|
Сөзү : Элиана Жамгырчиева
Обону : Эрлан Андашев
Аранжировка, звукозапись: Алтынбек Сооров
Башкага ыраа көрбөймун мендеги жазык,
Бактылуу кылгым келет сени таарынчың жазып.
Ар дайым кубат берип жанымда жүрсөң,
Арнайын аппак , таза ,мен сүйүүмдү назик.
Кайрыма:
Таарынчагым , таарынбачы,
Таарынганда айтчы не табасың.
Экөөбүздү табыштырган,
Тагдырыма боломун мен ыраазы.
Ээрчишип эгиз жандай бирге бололу,
Экөөбүз үчүн улансын сүйүү жомогу.
Жаркырап мээрим төгүп жанымда болчу,
Жетебиз максаттарга биз жеңилбей чогуу.
Сөзү : Гүлсайра Момунова
Обону : Жазгүл Жумаканова
Биздин кыз биздин кандай кыз
Жагылган жарык шамдай кыз
Таалими кучтуу башынан да
Адеби артык балдай кыз
Кызыбыз биздин айдай кыз.
Мунозу жагым майдай кыз
Буткондой кундун нурунан да
Конулу аткан тандай кыз
Келечегин жаркырап
Кенен болсун ай кызым
Тилегинди кудайым
Берген болсун ай кызым
Биздин кыз биздин таттуу кыз
Акылы менен барктуу кыз
Энесин тарткан эстуу кыз да
Атасын тарткан нарктуу кыз
Кызыбыз биздин эстуу кыз
Тупку атасы тектуу кыз
Ата эне андан аянбайт да
Болушунча септуу кыз
Кайнененди кадырлап
Жандай коргун ай кызым
Кайнатанды кастарлап
Хандай коргун ай кызым
Биздин кыз биздин жакшы кыз
Жактырабыз жалпыбыз
Жабыркатпай кудагый да
Жакшы бир кутуп алыныз
Кызыбыз биздин асыл кыз
Баа беребиз баарыбыз
Алтындай кызга жоолуккан да
Артык бир экен багыныз
Ак жоолугун башындан
тушпос болсун ай кызым
Турмуштагы кубанчын
бутпос болсун ай кызым
Кармашкан бир колунар
бекем болсун ай кызым
Каалаганын жолунда
Белен болсун ай кызым
бактылуу бол ай кызым
Сөзү : Азамат Такырбашов, Бегиштики
Обону : Азамат Такырбашовдуку
Сөзү : Сыймык Бейшекеевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Сөзү : Н.Алымовдуку
Обону : С.Бактыгуловдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Жүрөк толкуган укканда Манасын,
Көңүл дартына таппаган дабасың.
Даңктап бүтпөгөн үн салып булбулдар,
Баары биригип салса да авазын.
Кайырма:
Ала-Тоого Алтайдан улуу жол улаган,
Кыйың кезеңдин баарына чыдаган,
Кырк уруудан бир журтту кураган,
Алга умтулган.
Чагылган болуп касташкан душманга,
Кааласа учуп, айланган шумкарга.
Кааласа сызып айланган тулпарга.
Кыргызым менин кыйыр кезгениң,
Кылымды басып терең кеткениң.
Аталардан калган Мекеним.
Жарык нур болуп, ыр болуп дастаның,
Ырыс-ынтымак бардыгын сактадың.
Гүлдөп өлкөнүн ар жери өркүндөп,
Дайым ачылып турса дейм асманың.
Сөзү : Самаган Абдукадыровдуку
Обону : Мурадил Данияровдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Оңой эмес жол басып,
Отурасың ой басып.
Билдим апа, чоң бакыт,
Сенин барың.
Мен деп канча ыйладың,
Жүрөгүңдү кыйнадым,
Бирок апа, сиз бар деп,
Мен сынбадым.
Ыйлап турсам канатына жашырган,
Жашым сүртүп акырын.
Күлүп койсом күндөй болуп ачылган,
Эки дүйнө бакытым.
Кайырма:
Кең дүйнөнү ачып тааныткан,
Айсыз түндө болуп жарык шам.
Караанымды күткөн алыстан,
Менин асыл апакем.
Өмүр бою болуп убара,
Өмүр жолуң келет улана,
Өзүнөн да артык кубана,
Жүргөн асыл апакем.
Тынч албастан мүнөткө,
Турмуш деген күрөштө.
Колдогонуң апаке,
Чын жүрөктө.
Бакыт көлү жаныңда,
Эркелеткен азыр да.
Бейиш төрү апаке,
Таманыңда.
Ыйлап турсам канатына жашырган,
Жашым сүртүп акырын.
Күлүп койсом күндөй болуп ачылган,
Эки дүйнө бакытым.
Сөзү : Т. Салиевдики
Обону : А. Акимовдуку
Убакыт учуп барат бизден алыс жайга,
Билбейм азыр ал мезгил кайда,
Кутуп калабыз таппай айла.
Неге күлүп турган күндөр өмүр жазда,
Кайрылып бизге келбейт кайра,
Өткөндү сагынабыз танда
Өткөндү сагынабыз эртең кайра издейбиз,
Келбесин билип кол шилтейбиз
Убакыт өтпөй турса дейбиз.
Азыр келечектин анык кезеги биз,
Амандык болсо эртенибиз
Келгенде баркын билели биз
Кайырма:
Ай убакыт барасың уланып,
Сагынам өмүрдүн
Жолунда баратып.
Ай убакыт өтөсүң туталанып,
Сагынам тагдырдын,
Төрүндө баратып
Сөзү : Максат Жангазиевдики
Обону : Март Бабаяндыкы
Сөзү : Жолболду Алыбаевдики
Обону : Жолболду Алыбаевдики
Сөзү : Сулайман Рысбаевдики
Обону : Сулайман Рысбаевдики
Махабат келди бизге
Бакыттын кушундай
Качырбай боосун бекем
Кармайлы учурбай
Ак сүйүү гүлүн ачты
Таалайдын гүлүндөй
Багалы соолубасын
Бариги күбүлбөй
Кайырма:
Барчылык күндө дагы
Тарчылык түндө дагы
Ачта да, токто дагы
Барда да, жокто дагы
Жүрөлү ушундай
Бактыбыз бузулбай
Тартуулап күндө дагы
Шаттуусун көңүлдүн
Арнайлы ар бир таңда
Таттуусун өмүрдүн
Жазылбай бекем болсун
Кармашкан колубуз
Эртенге жол баштайлы
Бир болуп оюбуз
Кайырма:
Ысыкта суукта дагы
Алыста жуукта дагы
Сен болуп бир мен үчүн
Мен болуп бир сен үчүн
Бололу ушундай
Бактыбыз бузулбай
Отуна ак сүйүүнүн
Жылытып көңүлдү
Өчүрбөй тутанталы
Үшүтпөй өмүрдү
Эч качан бүркөлбөсүн
Айыбыз, күнүбүз
Түгөйлүү аккуулардай
Бүтпөсүн бийибиз
Кайырма:
Күлсөк да, кайгырсак да
Турсак да, тайгылсак да
Жаш курак алмашса да
Чач бубак кар басса да
Жүрөлү ушундай
Бактыбыз бузулбай.
Сөзү : А. Абылкасымовдуку
Обону : Сагынычтыкы
Мен деп карадыңбы?
Мени самадыңбы айт,
Мендеги сезимди сен дагы сездиңби айт иий иий ий.
Кайырма:
Ашыгым ай ачыгын айт
Жашырбай айт жашыдым ай
Жүзүңдөн көрдүм го
Жүрөсүң мени ойлоп ай ий ий
Күлүп караганың үмүттүн шамыбы айт?
Тартынбай мен дагы,
Гүлүмдү сунсамбы айт иий иий ий.
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Рамис Алиевдики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Рамис Алиевдики
Көзүңдү ирмеген, махабат из менен,
Күндөрүмдөн, түндөрүмөн, издегем
Жолугуп жаным ай, жоготуп алдым ай
Кайрадан жанбаган жылдыздай
Айтпадын кабарын, мен кайдан табамын
Жалгызым ай, сагындым ай, жамалың
Припев:
Сагынам кайдасың?
Мен билбеген жайдасың
Сагынам кайдасың?
Колум жетпес жайдасын
Жылдыздар жанашып, өзүңсүз таң атып
Ал ансайын алыстадың адашып
Айлуу кеч түнүмдү, бир жүргөн күнүмдү
Ыйык сакта эч унутпа сүйүүмдү
Кези келсе анда, кезигербиз кайра
Менден жашын, сүйүүдөң сен жашынба.
Сөзү : Султан Садыралиевдики
Обону : Султан Садыралиевдики
|