|
Сөзү : Э. Иманалиевдики
Обону : Э. Иманалиевдики
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.
Кайырма:
Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум, ай?
Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон.
Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктойм,
Буйруксуз сүйүүмдү жектеп алып.
Кайырма:
Сөзү : Ш. Дүйшеев, Э. Иманалиевдики
Обону : Э. Иманалиевдики
Жарыгы белең берметтин,
Жабыркап көңүл дегдеттиң.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, мен кеттим.
Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм.
Жалжалым, жалгыздыктан жадап бүттүм.
Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздайт толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.
Кайырма:
Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кор болсом жалгыз, айлам жок,
Кош дешер кишим жок менин.
Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм.
Кантейин арга жок да,
Жан биргем, жалгыздыктан жадап бүттүм.
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм.
Кантейин, кандай кылам?
Жалгыздык жашоодон да тажап бүттүм.
Мен сени күтүп жүрүп күйүп бүттүм, бүттүм...
Сөзү : Олжобай Шакирдики
Обону : Э. Иманалиевдики
Мен сендик элем, кучагым кенен,
Жүрөгүм тушта жүрөгүң менен,
Меники болуп сезилчү денең.
Кездешкис болуп узадык эле,
Мен өпкөн бойдон, сен өпкөн бойдон.
Кездешпейт азыр бир ошол дене,
Мен өткөн жолдон, сен өткөн жолдон.
Саргайган күздө санаа жок жүздө,
Телегей тегиз шуруңдай тизме,
Түбөлүк болуп сезилчү бизге.
Телмирип тиктейм тетиги, жаным,
Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, мен тарткан кайгы.
Телмирип тиктейм тетиги, жаным,
Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, ал мен тарткан кайгы.
Сөзү : Э. Иманалиевдики
Обону : Э. Иманалиевдики
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Армандуу сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.
Кайырма:
Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум, ай?
Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон.
Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктойм,
Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып.
Кайырма:
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.
Кайырма:
Сөзү : Элмирбек Иманалиевдики
Обону : Элмирбек Иманалиевдики
Эстесем көлдүн кууларын,
Эстеймин сени, Мунарым.
Ал күндүн тагы өчпөгөн,
Азыр да эстеп турамын.
Көңүлүм сүйгөн ынагым,
Көл жээги турган турагың.
Көрүнүп калып капыстан,
Көйгөйгө салдың, Мунарым.
Он алты жашта курагым,
Ойлоно берип куурадым.
Оймоктой бала кезимде,
Оймоктой бала чагымда,
Ок атып койдуң, Мунарым.
Көл дагы турду мелтиреп,
Көңүлгө көп ой энчилеп.
Жалжалым, өзүң узаттың,
"Жайында кайра келчи" деп.
Албырып оттой жанамын,
Айткандан кантип танамын?
Жаңылбайм айткан антымдан,
Жайында сага барамын.
Сезимдин өрттү тынчытпай,
Сезондо сага барамын,
Сезондо кайра барамын,
Жайында кайра барамын.
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Майда-майда,
Майдалай бассаң жаныңа пайда,
Орой-орой.
Басканың майда,
Ороо толсун,
Оп майда.
Кырча-кырча,
Басканың майда.
Кырман толсун,
Оп майда.
Топондору сизге керек,
Эгиндери бизге керек.
Топондору сизге керек,
Эгиндери бизге керек.
Майда-майда,
Орой-орой.
Майда-майда,
Орой-орой.
Майда-майда,
Майдалай бассаң жаныңа пайда,
Орой-орой.
Басканың майда,
Ороо толсун,
Оп майда.
Кырча-кырча,
Басканың майда.
Кырман толсун,
Оп майда.
Топондору сизге керек,
Эгиндери бизге керек.
Топондору сизге керек,
Эгиндери бизге керек.
Майда-майда,
Орой-орой.
Майда-майда,
Орой-орой.
Майда-майда,
Майдалай бассаң жаныңа пайда,
Орой-орой.
Басканың майда,
Ороо толсун,
Оп майда.
Кырча-кырча,
Басканың майда.
Кырман толсун,
Оп майда.
Топондору сизге керек,
Эгиндери бизге керек.
Топондору сизге керек,
Эгиндери бизге керек.
Майда-майда,
Орой-орой.
Майда-майда,
Орой-орой.
Майда-майда.
Сөзү : Гүлжамиля Шакированыкы
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Багытын беттеп шамалга,
Баратса жалгыз жел кайык.
Баладай коштоп сүйүнгөн,
Бактылуу жанда эмне айып?
Утурлай тосуп алдынан,
Уччудай колун кең жайып.
Кынала калып теңине,
Кылгырган көздө эмне айып?
Жазгырып жандын дүйнөсүн,
Жыпарын чачса кең жайып.
Жаркытып турган демине,
Жароокер жанда эмне айып?
Эңсетип сүйүү элеси,
Эсиңде турса тор жайып.
Санаага батып, жол карап,
Сагынган жанда эмне айып?
Баладай коштоп сүйүнгөн,
Бактылуу жанда эмне айып?
Сагынган жанда эмне айып?
Обону : Б.Стамкулованыкы
Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет,
Көңүлдүн кадырын көксөгөн жан билет.
Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Достуктун кадырын четтеген жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?
Күлкүнүн кадырын муңайган жан билет,
Жаштыктын кадырын улгайган жан билет.
Ден соолук кадырын оорукчан жан билет,
Оорунун кадырын боорукер жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?
Баланын кадырын балага зар билет,
Жарынын кадырын акылман жар билет.
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет,
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет.
Сөзү : С.Жусуевдики
Обону : К.Рыскуловдуку
|