Сөзү : Нурлан Насип, Илгиз Абдалиевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Күлөсүң, күлөсүң, тоготпой жүрөсүң,
Ансайын байланып мен сени сүйөмүн.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кызганам, кызганам, өзүңдү башкадан,
Кыйнабай түшүнчү сезимди, суранам,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кайырма:
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Артыңдан калбадым, көңүлүң бурбадың,
Гүлүмдү сунсам мен, кол сунуп албадың.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Издетип өзүңдү жүргөндү сүйөсүң,
Жолуксак капыстан назданып күлөсүң.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кайырма:
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Жанаша бассам мени теңсинбей,
Көтөрдүң боюң мага ченебей.
Сүйүүмдү айтсам койдуң кенебей,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Саламатсызбы! Оң жактагы "Көчүрүү" деген сөздү бассаңыз көчүрүлөт.
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүздөр. Дагы катачылыктар болсо, купуя жазып кайрылсаңыздар болот.
http://www.super.kg/media/?search_term=чыңгыз+турдубеков&search_author=0&media_search=1&x=8&y=2
уксанар сонун ыр
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүздөр. Дагы катачылыктар болсо, купуя жазып кайрылсаңыздар болот.
Саламатсызбы!
Кандай катачылык болуп жатат? Эмне деген сөз чыгып жатат? Тоолук маалымат купуяма жазып жибериңиз, текшерип көрөлү. Рахмат!