|
Жаздын жашыл, көктөм убагы,
Биз булуттан жаан сурадык.
Ал да аны күтүп тургандай, сыягы...
Отурганбыз көпкө унчукпай,
Айта албай ички сырларды.
Табигат да сезип тургандай, сыягы...
Күн күркүрөп, катуу нөшөрлөп,
Сүйүү, бакыт, үмүт жаады.
Кубалашып ойно дегендей,
Кайталайт дагы, дагы.
Кайырма:
Дагы, дагы, дагы...
Дагы, дагы, дагы...
Жаачы, жаачы сүйүү, бакыт жазы.
Дагы, дагы, дагы...
Дагы, дагы, дагы...
Жаачы, жаачы үмүт жазындагы.
Жайдын жашыл көктөм убагы,
Биз булуттан жаан сурадык.
Ал да аны күтүп тургандай, сыягы...
Ойлонгонбуз көпкө унчукпай,
Айта албай ички сырларды.
Табигат да сезип тургандай, сыягы...
Күн күркүрөп, катуу нөшөрлөп,
Сүйүү, бакыт, үмүт жаады.
Кубалашып ойно дегендей,
Кайталайт дагы, дагы.
Кайырма:
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.
Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.
Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан,
Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна.
Карекке конуп, үмүтүм болуп,
Жанымда турчу, периштем.
Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Түшүмө кирчи, периштем.
Сөзү : К.Ташбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Бүркөк асман жарк дегенде чагылган,
Байкоосуздан жалыңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да ойлоп сени жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.
Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге олтурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу турактар.
Чертчү эле го түгонбогөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.
Карай берип канча жолу камыктым,
Эстей берип жүрөгүмдү сагынттың.
Асылкечим, келчи менин жаныма,
Издей берип бүт денемди талыттың.
Кадимкидей кучак жайчы жадырап,
Качан болсо мен сен үчүн жарыкмын.
Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай башын.
Мурункудай күтүп жатам азыр да,
Булбул куштун терезеден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги асылкечим кайдасың?
Сөзү : Ш.Калдаяковдуку
Обону : М.Шахановдуку
Эселек кыз элең бир кезде,
Чачыңа ак бантик байлаган.
Бой жетип кетипсиң бул кезде,
Көркүңө көз таштап, таң калам.
Кайырма:
Нурлуу жүзүң кандай жаркын,
Арманысың кандай жандын?
Чынарым ай, мөлтүрөйсүң эркем,
Тоо булагындай...
Жол жатат созулуп алдыңда,
Азгыраар ар дайым шок күлкүң.
Бой жетип, татына кыз болдуң,
Чачыңда ак бантик жок бүгүн.
Кайырма:
Мезгилге кол создум жалоорун,
Мезгилге эрксизден алдырдым.
Белгисин балалык чагымдын,
Айтчы сен, кай жерде калтырдың?
Кайырма:
Сен эзсең кусалыкка сезимимди,
Жаздыгы салкын желден, кабар улай,
Мен жокто сылай жүр деп саамайынан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамаалына.
Жээгине жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келермин аман болсо да бир көксөө,
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Кайгырбачы кан досум,
Жашоодо бар кайгыруу.
Айрылдым деп муңканба,
Турмушта бар айрылуу.
Сагындып деп саргайба,
Адамда бар сагынып.
Тирүүлүктө багынуу бар,
Жаңылуу бар.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып кан досум,
Кайгыга алдырбачы.
Сабыр түбү сары алтын,
Сабырлуу бол жан досум.
Таш ыргытса бир арам,
Аш ыргыткын кан досум.
Кары сөзүн капка сал,
Достун сөзүн угуп ал.
Бул жашоодо жаңылуу бар,
Таарынуу бар.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып кан досум,
Кайгыга алдырбачы.
Бул бир келген өмүрдө,
Кир калтырба көңүлгө.
Сыйлашып өт эл менен,
Ошол жакшы өмүрдө.
Жашоо – күрөш, тайманба,
Акмак айтса арам сөз.
Жан кеийтип арданбай,
Колдон келсе сыйлашып өт бул жалганда.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып кан досум,
Кайгыга алдырбачы.
Обону : Т.Казаковдуку
Себелеп ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шаарын ызанын.
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?
Жүрөктө толукшуйт сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим?
Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылар.
Кайырма:
Сөзү : Э.Тазабековдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Көрүнбөй жердин үстү,
Көнөктөп нөшөр төгөт.
Белгисиз кай жаккадыр,
Баратат шумкар жөнөп.
Эңсөөнү чакыргансыйт,
Канаттын кагылышы.
Каректен аккан көз жаш,
Шумкардын сагынычы,
Ал сагынычы.
Кайырма:
Мен бир шумкар сабалаган, сабалаган,
Сага жетпей сабалаган, сабалаган.
Жамгыр менен дүйнө кезип,
Дүйнө кезип бараткан.
Сагыныч жүрөктү эзип,
Эңсөөгө бүтөт канат.
Көрүнбөй жетүүчү жээк,
Ак шумкар күйүп-жанат.
А жамгыр басылбастан,
Кайрадан күчөп барат.
Шумкардын карегинен,
Шумдуктуу көз жаш агат.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Алымовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Карап турсам элесиңди сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?
Жүрөгүмдү сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүң жанат балбылдаган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Мени сенден, сени менден талашып.
Көпкө жүрдүк, ойноп-күлдүк, жаркыдык,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.
Бирок мезгил өткөн сайын нарылап,
Тетир карап, буруласың ар убак.
Азап тартып, арман күчөп жүрөгүм,
Үмүт менен жүрөгүмдү дарылап.
Сөзү : Э.Турсуновдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Ичимде күйгөн жалын бар,
Издесем түгөй табылар.
А бирок көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.
тагдырга ар ким кезигет,
Таасири күчтүү сезилет.
Кечикпей ушул турмуштан да,
Жолуксам деймин тезирек.
Турмуштун ар кыл даамы бар,
Тузу бар, ширин балы бар.
Айланып көлгө конбосоң да,
Ак куулар сени сагынар.
Алманын гүлдүү шагы бар,
Ай тийген түндүн таңы бар.
Акыры көлгө конбосоң да,
Ак куулар сени сагынар.
Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кетсем,
Эрмегим деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө арга жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми сагынба...
Ак кайың көрсөң кыйбай жүр,
Айлыңда жүрсөм сыйлай жүр.
Айлыңдан узап мен кетсем,
Алтыным деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кетсем,
Жалжалым деп ырдай жүр.
Кайырма:
Сөзү : Н.Байтемировдуку
Обону : Р.Абыкадыровдуку
Бүркөк асман жарк дегенде чагылган
Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да ойлоп аны жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.
Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге олтурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу курактар.
Чертүү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.
Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай башын.
Мурункудай күтүп жүрөм азыр да,
Булбул куштун тереземден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?
Сөзү : Р.Абдыкадыровдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм, неге кетпей койдуң эсимден?
Бир кездеги бирге жүргөн, Алмашым.
Элестериң көз алдыма тартылыт,
Эртели-кеч эсимдесиң, Алмашым.
Жок дегенде бир көрүнүп койсоңчу,
Алыссыңбы, жакынсыңбы, кайдасың?
Көргүм келип, сени дегдейт жүрөгүм,
Качан сага жолугамын, Алмашым?
Кабарыңды айтып койсоң кыйнабай,
Кайран жүрөк кайгы тартып калбасын.
Кайда экен деп тынчым кетип ар убак,
Карбаластап таппайм жандын аргасын.
Энчиң болсун эмгек жана махабат,
Эгер башта бассаң турмуш пардасын
Элге жаксын сен иштеген иштериң,
Эмне дейм, башка сөз жок, Алмашым.
Жарк деп дайым жанга сүйкүм мүнөзүң,
Жазгы гүлдөй жакшынакай жайнашың.
Сөзү : К.Алмазбековдуку
Обону : А.Атабаевдики
Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.
Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.
Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.
Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.
Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.
Сөзү : А.Бакашовдуку
Обону : А.Атабаевдики
Он сегиз жаш,
Тоодо тунук булак белең?
Болбосо андан учкан бубак белең?
Кайрылбай кайда кеттиң, айтчы деги?
Адашып айлыңды мен сурап келем.
Он сегиз жаш,
Жайдын жарык таңы белең?
Болбосо боз туйгундун шамы белең?
Бир жолу кайрылбастай тамшандырган,
Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең?
Он сегиз жаш,
Күндө беле сенин серең?
Болбосо жүрөгүмдүн деми белең.
Кош эми, өкүнсөм да унутпаймын,
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.
|