|
Эркиндиктин чеги бар,
Эбин билсең ченеп ал.
Эркиндик деп калп айтып,
Бузукулук ою бар.
Жердин жүзүн бир түздөп,
Ээлеп алчу жери бар.
Эркиң бербес болсоң сен,
Согуш аччу жери бар.
Маңкурт болуп кыйралсаң,
Эркиндик деп макташат.
Улут болуп жоголсоң,
Аны баары каалашат.
Чет өлкөдөн угабыз:
“Эркин болбой калыпсыз”.
Күлмүңдөшүп күлүшөт,
Бизди жапайы көрүшөт.
Вери, вери, вери, гуд,
Жинди болбой бизди ук.
Мына сага акча деп,
Биздин ишти жакта деп,
Бизде баары жакшы деп,
Көздү карап алдашат.
Укмуш жашоо келет деп,
Калп айтышып макташат.
Вери, вери, вери, гуд,
Кулак салып, мени ук.
Биз жапайы эмеспиз,
Эркиндигиң керексиз.
Андай болсо төмөндө,
Эркин сүйлөп айтайын.
Ийне-жибин чечмелеп,
Мен кыргызча баштайын.
Эркиндик деп кыйкыртып,
Элдин оюн алдыңар.
Эркиндик деп бакыртып,
Кара жолго салдыңар.
Чачырады араба,
Ээн-эркин талаада.
Хандарыбыз кан кечип,
Тоноп качты сандалып.
Партиялар жайнады,
Жаргылчактан айдады.
Талкалады талкандай,
Бири-бирине чалкандай.
Парламент деп шайлашып,
Аралары жеп-жутар.
Жыйынтыгын ким көрдү,
Кимде жашоо өзгөрдү?
Мына ошол талаада,
Жыйырма жылдай жатабыз.
Эркиндиктин айынан,
Жоголгонго барабыз.
Үй-бүлөңдүн ичине,
Сойлоп кирди эркиндик.
Жаңжал салып, кас кылып,
Жайлап кирди эркиндик.
Аял менен эркекти,
Тирештирди эркиндик.
Күчтүү менен алсызды,
Тытыштырды эркиндик.
Гендер, гендер теңдиги,
Долуларың “Мен!” деди.
Эмансипе дедирди,
Үйдүн кутун кетирди.
Тоокканада тооктор,
Короз болом дегендей.
Короз болсо тукум тууп,
Жөжө бассын дегендей.
Балаң жүрөт соттошуп,
Укугуна жармашып.
Инисинин үйүнөн,
Теңин бөлүп алам деп.
Кызың жарым жылаңач,
Көзүң кантип уялбайт?!
Эркиндиктин айынан,
Өз атасы тыя албайт.
Эркиндикти үйүңө,
Кучак жайып киргиздиң.
Карылардын үйүндө,
Жашап калсаң түңүлбө.
“Көгүштөрдү” көбөйтүп,
Укуктарын коргошуп.
Эки эркек сүйдү деп,
Үйлөндүрүп коюшуп.
Эркин жүргөн айбандар,
Мындай кылбайт эч качан.
Акылы жок макулук,
Бийик болду адамдан.
Эркиндиктин артынан,
Ыймансыздык жашынган.
Шайтан кейпин кийишип,
Эки жүздү жамынган.
Мына сага эркиндик,
Жаман ишти ак деген.
Мына сага эркиндик,
Арамдарды кайф деген.
Үйрөтчүлөр силерби,
Эркиндикти кыргызга?
Кылымдарды карыткан,
Ташка жазган кыргызга.
Кыргыз болсо чечмелейт,
Эрк адамдын ичинде.
Пейилинде, дилинде,
Мээнет кылган дининде.
Себеби бул эркиндик,
Адам менен жаралат.
Энең менен тогуз ай,
Кан-жаныңа таралат.
Демек, бардык пендени,
Эркин кылып жараткан.
Себеп бардык пендени,
Тегиз сүйөт Жараткан.
Эркин коюп адамды,
Тегиз баарын сынайбы?
Оң бутуң бар, солуң бар,
Эки жакка жолуң бар.
Оролгондо кепинге,
Бул дүйнөдөн кеткенде,
Кайгырганың көп болот,
Жалынганың кеч болот.
Укпадым деп айтпагын,
Айтпадым деп айтпагын.
Саждага сал боюңду,
Тандап алгын жолуңду.
Ак - ишиңде адал иш,
Кара болсо - арам иш.
Айырмасын билгенде,
Мына ошол эркиндик.
Бир Алладан кепилдик,
Эркиндигиң диниңде.
Башка жактан издебе,
Жүрөгүңдүн ичинде.
Сага жаккан эркиндик,
Мага жаккан эркиндик.
Адамзатка эркиндик,
Бүт ааламга эркиндик.
Эркиндик, эркиндик, эркиндик...
Сөзү : Дархан Эшеналиевдики
Обону : Дархан Эшеналиевдики
Кайырма:
Бум дагарага,жүлүнүңдү жулкуп
Ким капа кылса, баарын кечип унутуп
Мен бара-бара, жүлүнүңдү жулкуп
Сөз менен кытыгылап,үн дүрбөтүп
Эс алам деп кыялданып
Обонумду койсоң
Андан көрө жездекеңдин
Кулагынан чойсоң
Бул добуштар жан дүйнөңө
Кирип алып калчайт
Тамшантып бир калыпта
Калыптанып тымбайт
Ыргагыма башың менен
Жай-жай калча
Бутуң менен дал келтирип
Обонумду тапта
Бул ырымды көп укпагын
Сага деги жетишет
Калчылдаган абалыңда
Ала качып кетет
Кайырма:
Ии кандай экен музыка
Даң-даң, дуң деп
Кара жорго бийлебесең
Тыңдап тургун ийкеп
Убакыттан пайдаланып
Үйрөтөйүн деп чечтим
Ачуу сөздү айтчу болсом
Алдын ала кечиргин
Эмне мынча көп чегесиң
Түнү чардап ичесиң
Жашоо деген кыска нерсе
Эртең эле кетесиң
Мас болгондо эмне кызык
Кимге жагат кебетең
Терең-терең ойлон досум
Сен алданып жүрөсүң
Кайырма:
Мейли анда тажатпайын
Эмне кылсаң ошо кыл
Жаман нерсе каалабаймын
Өз жашооңду өзүң кур
Бийкечтерден чоң саламды
Түз басканга узатам
Кыргыз кыздар намыстуу деп
Аз болсо да мактанам
Азгырылба кир нерсеге
Уят кылбай бекем тур
Түз узасаң тез жетесиң
Бул сөздөрдү эстей жүр
Ассаляму уа алейкум
Өзгөчө бир чоң салам
Хиджаб кийген карындашка
Ыйманыңа суктанам
Кайырма:
Оңдон солго, солдон оңго
Даңкылдаган добулбас
Жеңилирээк ыр жазганга
Күйөрманым таарынбас
Баары бирдей сүйлөшкөнсүп
Ырларымды коюшпайт
Бирөө айтат Кудай дедиң
Бирөө айтат саясат
Элге жазган ырларыма
Тыюу салды "не формат"
Инш Алла баарын жеңебиз
Баратабыз көбөйүп
Болду эми токтотоюн
Даңкылдактын чеги бар
Жагып калса сага белек
Каалаганча угуп ал
Сөзү : Улан Сатыбалдиевдики
Обону : Улан Сатыбалдиевдики
Кечир мени, башка сөз айта албаймын.
Кечир мени, жаныңа бара албаймын,
Бара албаймын, бара албаймын,
Бара албаймын...
Кайырма:
Сүйбөймүн мен сени, кечир мени,
Сүйөмүн башканы билгин эми.
Сен деген сезимим өчкөн эле,
Кечир мени, кечир мени, кечир мени.
Ыйлабачы көздөрүң жашка толуп,
Калгам сенден эчак мен башка болуп,
Башка болуп, башка болуп,
Башка болуп...
Кайырма:
Жарык жарып көлдүн жээгин,
Ыйык көлүм, кетирбегин.
Нур толтуруп суунун жээгин,
Топ булутту келтирбегин.
Чалкайсынчы төрүң,
Эс алдыргын, кейитпегин.
Чайпалсынчы көлүң,
Жай майрамдан кетирбегин.
Кайырма:
Көл кайнап,
Көк чапанын жамынып.
Шарпылдап,
Жээкке толкун чабылып.
Бир сүрдөп,
Асман жарып чагылган.
Жай гүлдөп,
Ыйык көлүм чакырган.
Көк көзүм сени карап,
Кучагыңа жайылды.
Ээ-эй, жаным көлүм,
Сени жүрөк сагынды.
Ак кеме көлдө сүзүп,
Жалдырата каратты.
Ак чардак тентектенип,
Жайып жүрөт канатты.
Көз салып күтүп жүрөт,
Секирет деп балыкты.
Ээ, кандай сонун,
Тосуп алат табият.
Таптаза болсо,
Кучак жайып кубанат.
Ээ, досум, айтып кетем,
Өз жериңди сыйласаң.
Жердеги таштандыга,
Жаның күйүп ыйласаң.
Сактайлы көлүбүздү,
Бабалардан калганы,
Өз жерибизге,
Кайдигерлик кылбайлы.
Кайырма:
Телегейиң тегизби?
Айкөлдүгүң негизби?
Кылымдарды карыткан,
Сен баатырсың, негизи.
Сенин ханың Манас хан,
Кыргыз үчүн кармашкан.
Каркыра жайлоо ээлеген,
Элге керек жер деген.
Ыйык көлдү көлүм деп,
Кас душманга бербеген.
Кыргызга деп мөңгүнү,
Өз мекенин бектеген.
Тоолуу жердин ортосу,
Ыйык көлдүн ордосу.
Чындап эле ыйык көл,
Болгон экен мурда чөл.
Чөл үстүндө бир шаарды,
Каптап алган ыйык көл.
Ыркы кеткен бир калкты,
Жазалаган ыйык көл.
Ала-Тоо, тоолор курчаган,
Бабаларың тандаган.
Ушул жериң сеники,
Мен кыргызмын, меники!
Вместо тепла - зелень стекла,
Вместо огня - дым,
Из сетки календаря выхвачен день.
Красное солнце сгорает дотла,
День догорает с ним,
На пылающий город падает тень.
Кайырма:
"Перемен!" - требуют наши сердца.
"Перемен!" - требуют наши глаза.
В нашем смехе и в наших слезах,
И в пульсации вен:
"Перемен! Мы ждем перемен!"
Электрический свет продолжает наш день,
И коробка от спичек пуста,
Но на кухне синим цветком горит газ.
Сигареты в руках, чай на столе - эта схема проста,
И больше нет ничего, все находится в нас.
Кайырма:
Мы не можем похвастаться мудростью глаз
И умелыми жестами рук,
Нам не нужно все это, чтобы друг друга понять.
Сигареты в руках, чай на столе - так замыкается круг,
И вдруг нам становится страшно что-то менять.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Токомбаевдики
Обону : Саламаттыкы
Комуз күүсүн уккуң келсе, мага кел,
Жүрөк күүсүн билгиң келсе, мага кел.
Каным менен дене бою жүгүргөн,
Жаштык үнүн уккуң келсе, мага кел.
Булак күүсүн уккуң келсе, мага кел,
Жаздын үнүн уккуң келсе, мага кел.
Мен чакырам жүрөгүмөн тоо болуп,
Сүйүү түнүн көргүң келсе, мага кел.
Мага кел, мага кел, мага кел...
Өмүр гүлү болсоң эгер, мага кел,
Кучак жайган сезимдерге жете кел.
Жалжылдаган жаштыгыма жараша,
Күндө күлгөн күнүм болсоң, мага кел.
Жаштыгыма жалын болсоң, мага кел,
Жүрөгүмө дары болсоң, мага кел.
Адам болсоң өмү үчүн жаралган,
Чындап сүйүү болсо сенде, мага кел.
Мага кел, мага кел, мага кел...
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Махабатым бир өзүңө
Мөлтүр суудай агылган.
Азыр эми агымы жок
Бүт баары соолуган.
Эмне үчүн же сынообу?
Адам барбы мен деп жалынган?
Кайырма:
Эми керегим жок эч кимге,
Эми кездешем деп ишенбе.
Кечиргин деп кайрылып келбе,
Эми жүрөк деген жок менде.
Бир кездерде жүрчү элең,
Менсиз күндөр өтпөстөй.
Мага болгон сезимиңдин,
Нуру жанып бүтпөстөй.
Түшүнбөдүм күтүлбөгөн
Азап күндөр койду түгөнбөй.
Кайырма:
Эми керегим жок эч кимге,
Эми кездешем деп ишенбе.
Кечиргин деп кайрылып келбе,
Эми жүрөк деген жок менде.
Асмандагы жылдыздар жалдыратып каратат,
Санын билбей каласың, саарда таң атат.
Зымылдаган өмүрүң кайда учуп баратат?
Кирип чыгып кетесиң бир ирмемден бат.
Эсте калган күндөрдөн кайсынысы кубантат?
Жан дүйнөңдү жылытып, жүздү жылмайтат.
Кейибегин өткөнгө, кекти сактап кепинге,
Кечиримдүү бололу, жүзүң нурланат.
Түйшүк түшсө башыңа үшкүрүнүп түңүлүп,
Тагдырыңа таарынып, үф дегенди кой.
Кара башың аманбы, тирүү жүргөн жаманбы?
Канча болуп кетсе да, шүгүр айтып кой.
Бул жашоонун маңызын бир сөз менен камтысам,
Түшүнө алсаң жүрөктөн, келтиргин тобо.
Жаратканым жаратып, жерге баарын жайылтып
Бизге койгон талабы, болгону сыноо.
Кайырма:
Ай жаңырып, таң агарып,
Күндөрүң өтүп барат артта калып.
Ай жаңырып, таң агарып,
Жашоонун тегирмени чаң чыгарып.
Жаратканым төбөдө, жети кабат өйдөдө,
Биздин сүргөн жашоону асмандан карап.
Билбей калды дебегин, сенин бардыр керегиң,
Ошон үчүн карегиң күн көрүп турат.
Бийлик үчүн жулунсаң, байлык үчүн жутунсаң,
Элге кызмат кылсын деп буйруптур сага.
Кылганыңды жактаба, кыйраттым деп мактанба,
Ар бир кылган ишиңди Кудайга арна.
Жалган дүйнө жаңылтып кооздугуна азгыртат,
Түбөлүккө калчудай чөнтөгүң калат.
Байлык, бийлик жоголуп, өмүр жиби үзүлүп,
Сени менен кабырга соопторуң барат.
Бул жашоонун маңызын бир сөз менен камтысам,
Түшүнө алсаң жүрөктөн келтиргин тобо.
Жаратканым жаратып, жерге баарын жайылтып,
Бизге койгон талабы, болгону сыноо.
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : Э.Адыжапаровдуку
Кайгынын кара күчү таштуу жардай,
Эңгиреп ичим бопбош, капчыгайдай.
Бейтааныш жан өңдөнүп өтө бердиң,
Көзүңдөн бир тоголок жаш чыгарбай.
Кайырма:
Тагдырдын табышмактуу соту кандай?
Ойлоймун жата албай же отура албай.
Мезгилсиз менин сүйүүм өтүп кетти,
Мезгилсиз көзүн жумган боз уландай.
Элестен өткөргөндү өткөрө албай,
Мунуңду эп көрүп же жек көрө албай.
Кыйналам олку-солку абалыңдан,
Мен сени жек көрөм деп жек көрө албай.
Кайырма:
Сүйбөйсүң “сүйөмүн” деп айткан менен,
Сүйүү экен бул дүйнөдө ашкан терең.
Эңгиреп ичим бопбош жүрөмүн,
Баары бир мен башканы тапкан менен.
Кайырма:
Сөзү : Кайрат Примбердиевдики
Обону : Кайрат Примбердиевдики
Күлмүңдөгөн көзүңө караймын,
Биле албай сырыңды.
Күнүгө бир болууну самаймын,
Арнап ырларымды.
Кылыгыңа таң калам,
Бир жылмайып жайнаган.
Кайырма:
Ай асманда мага күбө,
Сүйөрүмө күдөрүлбө.
Сенин айткан сөздөрүңдө махабат бар,
Үмүт кошкон үмүтүмө.
Мени карап жылмайып бир күлсөң,
Бүт аалам кучагымда.
Сени көптөр сүйөрүн да билем,
Кызганам кайра-кайра.
Билем сага татыктуумун,
Миң жигит арасында.
Кайырма:
Сөзү : Жусуп Токомбаевдики
Обону : Саламаттыкы
Сөзү : Жусуп Токомбаевдики
Обону : Саламаттыкы
Мезгилди өмүрлөргө салыштырам,
Шашкансып убакыттай өтүп жаткан.
Мезгилдер учуп кетет, кайра келбейт,
Кайрылбас өмүрлөрдөй бара жаткан.
Өмүрдү барган сайын мезгил чайкап,
Жарышта сүрөгөндөй алат айдап.
Мезгилден озу керек ошон үчүн,
Эмгектин ак ниеттүү шаңын кармап
Мезгилдер каркырадай учуп жаткан,
Ээрчишип алыс жакка сапар тарткан.
Жыл өтсө каркыралар кайтып келет,
Көрбөдүм өмүрлөрдү кайра кайткан.
Мезгилим өнүп өсүп такшалайын,
Мен өскөн кылымдарга кайрылайын,
Мезгилим ар бир саатың кымбат болсун,
Мезгилдин кучагынан барк алайын.
Жашоонун ачуу таттуу мезгили бар,
Тамшанткан жаш мезгилин - ал ширин бал.
Тоскоолго кез келгенде баш ийбестен,
Тике тур, жарып өткүн жалтанбастан.
Убакыт куштай учуп, суудай агат,
Мезгилим токтолбостон кетип барат.
Жалындап оттой ысык махабаттан,
Сезимдер алоолонуп күйүп-жанат.
Керемет жаш мезгилин кайталанбайт,
Эч бир жан ага кайра кайтып барбайт.
Жашоодо канча мезгил болсо дагы,
Артыкча жаш мезгилин унутулбайт.
Мезгилим өнүп өсүп такшалайын,
Мен өскөн кылымдарга кайрылайын.
Мезгилим ар бир саатың кымбат болсун,
Мезгилдин кучагынан барк алайын.
|