Азырынча мага кенешиниздер керекби же жокбу озумда билбейм.....
Мен кичинемден коп кыйынчылык коруп,ыйлап- сыктап чонойдум.Мурун коп адамдар арак ичишчу эле,ичкичтер толкунунан калбай менинда атам мен эс тартканы иччу.Ичкендеда жон ичпей апамды сабап,ызы чуу кылып,далай концерттерин кордукго чиркин(эстегимда келбейт ал кундорду).Мектепте да жон окуган жокмун атамдын "аба ырайына"жараша бир кун барам,мас болгон куну барбай калмай.Анан кантем уйдун улуусу болсом,мектепке барганда деле уйго сарсанаа болуп тынч окуй албасам.Озумда аябай санаачыл жаным коп ойлоно берип башымда ооручу.Атам мени классташтарыма далай эле уят кылды,мектептен чыгып классташтар менен чогуу келе жатсак атам мас болуп алып таш менен аларды кубалачу.Оооооой ошондогу менин уятымдан жерге кирип кетпейм же жок болуп кетпейм,эки бетим кызарып далай уят болдумго.Бирок ошентседа класстагы алдынкы 5 окуучунун бири болчумун.Ошол кезди ойлосом аябай тырышып окуптурмун, азырчы синдилериме болгон условияны тузуп берип,алам дегенин алып берсемда,сотка менен алек болушат.Кыскасы биринчи суйуумду баштайын)
Мен озумдун классташымды суйдум,болгондода класстын эн жакшы окуган жана эн тентек баласын.
Ошол кундорду так даана эстей албайм,башка авторлор мурунку суйлошкон создорунон бери жазышатго а мени кечирип койгула)ал кундор эмес бир жыл мурункуну эстей албайм.Ошондуктан эсимде барларды эле жазайын.Мен ал классташымды кантип кайсыл убактан бери суйуп калганымды эстей албайм бирок ал ал суйуум мн 20жашыма чейин алыштымго эх чиркин.Мен аны катуу суйуп журсомда эч сыр бербей журчумун анан кантем биринчиден кыз башым болсо,экинчиден атамдын ичкилигинен далай корунчумун, уялчумун.Ошентип ал классташымды ойлоп,оюмда ал классташым мн бир уй булоо болсом деп мечтать этип жургон кундорумдо, эшиктин алдын шыпырып атсам келип калыптыр ал суйгонум бир сабактан тетрадымды сурап.Аны коруп эле уялганымды сурабагыла иииииий аябай уялчаакмында=). Сураган тетрадын калтырап титиреп,кызарып татарып атып аран ун соз жок(тилин жуткан кишидей,а журокту болсо сурабагыла местасын таппай какылап сыртка чыгып кетчудой дукулдойт

Отурган жеримде уялып аран ичтим чай,анан кетээр убактым болуп кетем деп чыктым классташ балдарым болушпайт кал эле кал деп.Менда болбойм кетем деп эшиктерди бекитишти,бут кийимимди катып кыскасы кетире турган турлору жок(андайларын билгенде айтпайле акырын чыгып кете бермек экенмин)акыры ыйладым буркурап эле бергиле туфлимди деп анан чыгарышты эшикке.Артымдан бери жолго чейин ээрчип келгендери эсимде.Мен болбой кетип баратсам суйгонум келди чуркап:-Кичине узатып коёюн э-
деп.Класста жургондо суйгонум экообуз коп суйлошчу эмесбиз менин уялчаактыгымдан суйлой алчу эмесмин.А башка классташтарым мн болушунча эле ачылып чачылып суйлошчумун)а суйгонум келсе эле тилимди жутмай же ордумдан туруп кетмей
Анан суйгонум уйго чейин узатып келди,болбосо тиги вечеринка болуп аткан уй мн менин уйум аябай эле алыс,эмнени суйлошуп келдик эсимде жок,бирок ошол куну аябай бактылуу болгом.Уйго жеткизип коюп кетти,уйго келгени келип алып оюмдун баары тиги вечеринкада эмне кылып атышат деп,аябай кечда уктаганым эсимде.Эртеси мектепке келдик баары эле кечинки отуруштарын айтып бутушпойт.Бир убакта переменада эшикте отурганбыз кыздар болуп,анан эле менин суйгонум и дагы бир эки бала болуп келип отуруп калышты.Бир убакта мен суйгонум жакты карасам ал мени карап туруптур мен уялып ордумдан туруп мен кеттим деп кетип калдым.Карасам артымдан суйгонум келип кучактап туруп айлантып ийип туруп коё берип туруп мени жыргап карап турат(ошондону абалым аябай уялгам андан уялдымбы же элдер корду деп уялдымбы билбейм).Бул менин суйгонумду биздин класстын ичинен дагы 2 кызыбыз жакшы корушчу(эми кыздарды билесинерда озунчо ушакташып кимди жакшы коросун деп сурашмай барда,ошондон билчубуз эки кыздын жакшы корорун.А менден сурашса мен уялып эч кимди суйбойм деп айтчумун).Ошентип, классташымды суйуп аны мн ооруп жургон кундордун биринде атам мн апамдын ортосунда чон концерт болду,дагы да болсо ичкиликтин айынан,ал концерттин айынан апам бизди алып алыскы тоолордун арасындагы айылдан Бишкекке алып келди.Атам калды айылда(атамды аябай жакшы кором,ичседа, мени далай жолу сабап,мага таттуу балалык тартуулабасада мен сизди суйом ата,аябай жакшы кором Кудайым сиздин билип билбей кылган куноолорунузду кечирсин Ата!Кудайыма шугур азыркы убакта баары жакшы.)Ошентип биз Бишкекке келип
Тайкемдин уйуно жашап калдык(ушул тайкемден Аллах ыраазы болсун бизге аябай коп жардам берди.)Бишкекке жаны келгенде апам аябай кыйналды,ар кайсы жака иштеди.Мен болсо жаны мектепке кирдим орус кыргыз аралашкан мектеп,баары орусча суйлошот.Орусчадан далай кыйналып журуп уйрондумго. Кичине кыйналдым коно албай.Бишкекте кыйналып жашап журсокда авторунардын ою баягы суйгонундо болуп,сагынып, олуп журотда.Бир куну тайкемдин фонекс телефонун сурап алып айылдагы классташ дос кызыма чалдым(менде кайдагы телефон ал убакта,и ошол маалда айылдагы классташтарымдын азында эле сотка бар болчу.)Чалып алып классты сураганым мн оюмдун баары суйгонумдо же ачык сурай албайм,ал жонундо бир нерсе дейби деп кулагым досумда.Бир убакта классташ кызым:-сен кеткени (мен суйгон классташымдын атын айтып)аябай жаман болуп журот-десе болобу,аран турган журогум суйунгонунон местасын дагы какылай баштадыго чиркин,болбосо журогум мага таарынып "суйгонумду корсотпойсун мен сагындым" деп ооруп жатып алган эле

