Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов мезгилсиз дүйнө салдыЖүктөлгөн: 08-10-2018
01:13
101,11 Мб
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Руслан Алыбаев
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 59 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Ал онкологиялык оору менен жабыркап, бир канча жолу Түркиядан операция жасатып келген. Маркум 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Андан соң өлкөдөгү бир катар маалымат каражаттарында эмгектенип, 2009-2010-жылдары президенттин катчылыгынын аналитикалык кызматынын жетекчилигине дайындалган. Андан кийин "Азаттык-Медиасынын" Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси, “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын, КТРКнын башкы директору кызматтарын аркалаган. Маркумдун артында 1 уул, 3 кызы жана жубайы калды.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "SUPER.KG ВИДЕО" бөлүмүнө кирди:
|
Жакшы адам эле..