Которгон: Асылбек Жоодонбеков
Үч жаштан кийин кеч
Китептин автору бала менен алгачкы күндөн тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын турмуштук мисалдардын негизинде, жалпак тил менен айтып берет. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө,
бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт.
Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналат.
Баракча 1 - 1
"Үч жаштан кийин кеч" Баланы кенже куракта тарбиялоо (Масару Ибука)
#1 30 Июль 2017 - 09:13
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...

#2 30 Июль 2017 - 17:41
Баш сөз
Урматтуу окурман, ата-эне, бүгүн биз сиздер менен дагы бир жакшы саамалык аркылуу кездешип отурабыз. Дүйнөгө белгилүү “Сони” корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири, гениалдуу инженер, жапон атуулу Масару Ибуканын ушул китебин кыргыз тилине которуп, сиздерге тартуулоо мен үчүн бир чети сыймык болсо, бир чети кайрылуу, балдар темасына көңүлүңүздөрдү бурдуруу.
Мындай дүйнөлүк алкактагы ири менеджер, ири корпорациянын негиздөөчүсү эмне себептен кичинекей балдар үчүн китеп жазды, инженер болуп туруп балдарга билим берүү жана тарбиялоо маселесине эмнеден улам кызыкты деген суроолорду өзүбүзгө берсек. Бул таң калыштуу деле эмес экен. Адам ресурсуна, алардын билимине, тарбиясына жана эмгекчилдигине таянуу менен гана ийгиликке жетсе болорун ал жакшы түшүнгөн. Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере турган алдыңкы ишкананын кызматкери кандай сапаттарга ээ болушу керек, балдарды тарбиялоо канча жаштан башталат деген суроолордун үстүндө ойлонгон. Жыйынтыгында акыркы эки кылымдан бери Жапония жаратылыш ресурстарынын чектелгендигине карабастан дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы экономиканы куруп, жашоо стандарттары боюнча өтө жогорку деңгээлге чыга алды. 1947-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, такыр талкаланган өлкөдө өнөктөштөрү менен биргеликте болгону 700 доллар менен гана “Сони” фирмасын негиздеген. Азыр да модернизациялануу доорун басып өткөн, илимий-техникалык жактан дүркүрөп өскөн Жапония күжүрмөн, талыкпаган инженерлердин, адистердин, жумушчулардын эмгегине таянат.
Кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктү- рүүнүн өтө зарыл экендигин алдыңкы өлкөлөр XX кылымдын 70 жылдарында түшүнө баштаган. Бул багытта бир топ изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алардын ичинде Нобель сыйлыгынын ээси экономист Жеймс Хикман адамдардын ортосундагы жөндөмдүүлүктөр кенже курактапайда болорун, алар мененсистемалуу иштөөнү канчалык эрте баштаса, ошончолук май- наптуу болорун белгилеген. Ал тургай ал экономи- калык эсептөөлөрдү жасап, мектеп жашына чейинки балдарга жумшалган 1 доллардын кайтарымы 7-8 доллардан кем болбой тургандыгын эсептеп чыккан. Башкача айтканда, биз сыяктуу өнүгүп жаткан өлкө- лөрдө билим берүү системасын каржылоо пирами- данын учунда тургандыгын белгилеген. ЖОЖдордун ордуна кенже курактагы балдарга каражатты макси- малдуу жумшоо зарыл экендигин экономикалык тил менен түшүндүрүп берген. Азыркы күндө өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү дал ушул нукта өнүгүүдө.
Совет системасы кыйрап, завод-фабрикалар жабылуу астында турган кезде балдардын 30 пайызы бала бакчага барса, азыркы учурда анын жарымынан да азайып кеткенине күбө болуудабыз. Ар кыл формадагы бала бакчалардын жетишпей жаткандыгы – ачуу чындык. Мектепке барганда окуганды үйрөнүп, билим алат, ага чейин ойноп, телевизор көрүп алсын деген пикир коомдо кеңири жайылган. Андан тышкары жашоонун кыйынчылыктарына шылтоолоп, балдардын тарбиясына жана өсүп-өнүгүүсүнө анча маани бере беришпейт. Жыйынтыгында кенже курактагы балдардын мектепке даярдыгы начар болуп, сабакты өздөштүрүүдө кыйналышат. Ушул сыяктуу себептерден улам балдар мектепти араң бүтүрүшөт. Жакынкы жана алыскы өлкөлөргө жумуш издеп барган балдарыбыздын дээрлик көпчүлүгү кара жумуштарда иштешип, ошол өлкөлөрдөгү төмөнкү квалификациялуу адистерден болуп калышууда. Ошондуктан биздин фонд Кыргызстандын билим берүү системасында кенже курактагы балдардын өнүгүүсүнө артыкчылык берип, бул багыттагы бир канча долбоорлорду ишке ашырууда. Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү – өтө маанилүү багыттардын бири. Өлкөбүздүн келечеги азыркы кенже курактагы балдардын колунда. Балдардын өтө тез өсөрүнө Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдарда төрөлгөн балдардын кантип өскөнүн байкабай калгандыгыбыз мисал боло алат.
Масару Ибука мазмунду эмес, тарбия жолдорун өзгөртүүнү сунуштайт. Чоң кишилер кыйындык ме- нен үйрөнгөн нерселерди балдар ойноп жатып эле үйрөнүп аларын ишенимдүү мисалдардын негизинде көрсөтүп жатат. Адам баласынын нерв клеткалары үч жашка чейин эң активдүү өнүгүп, 70-80 пайызга дейре калыптанат. Бул курак бала бардыгын билгиси келип, мээси гүлдөй болуп ачылып, ата-энесине миң түркүн суроолорду берген мезгил болуп саналат. АКШнын окумуштуулары эң алдыңкы технология- ларды колдонуу менен бир-эки жашка чыккан бал- дарды дыкат изилдөөнүн негизинде ошол куракта чет тилдерин оңой эле үйрөнүп аларын далилдешти. Менин неберем 2 жашка чыккандан тартып 40-50 мамлекеттин желектерин жатка айтып, айырмалай алгандыгы Ибуканын тапкандарынын туура экенди- гин дагы бир жолу далилдеп турат.
Кенже балдарды окутуу дегендик – үч жашка чейинки балдарга окуганды, санаганды эле үйрөтүү эмес! Айлана-чөйрөдөгү негизги түшүнүктөрдү жалпы эле чөп-чар, тал-терек, мөмө-жемиштер деп койбостон, алардын аталыштарын так атап, кичинесинен үйрөнүп алса, өмүр бою керек болот. Музыка, бий, ыргак, дене тарбиясы, тазалык, туура тамактануу сыяктуу көндүмдөрдү балдар кенже курактагы мезгилден баштап үйрөнүшү абзел. Андан тышкары бөбөктөргө өмүр бою кызмат кыла турган зарыл, маанилүү сапаттар – башка балдар менен тил табыша алуу, баарлашуу, конфликттик жагдайларды жайгара билүү, өз кыймыл-аракеттерин акырындап талдай алуу, оң жана терс көрүнүштөрдү ажырата билүү алардын инсандык калыптанышына түрткү болуп, ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. “Балапан уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” – муну кыргыз элинин миңдеген жылдык тажрыйбасы таасын айгинелейт.
Масару Ибуканын уулу Макото Ибука мырза бул китепти кыргыз тилдүү окурмандарга которуп, сунуштообузга өз макулдугун бергендиги үчүн Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Молдогазиев Рысбек мырзага жана Пен эл аралык клубунун катчысы Хори Такеаки мырзага терең ыраазычылык билдиребиз. Бул көңүлдүү, мээримдүү, жеткиликтүү тилде жазылган китепти адис-педагог, фондубуздун кызматкери Жоодонбеков Асылбек которгондугун белгилеп кетмекчимин.
Урматтуу ата-эне, бул китепти окуп эле тим бол- бостон, анда айтылгандардын үстүндө ойлонуп, бал- дарды тарбиялоодо колдоносуз деген терең ише- ничтемин. Жер-жерлерде бири-бириңиздер менен ой бөлүшүп, талкууга алсаңыздар, китептин маани- лүүлүгү, таасири артат. Кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө ар бирибиз өз салымыбыз- ды кошуп, бул багытта жигердүү аракеттенишибиз өтө зарыл экендигин дагы бир жолу баса белгилейм.
Бул китеп эмне себептен “Үч жаштан кийин кеч” деп аталган? Жапонияда кенже курактагы балдардын 15 пайызы коомдук же бюджеттик, ал эми 80 пайы- зы жеке менчик бала бакчаларга барышат. Мектепке чейинки мекемелердин калыптануусу 150 жылдык тарыхты артка калтырган. Балдар бала бакчаларга үч жаштан баштап тартылат. Демек, бул китептин мазмуну балдар бала бакчага барганга чейин ата-эне аларды жакындан таанып билип, жөндөмдүүлүктө- рүн ачуусуна, толук кандуу өнүктүрүүсүнө арналган. Үч жашка чейин бала үчүн зарыл болгон сапаттарды үйрөтүүгө үлгүрүп калыңыз. Үч жаштан кийин кеч болуп калат.
Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын экс-президенти,
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү

#3 30 Июль 2017 - 18:16

#4 30 Июль 2017 - 18:20
Автордон
Байыркы замандан бери улуу талант – бул баары- нан мурда тукум куучулук, жаратылыштын кубулу- шу деп эсептелинип келген. Моцарт өзүнүн биринчи концертин үч жашында бергендигин же Жон Стюарт Милл ошол эле курагында латынча классикалык ада- бияттарды окугандыгын бизге айтып калышканда көпчүлүк тек гана: “Албетте, алар деген генийлер да”,
- деп коюшат.
Бирок Моцарт менен Миллдин кенже курактагы жашоосун дыкат талдоо балдарын чыгаан кылууну каалаган аталары аларды катуу тартипте тарбия- лагандыгын айтып турат. Менин оюмча, Моцарт да, Милл да гений болуп төрөлгөн эмес, алардын та- ланты аларга кенже куракта жагымдуу шарттарды түзүп, мыкты билим беришкендигинин аркасында абдан өнүккөн.
Тескерисинче, эгерде жаңы төрөлгөн ымыркай, тээ башынан өзүнүн табиятына жат чөйрөдө тарбия- ланып жатса, кийин анын толук кандуу өнүгүп кетүүгө мүмкүндүгү болбойт. Эң жаркын мисал – 1920-жылдары миссионер жана анын аялы тарабынан Каль- куттанын түштүк-батышындагы үңкүрдөн табылган “карышкыр кыздар” Амала менен Камаланын тарых- таржымалы. Алар карышкырлар тарабынан тарбия- ланган балдарга адамдык кулк-мүнөздү, кебете-кеш- пирди кайтарып берүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшашкан, бирок бүт аракеттери текке кеткен. Албетте, адамдан – адам, ал эми карышкырдан – ка- рышкыр туулары анык. Бирок адамдык шарттарда жашап жатканда деле бул кыздар карышкырга мү- нөздүү адаттарын ташташкан эмес. Демек, ымыркай төрөлөр замат туш болгон айлана-чөйрө жана билим баарынан мурда анын ким болорун – адам же бөрү болорун – аныктайт!
Бул мисалдардын үстүндө ой калчапотуруп, жаңы төрөлгөн балага айлана-чөйрө жана билим кандай гана зор таасирин тийгизерин көбүрөөк ойлоно бе- рем. Бул көйгөй айрым балдар үчүн гана эмес, бүткүл адамзаттын саламаттыгы жана бактысы үчүн да зор мааниге ээ болду. Ошондуктан 1969-жылы “Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү жапон ассоциация- сы” уюмун түзүүгө кириштим. Биздин окумуштуулар жана чет өлкөлүк илимпоздор доктор Шиничи Сузу- кинин ошол кезде бүт дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп турган кичинекей балдарды скрипкада ойноого үй- рөтүү методун эксперименттик класстарда изилдөө, талдоо жана кеңейтүү үчүн чогулушту.
Ишибиз илгерилеген сайын, балдарга салттуу ма- миле канчалык жаңылыш экендиги бизге айдан ачык боло баштады. Биз, адатта, балдар тууралуу баарын билебиз деп ойлойбуз, ошол эле учурда алардын чыныгы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө абдан аз биле- биз. Биз үч жаштан өткөн балдарды эмнеге үйрөтсөк деген суроого көбүрөөк көңүл бөлөбүз. Бирок соң- ку изилдөөлөргө ылайык бул куракта баланын баш мээсиндеги клеткалардын өнүгүүсү 70-80 пайызга аяктап калган болот. Бул өзүбүздүн бардык күч- ара- кетибизди үч жашка чейинки курактагы баланын мээсин өнүктүрүүгө жумшашыбыз керек дегенди тү- шүндүрбөйбү?
Кенже куракта өнүктүрүү эмчектеги балдарды кыйнап фактылар жана сандар менен оозандырууну сунуш кылбайт. Башкысы – жаңы тажрыйбаны “өз убагында” киргизүү. Бирок күн сайын бала баккан адам гана, адатта, апасы аны “өз убагында” аңдай алат. Бул китепти мен ушул апаларга жардамдашуу үчүн жаздым.
Масару Ибука

#5 30 Июль 2017 - 18:25
1-бөлүк
Баланын потенциалдык
мүмкүнчүлүктөрү
1. Маанилүү мезгил.
Бала бакча кеч болуп калат.
Мектепте окуп жүргөн жылдары класста көзгө көрүнөрлүк аракети жок эле класстын лидери болуп калган өзгөчө жөндөмдүү окуучу болгондугу, ошол эле убакта башка бирөө канчалык аракет кылбасын, артта калып кеткендиги ар бириңердин эсиңерде болсо керек.
Мен окуп жүргөндө мугалимдер бизди минтип шыктандырышчу: “Сен акылдуусуңбу же жокпу, ал тукум куучулук эмес. Бардыгы сенин өзүңдүн араке- тиңден көз каранды”. Бирок жеке тажрыйбам мыкты окуган окуучу – дайыма мыкты, начар окуган окуу- чу – дайыма начар бойдон каларын даана көрсөттү. Кыязы, интеллект башынан эле аныкталат окшобой- бу. Мындай дал келбөөчүлүктү эмне кылуу керек?
Мен адамдын жөндөмдүүлүгү жана мүнөзү аны менен кошо төрөлбөйт, көбүнчө анын жашоосунун
белгилүү бир мезгилинде калыптанат деген тыянак- ка келдим. Тукум куучулук же алган тарбиясы менен билими адамды калыптандырабы деген талаш көп- төн бери жүрүп келет. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бир дагы көбүрөөк же азыраак ишенимдүү теория бул талаштарга чекит койгон жок.
Акыры, мээнин физиологиясын изилдөөлөр, бир жагынан, балдардын психологиясын изилдөөлөр, башка жагынан, баланын акыл жөндөмдөрүн өнүктү- рүүнүн ачкычы – бул анын өмүрүнүн алгачкы үч жы- лындагы, башкача айтканда, мээ клеткалары өнүккөн мезгилдеги жекече таанып билүү тажрыйбасы экен- дигин көрсөттү. Бир да бала гений болуп төрөлбөйт жана бир да бала келесоо болуп туулбайт. Бардыгы баланын жашоосундагы чечүүчү жылдарда баш мээ- синин өнүгүү даражасына жана шыктануусуна жара- ша болот. Бул – төрөлгөндөн үч жашка чейинки ку- рак. Бала бакчада тарбиялоо кеч болуп калат.

#6 30 Июль 2017 - 18:41
АР БИР БАЛА ЖАКШЫ ОКУЙ АЛАТ- БАРДЫГЫ ОКУТУУ МЕТОДУНАН КӨЗ КАРАНДЫ
Окурман таң калышы мүмкүн, эмне үчүн мен кесибим боюнча инженер жана ушул тапта компаниянын президенти болуп туруп, адамдын кенже курактагы өнүгүүсү менен алектене баштадым? Себептери жарым-жартылай “коомдук”: мен жаштардын бүгүнкү күндөгү козголоңдоруна кайдыгер эмесмин жана мен ушул жаш адамдардын жашоосуна канааттанбоосуна азыркы билим берүү канчалык күнөөлүү деген суроону өзүмө-өзүм узатам. Жеке себеп да бар – менин өзүмдүн балам акылынын өнүгүүсү жагынан артта калган.
Ал кичинекей кезинде ушундай мүчүлүштүктөрү менен төрөлгөн бала, эгерде төрөлгөндөн баштап аны туура окутса, кадыресе билимдүү адам болуп өсүп жетилери башыма да келген эмес. Менин кө- зүмдү “артта калган бала болбойт – бардыгы окутуу методунан көз каранды” деп ишендирген Шиничи Сузуки ачты. Доктор Сузукинин “Талантты тарбия- лоо” методу, наристелерди скрипкада ойноого үй- рөтүү методу, кандай укмуш жетишкендиктерди бергенин биринчи жолу көргөнүмдө атасы катары өзүмдүн балам үчүн өз убагында эч нерсе жасай ал- багандыгыма абдан өкүндүм.
Мен студенттик тополоңдор көйгөйү менен би- ринчи жолу алектенгенимде билим берүүнүн мааниси тууралуу терең ойлондум, эмне үчүн биздин система мындай жаалданууну жана канааттанбоону жаратып жаткандыгын түшүнүүгө аракеттендим. Алгач бул жаалдануунун тамыры университеттик билим берүү системасында жаткандай туюлду. Бирок көйгөйгө тереңдеп кирип, бул орто мектеп үчүн да мүнөздүү экендигин түшүндүм. Анан мен орто жана башталгыч билим берүүчү мектептерди изилдедим, акыры бала бакчада да балага таасир этүү кеч болуп калат деген тыянакка келдим. Күтүүсүздөн бул ой Сузуки жана анын кесиптештери алектенип жаткан нерсе менен дал келип калды.
Доктор Сузуки өзүнүн уникалдуу методун 30 жылдан бери практикалап келет. Ага чейин ал баш- талгыч жана жогорку класстарда окутуунун салттуу методдорун колдонуп сабак берип келген. Ал жогор- ку класстарда жөндөмдүү жана жөндөмсүз балдар- дын ортосунда чоң айырма бар экендигин таап чык- кан, ошол себептен ал өзү окуткан балдардын жаш курагын улам кыскартып жүрүп отурган, башкача айтканда, адегенде жаш балдар менен, андан кийин наристелер менен алектенип көрүүнү чечкен. Док- тор Сузуки скрипкада ойногонду үйрөтөт, анткени өзү скрипкачы. Качан гана мен бул ыкманы билим берүүнүн бардык тармактарында ийгиликтүү колдо- нууга болорун түшүнгөнүмдө, “кенже куракта өнүк- түрүү” көйгөйүн олуттуу изилдейин деп чечтим.

#7 30 Июль 2017 - 18:49
Кенже куракта өнүктүрүү генийлерди тарбиялоону максат кылбайт.
Кенже куракта өнүктүрүү генийлерди тарбия- лоого жардам береби деп менден байма-бай сурап калышат. Мен “жок” деп жооп берем. Кенже куракта өнүктүрүүнүн жападан-жалгыз максаты – балага ал акылы терең, дени сак, зээндүү жана мээримдүү бол- гудай билимди берүү.
Бардык адамдар, эгерде алардын физикалык мү- чүлүштүктөрү жок болсо, болжолдуу бирдей төрө- лүшөт. Балдардын акылдууга жана акылсызга, жал- такка жана жаалдууга бөлүнүүсү үчүн жоопкерчилик тарбияда. Кайсы бала болбосун, эгерде ага эмне ке- ректигин жана качан керектигин билип берсе, зээндүү жана туруктуу мүнөзгө ээ болуп өсүп чыгат.
Менимче, кенже куракта өнүктүрүүнүн негиз- ги максаты – бактысыз балдардын пайда болуусун болтурбоо. Балага андан чыгаан музыкантты өстү- рүп чыгуу үчүн жакшы музыка угузуп, скрипкада ойногонду үйрөтүшпөйт. Ага гениалдуу лингвистти тарбиялап чыгуу үчүн, ал тургай аны “жакшы” бала бакчага жана башталгыч мектепке даярдоо үчүн чет тилин үйрөтүшпөйт. Башкысы – баланын жашоосун- да жана дүйнөсүндө кубанычтар көбүрөөк болушу үчүн баладагы чексиз потенциалдык мүмкүнчүлүктөрдү ойготуу.
Адам баласынын толук жетилбей төрөлүшүнүн өзү анын зор потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн кабар берет
Кенже куракта өнүктүрүү жаңы төрөлгөн баланын зор мүмкүнчүлүктөрү менен байланышкан деп эсеп- тейм. Албетте, жаңы төрөлгөн ымыркай абдан эле бечел, бирок ал ушундай бечел болгондугу үчүн анын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү ушунчалык жогору. Адам баласы айбанаттардын балдарына караганда абдан эле аз өнүккөн абалда төрөлөт: ал кыйкырганды жана сүт эмгенди гана билет. Ал эми айбанаттардын, мисалы, иттердин, маймылдардын же жылкылардын балдары эмгектеп, бир нерсеге жөлөнүп-таянып, ке- рек болсо дароо туруп басып кете алышат. Зоологдор жаңы төрөлгөн бала айбанаттын жаңы туулган бала- сынан 10-11 айга артта калат, мунун себептеринин бири – адамдын туруп баскандыгы деп айтышууда. Адам тикесинен туруп калгандан баштап дене эне-нин жатынында толук кандуу өрчүгөнгө чейин кала албайт, ошондуктан бала абдан бечел болуп төрөлөт. Ал төрөлгөндөн кийин гана өз денесин колдонгонду үйрөнөт. Дал ушундай эле ал мээсин пайдаланганды да үйрөнөт. Эгерде айбанаттын баласынын мээси тө- рөлгөнгө чейин калыптанган болсо, жаңы төрөлгөн ымыркайдын мээси таптаза барак сымал. Баланын канчалык зээндүү болушу ушул баракка эмнелер жа- зыла тургандыгынан көз каранды.
Мээнин түзүмдөрү үч жашка чейин калыптанат
Адам баласынын мээси 1,4 миллиард клеткадан турат дешет, бирок жаңы төрөлгөн балада алардын көпчүлүгү ишке кире элек болот.
Жаңы төрөлгөн баланын баш мээси менен чоң кишинин баш мээсинин клеткаларын салыштыруу мээнин өнүгүү процессинде клеткалардын ортосунда өзгөчө көпүрөлөр-байланыштар калыптанарын көр- сөттү. Баш мээнин клеткалары бири-бирине бекем ыкташып сезүү органдары аркылуу сырттан алыш- кан маалыматка жооп кайтаруу үчүн бири-бирине кол сунушат. Бул процесс электрондук компьютер- деги транзисторлордун иштөөсүн абдан эске салат. Ар бир транзистор өз алдынча иштей албайт, алар бирдиктүү системага биригишкенде гана компьютер катары иштейт.
Клеткалардын ортосундагы байланыштар актив- дүү калыптанган мезгил – бала төрөлгөндөн үч жаш ка чейинки мезгил. Бул убакта ушундай байланыш- тардын 70-80 пайызы пайда болот. Алардын кандай өнүккөнүнө жараша мээнин мүмкүнчүлүктөрү артат. Бала төрөлгөндөн кийинки алты айда мээ өзүнүн то- лук потенциалынын 50 пайызына жетет, ал эми үч жашка чейин 80 пайызына жетет. Албетте, бул үч жаштан кийин баланын мээсинин өнүгүүсү токтойт дегендикке жатпайт. Үч жашка чейин негизинен мээ- нин арткы бөлүгү жетилет, ал эми төрт жашка кел- генде бул татаал процесс “маңдай жак” деп аталган бөлүккө өтөт.
Ишаратты сырттан алып, анын образын түзүү жана аны эстеп калуу мээнин фундаменталдуу жөндөм- дүүлүгү болуп саналат, бул – баланын кийинки бар- дык интеллектуалдык өнүгүүлөрүнө шарт түзгөн не- гиз, компьютердин дал өзү. Ойлонуу, муктаждыктар, чыгармачылык, сезимдер сыяктуу жөндөмдүүлүктөр үч жаштан кийин өнүгөт, бирок алар ушул куракка карата калыптанып калган базаны колдонушат.
Демек, алгачкы үч жашта балада бекем негиз тү- зүлбөгөн болсо, аны кандай колдонууну үйрөтүү пай- дасыз. Бул начар компьютерде иштеп жатып, жакшы жыйынтыктарга жетүүгө аракеттенгенге тете.

#8 30 Июль 2017 - 19:06
Бейтааныш адамдардын жанында баланын тартынышы – образдарды таануу жөндөмдүүлүгүнүн өнүккөндүгүнүн далили
Менин китебимде “образ” деген сөздү өзгөчө кол- донгондугумду түшүндүрүп кетким келет. “Образ” сөзү көбүнчө “схема”, “нерсенин түзүлүшү”, “модель” деген маанилерде колдонулат. Мен бул сөздү кене- нирээк, бирок баланын мээсинин маалыматты таа- нуусуна жана кабылдоосуна жардам берген ойлонуу процессин көрсөтүү үчүн атайын мааниде колдонууну сунуштайм. Чоң киши негизинен логикалык ойлонуу жөндөмдүүлүгүн пайдаланып маалыматты кабыл- даган жерде бала туюмун, өзүнүн көз ирмемдик об- раздарды түзүү сыяктуу сейрек кездешүүчү жөндөм- дүүлүгүн колдонот: чоң кишинин ойлонуу ыкмасы балага жеткиликтүү эмес, ал ага кечирээк келет.
Бул кенже курактагы таанып билүү ишинин эң жаркын күбөсү – ымыркайдын адамдардын жүздө
рүн айырмалоо жөндөмдүүлүгү. Мен балдар оорука- насынан көргөн бир наристени өзгөчө эстеп калдым. Ал бир жаштан жаңы эле ашкан курагында 50 адам- ды айырмалоого жөндөмдүү болгондугун айтышты. Андан тышкары, ал аларды таанып эле койбостон, ар бирине өз атын берген.
“50 адам” – бул сан бизди анча таң калтырбашы мүмкүн, бирок чоң кишиге деле бир жылдын ичинде 50 адамды эстеп калуу кыйынга турат. Сиз өзүңүздөн бардык тааныштарыңыздын жүзүн тагыраак сүрөт- төп көрүңүзчү, аналитикалык жол менен бирөөсүнүн жүзүн башкасыныкынан айырмалай аласызбы?
Баланын таанып билүү жөндөмдүүлүктөрү алар- да уяңдык пайда болгон кезде, болжол менен жарым жашка чыкканда, таасын көрүнө баштайт. Анын ки- чинекей башы тааныш жүздөрдү, мисалы, апасын же атасын бейтааныштардан айырмалай алат жана ал муну даана түшүндүрө алат.
[b]Азыркы тарбия “катаалдык” мезгил менен “баарына уруксат” мезгилинин орундарын алмаштырып, ката кетирүүдө[/b
]
Бүгүн да көптөгөн психологдор жана педагог- дор, айрыкча “прогрессивдүү” деп эсептелингендер кичинекей баланы аң-сезимдүү окутууну туура эмес деп ойлошот. Алар ашыкча маалыматтар баланын нерв системасына терс таасирин тийгизет, баланы өз жайына коюп, ал эмнени кааласа, ошонун баарын жасоого мүмкүнчүлүк берүү керек деп эсептешет. Айрымдар, ал тургай, бул куракта бала өзүмчүл бо- лот, баарын өзүнүн ырахаттануусу үчүн гана жасайт дегенге ишенишет. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү ата-энелер ушундай идеялардын таасири астында аң-сезимдүү түрдө “өз жайына коюу” принцибин карманып келишет.
Ошол эле ата-энелер алардын балдары бала бак- чага же мектепке бара баштаганда бул принциптен дароо баш тартышат да, өз балдарын тарбиялаганга жана бир нерсеге үйрөткөнгө аракеттенишип катаал болуп чыга келишет. Күтүүсүздөн “мээримдүү” апа- лар “каардуу” апаларга айланышат.
Ошондой болсо да, бардыгы тескерисинче бо- лууга тийиш экендиги жогоруда айтылгандардан түшүнүктүү болду го дейм. Дал ушул балдардын ал- гачкы жылдарында аларга катаал да, мээримдүү да мамиле жасоо зарыл, ал өз алдынча өнүгө баштаган- да анын эркин, “Менин” сыйлоону акырындап үйрөнө баштоо керек. Тагыраак айтканда, ата-эненин тааси- ри бала бакчага чейин токтош керек. Кенже куракта кийлигишпөө, анан кечирээк болуп калганда балага басым жасоо андагы талантты өлтүрүп, каршылыкты жаратышы гана мүмкүн.

#10 31 Июль 2017 - 17:06
2. Кичинекей бала
эмне кыла алат?
Чоңдордун “оор” жана “оңой” деген түшүнүктөрү балдарга жарабайт
Биз, чоңдор, мисалы, бул китеп бала үчүн абдан эле оор же бала классикалык музыканын баркын баалай албайт деп өзүбүзчө тыянак чыгарабыз. Би- рок биз мындай тыянактарды эмненин негизинде чыгарып жатабыз?
Эмненин “оор” же “жеңил” экендиги туурасын- да так түшүнүгү жок бала үчүн – англис тилиби же жапон тилиби, Бахтын музыкасыбы же балдар ырла- рыбы, бирдей угулган, бир түрдүү музыкабы же үн- дөрдүн шайкештигиби – баары бирдей убакта баш- талышы керек, ал үчүн баары тең жаңы.
Сезимдердин негизинде чыгарылган тыянак би- лимден көз каранды эмес, тескерисинче, билим се- зимдерге тоскоол болушу мүмкүн. Кыязы, көптөр атактуу картинаны карап туруп, чындыгында ал аны анчалык тамшандырбаса деле, картинанын баалуулу- гу ал үчүн сүрөтчүнүн ысымында жана анын баасын- да болсо да, өзү жөнүндө: “Бул ажайып!” – десе керек. Ал эми бала, тескерисинче, ар дайым чынчыл. Кан- дайдыр бир нерсе же жумуш, эгерде ал ага кызыктуу болсо, баланын көңүлүн толук арбап алат.
Бала үчүн “тогузга” караганда “көгүчкөндү” эстеп калуу жеңилирээк
Көптөн бери көрбөй жүргөн 2 жашар неберем үйгө коноктоп келген учур эсимде. Ал терезеге ка- рап, неон асмаларын мага көрсөтүп, сыймыктануу менен: “Бул Хитачи, а бул болсо “Тошиба”, - деп айт- кан. Кубанганымды жашырганга аракеттенип, небе- рем эки жашында эле “Хитачи” жана “Тошиба” деген кытай иероглифтерин окуп калган турбайбы деген чечимге келдим. Келинимден неберем кытай алфа- витин качан үйрөнгөнүн сурадым, ушул жерден ал кытайча “Хитачи” менен “Тошибаны” окубаганын, болгону соода маркаларын образ катары эстеп кал- ганын жана аларды ушундайча айырмалаганын бил- дим. Баары мени шылдыңдап күлүштү “небересин жакшы көргөн, аңкоо чоң ата” деп, бирок мен көп- төрдө ушундай болоруна ишенем.
Жакында эле мен жумалыкка жазган кенже ку- ракта өнүктүрүү жөнүндөгү макалаларымды окуган фуджисавалык 28 жаштагы энеден кат алдым. Анын катынан 2,5 жашар уулу эки жашка чыгайын деп кал- гандан тартып автомобилдердин маркасын эстеп кала баштагандыгын билдим. Бир нече айдан кийин эле ал кыркка жакын автомобилди, жапон марка- ларын жана чет өлкөлүк маркаларды оңой эле атап бере алган, кээде ал жадагалса үстү жабылып турган машинанын маркасын айтып бере алган. Андан бир аз мурдараак, “ЭКСПО-70” телепрограммасынын таасиринен улам болсо керек, ал ар кайсы өлкөлөр- дүн желектерин эстеп кала баштаган, эми болсо 30 өлкөнүн желегин таанып жана туура атап бере алат, алардын ичинде Монголия, Панама, Ливан сыяктуу өлкөлөрдүн желектери бар, аларды чоң кишилер да араңдан-зорго эстерине тутушат. Бул мисал чоңдор- до эбак эле жок болгон сапат балдарда бар экенди- гин айтып турат. Бала нерселерди образдар аркылуу таанып-билүү жөндөмүнө ээ, мунун анализдөө ме- нен эч кандай жалпылыгы жок, аны бала кийинче- рээк үйрөнөт. Бул жоромолду тастыктай турган эң сонун мисал – ымыркайдын апасынын жүзүн таануу жөндөмдүүлүгү. Көптөгөн наристелер, эгерде алар- ды бейтааныш адамдар колуна алса, ыйлай башта- шат, апасынын колунда сооронуп, күлүп калышат.
Эксперимент катарында биздин “Кенже куракта өнүктүрүү ассоциациябызда” Исао Ишии мырза кытай жазуусунан сабак берген. Үч жашар балдар “көгүчкөн” же “жираф” сыяктуу кыйын иероглифтерди оңой эле эстеп кала алышкан. Анткени жадагалса адамдын жү- зүндөгү кичинекей өзгөрүүлөрдү да эч кыйынчылык- сыз эстеп калган бала үчүн кыйын кытай иероглиф- тери көйгөй эмес. “Тогуз” деген сыяктуу абстракттуу сөзгө караганда, ал конкреттүү нерсени түшүндүргөн “жираф”, “енот”, “түлкү” сыяктуу сөздөрдү канчалык кыйын болсо да оңой эле эстеп кала алат. Ошондуктан бала чоң кишини картадан утуп алса, мында таң кал- гыдай эч нерсе жок. Эгерде чоң кишиге орунду, санды, картинаны аң-сезимдүү түрдө эстөөгө туура келсе, бала мыкты образдык эстутумга ээ.

#11 31 Июль 2017 - 17:16
Балага арифметикадан
көрө алгебраны эстөө жеңил
Математиканын фундаменталдуу идеяларынын бири – катарлар теориясы. Алгач сан түшүнүгүн, андан соң геометрия менен алгебраны окуган чоң кишиге аны түшүнүү өтө эле кыйын. Ал эми бала үчүн катарлар теориясынын же көптүк теориясынын логикасын түшүнүү жеңил. Математиканы окутуу боюнча таанымал болгон Ришени Феликс айым ба- лага математиканы кайсы куракта болбосун үйрө- түүгө болорун белгилейт.
“Катар” же “көптүк” – бул тек гана окшош нер- селердин жыйындысы. Бала кубиктер менен ойноп жатканда аларды таанып билет. Ал ойноп жатып, аларды катар менен формасына карата ала баштайт: төрт бурчтук, үч бурчтук ж.б.. Ал ошол курагында эле ар бир кубик – “катардын” элементи, бир нече кубик – бир катар, ал эми үч бурчтуктар – баш- ка катар экендигин жакшы түшүнөт. Предметтерди белгилүү мүнөздөрү боюнча топторго бөлүштүрүү боюнча ушундай жөнөкөй идея катарлар теориясы- нын негизинде жаткан башкы идея болуп саналат. Бала татаал, ойлонууну талап кылган арифметика- га караганда жөнөкөй логикалык көптүк теориясын жакшы түшүнөт.
Демек, арифметика жөнөкөй, алгебра татаал де- ген салттуу түшүнүк – чоң кишилердин балдардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу дагы бир жаңылыштыгы экенине ишенем. Баланын мээси көптүк теориясынын логикасын жеңил түшүнө алат, бул алгебранын негиз- дерин түшүнүү үчүн башталыш болуп саналат.
Мынакей, арифметикалык маселенин бир миса- лы: “Зоопаркта бардыгы болуп 8 жаныбар, таш бака жана турна бар. Алардын 20 буту бар. Зоопаркта канча таш бака жана турна жашайт?
Келиңиздер, алгач бул маселени алгебралык ме- тод менен чыгарып көрөлү. Турналардын санын Х менен, ал эми таш бакалардын санын У менен белги- леп алалы, ошондо Х+У=8 а 2Х+4У=20 болот. Эсеп- тейли, Х+2У=10, башкача айтканда, Х=8-У=10-2У; демек, У=2. Демек, 2 таш бака, 6 турна бар экен.
Эми ушул маселени “таш бака” жана “турна” ариф- метикасы менен чыгаралы. Эгерде бардык айбанаттар таш бакалар десек, алардын 32 буту бар экендиги ай- кын болот. Маселе боюнча 20 бут берилген, демек, 12 бут ашыкча. Алар бардык айбанаттар 4 буттуу таш бака деп ойлогондугубуз үчүн ашыкча чыкты, чын- дыгында алардын айрымдары 2 буттуу турналар бо- луп саналат. Андыктан ашыкча 12 бут – турналардын
саны, ал эки жандыктын буттарындагы айырмачы- лыкка көбөйтүлгөн; 12ни 2ге бөлсөк – 6, демек, 6 тур- на, эгерде 8ден, жалпы айбанаттардын санынан алсак, 6 турнанын санынан таш бакалардын саны чыгат.
Бул маселени чечүүнүн түз логикалык белгисиз сандардын ордуна X менен Yти коюп чечүү жолу тур- са, биз эмне себептен мындай арифметиканы “таш бакача” ыкмасы менен чечишибиз керек?
Чындыгында алгебралык чечимдерди шыр эле өздөштүрүү кыйын, логикалык эмес чечимдер оңой көрүнгөнүнө карабастан, алгебраны логикалык жак- тан түшүндүрүү алда канча жеңил.

#12 31 Июль 2017 - 17:34
Жадагалса беш айлык бала Бахты баалай алат
“Сони” фирмасынын биринде бала бакча уюш- турулган. Ал жакта балдар кандай музыканы угарын билүү максатында изилдөө жүргүзүлгөн. Жыйынты- гы күтүлбөгөндөй болгон. Балдар үчүн эң таасир- дүү музыка Бетховендин 5-симфониясы экендиги аныкталган. Эртеден кечке телевизордон берилген популярдуу музыкалар 2-орунга, балдар ырлары эң акыркы орунга туура келген. Бул жыйынтык мени аб- дан кызыктырды.
Биз, чоң кишилер, адатта, балдардан алыс кар- маган классикалык музыкаларды алар эң кызыктуу дешти. Балдар татаал симфонияларды баалай турган музыкалык табитке төрөлгөндөн баштап эле ээби? Доктор Шиничи Сузукинин байкоолоруна ылайык беш айлык балдарга Вивальдинин концерттери жагат. Бул бир окуяны эсиме салат. Классикалык музыканы абдан жакшы көргөн жаш ата-эне жаңы төрөлгөн ба- ласына Бахтын 2-сюитасын күн сайын бир нече саат бою угузган. 3 айдан кийин бала музыканын тактысы- на жандуу кыймылдай баштаган. Ыргак ылдамдаганда анын кыймылы активдүүрөөк боло баштаган. Музыка бүтүп калганда ал капа болгонун билдирген. Ымыркай чыргоолонгондо же ыйлаганда ата-энеси ошол музы- каны коё салган, ошол замат ал сооронуп калган. Бир жолу алар джазды коюшканда бала чуу салган.
Татаал музыкалык формаларды түшүнүү – кере- мет. Көптөгөн жапондор тек гана бала кезинде улут- тук музыкадан жана балдар ырларынан башканы ук- пагандыктан батыш классикалык музыкасын кабыл албай тургандыгына бекем ишенем.
Алты айлык бала сууда сүзө алат
Көптөгөн чоң кишилер сууда сүзгөндү билишпейт (алар “Балта сымал” сүзүшөт). Андыктан тырмактай баланы сууда сүзгөнгө үйрөтсө болорун билгениңиз- де таң калышыңыз мүмкүн. Баса элек бала жерде эм- гектегенге аракет кылгандай эле сууда да ошондой эле карманганга аракет кылат. Бул жерде кичинекей баланын сууда сүзө алгандыгы эмес, бала болуп ту- руп сууда сүзгөндүгү маанилүү болуп саналат.
Бир канча жыл мурун Бенесейл деген белгиялык адамдын эмчектеги балдар үчүн сууда сүзүү мектебин ачкандыгын гезиттен окуган элем. Ал үч айлык бала- ны бассейнде аркасы менен суунун үстүндө калкып турганга үйрөтсө болорун, ал эми тогуз айлык баланы сууда туура дем алганга үйрөтсө болорун айткан.
1965-жылдын августунда аял-атлеттердин То- киодо өткөн эл аралык конференциясында төрайым Ризе Дим бир жашка чейинки балдарды сууда сүз- гөнгө үйрөтүү жөнүндө айтканы чоң сенсация бол- гон. Алгач 32 градус сууга 5 айлык баланы салган, 3 айдан кийин ал сууда 6 мүнөт сүзүп жүрө алган. Бала өзүнчө рекорд да койгон, сууда 8 мүнөт 46 секунд чыдап тура алган.
Пресс-конференцияда Дим айым: “Бала сууда кантип өзүн кармоо керектигин, жерде кантип турса болорун жакшыраак билет. Биринчиден, сиз аны суу- да өзүн кармаганга үйрөнгөнгө чейин колдоо көрсө- төсүз. Бала сууга чумкуп киргенде сыртка чыкканга чейин демин кармап, көзүн жумуп алат. Ал колдорун жана буттарын иштетип, сууда сүзгөндү үйрөнөт”, – деп айткан. Дим айым адамдын мүмкүнчүлүктөрүн жана талантын бир жашка чейин өнүктүрө баштоо керектигин бир канча жолу белгилеп кеткен.
Баланын сууда сүзө алгандыгы – алардын мүмкүн- чүлүгүнүн чексиз экендигин далилдеген бир гана факт. Там-туң баса баштаган бала ролик тепкенди да үйрө- нө алат. Басканды, сүзгөндү, сыйгаланганды – ушунун баарын бала ойноп жатып өздөштүрөт. Эң башкысы аларды туура багыттап, шыктандыруу зарыл.
Албетте, мындай эксперименттер баланы суу- да сүзүүгө же скрипкада ойноого үйрөтүү үчүн гана жасалбайт. Сууда сүзүү – баланын жөндөмдүүлүк- төрүн өнүктүрүүнүн бир жолу: ал баланын уйкусун жакшыртат, табитин ачат, рефлекстерин ойготот, булчуңдарын чыңдайт. “Темирди ысыгында куй” де- гендей эле, башка сөз менен айтканда, металл катып калгандан кийин темирди ийге келтире албайсың.

#13 31 Июль 2017 - 17:39
Баланын мээси чексиз көлөмдөгү маалыматты батыра алат
“Иниси менен эжеси, лингвистикалык генийлер, алар англисче, испанча, италянча, немисче жана французча: беш тилде сүйлөй алышат, ага кошум- ча өзүнүн “агрессивдүү” атасын да түшүнө алышат”. Гезитке чыккан “Агрессивдүү ата” деген аталыштагы макала көптөгөн жапондордун эсинде болсо керек. Макалада Масао Кагата мырза жөнүндө айтылат, ал мугалимдикти таштап, өзүн үй кожоюну деп жа- рыялаган, бүткүл убактысын балдарды тарбиялоого арнаган. Ал убакта баласы 2,5 жашта, ал эми кызы 3 айлык болчу. Балдар дагы эле абдан кичине эле, “аг- рессивдүү” тарбиячы ата көптөрдүн сынына кабыл- ган. Өтө көп маалымат балдардын нерв системасына таасир этет деген кооптонуулар айтылган.
Бул сындардын эч нерсеге арзыбагандыгын Ка- гатанын өнүгүүдө болгон үй-бүлөсүнө карап туруп айтууга болот. Ишин таштап, убактысын жалаң гана балдарды тарбиялоого арнаган атанын туура же туура эмес кылып жаткандыгын сындоонун дагы кереги жок. Кагата мырзанын колдонгон окутуу ыкмасы- нын ийгилиги балдардын интеллектуалдык жөндөм- дүүлүктөрүн даңазалап жаткандыгында. Мына анын айткандары:
“Мен аларды англис, италян, немис, француз тил- деринде сүйлөөгө бир эле убакта үйрөтө баштадым. Радиодо француз тил сабактары англис тилинде үй- рөтүлөт. Андыктан көп тилге бир эле убакта үйрөтүп жатканда окутуу методикасын бириктиргенге болот деп чечтим. Ошол эле убакта сүйлөшө баштадым. Дал ошол убакта менин балдарым пианинодо ой- ногонду үйрөнүп жатышкан. Алар ойногон нотанын түшүндүрмөсү италянча жазылган эле, ал эми котор- мосу англис, немис жана француз тилдеринде болчу. Эгерде алар нускаманы түшүнүшпөсө, кандай ойноо керектигин биле алышмак эмес. Ушул себептен улам мен аларга тилди үйрөтүшүм керек эле. Башкалар мага “Алар бир эле мезгилде беш тилди үйрөнүп жа- тып адашып калышпайбы? ” деген суроону көп бери- шет. Менин оюмча, жок, анткени алар аны туура кол- донуп жатышпайбы. Биз чет тилдерди радио аркылуу гана үйрөндүк. Бул радиоберүүлөрдү өтө жагымдуу дикторлор алып барышат. Сүйлөө көнүгүүлөрү ме- тодикалык жактан так жана көп жолу айтылат. Качан гана балдар өздөрү сүйлөй баштаганда баарын туура айтышат” (“Кенже куракта өнүктүрүү”. Май, 1970).
Демек, чоң кишилерге караганда балдардын мээ- синин маалыматтарды сиңирүү жөндөмдүүлүгү алда канча жогору экендигин белгилөөгө болот. Бир гана нерсе “ашыкча болуп кетет” деп коркпоо керек: бал- дардын мээси губка сымал, билимди тез кабылдайт, качан гана маалымат жетиштүү болгондугун сезгенде жаңы маалыматтарды кабылдоону токтотот. Бизди балдарга көп маалымат бергендигибиз эмес, алар- дын толук кандуу өнүгүшү үчүн маалыматтардын өтө эле аз болуп жаткандыгы тынчсыздандырышы керек.
Бала өзүнө кызыктуу болгон нерселерди гана эстеп калат
Буга чейин мен баланын мээсинин керемет жөн- дөмдүүлүгү, маалыматтарды сиңирүүсү жөнүндө жаз- дым. Мээ бул өнүгүү этабында машина сымал, ага сал- ган нерсенин баарын механикалык түрдө сугунат, ал маалыматты алып, аны түшүнүү деңгээлине жете элек.
Бирок убакыт келет, бала өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болот. Демек, калыптанган интеллектуалдык аппаратты колдоно турган бөлүгү өнүгөт. Бул болжолдуу 3 жаш курагында ишке ашат. Дал ушул убакытта баланы эмне менен кызыктыруу керек деген суроо туулат. Бала өзүнө кызыктуу бол- гон нерсени так эстеп калат. Башка жөндөмдүүлүк- төрү да өнүгөт – ал бир нерсени жаратууга, жасоого болгон каалоосун билдирет; алар андагы интеллект- тин жана мүнөздүн калыптануусу үчүн зарыл болуп саналат.
Балаңыз сиз окуп берген нерселердин бир аз гана бөлүгүн түшүнсө да, аңгемелерди жана жомокторду окуп бере баштайсыз. Балаңыз аны бир канча жолу уккандан кийин эстеп калат, эгерде сиз көңүл төшөбөй окуп жаткан болсоңуз, ал ошол замат катаңызды табат. Бала балдар баяндарын жана жомокторду өтө так эстеп калат, бирок бул алардын түшүнүгүнө ка- раганда элестетүү эстутумуна негизделген.
Анан бала тигил же бул окуяга кызыгып калат да, аны өз алдынча окугусу келет. Ал алфавитти билбесе да, өз кулагы менен уккан окуяны китептин сүрөттө- рү менен салыштырат, ал окуй албаган тамгаларды ирети менен көз жүгүртүп “окуп” чыгат. Дал ушул убакта бала ар кандай тамгалардын окулушу, маани- си тууралуу кызыгып сурай баштайт. Анын мындай талапчылдыгы таанып билүүгө болгон эң чоң кызы- гуусунун далили болуп саналат.
3 жашка жете элек бала өзү кызыккан нерсесин оңой эле жаттап алат. Буга кеткен күч, энергия тын- чыңызды албай эле койсун.

#14 31 Июль 2017 - 18:41
Көптөгөн көндүмдөр
бала кезде өздөштүрүлбөсө, кийин мүмкүн эмес
Иш боюнча мага көп жолу англисче сүйлөөгө туура келет. Бирок мени сүйлөп жатканда жана ты- нымдарда кетирген каталарым дайыма тынчсыздан- дырат. Угуп жаткан адам менин “япончо-англисчем- ди” түшүнбөй калбайт, түшүнөт. Кээде анын жүзүндө эч нерсе түшүнбөй калгандык пайда боло калганда ал менден кайталап коюшумду өтүнөт. Андайда мага алар түшүнүш үчүн тамгалап айтууга туура келет.
Бирок кошунамдын 1 жаш 2 айлык баласы анг- лис тилиндеги сөздөрдү өтө так айтат. Жапондордун көпчүлүгү үчүн [p] жана [л] тамгаларын айтуу кы- йынга турат, ал айта алат. Балким, мен англис тилин орто мектепте окуп жатканда үйрөнө баштагам, ал эми бул бала болсо жапон тили менен кошо англис тилин өздөштүрүп жаткандыгы үчүн болушу мүм- күн. Анын экинчи тил менен алгачкы таанышуусу англисче аудиолорду угуу менен башталган, башка тилди өз тили менен кошо өздөштүрүп, бир амери- калык аял менен англисче сүйлөшө баштады.
Бул салыштыруудан улам акылда эне тилдин об- разы калыптанып калгандан кийин бөлөк тилдин об- разын кабылдоо кыйынга турат. Бирок, мен жогору- да айтып кеткендей, баланын мээси үч жашка чейин эне тили болгон жапон тилинин гана ойлонуу систе- масын эмес, башка тилдикин да өздөштүрө алат, бул процесс бир эле убакта да жүрө алат. Андыктан бала ушул куракта башка тилди өзүнүн эне тилиндей эле өздөштүрө алат. Эгерде сиз бул мезгилди өткөрүп жиберсеңиз, кенже куракта жеңил эле өздөштүрүп ала турган нерсени өздөштүрүү кыйынга туруп калат.
Чет тил балдардын кенже курагында өздөштүрүлө турган бир гана нерсе эмес
Музыкалык шык, физикалык жөндөмдүүлүктөр (кыймыл-аракетти координациялоо жана тең сал- мактуулукту сезүү) дал ушул куракта калыптанат. Болжолдуу дал ушул мезгилде эстетикалык кабыл- доонун негизи болгон сенсордук реакция дагы ка- лыптанат.
Жайкы каникул башталганда ар жылы ар кандай өлкөлөрдөн ата-энелер балдарын доктор Сузукинин скрипка классына алып келишет. Алардын эч кимиси жапончо бир да сөз билбегендигин түшүндүрүүнүн кажети жок. Биринчиден болуп эң кичинекейлер сүйлөй башташат. Андан кийин башталгыч жана орто класстагылар. Эң эле кургурлар – алардын ата- энелери. Эгерде көп балдар бир айдан кийин эле жа- пончо сүйлөй башташса, алардын ата-энелеринин сүйлөй башташы үчүн жылдар керектелет, алар ко- тормочулар катарында балдардын кызматынан пайдаланышат.