Суперстан: Үчөөнүн жүрөгү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үчөөнүн жүрөгү Жек Лондон

#1 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

ДЕҢИЗ КАРАКЧЫЛАРЫНЫН ЭСКИ ЫРЫ

Ким бактысын кармаштарда
Келсе алгысы колу менен.
Канжар кармап, толкун жиреп,
Чыксын долу деңизге кең!
К а й ы р м а:
Шамал улуп, толкун күчөйт,—
Канжар болсо колдо биздин.
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
Тапанчага бычак жолдош —
Багынышат даңкы барлар!
Эрк майтарчу замбирек зор,
Жол тазалайт бизге шамшар.
К а й ы р м а:
Шерден корсар, өктөм шамал,
Шарап, байлык — сага да даңк!
Эй матрос, жан соога де,
Капитаның өлгөн эчак!
К а й ы р м а:
Туткундалган кемеге даңк,
Башын ийсе кайраттууга.
Олжобуз жүк жана бийкеч,
Калгандары калат сууда!
Жорж Стерлинг
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Б И Р И Н Ч И Г Л А В А

Аяктап келаткан жаздын таңында Френсис Моргандын турмушундагы окуялар укмуштуудай тез өнүгө баштады. Эгер убакытты артка таштап, коркунучтуу кандуу драманы, тактап айтканда, жөнөкөй кишилердин трагедиясынын катышуучусу, ошол эле убакыттын өзүндө Жаңы Дүйнө — Латын Америка элдерине тиешелүү жумшак көңүлдүүлүк жана ташкын ойлорго бай орто кылым мелодрамасынын күбөсү болуш кимдир бирөөнүн маңдайына жазылган болсо, Тагдыр ага Френсис Морганды тандаган болчу.
Бирок Френсис Морган өзү Тагдыр анын башына эмнелерди салууга камынып жатканынан таптакыр кабарсыз болчу жана жакындап келе жаткан окуяларга даяр эмес эле. Ал бридж оюнуна абдан берилип кеткендиктен, турмушунун ар бир күнүн кеч баштачу. Ордунан кеч туруп жемиш жана ботко менен тамактанчу: тамактангандан кийин китепканага жөнөчү — китепкана билгичтик менен тыкан тартипке салынган, анын атасы өмүрүнүн акыркы жылдарында өзүнүн кеңири жана көп тармактуу иштерин ушул жерден туруп башкарган бөлмө эле.
— Паркер,— деп кайрылды Френсис атасына да кызмат кылып келген кишиге,— Р. Г. М. өмүрүнүн акыркы жылдарында семирип кеткендиктин белгилерин сен байкадың беле?
— О жок, сэр, — деп жооп берди тигил, тажрыйбалуу кызматкерлерге тийиштүү урматтоо менен; анан жигиттин келишкен мүчөсүнө эрксизден сынай көз жүгүртүп койду. — Сэр, атаңыздын мүчөсү келишимдүү болучу жана эч качан өзгөргөн эмес; ал далылуу, кең көкүрөк, сөөктүү болгону менен бирок бели, сэр, бели ичке, дайыма ичке болучу. Анын денесин майрам сууга алып, стол үстүнө жаткырып коюшканда, сэр, шаардагы көп жигиттер өздөрүнүн мүчөсүнөн уялары шексиз эле. Ал киши өз боюн абдан тыкап алып жүрчү, мен ал кишинин ар дайым эртең менен төшөктө жатып алып, жарым сааттай ар кандай көнүгүүлөрдү жасай турганын айтып жатам. Аны бул адатынан эч нерсе баш тарттыра алган эмес. Мунсуз мен жашай албайм дечү ал.
— Ооба, атам өтө сымбаттуу болучу, — деди жигит, атасы койдурган биржа телеграфы менен бир нече телефон аппараттарына ойлуу карап.
— Абдан туура,— деп анын сөзүн ишеничтүү колдоду Паркер. — Атаңыз сөөктүү, далылуу жана кең көкүрөк болгону менен, ак сөөктөрдөй келишимдүү эле. Бул сизге ата мурасы, сэр; бирок сиз андан да сымбаттуураксыз.
Өз атасынан сымбаттуулукту гана эмес, эчен миллиондогон байлыкты да мурас кылып алган жаш Френсис Морган креслого мемиреп жантайынан жата калып, капаска түшүп, күчүн кайда жумшаарын билбеген арстан сыяктанып буттарын керди. Ал таңкы газетаны ачып, Панама каналынын Кьюлебр участкасындагы жээкти суу алып кеткендиги тууралуу кабарга көзү түштү.
— Биз Моргандар семирүүгө жөндөмүбүз жок, албетте, бул жакшы,— деди ал эстеп,— болбосо мындай жашоодо мен эчак эле семирип кетмекмин... Туурабы, Паркер?
Карт кызматчы анын сөзүн укпай калгандыктан кожоюнуна күнөөлүү карап калды.
—Так ошондой, сэр,— деди ал шашылып. — Баса андай эмес, сэр. Сиздин азыр жетилип турган чагыңыз.
— Андай эмес,— деди жигит ишеничтүү. — Мен семиргеним жок, бирок эттерим бошон калганы чын... Ушундай эмеспи, Паркер?
—Ооба, сэр... арийне, жок, сэр, мен айтмакчы элем; жок, сэр. Үч жыл мурда колледжден келгениңизде кандай болсоңуз, азыр да дал ошондойсуз.
—Демек, бекерчилик мага майдай жагат экен да,— деп Френсис күлдү. — Паркер!
Паркер көңүл коюп угуп турду. Бирок кожоюну өтө олуттуу маселе чечип жаткансып ойго батып кетти, анын колдору жакында койгон мурутун сылагылап жатты.
—Паркер, мен балык уулоого бармакчымын.
—Ооба, сэр.
—Бир нече бүктөмө кайырмак алдырган болчумун. Аларды даярдап, бери алып кел, карап көрөйүн. Бир-эки жумага токойго барсам пайдалуу болобу деп турам. Антпесем семирип кетип, укум-тукумубуздун наамына шек келтирем. Балким сен сэр Генри7 тууралуу уккандырсың? Баш кесер, каракчы, картаң сэр Генри тууралуу?
—Ооба, сэр. Мен ал жөнүндө окуганмын, сэр.
Паркер кожоюнунун буйругун орундатуу үчүн, анын сөзүнүн бүтүшүн күтүп, эшик алдында турду.
—Ооба, бул жерде сыймыктана турган деле эч нерсе жок, карт каракчы болсо эмне экен!
—Андай эмес, сэр,— деп Паркер каршы сүйлөдү. — Ал Ямайкада губернатор болуп туруп, урмат— сый менен жашап өттү.
— Дарга асылбаганына каниет кылсын, — деп Френсис каткырды. — Ачыгын айтканда, өзү негиздеген биздин урууну жалгыз өзү уят кылып жүрөт. Бирок мен башка нерсе жөнүндө айтмакчымын: ага таандык бардык нерсени кунт коюп карап чыктым. Ал өзүнүн мүчөсүнө көп карачу экен, кудайга шүгүр, өлөр— өлгөнгө чейин сымбаты бузулбаган бойдон калыптыр. Бул жагынан бизге жакшы мурас калтырган. Байлыгын болсо биз, Моргандар, таба албадык; айткандай, ал бизге мураска калтырган сымбат ар кандай каухардан да кымбат. Профессорлор мага үйрөткөн биология тили менен айтканда, бул — уруунун белгиси.
Сөз аяктап, кожоюнунун тынчышын узак күткөн Паркер бөлмөдөн акырын чыгып кетти. Френсис Морган Панама жөнүндөгү газетага басылган макаланы окууга киришип, каналдан кемелердин каттоосу үч жумасыз ачылбастыгын билди.
Телефон шыңгырап, учурдун эң жогорку цивилизациясынын электр нервдеринин жардамы менен атасы Риверсайлдрайвга курдурган үйдүн китепканасында олтурган Френсис Морганга Тагдыр биринчи жолу жетүүгө аракет кылып көрдү.
— Бирок кымбаттуу миссис Каррузерс,— деп сөз кайтарды ал телефон аркылуу. — Баары бир бул убактылуу ажиотаж. «Тэмпико петролеум» жайында. Бул соода кагазы эмес, акчаны ишеничтүү жумушка сарптоо. Абайлаңыз, дагы колдон чыгарып койбоңуз... Миннесоттон Нью-Йоркко келген кандайдыр бир фермер бир- эки пакет акцияны көзгө болумдуу көрүнгөндүктөн сатса сатып алгандыр да, ооба, ал жагы туура... Алар эки пунктка жогоруласа эмне болуптур? Баары бир сатпаңыз. «Тэмпико петролеум»— бул сизге лотерея, же рулетка эмес. Бул — бекем өнөр жай. Мен, мисалы, бул мекеме анча чоң болбостугун каалар элем — мына ошондо мен аны өзүм жалгыз финансыламакмын. .. Жок, жок, сөзүмдү угуп туруңуз: эч кандай жоготуу эмес. Биз азыр цистерналар үчүн эле миллиондон ашык долларга заказ бердик. Темир жолубуз менен үч нефтопроводунун өзү беш миллиондон ашык турат. Ооба, иштеп жаткан нефтескважиналары жүз миллион доллардык нефть берет. Ошондуктан биздин азыркы негизги милдетибиз ушунча нефтини деңиз танкерлерине жеткирүүдө турат. Азыр капитал жумшоонун негизги— учуру. Бир— эки жылдан кийин мамлекеттин кагаздары колуңуздагы акцияларга караганда болбогон бир нерсе болуп калат...
...Ооба, ооба, сизден өтүнөм. Биржа рыногуна көңүл бурбаңыз. Анан да, мен сизге бул акцияларды сатып алыңыз деп кеңеш берген эмесмин. Мен досторума эч качан мындай кеңеш бербейм. Бул акцияларды сатып алгандан кийин, эми бекем сактаңыз. «Тэмпико» кадимки Англия банкасындай ишеничтүү мекеме... Ии, кечээ Дикки экөөбүз олжону бөлүшүп алдык. Укмуштай компания болду десеңиз. Дикки бридж оюнунда кызуу кандуулук кылса да... ооба, брижадагы оюнчудай колубуз оң келди...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ха— ха! Мен кызуу кандуумунбу? Ха— ха!.. Ошондойбу?.. Гарриге айтып коюңуз, мен эки— үч жумага кетип баратам... Форель уулоого баратам... Көктөм, билесизби, арыктарда суу шылдырайт, дарактардын бутагына шире жүгүрүп, бүчүр байлап жатат, гүлдөр ачылып жана башкалар... Болуптур, жакшы калыңыз. «Тэмпико петролеумду» колдон чыгарып жибербеңиз. Миннесоттук фермер наркын көтөрүп бүткөндөн кийин, баасы бир аз төмөндөгөндө, дагы сатып алыңыз. Мен да ушундай кылмакчымын. Бул — акча таап алуу менен барабар... Ооба... Ооба, албетте. Болор— болбоско сатып жибере турган жөнөкөй кагаз эмес, балким баасы эч качан төмөндөбөшү да мүмкүн... Ооба, билип туруп сүйлөп жатам. Бүгүн сегиз саат уктап турдум, али бир тамчы да иче элекмин... Ии, болуптур... Жакшы калыңыз.
Френсис креслодон турбай, биржанын телетайпынын лентасына кол созду да, ага зериккендей көз жүгүртүп чыкты: аппараттагы кабарлар эч кандай кызыгууну туудурган жок.
Бир нече ичке кайырмакты көтөрүп Паркер кайтып келди; кайырмактар абдан жылмаланып кооздолгон болчу. Френсис креслодон ыргып туруп, телеграф лентасын бир четке ыргытты да, ошол замат аны унутуп койду. Ал оюнчуктай болгон кайырмактарды кармалап көрүп жаш баладай кубанды, аларды биринен сала бирин колуна алып, абаны шуулдатып, төбөсүндө айланта чимирилтип, бөлмөсүнүн тиги бурчунда көрүнбөгөн көл бар сыяктуу, ошол жерге кайырмак салып жаткандай аракет жасап көрдү.
Телефон шыңгырады. Френсистин ачуусу келгендиктен өңү жыйрыла түштү.
— Паркер, кудай тилегиңди берсин, өзүң сүйлөшчү,— деп буюрду ал. — Эгерде бир биржачы келесоо аял болсо мени өлгөн, же мас, же келте менен ооруп жатат, же болбосо үйлөнүп жатат деп айт, айтор коркунучтуураак бир нерсе ойлоп тап.
Бул суук жана сүрдүү үйгө ылайык келген кыска, токтоо, кичи пейил маектешүүдөн кийин, Паркер тыңшоочко: «Бир мүнөт күтө туруңуз, сэр»—деди да, анан колу менен аны бекитип:
—Бул мистэр Бэском экен, сэр. Ал сизди сурап жатат,— деди.
— Мистер Бэскомго айт, ары жоголсун, шайтан алгыр,— деди Френсис, кайсы бир жерге кайырмак салмакчы болуп аракеттенип: эгерде анын көздөгөнү түз барганда, кайырмак терезеден тышка чыгып, чөгөлөп алып, роза көчөтүн тигип жаткан бакчынын жүрөгүн түшүргөн болор эле.
— Мистер Бэском биржадагы абал жөнүндө сүйлөшмөкчү, ал беш минутадан ашык убактыңызды албайм дейт,— деп Паркер өжөрлөнүп туруп алды, бирок ал муну эч нерсеге арзыбаган, болбогон нерсени айтып жаткандай жумшак жана сылыктык менен айтты.
— Макул! — деп Френсис кайырмакты столго акырын жөлөп койду да, тыңшоочту алды. — Алло,— деди ал тыңшоочко. — Ооба, бул менмин, Морганмын. Сүйлөй бериңиз. Эмне болуп кетти?
Ал бир аз угуп турду, анан сүйлөшүп жаткан кишисинин сөзүн бөлүп жиберди:
— Сатуу дейсизби? Мүмкүн эмес! Эч качан... Албетте муну укканым үчүн кубанычтамын. Бирок акция он пунктка жогорулаганда да, албетте андай болбойт, баары бир колдон чыгарып жибербеңиз. Бул жогорулоо закондуу болуп, кийин төмөндөбөй калышы да мүмкүн. Акциялар ишеничтүү нерсе. Азыркы наркынан да кымбатыраак турат. Бул жөнүндө балким билбеши да мүмкүн, а мен болсо билем... Эгер Мексикадагы революциялар токтосо, бир жылдан кийин акциялардын наркы эки жүз процентке жетет... Эгер нарк төмөндөсө, менден сатып алуу жөнүндө көрсөтмө аласыз... Болбогон кеп. Контроль пакетти ким сатып алмак эле? Коюңузчу бул анда— санда, кокусунан боло турган окуя... Эмне? Кечиресиз. Убактылуу көрүнүш демекчи элем. Кулак салыңыз: мен эки жумага балык уулоого кетин баратам. Эгерде акциянын наркы беш эсе төмөндөсө сатып ала бериңиз. Эмнени сунуш кылса сатып ала бериңиз. М— да, колунда ишеничтүү мекеме туруп, андагы акциялардын наркы жогорулай баштаса, бул наркты төмөндөтүү оюнунан да опурталдуу. .. Ооба... Албетте... Ооба... Кошуңуз.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Френсис кайырмагына кайра кызуу алаксыды, так эле ушул убакта шаардын аркы четиндеги Томас Ригандын кабинетинде Тагдыр тынымсыз иштеп жатты. Томас Риган өзүнө караштуу далдалчылар тобуна «Тэмпико нетролеум» акцияларын сатып алууга буюруп, ар түрдүү каналдар аркылуу концессия маселесинде «Тэмпико петролеум» Мексика өкүмөтү менен келише албай жаткан имиш деген ушак таратты да, нефть боюнча эксперттин отчету менен тааныша баштады. Эксперт эки айга чейин Мексикада болуп, бул компаниянын чыныгы келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыккан болчу.
Кызматчы кирип, визит карточка узатты да, кандайдыр бир чет элдик кабыл алууну суранып жатканын билдирди. Риган кагазга карады.
— Ошол мистер сеньор Альварес Торреске айтыңыз,— деди ал,— мен аны кабыл ала албайм.
Беш минутадан кийин кызматкер кайра ошол визит карточка менен кайтып келди, эми анын артына карандаш менен бир нерселер жазылган болчу. Риган окуп чыгып, жүзүндө жылмаюу пайда болду.
«Кадырлуу жана урматтуу мистер Риган. Сизге, сэр, төмөндөгүлөрдү билдирүүгө өзүмдү милдеттүүмүн деп сездим, сэр Генри Морган каракчылык кылып жүргөн убагындагы салыгы кайсы жерде катылганы мага белгилүү.
Альварес Торрес».
Риган башын чайкады; кызматчы эшикке жете бергенде, кожоюну капысынан үн катты:
Чакыр, тез кирсин.
Риган жалгыз калып, башына келе калган ойду бышыктап үн чыгарбай күлдү.
— Мадырабаш! Сары ооз балапан! — деп сигара тартып жатып, оозунан бурулдата кобурады. — Карт Р. Г. М. сыяктанып өзүн арстан сезет. Анын куйругун жакшылап ийлеш керек, ал жагын тажрыйбалуу карт Ригандан көрөт.
Сеньор Альварес Торрестин англисче сүйлөшү да, үстүндөгү модалуу жазгы костюму сыңары кынтыксыз эле; кара тору өңү анын латын америкалык экендигин билдирип турганы менен анын капкара оттуу көздөрүнөн мунун тамырында байыркы испан жана индей каны агып жатканын билгизип турса да, ал чыныгы Нью- Йорктук кишинин өзү эле, Риган үчүн да мындан бөлөк адамдын кереги жок болчу.
— Көп жылдык түйшүктү эмгек жана тинтип— издөөлөрдөн кийин,— деп сөзүн баштады Торрес,— сэр Генри Морган өзүнүн салыгын кайсы жерге жашыргандыгып аныктадым. Байлык Желимче жээгине катылганына толук ишенем. Тагыраак айтсам: Чирикви көлүнөн салык көмүлгөн жерге чейин миң милден ашык эмес, бардык жагынан ал жерге эң жакын шаар — Бокас— дель— Торо. Өзүм Парижде окуганым менен ошол жерде туулгамын: ал жерлерди беш колумдай жакшы билемин. Мындай экспедиция үчүн кичинекей бир шхуна болсо жетишет. Аны жасалгалоо кымбатка түшпөйт, өтө арзан, анын ордуна ала турган пайдачы: бүтүндөй бир казына.
Сеньор Торрес унчукпай калды: ал өз оюн тактоо үчүн жакшыраак сөз таппай калган эле, бирок өзү сыяктуу ачуулуу жана мүнөзү катуу кишилер менен мамиледе боло берип бышын калган Томас Гиган адвокаттан бетер кошумча маалыматтарды сурамжылай баштады.
Ооба,— деп мойнуна алды сеньор Торрес,— азыр бир аз жардыланып калдым...Эмне десем экен?.. Каржалыбыраак. ..
— Сизге акча керекпи?— деп одоно тактады биржачы. Ал ындыны өчүп баш ийкеди.
Альварес Торрес катар берилген суроолорго кабылып, башка нерселерди да мойнуна алууга аргасыз болду. Ооба, ал Бокас-дель-Тородон жакында чыгып, эми эч качан кайтып барбайт. Ошого карабай, азыр алар бир жыйынтыкка келишсе, кайтып барууга даяр...
Бирок Риган жөнөкөй кишилерге буюруп көнүп калган адамдай колун жаңсап аны токтотту: чек дептерин алып, Альварес Торрестин наамына чек жазып берди. Горрес кагазга карап, миң доллардык санды көрдү.
— Менин оюм мындай,— деди Риган. — Мен сиздин бул дайыны жок сөздөрүңүзгө ишенбейм. Бирок менин бир жаш досум бар. Ал баланы абдан жакшы көрөмүн, жана чоң шаарлардын сыйкырдуу күчү — Бродвей жана анын сулуулары, дагы башка ушул сыяктуу нерселер — аны өзүнө тартып баратканына абдан тынчсызданып калдым, аны сиз түшүнөсүз.
Сеньор Альварес Торрес сүйлөп жаткан аристократка ак сөөктөрчө ийилип, таазим кылды.
— Кеп мындай, анын ден— соолугу, ошондой эле күнөөдөн арылып калышыңа эң жакшы чара — байлык издеп, күч эмгегин талап кыла турган, укмуштарга толгон саякатка чыгуу... сиз менин сөзүмө түшүнгөн чыгарсыз.
Альварес Торрес кайра ийилип таазим кылды.
— Сизге акча керек, — деп сөзүн улады Риган. — Аны кызыктырууга аракеттенип көрүңүз. Мына бул миң доллар эмгегиңиз үчүн. Аны карт Моргандын алтынын издөөгө кызыктыра алсаңыз — дагы эки миң сиздики болот. Эгерде үч айга кете тургандай кызыктыра алсаңыз — дагы эки миң кошуп беремин; эгер жарым жылга кетсе — беш миң. Мага ишенсеңиз болот: мен анын атасын жакшы таанычумун, бирге иштешкен досум эле... ал тургай ага— инидей болун калган элек деп айтсам да болот. Досумдун уулун түз жолго салуу, аны адам кылуу үчүн канча суммадагы акча болсо да аянбайм. Буга сиз эмне дейсиз? Алдын ала мына, сизге миң доллар. Жарайбы?
Сеньор Альварес Торрес калтыраган колдору менен чекти томолоктоп кайра жазып жатты.
— Мен... мен макулмун,— деди Торрес кекечтенип, ал толкунданып кеткенинен кекечтене баштаган эле. — Мен... мен... эмне десем экен?.. Мен бүтүндөй сигдин карамагыңыздамын.
Беш мүнөттүн ичинде Торреске өзү аткарышы керек болгон ролу тууралуу жол— жоболор берилди, анын Моргандын казынасы жөнүндөгү аңгемесине тажрыйбалуу жана амалдуу биржачы тарабынан, чындыкка жакыныраак болуш үчүн, бир аз өзгөртүүлөр кийирилди; ошондон кийин испандык ордунан турду, кетер алдында тамашалагансып, бирок өкүнүчү менен мындай деди:
— Бир кызык жери, мистер Риган, мунун баары накта чындык. Сиз киргизген өзгөртүүлөрдөн кийин менин аңгемем чындыкка бир топ жакындагансып калды, бирок ал ансыз деле чындык болчу. Мага акча керек. Сиз абдан берешенсиз, жана Мен колумдан келишинче аракеттенем. .. Мен... мен артисттик жөндөмүмө сыймыктанам. Ошого карабай ант ичип айта алам; Моргандын талоончулук менен жыйнап жашырган байлыгы кайда экенин билем. Мен көпчүлүккө көрүүгө уруксат берилбей турган документтерди карап чыгууга үлгүрдүм: баары бир бул документтерди бөлөк эч ким түшүнө алмак эмес. Ал документтер биздин үй-бүлөдө сакталат, көптөгөн ата— бабаларым алардын сырын билүү үчүн бага катырышкан, бирок сырын ача алышкан эмес. Анткени менен алар карманган жол туура болчу, бир аз ийкемдүүлүк жетишпей калган: алар жыйырма милдей эле жаңылышкан. Анткени, казына көмүлгөн жер документте анык көрсөтүлгөн. Бардык нерсе атайылап чаташтырылып бузулуп, табышмактуу жазылгандыктан, алар ката кетиришкеп; муну бир гана мен, мен туура таба алам. Мурда бардык деңизчилер өз карталарын түзүп жатканда ушундай табышмактан пайдаланышкан. Менин испандык ата— бабаларым да Гавай аралынын картасын түзүшкөндө бүтүндөй беш градуска ашык көрсөтүшүп, аны жашырып коюшкан.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Томас Риган үчүн булар кытай алиппеси сыяктуу табышмак эле; ошого карабай: «Иши көп кишини жумушунан калтырып, болбогон уламышты угууга аргасыз кылып жатат» дегендей, аны токтоо жылмаюу менен угуп олтурду.
Сеньор Торрес чыгууга үлгүрө элегинде бөлмөго Френсис Морган кирип келди.
— Акылдаша турган иш менен бир мүнөткө алдыңызга келдим, — деди ал кадыресе саламдашкандан кийин. — Сизден бөлөк анан ким менен акылдашмак элем, анткени сиз атам менен көп жыл бирге иштеген эмессизби. Менин баамымда, чоң бүтүм түзгөн учурда сиз анын шериктеши болчусуз. Ал ар дайым сиздин пикириңизге менин ишенүүмдү эскертчү. Ошондуктан мына алдыңызга келип олтурам. Эң оболу айтыңызчы, «Тэмпико петролеумга» эмне болуп жатат? Кептин жайы мындай, мен балык уулоого кетип баратамын.
— «Тэмпико петролеумга» эмне болуп жатат?— деги эле эч нерседен капарсыз кишидей, Риган суроого суроо менен жооп берди. Чынында анын баарына өзү себепчи эле.
Френсис баш чайкап, креслого олтуруп, тамеки күйгүздү, Риган болсо биржа телеграфынын тасмасына көз жүгүртө баштады.
— «Тэмпико петролеумдун» акцияларыпын наркы... эки эсе жогорулаптыр. Айтчы, чынында сени эмне тынчсыздандырын жатат?— деп сурады ал.
— Эч нерсе,— деп жооп берди Френсис. — Дээрлик эч нерсе. Бирок кайсы бир уюм «Тэмпикону» өз колуна алганы жатабы дейм, анткени ишкананын келечектеги баасы абдан чоң эмеспи! Бул, өзүңүз түшүнүп жаткандырсыз, арабызда калсын, башкача айтканда сизге өтө катуу сыр катары айтып жатам демекчи элем.
Риган баш ийкеди.
— Ишкана абдан чоң, — деп сөзүн улады Френсис. — Баары өз жайында. Бардык жагынан өсчү ишкана. Калп айтып эмне. Капысынан минтип наркы көтөрүлүп баратат! Сиз жеке киши, же бир топ акциялардын контроль пакетин колго алат деп ойлойсузбу?
Атасынын шериктеши ак чачтуу башын чайкады, бирок бул аппак чачка бөлөнгөн башта кара ниет ойлор турган эле.
— Койсоңчу, — деди ал, — бул убактылуу, капысынан болчу секирик. Мүмкүн биржа оюнуна катышуучу кишилер «Тэмпико петролеумдун» акциялары татыктуу нерселер экендигин туюп калышкан чыгаар. Сен өзүң кандай ойдосуң?
— Албетте, татыктуу, — кызууланып жооп берди Френсис. — Риган, мен укмуштуудай кабар алдым, таңдануудан оозуңуз ачылып калат. Мен бардык досторума, бул иштин жасалма жайы жок, арзый турган иш деймин. Бөтөн кишилердин капиталын өзүмө каратканым өкүнүчтүү. Ишкана абдан чоң болгондуктан, ушинтүүгө аргасыз болдум. Атам калтырган бардык капиталды жумшаганымда да — мен артык баш капиталды айтып жатам, башка ишканаларга каражатталганынан бөлөк, бардыгын сарптаганымда да, ишкананы кайрадан тургузууга жетпеген болор эле.
Эмне, каражаттан кыйналып турасыңбы? — деп сурады карт Риган.
— Жок, колумда жетишээрлик акчам бар, аны бул ишке жумшашым да мүмкүн,— деп жаш жигит камырабай жооп берди.
Айтайын дегениң...
— Албетте. Так ушундай. Эгер «Тэмпико» акцияларынын наркы төмөндөп кетсе, өзүм сатып алам. Чындыгында бул акча таап алган менен барабар эмеспи.
— Канчага чейин сатып алмакчысың? — деп сурады Риган, коноктун сырын билип алууга аракеттенип, бирок өз кызыкчылыгын камырабастык менен Френсистин аракеттерин коштоо пардасына жашырып.
— Колумда болгонунун барына, — ойлонбой туруп жооп берди Френсис. — Риган, мен сизге айтып жатпаймынбы, бул абдан чоң иш.
— Френсис, мен бул ишканага чындап кызыгып көргөн эмесмин, ошондуктан анын баалуулугун анык билбейм, бирок өзүмө белгилүү болгон кээ бир фактыларга таянсам, ал маанилүү ишкана көрүнөт.
— Көрүнөт имиш! Мен сизге айттым го, Риган, бул түбү жок алтын кенинин накта өзү, эч кандай жасалма жайы жок; анын акцияларын сатып жибергениме өзүм уялып жүрөм. Бирок акцияны сатып алгандардын бири да уттурбайт. Албетте азыр канчалыгын анык айта албайм... базарга бир нече миллион баррель мыкты сорттогу нефть чыгарып, бүткүл дүйнөгө пайда келтирем... Хаустек кенинде бир скважинам бар экенин билесизби, ал жети айдан бери күнүнө жыйырма жети миң баррель нефть берип жатат. Нефтинин булагы азырга чейин түгөнө элек. Бирок бул биз базарга чыгарышыбыз мүмкүн болгон нефтиге караганда дарыянын бир тамчысы эле. Бул нефтинин салыштырма салмагы жыйырма эки, андагы чөгүндү бир проценттин Ондон эки бөлүгүнөн да кемирээк. Мындан бөлөк дагы бир нефти фантаны бар, ага алтымыш миль аралыкка түтүк жаткыруу гана калган, ал күнүнө жетимиш миң баррель нефтини сыртка айдап чыгарып турат, көрүлгөн чараларга карабай бардык жакты нефти басып кетип баратат. Өзүңүз билесиз, албетте мен буларды сизге сыр катары айтып жатам. Ишим жаман эмес, ошого карабай «Тэмпико петролеумдун» акцияларынын паркы бийиктеп кетишин каалабайм.
— Бул жөнүндө тынчсызданбай эле койсоң болот, уулум. Анан дагы, нефть түтүктөн аксын, Мексикадагы революциялар басылсын, мына ошондо «Тэмпико» акцияларынын наркы асманга көкөлөйт. Азырынча бул түйшүктү унутуп, балык уулаганга кете бер. — Риган унчукпай калды, анан ал өзүн капысынан бир нерсени эстеген киши сыяктуу көрсөтүп, стол үстүнөн Альварес Торрестин артына карандаш менен жазылган визит баракчасын алды. — Карачы, мына буга, менин алдыма ким келди?— деп Риган капысынан башында пайда болгон ойду бышырып жаткансып, унчукпай калды. — Кайсы бир форель балыгын уулоо үчүн барып эмне кыласың? Анткени бул айтса- айтпаса убакытты бошко өткөрүү эмеспи. Мына бул кагазда болсо кызыктуураак уу бар — эркектер үчүн чыныгы көңүл ачуучу иш. Бул Адирондак тоосундагы персид хандарынын сарайына окшогон, балмуздак жана кызматкерлери бар кештелүү бак эмес. Атаң урууңарды баштап берген ушул каракчыга дайыма сыймыктанчу. Ал каракчы атама окшойм деп айтчу, а сен болсоң куюп койгондой окшошсуң.
— Сэр Генригеби,— деди Френсис күлүп, карточкага кол узатын жатып. — Мен да бул каракчы менен оңой сыймыктанбайм!
Ал визит карточкага чиймеленген сөздөрдү окуп чыгып, Риганга суроолуу карады.
— Тиги жигиттин мага айтып берген окуясы чын сыяктанып көрүнөт,— деп Риган түшүнүк берди. — Ал мага Желимчи Кылаасында туулганмын, казына кайсы жерде экендигин үй-бүлөбүздө сакталуучу документтерден билип алдым деди. Бирок мен албетте бул сөздөрдүн бирине да ишенбейм. Өз ишиме тиешеси жок нерселерге кызыгууга убактым да жок.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Уккан сөзгө караганда, сэр Генри дээрлик жакырчылыкта өлгөн,— деди Френсис; анын каштары жыйрылып, эки кашынын ортосунда моргандарга мүнөздүү өжөр бырыштар пайда болду,— ал жашырган казынаны болсо эч ким таба алган жок.
— Болуптур анда, балык уулоодон жолуңун болушун каалайм,— деп Риган жайдары күлүш койду.
— Эмнеси болсо да, мен ошол Альварес Торрести көрүүнү каалап турам,— деди жаш жигит.
— Жашырылгап алтын жөнүндөгү сөздөр кургак уламыш,— сөзүн улады Риган. — Бирок бул жигит айтып берген окуя акыйкатка абдан жакындашарын тангым келбейт. Ым-м, жашыраак болгонумдабы. .. айла канча менин бешенеме ушул жерде олтуруу жазылган тура.
— Сиз билеизби, ал адамды мен кайдан тапсам болот?— деп сурады Френсис. Бир мүнөттөн кийин, Томас Ригандын образындагы Тагдыр аны түшүрүү үчүн даярдап койгон тузакка башын ишеничтүү сунуп.
Алар кийинки күнү Томас Ригандын кабинетинде жолугушту. Сеньор Альварес Торрес Френсисти көрүп чочуп кетти, бирок өзүн дароо колго алды. Албетте, бул көрүнүштү Риган туйбай калган жок, ал күлүмсүрөп сурады:
— Карт каракчынын накта өзү, ошондойбу?
— Ооба, накта өзү,— Торрес калп сүйлөдү, же таптакыр калп жооп берди, себеби ал Френсистин сэр Генри Морганга окшош экенин сезген болсо да, ошол эле убакыттын өзүндө көз алдына сэр Генриге да, Френсиске да абдан окшош башка бир тирүү адамдын элеси тартылган эле.
Френсис жаш эле, жаштык болсо тоскоолдук эмне экенин билбейт. Жаңы атлас жана кадимки географиялык карталар убакыт өтүшү менен сарганып кеткен кагазга бозомук сыя менен жазылган документтер дароо ортого коюлду, жарым саат өтөр-өтпөстөн Френсис мындан кийин бир гана Бука же Музоо аралдарындагы балык уулоого барарын маалымдады Торрестин ишендирүүсүнө караганда, көмүлгөн казына Чирикви көлүндөгү ушул эки аралдын биринде болчу.
— Бүгүн кечки поезд менен эле Жаңы Орлеанга жөнөймүн,— деп маалымдады Френсис. — Ошондо мен Колонго жөнөй турган «Юнайтед фрут компани» кемелеринин бирине үлгүрүп каламын. О, мен кече жатаардын алдында эле бардыгын ойлоп койгом.
— Шхунаны Колондон жалдабаганыңыз дурус,— ден кеңеш берди Торрес. — Беленге чейин ат менен барыңыз. Кемени ошол жерден жалдаган оң: матростору да жөнөкөй адамдар — туземдиктер, дегинкисин айтканда баары жеңил бүтөт.
— Мүмкүн, бул туурадыр! — Френсис анын сөзүнө кошулду. — Көптөн бери ал аймактарды көрүүнү самап жүрчүмүн. Сиз ошол поездге үлгүрөсүзбү, сеньор Торрес?.. Сиз, албетте, түшүнөсүз, казначейлик милдетти жана бардык чыгымды мен оз мойнума алам.
Бирок Альварес Торрес Риганга карап, ал өзүнөн эмнени талап кылып жатканын байкады да, калп айтып кирди:
— Тилекке каршы, мистер Морган, мен сизге бир аз кийинчерээк жетип алам. Бул жерде кечиктирүүгө болбой турган ишим бар... кандай деп айтсам?.. Болор-болбос сот иши, аны акырына чейин жеткиришим керек. Чынында өндүрүлө турган акчанын суммасы анча деле чоң эмес, бирок үй-бүлөбүздүн намысы ортого коюлган, ошол себептүү, бул иш мен үчүн абдан маанилүү. Биз, Торрестердин да өзүбүзгө жараша сыймыгыбыз бар. Билип турам, бул силерге — америкалыктарга күлкү, ал эми биз үчүн абдан олуттуу нерсе.
— Ал сага кийинчерээк жетип алат, эгер изден адашып кетсең, жардам берет,— Риган Френсисти ишендирди. — Айткандай, унутуп кала элегиңерде олжону кандай бөлүшүүнү макулдашып алсаңар дурус болот эле... Кокус ошол казынаны бир күнү болбосо бир күнү таап алсаңар дегеним да.
— Сиз айтыңызчы, сиздин оюңузча кандай бөлүштүрсөк болот?— Сурады Френсис.
— Тең бөлүп алгыла. Тепетең,— деп сунуш кылды Риган, өзүнүн ишениминде таптакыр орду жок казынаны айкөлдүк менен аларга бөлүштүрүп.
— Ишиңиз бутөөрү менен дароо жетип барасыз ээ?— деп Френсис Торрестен сурады. — Угуңузчу, Риган, сиз бул кишинин ишине кийлигишип, тезирээк бир жаңсыл кылып бериңиз. Макулбу?
— Албетте, уулум,— деген жооп угулду. — Эгерде буга акча керек болуп калсачы? Берип турайынбы?
Сөзсүз бериңиз! — Френсис экөөнүн тең колун чын жүрөктөн бекем кысты. — Ошондо мен ашыкча түйшүктөн кутулган боломун. Болуптур, эми мен чуркайын: мурдатан дайындап коюлган жолугушууларды болтурбашым жана поездге үлгүрүшүм керек. Жакшы калыңыз, Риган. Сеньор Торрес, Бокас-дель-Торого жакын бир жайдан, же болбосо Бука, же Музоо аралындагы кандайдыр бир чуңкурда жолугушканча кошуңуз. Ошентип, сиздин оюңузча, казына Музоо аралындабы? Кана, андай болсо көрүшкөнчө. Adios8
Сеньор Альварес Торрес болсо дагы бир аз убакка чейин Ригандын алдында калып, өзү аткара турган иши жөнүндө кенен көрсөтмө алды: ал сапарга чыккан күндөн баштап бүткүл жол бойлото Френсистин экспедициясын кандай болбосун создуктурушу жана ага жолтоо болушу керек эле.
— Кыскасы, — жыйынтыктады Риган,— ал өз ден-соолугун ойлоп ошол жакта узак калып кетсе тынчсызданбайм, таптакыр кайтып келбей калса да көз жашымды төкпөймүн.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Э К И Н ЧИ Г Л А В А

Акча, жаштык сыяктуу, тоскоолдук эмне экенин билбейт, ошол жаштык менен акчанын табыгый жана закондуу ээси болгон Френсис Морган Риган менен коштошкондон үч жумадан кийинки бейпил таңдардын биринде өзү жалдаган «Анжелика» шхунасынын бортунда турду. Шхуна жээкке жакын жерде штиль9 тилкесине түшүп калган эле. Суу айнектей тунук, шхуна бир аз термелип турат. Бекерчилик жанына баткан, жаштык сыяктуу эле тоскоолдуктун эмне экенин билбеген, кайраты ашып-ташкан Френсис Морган ямайкалык негр менен индей аялдан төрөлгөн метис капитандан кичинекей кайыкты түшүрүүнү сурады.
— Бул жерде тотукуш менен маймыл, же болбосо ушуга окшош жандыктарды атууга боло тургандай, — деди Френсис, дүрбүсү менен жарым милче ары жактагы чытырман токойлуу жээкти карап.
— Ачыгын айтканда, жергиликтүү уулуу жыланга, лабарриге, кабыласыз, сэр,— ямайкалык атасынан кеп тилдерди билүу жөндөмүн мурас алган капитан, «Анжеликанын» ээси ушундап деп күлдү.
Бирок Френсисти кармап калууга болбой калды: анткени ал ошол убакта дүрбүдөн алыстагы аппак асьеиданы10, андан берки жээктен ак кийимчен аялды көрдү; ал турсун аялдын да дүрбү менен аны жана шхунаны карап жатканын байкады.
— Яликти11 түшүрүңүз, капитан,— деп буюрду ал. — Ал жакта кимдер жашайт. Ак түстүүлөрбү?
— Энрико Соланонун үй-бүлөсү, сэр,— деген жооп болду, — Сөзүмө ишениңиз, түпкү теги ак сөөк испан аристократтары. Ушул айлана бүт, деңизден Кордильер тоосуна чейин жана Чирикви булуңунун жарымы аларга карайт. Алардын жери көп, а акчасы аз. Аябагандай текебердүү жана ачуусу чукул адамдар.
Френсис кичинекей яликте жээкке карай сүзүп бара жатканда капитандын көрөгөч көзү анын тоту куш, же маймыл атуу үчүн мылтык, же чачма мылтык албаганын байкады. Анын курч көздөрү абдан бөлөк дагы түнт токойдун жанында даана көрүнүп турган ак көйнөктүү аялды көрүп калды.
Френсис тигил аял ордунда турабы же жокпу, аны билиш үчүн кайрылып кароого батына албай, туура маржан түстүү аппак кумга толгон жээкти карай сүзүп баратты. Анын оюнда эч кандай кара ниети жок эле, тек жигиттер үчүн табыгый болгон бир сезим — айылдык бир жаш аял, чамасы түркөй, жок дегенде карапайым айылдык аял менен таанышуу, азырынча штиль «Анжеликаны» өз укуругунда кармап турган соң, убакытты өткөрүү үчүн ал кыз менен аңгемелешүү жана тамашалашуу сезими бар эле. Кайыктын түбү кумга тиери менен Френсис секирип түштү да, күчтүү колдору менен анын тумшугунан өйдө көтөрүп, суудан чыгарды, мына ошондон кийин гана ал аял турган тарапка карады. Айланада бир да жан көрүнбөйт. Френсис ишеничтүү алга басты: «Ким эле болбосун бейтааныш жерге туш келип калганда жергиликтүү кишилерден жол сураганга акысы бар», — деп койду ал өзүнө өзү.
Убактылуу эрмек кылууну үмүт кылган Френсис ушунчалык эрмек тапты дейсиң, мындай болушун ал таптакыр ойлоп да көргөн эмес. Баякы көргөн аял так эле жомоктогу периштелердей капысынан токойдон чыгып келди да, кош колдоп аны каруудан алды. Бул бойго жеткен бийкеч экенин билүү үчүн бир жолу кароонун өзү жетиштүү эле. Френсисти кыз анын колун зор күч жана назик кысканы таң калтырды. Бош калган колу менен башындагы шляпасын алып, бейтааныш кызга Ныо-Йоркто тарбия көргөн, эч нерсеге таңданбай турган Морганча камырабастык менен таазим кылды да, таңданганынан ордунда сенек болуп туруп калды. Ал кыздын сулуулугуна гана эмес, өзүнө каардуу жана теше тиктешине таңданган болчу. Ал турсун буга чейин кызды кайдандыр жолуктургандай сезилди. Бейтааныш кишилер бири-бирине минтип кадала караганын ал билчү эмес.
Кыз кош колдоп анын колунан тартып, тынчсыздана шыбырады:
— Тезирээк! Менин артыман жүрүңүз!
Жигит бир мүнөт арсар болуп туруп калды.
Ошондо кыз аны чыдамсыздана силкип тартты да, ээрчитип жөнөдү. Френсис бул Борбордук Американын жээктериндеги кызыктуу оюндардын бири болсо керек деп ойлоп, жылмаюу менен кыздын буйругуна баш ийди, бирок анын артынан өз ыктыяры менен кетип баратабы, же кыз аны токойго зордоп ээрчитип кетип баратабы — муну өзү да сезген жок.
— Мен эмнени жасасам, ошону кайталаңыз, — деди кыз артына кылчая карап, эми ал Френсисти бир колдон жетелеп баратты.
Френсис ага жылмайып баш ийди: кыз жөрмөлөгөн жерден ал да жөрмөлөп, ийилсе ийилип баратып, өзүн Жон Смит менен Покахонтаска окшоштурду.
Кыз күтүүсүздөн токтоп, Френсиске жанына отурууну өктөм буюруп, өзү да аны менен кошо жерге отурду; эми ал туткунунун колун өзүнө тартып, жүрөгүнүн тушуна басты.
— Кудайга шүкүр!— деди ал деми кысылып араң. — Оо ырайымдуу бүбү Мария!
Кыязы оюндун шарты ушундай болсо керек деп ойлогон жана кыздын эркине баш ийген жигит, кудайга да, бүбү Марияга да кайрылбаганы менен, жылмайып, кызга окшоп колуп көкүрөгүнө койду.
— Кантип эле сиз эч качан олуттуу турууга үйрөнө албапсыз?— Кыздын көзүнөн каары кайнап, жалжылдай түштү.
Френсис дароо олуттуу боло калды.
— Садагам леди...12— деп сөз баштады Френсис.
Бирок кыз колун кескин шилтеп, анын сөзүн бөлдү. Кыздын ийилип кулак салып жатканына Френсис абдан таңдапуу менен карап турду, анан өзү да жакын арадагы жалгыз аяк жолдо адамдардын дабышын укту.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Кыз тынч туруңуз деп буюргандай, жумшак жана ысык алаканын анын колуна коюп, анан тез ордунан турду. Френсис анын бул ыкчамдыгы бүт канына сиңип кеткен экен деген жыйынтыкка келди. Кыз жалгыз аяк жолдон төмөн карай чуркан кетти. Аны көргөн Френсис таңданганынан ышкырып жиберүүгө аз калды. Балким жакын жерден кыздын үнүн укпаганда ышкырып жибериши мүмкүн эле: кыз испан тилинде сүйлөшүп жаткандардан бир нерсе жөнүндө такый сурады, эркектердин үнүндө аны урматтоо сезилип турса да, бирок өтүнүчүнө каршы чыкты.
Андан соң Френсис алардын өз ара сүйлөшүп, алыстап кетишкенин укту. Арадан кулак-мурун кескендей беш минутадай убакыт өттү, анан кайра Френсиске кыздын үнү угулду: эми ал жигитти жашырынган жайынан чыгуусун буюруп жаткан эле.
«Мына сага! Кызык, мындай шартта Риган өзүн кандай кармамак эле?»— Бадалдардын арасынан чыгып келатып жылмайып ойлоду жигит.
Ал кыздын артынан токойду аралап деңизге карай баратты, эми кыз анын колунан кармаган жок. Кыз токтогондон кийин, Френсис дагы эле оюн жүрүп жатат деп ойлоп, ага жакын келди да:
— Кармап алдым! — деп күлүп, кыздын далысына колун койду. — Кармап алдым!— Кайталады ал. — Эми кармоо сиздин кезегиңиз!
Кыздын капкара көздөрү жигитке каардуу кадалды.
— Келесоо!— деп кыйкырып жиберди ал, анап колуп көтөрүп, Френсистип оюнча өзүн ыгы жок эркин кармап, сөөмөйүн анын мурутуна тийгизди. — Мурут койсом мени тааныбай калат деп ойлодуңузбу?
— Бирок садагам леди...— ал кызды биринчи жолу көрүп турганын айтмак эле, сөзү оозунда калды.
Анын эринин тиштөөгө аргасыз кылган нерсе да кыз азырга чейин жасаган бардык кылыктары сыяктуу күтүлбөгөп окуя эле. Бул окуя чагылгандай тез болгондуктан, курсагына кадалган кичинекей күмүш тапанчаны кыз кайсы жеринен алганын байкабай калды.
— Садагам леди...— Ал сүйлөө үчүн дагы аракеттенип көрдү.
— Мен сиз менен сүйлөшүүнү каалабайм,— деп кыз анын сөзүн бөлдү. — Кемеңизге отуруңуз да, кетиңиз...
Френсистин баамында кыз өзүн ыйлап жибербей араң кармап турду. Бир аз тынчтыктан кийин ал сөзүн бүтүрдү: — түбөлүккө.
Френсис сүйлөөгө камынган эле, төшүнө катуу кадалган тапанча үн чыгарбоого аргасыз кылды.
Эгер бул жерге дагы бир жолу кайрылып кадам басчу болсоңуз — мени кудай кечирсин — сизди атып таштайм.
— Андай болсо, менин бул жерден кеткеним жакшыраак,— деди ал тамашалап, анан артына бурулуп кайыкты көздөй басты; мындай ыңгайсыз абалга түшүп калышы анын бирде күлкүсүн келтирсе, бирде уялтып жатты.
Ал өзүнүн калган ар-намысын сактоого аракеттенип, өзүнүн артынан кыз келатканын сезбегендей түр көрсөтүп баса берди. Яликти кумдан сууга түшүрүп жатып, жеңил шамал пальма дарактарынын жалбырактарын шуудуратканып байкады. Жээктен соккон жел деңиз суусун каралжын таттыргандай болду. Чыга беришинде оркоюп чыгып турган таштары бар Чирикви булуңунун айнектей суусу да карарып көрүнгөнсүдү.
Френсис яликке отуруш үчүн эми эле бир бутун көтөргөндө капысынан ыйлаган үндү угуп калды да, артына карады. Таң калаарлык, бейтааныш кыз тапанчасын төмөн түшүрүп ыйлап жаткан эле. Френсис бир аттап кыздын алдына барды, ага мээримдүүлүк кылып, колун далысына койду. Анып колу тиери менен кыз чочуп кетти, ал кетенчиктеп, көз жашып аарчыбай, ага таарынычтуу карады. Френсис кыздын мындай тез өзгөрүүчү мүнөзүн түшүнбөй далысын куушуруп, яликти көздөй басканда, бейтаапыш кыз аны токтотту.
— Сиз...— деп баштады да, үнү каргылданып, анан оор улутунду. — Коштошуп жатып жок дегенде, бир жолу өөп койсоңуз болбойбу?
Ушундай деп кыз кучагын жайып, жигитке бой таштады, бирок бул көрүнүшкө такыр ылайык келбей турса да, ал дагы эле оң колунда тапанчасын кармап турду. Эч нерсеге түшүнбөгөн Френсис бир азга эмне кыларын билбей калды, анан кызды кучактады эле, тигил аны эрининен соро өөп жиберди, бул Френсистин акылын айран кылды; бейтааныш кыз анын көкүрөгүнө башын коюп, солкулдап ыйлап жиберди. Френсистин көзү караңгылап кетти, ошондо да эки далысынын ортосуна тапанча катуу такалып турганын сезип турду. Бир аз убакыт өткөдөн кийин кыз көз жашы жууган жүзүн көтөрүп, Френсисти бир нече жолу өптү, Френсис болсо, кыздын өпкөнүнө ал сыяктуу таң каларлык кумар менен жооп берүү, абийрсиздик болбойбу деп ойлоду.
Ал бул ыракат канчага чейин созулары мен үчүн баары бир деп ойлору менен, кыз капысынан кетенчиктеди. Эми анын жүзү кайрадан каар менен жек көрүүдөн алоолонуп, тапанчасын ага кезен, кайыкты көрсөттү.
Френсис, сулуу кыздын дегенин эки кылууга болобу дегендей ийинин куушуруп, анын буйругуна баш ийип кайыкка олтурду. Ал кайыкты сууга түнгүрүп, жүзүн кызга бура олтуруп, калак шилтей баштады.
— Бүбү Мария колдогулук кылсын мени жана өзүмдүн жүрөгүмдүн жумшактыгынан өлгүлүк кылбасын! — деп кыйкырды да, кыз бош колу менен мойнундагы медальонун жулуп алды. Алтын мончоктор быдырап жерге түшүп, медальон болсо Френсис менен кыздын арасын бөлүп турган сууга чулп этти.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ушул мезгилде чытырман токойдон мылтыкчан киши жүгүрүп чыгып, алсызданып кумга олтуруп калган кыз жакка чуркады. Алар келип кызды тургузушту, ошондон кийин гана бар күчү менен калак шилеп бараткан Френсисти көрүп калышты. Френсис шашыла «Анжеликага» канча калды экен деп кайрылып карап, шхуна тумшугу менен сууну жарып, бир аз кыйшайган калыпта ага карап сүзүп келатканын көрдү. Ошол маалда жээктеги үч кишинин бири — жашы улуураак, сакалдуусу — кыздын колунан дүрбүнү алып, Френсисти карады. Анан ошол замат дүрбүнү таштап, дароо мылтыгын бетине кармады.
Ок кайыкка жетер-жетпес жерде сууга чулп этип түштү, бирок экинчи ок атыла электен мурда кыз ордунан ыргып турду да, чалдын колундагы мылтыкты кагып түшүрүн жиберди. Френсис жаналы калбай калакты шилеп бара жатып, тиги кишилер кыздан оолак барышып, мылтык менен аны мээлеп жатканын, бирок кыз аларга тапанча кезеп, мылтыктарын түшүрүүгө аргасыз кылганын көрдү.
Шамалга каршы бурулган «Анжелика» сууну көбүртүп токтоп турду. Френсис шамдагайлык менен полубага секирип чыкты; капитан тездик менен рулду бурду эле, парустарга жел тийип, шхуна деңиз мейкинин карап сүзүп кетти. Френсис дагы эле артынан карап турган бейтааныш кызга балалык шоктук менен колун өөп булгалады. Анан ал кыздын такыр эле алдан тайып сакалдуу чалдын кучагына жыгылганын көрдү.
— Өрттүн эле дал өзү, бул каргыш тийген Соланолор! Анан обу жок кербез кемелер,— метис— капитан Френсиске аппак тиштерин көрсөтө жылмайды.
— Өтө эле албуут адамдар экен!— Френсис күлдү, анан бортко чуркап барып, бул таң каларлык бийкечке дагы бир нече жолу колун өөп булгалады.
Материктен согуп турган желдин жардамы менен «Анжелика» Чирикви көлүп тосуп турган рифтерге13 жетип аларды айланып элүү милче сүзүп, түн ортосунда Бука жана Музоо аралдарына жетип барды; капитан ушул жерде таң атышын күтүүгө макулдашкандан кийин, якорду түшүрдү эртең менен тамактанган соң Френсис жанына калак тарткыч катары ямайкалык негр матросту алып, Музоо аралынан чоңураак Бука аралын көрүп келүү үчүн жөнөп кетти. Шкипердин айтуусуна караганда, анда жылдын ушул маалында материктен ташбака уулоо үчүн индейлер келип жайгашат экен.
Аралга жетип үлгүрбөй жатып Френсис Нью-Йорктон аны отуз градус кеңдик гана эмес, балким отуз кылымдык өсүүнүн баскычы ажыратып турганын, өтө цивилизацияланган чөйрөдөн келип такыр бөлөк, алгачкы жапайы турмушка түшүп калганын сезди. Белдерине байлап алган жамачылуу таарларды эсепке албаганда, дырдай жылаңач, оор жана абдан курч балта-мачете менен куралданган таш бака уучулары жеткеи тилемчи жана учуру келгенде адам өлтүрүүдөн да кайра тартпай тургандыктарын дароо эле көрсөтүштү. «Бука аралы бизге тиешелүү»,— дешти алар Френсиске, аны аралга алып келген котормочу матрос аркылуу түшүндүрүп. Таш бака уулоо убагында алардын ыктыярында болгон Музоо аралын болсо азыр бир кутурган, кайсар гринго14 ээлеп алган имиш. Ал берки адамдарды коркутуу аркылуу урмат-сыйга ээ болгон, бул — эки буттуу макулуктардын өзүнөн коркунучтуураак жана күчтүүрөөк макулукка карата урматы эле.
Френсис бир күмүш доллар берип, индейлердин бирин ошол сырлуу грингого барып, өзүнүн аны менен жолугушууну каалаганын айтууга макулдатты. Бул учурда башкалары кайыкты тегеректеп алышып, Френсисти кызыгуу менен карап, андан акча сурашып, ал тургай оозунан бир мүнөткө алып жанына коё койгон канжасын да илип кетишти. Френсис ошол замат ууруну кулак түпкө берип калды, анан андан канжаны алган экинчисин да бир уруп канжаны кайтарып алды. Бир мүнөт өтпөй тигилер мачетесин сууруп чыгышты эле, алардын курч миздери күн нуруна жылтырады. Бирок Френсис автомат-тапанчасы менен алардын демин суутту; индейлер артка чегинишип, бир жерге чогула калышып, коркунучтуу шыбыраша кетишти. Френсис ушул маалда өзүнүн жалгыз жолдошу жана котормочусүнун коркоктук кылганын сезди; ал таш бака уучуларына барып, жагынгансып сүйлөй баштады, анын бул кылыгы Френсиске такыр жаккан жок.
Аңгыча кат алып кеткен неме кайтып келди. Френсис ямайкалыктан үмүт үзүп, элчи менен өзү сүйлөшүүнү туура таап анын колунан кагазды алды. Кагазга калем менен: «Vamos! Көзүмө көрүнбөй жогол!» — деген сөздөр чиймеленген болчу.
— Өзүм барууга туура келет,— деди Френсис негр матросту өзүнө чакырып.
— Мүмкүн болушунча этияттаныңыз, сэр,— деп эскертти негр.— Бул мээси жок айбандар ар кандай ишке барышы мүмкүн, сэр.
— Кайыкка олтур да, Мени тиги жакка алып от,— Френсис кыска буйрук берди.
— Жок, сэр, тилекке каршы, алып өтө албайм, сэр,— жооп кайтарды негр— Сэр, мен капитан Трефэзенге керт башымды сыйыртмакка салууга эмес, матростукка жалданганмын, чыныгы өлүм чеңгелине сиз менен бирге бара албайм, сэр. Бул тозоктон кетсек жакшыраак болмок; эгер бул жерде калсак, сэр, акебизди таанытышаары анык.
Ачууга жеңдирген Френсис матроско жек көрүү менен карады да, тапанчасын чөнтөгүнө салып, шарт бурулуп жарым жылаңач жапайы кишилерди таштап, пальма токоюн аралап жолго түштү. Бир кездерде жер титирөөдөн пайда болгон коралл рифи сороюп чыгып тургак жерден деңизге чыгып, кууш куйманын ары жагында, Музоо аралынын жээгинде байлануу турган кайыкты көрдү. Ал өзү турган жээкте болсо жыгачтан оюп жасалган тешик каноэ туруптур. Анын ичиндеги сууну төгүш үчүн Френсис кайыкты оодарды. Ошол замат ташбака уучулары артынан келип пальма токоюнун четинен аны карап турушканын сезип калды; алардын арасында коркок матрос жок эле.
Кысыктан өтүш Френсистин бир нече минуталык убактысын алды, бирок Музоо аралынын аркы өйүзү аны кучак жайып күтүп алган жок; автомат-тапанча кармагап узун бойлуу жылаң аяк жигит пальма дарагынын артынан чыгып кыйкырды:
— Vamos! Бул жерден жоголуңуз! Тезирээк!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Оо деңиз кудайы, анын балыктары жана чабактары! — деп Френсис тамаша— чын аралаш каткырып күлдү. — Бул жерде адамдын бир кадам басышына жол беришпейт, дароо бетиңе тапанча кадайт. Баары: «Жогол бул жерден, Pronto!» деп кыйкырышат.
— Сизди бул жерге эч ким чакырган жок,— деп каяша сүйлөдү бейтааныш. — Сиз уруксатсыз келдиңиз. Менин аралымдан кетиңиз. Сизге жарым мүнөт убакыт беремин.
Билесизби, достум, менин да ачуум келе баштады,— деп Френсис нараазылыгын ачык билдирди, өзү болсо жакын арадагы пальма дарагына чейинки аралыктын канчалык экенин болжолдоп көрдү. — Бул жерде кимди жолуктурсам да баары кандайдыр жинди чалыш, анан калса акылсыздар; адамды уялбай — этпей туруп айдап жиберишет. Аларды көрө берип мен да ачуулу болуп калдым. Ал эми мобул арал меники деген сөзүңүз болбогон кеп, бул сөздүн далили болушу керек эмеспи...
Френсис сөзүн бүтпөй жатып пальма артына жашынды. Ал дарактын артына өтүүгө үлгүрбөй жатып пальманын сөңгөгүнө ок келип тийди.
— Ии, ушундайбы! — Френсис кыйкырып, анан бейтааныш жигит далдасына жашынган даракка карай ок атты.
Атышуу бир нече мүнөткө созулду: каршылашкандар бирде үстөкө-босток, бирде дааналап атканга аракеттенип жатышты. Акыры Френсис сегизинчи жана акыркы огун атып жиберип, анан бейтааныш жигиттин аткан огу жетөө экенин ойлоп, денеси жыйрыла түштү. Ошондон кийин ал өзүнүн топчулуу баш кийимин колуна алып, дарактын далдасынан акырын чыгарды, ошол замат баш кийимди ок тешип өттү.
— Сиздин тапанчаңыздын түзүлүшү кандай? — деп сурады салкын жана урмат көрсөткөн кейипте.
— Кольт,— деген жооп угулду.
Френсис жашырынып турган жеринен чечкиндүү чыкты.
— Андай болсо запас ок калган жок. Мен санап турдум, сегиз жолу аттыңыз. Эми биз сүйлөшүп алсак болот.
Бейтааныш жигит да дарактын артынан чыкты. Френсис жигиттин одуракай кездемеден тигилген кир шымы, жол-жол майка, саябаны кыйшайып кеткен сомбреро кийгенине карабай келишкен сымбатына таңдана карады. Анын үстүнө буга чейин мындай өңдү мурда да көргөм деп ойлоду, бирок анын башына өзүнө аябагандай окшош өңдү көрүп турганы келген жок.
Сүйлөшмөкчү имиш! — Күңкүлдөдү бейтааныш жигит, анан тапанчасын ыргытып жиберип, куруна кыстарылган бычагын алды. — Азыр кулагыңды кесемин, анан балким, баш териңди да сыйрамын.
— Карасаң муну! Бул токойлордо эң бир жоош жана ишенчээк айбандар жашайт тура! — Френсистин ачуусу келип, анын сөзүнө жараша жооп кайтарды. Ал да жаңы, жалтыраган аңчылык бычагын алып чыкты. — Кел, кылмышкерлер жөнүндөгү жеңил- желпи романдардагы каармандарга окшоп бычакташууну жыйнаштыралы да, андан көрө күч сынашып көрөлү.
— Мага сенин кулагың керек,— деп бейтааныш жигит кичи пейилдик менен анын сунушун четке какты, анан френсиске карай акырын жакындай баштады.
— Өтө жакшы. Кимдин эки далысы тең жерге биринчи тийсе, ал кулагын жеңип чыкканга тартуулайт.
— Шарайт! — Боз кендир шымчан жаш жигит бычагын жашырып койду.
— Кап, бул көрүнүштү сүрөткө тартып алыш үчүн киноаппараттын жоктугун көрчү,— деди Френсис да өз кезегинде бычагын жашырып жатып. — Менин каарым боюма сыйбай турат! Эң каардуу индей быякта калат! Сак бол! Мен азыр сени кандай ыкма менен болсо да далыңды жерге тийгизем.
Сөз айтылгандан кийин аны аткаруу керек. Бирок Френсистин мыкты чабуулу эң маскаралуу натыйжа менен аяктады: кыязы ар кандай чабуулга туруштук бере алчудай сезилген бейтааныш жигит бетме-бет келери менен чалкасынан жыгылды. Бул амалдануу эле: анан ал бутун көтөрүп Френсисти курсакка катуу тепти, мындай каршылыкка даярдыгы жок Френсис асман-айдан түйүлүп барып атаандашынын үстүнөн учуп кетти.
Френсис жерге катуу келип түшкөндүктөн эси ооп кала жаздады, ал аз келгенсип, атаандашы тез эле анын үстүнө чыгып алып, жерге катуу ныктап кирди. Френсистин жаны чыгып кете жаздады. Бир ооз сүйлөгөнгө кудурети жетпей калган Френсис чалкасынан жатып, үстүнө минип отурган жигиттин күтүүсүздөн өзүнө кызыга карап жатканын байкады.
— Бул муруттун сага эмне кереги бар? — Бейтааныш жигит сурады.
— Болуптур, көп сүйлөбөй кесер кулагыңды кес,— деди Френсис бир аз өзүнө келгенден кийин. — Кулак сеники, мурут болсо меники. Биз мурут жөнүндө макулдашкан эмеспиз. Чынын айтканда, сен мени жиу-жиу эрежесине Ылайык жыктык.
— Сен өзүң айтпадыңбы: «Ар кандай жол менен далыңды жерге тийгизем» деп,— бейтааныш жигит анын сөзүн эскертип күлдү. — Кеп мындай: кулагың өзүңдө калсын; кулагыңды кесип алуу оюмда да жок болчу, эми аны жакын жерден көргөндөн кийин такыр эле кеским келбей калды: мага кулагыңдын кереги жок. Эми ордуңан тур да, бул жерден кет! Мен сени сабадым. Vamos! Экинчи бул жерде каңгып жүргөнүңдү көрбөйүн! Жогол, бул жерден! Тез!
Мурдагыдан да кыжыры кайнап, өзүнүн жеңилгенине ызасы келген Френсис кайык турган жээкке кайтып келди.
— Эй, жигит, кур дегенде өзүңдүн визит карточкаңды таштап кетерсиң? — деп кыйкырды анын артынан жеңген жигит.
— Баш кесерге визит карточканы калтыруунун кажети жок,— деди Френсис кайыкка отуруп, аны калак менен түртүп жээктен жылдырып жатып. — Фамилиям болсо Морган.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бейтааныш жигиттин жүзүндө абдан таң калгандыктын белгилери көрүндү; ал бир нерсе деп ооз ачты да, кайра өз оюнан кайтып ичинде: «Уруубуз бир экен. Окшоштугубуздун себебине таңданууга болбойт»,— деп күңкүлдөп койду.
Френсис дагы эле күйүп-бышып кыжырданып, Бука аралына жетти да, кайыкты жээкке тартып чыгарып, өзү ал кайыктын четине отуруп канжасына тамеки салды, аны тутандырып капалуу ойго батты. «Бул жердегилердин баары жинди немелер, дээрлик бүт бойдон,— деп ойлоду ал. — Бири да адамга окшоп мамиле жасабайт. Кызык, Риган чал мындай адамдар менен иштөөнүн амалын кантип тапмак? Ал кулагынан, албетте, эбак ажыраган болор эле».
Эгерде ушул минутада Френсис таар шым кийген, өзүнө абдан окшош баякы жигитти көргөндө, Латын Америкада жашагандардын бардыгы акылы жоктор деген жыйынтыкка келген болор эле, себеби жогоруда наамы эске алынган жигит аралдагы үстү чөп менен жабылган үйүндө отуруп алып, өзүнүн оюнуна өзү маашырланып, үнүн чыгара мындай деп жаткан:
— Сыягы морган тукумунун өкүлүнүн жүрөгүн абдан түшүрдүм окшойт. — Ушундай деп дубал алдына келип, Морган уруусунун негиздөөчүсү, сэр Генринин сүрөтүнө тигилди. — Ушинтип каракчы мырза,— деп ал жылмайып сөзүн улады,— сиздин эки урпагыңыз автомат-тапанча менен бирин-бири атып өлтүрө жаздашты, бул тапанчалардын алдында сиздин чалдыбары чыккан куралыңыз эң эле арзан оюнчукка окшоп кетет.
Ал курт жеп иштен чыккан эски деңизчилердин сандыгына ийилип «М» тамгасы оюлуп жазылган капкакты көтөрдү да, анан кайра сүрөткө карап сүйлөдү:
— Ооба, менин асылзат түпкү атам, валлийлик каракчы, сен мага көп нерсе калтырбапсың; эски чүпүрөк-чапырактар менен өзүңө эки тамчы суудай окшош өң. Эгерде сени Норто-о-Пренсде аткылагандай мени да аткылашса, өзүмдү көрсөтөр элем.
Ушинтип айтты да, анан сандыкта жата берип тамтыгы чыгып, күбө жеп таштаган кийимдерин кие баштады.
— Мына, мен кооздонуп кийинип алдым,— кошумчалады ал бир мүнөттөн кийин. — Кана, кымбаттуу түпкү атам, алкактын ичинен бул жакка чыгып, экөөбүз эки тамчы суудай окшош экенибизди танып көрчү!
Жигит сэр Генри Моргандын эски кийимдерин кийип, белине кылыч тагынып, оюп гүл салып кооздолгон эки чоң тапапчаны эндүү куруна кыстарып алгандан кийин, аны менеп эчак сөөгү сөпөт болгон кексе каракчынын ортосундагы окшоштук чындыгында эле таң каларлык даражада жакындашкан эле.
Шамал улуп, толкун күчөйт,—
Канжар болсо колдо биздин.
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
жигит гитара кылдарын терип, кадимки каракчылардын ырын ырдай баштады. Бара- бара сүрөттөн карап турган элес жоголду да, жигиттин көз алдына башка бир көрүнүш пайда болду.
Кексе каракчы горт-мачтага жөлөнүп, колунда жалтыраган кылычын кармап, ал эми начар кийинген баш кесер матростор аны жарым айлана болуп курчап алышкан; мачтанын аркы башында да так эле ушундай кийинген башка бир адам мачтага жөлөнүп турат, аны да баш кесер матростор курчап алышкан.
Жигит кызууланып кетип гитаранын кылын катуу чертти эле, кылдын үзүлүшү менен тиги көрүнүш жок болду. Бул тынчтыкта карт сэр Генри анын көз алдында алкактан чыгып жанына келип, алачыктан чыгышын буюруп, жеңинен тартып жаткандай, өзү болсо көшөрүп:
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
деп шыбырап жаткандай болду.
Бул шыбырап чакырууга кулак салып, балким жүрөгү бир нерсени сезгендиктенби, жигит алачыктан чыкты да, деңиз жээгине келди. Тар кысык аркылуу аркы жээкти карап, Бука аралынан зор коралл рифке артын такап алып, мачетелерин көтөрүп чабуулга өткөн жарым жылаңач индейлер менен кармашып жаткан баякы душманын көрдү; анын колунда чоң таяк бар эле, кыязы аны суунун ичинең алса керек.
Бир маалда кимдир бирөөнүн ыргыткан ташы Френсистин башына тийди эле анын көзү караңгылай түштү; алы кетип баратып ал ушунчалык кызык көрүнүштү көрүп, бул көрүнүш ал дээрлик өлүп, арбактар дүйнөсүнө түшүп калганынан кабар бергенсип турду; сэр Генри Моргандын так өзү колуна кылыч кармап, шашылып ага жардамга келатат. Анын үстүнө. ал оң-солуна кылыч шилтеп, күркүрөгөн үнү менен ырдап келатат.
Шамал улуп, толкун күчөйт,—
Канжар болсо колдо биздин.
Экөөбүзгө эч ким, түтпөйт
Кайтарабыз миңдин мизин!
Френсистин буттарынан кубат кетип, акырын жерге чөк түштү; акыркы көргөн нерсеси сырдуу каракчыдан коркуп туш-тушка качып бараткан индейлер болду.
«Ырайымдуу кудай», «Касиеттүү эне, сактай көр», «Бул Морган чалдын арбагы го!» — деген кыйкырыктар анын кулагына угулуп жатты.
Френсис Музоо аралынын так ортосундагы үстү чөп менен жабылган алачыкта өзүнө келди. Ал өзүнө келгендеги биринчи көзүнө чалдыккан нерсеси дубалда ага карап турган сэр Генри Моргандын сүрөтү болду. Андан кийин сэр Генринин так эле өзүнө окшош элести көрдү, бул элес бар болгону андан жаш жана жандуу эле. Мына ошол сэр Генри арак толтура флягасын Френсистин эринине тийгизип, бир ууртам ичип коюусун өтүндү. Френсис андан бир ууртам ичээри менен дароо эле өзүнө кубат киргенин байкады, ыргып ордунан турду; жигиттер бир эле ойдо бири-бирине, анан сүрөткө карашып, флягаларын кагыштырып чоң аталарынын арбагын жана бири- биринин ден-соолугу үчүн ичишти.
Сиз өзүңүздүн Морган экениңизди мага айткан болчусуз,— деди бейтааныш жигит. — Мен да Морганмын. Мына бул дубалда илинип турган киши менин түпкү атам болот. Сиздин түп- тегиңиз кимден башталган?
Так ушул кишиден, — деп жооп берди Френсис. — Менин атым Френсис. Сиздикичи?
Менин атым түпкү атабыздын аты сыяктуу Генри. Сиз менен биз алыс туугандардын, балдары болушубуз керек. Мен бул жерде мезгилинде мына бул амалкөй карт сараңдын уурулук менен жыйнаган байлыгын издеп жүрөм.
— Мен дагы,— деп Френсис ага кол сунду. — Бир гана бизде казынаны бөлүштүрүү болбойт.
— Бул Моргандарга тиешелүү адат,— деп сөзүн бекемдеп күлдү Генри. — Биринчи болуп казынаны ким тапса, бардыгы ошонуку болсун. Мен жарым жылдын ичинде аралды дээрлик бүтүндөй казып чыктым, тапканым мына бул эски буюмдар гана болду. Албетте, байлыкты сенден мурда табууга аракеттенем, бирок мен керек болуп калсам, жардамга чакыр, мен жаныңа келип, мачта алдында сени менен бирге турамын.
— Бул эң жакшы ыр экен,— деди Френсис,— мен аны жаттап алгым келет. Кана, дагы бир жолу ушул сапты кайталап койчу.
Анан флягаларын кагыштырып, алар ырдашты:
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ү Ч Ү Н Ч Ү Г Л А В А

Бирок башынын катуу оорушунан улам Френсис ырын токтотту да, Генри анын көлөкөдө илинип турган тор бешикке жаткырам дегенине кубануу менен макул болду. Анан Генри капитанга өзүнүн коногунун якорду түшүрүп туруусун, матросторду Музоо аралына эч кандай шылтоо менен түшүрүүгө уруксат бербөө жөнүндөгү буйругун жеткирүү үчүн «Анжеликага» кетти.
Френсис бир нече саат катуу уктап, акырында кийинки күнү таң атпай ордунан туруп башынын жакшы болуп калганын айтты.
— Мунун кандай болорун билем: өзүм да бир жолу аттан жыгылганмын, — деди анын бир тууганы боорукерчилик менен чоң кружкага жыпар жыттуу кара кофеден куюп жатып. — Мына муну ичип жибер, тез эле жакшы болуп каласың. Эртең мененки тамактанууга туздалган эт, каткан нан жана куурулган таш баканын жумурткасынан бөлөк жакшыраак нерсеге чакыра албайм. Жумуртка эскирип кетпегенине ишенем: мен аларды бүгүн эртелеп, сен уктап жатканда жерден чукуп алдым.
— Ушул кофенин өзү эле эртең мененки тамактанууга толук татыйт,— деди Френсис билгичтик менен жаңы табышкан тууганына тигилип, ошол эле мүнөттө ал улам-улам сүрөткө да карап коюп жатты.
Сен да ага абдан окшошсуң, тышкы көрүнүшүнөн гана эмес,— деп Генри Френсистин кай жакка карап жаткандыгын сезип, күлүп койду. — Кечээ байлыкты бөлүштүрүүгө макул болбогонуңда ушундай чечимде болчусуң, эгер сэр Генри да тирүү болгондо, ал да так ушундай кылгаң болор эле. Анын болүштүрүүнү жек көрүү адаты тубаса каракчылыктан тапкан байлыкты өзүнүн командасындагылар менен да бөлүштүргөн эмес. Анын башына түшкөн кырсыктын себеби да ошондон улам. Сөзсүз түрдө, ал өзүнүң тукумдарына бир пенни да бөлүштүрүп бербейт болчу. Мен болсо такыр бөлөкмүн. Мен Музоо аралынын жарымын гана эмес, өз үлүшүмдүн баарын, жандуу жана жансыз нерселери менен сага берүүгө даярмын: алачыгымды да, эң сонун жасалгаларды да, ата-бабаларыбыздан калган байлыкты да, баарын, калган-каткан таш баканын жумурткаларына чейин ала бергин, Бул тартуу кылынган байлыктарга ээлик кылууга качан киришмекчисиң?
— Муну кандай түшүнсө болот?.. — деп сурады Френсис.
— Жөнөкөй эле. Бул жерде эч нерсе жок. Мен дээрлик аралды бүтүндөй казып көрдүм, тапкан жападан-жалгыз нерсем — чүпүрөк-сапырактар толгон мына бул сандык болду.
— Бул буюмдар арийне сени издөөгө кызыктырышы керек эле го!
— Антпегендечи! Мен эми байлык өзүмдүкү болду деп ойлогом. Кантсе да, мына бул сандык менин туура жолдон баратканымды күбөлөндүрүп турган болчу.
Эмне үчүн өзүбүздүн бактыбызды Музоо аралынан сынап көрбөйбүз? — деп сурады Френсис.
— Мен да так ушул жөнүндө ойлонуп жатам, себеби байлык ушул аралдардын бирине көмүлгөн деп ойлоого негиз бар. Анткени мурдагы кишилердин кеңдик менен узундукту бир нече градус өзгөртүп көрсөтүш адаты болгон эмеспи.
— Ооба, картада он градус түндүк кеңдикте жана токсон градус чыгыш узундукта көрсөтүлгөн болсо, демек бул он эки градус түндүк кеңдикте жана токсон эки градус чыгыш узундукта болушу да ажеп эмес. — Анын сөзүн колдоду Френсис. — Балким сегиз градус түндүк кеңдикте жана сегиз градус чыгыш узундукта болушу да мүмкүн. Каракчылар картада белгилеген сандарды эстерине сакташкан, эгер алар күтүүсүздөн өлүп калышса, бул табигый болчу окуя, сыр да алар менен бирге кетчү.
Мен Бука аралына өтүп, таш бака уулоочулардын бардыгын ал жерден материкке кууп жиберсемби деген чечимге дээрлик келип койдум эле,— деп сөзүн улады Генри. — Анан мага капысынан материктен баштаганым түзүк сезилди. Байлыкты издөө үчүн сенин да кандайдыр планың бар чыгар?
— Албетте бар,— деп Френсис башын ийкеди. — Билесиңби, бөлүштүрүү жөнүндөгү сөзүмдөн кайтсамбы деп турам.
— Мейли, кайтсаң кайт,—деп Генри аны кубаттады.
— Андай болсо сөзүмдү кайтарып алдым!
Алар бул келишимди бекемдөө үчүн кол алышты.
«Морган менен Морган» — бар болгону эки кишилик компания,— деп күлүп жиберди Френсис.
— Компаниянын активи: Кариб деңизинин баары, материктеги Испан калониялары, Борбордук Американын чоң бөлүгү, эч нерсеге арзыбаган чүпүрөккө толо сапдык, аралда казылган сансыз чуңкурлар,—деп Генри анын тамашасын улаптты. — Пассиви: жыландын чагып алуу коркунучу, индей талоончулар, безгек, сары безгек...
— Жана оболу таптакыр бейтааныш киши өөп, анан ага жалтыраган күмүш тапанча кезеген сулуу кыздар,— деп сөз кыстарды Френсис. — Сага азыр бир кызык окуяны айтып берем. Мурдагы күнү кайык менен жээкке жөнөдүм. Жээкке чыгууга үлгүрө элегимде дүйнөдөгү сулуу кыз колумдан тартып, чытырман токойго сүйрөп жөнөдү. Бул кыз мени өлтүрөт, же мага турмушка чыгат деп ойлодум. Экөөнүн кайсы бири ишке ашарын түшүнбөдүм. Сурап— сүрүштүрүүгө үлгүрө элегимде, билесиңби, ал чүрөк эмне кылды? Мурутум тууралуу ылайыксыз сөз айтты, анан тапапчасын сундуруп, кайра кайыкты көздөй айдады. Бул жерден тез кет, кайра келип жүрбө жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү айтты.
— Кайсы жерде болду бул окуя? — деп сурады көңүл коё угуп олтурган Генри.
Френсис көңүлсүз окуя жөнүндөгү эскерүүгө берилип кеткендиктен, аңгемелешип олтурган кишисинин абдан кызыгып калганын сезген жок.
— Тетиги жерде, Чирикви көлүнүн ары жагында,— деп жооп берди ал. — Кийип анын Соланолордун үй-бүлөсүнө караштуу экенин билдим. Ушупдай да адамдар болобу, тим эле өрт! Сага али баарын айтканым жок. Кулак сал. Эмне деп жатат элем? Ии, эң биринчи мени токойго сүйрөдү жана мурутум жөнүндө одоно бир сөз айтты, анан тапапча кезеп, мени кайыкка карай айдады... Акырында мен аны эмнеге өппөгөндүгүмдү билгиси келди. Өмүрүңдө ушундай окуяны уктуң беле?
— Сен аны өптүңбү? — деп сурады Генри ыктыярсыз муштуму түйүлүп.
— Бөтен элге келип калган бөтөн жердик эмне кыла алмак? Кыз абдан сулуу эле!..
Ушуну айтып оозун жыйары менен Френсис ордунан ыргып туруп колу менен жаагын тосуп, Генринин оор соккусун кайтарууга араң үлгүрдү.
— Мен... мен... мени кечир,— деп кобурады Генри, ал эски сандыктын үстүнө шайы кетип олтуруп калды. — Мен акмакмын — билем, бирок мындай азапка чыдай албайм...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Кайра башталды,— деп Френсис аны зекип сөзүн бөлдү. — Жок, бул жиндилердин өлкөсүндөгү баардык адамдар сыяктуу, сен да жиндисиң. Бирде башымдагы жараатымды таңасың, бирде ошол башымды жулуп таштамакчы болосуң. Сен да оболу өөп, анан курсакка тапанча такаган алиги кызга окшоп турасың.
— Туура! Мени тилде, тилдегенге татыктуумун, — деди Генри капаланып, анан анын кайрадан ачуусу келди. — Сен жиндисиң го, ал Леонсия да!
— Леонсия болсо эмне экен? Же Мерседес? Же болбосо Долорес? Жигит сулуу кызды, анын үстүнө тапанча кезеп зордуктап турганда өпсө, анда эмне, арал деп аталган бир үйүм таштандынын ичинде жашоочу булганыч таар шымчан шылуунга кызды өпкөн жигиттин башын алууга укук береби?
— Ошол сулуу кыз булганыч таар шымчан шылуун жигиттин колуктусу болсочу?
— Андай болушу мүмкүн эмес!—деп Френсис анын сөзүн ачууланып бөлдү.
— Ооба,— деп сөзүн улады Генри,— анын колуктусу кандайдыр шектүү ямайкалык негрдин кемесинен түшкөн, өмүрүндө көрбөгөн шылуун менен өбүшкөнүн угуу мына бул самтыракка көп деле көңүлдүү эмес.
— Демек ал мени сен деп ойлогон тура,— деди Френсис ойлуу, эмне үчүн мындай болгонун эми түшүнүп. — Ачууң келгени үчүн сени күнөөлөбөйм, бирок айта кетүү керек, мүнөзүң акмактай экен. Мисалы, кечээ кулагымды кесип алмакчы болгон элең, ушундайбы?
— Сенин мүнөзүң деле меникинен жакшы эмес экен, садагасы Френсис. далыңды жерге тийгизгенимден кийин, кулагымды кесип ал деп көшөрүп туруп алган сен эмей мен бекемин, ха-ха-ха!
Экөө тең куунап каткырып күлүштү.
— Бул кексе Моргандын мүнөзү,— деди Генри,— Морган жөнүндөгү уламыштарга караганда, ал аябагандай чаар баш болгон экен.
— Сен тууган болмокчу болгон Соланолорго окшогон урушчаак эместир. Ошондо үй-бүлөсүнүн баардыгы жээкке чыгып, кемеге сүзүп келатканымда мени калбыр кылып жибермекчи болушту. Сенин Леонсияң болсо мени аткылаганын токтотпосо, сакалдуу кишини сыягы өз атасын, чындап атып салчудай тапанча кезеп коркутту.
— Ал Леонсиянын атасы Энрико чалдын өзү экенине мелдеше алам! — деп кыйкырды Генри. — Ал эми Калгандары болсо анын агалары.
— Сулуу кескелдириктер! —деди Френсис. —Айтчы мага, сен үйлөнүп, бул тынч жана кой маарек үй-бүлөгө мүчө болуп киргениңден кийин, турмушуң зериктирме болуп калышынан чочулабайсыңбы? — Анан ал ошол замат өзүнүн сөзүнө өзү аралжы болду:— Кулак салчы, Генри, мени сен деп ойлошсо, анда эмне үчүн атып таштамакчы болушту? Буга да Морганча ит мүнөзүң себепчидир? Болочок жарыңдын туугандарына эмнеңден жазып калгансың?
Генри айтсамбы, же айтпай эле койсомбу деп ага бир аз карап турду да, анан жооп берди:
— Макул, сага айтып берейин. Бул абдан жийиркеничтүү окуя, айыптын баары менин мүнөзүмдө. Леонсиянын тууганы менен айтышып калдым. Ал Леонсиянын атасынын эң кичүү иниси болчу...
— Болчу дейсиңби?..— Френсис анын сөзүн бөлдү.
— Айттым го тууганы болчу деп,— Генри өзүнүн сөзүн ырастап башын ийкеди да сөзүн андан ары улады. — Ал өлүп калган. Анын аты Альфаро Солано эле. Мүнөзү да кудайга шүкүр болчу. Алар өздөрүн испандык конкистадорлордун15 тукумубуз деп эсептешет, ошондуктан күрптөн бетер мурдун көтөрүп жүрүшөт. Альфаро кымбат баа жыгачтарды сатып байлык арттырган эле. Ошол жылы жээкке кампеш16 жыгачын өтө кеңири плантацияга өстүргөн. Бир күнү мен аны менен кайым айтышып калдым. Бул окуя Сан-Антонио деген кийинекей шаарда болду. Мүмкүн түшүнбөстүк болгондур, а мен болсо азыр да аны күнөөлүү деп эсептейм. Ал ар дайым мени менен урушууга дилгирленип, кылдан кыйкым таппай турчу, ал менин Леонсияга үйлөнүүмдү каалочу эмес.
Абдан тос-тополоң болду! Баары пулькерияда17 башталды. Альфаро ал жерде мескаль18 ичип олтурган эле, сыягы көбүрөөк ичип алгандай. Ал мени эмне гана деп тилдебеди. Бизди ажыратып коюшту, бирок ажырашарда бир-бирибизди өлтүрүү жөнүндө антташтык. Баардык балекет, биз урушкан убакта пулькерияда жыйырмадай адам бар эле. Биздин аптташканыбызды баары угушту.
Эки сааттан кийин комиссар менен эки жандарм тар көчөдөн өтүп баратты. Так ошол маалда мен Альфаронун өлүгүн эңкейип карап турганмын; кимдир бирөө далыга бычак менен сайыптыр, мен жээкке баратып анын өлүгүнө мүдүрүлүп кеткен элем. Эмне демексиң? Эч нерсе! Урушканыбызды, бири- бирибизге жулунганыбызды баары көрбөдү беле. Ошентип арадан эки саат өтө электе мени али сууй элек Альфаронун өлүгүнүн үстүндө колго түшүрүп олтурушпайбы. Ошондон бери Сан-Антониого бир жолу да барганым жок: ошондо эле бул жакка качып баса бергенмин. Альфаро аттын кашкасындай белгилүү неме эле: ал ченде жок шылуун жигит болчу, ал эми мындай адамдарды эл жактырат эмеспи. Мени сот— сураксыз эле ошол замат мууздап ташташмак; кыскасы, тезирээк жоголушту туура таптым — pronto!
Андан кийин мен Бокас-дель-Торого келгенимде, Леонсия жиберген адам мени таап, алмаз көздүү шакекти берди: ал менин белегимди кайтарып жибериптир. Эми сен баарын уктуң. Ушундай окуядан кийин мага жарык дүйнө караңгы болуп калды. Соланолордун үй-бүлөсү, ал жердин кишилери менин каныма чаңкап турганын билгеним үчүн ал жерге кайра барууга батына албадым, ошентип, жалгыз жашоо жана Моргандын кззынасын издөө үчүн бул жерге Келдим... Бирок Альфарону ким бычактаганын абдан билгим Келет. Эгер ошол адамды таба алсам Леонсия жана башка Соланолордун алдында өзүмдү актайм; ошондон кийин той жасарыбызга күмөн санабасаң да болот. Мен сага айтып коёюн: Альфаро өтө чаар баш болгону менен жаман адам эмес эле.
— Баары айдан ачык,— деп кобурады Френсис. — Ал Кыздын атасы менен агалары эмне үчүн мени өлтүрмөкчү болгону эми түшүнүктүү. .. Туура, мен сага караган сайын, Мурутумду эсепке албаганда, бири-бирибизге коёндой окшоштугубузга көбүрөөк ишенич пайда болуп жатат.
— Мына муну да эсепке албаганда,— Генри жеңин түрдү, Френсис анын сол колундагы агарып турган тырыкты көрдү. — Бул бала күнүмдөн ушундай: жел тегирмендеп жыгылып, айнек чатырчадан тешип өтүп, туура оранжереяга түшкөмүн.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 18:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Эми менин сөзүмө кулак сал деп сөз баштады Френсис, башына келген ойдон көңүлү шаттанып. — Кимдин бирөө сени бул жийиркеничтүү иштен куткарышы керек Муну «Морган жана Морган» фирмасынын мүлктөшү Френсистен башка эч ким жасай албайт! Сен мейли ушул жерде калышың, же Музоо аралына барып казынаны чалгындай беришиң мүмкүн, мен болсо кайра кетем, барып Леонсия менен анын ата- энеси, ага- туугапдарына түшүпдүрөмүн. ..
— Сен өзүңдүн мен эместигиңди далилдөөгө үлгүрө элегиңде атып коюшпаса,— деди Генрп капалуу. — Солаполор үшундай адамдар. Алар оболу атышат, анан сүйлөшөт. Душмапдары жок болгондон кийин гана акыл кирет аларга.
Ошондой болсо да, бактымды бир сынап көрөйүн, карыя,— деп көшөрдү Френсис, Генри менен анын сүйгөнүнүн ортосундагы кайгылуу түшүнбөөчүлүктү жоготууга элеп-желеп болуп.
Бирок ошол кызды кандай сезим менен ойлоп жатканына өзү таң эле. — Бул сулуу кыз өзүнө окшогон кишинин жүрөгүнөн жай алганына өкүндү. Френсис ал кызды ошол жээкте кандай көргөн болсо — ошол калыбында, бирде мээрими толуп-ташып ага умтулган, бирде ачуу жана жек көрүү менен ага атырылган, бирде бири-бирине карама-каршы сезим ичинде азап тартып жаткан абалда көз алдына келтирди. Анан ал аргасыздан күрсүнүп жиберди.
— Эмнеге күрсүнөсүң? — деди Генри келекелей.
— Леонсия өтө сейрек жолуга турган сулуу кыз,— деп Френсис ачык эле моюнуна алды. — Бирок кандай болбосун, баары бир ал сеники, анын сеники болушу үчүн аракеттенүүнү мага кой. Сага кайтарып берген шакек кана? Бул шакекти сенин атыңдан Леонсиянын манжасына тагып, бир жумадан кийин кубанычтуу кабар менен кайтып келбесем, кулагымды эле кесип салбастан, мурутумду да кырып таштасаң болот.
Бир сааттан кийин жээктеп берилген сигналга жооп иретинде капитан Трефэзендин «Анжеликадан» жиберген кайыгы Музоо аралынын жээгине жетип келди. Жигиттер бири- бири менен коштошту.
— Дагы эки жагдайды угуп кой, Френсис. Сага айтууну унутуп коюптурмун, биринчиден Леонсиянын өзү албетте билбейт, ал Солано уруусунан эмес. Бул туурасында мага Альфаронун өзү айткан. Аны багып алышкан. Леонсиянын каны башка, ал эмес улуту да башка болгону менен Энрико чал аны абдан жакшы көрөт. Альфаро мага ал жөнүндө эч качан толук айткан эмес, Леонсиянын испан эместигин гана айткан. Ал англичанкабы, же америкалыкпы — билбейм. Англис тилин монастрда окуган болсо да, кыйла дурус сүйлөйт. Кептин баары мына мында, аны Энрико өтө жаш кезинде кыз кылып алган, ошондуктан атасынын өгөйлүгүн ал билбейт.
— Демек мени ушунчалык каардуу жана жек көрүү менен күтүп алганы таң каларлык көрүнүш эмес!— деп Френсис каткырды. — Ал мени сен деп ойлогон да; сени тууганына бычак сайган адам деп ойлогон, ал азыр да ушундай ойдо.
Генри анын сөзүнө макул болуп баш ийкеди да, үзүлүп калган кебин улады.
— Экинчиден, сага абдан керектүү нерсени эскертип коймокчумун. Бул жердеги закондор же туурараагы, бул жерде эч кандай закон жоктугун айтып жатам. Кудай унутуп койгон бул өлкөдө законду каалаган жагына бурушат. Панамага чейин алыс, штат же округдун губернатору болсо — уйкучу Силен ата. Сан-Антонио полициясынын башчысы ар дайым сак болуучу киши. Ал жердин кудайы да, падышасы да ошол жана жеткен шүмшүк — мен аны башкаларга караганда жакшы билем. Аны паракор деп атоо аздык кылат; ал ырайымсыз канкор. Адамды өлтүрүүнү ыракат деп билет; агасып өлтүргөндү жакшы көрөт. Андан этият бол... Анда эмесе, көрүшкөнчө, кош. Бука аралынан эмне тапсам — жарымы сеники... Мени кара, шакекти Леонсиянын колуна салуунун аракетин кыл.
Арадан эки күн өттү. Метис— капитан өзү чалгынга барып, Соланолордун үйүндөгү эркектердин баардыгы кайдадыр кеткенин кабарлагандан кийин, Френсис биринчи жолу Леонсия менен жолугушкан жээкке түштү. Бул жолу жакын арада күмүш тапанчалуу кыз да, мылтыктуу эркектер да көрүнгөн жок. Теребел тыптынч, бир гана самтыраган кийимчен индей бала суу жээгинде отурат; тыйынды көрүп, бала чоң асьендадагы жаш сеньоритага катты алып барууга жан-дили менен макул болду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 21:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Френсис чөнтөк дептеринен бир барак айрып алды да, төмөнкүлөрдү жаза баштады: «Мен, баягыда Сиз Генри Морган деп ойлогон кишимин: мен анын тапшырмасы менен келдим...», катты жазып жатып, ал бул биринчи жолу келгендегиге караганда, өз башынан бир топ татаал окуялар өтөрүн ойлоп да койгон жок.
Леонсияга катты жазып жатып өзү жөлөнүп отурган зооканын уркуюп чыгып турган жеринен ар жакты караганды ойлогондо, таң каларлык көрүнүштүн күбөсү болор эле, анткени Леонсиянын өзү киринин бүтүп, деңиз ханышасы сыяктуу суудан чыгып келаткан. Бирок Френсис жай баракат кат жазып, индей бала болсо .андан көзүн айырбай отура берди. Ошентип, Леонсия зооканып артынан өтүп аларды мурда көрдү. Ал айран-таң калгандыктан аз жерден кыйкырып жибере жаздап, алды-артына карабай жашыл токойду карай чуркады.
Кыздын коркуудан чочулаган үнүн угуп, Леонсия жакын жерде экендигин Френсис дароо сезди. Кат менен карандашын кумга ыргытып, үн чыккан жакка карай тыз койду. Ал тез эле чала кийинген кызга бетме-бет келип калды — Леонсия бир нерседен коркуп, артын көздөй чуркап келе жаткан болчу. Френсистин ага жардам берүү үчүн чуркаганын түшүнбөй, Леонсия кайра кыйкырып жиберди.
Кыз индей баланы аз жерден жыга коюп кете жаздап четке чуркап чыгып токтоду. Ал корккондугунан өңалеттен кеткен. Ушул жерге келгенде анын алдында жаңы душман эмес, куткаруучу турганын көрдү.
— Сизге эмне болду?— деп тынчсыздануу менен сурады Френсис.— Жыгылдыңызбы? Эмне болду?
— Кыз жылаңач тизесин көрсөттү, андагы билинер-билинбес жарадан эки тамчы кан чыгып туруптур.
— Уу жылан,— деди кыз. — Чакса өлтүрбөй койбойт. Беш минутадан кийин мен өлөмүн. Буга сүйүнүп, өтө кубаныч менен тосуп алам. Анткени ошондо жок дегенде сиз менин жүрөгүмдү кыйноого сала албай каласыз.
Леонсия зекигендей бармагы менен аны нукуп, бүткүл ичиндеги бугун төгүп таштамакчы болду, бирок алдан тайып калган кыз кум үстүнө эси ооп жыгылды.
Френсис Борбордук Американын жыландары жөнүндө уккан болчу. Бул уккандары абдан коркунучтуу: элдин айтымына караганда, узундугу болгону отуз сантиметр келе турган жылан чакса, беш-он минутадан кийин ал турмак качыр менен иттер да тыбырчылап жатып өлөт экен. «Эсинин ооганына таңданбай койсо деле болот,— деп ойлоду ал,— уу тез таасир этет, сыягы ал өз ишин баштады окшойт». Френсис жылан чакканда кандай жардам көрсөтүш керектигин да уккан эле. Буттун жылан чаккан жеринен жогорураак бууш керек экенин, ошентсе гана кандын жүрүшү токтоп, уу жүрөккө жетпесин эстеди.
Ал кол жоолугун алып, Леонсиянып бутун тизесинен бир аз жогору бууп, деңиз чыгарып таштаган кум үстүндөгү жаткан чөптү алып, жоолуктун сыртынан катуу таңды. Анан, уккандарына таянып, макисин алып, тазалаш үчүн мизин ширенкенин жалынына кармады. Ошондон кийин гана жыландын тиштеринин изи түшкөн жерди, өтө аярлап, бирок чечкиндүү тилди.
Френсис абдан коркуп кеткен болчу: ал бет алдында жаткан сулуунун өңүндө өлүмдүн белгилери пайда болушунан чочулап, көзгө илинбеген тездикте аракеттенип жатты. Ал жыландын уусунан дене абдан шишип кетерин да уккан эле. Кыздын бутун тилүүгө үлгүрбөй жатып, мындан кийин эмне кыларын ойлоп койду. Эң оболу колдон келишинче заарды соруп алат, андан кийин сигаретанын чогу менен жараны кайырат.
Френсис кошуу сыяктуу кылып бычак менен кесүүгө үлгүрө электе, кыз кыймылдай баштады.
— Кыймылдабай жатыңыз!— деп буюрду ал.
Жигит заарды соруп алууга эңкейген кезде, кыз туруп отуруп алды. Френсис жат деп буюрган сөзүнө жооп болуп тигинин жаагына Леонсиянын назик колу чуу этти.
Так ушул маалда индей бала өлгөн жыландын куйругунан кармап силкилдетип, сүйүнгөн бойдон токойдон чыгып келди.
— Лабарри! Лабарри!—деп кыйкырды бала кубанычы ашып-ташып.
Аны уккан Френсис иш абдан чатак деп ойлоду.
— Тынч жатыңыз!—деп кайталады ал ачуулу. —Бир минутаны бекер өткөрүүгө болбойт.
Леонсия болсо өлүк жыланды тирмийе карады да, жеңил дем алды, аны Френсис байкаган жок: ал законго ылайык дарылоону улантуу максатында дагы эңкейди.
— Сиз эмне кылып жатасыз!— деп кыйкырды кыз ага.— Бул лабарри турбайбы, анын үстүнө чоң эмес, баласы, чаккан менен зыяны жок. Мен уулуу жылан деп ойлогон элем. Анткени лабарринин баласы уулуу жыланга окшош болот.
Леонсия буту уюп калганын сезди — бекем байланган жоолук кан жүрүшүн дээрлик токтотуп койгон эле — кыз төмөн карап, тизесинен өйдөрөөк байлап койгон Френсистин кол жоолугун көрдү.
— Бул эмне кылганыңыз? — деп анын жүзү албыра түштү. — Бул лабарринин баласы турбайбы,— деп ага жемелүү карады.
— Мага өзүңүз уулуу жылан дебедиңизби? — Нараазылана сүйлөдү Френсис.
Кыз эки жолу менен бетин басты, ал уялып кеткенин жашыра албай калды: кыз кулактарына чейин кызарып кетти. Эгер бул катуу уулуу болбогондо, Френсис кыздын күлүп жатканынан шектенмек эмес. Ошондон кийин гана өзү алган милдет— : Леонсиянын колуна бөлөк эркектин шакегин салуу канчалык кыйын экенин түшүндү. Бирок ал кыздын сулуулугуна азгырылбоону чечти.
Эми лабаррини уулуу жыландан айырмалай албаганым үчүн туугандарыңыз мени калбыр кылып таштаса керек — деди ал капалуу. — Бул милдетти аткаруу үчүн эгин талаасындагы жумушчулардын бирөө-жарымын чакырып жүрбөңүз. Балким мени өз колуңуз менен атып таштоону кааларсыз?
Кыз анын сөзүн уккан жок көрүнөт: ал ордунан жеңил гана чапчаң туруп, бар күчү менен кумдуу жерди тепкилей баштады.
— Бутум уюп калды,— деди ал күлүп, эми жигиттен көзүн ала качпай.
— Сиз өтө адепсиз иш кылып жатасыз,— деди Френсис кыздын ачуусун келтириш үчүн. — Сиз сөзсүз мени агаңызды өлтүргөн адам деп ойлойсуз.
Леонсиянын жүзүнөн күлкү качып, кумсара түштү. Кыз жооп берген жок, эңкейин, ачуусунан титиреп турган колдору менен бутун күйгүзүп бараткан немеден бетер жоолукту чечүүгө умтулду.
— Келиңиз, мен жардамдашып коёюн,— деп кичи пейилдик менен сунуш кылды Френсис.
— Сиз жырткычсыз! — деп кыйкырды кыз ачуулу. — Ары туруңуз. Мага көлөкөңүз тийип жатат.
Эми абдан сулуу, татынакай болуп калдыңыз,— деп Френсис мыскылын уланта берди, ошону менен бирге кызды аз жерден бооруна кысып жибербей, өзүн араң кармап турду. — Жээкте биринчи жолу көргөндө кандай болсоңуз, азыр да так ошондойсуз: ошондо бирде мени эмнеге өппөйсүң деп зекисеңиз, анан кайра өзүңүз мени өпкүлөй баштагансыз — ооба, ооба, өпкөнсүз. Ошол эле мөөнөттө күмүш оюнчугуңузду кезеп, мени тиги дүйнөгө жөнөтмөкчү болгонсуз. Жок, сиз ошондон бери кылдап да өзгөрбөпсүз. Сиз дагы эле Леонсия деп аталган вулкандын өзүсүз. Келиңиз, андан көрө жоолукту мен чечип коёюн. Бекем байланганын көрбөй турасызбы? Жоолукту бул татынакай колдоруңуз менен эч качан чече албайсыз.
Леонсия унчукпай жер тепкиледи.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 21:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Менин жолум болгон экен: киринүүгө барганда тапанчаңызды алып жүрбөйт экенсиз,— деп Френсис анын жинине тийүүнү уланта берди,— болбосо сизге карата жакшылыктан башка мамилени билбеген жигиттин сөөгүн ушул жерге көмүүгө туура келет эле.
Ар жактан индей бала Леонсиянын халатын алып келди, кыз шашылып халатын кийди, анан баланын жардамы менен кайрадан жоолукту чечүүгө умтулду. Акыры жоолук чечилди, кыз аны уулуу жыландан бетер алыс ыргытып жиберди:
— фу, кандай жийиркеничтүү нерсе!—деп кыйкырды ал, Френсисти ызалоо үчүн.
Френсис дагы эле анын сулуулугуна азгырылып кетпес үчүн өзү менен өзү алышып, акырын башын чайкады.
Бул сөздөрүңүз сизге эч кандай жардам бере албайт Леонсия,— деди ал. — Сизге тамга басып койдум, ал эч качан кетпейт,— деп Френсис кыздын тизесинин үстүндөгү бычак менен тилинген жерди көрсөтүп, күлүп жиберди.
Жырткычтын тамгасы,— деди кыз тескери карап кетмекчи болуп, анан жигитке бурулду. — Мистер Генри Морган, сизди эскертип коёюн, экинчи жолу мага жолугуучу болбоңуз.
Френсис бир кадам алга басып, анын жолун тороду.
— Мисс Солано, эми иш жөнүндө сүйлөшүп алалы,— деди ал олуттуу үн менен. — Сиз да мени угуп туруңуз. Көзүңүздү каалашыңызча акыраңдата бериңиз, бирок өтүнөмүн, сөзүмдү бөлбөңүз. — Ал эңкейип жерден өзү жазып бүтө элек катты алды. — Сиз кыйкырып жибергениңизде ушул катты баладан берип жибермекчи болуп турган элем. Алып, окуп көрүңүз. Сизди чагып албайт. Ал уулуу жылан эмес.
Леонсия катты колуна алуудан катуу баш тартса да, көзү ыктыярсыз биринчи саптарга түштү.
«Мен ошол сиз Генри Морган деп ойлогон кишимин...»
Кыз аңгемелешип жаткан кишиге карады. Анын коркунуч бийлеп алган көздөрүндө көп нерселерге түшүнбөй жатканы сезилип турса да, андан да көп нерселерге акылы жеткени билинип турду.
— Чын сөзүм,— деп олуттуу сүйлөдү Френсис.
— Сиз... сиз... Генри эмессизби?— Буйдалып сурады кыз.
— Жок, мен Генри эмесмин. Мүмкүн катты алып окуп чыгарсыз.
Кыз баш ийип, катты окуй баштады, Френсис болсо кыздын тропиканын күнү тотуктурган жүзүнө тигилди. Тропиканын ысыгы адамдын денесин гана ысытпастан, канын да ысытып жиберет, а мүмкүн Леонсиянын жүзүнө алтын сымак түс берген да ошол кандын ысыгыдыр.
Френсис уйкудан жаңы ойгонгон кишиден бетер, окусунан кыздын элеңдеген, өтүнүчтүү жалжылдай караган кой көздөрү менен өзүнө тигилип турганын байкай койду.
— Бул каттын астында кимдин колу болушу керек эле?— деп Леонсия андан экинчи ирет сурады.
Жигит өзүнө келип, баш ийип жүгүндү.
—Ысмыңызчы? Сиздин ысмыңыз ким?
— Морган, Френсис Морган. Катта жазганымдай, биз Генри менен алыс тууган же үч- төрт ата өтүшкөн тууган болушубуз керек.
Френсисти таң калтырып, кыздын көзүндө ишенбегендик пайда болду жана кайрадан ачуусу келгени байкалды.
— Генри,— деди кыз жемелүү,— бул алдамчылык, митайымчылык! Сиз мени келеке кылып жатасыз. Албетте сиз Генрисиз.
— Френсис мурутун көрсөттү.
— Сиз ошондон кийин мурут койгонго үлгүргөнсүз, деп бош келген жок кыз.
Ошондон кийин Френсис жеңин түрүп, билегин көргөздү. Бирок муну менен эмнени далилдемекчи болуп жатканын түшүнбөгөн кыз, Френсисти таңданып карап тура берди.
— Колдогу такты эстей аласызбы?— деп жигит кыздан сурады.
Кыз ооба дегендей башын ийкеди.
— Андай болсо таап көрүңүзчү.
Кыз башын ийип жигиттин билегине көз салды да, акырын баш чайкады.
— Мен...— деди ал мукактанып, — мени кечиришиңизди суранам. Бул кечирилгис ката. Сизге мен өтө жаман мамиле жасадым...
— Сиз мени эң сонун өптүңүз,— деди жигит жаш балдардай шоктугу кармап.
Бирок кыз бир аз мурда эмнелер болгону оюна түшүп, тизесин карады да, жигитке ал жакшынакай күлкүсүн араң жашыргандай сыяктанды.
— Генринин алдынан тапшырма менен келдим дедиңизби?— деп сурады кыз, капысынан сөздүн мазмунун башка жакка буруп. — Кандай дедиңиз? Ал күнөөлү эмеспи?.. Ушул чынбы? Ох, мен сиздин ушул сөздөрүңүздүн чың болушуп каалар элем!
— Агаңызды өлтүрүүдө мен канчалык күнөөлүү болсом, Генринин да ошончолук күнөөлүү экенине толук ишенем.
— Андай болсо башка эч нерсе сүйлөбөй туруңуз, жок дегенде азырынча сүйлөбөй туруңуз,— деди кыз кубанычтуу анын сөзүн бөлүп. — Кээ бир сөздөрүңүз менен кылыктарыңызды өзүңүз деле тана албастырсыз, эң оболу сизден кечирим сурап коёюн, ошентсе да сиздин мени өбүүгө акыңыз жок эле.
— Эгерде эсиңизден чыгып калбаган болсо,— деп каршы сүйлөдү Френсис,— сиз мага тапанча октоп өбүүгө аргасыз кылгансыз. Балким ошондо сизди өппөй койсом, мени атып ташташыңыз мүмкүн эле.
— Ох, токтотуңуз, суранам, токтотуңуз! —деп безеленип жиберди кыз. — Эми мени менен үйгө жүрүңүз, жолдо мага Генри жөнүндө сүйлөп бересиз.
Кыздын көз кыры капысынан баякы өзү жек көрүп ыргытып жиберген кол жоолукка түштү. Чуркап барып аны жерден алды.
— Байкуш жоолук, сени капалантып коюшту ээ,— деди ал үйрүлө.—Сенден да кечирим сурайм. Сени өзүм жууп...— ал Френсисти карады,— сэр, сизге таптаза кылып, жүрөгүмдөн чыккан алкышка чайкап кайырып берем...
— Жырткычкабы? — деп сурады Френсис.
— Мени кечириңиз, өтүнөм,— деди кыз ыңгайсызданып.
— Эми сизге көлөкөм түшүп турушуна уруксат бересизби?
— Ооба, албетте?—деди кыз кубанычтуу. —Мына көрдүңүзбү: мен сиздин көлөкөңүзгө өттүм. Жүрүңүз эми.
Аларды көрүп кубанып кеткен индей балага Френсис бир песо берип, Леонсиянын артынан көңүлү көтөрүңкү басып кетти. Канжыга жол калың тропикалык чөп— чарларды аралап өтүп, аппак асьендага алып барат экен.
Альварес Торрес Солано асьендасынын кенен терассасында олтурган. Ал коюу бадалдардын арасындагы ийри— буйру аллеядан үйгө жакындап келаткан жаштарды көрдү. Анын көргөндөрү тишин кычыратууга жана жаңылыш жыйынтык чыгарууга мажбур кылды. Ал өзүнчө тилденип, жини келгендиктен колундагы сигаретасынын өчүп калганын да туйган жок.
Торрес айланасындагы болуп жаткан кыймылды унутуп коюп, ынтымактуу маек куруп келаткан эки жашты көрдү. Френсистин бир нерсени далилдемекчи болуп колун жаңсап сүйлөп келатканын, жанындагысынын суранычынан жибип кеткен Леонсиянын токтоп калганын да көрдү. Френсис чөнтөгүнөн шакек чыгарганын, Леонсия болсо тескери карап туруп сол колун узатканын жана манжасына, так эле нике шакеги тагыла турган манжасына, шакек тагууга уруксат бергенин көрүп туруп, Торрес өз көзүнө өзү ишене албады.
Чындыгында — Френсис Генринин белегин Леонсиянын манжасына тагып койду. Леонсия эмнелигин өзү да түшүнбөй, бул белекти анча каалабай алды.
Торрес өчүп калган сигаретасын, ушинтсе эле кандайдыр жеңилдене түшчүдөй, ачуулуу ыргытып жиберди. Анан мурутун чыйратып, террассага чыгып келаткан жаштарды утурлай басты. Ачуусунан жүзү кызарып, кыздын айткан саламына да алик албай, Френсиско асыла кетти.
— Киши өлтүргүчтөн, албетте, өз кылмышынан уялышын күтүү кыйын, бирок ал жок дегенде адептүүлүктү сактаса түзүк болор эле!
Френсис мыскылдуу күлдү.
— Мына, дагы башталды,— деди. — Бул шайтандар өлкөсүнүн дагы бир акмагы. Леонсия акыркы жолу мен бул жентльменди Нью-Йоркто көргөн элем. Анда мени менен бир ишке катышууга даярдыгын билдирген болчу. Эми аны бул жерде жолуктуруп олтурам жана мага биринчи жолу айткан сөзү — мен эң пас, жаман, уятсыз, киши өлтүргүч имишмин.
Сеньор Торрес, сиз кечирим сурашыңыз керек,— деп сөзгө аралашты ачуусу келген кыз. — Соланолордун үйүндө конокко тил тийгизүү адат боло элек.
— Андай болсо, Соланолордукуна келген авантюристтер, алардын үй-бүлөсүндөгү кишилерди өлтүрө берсе болот экен да,— деди ал кыздын сөзүнө жооп иретинде. — Албетте, меймандостук үчүн чалууга болбой турган курмандык жок дечи.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 21:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Өзүңүздү колго алыңыз, сеньор Торрес,— деп кичи пейилдик менен кеңеш берди Френсис. — Сиз аша чаап баратасыз. Кемчилигиңиз эмнеде болуп жатканын далилдеп беремин. Сиз мени Генри Морган деп ойлоп жатасыз. Мен болсо Френсис Морганмын, сиз менен жакында эле Нью-Йорктогу Ригандын кабинетинде жолугушканбыз. Мына сизге менин колум, келиңиз көрүшөлү. Азыр болгон ыңгайсыз шартка сизден башкача кечирим суроону талап кылбайм.
Жаңылыштык кетиргенинен эң оболу өзүн жоготуп койгон Торрес Френсистин колун кысып, аны менен Леонсиядан эбилип— жабылып кечирим сурады.
— Эми,— деди кыз жадырай күлүп, кызматчы аялды чакыруу үчүн алаканын чапты. — Мистер Морганга жай көрсөтүп, өзүм кийимимди алмаштырып алышым керек. Ошондон кийин, сеньор Торрес, эгер ырайым этсеңиз, сизге Генри тууралуу сүйлөп беребиз.
Леонсия өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. Френсис татынакай жаш метис кызматчы кыздын артынан өзү үчүн арналган бөлмөгө жөнөдү. Торрес болсо бул убакыттын ичинде бир аз өзүнө келди, бирок ага карабай анын таңдануусу менен ачуусуна чек жок эле. Ошентип, Леонсия бул келгинди, таптакыр бейтааныш кишини күйөөсү сыяктуу колуна шакек салдырып коюшуна уруксат бериптир да. Торрестин мээси тез жана катуу иштей баштады. Ал кыялында жүрөгүнүн жалгыз ээси деп жүргөн Леонсия, бир заматтын ичинде минтип кайдагы бир бөлөк жерден келген неме менен, Нью-Йорктук гринго менен шакек салышып олтурса! Ишенбейт! Мүмкүн эмес!
Ал алаканын чаап, Сан-Антониодон жалдаган экипажды келтирүүнү буюрду! Френсис Морган чалдын казынасы кайсы жерде экенин тактап сүйлөшүү үчүн Торрес турган жерге бет алганда, анын экипажы дарбазадан чыгып бараткан эле.
Эртең мененки тамактан кийин Френсис шамалдын жүрүшү өзгөрүп, жел жээктен деңизге карап сого баштаганын туйду. Демек Чирикви көлүн кесип өтүп, жээк бойлоп Бука жана Музоо аралдарына тез жетип алууга болот. Генри берген шакек Леонсиянын колун кайрадан кооздоп тургандыгы жөнүндөгү кабарды ага тезирээк жеткирүү максатында, кыздын бүгүн жатып калып, Энрико Солано жана анын балдары менен таанышуу жөнүндөгү сунушун кабыл кыла албады. Френсистин тез жөнөп калышына дагы бир себеп бар эле: ал Леонсия менен көпкө чейин бирге тура албайт болчу. Кыз менен бирге туруу ал үчүн көңүлсүз болгондуктан эмес, тескерисинче: кыз аны өзүнө тартып, эркин ушунчалык бийлеп алган эле; азыр Бука аралында казына издеп жүргөн таар шымчан адамга берген сөзүнүн өтөсүнө чыгыш үчүн кыздын өзүнө тарткан сулуулугунун алдында өзүн кыйнап көп турбай тезирээк жөнөшү керек.
Ошентип Френсис Леонсиянын Генриге жазган катын чөнтөгүнө салып, жолго түштү. Коштошуу узакка созулган жок. Леонсия кантип оор үшкүрүп жибергенин да сезбей калды, жигит аны калтырып, аллея менен жөнөп кетти. Кыз анын карааны көрүнбөй калгыча артынан карап турду. Анан манжасында жаркырап турган шакекти белгисиз бир чочулоо менен карады.
Френсис жээкке жетип, якорь таштап турган «Апжеликага» кайык жиберүү жөнүндө белги берди. Бирок матростор кайыкты сууга түшүрүүгө үлгүрө элегинде токойдон тапанча тагынган, мылтыктарын туура өңөрүп алып, Френсисти көздөя чаап келаткан алты атчан көрүндү. Экөө алдыда келе жатты. Алардын бири Торрес экенин Френсис жазбай тааныды. Калган төртөөнүн кебетесинен каракчылыктын белгиси даана байкалып турду. Баары мылтыктарын алып Френсисти мээлеп калышты. Эми Френсистин колуңду көтөр деп кыйкырган бейтааныш башчыга баш ийүүдөн бөлөк аргасы калбады.
— Капырай,— деди Френсис,— жакында эле, же бул мындан миллион жыл мурдабы?— бир доллардан коюп бирдж ойногонду эң жакшы көңүл ачуу деп эсептечүмүн. Азыр болсо капысынан, мырзалар, сиздер келип мылтык кезеп турасыздар. Балким эмне экенин мага да түшүндүрөсүздөр? Бул жээктен дайым эле мылтык үндөрүнүн астында жөнөймүнбү? Сиздерге эмне керек: менин кулагымбы, же мурутумдун өзү эле жетеби?
— Бизге сен өзүң керексиң,— деп жооп берди бейтааныш башчы, анын муруту типтик болуп, ойноктогон капкара көздөрү каардуу жалтырады.
— Адам Ата, Умай Эне жана бардык татынакай макулуктардын урматы үчүн айтыңыздарчы, сиздер кимсиздер өзү?
— Бул урматтуу сеньор Мариано Верхара-и-Ихос, Сан-Антонио полициянын башчысы, кыскасы — шеф,— деп жооп берди. Торрес.
— Ишим бүткөн экен!— Френсис бул кишини Генри кандай сүрөттөп бергендигин эстеп күлүп койду. — Сыягы Мени бул жерге якорь таштап, кемелер токтошу жөнүндөгү кандайдыр бир эрежени, же санитория комиссиясынын чечимин бузду деп ойлоп жатсаңар керек. Бирок бул жөнүндө менин капитаным — урматтуу жентльмен, капитан Трефэзен менен сүйлөшүңүз. Мен болсо бар болгону кемени жалдаган киши, жөнөкөй жүргүнчүмүн. Капитан Трефэзендин деңизде сүзүшү жана кемелердин порттордо токтошу жөнүндөгү закондорду эң мыкты билерине сөзсүз ишенесиздер.
— Сиз Альфаро Соланону өлтүргөндүгүңүз үчүн жооп бересиз,—деди Торрес. — Генри Морган, сиз асьендада мен башка адаммын деген сөздөрүңүз менен мени алдай албадыңыз. Мен ошол сиз айткан башка адамды тааныймын. Анын аты Френсис Морган, ушуну сизге батынып айтышым мүмкүн, ал киши адам өлтүргүч эмес, жентльмен адам.
— Оо түбү терең деңиз кудайлары, анын балык жана чабактары! — деп кыйкырды Френсис. —Сеньор Торрес, жакында эле колумду кысып, кечирим сурабадыңыз беле.
— Мен алданып калган эменмин,— деди Торрес жүзүнө кайгылуу түс берип,— бирок бар болгону бир нече минутага. Кана, жакшылыкча баш ийесизби?
— Мен ушуну анык...— Френсис өзүнө сунулган алты мылтыкка карады да, далысын куушуруп койду. —Менин оюмча, сиз мени pronto менен соттоп таң атканда дарга асарсыз?
Панамада адилет сотту күтүп отурушпайт, — деп жооп берди полиция башчысы англисче; ал англис тилин бир топ түшүнүктүү, бирок акцент менен сүйлөдү. — Арийне, анчалык тез аспайбыз, эң жакшысы эртелеп саат ондо — ушинтсек баарына ылайыктуу болор. Сиз кандай дейсиз?
— Билгениңизди кылыңыз,— деп жооп берди Френсис. — Он бирде асасызбы, он экиде асасызбы — мага баары бир.
— Артыбыздан жүрүңүз, сеньор,—деди Мариано Верхара-и-Ихос жумшак үн менен, бирок анын үнү кара ниеттигин жашыра албады. —Хуан! Игнасио! Аттан түшкүлө!— деп буюрду ал испанчалап. — Анын куралын алгыла! Жок, колун байлабагыла. Грегорионун артына учкаштырып койгула.
Френсисти бышпаган кирпичтен тургузулган, дубалынын калыңдыгы бир жарым метр келген, жакшылап акиленген камерага түртүп кийирди; алты пеон19— арестант жерде жатышат. Френсис кандайдыр балтанын күңүрт үнүн угуп, азыр эле бүткөн сотту эстеди да, акырын ышкырып койду. Бул мезгил кечки саат сегиз жарым болчу. А сот болсо саат сегизде башталган. Эми минтип жарым саат өтпөй, балталар тарсылдап жатат — демек дар тургузулууда, эртең саат ондо мойнуна сыйыртмак салып аны дарга асышат. Сот бар болгону отуз минутага созулду Френсистин эсебинде. Залга Леонсия жулунуп кирид келип, судьялардын көңүлүн өзүнө бурбаганда, иш жыйырма минутада эле бүтмөк.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 21:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Соланолордун үй-бүлөсүнөн болгондуктан судьялар ага урмат көрсөтүшүп он минут убактыларын кетиришти.
«Шеф туура айтыптыр,— деген жыйынтыкка келди Френсис өз оюнда. — Чын эле Панамада сот тез болот экен».
Френсистин чөнтөгүнөн Леонсиянын Генри Моргандын наамына жазган катынын табылышы аны өлүм жазасына алып келип койгон эле. Калган иштер тез эле чечилди. Беш-алты күбө, анын адам өлтүргөндүгүн касам ичип далилдешти. Полиция башчысы да алардын сөзүн кубатташты. Карылыгына байланыштуу калчылдап калган Солано тай эже менен Леонсия капысынан пайда болгондо, Френсистин көнүлү көтөрүлө түштү. Кызды көрүп, ар кандай аракеттин пайдасыздыгына карабай, анын өмүрү үчүн жан күйдүрүп күрөшкө чыкканын ойлогондо, Френсистин жүрөгү кубанычтан сокпой калгансыды.
Леонсия алгач Френсиске жеңин түрүп, сол билегин көрсөтүүнү сурады. Дал ошол мөөнөттө Френсис полиция башчысынын жек көрүү менен далысын куушурганын көрдү. Андан кийин Леонсия Торрес турган жакка кайрылып, бир нерсени далилдемекчи болуп, испан тилинде толкунданып суйлөй баштады. Ал абдан тез сүйлөп жаткандыктан эмне дегенин Френсис түшүнгөн жок. Торрес сөз алганда, зал толтура эл колдорун жаңсагылашып, ызы-чуу түшүп жаткакын көрүп, угуп турду.
Бирок Торрес, күбөлөр учүн ажыратылган орунга элди аралап өтөрдөн мурда, полиция башчысы менен бир нерсе жөнүндө шыбырашып алганын ал көрбөй калды. Торрес Ригандан акы алып турарын, Френсисти Нью-Йорктон узакта мүмкүн болушунча көбүрөөк кармап туруш үчүн, эгер мүмкүнчүлүк болсо түбөлүк алып калуу үчүн Риган акча төлөп жаткандыгын билбегендей эле, бул көз боёмочулукту да көрбөй калды. Торрестин Леонсияны жакшы көрөрүн жана ар кандай жүзү каралыктарга түртүүчү көрө албастык отуна куурулуп жүргөнүн да Френсис билбейт болчу.
Ушул себептүү Торрес Леонсиянын суроолоруна жооп бергенде кандай максатты көздөгөндүгүн Френсис түшүнгөн жок. Леонсия болсо Торрести Френсис Моргандын сол колунда тырык бар экендигин эч качан көрбөгөндүгүн моюнга алууга аргасыз кылды. Леонсия судья чалга жеңиштүү карады, бирок полиция башчысы алдыга чыгып, Торреске жакын келди да, күркүрөгөн жоон үн менен:
— Генри Моргандын колунда тырыгы бар экендигин кергөнмүн деп, касам иче аласызбы?— деп сурады.
Уялгандан өзүн жоготуп койгон Торрес судьяга, анан Леонсияга элейе карады да, бул жөнүндө касам иче албастыгын билдирип, баш чайкады.
Зал толгон самтыраган кийимчен адамдар шаңдуу кыйкырышты. Судья өкүмдү угузду. Ызы-чуу күчөдү жана комиссар бир нече жандарм менен бирге каршылыксыз баспаган Френсисти залдан шашылыш алып барып, камерага камады, алар көрүнүшүнөн киши өлтүргүчтүн жазасын бериш үчүн эртеңки саат онго чейин күтүүнү каалабаган элден Френсисти куткарып калууга аракет кылышкан сыяктуу.
«Генринип колундагы тырык жөнүндө сураганда, байкуш Торрес өзүн жоготуп койду го» деп боору ачып ойлоду Френсис; аңгыча болбой кулпу шарактап, камеранын эшиги ачылды да, босогодон Леонсия көрүндү.
Френсис аны утурлап тосуп чыкты. Бирок кыз анын саламына жооп бербей, артына карап, өзү менен келген комиссарга кол силкип катуу-катуу сүйлөй баштады. Комиссар анын сөзүнө сыягы көндү окшойт, сакчыга кайрылын пеондорду башка камерага алып барууну буюруп, өзү Леонсиядан кечирим сурагандан, эмнегедир туталана таазим кылды да, тышка чыгып, эшикти жапты.
Өзүн араң кармап турган Леонсия ошондон кийип гана сезимине эрк берди: ал Френсистин кучагына жыгылды, жигиттин көкүрөгүнө башын жөлөп, ыйлап жиберди.
— Каргыш тийген өлкө! Каргыш тийген өлкө! Мында адилеттүүлүк деген жок!
Френсис өзүнүн тынчын алган кыздын ичке белинен кучактап туруп, жылаң аяк, таар шымчан жана кыры бүктөлгөн сомбреро кийип, кумду көктүк менен казып жаткан Генрини эстеди.
Леонсияны жүрөгү менен каалап турса да, анын кучагынан чыгып кетүүгө аракеттенин, бирок чыга албады. Френсис өзүн токтотуп, албуут сезимге жеңдирбей, акыл жүгүртүп сүйлөй баштады.
— Эми мен кур дегенде, алдын ала келишип алуу эмне экенин билип калдым,— деди ал, жүрөгү кызга таптакыр бөлөк сөздөрдү айт деп жатса да. — Мекендештериңиз кызуу кандуулуксуз жайбаракат ойлонуп иш кылышканды билишкенде, алар эчак эле темир жолдорду куруп, өз мекенин өнүктүргөн болор эле. Мобул болуп өткөн сотту караңызчы, бүтүндөй кызуу кандуулук жана сүйлөшүп алышкандык менен өттү. Соттоп жаткан адамдар мени мурдатан айыптуу деп билчү, алар мени аябай жазалагылары келип жүргөн, ошондуктан менин күнөөлүү экендигимди билгизчү далилдерди, же айыпталуучунун кимдигин аныктоону да каалаган жок. Сотту создуктуруудан эмне пайда? Генри Морган Альфарону бычак менен сайганын алар билишчү. Менин Генри Морган экенимди да билишчү. Ал эми бардыгын билген соң текшерип убара болуунун кереги эмне?
Леонсия бул сөздөргө кулак салбай, дагы эле ыйлап аны кучактоого аракеттенип жатты. Френсис сөзүн аяктар менен, кыз анын боруна ыктап, башын анын көкүрөгүнө койду, эринин тигинин эринине чаптады, Френсис бир маалда кызды кучактап өбө баштаганын өзү да сезбей калды.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 21:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Сүйөм сени, сүйөмүн!— деп ый аралаш шыбырап жатты кыз.
— Жок, жок!— деди жигит өзү үчүн эң асыл кызды ары түртүп. — Мен Генриге абдан окшошмун. Анткени, сиз Генрини сүйөсүз, а мен Генри эмесмин
Кыз Френсистен бошонуп, манжасынан Генринин шакегин чыгарды да, жерге ыргытты. Муну көрүп Френсис өзүн жоготуп койду: эгер ушул минутада колуна саатын кармап комиссар кирип келбегенде, эмне болуп кетерин Френсис билбейт эле. Комиссар башын көтөрбөй, ал үчүн ошол саатынан бөлөк ааламда эч нерсе жоктон бетер анын жебесин карай берди.
Леонсия боюн сыймыктуу түзөдү, бирок Френсис Генринин шакегин кайрадан анын манжасына тагып, коштошуп жатып колун өпкөндө, кыз ыйлап жибере жаздады. Ал босогого жеткенде артына кайрылып: «Сени сүйөмүн!» деп күбүрөдү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   belka   01 Май 2016 - 21:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

* * *
Саат онго акыркы коңгуроосун какканда Френсисти дар орнотулган түрмөнүн короосуна алып чыгышты. Бул жерге Сан-Антонио жана анын айласындагы айылдардан адамдар чогулган эле; эл толкунданып көңүлдөрү көтөрүңкү. Леонсия, Энрико Солано жана анын эңгезердей беш баласы да ушул жерде. Анын атасы менен агаларынын кыжыры кайнап, бир жерде токтоно албай жүрүшөт, бирок комиссардын жетекчилигиндеги жандармдардын ортосунда турган полиция башчысы камырабайт. Френсисти дар түбүнө алып келишкенде, Леонсия анын жанына баруу үчүн тыгыз турган адамдарды аралап өтүүгө кылган далалаты текке кетти. Бир туугандарынын аны короодон чыгарып жиберүүгө жасаган аракети да пайда бербеди. Атасы менен агаларынын адилет сот издеп жүргөн киши Френсис эместигин билдирген нааразылыктарынан эч пайда чыккан жок. Полиция башчысы Мазактагандай ырсайды да, ишти баштоону буюрду.
Френсис секичеге көтөрүлүп, дарга чыгыш үчүн коюлган тепкичке кадам койгондо, анын жанына поп келди; бирок Френсис чокунуудан баш тартты; ал испан тилинде; күнөөсүз адамдар асылса ал башка бирөөнүн сыйынуусуз эле бейишке барат, андан көрө мени дарга асып жаткандар чокунушсун, деп жооп берди.
Френсистин буту-колуп байлап, башына чүмкөмө киргизип, мойнуна сыйртмакты эми эле салаарда, капысынан түрмө дубалынын артынан жакындап келе жаткан ырчынын үнү угулду:
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
Алдастаган Леонсия бул үндү угаары менен өзүнө келип, жолун тосуп турган сакчыларды түртүп-түртүп жиберди да Генри Морганды көрүп, кубанганынан кыйкырып жиберди.
Генринин келгенин бир гана Торрес жактырган жок, .бирок толкунданган көпчүлүк муну байкабады. Полиция башчысы ийнин куушуруп, бул эки кишинин кимиси болсо да мейли, иши кылып дарга ассам болду, деп жарыялаганда, карап турган адамдар каршылык кылышкан жок.
Анын ордуна Солано үй-бүлөсүнүн бардык эркектери Альфаронун өлүмүндө Генри Моргандын да күнөөсү жок деген нааразылык билдирүүгө кулак салар киши болбоду. Бирок иштин түйүнүн Френсис чечти: ал колу-буту байланган тейден дар түбүндө туруп, элдин чуулдагын басып кыйкырды:
— Сиздер мени соттодуңуздар! Аны соттогон жоксуздар! Адамды соттобой туруп аса албайсыздар! Оболу сот болушу керек!
Френсис дардын секичесинен туруп, эки колдоп Генринин колунан кармады, бирок анын колун кысууга үлгүрө элегинде комиссар менен полиция башчысы келип, бардык закондорго баш ийгенсиген көрүнүштө, Альфаро Соланону өлтүргөн деген күнөө менен, Генри Морганды камакка алды.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 07:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: