super.kg logo



Кенже Дүйшеева "Бул дүйнө"

Жүктөлгөн: 14-12-2012
Көчүрүү
03:08
5,72 Мб
Жанр: Поп
  • Currently 3.00/5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Кенже Дүйшеева
"Бул дүйнө"

Алкымына байланган,
Алдым-жуттум адам бар.
Барга өзү тойсо да,
Көзү тойбос адам бар.
Кирпиктен да кыскадыр,
Мал-дүйнөңдүн өмүрү.
Бей-бечара момунду,
Колдоп жүргүн ар убак.

Кайырма:
Жалган дүйнө - бул дүйнө,
Арзан дүйнө - бул дүйнө.
Падышадан, байкуштардан,
Калган дүйнө.
Бул дүйнө, бул дүйнө.

Узат дейсиң, бер дейсиң,
Тынчыбадың, адамзат.
Төө тойду, пил толду,
Сен тойбодуң, адамзат.
Шүгүр кылды макулук,
Акылсыз жан-жаныбар.
Шүгүр дейсиң сен качан?
Каршы келген адамдар.

Кайырма:

Он беш күндүк дүйнөдө,
Мансабыңа керилбе.
Суу чыгарып, бак өстүр,
Дөөлөтүңө чиренбе.
Өз элиңди какшатсаң,
Бир күн ыйлап каласың.
Бир жолу эмес, миң жолу,
Каргышына каласың.

Кайырма:

Акча дейсиң, бер дейсиң,
Эч тойбодуң, адамзат.
Төө тойду, пил тойду,
Сен тойбодуң, адамзат.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;