Merry-RFDV
- Кыймылы жок
- 156 (0,04 )
- Адабият жана поэзия (82 )
- 12 Июнь 15
- 17 249
29 Янв 2020 20:08
- Карапайым
- 33
- 7, 1992
- Жынысы:
-
-
Барктай жүр...
20 Мар 2016
Акыркы конгуроо кагылып, конгуроонун унуно кошулуп жаш улан-кыздардын каткырыгы шынгырап мектептин алдында чон майрам болуп жатты. Мугалимдер бутуруучу класстын окуучуларына жакшы тилектерин айтышып, каалоолор микрофондо жанырып турду... Кечинде райондук кафелердин биринде бутуруучулордун жана мугалимдердин урматына майрамдык кече уюштурулду. Каны суюк жаш жигиттер классташ кыздарына коз арткан башка айылдын жигиттери келгенин угушуп сыртка чыгышып "эркекче" чечишип усту башы канжалап келип калышты. Ошентип шандуу майрамдык олтуруш ызы-чуу менен аяктап, чогулгандар аз-аздан уйлоруно тарай башташты. Майрамдык кечеге ата-энелер да чакырылган, алар оз уулдарын, кыздарын жетелеп кетишти... Нурайдын атасы менен огой апасы дагы ушул жерде эле. Ызы-чуунун башы келип айылдын эн келбеттуу, жылдыздуу, сулуу кызы Нурайга такалат. Кошуна айылдан Жыргал Нурайды 9-классынан бери сыртынан коз салып, журогундо багып келет. Бугун суйуктуусу мектепти ийгиликтуу аяктап жатканы менен куттуктамакчы болуп 2-3 досу менен келгени эле жигиттин. Ал эми Нурайдын классташ жигиттери кызганып, анын устуно ата-энелерден жашынып ачуу суудан серп этип алгандагы "эр журоктуктору" менен жигиттерди киргизбей калчылдашып келишкен болчу...
-ушул кызын кайда болсо чыр башы. Козун сузуп корунгон жигитти азгырганы азгырган... Качан болсо ушул кызындын айынан той-топо, майрамдар тынч отпойт! Мунун эми эртен шаарга окууга кетсе даана бузулуп келет! деп озунчо эле албууттанган Зейнеп артында башын шылкыйтып келе жаткан куйоосуно наалып баратты. Нурай болсо кадамын тездетип алардан алдыга озуп бараткан. Огой энесинин создорун так угуп баратса дагы тилин тиштеп, озунун тээ бала кезинде козу отуп кеткен апасынын элесин сагынып, ойлуу баратты.
Нурай 3-класста окуп жургон. Мектептен келе жатып уйунун алдында чогулган элди коруп, балалык журогу бир башкача "болк" эткен. Чуркап баратып жыгылып, чан болгон кийимине карабастан, тизеси канап ак колготкисинен каны чыгып сыздатып оорутканына карабастан ыйлап чуркап уйуно жеткенче шашкан. Анын чан болуп, ыйлап келгенин коруп элдин баары зээни кейип коз жашы кылышкан. Тээ кыргыз уйдун оозунда атасы кара чапан жамынып башын шылкыйта окуруп олтурат. Кыргыз уйдун ичинен тай энесинин журокту зыркыраткан кошогу жанырып турат... Нурайдын балалык журогу ошондо дуйнодо оор жоготуу болгонун сезген. Жашоосундагы эн асыл адамынан айрылганын тушунгон. Тордогу кара рамкага салынган апасынын жылмая тушкон суроту кызын аянычтуу карап мелтиреп турган эле...
Апасынын жылдыгы откончо Нурайдын таэжелери келип каралашып, кир-кокторун жууп, тазалап, тамак жасап берип журушту. Коншулары нанын жаап беришет. Нурай озу тын кыз эле, уйлорун шыпырып колунан келишинче тырмаландап мектептен келип жаны тынбайт. Апасынын жоктугуна коно албай кыйла ыйлап-сыктап жургону менен кор тиргилик ото берди. Атасы короо-жайын карап, малдан колу бошобойт. Иштери бутсо деле короо тарапта бир нерселерди чукулап журо берет. Качан гана Нурайдын 'атооув! Чай даяр' деп чакыганын укканда кадамын суз шилтей, ойлуу, усту-башын кагынып уйго келет... Нурайдын апасынын жылдыгынан кийин тууган-урук чогулушуп, Насырды ортого алышып уйломокчу болушту. Эки куйоого чыгып, согончогу канабаган Зейнепти табышты. Салт-санаа менен уйго алып келишти. Адеп келгенде Нурай аны алыс тууган деп ойлоп, убактылуу журот го деп умуттонду. Бирок кайдан, башында жасалма жылмайган жузу серт неме кетпей койбодубу. Башында кыздын узун кундуз чачын укмуш оруп берип, кийимин таза караган "апасы" бара-бара заар жылаанга айланып баратты. Каргап-шилегени кобойду. Насырдын козунчо Нурайга жакшы суйлогон Зейнеп кийин анысын да озгортту. Атасын кызына кошуп каргап-шилеп, ажаандыгын арттырды да калды... Андан бери канча жыл отту, канча суулар акты... Нурай менен Насыр Зейнептин уу тилине конуп деле калышкан. Баштарын шылкыйтып, тилдерин тиштенип гана тим болушат... Зейнеп уй-жайга тын, ото таза аял, баарын чукулап, тазалап жаркыратып турат. Кошуна-колонго да катышы жакшы. Тууган-урук менен да мамилеси бекем. Эн эле чон айыбы торобойт анан ажаан... Тили заар... Болбосо Насырды Насыр кылган ушул аял болду. Келгенден малын кобойтуп, тиргилигин кыйла тынытып салбадыбы... Ошого да Насыр "жым" дебей баарына чыдайт. Соз кайтарып же кол которбойт...

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
Merry-RFDV