген бүтүмгө келишти. Ушул салам дуба аманат менен бизди жиберишти, — деди Токтор аке. Сөз токтолуп, үй ичинде тунжуроо өкүм сүрдү. Бир тынымга каалгып ойлуу отурган Карабек карыя: — Ойлобой сүйлөсөң онтобой ооруйсуң дечү эле илгеркилер. Алаңгазардын акылсыз сөзү эки элдин ынтымагын ирите албас, — деп башын ийкей каалгый отурду да, — эл ынтымагы, Эсенгул баатырдын арбагы деген бар сөз го. Кечөө Чынгыш хандын тукуму канкор Аблай кыргызга кыргын салганда, саяк Садыр баатыр өлүм алдында: «Канкор Аблайдан өчүмдү алсын, айткыла ылаачын арыш, кыргый көз, алп мүчөлүү, жайык төш Болоттун уулу Эсенгулга», деп керээз калтырган экен. Эсенгул баатыр керээзди аткарып, Аблай хандын жасоосун талкалап, Садыр баатырдын кунуна миң казак келбеди беле. Эл намысы, кыргыз намысы колго тийбеди беле. Эл ынтымагы, эл намысы корголбосо калмак жергебизден сүрүлмөк беле. Бөлүнгөндү бөрү жейт, бөлүнсө кыргыз өсмөк беле. Сарыбагыш, саяк бир эле Тагай бийдин уулдары го. Аш менен акылын кошо ичкен дардаңпоздордун кесепети эл ынтымагына тийет го, — деп Медет датканы карады. Сакалын сылай карыянын сөзүн кунт коюп угуп отурган Медет: — Сөзүңүздө калет жок карыя. Көптү көргөн көсөмдүгүңүз бар. Не деп жооп беребиз Ныязбек бийдин салам дувасына, — деп Карабек карыяга сала-сал кылды. — Кеңешип кескен бармак оорубайт дечү эмес беле — кеңешели. Качыкени жана башка сакалдууларды чакырт. Баары угушсун Ныязбек баатырдын салам дубасын, — деди Карабек карыя алдындагы аяктан кымыз татып, мурутун жаный оңдонуп отура. — Түштөнүүгө арналган мал даяр экен. Малга бата жасайсыздарбы, — деп атасын карады Айтак мырза. — Адегенде дасторконго бата тилейли, — деди бий. Бата тиленип, отургандар тышка чыгышты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2019 - 01:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Эшик алдынан обочороок карала таар кемселин кайыш кур менен курчанган, кайыш мөкү жаргак шымчан, малакайын көтөрө кийген кара тору кер мурут кара көз жигит куйругу табактай ирикти жаңылдырган кыш туума кара күрпөңдү туура тартып турган экен. — Кана, кыбыланы карат, — деп жарданып тургандардын алдына өткөн Карабек карыя: —Оо, жараткан Кудай, жалынмак бизден, жалгамак сизден. Айдан аман, жылдан эсен чыгара көр. Хандын каарынан, кара өзгөйдүн дооматынан сактай көр. Береке, бейкутчулук, ырыскы,байгерчилик бере көр калың кыргыз журтуна, — деп алакан жая, баары бата тиледи. Батадан кийин үйгө кирип орун алышкан соң, керегеде илинүү турган комузду көргөн Токтор акенин жолдошу: — Бий аке, комуздун ээси ким болду экен, чертер бекен, — деп Медет даткага карады. — А меники, кээде эриккенде кыңгырата коймоюм бар. Көзүң түшкөнүнө караганда өнөрүң бар го, алып бергилечи конок жигитке, — деди бий. Комуз колуна тийе Токтор акенин жолдошу эптүү кармап, кулактарын бурай күүгө келтирип, «Саадак кактыны» безелентип черте баштады. Үй ичи жагымдуу коңур ыргакка бөлөнүп, комуз күүсү эл коргоп жоо качырган эрдин кайраты, жоого салган ойрону, жолдошунан айрылып күңгүрөп күйгөн күйүтү, жоо жеңип кайткан кубанычынан кабар бергенсип, бирде ичинен кайрыла сыздап,бирде шайдооттоно, жоокерчилик замандын мүшкүл машакаты, кайгы-кубанычынан кабар берип тургансыйт. Үй ичи күүгө муюп каалгыйт. Күү аяктаганда: — Бали уулум, өнөрүң бар экен. Комузуң ойдогуларды айтты белем, бар бол, черте отур, —деди Караке карыя. «Камбаркан», «Кетбука», «Бекарстан тайчы» күүлөрү чертилип,отургандардын моокуму канды. Токтор аке, Карыбек карыя ызаатташа кыргыз элинин көөнө турмушунан калган икаяларды, калмак, кыргыз аралаш жашоого аргасыз болгон кездеги эл аралык алакалар жөнүндө кызыктуу аңгемелер айтылып, көптөн бери көрүшө элек боордоштордун чын ыкластуу аңгемелешүүсү жүрүп жатты. Качыке, Кожоберди аксакалдарга чакырык кетти. Медет бийдин чоң үйүндө сөз башталганына эт бышымча болуп калды. Төрдө Карыбек карыя, анын эки жагында көбүнөн жашы улуу Качыке баатыр, Токтор аке жана жашы аларга чамалаш беш-алты карыя отурат. Үйүнө келгендерге ызаат көрсөтө Медет бий эр жакта төмөнүрөөк отурат. Сөз кызууда. — Кылдан кыйкым издеген кеп да. Кымыз үстүндө тең курбу кишилер бирин-бири шакабалап, күлкү чыгара берет да. Ошол үчүн атайылап элчи жиберип, арадай жерге чарадай жыйын курдурган Ныязбек баатырга жол болсун. Алды-арты кенен айкөлдүгүнөн «Ат качырбас боз айгыр» атанган агабызга бул иш коошпой турат го, — деп Токтор акеге көз кырын жиберди, Медет бийге катар отурган тепчиме ак топучан, бозомук пиязы кемселине кемер курчанган көн маасычан, малдаш уруна отурган, жайкалган кара сакалын, мурутун билинер билинбес ак аралаган кызыл чырай, кырдач мурун, кабагы жазы сурмасыз кой көзү акылдуу тиктеген салабаттуу киши. Токтор аке жооп кайтарганча, четтерээк отурган келте мурун эрди түйрүк жулма сакал, таар кемсел көрпө малакайчан чечек чаар киши озуна: — Сарыбагыштар чабуулга шылтоо издеп калышкан го. Үчүке, Түлкү тукуму качан болбосун өкүмдүгүн коюшпайт, — деп сөзүн бүтө электе анын катарындагы москоолунан келген жүлжүгүй көсөө киши: — Саяктар эле жерде калган бекен, биз да бир уруу элбиз. Намысыбыз колдон түшө элек. Чабуулга... — деп сөзүн бүтө албай шилекейине чакап токтой калганда Качыке баатыр: — Сөздүн төркүнүн туйбай эле чарылдай бересиңерби, саяк, сарыбагыш экөө тең Тагай бийдин балдары. Кеп кемпайдын сөзүнөн улам ошол эки бир тууган бири-бирин байгеге сайыптыр деген сөз эл ичинде айтылып лакап болуп кетеби деген жүйөөдө болуп атпайбы,— деп сөздү оң нукка салууга аракеттенди. — Кек кууган балаага, из кууган талаага дегендей, Ныязбек баатыр ала күү жылкычынын сөзүн кек тутпаса абзел болор эле, эстүү киши, — деди жылкычынын кожоюну Кожоберди. — Көсөм киши эмеспи, Ныязбек бий Айдаке даттанган жыйында: «ала күү болуп отурган жылкычынын сөзү суу кечеби, ага көңүлүңдү кирдетпей эле кой» деп инисин жубатмак болду эле, отургандар: «бул сөз лакап болуп муундан муунга өтүп кетиши ыктымал. Ээн оозду айыпка жыгып, жазалаш керек», — деп жаалап кетишти. Сакалдуулар да ушуга муюшкан соң Ныязбек бий алардын сөзүнө кулак төшөөгө мажбур болду. Ары калчап, бери калчап отурушуп, «бекер оозду ак сакалдар өзүлөрү жазаласын. Эл-журттун ынтымагына данакер болучу журт аталарына салам дуба жолдойлу деген бүтүмгө келишти. Түбү барып эле сөз эл ынтымагын сактайлы дегенге такалды, — деп сөзүн аяктап, төрдөгү ак сакалдарды карады Токтор аке. — Баатыр, жылкычыңыз эмне дейт, деги акыл-парасаты ордунда немеби, — деп Кожобердини карады Качыке. — Тигине отурбайбы, курсагы тойсо Кудайды унуткан көөпай. Өзү айтсын, — деп колун жаңсады Кожоберди. Карала таар кемселин кайыш кур менен кымтый курчанган, кырбуусу тайкы тебетейин баса кийген, келте мурун, ээрди түйрүк жүлжүгүй көз, кызылдуу бети кара көк тартып, мурдунун учу кызарган, сакал, муруту сейрек, жашы кырктан өтүп калган москоол Атыга ордунан копол козголуп: — Баатыр биз эметип эле... ошо эметип ... кымыз... — деп шилекейин жута сөзүн улай албай кекечтенди. — Ой, эметкениңди эмес, байгеге киши сайган сөөлөтүңдү айтпайсыңбы, — деп сөзгө кошулду капшытта отурган сакалдуулардын бири.
— Аа ... аа, байге... ошо кымыз ичип эметип отурганда Айдаке. . . — деп оюн айта албай ымшый берди. — Ой, сен Айдакени байгеге сайганың чынбы? — Ооба, — деп оңдонуп отурду туюктан чыккандай жеңилдене түшкөн Атыга, жеңи менен бетин аарчып — Омуран кал, наадан, эмне, дүнүйөң түгөл болуп, өрүшүңө мал батпай, байманаң ташып турабы? Эми ошол малыңды түптүгөл айыпка төлөйсүң, — деди Качыке мүйүз чакчасын сууруп насвай тарта. — Кеп мунун айыпка төлөөчү малында эмес. Кеп калың журттун ынтымагында турат го. Кечөө эле Эсенгул, Белек баатырлар кара калмакты жерден сүрүп чыгарган эле. Мына бүгүн кылычын кайрап кытай турат. Ат тезегин кургатпай шаштырып Кокон турат. Омбудан орускелет дешет. Жоо жакадан, бөрү этектен алуучудай болуп турган коогалаңдуу күндөрдө эл ынтымагы керек. Кожоберди, Медет, Качыке болуп кеңешип, Ныязбек баатырдын алдынан өтүп койгула. Эсенгул баатырдын арбагы тирүү турбайбы. Сарыбагыш эле эмес атпай кыргыздын намысын коргочу эмес беле, — деди Карабек аксакал сөзүн бүтүрө: «АллохуАкбар», — деп алакан жайды, отургандар жапырт бата тилеп карыянын бүтүмүн кабылдашты

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 03 Март 2019 - 01:34



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2019 - 01:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Тогуз тартуу менен кечөө кечинде Ныязбек бийдикине келип түшкөн саяк бийлери Качыке,Медет, Кожобердилер атайын көтөрүлгөн өргөдө түндүгүнө кысыр эмди тай союлуп, сыйлуу конок болушкан. Кадырлуу бийлер бүгүн Ниязбек бийдин чоң үйүндө. Он эки канат, жүз баштуу, жасалгалуу үйдүн алдына жыш эки кабат ала кийиздер салынып, эки капшытынан төрдү айланта кара көлдөлөңдөр төшөлгөн. Аш үйү бөлөк болгондуктан чыгдан тартылбай, босогого улай күмүш ачалуу ала бакандар коноктордун тыш кийимин илүү үчүн коюлган. Эпчи капшытка ногой меш орнотулган. Төрдө аюу талпак үстүндө баарынан жашы улуу, сексенди таяп калса да турпатынан эр туушу кайта элек, бүкүшүрөөк келген кең далылуу, балбан моюн, тегерек келген тарам кызыл жүздүү, агарган коюу каштары жапкан терең кабак алдындагы коймолжун көздөрү ойлуу, сыпаа серпилген чокчо ак сакалы турпатына жарашкан Качыке бий отурат. Башында тепчиме ак болотнай топу, боз нооту кемселине ак мата курун шалкы курчанган, багелектери малдаш урунган көн маасынын кончуна кийрилген. Анын катарында тулкусу кагелес, дөңсөөлөнгөн куш мурундуу, чап жаак, тарам кызыл жүздүү, кабагы бийик, сурмасыз сургулт көздөрүн акыл уялаган, ак аралай баштаган сакал-муруту сыпаа серпилген, жашы алтымыштан аша берген салабаттуу Медет бий отурат. Башында шырылган кара баркут топу, кара баркут көбөлөнгөн ий майда ак пиязы кемселчен, күмүш кемерин бир аз бошото, кемселине өңдөш шымынын багалектери маасы кончуна камтылган, малдаш уруна эркин отурат. Сол жагында калкагай мурут, бүркүт кабак, жазы маңдай, коңко мурун, алагар көзүнөн кайрат учкуну жанган, баатыр атанган Кожоберди. Конокторунан төмөнүрөөк үй ээси Ныязбек бий орун алган. Бийдин жашы жетимиштен ашса да, субагай кызылдуу жүзүнө бырыш кире элек. Жаңыдан ак аралай баштаган кара сакалы төшүн жаба жайкалып, муруту сыйда серпилген, кырдач мурун, кашы коюу, кабагы бийик, оттуу коймолжун көздөрү жайдарылана, конокторуна ызаат көрсөтүп сыпаа отурат. Алардан ылдый жаш курактарына жараша орун алган айыл аксакалдары, кадырлуу адамдар орун алышкан. Кадырлуу бийлердин тартуу менен келишине себеп болгон Атыга менен Айдакенин өгөй-татай сөз жаңжалы ортого салынып, жүйөөлөшүү соңуна чыгып, көптөн бери көрүшө элек курбалдаш кишилер көңүл жубата баарлашууга өтүшкөн. — Көптөн бери көрүшө албай жүрдүк эле, оозуна алы жетпеген сөөдүрөктүн сөзү дидарлашуубузга себеп болду. Кайриет, көйнөктүн кири жууса кетет, көңүлдүн кири айтса кетет дегендей, баарлашуу дилди тазартып куунатат экен да адамды. Тирүүлүктө кишилер бири бирине тартуучу кымбат тартуу мына ушу эмеспи. Кечөөтөн бери байып отурам. Өлсөк эки кез жер ээлейт экенбиз. Ааламды титиреткен Искендер Зулкарнайн да куру кол өткөн экен бул дүнүйөдөн, — деп Ныязбек бий жылуу чырай менен конокторуна карады. — Бар сөз го, биз да жетине албай турабыз. Эми бий ошол Искендер Зулкарнайндын осуяттары жөнүндө кеп уруп берсеңиз, — кончунан күмүш чегелеген мүйүз чакчасын алып, насывай ата үй ээсинен өтүндү Медет бий. — Ал узун сабак кеп. Мынча өтүнүп калдыңыз, учкай аңгемелеп көрөйүн, — деп Ниязбек бий малдашын түзөй оңдонуп отуруп, сөз улады. — Алланын амири менен азирети Искендер Зулкарнайн он жети жашында такка отуруп, Урум, Кырымды бүт каратып, Сыр-Дарыя, АмуДарыя чөлкөмүн басып өтүп, Арабия жерлерин, Ындыны каратып, ааламга падыша болот. Искендер падыша Ындыны каратып алгандан кийин элине кайтып келатса, жолдо катуу ноокастап, айыкпасына көзү жеткен соң, овозкерлерине «Мен өлөмүн, силерге, эл-журтума, аскерлериме ыраазымын. Сөөгүмдү өз жериме алып барып койгула. Бузулбай жетсин үчүн боюма ченеп арчадан табыт жасаткыла да, ичине бал куюп, денемди балга чылап, үстүн бекем жаап койгула. Энем мага ыраазылык берип ак сүтүнөн кечсин. Тагдыр ушул экен — капа болуп жанын кейитпесин. Менин кара ашыма көп тамак жасап, ата-энеси, бир тууганы,баласы өлбөгөн, башы бүтүн, боору эсен кишилерге берсин. Баса, мени табытка салып көрүстөнгө алып жөнөгөндө оң колум табыттан чыга, алаканым ачылып калат. Качан колум табытка кайра түшмөйүн шаардын көчөлөрүн кыдыртып алып жүрө бергиле. Колум табыт какайра түшкөндө көргө койгула, деген экен. Падышанын айтканындай иштеп бай тактыга жеткиришет. Бардык жөрөлгөлөрүн жасап көрүстөнгө алып жөнөөрдө падышанын оң колу табыттан чыгып алаканы ачылып калат. Айран таң калган калайык табытты шаардын көчөлөрүн аралатып алып жөнөйт. Табытты ээрчип, эл көчөмө-көчө табытты ээрчип,кыдырып жүрө берет. Күн кечтегенче кыдырып жүрүшсө да, кол кайра табытка түшпөйт.Кыдыруу улана берет. Бир маалда четтеги көчөлөрдүн биринде жарданып падыша табытын узатып тургандардын ичинен бир карыя: — Батыш менен чыгышты, түндүк менен түштүктү бүт каратып, ааламга падыша болдуң эле,ааламдын алтын-күмүш, дүр-дүнүйөсү колуңда эле. О, Искендер падыша, сен да бул жалгандан куру алакан кетип баратасыңбы? — деп үн салганда кол кайра тартылып табытка түшөт да, эл Искендер падышаны жайына тапшырышат, — деп Ныязбек бий тамагын жасап,сөзүн улаарда: — Бали, акылын кара көсөм падышанын, энесине, элине калтырган осуяттарынын таасындыгын кара. Опаасыз жалган дүнүйөнү ашкерелеген экен го акылман падыша, — деп сакалын сылай, малдашын бошото оңдонуп отурду ойлуу угуп отурган Качыке бий. — Энесине калтырган керезин да... — деп сөзүн бүтүрө албай бийди карады пиязы таар кемселин камтый курчана тери малакайын баса кийип, четтерээк отурган, суйдаң жээрде сакал, эрди желки жүлжүгүй көз, жашы алтымыштарга барып калган сары киши, — Ооба, ошону да уксак, — деп бийди карады эпчи жакта сөздү кунт коюп угуп отурган кырбуусу тайкы көрпө тебетей кийген кара чапанчан көк ала сакал карыя. — Эне кантсин, — деп бир тынымга үнсүз ойлоно калган Ныязбек бий сөзүн улады. Уулу айткандай ар түрлүү арбын тамак-аш жасатып: «боору бүтүн, башы эсениңер жегиле»,— деп элдин алдына койдурат. «Уулум Искендер падышанын керези ушундай, жегиле», —деп өтүнөт. Ошондо бир да бир киши тамакка кол тийгизген эмес экен. Көрсө бул жалганда боору бүтүн, башы эсен эч ким болбойт тура. Муну көргөн Искендер падышанын энеси: «Ии,бул дүнүйөдө баласы өлгөн жалгыз мен эмес экенмин да», — деп кайраттанып, сабыр күткөн экен. — Боору бүтүн башы эсен киши жок экен да бул жалганда. Искендер падыша насыятты энесине гана эмес, жалпы адам затына айткан экен да, — деди Медет бий күңгүрөнө. Сөздүн маанисин ар ким өз акылынан өткөрүп турган сымал үй ичи бир тынымга үнсүз тунжурап турду. — Баары кудай тааланын амиринде. Пендеге убактылуу жай да бул жалган дүнүйө. Кимдер өтпөдү бул жалган дүнүйөдөн Пайгамбарлар баары өткөн, Падышалар дагы өткөн. Ажат үчүн жан кыйган, Атантай жоомарт дагы өткөн, — деп айтылат. Баарынан да, Алла тааланын акыркы элчиси Мукамбет пайгамбар өткөн дүнүйө. Ага чейин биз кеп салган Искендер Зулкарнайн падыша, андан мурда өкүмү бүткүл адам баласына, жин, перилерге, кайберен канаттууларга чейин жеткен Сулайман пайгамбар падыша өткөн дүнүйө. Кечөө эле ат туягынын чаңы асманды бүркөп, Самаркан, Букар,Кыйваны талкалап, Эдилге Алтын ордо курдуруп, Кырым, Урумду баш ийдирем деген Чынгыш хан жана анын кан төккүч уулдары өттү. Кылычынан кан таамып, тиягы Түркия,быягы Ындыга чейин жүрүш кылган Аксак Темир көрөгөн өттү. Ошолордун баары тирүүсүндө дүнүйөгө түркүк болчудай көрүнгөн экен. Баары Кудай таала жиберген ажал алдында алсыз пенде экен го. Эки жарым кез жер ээлеп, беш кез боз жамынып куру кол кетишкен бул дүнүйөдөн. Мына биз да дүнүйө деп алп урушуп, уруу-уруу бири-бирибизге зордук көрсөтүп, мал тийип жоолашып, жарашып, жалган дүнүйөнүн азгырыгында жүрөбүз. Көрсө бүгүн бар эртең жок экенбиз да. Тиги дүнүйөгө ала кетүүчү байлыгыбыз — нысап күтүп, ыйман тутуп бири-бирибизге ыраазы болуп кетүүчү топугубуз экен да, — деп Качыке бий отургандарга карады.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2019 - 01:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Бали, баатыр сөзүңүз баарыбызды жуушатты. «Жакшы сөз жан азыгы, жаман сөз жан азабы» деген эмеспи, — деп баш ийкеп сакалын сылай ыраазылык билдирди конокторго катар отурган ак сакалы төшүн жаба жайкалган салабаттуу карыя. — Оо, кайран киши, «карынын сөзүн капка сакта, сөөгүн апта сакта» дегендей, нускалуу сөздөрүңүз көңүлгө кыт куйгандай чөктү, — деп өзүнчө кобурады улага жакта четтерээк отурган быжыгыр кара сакал, орто жаштагы, кара кемселине жөнөкөй кемер курчанган чап жаак кара тору киши. — Баатыр, уруксат болсо бир соболдун ыгы келип турат, — деп Качыкеге ызаат кыла карады, буудай өңдүү, оң жагында бармак басым калы бар субагай жүздүү, жазы маңдай, бийик кабак алдындагы сурмалуу көзүнөн акыл учкуну жанган, сыпаа серпилген кара сакал-муруту сымбаттуу турпатына төп жарашкан акылман Калыгул мырза. — Андай болсо ортого салыңыз соболуңузду, — деп Качыке баатыр эл ичинде оозго алынып келаткан сөзү орундуу мырзага көңүл коё карады. — Сулайман пайгамбардын өкүмү бүткүл адам затына, ал эмес жин-перилерге да таралган делет. Манаста Алмамбет баатыр чалгында жүрүп Тал-Чокудан Кытайга дүрбү менен көз жиберип отуруп, Сыргак баатырга: Караандуу калың Кытайга, Искендер изин салбаган, Сулайман сурак албаган, Экөөбүз эмес Бээжинге, Азирет Аалы барбаган — деп айткан экен. Ушул эки жагдай жөнүндө айтып берсеңиз, — деп сылык өтүндү. — Ооба, ооба, Кытай түбү түптүү кыжылдаган, ит жеген, жылан, бөён-чаян жеген сансыз эл, ошондон улам Сулайман пайгамбар көңүл бурбаган жана Искендер падыша да барбаган, —деп айтылат. Байыркынын кеби ушундай, — деди Качыке бий. — Баса, Кытай демекчи, илгери Жанболот баатыр Кытайдын колуна түшүп, туткунда жүрүп келген дейт, кайран киши ит жеген, жылан, бөен-чаян жеген каапырлардын ичинде кантип жүрдү экен, — деп карыялардын бири жөн салды гана сөз учугун Качыке бийге таштагансыды. — Бу силер кеп түйүнүн издей берип, коногубузду чаалыктырасыңар го, — деп борс-борс күлө Качыкеге карады Ныязбек бий. — Жылдар арасында бирер жолугушат экенбиз. Баатырдан сөз угалы деген ага-инилердин ниети өөн эмес, — деп кеп учугун улантууну күткөндөрдү колдоду Медет бий. — Оо, ал киши бир албан шер экен. Учкай эле кеп салайын, — деп малдашын түзөп отуруп, сөз улады Качыке бий. — Качырганынан кайра тартпаган, жүрөгүндө жалы бар эр болгон экен Жанболот баатыр. Жунгарлар жергеден сүрүлгөндөн кийин чин кытайлардын кыргыздын жеринин танабын тартып айыл кыдыра жакшы оокаттарын тартып алып жүргөн черүүлөрүнүн башчысын өлтүрүп, элдин малын ажыратып калат. Ээрчип жүргөндөрү качып кутулушат. Качып кутулгандары элине барып, жасоо курап, түн жамына келип баатырды капыстан туткундап, Бээжинге алып кетишет. — Кайырдин каапырлар, — деп күрсүндү отургандардын бири. — Сөзгө аралжы болбочу, — деп тыйды дагы бирөө. — Арга жок ошол бойдон баатыр туткунга кетет. Жыл өтө аталаш тууганы Тобок баатыр тобокелге башын байлап, кийим-кече, азык-түлүк мол алып, кош ат менен кытай деген эл кайда, Бээжин деген жер кайда, деп учу кыйырсыз капилет сапарга аттанат. Оо, Бээжин кайда, бирөө кайда, ашуусу бийик тоо ашып, агыны катуу суу кечип, мээ кайнап, канаттуунун канаты күйгөн чөл басып, жол жүрө, айлар өтүп баатырдын аттары жүрбөй чаалыгып өлөт. Азык түлүгү түгөнөт. Эр кайратын, элдин намысын туу туткан баатыр Кудайдан жардам тилеп, күн чыгышты бет ала Кытай кайдасың, — деп жүрө берет. Жаа-жебеси, оттук-бычагы жолдош, кайберен, илбээсин атып тамактана, жыл өтө, жомокто айтылгандай арып-ачып жетсе керек Бээжинге, — деп алдындагы аякты алып, кымыздан тата бир тынымга үнсүз ойлонуп турдуКачыке баатыр. — Кайран эрен! — Колдогону бар да, болбосо, кайдан жетсин. — Жигиттин пири Шаймерден колдогон да. — Кызыр алей салам жар болгон да, — деген үндөр угулуп, дымый угуп отурган эл түйшөлөтүштү. — Чоң шаарды аралап, жандап ишарат кыла боолголоп жүрүп, туткундардын камалган жайын табат, — деп сөзүн улады Качыке бий. — Жүзү курусун кытайлардын. Туткундардын абалын карагандан айбыгасың. Чачтары кабагынан өтө өскөн, кийимдери далдал болуп салбырайт, ырай-бешенеден кетишип, ушунчалык кирдеген, бирин биринен ажыратып таануу кыйын. Моюндарына тегерек тактай зоолу кийгизилген, буттарында кишен. Туткундарды эртең менен камактан чыгарып шаарды аралатып коё берет экен. Кылмыш кылсаң ушулардай болосуң, деп элдин үшүн алуу үчүн го. Бечараларга боору ачыгандар тактайдын үстүнө тамак-аш, жер-жемиш ташташат. Аларды оозуна жеткирип жегенге колдору тактадан артылып жетпейт. Туткундар ийиндерин күйшөп, тактайды кыймылдатып, тамак-ашты эптеп ооздоруна жеткирип жеген болуп, кечке көчөлөрдү аралап жүрөт. Көзөмөл алдында кечинде түрмөгө келип жатышат экен. Күнүгө ушундай машакаттуу тирүүлүк. Туткундардын артынан калбай күнүгө ээрчип жүргөн киши жөнүндө кайтарыкчы аркалуу билген түрмө башчысы уйгур тилмечти чакырып сүйлөшүп чоочун киши ушунчалык алыс жерден жыл арытып өлүмгө башын байлап тууганын издеп келген кишинин эрдигине,ажат үчүн жан кыюуга даяр адамгерчилик насилге тан бере: — Тууганыңды таанып алсаң бошотуп берейин, — дейт. — Таанып аламын. Оо, Жанболот, мында кел, — деп кыйкырганда туткундардын ичинен сакал-муруту өскөн зор киши жанына келип: — Ооо, Тобок боорум келдиңби? Эл-журт эсенби? — деп Тобокту көрө учурашайын десе зоолудан колу жетпей кайраттана күлүп турган Жанболотту, тууганын кучактайын деп зоолуну сыйпалап солкулдап турган Тобокту көрүп адам баласындагы боорукерликке ыраазы болгон түрмө башчысы Жанболотту бошотуп берет. Ошентип эки баатыр жол азабын тартып жүрүп, эл-журтуна эсен келишет, — деп Качыке баатыр сөзүн бүттү. — Тобок баатыр адамгерчилик, туугандык үчүн Атантай жоомарттай эле кызмат кылган экен. Пай, пай, не деген эрдик. Не деген кайрат. Сиз дагы келиштире кеп уруп бердиңиз, —деп Ныязбек бий Качыкени карады. Эшиктен кирген жигит. — Байым, эт бышыптыр, — деп үй ээсине кайрылды. — Аа, эмесе шорпо алып келгиле конокторго, конок бышты десе ала бакандагы эт бышат, —деп жайдарыланды Ныязбек бий. Шорпо ичип, колго суу куюлуп, кырма жыгач табактарга эт тартылды. Тамак-аш желип бата тилене, дасторкон жыйылып колго суу куюлуп, коноктор жайланып отуруп бой жаза кымыз сунулуп, жай аңгеме уланды.Шам-шаркыт келгендер жай-жайына тарап, коноктор узаар маал жакындады. Үйдө конокторду узатууга катышуу үчүн Токтор аке, бийдин ага-инилеринен бир-экөө гана калышты. Ата-бабадан калган салт боюнча тартуу менен келгендерге ыроолоп бирден чепкен кийгизилди. — Бий, ыракмат, сыйлуу конок болдук. Кел демек бар, кет демек жок дегендей, биздин сапар карыды. Эми аттар даяр болсо биз аттаналы, — деди Качыке бий. Чынжырлуу манап тукуму, хан даражасында өткөн кадимки Эсенгул баатырдын уулу, балдары тың чыгып, санаасы тынык, адамгерчилигинин жогорулугунан «ат качырбас бозайгыр» атанган Ниязбек бийдин көөмөйүндө пенделик менменсинүү козголуп турду. — Ыракмат ата салтын сыйлап келгениңерге. Ар ким өз баркын биле жүргөнү оң эмеспи.Коңшу- колоңду да ошого үйрөтө жүрөлү. Артыбыздан муун сүрүп келатат. Эми өгөй-татай иштерге уулдарыбыздын жүргөнү оң го деймин. Карыганча эле каржаңдап убаралана беребизби? — деди Ныязбек бий жөн салды сыпайыланган болуп. Улуу аялынын балдары жөнсүзүрөөк чыгып, кичүүсү Эраалы эл аралай элек Качыке бийге бул сөздөр жүлүнгө сайгандай тийди. — Болду, болду бий, көтөрүп атка салганыңыз курусун, көчүктөн чымчып алганыңыз курусун. Токтотуңуз сөзүңүздү. Көрүшөбүз өгөй-татай иштерди ким чечерин, — деп Качыкебий шарт ордунан туруп, чыга жөнөдү. Жолдоштору артынан ээрчиди. — Кантесиз жарыктык, анчейин айтылган сөзгө ушунча теригип, — деп Ныяззбек бий артынан ээрчиди. Кош-пешке келбеген Качыке жолдоштору менен аттанып кетти.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Disappear   03 Март 2019 - 02:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Чүйдөн келгенде Качыке кичүү аялы Канымбүбүнүкүнө түшкөн. Кабагы бүркөө, үч күндөн бери чечилип сүйлөбөйт. Байынын кирпиги менен тең айланган сезимтал Канымбүбүнүн жубайлык назик үйрүлүүсү да демейдегидей эр туюмун жибите албагандай. Качыке баатыр капалуу. Картайган кезинде көңүл кушун таптап, жан-дүнүйүсүнө демөөр болуп турган, сын сыпаты бөксөрө элек сыр билги жубайынын: «Баатыр, мынчалык көңүл чөгөргөн камтамалыгыңызды бөлүшсөңүз боло» деген аяр жароокерлигине: — Ээ, канайымым. Эмнени айтайын. Камчымды чабарым жокбу, деп намысым сынып турат,— деди Качыке. — Ботом коюңузчу баатыр, уулдарыңыз, ага тууганыңыз бар, Эраалыңыз да эр жетип калбадыбы, — деди Канымбүбү. — Ай, ким билет, — деп андан ары сөз улабады Качыке. Тышта ит үрүп, дүбүрт угула, Канымбүбү эшикти кыңкайта шыкаалап: — Баатыр, кишилер келди. Караке аба, Медет бий, Эраалы жигиттер менен ат алып атышат,— деп төргө көлдөлөң жайып, үстүнө аюу талпак салып, үй ичине көз жүгүрттү. — Аа, ырас болбодубу, байбиче, самоор койдур, казан астыр, — деп өйдө козголуп кийине баштады. Төшөк жыйылып, Качыке кемселинин сыртынан жука чепкен жамынып, көлдөлөң үстүнө отурду. Эшик ачылып, Карабек аке, Медет бий, Кожобердилер үйгө киришти. — Ассалому алейкум, келиңиздер, төргө өтүңүздөр, — деп ордунан тура Качыке Карабек аке,Медет, Кожобердилерге кол берип учураша, алар орун алгандан кийин төмөнүрөөк отурду. — Оо, карыя, саламат-күүлү жүрөсүзбү, өзүм барып учурашпайт белем, жарыктык, — деп баарынан улуу, жүз ашып калса да аттан түшө элек Карабек карыяга карады үй ээси. — Кудайга шүгүр, баатыр. Чүйдөн келип төшөк тартып жатыптыр дегенди угуп, дидарлашып жай сурайлы деп келдик, — деп карыя төрдөн орун ала, алаканын жайып: — Алоо акбар, оо жараткан, эл-журтту айдан аман, жылдан эсен сактай көр, хандын каарынан сакта, кара өзгөйдүн дооматынан сакта, — деп бата тиледи. — Баатыр барган жактан кабатыр кайтты, — деп уктук. Эсенгул баатырдын уулу жөн билгилик жасай алган эмес го, — деп сөзүн улады Караке карыя. — Жол азабы, көр азабы дегендей, урунду болуп калгандаймын. Анын үстүнө эмнесин айтайын, кутман карыя, — деп күрсүнө сөзүн улады Качыке, — сөөктөн өткөн сөз угуп, сөзгө сөлтүк болуп келдим. Санаам бөлүнүп, беймаза болуп, оюмду жыйнай албай турам, — деп маңдайын алаканы менен сүйөй ылдый карады Качыке. — Каада менен кабыл алып, байыркыдан кеп уруп, эл биримдигине данакер болуп келген ынтымак жөнүндө ой бөлүшүп, нускалуу аңгеме куруп, баарлашып куунап отурдук эле. Жөнөй берерде текеберлүү манаптын зардеси ойноп кетти көрүнөт, — деп сөзгө аралашты, калкагай мурут, бүркүт кабак, жазы маңдай, коңко мурун, калың каштуу алагар көзү ойлуу тиктеген Кожоберди. — Кожокем айткандай эле каада менен сый көрсөтүп, сылык отурду эле, балдары четинен тың чыгып, мал-жаны өсүп, санаасы тынык жүргөн чынжырлуу манаптын сыпайгерчилигинен текебери озуп кетти көрүнөт, — деди салабаттуу Медет бий. — Карыганда да көбөт экен да. Башкалар эмне, баласы, мал-жаны жок боору менен жылып жүрүптүрбү? Ээринин кашын таанытуу керек, — деп агасынан төмөн отурган, дымагы артып баатыр атанып келаткан Дуулат ордунан копшоло, сөзүм жактыбы дегендей аксакалдарг акөз кырын жиберди. — Биз дагы уулбуз, — деп жүрөбүз. Батаңарды бергиле, атам Маралторусун берсе, мен өзүм эле жигиттерди баштап барып, мал-жаны көпсүнгөн чал менен эсептешип келемин, — деп ордунан тура ийилип таазим эте өтүндү он жети жашар Эраалы улан. Чырымталы толо элек уландын жүйөөлүү чыйрак сөздөрүнө таң бере үй ичиндегилер бири-бирин карап, ичтеринен ыраазы боло бир тынымга унчукпай калышты. Уулунун кайраттуу үнүнөн, тууштуу кабелтең турпатынан эр дымагы көзгө урунганын туйган Качыке бир чети жетине албай, бир чети ичи тартына: — Ой, жаман десе, сенин убагың азыр боло элек, жөнүң менен бол, — деп уулуна сынаакы көз жиберди. — Аа, бар бол кулунчак, сен да баралыңа келатыпсың, бар бол, — деп сакалын сылай, башын ийкеп Карабек аке сөзүн улады: — Кызыл уук кылып кыйратып, кыз-келинин ыйлатып, бир уруунун экинчисин чаап алуусу эзелтен эле эч кимге жакшылык алып келген эмес. Ачуу шайтан, акыл дос, акылыңа акыл кош дегендей, сабыр этели. Атанын баласы эмеспи Ныязбек бий алды артын ойлоор... — Ээ, жарыктык, качан ойлоор экен, деп отура беребизби? Жылкычы Атыганын кымызга кызып оолукканы үчүн айыпка жыгылсак, журт атасы Ныязбек бийдин текеберленип шак сындырганы жазасыз калабы? Биз да элбиз. Эраалы иним туура айтат. Эсептешүү керек, —деп Дуулат Качыкени карады. Өмүрүндө жоолашуунун кесепетин башынан көп өткөргөн Качыке баатырдын туюмунун тереңинде ынтымак деген ыйык сөз уюп турса да, басынып турган ар-намысы үстөм болдубу, айтор: — Дуулат баатыр, ойлонуп иш кылгыла, — деп кончунан мүйүз чакчасын алып, насвай ата жер карады. — Жазыксыз эл жапа чекпесе болот эле, — деп Карабек карыя башын ийкеп, тунжурай ойго кетти. Сөз бир тынымга токтоло түшүп башка нукка өттү. Эл ичиндеги өйдө-төмөн окуялар, Садыр,Эсенгул, Белек баатырлардын өмүрүнөн уламыштар айтылып, залкар күүлөр чертилип,коноктор жай отуруп сый көрө кеч бешимде аттанышты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2019 - 19:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ай отуруп чыгып калган маал, түндүн бир оокуму. Теребел түн ымыртына бөлөнүп, тоо арасы бейкут тунжурайт. Тескейдеги карагайлуу беттен үзүл-кесил бакырган элик куранынын үнү угулат. Коктунун төр жагындагы жайыкта жайыла оттогон көп жылкы үрүл-бүрүл боолголонуп, анда-санда жылкы кошкуругу угулуп, караңгы ээндиктеги тирүүлүктөн кабар бергенсийт. Жайыттын аркы четинен айлана үйүргө көз сала бастырган жылкычы чокморун ээринин кашына арта сала, ат жалында куш уйку салып турган жолдошунун жанына келип: — Оо, каркыбарым, түшүндө перинин кызына жолугуп тургансың го, — деп каткыра далыга таптады. — Ой атакөрү десе, көзүм илинип кеткен тура, ит-куш билинбейби? — деп көзүн ушалай ооп бараткан чокморун колуна алып, такымына кыстарды. Жайыттын аркы четинен түн тынчтыгын чымырата чоор үнү безеленди. — Оо, кайран эр, «кыз ойготорду» созолонтуп кирди го. Чынында Сандыбай жигиттин гүлү. Комузда кол ойнотот. Кыл кыяк тартканычы. Кыз оюнда ырдаса, — деп сөзүн бүтө электе чоор үнү чорт үзүлө, «аа», деген добушту коштой: — Кайыр аркы четин, айда, — деген каардуу үн угулуп, үйүрдүн үркө кайрылган дүбүртү бери каптап келатты. — Кокуй, бир балакет болду окшойт. Кудай өзүн сактай көр, — деп атына камчы уруп, үн чыккан жакка жөнөй берерде артынан көк желкеге урулган сокку жылкычыны атынан учуруп түшүрдү. Жанындагы жолдошу союл урган менен чабышмакчы болгондо артынан союл тийип, ооп барып ат жалына өбөктөп, эсин жоготуп турду. — Сок, биротоло жайла, — деп зоңк этти караңгыдан суурулуп чыккан топ атчандын бири. — Колун байлап, оозуна чүпүрөк тыгып, буттарын үзөңгүгө бекитип, жылкы ичине коё бергиле, айылга алып барып кулданабыз, — деди атчандардын алдындагы башына туулга кийген жигит. — Жылкыны ары четинен бери сүрүп келаткан го. Айдагыла белди ашыра, — деп кыйкырды бараандуу көрүнгөн тебетейи калкайган зор киши. — Байке, сиз үч-төрт жигит менен жылкыны сүрдүрүп кете бериңиз. Ашуунун аркы түбүнөн күткүлө. Мен барып как баштын уйкусун бузуп, эр болсоң малыңды ажыратып ал деп,качкандай болбой куугунчуларды Шамшынын оозунан күтөйүн. Кана жигиттер, жүргүлө менин артымдан, — деп жоон топ куралдуу кишилерди ээрчите ылдый карай караңгыгас үңгүдү Эраалы. Чүй суусунун сол жээгиндеги секиге конгон чоң айыл түн тынчтыгынын кучагында мемирейт. Айсыз жылдыздуу асман керемет сыр катып тургансып, чексиздикке төнө көз мелжитет. Айыл ортосундагы көгөндөр тартылган кой короодо мемиреп жуушаган койлордун анда-санда кошкуруп,мекиренгени, үзүл-кесил, көрүп-көрбөй үргөн ит үнү угулат. Короо четинен бекбекей айтып короо кайтарган келиндин: Түндү түндөй жүгүргөн ээй, Түлкүнүн колу сөгүлсүн. түн уйкуну үч бөлгөн ээй, Карышкыр каны төгүлсүн ээй, ... оой ууй», — деген ичке үнүн: Ууру келсе уштайбыз ээй, Башын айра муштайбыз ээй, Укуругум долоно ээй, Ууру-бөрү жолобо ээй оо ... айдеген коңур жагымдуу аял үнү улады. Бир тынымдан кийин: Бекбекей ашты бел ашты ээй,Белине белбоо жарашты ээй. Иче турган ашыңа Бал болюн бекбекей ээй, Мине турган атына ээй, Жал болоюн бекбекей ээй Кийе турган киймине ээй, Жен болоюн бекбекей ээй. Иштей турган ишине ээй, Дем болюн бекбекей ээй, — деп алгачкы ичке үн кайра созолонду. Айыл четине түн жамына келип токтогон топ атчандын ичинен бирөө: — Эке, бекбекей айткан келин-кыздарга кайрыла кетпейлиби? — деп күлдү. — Калжыңды койсоңчу. Андан көрө айылдын тегерегинде бош жүргөн мал болсо айдагыла Шамшынын оозун көздөй. Мен чал менен сүйлөшөйүн деп айылдын өйдө жагындагы чоң үйдү көздөй тизгин бурду Эраалы. — Кермедеги аттарын да алалы, — деди бирөө. — Суу жүрөктүк кылбайлы, кермеден аттарды алып, куугунчуларды жөө калтырганыбыз болбос. Кана кеттик, — деп чоң үйдү карай ылдамдады Эраалы. Үзүк сыртынан уукка урулган катуу сокку үйдү кычыратып,Ныязбек бий чочуп ойгонду. Эмне болгонун биле албай, башын жаздыктан көтөрүп, кулак түргөндө: — Эй чал, эр болсоң көпсүнгөн балдарың менен малыңды ажыратып ал. Ажыратып ала албасаң кемпириңдин элечегин кийип ал. Мен Качыкенин уулу Эраалымын, — деп шаңк этти жаш уландын кайраттуу үнү



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2019 - 19:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Кудай сактай көр, — деп ордунан шамдагай турган бий шашыла кийимин кийип, кепичин бутуна сала тышка чыгып, өргөдөгү тестиер уулу Ормонду, жигиттерин ойготуп, болгон ишти түшүндүрдү да, кайра үйүнө кирип, жоо кийимин кийине баштады. Өргөдөн чуркап чыккан жигиттердин бири: — Оо, тургула, жоо келди, жоо келди, аттангыла, — деп кыйкыра үй кыдырып кишилерди ойготуп жүрдү. Бий менен айылдаш уулу Бердибек, жаңыдан бой тартып келаткан уулу Ормон баштаган он беш жигит союл, чокмор өңөрө чай кайнам ичинде бийдин үйүнүн алдында турушту. Чырымталы толо элек болсо да зээри бийик каракер атчан Ормондун олбурлуу турпаты, атка отуруш сымбаты өзгөчөлөнүп турду. Токулуп даяр болгон тор кашка аргымакты суулуктап келип жигит бийдин алдына тартты. Жигитти колтуктоого үлгүртпөй шап аттанган Ныязбек бий Ормонду көрө: — Ой, сен да аттандыңбы, кой, үйдө кал. Сенин убактың келе элек, — деди уулун аяп. — Байым, Качыкенин Эраалысы келсе менин барганым оң. Сиз убара болбоңуз. Биз эле ажыратып келебиз малды, — деди Ормон. Уулунун жүйөөлү сөзүнө макул болгон бий: — Болуптур, этият бол. Ашуунун берки бетиндеги малды бүткүл сүрүп кетишкендир. Кана эмесе, Кудайдан жардам тилейли. Жылкыны ажыратып калсак болду. Кишилерди мерт кылбагыла. Өзүңөр этият болгула. Кана эмесе, кеттик. Алла өзүң колдой көр, — деп бий таскактата жөнөдү. Айылдан бир аз узай аттардын оозун кое берген куугунчулар катуу баратышты. Алдыда чоң карагер атчан Ормон баарынан озо Шамшынын оозу жайыкка чыга бере жылкы тийгендердин тобуна аралаша чабышууга өттү. Биринчи беттешкен киши союлун суна бергенде карыга чаап, атына өбөктөй түшкөндө томукка шилтеп аттан түшүрүп,экинчиси менен беттешүүгө өткөндө арттагылар жете келип, чабышуу башталды. «Карма,сок», деген ачуулуу үндөр, талуу жерге союл тийип аттан кулагандардын онтогон үнү коюу түнгө коогалаң салды. Чабуулчулар көптүк кылып, куугунчулардын бирөөн экөөлөп көбүн аттарынан түшүрүп, ээрлүү аттарды жылкыга кошуп айдап, улам өйдөлөй беришти. Атынан ажырай элек Ормон тигилердин артынан калбай баратат. Сакалдуу киши жоого түшөрбү деген салттуу намыска бекем Ныязбек бий чабышка аралашпай четтерээк турду эле,баралына толо элек уулунун жоо артынан түшкөнүн көрүп: — Оо, Ормон, токто балам, — деп кыйкыра артынан жөнөдү. Олжо жылкыларды айдап капчыгай өрдөп бараткандардын артын кайтарып, эки жигит менен бараткан Эраалы дүбүрттү угуп кайрыла, союл булгалап кыйкырып келаткан атчанга каршы тизгин буруп атына камчы урду. Эки жигит күү менен беттешип бири-бирине чокмор уруп өтүштү. Кайра кайрыла беттешкенде чокмор тизесине урулган Ормон аттан кулап түштү. — Бул Ныязбек чалдын өз уулу Ормон тура, колун байлап атка таңгыла, алып кетебиз жылкы менен кошо олжолоп, — деп энтиге унчукту Эраалы. Ныязбек бий чабуулчуларга жете келгенде Ормонду атка таңып жетелеп алгандар жылкы алдына өтүп кетишкен эле. Чокморун оңтойлоп Ныязбекти тоскон Эраалы өзүнө кеселе тартылганы турган жааны көрө бою дүр эте токтой калды. Таң агарып калган эле. Элүү кадам аралыкта Эраалыга жаа кесеп турган Ныязбек бий: — Өзүңдү атайын десем жашсың, атыңды атайын десем карган атаң жөө калат, — деп жаа тартканда Эраалынын колундагы чокмору чарт сынып жерге түштү. Ныязбек бий: — Кайыр,Ормонду да, сени да Кудайга тапшырдым, — деди да, шарт бурулуп айылына кайтты. Ныязбек бийдин айылы. Күн бешимден ооп калган. Айылдын төмөн жагындагы жабуусу көөнө алты канат боз үйдүн жанында чогулган эл. Элден четтерээк төшөлгөн ала кийиз үстүндө Ныязбек бий баш болгон сакалдуулар, айыл билермандары отурат. Кечөөкү түнкү жылкы тийген кандуу кагылышта кара кушуна чокмор тийип каза болгон Сандыбайды жайына тапшырып, көрүстөндөн кайткандар куран окуп, бата жасаганы отурушат. Эсил кайран бир боорум, эми кайдан көрөйүн», — деп өкүргөндөр боз үйдүн чий каланган капталына келип турушту. Өкүрүк токтоп, суу куюлгандан кийин үй ичинен: Жаш мырзам жайыңа да кеттиң элиңден, Эми жай алгын бейиш төрүнөн, — деп кардыга алсырай чыккан жесирдин үнүн баса: Көбөйтүп малын жайытта ээ, Чабышпай койсо не болот, Журт менен журт жоолашып аа, Кырышпай койсо не болот аа. Эзелтен бери кыргындуу аа, Замандын мойну тар экен, Ат тепсеп уулу жанчылса аа, Эненин көөнү зар экен, аа, — деген дасыккан кошокчу аялдын азалуу үнү теребелге таралып турду.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2019 - 19:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

— Кой дегиле эми, куран окулсун, — деди бийдин катарындагы ак сакалдуу карыя. Кошок үнү куран сүрөөсү башталгандан кийин токтолду. Куран окулуп, бата тиленгенден кийин: — Кызыл чиедей балалуу жаш аялмет бечараларга убал болду го, — деди жээрде сакалын ак аралап калган сары чийкил, чекир көз, кыюусуз ак калпак кийген карыя. — Кантели, Кудай бар, эл-журт бар эмеспи, кар болушпас. Кашайган маңги намысыбыз көптүн убалын аркалап турат го, — деди алдын тиктеп, ойлуу отурган Ныязбек бий. — Балтыр эти толо элек Ормонго да убал болду го, — деп сөз таштады бийге курбал кадырмандардын бири. — Минтип бирөөнүн каны жазыксыз төгүлүп турганда Ормон да көрсүн башына түшкөнүн. Саяктар бышырып жемек беле. Тажаганда кое беришер. Болбосо элчиликкке келээрбиз, —деди Ныязбек бий. — Саяктан да колго түшкөнү бар тура, алмашып аларбыз, — деди дагы бирөө. — Бешим болгон тура, жүргүлө намаз окуйлу, — деп ордунан турду Ныязбек бий. Карыялардын беш-алтоо бийди ээрчиди. — Оо, даам ооз-тийип куран окуп кеткиле, — деген үндөн улам чогулгандар үй-үйлөргө тарап, азалуу үйдүн алдында эки-үч гана киши калды .Алты ай бою туткунда жүрүп, сарыбагыш, саяк арасы жүйөөлөшүп жарашкандан кийин туткундар үйлөрүнө кайтышты. Ормон бир нече жашка улгая түшкөн сыңары ойлуу мүнөздө келди, эркиндиктин баркын туйган сымал, ага каскак болгон жаңжалдын, уруу намысынын күңгөй-тескейине ой жүгүртүү менен алек болуп жүрөт



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2019 - 19:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

АРГА ИЗДӨӨ «Алды кандай жай болот, Кытай, Орус, Кокондун кимиси бизге бай болот»(Эл макалы)
1824-жыл. Боз кыроо.“Акчийде чиндер кыргын салыптыр. Асан бийдин айлынан тирүү калгандар аз дейт бешиктеги балдарды да жайрандашыптыр. Тайлак баатыр болбогондо тыйпыл кырылышмак экен. Баатыр жигиттери менен кыргын үстүнөн чыгып, чиндерге ылаачында йтийип, тирүү калгандарын кашкар капкасына киргизе кубалаптыр” деген кабар уч-кыйырга тарап, элдин үрөйүн учуруп да, намысын козгоп, чыйралтып да турат. Сактыкта кордук жок. Аттар суутулуп, көбүнчө кермеде. Жигиттер бел чечпей кезектешип кайгуулда. Илгери Турча бийдин жоокерлеринен тумшугу сынып капкасына жашынганын унутушкан экен, өчөйгөн узун чачтар. Ат жалында, найза учунда, кылыч мизинде көрүшөбүз»— деп айыл-айылдарда курал-жарак шайлап, кол топтой жүрүшөт эр көкүрөк, жоо бетине чыгуучу жигиттер. Кара таандай калың кытай каптап кирсе эл тагдыры не болот, деп санааркашат, көптү көргөн карылар. Эл-журттун абалын, каруу-күчтү таразалай, алыс жуукка, өткөнгө, келечекке сереп сала, акыл калчап арга издешет эл жүгүн аркалаган эрендер. Жоо жакадан, бөрү этектен алып турган кез. Күн жүрүштө чиндер (кытай) минтип турса, кыбыладан ат тезегин кургатпай, динибиз бирге, каапырлардан коргойбуз деп элчилерин жиберип, зекет жыйнатып, чеп кура Кокон турат. Мусулманчылыкка тооп кылган эл буга муюганы менен, кээ бир айылдарда сарбаздардын ээн баштыгы элди ирээнжитет. Анын үстүнө кытай каптаса туруштук берер чамасы жок экени да көрүнүп тургансыйт. «Омбудан орус чыгыптыр дейт. Калыгул бийдин жоромолдору ордунан чыкчудай» деген аңыз да эл ичин аралап жүрөт. Мунун да жөнү бар. Кашкар жакка каттаган соода кербендерине тыңчыларын кошо эл-жердин танабын тартып, айыл аралаган татар соодагерлерине уруу-урууларды бөлүп-жара өз пайдасына үгүт таратып, Орусия да тымызын аракетин күчөтүүдө. Кылымдар түпкүрүндөгү кыйын кезеңдердин биринде ордосу бузулуп чачылган байыркы эл көчүп-коно бириге албай: ”Алда кандай жай болот, Орус, Кокон, Кытайдын кимиси бизге бай болот” деп арга издеп турган кез.... Аяк оонанын орто чени. Күн жүрүшү ылдыйлап, аба салкын тарта, тоо суулары кашкалана, агымы тайыздап калган. Эл жайлоодон ылдыйлап, бөксө конуштарда. Коктунун оозундагы кенен жайыкка конгон калың айыл Ныязбек бийдики. Айыл ортосунда көгөндөр тартылган кой жатагында шибер уйпаланбаганынан улам эл жаңыдан конгону байкалат. Айылдын туура жагында суу боюнан 3—4 аргамжы бою алысыраак тартылган желелерде кара кулак кулундар байлануу. Бээлер чар жайыт. Коктуга кире бериште кара жалдуу кула айгыр башын жерге сала бээлерди кайрып жүрөт. Күн чоң шашке. Бээнин экинчи саамы. Айылдан бери желени карай эки келин, эки жигит келатат. Келиндер тушардан өйдөрөөк кош этек көйнөк, үстүнө тик жакалуу кыска кемсел кийишкен, жоолуктары алдыга салынуу, карыларына көнөк, алдыларына ал жапкыч тартынышкан. Пиязы таар кемселчен, ышкын түптөлгөн сары жаргак кандагайынын кенен багалектери кайыш мөкүсүн жаба, күрөң кездеме кыюуланган ак калпагын кырданта кийген орто бойлуу толмоч жигит келиндерге кычыткы тамаша айтып келаткан сыяктанат. Ортодогу нооча бойлуу келин көнөк илинбеген колун жаңсаганда жигит ойт бере буйтап, көкүрөгүн баса күлүүдө. Берки жигит менен келин да каткыра көңүлдөрү шат келатышат. Айыл ичинде тышка чыгара албаган жаштык азилдерин төгө маанайлары жаркын. «Бээ чогултуп, көбүк ичебиз» — деген 2—3 тестиер баланын кыроологон сүрдөнү менен саан бээлер желеге чогулууда. Айылдан өйдөрөөк обочо тигилген үч үй бийге тиешелүү, жүз баштуусунда бий байбичеси менен, бири конок өргөөсү, бири аш үй. Үйлөрдөн 3—4 аркан бою арыраак кермеде сымпоочтолгон ээр токумдуу сар таман аттар байлануу. Бий Омбудан 4 келгенден бери учурашууга келгендердин аягы суюла элек. Бүгүн Көл башынан Боромбай, Муратаалы бийлер баш болуп, он-чакты кадырман кишилер келип түшүштү. Алар мындан бир күн илгери бий өзү ат коштотуп мейманга чакырып алган айтылуу Cарт акенин үстүнө чоң үйгө киришти. Он эки канат чоң үйдө 40—50 чамалуу киши отурат. Жасалышы бийдин сөөлөтүнө төп. Аш үйү өзүнчө болгондуктан эпчи жакка чыгдан каланбаган. Улага капшытка күмүш ачалуу үч ала баканга меймандардын сырт кийимдери илинген. Үйдүн ич алдына кылчык өрө кийиздер эки кабат төшөлүп, үстүнө перси килемдери салынган. Капшыттарында төрдү айланта кара саксак көлдөлөңдөр. Төрдө килем жабылган атайын жүк тактанын үстүндөгү күмүш чабылган жагдандарга үч кертим жүк жыйылган. Жүк үстүндө ак мамык жаздыктар кыркалай жабык башка тирелип турат. Үй ичи толо бийдин меймандары, аларга учурашуу үчүн келген айыл аксакалдары, ага туугандары. Төрдө аюу талпак үстүндө жүзгө таяп калган айтылуу Cарт аке. Ак жегде көйнөктүн сыртына жакасы ачык көгүш кемсел кийген, башында тепчиме ак мата топу, арыкчырай, чап жаак, аксаргыл жүзүнө төшүн жаба жайкалган ак сакалы жараша, жазы маңдай,үрпөйгөн коюу ак каш алдындагы сурмалуу сургулт көзүн ачып-жума ойлуу отурат. Оң жагында Бугу, Сарыбагышка бирдей кадыры өткөн эл кишиси Боромбай бий, эткелирээк, сары чийкил, жазы маңдай, кырдач мурун, бириндеген сейрек сакал-муруту этият серпилген; сурмасыз көздөрү сынаакы тиктейт, башында шырылган күрөң макмал топу, тегерек жакалуу, эки өңүрүнө бастырылган тордолмо бүчүлүү күрөң нооту ногой кемсели өз баркын баалаган калыбет кишинин турпатына төп келип турат. Cарт акенин сол жагында тула бою шыңга, чап жаак кара сур жүздүү, мурду коңкогой, терең кабак алдындагы алагар көзү ойлуутиктеген сыпайы серпилген көк ала сакал-муруту жарашкан, айтылуу Бирназар акенин уулу Муратаалы бий, андан ылдыйраак үй ээси Ныязбек бий отурат. Сексенди таяп калса да тула боюнан эр сыпаты кайта элек, кызыл тору субагай жүздүү, коюу каштуу терең кабак алдындагы сурмалуу алагар көзүнөн оомал-төкмөл жоокерчилик заманда эл жүгүн аркалап келаткан кишинин акыл калчаган сабырдуулугу туюлат; башында тепчиме ак топу, тик жакалуу бозомук нооту кемселинин өйдөкү эки бүчүсү чечилүү, кемерин шалкы курчанып,малдаш уруна отурат. Бийден кийин үч ата өткөн иниси алысты көрө, жакынды баамдай билген, акылмандыгы, өзгө, жатка бирдей кара кылды как жарган калыстыгы менен эл кадырына татыган, меселдеткен учкул сөздүү Калыгул; акылмандын сыпаа-сымбаттуу турпатына, тарам кызылдуу субагай жүзүнө тик жакалуу ак көйнөгүнүн сыртынан кийген жакасы ачык каралжын кемсели, шырыма ак топусу сыпаа серпилген сыйда сакал-муруту төп келишип, сурмалуу кара көзү ойлуу тунжурайт. Андан төмөнүрөөк Ныязбектин элге төбөсү көрүнүп калган төртүнчү уулу узун бойлуу, кең далылуу, москоол, отузду аралап калган Ормон; маңдайы жазы, бүркүт кабак, кырдуу коңкогой мурун, ирмебей тиктеген сургулт көзүнөн чечкиндүү катаалдык, кайтпас кайрат жанат. Отургандар жашына жараша орун алышкан. Сакалдуулардан ылдыйыраак, адеп сактай, жыйырмалардан аша, жоо беттеп, эл аралап калган Төрөгелди, Балбай, Тилекмат, Адыл, Өмүр, Абыкандар отурушат. Көптөн бери көрүшө элек, карым-катнаш тоолуктардын мал-жандын амандыгын сураша жайдары субхатташуусунан сыр катпаган агедил ымала туюлат.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2019 - 19:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Чай дасторкону жыйылып, кымыз сунулууда. Бийдин үстүнө катын-калач кирбегендиктен, жеңил кийине шымаланган эки жигит адеп менен сыңар тизелей, аяк сунуп, бошогондорун этият ала, кайра толтура сылык узатып турушат. Бир сыйра кымыз ичилип сөз сээлдей түштү эле. Алдындагы кымыздан бир ирмей аякты көлдөлөң үстүнө этият коюп, мурутун сылай Боромбай бий аңгемени жандантты. — Кудага шүгүр, ай жүр, аман жүр дегендей, ат көлүгүңөр аман келгениңер бизге чоң олжо. Шераалынын айтымында орус жарым падышанын санаасы түз го. Экөөңүздөргө тең сый көрсөтүптүр курал бербесе да, — деп Ныязбекке суроолуу карады. Карым-катнаш кадырман кишилер менен астейдил отурса да, сөз арасында тунжурай калган көз карашынан Ныязбек бийдин Омбудан санаасы тынбай келгени байкалып турат. — Бизге жем таштаганы го дейм. Кичи жүз казактарын Жайык дарыя куймасына чейинки ата конуштарынан сүрүп чыгышыптыр. Чептер куруп, мужуктарын кондуруп жатат. Орус букарачылыгын моюндаган казактар нааразы. Эл ичи тынч эмес, деп кеп урушту биз сүйлөшкөн казак аттуу-баштуулары. Ким билет, биз жакка да жүткүнүп тургандай кыясы барбы дейм, — деди Ныязбек бий. — Кичи жүздүктөр илгери катын падышанын убагында эле орус букарасы болушкан дейт го Байзылда абсий. Алар орустан жамандык деле көрбөсө керек. Битирбордон 5 балдары окуп,чен алып, өзүлөрү деле тынч дейт, — деди талый түшкөн оң бутун этиет копшой, маасысынын кончун тарта малдашын түзөгөн Боромбай бий — Абылай хандын уулу Касым төрө эли менен Сары-Аркадан Сыр-Дарыя куймасы жакка Кокон карамагына ооптур деген имиш бар. Орус букаралыгы орундуу болсо, ата конушунан безбейт эле го, — деп сөзгө аралашты ойлуу отурган Муратаалы бий. — Касым төрөнүн Сары-Аркадан ооганы убактынча го. Абылай хандын туусун көтөрүп,казактын үч жүзүн баш коштуруп, хан ордо көтөрүү далалаты бар эмеспи. Сырдын боюндагы,Ташкен аймагындагы казак урууларын бириктирип, ыгы келсе Кокондон жардам алсам деген ою жетелеп келди го, — деп сөз жүйөөсүн түзөдү Калыгул бий. — Оо, Орус оңой эмес го. Замбиректери, көп атар мылтыктары, дагы канча түрлүү өнөрлөрү бар, билими күч эл дейт, — деп өзүнүн көп нерседен кабардар экенине ыраазы Боромбай бий сакалын сылай алдыртадан отургандарды айланта карады. — Ай, ким билет орустарыңызды. Букараларын чокунтат дейт го. Орусту мактап жүргөн Байзылда абсийди чокунгандан кудай сактасын, — деди Калыгулга катар отурган салабаттуу саяк бийи Качыке. — «Акыл оошот, ырыс жугушат» дейт эмеспи. Оруска алакалашса элге өнөр-билим жугат элего. Көп эл каптап кирсе, аз гана кыргыздын үрп-адаты, ата-салты, туткан дини, сүйлөгөн тили уйпаланат го, — деди Калыгул Качыкенин айткандарын бир четинен түздөй, бир четинен кошула. — Орус падыша «казактарды уштоо керек»деп жардык чыгарыптыр. Олуя-Атада эл, казактарды башка жакка сүрүп ийип, жерин мужуктарга алып берет экен, деп доңшуп турат деген кепти салды кечөө күнү Таластан келген Кенжебайдын кудасы, — деди четтерээк отурган жээрде сакал, сары чийкил, келте мурун, чекир көз өзүн салабаттуу туйган орто жаш киши.Бул сөздүн да төркүнү бар. Падыша Александр I Сибирдеги казактарды башкаруу уставын жарыялаган «устав» казакча «кармоо» деген маанини бергендигинен улам, бул сөз эл арасын дүрбөтүп турган кез. «Калк калп айтпайт, каңырыш угат» дечү эмес беле. Эл ичинде имиш жүрө берет да. Китеп түшпөгөн, кыжылдаган мыкачы кытайдан көрө, инжил түшкөн өнөрлүү орустардан жамандык келбейт деп ойлоймун. Байзылда абсий кудай деген ыймандуу, эстүү киши, — деп оюн кайра ырастады Боромбай бий. — Орусуң чоочун, доңуз жейт дешет, дини бөлөк, тили бөлөк, букараларын чокунтат имиш. Анын үстүнө казактарды кармоо керек деп бизди жөн коёт беле. Динибиз бирге, тилибиз бирге Кокондун эле этегин кармаганыбыз туура го дейм. Алтын бешик тукуму Нарбото бий көтөргөн ордо эмеспи, — деп саласал этти Муратаалы бий. — Дини бирге болгону менен Кокондун иши былык го. Бу... тиги... Курткада эле кокон сарбаздары өңдүү-түстүү кыздарды ат соорусуна салып ордого алып бараткан жеринен, Тайлак баатыр зөөкүрлөрдү жексендеп, кыздарды бошотуп калыптыр деген кабар угулду, —деп сөзгө аралашты Ныязбектин сегизинин сакалдуусу Бердибек бий. Тунжурай отурган Калыгул акылман кабагын көтөрө. — Ордонун өзүндө ырк кем сымал го. Так талаш кутум, алла Тааланын амирине, шариятка сыйбаган ыплас иштер Мадели хандын чөйрөсүндө го, — деп Бердибектин сөзүн тууралады жанатан бери малдаш уруна, эки колун сандарына таяй, сөзгө кунт коюп отурган Ормон сөз кыстарды. — Карыяларга ыгы келсе, мен да өз баамымдагыны айтып көрөйүн. Тээ...байыртадан эле элибиз эл болуп, ордо күтүп келген экен. Бабалардын өткөнүнө сереп салсак, өчөөрдө тамызып, өксүүрдө толтуруп, элди сактап келаткан биримдик, ынтымак экен. Мына бүгүн да элди ынтымак, биримдик сактайт дейм. «Сактайм, калкалайм» деп жүргөн Кокон ханы аскерлерин өзү баштап барып, чиндерден ойрону чыгып, Коконго жанын ала качып келиптир. Чынында Кокон да, Орус да кыргызды жыргатайын деп жуткунуп турбаса керек. Кайтарыксыз үйүрдү бөрү бөлөт, ууру алат. Акыры түбү Арка, Анжиян, Алай биригип бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бир амирде болсок дейм, — деп бир аз обдула төргө көз жиберди. — Жүйөөлү сөзгө кулагыңды тос, дешчү эле. Уулум Ормондун сөзүнүн төркүнү бар. Элдин ооматы артып, ынтымак, биримдик ирегелеш турган кезде бабабыз Тагай бийдин ордосу бул эле Барскоондо экен, — деп тынымга тунжурай түшкөн Cарт аке сөзүн кайра улады. — О, ал кезде, Кыргыз уюткусу бузулбай турганда, Аксак Темир көрөгөндүн тактысын мурастагандарда алакада болушкан Тагай бий менен. Бий Султан Сейит алдында «Ак үйлүү» 6 туруп келгенден кийин да ордо ордунда болгон экен, — деди да, карыя сөзүн үзүп башын ийкей, саал чайпала, кылымдар түпкүрүнө сереп салган таризде үнсүз ойго тунду. Сөзгө уюган үй ичи жымжырт... Бир тынымдан соң акылмандын каргылданган коңур үнү масилетте отургандарды кайрадан арбады: — Кумдай куюла, желдей сыза өттү го нечен замана. Ошондон бери эле тирүүлүктүн түркүгү биримдик, ынтымак тура. Ушул азыр уруу-уруу жоолашып, маңги намыс ыдыратып турат го...Жамы кыргыз ошол эле Тагай, Адыгиненин, ары жагы Долон бийдин балдары. Анжиян, Алай,Арка биригип бир амир туталы деген жакшы санаа ичти жылытып турат го... «Төртөө түгөл болсо төбөдөгү келер,» биригип бир тутам болсо шыбакты да эч бирөө сындыра албас. Тобокел Алла, деп биригүү камын көргөнүңөр эп го дейм жакшылар, — деп, сөзүн аяктай кымыздан татып, ойлуу отурду карыя. Сөзгө уюп үнсүз отургандар бир дем тарткандай үй ичи жандана түштү. — Карысы бардын ырысы бар, — деп үн ката Cарт акеден кийинки отургандардын жашы улуусу Ныязбек бий сөз улады, — акылман карынын нускалуу сөздөрүн көңүлгө түйөлү. Жети ойлоп, бир чечели. Акыл таразалап, ашыкпай ой бөлүшөлү. Элдин убал-сообу мойнубузда турат. — Бар сөз, бар сөз го... акебиздики. Тил алышалы, Алай, Анжияны Арка менен... Ормон баатыр демилгелүү турат. «Кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендей, кеңешели, — деп сөз коштоду Муратаалы бий. Аңгыча «эт бышыптыр» кабары келип, шорпо сунулуп, кол жуулуп, дастаркон жайыла жыгач табактарга кысыр эмди тайдын эти тартылды. Бешим маалы. Меймандар тышта серүүндөп даарат алышып, айылдан обочо дөңгө кымыз сунулуп, масилет кайра уланды. Залкар күүлөр чертилип, манас айтылып, масилет бешим намазы окулгандан кийин, таза абада дигерге чейин созулду. Бир өргүп кетүүгө макул болгон кадырман аксакалдар конок өргөсүнө бет алышты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2019 - 20:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

ТАРТУУ

Тоо этектей күздөө конушта отурган калың айылдан таң куланөөк саларда чыккан салт атчан шайбыр жүрүш менен кокту өрдөй өр таянып келатат. Кечкисин жааган күзгү жамгыр сонор карга айлана түн ортосу оой басылган. Тоодон соккон түнкү сыдырымдан кар илеби ура аба чыкыроон тартып, теребел каткалаң. Кыламык карга чагылыша үрүүлдөнгөн таң жарыгы түн ымыртын сүрө, бара-бара айлана даана боолголоно баштады. Жогорулаган сайын коктунун таманы кеңейе, эки капталы бийиктей берип, баш жагы мөңгүнүн суусу түшкөн тулаңдуу кумай төргө айланды. Күнгөйү арча-бадалдуу торпу, тескейи бетегелүү апай бет, баш жагында кумайлуу шагыл жогорулай барып, аскалуу тоо этегине жалганып турат. Жука сонор каптаган төр таң жарыгына сунала кеңейе түшкөнсүйт. Эшилме шагылдан өйдөкү салааланган борчуктуу аскалар ала телек кар. Жапсарланган аска борчуктарынан ары көз мелжий, булут челе кыркаланган жалама зоолор таң үрүүлүндө сүрдүү тунжурап, тоо арасында катаал ээндик өкүм сүрүп турат. Аскалуу чокуларды чалган киргил булуттар удургуй көчүп, үзүлүштөрүндө мөңгүлөр агарат. Аска боорлорун мекендеген канаттуулардын таң шоокумунан улам учуп-коно үн салган каңыртына зоолор күңүрт жаңырыктап, тоо арасындагы ээндикке шоорат кире баштагансыйт. Жыбыт-жылгаларда өскөн караган-шактардын арасына, сонорго таң ата жойлогон илбээсиндердин издери түшкөн. Капысынан жааган кардан жүдөй түшкөн тоо чымчыктары четин, шилби, карагат шактарынын биринен бирине учуп коно чыркылдап жем издешет. Шагыл арасындагы эңилчек баскан чоң таштын түбүнөн баш баккан ак чычкан кош аяктап тура калып, төмөнтөдөн келаткан атчанды сезе, чырк эте, кайрадан далдаага кирди. Таң жарыгы толук өкүм сүрө, салт атчан төр башына жете келди. Кумай четиндеги тулаңдуу түзөңгө жете, олбурлуу карасур улан чоң торудан түшүп, канжыгадагы кол чаначты, ээр артындагы бөктөрүнчөктү чечип, оңтойлуу орунга жайлаштырды да, зээри бийик, соорусу жайык, суйдаң жалдуу ойноктогон чоң торуну басмайыл чап олоңун бошотуп,көмөлдөрүгүн ээрдин кашына кайрып, ооздугун чыгара, чидерлеп, карлуу жашаңга отко койду. Уландын кыймыл-аракетинен жоокерчилик, көчмөн турмуштун түйшүгүнө бышкан шамдагай камбылдык туюлат. Сол колун серепчилей бир тынымга тоо арасына көз чаптырып турду. Башында жылбырска кара көрпө менен кыюуланган кулун тери малакай. Үрпөйүңкүрөөк коюу каштары бийик кабагына төп келе, алагар көзүнөн жаштык жигерге жуурулган өткүрлүк учкуну жанат. Дөңсөөрөөк кырдач мурдунун таноолору кененирээк. Эрин үстү билинер-билинбес түктөнө, уландын али жигит баралына жете электиги билинип турат. Кара сур жүзү суукка тотуга түшкөн. Пиязы таар кемселине кынай курчанган кургаоттук кисе, кындуу бычак илинген. Сары жаргак шымынын багалеги булгары мөкүнүн кончуна түшүрүлгөн, сол карысында жаа, оң ыптасында жебелүү саадак, оң колунда кулач келген чокмор союл. Тоо арасына көз жибере бир тыным тургандан кийин, жеңил тайтуякты мөкүсүнө бекитип, эки этегин кайыра тоо тарапка бет алды. Аяк шилтеши илбирс сымал аяр жана жеңил, сонор бетине көз сала өйдөлөп баратат, түшкөн издер арбын. Караган арасынан чыга капталдай түлкү өтүптүр. Алды менен зоока түбүнөн өткөн жапсардагы чубатууга койгон капканын көрүп, андан кийин сонорлоп из кубалоону чечти. Адис мергендерди ээрчип бир эки жолу аң улоого катышканы болбосо, өз алдынча биринчи чыгышы эле. Тоо арасында кайберен, илбээсиндер арбын, илбирс да, аюу да кезигерин ойлоп аяр баратат. Салааланган эки асканын ортосундагы жыбыт менен жогорулоодо. Сол тараптагы урчуктанган асканын арты айырмачтанган белес. Андан ары зоо түбүндөгү жапсарга чейин төө өркөчтөнө аскалар уланып турат. Белеске жеткенде бир аз токтоп, айланага көз жиберди. Белестин сол капталында сонорго даана түшкөн илбирстин изи жатат. Из өлчөмүнө караганда бир нече кар баскан күчтүү жырткыч өткөн экен. Алыстан аңдып, жаа тартып жыгуу керек деген ой менен капталдай басып баратканда коктучанын таманында жаткан кулжа көзгө урунду. Кулжанын кекиртегинен аккан кандан улам, муну илбирс чалганын туйду, анткени илбирс олжосун карышкырча тыткылап жарбастан, кекиртегин кырча тиштеп канын шимирет да, алгач тулкусуна тийбейт деп уккан. Аккан кандын уюй элегине караганда илбирстин өзү алыс эмес болууга тийиш деп, аярлана из кайда кеткенин аныктоо үчүн эңкейе караганда оң тараптан күрүлдөгөн коркунучтуу үн угулду. Бурула караса, эшик төрдөй аралыкта чанагына толо чакырайган саргыч көзүнөн заар чача, азууларын арсайта күрүлдөп килейген илбирс көрүндү. Мойнун жигжийтип ичине тарта серпилчү жаадай жонун дүгдүйтө куйругу менен карды чапкылап, секирүүгө ыңгайланууда. Көрө сала өнө бою дүр эте түшкөн улан акыл токтото боюн жыйнап, жырткычтын заардуу көзүнө тике карай союлун оңтойлото кармады. Көз ирмеминде өлүм менен өмүр айкашып турду. Көз ирмем... Күр эткен заарлуу добушка аралаш, азууларын арсайта, суук саргыч көздөрүнөн өлүм учкуну жанган жырткыч түйүлө түшүп, эргий берерде жазы маңдайга союл шилтеди. Уландын көз алдына тартыла түшкөн чаар ала тулку шалак эте жерге түштү . Үч кадам алдыда көздөрү аңтарыла, улам оозун ачып, кежигесин тарта көп кар баскан зор жырткыч жан талашып сулап жатты. Улан ыкчам кыймылдап кындан канжарын суура жырткычтын такыр колтугуна мала бурап алды да,бычак кармаган колун көтөрө: — Оо,... ээй... эл-журт, мен илбирс чаптым! Баай... Байым, мен илбирс чаптым, — деп кыйкырды. «Чааптыым» деп аскалар кошо жаңырды. «Байым» дегени айтылуу Ормон баштаган Сегизбектин атасы Ныязбек бий, анын казак аялынан туулган кенже уулу Түлкү улан илбирс чапты. Коркунуч менен кубаныч аралаш денесин майда калтырак баскан улан канжарды жансыз илбирстин үстүнө таштай, ташка көчүк басты.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   04 Март 2019 - 20:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Автору ким озу бул чыгарманын?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2019 - 20:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Мына, эми элдин баары «Ныязбек бийдин кенжеси Түлкү улан илбирс чааптыр» деп аңыз кылышат. Балким кыздар ... кыздар демекчи Айым да угар... ушул ой «кылт» эткенде бети албырып, өзүнөн өзү уяла тамылжый түштү да, ордунан тура бычагын алып, илбирсти түзөңүрөөк жерге ыңгайлап, союга киришти. Кеминде он кар баскан болуу керек, эшик төрдөй суналат. Тырмактары аркайып, ар бири төрт элиден кем эмес. Этияттап терисин баш турпаты менен, бучкактарын тырмактары менен чогуу сыйруу керек. Шамдагай улан арыдан бери тери бетине бычак тийгизбей, шыйрак тырмактары, баш сөөгү менен сыйрып алып, кан сөөлүн тазалап кыра карга жайып койду да, кулжаны союп бөксөлөдү. Күн көтөрүлүп, түш боло жаздаптыр. Чубатуудагы капканына баргыча кеч кирет. Илбирстин терисин бүктөп,кулжанын этин терисине салып курчалап ийнине аса жыбыт менен ойго түшүп келди. Көтөргөн олжосун жерге коюп, көкүрөк суута бир аз отургандан кийин көрпөчөдө оролуу кол чаначты чечип, күзгү бал татыган ынак кымыздан кере жутуп, энеси кастарлап берген түйүнчөктөгү жапкан нандан жеп, өзөк жалгады. Кар аралаш жашаңда байыр ала оттогон чоңтору алыс узабаптыр. Чидерин чечип, ооздугун катып басмайыл, олоң, көмөлдүрүгүн бекитеэ эрин оңдоду да, илбирстин терисин кынаптай бүктөп, канжыгага бекитип, бөктөрүнчөктөгү куржунду алып, эки көзүнө бөксөлөнгөн кулжанын этин батырды да, ээрдин тарагына арта салды. Чоң торуга шап аттанып, төмөн көздөй бет алды. Жигиттик дымагы артып, көңүлү көтөрүңкү. Сонордогу «тырмак алды» олжосу, болгондо да тоонун шери — илбирс. «Муну албетте байыма тартуу кылайын. Ал киши абдан курсант болор. Апам да андан бетер кубанар» деген ойго келгенде улан кыжалат боло түштү. Өткөн жылдын курман айтындагы окуя эсине түштү. Айт күнүнүн салтанаттуу кубанычы. Элдин баары көкбөрү (улак тартыштын) тамашасын көрүү үчүн айылдын капталындагы түзөңгө казканактап жыйылган. Ак сакалдар, кадырлуу кишилер марага чукул, элден обочороок турушат. Эркектерден бир аз бөлүнө аялдар, кыз-келиндер чогулган. Улакка түшүү үчүн бөлүнгөн жигиттерден төртөө «түпкө» баратышат. Алардын бири чоң торуну ойноктото, башын жоолук менен бууй шымаланган Түлкү улан. «Түптө» улак эмес эле, килейген серке жатат. Биринчи эңип алууга умтулуп, төрт жигит биринен сала бири аттарына камчы уруп, бирин-бири омуроолото улакка эңкейишет. Жээрде атчан жигит биринчи эңип өйдө көтөрөрдө, экинчи жигит талаша тартып, серке шалак эте жерге түштү.Түлкү улан ушул ирмемден пайдалана тоо торуну темине улакты сол колу менен эңип, кол сунгандардан обочолото, аттын омуроосунан айланта оң колго алды да, тоо торуга камчы урду. Тоо тору жебедей атыла топтон бөлүндү. Жабыла кууган атаандаштар аркан бою артта. Тозотто жүргөн жигиттер туурадан качыра Түлкү уланга жанаша түшүп улакты кармаганда Түлкү улакты жулкуп алып, аттын омуроосунан солго айландырып такымга кысты да, топтон бөлүнө, улакты данекчилер турган марага таштап, торуну ойноктото ортого чыкты. Жарданып турган эл, козголо уу-дуу боло түштү. — Улакты таштаган шамдагай жигит ким экен, — деген үнгө удаа: — Ныязбек бийдин салбар аялынын уулу Түлкү турбайбы! Бечара аман болсун! — деген сөздөр кулагына шак этти. Бүткөн бою дүр эте, көөдөнүнө ызалык толо түшкөн улан атын моюнга чаба элдин четине чыкты да, четке койгон кемселин, калпагын кийе таскактаткан тейде үйүнө келди. Атынын басмайыл, олоңун бошотуп, тизгинин ээрдин кашына каңтара суутуга койду да, үйгө кирди. Апасынын: — Уулум, эмне кайттың? Тамаша бүттүбү? Айылдап айттаган жоксуңбу? — деген суроосуна жооп бербестен, жүктүн үстүнөн жаздык алып башына койду да, калпагын керегенин башына илип, кемселин айкарасынан жамынып жата кетти. Кызыл күүгүм түшкөнчө сулк жата берди. Тынчы кеткен энеси: — Уулум, соол убак болду. Ушу маалда жин-шайтан кыдырат дечү эле, турчу кулунум. Атыңда сууду окшойт, отко койбойсуңбу, — деп үн салды.Түлкү улан ордунан тура, баш кийимин, кемселин кийип тышка чыкса, сууту канган тору окуранып жер чапчып турат. Ээрин алып, жайдактап отко койду да, айыл четине чыга алаксый ары-бери басып жүрдү. «Салбар катындын уулу» деген үн дагы эле кулагына угулуп тургансыйт. «Мен дале Ормон жана башка бек акелерим сыяктуу Байымдын өз уулу эмесминби. Эмнеликтен мени «салбар» деп кемсинтишет», деген ызалуу ой жүрөгүн өйүй, бир кыйлага басып жүрдү да,караңгы киргенде үйүнө келди. Энеси коломтого от жагып, тулгага казан асып коюптур. Эшиктен кирген уулуна үңүлө түшө: — Караңгыда кайда жүрдүң? Кабагың бүркөө, ноокастап турасыңбы, — деп чебеленди. — Эч жерим оорубайт апа, — деп энесинин бырыш эрте кире баштаган жүзүнө, жүдөңкү турпатына аянычтуу көз жүгүртүп: — Апа, Байым эмне үчүн биздин үйгө каттабайт? деди. Күтүүсүздөн берилген суроого буйдалып кысыла түшкөн энеси: — Бай өзү билбесе, кудай билбесе, мен кайдан билейин... Чоң апаң бар эмеспи, — деп сөзүн улай албай, көз жашын кылгырта жер тиктеди. Ошол бойдон сөз уланган эмес. Бирок эр намысы ойгонуп келаткан уландын көңүлү нирээнжите, адамдык баркын кемсинткен «салбар» деген сөз ар дайым тынчын алып жүргөн эле .Азыр да «тырмак алды» олжосун Байына тартуу кылууну ойлоп, эргип келатканда ушул жагдай көңүлүн ирээнжитип жиберди. «Баары бир, мен Байымдын бек болгон уулдарынан кем боло турган жөнүм жок. Буга мен аракеттенем. Байым менен ыгын келтирип, ачык сүйлөшөм. Апам да «салбар» деген кемтиктен кутулууга тийиш», — деген ойго уюду да,атасынын айылына карай бет алды.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2019 - 21:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Ниязбек бийдин байбиче аялынын айылы суу бойлогон кеңири жайыкка конгон эле. Айылдан окчунураак 2—3 желеге кулундар байланган. Желе четинде жайыла оттогон жылкылар. Омуроосу бийик жалдуу боз айгыр мойнун жерге сала, кулагын жапыра, четтеген бээлерди желеге кайрыйт, көнөк кармаган эки келин, эки жигит айылдан бери желени көздөй бээ саамына келатышат. Айылдын ортосундагы көгөн тартылган кой жатагынын шибери уйпалана элегинен улам айылдын бул конушка жаңы эле конгонун баамдоого болот. Бийдин он эки кабат ак үйү айылдын өйдө жагына обочо тигилген. Үйдөн үч аркан боюнча алыс керилген ат байлануучу керме бош турат. Шагдан бастырган улан керменин жанына келгенде аттан түшүп, ээрдин канжыгасына байланган илбирстин терисин алып,жерге жая, кан-сөөлүн дагы бир ирет тазалап, ээрдин үстүнөн арта сала атына жапты. Тери узатасынан чоң торунун кулак түбүнөн соорусуна чейин жетип аттын эки капталынан салаңдаган тырмактуу бучкактары жер чийип турду. Ээсинин аракеттерин өгөйлөбөй үйрөнгөн чоң тору ооздугун кемире тынч турат. Тери оой түшпөсүн үчүн башы менен союлган моюн жагын тизгинге орой аттын моюнуна бекитип коюп, куржунду көтөрө боз үйгө жөнөдү. Он эки канат ак үйдүн ичи кенен, тамак-аш башка үйдө быша тургандыктан коломтого от жагылбай, ногой меш коюлуп кернейи түндүккө жетер-жетпес бийик орнотулган. Үйдүн ичине ала кийиздер салынып, үстүнө перси килемдери төшөлүп, капшыттарды, төрдү бойлото кара сапсаң көлдөлөңдөр салынган. Эки капшыттарга Шамдан, Мисирден келген жука жибек килемдер тартылып, эр жак капшыттагысынын үстүнө Ныязбек бийдин атасы айтылуу Эсенгул баатырдын жоого кийген кийимдери, соот-чопкуттары, кылычы, жаа, саадагы илинген. Төр жактагы килем төшөлгөн атайын тактага коюлган күмүш кертим жүк жыйылып, үстүнө ак мамык жаздыктар коюлган. Төрдө аюу талпак үстүндө өзү курбу карыя менен тогуз коргол ойноп Ныязбек бий отурат. Жетимиштен ашып калган кези. Ошентсе да тулку боюна карылыктын жышааны кире электей. Тарам кызылдуу субагай жүзүндө бырыш жок. Төшүн жаба жайкалган кара сакалын жаңы гана ак аралай баштаган. Бий өз кезегин жүрүп, өнөгүнүн кумалак көчүшүнө көз жүгүртүп отурат. Бийден обочороок төрдүн эпчи жагында башында жеңил элечек, кара баркыт кемселине кундуз кыюуланган саймалуу белдемчи байланган эткелирээк ак саргыл байбиче теспе тартып өзүнчө отурат. Куржунду эти менен эшик алдына коюп, колун боорунa ала, таазим кыла салам айтып Түлкү улан үйгө кирди. — Алейкима салам, мырза, кел, мындай өт, — деп бий уулуна орун жаңсады. Улан аяр өтүп,атасына, отурган аксакалдарга кол берип, кайра төмөнүрөөк өтүп жай алды. — Балага даам алып келгиле, — деп байбиче улагага жакын тизелей буйрук күтө отурган жигитке кайрылды. Бийдин үстүнө келин-кесек кире алуучу эмес. Жигит элпек тура тышкы ак үйдөн чоң кара көөкөр, кырма аяк алып кирди да, кымыз куюп Түлкүгө сунду. Түлкү кесени алып, сыңар тизелей обдула атасына сунду. — Рахмат, уулум, бар бол! Биз ичип отурдук, — деп атасы ыраазылык билдирди. Улан сыңар тизелей отуруп кымыздан шашпай ичти да: — Байым, бүгүн сонорлоп чыктым эле. Олжолуу кайттым. Тырмак алды табылгамды сизге тартууга алып келдим, — деп атасына кайрылды. Уланга сынаакы көз кыйыгын жиберип отурган байбиче: — Ботом, кандай тартуу? Кана аның, колуңда эч нерсе жок го. Ал кандай кымбат тартуу болду экен, — деп жымсал таң калгансыды. — Эшикте, тоо торунун үстүндө, чоң апа. Чыгып көрүңүздөр, Байым, — деп атасын карады. Ныязбек уучундагы кумалагын айланта жүрүп келип атаандашына кайрыла: — Жүрүш сиздики. Уландын тартуусун көрүп, кайра келе уланталы, — деди да ордунан козголду.Түлкү өзү тура калып эшик ачты. Ныязбек бий баш боло отургандар жабыла тышка чыгышты. Күн кечтеп калган экен. Чыккандардын көңүлү керме тарапка бурулду. — Мына укмуш десе!... Кермеде илбирс байланып тургандай көрүндү. Эл удургуй кермеге келишсе, тоо торунун тулкусу илбирстин териси менен чүмбөттөлгөн. Ушунчалык зор экен. Тоо торуну чүмкөй, тырмактуу бучкактары жер чийип, оозун ачыра баш сөөгү менен чогуу союлган моюну аттын кулагына жетип, жону аттын тулкусун жаба, соорудан ылдый түшүп,карала көтөрмөдөй куйругу жер чийет. — Бали, азамат! Байыңа ойротто жок тартуу менен келипсиң! Пай, пай — ушунчалык да зор илбирс болот экен да. Кеминде он кар баскан шер экен, — деп бийдин курбалы кадырлуу бай уланды далыга таптап ыраазылыгын билдирди.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Disappear   04 Март 2019 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Жүзү албыра, сакалын сылай бирде уулуна, бирде укмуштуу жырткычтын сөлөкөтүнө көз жиберип, кенжесинин бир өлүмдөн калганына шүгүрчүлүк келтире, аны аяп да, эл көзүнөн кызганып да турган Ныязбек бий тынымга буулуга түшүп: — Алла Таалага шүгүрчүлүк! Сактаган экен кулун. Жараткан, аксарбашылың азыр! Уулум, эл ичинде эсен жүр. Кызыр жылоолоп, ак жолуң ачылсын! Оомийин, аллоху Акбар! — деп бата тиледи. Эл жапырт дүр эте бата кылды. — Уулдун тартуусун аттын үстүнөн алып, бапестеп жайлаштыргыла. Баланын тырмак алды олжосу таберик. Өзү өмүрлүү болсун. Садага чапкыла, — деп бийдин байбичеси кызмат башы жигитке карады. Арыдан-бери кыркыла элек ак улакты элдин алдына мууздап, териси сыйрыла электе төшүн жарып, өпкө-боорун уландын башынан тегеретишти. Садага расими бүткөндөн кийин кадырман аксакалдар бийдин үйүнө карай басышты. Эшик алдына чукулдаганда аксарбашыл ирикти туура тартып турган кара мурутчан жигит колун бооруна алып: — Аксарбашылга бата сурайбыз, — деп өтүндү. — Кыбыланы каратыңыз, бий, уулга айтылган аксарбашылды өтөйлү, — деп Ныязбек бийге карады аксакал карыя. Кыбыланы карап жарданып турган элдин алдына чыга Ныязбек бий: — Оо, кудурети күчтүү, ырайымдуу жараткан Алла, эл-журтту айдан аман, жылдан эсен кыл! Хандын каарынан, кара өзгөйдүн дооматынан сакта. Эл ичинде аты оозго алынып турган кулуң Түлкүнү аман коюп, ак жолун ач! Оомийин Аллоху Акбар, — деп бата тиледи. Бий баштаган аксакалдар үйгө кирип орун ала, сөз Түлкү уландын Байына тарткан тартуусу жөнүндө жүрүп жатты. — Мынчалык зор илбирсти көрбөгөн элек. Буга кай жерден, кандайча жолугуп калдың? Кудай бир сактаптыр, — деп Түлкүнү сөзгө тартты карыялардын бири. — Суук төргө чыктым эле. Эки асканын ортосундагы жыбыт менен өйдө чыгып, шоңшогой урчуктун артындагы белеске жеткенде, капталдай кеткен илбирстин изи көрүндү. Изди кууп коктучанын таманына түшсөм жаңыдан эле илбирс чалган кулжа жатат. Илбирс өзү да алыс эмес болууга тийиш деп оюмду жыйгыча, күрүлдөгөн үндү угуп кайрылсам, каптал жакта секирүүгө даярданып илбирс турат. Жаа тартууга үлгүрө алчудай эмесмин. Союл менен чабууга туура келди, — деди мактанууну каалабаган улан. — Бали, жүрөгүңдө жалың бар экен. Бабаң Эсенгул баатырды жазбай тарткан экенсиң, —деди отурган карыялардын бири. — Өз атасы Байым деле жаш кезинде калмактын берендерин мертинткен. «Аккан арыктан суу агат» деген ушул, — деп коштоду орто жаштардагы кара сакал, олбурлуу кара сур киши. — Койгула эми көп мактабай, башка сөзгө өтөлү. Кана жана токтоткон оюнду уланталы, —деп бий курбусун карады. Шам жагылып, оюн уланды. — Отургандар быйыл кыргыек эрте түшкөнүн, жылдын кандай болору, кыштоолордун абалы, кыштан кандай чыгуу жөнүндө узун сабак сөзгө киришти. Аксарбашыл түлөөнүн, кайыптан табылган кулжанын эти желип бата тилешип, колго суу куюлгандан кийин Ныязбек бий: — Байбиче, уулуңдун үстүнө чапан жапчы. Тартуусуна ыроологонубуз болсун, — деди. Байбиче чач учтугундагы ачкычтардын бирин алып, эпчи жактагы чоң жагдандан карала бачайы анжиян чапанды алып чыкты. — Аны коюңуз, баягы Кашкардан келген кара кыргактуу кымкап чапанды жабыңыз, — деди бий кескинирээк. Байбиче кыйылыбыраак туруп, көйкөлгөн кара кыргактуу кымкапты уландын үстүнө жаап,ичи тарыгансып турса да, сыпайгерчилик менен: — Сарпайы кут болсун, уулум! — деп эңкейте чекесинен өптү. Отурган кадырмандар баш ийкей дуу эте байбиченин каалоосуна кошулушту. Келбеттүү турпатына кара кымкап куп жарашкан Түлкү улан ийиле таазим эте ыраазылыгын билдирди да, атасына кайрыла: — Байым, ушу отурган кадырлуу аксакалдарды ээрчите барып, эртең биздин үйдөн түштөнүүңөрдү өтүнөмүн, — деди. Кенжесинин көйкашка эрдигине көңүлү толуп отурган бий, анын кадыресе салабат күткөн адамдык жөрөлгөсүнө жетине албай: — Аксакалдар кандай дейсиңер, уулдукуна түштөнүүгө барабыз го, — деп жанында отурган кадырмандарга суроо салган болду. — Арийне, барабыз. Буга жеткизген Алла Таалага шүгүр дейли, — деп ыраазылык билдирди карыялардын бири.



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Disappear   07 Март 2019 - 00:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Түлкү улан өз айлына келгенде түн бир оокум болуп калган эле. Эне коломтодогу отун өчүрбөй уулун күтүп отурган. Атынын ээрин алып жайдактап отко коё берип, Түлкү үйүнө кирди. — Карагым, кечиктиң го. Тоо арасында алда эмне болду деп санаам санга бөлүнбөдүбү. Өйдө өт, кардың ачкандыр, — деп энеси күйпөлөктөдү. — Кардым ток апа. Сонордо тапкан тырмак алды олжомду Байыма тартуу кылып барып,ошондон келатам, — деди уулу үнүн салабаттуу чыгара. — Болсун, жакшы иштепсиң. Сарпайыны Байың ыроологон го. Эмне олжо таптың эле сонордо — деп энеси уулуна карады. — Илбирс чаап алгам. Ошону тартууладым, — деди уулу камырабай. — Эмне дейт! Ботом, илбирс дейсиңби?! Ал жырткычтан кантип аман калдың экен, карагым! Оо, кудай бир сактаган экен, — деп эне уулунун башынан суу тегеретип чачты. Жайланып отургандан кийин: — Апа, мен Байымды аксакалдары менен эртең түштөнүүгө чакырдым, — деди Түлкү. Уулун жалт карап бир аз тунжурай түшкөн энеси: — Карагым, жайыбыз начар го. Бий кадырман аксакалдары менен кайда отурар экен, — деди дабдырай түшкөн энеси. — Биз отурган жайга отурат да. Дөөлөттүү бий өз үйүнүн кандай абалда экенин көргөнү жакшы апа, качанкыга чейин мүңкүрөп кемсинип жүрөбүз. Андан көрө эртелей туруп кам көрөлү, — деди Түлкү. Уулунун кара кымкап жарашкан салабаттуу көрүнүшү, камырабаган ишенимдүү сөздөрү эненин көңүлүн бир аз тынчыткансыды. Түлкү эртең менен таң саарынан туруп бир жакка жөнөп кетти эле. Күн чыга эки курбусун ээрчите сүт эмген жабагы жетелетип, эки серке чаначка кымыз артына келип түштү. Энеси коңшу келин-кесектер менен үйдүн ичин тытып тартипке келтирип тазалап, боорсок бышырып, самоор, чыны-аяк даярдап конок камын көрүү аракетинде. Көңүлү уйгу туйгу... Көптөн бери көрүшө элек байынын келээрин уккандан бери көңүл тереңиндеги жуптулук сезим менен күңүлүктүн айынан аялдык намыс баркын кор кылган ызалык керешип, ою эки анжы. Күн шашке болгон кезде Ныязбек бий 3—4 киши менен келип калды. Эки жолдошу менен Түлкү өзү баш болуп конокторду утурлай салам айтып, аттарын алып, ызаат көрсөтө үйгө кирүүлөрүн өтүндү. Ирээттүү, таза күтүлгөн алты канат жупуну боз үй, көөнөрөөк шырдак үстүнө кара көлдөлөң салынган. Төрдө эки кертим жүк, эпчи жагына чыгдан тартылган. Эшик ачыла меймандар киргенде Түлкүнүн энеси: — Арыбаңыздар. .. келиңиздер. .. төргө... — деп колдорун көкүрөгүнө баса бир аз эңкейген калыбында таазим эте меймандарга көз кырын жиберди. — Бар болгула, — деп бий төргө өтүп, курбулары менен орун алды. Дасторкон жайылып,боорсок төгүлө, самоор киргизилип чай келди. Чай ичилип, бир сыйра кымыз сунулгандан соң, меймандар түштөнүүгө арналган малга бата тилешип, кайра үйгө киришти. Жайланып отуруп чайкалган кымыз ичишип, эркин аңгеме өтүштү. Айылдагы белгилүү комузчу чакыртылып, залкар күүлөрдөн чертип, Азирет Аалы, кыз Дарыйка баяны, Сайид Баттал жортуулдары жөнүндөгү казалдар айтылып, бий курбулары менен көңүлү шагдан куш убак отуруп, сүт эмген тайдын этин жеп, кеч киргенче баарлашты. Батадан кийин Ныязбек бий жолдоштору менен кайтууга камынганын байкаган улан: — Аксакалдар, рахмат, сиздер кайтсаңыздар болот. Байым бүгүн биздин үйгө конот, — деп оюн кескин билдирди. Мындай жагдайды күтпөгөн атасы, бир аз кыжалат боло түшсө да: — Ошондой, мен бүгүн ушул үйүмдө боломун. Сиздер узай бериңиздер, — деп келген кадырмандар менен коштошту. Узаган меймандар менен удаа тышка чыккан бий уулун ээрчитип айыл четине чыга кечки абада бир кыйлага ары-бери басып жүрдү. Эл ичиндеги абал, тиричилик жайы жөнүндө сүйлөшүп жүрүшүп, түн кире үйгө келишти. Үч төшөк салыныптыр. Эр жакка бийге, эпчи жакка энесине, төргө уулуна. Бий чепкенин чечип, эр жактагы жайдын үстүнө отурду. Энесн өзүн алаксыта эпчи жакта идиш-аяктарды ирээттеген болуп жүрөт. Түлкү иреге жакка сыңар тизелей отуруп, ызага жык толгон чечкиндүү үн менен: — Байым, мен силердин ак никеден төрөлгөн уулуңармын. Мындан ары «салбар» аялдын уулу деген кемтик менен жүрө албаймын. Апа төшөгүңөрдү бирге салгыла, — деди да, төрдөгү өзүнө салынган төшөнчүнү камтый тышка чыгып кетти. Короого түнөп, таң саар ойгонгон Түлкү үйгө от жагылып, атасынын гусулга түшүп жатканын байкады да, санаасы тына ат издей жөнөдү. Түлкү жайыттан аттарды таап кайра келгенде, эшик алдында самоор кайнап, айыл кадырмандары бийге саламдашууга келип, чайкалган кымыз ичилип, кадыр эсе аңгемелешүү жүрүп калган экен. Эшиктен салам айта кирген Түлкү отургандар менен кол алыша учурашып, улага жактан орун алды. Аңгеме уланып, Түлкү уландын кечөөкү эрдиги жөнүндө да сөз болуп жатты. Баглан козулар союлуп, кымыз чайкалып, ал күнү да Ныязбек бийдин көптөн бери эл каттабай калган кичи үйүндө калк башында турган билермандар, кадырман аксакалдар мейман болушту. Ушул күнү Ныязбек бий Түлкүгө арнап өргө көтөртүп, короосуна кой, өрүшүнө жылкы салып, кайсы уруулар Түлкүгө коңшу болорун жарыялап, ай туяк бээ союп, элдин батасын алды. Эл тарагандан кийин, Ныязбек кенже уулу менен жалгыз калып, оокат-жайы,тиричилик жөнүндө сүйлөшүп отуруп сөзүнүн аягында: — Бар бол, уулум. Кызыр жылоолосун. Кудайга шүгүр, агаларың сегизи тең тың болду. Эми сен да эл арала. Ормон агаң элди бириктирүү камын көрүп жүрөт. Ошонун жанында бол. Ага тирек бол. «Аллоху акбар», — деп бата берди да, айлына аттанып кетти Ныязбек бий.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Disappear   07 Март 2019 - 00:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

АЙБАТ Жий чилдеси, кеч бешим. Шаңкайган көгүш асманда сейрек ак булуттар каалгый көчүп, кыбыладан соккон жылуу сыдырым бетти аймалайт. Кыялай катар чыйырланган тоо жолунда жоон топ атчан өйдө баратышат. Зээри бийик, соорусу жайык, чаткаягы кенен, каражалдуу чоң кула ат минген, кең далылуу, олбурлуу киши алдыда обочо бастырууда, Күрөң кымкап чепкенинин арткы этеги куланын соорусун жаба, алдынкы этектери үзөңгү боолуктан өтө, тизе алдында; башында төбөсү бийик, кырбуусу кенен кыюланган, талаалары чырашталган ак калпак, жазы маңдай, коюу кара каштуу терең кабак алдындагы ирмебей тиктеген сургулт көздөрү, кырдач дөңсөө муруну, чап жаак кара сур жүзү, серпилген узун муруту, төшүн жаба жайкалган кара сакалы бул зор кишинин турпатына өзгөчө сүр берип турат. Ат тизгинин шалкы кармай, оң билегине табылгы саптуу өрмө булдурусунду иле, эч кимге үн катпай ойлуу баратат. Жолдоштору көтөрмө бою артта өз ара кобураша жай келатышат. Атчандар белеске чыга көз алдыларына мөңгүдөн суу түшкөн коктулуу ээн өзөн тартылды. Төш таянган түзөңдө беш-алты үйлүү чакан айыл. Кемегелерден, түндүктөрдөн сейрек түтүн булайт. Кээ бир боз үйдүн эшиктери түрүлүү, серелерге курут жайылган. Айылдан жогору суу жакалай тартылган желеге беш-алты кулун байланган, төш таяна оттогон жылкы. Айыл ортосундагы кой короодо саан маалы. Көгөндөрдөн он чакты кадам обочо, тизе алдыларына чака коюп,жүйүртө баса отурган аялдарга тестиер балдар саан койлорду кармап келип артын чакага түздөп саанга тартууда. Козулары агытылып саалуу койлор мекирене ийип турушат. Саанчы алардын козудан бош эмчектерин чакага тартат. Кой толук ийигенде козулар тартылып,желини бошогончо саалган койлор козуларын ээрчите четке чыга жайылууда. Айылдын төмөнкү четиндеги жупуну боз үй алдында он чакты киши чогулуп бакылдаган ачуу үндөр угулууда. Четтерээк эки кокон сыпайы атчан турат. Бири шап атынан түшүп, мамыда байланып турган камыш кулак, ойноктогон, суйдаң жалдуу асый чыкманын чылбырын чечип, аттана жөнөгөндө чымыр денелүү элүү жаш чамасындагы чокчо кара сакал, чап жаак, келте мурун, алагар көзүнөн ыза жанган, эски кийиз калпак, таар кемселчен киши чечкиндүү басып келип, сыпайынын колунан чылбырды жулуп алганда, ал кылычтын сырты менен далыга сокту. Сендиректей түшкөн ат ээси үй жанынан баканды ала калчылдап: — Атаңдын көрүн урайын эшекчи! Өз малым өзүмө сокку болобу? — деп атчан сыпайды качырып сала берди. Ойт бере жаса чабылган бакан соорусуна тийген ат очорулуп, бакан чорт сынды. Үрөйү учуп калчылдаган сыпай: — Бу... нема... бу... Синниңни! ...Кыргыз... — деп кылычын сууруп шилтемекчи болгондо белестен чыккан жоон топ атчандарды, чогулган элдин суук ырайын байкаган экинчи сыпай аны ийининен тартып: — Караң, ана, —деп белести жаңсады. — Коюң Сабыржан. Бу якши атни кийин алармыз... Сакоо кыргызларни бекке айтамыз, — деп тизгин бура жөнөмөкчү болгондо: — Ашыкпагыла таксырлар. Кетирбегиле буларды, аты жөндөрүн билели. Тигине эл келатат. Алар бул зомбулукка күбө болушсун. Мындай иштин суроо-собкуту болот, — деди көгалa сакал, сары чийкил, чекир көз, пиязы кемселчен, чап жаак салабаттуу айыл аксакалы. Жигиттер сыпайыларды чылбырлай аттан түшүүрүгө киришти. Белеске чыга келген топ алдындагы кула атчан зор киши тизгин жыйды. Артындагылар обочо токтоду, айылга көз жибере: — Саза, билчи, бул кимдин айылы, эл эмнеге чогулуп турушат? — деп артына кайрылбай үн катты. Топтон бөлүнгөн карагер атчан москоол жигит солго бурула айылга таскак урду. Атчандардын жолу өзөнгө түшө кечмеликтен өтүп, аркы бетти кыялай узайт. Айылга жете иштин чоо-жайын билген Саза кайра тобуна жете келди. — Баатыр, айыл Эсенбайдыкы экен. Кокон сыпайлары бирөөнүн жакшы атына кызыгып калаба салып жатышыптыр, — деп кула атчанга кайрылды. Ал: — Аа... ошондой бекен, анда кайрылалы, — деп айылга тизгин бурду. Артынан көтөрмө бою бөлүнө жолдоштору ээрчиди. Топ атчан айылга жаңжал кызып турганда келди. Бакандын сыныгын жерден алган үй ээси: — Өчөйгөн ала чапан! Ханың, Коконуң жардынын жалгыз атын тартып кел, — деп жибердиби?! Мен силерге... атаңардын чокусун, — деп жулуна атчан сыпайды чабууга умтулганда эки жигит жетип кармап калышты. Атчан топтун алдында келип үйдүн жанына токтогон зор киши: — Ассалом алейкум, калайык, — деп салам айта чогулгандарга көз жиберди. — Алейкум салам, баатыр, келиңиздер, — деп утурлай басты көк ала сакал сары чийкил салабаттуу карыя. Жакыныраак турган жигит ат алууга камынганда: — Ракмат, ат үстүндө эле жай сурашалы, — деп колун көтөрө ишара кылды, — Бул эмнекалаба, Эсенбай аксакал? — Ээ, баатыр, булар кокон сыпайлары экен, Кармыштын асый чыкмасына көздөрү түшүп, салык үчүн алабыз деп жаңжал салып жатышат, — деди карыя. — Аңгыча үйдөн аякка айран алып чыккан орто жаш аял таазим эте басып келип кула атчанга сунду. Ал аякты алып ат жалына тийгизе кайра көтөрүп ооз тийип кайра сунду. Аял ат үстүндөгүлөргө кыдыракей аяк сунуп, даам ооз тийүү уланды. Кула атчан даам ооз тийе мурутун сылай: — Аа... ушундай деңизчи, — деп бир азга тунжурап турду. — Эй, най эсептер, эмне элге бүлүк салып жүрөсүңөр? — деп сыпайларды жекире карады. — Биз... биз... бегнин ярлиги, ярлигини... — деп төмөн карады, өңү кумсара, калтыраган сыпай. Ат үстүндө санын таяна каарлуу турган кула атчан: — Аа... эсирген экенсиңер го. Силерге салык алуу менен жалгыз аттуунун атын тартып алуунун айрымасын түшүндүрүү керек экен да... Булардын аттарына ээрлерин тескери токуп, өзүлөрүн да тескери мингизип, ээрлерине таңып, ооздоруна чүпүрөк тыгып, ошол тейде чиркештирип эки жигит жетелей барып Көтмалдыдагы чебине кийирип жиберишип, кайра кайтышсын, — деп жигиттерине буйруду. — А силер ээнбаштар улугуңарга бизден салам айта баргыла! — деп сыпайларга каардуу тигиле бир аз карап турду да, ат тизгинин бура кечмекке бет алды кула атчан, атчан топ артынан ээрчий жөнөдү. Жаалы катуу бул зор киши Ныязбек бийдин сегиз бегинин чыгааны баатыр атанган Ормон эле. Атчандар узай Саза жигиттери менен сыпайларды аттарынан оодарып, ээрлерин тескери токушуп, өзүлөрүн да тескери мингизип, ээрлерине чырмай таңа, ооздоруна чүпүрөк тыгып, аттарын чиркештире бир жигитке жетелетип, экинчисине айдатып, Көтмалдыга узатты да, өзү Ормондун артынан жөнөдү

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 07 Март 2019 - 00:27



Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 07:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: