super.kg logo



Сардар Туркменов "Жаңы жыл"

Жүктөлгөн: 21-12-2017
Көчүрүү
03:11
5,13 Мб
Жанр: Поп
  • Currently 3.33/5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Сардар Туркменов
"Жаңы жыл"

Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Сардар Туркменовдуку
Үйүңөрдө жанып турсун дайым жарык,
Үмүт, тилек, максаттар да аткарылып.
Бардык жерде тосот бүгүн эл кубанып,
Жаңы жылды, жаңы күндү жаңыртып.
Дасторкондор толуп турсун түркүн даамга,
Достор келип куттукташат бул майрамда.
Элим-жерим үчүн жакшы бата тилейм,
Тынчтык болсун бул дүйнөдө көп кылымга.

Кайырма:
Жаңы жыл, жаңы жыл
Болсун бизге, жакшы жыл.
Жаңы жылда көрүп сый,
Арнашалы жакшы ыр.

Балатыны кооздоп түрлөп бүгүн мына,
Балакайлар ойноп тынбайт аны айлана.
Аяз ата, аяз кызды чакырышып,
Ыр-күлкүгө толот жер шар тебип чана.
Аппак кардын тазалыгы көз уялтат,
Айлананын сулуулугу суктандырат.
Биз күткөн үй-бүлөлүк бул майрамдын,
Түндө жанган салюттар да көркүн ачат.

Кайырма:
Жаңы жыл, жаңы жыл
Болсун бизге, жакшы жыл.
Жаңы жылда көрүп сый
Арнашалы жакшы ыр.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;