Баткенде ажайып кооз Айгүл гүлү гүлдөдүЖүктөлгөн: 16-04-2018
00:58
8,52 Мб
Автор : Айпери Ганыжан кызы
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу
Баткен облусунда айгүл гүлү гүлдөп, аны көргөнү келгендердин саны көбөйдү. Айгүл гүлү жаз мезгилинин апрель айынын башында гүл ача баштайт.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "SUPER.KG ВИДЕО" бөлүмүнө кирди:
|
2004-жылы Баткен облусунун администрациясы тарабынан 300 гектар жер «Айгүл коругуна» бөлүнүп берилген. Ал жерде азыр гүл корулуп, көбөйтүлүүдө.
Айгүл гүлүнүн илимий аталышы – Эдуарддын чаар гүлү. Эртең менен гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларын байкоого болот. Жергиликтүү эл муну сүйүшүп, бирок тилектерине жетпей калган эки жаштын көз жашы дешет.
Баткенден тышкары Иран, Ирак, Гималайда (Кашмир, Жамму), Түркиянын түштүк-чыгышында, Ооганстанда өсөт.
Ай тийиптир эми эле аркы зоого.
Ай алдында шамалга ыргалышат,
Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло.
Айгүл гүлү өзүңдөй ачылыптыр,
Ар бир сабы мончоктой гүлгө толо.
Ааламдагы гүлдөрдүн ханышасы,
Арнагым бар өзүңө ырга кошо.
Мээрим чачкан асманда жылдыз толо.
Жоодураган көздөрүң гүлдөй жайнайт,
Менин колум белиңе оролгондо.
Биз өткөргөн кадыр түн Айгүл тоодо,
Биринчи эмес миң ирет дагы болсо.
Берер элем өмүрдү өзүң үчүн,
Айгүлүмдөй тунугум керек болсо.