super.kg logo



Нурбек Курманбеков ""Кош бол" "

Жүктөлгөн: 05-11-2024
Көчүрүү
03:13
7,4 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Нурбек Курманбеков
""Кош бол" "

Сөзү : Курманбеков Нурбек Кубанычбекович
Обону : Курманбеков Нурбек Кубанычбекович
Жашыттың көз көрүнө
Чачырап бүтүн бүлөө
Жетээриң ошол беле
Жаза алдым кай күнөөмө

А кантип эркиң жетти
Жүрөгүм оорутууга
Сен деген сезимимди
Айланттың кыяматка
Чын эле кантип бардың
Дүйнөмдү аңтарууга
Санаамды ызаа толгон
Чаңдатып сапырууга


Тап берем тагдырыма
Наалыймын таалайыма
Жаралбай койгондо эмне
Дүйнөгө бул жарыкка

А кантип дитиң барды
Сүйүүмдү бүлдүрүүгө
Урабас махабатым
Күч менен сүрдүрүүгө
Ишенбейм ызааланам
Күйүткө батып барам
Арман күн курчап алды
Эми мен кантип жашайм


Башканын келинчеги
Болдуңбу кеңешээри
Ак жоолук куп өзүңө
Жарашса керек эми

Кош болгун бактылуу бол
Болбоймун сага тоскоол
Жүрөктөн тапканыңдын
Ардагы таалайы бол
Эстебе кайрылбагын
Мен эми башка адаммын
Жараатты таңып болбойт
А кайра ырбатпагын
Кечирим сурабагын
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;