|
Сырымды кимге айтамын, кимдер угат?
Жүрөктү ким жылытат калса муздап.
Жалгыздык ээлеп алып жан дүйнөмдү,
Түшүмдү түшүнбөгөн ойлор бузат.
Кайырма:
Тумжураган айлана,
Жардам берчи мага.
Жалгыздыктын кереги,
Кереги жок бир мага.
Көбөйтөр көңүлдөгү кайгыларым,
Көйкөлүп көрүнгөнгө кайрыламын.
Кайрадан кайдыгерлик тиктей салкын,
Качан мен жалгыздыктан айрыламын?
Кайырма:
Бей күнөө үмүтүмдөн умтуламын,
Мүмкүндөй кусалыктан кутуларым.
А бирок колун сунбай бир тирүү жан,
Кайрадан жалгыздыкка тутуламын.
Кайырма:
Сөзү : К. Примбердиевдики
Обону : Алекстики
Дале эсимде ошол күндөр,
Сенин жүзүң нурун чачкан.
Биз жолугушкан айсыз түндөр,
Топ жылдыздар жымыңдашкан.
Кайырма:
Жаз күнүндө сыдырым жел жүзүм сылайт,
Жаш жүрөктө сагыныч көпкө тызылдайт.
Сендей жанга жолугамбы бул дүйнөдө?
Жоодураган көздөрүңө үмүттөнөм.
Дагы эле сенсиз өтөт күндөрүм,
Сени күтөм таң сүргөнчө.
Бирок билемин, жаным, сен да,
Чыдай албай күйүтүңө.
Кайырма:
Жаз күнүндө келесиң мага жадырап,
Жүрөктөрдө махабат кайра ыр ырдайт.
Сендей жанды тапканыма миң иреттен,
Ыраазымын ошол күнгө, тагдырыма.
Жактырам сени карап ырдасам,
Жүрөгүмдө жыргасаң.
Ачылгансыйт өмүр барагы,
Ооба билем бул сөздөр сен үчүн.
Буга чейин ырдалган,
Анан кантип узап барасың.
Кайырма:
Мендеги өрттөй ыссык сүйүү деми,
Өкүнбөйсүң уксаң бейби.
Өмүр белең,
Сүйүү деген гүлгө жашым мен сендеги.
Күнөө кимде билбейм деги,
Күнөөлөйсүң кайра мени.
Күтүп келем,
Жүрөгүмдөн чыккан сөздөр.
Башкалар сымал сүйкүм сүйлөбөйм,
Сүйгүн деп мен үндөбөйм.
Андай сөзгө жүрөгүм толду,
Элестеп кыял менен жашабайм.
Кыйнап көзгө жаш албайм,
Соңку үмүтүм бул ырым болду.
Мы друг другу тихо скажем
Это грустное прощай
В твоей жизни будут встречи
Но меня не забывай
Почему-то сердце бьется
Как обычно, но не так
Я сейчас теряю много
Наша встреча не пустяк
Припев:
Не грусти обо мне
Обещаю, буду рядом
Не грусти обо мне
Не ищи повсюду взглядом
Я уже далеко
И, поверь мне так не просто
Потому что рядом нет… тебя
Ты ворвалась осенней птицей
В моей жизни океан
В жизни часто так бывает
Что не обойтись без ран
Ничего уж не исправить
Все, что было то прошло
И придется пить разлуки темно-горькое вино
Припев:
Не грусти обо мне
Обещаю, буду рядом
Не грусти обо мне
Не ищи повсюду взглядом
Я уже далеко
И, поверь мне так не просто
Потому что рядом нет… тебя
Айлана, аралайсың жай гана,
Айдай жүзүңө калдым арбала.
Садагам, менин садагам,
Жаным, карегиңден сенин айланам.
Кайырма:
Жүрөм көзүңдү самап,
Мага күлгөнүң жагат,
Тартылам көздөрүңө сенин карагат.
Таттуу, ширин махабат, ортобузда жаралат,
Көздөрүң көздөрүмө менин кадалат.
Жаным ай, жарым болчу сен белең,
Таза сезимиң менен жараткан берген.
Жанымдай эркелечи, берекем,
Жашайбыз бирге ак сүйүү менен.
Кайырма:
Сөзү : Ильгиз Абдалиев, Аваз Акимовдуку
Обону : Аваз Акимовдуку
Нурун чачып төгүлөсүн садагам,
Негедир мен бир өзүңө тартылам.
Сенсиз өмүр өтпөчүдөй сезилип,
Алыстасаң сагынамын жаныңдан.
Кайырма:
Жүрөгүңдө бир сыр барбы, ээй
Биле албадым амалымды мен.
Махабаттын отун жагып ээй,
Кимди гана күйгүзбөдүң сен.
Ширелишип бирге бассак жанашып,
Шириним деп эркелетип назданып.
Неге мынча татынасың эх, сулуу,
Жыпар жыттуу гүлдөй болуп буралып.
Кайырма:
Кимге арман, кимге жалган?
Аягы жок махабат.
Неге сени сагынганда,
Көздөрүмдөн жаш агат?
Түбөлүккө жашоочудай,
Кеттиң неге, алдандым?
Муздак түнгө мени таштап,
Жүрөгүмдү сыздатып.
Кайырма:
Асмандагы жылдыздар,
Карашат мени алар, мени.
Асмандагы жылдыздар,
Карашат мени алар,
Сагынтып сени, сени.
Сагынып сени, жаным,
Мен тагдырга багынам, таарынам.
Сагынып сени, жаным,
Жылдыздарга кайрылам, кол сунам.
Эстей берем ал күндөрдү,
Таңда жылдыз санаган.
Эстей берем көздөрүңдү,
Табышмактуу караган.
Топ жылдарды артка таштап,
Алыстадым сүйүүдөн,
Өмүр издеп башка адамдын көзүнөн.
Снова диким холодом гонима я,
Снова улицы бездонно одиноки,
Я бреду вдоль фонарей,
Всеми забытая,
Мои мысли о любви совсем убоги.
Я не знаю, как мне быть,
Ты подскажи мне.
Я в тупике, и уведи меня,
Куда-нибудь, чтоб я забыла.
Твоя любовь дает мне силы…
Припев:
Мама, о-о-о, мама,
Ты прости меня за боль,
Что я причинила.
Мама, о-о-о, мама.
Как хочу я быть с тобой,
В лютый холод, дикий зной.
Завтра может быть,
Посмотрев со стороны,
Перестрою свою жизнь,
Я перестрою все мосты.
Сколько дней мы упустили,
Сколько времени прошло?
Пусть другие не поймут,
Но мне сегодня всё равно.
Я не знаю, как мне быть,
Ты подскажи мне.
Я в тупике, и уведи меня,
Куда-нибудь, чтоб я забыла,
Твоя любовь даёт мне силу
Припев:
Я хочу подарить тебе свои мечты,
Исполнение которых,
Заслужила лишь ты.
Я хочу забрать,
Все темное из жизни твоей,
Чтоб никто не смог обидеть мою маму.
Сколько ты перенесла,
Сколько пережила,
Преклоняюсь пред тобою,
Всей душою до дна.
Я б хотела быть похожа,
Хоть чуть-чуть на тебя.
Ты - идеал мой,
Моя вечность, ты - мама моя!
Припев:
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : Э.Мээркановдуку
Сөзү : Г.Рыскулованыкы
Обону : Э.Үмөталиевдики
Ашык болуп ай дагы,
Жарык чачып жайнады.
Сүттөй аппак нурлары,
Сүйүү гүлүн кармады.
Кайырма:
Ак сүйүүлөр ай,
Ай-ааламда ай.
Карыбасын ай,
Ак тилектер ай.
Жаш жүрөктөр ай,
Жалындай.
Жигит кызды жандады,
Кыз да аны тандады.
Жүз жыл бирге болууга,
Жүрөктөрүн арнады.
Во мне сейчас живет,
Безысходности порок.
Неужели это без тебя,
Страдает так душа моя?
Ты помоги вновь утверди,
Радость мне верни сейчас ,
Но ты подними меня в последний раз.
Кайырма:
Где я потерял свою мечту,
Ты мне ответь скорей я жду.
В мыслях покой теряю я,
Что-то тревожит меня.
То для чего, мне теперь жить,
Все я потерял сейчас.
Но ты подними меня в последний раз.
Ищу мечту свою,
Где то высоко она.
Как призрак видится везде всегда,
Но ускользает от меня.
То для чего, мне теперь жить,
Все я потерял сейчас.
Но ты подними меня в последний раз.
Кайырма:
Бир көргөндө мени арбадың,
Махабаттын салып салмагын.
Мен өзүмчө жанып, эсимден танып,
Колдоруңдан улам келет кармагым.
Кайырма:
Арзуу багында, махабаттын таңында,
Телегейим тегиз го, өзүң болсоң жанымда.
Арзуу багында, махабаттын таңында,
Телегейим тегиз го, өзүң болсоң жанымда.
Карааныңды көрсөм алыстан,
Кадамдарым жайлайт басыштан.
Бир өзүңдөн сезем жаным сүйүү, бактысын,
Берчи мага махабаттын ачкычын.
Кайырма:
Сөзү : У.Усеновдуку
Обону : Б.Азимовдуку
Жалгыздыктан жаным тынбай,
Жүрөгүмдүн ыйын тыңдай.
Жандап алчы канатыңа,
Жадап бүткөн чырсыз чыдай.
Кайырма:
Учкум келет улуу таңга,
Улутуна жарык нурларга.
Калгым келбейт караңгыда,
Камалган жүрөгүм кайра.
Бир өзүңсүз дүйнө мага,
Жалган жалаа агып кайра.
Адашканмын ардагымдан,
Арбап-алдап күйбө мага.
Сөзү : Бурулкан Карагулованыкы
Обону : С. Искеналиевдики
Кайырма:
Сагындым сени, сагындым,
Сагынсам билбей калдыңбы?
Сагынуу деген толкунга,
Байкабай түртүп салдыңбы?
Сагындым сени, сагындым,
Сагынган үнүм жетпейби?
Саргайтып жүрө бергендей,
Сагынычым уруп кетпейби?
Күттүрдүң мени, күттүрдүң,
Күткөнүм билбей жүрдүңбү?
Бейкапар жүргөн кезимде
Күйүттү башка үйдүңбү?
Сүйдүрдүң мени, сүйдүрдүң,
Сүйүүмдү билбей жүрдүңбү?
Сезимдин сезбей аруусун,
Сыртыңды салып күлдүңбү?
Сөзү : Бекчоронуку
Обону : Бекчоронуку
Жалындап күйгөн жан белең?
Жаркырап аткан таң белең?
Көңүлгө издеп тапканым,
Кыялкеч жаным сен белең?
Чын сүйүүм жалгыз сен белең?
Жашоомдо, жаным, бар белең?
Жыргалым сенден тапканым,
Сүйүүмдүн таттуу балы белең?
Кайырма:
Мен үчүн белең?
Суктанып сага келем.
Жылмайып күлүп жатсаң,
Күлкүңө суктана берем.
Ойлонуп сага келем,
Толгонуп сен дей берем.
Кай жерде жүрбөсөм да,
Сени ойлоп, күндө мен келем.
Күндө эстеп, сенсиз уктабай,
Күтөмүн жүрөк жалындай.
Нөшөрлөйт, күчөйт сезимим,
Сен үчүн жааган жамгырдай.
Сагыныч күчөйт чыдабай,
Санаамда сенсиң, жаным, ай.
Арначы мага сүйүүңдү,
Алтыным, мени кыйнабай.
Кайырма:
Сени ойлоп, сүйүүм бойлоп,
Келемин мен, мен өзүңө.
Сүйүнүп чыксаң, кубанамын,
Суктанамын мен өзүнчө.
Көздөрүңдү, сөздөрүңдү,
Сүйүп келем мүнөзүңдү.
Мен үчүн белең?
Сен үчүн келем.
|