Алдынан чыккан эки мергенчини тааныганда оозунуп салам берди:
- Ассаламу алекум, бу силер кайда, таң атпай? - деди. Берилген саламды алик алган Карыбек карыя бубак баскан жакасын күбүгөн болуп:
- Алекума ассалам. Бу сен Жолдошсуңбу?
- деди, бүшүркөп карап. Жолдош атынын тизгинин тартып токтоп, кол сунуп учурашкан соң:
- Ооба, мен. Түндө таң атканга чейин уктаган жокмун. Бөрүлөр күч болуп короо четинде үн салып эптеп бөрүлөрдү үркүтүп, эртелеп ат бастырганым,
башкармадан ок дары сурап келгени чыктым. Бул бөрүлөр түнү эмес чаламандын чак түшүндө дагы короого кирип келип жатат. Ок түгөндү. Азыр малды улуу балама каратып коюп, күн чыга электе кайра келип калам деп жолго чыккам. Карыбек жылмая карап:
- Башкарма бизди силерге жиберди. Ок дарыны мына биз алдык. Барып көр, сагадагы берип калар. Анда биз жолду кыскартып, бакыргандын коктусу менен чыкканыбыз оң турбайбы. Деги азыр карышкырлар кайсы жерде күч болуп жатат? -деди, кызыгуусу арта.
- Ачыгын айтуу дагы кыйын болуп турат. Менин укканымда бул бөрү баласы бир жерди байыр албайт эмеспи. Бирок биздин аймактан кетпей коюшту. Балким бирөөлөр бөлтүрүгүнө зыян кылганбы, аны ачык айтып болбой калды.
Сөз уланып баратканда Алымкул сөздү бөлүп:
- Жолдош байке, кечинде силердин үйдө болобуз, калган сөздү анан сүйлөшөлү, жолдон калбай. Суук өтүп кете электе жол арбытып алсак болот эле.
Бул сөздү укканда Жолдош шашкалактап,
үнүн жогору чыгарып:
- Макул, мен анда башкармага жооптошуп алып артыңардан барып калам. Силер жол менен эле жүргүлө. Коктунун ичин азыр туман каптап калышы толук мүмкүн деп, атын теминип алдыга карай жөнөдү. Экөө кайрадан жолдорун улашты.
Таңдын ылымта күнү кежирленип кокту тараптан сыдырым сыркаар согот. Тоонун аба ырайы алдамчы келет. Даакыдай булут көтөрүлсө эле айлана алеки заматта түнөрүп, кар жаап кирет. Тээ алыскы мөңгүлүү зооканын алдында түнөрүп ак кар жамынып Ийри-Зоо жатат. Ошол Ийри-Зоодон соккон сууктун илеби тим эле денеден өтөт. Кара козунун терисинен жасалган ичик бобосо Алымкул тоңуп калат беле... Анын оорлугу эле болбосо, жылуулугу жанга жагымдуу.
Эки мергенчи кеминде эт бышым убакытта гана көздөгөн жерлерине келишти. Майда коктуга бай бөксө тоолордун арасы тынч. Бөрүлөр ушул кезде кайсы жерде экенин билип болбойт. Кар тээп оттоп жүргөн койлордун четинде койчу улам эки жакты элеңдеп карап коюп, аттан түшпөйт. Алымкул дүрбүсү менен алыс жакты бир топко карап олтуруп, Карыбек карыяны чыкканагы менен түртүп:
- Байке, тигини карасаңыз. Эки карышкыр эч нерсени сезбей ойноп жатканын. Булар чын эле тоого кожоюн болуп алышканбы?- дейм. Карыбек дүрбүнү көзүнө такап бир топко карап туруп:
- Менин баамымда ал эки бөрү кутургандан сообу. Кутурган карышкырларга баары бир болуп калат. Эгер сен тилди алсаң, экөөбүз түз эле аларды карай басалы. Эгер бизди көрүп качышса анда соо эле карышкырлар,
кайра бизди көздөй бет алышса анда кутурма тийген бөрүлөр.
Алымкул бул сунуштан баш тартты. Дүрбүнү колуна алып, тиги экөөнү тигиле карап бир топко туруп:
- Курсактары тойгонго өздөрүн баатыр сезип жатышканы эле болсо керек. Мен бул коктунун ичи менен жүрүп олтуруп тигилердин тушунан чыгайын, сиз акырындан алдыга жыла бериңиз. Болбосо биз аларды үркүтүп алабыз.
Карыбек үнсүз тиги экөөнө көз агытып туруп анан өз оюн айтты:
- Мейли, Алымкул анда сен тезде. Мылтыгың октолуу болсун. Сайдын ичи менен жүргөндөй бол. Баса абайла, бөрүлөрдүн түнөгү калың бадалдардын арасы болот. Эгер бир нерсе болсо ок чыгаргандай болсоң, мен деле сени туштап басам деди.
Коктунун ичи кенен анан майда бадалга бай. Сел жүргөндө таштарды тоо башынан агызып келген үчүн майда таштар сай ичинде абдан жыш. Эки мергенчи бир пикирге келишкен соң өз жолдору менен өйдөнү карай жөнөштү. Негизи эле мергенчилер бир нерсени беттегенде аягына чыгыш үчүн чарчагандарын билбей жол жүргөндөрү анык эмеспи. Алымкул өйдө карай кетип бара жатып дагы Инабат жөнүндө ойлогонго үлгүрдү. Уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпей ашыктык азабы аз убакыт ичинде эле өз жазасын берип койду.
Мергенчинин сырлары. Б.Бийназаров
#42 08 Январь 2017 - 21:30
Ооба, чынында эле адам баласы бир гана ашыктыктын жүгүн артынып, ашык болуп калганда гана катуу ойго кабылат эмеспи. Алымкулдун болгон дитин бир гана Инабат ээлеп алгангабы, алдынан чыккан торпоктой болгон карышкырды бута атым келип калганда гана көзү чалды. Дагы аз болгондо ага жем болуп калат беле, ким билет. Бирок мындай учурларга көп эле жолу кездешкендиктен апкаарып, өзүн жоготуп койгон жок. Кайра кайратына келип, көзүн албай карап турган бөрү баласы менен бир саамга тиктеше түштү да, аны кыймылга келтирбей ушундай бир шамдагайлык менен октолуу мылтыгын карышкырды карата сунуп туруп, мээлебей туруп эле машааны басып калды. Бул эми мергенчиликтин бир гана жолку таң кала турган үзүмү. Кээде чыныгы көзгө атар мергенчилер мылтыкты мээлебей туруп эле ички тую сезими менен сезип, ата турган нерсени мылтыкты сунуп туруп эле атып койгон адаттары бар. Тынч жаткан тоо койнунан мылтыктын үнү жаңырып, ошону менен катар эле көк жал карышкыр турган ордунан жалп кулады. Ок эки көздүн ортосуна тийип, тиги бөрүнү эч буйдамга келтирбей турган ордунан кулатты. Алымкул ушул жерден мылтыгын кайра ушундай бир ыкчамдык менен октоп, эки жакты аяр карады. Чынында эле жаңырган октун үнү менен жакын жерден дагы эки бөрү баласы кырды көздөй качып жөнөдү. Алымкул акыркы карышкырды жамбаш тушка атканга үлгүрүп калды. Экинчи жолу атылган окко удаа эле кыр жактан дагы мылтык үнү жаңырды. Алымкул дароо ал окту Карыбек карыя атканын айтырбай билди. Атылган окко удаа эле жаш мергенчи Алымкул ушундай бир ылдамдык менен кырга чуркап чыкса, Карыбек карыя дагы бир бөрү баласын жыкканга үлгүрүптүр.
Экөө дароо илгери жакты көздөй карашты. Анткен менен баягы эки бөрү эч нерсе укпаган сымал, бири-бирине ашык болгон эки жаштай нарыны көздөй бара жаткандарын көздөрү чалды. Карап турган киши тиги эки бөрү баласын абдан бактылуу жандардай кабыл алышы толук мүмкүн эле. Анткени канчыгы дөбөтүнө эркелеп, жан алы калбай жагалданганынан дагы дөбөтү ургаачысын эркелеткенсип жай алдыга жылып бара жатты. Аралык болгону үч жүз метрдей, болгону алар өйдөңкү кырда болсо, эки мергенчи ылдый жакта. Ооба, бөксө тоо көзгө жапыс көрүнгөнү менен баса келген кишиге абдан эле өр тартып кетет.
Ак карга чөмүлгөн тоо койну кышкы кооздукту тартуулап турганы менен улам өйдөлөгөн сайын ызгаар күч. Алымкул эмнегедир тиги эки бөрү баласынын жашоосуна тийишкиси келген жок. Анткени экөөнүн бири-бирине болгон мамилени өз көзү менен көрүп, ашыктык сезими бөрү баласында дагы болорун сезип койду. Оюнда эки жашты бири-биринен ажыраткысы келбей турду. Аттиң, бул жалганда эки түгөйдүн катар басканы көзгө кандай жакшы көрүнөт. Калп айткан менен болобу бул биз ириде кеп кылган ашыктык сезим жаныбарларда дагы кездешип келгени чын, бирок Алымкул ушул саам гана байкады жана өз көзү менен көрдү. Карыбек карыя Алымкулдун оюн окуп билгендей сөз учугун чыгарды:
- Алымкул, сен байкаганды мен дагы байкадым. Менин баамымда тиги эки бөрүнүн бири канчык. Канчык жаңы гана күүгө келип, тиги жанындагы дөбөт карышкырды жанынан чыгаргысы келбей ага эркелеп баратканын карачы. Менин баамымда канчык бөрү абдан эле жаш экени билинип турат. Кыздар дагы күйөөгө жаңы чыкканда, тийген күйөөсүн жанынан чыгаргысы келбей калат. Ошол сымал тиги канчык бөрү дагы берки дөбөткө абдан берилип алыптыр. Менин баамымда жана укканыма караганда ашыктык бир гана адам баласына эле келбейт. Бул жашоодо сүйүүгө туруктуу жан бул жыландар. Алар ашык болушса ашык болгонун карыш жылбай кайтарып калышат. Ал эми адамдардагы ашыктык баш кошконго чейин эле. Буга мисал катары мени эле алалы. Мен үйлөнгөнгө чейин жеңеңе жетүү үчүн эмнени гана кылган жокмун. Ашыктыктын айынан керек болсо тамакка табитим тартпай калган болучу. Жеңең көзүмө үрдүн кызындай көрүнүп туруп алды. Анан эле жеңеди алып андан кызыгым тараган соң минтип аны ойлоп да койбой, кайра эле баягы улуу тоого чыгып мергенчилик кумардын артынан келе жатам деп сөзүн туюк бүтүрүп, алды жакты карап алып:

#43 08 Январь 2017 - 21:32
- Баса, мен көп сүйлөп бара жатат окшоймун. Аны коюп эми эмне кылалы. Тиги кыз-жигиттей ээрчишкен эки бөрүнү эмне кылсак экен? Биз аларды аясак, алар бүгүн түнү эле короого кирип малды жыра тартып кетиши толук мүмкүн. Алымкул узап бара жаткан эки бөрүнү көздөй ок аткан болду. Оюнда аларды үркүтүп жибергиси келди. Анткени алардын ынтымактуу жашоосуна бүлүк салгысы келген жок. Атылган ок аларга жетмек турсун караандаган дагы жок. Анткен менен атылган октон экөө жалт артын карап алышып, бөксө тоону ушундай бир тездик менен ашып каякадыр караандарын үзүп жок болушту.
Ылдыйлап түшүп келген эки мергенчи Жолдоштун үйүнө каш карайып калган кезде келишти. Жолдош экөөнү тим эле кадырлуу коноктордой кабыл алып, мешке жагылган калың көңдүн табынан чыккан оттун илебине жакын олтургузду. Сөз мештин үстүндөгү кара чайнектеги чай алдыга келгенде башталды.
- Жолдош, бүгүн сен эч нерседен бей капа уктай берсең болот. Биз күндүз эле үч карышкырды жайладык. Болгондо дагы карышкырлардын төрөсүн аттык деди, Карыбек карыя. Жакшы кабар менен жакшы сөз укканда кулак кандай сүйүнөт. Жолдош тим эле энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп, кирпигин бар-бар ирмеп:
- Кайсы туштан атыңыздар? - деди эле, Алымкул сөзгө кошулду:
- Жолдош байке, сиз эми атылган карышкырлардын терисин сыйрыңыз. Биз эртең Ак-Булуң жакты көздө дагы жол жүрөлү. Антпесек эки күндө кийин эле кайра алар бул аймакты байыр алышат. Менин баамымда Уландын алды жагындагы Суук-Капчыгай тарапты көздөй кубалабасак, тынчтык берчүдөн эмес. Мен сайлуу колоттун ичинен экини аттым, Карыбек карыя үстүнөн кырга чыга берген жерден бирди атты деди эле, Карыбек карыя:
- Ал эми кыз-жигиттей ээрчишкен экөө Оролмону көздөй желип жортуп жөнөштү.
Бул сөздү укканда Жолдош кабагын түйүп:
- Ошол эки карышкыр жаман ойнотту. Күндүз малга жакын жолошпойт дагы, түнкүсүн короого чейин кирип келишет. Мен ал эки карышкырды эки аптадан бери эле өйдөңкү бөксө тоодон көрөм. Тим эле жаңы үйлөнгөн эки жаштай болушуп бири-бирине эркелеп койгонун кантесиң. Балким экөө чын эле жаңы табышканбы. Алардын жоругу укмуш. Кой жыйып жүргөндө дүрбү менен карап олтуруп убакыт кантип өткөнүн билип болбой калат.
Сөздү Карыбек карыя алды:
- Жолдош, мен дагы байкадым, экөөнү. Эгер эртең тиги кырдан көрүнбөсө анда алар бул аймактан кетишти деп ойлой бер. Анткени аларды Алымкул катуу үркүттү белем, жонду ашып эле жок болушту. Сен баамдагандай ал эки бөрү баласы чынында эле ашыктык сезимине кабылышса керек. Дегеним мен бала кезде дагы кудум ушундай ээрчишкен эки бөрү баласынын жоругуна кабыл болгом. Анда жанымда Байсейит карыя бар. Биз күн ылдыйлап калган кезде Түндүк-Алманын үстүнө чыга берген жерден кечке аңдыган эки карышкырдын канчыгын ыгы келе калганда атып алсак, жанындагы дөбөтү ок жаңылган канчыгынын жанынан жалбай олтуруп алып уулубадыбы, кадимкидей жоктоп. Анан ага жакын басып келип эле маңдайга атып алдык. Ошондо Байсейит карыя айтып калды " Кап, бекер болду. Мына ашыктыктын бир гана мисалы" деп. Көрсө бул сыяктуу окуя бөрүлөрдө чанда гана кездешет экен. Жана мен тиги эки бөрүнү көрүп, ошол болуп өткөн кезди эстеп кеттим. Бир нерсени эстегенге дагы окшош окуя себеп болот белем, баса, сен башкармага жолуктуңбу анан?- деп сөздүн учун башка жакка бурду. Жолдош кабагын түйүп:
- Жолуктум, бирок шашылыш кетип бара жатыптыр. Эртең Акбар байкеден ок дары берип жибермей болду. Анан силердин бул жакка кеткениңерди айтты. Кара чырактын үлбүрөгөн алсыз жарыгы үй ичине анча жарык бере албаса дагы караңгылыктан алыстатып турду. Жолдоштун аялы мештеги асылган эттин чий көбүгүн алып жатып, чоң баласына кайрылды:
- Балам, эшикти карап койчу, дабыш чыккандай болду деди эле, Такен дароо сыртка жөнөдү да, кайра тез эле келип:
- Жымжырт, баары тынч эле деп, бурч жакты көздөй ык койду. Ысык чай ичкенгеби же үйдүн жылуулугубу айтор Алымкулдун көзү илинип, уйкусу келип баштады. Андан дагы мурунку түнү Инабатты ойлоп жатып уйкусу качып тыңгылыктуу уктаган эмес эле. Ошол дагы себеп болдубу ким билет.

#44 08 Январь 2017 - 21:33
Тамак бышып, алдыга келген кезде кыйшайып жатып уктап кеткен Алымкулду ойготушту. Алымкул тим эле эч нерсени сезбей, көшүлүп катуу уктап жаткан. Анткен менен ички тую сезими сездиби, айтор туруп сыртка чыгып бара жатып, жөлөнүп турган мылтыгын ала чыкты. Эмнеге антти өзү да билбейт. Короо жакты көздөй басып бара жатып, маңдайкы дөңчө жактан короону көздөй келе жаткан караанды даана байкады да, мылтыгын октоп, ылдый боло калды. Аңгыча эле дагы бир караан көрүндү. Булар түнү кол салган бөрүлөр экенин аңдап билип, жыйналып турган көңдүн артына өттү да, айдын жарыгынан даана көрдү карышкырлардын жакын келип калганын. Ушул жерден билди алардын өз ишине тыкат экенин. Анткени тим эле буйрукту так аткарган солдаттардай тизилип алышкан. Аз убакыт болсо дагы тигилердин тартибине жана кол салууга даярданып келе жатканына кызыгуусу арта түшкөн Алымкул аз убакытка уттурбас үчүн алдыңкы келе жаткан бөрүнү мээлеп туруп машааны басып калды эле, түнкү тынчтык бузула түштү. Мылтыктын атылган үнүнөн иттер абалап үрүп, жөн эле заматтын ортосунда ызы-чуу боло түштү. Аңгыча эле үйдөгүлөр дагы сыртка атып чыгышты. Алымкул дагы экинчи жолу ок чыгарганда дагы бир карышкыр жалп кулап, беш карышкырдын үчөө артын карабай качышты. Ал эми экөөнө ок жаңылып, жарык дүйнө менен кош айтышып, жансыз денелери жерде сулап жатты. Ал эми Жолдош үнүн ачуу чыгарып кыйкырып эле калды. Карыбек карыя дароо дөбөчө чыга калып, ал дагы ок чыгарган болду. Ал аткан кезде качкан карышкырлар бир топ узап калышкан болучу. Ошондо дагы бир карышкырдын арткы шыйрагына атканга үлгүрүп калды. Ооба, буга чейин иттер жакшы эле үрүп белги берип жаткансыган,
бирок ага эч ким көңүл бурган эмес. Андан дагы ошол убакта тамак бышып, аны казандан чыгарып алаксып калышканын танып болбойт эле.
Бул топ карышкырдын ана башчысы алты кар баскан төшү кең, тиштегенин коё бербеген көк жал карышкыр болучу. Ал эми экинчи ок жаңылганы атамандыкты талаша коюп жүргөн эки кар баскан көк бөрү эле. Убагына келгенде абдан чоң карышкыр болмок. Анткени анын азыркы турпаты эле чоң карышкырлардай келбеттүү көрүнөт. Ал эми шыйрагына ок жаңылган беш жолу тууган канчык бөрү. Тиги качып кеткен экөө жазында эле туулган жаш бөрүлөр болучу.
Жолдош Алымкулдун бул жоругуна абдан таң калып калды да, сөз кезеги келгенде:
- Алымкул, сени биз нак учурунда ойготкон экенбиз. Аттиң, мына мергенчи деп нак сени айтыш керек экен. Бул деген билинбегени менен мергенчилик талантка кирет. Эгер сен мылтыгыңды өзүң менен кошо ала чыкпаган болсоң, алгач эле сени жара тартып кетишмек, бул жырткычтар. Сөздү Карыбек карыя алды:
- Жолдош, сен абдан туура сөз айттың. Мергечилик дагы өзүнчө талантты ичине камтыйт. Адам баласынан өзгөчө мергенчинин ички тую сезими алдына ала боло турган нерседен кабар берип турат. Ал турсун атылган ок кайсы жерге тийди көрбөй туруп жүрөк менен сезген учурлар да болот. Азыр мен аткан ок акыркы карышкырдын арткы шыйрагына тийгенин мен билдим. Аны эми эртең из менен кууп таап алууга болот. Анткени ал анча алыска бара албасын мен сезип эле турам. Ашып кетсе ок жеген карышкыр чоң тоонун этегине жетет. Эгер эки күн кечиксек аны колдон чыгарып жиберебиз. Анын себеби бөрү баласы менен иттин шилкейи өздөрүнө абдан таасирлүү дары. ###### жатышып эле жараттарын айыктырып алышат. Ооба, эмне себептен бөрү баласын "көк жал" дейт, анткени нак өжөрлүк бул бөрү баласынан кездешет. Мисалга карышкырдын бөлтүрүгүн кармап туруп тап берсең, көзүн ирмебейт жана терисин тирүүлөй сыйрысаң дагы бир үн чыгарып койбойт. Мындай сапат бир гана бөрү баласында болот. Карыбек карыя карышкыр тууралуу айтып берген соң, ар тараптуу сөз сүйлөнүп жатып кантип тамак желип бүттү билбей дагы калышты. Анткен менен бул түн тынч өттү. Колдон жыра талашкан карышкырлар эмнегедир кайра кайрылып келишкен жок.
Эртең менен эрте жолго чыгышкан эки мергенчи, күндүн нуру жаңы гана жерге тийе баштаганда булактын башындагы үңкүргө келишти да, туш тарапка дүрбү салышты. Иштерине көндүм болгон эки мергенчинин баарын иликтеп олтуруп ушул жерге келишкени анык.

#45 08 Январь 2017 - 21:36
Бул жолу суукка карыккан колун ушулап олтурган Карыбек карыя бир нерсени байкап, бир топко көзүн кыя жолдон албай олтуруп анан акырын колу менен көргөздү, кыя жолдон түшүп келе жаткан карышкырлардын тобун. Түрлөрүнө караганда курсактары ток, көңүлдөрү шаттай сезилди. Санаганда туура тогуз карышкыр көзгө илинди. Карыбек карыя акырын жылып, ичке жолдун аркы өйүзүнө өттү да, чоң таштын коңулуна жашынды. Ал эми Алымкул кырга чыкты. Экөө эч шек бербей жашынып, өздөрүн көздөй жылып келе жаткан карышкырлардан көздөрүн албай ыңгайлуу учурду күтүп жатышты. Карышкырлар желе жортуп жалгыз аяк жол менен так тушунан өтүп бара жатканда, экөө эми бир кызыктын ичинен чыгышты. Алдыда бара жаткан дөбөт карышкырды Карыбек карыя жалпайтты эле, андан кийинкисин Алымкул атты. Этке ныксырап тойгон карышкырлардан ыкчамдык жоголуп, чуркагандары жай сезилди. Эки мергенчи бул жолу үчтөн карышкыр атканга үлгүрүп калышты. Болгондо дагы чоң дөбөттөрүн терип аткандай болушту. Тарсылдаган мылтык үнү тим эле тоо койнун катуу уйкудан ойготкондой эле болду. Чоң-Тарашанын ичинен бир үйүр жылкынын үчөөнү жара тартып жеп, курсактары ток келе жаткан бөрүлөрдүн үйүрү мындай алааматка кабылабыз деп ойлошпосо керек. Аз убакыт илгери эле жылуу канга моокумдары канганча тоюп, өз иштерине машырлана эч нерседен бей капар келе жаткан бөрүлөр мындай болуп кетээрин билишкен жок эле. Аттиң, мына муну менен биз "жыргалдын дагы кууралы бар" деген таамай айтылган сөздү эске салсак болот.
Эки мергенчинин бул жакка келгендерине чоң беттин аркы кырындагы карышкырлардын изи себеп болду. Анткени ал кырдагы издер бир эле эмес, көп жолу өткөн издер экенин эки мергенчи көрүп эле билишти. Карыбек карыя дароо эле "бөрүлөрдүн басып өткөн жолу ушул" деп ачык айтып койду да, анан эки мергенчи өзүнчө кетип Жолдош болсо атына минип кандын изин кууп кеткен. Анткен менен Жолдош дагы тоонун шартына көнгөн үчүн, мылтыгын ыктуу кармап, анда санда тамган кандын изи менен кеминде эки чакырымдай жүрүп олтуруп, изди такыр жоготуп жиберди. Чынында эле Карыбек карыя айткандай ок жаңылган карышкыр анча көп узай албасын, буга чейин таамп келген кандын изи эле айгинелеп турду. Жолдош аттан түшпөй эки жакты аяр карап, кайра аттын башын артка тартты. Аткени буга чейин келген из кайсы жерден жоголуп кеткенин билбей калган эле да. Таңкы күндүн нуру алсыз жылуулугун чачканы менен карга чагылышып, көздү жалтантып карыктырып жиберди. Жолдош кеминде он беш метрдей артка келгенде тик ылдый түшкөн изди даана байкады. Бөрүнүн жаны кыйналып кетсе керек, түз ылдый түшүп караганга кирген өңдүү. Бирок жылаңачтанган карагандын арасына жашынган бөрү көзгө дароо эле урунчудай. Анткени ак карга бөлөнгөн ылдый жактын баары эле алаканга салгандай көрүнүп турганын Жолдош көз агытып карап, эч нерсени байкай алган жок. Бирок из деле анчалык тереңдеп ылдый түшпөгөнүн билип, атты тик ылдый бастыргандан жазганып, бир топ нары барып анан айдөш жерден акырын ылдый түштү. Ат дагы жыгылып кетпес үчүн абдан акырын кадам таштап ылдый түшкөндө гана өзүн эркин сезип, кадамын тездетти. Жолдош мылтыгын оңдой кармап өзү бастырып келген бетти карап келе жатып, бир киши кенен батчудай үңкүрчөнү байкады. Эгер жакшылап карабаса ал үңкүрчө көзгө деле анча көрүнө койчудай жерде эмес экен. Бул жерден канча жолу ат бастырып өттү, бирок ал жерде үңкүр бар экенин деле байкабаптыр. Эгер карышкырдын изине түшпөгөндө бул үңкүрчөнү байкабайт деле калат беле ким билет. Ооба, тоо койнунда көзгө урунбаган ууру жерлер абдан көп кездешет. Андай жерлерди көбүнчө мергенчилер гана жакшы билишет. Жолдоштун эми гана эсине бир нерсе келди. Көз алдына кадимкидей элестеп кетти, жарадар болгон бөрү баласы тиги үңкүрчөдө жатканы. Адам баласы кээде ички тую сезими менен сезет эмеспи, алдына ала боло турган нерсени. Жолдош дагы кадимкидей сезди, карышкырдын жаны кыйналып үңкүрдө жатканын. Ушул жерден өзүн абдан кылдат кармап, үңкүрчөгө жакындап келе жатып эле көзү чалды карышкырдын денесин. Алдына ала ал кол салып жибербесин үчүн Жолдош мылтыганан ок чыгарды.

#46 08 Январь 2017 - 21:38
Атылган ок карышкырга тийдиби же тийген жокпу аны ачык биле алган жок. Анткен менен карышыр дагы дале баягы калыбынан жазбай жата берди. Эгер ок тийбеген болсо анда бери жылып чыгат эле. Жолдош таң калды "эмнеге ал жатат, эгер тирүү болсо эбак эле качып чыгып качырат эле го" - деп. Бир жагынан сезденди, жакын баргандан. Мылтыгын октоп бул жолу дагы он метрдей жакын келип мээлеп туруп машаны дагы басып калды. Карышкыр дале жатат, эч кебелбей. Балким ок тийбей калдыбы деген ойго жетеленген Жолдош бир нерседен шек алып, кайра артка тартып атына минди да, изине түштү. Оюу онго бөлүнгөн Жолдош кырга чыгып жайылып жаткан койлоруна көз салып, ылдый жакты карап Курбанды көрүп сүйүнүп кетти. Ал келгенден соң учурашып, анан болгон ишти айтты эле Курбан таң калып:
- Жүрүчү, бастырып барып көрөлү деди. Бул сунушту туура көргөн Жолдош алдыга ат бастырды. Экөө келип баягы үңкүрдү караса карышкыр дале жатат, нары караган тейде. Көрсө ок жеген карышкыр эбак эле келип жаткан калыбында жан берген экен. Жолдош өлгөн карышкырды эле ата бергенин билип, санын чаап каткырып күлүп жиберди. Карыбек карыя аткан ок карышкырдын шыйрагына эмес, жамбаш сөөктөн эки эли алды жагына тийип, ичегисин жарып кетиптир. Ошого чыдап, ушуга чейин келип жан берген карышкырдын эрдигине экөө тең таң беришти.
**********

#47 08 Январь 2017 - 21:39
Бир калыбынан жазбаган убакыт өз нугунда өтүп, жашоо менен күрөшкөндөргө демейдеки эле жарыгын чачып, демейдеки эле насибин энчилеп, кашкайган сулуу таң сүрдү. Асманга да, жерге да, көлгө да, деңизге да таң муруту чачырап, демейдеки эле тирүүлүк жышааны башпакты.
Турсунбек адатынча сыртка чыкты да, таңкы чыкыроондон жазганып, анча алыс баспай жакын жерге тура калып даарат сындырды. Шыркыраган заарасы аппак карга сиңип кетип жатканын көрүп, бала кезин эстеди. Анда эмне бала да, жок эмне экенин билген эмес. Ал турсун тамак аш кайдан келет, ага акылы жете элек кези эмес беле. Эми минтип тоо арасында жалгыз жашап, болгон дити бир гана тамак таап жеш жана сууктан коргонуп, кыштан аман чыгуу. Эмнегедир ушул кыш абдан өзү үчүн оор болчудан болуп калды. Андан дагы баягы даамдуу тамакты жегенден бери ошондой тамак жегиси келип, тоо башынан ылдый жакты карап койду. Аттиң, элге аралашып жашагысы келет, бирок баягы бай өзүн аңдып жүргөндөй сезилип кетти да, колун шилтеп алып кайра үңкүрүнө кирип кетти. Ооба, бул үңкүрдүн дагы оозун жыгач менен бекитип алган. Анткен менен жатагы жылуу жана өзү үчүн ыңгайлуу. Жайында чогултуп алган тамак ашы эмнегедир жазга чейин жетпей калчуудай. Төргө келди да, талпакка боюн таштап жата кетти. Эмнегедир эле жашоосуна өзгөрүү кирүүчүдөй жүрөгү бир нерсени сезип, көздөрү кымыңдап, колун сунуп колтугун кашынып алды да өзүнө кам көрүп тамак таштап кеткен эки адамды эстеди. Эч качан адам баласынан мындай жакшы нерсе алып көрбөгөнгөбү, дагы баягы үңкүргө баргысы келип туруп алды. Бирок сыртта калың жааган кар, андан дагы ач жырткыч жаныбарлар кол салса кандай болот. Жайында болсо бакка чыга качып кутулат, ал эми ушул суукта кантет. Бутунда дагы кийе койгонго ылайыктуу эч нерсе жок. Турсунбек бир топко жатты, үңкүрдүн шыбын тиктеп. Бир кезде туруп келип отко ыштап бышырган эттен үзүп алды да, оозуна салып машырлана чайнап жей баштады. Дүктүйгөн дарак кичинекей калемчеден өнүп чыгат, чоң имарат бир кыштан куралат, миң күндүк сапар бир кадамдан башталат дегендей, Турсунбектин жашоодогу кадамы башынан эле бузулуп, элден четтеп жашап жатканына канча жыл болду, бирок быйыл гана колунан каруу, денесинен кайрат качып,алсыз тартып калганын сезип, биринчи жолу "элге кошулсам кандай болот?" деген ойду ойлоду. Эмнегедир эле ар нерселерди ойлоп, башы чыңалып чыкты. Үрөндүн баркы түшүмүндө, адамдын баркы элге келтирген пайдасында. Туулуп, жашап, жеп-ичип, ажал жеткенде өлүш курт-кумурсканын дагы колунан келет деп ойлоп, жаткан ордунан тура калды. Эмнеге тура калды, өзү дагы билбейт. Бир кезде максатсыз эле сыртка чыкты. Күндүн нуру тийип турганы менен сырт суук эле. Териден жасап алган кийими бул жолу эч жылуулук бере алган жок. Чээнге кирген аюудай канча күн болду, үңкүрдөн чыкпай жатканына. Баягы карышкырлардын куугунунан аман калгандан бери эмнегедир жүрөгү өлүм калыптыр. Андай карышкырлар менен канча жолу бетме-бет келип жанын аман алып калды эле, бирок бул жолкуда ал кол салууну жүрөгүнө абдан жакын кабыл алып алгандыктан, алыс эч жакка бара албай камалып олтурганынын жөнү ушул. Ооба, уйкусу дагы баягыдай эмес. Чынында мындай суук күндөрдүн көбүн уйку менен өткөрчү. "Санаасы жок уйкучу, ары жок күлкүчү" деп айтылгандай буга чейин эч санаа жок эле. Эми минтип улам убакыт өтүп, жаш өйдөлөгөн сайын уйку качып, дене талыкшып бат чарчап, жаратылыш мыйзамы акырындык менен Турсунбектин дагы жаш кездеги энергиядан алыстатып бара жатты. Жүрөгү курч жаш кезинде, эмнени гана кылбады. Кандай жерлерди басып өтпөдү. Ушул тоонун ар бир кычыгынан бери билет. Тоо чөбүнүн касиети менен жашап жатканын дагы тана албайт. Сыртка чыгып денеси чыйрыгып кеткенде кайра ичкери кирди да, жүнү сапсайган койдун терисинен жасалган ичигин кийип чыкты. Турсунбек тоо эчкисинин терисин ичке кылып кесип, аны жип катары пайдаланып, койдун терисин эптештирип тигип, өзүнө кышкы кийим жасап алган. Бул койдун териси ашатылбаган соң, абдан оор жана баскан турганга ылайыгы жок, бирок жылуу.

#48 08 Январь 2017 - 21:41
Кадамын аяр таштап, калың карды жиреп басып, баягы өзүнө тааныш үңкүргө жакын кырга чейин басып келди. Ак кар жамынган тоо башы кулак-мурунду кескендей тымтырс. Тирүүлүктүн жышаанын билгизип бир жан көзгө урунбайт. Турсунбек кырга чыгып келип туш тарапты аяр карап бир топко олтурду. Айлананын кооздугуна кызыгып, кышкы көрүнүшкө суктанып, кол менен жасап койгонсуган асканын баштарына көз жүгүрттү. Ооба, бул жарыкчылыкта эмне деген гана кооздук, эмне деген гана сөз жетпеген ажайып сулуулук билинбей талаа- түздө, тоо-таштын арасында чалкып жатат. Турсунбек биринчи жолу кышкы көрүнүштү көрүп жаткансып көздөрү жайнап, ушундай кооз жерде жашап жатканына ишенбей турду. Буга чейин эмнеге мындай кооздукка көңүл бурбаганына таң берди. Аттиң, негизи эле бул жалганда адам баласы көп нерсенин баркын учурунда баалабайт белем. Бир кезде Турсунбек өзү эңсеп келген үңкүр таш жактан адам баласынын караанын көрүп, көптөн бери таппай жүргөн бир тууганын көргөн адамдай кабагы ачыла түштү. Аз жерден үнүн катуу чыгарып кыйкырып да жибере жаздады. Жазгы күндүн нурундай көңүлү өсүп, арзып жүргөн бийкечин алыста жүрүп келип көргөн жигиттей көздөрү жайнап, тиги адам баласынан көзүн албай бир топко турду. Анын ар бир кыймылы, кийген кийми, баскан турганы көзүнө жылуу учурап, аны менен жолугуп сүйлөшүп, ичине батпай кеткен сырын төгүп алгысы келди. Ошондо эле үстүнөн баскан жүктү бирөө алып салчудай сезилди. Билинбеген менен ичтен жеген санаа, бук болгон жүрөк, айтылбаган сөз адам баласын кандай басып турат. Эгер жанына бирөө келип караан болсо эле канча жашка жашара түшөт эле. Ушул жерден баягы көзү чалган койчунун кызы эсине келди. Аял затын канча болду көрө элегине. Аял эмес минтип кишинин караанын көргөндө көңүлү алып учуп, көкүрөгүн керип дем алып, көңүлү өсүп турду. Эгер аял затына жолукпай эле жакын жерден көрсө кандай абалда калмак, аны ачык айтып болбойт. Көзү токтоп калган адамдай тиги кишинин ар бир кыймылын карап олтуруп, ага жакын басып келгиси келди, бирок ага эрки жеткен жок. "Эшектин кулагына алтын иймек оордук кылат" дегендей, Турсунбекке дагы тиги көзүнө көрүнгөн кишиге жакын басып бармак турсун, ага көрүнүп койгон оор сезилип турду. Кандайдыр бир күч, кандайдыр бир нерсе үстүнөн басып тургандай сезилип, көмкөрөсүнөн жаткан тейде көзүн албай жатып, денеси чыйрыгып кеткенде кайра изине кайтты. Анткен менен кабагы ачык. Тим эле айыл ичин кыдырып чыккан адамдай көңүлү көтөрүңкү үңкүрүн көздөй келе жатып, кулагы карышкырдын уулуган үнүн укту. Дароо кадамын тездетип, үңкүрүнө жетүүгө кам көрүп, алдыга умтулду. Аттиң, бул жалганда болгон жан-жаныбарлар бири-биринен коркуп, жашынып жашап келгенин ушундай улам эле билсек болот. Турсунбек кичине белди ашып, өзү басып өткөн из менен келе жатып, буту тайып жыгылып кетти да, бир топ ылдыйга сүрүлүп барып жапыс өскөн караганды кармап калды. Болбосо мындан ары кичине эле жылганда жалама зоонун ичине кулап кетмек. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй согуп, өзүн токтотуп бир топко олтурду да, анан өзүнө келгенде акырын өйдө жыла баштады. Эх, жашоонун кызыгы ушундай абалда билинет белем, Турсунбектин маңдайынан тер чыгып, чоң кырсыктан кутулганына сүйүнүп, капталдап жылып олтуруп белге чыкты. Бул кезде төбөдөн тийген күн ылдыйлап, бир күндүк сапары карып бара жатканынан белги берип калган. Турсунбек кырга чыкканда бийик чокуну багынткан алпинистей эки жакты карап, жаңы эле жыгылып кетип, чыгып келген жакты карады. Аз жерден калганына дагы бир жолу ишенип, эми ишенимдүү кадамын алдыга таштады. "Каймактын даамын, кашык билбейт" - дегендей, жалгыздыкка көнгөн Турсунбек бүгүнкү жеңешине ыраазы болду. Эгер айылга түшсө анда элдин бай-кедей дебей текши жашап жатканын көрсө анда эмне болот эле? Жашоонун кадырын али биле элек Турсунбек үчүн айылдагы жашоо али табышмак бойдон. Чар -жайыт ойду ойлоп келе жатып үңкүрүнө беш кадамдай калган кезде арт жагынан дабыш угулду. Бурулуп карап алып эле алдыны көздөй умтулду.
#49 08 Январь 2017 - 21:44
Аңгыча эле карышкыр келип чоң ичигинен тиштегенде,
ичигин чечип жиберип, үңкүрүнө кире калып эле оозун жыгач эшик менен бекиткенге үлгүрдү. Ач карышкыр ичикти бир топко жулмалап, анан үңкүрдүн эшигине келип арылдап туруп калды. Эки күн карышкырлар менен алышып жүрүп, үчүнчү күнү кечке жуук үйүнө келген Алымкул эмнегедир эле бир орунга олтура албай койду. Дитинде сөйкө салып койгон болочок жарын көргүсү келип, аны бүгүн көрбөсө таң атканга чейин уктай албай азап чегээрин билип, курсагы тойгондон кийин эле илкий басып Айымжан жеңесинин үйүнө келди. Инабат менен жолугуп сүйлөшүп жатканда тоскоол болуп, көзүнө абдан жаман көрүнгөн жеңеси бул саам тим эле айкөл болуп көрүнүп, аны менен сырдашкысы келди. Ичинен жеген ашыктыктын санаасын бирөөнө айтып алса эле жеңилдей түшчүдөй сезип, орун алып олтурган соң сөздү эмнеден баштаарын билбей башын жерден көтөрүп:
- Жеңе, байкем кайда?- деген болду. Айымжан эч сөз айттырбай эле баарын түшүнүп:
- Байкең кайда болмок эле, баягы эле ишинде. Азыр келип калат болуш керек. Аны коюп өзүң кайда жүрдүң, жаш кызды күттүрүп. Инабат аз убакыт илгери эле келип кетти. Сен жөнүндө бир нерсе сурагысы келди, бирок сурай алган жок. Сөзүнөн байкап калдым, сени жакшы көрөрүн.
Эх, ушул сөздү укканда Алымкул кандай гана толкунданды. Тим эле маңдайы жарыла сүйүнүп, жалжылдаган көздөрүн жеңесине кадап:
- Жеңе, чын элеби? - дегенге араң жарады. Ушул сөздү айтканда үнү дагы каргылданып, сүрдөгөнү даана байкалды. Чынында кыз баланын көңүлүн таап, анын арзуусуна татыган жана кыздан жакшы жооп алган жигит үчүн эмне деген бакыт. Жаш кездин эстен кеткис жакшы учуру эркек бала болобу же кыз бала болобу жүрөккө ээ бербеген сүйүү тууралуу жана сүйгөнү тууралуу жакшы кабар укканында экенин эч ким тана албайт. Жаш кезде ар бир атуулдун болгон дитин бир гана сүйүү ээлеп аларын талашып болбойт. " Сүйүү адамга ар дайым күч кайрат берет" деп А.С. Макаренко айткандай, ушул жерден Алымкул жеңесинин бир ооз айткан сөзү менен күчүнө күч, кубатына кубат кошулганын даана байкады. Эч убакта сүйүү тууралуу ойлонмок турсун, андай сезим бар экенин дагы билбеген Алымкул үчүн, Инабатка жолугуп, аны менен сүйлөшкөнү чоң ачылыш ачкан окумуштуудай эле көңүлү бир гана нерсени эңсеп, ошонун аягына чыгуу болуп калды. "Сыйдын чеги болот, бирок сүйүүнүн чеги болбойт" деп айтылган кеп бар эмеспи. Ансыңары Алымкул уурдана кулак төшөп олтурду жеңесин "дагы Инабат жөнүндө эмне сөз айтат" деп. Айымжан бир кезде жасап жаткан ишин токтотуп:
- Алымкул, эмне бересиң, эгер азыр Инабат менен жолуктурсам? - деп, күтүүсүз ойго келбеген сунушту айтып калды эле Алымкул калдастап, эмне максат менен келгенин билигизип алды. Аттиң, ашыктыктын азабы. Эмнени гана кылбайт жана эмне деген гана убаданы ооздон алып чыгат. Алымкулдун көздөрү жайнап:
- Жеңе, эмне сурасаңыз берейин. Кааласаңыз бир кайберендин этин шыралга кылып атып келип берем, Инабатка жолуктуруп коюңузчу. Баягы күндөн бери оюм ордунда эмес, түшүм тынч албай койду. Эки күн башкарманын өтүнүчү менен карышкыр атып келдим. Ошол эки күн мен үчүн эки кылымга тете күн болду. Айымжан каткырып күлүп:
- Байкең экөөбүз дагы сендей болуп жаш болуп, ашыктык отуна кабылганбыз. Мен сага түшүнөм. Баса, тоюңар качан болгону жатат? -деди эле, Алымкул ийинин күүшөп:
- Билбейм, аны апам билет, - деди да, үмүттүү карады. Айымжан көңүлдөнүп:
- Алымкул, абайла, кушуңду колуңдан чыгарып жибере көрбө. Эки күндөн бери Инабатты аңдыгандар көп. Алакачып кетпесин. Жана эле келип Инабат өзү кеп кылып кетти "Султанаалынын сары баласы бура бастырбай калды" деп. Деги сак болчу. Мен азыр барып кызды сыртка чыгарам, сен жыйылган көңдү далдоосунда бол. Бирок тез сүйлөшүп, тез айтчу сөзүңдү айтып кал. Апасы мени жаман көрүп калбасын. Алымкул тим эле жепилдеп ушул жерден жеңил дагы боло калды. Оор басырыктуу, салмактуу көрүнгөн Алымкул эмне болуп азыр мынчалык жеңил боло калды аны өзү дагы түшүнө берген жок. Атаганат, көрсө сүйүү деген балакет адамды ар кандай жол менен калчайт белем. Айымжан дагы бир башкача көз караш менен карап, Алымкулга жеңилдик мүнөздү ыраа көрбөй турду. Көрсө "сүйүү баатырды дагы жеңет" деген сөз бекер айтылбаганын Айымжан ушул саам баам салды.

#50 08 Январь 2017 - 21:47
Көзүнө дайыма токтоо анан сөзгө сараң көрүнгөн Алымкул эмнегедир бир башкача, такыр болуп көрбөгөндөй адам болуп көрүнүп кетти. Ооба, ар бир адам сынчы. Сынга кабылбайм деген киши аз сүйлөп андан дагы, аз кыймыл жасаганда ийгилигин берет эмеспи. Аймыжан убада боюнча кызды чакырып чыкты да, үнүн жай чыгарып:
- Алымкул кызды кармаба, ата-энеси жаман көрүп калбасын. Кыз баланын түн катып сыртка чыкканы абдан уят иш экенин эсиңден чыгара көрбө деп дагы эскерттип, жолуна түштү. Эки жаш ээн калганда сөздү эмнеден башташты билбей бир саамга үнсүз туруп калды. Алгач оозунуп сөз алган Алымкул:
- Инабат, деги кандайсың? - деди эле Инабат ичке үнү менен:
- Билбейм, ушул мен кыз болуп жаралбай эле койсом эмне. Бүгүн тиги Султанаалы келип чыр салды. Ал турсун "кызыңарды ала качсам дагы, балама алып берем" деп катуу опурулуп кетти. Атам менен апама эле жаман болду. Ал эми силер жактан эч дайын жок. Алымкул эми иштин татаалданганын билип:
- Инабат, мындай кылалы. Эртең эртең менен мен тигил жерге келем, экөөбүз айылдан чыгып кетебиз. Кайра кечинде келгендей болобуз. Ага чейин үйдөгүлөр даяр болуп калышат. Азыр барып үйдөгүлөрдү шаштырам. Ал эми сен өзүңө сак болгондой бол деди. Сөз ушул жерге келгенде анча алыс эмес жерден кобур-собур үн угулуп калды. Экөө үн чыгарбай тыңшап калышты эле тигилер:
- Азыр эрте. Эл аягы суюлсун. Баары текши төшөккө жаткан кезде кирип баралы да, төшөгү менен бирге эле алып чыгып кетебиз деген үн даана угулду. Тигилердин ойдо жок жерден чыккан кобуру ойго салып койду. Экөө эми иш чатагына айланганын билишип, бири-биринен сөз күтүп туруп калышты эле алгач Алымкул:
- Инабат, экөөбүз азыр Карыбек карыянын үйүнө баралы. Сени ал жакта экениңди эч ким билбейт. Мен үйгө кабар айтып койгонум оң. Эртең сени алып келем деп. Инабат бул сунушту жактыра берген жок. Ал өз оюн айтты:
- Андан көрө азыр экөөбүз милицияга барып болгон ишти айталы дагы, аларды үйдөн эле күтөлү. Сен эки жолдошуңду кошо чакырып кой, болбосо "кызыңды тап" деп атам менен апамды кыйноого алышат деди. Алымкул бул сунушка макул болуп, башын ийкеди. Экөө акырын жылып, тигилерге билинбей үйдөн узап кетишти да, түз эле милиция жашаган үйгө келишти. Анын үйү анча деле алыс эмес болучу. Айсыз түн, бир метр жер көрүнбөгөн караңгылык. Абайлай басып келишсе оңдой берди болуп ал үйүндө экен. Инабат менен Алымкулдун айткан сөзүн угуп болуп, Суран дароо кийинип чыкты. Чынында тиги баланы кантип кылтакка илишти билбей жүргөн. Анткени анын үстүнөн эки-үч арыз дагы түшкөн эле. Бүгүн эле Бүбү эне келип арызданган "мени сөгүп кетти" деп. Сыртка чыгып өз оюу менен алек болуп, үйгө жакындаган кезде, боюн жашырып короо аркылуу Инабаттардын үйүнө билинбей кирип кетти. Ал эми Алымкул, Инабатты үйгө киргизип жиберген соң, эки досу менен сырттан аңдып турушту. Убакыт эч билинбей алдыга жылып, көптөн күткөн кез дагы келип жетип, бир кезде төрт беш атчан жигит аттар менен кудум басмачылардай болуп үйдү тегеректеп калышты. Ар бир атты экиден бала учкашып минген. Экөө сыртта аттарды карап калышты да, калгандары үйгө кирген кезде Алымкул эки жигити менен келип тиги эки баланы жаткыра чаап, аттарды бошотуп жиберишти. Анан тигилердин артынан үйгө жакындашты. Эшиктин алдынан дагы экөөнүн мурундарын кан жалатып, эстерин оодара чабып, шайларын оодарган соң, кийинки окуяны күтүп калышты. Кире бериш үйдө дагы бирөөнү тумшукка бир уруп жыгып үйгө кирип келсе, милицияны баш кылып колун таңып жаткан экен. Үчөө кирип келип эле тигилер менен мушташып жатып калышты. Кимди ким көрдү, быржыбайды там басты дегендей, ишенген жигиттеринен кол жууган Султанаалынын баласы, мурду канап, эптеп сыртка чыкса жолдоштору түгүл, минип келген аттары жок экенин билип, үйүн көздөй илкий басып жөнөдү.
Ооба, милиция Суран мындайды тиги балдардан күткөн эмес болучу. Жакшы эле каршылык кылды, бирок көптөп кетишкени абдан ыза кылды. Дагы жакшы Алымкулдар өз учурунда келип калышканы. Дүйшөнбек бир жагынан ачууга алдырып, Султанаалынын үйүнө барганы жулунду эле, Суран эптеп кармап калды.

#51 08 Январь 2017 - 21:48
- Байке, сабыр кылыңыз, эртең алар менен өзүм сүйлөшөм. Алдыңызга чөгөлөтпөсөм,
милиция атым өчсүн. Мен азыр баарына өзүм күбө болдум. Милицияга кол көтөргөнгө өзүнчө жаса колдонулат.
Андан көрө азыр силер эми кызды мага кошуп бергиле. Түнү кайра келип калышы толук мүмкүн. Анткени ачууга алдырган кезде адам баласы эмнени гана кылбайт деди. Сыртагы ызы-чуудан кошуналар туруп келип калышкан эле. Болуп өткөн окуяны угушкан эки-үч кошуна түз эле Султанаалынын үйүнө жөнөштү. Келин келет деп келиндин келишин күтүп жатышкан үйдөгүлөр кирип келген тигилерди көргөндө эле иш чатагына айланганын билишип, үн дебей эле сөз күтүп туруп калышты. Алгач Дүйшөнбектин кошуна тууганы, опурулуп бир тийди:
- Султанаалы, бул эмне кылганың, бир эл, бир журт болсок. Эмне Дүйшөнбектин сурап алары жок дедиңби?! Чык бери азыр экөөбүз эркекче сүйлөшөлү. Султанаалы баласынын кетирген чекилик ишине эми гана көзү жетип:
"Аттиң, өзүм кошо барганда болмок экен?" деп ойлоп, күнөөлүү кишидей жер тиктеди эле, Сапар колун жаңсап:
- Эртең милициядан жолугушабыз. Салтта жок ишти жасаганга кантип колуң барды. Ал кыздын кудалашкан жери бар турбайбы. Эмне сен бүгүн эле киши болуп чыга келип калдыңбы. Билесиңби, сени ким киши катарына кошконун. Совет өкмөтү болбосо сен тиги Жолдубектин коюн кайтарып, арткан тамагын ичип жүрмөксүң! Балаңдын кыялы тиги, күндө айылдын бир кишиси менен урушуп. Бүгүн эле Бүбү кемпирди сөгүп кетиптир. Ал дагы милицияга арызданып барды. Султанаалы тилин жутуп алгансып эч сөз сүйлөгөн жок. Аңгыча эле шөмтүрөп уулу келип калды, мурду канаган, кийминин баары булганган. Султанаалы жаман оюнда бүгүн түнү эмне болгон күндө дагы кызды үйүнө алып келбесе, иш чатагына айланганын ойлоп турганда, оюн окуп тургансып Сапар:
- Ойлонбой эле кой, кыз азыр үйүндө эмес. Сенин азыр ойлогон оюңду алдына ала билип, кызды башка жакка катып койдук. Барып Дүйшөнбектин тынчын албагандай бол. Ушул эле сөз жетпей турган. Чынында эле жаман оюнда "кызды эптеп колго тийгизсем, куда болуп калат элек дагы, милициялашпай ишти бүтүрүп салууга болот" деген оюу дагы ише ашпай калганын билип, жели чыккан бакшыдай катуу үшкүрүнүп алды. Мына, жаман оюу эми такыр ишке ашпай кала турган болгондон кийин, эми кантип Дүйшөнбектин бетин карайт. Ага эртең менен эле айтып кетпеди беле "сени менен куда боло албасам, эркек болуп басып жүрбөй калайын" деп. Тилинен жаңылганын билип, баласынын борпоңдугуна жана буйругу жок ишке аракет кылбаш керек экенине эми гана ишенди. Бир топко опурулган тиги үчөө чын эле Султанаалынын кайратын өчүрүп, алты айласын кетирип кетишти. Ошол сөздөрдү уккандан көрө, бул жашоодо жашап басып жүрбөшү керек болучу. Чын-чынына келгенде Султааналы абдан катуу жаңылышты. "Эми эртең элдин бетин кантип карайм" деген санаа менен бир орунга олтурган бойдон көз ирмебей таң аттырды. Талмасы кармаган адамдай бир жерди теше тиктеп олтурган Султанаалыны көргөн киши илдетке кабылды деп ойлошу толук мүмкүн эле. Эртең менен эрте турган кемпири абышкасын көрүп чочуп кетти, бирок анын кыялына тийип аламбы деп жанына жакын жологон жок. Мешине от жагып, таңкы наардын камын көрүп жаткан кезде, сырттан күтүлбөгөн конок болуп милиция эки жигит менен кирип келип калды. Мындайды күтпөгөн Бүбүкан бакырып жиберди, жөн эле желмогузду көргөн адамдай болуп. Суран эч сөзгө келбей эле Султанаалы менен баласын жетелеп сыртка чыкты да, ат араба салып өзүнүн конторасына алып келип камап коюп, эми кечиндеги балдарды бирден жыйнап чогултуунун камын ойлоду.
Кечинде болуп төкөн окуя айыл ичине желдей тарап, баары Султанаалынын жоругун угуп жерге түкүрүп жатышты. Алымкул кечинде үйүнө келгенде эле апасына бир тийген:
- Апа, эмне кылсаңыз ошо кылыңыз, эртең Инабатты үйгө киргизем. Бүгүн аз жерден аны ала качып кете жаздашты, Султанаалынын баласына, - деди эле, Бурул чочуп кетти да:
- Апей, кудалашкан кызды дагы ала качат экенби? - дегенде Алымкул кабагын чытып:
- Акылы кем, салтты сыйлабагандар баарына барышат тура.

#52 08 Январь 2017 - 21:50
Апа, эмне болгон күндө дагы эртең Инабатты үйгө киргизбесек,
элге шерменде болобуз, дагы башка бирөөсү ала качып кетсе. Бурул калдастап калды. Уулунун бул айткан сөзү абдан жөндүү сезилип, дароо эле тойдун камын көрүп, таң эрте боорсок бышырууну ойлоп, камырын жууруп кирди. Андайда убакыт дагы тез өтүп калат эмеспи. Келин келээрин элестетип алып эле Бурул таң атканга чейин уктабай басып жүрдү. Кийинки күндүн башталышынан белги берилип, чыгыштан таң шооласы аткан кезде өзү чуркап кийнисинин үйүнө келди. Бул кезде алар уктап жатышкан болучу. Таң эрте эшиктин кагылганынан чочуп, эшикти Койлубай ачты да, жеңесин көрүп чочуп кетип, саламга келбей эле:
- Жеңе, деги тынчылыкпы? !-деди. Бурул калдастап:
- Тынчылык эле. Тиги Алымкул "бүгүн аял алам"- деп шаштырып жатат .Түндө Инабатты ала качып кете жаздаптыр. Сөйкө салып кудалашып коюп, кызды башка бирөөнө тартырып жиберсек, элдин бетин кантип карайбыз. Намыс деген да болуш керек да. Койлубай башын чайкап, түшүнбөй калганын билгизип:
- Жеңе, үйгө кириңизчи, деги. Мен эч нерсеге түшүнгөн жокмун деп, ичкери жакка үн салды:
- Гүлнара турчу, жеңем келиптир, - деди эле чала була кийинип, Гүлнара ичтен чыга келип:
- Жеңе деги жайчылыкпы? - деди эле, Бурул калдастап:
- Жайчылык болсо таң атпай келет белем. Түндө кудалашкан келинибизди ала качып кете жаздаптыр, Султанаалы баласына. Бүгүн аны үйгө киргизиш керек. Мен түндө камыр жууруп койгон элем. Ачып калды, нан жасап, даярдык көрөлү. Бүгүндөн калсак дагы башка бирөөсү ала качып кетсе, элдин бетин кантип карайбыз. Сөздүн маанисине эми гана түшүнгөн Койлубай жай алып олтуруп:
- Султанаалынын кылаары анык болучу. Кечээ мага Дүйшөнбек куда жолугуп, кеп учугун чыгарган эле "бүлөңөрдү алып албасаңар, тиги Султанаалы кекетип кетти" деп. Алымкул дагы үйгө токтобой жатпайбы. Болбосо, баягыда эле алып келип алсак болмок.
Ар тараптуу сөз козголуп, бир пикирге келишти да, анан түш ченде келинди алып келүүнү планга киригизишти.
*********

#53 08 Январь 2017 - 21:51
Түнү Инабатты милиция үйүнө алып кетти, не бар не жок деген ойдо. Мындай шумдук болот деп эч ойлогон эмес эле. Бир жагынан Алымкулдун ошол кезде келип калганын кара. Болбосо, тигилер алып кетсе, эмне кыла алат эле. Апасы менен атасынын чырылдаган үнү кулагынан кетпей, балапанын коргогон чымчыктай эле чырылдашты го, чиркин. Ошол жерден билди ата менен эненин кадырын. Эч сыйлоону билбей колдорун таңып жатканда, күтүлбөгөн жерден жөлөнгөн арка тоодой болуп Алымкулдун кирип келгени тим эле чоң үмүттү пайда кылып, жашоодогу калыстыктан белги берди. Андан дагы опурулуп кыйын болуп жаткан олбурлуу Султанаалынын аталаш инисин Алымкул бир гана койгондо жыгылган бойдон турбай калганы башкаларынын жүрөгүн түшүрдү. Алымкул экинчи чабуулду Султанаалынын баласына койду. Анын бетин түздөп салгандай эле сабады. Бирок ал өжөр экен, канчалык токмок жесе дагы сыртка качып чыкканга жетишти. Алымкулдун жана эки досунун эрдиги Инабаттын көз алдынан кетпей калды. Милиция дагы кош-кат ыраазычылык билигизип, ыракматын айтты да, Инабаты өзү менен бирге үйүнө алып кетти. Аз убакыт илгери эле келип кеткен кызды, Сурандын аялы жакшы маанай менен кабыл алып, болуп өткөн окуяны укканда баштагыдан ашыкча мээримин төгүп, чай берди да анан ички үйгө төшөк салып берип жаткызып койду.
Андайда кайдагы уйку, ар нерсени ойлой берип башы дагы ооруп чыкты. Эгер Алымкул кечинде келип калбаса, анда азыр Султанаалынын үйүндө олтурат эле, кыялы чукул балсына айласы жок аял болууга баш ийип. Болуп өткөн окуя көз алдына тартылып, дагы бир жолу кыз болуп жаралып калганы өкүндү. Жок эле дегенде иниси же сиңдиси болсо эмне. Ушунча жыл алпештеп өстүргөн атасы менен апасынын колунан суурулуп чыгып кетүү бойго жеткен кыздын милдети белем. Аттиң, бекер жерден айтылбаса керек "кыз башка бирөөнүн бүлөөсү" деп. Болбосо, Инабат тийчү күйөөсүн атасынын үйүнө киргизип алса эмне болот эле. Бирок андай нерсе салтта жок да. "Жаман күйөө кайынчыл" деп дагы бекер айтылган эмес. Кайын журтту сыйла, бирок ашыкча эле кирип кеткен болбогон иш экенин танып болбойт. Инабаттын оюнун аягы барып эле Алымкулга такалды. Чын эле аны сүйөөрүн дагы бир жолу байкады. Алымкул качан сырттан кирип келгенде көзүнө укмуш зор адамдай көрүнүп, жашоосу аны менен гана бактылуу боло тургандай сезилип кетти. Таң сөгүлүп келе жатканда гана уктап кеткен Инабат, жалган шашкеде гана уйкудан ойгонду. Турса сырткы үйдө апасы күтүп олтуруптур, Сайра менен чай ичип. Апасын көргөн курган кыз тим эле көптөн бери көрө электей чуркап келип эле кучактап ыйлап жиберди. Гүлүм кызын бооруна кызып:
- Болду, кызым, эми баары артта калды. Кечиндегилердин баарын Суран байкең камап салганга үлгүрдү, ал эми сен алигиче уктап жатасың. Баса, кызым, бол тезде, сени бүгүн Алымкул алып кеткени жатат. Эртең менен апасы келиптир, "бүгүн алып албасак, дагы башка бирөөлөр ала качабыз деп чыгышат" деп. Тездейли, сени даярдайын. Атаң малдын камын ойлоп кетти, кудалар келип калса сойгонго деп. Сени ордуңа олтургузмайын жаныбыз жай албай калды көрүнөт. Алыска кетпей Алымкулга барганың деле оң болуп турат, кызым, - деди мээримин төгө карап. Сайра калдастап шашып калды:
- Эже, эртең мененки насип эмеспи, Инабат жок дегенде бир чыны чай ичсин, шаштырбасаңыз.
Гүлүм макул экенин билигизип, башын ийкеди. Инабат сыртка чыгып келген соң, бети колун чайып чайга олтурган кезде Суран келип калды да:
- Кечиндеги баатыр болуп жаткандардын баарын камап салдым. Азыр тим эле баары мусаапыр. Баамымда кечинде баарына ичикиликтен баса куюп берип, от алдырып туруп жиберсе керек. Бир гана жаман нерсе бирөөнүн жаагы сынып кетиптир. Аны мен өзүм моюнга алам. Милицияга кол көтөргөн кандай болот экенин билгизбесем элеби. Районго жеткизип, иштерин сотко өткөрүү керек. Болбосо мындай окуялар кайталана бериши толук мүмкүн, - деди да, колун жууп келип тасмал четинен орун алып олтуруп жатып Инабатка кайрылды:
- Түндө тынч уктадыңбы? - деп. Инабат башын ийкеп жооп берген соң:
- Байке, жанагы Султанаалы деген кишинин өзүн дагы камадыңызбы? - деп сурап калды.

#54 08 Январь 2017 - 21:52
Суран ысык чайдан ууртап:
- Алгач эле таң эрте уулу менен бирге экөөнү камагам. Азыр кечинде болгон окуяга катышкандар камакта олтурушат. Алардын ата-энелери дагы артымдан калбай жүрүшөт, кечирим сурап. Бул эми туура эмес да. Ишти жасардан мурда ойлонуш керек болучу. Сөз бир топко уланып, акыры Гүлүм менен Инабат үйүнө келсе эшиктин алдында Султанаалынын аялы баш болгон алты-жети кемпир олтурушуптур. Аларды көргөндө алгач эле Инабаттын жүрөгү түшүп кетти. Гүлүм алдын тосуп кечирип сурап чыккан кемпирлерге кайрылды:
- Менден эмне кечирим сурайсыңар, баргыла милицияга. Милицияга кол көтөргөн кандай экенин билишсин. Менин кызым аларга бөктөрө качкандай улак болуп калыптырбы. Баргыла дагы арыз-муңуңарды милиция менен териштирип алгыла. Аңгыча эле Дүйшөнбек дагы келип калды. Кемпирлер Дүйшөнбекке алаксып калышканда экөө үйгө кирип кетишти да, алгач эле Гүлүм:
- Кызым, кайсы көйнөгүңдү кийесиң? Тигилердин келчү убактысы болуп калды. Сен жок дегенде кийинип даяр болуп тур, - деди. Эх, кыз бала үчүн жасанган, жаңы кийим кийүү эмне деген бакыт. "Адамдын көркү чүпөрөк"- деп бекер айтылбаса керек. Ошол себептен өзгөчө бойго жеткен кыз үчүн түрдөп кийим кийүү кандай жетишкендик. Инабат өзүнө жаккан кийимдерин алып чыгып кийгени жатканда, Гүлүм күтүүсүздөн эле Инабатты сүйүнтүп:
- Кызым, сага билгизбей катып жүрдүм эле, жакшылыкка кийсин деп, бул көйнөктү кийип көрчү, - деди эле, жаңы көйнөктү көргөндө, Инабаттын көздөрү жайнап, оозуна сөз келбей калды. Аттиң, кыз бала үчүн мындай өткөн бакыт барбы. Ушул себептен "кыздын көзү кызылда" деп бекер айтылбаган чыгар. Инабат апасы берген көйнөктү алгач кармалап көрүп, анан кийди да, тим эле бул жалганда өзүнөн башка бактылуу адам жоктой сезилип кетти. Анткени уз кишинин колунан тишилген көйнөк боюна куп жарашып, чырайына чырай кошуп, Инабаттын көңүлүн абдан өстүрдү. Азыр сырттагы тиги Султанаалынын талапташтарын көрүп капа болуп жаткан Инабат баарын эсинен чыгарып, көйнөгү менен алек болуп калды. Аңгыча эле сырттан Дүйшөнбек кирип келип кызынын чекесинен өөп:
- Кызым, көйнөгүңдүн жаны морт болсун, өзүңдү жаңын бек болсун, - деди да, Гүлүмгө карап:
- Тиги сыртагы кемпирлерди кантип кетиребиз. Кудалар келсе эмне дейт болду экен? Сөзгө түшүнбөгөн немелерге кандай айтсаң дагы баары бир тура.
Гүлүм, кызынын кубанганына ыраазы болуп жатып:
- Мейли олтурса олтура беришсин. Биздин эмнебиз кетип жатыптыр.
Айымжан тиги кемпирлердин келип эшикти сагаалап тургандарын Бурулга башкача сөз менен айтып келди эле, калдастап жаткандар баштагыдан дагы шашып калышты. Алымкул эки жолдошу менен эки жеңесин жанына алып, чоң шашкеде келип калышты. Жаман ойлорунда тигилер кызды сурап келди деп ойлошкон, бирок андай эмес экенин чалгынга кеткен аялдан угушкан соң гана өздөрүнө келишти. Убакыт сааты жетип эки жеңеси кызды үйдөн жетелеп чыгышты. Алымкул менен Инабаттын толкундангандарында чек жок. Экөө тең ишене беришпеди. Эшиктин алдын сагалап олтурушкандар кыздын өз каалоосу менен тигинтип Алымкулду колтуктап кетип бара жаткандарын көрүп, көздөрү кычышты. Баарынан дагы Султанаалынын кемпиринин ичи күйүп, узап бара жаткан эки жашты телмире тиктеп турганда үйдөн Дүйшөнбек чыгып:
- Эми кетип калгыла. Азыр кудалар келишет. Мен куда тосушум керек, - деди, жай сөзгө келип. Ушул эле сөздү күтүп олтурушкан белем, олтургандар орундарынан туруп, келген жактарын көздөй жөнөштү.

#55 08 Январь 2017 - 21:54
"Той болот, тойдун эртеси да болот"- дегендей, келин келип, үй ичи опур-топур болуп, келин көрүп келгендердин аягына чыгып акалган кезде, кудага кеткендер келип калышты. Эне үчүн мындан өткөн бакыт барбы. Багып өстүргөн бала тилди алып, айткан сөздү угуп койгон ийгилигин гана берээринде эч шек жок. Качан эле ата менен эне балага жаман нерсени каалачу эле. Дегенибиз, эгер Алымкул апасынын тилин албаган болсо минтип Инабатка үйлөнбөйт эле. Эненин тилин алган үчүн кызга жолукту, анын көңүлүн алды, акыры минтип экөөнүн ой-тилеги бир жерден чыгып, көңүлдөрү төп келип, үй бүлөө курууга бел байлашты.
Кечинде молдо келип нике кыйды. Ооба, үйлөнүп койгон оңой, бирок никенин дагы өзүнчө касиети бар экенин элес алышкан эмес.
Молдо нике кыйаардан мурда алгач Алымкула күйөөнүн милдетин, андан соң Инабатка аялдын милдетин аткара билүү керек экенин таамай жана жеткиликтүү сөздөр менен айтканда гана үйлөнүп жаткан эки жаш эми гана чыныгы жашоо башталганын билишти. Бир жагынан молдо абдан билимдүү жана сөздү жеткиликтүү, түшүнүктүү кылып айта алган сапаты бар болгон үчүн, элге кадырлуу. Ооба, бир жагынан молдо абдан жүйөөлү сөздөрдү айтты. Анын өзгөчө Инабатка жаккан сөзү бул болду "Алымкул балам, сен алыска же бир жакка кете турган болсоң, аялыңа айтып, кеңешип кеткениң оң" дегени оюнда калды. Бул сөздү айтканда Инабат, Алымкулду тигиле карап көз карашы менен билгизди "уктуңбу" дегенди.
Үч күн көшөгөдөн чыкпай олтурган Инабат жоолукту үлбүрөтүп салынып, күткөнү эле Алымкул болду. Ал сыртка чыгып кетет дагы, кайра келмеги азап болду. Жаңы келген келин үчүн эң жакын адамы бир гана күйөөсү болот эмеспи. Инабат дагы бир жагынан көшөгөдө олтуруп тажап кетсе "азыр келем" деп кеткен Алымкулдун күттүргөнү ичинен жеди. Убакыт түштөн ооп калган кезде Бурул сырттан кирип келип:
- Инабат, кечке олтуруп тажадыңбы. Азыр киши деле жок, сыртка чыгып алаксы. Мен дагы сендей болуп кайын атаңа тийген кезим такыр эсимден кетпейт. Салт боюнча үч күн көшөгөдө олтуруу керек. Бул салт деле менин оюмча жакшы экен. Эми сен мындан башка минтип көшөгөгө кирип олтурбайсың да. Адам баласынын башына бир гана жолу келе турган нерсени учурунда туура кабыл алып коюш керек. Эртеңден баштап идиш-аягыңды кабыл аласың, сен өзүң келин күтөнгө чейин идиш жууган мойнуңдагы парз. Аял кишини жаратканда үй ичиндеги ишти жасаганды милдет кылып койгон тура. Баса, тиги Султанаалыны, баласы менен бирге райондун борборуна алып кетиптир. Алымкул дагы милицияда жүрөт, түшүндүрмө керек белем. Инабат эми гана билди, Алымкулдун кайда кетип жатканын. Сураса өзү такыр эч нерсе айтпай койгон болучу. Бир жагынан Алымкулдун сөзгө түшүнө билгени жакты. Кечинде төшөккө жатышканда гана экөө чечилип сүйлөшүшөт. Андан ал эскертип айткан эле "Инабат, эми экөөбүз бирге түбөлүккө жашайбыз. Азыр күндүз жаныңа көп турбайынчы. Мага абдан ыңгайсыз боло берет. Анткени бир жолу тиги Сагын байке жаңы үйлөнгөндө анын дарегине "аялсаак" деген сөзөрдү айтканын кулагым чалган эле. Мен дагы ошол сөздү өзүмө жакындатып албайын" деп айтты. Убакыт жылып, баары кечки тамакка олтурушканда Алымкул апасынан сурап калды:
- Апа, сиз айтпадыңыз беле, Инабатты келин кылып берсең, жапайы кишини колго түшүрүүнү жолун айтып берем деп. Ал ушул суукта кантип күн көрүп, кантип жашап жатты болду экен? - деди эле, Инабат чочуп:
- Ал эмне болгон жапайы киши? - деп, сурап жиберди. Сөздү Бурул алды:
- Балам, эми мына бир башың эки болду. Сенин мындан аркы жашоодогу милдетиң көбөйдү. Эми баягыдай болуп тоо-ташты аралап жүрчү кезиң артта калды. Жапайы кишини азыр эмес, эми жаз келгенде кармаганың оң. Ал азыр кыштын камын жайда көрүп, тамак ашын камдап алып үңкүрүнөн жылбай жатат да. Ушунча жыл жашаган ал киши тоонун жашоосуна деле көнсө керек деди. Бир жагынан апасы абдан туура сөз айтты. Сөз ушул жерге келгенде, Токтосун менен Айшакан, кызы Бейшекан болуп келин көрүп келип калышты да, сөз үзүлүп калды. Жай алып олтурушкан соң Токтосун:
- Малды жайлап чыкканча ушул убакыт болуп кетти. Баарынан дагы иним келип калыптыр.

#56 08 Январь 2017 - 21:55
Сенин үйлөнгөнүңдү угуп, кантип келбей коёлу. Убакыт деген неме алдамчы. Улам эртеңкиге калтыра берсек, келин көрүп келчүдөн эмеспиз. Бурул жеңе, бизге туура түшүнүңүздөр,
кеч болсо дагы келип калдык. Тамак жасап убара болбой эле койгула. Биз чай ичип эле кетебиз. Кап, сүйүнчү айттырып койсоң эмне? - деди, Алымкулга карап. Алымкул күлүп:
- Ушул жашка келип аял алдым деп сүйүнчү айттырган киши укпаптырмын. Апамдар айттырса анда сөз башка да.
Айшакан ала келген жоолугун Инабаттын башына салып жатып:
- Бактылуу бол. Алымкул жөн бала эмес. Тилин таап, түбөлүккө бирге жаша, - деди. Тасмал үстү кайра жаңыланып, кайберендин этинен куурдак кууруганга казанга от жагылды. Бир чыныдан чай алдыга келгенде Токтосун сөздү алды:
- Алымкул сенин жакшылыгыңды кантип унутайын. Эртең иниңди ат менен жиберип жибер, келиндин көрүндүгү болсун, бир борук берейин. Уктум, Султанаалынын жоругун. Элдин баары жерге түкүрүп жатат. Ошол дагы акылы бар кишинин жасаган ишиби. Тээ илгертен бери келе жаткан салт эмеспи, кудалашкан кызга тийбеген. Султанаалы башынан айнып калган эмес беле деги? Баса, сага тиги Курбан дагы бир кой берем деп оолугуп жатат. Анткени анын алты айласын кетирген карышкырды сен аткан турбайсыңбы. Курбан өзүнө-өзү убада берип коюптур "ушул бөрүнү ким атса, бир кой берем" деп. Карышкыр ушунчалык жанына батса керек. Алымкул таң калып:
-Кайсы бөрүнү айтып жатат? Биз Карыбек карыя экөөбүз, кеминде ондон ашык карышкыр аттык, анан кайсынысы экен? - деди. Токтосун сөздү ооздон жулуп алып:
- Кызыл-Чаптын алдынан карыган бөрүнү сен аттың беле? -деди эле, Алымкул өткөндү эстеп:
- Ооба, аны мен амал менен аткан болчумун. Ал бөрү биздин акыркы атканыбыз болгон. Күн кечтеп калган үчүн Курбанга жолукпай эле кетип калганбыз. Ал турсун ал бөрүнүн терисин сыйрымак турсун, жанына жакын барган эмеспиз. Чынын айтканда ал картаң бөрү адамдан дагы акылдуу экен. Курбан айткан болучу "укмуш амалдуу бөрү, көптөн бери аттырбай алты амалымды кетирди" деп.
Токтосун сөздү бөлүп, сурап калды:
- Анан сен аны кантип атып алганга үлгүрдүң?
Алымкул колун жаңсап:
- Байке, эми сиз сөздү бөлбөй угуп туруңуз. Ал бөрүнүн тарыхы узун сабак кеп болот. Бир Курбандын эмес ал көп чабандын алты айласын кетирген картаң бөрү, бул аймакка кеч күздө гана келип байыр алат. Эрте жазда Көк-Кыяга барып, суур кармап жеп, жанын багат. Ал бөрүнү мен дагы көптөн бери аңдып жүргөм. Жалгыз жүргөн карышкыр. Анын түгөйү бар эле. Аны Сыртпай мергенчи атып алган. Ага чейин тиги эки бөрү канча малды жешти. Андан дагы канчыгы жылына бирди гана тууп, чоңойтуп кайра экөө жалгыз калчу.
Мен ал карышкырды наркы Кең-Булуңдун кырынан чыгып келе жатып көрүп калдым. Карышкыр дагы бизди көрүп, сайдын ичи менен качкан болду. Карыбек карыя ылдый түшкөн кезде чарчадым, кичине эс алып алалы деп калды, оңдой берди болуп. Мен дароо макул болуп, сырт кийимди чечтим да, карыяга эскерттим "сак болуңуз" деп. Анан сай ичиндеги карышкырдын изине түштүм. Карга түшкөн из бир аз барган соң эле жок болуп кетти. Мен абдан таң калып калдым. Колумда октолуу мылтык. Карышкыр анча деле узагандай болгон жок. Бирок жылан сыйпагандай дайын оту билинбейт. Дароо ойлоно калып, эки жакты аяр карасам, баяга бөрү, жашынмак ойногон баладай чоң бактын коңулуна кирип алып жашынып жатат. Аны эч ким байкамак эмес. Бактын түбү дагы кудум үңкүрдөй болуп желип калганын кантесиң. Жазындагы сел жесе керек. Мен байкамасан болуп, бир метрдей нары баскан болдум да, жону чыгып турган бөрүгө алгач таш ыргыттым. Ошондо ал жаткан ордунан тура качкан кезде гана атып калганга үлгүрдүм. Эми анын акылдулугун ушундан улам билсе болот, колунда куралы жок адамдан коркпойт десең.

#57 08 Январь 2017 - 21:56
Токтосун сөз кезеги келгенде тасмал четиндегилерге кызы Бейшеканды Алымкулдун чөөлөрдүн колунан сууруп алганын тим эле өзү көрүп тургансып көркөмдөп, кооз кылып айтып берди. Муну укканда Бурул уулунун элге жарыгы тийип, керекке жарап жүргөнүн өз кулагы менен угуп, ыраазы болду. Баланын дарегине жакшы сөз угуу ата менен эне үчүн билинбегени менен кандай жагымдуулукту тартуулайт.
Ооба, байлар олтурган жерде сын көз караш менен сын сөздөр айтылат, ал эми карапайым адамдар олтурган жерден гана турмуштан кезиге калчу калыс жана маанилүү сөздөр айтылат эмеспи. Ансыңары бул олтурушта турмушта сабак боло турган учкул сөздөр, маанилүү баяндар кеп кылынды. Сөз өңүтү Дүйшөнбектин карышкырларга камалганы тууралуу уланып кетти. Токтосун дагы сөздү бөлүп:
- Кайын атаңды кантип анан бөрүлөрдүн туткунунан бошотуп алдың? - деди эле, Алымкул мыйыгынан күлүп:
- Анда ал киши кайын атам болуп калат деген оюма дагы келген эмес эле да.
- Билсең эмне кылат элең? - деди эле Алымкул күлүп:
- Анда үңкүр ташка дагы эки күн жаткызып, кайберен атып келип таш кордого эт бышырып берип сыйлап, эс алдырып анан алып келмекмин. Бирок ошол кезде жапайы кишинин дагы жолугуп калганы себеп болду да. Азыр эле кете калабыз деген Токтосундар түн жарымына чейин олтурушту. Чынында эле адам баласы жакшы сөздүн кулу эмеспи. Жакшы сөздөр айтылып жатып, убакыт кандай өтүп кеткенин билбей дагы калышты. Бир кезде Алымкул ыңгайын келтирип:
- Токтосун байке, мындай эми. "Эки жакшы жолукса кудулашат, эки жаман жолукса кубалашат" деген кеп бар. Артымда эки иним бой тиреп турат. Бейшеканды биреңиз улуу иниме. Жакында барып сөйкө салып коюлу да, күзүндө колго алалы деди, ойдо жок жерден. Токтосун бир саамга жер тиктеп ойлонгон болуп:
- Эки бала сүйлөшүп көрсүн. Мен кантип силерди чанайын. Эгер силер мага жана үй бүлөөмө жакпасаңар ушул убакытка чейин отурат белек. Адам дагы көңүлү сүйгөн жерден кеткиси келбейт. Жолдо келе жатканда жеңең какшанып келген "кайра тез келели" деп. Эми минтип өзү дагы шашпай олтурганы силердин бизге жакканыңар, - деди. Алымкул баятан бери иниси менен Бейшекандын уурдана карашкан көз караштарынан жана эки жолу сыртка чыгып келгенин байкаган үчүн, ушул сөздү айткан эле. Бурул дагы күткөн эмес "куда болуу тууралуу сөз болот" деп. Сөздү Алымкул алды. Ал эмнегедир бүгүн ачылып, сөзмөр дагы болуп калганы Бурулду таң калтырды.
- Токтосун байке, мынча болду эми кичине олтура таргула. Эки жаш сыртка чыгып сүйлөшүп келишсин. Ага чейин апа, Инабат экөөңөр тез быша турган тамак жасай салгыла. Эртеңден өткөн алдамчы нерсе жок. Кана, Асыкул силер ички үйгө кирип сүйлөшөсүңөрбү же сыртка чыгасыңарбы бүгүн жообун алалы деди. Ооба, Асыкулга чынында эле кыз жаккан. Анын көз карашынан эле билди, өзү дагы ага жагып калганы. Эки жолу сыртка чыгышканда Асыкул чечкиндүүлүк кылып "Бейшекан, сен мага жагып калдың" деп айтканга үлгүргөн эле. Биринчи жолу жигиттен "жагып калдың" деген сөздү уккан Бейшекан толкунданып жатып, Алымкулга сыр алдырып койгон үчүн, Алымкул биричи жолу чечкиндүүлүккө барды.
Бурул тим эле сүйүнүчү койнуна батпай, дагы калдастап калды. Анткен менен Бейшеканды бир көрүп эле сынынан өткөзүп койгон "жакшы бүлө боло турган кыз экен" деп.
Эки жаш ички үйгө киришти, сүйлөшүп чыкканы. Ал эми Алымкул менен Токтосун сыртка чыгышты да, бошонуп келишкен соң, кайра олтурушту. Экөөнүн тең кабактары ачык. Анын себеби, Бейшеканга коңшу айылда жашаган атасынын бөлөсү Бектен куда түшүп келгени жатканын кулагы чалган. Кызын ага бергенче, Алымкулдун инисине бергени өзүнө ыңгайлуу сезилип туруп алды. Мындайда аялдар эч нерсе дей албай калат эмеспи. Айшакан каршы чыкмак, бирок Алымкулдун жасаган жакшылыгын кантип аттап, каршы боло алат эле. Андан дагы кызы тиги бала менен шынаарлашып калганын көзү менен көрүп турса. Баары бир эне өзгөчө кызына сынчы келет эмеспи. Астананы аттаганда эле байкаган, кызы менен тиги баланын жылдыздары төп келе түшкөнүн. Атаганат! Жаш кезек ай, кандай гана адам баласынын жетилип, өсүп-өнүп турган кези.

#58 08 Январь 2017 - 21:59
Жаман ой, жаман нерсе эмне экенини аңдап биле элек кезге эмне жетсин. Адам баласы токтолуп, жашоого көзү жетип, кимдин-ким экенин билип калганда гана көп нерсеге баам салып калат белем. Айшакан ал турсун Бурулду дагы сынынан өткөрүп, кызы келе турган жер кандай экенинен бери байкады. Ал эми кызы Бейшекандын ойлогон оюу апасына салыштырмалуу такыр башка болду. Бир гана Асыкулга жолугуп, аны менен сүйлөшүү болгон дитин ээлеп алган эле.
Ичкери кирген эки жаш сөздү эмнеден башташты билбей, бири-биринен сөз күтүп туруп калышты. Андайда оозго ылайыктуу дагы сөз келбей калат эмеспи. Буга чейин экөө өздөрүн эркин сезип, ал турсун жолугуп сүйлөшсөк жакшы болот эле деп жатышкан. Эми минтип тилектери дароо кабыл болуп, жолуккандары менен сөз таппай экөө бир топко туруп калышты. Бир кезде Асыкул үн чыгарды:
- Байкем кызык, дароо эле баарын ачык айтып салганы эмнеси, - деди эле, Бейшекан тигиле карап:
- Эркек адамдын чечкиндүү болгону жакшы. Тоок короздон качып бара жатып катуурак чуркаган жокмунбу дегендей, ургаачы жан дагы эркектерден чечкиндүүлүктү көп күтүшөт. Анткени аял затын жаратканда эркектен күч жагынан кем кылып жараткан. Ошол себептен эркектин күчтүү жана чечкиндүү болгону аял затынын табитин өстүрөт. Дегеним, бардык эле аялдар эркеги жок алсыз. Мен муну Алымкул байке чөөлөрдүн туткунунан бошоткондо даана билдим. Ага чейин менин көзүмө бир гана өлүм тартылып калган эле. Алымкул байке келип калганда чөөлөр дагы бир нерседен сезтенишип, алдуу адам заты келип калганын сезишти. Аял киши канчалык кадырлуу болгон күндө дагы баары бир "аял" деген сөз басып турат эмеспи.
Маанилүү жана абдан туура айтылган сөзгө Асыкул муюп:
- Бейшекан, мен сенин айткан сөзүңө кошулам. Бирок адам баласынын бир гана душман бул "тил" эмеспи. Тилди башкара билүү дагы бул чоң эрдик. Экөө бир топко турмуштук сөздөрдү сүйлөшүп олтурушуп, бири-бирине сүйүү темасында эч сөз айта алышкан жок. Буга албетте ичтен оңой менен чыкпаган улуу сөздүн таасири себеп болгонун жашырып болбойт эле.
Бир кезде, тамак бышып, тасмалга тамак келген кезде экөөнү чакырышты. Чынында эле балага дагы кызга дагы дароо эле макул болуу албетте ыңгайсыздык тартуулайт. Суроо жоопсуз калганынан пайдаланып, Токтосун:
- Анда мындай кылалы. Бир апта убакыт ичинде сен иниңден жооп ал, мен кызымдан жооп алайын. Макул болушса анда келип сөйкө салып кеткиле. Баары бир буйруктан болот эмеспи деп, бир пикирге келишти. Бул күн дагы өзгөчө Бурул үчүн абдан жакшы күн болду. Анткени уулунун көңүлү тиги кызга бурулуп калганын айтырбай эле билип, сырын ичине катты.
***********

#59 08 Январь 2017 - 22:01
Бул жалганда телегейи тегиз ким болуптур. Керек болсо "мен кыйынмын"
деген эл эгеси аталган хандын дагы бир салым тузу кем болгон эмеспи. Анысысыңары,
Алымкулдун дагы убакыт алга жылган сайын, кабагы ачылбай, эмнегедир түнт болуп, арзып жүрүп жеткен жары Инабатка дагы баштагыдай көңүл бурбай, өзгөрүлө түштү. Ооба, баары эле ар ким ойлогондой боло берсе анда жашоонун деле маңызы кетип калары анык. Инабат, такыр күткөн эмес, Алымкулдан мындай адатты. Ооба, жаңы таанышып, сүйлөшкөн кезде такыр башка адам эмес беле. Эми эмнеге азыр андай болбой калды? деген суроого жооп таба албай, кыйналып турду. Чынында эле адам баласы жашоого кандай жаралса, ошол бойдон калары анык белем. Алымкулдун өзгөрүлүшүнө албетте маңдайда чалкып жаткан улуу тоонун койнуна болгон сагынычы, кусалыгы себеп болгонун өзүнөн башка жан билбейт. Улам тоо жакты кызыга караганы менен кантип ал жакка барып, эки айдан бери катылуу жаткан мылтыгын мелтирете сунуп бир жаныбарды атып алат, мына ошондо гана кабагы ачылбаса, ачылчудан эмес. Түнү дагы үшкүрүгү катуу чыгып, баягыдай Инабатка көңүл буруу муздагына тартып, жашоого карата болгон максаты сууп бара жаткандай. Инабат эч ойлогон эмес эле Алымкул ушунча тез муздайт деп. Чынын айтканда азыр дагы аны сүйүп, ага ашык экенин тана албайт. Түн ортосуна чейин ар нерсени ары карап жаткан калыбында ойлоп жатты. Башка бирөөнү сүйүп калдыбы дейин десе ага деле мүмкүнчүлүгү болгон жок. Башка бирөө менен эмес, керек болсо өзү менен дагы ачылып сүйлөшпөй жатканына таң берип, жооп таба албай жатып, уктап кетти. Эртең менен адатынча эрте туруп, таңкы наардын камын көрүп жатканда алгач Бурул ойгонду. Анан Алымкул турду. Бул кезде мешке от жагылып, чай кайнап калган. Кабагы салыңкы Алымкул сыртка чыкканда Бурул кабагын түйүп:
- Тигинин оорусу кармаган тура деди эле, Инабат чочуп кетип:
- Апа, эмне оору? - деп жиберди. Бурул чайдан шорулдата ууртап:
- Балам, экөөбүздүн тагдырыбыз окшош экен. Мен дагы кайын атаңа жаңы тийгенде сенин абалыңды башымдан өткөргөм. Алымкулдун эми кабагы ачылбайт, тиги тоосуна барып үшүп тоңуп, бир нерсе атып келбесе. Бул "кумар" деген неме азап тура. Булардын канында бар, кыштын суук күнүндө тоого чыкпай калышса ушунтип ооруп калган адат. Макул көрсөң уруксаат берели, "тооңо барып кел" деп. Антпесек болбойт го.
Инабат таң калып:
- Ушул сууктабы? - деди эле, Бурул башын ийкеп:
- Ооба, ушул суукта. Мейли барып суукка тоңуп, бир сыйра ооруганда гана өзүнө келет. Ушунча жыл багып өстүргөн баламдын сырын мен беш колумдай эле билем да. Ишенбесең терезеден кара. Тоо жакты тим эле эрин күткөн аялдай телмире тиктеп карап турганын көрөсүң, - деди эле. Инабат терезеге келип караса апасы айткандай эле Алымкул тоо жактан көзүн албай карап турган экен. Ушул жолу дагы бир жолу таң берди. Бурул баласынын бул кылыгын мындан бир апта илгери эле байкап "ушул кантип болсун, арзып сүйгөн жарынан чын эле ошол тоо артык болуп калдыбы" деп, ойлоп койгон болучу. Инабат кабагы салыңкы келип ордуна олтуруп, бошогон чыныга чай куюп жатып:
- Апа, тоосуна барса кайра канча күндөн кийин келет? - деди эле, Бурул көңүлү суз, мелтирей бир жерди теше тиктеп:
- Аны өзү эле билбесе, эч ким билбейт. Бул мергенчи менен жашаган жашоонун күнү дагы курусун. Кайын атаңды мен тийген күндөн баштап күткөм. Азыр эстесем, жаным кашаят. Дагы жакшы Алымкул ушунча убакыт чыдады, тоосуна барбай. Тиги Карыбек карыя, карыганына карабай азыр деле эки күндүн биринде тоодо жүрөт, салпактап сууктун күнүнө карабай.
Сөз ушул жерге келенде сырттан Алымкул кирип келип калып, сөз үзүлүп калды. Инабатты эми даана санаа басты. Алымкул кандай түнөрсө, андан эки эсе түнөрүп, кабагын салып чай куюп сунду эле Алымкул корс этти:
- Сага эмне болду?- деп.
- Мага эмне болмок эле? Сен тооңду сагынсаң, мен ата-энемди сагындым. Мени аларда сен эмне деген убаданы бергениң эсиңдеби?! Кааласаң азыр кете бер тооңо, сени эч ким кармабайт. Ушул кантип болсун, али үйлөнө электе эле минтип кабагыңды бүркөп. Эмне менден тажап баштадыңбы?

#60 08 Январь 2017 - 22:03
Каласаң азыр деле кетип калам, бирок жашоо бир сен ойлонгондой эмес! - деди. Инабаттан мындай таасын айтылган сөздү күтпөгөн Алымкул аз да болсо сестене түштү. Ал турсун Бурул дагы келининин чечкиндүү жана таамай айткан сөзүнө ичинен ыраазы болуп, уулунан сөз күттү "эмне дейт болду экен" деп. Алымкул анткен менен убадага турган адамды жакшы көрөт. Бир ооз сөз менен болгондо дагы апасынын көзүнөчө айтылган сөзгө муюп:
- Эмне, сен мени чанып кеткиң келип калдыбы? -деп сөзүнөн чалынып сүйлөп алды эле, Инабат баштагыдан катуу өңүн бузуп:
- Мен сени эч качан чанбайм жана чанайын деген оюм дагы жок. Эмне акыркы кездерде күйөөсүн коркуткан аялдай кабагыңды ачпай, дулдуясың. Сен менин көңүлүмдү көтөрүшүң керек эле, мен сеникин эмес. Инабаттын тилине так экенин байкабаптыр. Бир жагынан ашыкча сөз оозунан чыгарган жок. Инабат байкатпай кайын энесине көз кысып койду "унчукпай олтуруңуз" деп. Алымкул чынында эле аялынын кетип жатканын элестетип алып жаман болуп кетти. Анткен менен аны абдан берилип жакшы көрөт, бирок ичинен жеген азгырык дагы жанын койбой жеп жатпайбы. Бул билинбеген менен мергенчиликке берилүү адат дагы, өзүнчө бир чоң кумар экенин жашырып болбойт. Аңгыча эле оңдой берди болуп сырткы эшик ачылып, башкарманын чабарманы келип калды. Салам берип учурашкан соң:
- Сени башкарма тез келип калсын деп чакырып жатат, - деди эле, Бурул таң кала карап:
- Эмне кылат экен? -деп сурап калды эле чабарман:
- Коңшу райондун айылдарында карышкыр күч болуп жаткан го. Ошол жакка жумшайт окшойт, менин билишимче, - деди. Бурул бул сөздү укканда ичинен сүйүн алды. Анткени тиги тоого суукта баргандан көрө, айылдардан аткан карышкыр алда канча жеңил сезилди.
Айтылгандай эле Алымкул башкармага баргандан келгени тез болду. Тим эле энеси эркек төрөгөнсүп сүйүнүп алган. Чабарман айткан сөз чын экен. Айылдан Карыбек карыя жана Ашымбек болуп чогуу үчөө бармай болушуптур. Инабат узатып жатып акырын кулагына шыбырап койду:
- Алымкул баарын унутсаң дагы мени унута көрбө, сен мага абдан керексиң! -деп. Андан дагы апасынын көзүнчө катуу айтып койгонуна өкүнүп калган эле. Түшкө чукул чоң чана чегилген эки ат менен үйдөн өздөрү келип алып кетишти. Бурул узата караган тейде:
- Инабат, эми сен Алымкулга туура түшүн. Аны алигидей сөзүң менен коркутам деп ойлобой эле кой. Анын кыялы кармаса, абдан жаман. Кырс мүнөзү бар. Мен дагы бир кезде сендей болуп анын атасына кыр көрсөтө коём деп, аз жерден калган элем. Буйрук насип, нике кайып деген ушул. Эми сен аз-аздан гана тигини эпке келтир. Болбосо кек сактап калса, анда эле иш жаман жагына ооду дей берсең болот. Каалаган учурунда тоосуна жиберип турганың эле оң. Мейли үшүп тоңсун. Алар ошондон өздөрүнө канагат алабы, айтор түшүнүп да болбойт.
Инабат кайын энеси менен акыркы кездерде сырдашканга дагы өттү. Кыштын узун түнү, Алымкул жоктон пайдаланышып, экөө түн ортосуна чейин сүйлөшүп олтурган адат таап алышты. Көбүнчө Бурул күйөөсүнүн жоругун айтып түгөтө албайт. Кайын энесинин көргөн кордуктарын, тарткан азаптарын, кубанган учурларын, сүйүнгөн кездерин угуп олтуруп, ал ыйласа кошо ыйлап, күлсө кошо күлүп угуп олтурган адат болду. Бул кездерде Алымкулдун үйдө жогу билинген деле жок.