Ala-archa Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 461 (0,1 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (460 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 17 Ноябрь 12
- Кароолор:
- 21 548
- Соңку аракети
19 Апр 2016 14:03
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 51 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 3, 1973
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Altynai2007kg
06 Янв 2017 - 23:07 -
Monchoshka
21 Дек 2016 - 04:30 -
prezident-001
07 Авг 2016 - 19:06 -
akylbekovich
30 Июл 2016 - 19:00 -
asylbekova
30 Июл 2016 - 13:02 -
gitaris93
16 Янв 2016 - 08:40 -
Samarbek-Nurelim
29 Окт 2015 - 22:38 -
Riskul
22 Окт 2015 - 01:34 -
jass00
22 Сен 2015 - 14:58 -
Aruushaa
07 Авг 2015 - 12:58
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Баптисттерге көз карашыңар
Жазылган күн: 14 Сен 2015
gitaris93 (09 Май 2015 - 08:28) жазган:
Биздин кртанда адашкан каапыр туугандарга jesu ala archa окшогондорго буларга бир чара көрүш керек. Булар азыркы жаштарды армияга барбагыла деп үгүттөп патриоттук сезимдерин жок кылышат экен мен бир ушундай эле жахабанын күбөсүмү деп өзүн тааныштырган жигитке жолуктум. Көпкө сүйлөштүк акыры нерфим чыдабады ал мага өкүндүргөн мекенге кызмат кылбаганы анан атасы же жакыны кайтыш болсо аны таазия кылып көмбөй мага баарыбир сайга да өзүм жалгыз көмүп коем эртен тирилип келет деген сөздөру аябай өкүндүрөт экен. Ээ аллахым каапырларга акыл берегөр.
1) Армияга барбагыла деп ким үгүттөптүр? Жахаба күбөлөрү менен протестанттык агымдагы машайакчылардын айырмасы эки башка. Биз үчүн (протестанттар үчүн) инжил китеби авторитет. Инжилде жазылып турат ...мамлекеттик баардык мыйзамга баш ий...деп. Биз кыргыз болуп төрөлгөнбүз. Кыргызстандын жарандарыбыз. Мекенибиздин өнүгүшүнө кызыктарбыз. Мамлекеттик баардык мыйзамга баш ийебиз. Бийлик башыларына каршы чыкпайбыз, анткени инжилде бийликтегилерге баш ийгиле деп жазылган. Өлкөбүздө тынччылык өкүм сүрүшүнө тилектешпиз.
Кошумчалай кетейин, мекенди коргош керек десе эле кээ бир түшүнүгү тар адамдардын оюна курал келет. Мекенди курал менен гана эмес, татыктуу билим алып, өлкөнүн өнүгүшүнө таза иштеп салым кошсо бул дагы мекенди коргоого жатат. Чет жакта жүрсөң, кыргыз боордошторго жардамдашсаң бул дагы патриоттук ишке жатат. Жэ болбосо муктаждыгы барларга колундан келишинче жардамдаш, сооп иш болот. Түштүк Кореянын өнүгүшүнө протестанттар зор салым кошкон. Алардын бул иши мекенди коргогоп жатат дегенден кабар берет эмеспи.
Ош коогалаңында машайакчылар муктаж адамдарга ун, кийим кечелерди жардам иретинде таркатышкан. Бирок ал кылгандарын саясатчыларга окшоп элге мактанып эч кимге жайган эмес. Жана элге жардамдарын берип келишет. Бирок көпчүлөк бул жакшылык иштерди билбейт. Анткени аларды Кудай үчүн, жана мекенди сүйгөндүктөн ошол иштер жасалып жатат.
2) Кыргыз болгон соң кыргыздын салтын дагы сыйлайбыз. Өлгөнгө барабыз, бата кылабыз кадимки эле кыргыздардай болуп. Анткени биз Марс планетасынан келген жокпуз да.
...Ээ аллахым каапырларга акыл берегөр...деп катуу жазыпсыз. Капа болбоңуз, бирок сиз айткан "капырлардын" өлкөсүнө бүгүнкү күндө кимдер кайсы өлкөдөн качкын болуп барып жатат, айтыңызчы??? -
Темасы: Инжил китеби жана анын жазылыш тарыхы
Жазылган күн: 7 Авг 2015
Элчилердин иштери китеби менен таанышуу
Луканын жазуулары
Элчилердин иштери Лука жазган эки эмгектин экинчи бөлүгү. Лука Ыйсанын башкашакирттери менен болгон алгачкы элчилердин бири. Ыйсанын жана шакирттердинжашоолору жөнүндө жазуу өтүнүчүн алгандан кийин, Лука көздөрү менен көргөнкүбөлөрдөн маалымат чогултуп, азыр Жаңы Келишимдин бөлүгү болгон Лукаданболгон Жакшы Кабар жана Элчилердин иштери деп аталган эки китепти жазган.Лукадан болгон Жакшы Кабардын башындагы тааныштыруу бетинде ушул экижазуу менен тааныштырат. Алардын максаты бир. Алардын максаты-Ыйсанынжана шакирттердин жашоолорунда болгон окуяларды ирээти менен баяндоо. Лукагеографиялык жана тарыхий маалыматтарды майда-чүйдөсүнө чейин тактап жазган.Ал Ыйсанын жана шакирттердин жашоолорунда болгон окуяларды, ошол кездегисаясий окуялар менен байланыштырып жазган. Лука өзү грекче сүйлөгөн жана өзиштерин грек тилинде сүйлөгөн жүйүттөр жана бутпарастар үчүн жазган.
Элчилердин иштери
Элчилердин иштери деген аталыш бул жазуунун өзүндө жок болсо да, б.з. экинчикылымда ушул наамга ээ болгон. «Иштер» деген сөздү гректер тарыхы күбөлөрдүнкөргөнү боюнча жазылган окуялар үчүн колдонушкан. Бул китеп дагы, башынан элетарыхий жана күбөлөрдүн көргөнү боюнча жазылган окуя катары кабыл алынган.Бирок Элчилердин иштери китеби грек жазуучулары жазган адамдык окуяларгаокшош эмес. Элчилердин иштери жана Лукадан болгон Жакшы Кабар башынанаягына чейин Кудайдын Падышалыгы жана Жакшы Кабар жеткен адамдардынжашоосундагы Кудайдын ишинин тарыхы катары жазылган.«Элчилер» деген наам Жаңы Келишимде Кудайдын максатын жана куткарылуунубардык элдерге жеткирүү тапшырмасын Ыйсадан алган адамдар үчүн колдонулат. Элчилердин иштери ошол элчилердин кээ бирлеринин, өзгөчө Петир жана Пабылдынжашоолору жөнүндө баяндайт. Бирок басым элчилерге эмес, Кудайдын максатынажана Ал тарыхта кандайча Ыйсанын жолдоочуларынын жашоолору аркылуу ишкеашыргандыгы баяндалат. Машаякчылардын Жазууларында бул китеп өзгөчө орундуээлейт, себеби Ыйса тирилгенден кийин, алгачкы жыйында эмне болгондугунсүрөттөгөн тарыхы жалгыз китеп.
Элчилердин иштери китебинин грекче тексти
Элчилердин иштери башында грек тилинде жазылган. Б.з. экинчи жана онунчукылымдарга тиешелүү кырк грек тилиндеги түрмөк китеп бар. Ал түрмөк китептердинмаанилери бири-бирине абдан окшош. Окумуштуулар түп нуска тексти табууүчүн, эң эски жана эң жакшы түрмөк китепти издеп, алардын айырмачылыктарынсалыштырып абдан аракет кылышкан. Машаякчылардын жазууларын түшүнүүжана чечмелөө үчүн, котормолорго эмес, жакшы кабардын грек тилиндеги текстинетаянышат.
Элчилердин иштери китебинин которулушу
Элчилердин иштерикитеби грек тилинен башка көптөгөн тилдерге которулган. Буладамдарга жазууну өз тилдерине окууга жана түшүнүүгө жардам берет. Грек тилининнускасын стилин жана лингвистикалык формасын котормодо толук берүү мүмкүнэмес болсо да,түп нуска тексттеги максат маанини котормо аркылуу жеткирүүмүмкүн. Бул китеп жазылгандан көп өтпөй эле, грек тилинен башка тилдерге которулабаштаган. Машаякчылык доордун экинчи кылымында булкитеп сирия жана латынтилдерине которулган. Үчүнчү кылымга тиешелүү болгон сирия тилиндеги түрмөккитеп жана төртүнчү кылымга тиешелүү болгон латын тилиндеги түрмөк китептеразыр да бар.Сирия тилиндеги котормо Арабиядагы араб машаякчылары аркылууколдонулган. Үчүнчү кылымда бул жакшы кабар, Египеттеги коптилердин тилинекоторулган. Төртүнчү кылымга тиешелүү ошол котормонун түрмөк китеби дагы элебар. Байыркы араб тилиндеги Элчилердин иштери китебинин б.з. 867 кылымына ти-ешелүү котормосу Синай тоосу китепканасында сакталып турат.
Элчилердин иштери китеби эмнелерге басым кылат.
Элчилердин иштери китебининдеги алгачкы жыйындын тарыхы Ыйсанын элчилергеайткан сөзү менен башталат «Бирок үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндөн кийин, күчаласыңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнөжүзүндө Менин күбөлөрүм болосуңар» (1:8). Экинчи бөлүмдө Иудея, Иерусалимдеишенүүчүлөрдүн үстүнө Ыйык Рух түшөт. Сегизинчи бөлүмдө ишенүүчүлөрСамарияда күбөлөр болушкан. Онунчу бөлүмдө бутпарастарга миссионерликсапарлар башталып, Рим империясына жетип, 28- бөлүмдө Жакшы Кабар Римшаарында жарыя кылынган.Алгачкы жыйындын окутууларын элчилердин сөздөрүнөн жана насааттарынанбилсек болот. Алардын сөздөрүндө төмөнкү нерселер болгон:- Кудай пайгамбарларга берген убадаларын аткарды.- Ыйсанын кызматы, өлүмү жана тирилүүсү аркылуу Кудай куткарылуу берди.- Ыйса биздин Эгебиз жана Машаяк.- Ыйык Рухтун ишенгендерге түшүүсү Ыйсанын даңкынын жана бийлигининбелгиси. - Элчилер Ыйсанын кызматынын жана тирилүүсүнүн күбөлөрү.- Күнөөдөн бурулуп, ниетин өзгөрткөндөрдү Кудай кечирет жана алар Ыйык Рухтубелекке алышат.Алгачкы ишенүүчүлөрдүн жашоосу да Элчилердин иштери китебинде чагылдырылган. Алардын жашоолору табынуу жана бири-бири менен бөлүшкөн жашоо катарыкөрсөтүлгөн. Жүйүт жана бутпарас ишенүүчүлөр чогуу ичип-жешкен жана чогууКудайга табынышкан. Жүйүт дин жетекчилери тыюу салгандыктан, адатта, жүйүттөрменен бутпарастар бири-бири менен байланышкан эмес.Ыйса жөнүндө айтышкандыктан, Элчилердин иштери китебинде элчилер жана Ыйсанын жолдоочулары каршылыктарга кабылышкан. Алар кайра-кайра камалып,соттолушуп, ал тургай, өлтүрүлгөн. Ошондой болсо да алар ишенимдери бекем бой-дон калган. Куугунтуктун натыйжасында алардын Жакшы Кабары дагы көптөргөжеткен да, жыйын өсүп бардык жерге тараган.
Каттын планы
а) Жакшы Кабар айтууга даярдануу 1:1-26
б) Ыйсанын акыркы осуяты жана убадасы1:1 –14
Иерусалимдеги күбөлүк2:1-8:3
Иудея жана Самариядагы күбөлүк8:4 – 12:25
Пабылдын кызматы 13:1-28:31
а) Биринчи миссионердик саякат 13:1-14:28
б) Иерусалимдеги конференция 15:1-35
в) Экинчи миссионердик саякат 15:36-18:22
г) Үчүнчү миссионердик саякат 18:23-21-16
д) Пабыл Иерусалимде, Кесарияда жана Римдеги түрмөдө 21:17-26:31
Комментарийлер
Ala-archa
18 Мар 2013 - 02:16