Jumabay-kgz Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 3 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Мен кыргызмын! (2 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 03 Октябрь 13
- Кароолор:
- 4 109
- Соңку аракети
10 Окт 2017 11:17
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 37 жашта
- Туулган күнү:
- Июнь 25, 1987
- Жынысы:
-
Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: «Чыңгыз Айтматов Кытайда»
Жазылган күн: 16 Дек 2016
Чыңгыз Айтматовдунжети мүчөл ашкан кезеңиндеги туулган күнү,КытайдаАйтматов таануучу доктурлар «сыргак китеп»илимий шернесине чогулган, Ч. Айтматовдунчыгармаларынын Кытайда которулушу, изилдениши жана Ч. Айтматовдун чыгармаларынын кытай адабиятынаболгон таасири боюнча жогору деңгээлдеги илимий шернелик талкуу үстүбүздөгүжылдын үчтүн айынын 12- күнү Улуу-Чат ооданы «сыргак китепте» өттү.
Шернеге Кытаймамлекетинин жер- жерлеринен Айтматовизилдөөсү боюнча эмгектенген жети доктор жана доктор аштылар, жергиликтүү Айтматов таануучу окумуштуулар катышты. Илимийшернеге атайын ат арытып келген докторлордун кыскача жагдайы жана бул жолку шернеде ортого салганойлорунан айта кетсек:
1. Шы Жиншию, Хыбыйунверситетинин профессору, доктор, доктор жетекчиси. «АйтматовКытайдА» аттуу илимий китепти, «Салыштырма адабият жана дүйнө адабияти»боюнча белдүү журналдарда 60 дан ашуун илимий эмгектери жарык көргөн. Аныничинде, Айтматов изилдөөсү боюнча ондогон макалаларыжарык көргөн.
Бул жолку шернеде, Айтматовдун чыгармаларынын Кытайда которулушу, изилдениши, Айтматовчыгармаларынын Кытай адабиятина болгон таасири боюнча караштарын ортого салды;дагы бир баса көрсөткөнү, Кытай борбордук өкүмөт башчысы ЛиКичаң 2016- жылы бештин айынын 2- күнү Кыргызстанга барганда Айтматовдунчыгармалары жөнүндө сөз кылганы Айтматовчыгармаларынын Кытайдагытаасиринин кандай орунда экенин түшүндүрөрүн айтты.
2. Макелек_ Өмүрбай уулу, ШУАР улуттар тил- жазуу кызматы комитетининбашкы адис редактору, филологияилимдеринин доктору. «тил жана котормо» журналынын жооптуу редактору.
Айтматовизилдөөсү боюнча Кытайдо биринчи жолу «Алпизинен» аттуу (Кытай адабият сынчыларынын) макалалар жыйнагын кыргыз тилинекоторуп, түзүп басмадан чыгарган(1988- жылы).Андан кийин, «Манасжана Айтматов» сыяктуу Айтматовизилдөөсү боюнча ондогон илимий макалаларды, «Айтматовду тогуз жолу зыярат»аттуу эстеме жазган.Бул жолку «АйтматовКытайда»аттуу шерненин уюштуруучусу.
Бул жолку шернеде, Айтматов изилдөөсүн Кытайда дагы бир жогору белесте изилдөөнүншарты бышып жетилгендиги, Айтматовдун чыгармаларынын Кытай жазуучуларынатийгизген таасири боюнча, ал таасирге учураган чыгармаларды жыйноо, авторлору менен байланыш түзүү сыяктууэмгектерди колго алуу, «АйтматовКытайда энцкилопедиялык сөздүк» түзүү, «КытайдаАйтматов изилдөө макалалар жыйнагын»түзүү боюнча демилгесин ортого салды;
3. ЖуЖ иңйү, Шаңхайтоңжи унверситети филология иниститутунун профессору, доктор, доктор жетекчиси,тоңжи унверситети филология иниститути жана салыштырма адабият изилдөө ордунунорун басар башчысы, Шаңхай шаарлыксалыштырма адабият изилдөө коомунун орун басар катчысы. Он чакты илимийэмгектин автору, Айтматов изилдөөсү боюнча, «Ваң Мыңжана Айтматов» сыяктуу макалалары жарыяланган.
Бул жолкушернеде, бүгүнкү Кытай адабиятындагы жазуучуларга Айтматов чыгармаларынынтаасири, так мисал менен, Кытай адабиятынын алп жазуучуларынын бири Ваң Мыңдынчыгармаларындагы Айтматовдун таасири боюнча кенен сөз кылды.
4.Токтоканысмайыл кызы,ШУАР кадирлар мектеби философияокутуу- изилдөө орду мудурунун көмөкчүсү, дотцент,философияилимдеринин доктору. «Манасфилософиясы боюнча Кытай мамлекеттик изилдөө түрүнаяктаган. «Манасжана Айтматов чыгармаларындагыфилософиялык идиелар»боюнча эмгектенип жатат.
Бул жолку шернеде, кыргыз улутунун жөрөлгөлүүфилософиясы менен «Манас»жана Айтматов чыгармаларындагы философиялыкидиелардынбайланыштары боюнча кенен сөз таштап, Айтматов чыгармаларынын идиасынинкайнары «Манас» эпосунан келген деген карашынортого салып, шерне катышуучуларына жаңылык ой таштады;
5.Ли шө,Харбин гуманитардыкиниститутунун профессору, доктору, иниституттун орунбасар башчысы, Харбиншаарлык өзгөчө салымы бар жаш илимпоз. «Айтматов жана Кытай бүгүнкү доорадабияты» аттуу көлөмдүү эмгектин автору. Азыркы заман кытай адабиятын изилдөөбоюнча 30дан ашуун макалалар жарыялаган.
Бул жолку шернеде, Айтматовдунчыгармаларынын Кытай жазуучуларына болгон таасири: биринчиден, жазуучулардынөздөрү таасирине ээ болдук деп ачык ынанып айткандар; Экинчиси, адабиятсынчылары салыштырып изилдөө аркылуу Айтматов чыгармаларынын таасири мененжазылган чыгармалар деп салыштыра изилдеп тапкан чыгармалар деген карашынортого салып, Айтматовдун чыгармалары Кытай адабиятына таасир кылган жагдай экитүрдүү экенин бөлө көрсөттү;
6.Жаң Хайян,Кашкар Унвериститети гуманитардык иниститутунун доценти,магистир аспырант жетекчиси. «Шинжаң уйгур бүгүнкү доор адабияты жана Айтматов»,«Айтматов жана жаңы доордогужан саны аз улуттардын адабияты» деген сыяктууондогон макалалары жарыяланган.
Бул жолку шернеде, Кытайдагыбүгүнүкү доор уйгур адабияты, казакадабияты жана кыргыз адабиятына Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын таасирибоюнча кеп салды. Мисали катары, Айтматов чыгармалары сыяктуу бүгүнкү дооруйгур адабиятында, биринчиден, экология жагындагы аңгемелер көрүнүктүү болобаштаганы, экинчиден, уйгур адабиятында аңыз, уламышты ширетүү ыкымы өтө басымжасай баштаганын ортого салды;
7.Жаң Шумиң, Хыбий мугалимдик Унвериститети чет эл тил иниститутунунпрофессору, салыштырма адабият жана дүйнө адабияти боюнча доктор. Он нечеилимий китептин автору.
Бул жолку шернеде, Айтматов ушулзамандын жана жөрөлгөлүүлүк, улуттук, дүйнөлүк маданияттардыөздөштүргөн, бирөөменен бирөөн толуктаган чыгармачылык ыкмасын жараткан жазуучу экенин көптөгөнмисалдар менен көрсөтүп айтты.
Аталган илимий шернеге КытайдагыАйтматовтаануучуларды чоугултуунун ажатынан кеп салсак, алдынкы кылымдын 60- жылдарынанбаштап Кытай адабият салаасына котормо аркылуу кирген Айтматовдун чыгармаларыбүт дээрлик кытай тилине, дагы көп бөлүгү Кытайдагы уйгур, моңгул, казак,кыргыз тилдерине которулуп, басмалардан жарык көрүп таратылганына жарым кылымөтүп, Айтматовдун чыгармаларын изилдөө жумушу Кытайда жогору белеске көтөрүлүп,докторлук, аалым шакирттик жактоо макалаларынан тартып, арналуу изилдөөгөалынган илимий макалалар, арналуу изилденген китептерди кошуп эсептегенде, 300дөн ашуун макала (эки монография) басмалардан жарык көрүп болгон, алчыгармалары Кытай адабиятына таасир көрсөтүүнүн башы көрүнүп калган ушул күндөуюштуруу ажат болду.
Аталган шерненин эң башкы максаты − Ч.Айтматовду изилдөөнүн белесин көтөрүү. Ал мындан мурда Айтматовдунчыгармаларынын Кытайда которулушу, басмадан чыгуусу жана Айтматовдунчыгармаларынын өзгөчөлүгүн изилдеп тааныштыруу болгон болсо, эми мындан ары Айтматовчыгармалары кытай адабиятына кандай таасирин көрсөттү? кара тил менен айтканда,үрөөн себилген экен, андан кандай нерсе өнүп чыкты? ооба, Айтматовчыгармаларынын кытай адабиятына болгон таасири кандай деңгээлде? деген ой мененизилдөөгө көтөргөндө, анан Айтматовдун дүйнөлөшүүсү, жеке адам эмес, рухийадамга айлануусу ылдамдайт деген белеске көтөрүүнү көздөөдө. Ушул күндө, Айтматовчыгармалары кытай адабиятына өз таасирин көрсөткөнү боюнча бышкан изилдөөлөрдүнтаасын көрүлүп жатканы, кайсы чыгарма Айтматов чыгармаларынын таасири мененжаралганы, кайсыл автор Айтматовду туурап чыгарма жаратканын көрсөтө айтканда,ошондо анан, Айтматовдун чыныгы наркы, адамзатка жугуму көрсөтүлөт. Ушул жолкушернеге чогулган докторлордун бир максаты ушул болсо, дагы бир максаты, Айтматовчыгармаларынизилдөөнү кыргыздын маданияты, философиясы жана «Манас» чоң жомогу мененайкалыштырып изилдгенде, Айтматов чыгармаларынын башатын өз тамырына байлапизилдөөнүн маңызы чоң болору, ошондо анан, Айтматов изилдөөсү дагы бир бийикбелеске каргыйт дегенге ишенгендер болду. «Чыңгыз кыргызды дүйнөгө таанытты»деген айтымга төп келгени, Чыңгыздын чыгармаларындагы кыргыздын маданияты,жашоосу, ой- кыялы Чыңгыз чыгармалары менен дүйнөгө жайылды деп түшүнгөндөгана, Айтматов изилдөөсү дагы бир демжий жогору көтөрүлгөн болот. Айтмак, мурда«Айтматов чыгармалары нече жүздөгөн тилдерге которулду» деген менен мактаныпкелсек, эми ал чыгармалары которулган тилдердин адабияттарына таасир көрсөткөн,адамзаттын көркөм оюна таасир эткен Айтматов болду деген бийиктик мененсыймыктанар мезгили келип жеткенин ушул шернеде жарыялоо болду десек болот(аттың, дүйнөдө кайсыл тилге которулган болсо, ошол тилдеги адабиятка кандайтаасир көрсөткөнүн чогулта алсак, Айтматов ааламдашканына күбө болор элек).Алып айтсак, кытай адабиятындагы Айтматовдун орду боюнча, ушул шернеде кененсөз болуп, шернеден сөз алган окумуштуулар (докторлор) кытай азыркы заманадабиятынын алпы (мурда, Кытай мамлекеттик маданият министири болгон) Ваң Мыңдынайтканын туура тартып сүйлөшкөнү өтө ынанымдуулукка тартып кетти. Алп жазуучу ВаңМың Айтматов чыгармалары боюнча мындай баа айткан: «Ваң Мың кытай жаңы заманадабиятына таасир эткен чет элдик өтө чоң төрт жазуучуну тизе сүйлөп (манжабасып көрсөтүп),кытай адабиятына, АйтматовХаймынгуай, Кафка, жана Карсия Маркестенда күчтүү таасир көрсөттү» деген. Бул сөз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын кытайадабиятындагы ордуна басылган мөөрдөй көрүнөт.
Бул жолку «сыргак китеп» докторлоршернесинде, шерненин майнабы катары Чыңгыз Айтматов изилдөөсүн улуулатуу үчүн,мындай үч иш-чара планы орундаштырылды: биринчиси, Айтматов чыгармаларынынтаасири боюнча жаралган кытай адабиятындагы чыгармалар менен авторлордуаныктоо, чогултуу, которууга уюштуруу; Бул жумушка арналуу топ уюштурулуп, бултоптун илимий жетекчи окумуштуусу Шаңхай тоңжи унверситети филологияиниститутунун профессору, доктор, доктор жетекчиси Жу Жиңйү, анын курамына Хыбийунверситетинин профессору, доктор, доктор жетекчиси Шы Жиншию, Харбин гуманитардыкиниститутунун профессору, доктору, иниституттун орунбасар башчысы Ли Шө сыяктууазыркы заман кытай адабиятынын белдүү сынчылары, адабиятчыларытартылды. Ушултоптун кыргызчалоо, жыйнактоо жумушчу тобунун топ башылык милдетин Шинжаң «Тилжана Котормо» журналынын жооптуу редактору, жаш изилдөөчү Токтогул Маметкабылуулу үстүнө алып, ал өз тобун куроо жумушун уюштурат; экинчи топ, Айтматовчыгармалары боюнча Кытайда изилденген эмгектерди (макалаларды) чогултуу, жыйнаккылып басмадан чыгаруу; бул топко илимий жетекчи окумуштуулук милдетин Хыбиймугалимдик унвериститети чет эл тил иниститутунун профессору, салыштырмаадабият жана дүйнө адабияти боюнча доктор Жаң Шумиң үстүнө алды. Ал макалаларжыйнагын кыргызча которуу жумушчулук тобунун топ башылык милдетин Айтматовтаануу илимине эрте кирген жаш изилдөөчү, ушул жолку шерне уюштуруунун катчысы МамбеттурганКурман уулу өз үстүнө алып, курамдык тобун уюштура турган болду; үчүнчү топ, «АйтматовКытайдаэнцкилопедиялык сөздүктү» түзүү тобу болуп, бул кытайча материалдар негизиндекыргызча түзүлө турган жумуш болгондуктан, жаш котормочулардан куралды. Топбашылыгына Кызылсуу кыргыз автоном областык 3- орто мектептин башчысы, «Сунзижоокерлик өнөрү» сыяктуу нече китепти которгон жаш котормочу Ырысбек Абдыкеримуулу коюлуп, бул топтун курамын өзү чакырып алып курай турган болду. Ал эми,ушул үч топ жумуштун илимий жетекчилик милдетин, уюштуруу кызматын филологияилимдеринин доктору, профессорМакелек Өмүрбай уулу өз үстүнө алды.
Соңунда, «АйтматовКытайда» аттууилимий шерненин Улуу-Чат ооданындагы «сыргак китепте» уюштурулушун чечип айтакетпесек болбос. КытайдаАйтматов изилдөөнүн белдүүлөрү, чоң окумуштуулары Кытайдынички жогору окуу жайларында болгондуктан, кыргыз турмушун, болуп да ЧыңгызАйтматов жашаган, көргөн маданият менен тааныштыгы жок. Кадиресе, алар Айтматовдукагаз аркылуу билгени, сүрөтүн гана көргөнү болбосо, Айтматовду датааныбайт. Бул жолу Улуу-Чатта кыргыз арасына аларды чакырып келип, кыргызмаданиятs менен учкай болсо да тааныштырып, тамак- аш маданиятs, жашоо маданиятsменен учкай тааныштырууну көздөө, алардын Айтматов изилдөөсүн тереңдетүүнүмаксат кылды.Айтматов таануучу докторлор «сыргак китепке» чогултулган кыргыздынбасма сөз маданияты, анын ичине коюлган кыргыз этногирафиялык буюмдар, «Манас»китептери, манасчылардын сүрөттөрү сыяктуу маалыматтар менен таанышууга жетишеалды. Ал тургай, ушул жолу илимий шернеге келген окумуштуулар кыргыздын үйүнүнтөрүнө малдаш курунуп олтуруп илимий көз караштарын ортого салды.Үстүлөрүнөжапкан кыргыз аялдарынын чапаны, башына кийгизген шөкүлөсү менен олтуруп илимийкараштарын ортого салганы кыргызча олтуруп, кыргыз кыялын ойлогонгожетиштирди. Кыргыздын ырын, бийин түнкү алоонун, айдыңдын жарыгында угуп, көрөалышты. Кыргыздын өспүрүмдөрү аткарган Чыңгыз Айтматовдун улуу сөздөрүн,чыгармаларынан үзүндүлөрдү кыргызча, ханзуча, ангилисче, уйгурчатөрт тилде угаалышты.Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын көрсөткөн тасмалардан Айтматовдун өзүнкөргөндөй болушту.Шернеге олтурган докторлор, Айтматовдун чыгармаларынын башатмаданиятын, болуп да «Манастын»Айтматовго башат болгонун ушул жолусезиништи. Манастын аккуласынан Чыңгыздын гүлсараты жаралганын таң калуу мененайтышты (мурда «Манас» жөнүндө маалыматтары жок экен).Чыңгызды чыныгы изилдөөүчүн «Манасты» окубаса болбостугун айтышты.Ал тургай, «Манастын» китебин дарооиздөөгө шашылганын билдиришти. Кадиресе алдынкылары (Шы Жиншию профессор) Айтматодуизилдөөнү тереңдетүү максатында «манасты» окууну баштап жибергенин айтты.
Докторлордун булжолку шернеде бирдиктүү карашы, кыргыз маданиайты, салт санаасы, «Манас», Айтматов бир тулку, улуттун туташруху экенин, аны туташтырып изилдегенде, анан ушул улутту толук таанып, анынадамзат маданиятына кошкон салымын ооз толтура айтуугаболот экен деп карашты.
Шерне 13- декабърбайып, докторлор Улуу-Чатооданындагы Манас айкели, Манасордосу, Манас аккула, сыркаралардын шаңга коюлган өтөчоң айкелин, оодандын ажайыпканасын, оодан ичине чачып коюлган «утуш» маанинитуюнткан ноён эңкелери көрүп, убакыт талаша сүрөткө түшүшүп, сонуркашып, Айтматовдунулуту кандай экенин тунгуч жолу өз көздөрү менен көрүшүп, тароо сапарынааттанышты.
Макелек Өмүрбай уулу
[attachment=156088: 683989653757949404.jpg][attachment=156084: 584634511165392361.jpg][attachment=156086:331761701161635423.jpg]
Достору
Jumabay-kgz Досторду кошо элек
Комментарийлер
Jumabay-kgz
16 Дек 2016 - 03:07