super.kg logo



Айпери Кулбаева "Жанымда дагы бир аз отуруңуз"

Жүктөлгөн: 09-04-2015
Көчүрүү
04:01
5,5 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 3.90/5
Комментарийлер(2)
09.04.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ыр.
3-чу куплетин ырдабай калдыбы?
ырдын аягы аралашып кеттиби?
же мен .........))))
20.09.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххххх)))Уккандан тажабайм Айперинин ырларын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Айпери Кулбаева
"Жанымда дагы бир аз отуруңуз"

Сөзү : Абдирашит Урбаевдики
Обону : Эгемберди Талиповдуку
Бир көрүп ашык болдум, ичим тыз-тыз,
Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз,
Тиктеңиз жылуу экен көздөрүңүз.
Арбалып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз.
Жайдары көздөрүңүз,
Жагымдуу сөздөрүңүз,
Арбалып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз.

Суранам кетпесеңиз, ичим тыз-тыз,
Жактыңыз махабаттын отун укмуш.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Суранам дагы бир аз отуруңуз.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;