super.kg logo



Улук Назар, Ильгиз Каныбеков ""Секетим""

Жүктөлгөн: 01-04-2025
Көчүрүү
03:34
4,9 Мб
Жанр: Эстрада
  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Улук Назар
Ильгиз Каныбеков
""Секетим""

Сөзү : Молдоалы Отомбаев
Обону : Молдоалы Отомбаев
Э-Кеч киргенде күнүгө

Кыздар балдар үйүндө

Дайым майрам курабыз да

Общяганын түбүндө

Ырдайбыз ойнойбуз

Ыр күлкүгө тойбойбуз

Акча келсе айылдан да

Аны бирге тойлойбуз

Бир ырдасак катулап

Терезелер ачылат

Токтогондо гитара да

Кол чабулар шатырап

Студенттер баарыбыз

Күлгүн курак чагыбыз

Күндөрдүн бир күнүндө

Келди бизге жаңы кыз

Биз достоштук тез эле

Ырдайбыз кечинде

Жаңы келген жаңы кыз

Аралашпайт эч эле

Эч билгизбей жүрөбүз

Жүрөк толкуп тез эле

Жаңы келген сулууну

Сүйүп калдык чын эле

Кайырма

Секетим секе-секе секетим

Сезимди козгоп келесиң

Себелеп өткөн жамгырда

Сергитип эргүү бересиң

Каралдым эле каралдым

Кайсы күнү эле жаралдың

Кабылтып сенин сүйүүңө кайгыртпа мени карагың

Ошо күнү түш көрдүм

Чочуп туруп өзгөрдүм

Ак сүйүүмдү айтам деп

Мен өзүмө сөз бердим

Кеч киргенле кайрадан

Шанга толот айланам

Арабызда жаңы кыз

Жаркылдаган жайнаган

Ат чаптырып акылды

Канча ырлар жазылды

Бизге келген жаңы кыз

Баягыдан ачылды

Балдар баары суктанат

Кыздар андан кызганат

Шек алдырбай жүрөбүз

Шилекейлеп чач тарап

Жүрөктөрү сезиптир

Тагдыр өзү чечиптир

Жаңы кыз бир күнү

Ала качып кетиптир

Кейип канча жаныбыз

Жок экенда багыбыз

Болот мага түгөй деп

Бойдок калдык баарыбыз
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;