super.kg logo



Калыс Жакыпов "Ак тилек"

Жүктөлгөн: 04-03-2013
Көчүрүү
04:07
3,74 Мб
Жанр: Поп
  • Currently 5.00/5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Калыс Жакыпов
"Ак тилек"

Аябастан жакшылыгын тартуулап,
Ар бир таңдын ак атканы.
Бакыт коштоп элибизди ар убак,
Ачык болсун асманы.

Бир туугандык, достук жана ынтымак,
Адамзаты жандасын.
Ала-Тоонун тынчын алып эч качан,
Согуш оту жанбасын.

Эгер кимдин орундалса тилеги,
Жараткандын бергени деп билели.
Кабыл болсун ак тилек бул биз үчүн,
Жакшылыктын тиреги.

Үй-бүлөөдө наристенин бал тили,
Угуп, жыргап жандары.
Бул дүйнөдө оорубастан ар кимдин,
Аман болсун балдары.

Кабылданып ким жакшылык ойлосо,
Гүлдөп ачылсын багы.
Түбөлүкө кыргыз элим бар болсо,
Бактылуумун мен дагы.

Кайырма:
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;