- Мен өткөндө Казан-Кудуктун ылдыйкы белинен алты карышкыр аттым эле. Азыр ошол тарапка барып жок дегенде элик болбосо дагы алардын терисин сыйрып, ала кетсек кандай болот деди эле, Карыбек сөзгө келип:
- Туура айтың. Биз эми тиги жапайы кишини кармай албай калдык. Менин баамымда ал абдан баамчыл болуп калган өңдүү. Негизи эле ойдо жашаган адам баласыбы же жаныбарданбы тоо башында жашагандар абдан сейрек анан баамчыл болушат. Буга мисал катары эле колдо багылган эчкини алалы да, колдон чыгып кеткен жапайы эчкини алалы, кимиси баамчыл. Албетте тоодо жашаганы. Ал эми жазында эле тоого айдаган уй, тоодон тууса музоосу эле жапайы болуп эликтей качып калат го. Бул тоонун касиети, тазалыкты абдан сүйөт. Эмне үчүн тоо башы суук анан ызгаар болот. Анын себеби тазаланып туруш үчүн. Айтып олтурса тоо менен ойду салыштырып карасак айрымасы асман менен жердей. Алымкул айтылган сөздү кунт коюп угуп, таасын айтылган сөзгө абдан баа берди. Болбосо, тиги жапайы киши кантип билип алды, биздин келгенибизди деген ойго такалды.
- Бир сыйра курсактарын тойгузган соң, эки мергенчи жалгыз аяк жол менен жогору чыгып жөнөштү. Бул да болсо азарттын бир үзүмү экенин жашырып болбойт эле. Чындап калыс алып караган кишиге эмне азап, суукта тоо башына чыгып үшүп-шишиген.
Мергенчилер азап тарткандарын бир кийик атып алышканда дароо унутушат. Ошол себептен кийикке чыгуу, балык уулоо өңдүү азап тартуунун дагы билинбеген сыры болгон үчүн, мергенчилер менен балыкчылар баарын эстен чыгарып коюшат.
Ээрчише баскан экөө жаңы гана Кырташтын кырына жакындап калышканда,
бир нерсени кулактары угуп, дароо баскан кадамдарын токтотуп тыңшап калышты. Аңгыча эле өйдө жактан майда таштын кулаганы дагы кулактарына ушундай бир угумдуу болуп угулуп жакшы кабардан белги берди. Бул эми ынтызары күч экөөнүн шыктарына шык кошуп, дароо кыймылдарын өзгөртүштү.
Алгач Карыбек өйдөңкү тоонун бетинен эки кайберенди көрүп, акырын колу менен көргөздү, Алымкулга " ал жакта" деп.
- Мына эми экөөнүн дароо кабактары ачылып, ишарат менен гана сүйлөшүшүп,
экөө эки тарапка жөнөштү. Мындайда мергенчилер жаңсоо менен бирин-бири түшүнүп калат эмеспи. Мышыктыкындай кыймыл менен Алымкул тоону айланып, тигилердин үстүнө өтүп, ыгын келтирип ок чыгарганда,
ондон ашык кайберен ылдыйды көздөй качып берди. Тозотто турган Карыбек, экөөнү гана атканга үлгүрүп калды. Бул да болсо экөө үчүн олжо, жолдун болгону эмей. Аз убакыт илгери көңүлдөрү чөгүңкү олтурган экөөнүн кабактары ачылып, ок тийип сулап жаткан эки кайберендин жанына келишип, тим эле алтын таап алган адамдай жарптары жазылып, кужулдашып сүйлөшкөнгө өтүштү. Карыбек алгач:
- Кап, колум кымтууга келбей, октой турган огум колдон түшүп кетип, азга алаксып калбадымбы.
Болбосо дагы экини сулата атат белем, ким билет. Сен бул жолу абдан жакшы айдап бердиң. Жакшы эле ала чандыр, чоң текени атайын дедим эле, мейли эми анын ичээр суусу бар экен. Экөө эки кайберендин ич эттерин алып салышты да, атып алган олжолорун жондоруна көтөрүп, ылдыйды көздөй алып жөнөштү. Эх, ушул кезде экөөнөн өткөн бактылуу киши жоктой сезилди го чиркин. Маңдайларынан аккан терлерин сүрткөнгө алдары келбей, тим эле таттуу кыялдарга жетелене үңкүр ташка келгенге чейин бири-бири менен сүйлөшпөй, өз ойлору менен гана алек болуп келе жатышты. Көрсө бул жалганда ким эмне иш кылса, ошол жасаган ишинин ийгисин тапканда сүйүнөт тура. Бөрү баласы дагы ачка келе жатып жем таап жегенде кыйналганын унутат эмеспи. Ошол сымал экөөнүн дагы жүздөрүн нур чайып, алгач эле от жагып, тамактын камын ойлошту. Аттиң, напси, эмнени гана кылбайт дагы эмнени гана ойлоп таптырбайт.
Мергенчилер жасаган тамактын даамын айтпай эле койгонубуз оң. Экөө алеки саата тамак жасап жеп болгон соң, кечтин кирип келе жатканына карабай жолго чыгууга камынышты. Алымкул арткан тамакка кошуп нан, туз, азыраак күл азыкты атайын өйдө жакка коюп койду, жапайы киши жесин деген ойдо. Бул достошолу дегендин бир белгиси болучу.
*********
Мергенчинин сырлары. Б.Бийназаров
#22 07 Январь 2017 - 02:16
Турсунбек кеч кирип, көз байланып калган кезде жыла басып, баягы үңкүрдү өзү аңдып турчу жерге келип, жашоосуна кедерин тийгизген тиги экөөнүн караанын издеди. Бул кезде тигилер эбак ылдыйлап кеткен эле. Жыла басып экөө байыр алган жерге келди да, бир топко аярлап, байкоо салып турду. Ооба, жүрөгү дагы жаман нерсе болоорун сезген жок. Жакын келип жаңы эле жагылган оттун жытын мурду менен искеп билди. Кеминде демин ичине катып бир топ убакыт турган соң, дагы жакын келди. Эч бир кыймылдын үнүн укпаган соң гана, аяр басып үңкүр ташка кирди. Үңкүр таш өзү байыр алгандай оозу тар эмес. Киши бою менен бир, кенен оозунан эңкейбей кирип келди да, мурду жыт алды бышкан тамак бар экенин. Турсунбек дагы өзүнчө сактанып ичкери жакты жакшылап көз агытты да, баягы текчени карады. Анткени ал жерден дайыма оттук таш, туз жана башка нерселерди таап алып кетчү. Бул жолу бышкан этти көрүп, дароо оозуна салып тиштеп тамак көрө элек адамдай жан талаша бурдап-бурдап чайнап кирди, анан анын даамдулугуна машырланып эч нерседен коркпой, коркуу сезими жоголуп, тамшанып тамак жегенге өттү. Канча болду мындай даамдуу тамак жебегенине.
Ал турсун ушундай тамак бар экенин эсинен дагы чыгарып койгонун тана албай турду. Качан гана тигилер калтырган тамакты жеп болгон соң, нандын калганын, тузду анан күл азыкты алып, олжосуна сүйүнүп изине кайтты. Ооба, чынында эле адам баласы көңүлүнө жаккан тамак жегенде дагы жашоонун баркын билери чын. Даамдуу жасалган тамактын дагы жашоодо орду чоң экенин Турсунбек ушул саам билип, жолдо кетип бара жатып ойлоп койду "адамдарга кошулуп, адамча жашасам кандай болот?" - деп. Алгач олжолорун жатагына жеткизген соң, айдын жарыгында эки жакты аяр карап, эски жатагын көздөй жөнөдү. Анткени ал жакта калган эң кымбат деген буюму кооз саптуу бычагы калбады беле. Аны алганча ал жакты дагы байкап келүүнү эп көрдү. Чынында эле бул аймактын коён жатагына чейин билген Турсунбек тую сезими менен жана күндө басып жүргөн жолу менен кадамын ишенимдүү таштап келе жатып, үңкүрүнө аз калганда, ылдыйкы коктунун ичинен өзүн көздөй ушундай бир ылдамдык менен чуркап келе жаткан эки карышкырды көзү чалып, дароо алдыны көздөй чуркап жөнөдү. Аз болгондо аларга жем болмок беле... үңкүрүнө жетип эле, оң тарабында турган эшикти ордуна коё салып, буту менен тиреп калды. Ага удаа эле эки бөрүнүн бири келип эле жыгач эшикти сүзүп токтоп, ырылдаган болду. Жүрөгү бат-бат согуп, дем алганы оор тартып, сыртка кулак төшөдү. Аз жерден ажалдын чеңгээлине калып кала жаздаганын билип, күч менен үшкүрүнүп жиберди. Карышкыр бир топко ырылдап туруп нары жылганда акырын артка жылып, эшиктин тирөөчүн алып келип бекем кылып жөлөп койгон соң, өзү кенен кесир жатагын бир сыйра карап чыкты. Алгач эле бычагын таап алганда, азыр эле тарткан азабын унутуп сүйүнүп кетти. Ушул эле окуя бул жашоодо азап менен жыргал ээрчишип жүргөнүнөн белги берип туру го. Турсунбек кооз саптуу бычагын жаңы таап алган адамдай берилүү менен карамалап, мыйыгынан күлгөн болду. Бычакты тиги экөө байкаган эмес. Үңкүр таштын төр жагына билинбегендей кылып катып койгон эки терини алып, алдына салды да, ага чалкасынан жата кетти. Анткени сыртта тиги эки бөрү аңдып жатканын кантип эле билбей калсын. Алар эми кеминде бир, эки күн жылбай аңдышат, тим эле коён аңдыган түлкүдөй. Турсунбек алгач бул үңкүргө келгенде, бул үңкүрдүн ичин абдан жакшы карап чыккан. Анан гана жатакка айланткан. Ал турсун төр жагынан кичине бир адам сойлоп чыккандай кылып дагы тешик жасап, башына кыйынчылык келип калса, ошол жол аркылуу качып чыгууну да ойлонуштуруп койгон болучу. Бирок ал тешикти ичинен чоң таш менен тосуп, алдынан шыргый менен тиретип койгон "не бар не жок" деп. Бул жак үңкүрдүн төр жагы болгон үчүн анча көзгө уруна бербейт. Андан дагы үңкүрдүн төр жагы ичке болуп, көзгө туюктай сезилет.
Таң атканга чейин эч нерседен бей капа жатып уктап алып, уйкусу канган кезде, акырын ордунан туруп сырт жакка кулак төшөдү. Бул кезде эки бөрү эки жерде жаткан, үңкүрдүн ооз жагын аңдып.

#23 07 Январь 2017 - 02:17
Жыгач эшиктин жылчыгынан сыртты карады, бирок бөрүлөрдү көрө алган жок. Эшиктин жылчыгынан түшкөн жарыктын шооласынан билет, таңдын атканын. Турсунбек бир саамга кулагын төшөп тыңшап олтуруп, даана укту канчык бөрүнүн үн чыгарып кыңшылаганын.
Дагы жакшы сыртка чыкпаганы. Эгер минтип аңдып, кулак төшөбөй чыга калса, түндөн бери күтүп жаткан бөрү жөн эле буйдамга келтирбей жара тартып кетет беле ким билет. Алар дагы бир курсактын камы үчүн кесерип күтүп жатканына Турсунбек таң калган деле жок. Бул окуя биринчи жолу эле болуп жаткан жок да. Буга чейин дагы эки жолу кабылган бөрүлөрдүн куугунуна.
Кайра артка тартып, ордуна келип жатып, кечинде жеген тамакты эстеп, тамшанып шилекейин кылк эткизе жутуп алды да, оюу бузулду "элге кошулсам эмне болот" - деп. Бир жагынан жалгыздыктан акыркы кезде тажап баратканы чын эле. Качанкыга чейин минтип жырткыч жаныбарлардан жанын ала качып жашайт. Ачка-ток болуп, үшүп-тоңуп жашаганга деле көндү, бирок эмнегедир жашы өйдөлөгөнү жүрөгүнүн курчу мокок тартып баратканын тана албайт болучу. Ал эми тиги экөөнүн атайын тамак таштап кеткени дагы эмнегедир оюн оңдоп, алар менен жолугуп сүйлөшүп көрүүнү дагы бир эсептен туура көрдү. Турсунбек кээде ушунтип ар нерсени ойлой берип башы ооруп чыккан күндөрү да болуп калат. Кышкысын кар калың жаап, суук болгон кезде жатагынан чыкпай жата берип, тажап да кетет.
Оң колу менен саксайып өскөн чачын катырата тырмап алып, уктап калуу үчүн көмкөрөсүнөн жатты.
Ичтен тиги кубалап келгени чыкпасына көзү жеткен эки карышкырдын үмүттөрү үзүлүп, жаткан орундарынан турушту да, каалгый басып кайра ылдыйкы колотту көздөй жөнөштү, эртең мененки ызгаарлуу суукту жиреп. Аттиң, булар дагы улуу жараткандын жараткан жаныбарлары да. Экөө тээ күчүк кездеринен кошулуп, чоң топтон караандарын алыс тутуп келишет. Канчыгы дайыма жыл сайын бирди гана тууйт. Тууган балдары чоңойгондо ургаачысы дөбөт карышкыр менен кетет, ал эми эркек тууса анысы өз алдынча тамак жеп калганга жараган кезинде эле жашоо менен күрөшүп, ата-энесин таштап кеткен кайырдин балдардай бөлүнүп кетет. Бул жолу дагы ургаачысынын ичинде баласы бар. Экөө кудум сүйүшүп үйлөнгөн жаш жубайлардай бири-биринен калбайт. Анткен менен дөбөтү абдан кам көрүп турат, ургаачысына.
Бир кезде дөбөт карышкыр алдыда желип жортуп бара жатып, чукул жерден башын зоонун кептеши тарапка бурду да, эрте күздө жаш тайды жара тарып жеп, анын этин кулгуп койгон жерге келип, эки алдыңкы буту менен жерди казып кирди. Качан катып койгонун тапканда, орун бошотуп мындай жылды, канчыгы чынында эле ачка болучу. Тим эле көптөн бери тамак көрө электей катылган этти жан талашып жеп жатты. Аттиң, айбан да болсо канчыгына кам көргөн бул дөбөттүн жоругу, жасаган иши бөрү баласынын мыйзамы экенин жашырып болбойт эле. Көрсө ар бир жаныбарлардын эркеги, ургаачысына кам көрүп, ар кандай кырсыктардан сактаганга жан үрөгөнү эле эмне деген сөздү ичине камтып турат. Качан гана канчык ырыскысын жеп болгондо, калганын дөбөт аз да болсо бир нерсени жеген болду. Аңгыча эле аба ырайы бузулуп, асманды кара булут каптап, кар жаагандай белги бергенде дөбөт карышкыр дагы алдыга жол баштап, зоонун кептешинен ылдыйды карай эки жүз метрдей жылып, далдоо жерге келип, жата кетти. Катарына келип канчыгы жатты да, эркелегенсип башын дөбөттүн үстүнө жөлөдү. Аңгыча эле кар лапылдатып жаап кирди. Бул аба-ырайына тоо башында жашаган жаныбарлар көнүп деле калган.
*******

#24 07 Январь 2017 - 02:19
Эки мергенчи түн ортосунда үйлөрүнө келишти. Ооба, буга чейин Алымкул үйлөнө элек. Жашы жыйырманын бешине келди. Апасы анан эки иниси болуп бирге турушат. Апасы деле карылыкка моюн сунуп калды. Атасы Малабайдан апасы кеминде он төрт жашка кичүү. Атасы каза болгон кезде апасы элүү үчтө болучу. Азыр алтымыш жаштын тамагын ичип жатат. Анткен менен өз жашынан кары көрүнөт. Бул да болсо аял затынын ашыкча түйшүгүн тарткандык экенин жашырып болбойт. Бурул төрттү төрөдү. Кызы үч жыл илгери турмушка чыгып кеткен. Берки эки уулу дагы бойго жетип турган кези.
Алымкул келген кезде Бурул али уктай элек болучу. Албетте, уулунан санаасы тынбай. Качан гана Алымкул сырттан кирип келгенде, жаткан ордунан тура калды да:
- Келдиңби, уулум? - деди. Алымкул атып келген кайберендин этин кире беришке коюп жатып, үй ичин сыдыра карап алып:
- Апа, эмне уктай элексизби? - деди эле Бурул кабагын түйүп:
- Кайдагы уйку. Атаң тирүү кезде аны күтүп жүрүп өмүрүмдүн теңи өттү эле. Эми минтип сени күткөн адатка айланды. Деги бул мергенчилигиңди койсоң боло. Же бир үйлөнүп ал десе болбойсуң. Курсагың ачтыбы?
- Аны айтпаңыз.
- Мен азыр, чай деле ысык болсо керек - деди. Анткен менен Алымкул эттен камсыз кылып, тоодон куру келбегенине Бурулдун ичи жылып, күткөн азабын унутуп калат. Чай алдыга келгенде Алымкул өзү сөз алды:
- Апа, айылда эмне жаңылык бар? Жаңы шайланган өкмөт эмне кылам дейт? Бурул чай куюп сунуп, берилген суроого минтип жооп берди:
- Балам, өкмөт болуп шайланган Басылбек эмне кылмак эле. Ал азыр иш кылганга али үлгүрө элек да. Аны коюп сага айта турган жакшы жаңылыгым бар деди эле Алымкул суроолу карап:
- Эмне жаңылык? - деди. "Жакшы" деген сөздүн артында эле эмне деген сүйүнүч, көңүл көтөрүү турат, аны ким билбейт. Бул жалганда "жакшы" деген сөздүн кадыры чоң экенин ушундан улам билсек болот, Алымкулдун шаштысы кете түштү. Көзү жайнап, сөз укканга куштар экени жүзүнөн билинип, апасын суроолуу карады. Ан сайын Бурул дагы маалкатып, сөздү чоюп, жакшы кабарын айтканга шашылган жок. Алымкул жөн эле кайберенге жакын келип атып ала турганда кандай сүйүнсө, азыр дагы ошондой сүйүнүп, тим эле апасынын сөзүн укканга куштарлыгы артып тынчы кете түштү. Качан гана Бурул чыныга чай куюп сунуп, анан өзү чай ууртап оозу бошоп, мына жакшы кабарын айтаарды кычап кичүү уулу ойгонуп:
- Апа, акырын сүйлөгүлөчү, уйкуну бузбай, - деп, төр жакта жатып үн салып калды. Алымкулга ушул эле жетпей жаткан болучу. Инисин карап бир нерсе айтайын деп оозун камдап барып анан тим болду. Бурул айта турган сөзүн эмес бул жолу такыр башка сөз айтты:
- Уйкуң бузулуп жатса туруп, байкең атып келген кийиктин этин бузсаң боло - деди. Асыкул уйкулу көзү ушалап:
- Эртең менен эле бузганга жетишем. Ушул жети түндө жоо кууп келе жатса дагы эмне болуптур деп, нары карап жатып алды. Бурул наалып:
- Эки иниң дагы сомодой болуп бойго жетти. Бала чоңойгондо сөзүң дагы өтпөй калат экен. Жаңы өкмөт тиги Бегимкул иниңди мал санакка катышып, Бекболоттун жардамчысы болуп бер дептир. Эртең менен ишке чыгат го. Ал эми Асыкулду тоого карагай кыйганга барып бер деп айтса, иниң баш тартып койду, андан көрө трактор айдагандын окуусуна барам деп. Деги эмне иш кылса дагы аман эле жүрсүнчү - деди. Алымкул ойго алаксып:
- Мейли, тоого барып ушул суукта карагай кыйгандан көрө, жазга чейин трактордун окуусун окуганы жакшы эмеспи. Кулагым чалды, эми техниканын заманы башталып, көп адам жасаган ишти бир эле техника бүтүрүп калат деп. Ал эми Бегимкул санакка жакшы. Элге аралашып көнсүн - деп өз оюн ортого салды. Бурул чай куюп сунуп:
- Балам, минтип бир үйдүн ишенимдүү адамы болуп, атаңдын ордун басып, көзгө көрүнүп калдың. Эми сен тилди алсаң үйлөнүп, инилериңе орун бошот. Сага айтайын деген жакшы кабарым, сен тоого кеткенден бери Дүйшөнбек эки жолу издеп келди. Ал айтты "Алымкул менин кызымды алсын. Мен калың доолабайм. Ал мени бир ажалдан алып калды. Эгер Алымкул болбосо мен минтип сенин маңдайыңда олтурбайт элем" - деп. Сен менин айткан тилимди алып, Дүйшөнбектин кызын ал. Анын кызы деле жакшы кыз.

#25 07 Январь 2017 - 02:20
Баамымда кызына айтса керек. Сени эмне кылып ыраазы кылышты билбей, кызын берүүгө бел байлаганы билинип эле турат. Бир чети адам баласынын эмгегин баалай билүү кандай жакшы. Дүйшөнбектин кызына куда түшкөндөр көп деп уктум. Алардын сунушунан баш тартып койгон экен. Эгер анын кызын чана турган болсоң, анда Дүйшөнбекти эле эмес мени дагы капа кылып аласың. Макул көрсөң тилди алып, мени келиндүү кыл. Башка кызды деле алсаң болот эле. Бирок анын алдынан өтүү да керек. Алымкул бир саамга ойлонуп туруп, Дүйшөнбектин кызын эстеди. Ооба, көзгө толумдуу, кара тору кыз. Бир жолу экөө бет маңдай өтүп бара жатып тиктешип өткөн эле. Ошондо ал кыздын көз карашынан кандайдыр бир жылуулукту байкаган. Алымкул жооп күтүп турган апасына:
- Апа, алгач мен ал кыз менен жолугуп сүйлөшүп көрөйүн. Мага анын көңүлү болбосо, кантип жашамак элем.
Бурул баласынын көңүлү бар экенин билип, кабагы ачыла түштү да:
- Ага жолугуп сүйлөшкүң келсе, эртең эле жолуктуруп коём. Ал жагын мага кой. Аны коюп ырым эмеспи, калыңга бир нерсе бериш керек го. Алымкул башын тырмап:
- Апа, эгер кыз макулдугун берсе, баягы мен мындан эки жыл илгери атып келген сүйлөөсүндүн терисин саталы. Касымбай бир жылкыга алам деген. Бул сөздү укканда Бурул сүйүнүп кетти. Ал эми төрдө жатып "уйкуну бузбагыла" деген Асыкул жаткан ордунан туруп келип, тасмал четинен орун алды. Ооба, кимдин эле жеңелүү болгусу келбесин. Алымкул инисин жаман көзү менен карап:
- Эмне келдиң? - деди. Асыкул башын тармаган болуп:
- Курсагым ачып кетти, - деди эле, Бурул:
- Анда чыны алып кел. Сөз уккуң келип келдиңби. Аны танбай эле кой. Баса, Алымкул анда сен ал терини сат. Мен куда камын көрөйүн. Атаң мага өлөрүндө керегиңе жарат деп чоңдугу чүкөдөй алтын берди эле. Аны пул кылып, тасмал камын көрүп, тойго даярданалы. Биринчи жакшылыгым эмеспи. Буйруса Дүйшөнбек деле жаман адам эмес. Алымкул сөздү кыскартыш үчүн:
- Апа, калган сөздү эртең сүйлөшөлү. Кечки акылдан таң акыл жакшы деген кеп бар эмеспи. Мен абдан катуу чарчадым. Билбейм апа, мени азыр аял алган деле кызыктырбайт. Тоодон бир жапайы киши көрдүм. Ошону алып келип элге кошсом, чоң сооп иш табат элем. Бул сөздү укканда Бурул бир саамга ойлонуп туруп:
- Ал кишини атаң дагы көрдүм деп айткан. Эгер сен менин тилегимди кабыл кылып, Дүйшөнбектин кызын келин кылып берсең, мен ал жапайы кишини кантип колго түшүрүүнүн жолун таап берем. Эң негизгиси сен алгач тилимди алып мени келиндүү кыл. Үйгө бир чүпөрөк баш алып келсең, мен идиш-аягымды өткөзүп берип, келин жумшасам деген көптөн берки тилегиме жеткир. Дүйшөнбек келип, кеткени менин көңүлүм ордунда эмес. Эмдиги жылы небере жытын жыттап калсам кана... Алымкул апасынын бүгүнкүдөй кабагы ачылганын көзү чалбаптыр. Баардык эле энелердин тилеги, жакшы келиндүү болуу эмеспи. Келин ала турган үйдөгү бир эне эле эмес ата, ага, ини, эже, карындаштын баары үйгө келе турган жаңы мүчө жөнүндө кандай таттуу кыялга батат. Тойдун түрү көп, бирок баарынан чоң жана маанилүү той, келин алуу экенин жашырып болбойт го. Бурул таңды таң атканга чейин уйку бетин көрбөй жаңы келе турган келини тууралуу таттуу кыяга жетеленди. Ал эми Алымкулдун иниси Асыкул дагы ары-бери ооналактап жатып, жакында жеңелүү боло турганы тууралуу кыялга батып, уйкусу качты. Алымкул болсо катуу чарчаганга тез эле уктап кетти. Уйкудан өткөн таттуу эмне бар. Таң атып, алыскы тоо башынан күн аркан бою көтөрүлгөнчө бут серппей уктаган Алымкулду апасы ойготту. Таңкы уйку кандай таттуу, атаганат. Жылуу төшөктөн тургусу келбей жатканда сырттан айыл өкмөтү өзү келип калды. Анын үнүн укканда Алымкул айласы жок уйкудан ойгонду.

#26 07 Январь 2017 - 02:23
Басылбек чарчы бойлуу, кызыл жүздүү, көзү жүлжүгүрөөк келген таамай сүйлөгөн, сөзгө бай анан дайыма кабагы ачык жүрөт. Сырттан кирип келип эле:
- Оо, бул мергенчи дагы түшкө чейин уктайт беле. Менин угушума караганда мергенчилер таңкы шүүдүрүмдө оттоп чыккан кайберендерди таң супасы жаңы аткан кезде аңдыйт дечү эле. Бул сен уйкучу мергенчисиң го дейм, я? - деди, тамашалап. Алымкул туруп кийимин кийди да, сыртка чыгып бетин чайып келип, тасмал четинен орун алганда башкарма негизги сөзгө өттү, келген жөнүн айтып:
- Алымкул, атайын сага өзүм келдим. Эми бир керекке жарап бер. Али кыш түшө электе эле карышкыр күч болду. Кечээ түнү Таш-Сарайдагы Курбандын короосуна карышкыр кириптир. Түндө болсо Камчынын короосуна тийди. Бул бөрүлөрдүн жолун өзүң тоспосоң, башка кимге барам деди. Алымкул учурдан пайдаланып:
- Бөрүнүн го жолун тороп койгон колдогу иш. Баамымда ал короого чейин кирип келген бөрүлөр кайсы тараптан келип жатат, аны го билем. Мени кыйнаган ок-дары жагы. Карыбек байке экөөбүз өздөрүн кыйын сезген кашабаңдардын эбин алеки саатта эле табабыз.
Бул сөздү укканда Басылбек чыдабай кетип:
- Ок-дарыны кантип таап бербей коёт элек. Ал жагынан кам санабай эле койгонуң оң. Эгер тапшырманы ойдогудай аткарсаңар, экөөңөргө бирден кой чыгартып берем. Союп жегиле же керегиңерге жаратып алгыла. Ансыз деле карышкырлар жеп кетип жатпайбы. Биздин силерге далай эле күнүбүз түшөт. Анда мен турайын дагы Карыбек байкеге өзүм барып бир ооз жооптошуп койгонум оң. Бир чети сен абдан жакшы кепти айттың. Ал кишинин мергенчилик өнөрүн мен жакшы билем. Тээ илгери бала кезимде чоң атамдар менен жайлоодо элем. Карыбек байке анда кудум сендей болуп-толуп турган кези болучу. Калп айтпасам жеңеге жаңы эле үйлөнсө керек эле.
Түш ченде Көк-Жайыктын бетинде жайылып жаткан кой үркүп калды. Карыбек байке дароо эле койго карышкыр тийгенин көрө коюп, колунда кармап турган кеседеги кымызды тартып жиберип эле, олтурган ордунан атып туруп, атка секирип минип, атын чаап бара жатып, койго тийген карышкырдын бирөөнү ыргыта атты. Кантип атты, ага менин акылым жеткен жок. Анан экинчи жолу мылтык үнү угулду. Качып бара жаткан экинчи карышкыр белдин кырына чыга берген болучу. Экинчи жолу атылган ок аны дагы качып кутулганга мүмкүнчүлүк бербей, жалп кулатты. Ошол окуя азыр дагы көз алдымда тартылып турат. Сенин сунушуң мага абдан жакты. Ок-дарыны мен Карыбек байкеге бердирип коём. Эртелейин, иш көп, мен жылайын, - деп болгону бир чыны чай ичип, ордунан туруп сыртка чыга жөнөдү.
Алымкул узатып чыгып кайра келгенде Бурул шашып:
- Балам, азыр Айымжан жеңең Инабатты өзүнүн үйүнө чакырып келет. Сен ал жакка шыралга бергени барып кал. Айжамал жеңең тамак жасаганча экөөңөр сүйлөшкөндөй болгула. Биз баарын алдына ала сүйлөшүп койдук. Ал турсун кыздын апасы өзү кызын жибермей болду. Эми сен ал кыздын көңүлүн таап, жакшы сүйлөшүп кел. Бул сөздү укканда Алымкул сүрдөп кетти. Анан эмне кылат. Биринчи жолу кыз менен жолугушууга барганы жатса. Ооба, айтып койгон оңой, бирок кыздын дагы билинбегени чоң сүрү бар экенин Алымкул ушул убакка чейин баам салбаптыр. Ушул ишке баргандан көрө чоң тоонун башына чыгып барып кайра кел десе, жеңилирээк болмок. Бурул ырыстуурак кийимдерди сандыктан алып чыкты. Албетте абышкасы Малабайдан калган кийимдер. Суусар тебетей, жакасы бүгүлүп тигилген ак көйнөк, кончу узун өтүк, кооз тигилген жаштарга ылайыктуу чепкен. Алымкул ушул жашка келгенге чейин мындай сыйда кийим кийип көргөн эмес эле. Жөн эле чоң жыйынга болуш менен барып сөз алып, эл тагдырын чече турган сөз сүйлөөчү мырза жигиттей болуп чыга келди. Ооба, адамдын көркү чүпөрөк экенин ким тана алат. Баягы мылтыгын көтөргөн, жупуну кийим кийген Алымкул ойго келбегендей өзгөрүп, көзгө сүрдүү болуп да, чыкчырылып илгерки байдын баласындай келбет күтүп чыга келди. Кийген кийимдери өзүнө бап жарашып, шыңга бою өзгөчө бойго жеткен кыздардын көзүн өзүнө бурчудай келбетине өзү дагы таң калды.

#27 07 Январь 2017 - 02:25
Иниси Асыкул оозуна алы келбей:
- Байке, сиз абдан көзгө толумдуу жигит турбайсызбы. Сизди көргөн келечектеги жеңе азыр эле сизди ээрчип үйгө баса бербесе болду.
Бул сөздү уккан Бурул баласын кагып:
- Жөн турчу, сага эмне жок, аны коюп өз ишиңди бүтүрчү. Баланын баладай эле болгону жакшы эмеспи, - деди. Асыкул эми билди ашыкча сөз сүйлөп алганын. Аңгыча эле мурду кетирекей сары кыз чуркап келип:
- Бурул апа, Инабат эже келди. Апам "айтып кел" деп жиберди.
Бурул башын ийкеп:
- Ыракмат, кызым. Азыр күтө турчу деп, үйдөн соку канттан бирди алып чыгып берди. Кыз колуна тийген таттууну алып, жөн эле маңдайы жарыла сүйүнүп изине кайтты. Бурул уулуна дагы бир сыйра көз жүгүртүп, айланта карап алып, колуна ак баштыкты карматып:
- Бар эми балам, ишти оң жагына чечип кел, - деди. Алымкул башын ийкегенге араң жарап, үйдөн чыкты.
- Ал эми Инабат дагы бул жолугушууга абдан катуу даярданды. Алымкул кандай азап чексе, Инабат андан жүз эсе ашык азап чеккенин танып болбойт эле. Айыл боюнча эки гана көйнөк бар. Ал көйнөктүн бири ушул Инабаттыкы. Кээде кошуна кыздар сурап кийип кетет, конокко барарда. Атасы бир торпогун сатып, чоң базардан алып келип берген болучу. Апасы экөө тим эле азыр күйөөгө кетип жаткансып, бул жолугушууга катуу даярданышкан эле. Узун чачын майда кылып, бири-бирине окшош өрүп чыгуу эле эмне деген машакат. Башына шөкүлө кийип, байдын баласына турмушка чыгып жаткансып, даярдык абдан кылдат анан азаптуу болду.

#28 07 Январь 2017 - 02:27
- Ооба, үч күн дайынсыз жоголуп кетип, келген күнү кечинде тамакка олтурушканда,
Дүйшөнбек тарткан азабын тим эле сөздүн эбин келтирип, ал турсун көзүнө жаш алып, окуя кандай болсо нак ошондой кылып айтып берди. Инабат кантсе дагы кыз эмеспи, атасынын тарткан азабын угуп олтуруп, атасына боору ооруп ошол азаптан атасын куткарган Алымкулдун эрдигин эшитип, ага карата оюу оңолгон. Сөз кезеги келгенде Дүйшөнбек катуу үшкүрүнүп алып:
- Эми кантип жана эмне кылып Алымкулду ыраазы кылыш керек, билбейм? - деп суроо салганда, аялы Гүлүм кабагын чытып, ал дагы үшкүрүнүп:
- Эгер макул көрсөң менде бир сунуш бар. Аны анан сенин өзүңө айтам, азыр жатып эс ал. Карачы кейпиңди, тим эле илдетке кабылган адамдай болуп, өңүң керсары тартып турат.
Дүйшөнбек башын чайкап:
- Гүлүм, дагы жакшы, ичээр суум бар экен. Ооз менен айткандан көз менен көргөндүн асман менен жердей айрымасы болот. Ошол себептен кулак менен уккандан көрө көз менен көргөнгө эмне жетсин. Ушул жашка чыкканы бөрү баласынын ушунчалык жырткыч болоорун билбептирмин. Атты жөн эле алеки саатта күм-жамга келтирбей жара тартып жеп салышты. Ушул себептен карышкырды бекер жерден "көкжал" - деп айтышпаса керек.
Сөз ушуну менен аяктап, Дүйшөнбек тасмалга бата тилеп, төр жакта салынуу төшөккө баш койду. Ушунчалык чарчаган жаны тим эле башы жаздыкка тийери менен уктап кетти. Адам баласы катуу чарчаганда коңурук дагы тартып калат эмеспи. Дүйшөнбек тим эле жоо чаап келген баатырдай кичине бөлмөнүн ичин жаңыртып коңурук тартып уктап жатты. Гүлүм казан аягы менен алек болуп жатып, жаңы эле жатканга кам урган кезде Инабат үн салып калды:
- Апа, атамдын көргөн күнүн эстеп алып эле уйкум качып, ал турсун коркуп жатам. Эгер чын эле тиги мергенчи болбосо, атамды карышкырлар жеп кетсе, биз атамды кайдан табат элек?
Гүлүм чарчаган түр көргөзүп:
- Кызым, атаңдын аман келгени биз үчүн чоң жетишкендик болбодубу. Эми эртеңдерден бир улак болсо дагы союп, түлөө өткөзүп койгонубуз оң. Ал эми Алымкулду эптеп ыраазы кылып алабыз да.
Инабат эч үн дебей жатып калды да, бир аз күн илгери Алымкул экөө тиктешип өткөндөгү көз караштарды эстеди. Ооба, чын эле Алымкулдун жагымдуу караган көз карашы көз алдына тартылып, ага карата оюн түздөдү. Эмнегедир ал кездешүүнү эстегенде, жүрөгү тыбырчылап, аны жактырарына жооп таба албай турду. Чаржайыт ойлорду ойлоп жатып кантип уктап кеткенин өзү дагы билбей калды. Убакыт алга жылып түн ортосу болгондо, Дүйшөнбек катуу суусап, Гүлүмдү ойготту.
- Гүлүм, турганга шайым жок, суусап каным катып жатат, суу алып келип берчи. Уктасам түшүмө жалаң карышкырлар кирип, алардан качып тоодон-тоого чыгып жүрүптүрмүн. Алка-шалка тердеп суусап жатыптырмын. Бир тамчы суу көздөн учат десең. Ойгонсом өңүмдө дагы суусап жатыптырмын. Гүлүм туруп суу алып келип берген соң, ушул учурдан пайдаланып өз оюн ортого салды:
- Абышка, уйкуң келбесе жана айтам деген сөзүмдү айтайын, эгер угам десең.

#29 07 Январь 2017 - 02:28
Дүйшөнбек бери карап жатып:
- Айта бер. Түн узун, - деди. Гүлүм үнүн жасап, жөтөлүп алып:
- Менин сага айта турган сөзүм бул. Кыз бала бойго жеткенде жуучу келет тура. Сен тоого кеткенде баары бүтүп баягы Султанаалы кызыңа куда түшүп келиптир, кыялы чукул сары баласына. Мен анын баласын билем. Баласы Инабаттын кадырына жетпейт. Андан көрө ач кулактан тынч кулак Инабатты Алымкулга берели. Сени азаптан кутулткан баланы өзүбүзгө бала кылып алсак, жарашпайт бекен. Болбосо кызыңды ала качып кетсе эмне кылабыз. Ансыз деле күн алыс келген жуучулардын саны арбыды. Сакалын сүйрөп Саткын дагы сөз айтырыптыр, өз абалын билбей. Менин тилимди алсаң, жаман болбос. Бурулдун деле баласын үйлөнткөнгө шай жок өңдүү. Болбосо эбак баласын үйлөнтөт эле го. Кызыңдын барган жеринен ыйлабаганы эле бизге олжо эмеспи. Кыздан үмүт кылып жашабаш керек. Калың алгандан көрө, кызың көңүлү менен кеткени дурус экенин эске алалы. Тиги Саткын айтырыптыр "калыңына тогуздап мал берем" деп. Карыган текеден калың алганча, жаныңды алып калган Алымкулга бергенибиз оң го, я?
Бул сунуш Дүйшөнбекке абдан жакты. Бир саамга үнсүз жатып:
- Кемпир, мен сенин бул сунушуңду колдойм. Аны коюп кызың макул болобу, Алымкулга тийгенге? Деги кээде сенден жакшы акыл чыгып калат, - деди да, жооп күтүп калганда Гүлүм:
- Кызыңды макул кылыш менин колумда. Аны коюп эртең сен акырын басып барып, сөздүн эбин келтирип Бурул менен сүйлөшүп кел. "Кызымды ал" деп түз айтпай, Алымкул мени бир ажалдан алып калды. Мен керек болсо Алымкулдан кызымды дагы аябайм. Кааласаңар мал берейин деп, сөз өңүтүн келтирип айтсаң. Дүйшөнбек чалкасынан жатып:
- Кемпир, мен сенин бул сунушуңду кабыл алдым. Сен абдан туура такилик айтып, туура ойлогонсуң. Мени дагы ойго салып койдуң. Тээ илгери баатырлар эр эңишке түшүп, жеңилип калса, кичүү болсо кызын берип, улуу болсо достошуп кайтчу тура. Ал эми Алымкулга бербеген кызды, кимге берет элек, - деди. Гүлүм сөздү бөлүп:
- Болду эми калган сөздү эртең жарыкта сүйлөшөлү, - деди.
Эртеси күнү эле Дүйшөнбек кыйшая басып келип, Бурулга учурашкан соң, алгач Алымкулду сурап анан, сөз кезегин келтирип, болуп өткөн окуяны айтып берген соң:
- Бурул жеңе, мен жаш кезде байкем менен абдан жакшы мамиледе элем. Эми минтип арабыз да алыстап бара жатат. Макул көрсөң бизде кыз бар, Алымкул дагы жашынан өтүп бара жаткандай. Мен Алымкулду бала кылып алайын дагы сен биздин кызды келин кылып ал. Мен силерди көрүп эле турбаймынбы, калың доолабайм. Алымкулдун эрдиги эле калыңга тете иш болду. Кызыма жуучу түшүп келгендер көп. Кыз бала чоңойгондо башка бирөөнүн бүлөөсү болуп кетет тура. Баса, мен силерди кыйнабайм, кызымды алгыла деп. Болгону Алымкулдун эмгегин кантип кайрышты билбей, ага абдан ыраазы болгон үчүн эле айтылып калды. Кийин "атаң өзү жуучу түшүп келип берген"- деген сөз калбасын. Бурул тим эле сүйүнгөндөн көздөрү жайнап, сөзү оозунан түшүп, Дүйшөнбекти ушундай бир жагымдуу карап:
- Дүйшөнбек, эгер силер макул болсоңор, биз кайда качат элек. Алымкулдун артында дагы эки иниси турат, сомодой болуп. Мен уулум менен кеңешип, анан каада-салттан калбай эле калың төлөп алабыз. Баш алган биз силерге жуучу түшүп баргандай болуп, анан кызды алалы. Алгач экөөнү сүйлөштүрөлү дагы, анан калганын учуру келгенде байкайлы. Экөө бир топко сүйлөшүп олтурушту да, анан жакшы маанай менен коштошушту.

#30 07 Январь 2017 - 02:29
Дүйшөнбек кеткенден кийин Бурул дароо тоо жакты карап, уулун эстеди. Бир жагынан Алымкул жасаган иштерин мактанып айта бербеген жагы бар. Дүйшөнбекти карышкырлардын тузагынан бошотконун айткан эмес. Бир чети өзү төрөп өстүргөн уулу минтип элдин керегине жарап, бирөөлөргө жарыгын тийгизгенине ичи жылып, толкунданып алды. Атаганат, ар бир эле эне баласынын же кызынын дарегине жылуу сөз укса кандай көңүлү өсөт. Дүйшөнбектин келип кеткени Бурулду тим эле он, он беш жылга жашартты го чиркин. Жакшы сөз, жакшы кабар билинбегени менен адам баласын кандай сүйүнтүп, кандай бакытка бөлөйт. Тээ илгертен энелер тилек кылып келген эмеспи "сулуу кыз же эл керегине жараган акылга дыйкан баатыр уул төрөсөм" - деп. Ата менен эне үчүн кыз менен уулдун жакшы чыкканы бакыт эмей эмне. Бурул бул күнү тим эле буту жер баспай, сүйүнгөнү жүзүнөн билинип, уулун ушундай бир берилүү менен күттү. Эх, эненин тарткан азабынан өткөн азап, санаасынан өткөн санаа жок го бул жалганда. Баардык эле жан-жаныбарлардын энеси гана өзгөчө бала үчүн эмнени гана кылбайт. Эгер бала сыз жерге жатып калса, аны өзүнүн ордуна жаткызып, өзү сызга жатканы эле эмне деген баалуулук. Бурул санаа чегип, улам тоо жакты карап, чыдамы кете Алымкулду күткөнү, уулунун Инабат менен жолугуп сүйлөшкөнүнөн бери элестетип, таттуу кыялга батканы эле эмне деген сөздү ичине камтып турат. Ооба, жакшылык үчүн жакшы кыялга баткандын өзү дагы билинбегени менен кандай сырды, сөз жетпеген бул жалгандагы баалуулукту,
жашоонун таттуулугун,
улуу максаттардын баарын камтып турат. Ал эми кекчилдик, долулук адамдарды жолдон адаштырып келген жана адаштыра берет эмеспи. Ошол себептен адам баласы бир гана жакшы нерсе үчүн алдыга умтулса, кандай ойго келбеген ийгиликтер ишке ашат. Бурул үчүн убакыт өтпөй токтоп туруп калгандай эле болду. Керээлди күнү кечке көзүн тоо тараптан алган жок. Бирок эненин бүгүнкү кыялдары, ой максаттары ишке ашпады, анын себеби келет деп күткөн уулу келген жок. Таң супасы атканга чейин уйку бетин көрбөй, чаржайыт санаалар менен алп урушуп жатып уктап кетти. Эртең менен баягы эле күнүмдүк түйшүктүн жетегине жетеленип, таң эрте кайра туруп, мешке от жакты. Чоргосу узун чайнекти чай кайнаган кезде, эки уулун ойготту:
- Тургула, чай кайнады. Баягы байкеңерден дайын жок. Бул эркек бала баары бир ата наркын тартпай койбойт экен да. Ушул жашка чейин атаңарды күтүп жашасам, эми минтип байкеңерди күтүп тоодон көзүмдү албай келем деп наалып алды. Асыкул менен Бегимкул бир топто барып анан төшөктөн турушту.
********

#31 07 Январь 2017 - 02:30
Алымкул чыштай жасанып, колуна алган баштыгы менен Айымжан жеңесинин үйүнө келе жатып, эмне деген гана ойлорду ойлогонго үлгүрдү. Атаганат, ушул азаптан кутулганча санаасы жанын жейт го. "Кыз менен кантип жолугуп жана эмне сөздү сүйлөшөм"
деген ой башынан кетпей, кайра артка тартып кетип калгысы да келип кетти. Бул кыз менен жолугушуп көрбөгөн жигиттин чеккен санаасы экенин жашырып болбойт. Ооба билинбегени менен бой жеткен бозойдун алгачкы жолу жолугушууга бара жаткандагы абалын элестетип көрөлү. Анткен менен баарынан сүйүүнүн санаасынан өткөн санаа барбы. Алымкул аз болгондо артына кайрылып кетип калат беле, ким билет. Оңдой берди болуп алдынан Айымжан жеңеси чыгып калды. Болбосо "кантип жолугам" - деген санаанын күчү менен башка жакка кетип калат беле, аны ачык айтып болбойт эле. Алдынан чыккан жеңеси жарк эткисе күлүп:
- Ой, Алымкул сен тим эле аялзатын сүрдөтчүдөй болуп катуу жасангансың го. Бол эми сени Инабат үйдө күтүп калды. Ал дагы сага жолугуу үчүн катуу жасанып келиптир. Ал сени күтүп улам эле жол карай бергенинен, мен аны үйгө олтургузуп коюп, бери баскам. Алымкул ушул жерден билди, өзүнүн баркын. Анткени жеңесинин "ал дагы сага жолугуу үчүн катуу жасанып келиптир" - деген сөздү укканда, Инабаттын өзүнө карата көңүлү түз экенин дароо билди. Ушул кезде эмнегедир кадамдары шилтенбей, үйгө жакындаган сайын сүрдөө сезими бүт денесин бийлеп алган Алымкул жеңесинин колун жаңсап айткан сөздөрүнүн бирин дагы уккан жок. Болгон дитин бир гана "кантип жолугам жана эмнени сүйлөшөм" -деген санаа ээлеп алды.
Эки бөлмө болуп салынган жалпак тамдын кичине терезесинен сыртты карап турган Инабат, Алымкулдун келе жатканын көргөндө, көзү жайнай түштү. Анткени анын боюна жарашыктуу кийген кийми, баскан турганы, кыймыл аракети көзүнө укмуш жакшы көрүнүп кетти. Кийген кийим жарашса адам кандай көркүнө чыгат, атаганат. Бул жалганда адам баласынын көзү алгач кооздукка жана сулуулукка арбалып жана алданып келгени бул чындык. Канчалаган жигиттер кыздардын өңүнө карап үйлөнүп алышып, жашоолорунан аксап келген. Алсак Шырдакбекти. Сулуу деп алган аялы Эркеайымды эле алалы. Чынында эле сулуу аял затына азгырылбаган ким болгон. Ошол себептен эркектердин көзү душман, кыздардын кулагы душман деп айтылат эмеспи. Алымкул сырттан кирип келип эле, Инабатты көргөндө көзү токтоп калды. Анткени аны мынчалык сулуу кыз деп элестеткен эмес. Алымкулдун кыраакы көзү жакшыны таанып, асылга канып, Гүлүм байбиченин алпештеп өстүргөн кызы, аз күн илгери эле өлөөрүн санап, ташка кадалып турган Дүйшөнбектин жалгызы Инабатка көзү түшүп, көңүлү өсүп, аны тигиле карап турду.

#32 07 Январь 2017 - 02:32
Акыл данеги толуп, көз кареги тунуп, көкүрөгүн мөмө тиреп, төшү чыңалып, дидары албырып, орто бою, ботонукундай жайнаган көзү, көзүн ирмегендеги өзүнө куп жарашкан узун кирпиктери,
майда өрүлгөн узун чачы, ак куунун мойнундай созулган мойну, ичке бели, арыкчырай келбети, жылмая караган көз карашы, көкүрөгүн тиреген кош эмечеги, ичке болгон назик аппак колдору деги койчу, карагандан көз тойбогон сулуулук Алымкулдун көзүн токтотуп, тилден алды. Тим эле тилин жутуп алгансып делдейип эле туруп калганда, кулакка угумду тоо булагынын шылдырап аккан үнүндөй назик үнү менен алгач Инабат учурашты:
- Саламатсызбы?
Алымкул башын ийкеп гана жооп берип, делдейип туруп калганда, жеңеси жардамга келди:
- Ой, Алымкул, сага эмне болду? - деп. Ошондо гана Алымкул өзүнө келип, жеңесин карап алып, илгери кадам таштап:
- Инабат, өзүң кандай, жакшы жүрөсүңбү? - деген болду. Кыз дагы башын ийкеп, уялганынан көзүн ала качып, жер карап:
- Жакшы жүрөм, - деди. Ушул кезде Айымжан:
- Силер өзүңөрдү эркин сезип олтура тургула, мен тасмал даярдай калайынчы, - деди эле Алымкул ушул жерден колундагы баштыкты ага берип:
- Жеңе, муну алыңыз. Кечээ тоодон келдим эле. Шыралга ала келген болчумун. Айымжан баштыкты колуна алып, сыртка чыгып кеткенде сөздү Инабат алды:
- Байке, мен сизге өмүрүм өткөнчө ыраазымын. Сиздин эрдигиңизди угуп алып, сизге жолугуп ыраазычылык билгизип койсомбу дедим эле. Алымкул өзүнүн дарегине карата айтылган бул жакшы сөздү укканда, кара күчкө жылмайып:
- Инабат, менин кайсы эрдигимди айтып жатасың? - деди. Инабат, сурмалуу көзү менен тигиле карап:
- Сиз атамды бир ажалдан алып калганыңызды угуп алып, ошол түнү таң атканга чейин сиз жөнүндө ойлонуп чыктым. Билинбегени менен сиз абдан баатыр турбайсызбы, - деди эле. Алымкул күлүп жиберди. Ушуну менен сөз уланып, ортодогу ыңгайсыздык жана тартынуу жоюлуп, экөө эркин сүйлөшкөнгө өтүштү. Айымжан сырттан кирип келип:
- Мени азга күтө тургула. Мынча болду куурдак жасай салайын. Чайым деле кайнап калды, - деп, идиш аяк койгон жактан бычак алып кайра чыгып кетти. Алымкул бул жолу өзү сөз баштады:
- Инабат, сен абдан сулуу кыз турбайсыңбы. Мен сенин сулуулугуңду байкабаптырмын.
Инабат жылмайып:
- Байкасаңыз эмне кылат элеңиз?- деди. Алымкул берилген суроого бир саамга тигиле карап:
- Байкасам сени эбак эле алакачып алмакмын. Мен азыр сырттан кирип келгенде сенин сулуу чырайыңа арбалып, оозумдан сөзүм түшүп калды. Ушул жашка чейин көргөн эмес экенмин сендей сулуу жанды. Ооба, укканым бар жомоктордон "сулуу кыз болуптур" деп. Ал эми көзүм менен көргөнүм сен болдуң. Инабат жагымдуу күлүп:
- Коюңузчу, ашыкча мактап жибердиңиз. Менден сулуу кыздар толуп эле жатпайбы. Алымкулда эмнегедир сөзмөрлүк сапат пайда болуп:
- Инабат, эми мен бир гана сен деп ооруп калдым го. Көзүмө бекер гана көрүндүң. Макул көрсөң кечинде силердин үй жакка басып барайын, кененирээк сүйлөшөлүчү.
Инабат уялган көз караш менен карап:
- Кечинде эмес азыр деле айта бериңиз, эмнени айта турган болсоңуз. Мени аңдыгандар көп болуп жатат. Атамдын төрүндө кечинде эшикке чыксам, көргөн эл эмне деп айтат.
Алымкул сөз мааниси кайда бурулганын билип, ушул жерден чекиндүүлүк кылып жиберди да:
- Инабат, сенден өтүнөм. Каршы болбочу, мен сага үйлөнөйүн. Ишенесиңби, мен сени өмүрүм өткөнчө сыйлап жүрүп өтөм. Экөөбүз бактылуу болобуз.
Инабат "сени алам" деген сөздөргө кулагы бышып деле калган. Андыктан катуу кетпей жай гана:
- Мен эч нерсени чече албайм. Атамдарга жуучу түшүр. Атамды ажалдын ченгээлинен алып калганызыды эске алып, мен сиздин сунушуңузга каршы сөз айта албайм. Бирок салтты сыйлап анан алдыга умтулалы. Алымкул бул сөздү укканда калдастап калды да:
- Инабат, мен керек болсо бүгүн эле жуучу жиберем. Эң негизгиси сен макул болсоң эле болду. Сөз ушул жерге келгенде сырттан Айымжандын дабышы чыгып калып, сөз үзүлүп калды. Айымжан буркуратып самоорун көтөрүп келди да, шайдоот кыймылы менен тасмалды салып, чай даярдай койду. Алымкулдун көзү Инабаттан өтүп, улам эле уурданып карай берди.

#33 07 Январь 2017 - 02:33
Инабат апасы айткандан бери эле Алымкулга макул экенин апасына билдирген жана ошол кезден баштап бүт оюн бир гана Алымкул ээлеп алганы чын эле. Азыр дагы Алымкулдун уурдана караган көз карашы жагып турду. Сөздү Айымжан алды:
- Эмесе азыр куурдак дагы даяр болуп калат. Ага чейин чай ичип, кобурашып отура туралы. Баса, Алымкул деги сага биздин кыз жактыбы? Жакса тойду эртелети. Болбосо, Инабатты аңдыгандар көп экен. Бойго жеткен кыз бышып турган мөмөдөй. Ким үзүп алса ошого жар болуп кете берет.
Алымкул уялыңкы жылмайып:
- Жеңе, эми той качан болот, ал сиздин колдо эмеспи. Мен керек болсо азыр деле Инабатты алып кете берем. Бирок, Инабат биздин сунушка көнөбү, маселе мына ушунда.
Айымжан каткырып күлүп:
- Анда мен тойдун камын көрөйүн. Баса, силер менен сүйлөшүп олтуруп алган турбайынбы. Тамагымды карап келейинчи деп, сыртка чыкканда Алымкул ушул жерден дагы кызды уялтып:
- Инабат, бүгүн кечте даяр бол. Мен сени алакачсам дагы алам. Бул менин акыркы чечимим. Сени мен эч кимге ыраа көрбөйм. Кап, ушул убакка чейин эмне кылып жүрдүм сени көрбөй, билбейм.
Инабат чайдан сыпаа ууртап:
- Байке, шашкан шайтандын иши. Сиз мени минтип шаштырбаңыз. Алгач жуучу жиберип, кудалашып анан ыңгайына карайлы. Тээ илгери бир кыз менен бир бала сүйлөшүп жүргөн экен. Бала сиздей болуп шашканына кыздын ичи муздай түшөт. Анткени түбөлүк бирге жашай тургандай болгон соң, чечимди тез чыгара койгон болбойт. Мен сиз менен бир эле жолу жолуктум го. Мен сиздин, сиз менин кандай адам экенибизди али биле элекбиз. Алдыда дагы убакыт бар. Убакыттан өткөн калыс эч нерсе жок. "Ысык темир бат муздайт" деген кеп бар. Билем, балдар кызга жеткенге чейин алтыным, алгандан кийин катыным деп, көксөгөндөрүнө жеткенден кийин көңүл бурбай калат. Мага сиздин бир жериңиз жакпайт,- деди эле, Алымкулдун көздөрү жайнай түштү да, суроолу карады "эмнем жакпайт" деген мааниде. Эч качан "сенин бир жериң жакпайт" деген сөз угуп көрбөгөн Алымкулга, Инабаттын бул айткан сөзү табышмак бойдон калды. Анткени нак ушул убакта сырттан Айымжан кирип келип калды, булоолонтуп тамагын көтөрүп. Ооба, ар бир адам үчүн табышмактантып айтылган сөздүн түйүнүн билгенге чейин кандай азап чегет. Алымкул тамак деле кыйратып жеген жок. Болгон оюн Инабаттын акыркы айткан сөзү ээлеп алды. Чынында эле орустар бекер айтпаса керек "үчүнчүсү ашыкча" деп. Бул жерден дагы Айымжан экөөнүн сүйлөшө турган сөздөрүнө тоскоолун тийгизип, каскак болду. Айымжан келгени сөздүн багыты такыр башка нукка бурулуп, өзгөрүлүп, экөөнүн тең ооздорунан сөз качып калды. Анткени Айымжан экөөнө сөз берген да жок, мааниси жок сөздөрдү айта да берди, сөз бербей сүйлөй да берди. Улуу кишинин сөзүн бөлгөндөн жазганышып экөө сөз угумуш болгондору менен бири-бирин уурдана карап, сындарынан өткөрүп жатышты.

#34 07 Январь 2017 - 02:35
Гүлүм, эртең менен туруп, таңкы наардын камында жүрүп "кызы Инабатты кантип Алымкулга тий" деп айтам деген ойдун тегерегинде ойлонуп жатып, убакытка уттуруп жиберди. Ооба, чынында эле кыздын жакшы жерге барышына ата менен эне кантип кам көрбөйт. Бир жагынан Гүлүм деле жакшы ойду ойлоду. Анткени сакалын сүйрөгөн чалдан бери эшигин кагып "кызыңды бер" деп жуучу түшүрүп жатса, байкуш эне кантип тынчызтанбайт.
Кыз баланын бойго жеткени суук көздөрдүн көзүнө чалынышы толук мүмкүн экенин танып да болбойт. Ошол себептен "кыз буйруган жердин бүлөсү" деп айтылат эмеспи.
Дүйшөнбек таңкы наарды татып сыртка чыгып кеткенден соң, Гүлүм учурун келтирип сөз баштады:
- Инабат, минтип сен дагы билинбей бойго жетип, биздин эшиктин алдына жуучу түшүп элдер келе башташты. Макул көрсөң сен атаң экөөбүздүн тилди алып Алымкулга эле тийбейсиңби. Атаңды бир ажалдан алып калды. Биз аны кантип ыраазы кылышты да билбей жатабыз. Алымкул абдан жакшы бала. Сенин кадырыңа жетет. Атаң дагы "Алымкулду бала кылып алсам жакшы болот эле" деген оюн айтты. Бизге сенин гана макулдугуң болсо болду. Карачы, тигинтип абышкалар баш болуп, тартиби жок балдарына жуучу түшүп келгендердин саны арбып бара жатат. Менин тилимди алсаң Алымкул бир жагынан өзүң теңдүү анан үйлөнө элек бала. Эгер сен атаң менен менин сунушума макул болсоң Алымкулга эле тийгендей бол. Келген жуучуларга дагы "башы бош эмес" деп жооп берип, оңой кутулат элек. Эртең тиги Султанаалы келет "жообун бергиле" деп. Инабат анын сары баласын жакшы билет. Ага тийгенче чалга тийгени жакшы. Анткени ал бала абдан эрке, анан чанчырап баш аягы жок сүйлөгөн, начар бала экенин эчак эле сынынан өткөзүп койгон. Инабат кабагы салыңкы:
- Апа, аны коюп Алымкул мени алабы. Алгач ал өзү келип сөз айттырып, жуучу түшүп келсе болмок да. Мен кантип атамды чоң кырсыктан сактап калган баланын башын аттайт элем. Жок дегенде эле ага жолугуп, ыраазычылык билдирип койсом болот эле. Чынын айтсам силердин жаныңардан чыккым келбейт. Эмнеге мени кыз кылып төрөп койдуңуз экен. Эгер эркек болсом сизди укмуш сулуу келиндүү кылып, жаныңыздан карыш чыкпай жашамакмын. Гүлүм жасап жаткан ишин токтотуп:
- Сени эркек кылып төрөш менин колумда эмес да. Мен деле сени жанымдан чыгаргым келбейт. Аны коюп сен макулсуңбу, Алымкулга тийгенге? Мен анда сени узатууга даярдана берейин.
Инабат кабагын түйүп:
- Мен алгач өзү менен бир ооз сүйлөшүп көрөйүн, анан иштин ыңгайына карайлы. Мен аны жактырбасам мейли, негизгиси мен ага жаксам болду. Анткени жактырбаган күйөөгө тийгенче, мен жаман көрсөм дагы ал мени жактырып, анын мээримине көнүп кеткенге аракет кылам. Атамды жанагындай азаптан кутултканы эле мен үчүн чоң бакыт болуп жатпайбы.
Гүлүм кызынын сөзүн угуп, ага абдан ыраазы болду. Эне үчүн баланын же кыздын тилди алып, айткан сөзгө көнүп калганы кандай жакшы. Ооба, ата менен эне качан эле баланы жаман нерсеге кыйсын. Турмушта ата-эненин тилин алган бала жана кыз такыр турмуштан жаңылбайт. Буга жашоо өзү эле күбө болуп келе жатпайбы.

#35 07 Январь 2017 - 02:37
Гүлүм оюндагы ишке ашып, кызы макулдугун бергенде Дүйшөнбекке айтты эле, ал дароо эле чоң жаңылык ачкан адамдай, шашыла басып келип, тигинтип Бурулга айтып, анын кабагын ачып, ойлору бир жерден чыккандан соң акырындык менен кудага даярдык көрүлө баштады.
Баарынан дагы эки жаштын бири-бирине көңүлдөрү түз экенин билишкенде, өзгөчө Бурул абдан сүйүндү.
Уулунун жолугушуудан кандай маанайда келет деген санаа менен жол карап, Айымжандын үйү тараптан көзүн алган жок. Андайда убакыт дагы токтоп туруп калат эмеспи. Чыдамы кеткен Бурул бир орунга олтура албай калды. Эгер уулу жакшы кабар менен келсе, кайнисине кабар айттырып, эрте күндү кеч кылбай жуучу түшүп барып келели деп айтырганы кичүү уулун эч жакка кетирбей кармап турду. Эх, эненин тарткан азабы ай. Муну бала кайдан билсин. Бул кезде убакыттын көбүн көп сүйлөгөн Айымжан алып, башынан өткөн окуяны айтып олтуруп алды. Болбосо, эки жаштын сөзү эбак эле бүтмөк. Алымкул ушул жерден билди Айымжан жеңесинин көп сүйлөгөн жайы бар экенин. Алымкулдун тынчын алган "менин кайсы сапатым жакпайт болду экен" деген суроого жооп таба албай, өз оюу менен алек болуп олтуруп көп сөздү укпай калды. Бир кезде сырттан оңдой берди болуп Айымжанды чакырып келген бала гана анын сөзүн бөлүп, тиги экөөнө ыңгайлуулук пайда болду. Алгач эле Алымкул суроо берди:
- Инабат, менин сага кайсы сапатым жакпайт. Биз али буга чейин жолугуша электе эле менин жакпаган сапатымды кантип аңдаганга үлгүрдүң?
Инабат күлүп, суроого жооп бергенге чейин сырттан Айымжан кирип келип калып, дагы сөз бөлүнүп калды. Ушул жерден экөө тең байкашты, көп сүйлөгөн адамдын жашоого тоскоолу көп болорун. Эгер Айымжан манилүү сөз сүйлөсө дагы анда анча билинбейт эле. Негизи эле аялзаты ашыкча сөздү көп сүйлөрүн Инабат ушул жерден дагы бир жолу эсине алып "бир кезде бул жеңе деле созулган кыз болгон да, анан эмне эми минтип көп сүйлөп калган" деп ойлоп койду. Ортодон бир азга тигинин сөзү токтоп калганда, анын сөзүнөн тажаганын билгизип алгач Алымкул сөз алды:
- Жеңе, мен жылайын. Эртең тоого бармакмын. Таң эрте башкарма келиптир "карышкыр күч болуп жатат, бир чара көрүп бер" деп. Мен даярданышым керек, - деди эле, Айымжан:
- Ошол кантип болсун, кыз менен жолугушууга келип дагы шашат экенби? Карышкырың күтө турар - деди эле, Алымкул:
- Жеңе, биз Инабат экөөбүз сүйлөшөлү деп келдик эле, сиздин сөздү укпай. Азыр мени күтүп жатышат, - деди өткүр көзүн кадап, мааниси жок сөздөн тажаганын билгизип. Таамай жана өз учурунда айтылган сөз кандай жемишин берет. Айымжан ушул жерден билди, дагы көп сүйлөп олтуруп алганын. Күйөөсү дайыма эскертип келет "эмне мынча сүйлөөксүң" деп. Анын сөзүнө анча маани берген эмес. Ушул жерден билди экөөнү тажатып жибергенин. Инабат дагы Алымкулга бир жагынан ыраазы болсо, бир жагынан улуу кишинин шагын сындырып салганына ичи азга муздай түштү.
Алымкул эч сөзгө келбей эле сыртка чыга жөнөдү. Сөз эмне менен бүткөнүн экөө тең билбей калышты. Алымкулдун бир жаман сапаты кээде тынчтыкты каалап кетет. Бул жерден Айымжан жеңесине абдан капа болду. Анткени сөз бербей сүйлөп, ал турсун Инабаттан алиги берген суроосуна жооп ала албай калганына ачуусу келип, такыр сабыры түгөнгөндө гана ордунан турууга туура келди. Тамчы бир тамса кумга сиңет, көп тамса көлгө куят. Ал эми тажатма сөз адамдын сабырын түгөтөрүн Инабат, Алымкул чыгып кеткенден кийин билди. Чынында эле үйдө апасы дагы чыдамы кетип күтүп олтурганын билип, акырын сөз сүйлөдү:
- Жеңе, чынын айтканда азыр мени дагы апам күтүп калды. Көп убакыт олтуруп койдук. Биздин дагы сөзүбүз аягына чыкпай калды. Сизден бир жакшы сөз чыгат деп күттүм эле...

#36 07 Январь 2017 - 02:38
Айымжан эми гана эсине келип:
- Кап, анан сен жана эле мага эскертип койбойт белең? - деди эле, Инабат уялыңкы түр менен:
- Сиздин сөздү бөлгөнгө дитим барбады. Андан дагы сиз такыр эле темадан башка сөз сүйлөп туруп албадыңызбы. Алымкулга дагы туура түшүнүү керек. Анткени мергенчилер жалгыз жүргөнгө көнгөн, сөздүн көбүн жактырышпайт эмеспи.
Сөз ушул жерге келгенде оңдой берди болуп Инабатты кошунанын баласы чакырып калды. Инабат кантип чыгып кетүүнүн амалын билбей турган.
*********
Бурул уулунун кабагы салыңкы келе жаткан абалын көрүп эле, эмнегедир кабагы бүркөлө түштү. Ооба, уулу ууга чыгып тоодон жолу болбой куру кол келе жатканда дагы башын жерге салып, кадамын жай таштап басып калган адаты бар. Бул жолу дагы эл тагдырын ойлогон болуштардай болуп жер тиктеп, бирөөнө кагуу жеген адамдай кош көңүл кадам шилтеп келе жатканы Бурулдун оюн онго бөлдү. Дароо эле "кыз экөөнүн жылдызы келишпей калган экен" деген ойду ойлоп, өзү дагы катуу капа болгонун жүзүнөн билгизип, жапа чеккен адамдай бир жерди теше тиктеп олтуруп, ойго алаксып кеткенде жакын келип калган Алымкул шашыла жанына келип:
- Апа, сизге эмне болду, бирөө капа кылдыбы? - деп сурап жиберди. Бурул башын салмактуу көтөрүп, суроолу карап:
- Уулум, эмне кыз менен сүйлөшкөн сөзүң оң жагынан чыкпай калдыбы? - деди. Алымкул ушул жерден билди, апасы эмнеге санаа чегип олтурганын. Жолугушууга чейин өзү кандай азап чексе, апасы андан миң эсе ашык капа болгонун жүрөгү менен сезип, апасын кубантуу үчүн:
- Апа, баары жакшы. Бүгүнтөн калбай жуучу түшүп, кыздын башын байлап келиш керек. Куда түшкөндөр көп экен, - деди, шашып. Бул сөздү укканда Бурул олтурган ордунан тура калып, уулун бек кучактап:
- Мен сенден ушул сөздү күткөм. Мен азыр деп, үй жакты карап үн салды:
- Бегимкул, бол тез, Койлубай байкең менен жеңеңди мында келсин деп чакырып кел. Бир өлүмдөн башканын эрте болгону жакшы, - деп, калдастап калды. Аттиң, ар бир эне келин аларда калдастап калаары турулуу иш эмеспи. Апасынын жоругуна бир жагынан ичи жылыса, бир жагынан жалаң тоо деп жүрүп, апасынын карып бара жатканын элес албаптыр. Короо жакты жана эшктин алдын карап алып, дароо оюна бул келди " Инабат келип көрсө эмне дейт, кой болбойт, жыйнаштырыш керек" - деп, эки жакты элеңдей карап, ишти эмнеден баштаарды билбей туруп калды. Аттиң, эгер атасы тирүү болгондо эмне. Атасы менен бирге зор дарак кулады, анын саябаны, көлөкөсү, паанасы бүттү. Атасынын кадырын эми дагы бир жолу сезип турат. Болбосо, атасы караанын калдайтып алчусун алып, жуучу түшүп барып келип, ойдогудай той бербейт беле. Минтип короо жайы жетимсиребей көзгө башкача көрүнөт эле го. Ата баркы, анын аты эле чоң нерсени билгизип турарын ушул саам сезди. Кыз бала эрге тийерде, уул бала аял аларда бала кези менен коштошорун сезип, ичи ачышаары турган иш. Алымкул эми аялга эр, балага ата болуу милдети мойнунда турганын эстеп, каңырыгы түтөп кетти. Бир доордон экинчи доорго өтүү мезгили келгенине таң берип, балалык кез менен коштошкусу келбей турду. Бир жагынан жүрөгүнө чок салып, көңүлүн бийлеп алган ашыктык сезими жанын жай алдыра койчудан эмес. Биринчи жолу кыз менен эркин сүлөшкөнүнө таң берип, ошол эрдиги үчүн өзүнө батпай сүйүнүп турду. Чынын айтканда кыз баланын жүрөгүнүн ачкычын табуу дагы өзүнчө бир чоң эрдик экенин өзүнүн башынан өткөрүп билип турду. Кулагына Инабаттын салмактуу айткан сөздөрү угулуп, көз алдына кымыңдап караган көз карашы такыр кетпей, болуп өткөн жолугушуу көз алдына тартылып, айчырайлуу кыз менен жолугуп, ал турсун аны менен сүйлөшүп келгенине ишене албай турду. Иш кылам деген далалатынан эч майнап чыккан жок. Анткени болгон оюнун баарын, аң сезимин, дитин бир гана Инабат ээлеп алып, тоо деп жүрүп адам баласына келип кетчү ашыктык сезиминен алыс калганына ичи ачышып кетти. Көрсө бул жалганда кыз балага ашык болуу деген дагы билинбеген нерсе бар экенин эми гана билип, анын азабын, жүгүн артынып ой чүмбөтүнө кабылып олтурганда байкеси менен жеңеси келип калды.

#37 07 Январь 2017 - 02:39
Дүйшөнбек бул сөздү укканда күлүп:
- Ооба, баардык эле энелердин ойлогон оюу жакшы нерсе эмеспи. Бул баланынбы, кыздынбы айтор бойго жеткени өзүнчө бир балекет экен. Кызыма жуучу түшүп келгенде гана билдим, кызымдын бойго жеткенин. Менин көзүмө дале баягыдай секелек кыздай көрүнөт жана сезилет, Инабатым. Эми мынча келдиңер, кызым менен уулуңардын дагы сөзү бир жерден чыгып калыптыр биз силердин жуучу түшүп келгениңерди кабыл алдык. Кызыбызды качан алып кетели деген оюңар бар?
Койлубай ушул жерден сөзгө аралашты:
- Куда, эми бир өлүмдөн башканын эрте болгону жакшы эмеспи. Кийинки аптанын башында келип алып кетебиз. Анда биздин талап мындай: Биз келип ачуу басып кетебиз. Күн жылыганда отко чакыргыла деди. Сөз ушуну менен уланып, бир топко талаш-тартыш болуп, акыры бир пикирге келип тарашты.

#40 08 Январь 2017 - 21:25
Таң эрте эки мергенчи күндүн суугуна карабай жөө жалаңдап, Таш-Сарайдын үстүн көздөй жөнөштү. Экөө тең эч сөз сүйлөбөй, кадамдарын акырын таштап өз ойлору менен алек. Анткен менен кабактары ачык. Анын себеби башкарманын буйругун аткарган элдин буйругун аткарганга тете иш экенин кантип билишбейт. Анча калың эмес жааган карды кычырата басып, бет алдыдан соккон сууктун илебин жиреген эки караандан башка эч бир жан көзгө илинбейт. Бул кезде керек болсо таң эрте ойгонуп, үн салган короздор дагы сыртка чыга албай сууктан айбыгып, тооканадан чыкпай олтурган кездери. Ооба, чынында эле күн суукта кимдин эле сыртка чыккысы келсин. Анткен менен бул кезде үйлөрдүн морунан түтүн чыгып калганы чын эле.
Алымкул суукка кайыл болуп, ала турган жары Инабат жөнүндө ойго батып, таттуу кыялдын кучагында баратканда Карыбек сөз узатты:
- Алымкул, биз кечээ бекер кылган экенбиз. Кечинде эле бизди ат менен Курбандын үйүнө жеткизип койгондо, азыр ушул кезде Оролмонун алдындагы ат жолдо болот элек. Биз ал жакка жеткенге чейин, убакытка уттуруп коёбуз го. Бөрүлөр таң эрте артка тартышат. Алымкул бир саамга үн кошпой басып барып, анан:
- Байке, менин оюм мындай. Азыр биз Курбандын үйүнө барып жылынып алган соң түш оой, баягы кызыл чаптан өйдө кеткен жолдун сол тарабында коктуча бар эмеспи, ошол коктучанын башында мен билгенден бөрүлөрдүн өткөн жолу бар. Ошол жолдон тосконубуз оң болуп турат. Бул бөрүлөр дагы баскан изин санаган абдан изине так жаныбарлар болорун өзүңүз билесиз. Куу кекиртек керек болсо айбанды дагы тамак таап жеш үчүн акылдуу кылып салат белем, болбосо короого чейин кирип келгенге аларга эмне күч келди дейм да. Карыбек карыя сөздү угуп болуп, алдыда бараткан калыбында:
- Алымкул сен абдан туура сөз айттың. Ооба, куу кекиртек керек болсо адам баласын дагы арам жолго түртүп келгенин калпка чыгара албайбыз. Бөрүлөр короого кирип келсе, басмачылар деле айылга чейин кирип келип, кол салган күндөрү көп эле жолу болбодубу. Бул жашоодо адам баласы эле эмес, болгон жан жаныбарлар бир гана тамак таап жеш үчүн болгон аракетин жасап келген жана жасай берет. Жакшы жашоо үчүн жакшы тамак жеш керек. Жакшы тамак жеш үчүн иштеш керек же элдин ырыскысына кол салыш керек. Чабал адамдар кедей жашагандай эле алы жок жаныбарлар дагы арык болот же кыйындардан калган тамакты жеп жашайт. Мисалы бөрүлөрдү эле алалы. Алардын күчтүүсү качан тойгондон кийин гана алы жогу андан калган калдыкты жейт. Бул эми жаратылыштын мыйзамы эмеспи. Сөз ушул жерге келгенде алды жактан атчан кишинин карааны чукул жерден көрүнүп, сөз үзүлүп калды.
Уулу тоо тарап кулак мурунду кескендей жымжырт. Адам үнү катуу чыкса зоокага чак этип, капчыгай ичин жаңырык коштоп, бир козголуп тынчыйт. Көк жалтаң аскалардын лыптасынан чанда гана учкан бөктөргө көрүнбөсө, боз чалган тоо койнунда саймедиреген бейкуттук. Алдыдан чыккан атчан жакындаганда алгач аттын күч менен дем алган үнү кулакка угулду. Аттын жалынан тартып куйругуна чейин бубак басып, атчандын ким экени таанылбайт. Ал дагы жолго эрте чыккан түрү бар. Болбосо таңкы суука карабай минтип жолго чыкпайт эле. Анын ат бастырганынан эле билсе болот, шашылыш экенин.
Атчан адам дагы алдынан чыккан эки жөө адамды көргөндө таң калып алды "буларга эмне жок" деп. Анткени ат минип келе жатып ат үстүнөн кыймылга келбей тоңуп калганы чын эле. Айылга жетсем дегенде эки көзү төрт болуп келе жатканы чын. Бул сарыгоодогу кой баккан Жолдош. Жашы отуздун бештерине барып калган жапалдаш бойлуу, ишине тың, беттегенин бербеген өжөр мүнөзү бар, жаш болсо дагы айылга кадыры сиңген, сөзү өтүмдүү, көзгө сүрдүү көрүнгөн жан.