Зарылыктын кызымын ажырашам деген ата-энелерге
#1 18 Ноябрь 2017 - 14:14
Зарылыктын кызымын!
Бул биздин көчө. Мен ушул көчөдөн күнүгө мектепке барып келем. Бир күндө эки жолу өтөм. Кээде төрт, кээде алты. Ал күндөрү дүкөнгө каттаган болом. А мурда бул көчө, көчөө сымал жол да, дүкөн да жок болчу. Жөн эле буудай талаасы, анан биздин үй болоор эле. Анан дагы бир Дайырбек байке үй салды, таластык. Биздин жаныбызга дагы бир оштук байке үй салды. Андан кийин аркы тараптарга эки үй түштү. Мен анда окуй элек болчумун. Үйгө калтырып кетишчү. Мен ошол 5-6 үйгө кирип, үй салгандарга эрмек болуп, быдылдап ар кайсыны сүйлөп атып, кээде ошолордукуна уктап да калчумун... Азыр көчөө-көчөө болуп үйлөрдүн баары жыш. Ал тургай, ошондо биз отургузган мөмө жемиштер да азыраак мөмө байлап калды. Тигинде, кечээки байке турат. Ушул байке тажатты. Кечээ бир суроосун ары баратсам да берген, бери келатсам да берди. Болгондо да мен эң жек көргөн суроону берет. Мына азыр да мени көрүп калды. Дукөнүнө кирбей турганын карасаң.
-Ии, кичинекей чоң кыз, кандай!?
-Саламатсызбы!
-Ай мен унутуп калдым, кимдин кызы элең?
Эми мен бул байкенин мээсин чаташтырып салайын, кечээкиге окшош эмес жооп айтайынчы, чындап унутуп калды бекен?
-Зарылыктын кызымын.
-Ия?! Кечээ башкача айттың эле го...?!
-Ал апам болчу, азыр атамды айттым... - деп, шылдың сымал жылмайып алып кетип баратам. Ырас эле кылдым ушул кишини кыйын болсон изилдеп ал, кимдин кызы экенимди... Чоң кишини алдап койгонума өзүмчө жыргап атам...
А бирок, чын эле кимдин кызымын, кандай кишинин кызымын. Анын кебетесин белем ой, атын деле билем. Аты - Рысбек. Үйдө толтура сүрөттөрү бар. Мени да ошого окшоштурушат. Бирок мен апама окшошкум келет. Ал - сулуу. Жанагы "Байлар дагы ыйлашат" деген кинодогу Марианна. Же болбосо "Просто Мариядагы" Мария Лопес. Эх, мен эмнеге апама окшошпой калдым экен. Кээ бир апалар өздөрүнө окшош кылып төрөп алышат. А мени болсо, мен көрө элек кишиге окшоштуруп төрөп коюптур. Апам мени эркек болот деп ойлосо керек. Же мени эркек болбой калды деп тиги киши таарынганбы? Ошол сүрөттөгү киши мени ойлойт болду бекен? Мен аны качан көрөм, кантип? Кызык...
Мына сабакка да келдим. Азыр мактанчаактар башталат. Кээде атайлап менин жиниме тийиш үчүн мактангандай туюлат ушулар. Атам алып берди, а менин атам, менин атымчы, а менин апамчы дегим келет. Бирок, баары апамды таанышат, билишет. Ал ушул эле мектепте мугалим. Мен анын сулуулугу менен сыймыктанам. Чоңойгондо апамдай болгум келет. Ал бүгүнкү кийген киймин эртең кийбейт. Күнүгө башка-башка алмаштырып турат. Аралыктарын узартып-узартып кийет. Кийми да толтура. Мени деле ошентип кийинткенге аракет кылат. Кийим алып берсе, ага өзү кошумчалап, ар нерселерди жармаштырып, кымбат кийимге окшоштуруп коёт. Оой, кокус бир балекет кылып алсам, анда менде күн жок. Эки күн уруш жейм. Классташтарымдын арасында досум деле жок. Муурда бар болчу, Рахат деген кыз. Ал башка мектепке кетип калган. Аын ордуна башка таба элекмин. Билбейм эмнеге? Менин бир эле досум бар. Ал - сумкамда, кызыл дептер. Анда менин болгон сырларым жатат. Эч кимге айтпаган сырлары-ы-м. Апам да, таенем да билишпейт. Билбей эле коюшсун. Бирок, кечээ бир окуя болду. Ошол дептеримди партамдын үстүндөгү китептеримдин үстүнө кандайча коюп алганымды билбейм. Орус тил сабагы болчу. Мугалим жаныма туруп алып китеп окуп жаткан, баарыбыз ылдый карап жазып жатканбыз. Бир маалда анын колу менин кызыл дептериме урунду. Мен чочуп кеттим. Эже бериңиз деп колунан тарып алгым келди. Бирок, ал орус тилчи мугалим, кыргызча ырларга түшүнбөсө керек деп өзүмдү жоошутуп койдум. Ал барактап, барактап, бир аз окумуш болуп, кайра партама коюп койду. Ордуна коюп койгонуна мен кубанып калдым. Эми бул кызыл дептерди, жаныма албастан, үйдөгү дептерлеримдин арасына эле катып койсом окшойт. Дагы бир күнү башка мугалимдин колуна тийип калсачы? Менин болгон сырларымды билип алышы мүмкүн да...
Сабактар бүттү, кайра эле жанагы жол менен үйгө жөнөмөй. Жанагы байке дагы эле турса керек, мени күтүп. Айтпадым беле, ал сыртта турат.
-Иий, келатасың, Канча "5" алдың?
-Мен өмүру "5" албайм, мен жалаң "2" ге окуйм.
Ушинтип какшыктагым келди.Эми кайра жанагы суроону сурайт.
-Аай, чыныңды айтчы кимдин кызысың?
-Сиз таптакыр сөзгө түшүнбөйсүзбү? Айттым го Зарылыктын кы-зы-мын!
-Сен кайсы үйдө жашайсың?
-Мен Зарылык деген киши кайсы үйдө жашаса, ошол үйдө жашайм. Кызыл чатыр үйдү көрдүңүзбү, ошол үй - биздики!
Ха-ха... эсин оодардым. Кичинекей кызга суроо берип көр эми. Жинди! Тээтигинде астыраак жагымда Калил байке баратат. Эки баласы чуркап келип, моюндарына асылды. Мен деле ошентип чуркап барып, качан ушинтип мойнуна асылаар экем? Мен деле аларга окшоп эркелегим келет... Мен деле тартынбай кимдин кызы экенимди айткым келет... Бирок, көрбөгөн адамды кантип айтам? "Кызым" деп кучак жайбаган адамды "ата" деп да айта албайм, ошонун кызымын деп айтканга да ооз барбайт...
Үйгө жеттим, баары үйдө экен... Апам мурдагыдан жоош болуп калган. Азыр ал сиңдим менен үйдө.
-ав-ав-ав...
Эмне болуп кетти, менин кичинекей кара-ала күчүгүмдүн үнү чыгып жатабы? Эмне мынча каңкылдап жатат? Тигини карачы, буту менен тээп атканын... Жек көрөм - аны. Ал - өгөй атам. Ызы-чуу уруш бүттү. Мен бул дүйнөдө өзүмдү жалгыз сезе баштадым. Күчүгүмдүн ыйлаганынан, тигинин бут киймин эшикке ыргытып салгам, жиним келип. Ал апама келип арызданды. Апам кайра мени тилдеди. Менден да аны жакшы көрөт окшойт. Мен эч кимди уруша албай, ызам менен калып калдым. Азыр төшөктө тумчуланып алып ыйлап жатам. Мага болушкан эч ким жок. "Таене, келип мени алып кетчи. Эмнеге мени ушул жакка таштап кеттиң?". Менин алтын апакем, ал - менин таенем...
Кайра эле таң атты. Кечээки жол менен кайра эле мектепке. Дүкөн жабык экен. Кудай жалгап тиги байке жок. Менин кимдин кызы экениме эмне мынча кызыкты болду экен? Же баардык эле балдар-кыздардан ушинтип сурай берет болду бекен? Бүгүн сураса деле, "Зарылыктын кызымын" демекмин. Зарылык байке - биздин кошуна. Оштук. Ал экөөбүз, ал үйүн салып жатканда таанышканбыз. Өзү жалгыз салган. А мен анын кичинекей тапчанын жыйнап берчүмүн. Ал тамак жасачу. Экөөбүз жечүбүз. А мен көөп токочторду бышырчумун. Ылайдан. Гүлдөрдөн тамак жасап, анын жанын койбой конокко чакырчумун. Калп үйүмө конокко чакырып, токоч менен чөптөрдөн тамак берип, курсагын тойгузчумун. Ал болсо, "Курсагымды көтөрө албай калдым эми кантип үй салам? деп, газетадан жасалган калпагын кийип алып, мени күлдүрүп ордунан арң турчу. Ал байке үй салгандан баштап, мен башка үйлөргө барбай калгам. Ошентип жүрүп бир күнү апам экөө таанышып калышты. Бир аттаганда - бизидин үй, бир аттаганда - анын үйү. Апам экөө да дос болуп калышты. Биз конокторго чогуу барчубуз. Анын сүрөт тарткан фотоаппараты бар болчу. Ал бизди тартып, сүрөттөрдү чыгарчу. Кээде капкара болуп калчу. Анда биз бири-бирибизди карап алып "негр-негр" деп шылдыңдашып күлчүбүз. Зарылык байкеден башка эч ким мага ат болгон жок. Каалаганымда ат кылып минем, кээде аюу болуп мойнуна көтөрөт.Кээде ал карышкыр болуп кубалайт, а мен коёнек болуп качам. Кээде китептеги тамсилдерди аткарабыз. Ал менин сүрөт сабагымдын аткаруучусу болчу. Мен ага көп жолу "5" алып келип бердим. Альбомдогу баа аныкы, күндөлүктөгү баа меники болчу. Кышында болсо, кар чабышып ойноп, кээде мен тоголонуп тумаланып жыгылып, калп эркелеп ыйлап... Ал болсо эмне кылаарын билбей, мойнуна көтөрүп, мени кытыгылап күлдүрчү эле. Эмнеге апамды албай койду экен? Апам ага тийсе, ал менин атам болуп калмак. Анан дайыма баарыбыз чогуу болмокпуз.
Бир жолу кечинде, Зарылык байке аябай сүйүнүп келди. "Сүйүнчү" деди. Мен башка жакшы жаңылык окшойт деп кубанып кеткем. Үйлөндүм деди ал. Ага кошулуп мен деле сүйүндүм. Бирок, ал андан кийин биздикине келбей калаарын билсем, сүйүнбөй эле таарынмак экенмин. Ошондон кийин биздин үйдүн ортосу да бөлүндү, бири-бирибизди карап туруучу терезени, анын кичинекей сарай тамы бөлүп салды. Терезеден да карашпай калдык. Дайыма бири-бирибизсиз тамак ишчү эмеспиз. Кээде ал бизди конокко чакырчу. А мен апам чай даярдай баштаганда эле, ага чуркачумун. Кээде апам бул кылыгым үчүн урушчу. Азыр анын баласы бар. Ага окшош. Ал кээде биз менен учурашпай да калат. Билбейм эмнеге? Мен азыр деле аны жакшы көрөм.
Мына сабак башталды. Окшош эле күндөр... Күндөкүдөй эле сабак, андай деле өзгөчөлүк жок...
Кайра үйгө... Кызык тиги байке жок болду бекен? Азыр сураса, да жообум дапдаяр... Турат, жалгыз экен. Мени карап турат,
-Иий, кичинекей чоң кыз, бүгүн канча "2" алдың?
-Бүгүн, "5" тен бешти алдым,
Суроолоруна ушинтип жооп бергим келди, жиниме тийген бул байкеме,
-Айтып койчу кимдин кызысың?
-Зарылыктын! Тээтиги кызыл чатыр - атамдын үйү, аркы сырты кооз үй - апамдыкы! Экөөнүн кызымын!
Жинди киши, жек көргөн суроомо, жакшы көргөн жообумду айтып салдым. Ха-ха-ха кандай жыргал, мээси адашып калсын...
Бүгүн менин күнүм эмес экен. Эшиктен кирсем, буркан-шаркан. .. Апам кызыл дептеримди таап алып, ичин баарын окуп ошого жиндеп атат. "Өмүрү көрбөгөн атасын сагынып кетет... "Кусадан тамган көз жаштарым..." дейт тим эле...!" Ушунун жинди атасы муну бир ойлойт болду бекен? Мага деле арнап бир ыр жазып койсоң боло?!"
Ооба, менин биринчи ырым апама эле арналган. Аталышы "Менин апам - Марианна" деген болчу. Анда баары таң калган.Азыр 11демин, анда 7 жашта болчумун. Көрсө, мен күтүп жүргөн киши да, ыр жазчу экен. А мен анын андай талантын билбей эле, оюма келген сөздөрдү ыр кылып жазгым келген да...
Мына кызыл дептеримди да коргой албай, тыттырып салдым. Эми мен эч качан ыр жазбайм, эч качан! Ал дептерде, кандай соонун сөздөр бар эле... Эшикте апамды кошуна чакырып жатат. Эмнеге келди болду экен?
Апам таңкалгандай түр көрсөттү. Бул эмнеси?
- Менин кызымбы?- дегени даана угулду... Сөздөрүнүн арасынан "Зарылык. .. Зарылык" деген сөздөр да угулуп жатат. Апам келатат.
-Сен качан Зарылыктын кызы элең?
Унчуга албай, ыйлап жатам. Бирок мен Зарылыктын кызы болгум келчү. Азыр да анын кызы болгум келет. Ал болгондо, менин кызыл дептерим да болмок эмес...!

#2 18 Ноябрь 2017 - 14:16
Азыр деле Зарылык байкени издеп жүрөм... Кошуна болбой калган, кайда болду экен...?
#4 18 Ноябрь 2017 - 15:43
Менин атам 1 жарым жашымда каза болуп
Ата деген соз мен учун эн ыйык, айтылбаган боюнча калган.

#8 18 Ноябрь 2017 - 23:22
Мынча сонун жазасыз.Сүрөттөөңүз укмуш!
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#11 19 Ноябрь 2017 - 14:53
#12 19 Ноябрь 2017 - 17:03
Бул окуя мага отконду эстетти.Мен ал кезде жаны келген келин элем, уйго военкоматтан кишилер келип, баланчаев эртен саат 9га атасынын кара кагазын алып барсын десе,
-Анын атасы тируу ажырашып кеткен дептирмин.
Кечинде кайним бир аз кызуу келип, Жене сиз неге ажырашты дединиз ал мен учун олгон киши, уктунузбу олгон деп айтты да, коз жашынын аарчып эшикти тарс жаап чыгып кетти.
Ошол окуядан кийин тааныбаган кишилерге уйдун кенжеси дей турган болдум.
Бул окуя кээ бир мырзалардын, же адамдарга сабак болоор дейм.
Автор уландысын батыраак кутобуз.

#14 21 Ноябрь 2017 - 01:11
#15 22 Ноябрь 2017 - 16:27
-Уят болот, кандай мээси жок кызсың ай! Эмнеге "Зарылыктын кызымын" дейсиң, элдер эмне деп ойлоп жатышат? Акылың деле жок болду го...?!
Кечээ келип менин жоругумду апама айткан - Манас байке. Өзү да Манаска окшоп чооң киши. Дүкөнчү байке менен кошуна Манас байке мелдешиптир. Дүкөнчү байке"Зарылыктын кызы" десе, Манас байке,"Ой бул башканын кызы, Зарылык атасы эмес" - дептир. Ошентип экөө мелдешип, Манас байке дүкөндүн ичине жашынып, тышап турган экен. Анан менин жообумду угуп алып, эси ооп апама келип айткандагысы тура.
"...Уят эле уят ... Уят кылдың..." дейт, ал деген тамаша болчу да... Аныс деле бир маалда ошентип каткырдым. "Ал байкенин башын айланткым келген..." десем, урушуп жаткан апам да "бырс" күлүп жиберди. Ошондон кийин тилдебей да калды. Азыр да ошол жерден өтүп баратам, тиги байкени карап, мыйыгымдан күлүп... Кимиси enne болду экен деп ойлоп, менин калпым утту бекен же, чындык утту бекен...?
Мектеп. Бул мектеп чооң, биринчи жолу келгенде адашып калып, апамды таап бергилечи деп ыйлаганым эсимде. Орус тил сабагы башталды. Орус тилчи мугалим деле кыргызча ырларга түшүнөт тура! Өткөндөгү кызыл дептерим тууралуу, апама кабар ушул эже аркылуу жетиптир. Эжейди жаман көрүп калдым. Менин сырларымды билип алганы аз келгенсип, апама чейин жеткирип,ал досумду жок кылдырды...
Үйгө баратм, тиги дүкөндүн жанында менин кыялымдагы атам турат. Дагы берки мени тажаткан байке... Азыр эми мен жөнүндө сөз болуп жатса керек. Айтпасам азыр мени көрөрү менен күлүшөт.
-Аа... мына, мына менин башымды айланткан кы-ыз...
Зарылык байке жылмайып, мени кучактай тамеки жыттана, бетимен өөп дүкөнгө кирип шоколад алып бермекчи болду. Калпымдан уялып жатам. Көрдүңөрбү ал мени аябай жакшы көрөт. Тигил дүкөнчү байке, ар нерсени сүйлөп, колума шоколадды карматып жатып,
-Экинчи калп айтпа ээ - деди. Мен Зарылык байкемди карап жылмайдым.
-Мындан ары антип айтпай жүр, уят болот - деп коштошконсуп, бетимден дагы бир жолу өөп койду.
Эмнегедир дагы деле ыйлагым келет, эмнегедир...
Күндөр өтүп жатат. Биздин үйгө да, Зарылык байкениин үйүнө да колтойгон дарбазалар тургузулду. Алар ары жагынан кирип чыгышат. Бакча, короо жак да жыш болуп тосулуп, мен алардын үй жагын таптакыр эле көрбөй калдым. Болгону үндөрүн эле угам. Билбейм негедир аялын жаман көрөм...
-Атаке... атакебаа-аай. .. ата... - деген боздогон үн угулду. Чоң эле кишинин үнү көчө жактан чыгып жатты. Мен дароо эле,
-Зарылык байкем го?! - дедим, чай ичип отурган жерден атып турдум да жолго чуркадым.
-Кантип эле? - дегенсип апам аркаман келатат.
"Тигине дарбазасы ачык экен. Эмне болуп кетти?! Зарылык байкеге эмне болуп кетти... Мен баратам сизге... Ыйлабаңызчы. .." деп ичимден ага жеткиче кайталап, кайгырып баратам. Жолдо узун бойлуу бир киши апам менен сүйлөшүп калды. Мен барып эле Зарылык байкемди мойнунан кучактадым. Ал мени кучактап алып, "Атаман айрылдым... Атакеба-ай" деп боздоп жатты. Ал да эми мага окшоп атасы жок калды. Бирок меники өлө элек... Тирүү... Жөн эле өзү жок... Атасы жок болгон кандай жаман...
-Зарылык байке ыйлабаңызчы, болдуңузчу. .. Мен деле атасы жок жүрөм го... - деп, ага кошулуп ыйлап жатам...
-Зарылык, кайрат кыл, сабырдуу бол, өзүңдү карма эми...! - деген апамдын сөзүнөн бир аз сөз үйрөнө баштадым.
-Байкоов, сабыр кылыңыз, кайрат кылыңыз...- деп, чуркап барып суу алып келип, суу бердим. Эс алгансып калды... Апам акырын жаай гана басып кетти. Аялы жок экен. Кайда кетти болду экен? Зарылык байкем кайдан укту? Кайра баштады... Зарылык байкемди кучактап, жанагы сөздөрдү кайталап жаттым.
-Сага эмне болуп кетти?! - деген аялынын үнү чыкты. Чочуп кеттим. Келип калыптыр. Мен кеттим, үйгө...
Жанагы көчөдөгү узун бойлуу киши, атасынын каза болгонун айтып салыптыр. Ал эмне кылаарын билбей жолдо турган экен. Апам ага: "Кабарды кантип ушинтип угузсун? Жок дегенде кошуналарга айтпайт белең! - деп урушуптур. Мен үйгө отуралбай тынчым кетип жатат. Кайра эле Зарылык байкеме чуркап баргым келет. Аны алаксытып соороткум келип жатат. Апама барып келейинчи десем, жибербей жатат. Урушуп койду. Мурдакыдай эшиктерибиз, короо жайларыбыз ачык болсо, бир нерсеге барымыш болуп, Зарылык байкемди карай келмекмин...
Таң атты. Ал Ошко кетти. "Атасына топурак салганга жетишпей калыптыр" деп кошуналар сүйлөшүп жатышат. Ош - алыс жак окшойт. Таенем апама: "Ой ушул эле кошунаңа тийип алчы!" - десе, апамдын да сөзү бар эле,"Ал-Оштук" - деген. Оштук болсо эмне болот эле? Алар эмне башкачабы? Мен такыр түшүнбөйм. Биз кээде кошуналарды аттарынан эмес, жерлеринин атынан айтабыз. Элдер бизди Нарын дешет, Дайырбек байкелерди - таластыктар дейбиз. Кызык...? Ал каякта болду экен...?
Чубалжыган эле күндөр. Тиги кишичи, өгөй атам кетти. Командировкага. Ошол жактан келбей калса кандай сонун болот эле?! Өткөндө ал мени өлтүрөм деди. Апам ортодо жүрдү ыйлап. Мен болсо:"Бул - биздин үй, сиз кетиңиз!" -деп кыйкырдым.
-Тарс!Тарс! Тарс!
Дарбаза окшойт. Сыртта апам жүргөн ачты. Ким болду экен?
-Зарылык байке?! - кубанып кеттим. Ал биздин үйгө таптакыр келе элек болчу. Ал кабагы бүркөө, мас дагы экен? Мас кишиден аябай корком, бирок Зарылык байкеден корккон жокмун. Апама таарынып атат...
-Кошуна болгондон кийин кабар алып турсаң боло? - деди, апам эч нерсе түшунбөгөндөй мага окшоп кабагын бүркөп турат. Иши кылса көп нерселерди эле, калтырап сүйлөп жатат... Мен жакшы түшүнө албайтам. Аны бирөөлөр келип коркутуптур, түндө. Түнү менен эки киши өлтүрөбүз деп, мээсине мынтык такап, тамекинин чокторун далысына басыптыр. Көрсөттү. Алар эмнеге антишти мен түшүнгөн жокмун. Кимдер экенин да билбейм. Аларга жиним келип жатат. Ал үйүнө баргандан коркуп жатканын айтты.
-Туура түшүнчү, башка кошунаныкына барсам, элдин баарына жайылып кетет. Мен мында эле жатып алайынчы деп, босогону көрсөтүп атат. Апам болбой урушуп атат кайра.
-Менин күйөөм келсе, эмне деп ойлойт? Кызыксың го?!
-Эля мен өзүм түшүндүрөм ага...
-Апа, кала берсинчи! - дедим мен Зарылык байкеме боорум ооруп. Ал азыр эшикке чыкса эле, тиги кишилер өлтүруп салчудай коркуп, ыйлап да жибердим...
Ал босогодогу үйгө жатты. Жарыкты өчүртпөй койду. Түнү менен уктаган жокпуз. Тура калып качып, бакырып-өкүрүп жүрөктү түшүрдү. Суу чачып араң эсине келтирип жаттык. Бир кезде эле "Аааа...! " - деп кыйкырды дагы. "Акчам жок деп жатам, акчам жоок...!" , "Таап берем акча, таап бере-ем" -деп кыйкырып жатканда дагы ойготтук. Ойгонгондо ого бетер чочуп, көздөрү чакчайып кетип жатты. Аябай корктум. Эсине келгенде, аялынын атын атап, сөгүп жатты. Таң атайын деп калганда кетти...
Мен үчүн өтө таң калыштуу. Башка кошуналар көчүп келишти. Таластыктар. Кызык, Зарылык байкем кайда кетти?
***
Азыр тиги дүкөндүн жанынан өтүп баратам. Көптөн бери көрүнбөй калган дүкөнчү байке турат. Аны көрүп жылмайып жибердим. Ал да, мени карап жылмайып калды. Бирок, баягыдай болуп Зарылык байке да жанында турса кандай сонун болмок эле?!
АЯГЫ!
Силердин ой-пикирден кийин,аңгемеге өзүм комментарий бере кетем.

Билдирүүнү түзөткөн: myrzayym: 22 Ноябрь 2017 - 16:32
#16 22 Ноябрь 2017 - 17:08
Өөттө сонун.Профи жазуучулардай.
Трайбализм жакшы баяндалган.

Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#17 22 Ноябрь 2017 - 19:59
Жакшы жазылып суроттолгон.
Баарын элестетип, арасында жургондой болдум. Чын эле Зарылык байкеге эмне болду экен анан?)))
#19 22 Ноябрь 2017 - 20:21
Башын айландырайын депсиз да ээ)))
Атасыз оскон кыздын кочодон меерим издгененинин бир гана мисалы....аталар ойлонуш керек
Женил,орду орду менен жазылган.калеминизге ийгилик.

Билдирүүнү түзөткөн: ludimira: 22 Ноябрь 2017 - 20:55
#20 23 Ноябрь 2017 - 10:47
Салам суперстандыктар!
Чыныгы жашоо көптөгөн түйшүктөр жана көйгөйлөр менен коштолот эмеспи. Учурда виртуалдуу дүйнөдө жүрөк түбүндөгү сырларды ачууга азыр мүмкүнчүлүк кенен. Ошол сырлардын арасынан көбүн эсеси үй-бүлөлүк көйгөй көп жазылууда. Бири ажырашкысы келип, бири экинчи аял алып алган, биринин кайненеси күн көрсөтпөй койгон. А менде деле шумдук эмес!
Көп учурда чоңдор өз максаттарын, же өзүнүн намысын, же өзүнүн идеологиясын коё бербей эгоисттик мүнөздө балдарды экинчи орунга калтырып, ажырашууга кадам ташташат. Кээ бири балдарынын ойноп, чуркап жүргөнүн көрүп, "Азыр бала да, эч нерсеге түшүнө элек... Ой керек болсо аны ойлоп да койгон жок... Каяктагы сагынган, аны керек болсо тааныбай да калган... Жок, аны менен иши жок... Кызыкбайт дагы ага... Өткөндө келиптир, карап да койгон жок... Ансыз деле жашообуз сонун өтүп жатат..." Деги койчу, ушул сыңары фразыларды айтышыбыз мүмкүн. Албетте, мумун баары биздин ой, өзүбүздү өзүбүз алаксытуу же, өзүбүзгө өзүбүз күч-кубат берүү...
Бул аңгемеде эч ким кичинекей кызды ошончо нерселерди ойлойт деп ойлобогондур. .. Алар үчун жөн эле тамаша болгон: "Зарылыктын кызымын" деген жоопто, не деген сырлар, не деген ойлор, не деген сагыныч жана кусалык жатканын эч ким аңдыбаган.
Балким, сиз да ажырашууга камынып же ошондой чечим чыгарып жатсаңыз, артка кайтаарсыз. .. Баланын өсүшүнө, келечегине жарака кетирбөөгө аракет кылаарсыз... Бала дагы ойлонот, анткени ал дагы адам болуп калыптанып жатат...