Суперстан: Джек Лондон "Өмүр кызык" аңгемелер жыйнагы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Джек Лондон "Өмүр кызык" аңгемелер жыйнагы Которгон С.Ерматов

#1 Пользователь офлайн   Daiza   13 Март 2014 - 13:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 13 Февраль 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2018 09:12

САПАРДАГЫЛАР ҮЧҮН!

— Дагы, куйчу!

— Э, Кид, ашык болуп кетти го дейм? Виски1 менен спирт аралашканда оңой иш

болбойт, анын үстүнө коньяк да, перцовка да, анан...

— Куй дегенде, куя берсеңчи! Ичкилик камдап жаткан ким, менби же сенби? —

Уюлгуган ала булоонун ара-сынан Мэйлмют Киддин мээримдүү күлүмсүрөгөнү көрүнүп

турду .— Э-э, балам, ушул өлкөдө мен жашагандай жашап көрсөң, анын үстүнө кудайдын

куттуу күнү кемиргениң сүрсүгөн балыктын эти болсо көрөр элем, рождество2 деген

жылына бир эле жолу болорун дал ошондо гана түшүнөсүң. Ал эми ичкиликсиз

рождество — кымындай алтыны жок кенге окшош!

— Бул сөзүңдө түк калет жок! — деди рождествону майрамдоо үчүн өзүнүн Мэйзе-

Мэйдеги участогунан келген Джим Белден. Чоң Джим акыркы эки айдан бери жалаң

бугунун эти менен оокаттанып жатканын баары билише турган. — Баягыда биз бир

жолу Танана уруусуна кандай ичимдик уюштурганыбыз эсиңде барбы? Унуткан

эместирсиң?

— Кантип унутайын! Достор, эгерде бир аз кант кошуп ачытылган ичкиликке мас

болушуп, бири-бири менен кантип мушташканын көрсөңөр, бооруңар катканча

күлмөксүңөр. Бул окуя сен келе электе болгон, — деди Мэйлмют Кид, бул жерде

турганына эки жыл болгон жаш тоо инженери Стэнли Принске кайрылып. — Капырай,

бүткүл өлкө боюнча бир да ак жуумал аял болсочу, ал эми Мэйсондун үйлөнгүсү

келгенин кантейин. Руфинин атасы Танана уруусунун аксакалы болчу, атасы кызын

Мэйсонго бергиси келбеди. Маселе кыйын болчу! Бүт уруу алардын никесине каршы

болду. Иши кылып мен акыркы кадак кантты жумшап жатып, укмуштай күчтүү ичкилик

ачыттым. Ой, сууну бойлоп, суудан өтүп артыбыздан куушту дейсиң!

— Сквонун3 өзү деги кандай? — деп кызыга сурады Канададан келген узун бойлуу

француз Луи Савой. Бул жорукту анын кулагы мурда эле Кыркынчы Милде чалган болчу.

Аңгеме айтууга устат Мэйлмют Кид отургандарга түндүктөгү Лохинвардын4 чыныгы

болгон тарыхын ырааттуу баяндады. Анын айткандарын укканда ар бир укмуштуу

окуяны катуу издөөчүнүн жүрөгү кысылып, Түштүктүн күнөстүү жайытына куса

1

Виски — мас кылуучу күчтүү ичкиликтин бир түрү. 2

Рождество — христиан дннинде Ыйса пайгамбардын туул- ган күнүнө арналган майрам. 3

Скво — аял (түндүк америкалык индеецтер ушинтип айтышат). 4

Лохинвар — Вальтер Скоттун балладасынын каарманы. Башка бирөөгө күйөөгө берген жатканда сүйгөн кызын

уурдап алып чыккан.

болгонун сезе түштү. Анткени биерде суук жана өлүм менен куру бекер күрөшүүдөн

көрө, ал жерде береке бар болчу.

— Муз жылып ага баштаганда биз Юкондон өтүп кеттик, индеецтер болсо, чейрек

саат кечигип калышты. Муз дарыянын бетин бербей кылкылдап агып, алардын жолун

кесип таштады, бизди мына ошол сактап калды. Акыры алар Нуклукайтого жеткен

кезде, биздин жасоолдор алардын алдыларынан тосо чыгып, бөгөт болушту. Ал эми

үйлөнүү тою жөнүндө болсо, бул Рубо поптон сурагыла, анткени алардын никесин ушу

киши кыйган, — деп Кид сөзүн аяктады.

Иезуит1 оозунан канжасын алып, жооп айтуунун ордуна мээримдүү жылмайып

койгондо, отургандардын баары,— протестанттар2 да, католиктер3 да жабыла кол

чабышты.

— Ай, кудай урсун, абдан сонун болуптур! — деп сүйүнгөндөй катуу кыйкырды

кызыктуу окуяга берилип, кыялданып отурган Луи Свой. La petite4 скво! Моп Маson

brove4! Абдан сонун!

ИЧКИЛИК куюлган калай кружкалар бир айлангандан кийин тынчы жок, чепилдеген

Беттлз ордунан ыргып туруп, өзүнүн сүйгөн ырын созолонтту :



Молдосу менен окуткан,

Генри Бичер биригип.

Мүрөктүн суусун колго алып,

Жатышат чогуу шимирип.

Каргансак болот, туугандар:

Алдатпайбыз кудай бар,

Анткени жатат шишенин,

Ичинде күчтүү шараптар!



Алагүү болуп отургандар үндөрүн көтөрүңкү, чыгарып, ырды сүрөп кетишти:



Анткени жатат шишенин,

Ичинде күчтүү шараптар!



Мэйлмют Кид кайнатып чыгарган күчтүү кошунду ичкиликтин жандандыруучу

жылуулугунун таасиринен отургандар кызып, сөздөрү көбөйүп, ыр, күлкүлүү тамаша

сөздөр, өз баштарынан өткөн кызык окуялар айтылып жатты. Ар кимиси ар кайсы

өлкөдөн келишкендиктен, кезек келген сайын ар кимдин жана отургандардын

саламаттыгы үчүн ичишти. Англичан Принс өз кезегин «Жаңы дүйнөнүн бат жетилүүчү

бөбөгү Сэма-ага» үчүн көтөрдү; янки Беттлз—Англиянын королевасы «аны теңир

жалгашы» үчүн; Француз Савой менен өнөр жайчы немец Майерс болсо Эльзас-

Лотарингия үчүн кружкаларын кагыштырышты.

Андан кийин Мэйлмют Кид кружканы колуна кармаган бойдон ордунан туруп,

айнектин ордуна коюлган майланышкан кагаздын бетине калың муз турган бүтүрөйгөн

терезеге көз жиберип:

— Бүгүн түнү жол жүргөндөр үчүн! Оокаты жетишип, иттери күчтүү болуп,

ширеңкелери ным болбос үчүн ичели!

Дал ушул мезгилде алардын кулагына тааныш дабыштардын — камчынын

тарсылдаганы, чанага чегилген иттердин каңкылдап үргөнү жана алачыкка жакындап

1

Иезуит — католикалык монах жана диний коомдун мүчөсү. 2

Протестант — христиан дининин өкүлү. 3

Католик — католик дининин жолун жолдоочу адам. 4

Жарайсың ишке, Мэйсон!

келе жаткан чананын кыйчылдаганы угулду. Сөз токтолуп, баары кулак түрүп,

жүргүнчүнүн үйгө киришин күтүштү.

— Адегенде иттерин жайлаштырып, анан өзү жөнүндө кам көргөнүнө караганда,

көптү көргөн неме окшойт! — деп Мэйлмют Кид Принске шыбырады. Жаактын

шакылдаганына, иттердин ырылдаганына жана аянычтуу каңкылдаганына караганда

жүргүнчү өз иттерин оокаттандырып, башка иттерди жолотпой кууп жатканын Киддин

тажрыйбалуу кулагы угуп, ошондон улам тигинин сарамжалдуулугун сезди.

Акыр аягында ал эшикти ишенимдүү жана катуу тыкылдатты. Жүргүнчү үйгө кирип

келди, жарыкка көзү чагылышып, улагада бир паска туруп калды, ушул мезгилде

үйдөгүлөрдүн баары аны бутунан тартып башына чейин көз жүгүртүүгө үлгүрүштү.

Жүргүнчү түндүктүн жаныбарларынын терисинен жасалган кийиминде өтө эле

шырыктай, келбет көрүнөт. Бою алты фут1, кең далылуу, көкүрөгү жайык эле. Сакал-

муруту алынган, бети суукка кызарып, кашын жана узун кирпиктерин бубак баскан.

Карышкырдын терисинен жасалган туулга сыяктуу шоңшойгон баш кийиминин

бүчүлүгүн чечип жатканда, караңгы түндө чыга калган аяздын падышасындай көрүндү.

Чолок тонунун сыртынан курчанган кооз кемер курунда илинген эки чоң тапанча жана

аңчынын бычагы, колунда бүктөй кармап, дайыма бирге алып жүргөн узун камчысынан

башка, кийинки жаңы үлгү менен чыгарылган ири калибрлүү мылтык бар. Ал жакын

келгенде, бут шилтегени создугуп, тың сезилгени менен, катуу каржалып-чарчаганы

баарына көрүнүп турду.

«Ой-оо, силер бул жерде абдан көңүлдүүсүңөр го, достор» деп айткан анын жылуу

сөздөрү бир азга өкүм сүрө калган жымжырттыкты таркатып жибергендей болду.

Мэйлмют Кид ошол замат барып кол кармашып көрүштү. Алар мурда кезигишпесе да,

бири-бирин имиш-имиштен улам сыртынан билише турган. Коноктун кайда жана эмне

үчүн баратканын айтып берүүгө чамасын келтиришпестен эле, аны ар бири менен

тааныштырып чыгышты да, бир кружка ичкиликти дем алдырбай туруп көтөртүп

жиберишти.

— Чанага сегиз ит чеккен үч кишинин бул жерден өткөнүнө көп болдубу? — деп

сурады ал.

— Эки күн өттү. Сиз ошолорду кууп баратасызбы?

— Ооба, ошол чанадагы иттер да меники. Каратып туруп кууп кетишпедиби, жүзү

каралар! Мен жолду эки күнгө кыскарттым, эмки өрүүн алган жеринде сөзсүз жетемин.

— Кызыл чеке болбой эле тынышабыз деп ойлойсузбу? — деп сурап калды Белден,

Мэйлмют Кид кофе кайнатып жана бир тилим чочконун майы менен бир кесим бугунун

этин кууруп бүткөнчө сөздү созуу үчүн.

Жүргүнчү унчукпастан тапанчаларын, маанилүү түрдө чапкылап койду.

— Доусондон качан чыктыңыз эле?

— Саат он экиде.

— Кечээби? — деп сурады Белден, анын жообуна эч шектенбестен.

— Жок, бүгүн.

Буга баары таң калышып, күбүр-шыбыр боло түштү. Чынында да таң кала тургандай

болчу: он эки саатта муздуу дарыянын үстү менен жетимиш беш миль басып өтүү оңой-

олтоң эмес да!

Аңгеме балалык кездерин эске салуунун тегерегинде болуп көп узабай жалпы түргө

өттү. Жаш жигит аздыр-көптүр оокатын жеп бүткөнчө, Мэйлмют Кид анын иреңинен

мүнөзүн окуп жаткансып, ыкласын коё тиктеди. Жаш жигиттин өңүнө тамга салган оор

эмгек менен жокчулуктун катаал тагы даана көрүнүп турса да, анын жагымдуу, ачык-

айрым жана ак көңүл иреңи бат эле Киддин купулуна толо түштү. Мээримдүү, шайыр,

1

фут — узундуктун өлчөмү. Бир фут 30,5 сантиметрге барабар.

көгүш көздөрүнөн кээде, асыресе, талаш-тартышта от жанып, сүрдүү, ажардуу болуп

көрүнүүгө жөндөмдүү экени сезилип турду. Балкыйган жаагы жана чарчы

келген ээги анын туруктуу жана эч кимге баш ийбеген мүнөзүн көрсөтүп турат. Ошону

менен бирге, анын кабылан-кебетесинде кандайдыр бир өзүнчө назик, жумшак мүнөз

бар эле.

— Ошентип кемпирим экөөбүз баш кошуп да калдык, — деди Белден өзүнүн сүйүүсү

жөнүндөгү кызык аңгемени аяктай жаздап. — «Мына биз кошулуп калдык», — деди кыз

атасына жетип барып. Атасы болсо ага ачууланып: «Жоголгула, көзүмө көрүнбөй! »— деп

айкырды. Бир аздан кийин кайта мага карап: — «Кана, Джим, таза кийимиңди чечкин —

түшкө чейин бир узун тилке жерди айдап салалы» — дегеничи. Анан: «Сэл, сен идиш-

аякты жуугун» — деп аны жекиримиш болгону менен бышактап ыйлап, эңкейип

өпкөндөй болду. Мен кубанып кеттим. Бирок, ал сезе коюп, кайта: — «Бол, Джим, тез

кыймылда» — деп кыйкырып жиберди. Чымылдаган бойдон кампаны карай сыздым.

— Штатта балдарыңыз калды беле? — деп сурады жүргүнчү.

— Жок, Сэл бир да бала төрөп бербестен каза болуп калбадыбы. Мына ошондон

кийин мен быякка келдим.

Белден канжасынын өчүп калганын байкабай соргулап, кайра сөзгө аралашты:

— Өзүңүз үйлөндүңүз беле, тууган?

Тигил жооп берүүнүн ордуна чөнтөк саатын ичке кайыш боосунан бошотуп,

капкагын ачып туруп Белденге сунду. Джим чырактын билигин азыраак көтөрүп, жарык

кылып, капкактын ич жагын бир топко кадала тиктеп турду да, жактыргандай башын

ийкегилеп саатты Луи Савойго берди. Луи «эх, аттигиниң» деп бир нече жолу кайталап

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 3100-1.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Март 2014 - 13:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

kanat4ik - 5 күнгө БАНга!
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Daiza   13 Март 2014 - 16:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 13 Февраль 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2018 09:12

жатып, акыры саатты Принскесунду. Саатты ала коёр менен анын бүткөн боюн

калтырак басып, көзүнөн назикмээрим жаадырай баштаганын бардыгы сезишти. Саат

колдон колго өтүп жатты. Анынкапкагынын ич жагында мына бу өзү сыяктуу

эркектерге тымпыгый жана асылгычжаракөр кылыгы менен жагууга жөндөмдүү

аялдын эмчектеги баланы көтөрүптурган сүрөтү чапталган болчу.

Ушул ажайып сонун нерсени көрүүгөали кезек жете электердин кызыккандан чый-

пыйы чыгып, зорго чыдаса,көргөндөр унчугушпай шылкыйып, өткөн-кеткендерин

эстеп, ойго чөмүлүштү. Аң улоодо,суу ташкындаганда дайыма арттарынан акмалап

жүргөн ачкачылыктан да,каражамадан да, өлүмдөн да булардын корко турган

кебетелери жок. Бирок, азыркыбалалуу дайынсыз аялдын сөлөкөтү алардын өздөрүн

аялдар менен балдарга теңепкойду.

— Ушу кезге чейин чүрпөмдү өзкөзүм менен бир да жолу көрө элекмин. Тек гана

аялымдын каты аркылуу эркекбалалуу болгонумду жана ал эки жашка чыкканын

билем, — деди жүргүнчү сааттыкайра алып жатып. Ал бир мүнөтчө сүрөттү телмире

тиктеп туруп, андан кийин сааттынкапкагын шарт жаап, тескери бурулуп кетти.

Канчалык кадиктенгени мененмончоктоп аккан көз жашын отургандардан жашыра

алган жок.

Мэйлмют Кид аны койкага ээрчитипкелип, жатып эс алгын деди.

— Мени дал саат төрттө ойготупкойгула, сөзсүз ойготкула! — деп айтар менен

жүргүнчү ошол замат уйкуга кетти.

— Азамат эмес бекен! — деп дарооэле баа бере салды Принс. — Ит чана менен

жетимиш беш миль жол басканданкийин, үч саат уктап, кайта жолго чыгыш — айтканга

гана оңой. Бул ким, Кид?

— Джек Уэстондэйл. Анын бул жердежүргөнүнө үч жылдай болду. Кара жерди

каңтара ок иштейт, бирокшордуунун башы кырсыктан арылбай койду. Мен ушул кезге

чейин мунун өзү менен беттешипжолугушкан эмесмин, бирок бул жөнүндө Ситка Чарли

мага айтып берген.

— Чүрөктөй сулуужаш аялынан ажырап солкулдаган кырчындай кезин мына ушул

кыртышы сыртына бүтүп, бир жылыэкиге татыган жерде өткөзүү кыйын эмегенде оңой

эмес байкушка.

— Биерде тим эле өзүнүнөжөрлүгүнөн жүрөт. Анткени эки жолу мыкты иштеп таап,

экөөндө тең сызга отуруп калды.

Бул аңгемени Беттлздин бакылдаганкыйкырыгы бузуп жиберди. Сүрөттөн улам

пайда болгон толкундаганыбасаңдап, катаал жылдарда жабыркаткан эмгек. менен

жокчулуктун салдарын куунакотуруу жууп кетип жаткансыды. Жалгыз гана Мэйлмют

Кид жалпы оюн-тамашага анча көңүлбурбай, тынчсызданып, дембе-дем саатына карайт.

Акыры, мээлейин жана кемчеттумагын кийип, акырын үйдөн чыгып, азык-түлүк,

эмеректер сакталуучу бөлмөдөбирдемелерди аңтарып-теңкерип жатты...

Акыры чыдай албай жүргүнчүнүбелгиленген убакыттан чейрек саат мурун ойготту.

Анын буттары кыймылга келбейселейип карышып калгандыктан, колдон келишинче

ушалап араңдан зорго ийкемгекелтиришти. Кыйналып-кысталып жатып өйдө туруп,

темтеңдеп эшикке чыкты. Сырттаиттер чанага чегилип, бардыгы жөнөөгө даярдалып

калган болчу. Жолуң болсун,кууганыңа жет деп Уэстондэйлге тилектеш экендигин

билдиришти. Рубо поп жүргүнчүгөшашып- бушуп бата берип, үйгө чуркап кирди.

Чынында да жетимиш төрт градус1

суукта баш кийимсиз жанамээлейсиз эшикте

туруунун көп анча жыргалчылыгыжок эле!

Мэйлмют Кид Уэстондэйлди жолгочейин узатып бирге барып, чын жүрөктөн колун

кысып туруп:

— Чанаңызга жүз кадак балыктынуругун салып койдум. Иттер үчүн ал жүз элүү

кадак балыктын ордуна түтөт.Мүмкүн сиз Пеллиден иттерге азык табылат деп ойлогон

чыгарсыз, аерде жем жагы өтөкатаал, — деди.

Уэстондэйл селт этип кетти дакөздөрү жалжылдай түштү, бирок Киддин сөзүн

бөлбөй укту.

— Беш-Бармактын этегинен берижактан сиз өзүңүзгө да, иттериңизге да оозго салар

оокат таппайсыз. Ага чейин кенен-чононэки жүз миль келет. Отуз-Миль дарыясынын

айрыктарынан сак болуңуз жанакандай болбосун Ле-Барж көлүнөн жогорураак чендеги

чоң канал менен жүрүңүз, мынаошондо жолду алда канча кыскартасыз.

— Сиз кантип билдиңиз? Имиш-имишсөздөр менден мурун жетип калдыбы?

— Мен эчтеке билбеймин жанабилгим да келбейт. Сиз кууп бараткан чана деги

сиздики эмес да: Ситка Чарли аныал адамдарга өткөн жазда жалпак отуруп, жай

сүйлөшүп эле өз баасына сатканболчу. Ошондой болсо да сиздин ак ниеттүү адам

экениңизди ал мага -айткан, менага ар дайым ишенем; сиз мага жагып калдыңыз. Ал

турмак мен аялыңызды жана...Көрдүм да,

— о, кокуй десе, көзгө күчкелтирип эмне кереги бар! — деп Кид сөзүн бүтүрө элек

жатып мээлейин чечип, койнунанбир баштык алтынды сууруп чыкты.

— Жок, мен буга муктаж эмесмин! —Бетинен ылдый аккан көз жашы муз болуп

тоңгон Уэстондэйл калчылдапМэйлмют Киддин колун кысты.

— Андай болсо иттерди аяба,жүрбөй калганын таштап кете бер. Баасы канча болсо

да акчанын көзүнө карабай,башкасын сатып ала бериңиз. Итти Беш-Бармактан, Кичине-

Балыктан жана Хутилинквадан сатыпалууга болот. Анан бутуңузду кургак сактаңыз.

Эгерде сууктун градусу элүүжетиден төмөндөсө тынбай эле жүрүп отуруңуз. Бирок

азыраак күн жылуу тарткандатоктоп, от жагып, байпактарыңызды которуп алыңыз, —

деп Мэйлмют коштошоордоакыл- насаатын айтты.

Чейрек саатка жетпей коңгуроонунүнү жаңы коноктордун келгендигин баяндады.

Эшик ачылып, сырттан ит айдагычэки метисти1 ээрчитип, падышанын түндүк-батыш

атчан полициясынын офицери кирди.Уэстондэйл сыяктуу үчөө тең курал-жарактуу, өтө

1

Температура бардык жерде Фаренгейт боюнчаберилди.

6чарчап-чаалыккандары сыртынан байкалып турду. Метистер ушул жерде туулуп-

өскөндүктөн азаптуу жол жүргөндөкыйналышпаптыр. Ал эми жаш офицердин

кыймылдаарга шайманы калган эмес.Жалаң гана ушул расадагы адамдарга тийиштүү

болгон кара көктүгү куугундуулантууга мажбур кылып жатты. Демек ара жолдо алдан

тайып, кулап түшмөйүнчө, айтканынанкайтпай тургандыгы белгилүү болчу.

— Уэстондэйл качан жүрүп кетти? —деп сурады ал. — Же ал бул жерге токтогон

жокпу?

Бул артык баш берилген сурооболду, анткени чананын изи өзү эле бардыгын айтып

турган.

Мэйлмют Кид менен Белденбири- бирине карашып, иштин жайын түшүнүшкөндөн

кийин, Кид:

— Бир топ эле убакыт болуп калды,— деп тайсалдатып жооп берди.

— Досум, сен, кыйшаңдатпайчыныңды айт, — деди офицер эскерткен сыяктуу.

— Кебетеси, ал сизге эң керекокшойт! Эмне Доусондо бир балакет кылган го?

— Гарри Мак-Фарлэндди кырк миңгесызга отургузуп кетпедиби. Тынч океан

компаниясынын Сиэтлдеги агентиненалтынды чекке айырбаштап алыптыр, эгерде аны

кармап калбасак, ал жыргап ганаакчаны чек боюнча алып алат. Ал качан жүрүп кетти?

Мэйлмют Кидге окшоп, бардыгыэчтеке көрбөгөн-билбегендей боло калышты, жаш

полисмен алардын көңүл кош караптурганын көрдү.

Офицер Принске кайрылып суроосункайталады. Тигил өзүнүн жердешинин ачык-

айрым, сүрдүү иреңине тике караптуруп, калп айтууну туура таппаса да, жолдун абалы

жөнүндө дайынсыз бирдеменикүңкүлдөп айткансыды.

Ушул учурда офицер Рубо поптукөрө койду. Поптун калп айтууга дити дааган жок.

— Кеткенине чейрек саат болду,бирок өзү да, иттери да, бул жерде төрт саат өрүүндөдү,

— деди ал.

— Кеткенине чейрек саат болсо,дагы дем алып, күчтөнүп алса! О, жараткан!

Офицер чарчаганынан жанакапаланганынан эсинен тана жаздап, теңселе түштү,

Доусондон берки он саат жолжүргөн аралык жана таптакыр жүрө албай калган иттер

жөнүндө бирдемелерди түшүнүксүзкүңкүлдөдү.

Мэйлмют Кид бир кружка ичкиликжуткузуп жибергенден кийин офицер чана

айдагычтарды чакыруу үчүн эшиктикарай жөнөдү. Бирок жылуу жатып, эс алуу үмүтү

өтө оолуктургандыктан тигилеркараманча кашайып, тил алышпады, Кид тигилер

сүйлөшкөн жергиликтүү французтилин түшүнгөндүктөн, алардын кебине алдыртан

кулагын салды.

Метистер иттердин таптакыралсырагандыгын, Бабетта менен Сивашты биринчи эле

милде атып таштоого туура келетургандыгын, башкаларынын дале ал экөөнөн

артыкчылыгы жок экенин,жалпысынан алганда өздөрү да дем алса жаман болбой

тургандыгын айтып, безеленипкарганып жатышты.

— Мага беш ит убактысынчакайрылыша турасыңарбы? — деп сурады офицер

Мэйлмют Кидге кайрылып.

Кид унчукпай башын чайкады.

— Мен сизге капитан Констэнтайндыннаамына беш миңге чек жазып беремин.

Керек болгондо чек жазып берүүгөукугум бар, мынакей документим.

Баягы эле үнсүз, тескери жооптуалды.

— Андай болсо азыр иттериңдикоролеванын атынан бекер алып кете беремин!

Кид шылдыңдаган сыяктуу жылмайып,өзүнүн ар түркүн бай курал-жабдыктарын

башы менен жаңсап карап койгондо,англичан каршылык көрсөтүүгө өзүнүн

чабалдыгын сезип, кайтадан эшиктикарай жөнөдү. Чана айдагычтар дагы

тарткынчыкташып, кыйыктаныштыэле, офицер аларды аялсыңар жана коркоксуңар

деп сөгүнүп-кагынып коё берди.Ачуусу келгендиктен улуу метистин кара тору бети

кызарып, ордунаншарт тура калды да, эң алдыңкы итти кубалап отуруп, зордуктуруп,

анан карга тээп таштайтургандыгын начальнигине тайманбастан ачык айтты.

Жаш офицер бардык күчүн жыйнап,куру кайрат кылымыш болуп эшикке шарт

жөнөдү. Буга бардыгы түшүнүштүжана анын туруктуулугун баалашты. Кантсе да, анын

кыйналып тургандыгы иреңинен байкалыптурду.

Суукка чыйрыгып кардын үстүндөбүрүшүп жаткан иттерди тургузууга такыр

мүмкүнчүлүк болбоду. Шордууайбандар камчынын ачуусуна чыдабай каңкылдап, улуп-

уңшуду. Чегилген иттердин эңалдыңкысы — Бабеттини катардан чыгарып

таштагандан кийин, чана ордунанжылып, жолго чыкты.

— Ой, жүзү кара! Алдамчы!

— Шайтан баскыр!

— Ууру!

— Индеецтен да ашкан акмак тура!— дешип баары тең аябай кыжырланышты.

Анткени ал биринчиден — алардыалдап, акмак кылып кетти. Экинчиден, ак

ниеттүүлүктү — негизги адамкерчиликтинкасиети деп эсептеген Түндүктүн үрп-

адатын бузду.

— Биз ал иттин баласына дагыбоорубуз ооруп, жардамдашып жүрбөйбүзбү!

Мындайын мурда билсекчи!

Бардыгы Мэйлмют Кидди жемелүүтиктеп калышты. Ал Бабеттини бапестеп ороп

жаткан бурчтан чыга келип,унчукпастан ичкиликтин калганын кийин ичкендердин

кружкаларына бөлүштүрүп куйду.

— Бүгүнкү суук, балдар, болгондода тимеле кырчылдаган аяз! — деп ал жактоочу

сөзүн кызык баштады. — Силербардыгыңар мындай аяздуу түндө жол жүрүп

көргөнсүңөр жана ал кандайэкендигин билесиңер. Алдан тайып, жүрбөй калган итти эс

алдыруу кыйын экени да белгилүү! Силер окуянын бир жагын гана уктуңар. Ушу кезге

чейин Уэстондэйлден ак жанаадилет адам биз менен бир аяктан оокат ичип,

коюндашып бир төшөктө жата элек.Өткөн күздө ал бардык кырк миң акчасын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Daiza   13 Март 2014 - 16:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 13 Февраль 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2018 09:12

борбордогусоода ишканасына өзүнүн наамынан өткөрүп коюуга Джо Кастреллден

берипжиберет. Эмдигиче сөзсүз миллионер болот болчу. Ал эми Кастреллдин эмне

кылганынбилесиңерби? Уэстондэйл Серклде калып, каражама менен ооруган шеригине

каралашыпжатканда, Кастрелл акең Мак-Фарлэнд менен кумар ойной кетип, бүт

уттурупкоёт. Экинчи күнү анын өлүгү күрөндүнүн алдынан табылат. Шордуу Джектин

кышындааялына жана алиге көрө элек уулуна баруу тилеги таш кабат?.. Байкап

көргүлөчү,Джек ашык да эмес, кем да эмес, өзүнүн шериги уттурган гана кырк миңди

алган.Ал кетип калды. Эми силер эмне демекчисиңер?

Кидотургандарга бир сыйра көз жүгүртүп чыгып, алардын иреңдеринин

жумшарганынсезгенден кийин кружканы өйдө көтөрдү.

—Бүгүн түнү сапар чеккен адам үчүн ичели! Анын оокаты түгөнбөсүн, иттери

чарчабасынжана ширеңкелери ным болбосун. Жараткан ага жардам берип, бардык

жагынаниши оңолсун ээ...

— Алэми королдун полициясы маскара болсун! — деп анын сөзүн коштоп кетти

Беттлз,бошогон кружкалардын шаңгыраган жаңырыгына кошул-ташыл болуп.

8КЫРКЫНЧЫ МИЛДЕ









ЧоңДжим Белден «сууда калкыган муз —» кызыктуу окуя экенин көңүлүндө эч

кандайкири жок эле айта салганы эмнеге алып келерин өзү да билген эмес. Ага жооп

катарысуунун түбүнөн тоңгон муз — андан да кызык окуя экендиги жөнүндө айтып

жатканЛон Мак-Фэйндин оюна да эчтеке кирип чыкпаган болчу; эч кандай муз суунун

түбүндөтоңбостугу, бул анчейин гана балдарды мокочо менен коркуткан сыяктуу

ороскелиш экендигин айтып талаша кеткенде Беттлздин да оюна эч нерсе келген эмес.

— Булжерде ушунча жыл бирге жашагандан кийинки сенин мага айтып жатканың

ушулбу!— деп Лон чаңыра кетти. — Экөөбүз бир казандан канча жолу оокаттанбадык!

— Булчындыкка сыяр иш эмес, — деп талаша берди Беттлз, — билсең, музга

карагандасуу жылуураак келет...

—Эгерде музду талкаласа, суудан айырмасы аз.

—Тоңбогондон кийин суу муздан жылуурак да. Сен болсо музду суунун түбүндө

тоңотдейсиң!

— Менсуунун түбүндө тоңгон муз жөнүндө, Дэвид, суунун түбүндө тоңгон муз

жөнүндөгана айтып жатам. Суунун агымы менен сүзүп баратсаң, суу айнектей көгүш

тартыпжалтырап турат, андан кийин эле кокусунан күндү булут каптаган сыяктуу

суунунбетине шырык муздар калкып чыгат; көз ачып жумганча суунун тиги жээги

мененбу жээгине чейин, кайрылыштан- кайрылышка чейин жер бети биринчи кар

чүмкөгөнсүп, апапак боло түшөт. Сен мындайды учураттың беле?

—Ананчы, кайыктын үстүндө калак эшип баратып көзүм илинип кеткенде аны

далайжолу учураткам. Бирок, мен көргөн шырык муздар суунун түп жагынан калкып

чыкпастан,ар дайым кандайдыр бир туш тараптан, куйган суудан агып келчү.

— Сенаны өңүндө бир да жолу көргөн жоксуңбу?

—Жок. Сен да көргөн жоксуң. Мунун баары чындыкка жанашпай турган нерсе. Ким

даболсо сага ушуну айтат!

Беттлзмешти тегеректеп отургандардын баарына кайрылды, бирок эч кимиси ага

жоопкайтарган жок жана Лон Мак-Фэйн экөөнүн өз ара кер-мур айтышы улана берди.

—Чындыкка жанашабы же жанашпайбы, айтор менин сага айтып жатканым — бул

чындык.Бул көрүнүштү былтыр күзүндө биз Ситка Чарли экөөбүз Форта Довериянын

ылдыйжагындагы босогодон сүзүп баратканда байкадык. Накта күз мезгили болчу,

алтындайсаргыч жалбырактуу дарактарга жана солкулдаган байтеректерге күндүн

нурутүшүп, жалтылдайт, суунун бетинде майда толкундар жыбырайт; түндүк жактан

болсокыштын көгүлтүр мунарыгы бүлбүлдөп көрүнгөнсүйт. Анын кандай болорун сен

9өзүң деле жакшы билесиң го: өзөндүн кырка жээгин шырык муз каптай баштап,

айлампа,ирим жерлерде кадимкидей келки муздар айланып турат; аба да кандайдыр

жангажагымдуу жана таза: ал абадан жуткан сайын сен өзүңдү жаңы күч кошулгандай

сезесиң.Мына ошондо, досум, дүйнө жүзү тарып, селсаяктык сени алга айдайт.

О-о,кайсы сөзгө түшүп кеттим.

Ошентип,кээ бир айлампа жерлердеги бирин-серин музду эсептебегенде, келки

муздунЭч кандай белгисин байкабастан, калакты күрөй бердик. Бир убакта индеец

калагынөйдө көтөрүп: «Лон Мак-Фэйн! Төмөн жакты карачы! Бул жөнүндө кулагым

чалган,бирок өз көзүм менен көрөт экем деп эч ойлогон эмесмин!» — деп кыйкырды.

Алжерлерде мен да, Ситка Чарли да жашабагандыгыбызды сен жакшы билесиң,

ошондуктанмындай көрүнүш бизге укмуштуудай кызык көрүндү. Биз калакты күрөөнү

токтотуп,кайыкты суунун агымы менен коё бердик да, өзүбүз кайыктын эки жагына

эңкейип,жылтылдаган сууну тиктедик. Менин баягы бермет издегендер менен өткөргөн

күндөрүмкылт эсиме түштү. Ошондо мен деңиздин түбүнөн гүл бакчага окшогон шуру

таштардыкөргөмүн. Биз суунун түбүндө тоңгон музду көрдүк: суунун түбүндөгү

таштардыкелке муздар жаап, ак шуруларга окшоп калыптыр.

Бирок,эң кызыгы али алдыда болчу. Босогону айланып сүзүп өткөнүбүзчө, кайыктын

айланасындагысуу сүттөй апапак майда тегерек шырык муз болуп калды. Жазында

майдаак балыктар суунун үстүнө жабалактап сүзүп чыкканда же өзөндө жамгыр

жаагандамына ушундай боло турган. Суунун түбүндө тоңгон муздар жогору жакка

калкыпчыгып жатты. Оң жакты да, сол жакты да, айтор, көз көргөн жактын баарын

майдатегерек шырык муз каптап алды. Калакка желимдей жабышкан коюу боткодо

кайыкалга араңдан зорго калкамандайт. Мен ал босоголордон шырык муз каптаганга

чейинда, андан кийин да далай жолу сүзүп өттүм, бирок мындай укмушту эч качан

көргөнэмесмин. Бул көрүнүш өмүр бою менин эсимде калды.

—Сүйлөй бер! — деди Беттлз көңүлкош. — Сенин ушу кайдагы жокту айтканыңа

мениишенет деп турасыңбы? Байкашымда, сенин көзүң да, тилиң да жайында эмес

окшойт.Ошол күнү эртең менен көзүң менен тилиңди куюн даарып кетсе керек?

— Өзкөзүм менен көргөм да; Ситка Чарли ушуерде болсо, ал далилдеп, күбө болот

эле.

—Болгон ишти тана албайсың. Адегенде абдан алыс турган суу тоңот деш бул

табигыйнерсе эмес.

—Бирок, мен өз көзүм...

—Жетет! Эмне эле сен аны уламдан-улам кайталап калдың — деди Беттлз аны

ынандыргысыкелип.

Бирок,Лон Мак-Фэйндин кельттик кырс мүнөзүнө тийип ачуусу келе түштү:

— Сенэмне, мага ишенгиң келбейби?!

—Эгерде сен айтканыңдан кайтпай кежеңдей берсең — ишенбейм; баарыдан мурда

менжаратылышка жана болгон ишке гана ишенем.

—Демек, сен мени калп айтты дегиң келип туратко? — деп Лон жекире сүйлөдү. —

Сенандан көрө өзүңдүн сиваш аялыңдан сурап көр. Менин чын же калп айтканымды ал

айтыпберсин.

Беттлзачуусуна чыдабай кыжыры кайнап, туталанып кетти. Ирланд байкабастан

аныннамысына тийип алды. Анткени Беттлздин аялынын энеси индианка, атасы аң

терилерименен соода кылган орус болчу. Ал аялы менен Нулатодогу православиелик1

миссияданикелешкен, Юконду ылдый бойлоп жүргөндө мындан миң милдей ыраак

келет.Демек, анын аялы ата-теги жагынан жергиликтүү сиваш аялдардан алда канча

жогорутурат. Бул түндүктөгү укмуштуу окуя издеген адамга гана түшүнүктүү,

айырмалуулугубилинер- билинбес, кылдат нерсе эле.

1



1

Православие—христиан дининин бир түрү.

— Ооба, ошондой деп түшүнө бер, — деп ал чечкиндүү түрдө ырастады. Анданкийин

ЛонМак-Фэйн аны көз ачып жумганча жерге көтөрүп урду, мештин тегерегинде

отургандарорундарынан ыргып туруп, алты-жети киши ошол замат

чатакташкандардынортосуна түшө калышты.

Беттлзэрдиндеги канды аарчып өйдө турду.

—Мушташуу жаңылык эмес. Бул үчүн мен сени менен эсептеше албайт деп

турасыңбы?

—Өмүрүмдө мени эч ким эч качан калп деп айткан эмес, — деп Лон салабаттуураак

сүйлөдү.— Өзүң каалаган жол менен менден өч алууга сага көмөктөшпөсөм эле жерге

кирипкетейин.

—Сеники баягы эле 38—55?

Лонбашын ийкеди.

—Андан көрө өзүңө жарактуураак калибр таап ал. Менин тапанчам сенин бир

жериңетийсе жаңгактай тешик калтырат.

— Менүчүн убара болбой эле кой! Анткени менен тапанчамдын огунун учу жумшак,

бироктешип өтүп, чыккан жерин ородой эшип кетет. Мен сени менен качан беттешүүгө

татыктууболом? Менимче, муздагы суу алгычтын жээги ылайыктуу жер.

—Тандаган жериң жаман эмес. Туура саат бирде ошоерге кел, мен да көп күттүрбөйм.

Экөөтең мээлейин кийип, жолдошторунун акидей асылганына көңүл бурушпастан,

КыркынчыМилдин күзөт бөлмөсүнөн чыгып кетишти. Чатак бир болор-болбостон

чыккансыды, бирок мүнөзү кырс жана оюна келгенин бербеген өжөр адамдардын майда-

чуйдачыр-чатактары чоң жаңжалга айланып кетет. Анын үстүнө, ал кездерде алтын

чыгуучукатмарларды кышында иштетүүнү эч ким билчү эмес, андыктан Кыркынчы

Милдежашагандар арктикалык узакка созулган кышта үйлөрүнө камалып жатып,

опкоктуктанжана аргасыз бекерчиликтен улам буулугуп, кулк-мүнөзү аябай бузулууга

жанакүзүндө балчелектер балга толуп кеткен кездеги аарылардай ачуулуу болуп

калышат.

Алубакта Түндүк Өлкөдө укукка негизделген мамлекеттик сот иштери жөнгө салына

элекболчу. Королдун аттуу полициясы да келечекте боло турган иш эле. Кимде-кимдин

өзүнөтийиштүү иши болуп калса, чатактын салмагын өзү өлчөп, жазаны өзү берчү. Экөө

биргелешип, бирөөгө каршы озбодорчулук кылуунун зарылдыгы анда-санда гана

учурайт,ал эми сегизинчи осуятты бузуу учуру Кыркынчы Милдин лагеринин бардык

күңүрттарыхында эч качан болгон эмес.

ЧоңДжим Белден ошол замат шашылыш түрдө кеңешме уюштурду. Скрафф

Маккензипредседателдик орунду ээледи, чакырып келүүгө Рубо попко киши

жиберишти.Кеңешмеге катышкандардын абалы эки ача болучу, буга алар өздөрү да

түшүнүшкөн. Колдо бар мүмкүнчүлүк боюнча кокус алар кийлигишсе, дуэлди1 токтотуп

коюугаболмок, бирок бул иш — алардын каалоосуна толук жооп берген менен, көз

караштарынакайчы келет. Анын үстүнө, алар өзүлөрүнүн эскирген жөнөкөй этикасы

боюнчамуштумга муштум менен жооп берүү ар кимдин жеке акысы деп эсептешкени

менен,Беттлз менен Мак-Фэйндей эки жакшы жолдошторунун бычак учунда

кездешүүсүнөжол бергилери келбеди. Алардын түшүнүгү боюнча, чакырыкты кабыл

албаганкиши коркок деген атка конмок, бирок эми иш ошондой болуп калгандан кийин,

атышуунунболбой калышын көздөштү.

Кеңешмежүрүп жаткан кезде кайдан-жайдан пайда боло калган тери чокойдун карда

бат-баткырчылдаганы, ач кыйкырык жана андан кийин атылган тапанчанын

жаңырыгыугулду. Ошентип кеңешме токтоп калды. Эшиктер катары-катары менен

шарт-шартачылып, оозунан түтүнү булаган тапанчасын кармаган бойдон эшиктен

МэйлмютКид күлмүңдөп кирип келди.

1

Дуэль — эки кишинин бирме-бир чыгып атышуусуже кылычташышы.

— Турган жеринде жайладым, — деди тапанчанын огун алмаштырып жатып: — Бул

сенинитиң беле, Скрафф,— деп кошумчалады.

—Сары Азуубу? — деп сурады Маккензи.

—Жок, баягы бир шалпаң кулак бар эмес беле, ошол.

—Шайтан баскыр! Ал соо эмес беле!

—Эшикке чыгып, карап көрбөйсүңбү.

—Акыры жүрүп дал ушундай болмок. Мен өзүм да аны соо болбойтко деп ойлогон

элем.Бүгүн эртең менен келип Сары Азуу аны аябай талап кеткен, андан кол жууп кала

жаздадым.Заринкага барып асылды, бирок аны этек-жеңи менен тумшукка чапкылап,

ишикылып белдемчисин тыттырып, үстү-башынын баары кар болуп, араң качып

кутулду.Андан кийин ал кайта токойго качып кетти. Менин билишимче эми кайрылып

келбес.Эмне, сенин итиң да күмжам болдубу?

—Ооба, бирөө, иттеримдин эң жакшысы — Шукум кутуруп кетти. Бүгүн эртең менен

кутурду,бирок көп алыс кеткен эмес. Ситки Чарлинин чанадагы иттерине барып бир

тийди,алар көчөнүн аяк-башына чейин сүйрөп жүрүп, аябай талады. Аларга да жуккан

окшойт,анын да эки ити кутуруп, чанадан чыгып кетиптир. Алдын-ала бирдеме
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   belka   01 Август 2014 - 22:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Аппеей темалар баары эле жарым жартылай го?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   belka   02 Ноябрь 2014 - 02:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Автор бул темасын улантпайт окшойт,кимде бар толуктап коюнуздарчы кимде китеби болсо.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   belka   04 Апрель 2016 - 22:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Ооба, бирөө, иттеримдин эң жакшысы — Шукум кутуруп кетти. Бүгүн эртең менен кутурду, бирок көп алыс кеткен эмес. Ситки Чарлинин чанадагы иттерине барып бир тийди, алар көчөнүн аяк-башына чейин сүйрөп жүрүп, аябай талады. Аларга да жуккан окшойт, анын да эки ити кутуруп, чанадан чыгып кетиптир. Алдын-ала бирдеме колдонбосок, жазга чейин иттердин көбүнөн кол жууйт окшойбуз.

— Адамдардан да.

— Ал эмне дегениң? Бирөө бирдеме болдубу?

— Беттлз менен Лон Мак-Фэйн кер-мур айтышып калышты жана бир нече минутадан кийин төмөн жактагы суу алгычтын жанынан өч алышмак болушту.

Ага төкпөй-чачпай бардыгын айтып беришти. Анын сөзүн жолдоштору кыңк этпестен аткарарына абдан ишенген Мэйлмют Кид бул ишке өзү киришмекчи болду. Ал иштин планын өз ичинен тез ойлоно салды да, аларга айтып берди, анын бардык жардыгын так аткарууга убада кылышты.

— Мына өзүңөр көрүп турасыңар, — деди ал акырында, — биз аларды атышуу укугунан таптакыр ажыраткан жерибиз жок; бирок биздин пландын маанисин түшүнгөндө алар өздөрү эле баш тартарына мен ишенип турам. Турмуш — оюн, адамдар болсо — оюнчулар. Эгерде утуу үчүн миңден бир мүмкүнчүлүк тапса, алар мал-мүлкүн бүт союуга даяр. Бирок алардан ошол жалгыз мүмкүнчүлүгүн тартып алсаң, алар ойнобой калат. — Анан ал күзөт үйүнүн чарбасын башкаруучу адамга кайрылып: — Жарым дюймалык бышык арканыңдан мага он сегиз фут кесип берчи. Кылымдын аягына чейин Кыркынчы Милдегилер эстеп жүргүдөй окуя баштайбыз, — деди ал. Андан кийин акырында колуна түрүп, негизги күнөлүүлөр менен өз убактысында кездешүү үчүн жолдошторун ээрчитип эшикке чыкты.

— Аялым жөнүндө ал эмне тантырайт? — деди Беттлз жоошутууга аракет кылгандарга моюн бербей чаңырып. — Антүүнүн кереги эмне эле? — деди ал чечкиндүү. — Антүүнүн кереги эмне? — деп кайталай берди да, Лон Мак-Фэйнди күтүп, ары-бери басты.

Лон Мак-Фэйндин өңү кумсарып, тилин тартпай, ачыктан-ачык эле чиркөөгө шек келтирип сайрап жатты.

— Андай болсо, молдоке, — деп кыйкырды ал попко, — андай болсо, анда мен жүрөгүмдү зырпылдатып туруп, оттуу жууркандарга оронуп, күйүп жаткан көмүрдүн чогуна жатып алам. Лон Мак-Фэйн калпычы, анысын көз ирмебей мойнуна алат деп эч ким эч качан айта албайт. Мага сиздин батаңыздын кереги эмне! Көп болсо менин өмүрүм супсак өткөндүр, бирок эмне жакшы, эмне жаман экенин жүрөгүм ар дайым билчү.

— Лон, бирок биерде жүрөк эмес, — деди Рубо поп анын сөзүн бөлүп. — Сенин намыскөйлүгүң өз жакыныңды өлтүрүүгө түртүп жатат.

— Ай, ушу сиз француз! — деп жооп берди Лон. Андан кийин бурулуп кетүүгө бет алганда кайта кайрылып: — Айтыңызчы, эгерде менин көзүм жумулуп кетсе сиз мага жаназа окуйсузбу? — деп сурады.

Бирок поп жооп берүүнүн ордуна жылмайып гана койду да, чокою менен карды балпылдатып, дымып жаткан өзөндүн кардуу мейкинин көздөй алга жөнөдү. Суу алгыч жерди карай кеткен туурасы он алты дюймдан ашпаган чананын изиндей кичинекей чыйыр жол. Жолдун эки жагында жумшак, терең кар жатат. Эл чыйыр жолдо чубашып үн катпай бара жатышты; алардын арасында бара жаткан кара кийимчен поп аза процессиясына салтанаттуу түр бергенсийт. Бүгүн Кыркынчы Милде күн адаттагыдан тышкары жылуу эле: көгөргөн асман жерге жакын салаңдагансыйт, термометрдин сымабы адетте жылдын ушул мезгилинде учурабай турган нолдон төмөнкү жыйырма градусту көрсөтүп турган. Бирок бул жылуулук жакшылыктын жышаанасы эмес болчу. Жерден узаган сайын аба аз сыяктуу сезилет: бир орундан жылбай түнөргөн булут кар алып келгендей, эми ал кышкы уйкуга кеткен, камаарабаган жер мемиреп гана күтүүдө.

Жолдугата өз ичинде чатакты териштирип келаткан Беттлз суу алгыч жерге жеткенде өзүнүн: «Антүүнүн кереги эмне эле!» — деген сөзүн акыркы жолу дагы айтты. Лон Мак-Фэйн мурункусундай эле түнөрүп үн катпады. Ачуусу абдан келгендиктен, ал буулугуп сүйлөй да алган жок.

Ошентсе да алар таарынчтарын бир паска унута калышканда өз ичтеринен жолдошторуна аябай таң калышты. Экөө тигилер талашып-тартышат деп ойлошкон эле, — ал эми мынабу унчукпай баратышкандары — экөөнүн күйбөгөн жерин күл кылды: Ушунчалык жакын көргөн досторунун кы
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   belka   04 Апрель 2016 - 23:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Айлана жымжырт. Кыркынчы Милдин адамдары үн катпай турушат. Асман түнөрүп төбөгө дагы жакындап адамдын деминдей, жакшынакай жалтылдаган көзгө илешпес геометриялык майда сөлөкөттөрдү — суук боз чаңгытты жерге төгүп турат. Күн кайра тартып, өзүнүн түндүктөгү сапарынын жарымына жетмейинче ал чаңгыттар жашай берет. Беттлз да, Лон да мындан мурун далай жолу тобокелге салып көрүшкөн; бирок оюн-чындын ортосунан чыгып кеткен ал кооптуу окуяны баштаарын башташканы менен өз ичтеринен дайыма Бактылуу Учурга сыйынышчу. Бирок ал ырайымдуу кудайдын жардамы бу жолу таптакыр тийгидей эмес. Алар Мэйлмют Киддин оюн боолголош үчүн, анын иреңине алдыртан көз чаптырышат, бирок андан эчтеке чыкпасы белгилүү. Жымжырттык көпкө созулган сайын тигил экөөнүн сүйлөшкүлөрү келишет.

Кокустан эле иттердин каңшылаганы тынчтыкты дароо бузду; уу-чуу Кыркынчы Миль жактан чыкты. Жаман жөрөлгөлүү дабыш өлүм алдындагы кайгыга жана сарсанаага кошулуп, күчөгөндөн күчөдү, акыры, узакка созулган улуп-уңшуудан кийин тынчып калды.

— Ушундай да болот экен ээ, шайтан баскырдыкы! — деди да, Беттлз жылуу бешмантынын жакасын өйдө көтөрүп, ырайым сурагандай эки жагын каранды.

— Пайдалуу оюн таптың сен, Кид! — деди Лон Мак-Фэйн. — Утугунун баары жалпыныкы, оюнчуга болсо сокур тыйын жок. Шайтандын өзү да ушу кезге чейин мындайды ойлоп тапкан эместир, эгерде антсем, мени ант урсун?

Кыркынчы Милди жердөөчүлөр муздагы оюлган тепкичтер менен жөрмөлөп жээкке чыгып жана көчөдөн өтүп, посту карай кетип баратышып, алдыртадан чыккан тымызын күлкүлөрдү угушту жана бубак турган кирпиктен улам араң сезилген көз кысууларды байкашты. Бирок иттердин коркунучтуу улуп-уңшуусу, каңшылаганы улам жакындай берди. Бурчтан аялдын чаңырган үнү угулду. «Мына ал!» — деген кыйкырык чыгып калды. Аңгыча индеец бала тызылдаган бойдон келип тигилерге бир тийди, андан кийин беш-алты ит ажалдын өзү артынан кууп келаткансып зымырылып келип кишилерге аралаша түштү. Алардын артынан боз жүнүн дүгдүйткөн Сары Азуу кууп келатты. Янкиден башкасынын баары туш келди бытырап качып жөнөштү. Индеец бала мүдүрүлүп барып, көмөлөнүп кетти. Беттлз аны тонунан камтый кармап, дегдеңдете сүйрөгөн бойдон бийик жыйылган отунду карай жөнөдү. Анын бир топ жолдошу анын үстүнө чыгып кетишкен. Сары Азуу бир итти кубалап келип, кайра зымырылган бойдон бура тартты. Тигил ит кутура элек болчу, бирок коркконунан таптакыр эстен танып, куугундан кутулууга далбас уруп баратып, Беттлзди көмөлөтө коюп кетти да, көчөнү бойлоп, жогору карай сызды. Мэйлмют Кид мээлебей туруп Сары Азууну атып калды. Кутурган ит каңшылаган бойдон оңко-чоңкосунан барып чалкасынан түштү, бирок ошол замат тура калып, Беттлзди карай так түйүлдү.

Бирок экинчи чечүүчү секирик болгон жок. Лон Мак-Фэйн жыйылган отундун үстүнөн ыргып түшүп, секиргени бараткан Сары Азуунун алдынан тосту. Алар жерде будалана түшүштү. Лон итти алкымдан алып, сасык шилекей жаба берген тумшугун оолак кармап турду. Шилекей анын бетине да чачырап кетти. Тапанчасын колуна алып, ыңгайлуу шартты күтүп турган Беттлз мына ошол кезде жекеме-жеке күрөштүн аягына чыкты,

— Мына бул накта салгылашуу, Кид, — деди Лон өйдө туруп, жеңиндеги карды кагып жатып, — чынында жеңиш меники.

Ошол күнү кечинде Лон Мак-Фэйн чиркөөнүн бардыгын кечирүүчү кучагына кайтып келүүнү ойлоп, Рубо поптун кепесин көздөй баратканда, Мэйлмют Кид дээрлик натыйжа чыкпай турган узак аңгеменин үстүндө болду.

— Эгерде алар атышып калса, — деди Маккензи көшөрүп, — сен чыны менен эле ошентет белең?

— Мен айткан сөзүмө турбаган жерим барбы?

— Жок; бирок кеп анда эмес. Суроого жооп берчи. Ошентет белең?

Мэйлмют Кид керилип койду.

— Билесиңби, Скрафф, мен да өзүмдөн дайыма ошону сурайм…

— И, анан эмне?

— Азырынча мен ал суроого жооп бере албайм.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   belka   04 Апрель 2016 - 23:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

АЯЛДЫН КАЖАРЫ

Апапак бубак турган карышкыр тумшук ит, көзүн үлүрөйтүп чатырдын эшигинен баш сукту.

— Ай, Сиваш! Кет ары, кутуруп өлгүр! — дешип үйдүн ичиндегилердин баары тең жалпы-аламан кыйкырып коё беришти. Беттлз калай табак менен итти мурундан ары жаңсап жиберди эле, ит башын лып тартып алды. Луи Савой чатырдын брезент эшигин бекитип келди да, коломтодо көмөрүлүп жаткан көмөч казанды буту менен оодарып, ага колун жылыта баштады.

Сыртта ызгаардуу чыкыроон суук. Мындан эки күн мурун спирттик термометр нөлдөн төмөн алтымыш сегиз градусту көрсөтүп, чарт жарылып кеткен, — ал эми суук күндөн-күнгө күчөөнүн үстүндө; мындай жанга баткан каардуу сууктун дагы канча күн болорун болжоп айтуу кыйын эле. Бул сыяктуу чыкыроон күндөрдө мештен алысыраак калып, муздуу абаны жутуп отурууну душманыңа да ыйгарбас элең! Мындай сууктарда тышка чыга чуркаган дардаңкүүлөр да учурайт, бирок, адатта ал убактарда өпкөгө тап кетет, тыкылдаган кургак жөтөл тамакты кытыгылап, адамды кыйнайт, бул көбүнчө, жакын жерде май сызгырып жаткан учурда абдан күч алат. Андан кийин жазындабы же жайындабы тоң жер тоңкорулуп, кээ бир жерге көр казып таштайт. Ага өлүктү коюп, нүнкүр-манкүр суракка алган күнү суракка зыңкыйган өлүк кадимкидей тирилип ыргып тура келерине ыйык ишенишип, көрдүн оозун чөп-чар менен калкалаган бойдон ачык ташташат. Мына ошол улуу күндө өлүк тирилет дегенге ишенбегендерге өлүш үчүн Клондайкадан ыңгайлуу жерди сунуш кылуу кыйын. Бирок, бул Клондайкада жашоо жакшы дегендикке жатпайт.

Чатырдын ичи эшиктегидей суук болбогону менен, анчалык деле жылуу эмес эле. Үйдүн ичиндеги жалгыз эмерек — ал меш, отургандардын баары жылынууга ошого жүткүнүшөт. Жер тамдын бир жагында кызыл карагайдын майда бутактары төшөлгөн, анын асты кар, а үстүндө аң терилеринен жасалган жылуу төшөктөр жатат. Чатырдын экинчи капшытында чокойдун таманы менен тапталган кардын үстүндө кол чакалар, көмөч казандар сырткы жайдак турмушта керектүү майда-барат үй эмеректери ар жерде чачылып жатат. Кыпкызыл болуп ысыган мештин ичинде жыгач отун катуу чартылдайт, бирок андан ары үч эле кадам жерде, өзөндөн жаңы эле омкоруп келгендей зал-зал муз жатат. Сырттан кирген суук абадан улам чатырдын ичиндеги жылуулук жогору көтөрүлүп кетип жатты. Мештин тушма-туш үстү жагы мор сыртка чыга турган шыптын көзөнөгүнүн тегереги кургак брезент, андан ылдыйраак бир катар нымдуу брезент оролгон, аерден бурулдап буу чыгып турат, андан кийинки катар суу брезент, аерден суу тамчылап турат, эң акыры, шыптын калган бөлүгүн жана чатырдын керегесин калыңдыгы жарым элидей апапак кургак бубак туруп калган.

— О-о-о! О-ох! О-ох! — деп тери төшөнчүнүн астында жаткан жигит уйкусуроонун ортосунда онтоп коё берди. Анын үлдүрөгөн жүдөңкү арык бетин сакал-мурут баскан. Опго жатпаса да, ооруксунганга чыдабай улам катуу кыйналгансып онтоп коёт. Төшөктүн астынан жарым-жартылай чыгып калган денеси төшөлгөн чалкандын үстүндө жаткандай диртилдеп, жыйрылып жатты.

— Кана, тигини бери оодаргылачы! — деди Беттлз. — Бүткөн боюнун карышмайы кайта кармады окшойт.

Алты жолдошу оорулуу адамды шапа-шупа колго алышып, талма оорусу жазылмайынча ары-бери аёосуз аласалдырышып, ушалап карышын жазышты.

— Ай, ушу шайтан алган кардуу чыйырды! — деп күңкүлдөдү жигит үстүндөгү жуурканды мындай алып жана төшөнчүнүн үстүнө отуруп жатып. — Үч кыш катары өлкөнүн баарын кыдырып чыктым — бышыккыдай деле болдум! А мына бу каргыш тийген жакка туш келгени нак эле аял сымал афиндикке окшоп, кымындай да чыдамкайлыгым, эчтекеге жөндөмдүүлүгүм жок ак кол болуп калгансыйм.

Ал отко жакын жылып отуруп, чылым ороду.

— Силер мени ыйлактаганды жакшы көрөт экен деп ойлобогула! Жок, мен бардыгына чыдайм! Бирок, мен өзүмдөн өзүм уялып жатам… Бар болгону бир отуз миль жол жүрдүм — шаардын сыртына беш миль серүүнгө чыккан, эне сүтү оозунан кете элек итий оорусу менен ооруган балага окшоп, бүткөн боюм жанчылып, өзүмдү оорулуу сезип турам. Маскаралык! .. Кимдин ширеңкеси бар?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   belka   04 Апрель 2016 - 23:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Кайгырба, балам! — деди Беттлз ширеңкенин ордуна чычаланы сунуп: — Бул сага кечиримдүү — иштин баары ошондон улам болуп жатат. Чарчадың, чаалыктың, кыйналдың! Биринчи жолку саякатымды кантип эле эсимен чыгарып коёюн? Тим эле кыймылдай албай калгам! Ошол эле дейсиңби, муздуу кудуктан суу ичип алгандан кийин туптуура он минута забыркап, ойку-кайкы болуп жатып, ордумдан араң турчумун. Муун-жүүнүм жалпы аламан сыздап, сөөк-саак ооругандай болсо, эс акылдан танып кете жаздайт. Тарамыштын карышып тырышканын ошондо көр! Тырыштырат дейсиң, бүт лагердегилер мени менен жарым күн алышып жатып, араңдан зорго жазчу. Сен бул жерге жаңы келгениң менен азаматсың, тырышчааксың! Аман болсо, эми жарым жылдан кийин баарыбызды, карыларды басып өтүп, бөктөрүп кетесиң. Көбүнчө — сенин деле түзүлүшүң бап келет: сенде ашыкбаш май жок, ал эми майдын азабынан толуп жаткан москоол жигиттер тигил дүйнөгө мезгилсиз жөнөп кетти.

— Май дейсизби?

— Ооба, ооба. Кимде кимдин сөөгүндө майы жана эти көп болсо, ал жол жүрүүгө чыдамсыз келет.

— Муну билген эмес элем?

— Билген эмес белең? Бул чындык, күмөн санабай койсоң да болот. Жанагы толмооч кишилердин колунан карпа-курпа гана иш келет, ал эми чыдамкайлык дегенден кымындай да жок. Жаткан чөп көчүк эл! Арыкчырай, денеси чымыр кишилер тырышчаак келет — колу бир нерсеге тийсе алардан жулуп алуу кыйын! Жок, жок, эткээлдер мындай ишке жарабайт.

— Туура айтасың, — деп Луи Савой сөзгө аралаша кетти. Мен букадай локуйган бир жигитти билем. Мына ошол неме, Түндүк булактын жанындагы жерди бөлүштүрө баштаганда, Лон Мак-Фэйнге кошулуп, ошоякка жөнөптүр. Лон эсиңде барбы? Баягы дайыма күлмүңдөп турчу, ирландиялык кичинекей сары жигитчи. Ошентип алар күндүр-түндүр тынбай жүрүп отурушат. Акыры жанагы толмоч киши алдан таптакыр тайып, кардын үстүнө жатып калат. Тырбыйган арык ирландиялык аны түрткүлөйт, жулкулдатат, а тигил баладай ыйлап, ботодой боздойт. Ошентип, менин кошума жеткенче Лоп аны жолдо катар көтөрүп-тургузуп, сүйрөп алып келди. Үч күнү менин үйүмдө сулап жатты. Ушундай катын сыяктуу эркек болот деп, эч качан оюма кирип чыккан. эмес. Мына, май адамды эмне кылат!

— А баягы Аксель Гундерсончу? — деп сурады Принс. Узун бойлуу, скандинавдык жаш инженер жөнүндө жана анын адамды таң калтырган кайгылуу өлүмү жөнүндө сөз жүрүп жатты. — Ал кайдадыр бир жерде жатат… — деп Принс тунжураган чыгыш жакты колу менен дайынсыз жаңсап койду.

— Шор Суунун жээктеринен бул жакка келгендердин жана багышка ууга чыккандардын баарынын эң чоңу жана ноочосу болчу, — деп ырастады Беттлз. — Бирок, ал эрежеден тышкары миңдин бири. Анын аялы Унгу эсиңде барбы? Тула боюнда бир чымчым майы жок, жалаң булчуң эт эле! Күйөөсүнө караганда алда канча кажардуу болчу. Мына ошол аял бардык азап-тозокту тартып жүрүп, күйөөсү жөнүндө гана кам көрчү. Ал үчүн кылбаган аракети калган жок.

— Эмнеси бар экен, демек аны сүйгөн да, — деп инженер каршы сүйлөдү.

— Иш анда эмес! Аял…

— Угуп тургулачы, достор, — деп тамак-аш салынган үкөктүн үстүндө отурган Ситка Чарли сөзгө аралашты. — Силер биерде дени таза, толмоч эркектерди мүнчүркөтө турган артык баш май жөнүндө, аялдардын чыдамкайлыгы, кажардуулугу жөнүндө жана сүйүү жөнүндө сөз кылып жатасыңар, сөзүңөрдө калет жок, уккулуктуу. Бул жак ээн болчу, эл жаккан от асмандагы жылдыздардай сейрек кезинде мен бир эркекти жана аялды билчү элем, ошолор азыр эсиме түштү. Эркек толмоч жана дени таза болчу, бирок ага жанагы сен айткан артык баш май дегениң каргаша болду окшойт. Аял чыканактай гана тыкчыйган неме эле, бирок ак көңүл, жүрөгү өгүздүн жүрөгүндөй болгон эркектин жүрөгүнөн да чоң, эң кайраттуу аял болчу. Биз Шор Сууну карата бараттык, жол эң оор, ага кырчылдаган кыш, суук, терең кар жана кыйнаган ачкачылык кошул-ташыл болду. Бирок, жанагы аял күйөөсүн эң катуу сүйчү — мындай сүйүүнү ушундай деп гана атоого болот.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   belka   04 Апрель 2016 - 23:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ситка унчукпай калды. Жанында жаткан муздан балта менен бир нече тоголок кертти да, мештин үстүндөгү алтын тундуруучу чылапчынга салды — алар ичүү үчүн сууну ушундайча алышчу. Эркектер отко жакын жылып олтурушту, оорулуу жигит болсо тула-бою уюп, оорубасын үчүн, оңдонуп отурууга аракеттенип кымтынды.

— Туугандар, — деп сөзүн улантты Ситка, — кан тамырымдагы жүрүп турган кан — сиваштардын кызыл каны, бирок жүрөгүм ак адамдардын жүрөгү. Себеби, биринчиси — ата-бабаларымдын күнөөсү, экинчиси — менин досторумдун мага кылган жакшылыгы. Мен бала чагымда эле бир кайгылуу чындыкка ачык түшүнө баштадым. Бардык жер силерге тийиштүү экенин, сиваштар ак адамдар менен күрөшө албастыгын жана алар аюу менен бугуга окшоп кардын үстүндө жатып өлө тургандыгын билдим. Мына эми мен жылуу жайга келип, силердин ортоңордо, очоктун жанында отурам жана силердин өз кишиңердей болуп калдым. Мен өз өмүрүмдө көптү көрдүм. Далай шумдуктарды билдим, ар түрдүү адамдар менен жолдош болуп, көп жол бастым. Адамдар жөнүндө, алардын иштери жөнүндө мен да силердей эле ойлонуп, силердей териштирүүгө жетиштим. Ошондуктан, эгерде мен кимдир бир ак кишиге катуураак сөз тийгизип койсом, капа болбоссуңар дейм. Же болбосо өз ата-бабаларымдын уруусунан бирөөнү мактасам: «Ситка Чарли — өзү сиваш, көзү кылыр, сөзү тайкы» дей көрбөгүлө. Ошондой болсунбу?

Угуп отургандар ичтеринен күңүрт күңкүлдөшүп, макулдугун билдиришкенсиди.

— Ал аялдын аты Пассук эле. Мен аны, суусу туздуу булуңдардын жээгинде жашаган уруудан колмо-кол сатып алдым. Жүрөгүм ал аялды анчалык каалачу эмес, көзүмө да кандайдыр суук учурачу, ал болсо дайыма жер карап, мурда көрбөгөн жана жолуктурбаган чоочун бирөөнүн кучагына туш келген кызга окшоп, корунгансып жана коркок көрүнчү. Менин жүрөгүмдө ал үчүн кымындай орун жок деп, айттым го, бирок мен алыска жол тартууга кам көрүп жаткам, андыктан иттеримди бага турган жана дарыяда узак жол тартканда кайыгымды айдоого жардамдаша турган кимдир-бирөө керек эле. Баары бир эки адам бир төшөккө батат эмеспи, анын эмнеси бар экен — ошентип мен Пассукту тандадым.

Ошол кезде өкмөткө кызмат кылганымды силерге айттым беле? Ошондуктан, чаналарым, иттерим жана жол азык, оокаттарым менен мени согуш кемесине салып алышты; жанымда Пассук да бар. Биз түндүктү карай сүзүп отуруп, Берингов деңизинин кышкы музуна келип жеттик, ошоерден мени Пассук, иттерим жана аны-мунуларым менен түшүрүп коюшту. Мен өкмөттүн кызматчысы катары акча, ошого чейин адам аттуунун буту тийбеген ошол жердин картасын жана каттарды да алдым. Каттар жакшылап оролгон жана жаан-чачын өтпөгүдөй болуп бекитилген, мен аларды улуу Маккензинин жанындагы музга кысылып турган кит улоочу кемелерге жеткиришим керек эле. Эгерде дүйнө жүзүндөгү дарыялардын эң зору — биздин Юконду эсепке албаганда, Маккензидей чоң дарыя жок.

Бирок булардын баары анчалык маанилүү эмес, анткени менин айтайын деп жатканымдын кит улоочу кемелерге да, Маккензинин жээгиндеги ызгаардуу суукка да эч кандай тиешеси жок. Жазга маал, күн жылуу тартып, узара баштаган ченде, биз Пассук экөөбүз чыгышка, Юкондун жээгин көздөй жөнөдүк. Бул, адамды зарыктыруучу, өтө оор саякат эле, бирок күн бизге дем берип, жол көрсөтүп баратты. Бул жак жанагы мен айткандай, ал кезде таптакыр ээн болчу, биз болсо Кыркынчы Милге жеткенге чейин бирде узун темир илгектин, бирде калактын жардамы менен жогору карай суунун агымын жиреп сүзүп жүрүп отурдук. Ак иреңдерди кайтадан көрүү кандай жагымдуу, ошентип биз жээкке барып түшүп калдык.

Ошол жылы кыш абдан катуу болду. Катуу суук жана караңгы түн чүмбөттөп алды, ага кошулуп ачкачылык да келди. Компаниянын агенти киши башына кырк кадактан ун жана жыйырма кадактан чала туздалган чочконун этин берди. Буурчак болсо түшкө да кирбей калды. Иттер дайыма улуп-уңшуп, ачкалыктан адамдардын кабыргалары кайышып, ичи-ичине жабышып, кабактары карыш түштү. Алдуу-күчтүүлөр алдан тайып, алсыздар өлүп жатты. Кыштакта каражама өкүм сүрдү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   belka   05 Апрель 2016 - 00:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бир күнү кечинде дүкөнгө келип, аңгырап бош турган текчелерди көргөндө ичибиз андан бетер эңшериле түштү; биз очоктун күңүрт жарыгында отуруп, өзүбүзчө аңгемелештик, анткени шамдарды жазга чейин аман-эсен калгандарга арнап, катып койгон элек. Ошентип, биздин оор абалыбызды кабар кылуу үчүн Шор-Сууга ичибизден бирөөнү жиберүүгө чечим чыгардык. Ошол замат баарынын башы мен жакка бурулуп, мени үмүттөнө тиктеди — анткени алар менин такшалган саякатчы экенимди жакшы билишчү.

— Деңиздин жээгиндеги Хейнстин миссиясына чейин жети жүз миль, — дедим мен, — жолдун көбүн лыжа менен жүрүүгө туура келет. Мага жакшы итиңерден жана жакшы оокатыңардан тандап туруп бергиле, анан барам. Мени менен бирге Пассук барат.

Бардыгы ушуга макул болушту. Бирок, аңгыча болбой москоол, багалчак, күчтүү янки — Узун Джефф ордунан тура калды. Ал мактанып, көтөрүлө сүйлөдү. Ал да мыкты жол жүргүч экенин, лыжада жүрүү үчүн жаралгандыгын жана топоздун сүтүн ичип чоңойгондугун айтты. Андан ары, мени менен бара тургандыгын, эгерде мен жүрбөй калып, жолдо жастым болсом, ал миссияга жетип, тапшырманы сөзсүз орундатарын айтып өттү. Анда менин жаш кезегим, анын үстүнө янкилердин сырын анча жакшы да билчү эмесмин. Опурула оозду толтура мактанып сүйлөө — начардыктын биринчи белгиси экенин жана колунан иш келе тургандардын сыры ичинде болорун мен каяктан билиптирмин. Ошентип Пассук, Узун Джефф — үчөөбүз жакшы иттерди жана колдо бар оокаттан арбыныраак жол азык алып, жолго чыктык.

Биз үстү каткан карды жиреп, жол салдык, турган жерине тоңуп калган чананы ордунан жылдырып түрттүк жана жол бөгөгөн муздун үйөрүнөн кыйналып-кысталып өттүк, иши кылып далай азапты тарттык, андыктан жолдогу көргөн кыйынчылык жөнүндө көп айтып отурбайын. Бир гана айтарым бул — биз кээде күнүнө он миль жол жүрсөк, кай бир күнү отуз миль — айтор, көбүнчө он милден ашкан жок. Жакшы деген жол азыгыбыз анча деле күчтүү эмес эле, анын үстүнө аны биз биринчи күндөн тартып, үнөмдөй баштаганбыз. Мыкты деген иттерибиз сүйрөлүп, араң эле буттарын шилтейт, зор кыйынчылыктар менен күш-күштөп жатып, чаналарды араң жүргүзөбүз. Ак-Сууга жеткенибизде үч чанабыздан экөө калды, ал эми бар болгону эки жүз миль жол жүрдүк! Чын, биз көп зыян тартканыбыз жок, анткени өлгөн иттердин эти тирүүлөрүнө жем болууга жарады.

Пеллиге жеткенибизче биз жолдон адам аттуунун үнүн укпадык да, уюлгуп асманга чыккан түтүндү кезиктире албадык. Мен ал жерден азык-түлүктү толуктап, камдап алууну жана жолдо аябай каржалып, баса албай, ыйлактап келаткан Узун Джеффти аерге калтырып кетүүнү ойлонуп келаткам. Тилекке каршы, Пеллидеги факториянын складдары таптакыр аңгырап кур экен, Компаниянын агенти болсо дем ала албай ыкшып жөтөлүп, калтырап-титиреп, безгектен көзү жашылданып жаркылдайт… Ал бизге миссионердин аңгыраган үйүн жана табытын иттер казып жеп кетпесин үчүн таш менен корумдалган анын мүрзөсүн көрсөттү. Биз аерден бир топ индеецтерди кезиктирдик, бирок алардын арасында балдар менен карылар калбаптыр: жазга чейин булардын көбү көз жумарына биз ачык түшүндүк.

Ошентип биз андан ары куру кол жана капалуу жөнөдүк. Хейнстин миссиясына чейин түбөлүк кар менен жансыз мейкинди аралап дагы беш жүз миль жүрүү керек. Жылдын абдан караңгы мезгили болчу, жадаса, чак түштө да чыгыш мейкиндигин күндүн нуру каптабайт. Бирок, муздун үйөрү улам азайып, жүрүүгө оңой болуп калды. Мен иттерди үстөккө-босток тынымсыз айдап, көбүнчө өр албастан жүрүп отурдук. Мен болжолдогон-

дой, дайыма лыжа менен жүрүүгө туура келди. Лыжа буттарыбызды аябай оорутуп, буттар сүрүлүп, жооруп, айыкпай турган жаралар пайда болду. Күндөн күнгө бул жаралар бизди көп кыйынчылыктарга дуушар кыла баштады. Акыры бир күнү эртең менен биз лыжаларды тагынып жатканыбызда Узун Джефф зааркангандан ботодой боздоп коё берди. Мен аны кичирээк чаналарга жол салыш үчүн алдыга жибердим, бирок ал өзүнө жеңил болушун көздөп лыжаларын чечип, колуна карман алды. Лыжасыз жүргөндө кар басырылып из түшпөстөн, кайта анын тери чокою кардын ар кайсы жерине терең батып, иттер тыгылып калып жатты..Бир күнү кечинде дүкөнгө келип, аңгырап бош турган текчелерди көргөндө ичибиз андан бетер эңшериле түштү; биз очоктун күңүрт жарыгында отуруп, өзүбүзчө аңгемелештик, анткени шамдарды жазга чейин аман-эсен калгандарга арнап, катып койгон элек. Ошентип, биздин оор абалыбызды кабар кылуу үчүн Шор-Сууга ичибизден бирөөнү жиберүүгө чечим чыгардык. Ошол замат баарынын башы мен жакка бурулуп, мени үмүттөнө тиктеди — анткени алар менин такшалган саякатчы экенимди жакшы билишчү.

— Деңиздин жээгиндеги Хейнстин миссиясына чейин жети жүз миль, — дедим мен, — жолдун көбүн лыжа менен жүрүүгө туура келет. Мага жакшы итиңерден жана жакшы оокатыңардан тандап туруп бергиле, анан барам. Мени менен бирге Пассук барат.

Бардыгы ушуга макул болушту. Бирок, аңгыча болбой москоол, багалчак, күчтүү янки — Узун Джефф ордунан тура калды. Ал мактанып, көтөрүлө сүйлөдү. Ал да мыкты жол жүргүч экенин, лыжада жүрүү үчүн жаралгандыгын жана топоздун сүтүн ичип чоңойгондугун айтты. Андан ары, мени менен бара тургандыгын, эгерде мен жүрбөй калып, жолдо жастым болсом, ал миссияга жетип, тапшырманы сөзсүз орундатарын айтып өттү. Анда менин жаш кезегим, анын үстүнө янкилердин сырын анча жакшы да билчү эмесмин. Опурула оозду толтура мактанып сүйлөө — начардыктын биринчи белгиси экенин жана колунан иш келе тургандардын сыры ичинде болорун мен каяктан билиптирмин. Ошентип Пассук, Узун Джефф — үчөөбүз жакшы иттерди жана колдо бар оокаттан арбыныраак жол азык алып, жолго чыктык.

Биз үстү каткан карды жиреп, жол салдык, турган жерине тоңуп калган чананы ордунан жылдырып түрттүк жана жол бөгөгөн муздун үйөрүнөн кыйналып-кысталып өттүк, иши кылып далай азапты тарттык, андыктан жолдогу көргөн кыйынчылык жөнүндө көп айтып отурбайын. Бир гана айтарым бул — биз кээде күнүнө он миль жол жүрсөк, кай бир күнү отуз миль — айтор, көбүнчө он милден ашкан жок. Жакшы деген жол азыгыбыз анча деле күчтүү эмес эле, анын үстүнө аны биз биринчи күндөн тартып, үнөмдөй баштаганбыз. Мыкты деген иттерибиз сүйрөлүп, араң эле буттарын шилтейт, зор кыйынчылыктар менен күш-күштөп жатып, чаналарды араң жүргүзөбүз. Ак-Сууга жеткенибизде үч чанабыздан экөө калды, ал эми бар болгону эки жүз миль жол жүрдүк! Чын, биз көп зыян тартканыбыз жок, анткени өлгөн иттердин эти тирүүлөрүнө жем болууга жарады.

Пеллиге жеткенибизче биз жолдон адам аттуунун үнүн укпадык да, уюлгуп асманга чыккан түтүндү кезиктире албадык. Мен ал жерден азык-түлүктү толуктап, камдап алууну жана жолдо аябай каржалып, баса албай, ыйлактап келаткан Узун Джеффти аерге калтырып кетүүнү ойлонуп келаткам. Тилекке каршы, Пеллидеги факториянын складдары таптакыр аңгырап кур экен, Компаниянын агенти болсо дем ала албай ыкшып жөтөлүп, калтырап-титиреп, безгектен көзү жашылданып жаркылдайт… Ал бизге миссионердин аңгыраган үйүн жана табытын иттер казып жеп кетпесин үчүн таш менен корумдалган анын мүрзөсүн көрсөттү. Биз аерден бир топ индеецтерди кезиктирдик, бирок алардын арасында балдар менен карылар калбаптыр: жазга чейин булардын көбү көз жумарына биз ачык түшүндүк.

Ошентип биз андан ары куру кол жана капалуу жөнөдүк. Хейнстин миссиясына чейин түбөлүк кар менен жансыз мейкинди аралап дагы беш жүз миль жүрүү керек. Жылдын абдан караңгы мезгили болчу, жадаса, чак түштө да чыгыш мейкиндигин күндүн нуру каптабайт. Бирок, муздун үйөрү улам азайып, жүрүүгө оңой болуп калды. Мен иттерди үстөккө-босток тынымсыз айдап, көбүнчө өр албастан жүрүп отурдук. Мен болжолдогон-

дой, дайыма лыжа менен жүрүүгө туура келди. Лыжа буттарыбызды аябай оорутуп, буттар сүрүлүп, жооруп, айыкпай турган жаралар пайда болду. Күндөн күнгө бул жаралар бизди көп кыйынчылыктарга дуушар кыла баштады. Акыры бир күнү эртең менен биз лыжаларды тагынып жатканыбызда Узун Джефф зааркангандан ботодой боздоп коё берди. Мен аны кичирээк чаналарга жол салыш үчүн алдыга жибердим, бирок ал өзүнө жеңил болушун көздөп лыжаларын чечип, колуна карман алды. Лыжасыз жүргөндө кар басырылып из түшпөстөн, кайта анын тери чокою кардын ар кайсы жерине терең батып, иттер тыгылып калып жатты. Иттердин арыктаганын айтпа — тим эле териси каркайган сөөктөрүнө жабышып турат, буттары аран эле кыймылдайт. Мен Джеффти катуу жемеледим эле, ал лыжаларын мындан ары чечпеске убадасын берди, бирок баары бир сөзүнө тура алган жок. Мен акыры чыдай албай аны камчы менен бир тартып калдым, мына ошондон кийин иттер карга тыгылбай калышты. Жолдо аябай каржалуу, анан жанагы сен айткан артык баш май Джеффти куду эле бала кылып таштады.

Бирок Пассук! Джефф коломтонун жанында ыйлап отурса, Пассук оокат даярдап, эртең менен иттерди чанага кошууга жардамдашат, кечинде болсо чанадан чыгарышат. Чынында биздин иттерибизди аман алып калган Пассук болду. Ал дайыма лыжачан эң алдыда жүрүп, карды таптап, из салып берет. Пассук… кандайча түшүндүрсөм силерге! Ал убакта мен мунун баарын ылайык тапчумун жана оюма эч нерсе кирип чыкчу эмес. Анда менин оюм таптакыр башкада эле, анын үстүнө мен жаш болчумун жана аялдардын сапатын көп жакшы билчү да эмесмин. Кийин гана, кечээ жакында ошол кездерди ойлоп алып, кандай аялга туш келгенимди ошондо билип жүрбөйүмбү.

Акыры Джефф бизге керексиз жүк боло баштады. Иттер ансыз да араңдан зорго баратса, ал артта келаткан учурларында уурданып чанага жата калат. Чананы башкарууну да Пассук өз колуна алды, Джеффтин кыларга таптакыр иши жок болуп калды, кара жанын гана сүйрөп келатты. Мен ар күнү эртең менен ага тийиштүү оокаттын чыпчылгасын коротпой бөлүп, колуна карматкандан кийин ал эчтекеге каралашпастан жолго түшөт, биз аны-мунуну, эмеректерди жыйыштырып, чаналарга жүктөп, анан иттерди кошобуз. Күн чаңкай түш болуп, адамдын бүткөн боюн балкыткан кезде биз ага жете барабыз, — ал араң эле илкип-калкыйт, ыйлаган, бетинен ылдый карай аккан жаш муз болуп тоңуп калган, биз андан өтүп, ары карай жүрүп кете беребиз. Түн киргенде токтоп, өр алабыз, ага тийиштүү оокатты бөлүп калтырып, төшөнчүсүн салып, даярдап коюп, бизден адашып калбас үчүн отту шоолдотуп чоң жагып таштайбыз. Бир нече сааттан кийин ал аксаңдап келет, ыйлактап, арзы-муңун айтып жатып, оокатын ичет да, жата кетет. Мына ушул окуя күнүгө кайталана берет. Джефф оору эмес, жөнөкөй гана чарчаган, каржалган жана ачкалыктан начарлаган болчу. Бирок, мен да, Пассук да — чарчагандыгыбызга, каржалгандыгыбызга жана ачкалыктан начарлагандыгыбызга карабастан, бардык иштерди аткарып келаттык, ал болсо эчтекеге колун тийгизип койгон жок. Кыязы, бардык балакет жанагы Беттлз айткан артык баш майда болсо керек; болбосо биз ага тийиштүү оокаттын кылына да тийген жокпуз.

Бир күнү биз Ак-Мейкинди кыдырып жүргөн эки сөлөкөттү — бир киши менен баланы кезиктирдик. Алар ак адамдар болчу. Ле-Барж көлүндө муз жарылып, үйөр жүрүп, алардын бардык эмеректерин агызып кетиптир, бар болгону жондорунда көтөргөн бирден төшөк калган. Түн киргенде алар отту доолдото жагып, эртең мененкиге чейин анын жанында ыктап жатышты. Алардын жылуу сууга чалып ичип жүргөн азыраак уну калган экен. Киши, бар болгон оокатыбыз ушул деп мага сегиз чөйчөк унун көрсөттү. Пеллиге чейин болсо али эки жүз миль бар эле, экинчиден аерде да ачкачылык башталып калган. Алар менен бирге бир индеец келаткандыгы жана оокатты бардыгы тең бөлүп жешкендигин, бирок ал жүрбөй, булардан артта калгандыгын жолоочулар бизге айтып беришти. Мен алардын индеец менен оокатты тең бөлүп жешкендигине ишенгеним жок, болбосо эмнеликтен ал жүрбөй артта калды?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   belka   06 Апрель 2016 - 00:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Мен аларга эчтеке кайрылыша алган жокмун. Алар биздин эң семиз деген итибизди (бирок анын кайырмакка саяр эти жок болчу) уурдап алууга аракеттеништи, бирок мен тапанчаны көрсөтүп, сыйыңар менен жолго түшкүлө дедим. Ошентип ал эки сөлөкөт Пеллини бет алып мас кишидей теңселип, Ак-Мейкинди аралап жүрүп кетишти.

Менин эми үч итим жана бир чанам гана калган; иттеримдин териси менен сөөгү гана калды. Отун аз болгон күнү от начар күйөт, чатырдын ичи да муздак, курсакта да эчтеке жок. Биз шам-шум этип өзөк жалгайбыз, андыктан суукка да бат жеңдирүүчү болдук; беттерибиз суукка чалдыгып, тууган энебиз тааныгыс болуп карайган. Буттарыбыз зыркырап ооруйт. Эртең менен жолго чыгаарда, лыжа бутумду ооруткудай болсо, боздоп жибере таштап, эрдимди тиштенип, араң чыдайм. Пассук үн катпастан, алдыга түшүп, жол салып берет. Янки болсо баягысындай эле ыйлактап, кедери кесилип кыңкылдап келатты.

Отуз-Миль суусунун агыны абдан шар эле. Көп жерлеринде музду жеп да кетиптир, андыктан биздин жолубуздан муздун жарылган күдүрү жана андан улам суунун кузгундаганы, кай бир жерлерде тим эле жайпап жаткан суу көп кездеше берди. Күндөрдүн биринде, адаттагыдай, алга кетип, эс алып отурган Джеффке жетип бардык. Ортодо өзөн жатат. Джефф болсо аны бир жеринен муздун үстү менен айланып өтүптүр, чана ал кууш муздун үстүнөн өтө албайт. Биз да бир өткөөл — бир тилке жазы катуу муз таптык. Пассук түшүп кетпес үчүн узун баканды колуна кармап, биринчи өттү. Пассуктун салмагы жеңил, лыжалары жазы болчу. — Аркы жээкке аман-эсен өтүп алып, иттерди чакырды. Бирок иттердин баканы да, лыжалары да жок эмеспи, алар күдүргө күр этип түшүп кетип, суунун агыны аларды тез эле алып жөнөдү. Мен чананын артынан бекем кармап, коё бербей турдум, бирок жан кайыштар чарт үзүлүп кетип, иттер муздун астына кирип, көздөн кайым болду. Иттер аябай арык болчу, ошентсе да мен аларды бир жумалык оокат деп эсептеп жүрчүмүн, эми алардан да кол жуудук!

Эртеси эртең менен мен бардык колдо бар жарыбаган азыкты үчкө бөлдүм да Узун Джеффке: мындан ары биз менен барабы же биерде калабы — ал анын иши, биз эми салт болгондуктан, көп буйдалбай шар кетерибизди айттым. Ал өкүрүп-бакырып бутунун оорусуна жана башка ар түрдүү ооруларына даттанып, менин карамсыз жаман жолдош экендигимди айтып, жемелеп баштады. Чын чынына келгенде Пассуктун дале, менин дале бутум ооруйт, ооруганда да анын бутуна караганда катуураак ооруйт, анткени — биз жолдо карай иттерге из салып бердик; биз дале катуу кыйналдык. Узун Джефф мындан ары басса өлө турганын, ошондуктан бир кадам жыла албай турганына карганды. Пассук үндөбөстөн барып тери төшөктү, мен кол чаканы жана балтаны алып, жөнөөгө баш койдук. Пассук Джеффке деп бөлүнгөн азыкка карап туруп: «Колунан эчтеке келбеген немеге мынчалык оокатты калтырып эмне кереги бар. Мунун өлөрү гана калды» — деди. Мен башымды чайкап: «Кой, жолдош ар дайым жолдош бойдон калуу керек», — дедим. Ошондо Пассук мага Кыркынчы-Милде калгандар жөнүндө эскертип — алар анык азаматтар экенин, бирөө эмес, көп экенин жана мага ишенип, менден жардам күтүшкөнүн айтты. Мен «жок» деп кайталап айтканымда Пассук менин белимдеги тапанчаны жулуп алды, ошентип Узун Джефф, жанагы Беттлз тууган айткандай, көзү ачык бойдон ата-бабаларын көздөй жүрүп кетти. Мен Пассукка сүйлөнүп коё бердим, бирок ал бир ооз сөз айтып, ага кымындай да өкүнгөн да, кайгырган да жок. Мен да өз ичимде Пассуктун кылган ишин туура таптым.

Ситка Чарли бир азга унчукпай калды да, муздан дагы кертип, бир нече тогологун мештин үстүндө турган чылапчынга салып койду. Эркектер укмуштуу суукка кабыргалары кайышып, ага даттангансып, аянычтуу улуган иттерге боорлору ачып, үн катпай, тымтырс отурушат.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   belka   06 Апрель 2016 - 00:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Алиги эки сөлөкөттүн жалаң кардын үстүнө түнөп кеткен жерлери жолдон күн сайын учурай берди. Шор-Сууга жеткенибизче мындай түнөктүн далайын башыбыздан өткөрөрүбүзгө менин көзүм алда качан жеткен. Андан кийин биз үчүнчү бир сөлөкөттү — индеецти кезиктирдик. Ал да Пеллиге бет алып бараткан экен. Ал бизге жанагы киши менен бала анын жол азыгын алдап алышкандыгын жана үч күндөн бери уну жок, ар күнү кечинде жалаң кайыш чокоюнан кескилеп, кайнатып жеп келатканын айтып берди. Кайыш чокоюн кескилеп таптакыр бүткөн. Индеец жээктик болгондуктан, Пассук анын тилин толук түшүнө турган болуп чыкты жана мен аны менен Пасаук аркылуу аңгемелештим. Ал Юкондо эч качан болуп көрбөптүр жана ага баруучу жолду билбейт да экен, бирок эмне үчүндүр аякка көшөрүп бет алган. Кандай алыс? Эки түнбү? Онбу? Жүзбү? Аны ачык билген жок, бирок Пеллини карай баратты. Кайта кетейин десе, жолдун көбүн басып өттү, андыктан алга гана жүрүүгө туура келди.

Ал батынып, бизден оокат сурай алган жок, анткени өзүбүз тамак-аш жагынан так-тук экенибизди сезип турат. Пассук балапандары кырсыкка дуушар болгон чилге окшоп, эмне кыларын билбей, бирде индеецти, бирде мени жал-жал карайт. Мен ага бурулуп мындай дедим:

— Бу кишини сызга отургузуп кетишиптир. Азыраак бирдеме кайрылышсак кантет?

Пассуктун көзү жайнап, иреңинде кубанычтын белгиси пайда боло түшкөнү апачык сезилди, бирок индеецти жана мени көпкө үңүлө тиктеп турду, андан кийин эрдин каардуу жана чечкиндүү тиштенди да акыры:

— Жок. Шор-Сууга чейин али көп бар, өлүм болсо жол бою бизди утурлап, аңдып жүрөт. Андан көрө, ал мынабу бөтөн кишини алса алып кетсин, бирок менин күйөөм Чарлини тирүү калтырсын, — деди.

Ошентип, индеец Пеллини карай бет алып, Ак-Мейкинди аралап, жөнөп кетти.

Ал эми түн ичинде Пассук эмнегедир ыйлады. Мындан мурда мен эч качан анын бир тамчы көз жашын көргөн эмес элем. Түтүндөн улам ыйлады го деп ойлоого да болбойт, анткени отун купкургак болчу. Анын кайгысы мени өтө таң калтырды, азап менен кайгы акыры анын кайратынын мизин майтарган экен го деген ойго келдим.

Өмүр — кызык нерсе! Өмүр жөнүндө мен көп ой жүгүртүп, көп ойлондум, бирок барган сайын ал мага түүшүнүксүз болуп көрүнөт. Биз эмне үчүн өмүрдү мынчалык эңсейбиз? Турмуш деген адам баласы эч качан жеңишке ээ боло албай турган оюн, жашоо — демек карылык карпа-курпа келип, колубузду өчүп калган оттун муздаган күлүнө аргасыз матырганча оор эмгектенүү жана азап тартуу. Жашоо кыйын. Бала азапка туулат, кары адам азаптан башы арылбай жүрүп тиги жайга жол тартат, иши кылып биздин күнүбүз кайгы менен түйшүктө өтөт. Ошондо да адам баласы чалынып, жыгылып, кылчактап арт жагына бурулуп, өлүмдүн кучагына кыйылып араң барат. Өлүм — жакшылык да. Турмуш гана адамды азап чектирет. Бирок, биз өмүрдү сүйөбүз, өлүмдү жек көрөбүз. Бул эң кызык!

Биз, Пассук экөөбүз эң аз сүйлөшөбүз. Түн ичинде өлүктөй солдоюп кардын үстүнө жатабыз, эртең менен өлүктөй үн катпастан, сүйрөлүп жолго чыгабыз. Айлана-тегерегибиздин баары жылан сыйпагандай өлүк сыяктуу. Кекилик, чил да, тыйын чычкандар да, коёндор да жок. Ак чүмбөт жамынган өзөндөр мелтиреп жымжырт жатат. Бардыгы катып калгандай токой ичи кыймылсыз. Суук да мына ушул азыркыдай болчу. Караңгыда жылдыздар жакын жана чоң көрүнгөнсүп, секирип ойноп бийлегенсишет; күндүзү күндүн көзү бирде көрүнүп, бирде булутка жашынып, бизге бир нече күн сыяктуу сезилип, кыжырды келтирет, аба жаркылдап жылт-жылт этет; кар болсо каухардын тозоңундай жылтылдайт. Айланада жагылган от да, чыккан табыш да Жок, бар болгону — суук аяз менен Ак-Мейкин. Биз күндү, убакытты эсептөөнү коюп, кудум өлүк сыяктуу баса бердик. Биздин көзүбүз Шор-Суу жакка тигилип, эс-дартыбыз Шор-Сууда болуп, буттарыбыз өздөрү эле бизди Шор-сууну көздөй алып кетип баратты. Биз так эле Тахкинанын өзүнө барып токтодук, бирок аны тааныганыбыз жок. Биздин көзүбүз Ак-Ат жакты тиктеп турганы менен, аны көрбөдү. Биздин бутубуз Каньон жерин тепсеп турганы менен, аны сезген жок. Биз эчтеке сезбедик.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   belka   06 Апрель 2016 - 00:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Барган сайын көбүрөөк жыгыла бердик, бирок жыгылып бараткан кезде да көзүбүз Шор-Сууда болду.

Дайыма тепе-тең бөлүшүп, жеп жүргөн оокатыбыз түгүнө баштады, бирок эмне үчүндүр мага караганда Пассук көбүрөөк жыгылчу болду. Бугу-Ашуунун этегине жеткенде ал таптакыр күчтөн тайыды. Ошентип бир күнү эртең менен биз жолго чыкпастан жападан жалгыз төшөгүбүзгө оронуп, кардын үстүндө жаттык. Мен да ошоерде Пассук менен коюндашып жатып, өлүмгө бирге моюн сунгум келди, анткени — мен көптү билип, аялдын сүйүүсү эмне экенине түшүнө баштагам. Хейнстин миссиясына чейин дагы сексен миль бар, бирок тетиги алыста, токойдун жогору жагында, бороон чалды-куйду кылган чокусун заңкыйтып улуу Чилкут жатат.

Пассук эриндерин кулагыма тийгизип, мен уккудай кылып шыбырап акырын сүйлөй баштады. Ал эми менден чочуркабай, каарыман коркпой калгандыктан, көкүрөгүндөгү бардык сырын ачып, өзүнүн сүйүүсү жөнүндө жана мен мурун түшүнбөгөн кеп нерселер жөнүндө айтып берди.

— Сен, Чарли, менин күйөөмсүң, мен сенин жакшы аялың элем. Мен дайыма сенин отуңду жагып, оокатыңды бышырып, иттериңди багып, кайыгыңды эшип, жолуңду салдым, бирок эч качан кабагым-кашым деп, кыңк этип, үн чыгарып даттанбадым. Менин атамдын үйү жылуу же биздин Чилкутта тамак-аш көп эле — деп эч качан арман кылганым жок. Сен сүйлөгөндө угуп гана отурчумун. Сен буюрганда, кыңк этпей аткарчумун. Ушундай эмес беле, Чарли? — деди ал.

— Ооба, ошондой болчу, — деп жооп бердим.

— Сен биринчи жолу,— деп сөзүн улантты Пассук, — биздин Чилкутка келип, мени бир карап койбостон ит сыяктуу мени сатып алып ээрчитип кеткениңде, сени ичимен абдан жаман көрүп, жүрөгүм ызага толуп, бүткөн боюмду коркунуч баскан. Бирок, андан бери арадан көп убакыт өттү. Сен Чарли, ак көңүл адам өзүнүн итин кандай аяса так ошондой мени аядың. Жүрөгүң мени каалоочу эмес, жүрөгүңдө мен үчүн кымындай да орун жок болчу; бирок сен ар дайым мага адилет элең жана ошондой мамиле кылчусуң. Сен чоң кооптуу иштерге бет алып, кыйынчылыкты башыңан өткөргөн убактарыңда мен дайыма жаныңда бирге болдум. Сени башка эркектер менен салыштырып көрүп, сен алардын көбүнөн мыктыраак экениңди, өзүңдүн ар-намысыңды сактай биле тургандыгыңды жана сенин сөздөрүң ажайып, тилин чынчыл экенин билдим Мен сага сыймыктана баштадым. Мына ошентип, менин жүрөгүмдү бүт бойдон бийлеп алган мезгил да жетти. Мына ошондон бери эс-дартым сен гана болуп калдың. Сен мен үчүн алтындай адырларды аралап жылып, бир саатка асмандан ажырабаган жайкы күндөй болуп калдың. Каякка көз чаптырбайын, ар дайым өзүмдүн гана күнүм көзүмө көрүнчү. Бирок сенин жүрөгүң, Чарли, мурункусундай эле каймана, аерде мен үчүн кымындай да орун жок болчу.

— Ооба, ошондой болгон, — деп жооп бердим. — Жүрөгүм каймана экени чын жана аерде сен үчүн орун жок эле. Бирок, бул мурда болгон. Азыр менин жүрөгүм күнгө эриген жазгы кардай элжиреп турат. Жүрөгүмдөгүнүн баары эрип, булактар шылдырап, бардыгы көгөрүп жана гүлдөп жатат. Кекиликтер менен торгойлордун сайраганы, музыканын шыңгыраганы угулат, анткени жүрөгүмдөгү муз эриди, Пассук, аялдын сүйүүсү эмне экенин мен эми түшүндүм.

Ал жылмайып, мага дагы жакыныраак ыкталды. Аңдан кийин:

— Мен ыраазымын,— деди.

Анан башын көкүрөгүмө коюп, жай дем алып, көпкө унчукпай жатты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   belka   06 Апрель 2016 - 00:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бир оокумда:

— Менин жолум ушуерден токтолот, чарчадым, — деди үнүн акырын чыгарып. — Бирок, мен сага дагы бир нерселерди айтып бергим келди. Илгери-илгери мен кичинекей кыз кезимде, Чилкуттагы атамдын үйүндө жалгыз калар элем, анткени эркектер аң уулоого кетчү да, аялдар менен балдар болсо токойдон өлтүрүлгөн аңдын этин ташышчу. Бир күнү жазында мен үйдө жалгыз калып, терилердин үстүндө ойноп отурган элем. Кайдан-жайдан экени белгисиз, кышкы чээнден жаңы эле чыгып, арып жана ачыккан бир чоң күрөң аюу үйгө кирип келип: «Ө-өх! — ден күркүрөп коё берди. Дал ошол кезде менин бир тууганым аңдын эти салынган биринчи чананы айдап үйгө келип калган экен. Ал, очокто күйүп жаткан устундун чычаласын ала коюп, аюуну качырып сала берди, чанада чегилүү турган иттер да чананы сүйрөгөн бойдон аюуга жармашып калышты. Аябагандай салгылашуу, оңбогондой карса-курс болду. Күйүп турган отко барып жыгылышты, терилердин тымтыракайын чыгарып чачышты жана үйдү да аласалдырып жиберишти. Акыры, аюу чалкасынан түшүп, сулк жатты, бирок менин бир тууганымдын бетинде аюунун тырмагынын тагы, бир бармагы аюунун оозунда калды.

Баягы Пеллини карай бараткан индеец колун отко жылытканда баш бармагы жок экенин байкаган жоксуңбу?.. Ошол менин бир тууганым болчу. Бирок, мен ага оокат бергеним жок, ошентип ал Ак-Мейкинге оокатсыз кетти.

Мына, достор, Бугу-Ашууда кардын үстүндө каза тапкан Пассуктун сүйүүсү кандай экенин. Бул накта таза сүйүү эле! Болбосо, өзүн далай кыйын азапка салып, кысталыш жолдо, кайгы менен муңга алып бараткан адам үчүн өзүнүн бир тууганынан кечеби! Анын сүйүүсү ушунчалык күчтүү эле, жадаса, ал үчүн өз өмүрүн да курман кылды. Көзү түбөлүккө жумулуудан мурда, ал өзүнүн тыйын чычкандын терисинен жасалган чыптамасынын ич жагына менин колумду алып барды. Белиндеги чымчып буулган баштык колума урунганда — бардыгына түшүндүм. Биз жол азыкты акыркы кыпынына чейин күнүгө тепетең бөлүшүп жечү элек, бирок Пассук өзүнө тийген бөлүктүн жартысын жеп, жартысын ушул баштыкка салып, мага сактачу экен.

— Мына эми Пассуктун иче турган суусу, көрө турган күнү, баса турган жолу ушуерден түгөндү, — деди Пассук, — сенин жолуң болсо, Чарли, түгөнбөйт, ал мындан ары улуу Чилкутту басып өтүп, деңиздин жээгиндеги Хейнстин миссиясына алып барат. Ал жол андан да ары, ары жактагы күндүн жарыгы көп тийген жерлерге жеткизет, башка жерлерди жана адам көрбөгөн белгисиз сууларды басып өтөт; мына ушул жолдо сен узакка өмүр сүрөсүн, атак жана даңкка ээ болосуң. Ал жол сени толуп жаткан жакшы аялдардын үйүнө алып барат, бирок сен Пассуктун сүйүүсүндөй таза жана чын сүйүүнү эч качан кезиктире албайсың.

Чындыкты айтып жатканын мен жакшы түшүндүм. Делдиреп, эсим оой түштү. Чымчып буулган баштыкты ыргытып жиберип, менин жолум да түгөнгөнүн жана аны менен бирге кала тургандыгымды айтып каргандым. Бирок, Пассуктун чарчаган көздөрү кылгырып, жашка толуп, мындай деди:

— Эл ичинде Ситка Чарли ар дайым ак ниет адам катары эсептелип, анын ар бир сөзү текке кетчү эмес. Ушул керексиз сөздөрдү Бугу-Ашууда айткыдай, ырас эле, өз уят-сыйытын унутуп калыптырбы? Ага жакшы тамак-ашын, жакшы иттерин берген Кыркынчы-Милдеги адамдарды ал чын эле эстен чыгарабы? Пассук өзүнүн күйөөсү менен дайыма сыймыктанчу. Кана эмесе, күйөөсү туруп лыжасын тагынып жолго чыксын, Пассук да мурдагысындай эле ага сыймыктангандай болсун.

Анын денеси менин кучагымда муздагандан кийин, мен ордуман туруп, чымчып буулган баштыкты таап алдым да, лыжамды тагынып, теңселип жолго чыктым. Буттарым шилтөөгө келбей шалдайып, башым тегеренип, кулактарым чуулдап, көзүмөн от чагылышты. Унутулган балалык чак көз алдымдан тизилип өтүп жатты.

Той-тамашада булоологон казандын жанында отуруп, көңүл ачам, жигиттер, кыздар менен бирге морждун терисинен жасалган барабанга кошулуп ырдап жана бийлейм — ушул мезгилдердин баарында Пассук мени менен кол кармашып, жанымда бирге жүргөнсүйт. Уктап калсам, ал ойготот. Чалынып жыгылып калсам, ал өйдө тургузат. Терең карда адашып жүрсөм, ал даңгыр жолго жетелеп чыгарат. Ошентип, мен эстен танып, көзүмө укмуштуу нерселер көрүнүп отуруп, акыры деңиздин жээгиндеги Хейнстин миссиясына жеттим.

Ситка Чарли ордунан туруп, чатырдын капшыт эшигин ачып, сыртка чыкты. Күн чак түш. Чыгыш жакта, Гендерсон адырларынын нак төбөсүндө мунарыктаган суук күндүн көзү көрүнөт. Көздү чагылыштырган боз кыроодон улам аба жөргөмүштүн желесиндей кабат-кабат түрүлгөнсүйт. Алды жактагы жолдун жанында, жүнүнө боз кыроо турган, карышкырга окшош ит тумшугун жогору көтөрүп, аянычтуу улуйт.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   belka   06 Апрель 2016 - 13:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

КИШ ЖОНУНДО АНЫЗ
Илгери-илгери бир заманда дал Түндүк Уюл деңизинин жээгинде Киш деген бала жашаган экен. Ал өз элинин көсөмү катары айлында атак-даңкка ээ болуп, көп жылдар бою бактылуу турмушта өмүр сүргөн. Аны эли, көзү өткөндөн кийин да зор урматтап, Кишти ооздорунан түшүрүшкөн эмес. Андан бери бир топ жыл, бир топ ай, нечен кыш, нечен жай өттү, бирок Кишти унутпай, анын иштеген иштери жөнүндөгү аңызды абышкалар жаш кездеринде өздөрүнүн ата-бабаларынан кулагы чалган, эми алар бала-бакырасына айтып берип жатышат, ал эми жаштар болсо өз кезегинде картайган кезде өзүлөрүнүн балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө аңыз кылышмак. Ошентип, Киш жөнүндөгү аңгеме ооздон-оозго учу-кыйры жок айтылып кете бермек. Түндүктүн озоңдогон каардуу бороону муздун бетине кар жугузбай үйлөп, тирүү жанды сыртка баш бактырбаган Түндүк Уюлдун түнөргөн узак кышкы түнүндө эл чогулуп, кедейдин үй-бүлөсүнөн чыккан Киштин эл арасында кадыр-баркка кантип ээ болгондугу жөнүндө аңгемени үйдө отуруп угуу кандай жакшы.

Аңгеме айтылганга караганда Киш акылдуу, чымыр, кайраттуу, күчтүү жана күндүн көзүн он үч жолу көргөн бала болот. Түндүктө жылды ушундай эсептешет, анткени — жыл сайын кышында күндүн көзү көрүнбөй жоголуп, жердин бети түнөрүп, караңгы тартып турат. Андан кийин келерки жылда гана жаңыдан күндүн көзү көрүнүп, жердин бетин жылытып, адамдар бири-биринин иреңин ошондо тактап көрүшө турган. Киштин атасы эр жүрөк кайраттуу мергенчи болгон. Бир жылы катуу ачарчылык болуп, ошондо өз элинин өмүрүн сактап калуу үчүн ал бир чоң ак аюу менен жекеме-жеке алышып, жырткычтын тырмагынан каза тапкан. Аюу анын бардык сөөктөрүн былчырата чайнайт, бирок аюу да соо калбайт. Аюунун эти арбын болучу, ошондуктан айыл ачарчылыктан жабыркабай кенен-кесири кыштан чыгышат. Киш баатыр мергендин жападан-жалгыз баласы болучу. Атасы өлгөндөн кийин бир үйдө Киш энеси экөө гана калышат. Бирок анын атасынын кылган эрдиги элдин эсинен бат эле чыгып кетет. Киш болсо бала эле бойдон, энеси болсо — аял да. Ошондуктан буларды да эл аяң кылбайт, алар жардылыкка учурап, өздөрүнүн жыртык айбаалысында эптеп жан сакташат.

Бир күнү кечинде айыл башчысы Клош-Квандын кең-кесири үйүндө болгон жыйылышта күтүлбөгөн жерден Киш өзүнүн кызуу кандуулугун жана эч кимге баш ийбей турган эр жүрөктүүлүгүн көрсөттү. Ал ордунан кадимки чоң киши сыяктуу салабаттуу турду да, уу-чуунун басылышын күттү.

— Мен чындыкты айтамын, — деп сөзүн баштады ал, — Апам экөөбүзгө тийиштүү эт берилип турат. Бирок, көбүнчө эски жана таштай катуу, этинен сөөгү көп.

Бул сөзгө жыйылышта отурушкан аңчылардын баары — аксакал, көк ала сакал карыялар, кара муруттуу жигиттер жана жаштар — баары айраң таң калышты. Эч качан каргадай баланын теңсиздикке каршы чыгып, улуудан уялбай, кичүүнү кичүү дебей бетке чаап сүйлөгөнүн угушкан эмес!

Бирок, Киш сөзүн тайманбастан мостоюп каардана сөзүн улантты:

— Менин мындай деп жатканымдын себеби; атам Боктун атактуу аңчы болгонун мен жакшы билем. Элдин айтымына караганда, ал аңдын этин эң мыкты эки мергенчиден көп алып келчү экен, алып келген этин өз колу менен бөлүп, айылдагы өбөктөгөн кары-картаңга, абышка-кемпирлерге тийиштүү энчилери адилеттүү бөлүндүбү, жокпу, ошол жагын байкачу экен.

— Эшикке кууп чыккыла! — деп ачууланды мергенчилер. — Алып кеткиле, бул оңбогурду! Ары алып барып, уктатып койгула, аксакалдар менен сөз талашууга, каршы сүйлөөгө али жетиле элек дешти.

Бирок Киш салмактуу гана ызы-чуунун басылышын күтүп турду.

— Сенин аялың бар, Уг-Глук, — деди ал, — демек, сен аялыңдын таламын талашып сүйлөйсүң. Массук, сенин да аялын, энең бар, сен да алардын камын көрүп, оокаты жөнүндө сүйлөйсүң. Апамдын менден башка эч кими жок, андыктан мен да энем үчүн сүйлөймүн. Менин айтарым: Бок баатыр мергенчи болгондуктан, өзүнүн эли үчүн курман болду, ошондуктан анын баласы — мен, жана Боктун аялы, энем — Айкига айылда эт боло калганда, оокаттан тарыбагандай болуп, тийиштүү бөлүгүбүздү алып турсак дурус болор эле. Мен, Боктун уулу Киштин айтары ушул. Ал ордуна отурду, бирок өзүнүн сөзүнөн улам чыккан уу-дууну, кыжырланган, ачуулуу нааразылыктарды кунт коюп тыңшады.

— Кенедей балдар жыйылышта бети-башы чымырабай кантип дити барат? — деп булдурады карыя Уг-Глук.

— Оозунан эне сүтү кете элек балдар качантан бери бизди, эркектерди үйрөтчү болушкан? — деп сурады дорулдаган Массук.

— Же эт керек болгондо эле көрүнгөн шок бала мени шылдың кыла бергидей менин колуман эчтеке келбей калган бекен?

Кыжырлануу көбөйө берди. Азыр үйүңө барып укта деп, отургандар Кишке буйрук беришти, мындай кылыгын койбосо мындан ары эттен кур калат деп коркутуп, тентектик иши үчүн аны жакшылап туруп «домдоп» коюуну да эскертишти. Киштин көзү жайнап, каны кызып, бети кыпкызыл болуп албырып кетти. Жеме сөздөр сөөгүнө абдан баткан окшойт. Киш ордунан ыргып туруп:

— Силер, эркектер, угуп койгула! — деп үнүн көтөрүңкү чыгарды ал. — Качан гана өзүңөр мага келип: «Киш, сен бизге өз пикириңди айтып бер, сенин сөзүңдү уккубуз келет» деп сурамайынча силердин жыйылышыңарга келбеймин жама эч качан бир ооз сөз сүйлөбөйм. Менин акыркы сөзүмдү баарыңар уккула жана эсиңерден чыгарбагыла. Менин атам Бок атактуу мергенчи болгон. Анын уулу, Киш, мен да аңчылык кыламын жана мындан ары этти өзүм таап келем. Мындан ары эсиңерде болсун, менин алып келген табылгам калыстык менен бөлүнөт. Бир да жетим-жесир, бир да мусапыр кары эми мындан ары азыркыдай жокчулуктун азабынан түн бою кыңылдап, көз жашын көлдөтүп ыйлабайт; ал эми алдуу-күчтүү эркектер болсо этти чегинен ашыра жеп, күптүү болуп ичи ооруп кыңкыстайт. Мына ошондо этти көп жеп жиберген алдуу-күчтүү эркектер үчүн бетке чиркөө болот. Мен, Киш баарын айтып бүттүм .

Эшикке чыгып баратканда Кишти үйдөгүлөр мыскылдап, келеке кылып, күлкү менен узатышты. Киш тиштенген бойдон, ачуусу аябай келип, эч жакты карабастан түз үйүнө келди.

Киш эртеси жер менен муз кошулган жээкти бойлоп жолго чыкты. Чоң жаа жана учуна шишмекей учтуу темир кийгизилген жаанын көп огун, ийнине атасынын чоң ак сойгогун асынып бара жатканын көрүптүр. Бул жөнүндө ар түрлүү ой жоруулар жана толгон мыскыл, күлкүлөр болду. Чынында да мындай окуя мурда болгон эмес. Бул жакта кичинекей бала жападан жалгыз аңга чыкмак түгүл, ал жөнүндө сөз да угулган эмес. Эркектер баштарын чайкашып, «мунун акыры жакшы болбос» дешип, алдын ала болжоп кобурашты, аялдар болсо Айкиганын түнөргөн, кайгылуу жүзүнө аянычтуу карашты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   belka   06 Апрель 2016 - 21:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Ал көп кечикпей эле кайтып келет деп, — аялдар кайрат айтымыш болушту.

— Келсе келе берсин. Бул ага абдан жакшы сабак болот, — дешти мергенчилер. — Ал жакында, жоош жана тилин тартып сүйлөй турган болуп, илбериңки кайтып келет.

Бирок бир күн, экинчи күн өттү, үчүнчү күнү алай-дүлөй катуу бороон болду, Киштен кабар болгон жок. Айкига өз чачын жулуп, оор кайгынын белгиси катары бетине көө шыбады. Аялдар болсо, жаш балага эрегишип, аны көз көрүнө өлүмгө жибердиңер деп эркектерди катуу жемелешти. Эркектер кыңк эте албай, бороон басылар менен баланын сөөгүн издөөгө даярданышты. Бирок, эртеси таң эртең менен Киш айылга өзү келип калды. Ал жүзү жарык болуп кайтты. Аңдын этинен анча-мынча көтөрүп алган болчу. Киш кандайдыр менменсинип, үнүн көтөрүңкү чыгарып:

— Силер, эркектер чананы айдап менин изим менен жөнөгүлө — деди ал. — Мындан ары бир күн жол жүргөндөн кийин муздун үстүнөн бир ургаачы аюунун жана анын эки мамалагынын этин табасыңар.

Айкига кубанганынан жер үстүнө батпай жүрдү. Киш энесинин кубанычына кошулуп, кадимки чоң кишидей: — Жүр, Айкига, оокаттаныш керек. Андан кийин мен жатып уктайын, абдан чарчадым, — деди.

Ошентип, ал үйүнө келди да, тамакка мыктап тоюп алып, баш көтөрбөстөн жыйырма саат катары менен уктады.

Эл арасында оболу бир топ ишенбөөлөр жана толуп жаткан талаш-тартыш болду. Түндүк Уюлдун аюусун уулоо оңой иш эмес, ал эми мамалагы менен аюуга кол салуу үч эсе коркунучтуу. Каргадай жалгыз баланын колунан ушунчалык чоң иштин келгенине эркектер ишенишкен жок. Бирок аялдар Киш алып келген эт жаңы эле союлган аңдын жаш эти экендигин айтышканда, алардын күмөнү солгундай түштү. Акыры эркектер убап-чубашып этти алып келүүгө кетишти. Эгер ал чын эле бул ишти иштегенде да, баланын иши чала да, терисин сыйрып, этти жакшылап жайгаштырды дейсиңби дешип кобурашып баратышты. Түндүктө болсо аңды өлтүрөр менен терисин сыйрып, этин жилик-жилик кылып коюу керек, болбосо ошол замат эт суукка тоңуп калат да жалаңдаган курч бычак менен кесип болбойт. Ал эми үч жүз кадактай зыңкыйып тоңгон аюунун этин чанага салып алып, өңгүл-дөңгүл муздун үстү менен сүйрөө оңой-олтоң иш эмес. Бирок, чынбы, калппы дешип эки ойлуу болуп келатышкан мергенчилер айтылган жерге жеткенде, Киш аюуну жана анын эки мамалагын өлтүрүп гана тим койбостон, тажрыйбалуу мергенчилердей этти төрткө бөлүп, ичек-кардын алып тазалап таштаганын көрүштү.
Ушинтип Киштин сырдуу аңчылыгы башталат. Күндөр закымдап өтүп жатты, бирок бул сырдын түйүнү чечилген жок. Киш экинчи сапар барып бир жаш чоң аюуну сулатты, андан кийинки жолу — бир чоң эркек аюуну, бир ургаачы аюуну сүйрөттүрүп келди. Ал дайыма айылдан үч-төрт күндүк алыс кетчү, кээде муздуу мейкиндикте бир жума жоголгон кездери да болду. Жанына жолдош албай жалгыз кетип жүргөнүнө эл аябай таң калышчу. «Капырай, колунан мынча зор иш кантип келет? — дешип аңчылар бир-биринен сураша турган. — Жадаса, жанына ит да албайт, ал эми иттин аңчылыкка чоң жардамы тиери баарыга белгилүү».

— Эмне үчүн сен жалаң гана аюуга аңчылык кыласың? — деп сурап калды бир күнү Клош-Кван.

— Аюунун эти бардык аңдын этинен арбын боло турганын ким билбейт! — деп Киш ага тийиштүү жооп кайырды.

Ага карабастан айыл арасында сыйкырчылык жөнүндө сөздөр жүрө баштады.

— Буга жин-перилер даарып, жардамдашып жүрөт, — деп далилдешти кээ бирөөлөр. — Мына ошондуктан анын ар дайым жолу болот. Жин-перилердин дубасы болбосо, ал мындай ишти өмүрүндө жалгыз иштей алмак эмес!

— Ким билсин! Мүмкүн, жин-перилер эмес эле, арбактар колдоп жүргөн чыгар? — дешти башкалар. — Атасы атактуу аңчы эмес беле, мүмкүн азыр уулу менен ууга кошо чыгып, аны чыдамкайлыкка, шамдагайлыкка жана эрдикке үйрөтүп жүргөндүр. Ким билсин аны!

Айтор, эмнеси болсо да Киштин жолу боло берди. Чеберчилиги аз аңчылар көп убактарда айылга Киштин аюусун гана ташуу менен алек болуп калышты. Киш этти да адилет, калыс бөлүштүрдү. Өзүнүн атасы сыяктуу ал чабал-чубал, кары-картаңдарга түрдүүлөп тийиштүү бөлүктүн берилишине ар дайым көз салды. Өзүнө оокаттанууга жеткидей гана эт алып калчу. Мына, ошондуктан жаш мергенчини көпчүлүк эл зор урматтап, кээ бир мурунку күнөм санап жүргөндөр ооз ачууга даашпады. Карт Клош-Квандын көзү жумулгандан кийик Кишти сөзсүз айылдын башчылыгына коюуну ыйгаштырышты. Ошентип, Киш атак-даңкка ээ болгондон кийин эми ал жыйылышка келетко деп күтүштү. Бирок, өз бетинче барган жок, эркектер болсо өздөрү чакырыштан уялып, батынышпады.

— Мен өзүмө жаңы үй тургузуп алсамбы дейм, — деди Киш Клош-Кванга жана башка аңчыларга. — Ал үй Айкига экөөбүз турууга ыңгайлуу жана кенен-чонон болуу керек.

— Мейли, — деп алар акыл салганына сыймыктанышып, баштарын ийкешти.

— Жаман жери, менин бул иш менен илешүүгө убактым жок. Менин ишим — аңчылык, убактымдын баары ошого кетет. Ошондуктан, мен алып келген этти жеген айылдын эркектери менен аялдары мага үй тургузуп беришсе, абдан адилет жана туура болгон турат — деди ал.

Көп узабай эле чоңдугу жана кеңдиги жагынан айылдагы эң чоң деп эсептелген Клош-Квандын үйүнөн да ашып түшкөн заңгыраган жарык үй тургузуп беришти. Киш энеси экөө жаңы үйгө көчүп барышты. Күйөөсү Бок өлгөндөн кийин Айкига биринчи жолу жаны жай таап, капарсыз жыргап жашай баштады. Оокаттуу жана жетиштүү жашоо гана эмес, Айкига эң мыкты мергенчинин энеси болгондуктан, айыл арасында кадыр-баркка ээ болду. Күйөөлөрү менен чатакташып, же өз ара талаш-тартыш боло калганда айылдын башка аялдары ага кеңеш салып, акыл сурап, акылдуу сөздөрүн угуп, анын айтканы менен болушту.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   belka   06 Апрель 2016 - 21:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бирок Киштин шумдуктуу аңчылыгынын сыры көп кишилерди ойлонтту. Бир күнү Уг-Глук сыйкырчылык менен иштеп, оокат кылып жүргөндүгү жөнүндө Киштин өзүнө бетке айтты.

— Эл-журттун айтканына караганда, сени жин-перилер даарып, ошондон улам жолдуу болуп жүргөн экенсиң, — деди Уг-Глук мыскылдай күлүңдөп.

— Эмне, мен алып келген эт жаман бекен? — деп сурады Киш. Ошол эттерди жеп ушул айылда кимдир бирөө ооруп калдыбы? Мага сыйкырчылык көмөктөшүп жүргөнүн кайдан билдиң сен? Же көрө албастык менен эле болжоп айтып жатасыңбы?

Уг-Глук катуу уялып, эшикке чыгып баратканда, аялдар күлүп калышты. Бир күнү кечки жыйылышта узакка созулган талаш-тартыштан кийин, Киш эмки жолу аюу уулоого чыкканда анын сырын билүү үчүн артынан тыңчылар жиберели дешти.

Акыры бир күнү Киш камданып ууга чыкты. Айылдагы эң мыкты деген жаш мергенчилер — Бим менен Боун анын көзүнө чалдыкпастан, акмалап артынан калбай аңдып жөнөштү. Беш күндөн кийин алар кайтып келишти. Көргөндөрүн тез айтып берүүгө шашып чыдабай аптыгып турушту. Клош-Квандын үйүндөгү чукул чакырылган жыйылышта Бим, таң калгандыктан көзүн чакчайтып, сөзүн баштады:

— Агайындар! Силердин айтууңар боюнча биз Киштин соңунан түштүк. Абдан кылдат, абайлап жүргөндүгүбүздөн, өзүбүздү ага эч сездирген жокпуз. Чыккан эле күнү түш ченде ал аябагандай чоң эркек аюуга жолукту…— дей бергенде:

— Андан чоң аюу да болбойт, — деп Боун Бимдин сөзүн жулуп, андан ары улантты. — Бирок, аюу күрөшкүсү келбей артка бурулуп, муздун үстү менен жайбаракат кете берди. Биз жээктеги жарташка чыгып, карап турдук. Анткени аюу түз эле бизди карай келаткан. Киш болсо кымындай да коркуп койбостон аюунун артынан такай ээрчип алды. А түгүл Киш аюуга колун булгалап, бирдеме деп сөгүнүп, катуу кыйкырып жатты. Акырында аюу ачууланып, арткы буттары менен тик туруп айкырды, Киш жазганбастан түз эле аюуну көздөй басты…

— Ооба, ооба, — деп илип алды Бим, — Киш түз эле аюуга жакындап басып барганда, аюу аны качырып сала берди. Киш качып жөнөдү. Качып баратып муздун үстүнө кичинекей тоголок нерсени таштап кетти. Аюу токтоп томолокчону жыттагылап туруп, жеп жиберди. Киш чуркап баратып, кичинекей томолокчолорду таштап кете берди, аюу болсо аларды терип жеди.

Бардыгы күмөн санашып, чуулдап жиберишти. Уг-Глук болсо мындай жомокко ишенбей тургандыгын ачык айтты.

— Биз, муну өз көзүбүз менен көрдүк, — деп Бим эркектерди ынандырууга аракеттенди.

— Чын эле өз көзүбүз менен көрдүк — деп Боун да тигинин сөзүн ырастады. — Бир топ убакыттан кийин аюу тык токтоп, катуу айкырып улуп-уңшуп кутургандай алдыңкы тамандары менен музду чапчылай баштады. Киш муздун үстү менен жүгүрүп отуруп, коркунучсуз алыстыкка барып токтоду. Аюунун аны менен эч кандай иши болбоду, анткени жанагы жутуп жиберген томолокчолор жанын көзүнө көрсөттү окшойт, аябай катуу кыйналды.

— Чын эле катуу кыйналды, — деп сөздү бөлдү Бим. — Анткени аюу өзүн-өзү тырмалап, оюн салып жүргөн аюунун баласындай мөңкүп, муздун үстүндө ийиктей чимирилди. Бирок, ал ойногон жок, тек гана ичи ооруганынан айкырып улуп-уңшуду. Өмүрүмдө мындай шумдукту түк көргөн эмесмин.
— Мен да көргөн эмесмин, — деди кайрадан сөзгө аралашып Боун. — Аюунун чоңдугун айтпа эми!

— Сыйкырчылык, — деп жиберди Уг-Глук.

— Ал жагын билбейм, — деп жооп берди Боун. Өз көзүм менен көргөндөрүмдү гана айтып жатам. Лүкүйүп оор болгондуктан аюу катуу секире берип, бат эле чарчап алсырай баштады. Андан кийин ал башын теңселе чайкап, жээкти бойлоп жөнөдү, шоңшоюп отура калып өгүздөй өкүрүп-улуп, анан кайра майпаңдап басып кетти. Киш аюунун артынан, биз Киштин соңунан бир күнү жүрүп отурдук, анан дагы үч күн аларды ээрчип сандалдык. Аюу улам алсырап, өкүрө берди.

— Бул сыйкырчылык, сөзсүз сыйкырчылык! — деп кыйкырды Уг-Глук.

— Андай болуу этимал.

Бим Боундун сөзүн кайта бөлүп, өз сөзүн улантты:

— Аюу айланпадай чарык айланып, оңго, солго, алга, артка же дайынсыз тегеренип, бир баскан жерин улам-улам кезип өтүп, акыры эң алгачкы Киш менен жолугушкан жерге келип токтоду. Мына ушул жерге келгенде аюу таптакыр алдан тайып бутун шилтөөгө дарманы келбей калды. Ошондо гана Киш ага жакын барды да, сойгок менен сайгылап өлтүрдү.

— Андан кийин? — деп сурады Клош-Кван.

— Андан кийин Киш аюуну соё баштады, биз Киштин аңды кандай улай турганын көргөндөрүбүздү силерге дароо жеткириш үчүн быякка чуркадык, — деди Бим.

Эркектер жыйылышта отурган күнү аялдар аюунун этин айылга алып келишти. Киш келер менен эркектер аны жыйылышка чакыртып чабарман жиберишти. Бирок, Киш ачка экендигин, чарчап-чаалыгып келгендигин жана анын үйүнө канча адам болсо да кенен бата тургандыгын жыйылышка айтып барууну чабарманга тапшырды.

Киштин аңчылык сырын билүүгө ынтызар болгондор көп эле, ошондуктан, Клош-Кван баш болуп, түп көтөрө Киштин үйүн карай чубашты. Алар келгенде Киш оокаттанып жаткан болчу. Бирок, ордунан ыргып туруп, аларды ызааттуулук менен урматтап тосуп алып, улуулата жайлаштырып отургузду. Айкига бир туруп уулуна сыймыктанып көкүрөгүн керип кекирейсе, бир туруп оңтойсузданып уялды. Киш болсо өзүн жай баракат, салабаттуу тутту. Бим менен Боундун айтып келген сөздөрүн Клош-Кван баштан-аяк кайталап чыгып, сөзүнүн акырында үнүн катуурак чыгарып:

— Киш, бизге түшүндүрүшүң керек. Чыныңды айтчы, сен аңды кандайча уулап жүрөсүң? Бул иште сыйкырчылык барбы, жокпу? — деп сурады.

Киш башын көтөрүп, Клош-Кван жакка бурулуп, күлүмсүрөдү да:

— О, Клош-Кван! — деди ал. — Кичинекей бала сыйкырчылык дегенди кайдан билсин жана сыйкырчылык эмне экенин да өзүм билбеймин. Мен бар болгону, Түндүк Уюлда жашаган аюуну кантип оңой өлтүрүүнүн жолун гана ойлоп таптым. Ал сыйкырчылык эмес, жөн эле ойлоп табылган амал.

— Ал бардык адамдын колунан келе турган ишпи, же кандай?

— Ооба, кимдин да болсо колунан келет.

Үйдүн ичинде жымжырттык өкүм сүрдү.

Эркектер унчугушпай аң-таң болуп бири-бирин карашты. Киш тамагын жей берди.

— Ээ, Киш, сен… сен аны бизге айтып бересиңби? — деп сурады акыры Клош-Кван мукактаган үнү менен.

— Жакшы болот, айтса айтып берейин, — деп Киш колунда кемирип отурган жиликтин чучугун соруп бүтүп, ордунан турду. — Бул өтө эле жөнөкөй. Мына карап тургула!

Ал киттин ичке узун мурутун колуна алып, баарына көрсөттү. Анын эки жагы тең ийнедей учтуу болчу. Киш аны ийип ороп тоголоктогондо, ал кипкичинекей болуп калды, кайта коё бергенде, жазылып мурункусундай түптүз боло түштү. Андан кийин Киш бир кесим тюлендин майын колуна алды.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   belka   08 Апрель 2016 - 10:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

— Мына, — деди ал, бир кичинекей кесим тюлендин майын алып, — анын так ортосун оюп, мына мындай оюк жасоо керек. Анан киттин мурутун моминтип бапестеп түрүп ороп, аны оюкка салып, үстүн башка бир кесим май менен жаап, бекитип коёсуң. Анан аны суукка алып чыгып тоңдурганда кичинекей тоголок нерсе болуп калат. Аюу ошол кичинекей тоголок майды жутат, анын ичине барганда май эрип, киттин муруту жазылып кетет да, ичек-кардын оорута сайгылайт. Аюу жанталашып айкыра баштайт. Ичек-карды абдан катуу ооруп, шайманы кеткен кезде, сойгок менен өлтүрөсүң. Мына, бар болгону ушу.

— О-о!— деп жиберди абдан таң калган Уг-Глук.

— А-а!— деди Клош-Кван да.

Мына ошентип ар ким ез билгендерин айтып, Киштин аңчылык сырына түшүнүштү.

Илгери-илгери Түндүк Уюл деңизинин жээгинде жашаган Киш жөнүндөгү аңгеме ушундайча бүтөт. Себеби, ал сыйкырлык менен эмес, акыл менен аракеттенип, өтө жарды кедейдин үй-бүлөсүнөн чыгып, кадыр-баркка ээ болуп, өз элинин башчысы болгон. Уламага караганда, ал тирүү кезде эл куунак жашап, бир да жетим-жесир, бир да бөкчөйгөн кары жеп-ичкенге этибиз жок деп түн ичинде зарлап ыйлаган эмес экен.

1904-ж.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 07 Авг 2025 14:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: