Махабатым - индиялык жигит!
#21 14 Май 2017 - 11:53
Өз мекениңизге келип, КЫРГЫЗЫМДЫН КЫМЫЗ ЖЫТТУУ эр жигиттин эле колуну кармаңызчы.
Кыргызстанда да ата энеси, өзү жакшы адамдар тооооолтура.
Кыргызстанда да ата энеси, өзү жакшы адамдар тооооолтура.
#23 14 Май 2017 - 12:38
Көзүңүздү май баскыдай 18 жаштагы секелек эмессиз го.
Эми бул жерде сиздин жашооңузду эч ким түшүнбөйт. Өзүңүз акыл калчап иш кылың.Кийин өкүнбөгүдөй болуп. Биринчи Сажжадыңыз мусулман болсун.
Кантип мусулман эместер мн жашаганды каалайсыз түшүнбөдүм.
Эми бул жерде сиздин жашооңузду эч ким түшүнбөйт. Өзүңүз акыл калчап иш кылың.Кийин өкүнбөгүдөй болуп. Биринчи Сажжадыңыз мусулман болсун.
Кантип мусулман эместер мн жашаганды каалайсыз түшүнбөдүм.
#24 14 Май 2017 - 12:39
Ал жакта мекенди сагынып, олло куса болосуз. Айтор жакындарыныздын жанында эле турмушка чыкканыныз жакшы!
#25 14 Май 2017 - 12:40
Уй булодо казан аяк кагышат, ошондо окуносуз эмнеси болсо кыргызга тийбей деп.
#26 14 Май 2017 - 12:45
Азыркы жылуу мамилесине ишенбей эле коюнуз, жашоо турмуш кургандан кийин башталат!
#27 14 Май 2017 - 13:15
Ушул чет өлкөлүктөргө турмушка чыгам деген кыздарга эч түшүнбөйм, чынында.Өзүбүздө деле бир жакшынакай жигиттер барго.Кудайга тообоо кылдым, элестетип атам кызым индиялыка тием деп отурганын.Не деген азап тозок мн баланы баксаң, каяктагы бир ата бабаң көрбөгөн жерде калам десе, түшүнбөйм, түшүнгүм дагы келбейт экен. Сүйүү деп эле бир жолу, эмне бп баратышат айрым жаштар.Ата энени ойлогулачы эң оболу,айланайындар.
Ал сага беш алты жолу гүл жөнөтүп койсо,арбалып отурасың,апаң түн уйкусунан кечип, эмне деген үмүттөр мн чоңойтту сени.Бошошпой,
ачыгын айт Сажжадыңа,ата энем көнбөйт деп.
Билдирүүнү түзөткөн: zzari-83: 14 Май 2017 - 13:16
#28 14 Май 2017 - 13:27
Менен кичуу экенсин сен дейин шашылба уйуно кел апана айт кийин окунуп калба жашоо оор.сажжадын кызганчаак болсо салты оор болсо кийин кыйналып каласын турктордо кызды узака бербесекен деген ырын угуп таасирленгем кыргызгале тийчи ойуну кенееееен айтып жашайсын сен апаныда ойло
#29 14 Май 2017 - 13:32
Жон эле койсончу. Ата-эненди кыйнабай. Суйуу отуп кетет чыдасан. Андан коро кыргыз балдарга тийгинин
#30 14 Май 2017 - 13:47
Козун жетсе туболук жашап кетууго тийе бер. Кылбай окунгондон коро кылып окунгон жакшы. Коп чет олколуктор мн бактылуу болуп жашагандар деле. Кыздар коро албай жигиттер кызганып калп эле тиги бу дей беришет. Сен жашоо озундуку. Суйгонун менен бир болуу кандай жакшы. Дагы кээ бирлер жазып коёт "суйгонум мн жердин тубуно да кетууго макулмун"
деп. Мындай темаларга келгенде Кыргызстанды сагынып калышат алыс болуп калат. Лично мен колдойм жакшы адам болсо колдон чыгарба. Кыргыз жигиттеринин арасынан сага ылайыгы табылабы табылбайбы белгисиз. Бешенене ошону суйуу деп жазыптыр. Канчалаган кыргыз жигиттер кыздар журобуз мына суйуу таппай ал жакса сен жакбайсын сен жаксан ал жакбайт болуп. Индия Пакистанга тийген орус кыздар деле бар. Индияда аял азыраак жетишбейт. Аялды жакшы эле сыйлашат менимче. Кыргызстанга барып жашасанар деле болот. Америка Корея ж.б дан коро Индия Кыргызстанга жакын эле го Тажикстандын Ооганстандын бир бурчунун ары жагы Индияда.
#31 14 Май 2017 - 14:15
#32 14 Май 2017 - 14:15
Жакшысы Кыргызстанга келип ушул жакка эле келип турмушка чык ата энен бир туугандарын жанында болот жакшы жаман кундорундо.
Суйуу кыйналасын башында бара бара конуп кетесин ал жакта калбайле кой.
#33 14 Май 2017 - 14:19
Койчу индусту.Жогорудагы Нурмухаммадга толугу менен кошулам.Жашоо турмуш никеден кийин башталат.Өмүр бою ушундай романтик болуп,ушундай көзүңдү карап өтпөйт.Ысык суугу болот.Жеке мен тууганымдын индияда бирөөнүн этегин кармап калып кетишин каалабайт элем.
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
#34 14 Май 2017 - 15:01
love.me.again (14 Май 2017 - 00:43) жазган:
Салам байкелер , эжелер. Баарыныздарга Индиядан салам айтам. Жакшы турасыздарбы?
? Мен ичимдеги бир сырымды айтып женилдеп кенеш деле сурасам болчудай.Себеби аябай кыйын учурдамын. Суйуу деген ушундайбы озу? Эч качан бироону катуу суйуп коргон жок элем. Азыр суйуунун азабын тартып атам. Мени урушпай жаман соз айтпай эле жазгылачы. Негативди жазбай эле койгулачы сураныч. Ансыз да маанай жокто. Байкелер карындаштай коруп эдекелер синдидей коруп кенеш бергилечи. Алыс жакта журом маанай жок суйуунун азабын тартып. Жакшы эле суйлоп кенеш бериниздерчи.
Негатив соз уккун келбесе, жалан "оо бактылуу бол, кошконун менен кошо кары, сага суктанабыз, азаматсын" деген соз уккун келди беле?!!
Журону КЫРГЫЗ деп соккон ар бир кыргыз сенин айткандарынды колдобойт. Бирок жашоо сенин, чечим сенин... Мага десе тиймектен отуп кет. Негизи эле женил ойлуу, ыйман, намыс деген тушунугу жок, акылы кем кыргыз кыздар ото эле кобойуп кетти Кыргызстанда, Россия, Туркияда мигрант болуп жургондор арасында да. Сойкулук менен алектенгендер, башка улуттун эркеги менен зынага батып жургондор канча. Ошолор баары ошол жактарда бир омурго калып кетсе мен каршы эмесмин. Болгону ошол жакта биздин тынчыбызды албай, бир тошу туктууну рекламалабай шук журушсо...
#36 14 Май 2017 - 15:11
CEO (14 Май 2017 - 15:01) жазган:
Негатив соз уккун келбесе, жалан "оо бактылуу бол, кошконун менен кошо кары, сага суктанабыз,
азаматсын"
деген соз уккун келди беле?!!
Журону КЫРГЫЗ деп соккон ар бир кыргыз сенин айткандарынды колдобойт. Бирок жашоо сенин, чечим сенин... Мага десе тиймектен отуп кет. Негизи эле женил ойлуу, ыйман, намыс деген тушунугу жок, акылы кем кыргыз кыздар ото эле кобойуп кетти Кыргызстанда, Россия, Туркияда мигрант болуп жургондор арасында да. Сойкулук менен алектенгендер, башка улуттун эркеги менен зынага батып жургондор канча. Ошолор баары ошол жактарда бир омурго калып кетсе мен каршы эмесмин. Болгону ошол жакта биздин тынчыбызды албай, бир тошу туктууну рекламалабай шук журушсо...
Журону КЫРГЫЗ деп соккон ар бир кыргыз сенин айткандарынды колдобойт. Бирок жашоо сенин, чечим сенин... Мага десе тиймектен отуп кет. Негизи эле женил ойлуу, ыйман, намыс деген тушунугу жок, акылы кем кыргыз кыздар ото эле кобойуп кетти Кыргызстанда, Россия, Туркияда мигрант болуп жургондор арасында да. Сойкулук менен алектенгендер, башка улуттун эркеги менен зынага батып жургондор канча. Ошолор баары ошол жактарда бир омурго калып кетсе мен каршы эмесмин. Болгону ошол жакта биздин тынчыбызды албай, бир тошу туктууну рекламалабай шук журушсо...
Россиядагы туркиядагы сойку кыздар депсиз алардын не тиешеси бар бул жака. Адашып башка бироого жазып алган окшойсуз.
#37 14 Май 2017 - 15:14
cheksiz-oilor-
tajatty (14 Май 2017 - 13:47) жазган:
Козун жетсе туболук жашап кетууго тийе бер. Кылбай окунгондон коро кылып окунгон жакшы. Коп чет олколуктор мн бактылуу болуп жашагандар деле. Кыздар коро албай жигиттер кызганып калп эле тиги бу дей беришет. Сен жашоо озундуку. Суйгонун менен бир болуу кандай жакшы. Дагы кээ бирлер жазып коёт "суйгонум мн жердин тубуно да кетууго макулмун"
деп. Мындай темаларга келгенде Кыргызстанды сагынып калышат алыс болуп калат. Лично мен колдойм жакшы адам болсо колдон чыгарба. Кыргыз жигиттеринин арасынан сага ылайыгы табылабы табылбайбы белгисиз. Бешенене ошону суйуу деп жазыптыр. Канчалаган кыргыз жигиттер кыздар журобуз мына суйуу таппай ал жакса сен жакбайсын сен жаксан ал жакбайт болуп. Индия Пакистанга тийген орус кыздар деле бар. Индияда аял азыраак жетишбейт. Аялды жакшы эле сыйлашат менимче. Кыргызстанга барып жашасанар деле болот. Америка Корея ж.б дан коро Индия Кыргызстанга жакын эле го Тажикстандын Ооганстандын бир бурчунун ары жагы Индияда.
кызына дагын ушундай суйууну каалайсынбы
#38 14 Май 2017 - 15:49
sarbo (14 Май 2017 - 15:14) жазган:
кызына дагын ушундай суйууну каалайсынбы
.
Нормалный адам болсо эмнеге каалабайм каалайм эле. Чет олколук адамдын баары эле жаман болуп калмакбы.
Суйуу дегенди тушунбойсунор Суйуу дегенде адам баарына кайыл болуп калат.
.
.
Нарындык жоокерди издеп келген украин
кызы
.
Экинчи дүйнөлүк согуш Филипптин кызы
Галина Жунусованын тагдырын чийип,
мекенин алмаштырып, азыркы карылыктагы
жашоосун да аныктады. Украин кызы
согушка барган кыргыз жигиттин артынан
тоолуу Нарынга келип, жарым кылым
жашады, Кыргызстанга келгенине туура 65
жыл болуптур.
.
Каз кайтарган украин кызы
.
Галина апа быйыл 87 жашка кирерин,
Украинаны сагынганын айтып аңгемебизди
баштады.
Мекенине акыркы жолу 2013-жылы барып
келген. Экинчи дүйнөлүк согуштун арты менен
Кыргызстанга келин болду. Карылыкка моюн
сунгуча Украинага тынымсыз каттап турган.
Галина Жунусова 1931-жылы Украинанын
Винницк облусунун Казатинск районунда
төрөлгөн. Согуш жылдарында тестиер кыз
эле. Алар жашаган айылда немистер
партизандарды үймө-үй кыдырып издечү
экен:
.
“Ошондон биз немистерди жаман көрүп
калдык да. Бир күн каз кайтарып жүрсөм жүк
ташучу машина менен келип, каздын баарын
автомат менен атып салышты”.
.
Жини менен конторага барган атасы ушунун
айынан бир жылга камакка алынган.
Бир жолкусунда төрт партизанды атканын
көрүшкөн.
Каз кайтарып жүрүп жарылган снаряддан
жарадар болгон аскерди таап, аны ата-энеси
менен эч бир көзгө көрсөтпөй баккан учур да
болгон.
.
“Борборазиялык” аскер менен махабат
.
“ Ээй, Саяк Жунусов деген 1943-жылы согушка
барды. Берлинге чейин жетти. Бердичев
шаарына келип, кызмат өтөп туруп калды. Ал
жерде танк участкасында кызматка калды ”, -
деп улантты сөзүн Галина апа.
.
Танк участкасы Острогго кототрулганда ал
жерде аскер жигиттер болор эле, арасында
нарындык Саяк Жунусов бар.
.
“Острогго мен 1947-жылы педагогикалык
училищеге окууга баргам. 1949-жылы биз
тааныштык. Бийге барчубуз, ал мени узатчу...
Ошентип 1951-жылы 21-апрелде биз никеге
турдук. Өзү кыргыз да, менин колумду
сурады. 1952-жылы Тамара аттуу кыздуу
болдук”.
.
Ата-энесине барышат.
.
“Атам Саяк менен кетүүмө уруксат берген жок.
“Борбор Азия каякта, кандай экенин
билесиңби, ал жака барсаң өлүп жок болосуң”
деди. Саяк кийин чакыруу жиберем деп
Кыргызстанга кетти”, - деп эскерет Галина
апа.
.
Кызынын атасын издеген узак сапар
Чакыруу келгенде Галина Жунусова алты
айлык кызын койнуна кысып, ата-энесине
айтпай, Кыргызстанга жөнөп кеткен. Ал кайсы
күн экенин, ар бир учурун эстеп жүрөт:
.
“Ал мурда кетти да, 14-сентябрда баланы
көтөрүп алып эле мен келдим. Нарын, Ак-
Талаа, Дөрбөлжүнгө келдим”.
.
Өзү азыр минтип 65 жыл өткөндө жай гана
эскерди. Бирок транспорт, байланыш жок,
чоочун жердеги сапарды элестетүү кыйын.
Жолдошунун Нарындан, Ак-Талаа районунан
экенин гана билчү. Ымыркайы менен райондун
борбору Дөрбөлжүнгө келип түшүп, кайда
барарын билбей отуруп калган:
.
“Военкоматка бардым, атын, фамилиясын
айтып ушундай келгенби десем, жок дешти.
Кызымы алып, чемоданым менен кечке чейин
отурдум. Кечинде маңдайында түрмө бар
экен, ошол жака алып барышты. Ал жерде
нөөмөтчүнүн жанында отуруп, кечинде
камалып турган бир орус кыз бар экен ошо
менен түн өткөрдүм. Эртеси эртең менен
кайда барарымы билбей, кайра военкоматка
бардым. Ак-Кыянын селсоветин чакыртышты,
Тентимиш келди. Ал келип Саяк буудай
өткөргөнү Нарынга кетти деди. Тентимиш
менен Үгүткө келдик”.
.
Кайсы бир учурда жолдошу келет. Галина
апанын үнү өзгөрүп, аны өзгөчө кубаныч
менен эстеди:
.
“Аңгыча Саяк келип калса болобу?! Ошо жерде
кучакташып, ал да ыйлап, мен да ыйлап... Төө
менен Нарын суусунан өттүк. Тамараны Саяк
өзү алды. Ак-Кыяга Тентимиштикине келдик.
Анда Моймол бар болчу. “А у тебя дома нету,
что ли” деп сурадым да, үйгө барабыз да,
Тентимиштикинин эмне кереги бар? Жок,
Тентимиштикине жатабыз деди”.
.
Галина апа сөзүн улады:
.
“Ага чейин эле кайненем келсе болобу. Эч
нерсеси жок, бир чапан, бир дамбалы бар.
Ыйлагым келип, араң эле турдум. Кайненем
Тамараны алып кетти, эмне берди, кантип
карады билбейм. Биз ошол жерде түнөдүк”.
Галина апа “бир гана максат койгом,
кызымды атасыз калтырбайын дегем” деди.
.
Тиргилик түптөө
.
Ошентип эртеси күнү үйүнө барышыптыр
.
“Же там болсочу. Үстү жок, асты жок, эшик,
терезе, эч нерсеси жок. Эми кудай урбадыбы.
“Сенин үйүң ушубу” дедим. Ушу деди. Асилдер
бар анда. Бир шып алып келишти. Үстүн ачып
туруп жаптык. Шабидинге айнек алып барып
кестирип, кичинекей терезеге койдук. Эми
кудай урбадыбы, ушинтип жашайбызбы
дедим, кайра кеткенге же тыйыным жок”, -
деген Галина апанын тиричилиги мына
ушинтип башталыптыр.
.
“Мени Районого алып бар, иштейм дедим.
Төөгө минип Районого бардык, анда Искенов
болчу. Мага жумуш берди, Саяка бербей
койбодубу, аскердик билетин көрсөтүп
мектепте дене тарбиячы болмок да”.
.
Маегибиздин баштан аягына чейин, өмүрүн
түрө эскерсе да кайненеси тууралуу жаман да,
жакшы да сөз айтпады. Бирок жолдошунун
карындашынын кызы, жээн кайын сиңдиси
Салтанат Абдыраева таэнеси катуу киши
болгонун кошумчалады:
.
“Таэнем “капыр” деп келининин колунан өмүр
бою чай ичкен жок. Динди катуу кармар эле.
Төркү бөлмөдө таякем менен таажеңем жатса,
ал сырткы бөлмөдө мештин жанында жатчу.
Ошол мештин жанында бурчта идиш-аягын
бөлүп алып, өзүнчө чай ичип, өзүнчө
тамактанчу”.
.
Бир топ эле кыйналыпсыз, эмнеге кетип
калган жоксуз деп сурадым. Дагы да болсо
кызын ойлоптур. Балким ал учурда бир
адамга баш кошуп, бүлө күткөн соң ажырашуу,
өз жанын ойлоп кол шилтөө деген жат болсо
керек. Анын үстүнө кийин Украинага кышын-
жазын каттап эле турчумун деди.
.
Галина апа айтпай кеткен боюнча үйүнө беш
жыл кабар бербептир. Борбор Азиянын кайсы
жеринен экенин да айткан эмес экен. Күйө
баласынын аты, фамилиясы менен Москва
аркылуу издеп, табышыптыр.
.
“Беш жылдан кийин атам артыман издеп
келди. Ак-Кыяда он күнчө турду. Аны тияк-
бияка чакырып коноктошту. Беш жаштагы
Тамараны алып кетти”, - деди Галина апа.
.
Кызыңызды алып келдиби анан дедим шаша.
Анткени Галина апа бир нарындык кыргыздын
артынан издеп келген себеби кызын атасыз
калтыргысы келбегени экенин айткан:
.
“Ал учурда Саяк түрмөгө түшүп калбадыбы.
Жумуш жок, эч нерсе жок. Кой, берейин деп
бербедимби. Кызым экинчи классты бүткөндө
келди, өзүм барып алып келдим. Онду бүттү,
Фрунзеден окуду, экономист”.
.
Саяк Жунусов мектепке алынбагандан кийин
Ак-Кыяда селсоветке катчы, кийин өмүр бою
бригадир болгон.
.
Теңир-Тоодо тың жашаган украин кызы
.
Украин кызы эч нерсе өспөгөн огородду
дүрдүйнө жашылча-жемиш менен толтуруптур.
Аны да кайын сиңдиси эскерет:
.
“Алмаларды тикти. Помидору чакадай болуп
бышат, бадыраңы, огороддо баары болот.
Кышында капустаны челекке туздап жеп
чыкчубуз. Курут, майды кылып илип коёт.
Абдан берекелүү киши эле. Үйүнөн конок кетчү
эмес, тамактарды шумдук даамдуу жасачу.
Баарыбыз анын үйүндө эле чоңойдук.
Апамдар эки уул, эки кыз болгон. Кайнисинин
эки баласын ушу киши багып, бой жеткизди”.
87ге кирсе да шайдоот келген, улам ар жерде
үнүн көтөрүп же күлүп койгон Галина апа
улады:
.
“Байкуштар пияз эмне экенин билишпейт.
Жарымын сурап алса, жарымын уурдап
кетишет. Алманы бирди берип койчу балага
витамин деп сурап келишет”.
.
Кыргызча сүйлөп, кыргыздын оокатына
аралашып кеткен Галина апа айылдын
алдыңкы ууздарынан болуптур. Ал шырбаган
шырдак, жасабаган ала кийиз, сайма калган
жок дешет.
Учурунда айылдын баарына орусча үйрөткөн
да ушу киши экен.
.
“Бир мектепте 40 жыл иштебедимби. Фрунзеде
Жемпедден жогорку билим алып бардым”, -
дейт ал.
Тамарадан башка балалуу болушкан эмес. Ал
да 2008-жылы дүйнө салыптыр. Абышкасы
2002-жылы өтүптүр.
.
“Жетимишке чыкканда кашка атты семиртип
соёбуз десе, өзү өлүп жатпайбы. Элүү жыл
жашамакпыз да. 2002-жылы Бишкекке
келдим, кызым Ак-Кыяда эми жалгыз эмне
кыласың деп алып келген”
.
Азыр жалгыз небересинин колунда. Билгендер
ал таэнесин жакшы карап жатат дешет.
Украинага барсам деген кыялы бар.